Menu

Садыр Жапаров элге жана бийликтин кысымына кабылып, түрмөдө жаткан кыргыздын эр-азаматтарына кайрылуу жасады

Азыркы бийликтин кысымына кабылып, түрмөдө, тергөөчү жайларда жаткан Урматтуу кыргыздын эр-азаматтары!

Урматтуу эл-журт!

“Чындык кеч болсо да акыры чыгат” же “Чындык чапанын кийгенче, калп дүйнөнү кыдырып келет” – деген кеп бар эмеспи.

Кечээ жакында дагы бир чындык үчүн күрөшүп жүргөн журналист Кеңешбек Жумабаев аттуу эр-азаматыбызды бийлик камакка алды. Анын үстүнөн Эмилбек Каптагаев арыз жазган экен. 2013-жылы Караколдогу митингде Каптагаевди барымтага алганга катыштыгы бар имиш. Көрсө, ал митингде журналист катары жүргөн экен.

Кеңешбек Жумабаевдин Жогорку Кеңештеги депутат досу бийликтегилерге телефон чалып, ал журналист катары жүргөн экен го десе, Садыр Жапаровго көрсөтмө берсе эле дароо кое берилет дешкен экен. Кайран бийлик, Каптагаевди барымтага алган күндөрү мен чет өлкөдө жүргөнүмдү унутуп калышкан экен да?

Уят болушпай текшерип коюшса болмок экен? Же бийлик колдо турганда көндүм адаттагыдай эле ишти будамайлап, сотко өткөрүп жиберсек болду, айлап-жылдап соттошуп жүрө беришсин деп жатышабы?

Ушул жерде эл билбеген дагы бир сыр бар. Кеңешбек Жумабаевдин кичи мекени Токтогул болот. Бул жигит былтыртан бери Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө, Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүндө жайгашкан “Узун-Акмат” алтын кенин иштетпегиле, эл уу ичип калат деп балдарды уюштуруп, башында жүргөн экен. Себеби, ал алтын кенден ичүүчү суу түз эле айылдарга агып келет экен. Бийлик Кеңешбекти камады дагы, Токтогулдуктарды башка иши боюнча камалды деп алдап койду. Токтогулдуктар унчукпай олтуруп калышты. Мындай көрүнүш бийликтин жасап эле келе жаткан иши. Болбосо, бийлик 3 жылдан бери камабай эмне кылып жүрдү?

Мейли ошондой болсо дагы Саруу окуялары боюнча камакта жатышкан баардык балдарга жана журналист Кеңешбек Жумабаевге кайрылам. Кумтөр боюнча кандай гана кылмыш иштери болбосун кыйналып жата бербестен, Садыр Жапаров уюштурган деп көрсөтмө берип, кутулуп кетүүңөрдү чын жүрөгүмдөн каалаймын. Мен болсо Кудайдын маңдайга жазганын көрөм. Мындай каралоолорду башымдан өткөрүп да келгем.

Сөзүм куру болбос үчүн акыркы беш жылда мага карата кандай жасалма иштерди токугандарына токтоло кетейин.

1. 2012-жылы Кумтөр боюнча митинг кылып камалганыбызда, Адилет аттуу өкүл баламды Каракол шаарынан УКМКнын кызматкерлери кармап келишип, жолдо карата катуу кыйнашып, мага карата жасалма көрсөтмө алышат. Ал бала митингге келген да эмес экен. Кыйноого чыдабай, мейли эмне десеңер макулмун, баардык түшүнүк каттарга кол коюп берейин деп, окубай туруп кол коюп берип, кутулуп кете берген. Кийин сотко келгенде агынан жарылып, чындыкты айткан. Бирок күн карама соттор баары бир чындыкты эске алышкан эмес. Ошол окуяга мына ушул жердеги видео тасмадан күбө болосуздар. Кыскача, үзүндүлөр берилет.

2. 2013-жылдагы Юпи гейт окуясын жакшы билесиздер. Эрлан Өмүралиев аттуу жигитибизди кыйнашып, “Садыр Жапаров Нарын суусун цианид менен уулаганы жатат” деп айттырышкан.

3. Андан кийин Ысык-Көлдүктөр Каптагаевди барымтага алышып, Кумтөр маселесин элдин пайдасына чечкиле деп чыгышканда, бир топ балдарды кармап келип камашып, Наристе Калчаев аттуу жигитти Садыр Жапаров уюштурду дей салсаң эле бошотобуз дешет. Ал жигит: “Садыр Жапаровдун карааны жок бул жерде” десе, көгала койдой тепкилеп сабашат. Анда да болбойт. Ошентип ал жигитти 8 жылга кесип жиберишет. Азыр түрмөдө олтурат. Кечээ жакында эле кайра түрмөдөн УКМКнын СИЗОсуна алып келишип, Садыр Жапаров уюштурган деп койсоң эле сени дароо түрмөдөн чыгарабыз дешет. Ал бала: “Беш маал намаз окуйм, бирөөгө калп жеринен жалаа жапканым, адам өлтүргөнүм менен барабар, “болбойт” деп баш тартат. Ошентип бир ай СИЗОдо кармап жатышып, максаттарына жетпеген соң, кайра түрмөгө жеткирип коюшат.

4. Мелис Аспеков деген жигитибиз дагы Садыр Жапаровду колдойбуз, Улуттук лидер кылабыз деп жүргөн активдүү эр-азаматтарыбыздын бири эле. Аны дагы таксиге 100 сом төлөбөй кетип калдың деген шылтоо менен камап олтурушат.

5. Мына эми бүгүн журналист Кеңешбек Жумабаевди камакка алышты. Бул жигит 2012-жылы бийлик бизди камака алганда, коргоо комитетинин башчысы болгон жигит эле. Мына ушинтип менин айлана-чөйрөмдөгү адамдарды бутага алуу процедурасы беш жылдан бери уланып, бүгүнкү күнго чейин уланып келе жатат. Ошондуктан, урматтуу менин тарапташтарым, ар бириңер өз жаныңарды сактап калыш үчүн, бийлик суранган кылмыштардын баарын мага жүктөп коюп, бошонуп кете берүүңөрдү чын жүрөктөн суранамын.

Мына ушул видео тасмада менин өкүл балам Адилет кантип кутулуп кеткенин, бирок сотко келгенде чындыкты айтып бергенине күбө болосуздар.

Мындан сырткары, КТР калп жеринен митингчилер Лондонго телефон чалышыптыр, Минскиге телефон чалышыптыр деп жанын жеп, кийин сотко келип, бизден чекилик кетип калыптыр кечирип койгулачы деп турган фактыларга да күбө болосуздар.

Ошон үчүн урматтуу журналист Кеңешбек Жумабаев, бийлик кандай деп суранса, ошондой деп жооп берип коюп, бошонуп кетишиңизди суранамын.

Мен өлкөгө келээр убакыт жакындаган сайын, бийликтин, “Кокуй буга бир нерсе даярдап туралы” – деген максаттары экенин толук түшүнүп турам. Кудай буюрса өлкөмө бараарыма саналуу айлар калды.

Эч качан митинг уюштуруп коюп, элдин артына жашынган саясатчы эмесмин. Жеке өзүм митинг уюштура турган болсом, сөзсүз түрдө эл алдында, көч алдында болуудан эч качан баш тарпаймын. Бирок, баары мыйзам чегинде болуш керек.

Ооба, Каптагаев күнөө артып жаткан бирин-экин жээн эмес, Ысык-Көл элинин баары менин жээндерим, таякелерим, карындаштарым. Себеби, Ысык-Көл менин кичи мекеним.

Урматтуу замандаштар! Чындык кеч болсо да акыры жеңип чыгаарына толук ишенип, Кудай деп туруңуздар.

Урматтоом менен, Садыр Жапаров.

Журналист Адилет Айтикеев Кыргызстандан чыгып кетти

Бийлик тарабынан куугунтуктоолор күчөгөнүнө байланыштуу “Искра” гезитинин редактору Адилет Айтикеев Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу ал “Республика” гезитине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында Минск шаарына барып, Жаныш Бакиевден интервью алып келгенден кийин белгисиз адамдар анын артынан түшүп, телефондон “Эгер кокус башыңа кирпич түшүп кетсе таарынба” – деп ачык эле коркутуу болгон.

“Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы аябай начарлап кетти. Атамбаев муну жөнгө салуунун ордуна өзүнүн саясий оппоненттерине чабуулду күчөтүп, бийликти бир колго топтоого аракет кылып жатат. Акыркы он жылда эки президент алмашты, бирок алар коомчулуктун үнүн уккан жок. Элди жалган убадалар менен алдашты. Үмүттөр акталган жок. Мага жасалган кысымдардан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Азыр коопсуз жердемин”, – дейт Айткеев.

Фото - Айсулуу машыккан спорт зал мышык ыйлай турган абалда, анан кайсы арыбызга алтын үмүт кылабыз?

Риодогу Олимп оюндарында кыргыздын намысын сактап, медалдан артык сыйга татыган Айсулуу Тыныбекова окуучулук күндөрүндө машыккан спорт залдын абалын көргөн адам эмес, мышык дагы ыйлай тургандай. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев фейсбуктагы баракчасында билдирди.

“Нарында жүрүп балбан кызыбыз Айсулуу окуучулук күндөрүндө машыккан спорт залга баш бактык. Мынакей! Алтын медаль утасың деп кайсы арыбызга талап кылабыз? Азыр да кеч эмес, өкмөтү да, ишкери да, жапа тырмак спортко көңүл бурбасак болбойт. Алгач шарт түзүп, анан үмүт кылсак. Ааламга жол айылдан башталат, аймактарга катуу көңүл бурушубуз керек. Спорт зал курууга көмөктөшкөн, спорт шаймандарын сатып берген ишкерлерди колдоо боюнча өкмөткө сунуш менен кайрылам жакында”, – дейт Ж. Акаев.

3 1 2

«Твиттер» экстремизм үчүн 300 миңден ашык аккаунтту жапты

“Твиттер” социалдык түйүнү бир жыл ичинде терроризм менен экстрмизмди жайылтуу аракети үчүн 360 миң аккаунтту жапты. Алардын 200 миңден ашыгы акыркы жарым жылга туура келет. Бул тууралуу компаниянын бейшемби күнү жарыяланган баяндамасында жазылган.
Анда 2015-жылдын ортосунан тарта аккаунтарды күн сайын жабуунун саны 80 пайызга өскөндүгү белгиленген. Андай көрүнүштөр өзгөчө ири теракттардан кийинки учурларга туура келет. Социалдык түйүндүн жетекчилиги эми аккаунту буга чейин жабылган колдонуучулардын экинчи жолу катталышы оорураак болорун билдиришти.

Компания мындай билдирүүнү «Твиттер» жаштарды өз катарына тартуу үчүн соңиалдык түйүндөрдү колдонгон исламчыларга каршы тиешелүү деңгээлде күрөш жүргүзбөй жатат деген сындарга кабылгандан кийин жасап отурат. «Твиттерде» белгилүү экстремисттик топтордун көбүнүн жеке аккаунттары бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Журналист Дайырбек Орунбеков өмүрүнө коркунуч жаралганын билдирди

Алмазбек Атамбаевдин абийирине шек келтирди деп айыпталып, 2 млн сом доого жыгылган журналист Дайырбек Орунбековдун өмүрүнө коркунуч жаралып жатат. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында кечээ түнү, саат 23:19да ал жашаган үйгө бейтааныш адам келип, эшикти такылдатып, өзүн айылдан келген адам экенин жана адашып жүргөнүн айткан.

“Эшикти ачсам, “Мураттын үйүбү?” – деп сурады. “Мен айылдан келип, Муратты издеп жүрдүм эле” – дейт. Мен көп кабаттуу үйдүн 9-кабатында турам. Ал үйгө бейтааныш адам кире албайт, сырткы эшик чип ключ менен ачылат же домофон аркылуу. Бул кантип кирип алганы белгисиз. Кебетеси айылдан келгендей эмес. Мен ойлоп калдым, атайын эле аңдып мени текшерип, жашаганымды аныктап келген бирөө. Психологиялык басым көрсөтүп же жамандык оюн ишке ашырууну пландап келген окшойт. Таанышын издеген адам түн бир оокумда түндүктөн түшө калгандай эшикти какпайт. Бул убакта нормалдуу адам уктап жаткан болот. Мен, сөзгө тартып телефонума байкатпай тартып алганга үлгүрүп калдым. Суроолорума кекечтенип жалган жооп берип жатканы билинип турду. Менин оюмда, бул атайын кызматтагылар же “каралар” болушу мүмкүн. Мага карата болуп жаткан президент Атамбаевдин куугунтугуна байланыштуу деп билем. Менин жана үй-бүлөм, жакындарымдын жашоосу коркунучта. Бийлик ыплас жол менен кысым кылганга өттү. Мыйзамды тепсеп, мага миллиондогон айып салып, анан кийин камайбыз деп кылмыш козготту. Мунусу аз келгенсип түн катып шектүү адамдар эшигимди каккылап жүргөнү табышмактуу.

Бийликтин мындай аша чапканы уят! Бул силердин алсыздыгыңар. Майда, кекчил адам гана колундагы мүмкүнчүлүгүн жаман жолго жумшайт. Минтип мени сындыра албайсыңар. Мен чөгөлөбөйм, убара болбогула. Кудай берген жанды Кудай алат, бирок чындык, эрктүүлүк түбөлүк жашайт!
Бул окуяны расмий укук коргоо органдарына билдирүү катары кайрылам. Саясий күрөш адамдык сапаттын тегерегинде жүрүшү керек”, – дейт Орунбеков.

Кыргызстан Олимпиададагы жалгыз медалынан кол жууду

Спорттук арбитраж соту (CAS) кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковду Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюнарында 69 килограммга чейинки салмак категориясындагы мелдеште жеңип алган коло медалынан ажыратты. Мындай маалымат жазылган билдирүү 18-августта таратылды.

Белгиленгендей, анын допинг-тести оң натыйжа берип, стрихнин аттуу кызытманын бардыгы аныкталган. CASтын маалыматына ылайык, Артыков мелдештерден четтетилип, медалынан ажыратылды.

Оор атлетика боюнча Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров «Азаттыка» андай маалыматтарга ээ эмес экенин билдирди. «Бирок мындай болушу мүмкүн эмес», – деп билдирди ал.

10-августта Иззат Артыков жалпы суммада 339 килограмм (булкуп көтөрүүдө 151 килограмм жана түртүп көтөрүүдө 188 килограмм) көтөрүп, «коло» байге алган. Ал жеткен медаль Кыргызстан курамасынын Риодогу жалгыз байгеси болчу.

