Menu

Соттук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик топ түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын  22-майындагы № 124 «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында сот адилеттигин жүргүзүүдө кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Бул боюнча  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев тиешелүү буйрукка кол койду.

Эксперттик  топтун курамына Президенттин, Өкмөт Аппараттарынын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар, адвокаттар, көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди.

Эксперттик жумушчу топ мыйзамдарды имплементациялоо боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруунун учурдагы абалына мониторинг  жүргүзөт.

Сот реформасынын иш-чараларынын жүрүшүнүн маселелери, топтун функциялары жана милдеттери боюнча  ар кандай институттар жана уюмдар менен кызматташат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин чараларын ишке ашырылышына эксперттик коштоону жүргүзөт.

Соттук реформаны өнүктүрүүгө, жогоруда аталган Жарлыктын жана Кеңештин башка чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында талдоо ишин жүргүзөт, зарыл болсо изилдөөлөрдү уюштурат.

Сот адилеттигин жүргүзүүдө колдонулуучу мыйзамдардын аткарылышын жакшыртуу үчүн бириктирүүчү аянтчаларды түзөт.

Мыйзамдарды ишке ашыруунун практикасынын материалдарын талдоого  алат, анын ичинде региондордогу кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жерине барып жолугушууларды уюштуруу жолу менен жүргүзөт.

Мыйзамдарды түзүү процессин жакшыртуу жана аны менен байланышкан башка уюштуруу чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгып, аларды Кеңештин кароосуна киргизет.

Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлдү.

Эрнст Исаев, полковник: «Кулов Батукаев менен досторчо кучакташып, аны “братаным” деп сыймыктануу менен атагандыгын кантип түшүнүүгө болот?»

Гезитибиздин 14-15-16-сандарына Феликс Кулов менен болгон интервью жарыяланган соң, редакцияга Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ГСИН) штабынын мурдакы начальниги, ички кызматтын отставкадагы полковниги Эрнст Исаев келиптир. 30 жылдан ашуун күч катмарларында кызмат өтөгөн күжүрмөн офицердин айтуусуна караганда Куловдун газета аркылуу билдирген пикирлеринин басымдуу бөлүгү чындыкка дал келбейт. Интервью өзүн актоо-жактоо максатында берилгендей. Полковниктин айтуусуна караганда Кулов туулгандан Феликс Эдмундович Джержинскийдин атын албаганда эч ким аны “Железный Феликс” деп атамак эмес экен. Эмне үчүн дегенде, Дзержинский падышалык куугунтукта жана көп жылдар түрмөдө жашап, далай сыноолорду башынан өткөрүп, өзүнүн “Железный” атына татыган дейт отставкадагы полковник. Ошондуктан, чү дегенде эле мен ага төмөнкү суроолорду узаттым.

-Феликс Шаршенбаевич өзүнүн эл берген “Железный Феликс” атына татыктуу эмес деп ойлойсузбу?

— Биринчиден, “Железный Феликсти” өзүнүн киши чыдагыс сыноолору аркылуу революциячыл доор жараткан. Экинчиден, биздин Феликс Шаршенбаевич милициянын үй-бүлөсүндө, оокаттуу чөйрөдө туулуп-өскөн. Ачыгын айтканда, атасы полковнк Шаршенбай аксакал өз учурунун мыкты инсаны болгондугун көп кишилер кеп кылышат. Бул эки Феликс таптакыр принципиалдуу эки башка адамдар. Анын үстүнө Феликс Эдмундович бийик идеалдар үчүн, социалдык теңдикти камсыз кылган жаңы коом үчүн күрөшкөн болсо, Феликс Шаршенбаевич өз атына “Железный” деген жагымдуу лакапты алуу үчүн өзү кызмат кылган системага айтарлык эмгек деле сиңирген жок да. Кадыресе министр болду. Жакшы иштөөгө жолтоо кылгыдай проблемалар болбосо да, ички иштер органдарына жаңылык деле киргизе алган жок. Кийинчерээк мамлекеттик коопсуздук министри, премьер-министр болду. Анын тушунда криминалитет, кылмыштуу топтор гүлдөп-өстү. Жыйынтыгында ушул бүгүнкү акыбалга — ​таз кейпибизге келип такалдык.

— Жалпы негизде ар бир жетекчини, лидерди айыптай берсек болот да?..

— Тактап айта турган болсок — ​2005-жылдын 20-октябрында 31-түрмөдө Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев баш болгон 4 жараныбыздын өлүмүнө түздөн-түз болбосо да, Куловдун кыйыр күнөөсү бар деп эсептейм.

2005-жылдын сентябрына карата Кыргызстандын түрмөлөр тармагында болуп көрбөгөндөй оор кырдаал түзүлдү. Камактагылар аткарууга мүмкүн болбой турган талаптарды коюп, кырдаалды курчута башташты. Натыйжада балдардын, аялдардын жана Жалал-Абаддагы 10-түрмөнү эске албаганда, жазаларды аткаруу мекемелерин башкаруу Батукаев баштаган зектердин колуна өтүп кетти. Ошол учурда ГУИНди (жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы) өкмөт тарабынан каржылоо 28–30 пайызга аткарылгандыгына карабастан, камактагылар өздөрүн тамак-аш менен камсыздоону 100 пайызга аткарууну талап кыла башташкан. ГУИН (кийинчерээк — ​ГСИН) болсо Адилет министрлигине карап, министрлик Кыргыз өкмөтүнүн курамында болгон. Бул мезгилде өкмөт башчысы Кулов болчу.

— ГУИНди каржылоо 30 пайызга да жетпегендиги үчүн Куловду күнөөлөп жаткан жоксузбу? Бир гана бул багыт эмес, ошол жылдары эл чарбасынын бардык тармактары ушундай акыбалда эмес беле?

— Туура айтып жатасыз. Мен бул жерде камсыздоонун көрсөткүчү тууралуу эмес, түрмөлөрдөгү түзүлгөн болуп көрбөгөндөй оор кырдаал: башаламандык, моюнсунбоочулук тууралуу айткым келет. Кулов ал кезде Премьер-министр болчу. Ал көп жылдар бою күч катмарларын жетектеген киши жана опертивник катары кырдаалды көзөмөлдө кармоого милдеттүү эле.

2005-жылдын октябрь айынын башында 31-түрмөдөгү зек Кахрамон Матякубов калп жерден сокур ичегисинин жарылып кеткендигин шылтоолоп, кырдаалды курчутуу максатында чатак салганы аз келгенсип, медициналык багыттагы 47-түрмөгө баруудан баш тартканда, админстрация анын айтканына моюн сунуп, Бишкек шаардык № 1-ооруканага алпарышат. Бирок, ал жерде Матякубовдун диагнозу жалган болуп чыгат да, аны кайра 31-мекемеге алпарышпастан, зек каалаган 3-түрмөгө жеткиришет. Зектердин арасында бул планын ишке ашыруу үчүн Матякубов ГСИНдин лөктөрүнүн бирине 10 миң доллар бергендиги айтылат. Аталган түрмө криминалдык дүйнөнүн борбору эле. Калыстык үчүн айтып кете турган нерсе — ​аны каалаган түрмөсүнө которуу чечими ГУИНдин начальниги Икматулло Полотовго таандык эмес болчу.

Матякубовдун 3-түрмөгө жеткирилиши менен аталган мекемеде кырдаал кескин курчуп, алгач 3- 31- түрмөлөрдө, андан соң өлкөнүн калган бардык түрмөлөрүндө зектер администрацияны кууп чыгышкан. Кулов жетектеген Кыргыз өкмөтүнө түзүлгөн кырдаал убагында билдирилип тургандыгына карабастан, өкмөттүн тийиштүү күч катмарлары ГУИНдин кайрылуулары боюнча жетишерлик чара көргөн эмес. Кырдаалды иликтеп, тийиштүү чара көрүү аракеттери болгон эмес.

Айла кеткенде түрмөлөрдөгү башаламандыкка Жогорку Кеңештин депутаттары көңүл буруп, укук коргоо органдары жана конституциялык коопсуздук комитетинин төрагасы Тынычбек Акматбаев баш болгон комиссия түзүлгөн. Кулов өзүнүн интервьюсунда Т. Акматбаев сот реформасы боюнча комитетти жетектеген деп айтканы да чындыкка туура келбейт.

Түзүлгөн комиссиянын алдына түрмөлөрдөгү оор кырдаалдын пайда болушун талдап чыгып, акыбалды жакшыртуу боюнча өз сунушун иштеп чыгуу жана киргизүү милдети коюлган болчу. Ар кандай бюрократиялык илинчектерден улам, комиссиянын иш баштоосу көпкө созулуп кеткендигин айтпай коюуга болбойт.

— Бул убакта 31-түрмөнү ээлеп алган Батукаевдин командасы депутаттык комиссиянын келиши тууралуу өз убагында кабар тапкандыгына байланыштуу Акматбаевди өлтүрүүгө даярдык көрө алышкан дегиңиз келип турабы?

— Көпкө созула түшкөн убакыттын ичинде Батукаев жана анын башкесерлери жетишерлик сандагы курал-жарактарды камдоого, өз ара милдеттерди бөлүштүрүп, даярданууга үлгүрүшкөн. Натыйжада алар Акматбаевди, анын эки жардамчысын, ГУИНдин начальниги полковник Полотовду түрмөнүн ичинде атып өлтүрүшкөн. Тагыраак айтканда — ​аларга чыгарылган Батукаевдин өкүмүн иш жүзүнө ашырышкан.

— Куловдун, зектер Жогорку Кеңештен баргандардын өздөрүнүн куралдары менен атып өлтүрүшкөн деген сөзү туурабы?

— Иш жүзүндө депутат Акматбаев, анын эки жардамчысы жана Полотов батукаевчилер алдын ала даярдап коюшкан куралдар менен өлтүрүлгөндүгү чындык. Эмне үчүн дегенде депутат жана анын жардамчылары куралсыз киришкен. Ошол замат админстративдик корпустун жанында жогорудагы 4өөнү кокусунан ортого алышып, куралдуу кол салуу болуп, авторитет Абдуллин жана анын шериктери тарабынан 4 киши өлтүрүлгөндөн кийин, өлүктөрдү жүктөшүп, Батукаевге рапорт берүү үчүн жилая зона деген жакка алып өтүшөт. Ал жерде өлтүрүлгөндөрдүн кийимдерин текшерип жатышып, Полотовдун бутуна байланган ПСМ тапанчасын таап алышат. Комиссия мүчөлөрү өз куралдарынан өлтүрүлгөн деген сөз Куловго окшогондордун чыгарган эле сөзү. Акматбаев Абдуллиндин колундагы ТТ тапанчасы менен атып өлтүрүлгөн.

31-түрмөдөгү 4 азаматтын өмүрүн кыйган террорго ушул убакка чейин тийиштүү жетишээрлик укуктук жана саясий баа берилбей келаткандыгы, Батукаевге берилген жазанын салыштырмалуу жеңил өлчөмү сыяктуу табышмактар азырга чейин коомчулукка түшүнүксүз бойдон калууда. КР Кылмыш-жаза кодексинде каралган “Мамлекеттик ишмерди өлтүргөндүгү”, “Эки же андан көп кишини өлтүргөндүгү”, “Бандитизм” жана “Баңгизаттарды сактагандыгы” жана мурда бир нече жолу соттолгондугу үчүн айыпталып, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга бир жолу эмес, үч жолу кесилүүгө тийиш эле. Тилекке каршы, 7-кабаттагы айрым бирөөлөр менен кошо тергөөчүлөр жана соттор ачыктан-ачык сатылып, Батукаев кармаган общактын кассасы ага дайыма жеңил жазаларды камсыз кылып келген.

— Мындан улам, 2013-жылы Батукаевдин Нарындагы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу да акчанын күчү менен болгон го?

— Акчасыз Батукаев эркиндикке чыга алмак эмес. 2012-жылы анын адамдары Жогорку Кеңештин Сот реформасы комитетинин төрагасы Садыр Жапаровго чыгышып, Батукаевди бошотуу үчүн 3 миллион доллар сунуш кылышкан. Алардын бул аракети Жапаров тарабынан колдоо таппаган соң, аталган сумма жок эле дегенде 2 эсеге көбөйтүлүп, 7-кабаттан колдоо тапкан. Бул маселени чечүү үчүн ошол кездеги вице-премьер Атаханов ортого түшүп, Атамбаевге киргендигин генерал-лейтенант Кулов өзүнүн берген интервьюсунда айтып эле отурбайбы…

— Демек?..

— Демек, баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, коррупциялык кылмыштар боюнча, мүнөздөп айтканда — ​кыргыздын ар-намысын тебелеп, башына чычып жиберген кылмыштар боюнча — ​эскирүү мөөнөтү алынып салынгандыктан: Атамбаев, анын кайын агасы, атактуу ортомчу Атаханов, Табалдиев, Нарынбаев, Сатыбалдиев, Салянова, Суранчиев, Сагынбаева, Рысалиев, Ахун сыяктуулар мыйзам алдында, кор болгон кыргыз коомчулугунун алдында жооп берүүгө тийиш!

Кошумча айтайын дегеним — ​бул актуалдуу маселени бүгүнкү бийлик унутпай, Кулов аксакал өзүнүн берген интервьюсунда көрсөткөн кылмыштуу жагдайлардын негизинде Батукаевдин мыйзамсыз эркиндикке чыгарылышынын себептери толугу менен тергелип, укуктук принципиалдуу баа берилүүгө тийиш! Муну коомчулук унутпайт жана талап кылат!

— Айрым бир сейрек прогрессивдүү депутаттар баш болгон кыргыз коомчулугу чырылдап кала берди. Деги бул коррупциялык кылмыш боюнча чыккынчы-лөктөрдү жоопко тартууга болобу?

— Кантип эле болбосун. Коррупциялык кылмыштар боюнча куугунтуктоодон эскирүү мөөнөтүн алып салууга жетишкен Текебаев деле далилсиз кылмыш үчүн 8 жылга кесилип, 47-түрмөдө отурбайбы.

— Жолдош полковник, кошумча дагы эмнелерди айта аласыз?

— Кошумча айта турган сөз көп. Кулов, депутат Тынычбек Акматбаев агасы Рысбек менен биргеликте бийликти басып алууну көздөшкөн дейт. Бир туугандар өлкөдөгү бийликти басып алабыз дешкенби же түрмөлөрдөгү бийликтиби? Генералдын бул айыптоосу түшүнүксүз жана орунсуз.

Ошону менен бирге Кулов экөөнүн бири өлтүрүлүш керек болчу деген кыязда: “Азизге Акматбаевди өлтүрүүдөн башка жол калбаган болчу” деп, Батукаевди актап сүйлөгөндүгүн кантип түшүнүүгө болот? Куловдун сөзүнө кулак сала турган болсок, өзүнөн башканын баары эле айыптуудай сезилет. Эмне үчүн Ички иштер министри Мурат Суталинов 31-түрмөдөгү теракт тууралу Куловго эмес, президент Бакиевге билдирүү жасаш керек? Өзүнүн түздөн-түз начальниги премьер-министр Кулов турганда анын башынан кантип секирип өтмөк? Кулов болсо Бакиевге маалымат берүүгө бети чыдабагандай..

— Сиздин сөздөрүңүзгө караганда Акматбаев баш болгон 4 кишини Кулов өлтүргөн болуп жүрбөсүн?

— Андай сөздү айтуудан алысмын. Ага ишарат кылып сүйлөгөн да жокмун. Себеби, жогорудагы 4 азамат Кулов 31-түрмөгө жетип келгенден 2–3 саат мурда эле өлтүрүлгөн болчу. Кулов өз жардамчысы Жаныбек Бакчиев менен 31-түрмөгө жетип келген кезде дарбазанын алдында мен жана генерал Шамкеев баш болгон бир нече полковниктер турган элек. Кулов кайгылуу кырдаалды уккан соң, жардамчысына: “Азиз менен байланыштыр” деди, эски таанышын эстегенсип. Бакчиев Батукаевдин номерин терип, телефонду Куловго берди. Биз анын жардамчысынын Батукаевдин телефонунун номерин билгенине таң калдык. Кулов телефон аркылуу Батукаев менен 3 мүнөтчө жылуу-жумшак, досторчо аман-эсенчилик сурашкандан кийин, зонага кирип чыгууну чечти да, өзү менен кошо ички кызматтын полковниги Сапарбаевди жана Бакчиевди гана ээрчитип, жаңы эле 4 кишини өлтүрүү болгон жерге — ​наша чегип алышкан куралдуу кылмышкерлер турган жерге негедир чоочубастан эле кирип кеткендиги ойлондурбай койбойт…

Ичкери киришкен соң, полковник Сапарбаевдин айтуусуна караганда, Кулов Батукаев менен досторчо кучакташып, аны “братаным” деп сыймыктануу менен атагандыгын кантип түшүнүүгө болот? “Коллегалар” чай ичүүгө өтөөрдө тигил “вор” Сапарбаевге: “сен бизди жалгыз калтырып, сыртка чыга тур” деп, буйрук берген. Кулов болсо “вордон” анын ден соолугун, ал-акыбалын кайра-кайра бажактап сурап, бир топ убакыт өткөндөн кийин гана Акматбаевдин жана аны коштоп зонага киргендердин тагдыры эмне болду деп сураган.

Ошол 2005-жылдын 20-октябрында Премьер-министр Кулов Батукаевге кирип чыккан сааттардан тартып, ого бетер күчүнө-күч, демине дем кошула түшкөн “Азиз-братан” телефон аркылуу бардык зоналарды козгоп, кырдаалды ого бетер курчуткандыгын да айтпай коюуга болбойт. Ошентип, 20-октябрдан 1-ноябрга чейин зоналар камактагылардын башкаруусуна өткөн.

Бул жерде дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе — ​Кулов менен кошо 31-колонияга ИИМ менен Адилет министрлигинин атайын күчтөрү жетип келип, зонаны айланта курчап, автоматчан зектерди зыянсыздандырууга даяр болуп калышкан эле. Батукаевдин кабыл алуусуна кирип чыккандан кийин Кулов түрмөгө чабуул коюуга катуу тыюу салып, Ички иштер министри Суталиновдун коштоосунда Молдовановка айлынан чыгып кеткен.

ГСИНдин жаңы жетекчиси полковник К. Мукеев президент Бакиевге чыгып жатып, түрмөлөрдө тартип орнотуу үчүн атайын операция өткөрүүгө уруксат алып, Батукаевдин “бийлигин” кулатканбыз. Бул аракеттерге мен да түздөн-түз катышкам Операциянын жүрүшүндө эр жүрөк Мукеевге ок жаңлып, жарадар болгон.

— 1-ноябрда өткөрүлгөн атайын операцияга кайсы күчтөр тартылган?

— ИИМдин, ГСИНдин спецназдары жана ГСИНдин бириккен отряды.

— Ошол атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөндөр болгонбу?

— Болгон. Батукаевдин куралдуу жансакчысы жана дагы бир зек өлтүрүлгөн.

— 20-октябрдан 1-ноябрга чейин спецоперация өткөрүүгө тоскоолдук кылып келген Батукаевдин “братаны” эмне үчүн бул тагдыр чечер иш-чараны биротоло токтотуп кала алган эмес?

— Токтотуп кала албагандыгынын себеби — ​спецоперация өткөрүүгө уруксатты Капар Мукеев Бакиевдин өзүнө кирип жатып араң алган.

— Сиз 31-зонада батукаевчилердин колунда көп сандагы курал-жарактардын болгондугун да айткансыз…

— Алардын колундагы ок атуучу куралдардын канча экендигин так айта албайм. Бирок, Башкы прокуратуранын кызматкерлери болуп эсептеп жатканыбызда бир гана четин — ​оптика менен жабдылган 3 Калашников автоматын, чет элде чыгарылган көптөгөн винчестрлерди, 30 чакты түрдүү үлгүдөгү тапанчаларды, гранаталарды өз көзүм менен көргөм.

— Өзүнчө эле аскер бөлүгүн жабдууга боло турган мынчалык сандагы курал-жаракты Батукаевдин бандасы кайдан алышы мүмкүн? Түрмөгө кантип алып кирген болушу мүмкүн?

— Бул суроого тергөөчүлөр жоопту, өзүңүздөр сезип тургандай, жогорудагы “кимдир-бирөөнүн” тоскоолдугунан улам, “таба албай” коюшту. Таба да алышмак эмес. Кыскасы, ишти аягына чыгарууга Батукаевдин “братаны” жол койбоду сыягы. Тишине чейин куралданган Батукаев менен сырдашып, чайлашып-пайлашып жүргөн Премьер-министр турса… Анын үстүнө ошол кайгылуу сааттарда Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу кызматынын начальниги Полотов өлтүрүлүп, ГСИН тармагында өтө оор моралдык-психологиялык кырдаал түзүлгөн эле. Ошондуктан, түрмөлөр Батукаевдин башкаруусуна өткөн жогорудагы 10 күндүн ичинде биздин кызматкерлердин бир далайынын айтылуу Рысбектен колдоо издеп калгандыгы да бекеринен эмес болчу.

