Көз карандысыздык жылдарында болгон окуялар жөнүндө бир катар макалалар – анын ичинде А.Акаевдин китептери, К. Бакиевдин март революциясы жөнүндө эки китеби, саясатчылар А.Бекназаровдун, О. Текебаевдин, ата мекендик жана чет элдик саясат-таануучулардын, журналисттердин китептери – чыккандыгына карабастан, бул жылдардын окуялары жана урунттуу учурлары көп суроолорду туудуруп келет.
“Тарыхтын фактылары биздин саясий көз карашыбызга туура келген учурда гана бизди кызыктырат”,-деп англис жазуучусу жана философ О.Л.Хасли жазгандай бул кадыресе көрүнүш.
Албетте, жогорудагы макала, китептердин авторлору, бул окуялардын катышуучулары катары тарыхты өздөрүнүн саясий көз караштары аркылуу таразалап баалашкан. Алардын мындай эмгектери кесипкөй тарыхчылар, юристтер, социологдор үчүн баалуу табылга болоорун эч ким тана албайт.
Мен жогоруда атын атап кеткен авторлордун аналитикалык ой жүгүртүүлөрү, өздөрүндө гана болгон маалыматтарга негизделип, көп учурда болуп жаткан окуяларга объективдүү баа берилген эмес. Тарыхый окуянын жүрүшүнөн тийиштүү фактылар четте калган жана жеткиликтүү маалыматтар менен толукталбаган. Ошондуктан, 2005-жылдын мартындагы окуялардын түздөн-түз катышуучусу катары, ошол кырдаалдын тарыхын тактап коюу иретинде жана окуяга катышуучулардын иштерине калыс баа берүү үчүн, келечек муунга кереги тийээр деген илгери үмүт менен, урунттуу учурларга, айрым бир фактыларга, ошол күндөрдүн майда-чүйдөсүнө чейин тактоо берүүнү туура көрдүм.
***
2005-жылдын 24-мартындагы окуялар коомчулук арасында кандайдыр бир эки-анжы пикирди жаратты. Бийликке келген кай бир саясатчылар 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды «революция» деп аташкан. “24-мартта элдик революция болду. Кандай атасаңар да башкача айта албайбыз” – дейт Р.Отунбаева. Саясаттын тарыхында “революция” түшүнүгү масштабдуу жана узак мөөнөттү камтып, бийликтин жалпы системасынын түп тамырынан бери алмашуусунда гана колдонулат. Ошого карабай, серепчилердин арасында, массалык маалымат каражаттары тарабынан божомолдонгон түшүнүктөр кеңири жайылгандан улам коомчулуктун аң-сезиминде “революция” түшүнүгү калыптана баштаган.
Википедия эркин энциклопедиясына ылайык, “Кыргызстандагы 2005-жылкы саясий туңгуюк – 2005-жылдын мартында болгон “түстүү революциялар” сериясындагы мамлекеттик төңкөрүш. Өлкөнүн президенти Аскар Акаевди бийликтен ажыратып, анын ордуна Курманбек Бакиевдин келиши менен шартталды.”
Россиялык саясатчы Александр Князев өзүнүн китебин 2005-жылдын 24-марты мамлекеттик төңкөрүш” деп атап коюу менен автордук оюн түшүндүргөн.
Чыны менен эле 2005-жылдын март айында эмне болгон – революциябы, мамлекеттик төңкөрүшпү же бийликти басып алуубу?..
“Төңкөрүш” деген сөздүн түпкү маанисине кайрылсак, ал деле барып “революцияны” түшүндүрөт. Ошондуктан, бул окуяларды кээ бирөөлөр “революция” десе, айрымдары “мамлекеттик төңкөрүш” дешет, бирок түпкү мааниси боюнча бири-бирине карама-каршы келишпейт. Ал эми бийликти зордук же күч колдонуу менен басып алуу жөнүндө кеп боло турган болсо, бул мамлекеттик оор кылмыш катары бааланат (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренесине ылайык). Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин бул маселе каралбай келет.
