Menu

ЭКОНОМИКА

Кытай Иран аркылуу Өзбекстанга товар жеткире баштады

Кытайдын Сямынь портунан чыккан алгачкы контейнер поезд Өзбекстанга жетти. Бул тууралуу “Узтемиржолконтейнер” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө тиричилик техникалары жүктөлгөн 40 футтук 39 контейнер 14 күндөн кийин, 25-июнда Ташкенттеги Сергели станциясына жеткени жазылган.

Маалыматка караганда, контейнерлер Кытайдан деңиз аркылуу Ирандын Бандар-Аббас портуна жеткирилип, андагы темир жол платформаларына жүктөлүп, Түркмөнстан аркылуу Өзбекстандын аймагына кирген.

Буга чейин Өзбекстандын Транспорт министрлиги Кытайдын Ланжоу станциясынан Ташкентке блок поезди жөнөтүлгөнүн, бул каттам “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” транспорт коридору аркылуу жүк ташуу максатында башталганын айткан.

МБК: бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот

Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «РСК Банк» ААК менен биргеликте бажы төлөмдөрүн реалдуу убакытта накталай эмес жол менен төлөөнү ишке киргизди.

Жаңы төлөм ыкмасы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына бажы төлөмдөрүн “РСК Банк” ААКтын интернет-банкинги аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын системасында дароо көрсөтүлөт, бул бажы төлөмдөрүн төлөө жол-жобосун жеңилдетет жана бажылык тариздөө процессин тездетет. Ошондой эле, бүгүнкү күндө башка коммерциялык банктар менен дагы накталай эмес ыкма менен реалдуу убакыт режиминде бажы төлөмдөрүн төлөөнү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

УКМК: Жеке ишкерлерди опузалап пара талап кылган бажычылар камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы  “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган.

Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды. 

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Садыр Жапаров сомду Кыргызстанда басып чыгаруу башталарын билдирди

Президент Садыр Жапаров 9-июнда Бишкекте улуттук валютанын – сомдун киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Анда бул жылдар аралыгында кыргыз сому “мамлекеттүүлүктүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын негизги элементи болуп келди”,-деп билдирди. Ал жакынкы арада сомду өлкө ичинде басып чыгаруу башталарын айтты.

“Кыргызстандын каржы системасы, улуттук төлөм, банк системасы дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистердин таасирине карабастан, өзүнүн бекемдигин көрсөтүп, өнүгүп келе жатат. Мында Улуттук банктын ордун жана анын жүзөгө ашырып жаткан акча-кредиттик саясатын, ошондой эле каржы рыногунун кызматкерлеринин ишине жасаган ак ниет жана кесипкөй мамилесин, ишке болгон жоопкерчилигин баса белгилеп айтып кетишибиз абзел. Жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштайт. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынды. Биз аны сөзсүз ишке киргизебиз”,-деди Жапаров.

Президент ушул жылдын башында Кыргызстан паспорт менен сомду өзү басып чыгара баштарын билдирген. Анда мамлекеттин казынасына кеминде 3 миллиарддай сом түшүп турарын айткан.

Сомдун 30 жылдыгына карата 10-майдан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун жаңы, бешинчи сериясы жүгүртүүгө чыгарылган.

Улуттук валюта 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген.

Бишкек-Ташкент: Тез бузула турган азык-түлүккө "жашыл коридор" ачуу сүйлөшүлдү

8-июнда Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушуп, тез бузула турган азыктарга “жашыл коридор” ачууну сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле жолугушууда коңшу эки өлкөнүн айыл чарба товарын сыртка чыгарууну биргелешип өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз компанияларын импортёрлор реестрине киргизүү тууралуу да сөз болду.

Наркобилов өзбек тарап сүт, эт, балык азыктарын өндүргөн ишканаларды импортёрлор реестрине тез арада киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Элчи Жаманбаев Ветеринария комитетинин диагностикалык борборуна барып, эт, сүт, балык, дан, жашылчаларды лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүү процесси менен таанышты.

Мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга барып, бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырган. Эки өлкө ортосунда экономика, айыл чарба багытындагы кызматташтык, биргелешкен ишканаларды иштетүү тууралуу “жол картасы” кабыл алынган. Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстандагы ар түрдүү долбоорлорго болжол менен 70 млн. доллар инвестиция салууга даяр экени маалым болгон.

Бишкек: суу таңкыс болгон конуштарда сууга төлөм кайра эсептелет

Бишкек шаарынын суу таңкыстыгы жаралган конуштарында сууга төлөм кайра эсептелет. Бул тууралуу 8-июнда мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев парламентте билдирди.

Учурда тиешелүү мекеме-органдарга буга байланыштуу тапшырмалар берилгенин айтты. Шамыралиев бул канча абонентке тиешелүү болорун, төлөм канчага азаярын тактаган жок.