Мен айтаар элем: жогорудагы куралдарды жалпак тил менен айтканда, ошол түрмөлөр башкармалыгынын жетекчилеринин ичинен кимдир-бирөөлөр жана ошол 31-зонада иштешкен чыккынчылар өздөрү тоскоолдуксуз алып кирип берип турушкан. Албетте акчага!

— Батукаев түрмөдө президенттей эле жашаган деген сөз чынбы?

— Чын. Айрым жагдайлар боюнча президенттен да жакшы жашаган. Куралдуу жансакчылар, врачтар, массажисттер, чачтарач, ашпоздор, акыркы үлгүдөгү электрондук байланыш каражаттары, интернет, япондук телевизор, холодильниктер, сулуу аялдар… Айрым жагдайлар боюнча … дегеним — ​президенттин резиденциясында апийим өстүргөн аянт жок да. Азиз каалаган убагында брондолгон жеңил машинада зонадан сыртка чыгып да жүргөн.

— Мунун баарын түрмөнүн начальниги, кызматкерлер билишкенби?

— Билишпей анан. Коомчулук мындай 7-кабаттагы чыккынчылык төрөгөн зонадагы коррупциячыл абалга көнүп эле калган болчу. Адис катары айтсам — ​түрмөдөгү акыбал — ​мамлекеттин, бийликтин чыныгы жүзүн, акыбалын чагылдырат…

Кулов өз интервьюсунда Рысбек Акматбаевди “замочить” этип салуу ниети болгондугун айткан. Рысбек сыяктуу криминалитетке каршы өз жигиттери менен чыгуу максатында болгондугун да билдирген. Мындан улам Премьер-министрдин кол алдында белгисиз жигиттерден турган мыйзамсыз күч түзүмдөрү болгонбу деген мыйзам ченемдүү суроо туулбай койбойт. Ушул жерде “Железный Феликстин” чочулагандыктан улам, Рысбекке жалгыз баралбастыгын — ​жигиттердин коштоосунда барарын айтат да, тишине чейин куралданган ажыдаардын уюгуна — ​“Азиз-братанына” коркпой-нетпей эле бараарын билдирип отурат. Рысбек Акматбаев чоң бандит болсо да, ал Көк-Жардагы мечиттен чыгып келатканда автомат менен атылып өлтүрүлгөндүгүнө карабастан, ошол учурда Кыргыз Республкасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгондугун, депутаттын формалдуу күбөлүгүн алаарына саналуу эле сааттар калгандыгын коом билген.

“Рысбекти ким өлтүргөндүгүн билем, бул оперативдүү маалымат, ошондуктан айтпайм” дейт Кулов журналисттердин суроолоруна берген жообунда. Эгер билсе, эмне үчүн өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырып, бул жөнүндө укук коргоо органдарына билдирбейт?

Жогорудагылардан тышкары дагы бир айтып кете турган нерсе — ​2013-жылы Батукаевдин бошотулушу тууралуу парламентте чоң чатак чыкканда, Кулов унчукпай — ​эч кимди айыптай албай — ​жер карап отуруп бергендигин кантип түшүнүүгө болот? Эми болсо өз интервьюсунда: “Атамбаев Батукаевди бошотууда Атаханов аркылуу буйрук бергендигин мойнуна алган” деп айтып отурат. Куловдун бул сөзүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин аткаруу жана сот бийликтеринин ишине түздөн-түз кийлигишүүсү — ​кылмышы тууралуу жарыя кылып билдирүүсү деп түшүнгөнүбүз туура болот.

Маектешкен Номанжан АРКАБАЕВ, милициянын отставкадагы полковниги

Булак: “Жаңы ордо”

 

Мамлекеттик идеологиянын аянычтуу абалы

Учурда коомдук-саясий турмуштун күн тартибинде эң башкы жана кечиктирилгис карала турган темалардын бири катары улуттук жана мамлекеттик идеология маселеси болуп кала берүүдө. Ал тургай, бул маселе мурункудан да алда канча күчөп, кайрадан курч коюла турган, абдан актуалдуу деңгээлге чейин өсүп жеткендей болуп калды.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин убагындагы кез-кезде ыгы келсе да, келбесе да, кайталанып айтылып жүргөн: “биз эми эч кимге тизебизди бүкпөйбүз!.. Биз эми эч кимдин көзүн карабайбыз!..” — ​деген сыяктуу дымактуу билдирүүлөр калың калк арасында (мамлекет башчысынын оозунан улам-улам айтылып, кайталанып, өзгөчө басым коюу менен чыгып жаткан соң!) мамлекеттик идеологиянын кандайдыр бир квинтэссенцияланган уюткусу сыяктуу кабылданмак тургай, тескерисинче, кийинчерээк ирониялуу жылмаюууларды гана пайда кылып келгендиги белгилүү. А эмне үчүн биз атамбаевдик президенттик мезгилден бери гана өзүнчө кароодобуз? Анткени, ал бийлик революциячыл-төңкөрүшчүл жол менен келип, мурунку жасалгандардын баарын жокко чыгарып, алардын саясатын толугу менен танып, кардиналдуу түрдө жаңы саясат жүргүзүп, жаңы багытка карай жол баштап, таптакыр жаңыча — ​мурдагы багыттан кескин айрымаланган өнүгүү жолуна баштап кетүүгө ыклас кылып тургандай түр көрсөтүшкөндүгү маалым.

А иш жүзүндө болсо… Иш жүзүндөгүсүн, мен азыр чечмелеп жазбасам деле, кандай башталып, кандай болуп бүткөнүн элдин баары жакшы билишет. Ошондуктан, болуптур эми, өткөн өттү — ​кеткен кетти да деп, кайдыгер гана кол шилтеп коюп, эми алдыдагыны ойлойлук деген чечимге келип, арт жакка кылчайбай койсок деле болмок. Арийне, эгемендик доорундагы Кыргызстандын жүргүзгөн мамлекеттик саясатынын өзөктүү сызыктарына көз жүгүртө турган болсок, андан эмнени көрө алабыз? Чалды-куйду жана бирде тигил жакка, бирде бул жакка секирген сыяктуу таасир калтырган, алдын ала терең ойлонулмак турсун, элементардык ырааттуулук да, улантуучулук да жок “идеология сымал” бир үзүк-үзүк “жылт-жулт” эткен нерселер гана көзгө урунат…

Тээ акаевдик бийликтин башкы идеологу атынган “атактуу” Осмонакун Ибраимов интернеттик басылмалардын бирине бийликтен өзү кеткенден кийинки бийликтердин жүргүзгөн саясатына нааразы болгон маанидеги ойлорун жарыялаптыр. Чыгаан адабиятчы, адабий сынчы Кеңешбек Асаналиев тууралуу жазган макаласында: мамлекеттик жогорку сыйлык-наамдар татыктууларга берилбестен, андайлардын “тырмагына да татыбай” тургандар алып жаткандыгын айтып келип, жеке өзү “2014-жылы” (!) Кеңешбек Асаналевге Кыргыз Эл жазуучусу деген наамды алып бергендигин кыпчып, кырдаалдан пайдаланып (мен болбосом ал такыр наамсыз калмак деген мааниде!) мактана да кетиптир…

Осмонакун Ибраимов өз кызыкчылыгы үчүн атайылап бурмалап айтып жаткан жагдайларды ачыктап коюу зарылдыгы туулуп жатат. Анын үстүнө, коомдук-саясий турмуш жана анын айланасындагы орчундуу маселелер Осмонакундун жеке менчиктери эмес да!.. Анткени, ал “башкы идеолог” болуп турган чактарда да, бул баалуулуктарды өз жеке менчиктериндей пайдаланышып, ал тургай, бир үй-бүлөнүн жеке менчигине айлантууга абдан далбаса урушса да, муну жасай алышкан эмес…

Биринчиден, Кеңешбек Асаналиевге “Кыргыз Эл жазуучусу” деген наам 2014-жылы эмес, 2004-жылы ыйгарылган. Эгерде Осмонакун 2014-жылы ал кездеги бийликке кимдир бирөөгө наам берүү жөнүндө сунуш айта да алмак эмес. Атамбаевдик бийлик тушунда өзүн телефон аркылуу шылдыңдай, тамашалашып жатканын билбей: “Сизди президент Чүй областынын губернатору кылып дайындагысы келип жатат? Буга кандай карайсыз?..” — ​деп айтышса, дароо эле өзүнүн Атамбаевдин ден-соолугу үчүн күйүп, сарсанаа болгонун көрсөткүсү келип: Алмаз өзүнүн ден соолугуна жакшы карабай жүрөт окшойт, ушуну ага менин атымдан айтып койсоңор? — ​деп салам айткысы келген Осмонакун Ибраимов, ошентип, чындыкты да бурмалап, жарым-жартылай жагын гана айтып, башкача айтканда, ого бетер жалганга айлантууга далбасаланганы ачык көрүнүп турат.

Кеңешбек Асаналиевге “Кыргыз Эл жазуучусу” деген наам кандай эмгеги үчүн ыйгарылган? Анын Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тууралуу фундаменталдуу макалалар сериясынан кийинби? Же кыргыз адабиятынын орчундуу проблемаларын чагылдырган курч эмгектери үчүнбү?..

Кеңешбек Асаналиевди адам катары, чыгармачыл жакын мамиле аркылуу жакшы билгендер буга күбө болушкан, — ​ал дал ошол 2004-жылдан баштап, өмүрүнүн аягына чейин (2008-жылга чейин) өзүнүн “Кыргыз Туусу” газетасынын ортоңку (разворотко) эки бетине толук жарыяланган Майрам Акаеванын “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” деген китебин көбүртүп-жабыртып мактаган макаласы үчүн абдан өкүнүп, ичтен сызып жүрүп өтүп кеткен…

Мына эми гана, Осмонакун жалпы чындыкты жашырып, өзүнө ыңгайлуу жагын гана айткысы келип жатса да, көмүскөдөгү көп нерселер ашкереленип, ачыкка чыга баштады. Демек, башына кылыч сунулуп турса да чындыктан эч тайбаган көкжал сынчы, өз жеке карьерасын да тобокелге коюп, өмүр бою улуттук адабияттын ысык-суугун кошо тартып, “ал күлсө кошо күлүп, ал ыйласа кошо ыйлап” жашап жүргөн Кеңешбек Асаналиев өмүрүнүн соңку учурларына жакындаганда “булганып алдым” деп өкүнгөнү бекеринен эмес экен. Башкача айтканда, ким көшөгө артынан туруп алып, адилет, калбаат сын пикиринен эч качан жазбаган кашкөй сынчыны улам-улам суранып, жалынып-жалбарып жатып, ал макаланы жаздырып алганы, ким ал макаланы “мына, жеке мен өзүм уюштуруп, Чыңгыз Айтматовдон башка эч кимди мактабаган атактуу сынчыга сиздин китебиңизди мактатып жатамын!” — ​деп “канайымга” ал гезитти көтөрүп жетип барганы да табышмак болбой калды.

Азыркы акындардын залкары, кайсыл учурда кандай бийлик алмашса да, өз позициясынан кылдай да тайбаган акын Анатай Өмүркановго наам берүү жөнүндө сөз козголгондо, сыйлык-наамдарды ошентип, өздөрүнүн менчигиндей кылып, базардагыдай каалагандай сатышып, өз сөзүн сүйлөгөндөргө гана берип калышкан бийликтин “идеологу” “Анатай өз позициясын өзгөртүшү керек, болбосо ага наам берилбейт” деп айтканын да элдин баары билет… Демек, турмуштук реалдуу фактыларды канчалык жаап-жашырып, жеке өзүнө ылайыктап бурмалай берүүгө далбасалануудан эч натыйжа чыкпайт.

Көрсө, Анатайдын кайсыл бир оппозициячыл маанайдагы гезитке “ырсаңдап көп күлө бербечи, элиң минтип кыйналып, ыйлап жатса, деги сен кайсыл арыңа күлөсүң?” — ​деген маанидеги публицистикалуу ыр түрмөктөрү жарыяланган экен. Ал саптардан башкы идеолог айга-күнгө гана теңеп жүргөн “ажонун” реалдуу образы айкын чагылып турса, “мамлекеттик идеолог” баш болуп, баары арданышат да… Алар биз “Борбордук Азиядагы демократия аралыбыз” деп мактанып жатышса, а таланттуу акын муну “түшүнбөй” жатса!..

“Коконуңду таап кет, Корооңдун оозун жаап кет! Кет, кет!!!” — ​деген эң соңку, жаңы ыр түрмөктөрүндө да Анатай акын экс-президент Алмазбек Атамбаевге көркөм адабият каражаты аркылуу ачуу чындыкты эң алгачкылардан болуп айткандыгын билебиз. Дегеле, азыркы учурдагыдай, айрылыш жолдун алдында тургандай абалыбыздан чыгып караганда, Кыргызстандын адепки эгемендик жылдарындагы пайдубалы борпоң болуп калып, улам урап түшүп, кайра-кайра башынан орнотууга аракеттер көрүлүп жаткан мамлекеттик идеология “фундаменти” Аскар Акаевдин доорунда эле туура эмес жана келечексиз калыптанып, ал көп учурда кумга курулган аксарайдай, же куру кыялдарга гана негизделген үрүл-бүрүл, ирреалдуу сезилип калган болчу.

Аскар Акаевдин маданият жана идеология жаатындагы эң алгачкы кеңешчилери — ​Ишенбай Абдуразаков, Салижан Жигитовдун кызматтык гана полномочиялары эмес, жеке өздөрүнүн инсандык потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү деле кыйла чектелүү болгондугу жашыруун эмес. Алар эч убакта “канайымдын” тилин, көңүлүн таап алып (өзүн кызматтан бошотуп, ордуна Мелис Эшимканов жөнүндөгү президенттин Жарлыгы ошол кездеги президент аппаратынын жетекчиси Мисир Аширкулов тарабынан даярдалып, “Эркин Тоо” газетасына басууга даярдалып жаткан чакта, Осмонакун “эжекесине” чуркап жетип барып, эң соңку ирмемдерде токтотуп калууга үлгүргөн, Аскар Акаевдин жакын досу Аширкулов менен болгон мамилесинин бузулушу да ушундан башталган дешет, башкача айтканда, бул “башкы идеологдун” таасири – өлкө президентинен таасирдүү, керек болсо, анын Жарлыктарын да жокко чыгара алган адамга чейин жетип турган!), Осмонакун Ибраимов сыяктуу деңгээлдеги таасир этүүгө жете алышкан эмес. Ал ошондой “таасирдүү абалын” жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына карай эмес, бир үй-бүлөнүн жана ошол үй-бүлөгө кызмат кылгандардын кызыкчылыктарына карата гана бурууга далбасаланып келген. Мунун арты эмне менен жана кандай трагедиялуу кырдаалда бүткөнүн азыр элдин баары жакшы билет.

Ушул жерден эриксизден бир нерсе эске түшөт: Осмонакун Ибраимов расмий пресс-конференция учурунда — ​“ал жөнөкөй күйөө бала эмес, — “Жалпы Кыргызстандын күйөө баласы!” — ​деп баса белгилеп, жаңы, кошоматчыл “титулду” ыйгарып салган (орус императорунун жакын туугандарына жөнөкөй князь эмес — ​“великий князь” деген титул ыйгарылган сымал) Аскар Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаев мурдараак өзүнүн “Технология мечты” деп аталган чакан китебин чыгарыптыр.

Ал эмне жөнүндө кыялданганы жана да ал максаттарына жетүү үчүн кандай технологияларды иштеп чыкканын ким билсин, бирок, бул китепти үстүртөн гана барактап чыккан адам дароо эле байкаган бир нерсе — ​алдым-жуттумдук, кандай жолдор менен болсо да, эптеп баюу керек деген “технологияны” бул “жалпы күйөө бала” абдан жакшы өздөштүргөн окшойт. Китептеги сүрөттө ал али “жалпы күйөө бала” боло электеги, чоңоюп калган, тестиер курактан эбак эле өткөн кызы аны артынан, моюнунан кучактап, эркелеп турат… Демек, президенттин күйөө баласы болуп, ал аркылуу байлыкка да, баарына тең жетүү үчүн керек болсо өз үй-бүлөсүн да тепсеп кете берүүгө даяр турган адамдар ошол кездеги кыргыз бийлигинин эң жогорку тепкичтерин курчап алышкандыгы айкын. Ал тургай, ошол кезде бул оору саркынды сыяктуу болуп, алардан айланасындагыларга дагы жугуп, башка таза адамдарды да кошо “булгай” баштагандыгы жогорудагы келтирилген мисалдардан ачык көрүнүп турат.

Жакында акын Нуралы Капаров (жана да аты бар, заты жок, көптөн бери чыкпай калган “Кыргызстан маданияты” газетасынын башкы редактору) кыргыздын башкы телесинен, “Демократия сабактары” деп, арманын төгүп, ага кошуп, жогоруда айтылган алгачкы ажонун кеңешчилеринин ишмердигинен да учкай сөз салып берди. Айта кете турган нерсе, улуттук идеологиянын калыптанышында, улуттук уңгулуу сапаттардын фундаменталдуулугунда башкы рольду ойной ала турган, жалпы эл арасында өтө популярдуу болгон “Кыргызстан маданияты” газетасынын жана “Ала-Тоо” журналынын чыкпай калып, азыркы маданий туташ кризиске кептелүүнүн себептеринин бири, — ​болгондо да эң башкысы! — ​ачуу чындыкты ачык айта турган болсок, акыры түбү келип эле, дал ошол жеке өзүмчүлдүктөн улам дагы болгондугун да моюнга алып коюу керек. Анткени, кайра куруу доорунун эң соңку учурунда кооперативдик кыймылдар күчөп, адамдардын иждивенчилик (жанбактылык) сапаттарынан арылып, жеке өз демилгелерин дагы колдоого алуу сыяктуу мамлекеттик саясат жүргүзүлө баштаган. Дал ошол маалда, экономикалык саясатта хозрасчеттук эсеп деген багыт дагы башталып, ага ылайык, өзүн өзү камсыздап, багып, өз алдынча жашап кете ала турган мекеме-уюмдар, ишканалар мамлекеттин жетектөөсүнөн бөлүнүп чыга алыша турган болуп калышкан.

“Кыргызстан маданияты” жана “Ала Тоо” журналдары тиражы боюнча башка басма сөздөргө караганда лидерлик позицияда болуп, ошол кездеги рыноктук чен-өлчөмдөр алкагында чоң киреше берип турушкан. Тилекке каршы, алысты көрө албаган кадам жасалгандыгы кийин гана маалым болгон. Мамлекеттик көзөмөлдөн чыкпай кала беришкен коңшулаш казак жана өзбек республикаларынын адабий журнал-газеталары, китеп басмалары биздегидей кризиске тушугушкан жок. Бизде болсо хозрасчет аркылуу кетип, бара-бара акционердик коом сыяктуу, анан акыры барып менчиктештирип алууга (мамлекеттик, улуттук менчикке негизделген уюм-мекемелерди!) умтулушкандардын көбү тез эле кайра сызга олтуруп калышты. Объективдүү айтканда, андай кырдаалда тез эле ыңгайлашып, өз алдынча жашап кете алганы бир гана ыраматылык Мелис Эшимкановдун “Асабасы” болгондугу анык. Калган басылмалар баары кайра мамлекеттик акырга барып, “биз туура эмес кылган экенбиз, жардам бергиле” деп баш ийип, суранып барышканда, жарытылуу жардам болбоду… Ал эми алардын өз ара эки тарап болуп бөлүнүп алышып, байлык талашышканы, бирин бири түрмөгө “тыгып”, зэктердин методдору менен “сынашып”, өз ара криминалдык разборка жасашканы — ​акаевдик приватизация доорунан калган эски оорунун саркындысы болчу… Болгондо да, руханий байлыктарды (!) менчиктештирүү фонунда жасалган аракеттердин калдыктары болчу. Ошол кездеги идеология майданындагы менчиктештирүү кандай өңүттө жүргөнү, бийлик, мамлекеттик идеология жана анын айланасындагы адамдардын жеке аракеттери — ​өзүнчө кеңири сөз кылууга муктаж болгон темалардын бири экендиги талашсыз.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы ордо”

Жусупжан Жээнбеков, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурундагы сырдашы, досу: «Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов КСДПга куюшкандын түбүндөгү ит чымынга окшоп кире качкандар»

— Жусуп аке, сиз мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен учурунда дос болчусуз. Азыркы президент менен да бир партияда чогуу жүрүп, экөөңүздөр эки облуста губернатор болуп иштедиңиздер. Эки досуңуздун азыркы абалын көрүп эмне деген тыянак чыгарып жатасыз?

