Menu

Фото - Өзбекстандын 1-президенти Ислам Каримовдун сөөгү 3-сентябрда жерге берилет

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көзү өткөндүгү тууралу маалымат бүгүн, 2-сентябрда угузулат жана эртең, 3-сентябрда анын сөөгү өзү туулуп өскөн Самарканд шаарында жерге берилет.  Бул тууралу “Фергана ньюс”  маалымат агенттиги билдирди.

“Азыр Самаркандда Көз карандысыз Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовду жерге берүүгө кызуу даярдыктар көрүлүп жатканын биздин фотожурналисттер 1-сентябрда барып тартып келишти.

Каримовдун сөөгү Самарканддагы атактуу Шахи Зинда тарыхый жана архитектуралык комплекске жанаша жайгашкан мүрзөгө коюлат. Ал жерде Ислам Каримовдун энеси менен эки агасынын да мүрзөлөрү бар”, – деп жазат “Фергана.ньюс” сайты.

Кладбища Каримова3

Кладбища Каримова4

Булак: “Фергана ньюс”

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси жана каржылык колдоосу менен мобилдик тиркеме иштелип чыкты

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси жана каржылык колдоосу менен Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөрдүн 2-оюнуна карата чет жерден келген туристтерге жергиликтүү эл менен пикир алышуу, өтүп жаткан оюндарды, аларда колдонгон сөздөрдү түшүнүү үчүн атайын сүйлөшмөнүн мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул мобилдик тиркеме 3 тилди: орусча-кыргызча, англисче-кыргызча жана түркчө-кыргызча сүйлөшмөлөрдү камтыйт. Аталган тиркемени бардык андроид платформасындагы каражаттардан жүктөп алууга болот. Тиркемени google plаy баракчасынан “mamtil lingvo” аталышын терип, же болбосо mamtil.kg сайтында берилген шилтемеден жүктөп алса болот.

Кийинчерээк бул тиркеме кыргыз тилин жеңил үйрөнүү бөлүмдөрү менен толукталып, iOS платформасында иштеген каражаттарынан да алып колдонууга жеткиликтүү болмокчу.

Тиркеменин ичинде күнүмдүк турмушта эң жыш колдонулган сөздөрдөн турган сөздүк жана категорияларга бөлүнгөн кырдаалдык сүйлөшмө, үйрөнгөн сөздөрүн текшерүү үчүн дикция бөлүмү жана эске тутуу, классикалык тест ошондой эле салыштыруу тесттери камтылган.

Аталган мобилдик тиркеме тууралуу толук маалыматты mamtil.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Бишкекте америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис Соколдун “Орустун Борбор Азиясындагы 1916-жылкы көтөрүлүш” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

30-августта Бишкекте америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис  Соколдун  “Орустун Борбор Азиясындагы 1916-жылкы көтөрүлүш”  (“Восстание 1916 в Русской Центральной Азии”) аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Бул китеп 1954-жылы АКШнын Джон Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ институту тарабынан  англис тилинде басып чыгарылган.  Эмгекти Америкадан Кыргызстандын АКШдагы экс-элчиси, журналист Замира Сыдыкова таап келип, англисчеден орусчага котортуп, китеп кылып басып чыгарткан.

Китептин автору, америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис  Соколду Замира Сыдыкова Америкадан издеп тапкан эмес, ошондуктан көзү өтүп кетсе керек деген жыйынтыкка келген.  Ал эми бул китепти таап берүүгө жардам берген АКШнын Джон Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ институтунун директору Фредерик Старр китепке баш сөзүн жазып берген.

Китепте 1916-жылдагы Орус империясынын Борбордук Азия чөлкөмүндөгү көтөрүлүштөр, айрыкча кыргыз үркүнү терең изилдөөгө алынат.

Буга чейин китепти англис тилинен орус тилине Г.Бөрүбаева которгон жана “Республика” гезитине байма-бай жарыяланып турган.  Эми китеп түрүндө “Res Publika» басмасынан 1000 даана нуска менен  жарыкка чыккан.

Бүгүнкү бет ачар аземинде китеп тууралу, дегеле  1916-жылдагы Кыргыз үркүнү боюнча окумуштуулар  Кубан Мамбеталиев, Осмонакун Ибраимов, Памир Казыбаев, Элмира Ногойбаева, Клара Сооронкулова, Элери Битикчилер кеңири айтып беришти.

Улуу үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө жылында айтылган сөз көп, бирок реалдуу иш жасагандар аз болууда.  Ошол аз сандагы патриоттордун бири Замира Сыдыкова болду десек жаңылышпайбыз.

Бегалы Наргозуев презентация 1916

Презентация книги Восстание 1916 3

Презентация книги Восстание 1916 4

Презентация книги Восстание 1916Презентация книги Восстание 1916 2

Булак: Кyrgyztoday.kg

Чемпион Калыбек Сулайманов машыккан мектеп шаар башчыларына ыраазычылыгын билдиришти

Франциянын Макон шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы чепионатта дүйнө чемпиондугун жеңип алган Калыбек Сулайманов машыккан Жалал-Абаддагы Раатбек Санатбаев атындагы жаш өспүрүмдөрдүн жана балдардын адистештирилген олимпиадалык резерв спорт мектебинин жетекчиси Чыңгыз Пиримкулов чемпионго колдоо көрсөткөн Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтерине ыраазылык билдирди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Ч. Пиримкуловдун айтымында, аталган мектептин тарбиялануучусу, жаштар дүйнөнүн чемпиондук титулун жеңип алган К. Сулаймановдун ийгилигине колдоо көрсөткөндөр арбын. Алардын сап башында Жалал-Абад шаарынын жергилктүү бийликтери турат.

-Биз, мектептин жамааты ушул зор ийгиликке колдоо көрсөтүп, буга чейин да дайыма камкордук жасап келишкен шаар мэриясына, депутаттардын шаардык кеңешине зор ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ушундай колдоонун натыйжасында биздин жаш спортчуларыбыз көптөгөн республикалык, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болуп келатышат. Андан тышкары, грек-рим күрөшү боюнча областтык федерациянын президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Максатбек Эгембердиев, федерациянын башка да мүчөлөрү, Жалал-Абад областынын жаштар иштери, дене-тарбия, спорт башкармалыгынын башчысы Абдыпара Капаров чемпионубузга үлкөн колдоо көрсөтүшкөн. Биз баарына ыраазыбыз. Биздин тарбиялануучубуз 31-август күнү чемпиондукту жеңип алып, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамына чоң белек жасады, – дейт ал.

Азыркы кезде Жалал-Абад шаарынын бийликтери, спорттук жамааты, коочмулугу дүйнө чемпионун тосуп алууга даярдыктарды көрө башташты.

Эскерте кетсек, К. Сулайманов аталган мектепте 8 жылдан бери машыгып келатат. Аны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучу Алтынбек Салаев тарбиялап, жеңиштерге жеткирген. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти болуп саналат.

Калыбек Сулайманов

Кыргызгидромет: 2-сентябрдан 6-сентябрга чейинки аба ырайы

Бишкек шаарында 2-сентябрында жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 2-сентябрында жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° жылуу болушу күтүлөт.

2-сентябрында  түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-4-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад,  Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 3-сентябрда айрым жерлерде 14 метрге жетет.

5-сентябрында жана 6-сентябрында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрында күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Табылды Акеров, саясат талдоочу: "Атамбаев кечээ конституциялык өзгөртүүлөргө каршы чыккандарды аябастыгын, кыӊк дегендин баарын камоого даяр экендигин билдирди"

Табылды мырза, 31-августтагы президенттин кечээги үзөӊгүлөштөрүнүнө айткан пикирине кандай баа берип атасыз?

-Бул билдирүү бийлик колунан эч нерсе келбесе да, ал бийлик экендигин билдирген билдирүү болду. Өтө өкүндүм. Мен күткөн эмесмин. Бул өтө коркунучтуу билдирүү болду. Президенттин бул билдирүүсү өтө  эмоционалдуу болуп, элди, саясатчыларды экиге бөлүүгө, ынтымакка, биримдикке жарака жаратуучу билдирүү болдубу деп корктум.

Ачык айтканда президент конституция боюнча Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн бир эле маселе – Конституцияга өзгөртүүгө киргизүүлөргө каршы болуп жаткандыктарына байланыштуу кескин сынга алганы кызык.

Бир эле маселе үчүн ушунча катуу сынга алуу жана аларды жоопкерчиликке тартуу маселесин кабыргасынан коюп жатышы провокацияга тете көрүнүш болду. Бул билдирүү эч кандай конституциялык нормаларга жатпаган, саясий жана сөз эркиндигине карама-каршы келген билдирүү болду.

Президент Атамбаевдин конституциялык өзгөртүүлөргө каршылар эч аёосуз жазаланат дегендей сүр көрсөтүп, коркутуп коюу аракети ачык байкалып турду. Муну менен Президент Атамбаев кандай гана болбосун конституциялык өзгөрүүлөрдү жасай тургандыгы, ал үчүн эч кимди аябастыгын, кыӊк дегендин баарын камоого даяр экендигин билдирди. Башкача айтканда, бул маселе боюнча сындын, каршылыктардын аз болушун талап кылып жаткандыгы көрүнүп турду.