Мунун алдында Жогорку тармактык комитети 8-июнда кезексиз жыйынга чогулуп, Бишкектеги суу таңкыстыгын чечүү үчүн 150 милилон сом бөлүп берүүнү колдоду. Жыргалбек Шамыралиев бул көйгөйдү чечүү үчүн 500 миллиондой сом керектигин билдирген. Анда жаңы суу топтомо жайларын курууга жер керектигин, учурда трансформациялоо маселесин чечүүгө аракет жасалып жатканын маалымдаган.
“Бизге “Башкарасуу” суу топтогон жайынын жанынан төрт гектар, “Сельский” суу топтогон жайынын жанынан дагы үч гектар, ал эми “Контррезервуар” жайынын жанынан дагы төрт гектар жер керек. Бир суу топтогон жайды куруу үчүн болжол менен 150 милилондон сом сарпталат, ошондуктан жалпысынан 500дой миллион сом керек”, – деген Шамыралиев.
Бишкектеги Арча-Бешик конушунда суу тартыштыгына нааразы болгон ондогон адам 7-июнда акцияга чыккан. Алар кыска убакытка жолду тосуп, кайра ачкан. Конуштун тургундары бир канча күндөн бери таза суу берилбей жатканын сынга алып, маселенин чечилишин талап кылган.
Шаарда күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына даттанууда.
Мэрия таза суунун жетишсиздигинен рейд жүрүп, борбордо сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана автоунаа жуучу жай убактылуу жабылганын 3-июнда кабарлаган.
Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекти таза суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы Орто-Алыш суу алгычынан келет. Орто-Алыш суу алгычында жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Мындан тышкары мөңгүлөр жай эрип жатат. Мэрия калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалаган.
Шаар бийлиги акыркы жылдары өзгөчө жай мезгилинде калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин билдирген.
Мекеме таза суунун тартыштыгын эл сууну чарбалык аянттарын сугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырган.

Токаев Германияга орус мунайын казак мунайына алмаштырууну сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Германияга ташылган мунайдын бир жылдык көлөмүн 200 миң тоннадан 1,2 млн. тоннага чейин жеткирүүнү сунуштады. Бул тууралуу казак президенти Чолпон-Ата шаарында өткөн “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинде билдирди.

Казакстан 2023-жылдын беш айында Германиядагы мунайды кайра иштетүүчү “Шведт” заводуна 90 миң тонна мунай жеткирген. Астана жыл соңуна чейин бул көлөмдү 200 миң тоннага чейин жеткирүүнү пландаган. Бирок Токаев саммитте бул көлөмдү эң аз дегенде алты эсеге көбөйтсө болорун белгиледи.

“Бул көрсөткүчтү жыл ичинде 1,2 млн. тоннага жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар”, – деди казак президенти.

“Шведт” заводу Украинадагы согуш башталганга чейин Орусиянын “Роснефти” компаниясына таандык болчу.

Казакстан Европа Биримдигине (ЕБ) мунай жеткирүү көлөмүн 2023-жылы көбөйттү. Улуттук статистика бюросунун маалыматына караганда, өлкө Евробиримдикке быйылкы жылдын биринчи кварталында 71% мунай экспорттогон. Өткөн жылы бул маалдагы көрсөткүч 65% айланасында болгон.

Германиядан башка казак мунайын Италия да сатып алат. Бул өлкөгө мунай жеткирүү быйылкы жылдын биринчи кварталында жалпы экспорттун 38% түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 28% болчу. Францияга ташылган казак мунайынын экспортунун көлөмү 5 пайыздан 7%, Румынияга 4 пайыздан 7% өскөн.

“Ведомости” басылмасы 2023-жылы январда Германия Орусиядан 1 млн. тонна мунай алганын жазган. Эгер Казакстан көлөмдү көбөйтсө, ал орусиялык мунайды толук алмаштырышы мүмкүн.

Бирок казак мунайы Германияга Орусиянын аймагынан өткөн “Достук” кууру аркылуу жетет. Көлөмдү көбөйтүү үчүн Казакстан Орусиянын Энергетика министрлигинен уруксат алышы керек болот.

Орусиянын мунайдан түшчү кирешеси 2023-жылы январь-февраль айларында 52% кыскарган. Март айынан апрелге чейин мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2,4 триллион рублдан 3,4 трлн. рублга көбөйгөн.

Евробиримдик өлкөлөрү 2022-жылы декабрда орус мунайынын баасына атайын чек койгон. Эки жумадан кийин алар орус газынын баасына да чектөө киргизген. Жаңы эрежеге ылайык орус мунайынын бир баррели 60 долларга бааланган. Чек кирген алгачкы жумада орус мунайынын экспорту 54% төмөндөгөн.