Аалы Туткучев, төкмө: "Калыстар элди алдап жатышат"

… Нааразычылык жеке меники эмес, канчалаган жаш акын балдардын нааразычылыктары. Биз балдар менен кеңешип, жыйынтыгын элге жеткирдим. Ал жерде ынтымакты кетирип “Бул мунун, тигил тигинин шакирти” деген бөлүнүүгө барышты. Элге жакшы ырлары, ойлору менен таанымал Баян Акматов, Идирис Айтыбаев, Жылдызбек Төрөканов жана кытайлык кыргыздардан Мамбет Орозов бар. Булардын баары төмөн, башкалар жогору упай алышты. Кыргыз-казактын айтышында намыска жарап бере турган Жеңишбек акын да артта калганы өкүнүчтүү. Калыстык болгон жок. Акыйкатты азыр айтпасам, качан айтам?! Эч кимден сурабай эле “Биз булар менен макулдаштык, макул болушту” деп “Азаттыктан” сайрап жатышат. Бул элди алдоо. Калыска даражалуу, салмактуу кишилерди коюп, кайра өткөрсө баарыбыз катышабыз. Биз көчмөндөр оюнунда кыргыз намысын коргойлу деп айтыштык. Биз барбай койсок айтыш өтпөйт дегенден алыспыз. Кээ бирөөлөр “Чоң тойдун алдында унчукпай, уу жутуп коюшса болмок” деши мүмкүн. Биз уу жутуп келдик. Жута берген уунун ачуусу кечээ күнү сыртка чыкты. Эл алдында ооздон чыкты, кайра барып аркамдан сөз ээрчитким келбейт.

Айтылуу төкмө Аалы Туткучевдин “Саресепке” берген маегинен 

Президент Кылычбек Султановду кызматынан бошотту

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-августта Кылычбек Султановду Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, К.Султанов Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршылык билдирип, кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы кечээ белгилүү болгон эле.

Премьер-министр ишкерлерди логистикалык борборлорду курууга активдүү катышууга чакырды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-августта, Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Араван районундагы логистикалык борборго жана жер-жемиш базасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы логистикалык борбор 100 миң тоннага жакын жемишти сактаган, жакынкы арада анын сыйымдуулугун кеңейтүү жана андагы продукция сактоонун ыкмаларын жакшыртуу пландаштырылууда. Учурда борбордун аянты 600 чарчы метрди түзөт.

Сакталган продукция ички жана тышкы рынокторго чыгарылат. Учурда Ош облусунда ушул сыяктуу логистикалык борборду куруу жөнүндө инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жээнбеков белгилегендей, өлкөгө мындай логистикалык борборлор зарыл, анткени алар жергиликтүү дыйкандарга өз продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка өнөктөш мамлекеттердин рыногуна чыгарууну жөндөөгө мүмкүндүк берет.

«Бизнес-коомчулук өкүлдөрү республиканын бардык аймактарында бул сыяктуу борборлордун курулушуна көбүрөөк көңүл бурса жакшы болоор эле. Аталган борборлор айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн чыгашаларын оптимпалдаштырууга, ал эми керектөөчүгө кышы-жайы сапаттуу продукцияга ээ болуусуна шарт түзөт», – деп белгиледи ал.

Фото - "Алтын кыздын" күрөшү

Бразилиядагы Олимп оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча беттеште Айсулуу Тыныбекова өзүнүн шыгын көрсөтүп, өлкөнүн намысын бийик көтөрдү. Айсулуу алтын тагынбаганы менен эл ага “Алтын кыз” деген жаңы ысым ыйгарды.

В 1/8 финала в упорной борьбе Айсулуу Тыныбекова одолела бразильскую спортсменку Жойс Силву.В четвертьфинале Тыныбекова одержала уверенную победу над серебряным призером чемпионата мира 2015 года Петрой Олли (Финляндия).  В полуфинале Тыныбекова в вязкой борьбе уступила россиянке Валериея Кобловой.  Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча 18-августка караган түнү саат 2:00до башталат.В схватке с индийской спортсменкой за бронзовую медаль Айсулуу Тыныбекова вела в счете, но на последних секундах допустила роковую ошибку, позволив сопернице набрать победные очки.

Эгерде эл толкуп кесте Атамбаевди бир Иса Өмүркулов гана коргошу мүмкүн, башкасы коргобойт - Азимбек Бекназаров

… Атамбаев ансыз деле кетет. Бирок, ал кеткенден кийин каяка барышы керек? Азыртадан парламенттеги партиялардын, премьер-министрдин ролун күч алдырып, өзүнүн партиясынын өкүлүн өкмөт башчы кылат дагы, өзү көмүскөдөн көзөмөлдөп жата берет. Атамбаев азырынча ушуну эле көздөп жатат. Бирок, турмуш деген башка да. Бакиевдердин “Акжолу” эмне деген партия эле? Азыркы КСДП бир кездеги “Акжолдун” чыпалагына дагы татыбайт. Эгерде эл толкуп кетсе, азыркы КСДПдан Атамбаевди бир Иса Өмүркулов гана коргошу мүмкүн. Башка эч ким коргобойт. Берки шоопуру да коргошу мүмкүн. Башка бирөөсү дагы Атамбаевди коргоюн дебейт. Берки Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор илгери деле “Акжолдо” жүрүшчү, азыр деле “ышкырган” боюнча баса беришет. Аларга баары бир.

Азимбек Бекназаровдун “Азия news” гезитине берген маегинен

Темир Сариев Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө каршы пикирин билдирди

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев бир топ тыныгуудан кийин үн катып, Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө каршы пикирин билдирди. Ал Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө ашыгып жаткан Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлерине жолдогон кайрылуусунда артка кылчайып, баштан өткөн кыйын кезеңди эстен чыгарбоого чакырды. Ошондой эле азыркы Баш мыйзам 2010-жылы кандай кырдаалда жазылып, кабыл алынганын, бул үчүн эл жанын канжыгага байлап, эски бийлик менен күрөшкөнүн билдирип, эми ошол Конституцияны коргоо баарынын милдети экенин белгиледи.

Мындан сырткары коомдук талкууга берилген бир айлык убакыт өтө аз экенине токтолуп, Конституциялык кеңешме түзүүнү сунуштады. Сариевдин пикири боюнча ал кеңешмеге жалаң гана бийликтин адамдары эмес, оппозиция өкүлдөрү менен укуктук эксперттер кирүүсү зарыл. Ошондо гана коомго кызмат кылуучу Баш мыйзамды кабыл алынат.

 

Өкмөт маданият кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөбөгөнүн билдирди

Өкмөт мындан мурда ММКларда маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлгөндүгү тууралуу жарыяланган маалыматка комментарий берип, маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлбөгөндүгүн расмий түрдө билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өкмөт маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын баскычтуу түрдө жогорулатуу маселесин чечүүдө. Буга мисал, өкмөт чечими аркылуу үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет академиялык театрынын кызматкерлерине жана артисттеринин айлык акысы 80% жогорулатылган. Бул максатта 2016-жылы 17,5 млн сом бөлүнгөн. 2017-жылдын бюджетинде маданият тармагынын эмгек акысын төлөө фондун жогорулатууга кошумча түрдө 172 млн сом каралган.

"Өнүгүү" депутаттарын өзгөртүүгө кам көрүп жатат

Парламенттик жарыштан жарытылуу добуш алып жыргатпаган “Өнүгүү” фракциясынын депутаттары Исхак Масалиев менен Алтынбек Жунус уулу күзгө карай парламенттик “доорон сүрү” бактысынан ажырап, экөөнүн ордуларын буга дейре парламенттин 4 чакырылышына депутат болуп, мандат кумарын “уйку-соонун” ортосунда өткөрүп келген айтылуу Үсөн аке Сыдыковдун күйөө баласы Нургазы Айдаров менен Осмон Турдумамбетов аттуу олигархтар толуктаганы туру. Бул экөөнө караганда экс-депутат Назарали Арипов эр экен, өткөн шайлоодо жетиштүү добуш топтой албаганын эркекче айтып, баса берген. Берки “контреволюционер” Исхак Апсаматович шайлоодо чачкан акчасына “ичи өтүп” жатканбы, Бакыт Төрөбаевге кызмат сурап догурунуп жатканы кабарланды. Айтор, «өнүгүүчү» Бакыт Төрөбаевдин ушул күндөрү шайы ооп, партиясындагы “ит жыгылыш” интригаларды иретке келтире албай убара болууда.

Булак: “Азия news”

Айтыштан чыккан чырга байланыштуу өкмөт түшүндүрмө берет

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаковго «Айтыш» фонду менен биргеликте Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагындагы иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен фестивалга катышуу максатында уюштурулган төкмө-акындарды тандоо сынагы өткөрүлгөн соң жаралган маселелерди карап чыгууну жана бул боюнча коомчулукка маалымат берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда өкмөт төкмө-акындардын сынагын өткөрүү боюнча келип чыккан кырдаалга түшүндүрмө берет.

2001-жылдан тарта аталган сынакты кинорежиссер жана продюсер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген «Айтыш» коомдук фонду уюштуруп жана каржылап келген. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өнөктөш катары сынакты жарым-жартылай каржылайт. 2016-жылкы сынактын жеңүүчүлөрү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун программасы алкагындагы “Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышат.

Мындан мурдараак белгилүү төкмө-акын Аалы Туткучев сынак жыйынтыгын чыгарууда калыстардын адилеттүүлүгү боюнча шек жаралгандыгын билдирген. Буга байланыштуу ал калыстардын «Ж.Жумакадыр жана Б.Акматов сыяктуу сынак катышуучуларына калыс эмес мамилеси үчүн» “Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышуудан баш тартаарын жарыялаган.

Кызматтан кетүүгө арыз жазган элчи Атамбаев менен көзмө-көз жолугууну көздөөдө

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршылык билдирип, кызматтан кетүүгө арыз жазган Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов президент Алмазбек Атамбаев менен көзмө-көз жолугууну көздөп жатат. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирген.

Элчинин айтымында, Тышкы иштер министрлигиндеги алешемдиктер тууралуу Атамбаевдин жеке өзүнө айта турган сөздөрү көп экен.

Эске салсак, экс-министр, учурдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кечээ, 17-августта кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы маалым болгон.

Сара Сьюэлл: "Вашингтон Казакстандагы митингдерди уюштурган жок"

АКШ мамкатчысынын орун басары Сара Сьюэлл “Казакстандагы жер сатууга каршы өткөн митингдер Вашингтон тарабынан уюштурулду” деген айрым пикирлерди четке какты.

Мындай версияны ал “өтө күлкүлүү” деп сыпаттады. АКШ Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселелери боюнча орун басары Сара Сьюэлл төрт күндүк иш сапары менен Казакстанга келген.

– Демократиянын бир белгиси– бул сөз эркиндиги жана адам укугунун сакталышы. Өз пикирин өкмөткө жеткире билүүгө мүмкүнчүлүк алуу. Тилекке каршы аткаруу бийлиги өз оюн эркин билдирүү үчүн жарандарга шарт түзүп бербей жатат. Айрым учурда эл кээ бир адамдардын, уюмдардын жана жетекчилердин сөздөрүн коомдук пикир катары кабылдап жатат. Бул туура эмес, -деди Сара Сьюэлл.

АКШ мамкатчысынын орун басары сапар алкагында бийлик өкүлдөрү менен былтыр кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар жана салык кодекси тууралуу мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөрдү талкуулады.

Расмий Астананын өкүлдөрү жаңы документтер бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тоскоол жаратуу үчүн кабыл алынган жок деп ишендиришти. Мындан тышкары Сара Сьюэлл Астанада терроризм жана экстремизм маселелерин иликтеген уюмдар менен пикир алышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан президенти Көчмөндөр оюндарына келет

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президентnин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, түркмөн лидери Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келет. Жумуш сапардын алкагында президенттер эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кыргыз-түркмөн кызматташтыгын талкуулашат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө 3-8-сентябрь аралыгында өтөт. Этношаарча Чолпон-Ата шаарынан 30 чакырым алыстыктагы Кырчын жайлоосунда орун алат.

Украинада жикчилдердин катарында согушкан өзбек жараны кармалды

Украина Коопсуздук кызматы Донбасста жикчилдер тарабында согушкан Өзбекстан жаранын кармады. Донецк прокуратурасы кабарлагандай, Ташкенттин 20 жаштагы тургуну граната ыргытуучу болуп кызмат өтөгөн.

Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына Донецк облусунун прокуратурасынын басма сөз катчысы Татьяна Павленко билдирди.

– Сурак учурунда маалымдалгандай, Ташкентте туулуп, Орусиянын Калуга шаарында каттоодо турган өзбек жараны өз ыктыяры менен “ДНР” терррордук тобуна 2014-жылы кошулган. 20 жаштагы жоокер 2015-жылга чейин “ДНР” терррордук уюмунун Коргоо министрлигинин мотоаткычтар бөлүгүнүн 9-батальонунун 1-курамында кызмат өтөгөн. Ал Украина куралдуу күчтөрүнө каршы ок чыгарган, – деди Татьяна Павленко.

Украина Коопсуздук кызматы жарыялаган видеороликте кармалган жаран өзүн Брыкин Александр Витальевич деп тааныштырган. Ал 1996-жылы 8-августта Өзбекстанда туулган. Видеокайрылууда “ДНРдин” мурдагы өкүлү куралчан топторду Антитеррордук операцияга каршылык көрсөтпөй, багынып берүүгө үндөдү. Мындан тышкары Брыкин 13-августа жикчилдерден качып чыкканы, Мариуполь шаарына келгенде украин атайын кызматтары тарабынан кармалганы белгилүү болду. Учурда ал кылмыш жасоого шектелип, камакка алынды.

Атамбаев Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн тышкы саясатын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-августта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда алдыдагы эл аралык иш чараларга, анын ичинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекет башчыларынын Бишкектеги юбилейлик саммитин өткөрүүгө, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку даражалуу конокторун тосууга, Атамбаев баш болгон Кыргыз Республикасынын делегациясынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йорк шаарында өтө турган 71-сессиясынын жыйынына катышуусуна даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалыматты угулду.

Андан тышкары өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө жана чет жердик орчундуу өнөктөр менен эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кадамдарды ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Атамбаев алдыдагы олуттуу тышкы саясый иш чараларга жакшылап даярдануунун маанисин белгилеп, Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн тышкы саясатынын орчундуу багыттарын өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Кылычбек Султанов Башмыйзамдын өзгөрүшүнө каршылык билдирип, элчилик кызматтан кетүүгө арыз жазды

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Элчи өзү бул маалыматты тастыктаганын АКИpress агенттиги жазды.

К.Султановдун айтымында, ал Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршылык билдирип, ушундай кадамга барган. “Башмыйзамдын өзгөрүшүнө каршы болуп, отставкага кетүү тууралуу арыз жазганым чын. Тышкы иштер министрлигине жиберген арызымда жумуштан кетүүмдүн себептери толук жазылган”, – дейт Султанов.