Баарынан коркунучтуусу президент А. Атамбаев бул билдирүүсү менен бүгүн конституциялык реформаларды жүргүзүүгө эч кандай себептер жок экендигин ачык көрсөтүү. Себеби, ал өз сөзүндө эмне үчүн конституциялык реформаларга барып жаткандыгын так, ачык белгилей алган жок. Меселенин бул жагын ал ар кандай шылтоолор менен негиздөөгө аракет кылды.

Бирок, конституциялык рефорлардын себептери таптаза башка жакта жаткандыгы анык байкалып турду. Кыязы, президент өзү бийликтен кеткенден кийин, саясий конфигурация өзгөрүп кетип, өзү да жоопкерчиликке кабылып калбагай элем  деп, чоочуркап, ошол негизде конституциялык реформаларды жасап, азыркы саясий конфигурация бир топ жылдарга чейин өзгөрбөй турушун каалап жаткандыгы анык болуп жатты.

Бул максатка жетиш үчүн президенттик шайлоолордо өзү каалаган кандидатка өзгөчө артыкчылыкты камсыздап коюу күндүн талабы болуп жаткандыгы так жана даана байкалып турду. Жыйынтыктап айтсам, бул билдирүү бийлик колунан эч нерсе келбесе да, ал бийлик экендигин билдирген билдирүү болду. Бул президентке да, элге да кереги жок билдирүү болду. Кыргызстанда эч ким эч кимден коркпойт, эч ким, эч кимге эч нерсени далилдей албайт. Бул кыргыздардын канындагы нерсе экени 2 революция анык көрсөттү. Кыргыз эч кимге баш ийгиси келбейт, баш ийбейт. Эл Акаев, Бакиевден да корккон эмес. Анан калса, учурунда Ак үйдү автомат менен кайтарам деп убада берген Бакиев бүгүн каякта тентип жүргөндүгүн эл жакшы билет эмеспи.

Булак: “Азия-Ньюс”

Фото - ОшМЮИда Билим күнү салтанат менен коштолду

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда Билим күнү майрамдык маанай менен башталып бардык факультеттерде шаңдуу иш чаралар менен коштолду. Аталган жогорку окуу жайдын алдындагы юридикалык коллежде окумуштуу окутуучулардын, студенттердин жана ата- энелердин катышуусунда  салтанаттуу жыйын болуп өттү.  Алгач Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырган жыйынды ОшМЮИнун илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов куттуктоо сөзү менен ачты. Ал өз сөзүндө Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн тарыхына токтолуп, жаштарды  жакшы билим алып, мекенибиздин татыктуу атуулу болууга чакырды.

Андан кийин салтанаттын катышуучуларын майрам менен кызуу куттуктаган коллеждин директору юридика илимдеринин кандидаты Толгонай Ураимова бул жерде жаштардын талаптагыдай билим алуусуна ынгайлуу шарттар түзүлгөнүн айтып, окутуунун сапаты эл аралык стандартка багытталып жатканын билдирди. ОшМЮИнин мамлекеттик тил боюнча проректору филология илимдеринин кандидаты Кыргызбек Ибрагимов жана ата энелер да майрамдык маанайдагы тилектерин айтып, жаштарды эгемендүү мамлекеттин билимдүү адистеринен болушун каалашты. Ал эми институттун мыкты студенттери бул жерде жетишкен ийгиликтерине сыймыктанарын айтып өтүштү.

Билим күнүнө арналган салтанатта андан ары мукамдуу музыка жаңырып  катышуучуларды жылуу сезимдер бийлеп турду. Ошентип  бул күнү жогорку окуу жайдын аудиторияларында алгачкы сабактар жарык маанайда башталды.

ОШМЮ3

ОШМЮ4

Меркель терроризмдин көбөйүшүн качкындар менен байланыштырбоого үндөдү

Германия канцлери Ангела Меркель өлкөдөгү исламисттердин кол салуулары качкындардын агымы менен байланыштуу эместигин билдирди. Sueddeutsche Zeitung гезитине берген маегинде ал мамлекетте терроризм миграциялык каатчылыкка чейин эле болгонун белгиледи.

Меркель өлкөнүн миграциялык саясатындагы кемчиликтерди моюнга алды. Анын айтымында, жалпы европалык реформаларды он жыл мурун эле башташ керек болчу. Анын ичинде Шенген аймагынын тышкы чек араларын коргоо маанилүү экенин баса белгиледи.

Жакынкы жана Орто Чыгыш менен Африка өлкөлөрүнөн чыккан миллиондон ашуун бозгун 2015-жылы Германиядан баш паанек сураган. Гремания өкмөтү июлда болгон кол салуудан кийин мигранттарга карата “ачык эшик саясаты” үчүн сынга кабылган. Канцлер Ангела Меркель чабуулдарды айыптап, бирок миграциялык саясатты өзгөртүүдөн баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дайырбек Орунбеков, журналист: "Болот Шер кечээ Атамбаевди психикалык оорулуу деп жарыялады, эгер Генпрокуратура же Атамбаев Шерди сотко берип 2 млн сом айыпка жыгалбаса анда оору экени чын болот да"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер  “Атамбаев оорулуу, ага психиатрдын жардамы керек. Анын сөзүнө капа болуунун деле кереги жок” деп расмий билдирүү кылды. Эгер, бул маалымат чын болсо, бизди психикалык жактан соо эмес адам башкарып келдиби? Эгерде, бул маалымат туура эмес, Атамбаев психикалык жактан оорулуу эмес болсо бул чоң айыптоо жана кемсинтүү. Мындай басынтууну Башкы прокуратура же президент өзү көз жаздымга калтырбай, “кадыр баркына шек келтирүү” беренеси менен сотко берип, Болот Шерден 2 млн сом моралдык чыгым талап кылыш керек. Эгер, Генпрокуратура же Атамбаев Болот Шерди сотко бербесе анда Атамбаев чын эле оорулуу болушу мүмкүн деген элде шектенүү пайда болот. Психикалык адамдын кызматта эмес, коомдо эл менен аралашып жүрүшү да абдан кооптуу. Ошол эле кезде психикалык жактан жабыркаганын жашырып, аны эл башына алып келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да элден кечирим сурашсын.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: facebook

Мавлян Аскарбеков, "Жаңы муун" өкүлү: "СДПКнын өңү Кожобек Рыспаевдин өңүндөй"

Улуттук трагедия, 17 секелек кызыбыз тирүүлөй күйүп кетти, 9 жараныбыз жол кырсыгынан, эгиз 5 айлык балдары менен каза болсо, 4 жараныбызды өзбек милициясы барымтага алып кетсе, мекенибизге чет элдик аскердик басып кирүү болуп, жерибизди басып алса, бийликти узурпация аракети менен, Конституцияны одоно бузуу менен Конституцияны өзгөртүү аракети болуп жатса, Акаев, Бакиев убагында да болбогон, террористик акт, жанкечти машинасы менен КНР элчилигинде жарылуусу болуп жатса, 2 ай эс алып келгенден кийин, мамлекетибизде курч кырдаал түзүлүп, саясый жарылуу алдында турганына карабай, дагы 12 күнгө эс алганы кетип калган депутаттар, намыссыз, коркок, эл үмүтүн актабаган саткындар катары кабыл алса болот.

Депутаттар, депутаттык мандат, той-топурда төргө олтуруу, түркүн аземдерге катышып лента кесүү, чет мамлекеттерде тайраңдоо же жеке бизнести калкалап акча табуу эмес, ЖК депутаты бул эл берген ишенимди актоо, курч кырдаал түзүлгөндө, өз позициясына, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына бекем туруу, түркүн күчтөрдүн басымына карабай, көз карандысыз, эркин чечим кабыл алуу деген болот. Бардыгыңар Кожобек Рыспаевдей болбогула. СДПКнын өңү Кожобек Рыспаевдин өңүндөй.
Урматтуу эмес депутаттар, бүгүн Кыргыз Мамлекетинде абал чыналып, деструктивдуу ички жана тышкы күчтөр козутуп турган чакта, элибиздин, мамлекетибиздин эртеңкисин ойлоп, эрктүү чечим кабыл алышыңыздар керек эле. Бүгүнкү позицияңыз, чечимиңиз үчүн эртең, эл, тарых алдында жооп берээриңизди унутпаңыз.

Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү

Эки ай эс алып келген Жогорку Кеңештин депутаттары СДПКчы Кожобек Рыспаевдин демилгеси менен эс алуусун дагы 12 күнгө узартты

Бүгүн, 1-сентябрда былтыр күздө шайланган Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын экинчи сессиясы ачылган эле. Бирок иш башталбай жатып эле СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев “Көчмөндөр оюнун көрүш керек, анан Курман айтты майрамдаш керек, ошондуктан эс алууну дагы 12 күнгө узарпайлыбы?” деп сунуш кылды.

Аны СДПКчы спикер Чыныбай Турсунбеков колдоп “Көчмөндөр оюнуна баруу үчүн депутаттарга 3 автобус камдап койдук. Каалагандар өз машиналарыңар менен да барсаңар болот” деп партиялашы Кожобек Рыспаевдин сунушун добушка койду.  Араң эле турган депутаттардан “макул” деген 69 добуш эсептелип, депутаттардын эс алуусу 12-сентябрга чейин узартылды.

