Menu

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-сентябрда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды.

Тараптар уюм алкагында өз ара аракеттенүүнүн, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин ошондой эле, Душанбе шаарында өтө турган ЖККУ саммитин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ЖККУ алкагында ага мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкка чөлкөмдөгү коопсуздуктун гаранты катары өзгөчө маани берерин белгиледи.

Анын айтымында, Уюм жоопкерчилигинин аймагындагы коркунуч деңгээлинин өсүшү тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Тобокелдиктерди нейтралдаштырууга жана зарыл болгон учурда ыкчам реакция кылуу даярдыгынын жогорку деңгээлин кармап туруу зарыл.

Өз кезегинде, Станислав Зась Садыр Жапаров менен жолугушууну канааттануу менен белгилеп, анын Борбордук Азия регионундагы кырдаалга байланыштуу зарылдыгын билдирди.

Мындан сырткары, Башкы катчы учурдан пайдаланып, Президентти Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, ийгилик, өлкө элине гүлдөп өнүгүү каалады.

Президент Садыр Жапаров Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, тажик тараптын демилгеси боюнча Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Душанбе шаарында өтө турган ШКУ жана ЖККУ саммиттеринин күн тартибин талкуулашты.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу дагы бир жолу жылуу куттуктады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров кыргыз тарап Тажикстан менен эки тараптуу мамиленин кеңири багыттары боюнча ишенимге негизделген, конструктивдүү кызматташууга дайыма даяр экенин белгиледи.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Конституция ар кимдин ар намысын коргоо укугуна кепилдик берет. Кол коюлган мыйзамга ылайык, мамлекет чектерди коюу менен укуктук аткарылышын камсыздайт.

Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат.

Муну менен, мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт.

Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

2021-жыл 23-август

"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамга кол койду.

Документ турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Маселен, мыйзам менен жол-жоболорду түшүндүрүү жана кайрыла турган органдарды тактоо аркылуу жер участокторуна документтерди алуу тартиби боюнча көйгөйлөр чечилүүдө.

Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот.

Белгилей кетсек, ушул кезге чейин жер участокторун трансформациялоодо турак жайларды куруп алган жер тилкелеринин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлерине өткөрүлүп берилет.

Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тарта күчүнө кирет.

2021-жыл 13-август

Президент Садыр Жапаров район акимдерине 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды.

Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», – деди Эрбол Султанбаев.

Президент Садыр Жапаров участкалык милиция кызматкерлерине ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүү демилгесине каршы чыкты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгеси боюнча өз позициясын билдирди.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек. Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин – коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн участокто кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди аткарууга милдеттүү.

Ал азыркы учурда өлкөдө текшерүүлөрдүн азайышы жана инвестицияларды тартуу менен ишкердик кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин участкалык милиция кызматкерлерине аталган ыйгарым укуктарды берүү демилгесине караманча каршы чыгат.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Садыр Жапаровду сөз эркиндигин чектеген мыйзамга кол койбоого чакырды

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жакында парламент кабыл алган “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагып, аны артка кайтарууну сунуштады.

Эл аралык уюмдун маалымдашынча, бул мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн олуттуу коркунуч туудурат.

Кайрылууда кыргыз бийлиги журналисттерге каршы колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамдарды иштеп чыгуудан алыс болушу керектиги көрсөтүлгөн.

Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) программалык директору Карлос Мартинестин айтымында, Кыргызстанда бул мыйзамды кабыл албаган күндө деле атайылап ойдон чыгарылган жалган ушактарды таратууну ооздуктоочу мыйзамдык механизмдер жетиштүү. Ошондуктан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорундагы мамлекеттик органдарга бериле турган ыйгарым укуктар көз карандысыз медиага каршы колдонулуп, сөз эркиндигин басмырлоого жол ачышы мүмкүн экени айтылат.

Жогорку Кеңеш 28-июлдагы кезексиз жыйынында чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Мыйзам долбоорун 97 депутат колдоп, 5 эл өкүлү каршы болгон.

Алгач мыйзам долбоору парламенттин 30-июнундагы жыйынында өтпөй калган эле. Бирок аны 28-июлда кээ бир депутаттар кайра добушка салуу керектигин айтып чыгышкан.

Бул документти депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Ушул эле мыйзам долбоору буга чейин “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” деп өзгөртүлгөн, бирок ал колго салганда парламенттен колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек болчу.

Президент Садыр Жапаров жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдарды азайтуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2021-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана автотранспортту жана электромобилдерди эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы анча чоң эмес укук бузуулар үчүн айыптарды азайтууга, ошондой эле жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, көлүк унаа башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү же 1-категориядагы айыппул түрүндөгү жазанын альтернативдүү түрүн белгилөөгө багытталган.

Мыйзамда төмөнкү учурларга айыппул төлөө каралган:

— Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузууда;

— Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашканда;

— Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо); токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу; светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо; каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузууда (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо) айып салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айыптын өлчөмү 70 пайызга азаят.

Ошентип, мындай учурларда айыптын өлчөмү 300 сомду түзөт.

Ошол эле учурда мыйзам менен, кабыл алынган мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнбөгөн жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулар үчүн айыппулдар (мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузууну кошпогондо), туумдарды жокко чыгаруу жана жеңилдик берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү менен ушул мыйзамдын ченемдерине ылайык төлөнөрү белгиленген.

2021-жыл 4-август

Аскар Акаев: резиденцияда Садыр Жапаров менен жолуктум

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга бийлик менен кызматташуу максатында келгенин айтты. Бул тууралуу ал 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) сурактан чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

“Мен кызматташууга, көмөктөшүүгө келдим. Билесиздер, “Кумтөр” долбооруна байланыштуу мага дооматтар бар. “Кумтөр” менин учурумда түптөлгөн. Мен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына ыраазычылык билдирем. Мени жакшы кабыл алышты. Албетте, суроолор бар. Алгачкы суракка кирип чыктым. Мен “Кумтөрдү” кантип, эмне үчүн түптөгөнүбүз тууралуу чын жүрөктөн айтып берүүгө келдим”.

Акаев президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын, Кыргызстанга келүүгө жол ачып бергени үчүн рахмат айтканын да кошумчалады.

Ал “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында дүйшөмбүдө Бишкекке келген.

Расмий маалыматка ылайык, Акаев мурдагы “Кумтөргө” байланыштуу макулдашууларды түзүү, коррупциялык фактыларга байланыштуу айыпталган.

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине АКШнын “Жалпы артыкчылыктар тутуму” (General System of Preferences”) программасы аркылуу топоз этин, тоо балын, чычырканак суусундугун, жаңгактарды экспорттону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповго Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу карым-катнашын чыңдоо жана ошондой эле кыргызстандык ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында АКШнын “Жалпы артыкчылыктар тутуму” (General System of Preferences”) программасын колдонууну тапшырды.

Аталган программанын (“Жалпы артыкчылыктар тутуму”) алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпысы 5000ге чейин ар кандай товарларды эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттоого уруксат берилген. Бул программа Кыргызстанда өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү сапаттуу айыл-чарба товарларын (кыргыз тоо балы, чычырканак кошулмалуу суусундук, кара өрүк, жер жаңгак жана топоз өңдүү башка жандыктардын эттери, форель ж.б.) АКШга экспорттого мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Азыркы учурда кыргыз ишкерлеринин АКШнын аталган программасын толук колдонуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде бардык шарттарды түзүп берүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш башталды.

Меню