24-марттагы окуяга А.Кынев (Эл аралык саясий-гуманитардык изилдөөлөр институтунун серепчиси, 2005-жылы Кыргыз Республикасындагы парламенттик жана президенттик шайлоодо эл аралык байкоочу) “Кыргызстан “жоогазын революциясына” чейин жана кийин” аттуу макаласында төмөндөгүдөй мүнөздөмө берет: “Бул туңгуюктун натыйжасында өлкөдө мурунку бийликтегилер өз ичинен ыдырап, бийликке А.Акаевдин бийлигинин тушунда ар кайсы мезгилде ага оппозицияда жүргөн түркүн көз караштагы топтордун коалициясы келди. Негизинен алар башкалар үчүн кокустан пайда болгон вакуумду гана толуктап коюшту. Аталган коалициянын баштоочусу жана президенттин милдетин аткаруучусу болуп мурунку премьер-министр К.Бакиев болуп калды”. (http://igpi.ru/info/people/kynev/1128082583.html)
А.Кынев «эмне себептен жана кандай жагдайдын негизинде К.Бакиев өлкөнүн президентинин убактылуу милдетин аткаруучусу болуп калды?,-деп тыянак чыгарды? Эл аралык саясий серепчинин мындай тыянакты чыгарып маселени жаратышынын негизи барбы? Бул суроолорду анализдөөнүн кажети эми чыгып жатпасын?
Ошол эле учурда А. Князев өзүнүн китебинде Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын оюн мындай берет: “Аскар Акаевди бийликтен четтетүү мыйзамдуубу? Президент Акаев өлкөнү таштап кетти. Ал уялбастан өлкөнү таштап, качып кетти, демек, анын ыйгарым укуктарын сактап калуусуна эч негиз жок деп эсептейм. Ал мамлекеттин чакчелекейин чыгарды. Конституциялык соттун төрайымы катары анын бул аракетин өлкөнүн президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укугун токтотуусу деген тыянак чыгарам. Жаңы бийлик канчалык деңгээлде мыйзамдуу? Мыйзамдарга ылайык, бийликтин бир бутагы жоюлганда калган эки бийликтин бутагы тең салмактуулукту сактап туруу үчүн бардык күчүн жумшашы керек. Президент Акаевдин качып кетүүсү, премьер-министр Танаевдин бийликтен баш тартуусу менен биз аткаруу бийликтен да ажырадык. Ошондуктан мыйзам чыгаруу бутагы өлкөдө туруктуулукту сактоо үчүн бардык күчүн жумшашы керек. Конституцияга ылайык учурдагы легитимдүү парламент президенттик шайлоого чейин президенттин милдетин аткара турган жаңы премьер-министрди шайлады. Ал Курманбек Салиевич Бакиев”- деди.
Балким, ушундай Конституциялык Соттун төрайымынын тыянагынан улам башкалар, парламент К.Бакиевди премьер-министрликке шайлады, ошондуктан ал убактылуу Президенттин милдетин аткаруучу болуп калды,- деп ойлоп жүрүшкөндүр? Мындай саясий суроого Кыргыз Республикасынын Конституциясына же ошол учурда аракеттеги 2003-жылдагы референдумда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө” Мыйзамга кайрылып, жооп издейли.
“1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен дайындайт.” (71-берененин 1-пункту).
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагына төмөнкүлөр берилет:
9) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү” (58-беренесинин 1-пунктунун 9-пунктчасы).
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри парламент тарабынан шайланбайт, ал Президент тарабынан дайындалат.
“Жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-статьясынын 1-пунктунун 1-19, 21, 27, 28, 30-31-пунктчаларында каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жүргүзүлөт” (9-пункт III бөлүм).
Демек, премьер-министр Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугу менен Президент тарабынан дайындалмак.
Ошол күндөрү кырдаал аябай курчуп турган. Президент качып, премьер-министр өз каалоосу менен кызматынан баш тартты. Жогорку Сот гана легитимдүү болгон. Жогорку Кеңештин жаңы курамы (мындан ары – жаңы ЖК) Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү бүтө электе эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 54-беренесинин 2-пунктунда белгиленгендей өзүнүн отурумун өткөрүп, мыйзам чыгаруу бийлигин басып алышкан.
Конституциянын 55-беренесинин 4-пунктуна ылайык, КР Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышынын биринчи отурумунан тартып Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын мөөнөтү аяктайт. Ошол эле учурда Конституциянын жогоруда аталган ченемине ылайык Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынын ыйгарым укуктары 2005-жылдын 14-апрелинде гана аяктайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинде чар жайыт абал түзүлдү.