Эл Жогорку Кеңештин депутаттарынан Москвадан күйүп өлгөн 14 кыздан кийин мигранттардын турмушун жеңилдетүү боюнча акылдуу сунуштарды же болбосо кыргыздын Унгар-Тоосун басып алган Өзбекстандык 6 милиционерди эмне кылабыз деген орчундуу маселелерди талкуулайт деп күткөн.

Бирок, Журтатасы болом деп жүргөн СДПКнын атасынан “парламент иштесе Текебаев сыяктуу депутаттар трибунаны пайдаланып, өлкөдөгү кыйын кырдаалды күндө айта берет” деп бул Чыныбай менен Кожобекке ошондой команда келип түшсө керек, “кыңк” этпей дагы 12 күнгө тарап кетишти.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео - Өмүрбек Текебаев: "Кечээ Алмаз Атамбаев "Роза Отунбаеваны мыйзамсыз шайланган президент, самозванка" деп атады, Мадумаровдун сөзүн кайталады"

“Кечээ, 31-августта Алмаз Атамбаев тойду бузду,  “Роза Отунбаева президент-самозванка” деп атады, Мадумаровдун сөзүн кайталады.  Азыр СДПК партиясын сдпкчылар башкарбайт. Бир кезде Акаев менен Бакиевдин жанында жүргөндөр, Фарид Ниязов, Сапар Исаковдор башкарууда.  Өлкөнү да  Атамбаев башкарбайт, ошолор башкарып жатат.  Урматтуу депутаттар, бүгүн биз конституци боюнча жашабай жатабыз, конституция боюнча биз, парламент президенттин катышуусу жок эле өкмөт түзө алат. Биз ошону пайдалана албай жатабыз. Биз жетеленме депутаттар болбойлу”, – деди “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин экинчи сессиясынын ачылышында сүйлөп.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Тажик түрмөлөрүндө жаткан 500дөй адам эркиндикке чыкты

Эки күн аралыгында эле Тажикстандагы абактардан 500дөн ашуун адам эркиндикке чыкты.

Тажикстан Юстиция министрлиги билдиргендей, мунапыс менен Нурек аялдар колониясынан 130дай аял, Яван түрмөсүнөн 400дөн ашуун камактагылар боштондукка чыкты. Мындан тышкары жашы жете электердин колониясынан дагы белгилүү бир сандагы өспүрүмдөр азаттык алды.

Тажикстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзамды президент парламентке сунуштаган. Өткөн жумада демилгени депутаттар колдоп беришкен. Аталган мыйзамга ылайык, 12 миңден ашуун адамдын кылмыштары мунапыс менен жоюлуп, 3 миңдей камактагы киши эркиндикке чыгат.

Адам өлтүргөндөр, конституциялык түзүмгө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш жасагандар, терроризм, экстермизм үчүн соттолгондор мунапыска илинбейт.

“Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам чет өлкөдө издөөдө жүргөн, бирок оор кылмыш жасабаган адамдарга карата дагы колдонулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк акылдуу математика жана тез окуу боюнча «Memoriad» Олимпиадасынын өкүлчүлүгү Кыргызстанда ачылууда

Бүгүн, 1-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк акылдуу математика жана тез окуу боюнча «Memoriad» Олимпиадасынын атайын өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасында расмий ачылууда. Ачылыш аземге эске тутуу боюнча Гиннестин рекорддор китебинин рекордчусу, «Memoriad» бүткүл дүйнөлүк Олимпиадасынын төрагасы Мелик Дуяр катышат. «Memoriad» олимпиадасы эс тутум, акылдуу математика жана тез окуу боюнча мелдештер үчүн жалгыз аянтча болуп сананлат.Олимпиада ар бир төрт жылда бирден өткөрүлөт жана конкурстун жыйынтыгы боюнча баалуу сыйлыктар ыйгарылып, Гиннестин рекорддор китебине кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. 2012-жылы Туркияда өткөрүлгөн Олимпиадада дүйнөлүк 7 рекорд киргизилген. Быйылкы жылы «Memoriad» Олимпиадасы Америка Кошмо Штаттарында өтөт. Олимпиада 2006-жылы 148 мамлекетте катталган.
Өкүлчүлүктүн дареги: Бишкек шаары О.Медеров көчөсү.,67

Бүгүн КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экинчи сессиясы ачылды

Бүгүн, 1-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экинчи сессиясы ачылды. Сессиянын ачылышына президент Алмаз Атамбаев катышкан жок.

Эсиңиздерге сала кетсек,  VI чакырылыш 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин куралган.

Кубан Мамбеталиев, экс-элчи: “1916-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүшү болгон эмес, кыргыздар орус мужуктарынын жазалоосунан эле үркүп качкан”

“1916-жылы кыргыз элинде эч кандай улуттук боштондук көтөрүлүш болгон эмес. Кыргыз эли кадимкидей эле орус жазалоочу мужуктарынан үркүп качкан. Жылкы үрккөндөй эле үркүп качкан,” – деп билдирди  30-августта Кыргыз-түрк Ала-Тоо университетинин окутуучусу, публицист,  Кыргызстандын Улуу Британиядагы экс-элчиси, илимпоз Кубан Мамбеталиев Бишкекте өткөн америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис  Соколдун  “Орустун Борбор Азиясындагы 1916-жылкы көтөрүлүш”  (“Восстание 1916 в Русской Центральной Азии”) аттуу китебинин бет ачары аземинде.

“Кыргыздар орус падышачылыгынын эмгек армиясына чакыруусуна каршы көтөрүлүшкө чыккан дегенге мен кошулбайм. Ал учурда Россия колонизаторлор бийлиги кыргыз жерине, айрыкча бейиштин жери болгон Ысык-Көл менен Чүйгө көптөгөн мужуктардын үй-бүлөлөрүн көчүрүп келип отурукташтыра баштаган. Аларга жер керек болчу. Ошондуктан элдин нааразычылыгын пайдаланып, көтөрүлүшкө чыкты деген шылтоо менен  Ысык-Көлдүн жана Чүйдүн элинин 70% кырып салышкан. Кыргыздарды кырууда окту да аяшып, массалык түрдө мылтыктын штыгы менен сайып өлтүрүшкөн. Орус бийлиги Чүй менен Ысык-Көлдү кыргыздардан тазалап,  калгандарын Нарынга сүрүп таштоону пландаштырган. Анткени алар үчүн Чүй менен Ысык-Көл бейиштин жери болчу. Ошондуктан орустар Чүй менен Ысык-Көлдүн элинен башка кыргыздарды кырган эмес. Үрккөн кыргыздар да орус армиясынан эмес орустун мужуктарынан качып үрккөн. Анткени көчүп келип олтурукташа баштаган орус мужуктары өздөрүнчө отряддарды түзүп алышып, көтөрүлүштү шылтоо кылып, Чүй менен Ысык-Көлдүн кыргыздарын массалык түрдө кыра баштаган. Аларга дунгандар жардам беришкен, дунгандар орус мужуктарына кошулуп кетишкен. Кыргыздар үркүп качып гана кутулушкан.  Жусуп Абдракманов да “1916-жылы кыргыздын бир эле душманы болгон – алар орус мужуктары” деп жазган. Ал эми орус армиясы орус мужуктары жардам сурап кайрылганда эле аларга жардам берген. Ошондуктан 1916-жылдагы окуяны улуттук-боштондук көтөрүлүшү дебей эле кыргыздар Үркүн деп туура атаган. Бирок, мындан ары бирөөлөргө доомат артпай эле бул тарыхты өзүбүз үчүн изилдеп, тактап алышыбыз керек”, – деди окумуштуу Кубан Мамбеталиев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы Кубан Мабеталиев  “1916-жылдагы көтөрүлүш: документтер жана материалдар” аттуу китеп чыгарган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Бишкекте америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис Соколдун “Орустун Борбор Азиясындагы 1916-жылкы көтөрүлүш” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

30-августта Бишкекте америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис  Соколдун  “Орустун Борбор Азиясындагы 1916-жылкы көтөрүлүш”  (“Восстание 1916 в Русской Центральной Азии”) аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Бул китеп 1954-жылы АКШнын Джон Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ институту тарабынан  англис тилинде басып чыгарылган.  Эмгекти Америкадан Кыргызстандын АКШдагы экс-элчиси, журналист Замира Сыдыкова таап келип, англисчеден орусчага котортуп, китеп кылып басып чыгарткан.

Китептин автору, америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис  Соколду Замира Сыдыкова Америкадан издеп тапкан эмес, ошондуктан көзү өтүп кетсе керек деген жыйынтыкка келген.  Ал эми бул китепти таап берүүгө жардам берген АКШнын Джон Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ институтунун директору Фредерик Старр китепке баш сөзүн жазып берген.

Китепте 1916-жылдагы Орус империясынын Борбордук Азия чөлкөмүндөгү көтөрүлүштөр, айрыкча кыргыз үркүнү терең изилдөөгө алынат.

Буга чейин китепти англис тилинен орус тилине Г.Бөрүбаева которгон жана “Республика” гезитине байма-бай жарыяланып турган.  Эми китеп түрүндө “Res Publika» басмасынан 1000 даана нуска менен  жарыкка чыккан.