— Мен чындыгында мурунку президент менен жакшы теңтуш болуп, сырдашып да, анча-мынча сөгүшүп да жүргөнмүн. Кийин экөөбүздүн ортобуз алыстады. Ажыраганыбыздын себеби, анын 2009-жылы миң адамды көчөгө алып чыгам дегени болгонун жакшы билесиң да. Мен кыргыз элин жарандык согушка алып барбагын деп катуу айтышканымды биринчи эле сага айтып бергем. Буга өзүңдүн Азимбек акең күбө. Андан кийин жолуккан жерде саламдашып жүргөнбүз. Аз убакыт Жалал-Абадда губернатор болуп иштедим. “Текебаев сени кетсин деп жатат” дегенди айтып, анын колу менен ал жерден алышты. Сооронбай менен болсо саламыбыз түз. Экөөбүз эч качан “Сен” деген сөзгө барбадык. Эми экөөсүнүн ортосунда кандай маселе болгону табышмак. Акча же кадр, өлкөнүн тышкы жана ички саясаты боюнча маселе болдубу так айталбайм. Эки достун ортосуна түшкөнүм жок да. Мага караганда экөө абдан жакшы болуп кетишкен. Биринчиси экинчисин өзү үгөттөп жүрүп президент кылды. Муну айтышыбыз керек. Булардын арасына түшсөм, “Сага караганда биз жакынбыз…” деп айтса кайра өзүм уят болуп калам да. Ошон үчүн ортосуна түшпөй эле койдум.

— Эки достун тиреши деле бийликтин айынан, мен башкарам деп чыккандан улам болсо керек. Мүмкүн, Атамбаев өзүн хан сезип алып, Жээнбековду өзүнүн тегерегине чогулган “сары ооз” саясатчы балдардай колдоном деп ойлоп жаңылышкандыр?

— Атамбаев эл арасында жүргөн мыкты уул-кыздардын баарына жаман көрүнүп, аларды коркутуп, багындырып алам дебестен, элге жыгылып, рахматын айтып, элдин колу-бутун өпсө болот болчу. Кыргыз эли “Кандай адам болсо да эптеп 6 жыл чыдайлычы. Кийинкиси мыкты болуп калар” деп сабырдуулук кылып, келечекке үмүт кылды. 2005-жылы революция болуп, морадерчулук орун алды. 2010-жылы жигиттердин өлүмү менен бийлик алмашты. Улуттар аралык жаңжал чыгып, анда дагы кан төгүлдү. Ушундан кийин элибиз тынчтык эле болсун деп тилек кылды. Бул тынчтыкты Атамбаев менин эмгегим деп эсептеп алды. “Мен эки революцияны жасагам. Элди тынч кармаган да мен болдум” деди. Каршы чыккан адамдарды облусуна карап шылдыңдаганга чейин барды. Ошентип жүрүп өзүн хан сезип алган. Ошондон ажырагысы келбей жатат. Аттан түшсө да үзөңгүдөн түшкүсү келбей жүрөт. Кеткенден кийин заңгыратып салган үйүнө барып, Кудайдан, элден кечирим сурап, тообо келтирип, өзүнүн жытын ошол үйгө таратып жашай бербейби?! Резиденциядан чыккысы келбей, досторум салып берди деп жаңы үй салбастан?! Достору салып берген – накта коррупция. Башка өлкөдөгү кайсыл достору салып берди? Ачыгын айтпайбы? Чет өлкөлүк достору салып берсе, досторуна биздин төрүбүздү сатканы! Бул чыккынчылык.

— Сооронбай Жээнбеков Жусупжан Жээнбековду кызматка чакырса барабы?

— Мени кимиси болбосун, башында мүйүзү бары чакырса да Кыргызстаным үчүн иштеп берем. Мен бир адамдын кулу болуп иштебейм.

— Сиз КСДПны элге таанытып жүргөн кезде бүгүн ушул партиянын атынан чоң кызматтарга баргандар, депутаттык мандатты төшкө тагып олтургандар бар беле?

— Азыр мен тааныгандардан Иса Өмүркулов, Асилбек Жээнбеков, Осмонбек Артыкбаевдер эле калды. Калганынын карааны жок болчу.

— Алмазбек досуңуз президент болгон соң тегерегин шоопуру болуп жүргөн Икрамдын тобу менен курчатты. Булар менен катарлаш эле Максимдин жанында жүргөн Сапар баштаган топ турду. Досуңузду Икрам менен Сапардын тобу бузушкан жокпу?

— Адамды айлана-чөйрөсү бузат. Мен Икрам Илмиянов, Болот Сүйүнбаев (Атамбаевдин мурунку жан сакчысы), Асель Кодуранова, Эркин Мамбеталиев, Данияр Аттокуровду Атамбаевдин жанында жүргөнүн көрчүмүн. Ушулардын катарына Максимдин балдары кыпчылды. Анын башында Сапар Исаков. Бул балдар 5–6 жылда оңбогондой байыды. Болот иним 25 жылда Дене-тарбия институтун зорго окуп бүтүп, 6 жылда генералдык чинди алганы эмне дегендик? Икрам эки кызын Нью-Йоркто окутуп жатат деп сүрөттөрү менен чыгып жатат. Кайсыл акчага? Мен азыр шаарда неберемди бир бала бакчадан бир бала бакчага которо албай жүрөм.

— Сиз досуңуз менен 2009-жылы сөгүшүп кетип жатасыз да. Икрам Илмиянов ошол жылы деле анын шоопуру болуп жүргөн. 2010-жылы булар бийликке келишти. Бир жыл мурунку шоопур Илмиянов менен кызматтагы Илмияновдун айырмасы кандай болгон?

— Мен аны кайним деп коёт элем. Бул жигиттин өзгөргөнү 8 айда эле билинген. Кичипейилдиктен алыстай баштаган.

— Шоопур учурунда элпек болуп, чай куюп бере калып жүргөн Икрамды 8 айдан кийин башка адам катары көрүпсүз да?

— Шоопур кезинде чуркап келип учурашып, чогуу болгондо чай куюп эле жүргөн. Бийликке келгенден кийин бир жылга жетпей, “аке келиңиз” деп чайнекти алдыңа жылдырып койгондой болуп өзгөргөн. Президенттин аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп жатканда “Жусуп аке, сиз мага губернаторлуктан кетүү боюнча 2 айга убактылуу арыз жазып туруңуз. Текебаев сизге асылып эле туруп алды” деп Текебаевдин катын көрсөтүп, менин арызымды алып, аны Оторбаевге бербестен, ага кетире бер деп айткан сөзүнөн эле бул жигиттин ким экени билинип турат. Мени көз карашымдан сыйлабай эле койсун. Жасап жаткан иштеримди кийинки жана мурунку губернаторлор менен салыштырса болмок. Эми, ал маселеге деңгээли жетпейт да.

— Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов азыр КСДПнын активдүү мүчөлөрү болуп, Кулматовго козголгон кылмыш ишин, Исаковдун сурак бергенин саясий куугунтук катары карап жатышпайбы?

— Сапар менен Кубанычбек кечээ эле КСДПга киришкен. Булар жанын сактап калгысы келгендер, Алмаздын канатына кирип, калкалангандар. Аларды ким саясий мотив менен куугунтуктап жатыптыр? Саясий куугунтук көргөм деген Атамбаев өзү Акаевден “Даңк” орденин, Бакиевден “Данакер” орденин, Жээнбековдон “Кыргыз Республикасынын Баатыры” дегенди албадыбы. Ар бир президенттен сыйлык алып жатат. Кийинки президент келсе, ага “Түбөлүк аталык” деген чинди бериши керекпи? Кулматовду көргөн да эмесмин. Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов КСДПга куюшкандын түбүндөгү ит чымынга окшоп кийин кыпчылып келишкен. Кулматовдун Россия жарандыгы бар экенин Азимбек айтып эле жүрбөйбү. Буларга саясий куугунтук боло элек. Алар бир куюшкандан экинчи куюшканга кире качкандар да.

— 2009-жылы досуңуз менен сөгүшүп, достук мамилени токтоткон учуруңузда, ал киши президенттик шайлоого талапкер болуп чыгып, Акмандагы эл менен жолугушууга ичип алып барганы чындык. Ошондо сиз ал кишини Жалал-Абаддан тосуп алгансыз. Кийин аны ууландырып коюшкан деп айтылды. Чындап эле ууландырганбы же өзү аракка ууланганбы?

— Мен анын ууланганын билбеймин. Базар-Коргон менен Сузактын ортосундагы Топурак-Белден күтүп алганым чын. Алар Аксыдан кызуу келишкен. Алмаз мен аны коштоп жүрбөгөнүм үчүн ачууланып түштү. Кечинде Жалал-Абаддагы мейманканада экөөбүздүн ортобузда балам тууралуу уруш чыгып кетти. Үчөөбүз тең арак ичкенбиз. Анда “Путинка” деген арак чыга элек болчу, “Главспирт” деген арак ичкенбиз. Алмаздын жоон сандары, жамбаштары тешилип кетип, ууланганын Азимбек көргөн экен. Кийин Азимбектин Алмаз унитазга олтуруп калганы тууралуу айтканы чыкты. Ууланганын кусуп койгондо, ыштанын булгап алганда көрсө керек да.

— Атамбаев менен сөгүшүп кеткениңизде, ал киши жалалабаддыктарды бөлүп, сөккөнү чынбы?

— Алмаз “Нах..й мне нужны джалалабадцы. Без Джалал-Абада обойдусь” деп сөгүнгөндө, Азимбек көрдүңбү, бул биздин элди сөгүп жатат деп айткам. Муштумумду көтөрүп туруп, бир уруп ээгиңди талкалап коёт элем, бирок үйгө келген конокту ит капты кылбайын. Сени менен Чүйдө сүйлөшүп алам деп айткам. Жалал-Абад элин сөккөнү анык.

— Алмазбек Атамбаев Акмандагы жолугушууга мас абалында барып кайткандан кийин “Мен Жусупка ичип алып сүйлөбөсөм, сүйлөй албайт болчумун” деген турбайбы?

— Мен Акманга барбай, Бишкекке келе бергем. Сосновкага келгенде, жардам бергиле деп жанына кошуп берген балдарга телефон чалсам, алар “өлдүк, Алмаз Атамбаев Акманга мас болуп келди” дешти. Кийин эмне болду?- десем, “Андан кийин Базар-Коргондогу көлдүн жээгине барып ичишти. Биз азыр мантыканада олтурабыз. Алмаздан Жусупту эмнеге сөктүң деп сурадым. Ал “Мен ичип албасам Жусупка сүйлөй албайт элем. Баласын өлтүрүп койгону чын болчу. Ичип алып туура эмес айтып алдым. Жусуп ошон үчүн сөктү” деп айткан. Мантыканадан чыгып, Ошко барышып, самолёт менен Бишкекке учуп келишкен. “Асилбектер мени дарыланганга Кытайга жөнөтүшкөн” деп айтпады беле. Кытайга барышкан эмес.

— Осмонбек Артыкбаев менен чогуу бир чакырылышта депутат болдуңуз. Ал адам кечээ Бишкек ТЭЦти модернизациялоо үчүн алынган 386 млн доллар боюнча парламенттин талкуусунда “Буйрук бергендер жазаланбай, буйрукту аткаргандар жазаланып жатат. Мен тергөө менен иштешүүгө даярмын” деп айтты. Артыкбаев бул сөзү менен “шефин” сатып кеттиби?

— Чыңгыз хан маңгыттардын ханын сатып келген аскер башчыларынын башын алдырып салган. Эмне үчүн башын алдырдыңыз?- деп сураганда, Чыңгыз хан “Булар өз ханын саттыбы, мени да сатат” деп жооп берген. Осмонду азыр деле сыйлайм. “Алар айтканды мен кылдым” деген сөзү чыккынчылык, саткындын айтканы. Бул айтканы туура эмес. Ал да сөзсүз түрдө жооп бериши керек.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

Мыйзамсыз курулган ишкананын “мыйзамдуу” чыгымы

Сыягы, өлкөбүздө мунай, газ сыяктуу табигый байлыктар болбогон менен тоолорубуз толтура эле алтын экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Бирок ошол баа жеткис байлыгыбыз эл менен мамлекеттин кызыкчылыгына иштетилбей, чет элдик шылуун, шумпайлардын олжосуна айланып жаткандыгына ичиң ачышат экен. Мына ошондой мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Тогуз-Тородогу кытайлык «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсына жергиликтүү жашоочулар каршы чыгышкан. Тилекке каршы элге же кытайлык ишкананын, же мамлекеттин тиешелүү жетекчилери жооп бербей койгондуктан, алтын өндүрүүчү фабрикасы өрттөлгөн. Эми “бороондон” кийин  эсине келген кыргыз өкмөтүнүн 1-вице-премьер-министри К. Боронов окуя болгон жерге барып, кытайлык ишкананын жетекчилиги менен жолугушуп жүрөт. Алар зыяндын суммасы 2,3 млн АКШ долларын түзөрүн айтыптыр. Бирок Боронов элди карап ыйлап, кытайлыктарды карап күлүп, окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, башаламандыктардын уюштуруучуларын аныктоону гана айтып бозоруп туруп берди. Анан «Чет элдик инвесторлор менен натыйжалуу кызматташуу биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. 11-апрелде болгон жагдайды тергөө менин жеке көзөмөлүмдө турат. Бул маселе боюнча бардык аракеттер тек гана мыйзамдын алкагында жүрүшү керектигин баса белгилейм», – деп өктөм сүйлөгөн менен Мамлекеттик экотехинспекция фабрика мыйзамсыз, уруксатсыз курулгандыгы тууралуу тыянакты негедир оозана албаптыр. Эми 2,3 млн. долларды ким төлөйт болду экен?

Булак: “Жаңы ордо”

Курил аралындагы кыргыздар айлыгын алалбай...

“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган”,- деп айтылуу демократ акын Токтогул Сатылганов ырдагандай, көр турмуштун азабынан кыргыздар жүрбөгөн жер, жасабаган жумуш жок. Баарынан да ошол жанын тиштеп, көрбөгөн азапты баштан өткөрүп иштеген акысын ала албаган мигрант мекендештерибиз да толтура. 19-майда Орусиянын Түндүк Курил шаарында курулушта иштеген кыргызстандыктар иш ташташты. Буга алардын айлык акысын бир нече ай бою албаганы себеп болгон. Тышкы иштер министрлиги бул ирет адаттагыдай кайдыгер карабай, маселе боюнча Түндүк Курил шаарынын жетекчилиги менен байланышып, иш алып барууда. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык курулушчулардын айлык акы маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Бул ишти жөнгө салууга мэрия, жергиликтүү депутаттар, полиция, прокуратуранын жана иш берүүчү “СПИРО” компаниясынын өкүлдөрү катышкан атайын жыйын болгон. Бирок ишкана айлык акы буюртма берген тараптан төлөнбөй жатканын билдирген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Түндүк Курил шаарынын вице-мэри Александр Овсянниковдон бул маселенин эртерээк, калыс чечилишине көмөктөшүүнү суранган. Мындан тышкары, Сахалин облусундагы консулдук да кыргызстандык курулушчулар айлык акысын алышы үчүн чара көрүп жатат. Эми биздин Тышкы иштер министрлигибиз баштаган ишти таштап койбой, аягына чыгарып берсе жана мекендештерибиздин маянасын өндүрсө, анда алардын Кыргызстанда зарыга күтүп жаткан үй-бүлөлөрүнүн гана үмүтүн актабай, мамлекетибиздин да капчыгына салым кошулат эле.

Булак: “Жаңы ордо”

Соттор да ыйлады

Кыргызстандын соттору Гиппократтын антын унутмак турсун, тебелеп-тепсеп, акыйкат, адилеттик деген сөздөрдү унутуп койгондугу баарыбызга эле белгилүү. Мына ушул “акчалуунун сөзүн сүйлөп, акчасызды сайга сүйрөгөн” Фемида өкүлдөрү караны ак, акты кара деп, табият менен Кудайдын мыйзамына каршы иш жасагандан тышкары 27 жылдан бери Ак үйдүн да буюртмасын аткарып келатышат. Бирок ар кандай эле адилетсиздик жана өкүмзордуктун да чеги болгондой эле эски бийлик менен кошо жалданма, жалганчы, паракор соттордун да күнү бүттү окшойт. Өткөндө президент С. Жээнбеков далай гезиттердин, журналисттердин убалына калып, жаптырган жана олчойгон айып салып, бийликтин жасоолуна айланган Максуда Оморова сыяктуу айрым соттордун ыйгарым укугун токтоткон болчу. Ал тургай өлкөбүздөгү сот реформасына арналган жыйында мамлекет башчыбыз өзүнө келген кайрылуулардын 70%ы сотторго байланыштуу экендигин жана системаны реформалоо кечигип жаткандыгын баса белгилеген. Бул ирет депутаттарга да “жан кирип”,  Ирина Воронцованы, Айдар Алымкуловду жана Дамира Орозованы өткөрбөй коюшту. Мындан мурда “Соттордун Кудайы” аталып, эски бийликтин тушунда аларды тактекедей ойнотуп келген  президенттик аппараттын укук жана сот реформасы бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев иштен кетип, азыр ооруканада “эс алып” жатат. Жалпысынан Парламенттин кароосуна коюлган сотторго төмөндөгүдөй добуш берилди:

Айдарбек Алымкуловго 81 депутат каршы чыкты, 26сы колдоду.

Дамира Орозова 42 “макул”, 65 “каршы” деген добуш жыйнады.

Кыдык Жунушпаевди 70 депутат колдоду, 37си каршы чыкты.

Нургул Бакированы 82 депутат колдоду, 25и каршы болду.

Ошентип соттор мындан ары бийликтин камчысы болбой, таза иштеш керектигин түшүнүп калышты окшойт.

Булак: “Жаңы ордо”

Видео - Башкы прокуратура: Тарых музейи боюнча бардык маалымат текшерилет

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев “Ата Мекен” фракциясынын көчмө жыйынында айтылган бардык маалымат текшерилерин айтты. Бул тууралуу жыйынга катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары бүгүн Улуттук тарых музейинде аны оңдоп-түзөөгө байланыштуу маселелерди талкуулаш үчүн көчмө жыйын курууда. Жыйын учурунда парламент өкүлдөрү реконструкциялоо иштеринде одоно мыйзам бузуулар болгонун айтып, ага ашыкча каражат сарпталганына жана Түркия тараптын оңдоп-түзөөгө көмөктөшүү сунушунан баш тартканына нааразы болуп чыгышкан.

Жыйында Тарых музейинин кызматкери 58 даана жыгачтан жасалган “Барсбек” деп аталган инсталляциянын ар бири 600 доллардан экенин билдирип, инсталляция интеллектуалдык эмгек болгондуктан, анын баасы кымбат экенин айтты.

Ошондой эле анда эмеректердин баасы тууралуу да маселе көтөрүлүп, депутаттар аларды мынча кымбат баага Германиядан алып келүү канчалык зарыл болгонуна кызыгышты.

«Азыр Кыргызстанда өндүрүлгөн эмерек Казакстанга жана башка чет өлкөлөргө экспорттолуп жатат. Тарых музейинин эмеректерин өзүбүздөн алсак болбойт беле? Бул инсталляция жөнөкөй эле жыгач. Ар бирөө 600 доллар же бир жылкынын баасы», — деди депутат Каныбек Иманалиев.​

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Соттук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик топ түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын  22-майындагы № 124 «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында сот адилеттигин жүргүзүүдө кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Бул боюнча  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев тиешелүү буйрукка кол койду.

Эксперттик  топтун курамына Президенттин, Өкмөт Аппараттарынын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар, адвокаттар, көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди.

Эксперттик жумушчу топ мыйзамдарды имплементациялоо боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруунун учурдагы абалына мониторинг  жүргүзөт.

Сот реформасынын иш-чараларынын жүрүшүнүн маселелери, топтун функциялары жана милдеттери боюнча  ар кандай институттар жана уюмдар менен кызматташат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин чараларын ишке ашырылышына эксперттик коштоону жүргүзөт.

Соттук реформаны өнүктүрүүгө, жогоруда аталган Жарлыктын жана Кеңештин башка чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында талдоо ишин жүргүзөт, зарыл болсо изилдөөлөрдү уюштурат.

Сот адилеттигин жүргүзүүдө колдонулуучу мыйзамдардын аткарылышын жакшыртуу үчүн бириктирүүчү аянтчаларды түзөт.

Мыйзамдарды ишке ашыруунун практикасынын материалдарын талдоого  алат, анын ичинде региондордогу кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жерине барып жолугушууларды уюштуруу жолу менен жүргүзөт.