Эске салсак, Кылычбек Султанов элчилик кызматка 2014-жылы дайындалган. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү.

Таласта жол куруп жаткан түрк компаниясы мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды

Талас облусундагы Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолун салып жаткан “Чакыр Япы Санайи Ве Тижарет” түрк компаниясы бүгүнкү күндө мыйзам бузуулар менен иш алып барууда. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган компания курулушка тийиштүү уруксат кагаздары жана жол салууга берилген уруксат лицензиясы жок иш жүргүзүп келишкен. Тактап айтканда, Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан текшерүүгө алынып, буга чейин эскертүүлөр берилгенине карабай ишкана бүгүнкү күнгө чейин мыйзамдаштырылган тийиштүү документтерин көрсөтө элек жана инспекторлордун талаптарын аткарышкан эмес. Буга карата инспекторлор мыйзам чегинде чара көрүп, укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө камданып жатышат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков талаштуу делген чек ара тилкелерин көрүп чыкты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жумушчу сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапар алкагында ал Араван, Ноокат, Алай жана Чон-Алай  райондорундагы талаштуу делген чек ара тилкелерин көрүп чыкты. Ошондой эле Алай жана Чоң-Алай райондорунда жайгашкан “Эркештам”, “Карамык”  чек ара заставасынын жана көзөмөл-өткөрмө пунктуларынын иши менен таанышып, жүргүнчүлөр менен айдоочулардын көйгөйлөрүн укту. Андан ары Кыргызстандын  алыскы “Алтын-мазар” чек ара бекетинде болуп, андагы кызматкерлер менен жергиликтүү жашоочулардын абалынан кабар алды.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында вице-премьер-министр өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына чек арага жакын жайгашкан айылдардын социалдык-экономикалык абалына көңүл буруп, инфраструктурасын жакшыртуу тапшырмасын берди.

Прокурорлор Фетуллах Гүленди 1900 жылга соттоону сурады

Түркия прокуратурасы өлкөдөгү ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштү уюштурган деп айыпталып жаткан Фетуллах Гүленди эки жолу өмүр бою эркинен ажыратып, кошумча дагы 1900 жылга соттоону талап кылды.

Айыптоо корутундусунда Гүлен «конституциялык түзүлүштү күч менен жок кылууга», «куралчан террордук топ түзүүгө» аракет кылган деген сыяктуу бир канча пункттар көрсөтүлгөн. Андан сырткары ал иш боюнча дагы 111 киши айыпталуучу катары өтүүдө, алардын үчөөсү тергөө аяктаганга чейин камакка алынгандар.

«Гүлендин террорчул уюмунун» мүчөлөрү (бийлик Гүлендин тарапташтарын ушундай деп атайт) бийликти басып алуу үчүн мамлекеттик мекемелерге кирип иштешкен деп айыпталышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, Гүлендин тобу төңкөрүш үчүн фонддорду, жеке мектептерди, студенттик жатаканаларды, ММКларды жана камсыздандыруу компанияларын пайдаланган. Андан сырткары диний ишмердин тарапташтары жалган компаниялардын жардамы менен АКШга акча жөнөтүшкөн.

Гүлендин иши козголоң аракетине чейин эле, өткөн жылдын сентябрында Түркиянын батышындагы Ушак провинциясында каралган жана ал топтун каржы операцияларын иликтөөгө байланыштуу болгон.

Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети 16-июлга караган түнү болгон. Анын эртеси өлкө президенти Реджеп Тайып Эрдоган козголоң чыгарууга Гүленди айыптаган — ал 1999-жылдан бери АКШда жашап жүргөн оппозициячыл маанайдагы диний ишмер. Андан кийин козголоң уюштуруу айыбы боюнча жалпысынан 10 миңге жакын киши кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Коомдук комиссия 1916-жылдагы окуяны геноцид деп тапты

Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия Орусия падышачылыгы тарабынан 1916-жылдагы көтөрүлүштү басуу аракетин геноцид деп тапты. Комиссия башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, мындай бүтүм орус жана кытай бийликтери берген архивдик маалыматтарга негизделип чыгарылды.

Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында жергиликтүү калк күч менен иштетилген. Колониялык бийлик суусу мол, дыйканчылыкка ынгайлуу жерлерди тартып алган. Көптөгөн этникалык кыргыз жана казактар аскерге чакырылган. Баш тарткандар жазага тартылып, 100дөн 270 миңге чейин кыргыз кырылганы айтылып келет. Миңдеген адамдар Шинжан-Уйгур автономдуу облусуна репрессиядан качып барышкан.

1916-жылдагы көтөрүлүш советтик окуу китептеринде чагылдырылган эмес. Казакстандагы толкундоолор болсо, 1917-жылдагы социалисттик революцияны курууга көмөк көрсөткөн Орусия падышачылыгына каршы тополоң катары баяндалган. Апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин геноцид жөнүндөгү айыптоолорду четке кагып, жүз жыл мурун бардык эл жабыркаганын билдирген.

Төлөнбай Кожобаев Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу кызматынан бошотулду

Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлык боюнча Төлөнбай Кожобаев Орусиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

"Кыргыз бар!" элдик кыймылынын Атамбаевдик режимге каршы билдирүүсү

“Кыргыз бар!” элдик кыймылы президент А. Атамбаев жана анын жан-жөөкөрлөрү колундагы бийликти кыянаттык менен пайдаланып, шайлоонун биометрикалык деген, эч ким кайра барып текшерип алууга мүмкүн болбогон шылуун системасын ойлоп таап, аты-жытын эч ким билбеген куурчак партиялардан парламент түзүп, мыйзам чыгаруу бийлигин да, аткаруу бийлигин да, сот бийлигин да түп орду менен басып алды деп эсептейт. Атамбаев жана анын жан-жөөкөрлөрү ушуну менен эле канагаттанып калбай, өз бийлигин учурдагы президенттик мөөнөт бүткөндөн кийин да улантуу үчүн жан далбас уруп, 2020-жылга чейин өзгөрүлбөсүн деген Конституцияны да өзгөртүү аракетин башташты. Аны элдик рефрендумга коюп, биометрикалык деп аталган ошол эле шылуун шайлоо системасынын жардамы менен өткөрүп кетүү максатын көздөшүүдө. Шайлоонун натыйжалары боюнча эч ким эч нерсе деп кыңк эткис кылып, өлкөдөгү улуттар менен элдердин баарынын оозун аппак кылып, сызга олтургузуу үчүн паспорттун улут графасын алып салуу дегенди да ойлоп табышты. Учурда бийликти басып алууга аракет жасады деген шылтоо менен бир топ киши камалып жатат. Бирок иш жүзүндө ушунун баары бийликти учурдагы бийликтин өзүнүн басып алуу аракети болуп саналат. Бийликти эл аларга эл башкарууга жөндөмдүүлөрдү гана орду ордуна койсун деп өткөрүп берген. Алар болсо элди өз менен жатка бөлүп, бийликти жалаң өз кишилерине, өз уюшмасына гана ыйгарууда. Үй-бүлөлүк бийлик менен мунун кыпындай айырмасы жок. Ушунун баары бул бийликтин уятсыздыгы жана өзүн шайлаган элди кемсинтип, мазак кылуусу деп эсептейбиз. Болбосо ушуга чейин кетирген эсепсиз каталардан соң тынч эле кете берүү булар үчүн чоң олжо болмок. Баш кесер кылмышкер Батукаевди протоколдогудай уюштуруп качырып жиберүү эле мамлекеттик бийликтин кандай абийирин кетирди!? Ага тиешеси барларды жазалоонун ордуна жаап-жашырып, ал турсун кызматынан жогорулатуу бул афёрага Президент Атамбаевдин түздөн түз катышы бар экенин төгүндөлгүс айгинелейт. Коррупция менен күрөшүү, сот системасын оңдоо курулай сөз экени көрүндү. Өз кишилери мамлекеттин акчасын тоноду деп колунан кармалса да иликтеттирбей басып жатышат. Бийлик каалаган киши камалып, бийлик каалаган киши түрмөдөн чыгарылып жатат. Бул бийликтин тушунда адамдарды түрмөгө салуунун сталиндик “үчилтик” сыяктуу дагы бир системасы пайда болду. Дин комиссиясынын эксперттик топ деп түзүлгөн мыйзамсыз органынын “мында экстремизм бар” деген чечими менен 1700дөн ашуун киши абакта жатат… Элет эли жыл сайын банкрот. Евразия союзу дегенине кирсе да, кирбесе да банкрот. Эки-үч жыл катары менен куру жалак кылган дыйкан менен малчы тентип кетпегенде эмне кылат? Бизде элди тентитүүдөн башка көзгө көрүнөөрлүк бир да экономикалык долбоор боло элек. Жумушка жарамдуу эки кишинин бири чет өлкөлөп кетсе, эң оор жана киши жасагыс жумуштарда ден соолугунан да, жаштыгынан да ажырап, кор болуп, кул болуп жатса, аларды кантип кайтарып келебиз дегендин ордуна, алардын саны 600 эле миң экен, бул болсо калктын 10 эле пайызы экен, 10 пайыз калктын миграцияда жүрүшү нормалдуу эле көрүнүш экен деп ой жүгүрткөн киши өлкөнүн лидери боло алабы? Ошол мигранттар жылына 2 миллиард доллар салып ата-энесин, бул жакта калган үй-бүлөсүн багып жатат. Ошол жакта орун-очок алып, бутун, башын батырганы миңдин бири, балким андан да азы. Эки миллираддык тышкы карызды төрт миллиардка жеткирип, анан элдин баары эле карыз алып жашайт экен деп айткандар дегеле экономика уюштурууга жөндөмдүү деп айта алабызбы? Жалаң карыз менен ууру-кескиликтин айынан 25 жылдан бери оңоло албай келатабыз, эми анча карызды кай заманда төлөп бүтүп, кайра бутубузга турабыз? Бул аз келгенсип, кыргыздын улуттук өзөгүнө кыянаттык кылып, жарандык башкы документтен улутту алып салуу деген ишин башташты. Мунун максаты алдыдагы шайлоодо же референдумда кимдин кимди, кимдин эмнени шайлаганын биротоло будамайлап, анан да өлкөгө чет элдиктерди күргүштөтүп киргизип акча жасап, кыргыз улутунун түбүнө жетүүдөн башка эч нерсе эмес. Өлкөдөгү эң төмөнкү деңгээлге түшкөн адеп-ахлактык атмосфераны айтпай эле коёлу, кыргыз кыздар төрүбүздө төрөп жаткан миңдеген чет элдик, анын ичинде он миңдеген кытай жээндер азыркы бийлик ойлончу маселелер эмес экен. Ал аз келгенсип кимдир бирөөбүз кайсы бир кескин пикирибиз менен бийликке жакпай калсак жарандыктан биротоло ажыратып, өлкөдөн кубалап чыгуу жагын карап жатышат. Бул бийликти кыргыздарга да, кыргызстандыктарга да өз деп айтуу мүмкүн болбой турат. Бирөөнүн юбилейи болсо, бирөө эрдик кылса же чемпион болсо куттуктап, өкмөттүн эсебинен белек берип койгонго кимдин да болсо акылы жетет. Бирок ошондойлорду чыгаруу үчүн бийлик эмне жасады? Кайсы акын-жазуучунун, кайсы маданият ишмеринин, кайсы илимпоздун же журналисттин, кайсы мугалимдин же врачтын камын көрдү? Алардын алдыңкыларына мамлекеттик сыйлык-наамдар аркылуу кошулуп калчу болоор-болбос пенсиядан да каңтарды. Чөнтөгү калыңдар маяна менен жашаган кишинин кадырын эзели билбейт экен. Азыркы бийлик өз кишилеринен башка эч кимдин кадырын билген жок. Бул бийликке эл керек эмес экен. Элдин бакыбат жашоосу, жакшылыгы да керек эмес экен. Бул бийликке бийлик гана керек экен. Дагы бекемирээк, күчтүүрөөк, узагыраак бийлик керек экен. Бул бийлик Акаев менен Бакиевден сабак албаптыр. Бул бийлик шериктеш коңшу өлкөлөрдүн башкаруучуларынан сабак алып жатат. Ошондуктан бийликти жакшылык менен таштап кетээрине ишеним жокко эсе. Тетирисинче, адилеттүүлүктү талап кылган элге мурдагылардан да чоң кыянаттык жасашы мүмкүн жана жасап да жатат. Бүгүн оппозиция дегенге ишенип да мүмкүн эмес. Алардын башы эч убакта бирикпейт. Бири бирин көрөйүн деген көзү жок. Ал аз келгенсип баарынын тең аркасында калбыры бар. Бийлик ошолордун тейин көрүп, мына ушундай шакаба кылаар долбоорлорду ойлоп таап олтурат. Ошентсе да Кудай бар эмеспи. Эл бар эмеспи. Качанка чейин чириген интеллигенция, шуркуя интеллигенция, ак шакал, жаш шакал атыгып, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болобуз? Ошондуктан, ата-бабасы ушул эл-журт үчүн кан төгүп, мээнет кылган, ошолордун арбагын сыйлап, мүдөөсүн улантам деген, ушул өлкө үчүн күйгөн, бүгүнкү күн үчүн башыбыз жогору, келечек муун үчүн жүзүбүз жарык, абийирибиз таза болсун деген, уяты бар жана акыйкат сөздү айтуудан тартынбаган, кыргыз каны менен келаткан эрдиги бар атуулдар Атамбаев баштаган бийликтин Конституцияны өзгөртүү боюнча аракеттерин өлкөнү адилет жана акыйкат жолдон, мыйзам тили менен айтканда, демократия жолунан чыгаруу, эзелтен эркиндик сүйгөн кыргыз элин кемсинтип, кордоо деп эсептейт жана “Кыргыз бар!” элдик кыймылын түзүп, Конституцияны Атамбаевдин бийлигинин тушунда өзгөртүүгө жол бербөө үчүн бардык мыйзамдуу жолдор менен күрөшүүнү максат кылат. Ооба, Конституция бүгүнкү талаптарга жооп бербейт. Ал сөзсүз өзгөрүүгө тийиш. Себеби партиялык башкаруу банкрот болуп, абийири кетти. Бул элди бөлүп-жарып, жеп тынаар система экени, бийликке эч убакта акылдуулар, адистер, тазалар келбеси айдан ачык болду. Ал аз келгенсип, куурчак партияларды түзүү жолу менен бийликти кайра-кайра шылдың кылып ээлеп алуу мүмкүнчүлүгү ачыкка чыкты. Ошентсе да Конституция Атамбаев бийликте турганда өзгөрүүгө тийиш эмес. Бул бийликтин тушунда эч кандай референдум өткөрүүгө болбойт. Себеби, анын добуштарын эсептөө эч убакта адилет болбойт. “Кыргыз бар!” элдик кыймылынын азырынча жалгыз максаты ушул. Бул кыймылга кыргыз менен тагдырлаш элдин баары кошулат. Анткени биздеги башка улуттардын биринин да жашоосу кыргыздыкынан ашып кеткен жок. Кыймылга кошулууну каалагандар ар бириңер аты-жөнүңөрдү толугу менен, иштеген ишиңерди, жашаган жериңерди үйүңөрдүн дарегине чейин, байланыш телефонуңарды так жазып тизмеге катталгыла. Иштин баарын интернет аркылуу жасайбыз. Бирок булар бүткүл дүйнөдө интернет арзандап жатканын карабай, аны да кымбаттатып, керек болсо өчүрүп салышы мүмкүн. Ошондой күн келип калса телефондорубуз, даректерибиз бири бирибизге белгилүү болсун. Бирибиз жок калсак ишти калганыбыз алып кеткендей бололу. Анда баарыбызды бир Кудай колдоп, жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кыдыр болсун!

“Кыргыз бар!” элдик кыймылы

Жеңишбек Жумакадыр, төкмө: “Кечирип койгула, биз айтышка баралбайбыз”

Аалы экөөбүз упайыбыз аз болуп калды же биз кыйынбыз деп нааразы болгон жокпуз. Экөөбүз жок деле айтыш өтөт. Мен далай жолу жаштарга жол берип, далай байгеден баш тартып эле жүрөм. Кыйынмын деген оорудан да алысмын. Топурактан жаралып, топуракка айлана турган бир күчү жок пендемин деп жашаган бир кулмун. Муну дагы ырым менен элге айтып келе жатам. Маселе Аалы экөөбүздө эмес, мыкты ырдаса да өтпөй калган, өтө эле аз упай алган Идирис, Баян баштаган жаштарга болгон мамиледе. Акыйкатсыздыкты баарыбыздын атыбыздан Аалы сахнада айтты. Мен калыстардын сахнага чыгышканын күтүп турдум, алар келгенде мен да сүйлөйүн деген элем. Алар дароо туруп алып качып жөнөштү. Ошол жерден кыйын болушса чыгып айтышпайбы, минтип ырдаганы үчүн мындай баа койдук, антип ырдаганы үчүн тигиндей баа койдук деп. Эми компьютердин артына отуруп алып бизди жамандап жазып атышат. Экөөбүз жок деле өткөн акындар казактарды жеңет деп ишенебиз. Мен да окуучуларыма жан тартам, бирок мынчалык арамза болалбайм. КР Эл акыны Анатай Өмүрканов калыстык туура эмес болгонун өзү айтып отурат. Же Олжобай Шакир Анатай агадан да кыйын генийби?! Менин уруксатым жок эле барат деп кошуп коюшуптур. Мен баралбайм. Менин ички дүйнөмдү түшүнбөй сөккөндөрдү туура түшүнөм, ар ким даражасына жараша иш кылат. Намыс үчүн, эл үчүн барбаска акыңар жок деп жазгандарга айтаарым: албетте сиздерге ыраазычылык. Аалы экөөбүз намыс деп кыштын күнү казактарга барып, мейманкана беришпей көчөдө калсак да айтышып, кечирим суратып келген учурлар болгон. Бул жолкусунда кечирим сурайбыз, баралбайбыз. Өткөн акындарга Кудайым дем, күч берсин. Алдыда элимдин башка далай намысына жарармын деп Кудайдан үмүт кылам. Эх, сатып кеткен дос жаман…

Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын

Назарбаев Порошенко Орусия менен мунасага даяр экенин билдирди

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Украинанын башчысы Петр Порошенко өлкө чыгышындагы жаңжалды токтотуу үчүн мунасага келүүгө даяр болуп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал кечээ Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда айтып, Украинанын мамлекет башчысы менен жакында телефондон сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Назарбаевдин айтуусунда, Порошенко өлкө парламенти “Украинанын орусиячыл жикчилердин көзөмөлүндөгү чыгыш райондорунун макамы жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууга тоскоолдук кылып жатканын” билдирген.

Путин Назарбаевге Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилени жакшыртууга кошкон ортомчулук салымы үчүн рахмат айтып, соңку кезде төмөндөп кеткен орус-казак товар жүгүртүүсүнүн көлөмү жогоруларына үмүттөнөрүн айтты.

Назарбаев журналисттердун суроолоруна жооп берип жатып жылдын аягына чейин Путин менен кеминде дагы беш жолу жолугарын билдирди. 76 жаштагы казак лидеринин ушуну менен Орусияга соңку төрт жыл ичинде 19-жолу барышы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган айтышка 8 эмес, 12 акын катышмай болду (тизме)

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган X эл аралык айтыштын тандоо турунун жыйынтыгы боюнча өзгөрүү болду. Ага ылайык, элдин пикирин эске алуу менен 8 акын эмес, 12 акын Кырчын жайлоосундагы айтышка катышып, казактын 8 акыны менен тил кайрашмай болду. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти. Тандоодон өткөн актаңдай акындар:
1. Болот Назаров – 56 упай;
2. Кадырбек Бейшенов – 55 упай;
3. Асылбек Маратов – 55 упай;
4. Чынгыз Кожошев – 55 упай;
5. Изат Айдаркулова – 53 упай;
6. Аалы Туткучев – 51 упай;
7. Азамат Болгонбаев – 51 упай;
8. Амантай Кутманалиев – 49 упай;
9. Женишбек Жумакадыр – 49 упай;
10. Максат Кулуев – 48 упай;
11. Шекербек Адылов – 46 упай;
12. Идирис Айтбаев  – 46 упай.

Эске салсак, 15-августта Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында төкмө акындарды тандоо туру өттү. Анда айтылуу акын Аалы Туткучев тандоо калыс эмес жүргүзүлгөнүнө нааразылык билдирип, Жеңишбек Жумакадыр, Баян Акматовдорду калыстар өткөрбөй койгонуна байланыштуу Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган эл аралык айтышка катышуудан баш тартканын билдирген.

Өлкөдө педофилдерди өлүм жазасына тартуу маселеси талкууланууда

Жогорку кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясы педофилдерге өлүм жазасын колдонуу боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Анда Баш мыйзамдын 21-беренесине «Өлүм жазасына жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарды кошпогондо, тыюу салынат» деп жазуу сунушталууда.

Документке тиркелген негиздеме-маалыматта мыйзам долбоору кабыл алынып калса жашы жете элек балдарга карата жасалган ырайымсыз кылмыштардын саны азая тургандыгы жазылган.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана балдар зомбулугу өсүүдө. 2015-жылы балдарга каршы жасалган 1019 кылмыш катталган, алардын 182си сексуалдык мүнөздө болуп, 74 бала зомбулукка кабылган.

Орусия Тажикстандагы мунайгаз кендерин иштетүүдөн баш тартты

Орусиянын мамлекеттик «Газпром» компаниясы Тажикстандын Сарыкамыш жана Батыш Шохамбары кендеринде изилдөө иштерин жүргүзүүдөн баш тартты.

Дүйшөмбүдөн 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Сарыкамыш кенинин камдыгы болжол менен 18 миллиард куб метр газ жана 17 миллион тонна мунай деп бааланууда. Үч жыл мурда Тажикстан менен «Газпром» компаниясы аталган кендеги газ камдыгынын 30 пайызын тажик өкмөтү алып, калганын орусиялык компаниянын менчигине өткөрү боюнча макулдашууга келишкен.

“Интерфакс” агенттиги атайын түзүлгөн комиссия «геологиялык изилдөө иштерин улантуунун натыйжасыздыгынан улам» кенди иштетүү лицензиясын тажик өкмөтүнө өткөрүп берүү чечимин кабыл алганын жазды.

Азырынча ал чечимдин чоо-жайы белгисиз. Тажик өкмөтүнүн өкүлдөрү «Газпромдун» чечими боюнча түшүндүрмө берүүдөн карманып жатышат. Бирок мурдараак Тажикстандын Геология башкы башкармалыгынын жетекчиси Мурод Жумазода Орусиянын мамлекеттик компаниясы Сарыкамыш аймагындагы мунайгаз кенин иштетүүгө да лицензия берүү өтүнүчү менен тажик бийлигине кайрылганын билдирген.

Мурод Жумазода анда «мунай менен газ чыгаруу үчүн экинчи кенди иштетүү оңой иш эмес экенин жана ал үчүн 4-5 жыл убакыт керектигин» айткан. Сарыкамыш менен Батыш Шохамбары – Газпром иштетүү лицензиясына ээ болгон Тажикстандагы эки гана кен.

Электр жана жылуулук энергиясына, жылуу сууга тарифтер көтөрүлбөйт

Өкмөт тарабынан электр жана жылуулук энергияга, жылуу сууга тарифтердин өсүшүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул туурасында бүгүн, 16-августта, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.

“Президент А.Атамбаевдин тапшырмасын аткарууда өкмөт электр, жылуулук энергиясына жана ысык суу үчүн тарифтердин өсүүсүн токтотуу жөнүндөгү чечим кабыл алды. Башкача айтканда 2016-жылы калк үчүн электр, жылуулук энергиясына жана ысык сууга  тарифтер өзгөрүүсүз калтырылды. 2016-жылы тарифтер көтөрүлбөйт”, – деп белгиледи өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, буга катар учурдагы тарифтер энергокомпанияларга өз чыгымдарын жабуу мүмкүндүгүн бербей келет, тармактын дээрлик бардык компаниялары чыгашалуу саналып, негизги жабдуулар эскирип бүткөн. Буга байланыштуу тарифтерди энергетикалык компаниялардын өзүн-өзү актай алышына жана финансылык туруктуулук деңгээлине чейин этап-этабы менен жеткирүү керек. Энергияны өндүрүү, жеткирүү жана бөлүштүрүүнүн өзүн-өзү актай алуусун камсыздоо зарыл. Энергокомпаниялардын финансылык туруктуулугуна жетишүүсү – кайрадан түзүлгөн Улуттук энергетикалык холдингдин негизги милдеттеринин бири.

Премьер-министр белгилегендей, энергокомпаниялардын финансылык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу максатында энергетикалык компаниялардын чыгымдарын оптималдаштыруу, жоготууларды азайтуу, авариялык кырдаалдардын санын төмөндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүгө тийиш.

Буга байланыштуу Жээнбеков бир катар тапшырмаларды берди. Анын катарында өкмөткө караштуу Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине келерки мезгилге орто мөөнөттүү тариф саясатынын долбоорун  иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле, Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча  мамлекеттик комитетине жана “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК бөлүштүрүүчү компаниялардын финансылык-чарбалык ишинин негизги көрсөткүчтөрүн текшере турган жумушчу тобун түзүшү керек.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, чыгашалардын негиздүүлүгү, жоготуулардын деңгээли, керектүү жабдыктарды сатып алуу – булардын баары ачык-айкын болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келиши керек.

Жыйынтыгында премьер-министр өлкө аймактарына электр, жылуулук энергиясына, жана ысык сууга болгон тарифтердин өсүүсү токтотулгандыгы тууралуу маалыматты жеткирүүнү жана электр энергиянын өздүк наркынын түзүмүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Президент Токон Мамытовду кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-августта Кыргызстан Эл ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан Эл ассамблеясынын ишмердиги тууралуу маалыматты укту. Ассамблея мезгилдин талаптарына, жаңы иш милдеттерине жана  ролуна жараша этнос аралык мамилелерди башкаруунун заманбап демократиялык системасында өз ордун таап жатат.

Токон Мамытов бардык этно-маданий борборлордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо иштерин өркүндөтүү, Кыргызстанда жашаган этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар,   андан тышкары Эл биримдигинин жана этнос аралык мамилелердин концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди.

Атамбаев тил жана маданий көп түрдүүлүк принциптерине негизделген заманбап демократиялык  коом курууда Кыргызстан Эл ассамблеясынын өзгөчө маанисин белгиледи.

 

Видео - Өмүрбек Текебаев: "Атамбаев бийликтен кеткени менен Арашанда жатып алып өлкөнү башкара берет"

Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин дагы өз бийлигин уланта берет. Анткени ал өлкөдөгү таасирдүү кызматтардын баарына өз адамдарын коюп алды. Мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

https://youtu.be/PFTMvPXf_Dk

Азербайжанда Фетуллах Гүлендин тарапташтары куугунтукка алына баштады

Азербайжанда Түркиянын бийлиги тарабынан жакындагы төңкөрүш жасоо аракетине айыпталып жаткан түркиялык диний ишмер Фетуллах Гүлендин тарапташтарына карата кылмыш иши козголду.

Азербайжан прокуратурасы «Гүлендин тарапташтарынын өлкөдөгү мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу» үчүн чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу Би-би-си билдирүүдө.

Haqqin.az порталы өз булактарына шилтеме берип жазгандай, кылмыш ишинин козголушуна «конституциялык түзүлүштү бузууга ачык чакырык жасоолор» негиз болгон.

Азырынча расмий дагы, жашыруун дагы булактар жаңы кылмыш ишинин кимдерге каршы козголгонун жана анын кайсыл окуяга байланыштуу экенин билдирише элек. Haqqin.azдын журналисттери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн авторлору жеке булактарынын маалыматтарынын негизинде кылмыш иши оппозициялык Элдик фронт партиясынын мүчөлөрүнө каршы козголгон болушу мүмкүн деп эсептеп жатышат.

Түркия Тоолуу Карабах чырында Азербайжанды ачык колдоп келет. Азербайжан бийлиги орус-түрк мамилелери начарлаган учурда Түркияны колдой турганын көрсөткөн.

Видео - Чолпон-Ата шаарын сел каптады

Бүгүн, 16-августта, саат 12лер чамасында Ысык-Көлдүн аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Чолпон-Атада унаа жолу жабылып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратты. Маалыматка караганда транспорт каражаттарынын кыймылы жарым сааттай убакыт токтоп калган. Селден бир топ дүкөн жана кафелер да жабыркагандыгы айтылууда.

Булак: kyrgyztimes.kg

Аалы Туткучев Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган айтышка катышуудан баш тартты

Кечээ, 15-августта Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында төкмө акындарды тандоо туру өттү. Аталган төкмө акындардын тандоо туру нааразылык менен коштолуп, көрүүчүлөр жана катышуучулар тандоонун жүрүшүндө калыстар туура эмес иш алып барганына нааразылык билдиришти.

Төкмө акын Аалы Туткучев тандоо калыс эмес жүргүзүлгөнүнө нааразылык билдирип, Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган 10-эл аралык айтышка катышуудан баш тартканын билдирди.

“Эч кандай билими жок, айтышты түшүнө бербеген, батышты туураган, калыстыгы жок кишилерди алып келип калыстыкка отургузуп коюшуптур. Эч качан акындар калыстардын арасында болгон эмес, ошол эле Ашыкем, Тууганбай, Эстебес аталарыбыз дагы убагында калыс болуп отурган эмес, өздөрүнүн шакирттерине тартып коет деп. Бул жолку тандоо турда калыстарда отурган акындар өздөрүнүн шакирттерин өткөрүп коюшту. Кыргыз элинин намысын коргогон Жеңишбек, Баян Акматовдор өтпөй калышты. Мен аталган тандоо турдан өтүп кеттим. Мен өттүм деп эле «бармак басты, көз кысты» болуп унчукпай отура бергим келген жок. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында боло турган айтышка мен катышпайм. Калыстык эч болгон жок”.

Калыстар тобунун мүчөсү Анатай Өмүрканов дагы калыстар тобу адилетсиз иш алып барганын айтты.

“Калыстар тобу өзүнчө топ болуп, кайсыл акынды тандап алуу тууралуу сүйлөшүп алышкан. Мындай учурда калыстар тобу айрым катышуучулардын упайларын атайылап төмөндөтүп коюшу мүмкүн. Мен деле калыс болуп отуруп, таламын талашып эле турдум, бирок сөз укпай топ-топ болуп сүйлөшүп алышыптыр”.

Бирок калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири  Зайырбек Ажыматов мындай пикирлерди четке кагып, тандоо калыс жүргүзүлгөнүнө ишендирүүдө.

“Жыйынтык чыккандан кийин талкуу, нааразычылыктар соц тармактарда жүрүп жатат. Менин оюмча бул жакшы көрүнүш, эл акындардын чыныгы күйөрмандары экенинен кабар берет. Ал мен жеке өзүм койгон балл үчүн жооп берем. Татыктуу түрдө баллдарды коюп жаттым.”

Тандоодо уткан акын Кадырбек Бейшенов дагы ушундай эле пикирди карманууда.

“Менин жеке пикиримде катышуучу акын катары жана көрүүчү катары так, туура өттү. Калыстар өзүнүн ырдаганына, билим деңгээлине жараша баа койду. Баардыгы калыс эле болду, кудайга шүгүр”.

Кошумчалай кетсек, Уюштуруучулар акындардын саны өзгөрүшү мүмкүн экенин, учурда акыркы тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 10- Эл аралык төкмө акындардын айтышы 4-5-сентябрь күндөрү «Кырчын» жайлоосунда өтөт. Ага казак акындары да чакырылган. Сынакка кош байге коюлуп, жалпы фондусу 1,5 миллион сомду түзөт.

Булак: “Марал”

Орусия ГЭСке жумшаган 37 миллион долларын доолады

Орусия Кыргызстандан Жогорку Нарын каскадын курууга кеткен 37 миллион долларды кайтарууну талап кылды. Буга жооп кылып, Улуттук энергохолдинг эл аралык көз карандысыз аудиттин жыйынтыгы чыккандан кийин “Кыргызстан кеткен акчаны төлөп берүүгө даяр” экенин өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашуу расмий түрдө 9-августта күчүн жоготту. Буга байланыштуу Орусия Жогорку Нарындагы жолдорду түздөөгө жана жумушчулардын жатаканасына чыгымдалды деп эсептеген 37 миллион доллар чыгымын кайтарууну талап кылды. Бул макулдашууга 2012-жылы кол коюлган болчу. Бирок курулуш кечеңдегендиктен кыргыз тарап быйыл жыл башында ал макулдашууну жокко чыгарган. Анан убактылуу депутаттык комиссия курулушка кеткен чыгымды иликтеп чыгып, анын 3-4 эсе ашыкча көрсөтүлгөнүн таап чыккан. Кыргыз тарап муну эл аралык аудит аркылуу тастыктатып, анын негизинде кеткен чыгымды төлөп берерин билдирди.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Алманбет Шыкмаматов бул иште көп акча желип кеткенин Орусияга далилдеп берүү керектигин айтат. “Силер биринчиден келишимге кол коюп туруп, аны аткарбай койдуңар, экинчиден башында которгон акчаңардын жарымын эле кайра өзүңөрдүн адамдар алып кетиптир” деп айтып коюшубуз абзел. Орусия башында бизге тил эмизип, “ГЭСтерди куруп беребиз” деп, анан Өзбекстан менен сүйлөшүп алгандан кийин каржылоону токтотконун тарых үчүн белгилеп коюш керек”-деп кошумчалады ал.

Өкмөт Орусиянын кеткен чыгымын бюджеттен төлөп берүү, курулган объектинин баасына жараша ага үлүш сунуштоо же болбосо инвестордун эсебинен акчаны кайтаруу сыяктуу варианттар боюнча бир чечимге келе элек.

Оштун Билим берүү башкармалыгын Асанов аксакал Илмиянов менен соодалашып алганбы?

Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгы көптөн бери кожоюнсуз турат. Бош турган орунга далайы көз кызартып, ак үй, көк үйгө чейин барышып, акыры көпчүлүгүнүн көкшүнү сууп, “БиМдин экс-деканы А.Асанов болгону калыптыр, Икрам Саттарович менен ишти бышырып келиптир” деген күбүң-шыбың кептер тарап баштады. Албетте, Илмияновго кирген-кирбегенин ким билсин, бирок “шамал болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдамак эле”, сыягы,  А.Асанов отурган жеринде оозун тыя албай мактанып койсо керек го. Канткен менен өзү баштаган иш өз башына муш болуп, ээрге олтурбай жатып ал жөнүндө жаман кептердин арааны аркырап согууда:  “Авазбек Асанов ОшМУну курутуп, эми шаарга жайыт которуп, мэрияны мойсогону калган тура, СДПКда андан башка тазараак кадр жокпу? Атамбаев бир жагынан коррупция менен күрөшүп, экинчи жагынан шек-шыбалуу адамды коебу? Асановдон башка таза окумуштуу-педагогдор куруп калганбы!?” сымал нааразылыктар байма-бай айтылып жатат. Элдин ушул сөздөрүн Илмиянов менен министр угабы-жокпу аны бир кудай билет?.. Же Асанов өзүн күзгүдөн каранып, карыганда калжыңдап шайлоо сайын СДПКнын штабын сагалап, пенсия жашында балдары менен тең жаштардан кызмат талашпай, небере жетелеп, келиндин ысык чайын ичип, студенттерге сабагын бери-ип жүргөн аксакал болоор бекен? Канчалаган мугалимдер бир өмүр кафедра башкарбай жашап келүүдө. Асанов болсо кызматтан кызматка көтөрүлүп, университетте ал иштебеген бир гана ректорлук калыптыр. Чамасы, Брежневдей алжыгыча кызматта жүрө берем дейт окшойт, жарыктык.

Ороз Кутманов, Ош шаары

Бекназаров журналист Бекешовду неге ыйлатты?

Журналист Бейшенбек Бекешов Үркүндө кырылган кыргыздардын сөөгүн Бишкекке алып келип, бийликтин тоскоолдугунан улам “Ата-Бейитке” көмө албай, аргасы куруган Азимбек Бекназаров тууралуу фейсбуктагы баракчасында мындай пост жазыптыр:

– Аңды-дөңдү карабай мурунтугу жок букача ар кимди челген Азимбек Бекназаров деген 2010-жылы ЭлТРде иштеп турганда жылан чакпай, жылкы теппей мени да челип кеткен. Ачыгын айтканда, бул неме киши деле эмес турбайбы деп көңүлүм калган. Бирок аны кечирдим. Мекенинен бозуп баратып кырылган менин ата-бабаларымдын талаада калган сөөктөрүн терип келип, жакшыраак жерге коёлу деп, көмөөр жер издеп, көрүнгөн маңкуртка жаман көрүнүп жүргөн куураган Азикемди кечирдим. Көрсө бул киши эсеп-чотту деле билбеген, ичиндегиси сыртында, эртеңкисин ойлобой көкүрөгүндөгүнү жасай берген, оюна келгенди сүйлөй берген оргу-баргы адам тура. Ар кимде бар бир кыял, бир кыялды ким тыяр дейт. Ошондо аксылыктар үрккөн эмес деп жата бербей, кайран кыргыздын, шордуу кыргыздын сөөгүн кор кылбайлы деп, кайра-кайра барып терип жүргөн киши жаман киши болобу? Эгер кайсы бир деңгээлде маңкуртташпасам ушуну мен жасашым керек эле да. Биринчи кезекте көлдүктөр өзү жасашы керек эле го. Менин ата-бабамдын сөөгүн көтөргөн, аны Эне-Бейит менен Ата-Бейиттин ортосунда ташып жүргөн кишини кечирмек турсун, сизге эки дүйнөдө карызмын, Азике! Сизге башым жерге тийип таазим кылам. Менин буга чейинки сизге карата ниетимди кечириңиз. Мен ыйлап жатам…

Кечээки айтыштын жыйынтыгы талаш-тартыш жаратты

Кечээ, 15-августта Бишкектеги Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн төкмөлөр айтышынын тандоо турунда талаш-тартыш жаралды. Бул тууралуу калыстар тобунун Зайырбек Ажыматов өзүнүн соцтармактагы баракчасында жазды.

“Айтыштын жыйынтыгы талаш-тартыш жаратты. Талкууланды. Калыстар тобуна нааразычылыктар айтылып жатат. Күйөрмандар өздөрү жакшы көргөн акындар алдыга чыкпай калганына ызаланды. Дайым эле күтүлгөн акындар алдыга чыга берсе анда айтыш өткөрүп, калыстар тобун чакырып кереги не? Анда тандамалдар өздөрү топтонуп барып ырдап, байгелерин бөлүп алышпайбы. Аламан байге илгертен “ач айкырык, куу сүрөөн” менен кызыктуу болгон эмеспи. Ат чуркабай, бак чуркаган. Мындай талкуу жаратканы демек, эл айтыш өнөрүнө кайдигер эмес. Демек, 31 төкмө акындын ар биринин өз күйөрмандары бар. Албетте, ошончо акындан 8 акынды тандап чыгуу оңой эмес. Анан калса калыстар тобундагы мүчөлөрдүн ар биринин ар башка көз карашы, пикири, чыгармачылыкка болгон өз талабы болот”, – дейт Ажыматов.

Тандоо турунан өткөн 8 акын 4-5-сентябрда Кырчын жайлоосунда өтө турган айтышта Казакстандан келген акындар менен тил кайрашат.

Түркия качкындар боюнча келишимди бузарын айтып ЕБди опузалады

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк жарандары үчүн визасыз режим киргизүүдөн баш тартылса, анда өлкө качкындар боюнча келишимди бузарын айтып Евробиримдикти опузалады. «Же биз бир эле маалда бардык макулдашууларды аткарабыз, же аларды четке жылдыра турабыз», – деп кошумчалады ал.

Түрк тараптын пикиринде, виза режимин жоюу Евробиримдик менен түзүлгөн качкындар боюнча келишимдин бир бөлүгү болуп эсептелет жана ал тез аранын ичинде аткарылууга тийиш.

Өз кезегинде Евробиримдик Анкара визаларды жоюнун башкы шарттары болуп эсептелген бардык критерийлерди аткарган жок деп эсептейт. Алардын бири террорчулукка каршы мыйзамды өзгөртүү. Евробиримдиктин пикиринде, Түркия бийлиги ал мыйзамды саясий атаандаштары менен күрөшүү үчүн колдонууда.

Брюссель менен Анкаранын ортосундагы келишимде деңиз аркылуу Грециянын жээктерине мыйзамсыз келген бардык качкындар кайра Түркияга жөнөтүлүшү керектиги каралган. Макулдашууга ылайык, Евробиримдик ар бир мыйзамсыз мигранттын ордуна түрк тараптан бирден мыйзамдуу сириялык качкынды кабыл алып туруу милдеттемесин алган.

Андан сырткары Брюссель Анкарага 6 млрд евро бөлүп берүүгө макул болгон – бул сумма качкындардын керектөөлөрүнө жумшалышы керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Быйыл өлкөдөгү 600 мектеп интернетсиз калышы мүмкүн

Кыргызстандын провайдерлери 600 мектепти интернетке туташтыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин тендерине катышууга билдирме беришкен жок. Бул тууралуу министрлик башчысы Эльвира Сариева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал өлкөдөгү 600 мектепти интернетке туташтыруу үчүн республикалык бюджеттен 163 миллион 600 миң сом каражат бөлүнгөнүн билдирди. Сариева Билим берүү министрлиги быйыл жайында тиешелүү тендер жарыялаганын кошумчалады. Бирок ага катышууга «Кыргызтелеком» акционердик коому гана билдирме жөнөтүп, анын сунуштаган баасы ал максаттар үчүн каралган суммадан ашып кеткен.

«1-сентябрга карата ал мектептерди зымсыз интернетке туташтыра ала турган жеке провайдерлер кандайдыр бир себептер менен тендерге катышпоону чечишкен… Анан да бизге «мамлекет менен байланыш түзүүнү каалабай тургандыктарын» билдиришти… Уксаңар, инфраструктуралык маселелер менен алектенүү Билим берүү министрлигинин иши эмес. Өзүңөрдүн тар багыттагы пландарыңарды кое туруп, учурда өлкөбүздүн ⅙ бөлүгүнүн мектепте экени тууралуу ойлогула, алар эртең эле бүтүндөй Кыргызстандын негизги кыймылдаткыч күчү болушат», – деп жазды Сариева.

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев кыргыздын Качинскийи болуп калышы толук мүмкүн”

КР Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тарыхый жагдайдан улам келип чыктыбы? Президент Алмазбек Атамбаев кандай максатта бул демилгени каникулда жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттарына шашылыш сунуштады? 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий коюлган Конституция эмне үчүн өзгөртүүгө дуушар болууда? Мына ушул жана башка суроолорго, Ата Мекен парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон маекте жооп алууга аракет кылдык.

 – Президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү сунуштары менен чыгып жатат. Конституциянын атасы катары сизге кайрылууну туура көрдүк. Биринчиден, 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө болобу, же болбойбу? Экинчиден, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө эмне деп ойлойсуз?

– Конституция — бул юридикалык гана документ эмес, тарыхый жана саясый документ. Тарыхый дегенибиз, коомдогу мамилелерди тарых аныктайт. Чоң тарыхый окуялар коомдо революциялык өзгөрүүлөргө алып келет. Конституция мына ошол тарыхый өзгөрүүлөрдү фиксация кылып, бекемдейт. Конституция саясый документ дегенибиз, коомдун өнүгүшүн бир гана тарых аныктабай, ошондой эле анын өнүгүүсүн жеке инсандар да аныктайт. Конституция кабыл алынып жаткан маалдагы саясый күчтөр жана анын жетекчилери өзүлөрүнүн кызыкчылыктарын, көз караштарын, Конституцияга таңуулоого аракет кылаары шексиз. Ошондуктан, Конституция компромистик саясый документ болуп эсептелет. 2010-жылы дагы Убактылуу өкмөттүн тең ата мүчөлөрү ар кимиси өзүнүн сунушу менен чыгып, бүгүнкү Конституция алардын баарынын сунуш-пикирлерин эске алуу жолу менен кабыл алынган компромистик вариант болгон. Конституция ошол кездеги саясый кырдаалга жараша кабыл алынган. Ушунун өзү айтып тургандай, Конституция идеялдуу, түбөлүк боло албайт. Анткени, саясый кырдаал дайыма өзгөрүп турат. Өлкөдө чечүүчү саясый күчтөр жана алардын лидерлери да өзгөрүп турат. Ошого жараша шарты келип калса, Конституцияга тигил же бул өзгөрүүлөр толук кирип калышы мүмкүн. “Конституция туруктуу болсун, конъюнктуралык болбосун” деп 2020-жылга чейин “Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт” деген чек коюлган. Бирок, турмуш деген татаал, аны алдын ала толук көзү ачыктык менен так айтуу кыйын. “Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” дегендей, Конституцияга да тарыхый шартка жараша өзгөртүү киргизилип калуусу толук мүмкүн. Ошондуктан, Конституцияга референдум жолу менен да өзгөртүү киргизүү жагы каралган. Депутаттар ошол жолду пайдаланганга аракет кылып жатышат.

– “Аракет кылып жатат” дегенди чечмелеп, тагыраак айтып берсеңиз?

– Бүгүнкү Конституциянын “оппоненттери”, “2010-жылы Конституция өтө оор тарыхый кырдаалда, кыска мөөнөттүн ичинде шашылыш кабыл алынып калган. Ошондуктан, анча-мынча мүчүлүштүктөрү бар”,-деп айтып жатышат. Бирок, 2010-жылы 75 адамдан турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, ага Кыргызстанда болгон негизги саясый партиялардын, граждандык коомдун өкүлдөрү, окмуштуулар катышып, алар бир ай бою күнү-түнү иштеди. Анын ишмердиги  мамлекеттик телекомпаниялар жана башка маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып турду. Конституциялык кеңешме: “Бүгүнкү тарыхый кырдаал кандай? Бул абалга эмне себептен келип калдык? Мындай кырдаалдан кантип чыксак болот? Экинчи мындай катастрофа кайталанбаш үчүн эмне кылыш керек?”,-деген сыяктуу суроолорго эл алдында жооп издеп, жаңы саясый системаны түздү. Азыр да  Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн жолу ачык-айкын болуп, коомдогу кадыр-барктуу окмуштуулар, мамлекеттик-коомдук ишмерлер, парламенттеги гана эмес, анын сыртындагы саясый күчтөрдүн өкүлдөрү “Ийри отуруп, түз кеңешип” бүгүнкү тарыхый кырдаалдан туура жыйынтык чыгарышыбыз керек. Мына ошондо гана Конституцияга кирген өзгөртүүлөрдү эл тааныйт, моюнга алат. Муну биз лигитимдүүлүк деп коебуз. Конституцияны өзгөртүүдөн дагы, аны кандай жол менен кабыл алынгандыгы маанилүү. Муну диктаторлор дагы жакшы билишет. Ошон үчүн Акаев менен Бакиевдин убагында да калп эле болсо дагы, эл көзүнө Конституциялык кеңешме түзүлүп, коомдук-саясий ишмерлер, окумуштуулар белгилүү бир мөөнөт аралыгында талкуулашып, андан кийин гана депутаттар же президент аркылуу референдумга алып чыгышкан. Бүгүн, тилекке каршы, 2010-жылкы оор кырдаалда сакталган эрежелер да сакталган жок. Кокустан, эч кимге айтылбастан, жашыруун, ууручасынан долбоор даярдалып, депутаттарга окутуп-окутпай эле, отпуска убагында кол койдуртуп, “1-2 айдын ичинде референдум өткөрүп жиберели” деген аракеттерин жасап жатышат. Конституцияга тарыхый өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосу сакталбагандыгы, мен жогоруда айткандай, Конституциянын лигитимсиздигине алып келет. Бул биринчи катасы.

– Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында маалымат каражаттарынын, саясат таануучулардын өкүлдөрүнө берген пресс- конференциясында Конституциялык өзгөртүүнүн зарылдыгын, 2010-жылда түзүлгөн Конституциялык кеңешме Кыргызстандын тагдырын ООНдун 12 чиновнигине сатып жиберди. ООНдун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын сотунун чечимин жокко чыгарып салды. Ошондуктан, мамлекеттин коопсуздугун, көз карандысыздыгын камсыз кылыш үчүн өзгөртүүлөргө барышыбыз керек”,-дегендей мааниде жар салды. Бул көз карашка сиздин оюңуз кандай?

–Анын берген баасын мен “эмоционалдык” деп эсептеймин! 1993-2003-2007-2010-жылкы Конституциялардын баарында “Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат”,-деп жазылган. Ал эми эл аралык келишимдер боюнча Конституцияда “… Эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат” деп жазылган. Демек, бизде эл аралык келишимдерге артыкчылык жана үстөмдүк берилген эмес. Бул мектептеги окуучу да түшүнө ала тургандай ачык жана так жазылган.

– Бул багытта коңшу өлкөлөрдөгү абал кандай?

– Мисалы, Казакстандын Конституциясынын 4-статьясынын 3-пунктунда, Россия Федерациясынын Конституциясынын 15-статьясынын 4-пунктунда, Тажикстандын Конституциясынын 10-статьясында “Эл аралык укуктук актылар” жогоруда саналган мамлекеттердин укук системасынын бөлүгү болуп эсептелинет. Эгер “Эл аралык укуктук актылар (келишимдер) жергиликтүү мыйзамга каршы келип калса, анда эл аралык келишимдин нормалары иштейт” деп жазышып, бул өлкөлөр Эл аралык келишимдерге үстөмдүккө жол беришкен. Ал эми Түркмөнстан Конституциясынын 9-статьясында түздөн-түз, ачык “Туркменистан признаёт приоритет общепризнанных норм международного права”,-деп жазып койгон.  Эгер Түркмөнстандын мыйзамдары эл аралык келишимдерге каршы келсе, анда эл аралык келишимдердин үстөмдүгү жөнүндө ачык айтылган. Алардан айрымаланып, биз 1990-жылдардан бери көз каранды эместигибизди, улуттук намысыбызды көздүн карегиндей сактап, бул баалуулукту, принципти 23 жылдан бери улам бир Конституциядан, кийинки Конституцияга өткөрүп келе жатабыз. Мен муну 1993-жылкы Конституцияны иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү катары баса белгилеп айткым келет. Жогоруда келтирилген мисал менен Кыргыз Республикасында эл аралык келишимдер үстөмдүк күчкө ээ эмес экендигин далилдедим.

 – Президент Алмазбек Атамбаевдин тынчын алып жаткан Конституциянын 41-статьясы жөнүндө эмнелерди айтаар элеңиз?

– 41-статьяда мындай деп жазылган: 1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү.
2. Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык
, адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт.

Укуктары бузулган биздин граждандар Бириккен Улуттар уюмунун “Адам укуктары боюнча комитетине” кайрыла алат. Ал келишимге биз 1994-жылы кол койгонбуз. 200дөй өлкөдөн, 78и кол койгон, биз да шашып кол койгондордун катарында болгонбуз. Биз ошондо “Граждандык жана саясый укуктар боюнча эл аралык ПАКТыга” кол койгонбуз. Бул ПАКТынын эки факультативдик протоколу бар. Биринчи протоколунда ушул “Адам укугу боюнча комитет” түзүлүп, жогорудагы келишимге катышкан өлкөлөрдүн граждандары ушул комитетке кайрыла алат. Ал комитет мамлекеттерге адамдын укугун калыбына келтирүү боюнча сунушун гана берет. Бул боюнча жогоруда аталган факультативдик протоколдун 5-статьясынын 4-пунктунда мындай деп жазылган: “4. Комитет сообщает свои соображения соответствующему государству-участнику и лицу”. Демек, мындай маанидеги маалыматты алган мүчө мамлекет өзүнүн саясый түзүлүшүн, улуттук кызыкчылыгын, тарыхый кырдаалды эске алып, өзү каалагандай чечим чыгарат. Алмазбек Атамбаев “ООНдун комитети Жогорку соттун чечимин жокко чыгарып коет экен” деп жарыялады. Бул туура эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-статьясында 1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат деп бадырайып жазылып турат. Ошондой эле 96-статьяда 3. Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт”. Демек, Кыргыз сотунун чечимин Кыргыз соту өзү гана жокко чыгарышы мүмкүн. “Соттун чечимин ООНдун комитети жокко чыгарды” деген болбогон сөз. Ушуну көрүп-билип турса дагы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн амалын издеп, туура эмес маалыматтарды таратып жатышат.

 – “Конституциялык өзгөртүүлөр тарыхый муктаждыктан улам келип чыгат деп айттыңыз. Эгер андай муктаждык болсо, аны элге ачык эле айтып, ошого жараша тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсе болбойт беле? Эмне үчүн жашыруун жана шашылыш түрдө Конституцияга өзгөртүүлөр даярдалып жатат? Көп адамдар Атамбаев бийликтен кеткиси келбей, бийликке кайра келгенге аракет кылып жатат деген пикирлерди айтып жатышат. Сиз буга эмне дээр элеңиз?

– Мен Конституцияга киргизилип жаткан сунуштар боюнча өзүмдүн пикиримди кийинки маектерде айтып беремин, анткени, ага көп убакыт жана орун талап кылынат.

Алмазбек Атамбаев экинчи президенттик мөөнөткө бара албайт! Ал аны өзү дагы айтып жүрөт. Бирок, Атамбаевдин экинчи жолу президенттикке барбашын, анын өзгөчө адамдык сапаты жана жеке өзүнүн чечими менен эле аныкталган жок. Ага Конституция тыюу салган! Бирок адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, Алмазбек Атамбаев Конституциянын ушул беренесин өзгөрткөнгө аракет кылган жок.

Ар бир тирүү организм, чөптөн баштап, жан-жаныбар, адамга чейин, өзүнүн жашоосун түздөн-түз же болбосо башка формада (кийинки муун аркылуу) улантууга аракет кылат. Бул табияттын мыйзамы. Ошондуктан, ар кандай саясый түзүм, партия жана алардын лидерлери мамлекеттик кызматтан кетиши менен эле “саясаттан кетип калат” деген туура болбойт. Алар өзүнүн саясый жашоосун тигил же бул формада узартканга аракет кылат. Алмазбек Атамбаевдин дагы президент катары, КСДП лидери катары коомдун өнүгүүсүнө карата өзүнүн көз карашы бар. Акыркы алты жыл ичинде президент катары ал өзүнө бир топ жоопкерчиликтерди алды. Баштаган көп иштери ар кандай себептерден улам аягына чыккан жок. Ал президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да, ошол иштеринин аягына чыгышын эңсейт жана каалайт. Жөн гана пенсионер байкоочу болуп отурбай, ошол иштерге таасир тийгизип, кеп-кеңешин айтып, керек болсо партия жана башка уюмдар аркылуу түздөн-түз процесстерди башкарууга жана жолго салууга аракет кылат. Эгерде: “Мен тойдум, 6 жыл президент болдум. Эми кошкула, эмне болсоңор ошол болгула!” деп  эшикти тарс жаап кетип калса, анда ал жоопкерсиздик болот эле. Ошондуктан, Атамбаевдин өзүнүн саясый бийлигин узарткысы келип жаткандыгына биз түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек.

– Жан-жаныбарлар, адам баласы өзүнүн калган өмүрүн кийинки муун менен узартат. Атамбаев президенттиктен кеткен соң өзүнүн бийлигин кантип жана кандай формада узартышы мүмкүн?

– Башка коңшу өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда да Конституцияда көргөзүлбөгөн жол менен мамлекетти башкаруу салты бар. СССР убагында да, 1990-жылдардан кийин да Конституцияда көргөзүлбөгөн субьектилер конкреттүү чечим кабыл алып, реалдуу саясатты жүргүзүп келишкен. Эгер президенттик Конституцияда көрсөтүлгөн кызмат болсо, анын аялы, балдары, кыздары, бажалары, достору, классташтары, шопурлары иш жүзүндө реалдуу саясый институттарга айланган. Конституцияда көргөзүлгөн жол-жобо эмес, көмүскө-кландык үй-бүлөлүк механизмдер ишке ашып келген. Бул биздин каныбызга сиңип калган, мындан арылуу үчүн көптөгөн жылдар керек. Атамбаев президент болбосо деле ошондой Конституцияда көргөзүлбөгөн көмүскө фигура болуп, Кыргызстанды реалдуу башкарууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн Конституцияга бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү эле жетиштүү болот.

– Мисалы кандай?

– Мисалы, бүгүн президент генералдык прокурорду 40 депутаттын макулдугу менен кызматтан алат. Сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр Конституцияга  киргизилсе, кийинки президент Атамбаев дайындап кеткен прокурорду алыш үчүн 61 депутаттын добушун алыш керек. Кезектеги президентке 61 добушту алуу абдан кыйын болот. Кийинки президент 6 жылга, ал эми прокурор 7 жылга шайланат. Ошентип, кийинки президент өз прокурорун коюу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Кийинки президенттик шайлоого чейин Атамбаев Жогорку жана жергиликтүү соттун, Конституциялык палатанын судьяларын, мүчөлөрүн дайындап кетет. Жакында парламент “Жогорку сотко соттук стажы жок адам дагы судья болуп барса болот” деген чечим кабыл алды. Ошентип, азыркы президенттин жан-жөкөрлөрүнүн бири Жогорку соттун төрагасы болуп калышына жол ачылды. Атамбаев өзүнүн жардамчыларын жана жан-жөкөрлөрүн борбордук бийлик органдарына жетекчиликке коюп жатат. Бир жардамчысы КРнын эсеп палатасынын төрагалык кызматын аркалап жатат. Президенттин аппаратында иштеген дагы бир кызматкери Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп калды. Парламентке жана өкмөткө кирбеген баардык бийлик органдарына Атамбаев өзүнүн адамдарын алып барып койду. Аларды кийинки президент алмаштыра албайт. Кийинки президент өкмөттүн түзүмүнө да аралаша албайт. Качан кийинки президент өкмөттүн курамына аралаша алат? Качан гана парламенттеги коалиция ураса, жаңы коалиция түзүш үчүн президент тигил же бул фракцияга мандатты берет. Эгер коалиция урабай 2020-жылга чейин турса, президент өкмөттүн курамына дагы таптакыр кирише албайт. Бул маселелерди партия жана партиянын жетекчилери гана чечишет. КСДПнын жетекчиси иш жүзүндө бүгүнкү күнгө чейин Алмазбек Атамбаев болуп келе жатат. Ошентип, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын саясатын толук көзөмөлгө алуунун реалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат. Мен муну “саясый реинкарнация” деп атаймын. Демек, бийликке өзү келбей, өзүнүн адамдары аркылуу Кыргызстанды мурункудай эле башкара берет.

Европада бүгүн “Качинский экинчи Путинге айланды” деп жазып жатышат. Качинский Польшанын мурунку президентинин биртууганы. Ал азыр мамлекеттик эч кандай кызматты ээлеген эмес. Бирок партиясы көпчүлүк добуш менен шайлоодо жеңип келип, бийлик бутактарына өз адамдарын коюп, Польшаны темирдей чеңгел менен башкарып жаткан учуру. Атамбаев дагы кыргыздын Качинскийи болуп калышы толук мүмкүн.

– Атамбаев эмне үчүн Конституциялык палатаны жок кылганга аракет кылып жатат? Сунуш кылынып жаткан долбоор боюнча Конституциялык палата, конституциялык көзөмөл дээрлик жоюлат экен. Конституциялык палата өз чечимин Жогоку Кеңеш жана президенттин уруксаты менен гана кабыл алып калат экен. Мунун кандай кесепети болот жана зарылдыгы бар эле?  

– Конституциялык көзөмөлдү жоюу, өзүм билемдикке жол ачат. Парламентте адам укуктарын, демократияны, эркиндикти чектеген ар кандай мыйзамдар кабыл алынышы мүмкүн. “Кой-ай” деген эч ким болбойт. Бул тоталитаризм жана диктатурага жол ачат.

– Ошону билип туруп эмне үчүн Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдү жоготуш керектигин көп айтып, же өз көзөмөлүнө койгонго аракет кылып келе жатат? 

– Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Тайип Эрдоган менен дос мамиледе болгону баарыбызга белгилүү. Анын Атамбаевге таасири күчтүү. Акыркы жылдары Эрдоганды кызматтан кетирүү үчүн жок эле дегенде 3 жолу аракет болду. “Араб жазы” деген толкундун уландысы Стамбулда Таксим аянтында башталган чоң митинг менен уланып, Эрдоганды кетиргенге аракет жасалды. Бирок эл колдойт экен, Эрдоган калып калды. Анын оппоненттери ошону менен эле токтоп калган жок. Түркиянын Конституциялык соту аркылуу Эрдоган жетектеген “Акыйкат жана өнүгүү”  партиясын Түркиянын Конституциясына (Түркия светтик мамлекет) туура келбейт, бул динчил партия, ошондуктан Конституция боюнча бул партияга тыюу салыш керек”,-деп Конституциялык сотко кайрылышкан. Алардын Конституциялык сотунда 11 адам бар. Ошонун 5и “Эрдогандын партиясы жабылсын” деп каршы добуш берди, 6сы Эрдоганды колдоп добуш берди. Эрдоган ээрден шыпырылышка ошондо аз-аз калды. Эрдоган бийликте туруп, элдин колдоосуна ээ болуп туруп, аз жерден утулуп кала жаздады. Мындай учурда “Кудай өзү сактады!” деп коет. Ошентип, Конституциялык сот аркылуу да төңкөрүш жасаса болот. Эрдоган өзүнүн ошондогу абалын, коркунучун досу Атамбаев менен бөлүшкөн болсо керек. Ошону менен эле Эрдоганды төңкөрүү аракети токтоп калган жок. Жакында Эрдоганды аскердик путч аркылуу алышка аракет кылышты.

– Алмазбек Атамбаев эмнеден коркот, бизде Түркиядагыдай реалдуу коркунучу жок да?

– Туура, бизде реалдуу коркунучу жок. Бирок, потенциалдуу коркунучу бар. Түркиядагыдай болбосо да “Атамбаевди кетиребиз” деген саясый күчтөр болду. Ошондуктан, Атамбаев “Конституциялык палата аркылуу төңкөрүш жасап жиберүү коркунучу бар” деген өзүнүн чочулоосунан улам, Конституциялык палатанын  чечим алуу тартибин оорлоштурганы жатат. Бирок, ниети жакшы, муну өзү үчүн кылган жок, кийинки президент үчүн жасоодо. Бирок, бул мен жогоруда айткандай, өзүм билемдикке жана диктатурага толук жол ачышы мүмкүн.

– Бул өзгөрүүлөргө сиздин позицияңыз кандай?

– Бул киргизилип жаткан өзгөрүүлөр кабыл алынып калса, эски кейпибизге тез эле келебиз. “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бирпаста” дегендей, Кыргызстанда ушул Конституциялык өзгөрүүлөр кабыл алынса, “көзү ачыктык кылып жатат” дегенден коркпоймун, бир жылга жетип-жетпей мурунку тартипке, 2010-жылда эмнеден качсак, кайра ошого барабыз. Биздин Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу салтыбызды, кошоматка кой сойгон сапатыбызды эсепке алганда, сот системасы да, парламентти да өкмөткө жана бийликте болгон партиянын жетекчисине  көз каранды болот. Мен мындай терең ойлонулбаган өзгөрүүлөргө каршымын.

Кудайкул Жусупов, “Азия news”

Фетхуллах Гүлен: “Мага карата айтылган күнөөлөр далилденсе, Түркияга барууга даярмын”

Түркия 2016-жылдын 15-июлунда болуп ѳткѳн тѳңкѳрүштүк аракет менен жакынкы тарыхында эң чоң каргашаны баштан ѳткѳрүп, ѳтѳ чоң кырсыктын босогосунан артка кайтты. Ошол түнкү аракетке ѳтѳ оор тил менен террордук аракет деп айтууга болот. Аскердик тѳңкѳрүштѳрдүн баары ѳтмүштѳ калганын ойлогон түрк коомчулугунун бардык катмары тѳңкѳрүштүк аракетке каршы орток позицияларын билдиришип, демократиянын тараптары болушканын кѳрсѳтүштү. Мен дагы бул аракет болуп жатканда ачык-айкын түрдѳ тѳңкѳрүшкѳ наалат айттым.

Бул кыянатчыл тѳңкѳрүштүк аракет башталгандан 20 мүнѳт ѳтүп-ѳтпѳй, окуянын чын-тѳгүнү али белгилүү боло электе урматтуу Эрдоган мени күнѳѳлѳй баштады. Али окуянын майда-чүйдѳ белгилери так белгилүү боло электе, ким тарабынан, эмне үчүн жасалып жатканы да али белгисиз учурда ушундай шашылыш түрдѳ кылмышкердин жар салынышы кишини ойлондурбай койбойт. Акыркы 50 жылдан бери канчалаган аскердик тѳңкѳрүштѳрдѳн азап тарткан адам катары мындай зѳѳкүрлүк аракетке байланыштырылышым мен үчүн ѳтѳ ѳкүнүчтүү. Бул негизсиз, жалган-жалааны так жана чечкиндүү түрдѳ артка кайтармакчымын.

17 жылдан бери ѳз эрким менен АКШда кичинекей бир айылда обочо жашоо ѳткѳрүп келем. Мени “дүйнѳдөгү сегинчи чоң армияны колдонуп, 10 миң км алыстыкта туруп, ѳз ѳкүмѳтүнѳ каршы тѳңкѳрүш уюштурду” деп күнѳѳлѳп жатышат. Бул адам ишене албаган жалган-жалаа. Атүгүл бул жалган-жалаага дүйнѳлүк коомчулук түк ишенген да, кабыл алган да жок. Эгер тѳңкѳрүшчүл чыккынчыларга кошулгандардын арасында Кызмат коомдук кыймылына симпатиясы болгонун айткан аскер кызматкерлери болгон болсо, анда алар адамдар ѳз мекендештеринин жанын кыйган бир каргашада орун алып, ѳлкѳсүнүн биримдигине, бүтүндүгүнѳ кыянаттык кылып, мен ѳмүр бою баалап-барктап келген баалуулуктарды тебелеп, жүз миңдеген бейкүнѳѳ адамдардын кыйналышына жол ачкан болуп саналат.

Армиянын ичиндеги кандайдыр бир козголоңчу күчтѳрдѳн таасирленип, бул рефлекстерин кызмат баалуулуктарынын алдына койгондор болгон болсо, (мен жок деп ойлойм) алардын мындай жаңылуулары Кызмат коомдук кыймылына толук жүктѳлүшү мүмкүн эмес. Аларды Ааллага тапшырдым.

Эч ким укуктун үстүндѳ эмес, мен дагы… Бул козголоңдун күнѳѳкѳрлѳрү кайсы катмардан болсо болсун, адилеттүү укуктук процесстен ѳтүп, тийиштүү жазаларды алууларын каалаймын. Түркияда тергѳѳ системасы 2014-жылдан бери саясий кызыкчылыктын куралына айлангандыктан адилеттүү тергѳѳ ыктымалы аз. Ошондуктан бул маселеде эл аралык бир комиссиянын түзүлүшүн жана бул комиссия чыгарган жыйынтыкка чын кѳңүлдѳн ыразы болуу менен баш ийеримди бир канча жолу айттым.

Кызмат коомдук кыймылынын ѳкүлдѳрү 50 жылдык ѳтмүшүндѳ бир да жолу күч колдонулган аракеттерге аралашкан эмес, акыркы үч жылда Эрдоган ачык-айкын колдонгон сѳз айта турган болсом, “жады авына” (каракчы тузагы) дуушар болушканына карабастан, агылып кѳчѳгѳ чыгышкан эмес, коопсуздук кызматкерлерине каршы турушкан эмес. 3 жылдан бери системалуу түрдѳ куугунтуктоо аракети жана мамлекеттик зулумдукта ыйлап-сыздаган Кызмат коомдук кыймылы мыйзам тарабынан белгиленген чекке баш ийип, мыйзамдуу түрдѳ коргонууга аракет кылып, ѳз укуктарын мыйзамдуу жолдон издешти.

Үч жылдан бери Түркия Республикасынын тарыхында болуп кѳрбѳгѳндѳй түрдѳ мамлекеттин бардык коопсуздук жана тергѳѳ күчтѳрү, мени башкарып жатат деп ойлоп айтышкан “паралелдүү мамлекетти” пайда кылуу үчүн ишке салынган. Ѳкүмѳт 2013-жылындагы коррупциялык иликтѳѳлѳрдү дагы бюрократиядагы мага симпатиясы бар адамдар тарабынан уюштурулган аракет катары сыпаттап, бирок бул убакытта 4000 кишинин камакка алынганына, он миңдеген адамдын кызматтан бошотулганына, жүздѳгѳн мекеменин, фирманын мыйзамсыз түрдѳ басылып алынганына карабастан, бул жалган-жалааларды тастыктаган, ырастаган бир дагы далил, факты кѳрсѳтүлбѳдү. 2013-жылы май айында мени менен жолугууну кѳктѳн жааган жакшылыкка окшоштурган ошол кездеги премьер-министр коррупциялык иликтѳѳлѳрдѳн кийин майдандарда бул коомдук кыймылдын ѳкүлдѳрү жѳнүндѳ ассассинден, кан соргон вампирге чейинки терминдерди колдонуп, ѳтѳ жаман сѳздѳрдү колдоно баштады.

15-июлдагы кыянатчыл тѳңкѳрүштүк аракеттен кийин бул чабуул чыдоого мүмкүн болбогондой абалда улантылууда. Түрк ѳкүмѳтү мени жана Кызмат коомдук кыймылына симпатиясы барларды системалуу түрдѳ “вирус жана тазаланышы керек болгон рак клеткасы” деген сѳз менен сүрѳттѳѳдѳ. Кызмат коомдук кыймылы тарабынан ачылган мекемелерге, бирикмелерге бир кезде кандайдыр бир деңгээлде колдоо кѳрсѳткѳн жүз миңдеген адамдар адам эмес жаныбарлар сыяктуу кѳрсѳтүлүүдѳ. Бул адамдардын мал-мүлкүнѳ кол салынып, банктагы эсептери токтотулуп, жарандык паспорттору жокко чыгарылып, чет ѳлкѳгѳ чыгууларына тоскоол болунууда. Жүз миңдеген үй-бүлѳ ѳтѳ коркунучтуу каракчылар тузагынын натыйжасы катары ѳтѳ оор адамдык драма жашап жатышат. 90 миңге жакын адам кызматтан бошотулду, булардын арасында 21 миң мугалимдин лицензиясы жокко чыгарылгандыгы ММКна жарыяланды. Кызматынан кол жууган, чет ѳлкѳгѳ чыгуусуна да уруксат берилбеген бул адамдардын үй-бүлѳлѳрдү ѳкүмѳт ачкалыкка калтырыганы жатабы? Мунун Европанын тарыхындагы геноцидден мурун жасалган кыйноолордон кандай айырмасы бар?

Мен Түркиянын бардык аскердик тѳңкѳрүштѳрүн кѳрдүм, бүткүл түрк эли сыяктуу баарында ѳтѳ аянычтуу кыйынчылыктарды баштан ѳткѳрдүм. 1971-жылы 12-марттагы тѳңкѳрүштѳн кийин хунта бийлигинин чечими менен түрмѳгѳ камалдым. 1980-жылы 12-сентябрдагы тѳңкѳрүштѳ мени камакка алуу чечими чыккан, алты жыл куугунтукта жашадым. 1997-жылы 28-февралдагы аскердик тѳңкѳрүштѳн кийин мен жѳнүндѳ “Жалгыз кишиден турган куралсыз террордук уюм” деген күнѳѳ коюлуп, тергѳѳ башталган жана ѳлүм жазасына тартуу талап кылынды. Аскердик үстѳмдүк мезгилинде үч ирет “террордук уюмдун лидери” деген күнѳѳ менен сотко берилдим. Бул тергѳѳлѳрдүн баарында акталып чыктым. Кечѳѳ авторитардык түшүнүккѳ ээ аскердик бийликтер тарабынан сокку урулса, бүгүн ѳтѳ мыйзамсыз түрдѳ автократиялык режим тарабынан дал ошондой кордоолорго дуушар болуудамын.

Мен мурун урматтуу Тургут Өзал, урматтуу Сулейман Демирел жана урматтуу Бүлент Эжевит сыяктуу түрдүү саясий кѳз караштардагы лидерлер менен достук карым-катнашта болдум, алардын туура иш-аракеттерин чын кѳңүлдѳн колдодум. Алардан ѳзгѳчѳ Кызмат коомдук кыймылынын билим берүүгѳ жана коомдук биримдикке кошкон салымы үчүн сый-урмат кѳрдүм. Саясий исламдан дайыма оолак болгонума карабастан, Эрдоган жана АКП лидерлерин дагы бийликке келишкенде алгачкы этапта демократиялык реформаларынан улам бааладым. Бирок ѳмүрүмдүн ар бир баскычында аскердик түзүмдүн саясатка кийгилишүүсүнѳ, аскердик тѳңкѳрүштѳргѳ каршы болдум. 22 жыл мурун “Демократиядан жана секуляризмден артка кайтууга болбойт” дегеним үчүн ошол мезгилдеги бул баалуулуктарга каршы чыккан бүгүнкү бийликке жакын саясий исламчыл чѳйрѳлѳрдүн акааратына, шылдыңына дуушар болдум. Кечѳѳ кандай сѳз айтсам, бүгүн дагы дал ошондой ой-пикирдемин.

40 жылдан бери жазган макалаларымдын, диний лекцияларымдын негизинде жарыяланган 70тен ашуун китептерим коомго кеңири тараган. Бул китептеримде тѳңкѳрүштүк түшүнүккѳ багыт берген ѳтѳ кичинекей бир маани дагы болбогондой эле, тескерисинче демократиянын пайдубалын түзгѳн дүйнѳлүк адамдык баалуулуктар иштелген.

Түркиянын сакталып калышы, демократиялык маданияттын тереңдеши – ишбилгиликке негизделген мамлекеттик башкаруунун ѳздѳштүрүлүүсүнѳн ѳтѳт. Аскердик тѳңкѳрүш дагы, автократиялык коомдук башкаруу дагы буга чара боло албайт.

Тилекке каршы оппозициячыл медиа мекемелери жабылган, же катуу кѳзѳмѳлгѳ алынган ѳлкѳдѳ түрк мекендештеринин маанилүү бир бѳлүгү ѳтѳ чоң каралоо үгүтүнүн соккусунун айынан 15-июлдун негизги күнѳѳкѳрү менин болгонума байланыштуу жалааларга ишенип алышыптыр. Бирок окуяларга объективдүү карай алган, дүйнѳлүк коомчулук, болуп ѳткѳндѳрдүн баары “каракчылык тузагы” шылтоосу менен бийликтегилердин ѳз күчтѳрүн арттыруу аргасы болгонун ѳтѳ так кѳрүп турат.

Албетте кѳпчүлүктүн кандай ойдо болгону эмес, адилеттүү сот процессинин натыйжасында ортого чыккан чындыктар маанилүү. Мындай олуттуу жалаага дуушар болгон мен жана он миңдеген адам албетте адилеттүү сот процессинен ѳтүп, атыбызды тазалап, акталууну каалайбыз. Бизге жабылган мындай жалган-жалаа менен жашагыбыз келбейт. Тилекке каршы ѳзгѳчѳ 2014-жылдан бери адилеттүүлүк системасынын саясий кызыкчылыктын куралына айлангандыгынан улам менин дагы, күнѳѳлѳнгѳн Кызмат коомдук кыймылына симпатиясы барлардын дагы ѳздѳрүн таза болушканын кѳрсѳтүү укугу колдорунан алынган. Ошондуктан түрк ѳкүмѳтүнѳ ачык-айкын чакырык таштап, толук кызматташтыкка убада берем. Эл аралык жана кѳзкарандысыз бир комиссиянын тѳңкѳрүштүк аракетти иликтѳѳсүн талап кылам. Эгер мен тууралуу жалган-жалаалардын ондон бирѳѳсүн эле тастыкташса, Түркияга келип эң оор жазаны тартууга даярмын.

Бул коомдук кыймылдын ыктыярчыларына дүйнѳнүн туш тарабында жүздѳгѳн ѳкүмѳт, чалгындоо кызматы, изилдѳѳчү же кѳзкарандысыз коомдук жарандык активисттер тарабынан 25 жылдан бери байкоо салынып турат жана эч бир мыйзамсыз иш-аракет кѳрүлгѳн эмес. Мына ошондуктан кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳр түрк  ѳкүмѳтүнүн Кызмат коомдук кыймылы тууралуу тезистерине олуттуу карабай жатат.

Кызмат коомдук кыймылынын эң негизги ѳзгѳчѳлүгү – саясий бийликке талапкер болушпаганы, анын ордуна коомдордун келечегине коркунуч туудурган жана кѳп убакыттык аракет талап кылынган кѳйгѳйлѳргѳ арга издѳѳлѳрү. Ислам географиясы террор, кан тѳгүү жана артта калгандык менен эскерилген бул мезгилде Кызмат коомдук кыймылынын ыктыярчылары ѳзү жашаган коомго активдүү түрдѳ салым кошкон билимдүү, тарбиялуу жана диалогго ачык муундун жетилишине ѳздѳрүн арнашкан. Бул географиянын эң чоң проблемаларынын сабатсыздык, бѳлүнүүчүлүк жана жакырчылык болгонуна ишенгендигимден менин сѳзүмѳ кулак салгандарга дайыма “мечит же Куран курсу эмес, мектеп ачкыла” деген кеңешимди берип келдим. Кызмат коомдук кыймылынын ѳкүлдѳрү бир эле Түркияда эмес, Азиядан Африкага  чейин дүйнѳнүн 160 ѳлкѳсүндѳ билим берүү, саламаттыкты сактоо жана кайрымдуулук жагынан иш-чараларды жүргүзүп келишет. Бул иш-чаралардын эң чоң ѳзгѳчѳлүгү бир эле мусулмандарга эмес, бардык диндин, этникалык топтун ѳкүлдѳрүнѳн болгон адамдарга бирдей кызмат кѳрсѳтүү аракети болуп саналат. Пакистандын эң оор шарттардагы аймактарында кыздардын лицейлерин ачып, ички кагылышуулар жүрүп турган мезгилдерде Орто Африка Республикасында билим берүүнү улантып келген. Нигерияда Боко Харам кыздарды барымтага алганда Кызмат коомдук кыймылынын ѳкүлдѳрү болсо, кыздарды тарбиялаган мектептерди ачышкан. Ал эми Францияда, ѳзгѳчѳ французча сүйлѳгѳн дүйнѳдѳ менин пикирлеримди бѳлүшкѳн адамдарга, радикалдуу ислам түшүнүгүндѳгү топторго каршы күрѳшүүнү, ѳлкѳнүн расмий авторитарларына бул күрѳштѳ колдоо кѳрсѳтүүнү кеңеш бердим. Бул ѳлкѳлѳрдѳ жашаган мусулмандардын өздөрү жашаган коомдор үчүн кошумча баалуулук тартуулаган, проблемалар менен эскерилүүнүн ордуна кошкон салымдары менен күн тартибине чыккан көзкарандысыз эрктүү жарандар болушун кааладым. Террордук аракеттер менен исламдын жаркыраган жүзүн кирдеткен ал-Каида, ИШИМ сыяктуу уюмдарга, түрдүү коркутууларга дуушар болгонума карабастан, канча жолу наалат айттым. Түрк өкүмөтү тилекке каршы 15-июлдагы кандуу террордук чабуулда эч биринин катышы болбосо да, күч колдонууга толук каршы чыгышса да бул адамдардын жана алар ачкан мектептердин артынан дүйнөдөгү бийлик өкүлдөрүнө арызданып жатат. Дүйнөдөгү бардык бийлик өкүлдөрүнө кайрылып айткым келет, бул негизсиз жалган-жалааларга маани бербей, иррационалдуу талаптарды артка кайтаруулары керек.

Чындыгында түрк өкмөтүнүн Кызмат коомдук кыймылын саясий бир чечим катары террордук уюм деп жарыялап жаап салган мекемелер, мектептер, оорууканалар жана кайрымдуулук фондору эле. Он миӊдеп камалып, туткундалган Кызмат коомдук кыймылынын ыктыярдуулары булар – мугалимдер, ишкерлер, дарыгерлер, интеллигент өкүлдөрү же болбосо журналисттер эле. “Каракчы тузагы” жалаасы менен жабыркаган жүз миӊдеген адамдын төӊкөрүштүк аракетти колдогондугуна, кандайдыр бир күч колдонгондугуна байланыштуу бир дагы далил табылган жок.

Париждеги маданий борбордун кездеме менен оролуп өрттөлүшү, ооруп жаткан журналисттердин ден соолугуна карабастан камакка алынышы, 35 оорукананын жана “Kimse Yok Mu” кайрымдуулук фондунун жабылышы, изилдөөдөгү адамдар табылбаган учурда үй-булө мүчөлөрүнүн барымтага алынышы, 1500 интеллигенттин кызматтан кетүүгө мажбурланышы сыяктуу аракеттерди төӊкөрүшкө байланыштырып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Көрүнүп тургандай, бийликтегилер Кызмат коомдук кыймылынын өкүлдөрүнө карата багытталган аракет катары көрсөтүп, тегинде өзүнө сөз берип баш ийбеген бардык жаранды мамлекеттик структуралардан тазалаганга аракет кылып жаткандай эле, коомдук жарандык уюмдарын дагы коркутууга аракет кылууда. Эл аралык Кечирим уюмунун (Amnesty International) билдирүүлөрүндө чагылдырылган кыйноолор кошулуп, адам укуктарынын корголбошу төө чачты тик тургузат. Бул кудум эле адамзаттык драма болуп эсептелет.

15-июлдагы төӊкөрүштүк аракеттин ийгиликсиз жыйынтыкталышы шайлоо аркылуу бийликке келген өкүмөткө жасалган антидемократиялык күрөштүн элдин колдоосу менен токтотулушу тарыхый мааниге ээ окуя. Бирок төӊкөрүштүн токтотулушу демократияны колго алуу үчүн жетиштүү эмес. Аз же көпчүлүктүн үстөмдүгү жана мунун натыйжасында аз тараптардын эзилүүсү, шайлангандардын автократиялуу болушу, айтор булардын баары чыныгы демократия эмес. Укуктун үстөмдүгү, күч топторунун ажырымы, сөз эркиндиги башында болуу менен негизги адам укуктары жана эркиндиктер болбой туруп, демократиядан сөз кылуу кыйын. Түркия үчүн демократиялык жолдогу чыныгы жеӊиш бул негизги баалуулуктардын кайрадан тургузулушу менен мүмкүн болот.

Фетхуллах Гүлен, динаятчы жана Кызмат коомдук кыймылынын негиздѳѳчүсү

LE MONDE гезити, 2016-жыл, 11-август

Президент Чубак ажыны кабыл алды

Бүгүн, 15-августта Алмазбек Атамбаев муфтий Максат ажы Токтомушевди, Кыргызстан аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду, дин аалымы Чубак ажы Жалиловду жана “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал, экстремизм менен күрөшүү боюнча сөз болду.

Эске салсак, СДПК фракциясынын депутаты Жанар Акаев менен Чубак ажы Жалиловдун кайым айтышуусунан кийин Атамбаев муфтийди, аалымдар кеңешинин төрагасын кабыл алып, бирок ал жолугушууга Чубак ажы чакырылган эмес эле. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү маалымат жыйынында президент Жалиловдун дарегине сын айтып, аны саясатка аралашып жатат деп айыптаган болчу.

 

Орусия Донбасстагы жикчилдерди ээн кое бериши мүмкүн

“Ведомости” басылмасы кабарлагандай, Орусия Украинаны диверсияга айыптап, ага жооп берүү үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын курду. Отурумдун жыйынтыгында Украинага каршы көрүлө турган чаралар так иштелип чыккан эмес. Бул милдет профилдик мекемелерге жүктөлдү.

Өзүн өзү жарыялап алган Донецк элдик республикасынын бийлигине жакын адамдын айтымында, Москва Киевге кубаттуу согуштук соккуларды уруу маселесин караган жок. Бирок Украина чыгышындагы жикчилдердин аракетин мындан ары ооздуктабай, эркин кое бериши мүмкүн.

10-августта Орусия Крымда террордук актыларды уюштурмак болгон украиналык чалгынчыларды кармаганын, алар менен атышуу учурунда эки кызматкери өлгөнүн билдирген.

Диверсанттар кармалганы тууралуу билдирүүдөн кийин Орусия менен Украинанын мамилеси кескин курчуган. Орусия президенти Путин Украина бийлиги террор чарасына өткөнүн айтып айыптаган. 11-августта Орусия ТИМи Крымдагы окуя натыйжасыз калбай турганын эскерткен.

Өткөн жумада премьер-министр Дмитрий Медведев Орусия Украина менен дипломатиялык мамилени үзүүсү мүмкүн экенин четке каккан эмес.

Киев диверсияга катышы бар экенин моюнга алган жок. Украина муну аймакта репрессиялык иштерди жүргүзүүгө жол ачкан чагымчылдык катары баалоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сариевди сайга түрткөн Атамбаев өзүбү?

Темир Сариевди өкмөт башчылыктан оодарып түшүрүү планы аябагандай тездик менен ишке ашканы белгилүү. Жада калса ал өзү дагы муну түшүнө албай, дендароо болгону бар. Анан карапайым калк, айрыкча Сариевдин күйөрмандары “жакшы иштеп жаткан балананы кетирди” деп Канат Исаевге каарын төгүп кала беришкен. Көрсө Исаев жөн эле буйрукту аткарган бир “байкуш” экен. Анын артында президент өзү туруп, Сариевди ээрден шыпырып түшкөнүн жакында эле Өмүрбек Текебаев айтып чыгып, көп жылдан берки “секретти” ачып салды. Болгондо да өкмөт башчылардын бат-бат алмашып турушу Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен ишке ашканын белгилеген Текебаев: “Атамбаевдин таасири эбегейсиз чекке жеттти. Жанындагы адамдар мындан пайдаланып, бийликти узурпация кылып жатышат. Өкмөт башчыларын дагы каалагандай алмаштырып…”, – деп, элди маскара кылган үлкөндөрдүн маскасын сыйрыды. “Ата Мекендин” лидеринин айтымында Сариевди кетирүү планы дагы Ак үйдүн жетинчи кабатында иштелип чыгып, анан Атамбаевдин буйругу менен ишке ашкан. Ажо болсо ачык айтпаганы менен “Балыкчы-Корумду жолундагы чыр боюнча бирөө сөзсүз жооп бериши керек” деп ызырынганы бар. Ал эми акыркы учуларда “Сариевге иш козголот” деген имиштер дагы жөн жерден чыгып жатпагандай…

Бишкек жана Оштогу мектептерде дин маданиятынын тарыхы окутулат

Дин маданиятынын тарыхы быйылкы жаңы окуу жылында Бишкектеги жана Оштогу он мектепте 9-класстын окуучуларына окутула баштайт. Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттен маалымдашкандай, бул Коргоо кеңешинин чечимине ылайык ишке ашырылууда. Сабак берүүчү мугалимдер 16-18-август күндөрү Осло шаарында атайын окуудан өткөрүлөт.

Маалыматта айтылгандай, дин маданиятынын тарыхын окутуу мезгил талабы болууда. Ал жаштарды түрдүү радикал диний агымдардын таасиринен коргоого жардам бермекчи.

Меню