Бүгүнкү бет ачар аземинде китеп тууралу, дегеле  1916-жылдагы Кыргыз үркүнү боюнча окумуштуулар  Кубан Мамбеталиев, Осмонакун Ибраимов, Памир Казыбаев, Элмира Ногойбаева, Клара Сооронкулова, Элери Битикчилер кеңири айтып беришти.

Улуу үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө жылында айтылган сөз көп, бирок реалдуу иш жасагандар аз болууда.  Ошол аз сандагы патриоттордун бири Замира Сыдыкова болду десек жаңылышпайбыз.

Бегалы Наргозуев презентация 1916

Презентация книги Восстание 1916 3

Презентация книги Восстание 1916 4

Презентация книги Восстание 1916Презентация книги Восстание 1916 2

Булак: Кyrgyztoday.kg

Бразилиянын парламенти президент Дилма Русефке импичмент жарыялады

Бразилиянын федералдык сенаты президент Дилма Русефке импичмент жарыялады. Бул тууралуу Guardian британ басылмасы билдирет.

Ачык добуш берүүгө Сенаттын 81 мүчөсү катышты. Алардын ичинен 61и Русефтин отставкасын колдоду. Мамлекет башчы кызматын эми 2018-жылга чейин вице-президент Мишел Темер аткарат.

Русеф 2011-жылдан 2016-жылга чейин президент болгон. Ал кызматынан 12-майда убактылуу четтетилген. Аны 2014-жылда өткөн президенттик шайлоодо өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу үчүн федералдык бюджеттин абалы тууралуу маалыматты бурмалоого жана жемкорлукка айыпташууда. Өлкөнүн мурдагы жетекчиси болсо күнөөлөрдү четке кагып, муну мамлекеттик төңкөрүш жасоо максатындагы кутум катары баалоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстан менен Өзбекстан чек арачылары талаш жерлер боюнча сүйлөштү

24-29-августта эки өлкөнүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда  бир катар талаш жараткан аймактар жеринде иликтенди. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен протоколго кол коюлуп, кыргыз-өзбек чек ара көйгөйүн чечүү үчүн тилкелерди иликтөө иштерин улантуу макулдашылды. Өзбек ТИМи Кыргызстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жакшы маанайда, конструктивдүү болгонун маалымдады.

22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин тоодон алып кете элек. Кармалган жарандар бошотула элек. Бул окуядан кийин чек арага байланышкан кыргыз-өзбек мамилеси курчуган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмаз Атамбаевдин кечирим суроосун талап кылышты

Апрель ыңкылабынан кийин бийликте турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү атайын кайрылуу менен чыкты. Анда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыркы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салтанат учурунда айткан билдирүүлөрү үчүн кечирим сурашы керектиги айтылат.

Кайрылууда Атамбаевдин сөздөрү сынга алынып, президенттин бүгүнкү жоругуна, өзгөчө анын 2010-2011-жылдардагы кырдаалга берген баасына нааразы экенин билдиришкен.

“Биз 2010-жылы июндагы референдумду өткөрүүдө жана өткөөл мезгилдин президенти кызматын киргизүүдө эч кандай “көз боемочулуктар” болгон эмес деп жоопкерчилик менен айта алабыз. Жаңы Конституциянын тексти сыяктуу эле референдумга алып чыккан суроолор алдын ала кеңири талкууланган, эл эмне үчүн добуш берерин жана ал добуштун маанисин эң жакшы билген. Ошондуктан эл колдоп, ошол чечимди кабыл алган. Бул ошол мезгилдин зарыл жана туура кадамы болгон. Муну президент Атамбаев өзү да бүгүнкү сөзүндө мойнуна алды. Ал кадамдын тууралыгын бүгүнкү күнгө чейинки беш жылдык – мамлекет саясий туруктуулукта жашаган убакыт далилдеди” деп айтылат кайрылууда.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент Роза Отунбаеванын дарегине айткан жосунсуз сөздөрүнө терең нааразы экенин билдиришкен. Билдирүүдө “Отунбаева Атамбаевди колунан жетелеп бийликке алып келген. Мындай жорук мамлекет башчыга гана эмес, башка өзүн эркек деп санаган кишилерге да жарашпайт” деп айтылат.

“Биз Кыргызстандын үчүнчү президенти Роза Отунбаеванын ар-намысын жана абийирин коргоого бекем турабыз жана президент Атамбаевден ачык кечирим суроосун талап кылабыз. Биз 2010-жылы апрель айында, өлкө башкаруусуз, башаламандыкта калган кезде өзүбүзгө жоопкерчиликти алганбыз. Ошол кезде коомчулукта тынчтык жана бейкуттук, туруктуулук орношу үчүн кылган аракеттерибиз үчүн жооп берүүгө бүгүн да даярбыз” деп белгиленген кайрылууда.

31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтындагы сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, өзүнүн мурдагы санаалаштарын кескин сындаган.

31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтындагы сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, өзүнүн мурдагы санаалаштарын кескин сындаган.

Алмазбек Атамбаев жогорудагы сөздөрдү сүйлөп жаткан учурда Роза Отунбаева аянттан кетип калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алмаз Атамбаев бүгүн атамекенчи экс-министр Алманбет Шыкмаматовду эмне деп опузалады

“Ар бир адам өзүнүн колу менен жасаган иштерине мойну менен жооп бериши керек.  Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү мародерчулук боюнча, өзүнүн кызмат абалын мыйзамсыз байып кетүү үчүн пайдалангандыгы боюнча  жооп бериши зарыл.  Айрымдар 2009-жылы менден сигаретке жана нанга акча сурап жүрчү. Бүгүн болсо кымбат балуу джип машиналарын тээп жүрөт. Миллионер болуп кетишкен. Түз эле Венецияга кат жазып кайрылышат”, – деп билдирди бүгүн, 31-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында  Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилөө салтанатында Алмаз Атамбаев.

Билермандар дароо эле Атамбаев  атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматов тууралу айтып жатканын талкуулай башташты. Анткени 2010-жылдагы  революцияга чейин Шыкмаматов өтө эле жупуну жашаган. Ал эми Убактылуу өкмөт учурунда Алманбет Шыкмаматов Кыргызстандагы эң “майлуу-сүттүү” деп эсептелген Мамлекеттик каттоо кызматын, кийин Юстиция министрлигин жетектеген. Шаарда бир нече кыймылсыз мүлктөргө ээ болуп, кымбат баалуу джиптерди айдап калган, революциядан кийин эле тез байып кеткен дешет.  Анан калса Атамбаевдин конституцияга киргизем деп жаткан жаңы өзгөртүүлөрүн Венеция комиссиясына экспертизага дал ушул Алманбет Шыкмаматов жазып жөнөткөн.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео - АКШнын элчиси Шейла Гуолтни Кыргызстандыктарды көз карандысыздык күнү менен кыргызча куттуктады

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни Кыргызстандыктарды 31-август – Көз карандысыздык күнү менен кыргыз тилинде куттуктады.

Чеченстандагы президенттик шайлоо алдында оппозициячылар куугунтукталууда

Эл аралык Human Rights Watch сентябрдагы шайлоо алдында Чеченстандагы оппозициячыларды куугунтуктоо аракети болуп жаткандыгы жөнүндө баяндама жарыялады.

“Орусия: Чеченстандагы шайлоо алдындагы куугунтуктоо” деп аталган документте республиканын лидери Рамзан Кадыровду жана анын айланасындагыларды сынга алганы үчүн репрессияга кабылган аймак жашоочулары жөнүндө айтылат. Укук коргоочулар Кадыровдун саясатын айыптагандарды кармоо, сабоо жана жазалоо боюнча 40тан ашуун мисал келтирген.

Кадыровдун ыйгарым укугу мартта соңуна чыгат. Ал 18-июлда алгачкы түз шайлоого катыша турганын билдирген. 26-августта чечен бийлиги республикадагы шайлоо тилкелеринде видео көзөмөл болбой турганын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Лола Каримова атасы Ислам Каримовдун тирүү экенин кыйытты

Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу атасына ден соолук каалаган элге ыраазычылык билдирди. Айтымында, алардын тилектери өлкө башчысына жардам берүүдө.

Ал Өзбекстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, президентти колдоп, тез сакайып кетүүсүн каалаган жакшы сөздөрү үчүн элге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

«Биз үчүн бул абдан маанилүү, силердин жүрөгүңөрдүн түпкүрүнөн чыккан сөздөр анын сакаюусуна жардам берүүдө деп ишенем! Силерге чоң рахмат!”, – деп жазылган Лоланын билдирүүсүндө.

Ислам Каримовдун ооруканага жатканы тууралуу алгачкы билдирүүлөр өткөн жума соңунда пайда болгон. 29-августта президенттин кичүү кызы Лола Каримова социалдык түйүндөр аркылуу атасынын мээсине кан куюлуп, реанимацияга түшкөнүн жазган.

Президенттин саламаттыгы тууралуу расмий булактардан башка эч кандай маалыматтар жок. 30-сентябрда айрым басылмалар Ислам Каримовдун каза болгондугу тууралуу жазышкан. Бирок өлкөнүн президенттик аппараты бул кабарларды четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Болот Шер, экс-депутат: "Алмазбек Атамбаев оорулуу, ага тез аранын ичинде психиатрдын жардамы керек"

Алмазбек Атамбаев оорулуу, ага тез аранын ичинде психиатрдын жардамы керек”, – деп билдирди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Болот Шер. Анын пикиринде, президент Атамбаевдин бүгүн “Ала-Тоо” аянтында сүйлөгөн сөзүнө таарынуунун кереги жок. “Анын сөзүнө таарынбай койсо деле болот”,- деди Болот Шер.