Мыйзамдарды түзүү процессин жакшыртуу жана аны менен байланышкан башка уюштуруу чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгып, аларды Кеңештин кароосуна киргизет.

Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлдү.

Бакыт Бакетаев: Демократиянын эң негизги касиети - карама каршылык болуп туруш керек

—Бакыт мырза, коомчулукта Сооронбай Жээнбеков менен экс-президенттин ортосунда болуп жаткан тиреш дагы күчөсө Атамбаевди жандай чапкан кадрлар саясий туткунга айланып, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар, буга сиз кандай карайсыз?

—Мен андай ойдон алысмын. Карама-каршылык өтө терең кетпейт. Жалпы элдин кызыкчылыгынан өйдө чыгалбайт. Ал эми азыркы окуялар мыйзам ченемдүү гана көрүнүш. Негизи, эки президенттин досчулугу саясатка кирбеши керек. Эгер досчулук саясатка кирип кетсе, бул коррупциянын биринчи тепкичи болот. Ошон үчүн мурунку жана азыркы президенттер досчулугун той-аштарга, жеке өздүк мамилеге гана байлап, саясатта «касташып» жатканы эң жакшы көрүнүш. Бири экинчисине сын айтып, текшерип турса, эл үчүн, мамлекет үчүн пайда. Физиканын тили менен айтканда эки президент «минус» менен «плюс» болуп, бир магниттик талааны түздү. «Минус» же «плюс» жалгыз боло албайт. Эгер экөөсү тең «минус» болуп калса, магниттик талаа жаралбайт, энергия келбейт. Бул демократиянын эң негизги касиети, карама-каршылык болуп туруш керек. Мен ошон үчүн оппозицияны да, бийликти да колдойм. Талаш жаралган жерде акыйкаттык табылат. Бардыгы биригип алып, шыбырашып калса коррупциянын «тамыры» кеңири жайыла берет. Анын сыңары, экөө дос бойдон камыр-жумур болуп калса, чатак ошондо чыгат. Азыр абдан туура багытта кетип жатат. Эгер Атамбаевдин саясатын түз улантса, анда бир орундан жылбайбыз, убакытка жараша кадрларды алмаштырышы керек.

—Жакында Атамбаевдин кол тийбестигин алуу демилгеси көтөрүлдү. Ошол иштин артында азыркы президент турат деген ойлор бар. Сиз кандай дейсиз?

—Кол тийбестик кызматтан кеткен президенттерге сөзсүз керек. Эгер экс-президенттен аны алып койсок, бир дагы президент коррупция менен күрөшкөнгө аракет көрбөй, эртең мен кеткенден кийин зыяны тиет деген негизде отургузбай калат. Анткени, биздин соттук системага эч ким ишенбейт, коррупцияга батып калган. Жөнөкөй бир мисал айтсам, Рустам Маманов деген жигит үч жылда алты ирет соттон утуп, аягында камалып калды. Соттон уткан киши мындай болбошу керек эле да. Келген президенттердин баары реформа жасаганга аракет кылып жатат, бирок адилеттүүлүк орной элек. Крыловдун тамсилиндеги окуядагыдай эгемендүүлүк алгандан бери арабаны ар кимиси ар кайсы жакка тартты. Бири дагы ак кууну асманга, балыкты сууга, ракты кумга кетирип, арабаны атка сүйрөтө элек. Ак куунун, балыктын, рактын ордун гана алмаштырып, «башкаруу архитектурасын» өзгөртпөдү. Эгер «архитектураны» өзгөртпөсө, бүгүн коррупция менен күрөшүп жаткан Жээнбековдун командасы беш жылдан кийин Атамбаевдин командасынын кейпин киет. Системаны оңдобой, баягы баткакка батып жатышат.

—Суроого келеек…
—Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратуунун артында Сооронбай Шарипович турат дегенге кошулбайм. Анткени, аны ажыратса, өзү да иштей албай калат. Кимдир бирөөнү кылган иши үчүн жазалагандан коркуп калат.

—Сиз мурунку жана азыркы президенттерди физиканын тили менен минус менен плюска салыштырдыңыз, туура ал экөөсу светти жандырат. Бирок эки агым лампочкага жеткиче кайчылашып калса жалын чыгып, аягы чоң өрткө айланаары белгилүү. Коомчулук ошол нерседен чочулап жаткандыр…

—Эң туура метафора. Энергияны абайлаш керек, бири бирине тийип калса жалын чыгат, күйөт, өрткө айланат. Демократия дагы ошол сыяктуу өтө аздектей турган нерсе. Ылайым «провоттор» тийишпесин.

Зулпукаар Сапанов

Булак: De-Факто

АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Дональд Лунун талапкердиги көрсөтүлдү

Кечээ, 24-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Сенатка АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына дипломат Дональд Лунун талапкердигин жөнөткөндүгү белгилүү болду.

Дональд Лу  1966-жылы АКШнын Калифорния штатында туулган.

Алгач Тынчтык корпусунун составында ыктыярчы катары Батыш Африкада иштеген.

Кийин АКШнын Индиядагы, Пакистандагы, Грузиядагы, Азербайжандагы элчиликтеринде кызмат өтөгөн.

2003-2006-жылдары Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары болуп кызмат кылган.

2014-жылдын аягында АКШнын Албаниядагы элчиси болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин ушул кызматты аркалап келген.

Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековду кантип сатты же "аташкасына" ашыкча эркелеген "балашка"

Ачыгын айтканда ушу тапта коомчулукту азыркы президент менен мурунку президенттин учурдагы, мамилеси абдан кызыктырып турат. Анткени, жалпыга маалым болгондой экс-президент адаттагыдай жаңы президентке «таарына» баштады. Ал эми бул таарынычка негизги себепкер ким болгондугун билесиңерби? Ал жаштыгына карабай, амбициясы ашып-ташыган, премьерлик кызматты майда көрүп, президенттик тактыга отургусу келген «сары бала» кадимки Сапар Исаков. Ырас, Кырк кадам таштамакчы болуп жаткан Исаков төрт кадам таштай элек жатып, интригага, болгондо да бири мурдакы, бири учурдагы президенттерди чабыштырган оюнга аралашып атып акыры кызматтан да кетти. Мындай ойду айтып жатканыбыздын маани-маңызына келели.

Айрымдар, Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковду сатып кетти, бир кезде Жээнбековду Исаков колдоду эле деген сыяктуу пикирлерди айтып атышпайбы. Бул таптакыр туура эмес. Биринчиден, Сапар Исаков эч качан Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөткөн эмес. Экинчиден, Жээнбеков деген эл шайлаган президент турса да Исаков үчүн мөөнөтү эбак бүткөн Атамбаев президент бойдон кала берген. Билген кишиге ириген интриганын башаты так ушул жерден чыккан.

Сапар Исаков элибизде айтылган «Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт» деген образга абдан берилип кетти. Өзгөчө «атасы» Алмазбек Атамбаевге учурдагы президент туурасында ар кайсыны шыбырап, «ата-кесин» жаңы президенттин ишине, саясатына тескери үгүттөп, экөөнүн мамилесинин солгундашына абдан жакшы эле салым кошту. Өкмөт башчы катары эл шайлаган Президентти колдоп, жөлөк-таяк болуп, мурдагы жана азыркы Президентти бириктирүү миссиясын аткаруунун ордуна улам-улам Атамбаевге чуркап, ажону жамандап, жараны ырбатып, жараканы кеңейтти.

Бүгүнкү күндө болуп жаткан Атамбаев-Жээнбеков мамилесинин коомчулук алдында сууп турушуна сапар Исаков болушунча аракет жасады. Балким, Сапар Исаков Атамбаевдин ачуусу келсе Жээнбековду тез эле бийликтен кууп түшүп, анын ордуна Исаковду президент кылып коюу «Аташканын» колунан оңой эле келет деген делөөрүүгө алдырып койгондур. Исаковдун катачылыгы мына ушул жерде болду. Анткени, Кыргызстандын эли эч качан бир кишинин айдоо-байлоосунда калууну жактырбаган, мындай стереотипти талкалаган, авторитаризм менен диктатураны маңдайга матай койгон эл.

Чагымчыл аракеттер муну менен эле бүтүп калбады да. Сапар Исаков жаңы шайланган Президентти тааныгысы келбей, баардык иштерди мурдагы президент менен кеңешип-кесип, өзү чечкиси келе баштады. Анысы аз келгенсип, коомчулукка дүрбөлөң салган, далай былыктардын башы кылтыйган Бишкек ЖЭБдеги коррупциялык иштерди жана анын натыйжасындагы аварияны Сооронбай Жээнбековго оодаргысы келген «балашка» менен «аташкасына» баракелде!

Мына ушул өңдүү көмүскө соккулардын катарын «аташканын» да аракеттери коштоого алды. Жаңы президенттин кадамдарына карата Атамбаев-СДПКнын съездинен оозуна ак ит кирип, кара ит чыкканына баарыбыз күбө болдук. Ачыгын айтыш керек, ошол съезде Атамбаев тарабынан Жээнбековго карата ашкере адилетсиз айыптоолор, түз жерден күйгүзүү кадамы жасалды.

Ооба, сабырдуулук баарын женет, убакыт баарын дарылайт. Анын сыңары президент Сооронбай Жээнбеков бир эсе экс-президентти сыйлап, экинчиден сабырдуулукка баш буруп «аташка-балашканын» мындай туура эмес «кыймылдарына» чыдап, унчукпай олтурду. Бирок, акыркы окуяларда ташка да тил бүтүрүп жибере турган кырдаалдар жаралбадыбы. Ошондо дагы жарым жылда барып анан Сооронбай Жээнбеков өз оюн ачык айтып, агынан жарылды. Ага чейин чыдады, сыйлады, сабыр тутту, унчукпай отурду. Эл муну көрүп, кимдин-ким экенин билип, тиешелүү натыйжаларды өз убагында чыгарып да турушкан. Андыктан калыстык жана адилеттик таразасына салып Сооронбай Жээнбековду колдоого алышты.

Ырас, тирешкен кырдаалдарда эки тарап болот. Бири акыйкатты туу тутса, экинчиси атаандашын жаманаттылоо, каралоо менен өзүн тазалоо жолун тандагандар. Ошол өңүттөн алганда бул кырдаалда ким акыйкат да ким чыккынчы жана саткын?

Президенттик такка жаңыдан олтурган адамдын ишине кийлигишип, жолуна бөгөт болуп, алсыратуу аракетин көргөн топтуку туурабы, же мындай аракеттерге чыдап отуруп, акыры жарылып, тиешелүү жооп кылган Президенттики туурабы?

Президент Жээнбеков ага карата асылгандарга эң жакшы жооп узатты «Иштегиңер келбейби, кызматтан кеткиле» деген. Акыйкатында так ушул принцип эң туура да?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: De-Факто

Нурмат Исраилов адилеттүүлүктүн жүзүнө тик карай алабы?

Чейрек кылымдан ашкан башаламандыкта өлкөнүн бүткүл тармагын коррупция чырмооктой чырмап, баткакка малынып калганын эч кимден жашыра албайбыз. Өзгөчө сот жана прокуратура органдары ылайга белчесинен киргени айтылып, турмуш чындыгында тастыкталып келүүдө. Маселен, миңген машинасы менен жашаган үйлөрү эле тууралуу сөздөр жөн жерден чыкпаганын далилдеп берет. Албетте, жемкорлук баардык тармакты каптаган. Мындай иштерди чекесинен кармаса болот. Сөздү ары карай айтсак, кокосуна чейин байып, саясий буйруктарды кынтыксыз аткарып жүргөн Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурору Нурмат Исраиловдун акыркы күндөрү негедир маанайы пас жүрөт. Теңирди тааныбай тескери ушатып калган жигитке эмне болгон? Же күнөөсүз адамдардын башына жугунду куюп, жазалатып, кызматын ашыкча пайдаланып жибергендиги үчүн жаны кейип, эртеңкисин ойлогондо жүрөгү ооруп жүрөбү? Адилеттүүлүк деген ак нерсе асманда эмес, ушинтип каалаган күнү эшикти кагып кирип келет. Кыскасын айтканда, тастаңдап жүргөн Исраиловдун жооп берер күндөрү жакындап калды. Бул боюнча кеңири сөз кылабыз. Азырынча бир гана суроо, Нурмат мырза акыйкаттын жүзүн тик карай аласызбы?

Булак: De-Факто

Кулматов Бажы кызматындагы "көмүскө схемалардын" авторубу?

Бу Кулматов Кубанычбек деген каяктан өсүп чыккан кулак экенин ким билет, деги? Бул кишинин жүргөн жерине чөп чыкпаганы аз келгенсип, мамлекеттин казынасына колун эле тыкпастан белчесине дейре кирип алып күйшөптүр го. Карагыла, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов мурдагы бийликтин тушунда бажыдан миллиондогон акчаны чыгарып алуучу «көмүскө схемалардын» автору экен. Муну ошол тармактын ийне-жибин иликтеп жүрчүлөр ачыкка чыгара баштады. Эсиңерде болсо, Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда, 2010-жылга чейин анын бир тууганы Марат Бакиев жүргүзүп келген, уламыштуу жеп жуткуч схемаларды сактап тана калбастан, кийинки бийликтин тушунда аларды өркүндөткөн дал ушул Кулматов дешет. Эң кызыгы Кулматов айтылган схеманы аёосуз колдонуп, айына эле жүздөгөн миллион долларларды көмүскө экономикада айлантып турчу дешет. Анык ажыдаарлар бул жакта жаткан экен да. Деги бийлик тараптагылар эртеңки муунга сабак болушу үчүн так ушул Кулматовго окшогондорду кустуруп, камап, жоопкерчиликке тарта алаар бекен? Тартыш керек!

Булак: De-Факто

Министр Кашкар Жунушалиев түштүктү түрө кыдырып келди

«ИИМ тармагы калк арасында кандай кадыр баркка ээ. Аймактардагы милициялар кантип иштеп, кандай абалда?» деген маселени кабыргасынан койгон окшойт, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев өлкөнүн түштүк аймагын түрө кыдырып, ИИМдин ички иштерин ийне-жибине чейин карап келди. Алыскы делген Лейлек, Чаткал, Алай райондоруна чейин барды. Барган жеринде министр Жунушалиев облустук жана райондук деңгээлдеги жетекчилер жана милициянын өздүк курамдары менен кеңешме-жыйын өткөрүп, анда ар багыттуу мыйзам бузуулар, баңгизат кылмыштуулугу, чек-ара аймагына танапташ жайгашкан калктуу конуштардагы коомдук тартип жана коопсуздук жаатындагы кеңири талкуудагы маселелерди ортого салды. Министр өз сөзүндө укук коргоо органдары жана күч структуралары аймактарда тартипти жана стабилдүүлүктү ар качан сакташы керектигин айтып, «Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо – эң маанилүү жана эң башкы милдет» -деди.

Эң башкысы, айыл жерлеринде жайгашкан милициянын таяныч пункттарынын абалдары менен жеринде таанышкан министр аларга карата камсыздоолор кандай болуп жатканына кызыгып, ар биринин кабинеттерине баш багып, ал жерде кызмат өтөп жаткан милициялардын ишине карата даярдыгын, деңгээлин текшерип да көрдү. Ошону менен бирге жергиликтүү тургундар менен жолугушууда ИИМдин башчысы жарандарды ошол аймактан жеринде жеке кабыл алууларды уюштуруп, тургундардын көйгөйлөрүн угуп, алардын бир нече маанилүү суроолоруна жооп узатты.

Айтмакчы, баса белгилеп кетүүчү бир жагдай 1978-жылдан бери Алайга ИИМ министринин буту басып барбаптыр. Кашкар Жунушалиевдин калк менен камыр-жумур болууга жасаган аракетине бали дейли.

Булак: De-Факто

Шадиев качты, "оюн" ошону менен бүтөбү?

Кээде абдан кызыктуу кинону көрүп олтурсаң аягы эч жыйынтыксыз бүтүп калат го. Ошондо аябай кыжалат болуп, анан кыялыңды анын аягын өзүңө жаккандай кылып жыйынтыктамай ар кимибизде эле болсо керек. Ушу тапта кудум так ушул сценарий болуп атат. Башкы каарман Аскарбек Шадиев. Окуя Шадиевдин коррупциясы, миллиондогон долларлары, аялынын, өзүнүн акылга сыйгыс байлыгы боюнча уланат. Кульминациясы Шадиевдин өлкөдөн качып кетишинде. Эмнегедир анын качып кетүүсү боюнча эч ким, УКМК, Прокуратура, тиешелүү органдар, бийлик тарап үн катпайт. Кино ушул жерден чорт бүтөт… Кызык бекен? Бул кино эмес. Бул чындык. Кыргызстан деген өлкөдө болуп жаткан «атала-фильм». Айтор Аскар Шадиев деген эргул элдин ырысын жеп-жеп алып, качып кетти. Бирок, бийлик тарап, тиешелүү тармактар эч сөз айтпай олтурушат. Же бул эмне пландалган нерсе беле?
«Кар жаады, из басылды» саясатыбы. Бийлик бул боюнча элге кеңири түшүндүрмө бериши керек.

Булак: De-Факто

Искендер Шаршеев: Тышкы карыздан кутулуунун жолун ойлонбосо, аягы опурталдуу болот

-Искендер мырза, Кыргызстандын тышкы карызы 5 миллиард долларга жакындаганы кабарланды. Бул карыздан кутулуунун жолу кандай?

– Тышкы карыз деген эң жаман нерсе. Баарынан дагы Кытай мамлекетинен карыз алган жаман. Алар карызды эч качан кечпейт. Дүйнөдө Кытайга карызы бар алтымыштан ашуун мамлекет бар. Алардын арасында биз да барбыз. Коңшу тажик өлкөсү алган карызын бере албай, аргасыз жерин берип жатат. Мен билбейм, биз карыздан кантип кутулабыз. Кутулуунун жолун кыргыз бийлиги азыртан ойлонушу зарыл. Бийлик тилекке каршы буга көп маани бербей жатат. Бул өтө опурталдуу маселе.

Карыздан кутулуунун дүйнөлүк практикасы бар. Ал салыктан түшкөн каражат аркылуу кутулуу. Өкмөт социалдык программаларды жоюп, социалдык реформа жүргүзөт. Пенсияны жеке секторго өткөрөт. Мектеп, ооруканалардын жарымын менчиктештирип, жеке компанияларга берет. Ошентип кыскартуудан түшкөн каражат менен тышкы карыздан кутулушат. Жогоруда айткандай, тышкы карыздан кутулуунун дүйнөлүк практикасы ушундай.

– Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө айрым учурларда кыргызстандык ишкерлер алып барган товарлар кирбей калган учурлар көп катталчу болду. Мунун себеби эмнеде?

– Кыргызстанды алсыз өлкө катары санашат. Ошол себептен ушундай көрүнүштөр көп катталат. Мунун баары бийликке байланыштуу. Бийлик алдуу болсо, Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен бирдикте иш алып барып, туура иш жүргүзсө албетте иш жакшы болот. Эгер бийлик чабалдык кылса, анда абалдын жакшырышы кыйын. Анын үстүнө кыргыз ишкерлери да Бажы биримдигинин алкагында иш алып барбайт. Биримдиктин ичиндеги өлкөлөр менен тыгыз иштешип өздөрүн көрсөтүшсө, иш бир кадам болсо дагы алга жылат эле.

– Бүгүнкү Өкмөт куралып жатканда министрлердин арасында экономика министра Олег Панкратовдон башка бир дагы экономист жок экени депутаттар тарабынан сындалды эле. Ушул тууралуу оюңузду уксак…

– Убагында Олег Панкратов Бажы биримдигине кирүүгө үндөгөн адистердин бири болгон. Экономиканы жакшы түшүнөт, ал боюнча кеп жок. Бирок кандай болгон күндө дагы Панкратовдон башка дагы мыкты экономисттер Өкмөткө керек эле. Тилекке каршы, бизде парламенттик башкаруу болгондон бери ушундай жаман система калыптанып калбадыбы. Аткаруу кызматына кесипкөй адистер келбей, ишкерлер, коммерсанттар ж.б. келип калды. Албетте бул өкүнүчтүү…

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Исмаилова алгач Кулушеванын айыбын ачыкка чыгарышы керек

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын саламаттыкты сактоо тармагына чапкенедей чапташып, тез эле бул тармактын эксперти болуп чыга калганынын төркүнү ачыла баштады. Башында бали, чыны менен көйгөйлүү маселе көтөрүп, медицинага ичи ачышып жатат деп ойлоптурбуз. Көрсө кептин төркүнү башкада тура. Ал медицина тармагына чуу жаратып, адам өлүмүнө алып келген препаратты Кыргызстанга киргизип жиберген Гүлбара Кулушеванын колдоочусу да, коргоочусу да экен.