Ошол убакта ар бир мүнөт өлкөнүн тагдырын чечмек. Президенттин ыйгарым укуктары абада калкып турду. Жогорку Кеңештин жаңы курамы Төраганы шайлаган жок.
Кандай болгон күндө да бул кырдаалдан чыгуу зарыл эле. Ар бир саясий чечимдин артында мыйзамдуулук талабы жаткан. Ошонун баарын эске алып мен тез арада Жогорку соттун курамын чакырып, Борбордук Шайлоо комиссиясынын (мындан ары БШК) чечимин жокко чыгаруу зарыл экенин ошол кездеги «акаев режиминдеги» оппозицияда жүргөн санаалаштарыма сунуштадым. Эки палаталуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары 14-апрелде аяктамак. ЖКнын жаңы «акаевдик» курамын мөөнөтүнөн эрте каттоо менен мыйзам чыгаруу бутагында кош бийликтин болуусун шарттап турган эле. Мына ушул жагдайдан улам чыккан менин сунушумду А. Бекназаров, А. Мамбеталиева, А. Малиев О. Малеванная колдоп, Жогорку Соттун мүчөлөрүн чукул чакырылган кеңешмеге чакырууга кириштик. Узака созулган талкуудан кийин Жогорку Соттун курамы ЖК жаңы курамынын каттоосун жокко чыгарып, Конституциялык мыйзам талаасы калыбына келтирилди.
Бул окуяны А.Князев мындайча баяндайт: “Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов: “Сот бир добуштан жаңы шайланган парламенттин курамынын каттоосу жокко чыгарылсын» деген чечим кабыл алды. Ошондуктан Конституцияда белгиленгендей ыйгарым укуктуу мандат 14-апрелге чейин Кыргызстандын эки палаталуу парламентине кайтарылып берилет”- деп айтты. Жогорку Соттун Кеңешмесине Жогорку Соттун 35 мүчөсүнүн 33 мүчөсү катышкан. Түнкү саат 23 чамасында парламенттин 2-чакырылышынын төрагасы болуп Ишенбай Кадырбеков шайланды. Кыргызстандын Конституциясы боюнча президент жана өкмөт башчылыгы жок болгондо алардын милдеттерин спикер аткарат.
Мамлекеттик жогорку бийлик бир секундага да кароосуз калбашы керек. “Падыша өлдү, жашасын падыша!”- деген туруктуулуктун шарты иштеши зарыл эле. 2005-жылдын 24-мартындагы А. Акаевдин качып кетиши, Премьер-министр Н. Танаевдин отставкасы, Жогорку Соттун КР ЖКнин жаңы курамын каттоосун жокко чыгарышынан кийин Президенттин ыйгарым укуктары КР эки палаталуу Жогорку Кеңешинин Төрагаларынын бирине берилиши керек болчу. Кимисине?
Өлкөнүн Конституциясы бул маселени жөнгө салган эмес.
Эгерде, эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы Президенттин милдетин аткарып турган болсо, анда карама-каршылыктар жаралышы мүмкүн болчу. Кантип? Төрага катары ал К. Бакиевди дайындоого сунушту Эл өкүлдөр жыйынына жөнөтүп, өзү башкарып турган депутаттардын макулдугун сурамак. Ал эми депутаттар Төраганын сунушун же кабыл алып же кабыл албай коймок. Андан ары Төрага депутаттардын чечимин Президенттин ыйгарым укугун аткаруучуга, тактап айтканда өзүнө кайра багыттамак. Озуно багытталган депутаттардын чечимин негизинде ал тийиштүү Жарлыкты чыгармак. Мындай кырдаалдын акылга сыйбастыгын түшүнүп, эч ким бул кадамга барган эмес.
Ошондой эле Жогорку Кеӊеш эки палатасынан, Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйынынан турган бир бүтүн мыйзам чыгаруу бийлиги эле. Ошондуктан өлкөнүн Президенти жок учурда Жогорку Кеӊештин кайсы бир палатасынын жеке аткаруу бийлигин түзүү боюнча чечим чыгаруусу туура эмес кадам болмок.
Кырдаалдын башкача кандай жолу бар эле?