Болот Шер учурда Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүн талдоо үчүн 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жыйынга чогулуп жатышканын билдирди. “Учурда баарыбыз чогулуп жатабыз”, – деди ал.

Алмазбек Атамбаев “Ала-Тоо” аянтындагы сүйлөгөн сөзүндө Убактылуу өкмөттүн ошол учурдагы аракеттерин сынга алды.

Булак: “Супер.кg”

Видео - Роза Отунбаева Атамбаевге таарынып, майрамдык салтанатты кантип таштап чыгып кетти

Бүгүн, 31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25  жылдыгын белгилөө салтанатында  Алмаз Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, Роза Отунбаева менен Өмүрбек Текебаевди, Темир Сариевди жана башкаларды мамлекеттик оор кылмыштар менен айыптап, кескин сынга алды.  Ага таарынган Роза Отунбаева салтанатты таштап чыгып кетти.

Видео - Азимбек Бекназаров: "Алмаз Шаршенович, Унгар-Тоону коргоо колуңуздан келбесе мага уруксат бериңиз, мен өзбек аскерлерин кууп чыгам!"

Бүгүн, 31-августта Аксыда жүргөн Азимбек Бекназаров кыргыз элине видеокайрылуу жасады.

“Урматтуу президент! Эмне үчүн 6 жылдан бери Кумтөр алтын кенинен алтындар коррупциялык жол менен сыртка ташылып, сатылып жатат?  Эмне үчүн 6 айдан бери Темир Сариев кыргыздын Унгар-Тоосун Өзбекстандыкы деп протокол чыгарса ошондон бери өзбектердики болуп калат? Эмнеге ошол 6 айдан бери Унгар-Тоого бир взвод чыгарып чек араны кайтартып койбойсуз?

Эгер Унгар-Тоону коргоо колуңуздан келбесе анда мага уруксат бериңиз, мен өзүбүз түзгөн отряддар менен Өзбекстандын аскерлерин Унгар-Тоодон кууп чыкканга даярбыз!

Анан сиз эмнеге Акаев менен Бакиевдей болуп Конституцияны өзгөрткөнгө жангталашып жатасыз? Эмне сизге бийлик жетишпей жатабы?” – деп кайрылды Азимбек Бекназаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Азимбек Бекназаровдуку

Видео - Алмаз Атамбаев: "Кыргыз эли бул бузукуларды, акаевчи-бакиевчилерди, мародерлорду экинчи ээрчибейт, алданбайт!"

Бүгүн, 31-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын салтанаттуу белгилөө учурунда Алмаз Атамбаев куттуктоо сөз сүйлөп, акырында Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев сыяктуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн кескин сынга алды.

https://www.youtube.com/watch?v=hdUmZ1SinDs

Видеотасманы Ютубга жүктөгөн: Санжар Калматай

Видео - АКШ мурдагы тажик полковниги жөнүндө маалымат үчүн 3 миллион доллар убада кылды

АКШ “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен тажикстандык мурдагы күч кызматкери Гүлмурод Халимов тууралуу маалымат бергендерге 3 миллион доллар сыйлык берүүгө даяр. Бул тууралуу тажик журналисттерине АКШ мамлекеттик катчысынын орун басарынын жардамчысы Курт Райс билдирди.

«Сыйлык Мамдепартаменттин Дипломатиялык коопсуздук бюросу ишке ашырып жаткан «Адилеттүүлүк үчүн сыйлыктар» программасынын алкагында берилет. Маалыматка ээ адамдар АКШнын жакынкы элчилигине кайрылып, же Американын дипломатиялык түзүмдөрүнүн электрондук почтасына кат жөнөтө алат», – деди ал.

Райстын айтымында, Тажикстан ИИМинин атайын бөлүгүнүн мурдагы полковниги согуштук көзгөатар болгон жана 2003-2014-жылдар аралыгында террорчулукка каршы күрөшүү ыкмасы боюнча америкалык машыгуу борборлорунда даярдыктан өткөн.

Гүлмурод Халимов 2014-жылдын апрелинин аягында жоголуп кетип, бир айдан соң Сирияда экенин билдирген. Видеокайрылуусунда ал динге ишенгендердин сыйынуу жана диний кийимдерди кийүү укуктары бузулган ИИМдин иштөө ыкмаларына нааразы болгонунан улам «Ислам мамлекетинин» катарына кошулганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фото - Бүгүн Атамбаевдин кескин сынына кабылган Роза Отунбаева Ала-Тоо аянтындагы салтанатты таштап чыгып кетти

“Мага карата Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ич күйдүлүгү, жек көрүүсү,  көралбастыгы түшүнүктүү эле болуп турат.  Анткени алар менден өздөрү үчүн жогорку кызматтардан “түбөлүк кресло”,  ар түрдүү жеңилдиктерди, алар үчүн түзүлгөн өзгөчө шарттарды үмүт кылышкан. Мен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тургай өзүмдүн үй-бүлөмө да өзгөчө  шарт түзбөйм”, – деп билдирди бүгүн, 31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын 25 жылдыгын белгилөө салтанатында Алмаз Атамбаев.

“Эртеби кечпи Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү  мародерчулук боюнча (Ө.Текебаев , Б.Шер шектелген –ред.) банк ячейкалары боюнча ( Т.Сариев шектелген- ред.) жана Кадыржан Батыровду сеператизмге түрткөн, кийин ага качууга жардам берип,  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалган (Р.Отунбаева шектелген)  боюнча мыйзам алдында жооп беришерине мен ишенем. Мурун булар менен иштешкен күч органдарынын жетекчилери ( К.Дүйшөбаев, Б.Шер- ред.) булардын артындагы издерин тазалап коюшуптур. Бирок “кыңыр иш кырк жылдан кийин да  билинет”.  Биздин өлкөгө 2010-жылдан кийинки стабилдүүлүк  Убактылуу өкмөттүн ишмердиги менен жаңы Конституциянын негизинде орногон жок. Анын себептери башка. “Кыңыр иш кырк жылда билинет”, айрыкча мародерлук фактылары боюнча”, – деди Атамбаев.

“Роза Исаковна, эгер сиз унутуп калсаңыз биздин эсибизде турат, жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин жаңы парламенттин жыйындарында сиздин жаагыңызды жап кылып коюшчу эле го. 2010-жылдын жазынан 2014-жылдын жазына чейин төрт жыл өлкө токтобогон митингдерден, жол тосуулардан, райондук, областык администрацияларды басып алуулардан тынбай солкулдап турду го. Акыркы эки жылда гана ошол хаостор токтотулду”, – деди Алмаз Атамбаев.

Ушул жерге келгенде  Атамбаевдин артында, Сооронбай Жээнбеков менен Албек Ибраимовдун ортосунда турган Роза Отунбаева салтанатты таштап чыгып кетти.

Атамбаев Сооронбай Албек ОРИ на сценеАтамбаев Сооронбай Албек Жумакадыров военный

Булак: Кyrgyztoday.kg

Алмаз Атамбаев: "2010-жылы референдумда Убактылуу өкмөт менен Роза Отунбаева фокус жасашкан, мени да өздөрүндөй көрүп жатышат"

“Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кечээги кайрылуусунда “биз 2010-жылы референдумда өлкөдө парламенттик системаны легалдаштырганбыз” дегени карандай калп! Биз 2010-жылы Роза Отунбаеваны гана мамлекет башчысы катары легалдаштырганбыз. Анткени ал кезде Убактылуу өкмөттү эч ким тааныбай туруп алган, эч ким биз менен сүйлөшпөй койгон”, –  деп билдирди бүгүн, 31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын 25 жылдыгын белгилөө салтанатында Алмаз Атамбаев.

“Ошондуктан мен 7-апрелден баштап эле Убактылуу өкмөт түзгөнгө жана Конституцияны шашылып өзгөртүүгө каршы болгомун. Ошол кезде парламент Роза Отунбаеваны спикер кылып дайындоого макул болчу. Спикер болгондон кийин автоматтык түрдө президенттин милдетин аткаруучу болуп калмак. Бул легитимдүү жол болмок жана кан аз төгүлмөк. Мага Роза Отунбаева менен Убактылуу өкмөттүн “Атамбаев конституцияга өзгөртүү киргизүү менен өзүнүн полномочилерин узартып алганы жатат” деген коркуусу адам катары түшүнүктүү эле болуп турат. Анткени ар бир адам башкаларды да өзүндөй ойлойт. 2010-жылы өздөрү ушундай фокус жасашкан”, – деди Алмаз Атамбаев.

Алмаз Атамбаев: "2010-жылы, референдумда бюллетендерде президенттике талапкердин аты көрсөтүлгөн эмес, анан ошол президентке уялышпай элдин 98% добуш берди деп жүрүшөт

“Кечээ, Убактылуу өкмөттүн Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Дүйшөбаев, Исаков, Шерниязов баштаган бир нече мүчөлөрү кайрылуу жасап, Атамбаев референдум өткөрүп, конституцияны өзгөртүп бийликти узурпациялап алганы жатат деп оор күнөө тагып,  жалаа жаап жатышат. Ачык айтканда бул алардын сасык калпы!”, – деп билдирди бүгүн, 31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын 25 жылдыгын белгилөө салтанатында Алмаз Атамбаев.