Кулушева болсо дары-дармек департаментинин фармакология комитетинде иштеп жүргөн кезинде элдин жүрөгүн түшүргөн “ФС-1”деген препаратка уруксат бере коюп, ал кургак учук менен ооруган адамдарга колдонулуп чуу чыккан. Адистердин айтымында, ал дарынын курамы жалаң йоддон тургандыктан туберкулезго колдонууга болмок тургай, жакын жолотууга болмок эмес экен. Ошондой эле “Тонгкат Али” деген биокошулманы дары катары каттатып салгандыктан казынага салык түшпөй, экономикага оңбогондой эле зыян келген…

Бул боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы атайын текшерүү жүргүзүп, одоно мыйзам бузуу фактыларын аныктаган. Бул боюнча кылмыш иши да козголгондугу маалымдалган. “Тонгкат Али” биокошулмасын дары катары катталып калгандан кийин автоматтык түрдө салыктан бошоп кетет. Мындан улам, Кулушева бул биокошулманы алып келген фирмалар менен жең ичинен соодалашып, ич ара тил табышып алганбы деген суроо жаралбай койбойт. Демек, бул жерде коррупциялык иш аракеттер болгонбу деген маселени укук коргоо органдары кылдат иликтөөгө алып териштирсе, тири укмуш фактылардын башы ачылчудай. Медицинага мына ушундай жоруктары менен аты чыгып жаткан Кулушеваны Аида Исмаилова “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай”, анын мыйзамсыз аракеттерине көз жумду мамиле жасап, ошол эле маалда медицина жөнүндө кыйкырып чыкса, анан ага ким ишенип, ким эл өкүлү деп үмүт артат?

Депутат Аида айым саламаттыкты сактоо тармагын текшерип, анча-мынча нерселерге справка жазып, парламенттин трибунасынан медицинага чындап күйгөндөй таасир калтырууда. Макул, балким чыны менен көтөрө турган маселеси бардыр. Бирок кеңешчисинин улам бир былыгы калкып чыгып жатса, аны эмнеге көрбөйт? Кулушеванын жоруктарына анын үн катпаганынын себеби эмнеде деген суроо туулат. Буга чейин медицина менен кымындай иши болбогон Исмаилованын бир заматта эле саламаттыкты сактоо тармагынын серепчиси болуп чыга келиши күмөн ойду жарата баштаган. Көрсө медицинаны каалагандай калчагысы келген, өлкөнүн казынасын эмес, өз кызыкчылыгы үчүн биокошулманы дары деп салыктан бошотууга жетишкен акыл кошчусу Кулушеваны коргоп саламаттыкты сактоого ичи ачышып жаткан экен да. Эгер, эл өкүлү медицинага чындап күйүп-бышканы чын болсо, анда өзүнүн кеңешчисинин мыйзамсыз аракеттерин алгач алып чыгышы керек. Эгер, ал мындай кадамга барса, анда эл ишенет. Жок, муну жасай албайбы, анда эл ишеним артпайт. Башкача айтканда, Кулушева аралашкан “ФС-1” препаратын эмнеге киргизип жиберишкендигин, “Тонгкат Али” биокошулмасын эмнеге дары деп каттатып жибергенине жооп издеп көрүшү кажет. Башкасын коюп, мына ушул эки суроого жооп бериши абзел.

Башкы прокуратура, Коопсуздук кеңеши бул маселеге кылдат мамиле кылбаса, Кулушева депутатты крыша кылып алып, апакай адис болуп чыга келүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүдө эч кимге аёо болбойт деп катуу эскерткен жайы бар. Кулушева Исмаилованы эш тутуп, суудан кургак чыгам деп ойлойбу? Өлкө башчы мыйзам баарына бирдей деген талап койду. Демек, Кулушеванын мыйзамсыз иш аракеттерин тиешелүү органдар аныктаса, саламаттыкты сактоо жөнүндө саймедиреп жаткан Аида Исмаилова кеңешчиси үчүн жер карап калышы толук ыктымал.

Акыркы маалыматтарга караганда Исмаилова Кулушеваны Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу бир кызматына же дары-дармек департаментине алып келүү үчүн буту-бутуна тийбей чуркап жүргөндүгү айтылууда. Мына ушундай фактылары далилденип жаткан кеңешчисин өтө жоопкерчиликтүү деп саналган орундарга койгусу келип жатса, анда депутаттын бул аракети кесипкөй адистердин нааразычылыгын жаратып алышы толук мүмкүн. Булар медицинаны колго алып, убактылуу кызыкчылык үчүн чуркаган өзүнчө топко айланып алышканбы деген суроо таң калтырат. Башкы прокуратура булардын ишмердүүлүгүнө байкоо салбаса, дагы эмненин ичинен чыгышат, дагы кайсы коркунучтуу дарыны киргизип жиберет, аны бир Кудай өзү билбесе, бизге ал жагы туңгуюк.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

 

Суу куйду...

КСДПнын депутаты Осмонбек Артыкбаев анык суу куйду экен. Саясий саткындыктын үлгүсүн мыкты көргөздү. ТЭЦтеги окуяда түздөн-түз күнөөкөр катары төбөсү көрүнүп турса да жоопкерчиликтен качып, баарын мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковго төңкөрүү аракетин көрдү. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратууга каршы деп добуш берип алыптырмын, мен макулмун деп кыйкырып чыкты. Атамбаевдин аркасы, колдоосу менен эки жолу Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат, энергетика министри болду, Экотехинспекцияны жетектеди, «Кыргызалтындын» башчысы болду. Жалаң майлуу кызматтарда жүрдү. Бүгүн эч нерсе боло электе сатты. Бирок Атамбаевди сатсам эле жоопкерчиликтен кутулам деп куйтуланганы суу кечпейт. ТЭЦ бонча жооп берип, абакта отуруш керек…

Булак: “Фабула”

"Бир Болдун" "жеп-ичкичтери" качан камалат?

«Бир Бол» фракциясынын бир катар депутаттарына коррупция боюнча кылмыш иши козголгону маалым. Аскар Шадиев караанын көргөзбөй качып жүрөт. Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго 2009-2015-жылдар аралыгында “Машина сыноочу станция” ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлгөндүгү үчүн “коррупция” боюнча айып тагылган. Кызыгы, 200 миллион сомду сиңирип кеткен МИС ишканасы Акылбек Жапаровго тиешелүү. Демек, Жапаров кызматтык абалынан пайдаланып, убагында жеке менчик ишканасына оңбогондой акча бөлдүрүп, мамлекетти миллиондогон сомго сызга отургузган болот. Айткандай, Жапаров Айыл чарба министрлигинен МИСтин карызын жоюу боюнча аталган тармакка ким министр болуп келбесин ат тезегин кургатпай каттап, дамамат тынымсыз аракет көрүп келет. Учурда «Бир Болдон» Нурбек Мурашев министр болуп турат. Былыктарын жаптырып жатса керек, камалбай жүргөндөн пайдаланып. Ал эми Исхак Пирматов «Кыргызнефтигазды» башкарып турганда мамлекетке 250 миллион сомдон ашык акча зыян келтирген. Башкача айтканда, кулкунга куюлуп кеткенин Башкы прокуратура маалым кылган. Камалып кетээрде мандатына жамынып аман калган. Ошондон бери төрдөн түшпөй келет… Жаңы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов коррупцияны ушулардан баштаса болмок. Үнкатпайт го…

Булак: “Фабула”

Атамбаевдик режим учурундагы дагы бир коррупциялык уурдап-тоноолордун бети ачыла баштады

Бүгүн, 25-майда КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясы Тарых музейин реконструкциялоодогу уурдап-тоноолор боюнча көчмө жыйын өткөрүп, аны иликтеп чыгууну Генералдык прокуратурага тапшырды.

Жыйында белгилүү болгондой Тарых музейин реконструкциялоого 2016-жылы Түркия бийлиги 7 миллион доллар убада кылганда музей оңдоого жабылган. Түркиянын 4 миллион долларына музейдин сырты оңдолуп бүткөндө кыргыз бийлиги Түркиянын жардамынан баш тартып, биз өзүбүз бүтүрөбүз деп чыгышкан.

Музейдин ички реконструкциясына ансыз деле дефицит менен онтолоп жаткан бюджеттен 1,5 миллиард сом акча бөлдүрүп беришкен. Анын 700 миллионуна оңдоп-сырдоо жумуштарын аткарышса 890 миллиондон ашык сомго Германиядан мебель алып келишкен.

Биринчи кабаттагы кофе ичүүчү барга 224 миң еврого эмерек сатып алышкан, анын ичинде кадимки эле адам олтурчу орундукту 100 миң сомдон сатып алдык деп чыгашалашкан.

58 таякты ак боёк менен боёп, жерге сайып  бул инсталляция деп аташкан жана анын ар бир таягын 600 доллардан баалап, жалпысынан 35 миң доллар төлөп беришкен. Депутаттар бул таякты 600 доллардан Германиядан сатып келбей эле Кыргызстандан бекер эле тапса болмок эле деп айыпташты.

Жыгачтан эки ат жасатып, анын ар бирине 14 миң евродон 28 миң евро төлөп Германиядан алып келишкен. Депутаттар мындай жыгач атты кыргыз дизайнерлери деле жасап бермек эле деп безилдешти.

700 миллион сомду музейдин төбөсүн (потологу) алмаштырганга гана сарптадык деп чыгашага чыгарышкан. Ал эми эми дубалы менен менен таманы оңдолбогон деп ачууланышты депутаттар. Кеңешчи-дизайнерлерге деп 400 миң евро төлөнүп берилгендиги да айтылды.

Тарых музейинин реконструкциясын ошол кездеги КР Президенитинин бөлүм башчысы Сапар Исаков менен президент Атамбаев өздөрү көзөмөлдөп жүргүзгөнү белгилүү болду.

 

"Жөн койсо балтыр бит башка чыгат"

Нариман Тулеев дегенде такыр ар жок экен. Коррупцияга шектелип 11 жылга кесилип, үй-мүлкү конфискацияланып абакка отуруп калганда, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кечирим сурап кат жазып, жалдырап жатып 60 миллион сом айып төлөп жазадан жеңил кутулуп кеткен Нариман эркиндикке чыкканда бейиштин төрүндө жатып келгенсип «түрмөдө авторитет болдум» дегенди «дөөрүгөн». Анан конфискация болгон мүлкү тууралуу «байлык жерге кирсин, баш аман болсо табылат, башы-көзүмдөн садага» дегенди айтып ооз көптүргөн. Бүгүн болсо анын бири жок. «Жөн койсо балтыр бит башка чыгат» демекчи, «күнөөлүү эмес болчумун, мүлктөрүмдү конфискациялоо боюнча сот чечимдери мыйзамсыз» деген жүйө менен сотко кайрылганы жатканын шардана кылды.

Булак: “Фабула”

Соттордун  кадамдары ар кандай…

Кайсыл саясатта жүргөн адам соттолбосун дайыма куугунтуктап жатышат деген учуртмасын айтып келишет. Тилинен жаңылгандар деле, кыймылынан кармалгандар деле актануунун ушундай жолуна түшүп алышты. Бирок, айрымдарынын кылган иштери күдүктөнүүнү жаратаарын деле айта кетели. Ошолордун баары эле таптаза болсо кылмыштык беренелер асмандан эле түшүп келеби? Айтор, учурда соттордун үстүнө жайдак минип алып айдактамага өтүп алдык.

Эки күн мурун Аида Салянованын  иши каралып, мурдагы “сыпаттамасы” ордунда калтырылды. Сыртта күтүп тургандардын үстүнө муздак суу бүркүп жибергендей  чурулдашты го? Чамасы алар гүл берип тосуп алабыз деп кыялданышса керек. Бирок, Аидага каршы  мурда соттолгондордун жоон тобу   турарын булар неге эсепке алышкан эмес. Ташиев,Келдибеков, Түлеев, Аманбаева, Мамытовдор жөн туруп бермек беле? Соттор деле кимдердин карааны канчалык дымактуу экенин баамдап турарын эмнеге танмак элек? Ошондуктан Отунбаеванын ажого кайрылганы кагаздардын “бүктөмүндө” кала берди саргайып. Демек, башкалардын деле соттук иштери бүдөмүктөнүп турганын коомчулук байкоого алып турат,же башкачабы…

Булак: Ачык Сөз

Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды

Алмаз Атамбаевдин “капчыгы” катары белгилүү болгон, экс-бажы башчы Кубанычбек Кулматовдун мүлкү ага каршы козголгон коррупция беренеси боюнча кылмыш ишинин алкагында камакка алынды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда Бишкек ТЭЦин модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясы Ош шаарына жана Бишкекке эки мектеп салууга бөлгөн 2 млн доллар акчаны уурдап-тоноого катышкан деп шектелүүдө.

Ку

«Жел болбосо чөптүн башы термелбейт» дегендей, биздин жогорку кызматты аркалаган аткаминерлердин диплом маселеси тууралуу маалымат айдыңында дамамат талкуу жүрүп турат. Ырасында, базардан «Кызыл кулактык» кылып байыгандар, акчасы көбөйгөндө диплом сатып алып бийликтин бийик сересине секирик жасагандар жок эмес. Мына буга чейин Жалал-Абад облусунун башчысы Кыянбек Сатыбалдиев менен Ош облусунун жетекчиси Таалай Сарыбашевдин жогорку билимдүү экенин тастыктаган диплому жасалма экени айтылган. Кыянбек мырза жалган деп танып чыкты. Таалай мырза лам деп ооз ачкан жок. Демек, мандем болушу мүмкүн да… Ак же көк деп койсо болмок… Үндөбөй койсом үйдөй балээден кутулам деп унчукпай койгону макул болгонду билдирип жатабы?

Булак: “Фабула”

Дипломуңду көргөзчү, байболгур...

«Жел болбосо чөптүн башы термелбейт» дегендей, биздин жогорку кызматты аркалаган аткаминерлердин диплом маселеси тууралуу маалымат айдыңында дамамат талкуу жүрүп турат. Ырасында, базардан «Кызыл кулактык» кылып байыгандар, акчасы көбөйгөндө диплом сатып алып бийликтин бийик сересине секирик жасагандар жок эмес. Мына буга чейин Жалал-Абад облусунун башчысы Кыянбек Сатыбалдиев менен Ош облусунун жетекчиси Таалай Сарыбашевдин жогорку билимдүү экенин тастыктаган диплому жасалма экени айтылган. Кыянбек мырза жалган деп танып чыкты. Таалай мырза лам деп ооз ачкан жок. Демек, мандем болушу мүмкүн да… Ак же көк деп койсо болмок… Үндөбөй койсом үйдөй балээден кутулам деп унчукпай койгону макул болгонду билдирип жатабы?

Булак: “Фабула”

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: "Бийлик коррупция менен чындап күрөшсө, КСДП жетекчилеринин 90% камалып, уурдагандарын кусуп, казынага төлөп берет"

-Эки дос, Соке менен АША тирешип, саясат кызуу болуп жатканда АКШда эс алып жүрдүңүз. Саясатта пайда жок деген үмүт менен биротоло бизнеске кетейин дедиңизби?

-Андай деле эмес, мурун эле пландаштырып койгон саякатыбыз бар болчу, бу турмушта саясаттан башка да кызык нерселер көп да. Анын үстүнө акыркы жылдарда кызык окуялар болуп жатат (күлүп). Сен өзүң калп айттырбасаң керек, биз 2010-жылдан бери жаңы бийликти тынбай, системдүү түрдө сындап, булардын айткандарынын баары декларативдүү түрдө гана айтылган куру сөз, аткарылбай турган  калптар экенин, жасагандарынын баары бийликти басып алуу үчүн гана  жасаган кара мүртөздүк экенин, кыргызга жакшылык кылбаган ичи пустой, потенциалы жок, байлык менен бийликтен башканы ойлобогон топ гана экенин айтып келдик. Ошондо бизге атырылып буларды, Атамбаевди жана анын досторун коргогондор эми баарын унутуп, биздин алдыбызга түшүп, бизден озуп Атамбаевди жана анын досторун сындап киришкенде биз ыңгайсыз болуп, бир аз тыныгуу алууну чечтик.

Анан саякатка чыгып кеттик, АКШнын көп жерлерин кыдырып көрүп чыктык, ал жактагы туугандар менен учурашып кайттык. Ал эми Кыргызстандагы саясатты , силер айткан тирешүүнү интернеттен байкап, көз салып турдук.

– АША-Соке тиреши коомчулук көзүнө көрсөтүш үчүн атайын спектакль эмеспи?

– Жок, мен андай деп ойлобойм, тирешүү ачык эле фазага өтпөдүбү. Бул жерде азыр дүйнөгө болгон эки көз караштын тиреши жүрүп жатат. Атамбаев менен Жээнбеков экөөсү тең КСДПнын мүчөлөрү болгону менен чындыгында булар эч качан социал-демократтар болушкан эмес. КСДП буларга саясат үчүн гана формалдуу түрдөгү платформа катары керек болгон. Анткени биздин конституцияга ылайык кайсы бир белгилүү идеологияга негизделген партияң болбосо азыр президент болуш кыйын болуп калды. Ошондуктан Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык  партиясын негиздеген Абдыганы Эркебаев, Тойгонбай Калматов, Амангелди Муралиевдерди жана башкалардын баарын КСДПдан кууп чыгып, партияны кандай басып алса кийин бийликти да ошентип басып алды. Бийликти алууда социал-демократиялык идеология кыпындай да роль ойногон жок. Орто кылымдардагы регионалдык-трайбалисттик идеология роль ойноду. Ушуга байланыштуу орустардын “какой народ такой правитель” деген сөзү бар. Атамбаев өтө эле примитивдүү ой жүгүрткөн инсан экенин маалымат каражаттарына чыккан маалыматтардан эле байкасаңар болот. Бир кезде ал ыраматылык Мелис Эшимкановго “Мелис, мен жашымда келатсам алдымдан бир ай сыяктуу жаркырап күйгөн шар чыгып, оң желкеме конуп, башыма, сол желкеме өтүп анан учуп кеткен, бул жогор жактын белгиси, мен падыша болом” деп айтканы жазылган. Ал өзүн мессия – куткаруучу же асмандан белги түшкөн киши катары сезет.

Кийин Атамбаевдин Феликс Куловго “Миң адам өлсө да бийликти тартып алам” дегенин бир нече жолу жарыялашты.

2011-жылы таза эмес президенттик шайлоодон кийин Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү “шеф эми жакшы иштеп, мамлекетти оңдойлу” десе, Атамбаев “мен 20 жыл Акаев жана Бакиев менен күрөштүм, чарчадым, эми эс алам, иштебейм” дегени ачыкка чыккан.

Ушундай эле примитивдер менен ал киши 6 жыл президенттик мөөнөтүн өткөрүп жиберди. Өлкөнү карызга жана коррупцияга батырды. Сөз эркиндигин жана адам укугун чектеди. Бирок мунун баарын ал өзү көрбөйт жана билбейт. Анын көз карашы боюнча анын президент болушу эле любой өлкөнү гүлдөп-өсүүгө алып келет.

Акырында бийликти кармап калгысы келип, эң жоош, эң конфликтсиз досуна бийликти алып берип өзү көшөгө артында кайрадан эле башкара берем деп ойлоду. Анткени ал өзүн мессия – куткаруучу же асмандан белги түшкөн киши катары сезет. Анын өзүнө окшогон көз караштагы ээрчигендери бар.  Атамбаев дүйнөгө мына ушундай көз менен карайт.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков ислам динин бекем туткан, ошондуктан кандайдыр бир сырдуу күчтөргө ишенбеген адекваттуу киши. Албетте ал анын президент болуп калышына досунун салымы бар экенин билет. Бирок, ал досунун көлөкөсүндөгү ээрчиме саясатчы болгусу келбейт. Өз алдынча, көз карандысыз саясат жүргүзгөн президент болгусу келет. Сокенин арты таза болгондуктан ал азыр коррупция менен да эч нерседен коркпой күрөшө алат. “Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт” дегендей Бишкек ТЭЦинен 150 миллион долларга чейин акчаны уурдап жеген атамбаевчилер ал айыпты Сокеге артып салабыз деп өздөрү ага жол ачып беришти, эми Соке менин оюмча Бишкек ТЭЦиндеги коррупциянын бетин толук ачып берет. Жакында Кытайга баратканы да жөн эмес, Кытай жетекчилери менен тил тапса ТВЕАны жакшылап “ийлетсе” бүт чындык ачыкка чыгат, алар биздин бийликке канча акчаны каякка котортуп алганын бүт айтып берет. Ушундай эле “Датка-Кемин” , Түштүк-Түндүк альтернативдүү жолу, Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо сыяктуу көптөгөн долбоорлордогу уурдап-тоноолорду ачыкка чыгарып алса болот. Ошондо 2010-жылы банкрот болуп олтурган бизнесмендер кантип 7 жылда мультимиллионер болуп кеткени дароо билинип калмак.