Ал учурда Мыйзам чыгаруу жыйыны туруктуу иштеген орган катары жана укуктук келишпестикти жана бийликти күч менен басып алууну жаратпаш үчүн Эл өкүлдөр жыйынына премьер-министри дайындоого сунушту Мыйзам чыгаруу жыйындын гана Төрагасы бере алмак. Демек, ага ылайык, Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы өлкөнүн Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугун алгандан соӊ Премьер-министрди дайындоо жөнүндө Жарлыгын чыгармак. Дал ушундай мыйзамдуу жол менен аткаруу бийлигин түзүү маселесине байланышкан формалдуулук Конституциянын талаптарын бузбай туруп ишке ашмак..
Айтылган учурларды М.Жумакадыров “Коркунучтуу өнөкөт” ([email protected] 13.08.2008 г.) макаласында: «… 2005-жылдын 25-мартында КР ЖК Эл өкүлдөр палатсында Премьер-министрдин кызматына К. Бакиевди КР ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы, Президенттин ыйгарым укугун аткаруучу И. Кадырбеков сунуштады деген ой туулат. Себеби ошол учурунда Президент А. Акаев жана премьер-министр Н. Танаев качып кеткен, башка вариант болушу мүмкүн эмес эле»,- деп жазган.
Ушундай ой көпчүлүктүн аң сезиминде бар болучу. Бирок мен ошол учурда Мыйзам чыгаруучу жыйындын төрагасы катары К.Бакиевди премьер-министрликке дайындоого макулдук берүүнү ЖК Эл өкүлдөр жыйынына сунуштаган эмес элем. Анда эмне себептен ЖК Эл өкүлдөр жыйыны Консттитуцияны бузуп, К.Бакиевди премьер-министрлик кызматына дайындалышына макулдук берди? Менимче ошол учурдагы адамдык фактор, көрпенделик мыйзамды тебелеп кеткен.
Тактап коюуучу эң маанилүү маселе бар. КР ЖК Эл өкүлдөр жыйыны өз макулдугун берген күндө да, К.Бакиевдин премьер-министр болуп дайындалышы жөнүндө Жарлыкты ким чыгарып, ким бекиткен?
Президенттин укугун убактылуу аткаруучу катары мен андай Жарлыкка кол койгон эмесмин. Эч ким Бакиевди премьер-министрлике дайындаган эмес. Демек ал Президенттин ыйгарым укуктарын колдонууга укугу жок болучу. Бир сөз менен айтканда, К.Бакиев өз ыктыяры менен КР Кылмыш-жаза кодексинин “бийликти күч колдонуу менен басып алуу же бийликти зордук менен кармап туруу” жөнүндө 295-беренесин бузуу менен оор кылмышка кириптер болгон.
Бийликти легитимдүү жол менен өткөрүп берүү боюнча биздин демилгени эмне үчүн К. Бакиев жана анын тегерегиндеги «бакиевчилер» тоготкон жок? Бул суроо алигиче мени түйшөлтөт.
Менин оюмча, ошондогу “ЕuroNews” массалык маалымат каражаты дүйнө жүзүнө “Кыргызстанда бийлик алмашты. КР президентинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Мыйзам чыгаруусу жыйындын төрагасы И.Кадырбековдун колуна өттү”-деп жарыялай баштагандан тартып аларда кооптонуу жаралган. Ушул себептен, 2005-жылдын 24-мартынын түнү депутат А.Малиевдин кабинетинде Ү.Сыдыков экөөбүз катуу кайым айтышууга бардык. Мен учурдагы кырдаалды түшүндүрүп, кандай күндү баштан кечире турган болсок да, Конституцияны сактоого милдеттүү экенибизди аларга айтып, жеткире албадым. Ал эми бакиевчилер эртең менен ”ХАЯТТ” мейманканасында чет элдик өкүлчүлүк менен жолугушуум болорун билип, менин жоктугумдан пайдаланып, өз алдыларынча аракет кылышкан. Алар Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары аркылуу К.Бакиевди премьер-министрликке макулдугун алууга шашылышкан.
Мүмкүн, мен жаңылышып жаткандырмын. Бирок, бакиевчилер мыйзамдуу жолду эмес, акыры түбү жакшылыкка алпарбай турган жолду тандап, чоң жаңылыштык кетиришти.
Болоору болду, боесу канды. Конституцияны таануу жана ошол эле учурда анын талаптарын аткарбай коюу мүмкүн эмес эле. Бакиевчилердин дүүлүккөн психологиялык абалын байкап, абалдан чыгуунун жолу катары КР ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынына Конституциянын алкагынан келип чыккан карама-каршылыктардан чыгуу максатында “Өзгөчө кырдаалдан чыгуу” жөнүндө мыйзам сунуштадым. Мыйзамдын долбоорун парламент колдоп, добуш берди. Мыйзамга кол коердон мурун К.Бакиевге маалымат бердим. Ал менден мыйзамды жарыялабай турууну, анын мааниси менен таанышып чыгууну суранды. Ошол учурда жаңы шайланган Жогорку Кеңештин курамынын иштөөсүнө каршы митингге чыккан көпчүлук парламенттин кеңсесине басып киришти. К.Бакиев “Өзгөчө кырдаалдан чыгуу” жөнүндө мыйзамдын текстин алып, чогулган элдин алдына чыгып туруп «бул мыйзам аркылуу Конституция токтотулду, жаңы шайланган депутаттардын курамынын тагдыры да чечилди» -деп, көпчүлүктүн көз алдында мыйзамга кол койду. Чогулган эл тынчып К.Бакиев менен шаардын борбордук аянтына жөнөштү. Аянттан кайтып келгенден кийин ал менден мыйзамды жарыялабоону өтүндү. Анын ою боюнча, мыйзам күчүнө кирип кеткен күндө К.Бакиев саясаттан сыртка чыгып калам деп чочулаган. Эгерде “Өзгөчө кырдаалдан чыгуу” жөнүндө мыйзам күчүнө киргенде анда баш мыйзам токтотулуп, андан соң кийинки кадамдарга барып убактылуу аткаруу бийлиги түзүлүп, ал өлкө Президентинин шайлоо мөөнөтүн белгилеп, аны уюштуруп, өткөрүүнү дайындамак. Бул революциялык кырдаалдын классикалык формасы. Качан баш мыйзам токтотулганда убактылуу аткаруучу бийлик – негизги укуктук акт катары декретти колдонмок. Бул 2010-жылдын 7-апрелинде ийгиликтүү колдонулган.
Ошентип толкуган элдин көксөөсү сууп, жаңы парламент таркатылмак. Эл алдында берген убадасына аткарылмак. Эң негизгиси бийликти зордук менен басып алган дегенден четтемек. Тилекке каршы, «бакиевчилер» жеңиштин эйфориясынан чыгалбай алысты көрө билбегендиктенби же укуктук сабатсыздыктанбы, элдин үмүт-көксөөсүн сатып кетишти. Алар Жогорку Кеңештин эски курамын таркатышып, жаңы курамды кайра тирилтүүнүн айла-амалын жасай башташты. 2005-жылдын 24-мартындагы окуянын негизги себеби шайлоо, негизги өзөк ошол шайлоонун айынан чыккан. Ошентип алар жаңы парламенттин курамы менен бийликти биротоло кармап калуу жолун тандап алышты.
Ѳзүн-өзү премьер-министр деп дайындаган К.Бакиев 25-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу кылып Т.Абдраимовду дайындайт. Ошол эле учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы С.Иманбаев ээлеген кызматынан четтетилген эмес (кайра кош бийлик). К.Абдраимов дароо эле БШКдан КР ЖКнин жаңы курамын каттоодон өткөрүүгө жетишет да, анын экинчи ирет мыйзамсыз иш алпаруусуна жол ачат.
26-мартта бул каталыгын түшүнгөн К.Бакиев С.Иманбаевди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгынан четтетүү боюнча жарлыгын чыгарат.
Бул жерде суроо туулат? Өзүн-өзү Президентмин деп, легитимсиз жол менен келген адамдын мыйзамсыз Жарлыгы менен дайындалган Т. Абдраимовду БШКнын төрагасы кылып эсептөөгө болобу? Албетте-жок!
27-мартта ЖКнын жаңы курамы өзүнүн ишин баштайт. Ошол эле убакта Жогорку Соттун токтому менен Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынын мөөнөтү 2005-жылдын 14-апрелинде аяктары тастыкталган. Ошондуктан эки палаталуу парламенттин ыйгарым укуктарын ЖКнын жаңы курамы аткара албайт болчу. Ушул башаламандыкка карабай, ЖКнын жаңы курамы ишин улантып жатты, ал эми Бакиев анын макулдугуна ээ болду.
Бул окуяларды М. Жумакадыров мындайча сүрөттөгөн: «КР ЖКнин жаңы курамынын К. Бакиевди премьер-министр кылып дайындоосуна макулдук бериши менен К. Бакиевдин каалоосунун ишке ашуусу кырдаалды дагы да тереңдетти. Мындай акылга сыйбаган чечимдерге себепти табуу кыйыныраак. Бул демек, КР ЖКнин Эл өкүлдөр палатасынын макулдугунун легитимдүүлүгүн тааныбагандык болуп эсептелинет. Ушундай алашем чечимдерден кийин 2005-жылдын 25-мартынан тартып КР ЖКнын жаӊы курамынын макулдугун алганга чейинки убакытта бийлик арабөк абалда турду. Дал ушул учурда КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу эки спикерге өттү. Биринчиси мөөнөтү 2005-жылдын 14-апрелинде бүтө турган КР ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Ишенбай Кадырбековго жана жаӊы чакырылган КР ЖКнын Төрагасы Өмүрбек Текебаевге. Кыскасы бул өткөөл мезгилди бийликтин хаос мезгили десек болчудай. Анын үстүнө К. Бакиевдин чечимдеринен абал дагы да татаалдашып калган эле. Кайрадан эле баягы суроо туулат? Ким жана кайсы КР Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруучу К.Бакиевдин талапкерлигин сунуштады жана аны премьер-министирликке ким көрсөттү?»
Ооба, чынында эле анын бекитилиши жөнүндө жарлыкты ким чыгарган деген суроо кайрадан пайда болот?
Мыйзам чыгаруучу бийликтин ыйгарым укуктарын бир эле учурда эки парламент аткара алмак эмес. Бир учурда эки парламенттин отурумун, президиумда үч төрага, ал эми залда эки палатанын жана Жогорку Кеңештин жаңы курамынын депутаттарынын отурганын элестетүүгө мүмкүн эмес. Алар чечимди кантип кабыл алмак? Балким, бакиевчилер учурдагы окуялардын акылга сыйбастыгын түшүнүп туруп, мыйзам чыгаруу жана эл өкүлдөр жыйындарынын курамдарын таркатуу аракетин көрүшөт. 29-мартта алардын күчү Эл өкүлдөр жыйынын таратууга гана жетти. П. Князев жазгандай БШКнын төрагасынын милдетин аткаруучу Т. Абдраимов “бул күндөн тартып бирден-бир легитимдүү мыйзам чыгаруу органы жаңы парламент» деп жарыя салат. Мындай жарыяны легитимсиз Т.Абдраимовдун аша чапкандыгы деп коелу. Себеби, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өздөрүнүн ыйгарым укутарын токтотпостон 2005-жылдын 14-апрелине чейин улантышты да.
Конституциянын талаптарына ылайык, эл өкүлдөр палатасы өзүн таркаткандан кийин, алардын ыйгарым укуктары Президентке өтөт. Мындай шартта алардын ыйгарым укуктары Президенттин милдетин аткаруучу болуп калган мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасына өтөт. Бул кырдаалдын юридикалык жагы. Аргасыздан афиналык чечен Ликургдун Леократка каршы айтканы: “Кудайдын каары адамга жеткенде, алгач кудай анын аң-сезимин алып, өзүнүн каталарын түшүнбөшү үчүн анын ой жүгүртүүсүнө тескери багыт берет”-деген сөзү эске келет.
“Бакиевчилер” канчалык өлкөнү башкарууга катыштыгым бар экендигин тааныгылары келбесе да, 2005-жылдын 29-мартынан 14-апрелге чейин мыйзамдык жагынан алганда, Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасына кыйшаюсуз өткөндүгүн тануу мүмкүн эмес.
2008-жылы мен камалгандан кийин өлкөдө Кыргызстандын Президентинин легитимдүүлүгү туурасындагы Бакиев үчүн жагымсыз талкуу башталды.
Д.Астаховдун “Президент Бакиевдин драмасы. Россия үчүн Бишкектеги легитимсиз жана туруксуз бийликти колдоону улантуу саясий жактан пайдасыз” макаласында ошол күндөрдү мындайча баяндайт (14.09.2008, Ресурсный Центр “Гиндукуш” [email protected]): “Бакиевдин оппоненттери белгилегендей, 2005-жылдын 24-мартындагы “жоогазын революциясынан” кийин жана экс-президент Аскар Акаев жана экс-премьер-министр Николай Танаев өлкөдөн качып, республиканын азыркы башчысы Кыргызстандын Конституциясын бузуу менен өзүн-өзү Премьер-министр кылып дайындап, мыйзамсыз Президенттин милдетин аткаруучу болуп алды. Мындай айтууга экс-спикер Ишенбай Кадырбековдун камалышы негиз болот. Ал ошол убакта кызматы боюнча мамлекеттин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган. Оппозициянын аргументтери жөнөкөй жана түшүнүктүү. Эгер Кыргызстандын мыйзамы боюнча иммунитетке ээ болгон экс-президент Кадырбеков камакка алынса, демек, Бакиев аны экс-президент катары тааныгысы келген эмес. Ошол эле учурда 2005-жылдын 25-мартында Кыргызстандын эң жогорку бийлик ээси же мамлекеттин башчысы кыргыз парламентинин төрагасы Ишенбай Кадырбеков болгон. Бул республиканын 2005-жылдагы күчүндө турган Конституциясына ылайык премьер-министр парламенттин бир палатасынын макулдугу менен Президент тарабынан дайындалат. Демек, Бакиевди премьер-министрликке Кыргызстандын президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мыйзамдуу төрага И.Кадырбеков дайындамак. Конституциялык талаптарга негизделген бул далилден Бишкектеги жаңы бийликтин кутулушу кыйын».
Балким унутулат деген үмүттө же жаңылыштык менен Бакиевдин тегерегиндегилер анын шоруна анын бийлигин мыйзамдаштырууга эч аракет кылышкан жок. Баарын революцияга шылтап коюу болбогон кеп, анткени революция өзүнүн табигатында мурунку режимдин мыйзамын, анын ичинде Конституцияны тааныбайт».
***
“Бакиевчилер” үчүн андан аркы кырдаал мындан да курч өнүгүп, драмалык түргө өтө баштайт.
2005-жылдын 2-апрелинде А.Акаев Кыргызстандын президенти кызматынан кетүү жөнүндө оозеки макулдугун берет. Ө.Текебаев баштаган парламенттин комиссиясы 3-апрелде сүйлөшүү үчүн Москвага учуп барышат.
“Эртең менен 4-апрелде Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде Аскар Акаев парламенттин спикери Ѳмүрбек Текебаевге өз каалоосу менен президенттин ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын берди. Ага мурунку премьер-министр Николай Танаев жана парламенттик комиссиянын мүчөлөрү катышкан. Мындан тышкары делегациянын курамында арызды күбөлөндүргөн мамлекеттик нотариус катышты. Документке кол койгондон кийин Аскар Акаев кыргыз элине кайрылуу жолдогон. Москвада кол коюлган документте Акаев президенттин ыйгарым укуктарын 5-марттан тартып токтоткондугу айтылат. Текебаевдин айтуусу боюнча кол коюлган документ бийликтин легитимдүүлүгүн жана улантылышын камсыздашы керек (А.Князев)».
Мыйзам чыгаруу жыйынысыз бийликти легитимдештирүү боюнча аракеттерден майнап чыкпагандыктанбы же түшүнбөстүгүбү айтор Бакиев А.Акаевдин арызын алып келүү үчүн Москвага делегация жөнөтүп, өзүн курмандыкка чалган кадамга барат. Демек, ал мындай кадам менен А. Акаевди иштеп жаткан легитимдүү Президент катары тааныды. Ошону менен бирге ал, 2005-жылдын 5-апрелине чейинки анын бардык аракеттери премьер-министр катары кабыл алган чечимдери, Президенттин милдетин аткаруучу катары чыгарган жарлыктары Конституцияга каршы экендигин мойнуна алды дегенди билдирет.
Бул жагдай бардыгын орду ордуна коет. Акаевдин ыйгарым укугун токтотконго чейин бийликтин легитимдүү бутагы КР ЖК Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйыны болсо, 29-марттан кийин Эл өкүлдөр жыйыны ыйгарым укугун токтоткондон кийин мыйзам чыгаруу бийлигиндеги бирден-бир легитимдүү орган КР ЖК Мыйзам чыгаруу жыйыны эсептелген. Ушундан улам, А. Акаевдин өз ыктыярдуу отставкасын КР ЖК Мыйзам чыгаруу жыйыны гана кабыл алмак! Ошондо гана бирден-бир легитимдүү мыйзам чыгаруу орган катары Мыйзам чыгаруу палатасы А. Акаев менен (5-апрелге чейин) аткаруу бийлигин түзүшмөк.
Ошентип, Бакиев Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу өз колунда эместигин кашайып тааныгысы келбегендиктен, өзүн-өзү премьер-министр кылып, президенттин милдетин аткаруучу болом деп, ал кезектеги укуктук туңгуюкка кептелип, кылмыштуулукка малынды.
“Кыргызстандагы мындай окуялардын жолу дүйнөлүк коомчулуктун алдында өлкөнү ыңгайсыз акыбалга кириптер кылды, – деп жазат Д.Астахов. – Айрыкча эки тараптуу катнаштары бар өнөктөштөр эки анжы ойдо калышты. Мыйзамсыз башкаруучу кол койгон макулдашуулар жана келишимдер канчалык деңгээлде легитимдүү болуп калат?-деген жөнөкөй суроо туулат.
Бакиевди жалпы эл шайлаган деген пикирлер суу кечпейт, себеби 2005-жылы жайында болгон Кыргызстандын Президентин шайлоо өнөктүгү мыйзамсыз милдет аткарган Президенттин кабыл алган нормативдик-укуктук актыларынын негизинде өткөрүлгөн.
Аны бийликке алып келген жактоочулары менен оппоненттеринен оңой-олтоң кутулган Бакиев, экс-спикерди камака алуу менен жаңылыштык кетиргени таң калтырат. Эптеп бийликти колуна кармай албай туруп Бакиевдин Кадырбековду камоого жана куугунтуктоого зарылчылыгы бар беле?” ( Д. Астахов).
Мындай пикирге кайра кайрылып пикир айтуунун кажети жок.
Бакиевчилердин бийликти зордук менен басып алышынан Кыргызстан ыңгайсыз абалда калды. Өзүн-өзү такка отургузган Бакиев тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актылар, башка өлкөлөр менен түзүлгөн макулдашуулар жана келишимдер, башка мамлекеттердин субъектилери менен кол коюлган документтер арабөк абалда калды. Эмне кылыш керек? Албетте, баарына көз жумуп, революцияга шылтап койсо болот, бирок акыйкаттыктан кача албайсың. Эртели, кечпи, К.Бакиевдин башкаруусуна акыйкат тарыхый баа берилет деп ишенем. Бүгүн, Кыргызстан өзүнүн 25-жылдык көз карандысыздыгын белгилөөгө даярданып жатканда, дүйнөлүк коомчулуктун алдында өз тарыхын бурмалоого жол бербеши керек. “Тарых – биздин кылган иш-аракетибиздин байлыгы, өткөндүн күбөсү, азыркынын үлгүсү жана сабагы, келечектин колдоочусу” – деп айткан гениалдуу адабиятчы Сервантес.
Мамлекет өткөндөн сабак албаса, анын келечеги бүдөмүк. Бул күндөрдүн окуяларын объективдүү, акыйкат баа берүүдөн өлкөнүн келечеги көз каранды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча Комиссиянын мүчөлөрү 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга саясий жан тартуудан алыс болуп туура, калыс баа берет деп ишенем. Акыйкаттын кесепеттери боюнча саясатчылардын башы оорусун. Өлкөнүн тарыхын ушулар жазып, алар тастыкташат, алар абалдан чыгуунун жолун издешсин. Эгер алар Кыргызстан бийликти басып алгандардын күнөөсү менен өлкөнүн кызыкчылыгы басмырланган макулдашууларды кайра караштырууга укук алышы мүмкүн деп чечишсе, аларга даңк! Эгер мындай чечимге келбесе, кудайга тапшырдык.
Ишенбай Кадырбеков,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2005-жылдын 24-мартынан 14-апрелине чейинки Төрагасы
Булак: Кyrgyztoday.kg