“2010-жылы референдумда эл түшүнүп-түшүнбөй эле добуш беришкен. Көпчүлүк шайлоочулар ал референдумда 1,5 жылга өлкөнүн президентин шайлап жатышканын билген эмес. Бир дагы шайлоо бюллетенинде президенттикке талапкер адамдын фамилиясы жазылган эмес эле. Алтургай президенттик шайлоо тууралу сөз да болгон эмес. Анан ошол президентке уялышпай 98% добуш берди деп жүрүшөт. Шайлоонун мындай жыйынтыгы авторитардуу мамлекеттерде да чыгарылбайт”, – деди Алмаз Атамбаев.

Алмаз Атамбаев: "Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев улуу реформатор катары тарыхта калуу шансы бар эле"

“1991-жылдан кийин Кыргызстандын жаңы тарыхы башталды. Мамлекет куруу, башкаруу тажрыйбабыз дээрлик жок эле. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев улуу реформатор катары тарыхта калуу шансы бар эле”, – деп билдирди бүгүн, 31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын 25 жылдыгын белгилөө салтанатында Алмаз Атамбаев.

“Бирок, ал реформа жасоо шылтоосу менен шайлоолорду жана референдумдарды удаа-удаа өткөрүп, бүтүн күч-аракетин бийлик менен байлык топтоого жоготту. Мунун бардыгы 2005-жылы 24-марттагы элдик революцияга алып келди. Тилекке каршы, Март революциясынан кийин шайланган экинчи президент жана анын үй-бүлөсү мурдагысынан ашып түштү. Алар байлыкты басып алганы аз келгенсип, саясатчыларды, журналисттерди, айтор, каршы чыккандарды сабаттырып, өлтүртүп башташкан. Мунун бардыгы натыйжада 2010-жылдын 7-апрелинде экинчи элдик революцияга алып келди. Кыргыздар жакырчылыктан эмес, намысы тебеленгенде көтөрүлүшөт. Кыргыздар азапка чыдаган, жокчулукту көтөргөн, бирок кордоолор менен адилетсиздикке чыдабайт. Эркиндик жана акыйкаттык үчүн элибиз өлүмдөн да коркпой турганын ошол 7-апрелде дагы бир жолу далилдеди”, – деди Алмаз Атамбаев.

Алмаз Атамбаев: "Текелер, кузгундар, сасык саясатчылар баары биригип, эми кайрадан мамлекетибизди чыр-чатакка, тополоңго, канга толсун деп тилеп турат"

“Айланайын элим! Өлкөбүз 2010-жылдын жазынан тартып 2014-жылдын жазына чейин төрт жыл тополоң болуп, тынчыбай турду. Район, облус басып алмай, жолдорду буумай токтогонуна эки жарым жыл боло элек”, – деп билдирди бүгүн, 31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын 25 жылдыгын белгилөө салтанатында Алмаз Атамбаев.

“Бул кузгундар, сасык саясатчылар, текелер болсо баардыгы биригип, эми кайрадан мамлекетибизди чыр-чатакка, тополоңго, канга толсун деп тилеп турат. Чогула калышат. Ушулардын ыплас колдоруна, акаевчи, бакиевчи, ууру, мародерлордун колуна мекенибизди кайра салып беребизби? Жок! Эч качан андай болбойт! Мен толук ишенем: кыргыз эли бул бузукуларды экинчи ээрчибейт, алданбайт! Ынтымакты сактап, биримдикти бекемдеп, 7-апрелде тапкан жолубуз менен түз кете берсек, бул бузукулар итке окшоп, үрүп-үрүп тим болот. Элибизде: “Ит үрө берет – кербен жүрө берет” дейт. “Көч бара-бара түзөлөт”! Карапайым эл көрүп турат, кыргыз көчү өз жолун таап, бара-бара түзөлүп баратат. Кедей өлкөлөрдүн катарынан чыктык ” – деди Алмаз Атамбаев.

Алмаз Атамбаев: «Мындан кийин кыргыз эли Текени ээрчибейт, Текеге алданбайт, мародерлук да ачылат»

«Он жыл мурда, дал ушул аянттан мен Токмок эт комбинатында болгон окуяны айтып бердим эле, — деп билдирди бүгүн, 31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын 25 жылдыгын белгилөө салтанатында Алмаз Атамбаев.

«Эт комбинаттарында совет кезинде койду ток менен уруп өлтүрчү экен. Анан өлүмдүн жытын сезген койлор өлтүрүүчү жайга кирчү эмес экен. Ошондуктан алардын алдына атайын үйрөтүлгөн текени алдына чыгарып коючу экен, теке болсо койлорду өлүмгө ээрчитип барып, өзү болсо атайын эшиктен качып чыкчу экен. Кээде баарыбыз алданабыз. Мен да далай жолу алдангам. Бирок, мекендештерим акыркы беш-алты жылдын ичинде кимдин ким экенин жакшы эле билип калды.Кыргыз эли ошондой текелерди ээрчий турган кой эмес жана эч качан кой болбойт. Алданбайт башка! Кыргыз элинин: “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген эски сөзү бар. Элди алдап койдой ээрчитип кетем деген сасык саясатчыларга айтар элем: жаап-жашырган кыӊыр иштериӊер эртели-кеч ачыкка чыгат. Ачыкка чыгат! Качып кеткен Акаев, Бакиевдердей силер да качасыңар. Кыргыздын байлыгын, кыргыздын жерин ким сатканы ачылат! Ачылып башталды. Мародерлук да ачылат. Банк ячейкаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровду ким үгүттөгөн, ким качырганы да ачылат. Элдин келечегин кимдер сатып жатканы да ачылат», — деди Алмаз Атамбаев

Роза Отунбаева бир жума зарыгып суранса да Алмаз Атамбаев кабыл албай койду

Алмаз Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтү бүтүп баратканынан улам бийликтен четтеп каларын түшүнүп, тез арада конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жанталашып жатат. Анын ою боюнча бул өзгөртүүлөр ага кайрадан бийликти сактап калууга көмөктөшөт.

Ал эми 2010-жылы аны менен кошо мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алышкан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарын азыр бийликтен четтетип олтуруп, айланасын тазалап алган.  Аял киши эмеспи, эртең эле Акаев менен Бакиевге кыйкыргандай мага да кыйкырып чыгат деп Роза Отунбаеваны пенсияга чыгарып, 80 миң сом чектеп, резиденциядан үй, машина, жан сакчы берип оозун жапкан. Калган мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил  Исаков, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Темир Сариев баары азыр жумушу жок, көчө таптап басып калышкан.

Өмүрбек Текебаев  гана өзүнүн партиясы аркылуу депутат болуп шайланып келгендиктен азырынча ага азуусу жете элек. Бирок, жакынкы күндөрдө аны да фракциясы менен кошо башкаруучу коалициядан чыгарып, “эми бар, кыйкырып жүрө бер”  дей турганы айдан ачык болуп калды. Анткени Атамбаев революцияны мен өзүм жалгыз жасагам деп бекем ишенет. Калган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү булар аткошчулар гана, ал эми эл бул негизинен кокусунан чогулган массовка деген ойдо. Себеби сырткы күчтөр менен бийликти алуу комбинацияларын жана каржылоону Атамбаев сүйлөшкөн жана уюштурган. Алтургай былтыр эле “2005-жылдагы революцияны да мен жасап, анан бийликти Бакиевге берип койгомун” дегени эсиңердеби? Ошентип 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн 11 мүчөсүнүн 10 мүчөсү шөмтүрөп талаада калды. Алардан жалгыз гана Атамбаев бийликте.

Эми Убактылуу өкмөттүн негизги бөлүгү Атамбаевдин конституцияны өзүнүн келечек пландарына ылайык өзгөртөм деген аракетине нааразы болуп,  2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп элге убада бердик эле, эл эмне дейт? Эптеп 3 жыл чыдай туралы, деп ага Кайрылуу жазып кол топтой баштаганда  8 мүчөсү кол коюп беришиптир. Алар – Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Өмүрбек Текебаев .

Ал эми Топчубек Тургуналиев “Кайрылуунун текстине люстрацияны талап кылууну кошкула” деп тескериленип  кол койбой туруп алганда  алжыган чал менен айтышып олтуралыбы деп  кол шилтеп салышат. Темир Сариев да Кайрылууга кол койбой кача баштаганда “аа бул байкуштун дагы деле Атамбаев мураскер кылабы деген үмүтү өчө элек экен”  деп тим болушат.

Ошентип бир кездеги Убактылуу өкмөттүн 11 мүчөсүнүн  8 мүчөсү кол койгон, Атамбаев күзүндө өткөрөм деп жаткан референдумга каршы Кайрылууну ошол кездеги төрайым Роза Отунбаеванын колуна карматышып, Атамбаевге жөнөтүшөт. Анын үстүнө Отунбаева азыр толук мамлекеттик камсыздоодогу мамлекеттик резиденцияда Атамбаев менен кошуна жашайт.  Бирок, Отунбаева улам кайрылып, кабыл алуусун суранып, бир жума зарыгып күтсө да Атамбаев кабыл албай коёт. Айласы кеткен Убактылуу өкмөттүн Роза Отунбаева баштаган 8 мүчөсү бүгүн, 30-августта ошол кайрылууну расмий ачык жарыялоого аргасыз болду.