Сокенин ниети таза. Ал тарыхта жакшы ат менен калган президент болгусу келет. Бирок күчтүү командасы жок. Ал эми аны канткенде чаап салсам деп эки көзү төрт болуп турган атамбаевчилерде чон каржылык ресурстар жана күчтүү шылуундар командасы бар. Орто кылымдарга таандык трайбалисттик-регионалдык идеологиясы бар. Бул өтө коркучтуу жагдай. Алар азыр ыңгайлуу учурду күтүп бугуп жатышат. Күздөбү же жаздабы ыңгайы келсе кол салып төңкөрүп салабыз деп.

КСДПнын кайрылуусунда С. Исаков, К. Кулматовдорго карата саясий куугунтук болуп жатат деп белгиледи. Бул айласы жоктун белгиси болдубу?

– Саясый куугунтук болушу үчүн саясый идеологиялардын күрөшү болуш керек. Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов кайсы идеологиянын негизинде ким менен күрөштү? Мисалы, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Толубаев, Максат Кунакунов, Марат Султанов, Эрнес Карыбековдор Атамбаевдик режимге каршы чыгып, Атамбаев бийликти узурпациялап алды деп ага каршы элди митингге чакырышканы үчүн Атамбаев аларды саясый куугунтукка алып камап салды.  Мына ушуну саясый куугунтук десе болот. Ал эми Сапар Исаков менен Кубаныч Кулматов кимге каршы чыгышты? Эмне Жээнбековго каршы элди митингге чакырыштыбы? Тескерисинче Жээнбеков алардын миллиондогон уурулугун мойнуна коюп жатат. Анан ушул ууруларды жактаган трайбалисттер-регионалисттер бар экенине таң каласын…

КСДП депутаттары заматта шефин сатып кетти, бул партия “Ак жолдон” да начар кейипке келдиби?

-КСДП партиясын мен жогоруда айткандай Атамбаев башка бир негиздөөчүлөрдөн тартып алганын Абдыганы Эркебаев, Тойгонбай Калматов, Амангелди Муралиев жана башкалар ачык эле айтып же жазып жүрүшөт. КСДП бул бир адамдын партиясы – Атамбаевдики, анын аты социал-демократиялык деп аталганы менен жүргүзгөн идеологиясынын социал-демократияга такыр тиешеси жок. Атамбаев бийликтен кетери менен партия да ыдырай баштады. Мындан ары да партия күн өткөн сайын чачырай берет, акырында Атамбаев айлык берип иштеткен гана адамдар калат. Бийлик коррупция менен чындап күрөшсө КСДПнын кыйынчыкмаларынын 90% камалып, уурдагандарын кусуп, казынага төлөп берет.

Сиз Максимди жакшы эле таанып калбадыныз беле. С. Исаковдун Максимдин кол алдында иштеп жүргөн учурундагы абалын көрүп калсаңыз керек. Өзгөрүлдүбү, финансы жагынан?

– Мен айтпай эле, кечээ, 16-майда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Алманбет Шыкмаматовдун айтканын мисалга тартайын. Шыкмаматов минтип айтты: “2009-жылы Максим Бакиев  Кытайга делегация менен барган, анын ичинде Сапар Исаков да бар эле, ошондо Максим Бакиев Кытай бийлиги менен сүйлөшүп, Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 150 млн долларга келишим түзүп келсе, кийинки бийлик 386 млн долларга чыгарып жиберип жатпайбы!” деп. Муну менен депутат Шыкмаматов Сапар Исаков менен Атамбаев Максим Бакиевге караганда ким экенин ачып көрсөтүп жатат. Же болбосо депутат Каныбек Иманалиев “Күмтөрдөгү мөңгүлөрдү талкалоого канадалыктарга Бакиевдер да уруксат бербеген болчу, ал эми Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда мөңгүлөрдү талкалоого канадалыктарга уруксат берди, азыр талкалап жатышат” деп бетине айтты. Ал эми Сапар Исаковду премьер-министрликке Алмаз Атамбаев алып келгенин жана куурчак сыяктуу башкарганын силер баарыңар билесиңер. Ошондо Бакиевдин эң көп сынчылары атамекенчи депутаттар Сапар Исаков менен Атамбаевди Бакиевдерге салыштырып өз бааларын берип жатышат. Мен баа бербей эле койоюн. Бул салыштыруу Бакиевдерди мактоо үчүн эмес, алардан кийин, 2010-жылы келген келген бийлик кыргыз үчүн кандай коркунучтуу экенин аңдап билүү үчүн  пайдалуу. Айрым бир катмар трайбалисттик-регионалдык деңгээлден көтөрүлүп, көзү ачылыш керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Текебаевдин ишинен президент алыс болушу керек

Учурда Өмүрбек Текебаевди камактан бошотуу, болгондо дагы саясий куугунтук көргөн «периште» кылып актоо талабы менен эркиндикке чыгаруу аракети катуу жүрүп жатат. Мындан улам, Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык, анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул ишке Жогорку Кеңештин депутаттары дагы аралашууда. Албетте, Жогорку соттун өкүмү акыркы чекит. Эми Башкы прокуратура эмне деген жүйөсүн келтирет кызык. Кызыгы, Текебаевдин иши кайра каралып, ал акталса же камакта калса дагы бул нерсе президент Сооронбай Жээнбековдун кадырын көтөрбөйт. Тескерисинче күмөндүү жагдай жаратат. Президент «былык ишке» аралашса аброюна көлөкө түшүрүп алышы ажеп эмес. Андыктан бүткөн ишти козгобой, жайына коюшу керек… Анткени чукулаган сайын каңылжаарды жарган иштин артынан жакшы сөз ээрчибейт…

Булак: “Фабула”

Суу жүрөк Азыранкулов президентке эмне кеңеш айтат?

Алмазбек Атамбаевдин тушунда гүлдөн-гүлгө конгон аарыдай улам бир кызматка секирип чалчаңдаган Айбек Азыранкулов учурда Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп отурат. Кызыгы, эмне кеңеш айтып жарытат болду экен деп таң калгандар арбын. Анткени бул жигит Жогорку Кеңештин депутаты, Чүй облусунун губернатору, миграция кызматынын жетекчиси болуп турганда мажүрөө аткаминер экенин айгинелеген. Жарытылуу иш кылган жок. Ал түгүл демилге, сунуш да көтөргөн жан эмес. Баса, 2010-жылы 7-апрелдеги окуяда Жогорку Кеңештин кол тийгис мандаты бар депутаты болуп туруп Бакиевдерден калчылдап коркуп, бир таанышынын үйүндө жашынып жаткан «баатырдыгы» бар. Анан ушундай суу жүрөк, өзүнөн демилге чыкпаган неме президентке кандай кеңеш айтат болду экен, табышмак…

Булак: “Фабула”

Кызын зордуктаган адам кармалды

Баткенде кызын зордуктоого шектелген адам Орусиядан кармалды. Айта кетсек, Баткен облусунда 16 жаштагы кызын зордуктап жүрүп, кызы кош бойлуу болуп калганда Орусияга качып кеткен жаранга мамлекет аралык издөө жарыяланган болчу. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы окуя 2015-жылы болгонун билдирген. Анда аялы ооруп, шаарга эки айга дарыланганга кеткенде 1973-жылы туулган жаран 16 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Кийин кызынын боюнда бар экенин билип, Орусияга чыгып кеткен.

Кылмышка шектүүнүн апасы небересин Тажикстанга алып барып дарынын жардамы менен төрөткөнү маалымдалган. Бала тирүү же өлүү төрөлгөнү белгисиз, ымыркай Марказ айылына алып келинип жерге берилген. Кийин 16 жаштагы кыз катуу ооруп дарыланган, бул тууралуу кеп айылга тараган. Окуяны милицияга кылмышкердин аялы билдирип, арыз жазган.

Булак: ”Азия Ньюс”

Талант Мамытов, депутат: Кулаган соттор ишмердигине жараша бааларын алышты

Парламент Жогорку соттун судьялыгына беш талапкердин үчөөнү кулатты. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында, Нургүл Бакирова 82 добуш жана Кыдык Жунушбаев 70 добуш менен шайланып, дароо эле ант беришти. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен. Ал эми калган үч талапкер: Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Айдарбек Алымкуловдун талапкерлиги көпчүлүк добуш менен өтпөй калды. Эске салсак, Воронцова менен Алымкулов жарандык коом өкүлдөрүнүн “кара тизмесине” кирген, репутациясы бузулган, мыйзамсыз чечимдерди чыгарып, бийликтин саясый буюртмаларын аткарган соттор катары аталып келген. Жогорку сотко тандалган судьялар тууралуу депутат Талант Мамытовдун оюн уктук.

– Талант мырза, мурда-кийин Жогорку сотко талапкер судьялар парламентке келгенде дээрлик баардыгы колдоо таап кетишчү эле. Бул жолу үч судьяны чаап салдыңыздар. Бул эмненин белгиси дейсиз?

– Депутаттардын жоопкерчиликтүү тандоосунун белгиси. Бул судьялар Жогорку сотко барышат, акыркы инстанция болгондуктан, алар канчалаган тагдырларды чечишет. Демек, Жогорку сотко ишти калыс караган, адилеттүү чечим чыгарган соттор келиши керек. Бул жолу парламент кылдат карап, адилеттүү чечим кабыл алды деп ойлойм. Ар бир талапкер менимче, өзүнүн ишмердигине, кылган ишине жараша баа алды. Бул тандоо тандалгандарына да, өтпөй калгандарына да үлгү болушу керек. Ким таза иштесе, өйдө жактын оозун карап, коркуп-үркүп, чечимин өзгөртпөй, мыйзамдын негизинде чечим чыгарса өтөт экенин биле турган болушту. Туура тандоо – сот системасын өзгөртүүгө, адилеттүүлүктү орнотууга, элдин сотторго болгон ишенимин кайтарып алууга өбөлгө болот деп ишенем.

Динар Турдугулова

Булак: ”Азия Ньюс”

Видео - Технологиялар паркынын имараты талашка түштү

Илимдер академиясынын Автоматика жана маалымат технологиялары институтунун жамааты имаратты “Жогорку технологиялар паркынын” дирекциясына өткөрүп берүү тууралуу Сапар Исаков премьер-министр кезинде чыккан өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу маселесин көтөрүп жатат. Ал эми “Жогорку технологиялар паркы” дирекциясынын өкүлдөрү институттун негизинде IT тармагын бириктирген эко система түзүүнү көздөп жатканын айтышууда.

 

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Видео - Маршруткада комуз черткен жыгач уста

53 жаштагы Орозбек Пазылов 2002-жылы Лейлектен Бишкекке көчүп келген. Шаар четиндеги жаңы конуштардын биринде эки бөлмөлүү батирде жашайт. Жыгач уста азыр өзү сүйгөн комузду өрүк, жаңгак, кара жыгачтан чаап, сатып жаткан убагы. Базарга өзү жасаган эмгегин алып баратып сапарлаштарына ырдап берет.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

 

Петербургда Путин менен Макрон Украина, Иран жана Сирия маселесин талкуулашты

Франция президенти Эммануэль Макрон жана Орусия лидери Владимир Путин Петербург экономикалык форумунун алкагында жолугушту. Алар киберкылмыштуулук менен күрөшүү жана Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин аткарылышын талкуулашты.

Үч саатка созулган сүйлөшүү учурунда АКШнын Иран боюнча өзөктүк келишимден чыгышы жөнүндө да сөз болду. Макрон келишимдин алкагында Тегеранды өз милдеттенмелерин аткаргыдай абалга жеткирүү керек деп эсептейт. Франция президентинин пикиринде, АКШнын санкцияларына карабай, европалык компаниялардын Иранда иштей берүүсү үчүн бардык ишти жасоо зарыл.

Макрон Сирия маселесине келгенде, жаңжалды чечүү жараянына аймактагы бардык державалар катышууга милдеттүү деген көз карашта.

Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу учурунда Орусия менен Франция ортосунда маданий мурас жана атом энергиясын тынч максатта колдонуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен боло турган саммитин токтотту

АКШ президентинин Түндүк Корея лидерине жазган катын Ак үй 24-майда таратты.

Посмотреть изображение в ТвиттереАнда Трамп Түндүк Кореянын акыркы билдирүүлөрүндөгү “эбегейсиз кыжырдануудан жана ачык кастыктан” улам узактан бери күтүлгөн жолугушууну азыркы тушта өткөрүүнү орунсуз деп тапканын белгилеген.

Эгер Ким Чен Ын көз карашын өзгөртүп, жолугушуунун жаңы убактысын аныктагысы келсе, ага “телефон чалып же кат жаза аларын” кошумчалаган.

Ал Түндүк кореялыктар өзөктүк кубаты жөнүндө айтып жатканына, АКШнын өзөктүк мүмкүнчүлгү андан “кыйла чоң жана күчтүү” экенине, “бирок алар эч убакта колдонулбайт деп Кудайдан тилерине” да токтолгон.

Ким Чен Ын америкалыктарды барымтадан бошотконуна ыраазылык да билдирген Трамп катында “дүйнө жана өзгөчө Түндүк Корея узактан бери күтүлгөн тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө өтүү мүмкүнчүлүгүн койо берди. Жоголгон бул мүмкүнчүлүк тарыхтагы чыныгы өкүнүчтүү учур” деп да жазат.

АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин саммити буга чейин 12-июнда Сингапурда өтөрү айтылган.

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун бүгүн Сенат комитетинде билдиргенине караганда, Пхеньян АКШ тараптын саммиттин логистикалык жагын талкуулоо боюнча утур-утур жолдонгон өтүнүчтөрүнө жооп берген эмес. Ушул жагдай да саммитти токтотуунун кошумча себеби болду.

Вашингтондун соңку жарыясына карата Түндүк Корея реакциясын билдире элек.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Казакстан өзбекстандык абитуриенттерге 10 миң гранттык орун бөлдү

Казакстан Өзбекстанга жогорку окуу жайлардан 10 миң гранттык орун берди. Нурсултан Назарбаевдин чечими Самаркандда өткөн Казакстан билим күндөрүндө белгилүү болду.

Бүтүрүүчүлөр Казакстандагы университет, институт жана академияларда жеңилдетилген шарттарда экономика, техника, медицина жана гуманитардык багыттарда жогорку билимге ээ боло алышат.

Мындан тышкары жогорку билим жөнүндөгү дипломдорду эки мамлекетте тең тануу боюнча иштер жүрүүдө.

Быйыл Казакстанда Өзбекстан жылы өтүүдө.

Өзбекстан акыркы мезгилде Казакстан менен ар кыл тармактарда кызматташууну жандандырууда. Бул убакыт аралыгында эки өлкө ортосунда 62 миллион долларлык сегиз документке кол коюлду.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Өзбекстан менен Amnesty International кызматташуу жолдорун талкуулашты

24-майда Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинде Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун делегациясы менен жолугушуу өттү.

Өзбекстан ТИМинин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуу учурунда Ташкент менен Amnesty International ортосундагы өз ара байланыштын келечеги талкууланды.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Мари Струтер жана анын кесиптештери Ташкентте Башкы прокуратура, Жогорку сот жана бир катар министрлик менен мекемелерде болушканын билдиришип, алган таасирлери менен бөлүшүштү.

Жолугушууда ТИМ өкүлдөрү Өзбекстанда Amnesty International уюмунан жашыра турган маселелер жок экенин, адам укугун коргоо тармагындагы иштер уланарын белгилешти.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Тажикстан 9 миллионунчу наристенин төрөлүшүн күтүүдө

Тажикстанда 9 миллионунчу наристенин төрөлөрүнө бир нече күн калды. Ал балага жана ата-энесине белектер берилери күтүлүүдө.

Тажикстан президентинин алдындагы статистика боюнча агенттик билдиргендей, быйылкы жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен калктын саны 8 миллион 973 миң кишини түзгөн.

​Тажикстан Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча апрелде 20 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген. Мындан улам тажик бийлиги “тогуз миллионунчу жашоочунун төрөлөрүнө саналуу күндөр калды”, деп билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, жакынкы үч күндүн аралыгында өлкөдөгү бардык төрөтканаларда күнү-түнү нөөмөт уюштурулуп, тогуз миллионунчу жашоочунун төрөлүшүн аныктоо жараяны өтөт. Ал наристенин үй-бүлөсүнө белектер берилет. 2013-жылы Тажикстанда сегиз миллионунчу болуп төрөлгөн баланын ата-энесине Душанбеден төрт бөлмөлүү батир ыйгарылган.

Тажикстан балдардын төрөлүшү боюнча мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинде алдыда келе жатат. Статистикалык маалыматтар боюнча жыл сайын калктын саны 2,2 пайызга же 200 миң кишиге көбөйүүдө.

​Ошол эле маалда Борбор Азия боюнча Тажикстан гана расмий түрдө жарандарына аз балалуу болуу кеңешин берип келет.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Бишкек абактагы казакстандык активистти мекенине өткөрүп берет

Башкы прокуратура Бишкекте кармалган жана саясий башпаанек сураган активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берүүгө макул болду. Астана аны тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптоодо.

Тунгышбаевдин адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымына, Башкы прокуратура казак тараптын өтүнүчүн 21-майда канааттандырган. Ал бул чечимге макул болбой, доо арыз менен сотко кайрыларын билдирди.

Казакстанда кылмыштуу топту каржылоого, экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталган Тунгышбаев учурда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурат.

Кыргызстандын күч түзүм кызматкерлери 10-майда Тунгышбаев жашаган Бишкектеги батирди тинтүүгө алып, аны кармап кетишкен. Электрондук жабдууларын алып коюшкан.

Тинтүүгө жол берген документте Муратбек Тунгышбаев азыр Европада жашаган казакстандык экс-банкир, оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына маалымат берип турганы айтылган. Бул кыймыл Казакстанда экстермисттик уюм деп табылган.

Адвокат Нурбек Токтакунов казак бийлиги Муратбек Тунгышбаевге саясий себептерден улам кылыш ишин козгогон деп эсептейт. Анын маалыматы боюнча активист расмий Астананы сындап келгени үчүн куугунтуукка кабылган.

Токтакунов 15-майда Мамлекеттик миграциялык кызматка кайрылып, активистке саясий башпаанек берүүнү өтүнгөнүн билдирди.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

АКШ түркмөн пахтасынын импортуна тыюу салды

АКШ Түркмөнстан пахтасы жана анын кошулмалары бар буюмдарга тыюу салды. Бул тууралуу АКШнын бажы жана чек ара көзөмөлү кызматынын сайтында айтылат. Тиешелүү чечим 18-майда эле кабыл алынган, бирок эми гана белгилүү болду.

Америка мыйзамдарына ылайык, АКШга кулдардын жана балдардын эмгеги колдонулган жана эмгек кодекстерин бузуу менен өндүрүлгөн товарларды алып кирүүгө тыюу салынат.

Америкалык белгилүү Crowell & Moring юридикалык компаниясы бул чектөөнү “Пахта кампаниясы”, “Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” жана Эмгек укуктары эл аралык форумунун петициясына байланыштырууда. Алар АКШ мыйзамдарына таянып, түркмөн пахтасын импорттоого тыюу салууну сунушташкан.

Петицияга кол койгондор түркмөн өкмөтү бюджет кызматкерлерин жана 10-15 жаш курактагы балдарды мажбурлоо жолу менен ырааттуу түрдө пахта теримге мажбурлай турганын билдиришкен. Мындан тышкары бийлик бул көйгөйдү чагылдырган журналисттерди жана укук коргоочуларды куугунтуктап келери айтылган.

Буга чейин H&M, IKEA, Inditex жана VF түркмөн пахтасын жана текстилин колдонуудан баш тарткан. “Пахта кампаниясынын” башчысы Мэттью Фишер-Дали Түркмөнстандагы пахта индустриясы боюнча көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты. Анын билдиришинче, бийлик бул маселени катуу көзөмөлдөйт, жарандар болсо ачык сүйлөөдөн коркушат.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Атамбаев өзүн кадимки эле орто кылымдардагы падышадай алып жүрдү — бул оюнчук же тамаша эмес, бул демократияда эң оор кылмыш”

Коомдук ишмер, чындык деп чыркыраган, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн Эдил байсалов менен мамлектеибиздеги саясый  кырдаалдар тууралуу ой бөлүшүп, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Эдил мырза кокус Атамбаев кол тийбестиктен ажыраса, кайсыл иштери үчүн жоопко тартылышы мүмкүн?

-Эң биринчи күнөө жана доомат бул бийликти узурпациялоо боюнча болот. Анкени, Алмазбек Атамбаевдин президент кезиндеги кайда жана  кайсы элде сүйлөсө да, боорду эзип, оңдогон кылмыштарды жасап атканын өзү айтып берчү — ошолорун эле бетине кармаш керек.Ошондой эле  бул укук коргоо системасын пайдаланып саясий оппонентерди камоо жана соттоо боюнча өзү чечим чыгарганы боюнча жоопко тартыш керек. Себеби, муну кийлигишүү деп айтууга да болбойт.  Атамбаев жеке өзү чечип атканын ачык эле айтчу. Бакиев менен Акаев эч качан, мисалы, алар чечип атканын жарыялашчу эмес. Алар эч качан УКМК же Башкы прокурорго түздөн түз буйруктарды да беришкен эмес. Мисалы,  «Белизгейт» жана башкаларын айтпаганда дагы  Данияр Нарымбаевди камака алганда «мен башкача эле чечип кое алмакмын» дегени өзү да эң оор кылмыш кылып атканын түшүнбөгөнүн көргөздү. Президентке эч бир мыйзам менен  ким камалат, ким камака алынбайт, ким соттолот, кимге көз жумулат деген бийликти ыйгарган эмес. Атамбаев болсо кадимки эле орто кылымдардагы падышадай өзүн алып жүрдү — бул оюнчук же тамаша эмес, бул демократияда эң оор кылмыш. 1993-жылкы Конституциябызда «узурпация власти — тягчайшее преступление» деген статьясы бар болчу. Аны анан алып ташташты, бирок мааниси элдин эркиндигин муунтуу — мындан оор кылмыш жок дегени, миң кишини өлтүргөндөн дагы оор жазага тете. Биз азыр Атамбаевдин бийлигинин табиятын уюшулган кылмыш группасына, мафияга теңеп атабыз. Бирок андай салыштыруулар дагы аздык кылат. Булар, мисалы, Канат Исаевди «насильственный захват власти» деген доомат менен бир кайсы бандиттердин сөздөрүнө таянып, камап коюшту. Эми так ушул сыяктуу камоолор үчүн Сегизбаев-Жолдубаева-Арабаев анан Атамбаев баш болуп ошол эле «насильственное удержание власти» жана «узурпация» деген статьялар менен кесилиши керек. Бирок бул да башы эле. Азыр экс-президенттик статусуна жамынып калышкан атамбаевчилер кече күнү ошол экс-президенттикке ээ Бакиев бир эмес, беш-алты жолу кайра кайра соттошподу беле, унутуп калыштыбы? Анда эмне Атамбаев унчуккан эмес: «соттобогула, ал экс-президент» деп? Бир жөн Бакиев 7-апрелде кандуу окуялары үчүн соттолсо — жок! Аны, мисалы, жанагы Карганбек Самаковдун жери боюнча козголгон ишке аралаштырып, эки жүз гектар сенин убагында туура эмес пайдаланган деп, өмүр бою эркинен ажыралатып атат. Көрүп атасызбы? Президент каякта анан кайдагы бир гектар жерлер? Эч бир документинде колу жок болгон күндө дагы, Бакиевди президенттигинин учурунда мыйзам бузулган, ошого жооптуу деп Атамбаевдин прокуратурасы жана соттору өкүм чыгарып берип атышат. Эми ушул эле аналог менен кетсек, мындай “хозяйственный” иштерден жүздөп чогулат, Бишкек ТЭЦ боюнча чатак чепуха эле. Акаев менен Бакиевтин түшүнө дагы Атамбаевдин авторитаризми, өзүмбилемдиги кирген эмес. Алар президенттик Конституция менен башкарышкан, бирок ошол Конституция менен азыр деле жашаган күндө дагы, Атамбаевчилеп килейген мамлекеттик чечимдер мынча шашма жана сапатсыз жол менен кабыл алынган эмес.

Сиз мурунку бизге берген интервьюңузда Атамбаевдин бийлигин пианиного ойногон маймылдын какафониясына салыштырган элеңиз. Бийлиги начар, айткан сөзүнүн көбү калп болуп чыкты, бирок ошол какафония үчүн соттосо болобу?

-Акылы жетпей калыптыр дейли, бирок ал кылмыш эмес да. Туура! Мен дагы, ушул кетсе, баардыгын кечирип берет элек деп айтчумун. Бирок, мына бийликтен кеткенине бир ай жетпей Бишкек ТЭЦ авария болуп тоңуп, эбегейсиз коррупциянын изи ачылды. Бул бир эле долбоордон. Мындайлар толтура. Өзү моюнга алганы бар “мен бир дагы көрүнүктүү ишкана ачкан жокмун” деп, бирок ушул Кытайдын карызына салынган энергетика жана жол объектилерин бизге милдет кылчу, «мына кыйратым» деп. Резиденцияда болсо уялбай бир миллион евролук хан сарай салып алып жашап атат. Кыжырын келет экен. Бул киши жаш балдардын каны менен бийликке келген. Ошол кан менен ант берген. Канчалаган курмандыкка барды кыргыз элибиз. Ошонун жообун алышыбыз керек! Экинчиден, бул жакшы карыбай, кайра элди коркутканга өтпөдүбү. «2005 жана 2010-жылкыдай төңкөрүп салам” деп ачыктан ачык эле жарыялап атпайбы. Биз тим койсок, күзүндө эле элде кичине нааразылык күчөгөн күнү баягы көңгөн адатка салат. Колунда чексиз байлык, эң күчтүү маалымат каражаттары бар. Үчүнчүдөн болсо, бул киши башкарган жети жыл бою жети жыл мурунку президенттерди күнөөлөп келди: баардыгына ошол экөө күнөлүү болуп чыкты. Баягы эки жыл мурун жайында Москвада типография өрттөнүп, биздин жаш кыздар өлгөндө, мен айткам: «ошол кыздар Атамбаев бийликке келгенде 10-12 жашта болчу, алар Москвада иштегенине Акаев же Бакиев күнөлүүбү” деп. Ошол өрт чыккан жерде ыйлаган бир жаш кыздын “знайте, придурки” деп айтканы азыр дагы баардыгыбыздын эсибизде. Анан кантип биз эми азыр “Атамбаевтин кол тийбестиги бар, өмүр бою аны багып, төрүбүздө сыйлашыбыз милдет” дейбиз?

 Акаев менен Бакиевдин авторитаризми быякта эле калат дегениңизди чечмелеп берсеңиз?

-Какафониядан эки эле мисалды келтирейин, кайрадан эле жеке менин эсимде өзгөчө калганын. Мисалы, Север-Юг жол курулушу боюнча эч ким менен кеңешпей эле, талкууга салбай эле, парламентке, өкмөткө добушка салбай, жеке өзү чечим кабыл алып койгон. Ал жолдун курулушу керекпеле, жокпу, кайсы маршрут менен жүргүзүшүбүз туура болот дегенди эч ким талкуулаган эмес. Ошол жакка кеткен миллиард доллар карызды биз башка, мындан дагы пайдалуу жака жумшасак болот эле да, туурабы? Казарманга туннель салып, берки Нарынга жолду оңдоп койсок. Эсиңердеби, кайра эле ушул Атамбаевдин тушунда Оштогу бир көпүрөнү “непродуманно” салдың деп Мелис Мырзакматовду кызматынан шыпырып, аягы мекенден айдап чыгарышканын. Ошондо кайсы бир милисанын майору оозу менен “непродуманно” деп айып коюп атат, бирок ал чечимди Мырзакматов баардык тийиштүү органдардын, шаардык кеңешинин буйругунун негизинде чыгарган күндө дагы. “Непродуманный” дегени бул чечимди Атамбаеви жок эле чыгаргандары болду ал жергиликтүү бийликтер. Экинчи мисал, Жерүй кайра сатылып, андан бонус 100 миллион доллар накталай акча түшөт. Аны дагы Атамбаев эч ким менен кеңешимиш да болуп койбой, “мектептердин курулушуна” деп чечим жарыялайт ошол эле замат. Эсиңердеби? Ошондо айтты эле го “мен кеткиче бүт мектептер оңолот, бир дагы мектеп капиталдык ремонтко муктаж болбойт” деп. Биздин Конституциябыз боюнча президенттин андай чечимдерди эмес, өзүнүн аппаратынын бюджетин дагы бекиткенге дагы кымындай укугу жок. Анын баардыгы толугу менен өкмөткө жана Жогорку Кеңешке өткөрүлүп берилген. Атамбаев Кыргызстанды падышадай эле, жеке менчик фирмасындай эле башкарды. Ушунча чексиз бийликке ээ болду, Конституцияны дагы, башка бийлик бутактарын бар жок экенин дагы унутуп калган. Өзүн Кудайдай эле көрүп калган үчүн, ошол чексиз бийликке мастыгынан “мен президенттикти кайсы бир байкушка өткөзүмүш болуп, өзүм эле чексиз башкара белем” деп жаңылды. Азыр дагы ошол мастыгы тарай элек. Баягыдай эле “мени кыргыз эли кудайындай эле сүйөт” деген ойдо.

из Атамбаевдин камалаарына  ишенесизби ?

-Биз андан сөзсүз экс-президент деген макамды алып коюшубуз керек. Бирок, бул жерде өтө чоң дыкаттык маанилүү. Мен толугу менен президенттердин кол тийбестигин жоюга каршымын. Анан ал иммунитетти дагы жокко чыгаруу оңой болбошу керек. Президент көп душманды күтөт. Ал ар кандай оор чечимдерге барышы мүмкүн, анан ошол чечим чыгарып атканда (мисалы, согуш учурунда миңдеген жаш аскерлерди мекен үчүн өлүмгө буюруп атканда, ал ойлонбошу керек, мен эртең жооп берип каламбы бул чечимим үчүн деп). Ошондуктан, мен сунуштап атам экс-президенттин статусун так ошол Конституциянын 67-статьясында көрсөтүлгөн импичмент процедурасы менен жокко чыгарылышы керек: депутаттардан үчтөн бири демилге көтөрүп, ал демилге Баш прокуратура тарабанан колдоого алынып, анан 80 депутаттан аз эмес добуш менен акыркы чечимди кабыл алсак болот. Экс-президент деген макам алынгандан кийин, Атамбаев резиденциядан көчүрүлөт, андан мамлекеттик күзөт дагы алынат. Сотко дагы тартылышы мүмкүн. Бирок азыр социалдык тармактарда камалышы боюнча талаптар көп айтылып атат, биз алдын ала айтышыбыз керек, Атамбаев камалган күндө дагы, колонияларда зэктер менен чогуу отурбайт. Биз өзүбүздү сыйлашыбыз керек. Азыркы эле элдин жек көрүүсү бул өтө чоң жаза. Эртең аны сот эркиндигин ажыратуу боюнча дагы өкүм чыгарган күндө дагы, Атамбаевке биз өзүнчө, атайын шарты бар түрмөгө камап шарт түзүп беришибиз керек. Биз эч качан аны же болбосо Текебаев же ошондой жогорку рангтагы мурунку элдик жетекчилерди зэктерге, же черныйларга жем кылып салып бербешибиз керек. Мыйзамдын эле жазасы — эркиндигин ажыратуу же болбосо, чектөө, ошол эле жетиштүү болот.

-Депутатардын ишенимине ээ болбой кеткен премьер-министр Сапар Исаков УКМКга үч ирет катары менен суракка чакырылыганда, саясый куугунтук башталды деп жиберди. Чындап эле Атамбаевчилер куугунтукка кабылып, жоопко тартылчу кез келдиби?

-Булардын телеканалы, угушумча, Сегизбаевди дагы “куугунтуктун курмандыгы”деп жарыялашыптыр. Бул орусча айтканда: “было бы смешно, если бы не было так грустно”! Өздөрү канча репрессия уюшутуршту. Акаевдин дагы, Бакиевдин учурунда мынча саясий туткун, Атамбаевтин доорундагыдай акыйкатсыздык болгон эмес. Эми азыр эч нерсе  боло электе эле “куугунтук” деп айтып чыккандарына айла жок жылмаят экенсиң. Сапар Исаков  өзү премьер-министр болуп турганда тергөөгө тапшырма бербеди беле. Аны сиз же мен уюштурган жокмун да, туурабы? Эштеке боло электе эле, эмне мынча чыңырышат? Исаков боюнча мен аябай таң калдым, чынын айтсам. Кече күнү эле жылмаю менен баардык келген чет элдик делегацияларга “бизде тергөө жана соттор толугу менен адилеттүү, көз каранды жана калыс” деп жооп берип, узатчу. Анан ал бийликтен түшөөр замат эле, саясий заказ системасы орноп калдыбы? Жанагы досу Талант Султанову болсо кытайча дагы даттанып, анан англисче failed state деп жазып атат, мекенибизге кыйрап калган деген аныктама берип. Булар Максим Бакиевдин ЦАРИИсинен түздөн түз Атамбаевдин 7-катабына барып, кыргыздын улуттук тагдыры менен каалагандай куурчак-оюнчугундай эле ойногон балдар эми ал оюнчукту колунан алар замат, мекенибиз failed state болуп калат экенда. Исакову болсо кайра кайра эле интервьюларында кайталайт “мындайга эл жол бербейт, андай заман өткөн” деп. «Эй, Исаков, сен өмүрүндө бир жолу чындык үчүн күрөштүң беле? Бир жолу элдин таламын талаштың беле? Максимдин жанында жүрүп, бир жолу элиңди эстедиң беле? Атамбаевдин учурунда канча акыйкатсыздык болду, ошолорго бооруң оорубай, жок дегенде бир мүнөт алаксыдың беле? Эми кайсы моралдык укугун бар “андай заман өткөн, эл жол бербейт акыйкатсыздыкка” деп айтканга? Сен кимсин деги сага эл баардык ишин тыштап коюп болуша тургандай?” деп айткын келет экен. Мен ушул Исаковдун апломбун түшүнө албай койдум. Атамбаевтин бир түгөйү экен, иши кылса. Ошол үчүн бири бири менен тил табышса керек. Эбегейсиз зыян келтирди улуттук эгемендүүлүгүбүзгө, мамлекеттүүлүгүбүзгө ушул жигит. Бир дагы жолу патриот эмес. Максим талкалаганда ага колуна суу куюп жүрдү. Атамбаевге жардам бербей турмак, аны башкарып алган башынан эле. Бүт мамлекеттер менен мамилебиз бузулду. Анан мына Лигласс жана Бишкек ТЭЦ долбоорлору көрсөтүп тургандай — баардык чечимдер ушул Исаков аркылуу кабыл алынчу. Бул факт! Жөн эле кагаз ташыган бала деп айтайын десең, кайра өзү “я этим проектом горжусь”деп барган жеринде кайталап атат. Жарым миллиард доллар карызды ошол ТЭЦтин 600 долларлык кычкачтары үчүн моюнубузга илип койгонуна сыймыктанат экен. Муну элине чыккынчы деп айткандан башка сөз жок. Ушулардын катачылык-чыккынчылыгынан улам биз 2050-жылга чейин Тажикистанды, башкаларды тим кой, Тажикистанды кубалап, жете албайбыз, өнүгүүдө артта калдык. Кесепеттери мына азыр эле билинип атат, бирок булар калтырган миналардын көбүнчөсү дагы көптөгөн жыл бою алдыда жарылат.

Коррупционер деген ярлык тагылгандардын баарынын акчасы эми тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсепке которулуп, кыргызстан ушул жол менен тышкы карыздан кутулабы?

-Жок. Бул болбогон кеп. Акча чыкпайт. Бул жаш балдардын сөзү. Бул туура эмес жол. Карыздан деле коркпош керек. Кеп аны биз кандай пайдаланып атабыз. Кеп ошондо. Азыр деле Кытайга болобу, башкасына болобу карыз — башты жерге салбайлы. Баардыгы колубузда. Мыкты жетекчилик эле керек. Мен Атамбаевтин деле учурунда каршы болчумун “коррупция менен күрөшүүнү” улуттук идеяга айлантып жана негизги лозунг катары туу тутууга. Азыр дагы ошого тынчсызданам. «Кыргыздар өсүп-өнүкпөй эле, бири бирин камаганды, анан ошого сүйүнүп, мактанганды жакшы көрүшөт” деген сөзгө калабыз. «Бирөөлөрдү камап, анан алардын эсебинен карызыбыздан кутулабыз” десек — биз алыс кетпейбиз. Мамлекеттик денгээлде ой жүгүртүү жок эсе азыр. Атамбаевдин жолу туура эмес экенин баардыгыбыз түшүндүк, кудайга шүгүр. Бирок, кайсы жол туура, — ал жөнүндө дагы айтыла элек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан”

Кубанычбек Жумалиев, Сайдулла Нышанов, Мурадил Мадеминов - туруксуз кошоматчыларбы?

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу курулуп баштаганда «бирболчу» депутат Кубанычбек Жумалиев демилге көтөргөн, дал ушул жолго Алмазбек Атамбаевдин ысымын ыйгаруу боюнча. Кийин «ата-мекенчи» Сайдулла Нышанов лидери Текебаев түрмөдө жатса, кычашкандай кылып, Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын берүүнү оозанып, максатына жарым-жартылай жеткендей болгон. Дагы бир эл өкүлү, КСДПчы Мурадил Мадеминов болсо, «Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш кылды» деп, тердеп-кургай мактаса жаканды карманасың да. А соңку убакта АШАдан оомат тайып, келечекти ойлогондор андан жаа бою качып калышканы ачык байкалды го.

Кызыгы, береги «кошоматка кой сойгондой» үч депутаттын үнү учурда басандай түшкөнүн карагыла! Жарыктык кишилер ай – Жумалиев, Нышанов, Мадеминов! Үчөө эми бурчтан буйтап кетишпей эле аягына чейин Атамбаевге жагымпоздук кылышса, эл да «туруктуу кошоматчылар экен» дегендей кылышып, этектерин серпе туруп кетишмекпи?

Булак: ”Азия Ньюс”

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Атамбаев өзүн кадимки эле орто кылымдардагы падышадай алып жүрдү — бул оюнчук же тамаша эмес, бул демократияда эң оор кылмыш”

Коомдук ишмер, чындык деп чыркыраган, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн Эдил байсалов менен мамлектеибиздеги саясый  кырдаалдар тууралуу ой бөлүшүп, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Эдил мырза кокус Атамбаев кол тийбестиктен ажыраса, кайсыл иштери үчүн жоопко тартылышы мүмкүн?

-Эң биринчи күнөө жана доомат бул бийликти узурпациялоо боюнча болот. Анкени, Алмазбек Атамбаевдин президент кезиндеги кайда жана  кайсы элде сүйлөсө да, боорду эзип, оңдогон кылмыштарды жасап атканын өзү айтып берчү — ошолорун эле бетине кармаш керек.Ошондой эле  бул укук коргоо системасын пайдаланып саясий оппонентерди камоо жана соттоо боюнча өзү чечим чыгарганы боюнча жоопко тартыш керек. Себеби, муну кийлигишүү деп айтууга да болбойт.  Атамбаев жеке өзү чечип атканын ачык эле айтчу. Бакиев менен Акаев эч качан, мисалы, алар чечип атканын жарыялашчу эмес. Алар эч качан УКМК же Башкы прокурорго түздөн түз буйруктарды да беришкен эмес. Мисалы,  «Белизгейт» жана башкаларын айтпаганда дагы  Данияр Нарымбаевди камака алганда «мен башкача эле чечип кое алмакмын» дегени өзү да эң оор кылмыш кылып атканын түшүнбөгөнүн көргөздү. Президентке эч бир мыйзам менен  ким камалат, ким камака алынбайт, ким соттолот, кимге көз жумулат деген бийликти ыйгарган эмес. Атамбаев болсо кадимки эле орто кылымдардагы падышадай өзүн алып жүрдү — бул оюнчук же тамаша эмес, бул демократияда эң оор кылмыш. 1993-жылкы Конституциябызда «узурпация власти — тягчайшее преступление» деген статьясы бар болчу. Аны анан алып ташташты, бирок мааниси элдин эркиндигин муунтуу — мындан оор кылмыш жок дегени, миң кишини өлтүргөндөн дагы оор жазага тете. Биз азыр Атамбаевдин бийлигинин табиятын уюшулган кылмыш группасына, мафияга теңеп атабыз. Бирок андай салыштыруулар дагы аздык кылат. Булар, мисалы, Канат Исаевди «насильственный захват власти» деген доомат менен бир кайсы бандиттердин сөздөрүнө таянып, камап коюшту. Эми так ушул сыяктуу камоолор үчүн Сегизбаев-Жолдубаева-Арабаев анан Атамбаев баш болуп ошол эле «насильственное удержание власти» жана «узурпация» деген статьялар менен кесилиши керек. Бирок бул да башы эле. Азыр экс-президенттик статусуна жамынып калышкан атамбаевчилер кече күнү ошол экс-президенттикке ээ Бакиев бир эмес, беш-алты жолу кайра кайра соттошподу беле, унутуп калыштыбы? Анда эмне Атамбаев унчуккан эмес: «соттобогула, ал экс-президент» деп? Бир жөн Бакиев 7-апрелде кандуу окуялары үчүн соттолсо — жок! Аны, мисалы, жанагы Карганбек Самаковдун жери боюнча козголгон ишке аралаштырып, эки жүз гектар сенин убагында туура эмес пайдаланган деп, өмүр бою эркинен ажыралатып атат. Көрүп атасызбы? Президент каякта анан кайдагы бир гектар жерлер? Эч бир документинде колу жок болгон күндө дагы, Бакиевди президенттигинин учурунда мыйзам бузулган, ошого жооптуу деп Атамбаевдин прокуратурасы жана соттору өкүм чыгарып берип атышат. Эми ушул эле аналог менен кетсек, мындай “хозяйственный” иштерден жүздөп чогулат, Бишкек ТЭЦ боюнча чатак чепуха эле. Акаев менен Бакиевтин түшүнө дагы Атамбаевдин авторитаризми, өзүмбилемдиги кирген эмес. Алар президенттик Конституция менен башкарышкан, бирок ошол Конституция менен азыр деле жашаган күндө дагы, Атамбаевчилеп килейген мамлекеттик чечимдер мынча шашма жана сапатсыз жол менен кабыл алынган эмес.

Сиз мурунку бизге берген интервьюңузда Атамбаевдин бийлигин пианиного ойногон маймылдын какафониясына салыштырган элеңиз. Бийлиги начар, айткан сөзүнүн көбү калп болуп чыкты, бирок ошол какафония үчүн соттосо болобу?

-Акылы жетпей калыптыр дейли, бирок ал кылмыш эмес да. Туура! Мен дагы, ушул кетсе, баардыгын кечирип берет элек деп айтчумун. Бирок, мына бийликтен кеткенине бир ай жетпей Бишкек ТЭЦ авария болуп тоңуп, эбегейсиз коррупциянын изи ачылды. Бул бир эле долбоордон. Мындайлар толтура. Өзү моюнга алганы бар “мен бир дагы көрүнүктүү ишкана ачкан жокмун” деп, бирок ушул Кытайдын карызына салынган энергетика жана жол объектилерин бизге милдет кылчу, «мына кыйратым» деп. Резиденцияда болсо уялбай бир миллион евролук хан сарай салып алып жашап атат. Кыжырын келет экен. Бул киши жаш балдардын каны менен бийликке келген. Ошол кан менен ант берген. Канчалаган курмандыкка барды кыргыз элибиз. Ошонун жообун алышыбыз керек! Экинчиден, бул жакшы карыбай, кайра элди коркутканга өтпөдүбү. «2005 жана 2010-жылкыдай төңкөрүп салам” деп ачыктан ачык эле жарыялап атпайбы. Биз тим койсок, күзүндө эле элде кичине нааразылык күчөгөн күнү баягы көңгөн адатка салат. Колунда чексиз байлык, эң күчтүү маалымат каражаттары бар. Үчүнчүдөн болсо, бул киши башкарган жети жыл бою жети жыл мурунку президенттерди күнөөлөп келди: баардыгына ошол экөө күнөлүү болуп чыкты. Баягы эки жыл мурун жайында Москвада типография өрттөнүп, биздин жаш кыздар өлгөндө, мен айткам: «ошол кыздар Атамбаев бийликке келгенде 10-12 жашта болчу, алар Москвада иштегенине Акаев же Бакиев күнөлүүбү” деп. Ошол өрт чыккан жерде ыйлаган бир жаш кыздын “знайте, придурки” деп айтканы азыр дагы баардыгыбыздын эсибизде. Анан кантип биз эми азыр “Атамбаевтин кол тийбестиги бар, өмүр бою аны багып, төрүбүздө сыйлашыбыз милдет” дейбиз?

 Акаев менен Бакиевдин авторитаризми быякта эле калат дегениңизди чечмелеп берсеңиз?

-Какафониядан эки эле мисалды келтирейин, кайрадан эле жеке менин эсимде өзгөчө калганын. Мисалы, Север-Юг жол курулушу боюнча эч ким менен кеңешпей эле, талкууга салбай эле, парламентке, өкмөткө добушка салбай, жеке өзү чечим кабыл алып койгон. Ал жолдун курулушу керекпеле, жокпу, кайсы маршрут менен жүргүзүшүбүз туура болот дегенди эч ким талкуулаган эмес. Ошол жакка кеткен миллиард доллар карызды биз башка, мындан дагы пайдалуу жака жумшасак болот эле да, туурабы? Казарманга туннель салып, берки Нарынга жолду оңдоп койсок. Эсиңердеби, кайра эле ушул Атамбаевдин тушунда Оштогу бир көпүрөнү “непродуманно” салдың деп Мелис Мырзакматовду кызматынан шыпырып, аягы мекенден айдап чыгарышканын. Ошондо кайсы бир милисанын майору оозу менен “непродуманно” деп айып коюп атат, бирок ал чечимди Мырзакматов баардык тийиштүү органдардын, шаардык кеңешинин буйругунун негизинде чыгарган күндө дагы. “Непродуманный” дегени бул чечимди Атамбаеви жок эле чыгаргандары болду ал жергиликтүү бийликтер. Экинчи мисал, Жерүй кайра сатылып, андан бонус 100 миллион доллар накталай акча түшөт. Аны дагы Атамбаев эч ким менен кеңешимиш да болуп койбой, “мектептердин курулушуна” деп чечим жарыялайт ошол эле замат. Эсиңердеби? Ошондо айтты эле го “мен кеткиче бүт мектептер оңолот, бир дагы мектеп капиталдык ремонтко муктаж болбойт” деп. Биздин Конституциябыз боюнча президенттин андай чечимдерди эмес, өзүнүн аппаратынын бюджетин дагы бекиткенге дагы кымындай укугу жок. Анын баардыгы толугу менен өкмөткө жана Жогорку Кеңешке өткөрүлүп берилген. Атамбаев Кыргызстанды падышадай эле, жеке менчик фирмасындай эле башкарды. Ушунча чексиз бийликке ээ болду, Конституцияны дагы, башка бийлик бутактарын бар жок экенин дагы унутуп калган. Өзүн Кудайдай эле көрүп калган үчүн, ошол чексиз бийликке мастыгынан “мен президенттикти кайсы бир байкушка өткөзүмүш болуп, өзүм эле чексиз башкара белем” деп жаңылды. Азыр дагы ошол мастыгы тарай элек. Баягыдай эле “мени кыргыз эли кудайындай эле сүйөт” деген ойдо.

из Атамбаевдин камалаарына  ишенесизби ?

-Биз андан сөзсүз экс-президент деген макамды алып коюшубуз керек. Бирок, бул жерде өтө чоң дыкаттык маанилүү. Мен толугу менен президенттердин кол тийбестигин жоюга каршымын. Анан ал иммунитетти дагы жокко чыгаруу оңой болбошу керек. Президент көп душманды күтөт. Ал ар кандай оор чечимдерге барышы мүмкүн, анан ошол чечим чыгарып атканда (мисалы, согуш учурунда миңдеген жаш аскерлерди мекен үчүн өлүмгө буюруп атканда, ал ойлонбошу керек, мен эртең жооп берип каламбы бул чечимим үчүн деп). Ошондуктан, мен сунуштап атам экс-президенттин статусун так ошол Конституциянын 67-статьясында көрсөтүлгөн импичмент процедурасы менен жокко чыгарылышы керек: депутаттардан үчтөн бири демилге көтөрүп, ал демилге Баш прокуратура тарабанан колдоого алынып, анан 80 депутаттан аз эмес добуш менен акыркы чечимди кабыл алсак болот. Экс-президент деген макам алынгандан кийин, Атамбаев резиденциядан көчүрүлөт, андан мамлекеттик күзөт дагы алынат. Сотко дагы тартылышы мүмкүн. Бирок азыр социалдык тармактарда камалышы боюнча талаптар көп айтылып атат, биз алдын ала айтышыбыз керек, Атамбаев камалган күндө дагы, колонияларда зэктер менен чогуу отурбайт. Биз өзүбүздү сыйлашыбыз керек. Азыркы эле элдин жек көрүүсү бул өтө чоң жаза. Эртең аны сот эркиндигин ажыратуу боюнча дагы өкүм чыгарган күндө дагы, Атамбаевке биз өзүнчө, атайын шарты бар түрмөгө камап шарт түзүп беришибиз керек. Биз эч качан аны же болбосо Текебаев же ошондой жогорку рангтагы мурунку элдик жетекчилерди зэктерге, же черныйларга жем кылып салып бербешибиз керек. Мыйзамдын эле жазасы — эркиндигин ажыратуу же болбосо, чектөө, ошол эле жетиштүү болот.

-Депутатардын ишенимине ээ болбой кеткен премьер-министр Сапар Исаков УКМКга үч ирет катары менен суракка чакырылыганда, саясый куугунтук башталды деп жиберди. Чындап эле Атамбаевчилер куугунтукка кабылып, жоопко тартылчу кез келдиби?

-Булардын телеканалы, угушумча, Сегизбаевди дагы “куугунтуктун курмандыгы”деп жарыялашыптыр. Бул орусча айтканда: “было бы смешно, если бы не было так грустно”! Өздөрү канча репрессия уюшутуршту. Акаевдин дагы, Бакиевдин учурунда мынча саясий туткун, Атамбаевтин доорундагыдай акыйкатсыздык болгон эмес. Эми азыр эч нерсе  боло электе эле “куугунтук” деп айтып чыккандарына айла жок жылмаят экенсиң. Сапар Исаков  өзү премьер-министр болуп турганда тергөөгө тапшырма бербеди беле. Аны сиз же мен уюштурган жокмун да, туурабы? Эштеке боло электе эле, эмне мынча чыңырышат? Исаков боюнча мен аябай таң калдым, чынын айтсам. Кече күнү эле жылмаю менен баардык келген чет элдик делегацияларга “бизде тергөө жана соттор толугу менен адилеттүү, көз каранды жана калыс” деп жооп берип, узатчу. Анан ал бийликтен түшөөр замат эле, саясий заказ системасы орноп калдыбы? Жанагы досу Талант Султанову болсо кытайча дагы даттанып, анан англисче failed state деп жазып атат, мекенибизге кыйрап калган деген аныктама берип. Булар Максим Бакиевдин ЦАРИИсинен түздөн түз Атамбаевдин 7-катабына барып, кыргыздын улуттук тагдыры менен каалагандай куурчак-оюнчугундай эле ойногон балдар эми ал оюнчукту колунан алар замат, мекенибиз failed state болуп калат экенда. Исакову болсо кайра кайра эле интервьюларында кайталайт “мындайга эл жол бербейт, андай заман өткөн” деп. «Эй, Исаков, сен өмүрүндө бир жолу чындык үчүн күрөштүң беле? Бир жолу элдин таламын талаштың беле? Максимдин жанында жүрүп, бир жолу элиңди эстедиң беле? Атамбаевдин учурунда канча акыйкатсыздык болду, ошолорго бооруң оорубай, жок дегенде бир мүнөт алаксыдың беле? Эми кайсы моралдык укугун бар “андай заман өткөн, эл жол бербейт акыйкатсыздыкка” деп айтканга? Сен кимсин деги сага эл баардык ишин тыштап коюп болуша тургандай?” деп айткын келет экен. Мен ушул Исаковдун апломбун түшүнө албай койдум. Атамбаевтин бир түгөйү экен, иши кылса. Ошол үчүн бири бири менен тил табышса керек. Эбегейсиз зыян келтирди улуттук эгемендүүлүгүбүзгө, мамлекеттүүлүгүбүзгө ушул жигит. Бир дагы жолу патриот эмес. Максим талкалаганда ага колуна суу куюп жүрдү. Атамбаевге жардам бербей турмак, аны башкарып алган башынан эле. Бүт мамлекеттер менен мамилебиз бузулду. Анан мына Лигласс жана Бишкек ТЭЦ долбоорлору көрсөтүп тургандай — баардык чечимдер ушул Исаков аркылуу кабыл алынчу. Бул факт! Жөн эле кагаз ташыган бала деп айтайын десең, кайра өзү “я этим проектом горжусь”деп барган жеринде кайталап атат. Жарым миллиард доллар карызды ошол ТЭЦтин 600 долларлык кычкачтары үчүн моюнубузга илип койгонуна сыймыктанат экен. Муну элине чыккынчы деп айткандан башка сөз жок. Ушулардын катачылык-чыккынчылыгынан улам биз 2050-жылга чейин Тажикистанды, башкаларды тим кой, Тажикистанды кубалап, жете албайбыз, өнүгүүдө артта калдык. Кесепеттери мына азыр эле билинип атат, бирок булар калтырган миналардын көбүнчөсү дагы көптөгөн жыл бою алдыда жарылат.

Коррупционер деген ярлык тагылгандардын баарынын акчасы эми тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсепке которулуп, кыргызстан ушул жол менен тышкы карыздан кутулабы?

-Жок. Бул болбогон кеп. Акча чыкпайт. Бул жаш балдардын сөзү. Бул туура эмес жол. Карыздан деле коркпош керек. Кеп аны биз кандай пайдаланып атабыз. Кеп ошондо. Азыр деле Кытайга болобу, башкасына болобу карыз — башты жерге салбайлы. Баардыгы колубузда. Мыкты жетекчилик эле керек. Мен Атамбаевтин деле учурунда каршы болчумун “коррупция менен күрөшүүнү” улуттук идеяга айлантып жана негизги лозунг катары туу тутууга. Азыр дагы ошого тынчсызданам. «Кыргыздар өсүп-өнүкпөй эле, бири бирин камаганды, анан ошого сүйүнүп, мактанганды жакшы көрүшөт” деген сөзгө калабыз. «Бирөөлөрдү камап, анан алардын эсебинен карызыбыздан кутулабыз” десек — биз алыс кетпейбиз. Мамлекеттик денгээлде ой жүгүртүү жок эсе азыр. Атамбаевдин жолу туура эмес экенин баардыгыбыз түшүндүк, кудайга шүгүр. Бирок, кайсы жол туура, — ал жөнүндө дагы айтыла элек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан”

Кубанычбек Жумалиев, Сайдулла Нышанов, Мурадил Мадеминов - туруксуз кошоматчыларбы?

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу курулуп баштаганда «бирболчу» депутат Кубанычбек Жумалиев демилге көтөргөн, дал ушул жолго Алмазбек Атамбаевдин ысымын ыйгаруу боюнча. Кийин «ата-мекенчи» Сайдулла Нышанов лидери Текебаев түрмөдө жатса, кычашкандай кылып, Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын берүүнү оозанып, максатына жарым-жартылай жеткендей болгон. Дагы бир эл өкүлү, КСДПчы Мурадил Мадеминов болсо, «Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш кылды» деп, тердеп-кургай мактаса жаканды карманасың да. А соңку убакта АШАдан оомат тайып, келечекти ойлогондор андан жаа бою качып калышканы ачык байкалды го.

Кызыгы, береги «кошоматка кой сойгондой» үч депутаттын үнү учурда басандай түшкөнүн карагыла! Жарыктык кишилер ай – Жумалиев, Нышанов, Мадеминов! Үчөө эми бурчтан буйтап кетишпей эле аягына чейин Атамбаевге жагымпоздук кылышса, эл да «туруктуу кошоматчылар экен» дегендей кылышып, этектерин серпе туруп кетишмекпи?

Булак: ”Азия Ньюс”

Мирланбек Абдылдаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары болуп дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка  ылайык Абдылдаев Мирланбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Баткен райондук сотунун судьясы Аида Эгембердиева кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушунун негизинде Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эгембердиева Аида Салибековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Аида Эгембердиева 56 кг гашиш менен колго түшкөн эки милиционерди камакка албай эркиндикке коё бергендиги үчүн Тартип комиссиясы тарабынан кызматтан алууга сунушталган.

Жанар Акаев: "Бажыга Оңолбековду алып келдиңер эле кайрадан мурдагыдай система, ар бир фурадан 2000 доллардан акча чогултмай башталды"

“Оңолбеков деген кишини Бажы кызматына төрага кылып алып келдиңер Кулматовго өчөшүп, эми ал иштегенине 30 эле күн болгон, 2 ай болгон, өмүр бою ошол жакта иштегендерди кызматтан алганын алып, жылдырганын жылдырып, төмөндөткөнүн төмөндөтүп, ар кандай өзүм билемдик, баш аламандык кылып жатат,” – деп билдирди бүгүн, 24-мартта депутат Жанар Акаев парламенттин отурумунда.

“Мына, Оштон ишкерлер да билдирип жатышат, мурдагыдай система бизде кайра башталды дейт. Транзиттик жүктөргө акча чогултмай кайрадан башталды деп жатышат. Кааласаңар кимдер бергенин айтып берем. Ар бир фурага 2000 доллардан алып жатканын. Мына жакында ишкерлерден мен видеотасма алып коём интернетке. Мындай олуттуу коррупцияга шек жараткан иштер менен күрөшкүлө,” – деди Жанар Акаев өкмөттүн өкүлүнө кайрылып.

Булак:Kyrgyztoday.kg

Бахадыр Сулейманов: "Токон Мамытов менен Мира Карыбаева мыйзамды одоно бузуп, эки жерде иштеп жатышат, же айлыктарын бюджетке кайра төлөп беришсин..."

“Токтокүчүк Мамытов 2016-жылдын май айынан бери премьер-министрдин кеңешчиси болуп, айлык алып иштейт экен, бул тууралу өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр Муканбетов тастыктады. Ошол эле учурда Токтокүчүк Мамытов 2016-жылдын апрелинен бери Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы болуп дайындалган. Ассамблеяны башкаруу менен чарба субъектисин жетектейт, коомдук уюмду башкарат – бул мыйзамдарды одоно бузуу”, – деп билдирди бүгүн, 24-майда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бахадыр Сулейманов парламенттин кезектеги жыйынында.

“Ошондой эле президенттик аппараттын этникалык саясат бөлүмүн башчысы Мира Карыбаева да 2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын башкармалыгынын мүчөсү болуп алган. Чарбалык субъекти башкарууга , коомдук бирикмени жетектөөгө катышат. Бул мыйзамды одоно бузуу! Токон Мамытов менен Мира Карыбаева же мамлекеттик кызматты тандаш керек же алган айлыктарын төлөп берип берип, кызматтарын тапшырып, коомдук бирикмеге, ассамблеяга өтүш керек. Мамытов менен Карыбаева мыйзамды уруп ойнобой тебелеп-тепсеп жүрүшөт. Эки стулда олтурушат. Мен Токон Мамытов менен Мира Карыбаева боюнча КР Президентине жана Премьер-министрине кат жөнөттүм, булар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп чара көрүлүш керек. Алар же айлыктарын бюджетке кайра төгүп беришсин же кызматынын бирин тапшырышсын”, – деди Бахадыр Сулейманов.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Жогорку соттун судьясы Галина Үмөталиеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеӊеш КР Президентинин Жогорку соттун судьясы Галина Үмөталиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунушун жактырды.

Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Галина Үмөталиева кызматынан ден-соолугуна байланыштуу бошоп жатканын билдирди.

Депутаттар Жогорку Сотко өтпөй калган Воронцова, Орозова жана Алымкуловдор боюнча Тартип комиссиясына парламенттен кайрылуу жолдоого чакырышты

Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө депутаттар Мирлан Жээнчороев менен Наталья Никитенко эл өкүлдөрүн Жогорку соттун судьяларын шайлоо жыйынтыгында ишенимге ээ болбой калган талапкерлер боюнча Тартип комиссиясына кайрылуу жолдоого чакырды. Алардын пикиринде, шайланбай калган талапкерлердин мындан ары судья болуп иштөөгө моралдык укугу жок, коомчулук тарабынан ушундай эле ой-пикирлер айтылууда. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева парламенттин өткөн жыйынында Жогорку соттун гана судьялары шайланганын эске салып, шайлоо жыйынтыгын башка маселелер менен аралаштырбоо керектигин айтты. «Тартип комиссиясына кайрылуу жаӊылыштык болот. Эгер ошондой кылуу керек болсо, анда бул маселени адегенде тармактык комитеттин кароосуна коюп, андан кийин бир чечимге келүү керек», – деди ал.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Регламенттин талабына ылайык бул маселе боюнча тармактык комитетке протоколдук тапшырма берерин, андан кийин гана чечим кабыл алынарын белгиледи.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин кечээ, 23-майда өткөн жыйынында Президент тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова Жогорку соттун судьялыгына шайланышкан. Ал эми Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Айдарбек Алымкулов жетиштүү добуш топтой алышкан эмес.

Меню