Мунай баасын чектөө Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциянын бир бөлүгү болгон. Мындан тышкары Орусия “Ямал-Европа” жана “Түндүк агым-1” долбоорлору токтогону үчүн газын куур аркылуу алып турган европалык базарды жоготкон.

Орусиянын президенти Владимир Путин жооп катары баага чек койгон өлкөлөргө мунай жана мунайзаттарын жеткирүүгө тыюу салган.

Баткенде жапон технологиясы менен 42 продукция чыгарылат

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Япониянын JICA агенттигинин өкүлдөрү менен жолукту. 

JICA агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген делегация менен жолугушууга Баткен облусунун район-шаар башчылары, бардык тийиштүү    облустук мекемелердин жетекчилери да катышты. 

Тараптар алдыда экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу боюнча, жакынкы мезгилдерде ишке ашырылуучу иш чаралар планын талкуулашты. 

Облус башчысы өз сөзүндө  экономиканы өнүктүрүүдө өндүрүштү колдоо жана аны жолго коюу өзгөчө манилүү экенин белгилеп, өндүрүлгөн продукцияларды рынок шарттарына ыңгайлаштырып, экспорттук потенциалды жогорулатуу аракеттерин активдештирүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду. 

JICA   агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде 42 продукция чыгаруу пландаштырылды. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш. 

Белгилей кетсек, 2022-жылы аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган.  

«Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында, тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана косметикалык буюмдарды өндүрүү технологиялары  өндүрүүчүлөргө үйрөтүлүп, аларга бизнес жаатында кеп-кеңеш берилип, товарларды сатууга жардам берүү иштери уюштурулуп келет.

Азыркы учурда Баткен облусунда «Бир айыл-бир продукт»  долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар продукциянын 44 түрүн өндүрүп, сатыкка чыгарышты. 

Алар: кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, сиробу, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад жана токочтор. 

Андан сырткары, Баткен бренди болгон күрүч жана килем боюнча да маркетинг чаралары жүрүп жатат.

Өзбекстанда 140 миң долларга 14 гектар жерди мыйзамсыз сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды

Фергана облусунун аймагынан багбанчылык үчүн 140 миң долларга 14 гектар жерди мыйзамсыз сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка караганда, орус жараны Фергана облусунун 26 жаштагы тургуну жазган арыздын негизинде кармалды.

Орусиянын Кыргызстанда 1985-жылы төрөлгөн жараны тиешелүү документтерсиз эле Кучкорчи айылынан жер сатып алууга аракет кылган. Ал жер жергиликтүү фермердик чарбага узак мөөнөткө ижарага берилгени кабарланды.

Шектүү аванс катары 15 миң АКШ долларын берип жатканда кармалган.

Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Июнда бензин дагы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

1-июнда бензиндин бир литри 2,5-3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Мекеме күйүүчү май саткан компаниялар бааны акырындык менен көтөрүүгө аракет кылышарын жана кескин өзгөрүүлөргө барбай турганын маалымдады.

Ассоциация мунун себебин дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кымбаттап баратканы менен түшүндүрөт. Мунайдын Brent үлгүсү соңку бир аптада 1,2% кымбаттап, $77,34 чейин чыккан.

Маалыматка караганда, Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму – ОПЕК жана ОПЕК+ (Organization of Petroleum Exporting Сountries) тобуна мүчө өлкөлөр 4-июнда мунайды казууну азайтуу маселесин талкуулаганы жатат. Бул мунайдын дүйнөлүк баасына дагы таасир этиши мүмкүн.

Ассоциация Украинадагы согушка байланыштуу Батыштын Москвага салган санкцияларынан кийин Орусияда мунайды казуу төмөндөгөнүн, бул мунай заттардын кыскарышын шарттап, заводдордо анын баасынын көтөрүлүшүнө алып келгенин билдирет. Кыргызстандагы соңку мезгилдеги кымбаттоолордун себеби ушул жагдай менен түшүндүрүлүп жатат.

Орусия Федерациясы ушул тапта ички дефицитти жана баанын көтөрөлүшүн алдын алуу үчүн бензинди сыртка экспорттоого тыюу салууну талкуулоодо. Буга байланыштуу Кыргызстандык компаниялар Орусиядан күйүүчү май ташып келүүдө түрдүү көйгөйлөргө туш болуп жатышат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылгандай, орточо баа былтыркыга караганда бир аз төмөндөдү. Ошол эле маалда бир-эки жыл мурдагыга караганда кымбатыраак.

Учурда Кыргызстандын аймагында бензиндин А-95 үлгүсү 59 сомдон 63 сомго чейин сатылууда. А-92 үлгүсү 53 сомдон 57 сомго чейин, А-80 үлгүсү 46 сомдон 56 сом. Ал эми дизелдин баасы айрым жерлерде 67-68 сомдон болуп жатса, кээ бир жерлерде 74-75 сомдон деп көрсөтүлүп турат.

Меню