Азыр Атамбаев сунуштаган референдумга – конституциялык өзгөртүүлөргө  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү каршы, жарандык коом каршы, оппозиция каршы, эл каршы туруп жатат. Бирок, Атамбаев колуңардан келгенин кылып алгыла, мен баары бир конституцияны өзгөртөм, референдумду өткөрөм деп турат. Кечээ, 29-мартта Алмаз Атамбаев конституцияны өзгөртүү боюнча кеңешме өткөрүп, ага Жогорку Кеңештин баардык фракцияларынын лидерлерин – Бакыт Төрөбаевди, Алтынбек Сулаймановду, Канат Исаевди, Өмүрбек Бабановду чакырды, бирок жалгыз гана “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди чакырган жок.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев кыргызстандыктардын курман болушуна алып келген кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев кыргызстандыктардын курман болушуна алып келген кайгылуу окуяларга байланыштуу  көңүл айтты. Бул тууралу Акордонун басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз жарандарынын курман болушуна алып келген Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрт жана Бишкек-Ош автожолундагы кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бир тууган кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшүү менен Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”,- деп айтылат Казакстандын Президентинин телеграммасында.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев ошондой эле жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.

Мавлян Аскарбеков: "2010-жылы жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордо КСДП “миграция маселесин чечебиз, 350 миңден ашуун жумуш орундарын түзөбүз" деп убада кылган, 6 жыл өттү эч нерсе жасаган жок"

“Бул тирукмуш, Москвадагы трагедия биринчи же акыркы жолу эмес. Расмий маалыматтар боюнча Россияда бир күндө бир кыргыз жараны өлүп турат. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча мындан да көп болушу мүмкүн. Миграция, адам укугунун бузулушу маселелерин чечсе болобу деген суроону койгум келет. Ооба чечсе болот. Тилекке каршы биздин өкмөт бул жаатта эч нерсе жасабай жатат. Бул учурда Москвадагы окуя боюнча кыргыз өкмөтү күнөөнүн баарын өзүнө алуу керек. Себеби жоопкерчилик ошолордун моюнунда. Ошондуктан айтылган сындардын баары ушуларга багышталууга тийиш.

Эгер эсиме жара чыкпаса болгону далилдүү бир мисал келтиргим келет. 2010-жылдагы жана 2015-жылдагы шайлоолор алдында КСДП фракциясы өз программасында, эл алдына барып сүйлөшкөндө, шайлоочуларга убада беришкенде “миграция маселесин чечебиз, 350миңден ашуун жумуш орундарын түзөбүз, жаштарга арзан үйлөрдү, квартираларды курабыз, ошондо жаштарыбыз чет жерге агылбай мекенине кайра келет” деп, алтын тоону убада кылышкан. Булар КСДП партиясынын программасында жазылган. Андан бери 6 жыл өттү. Айткылачы, бир нерсе жасалдыбы? Эч нерсе жасалган жок. Бул бийликтин партиясы болгон КСДПнын күнөөсү.

Бүгүн бийлик бул маселерди тез арада чечүүнүн жолун табууга тийиш. Бул маселеге кабылган дүйнөдөгү жалгыз мамлекет биз эмес. Башка мамлекеттер жолун таап жатат. Ал эми биздин бийлик ойлонуп да койбойт. Маселени чечүүнүн көптөгөн жолдору бар. Коррупция менен күрөшүү жолу менен жумушчу орундарын түзүү, бизнести либералдаштыруу, инвесторлорго жагымдуу шарт жаратуу, ж.б. Булардын баары КСДПнын программасында жазылган. Бул маселелерди чечүүнүн дагы бир алгылыктуу жолу – биздин мигранттарды адам укугун сактаган өнүккөн өлкөлөр менен сүйлөшүп ошол жактарга жиберүү. Тарыхта өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү, келишим түзүү жолу менен мигранттардын маселесин чечкен мындай тажырыйбалар толтура. Себеби Россия менен Казакстанда эмгек мигранттарынын өмүрүн мойсоо, алардын укугунун бузулушу мындан ары да уланып, адатка айланып калганын түшүнүшүбүз керек.

Бүгүн ар кандай көңүл ачуучу иш чараларды, оюн, тойдон тарта парадга чейин токтотуу зарыл. Бийлик биздин эл кайгырып турганда шаан-шөкөт өткөрбөй, ар кандай шаңдуу иштерден тарта миллиард сомдор сарпталган көчмөндөр оюнун да токтотууга тийиш. Антпегенде бул өз элине жасаган ашкере кылмыш болуп саналат.

Мавлян Аскарбеков,  “Эркин Эл” саясий партиясынын төрагасы.

Роза Отунбаева бир жума зарыгып суранса да Алмаз Атамбаев кабыл албай койду

Алмаз Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтү бүтүп баратканынан улам бийликтен четтеп каларын түшүнүп, тез арада конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жанталашып жатат. Анын ою боюнча бул өзгөртүүлөр ага кайрадан бийликти сактап калууга көмөктөшөт.

Ал эми 2010-жылы аны менен кошо мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алышкан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарын азыр бийликтен четтетип олтуруп, айланасын тазалап алган.  Аял киши эмеспи, эртең эле Акаев менен Бакиевге кыйкыргандай мага да кыйкырып чыгат деп Роза Отунбаеваны пенсияга чыгарып, 80 миң сом чектеп, резиденциядан үй, машина, жан сакчы берип оозун жапкан. Калган мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил  Исаков, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Темир Сариев баары азыр жумушу жок, көчө таптап басып калышкан.

Өмүрбек Текебаев  гана өзүнүн партиясы аркылуу депутат болуп шайланып келгендиктен азырынча ага азуусу жете элек. Бирок, жакынкы күндөрдө аны да фракциясы менен кошо башкаруучу коалициядан чыгарып, “эми бар, кыйкырып жүрө бер”  дей турганы айдан ачык болуп калды. Анткени Атамбаев революцияны мен өзүм жалгыз жасагам деп бекем ишенет. Калган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү булар аткошчулар гана, ал эми эл бул негизинен кокусунан чогулган массовка деген ойдо. Себеби сырткы күчтөр менен бийликти алуу комбинацияларын жана каржылоону Атамбаев сүйлөшкөн жана уюштурган. Алтургай былтыр эле “2005-жылдагы революцияны да мен жасап, анан бийликти Бакиевге берип койгомун” дегени эсиңердеби? Ошентип 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн 11 мүчөсүнүн 10 мүчөсү шөмтүрөп талаада калды. Алардан жалгыз гана Атамбаев бийликте.

Эми Убактылуу өкмөттүн негизги бөлүгү Атамбаевдин конституцияны өзүнүн келечек пландарына ылайык өзгөртөм деген аракетине нааразы болуп,  2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп элге убада бердик эле, эл эмне дейт? Эптеп 3 жыл чыдай туралы, деп ага Кайрылуу жазып кол топтой баштаганда  8 мүчөсү кол коюп беришиптир. Алар – Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Өмүрбек Текебаев .

Ал эми Топчубек Тургуналиев “Кайрылуунун текстине люстрацияны талап кылууну кошкула” деп тескериленип  кол койбой туруп алганда  алжыган чал менен айтышып олтуралыбы деп  кол шилтеп салышат. Темир Сариев да Кайрылууга кол койбой кача баштаганда “аа бул байкуштун дагы деле Атамбаев мураскер кылабы деген үмүтү өчө элек экен”  деп тим болушат.

Ошентип бир кездеги Убактылуу өкмөттүн 11 мүчөсүнүн  8 мүчөсү кол койгон, Атамбаев күзүндө өткөрөм деп жаткан референдумга каршы Кайрылууну ошол кездеги төрайым Роза Отунбаеванын колуна карматышып, Атамбаевге жөнөтүшөт. Анын үстүнө Отунбаева азыр толук мамлекеттик камсыздоодогу мамлекеттик резиденцияда Атамбаев менен кошуна жашайт.  Бирок, Отунбаева улам кайрылып, кабыл алуусун суранып, бир жума зарыгып күтсө да Атамбаев кабыл албай коёт. Айласы кеткен Убактылуу өкмөттүн Роза Отунбаева баштаган 8 мүчөсү бүгүн, 30-августта ошол кайрылууну расмий ачык жарыялоого аргасыз болду.

Азыр Атамбаев сунуштаган референдумга – конституциялык өзгөртүүлөргө  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү каршы, жарандык коом каршы, оппозиция каршы, эл каршы туруп жатат. Бирок, Атамбаев колуңардан келгенин кылып алгыла, мен баары бир конституцияны өзгөртөм, референдумду өткөрөм деп турат. Кечээ, 29-мартта Алмаз Атамбаев конституцияны өзгөртүү боюнча кеңешме өткөрүп, ага Жогорку Кеңештин баардык фракцияларынын лидерлерин – Бакыт Төрөбаевди, Алтынбек Сулаймановду, Канат Исаевди, Өмүрбек Бабановду чакырды, бирок жалгыз гана “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди чакырган жок.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Германияда 16 жаштагы кыз террорчулукка айыпталууда

Немис прокуратурасы адам өлтүрүүгө аракет кылып жана террордук уюмдарды колдогон деп 16 жаштагы кызга расмий түрдө айып такты.

Бийликтин билдирүүсүнө караганда, февралда Сафья С. аттуу кыз Ганноверде полициячыны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун атынан жарадар кылган. Германия жана Марокко жарандары кылмыш болгон жерде кармалган.

Прокуратуранын божомолу боюнча Сафья С. январда Стамбулга барып, Германияда кол салууну ишке ашыруу үчүн ИМ тобунан нускама алган. Ал кайра келип, экстремисттер менен онлайн түрүндө байланышка чыккан жана терактты пландоого жардам сураган.

Мындан тышкары сирия тектүү 19 жаштагы жаш жигитке кылмышты болтурбай коюууга аракет жасабагандыгы үчүн айып тагылды. Мохамад Хасан К. аттуу улан Сафья Германияда кол салуу уюштурууну көздөгөнүн билгендиги үчүн камакта жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан мектептери окутуунун батыш моделине өтөт

Жаңы окуу жылынан тарта тажик мектептери жаңы окутуу ыкмасына өтөт.

Мугалимдер жайкы эс алуу маалында сынчыл ой жүгүртүүгө басым жасаган инновациялык ыкманы ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн даярдоо курстарынан өтүштү.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, Батышта өтө популярдуу болгон бул ыкма “Компетенттүү билим берүү” деп аталат. Жаңы усулду психолог жана педогог Бенджамин Блум иштеп чыккан. Методиканын авторунун пикиринде, окуу үчүн жагымдуу шарт түзүү менен билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет жана аны андан ары өнүктүрүүгө умтулуу пайда болот.

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч класстар үчүн жаңы окуу китептерин иштеп чыкты. Демилгечилердин айтымында, жаңы усул сабакты кабыл алууга жана түшүнүүгө багытталган.

Тажикстанда өткөн жылы жаңы методика өлкөнүн 55 мектебине киргизилген. Ийгиликтүү натыйжалар дароо байкалган соң, аны башка окуу жайлар үчүн дагы колдонуу чечими кабыл алынган. Бара-бара инновациялык моделди Тажикстандын жогорку класстарына дагы киргизүүнү көздөп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жанкечти автоунаа менен Кытай элчилигинин дарбазасын талкалап кирип машинасын жарып жиберген

Бишкектин түштүк бөлүгүндө жайгашкан Кытайдын элчилигинин аймагында жардыруу катталды. Укук коргоо органдарынын билдиришинче, жанкечти унаа менен элчиликтин дарбазасын талкалап кирип, андан соң жарылуу болгон.

Расмий түрдө бир киши каза болуп, үчөөсү жаракат алганы кабарланууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен жараат алгандар анда бакчы болуп иштеген 17 жаштагы балдар экенин билдиришти.

Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө кызматтары иштеп жатат. Жарылуунун толкунунан коңшу үйлөрдүн айнектери талкаланган.

Жанкечти ошол жерде мерт кеткен.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москвадагы өрт боюнча ишти 20дан ашуун тергөөчү иликтейт

Орусиянын Тергөө комитети басмаканада чыккан өрттүн жагдайларын иликтөө үчүн атайын топ түздү. Кырсыктан 17 адам кайтыш болгон. Алардын ичинен 14ү-Кыргызстан жараны. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат.

Топко 14 тергөөчү жана 7 эксперт-криминалист кирди. 30дан ашуун соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул ишти 10 соттук-медициналык эксперт жүргүзөт.

Москвадагы басмаканада чыккан өрт 17 адамдын өмүрүн алды. Алардын ичинен 14ү Кыргызстандын кыз-келиндери болгон. Кыргызстандык дагы үч жаран учурда ооруканада. Алардын абалы азыр туруктуу деп бааланууда

Бул факт боюнча Орусияда «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ислам Мамлекети (ИМ) Йемендеги ири жардыруу үчүн жоопкерчилик алды

Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарында жардыруудан кеминде эле 45 адам мерт кетип, 60тай киши жаракат алып, оорканага жеткирилди. Жанкечти өкмөттүк күчтөрдүн аскерий базасынын аймагында автоунааны жардырганы кабарланууда. Каза болгондордун көбү аскерге жаңы алынгандар. Бул тууралуу “Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюмунуна таянып, Reuters агенттиги кабарлады.

Өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобунун ультражихадчылары алды. ИМ тез-тез колдонгон Amaq онлайн-ресурсу аркылуу алар 60тай адамдын өлгөнүн жарыялашты.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Йеменде жогорку кызматтагы чиновниктерге, диний ишмерлерге жана күч түзүм өкүлдөрүнө каршы кол салууларды уюштуруп келет. Мындан тышкары жоочулар президентти колдогон жана Бириккен Арабия жетектеген аскер күчтөрү менен лагерлерине чабуул жасап турат.

Укук коргоо органдарындагы булак кабарлагандай, кол салуучулар мектепти бутага алышкан. Окуу жайдын имаратында президент Абд-Раббу Мансура Хади тарапта күрөшкөн элдик кошуун өкүлдөрү тамактанып жаткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тайип Эрдоган: биз Сириядагы операцияны улантабыз

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жана күрд элдик кошууну жарандар үчүн коркунуч жаратууну токтотконго чейин Түркия Сириядагы аскердик операциясын уланта берет. Бул тууралуу президент Режеп Эрдоган билдирди.

Буга чейин АКШ Сириянын түндүк бөлүгүндөгү түрк аскерлери менен күрд жоочуларынын кагылышуусун жөнү жок жосун деп атаган. Пентогон ИМ экстремисттери жок бул аймактагы согуштук аракеттер өтө кабатыр кылып жатканын баса белгилеген.

Акүйдөн кабарлашкандай, АКШ президенти Барак Обама бул маселени түрк кесиптеши менен 4-сентябрда өтө турган “Чоң жыйрмалык” саммити учурунда талкуулайт.

Өткөн аптада түрк аскерлери Сириянын чек арасынан өтүп, күрд жоочулары менен кагылышкан. Анкара аларды “террорчу” катары сыпаттайт. Аскерлер Сириянын Эркин армиясынын көтөрүлүшчүлөрү менен бирге ИМ тобун Жераблус шаарынан сүрүп чыгарган. Ошондой эле күрттөр үстөмдүк кылган АКШнын колдоосундагы Сириянын демократиялык күчтөрүнө чабуул жасоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украинадагы жаңжалды көркөмдөп тарткан сүрөтчү иштен айдалды

Украинанын коргоо министри Степан Полторак өзүнүн коомдук башталыштагы кеңешчиси, ыктыярчы жана сүрөтчү Дмитрий Муравскийди жумуштан бошотту. Мындай чечим кабыл алууга анын сүрөттөрүнөн улам келип чыккан чатак себеп болду.

“Орусиялык агрессияга каршы согушта, анын ичинде орусиялык пропагандага каршы күрөшүүдө Украина ар дайым компромиссиз чындык жана ачык-айкындуулук принцибин карманат”-деп айтылат министрликтин расмий билдирүүсүндө.

Сүрөтчүнүн айланасындагы жаңжал анын “Широкинодогу элдешүү” аттуу эмгеги украиналык социалдык түйүндөрдө вирус сымал тарагандан кийин пайда болду. Сүрөттө бутун кокустатып алган жолдошун көтөрүп, жарылуудан качып бара жаткан эки жоокер чагылдырылган. Алардын сол ыптасында кароосуз калган наристенин арабасы тартылган.

18 украин сүрөтчүсүнөн турган топ бул эмгек чыныгы жагдайда тартылганынан шектенип, жасалма катары кабыл алышкан. Алар автор сүрөт даректүүбү же көркөмдөлүп чагылдырылганбы ачык көрсөтүшү керек деп талап кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меркель: Ашхабат түрмөлөргө кирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого макул болду

Германия канцлери Ангела Меркелдин айтымында, Түркмөнстан чет элдик дипломаттарды абакка киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого даяр. Немис лидери бул тууралуу Берлинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен биргелешип өткөргөн басма сөз жыйынында айтты.

«Биз Түркмөнстандагы абактарга дипломаттардын кирип чыгуусуна уруксат алууну талкууладык. Президент тышкы иштер министрлери сүйлөшкөн соң, эл аралык дипломаттар түрмөлөрдү кыдырып, абал менен жеринде таанышып чыга алышат деп убада берди», -деди Меркель.

Буга чейин Human Rights Watch укук коргоо уюму Берлинге кайрылып, түркмөн президенти менен түрмөдө жашыруун камалып жаткан саясий каршылаштар жөнүндө талкуу жүргүзүүгө, белгилүү журналистти бошотууга жана жарандардын өлкөдөн чыгуусуна салынган тыюуудан баш тартууну талап кылууга үндөгөн.

Бердымухамедов Конституцияны өзгөртүп, адам укуктары боюнча омбудсмен кызматын киргизүүгө ниеттенип жатканын айтты. Ал мындан тышкары мамлекетинде газды Евробиримдик өлкөлөрүнө экспорттоону кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, Еврокомиссия Ашхабаддын бул багыттагы сунушун алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню