Menu

Өзбекстан жарандарынын чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуусуна көмөктөшөт

Өзбекстандын министрлер кабинети жарандарды уюшкандыкта иш менен камсыз кылуу системасын жакшыртуу маселесин талкуулап жатат. Тиешелүү токтом долбоору Интерактивдүү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталына жарыяланды.

Документте өлкөнүн Калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы агенттик аткара турган бир катар маселелер көрсөтүлгөн. Агенттиктин иши эки аптанын ичинде бекитилет деп күтүлүүдө.

Токтом долбоорунда жаңы мекеменин негизги максаттары катары жарандардын чет өлкөлөрдө мыйзамдуу иш алып баруусуна жана алардын укуктарынын сакталышына көмөктөшүү, эмгек миграциясы боюнча башка өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери менен эл аралык деңгээлде кызматташуу, өзбек жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү иштери көрсөтүлгөн.

Долбоорго ылайык, ошондой эле жакынкы убактарда Жумушчулардын эмгегин стимулдаштыруу фондуна бөлүнчү акча дагы көбөйтүлөт.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Газадан Израилге 25 ракета коё берилди

29-май күнү эртең менен Газа секторунан Израиль аймагына 25 ракета коё берилди. Бул тууралуу Израиль Коргоо министрлиги билдирди.

Сдерот жана өлкөнүн түштүгүндөгү райондор аткылоого кабылды. Жабырлануучулар жок, ракеталардын көбү зыянсыздандырылды. Бирок алардын бири ачылганга чейин бала бакчадан алыс эмес жерге келип түштү.

Израиль 2004-жылдан бери мынчалык ири ракеталык аткылоого кабылган эмес. Бул үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек, бирок буга чейин палестиналык радикалдуу “Ислам жихады” тобу израиль аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн үч мүчөсү үчүн өч аларын билдирген.

Марттан бери Израиль менен Газа чек арасында палестиналыктар жапырт демонстрацияга чыгышууда, алар чек арадан өтүүгө аракет жасап, израиль аскерлерине кол салышууда. Эки айдан берки кагылышуу учурунда 100дөн ашуун палестиналык мерт болду.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

ЕККУ Ratel.kz сайтынын жабылышын айыптады

ЕККУнун ММК эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Арлем Дезир Казакстан сотунун Ratel.kz интернет-порталынын ишин токтотуу тууралуу чечимин басма сөз эркиндигин жөнсүз чектөө деп атады.

Арлем Дезир сот чечимине байланыштуу пикирин Твиттердеги баракчасына да жарыялады. Анын айтымында, бийлик сайттын жана журналисттердин ишине тоскоол болбошу керек.

Алматы шаарынын Медеу райондук сотунун судьясы Гулмира Бейсенова 28-майда шаардык прокуратуранын “Ratel.kz” сайтынын баш редакторунун үстүнөн жазган арызын канааттандырган.

– “Ratel.kz” аналитикалык интернет-порталынын кызматы токтотулсун, анын каттоосу жоюлсун жана анын домендерин колдонууга бир жылга тыюу салынсын, – деген судья Гүлмира Бейсенова.

Сот чечиминде дагы бир канча интернет сайтка “Ratel.kz” сайтынын материалдарын жарыялоого тыюу салынган.

Порталдын башы редактору Марат Асипов сот чечимин даттанарын билдирген.

“Ratel.kz” сайты жана анын редактору Марат Эсиповго байланыштуу иш Алматы сотунда апрелде карала баштаган. 2-апрелде полиция “Ratel.kz” сайтынын жана “Forbes Kazakhstan” журналынын жергиликтүү кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, компьютер, документтерди алып кеткен. Кийин тартип коргоочулар тинтүү мурдагы министр Зейнулла Какимжановдун доо арызынын негизинде болгонун айтышкан. Экс-министр сөз болгон ресурстар анын беделине шек келтирген жалган маалымат жарыялашканын айтып келатат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор өзүн-өзү актабайбы?

Кыргызстандагы жеңил унаалардын саны эбак эле 1 миллиондон ашкан. Ал эми транспорттордун көбөйүшү албетте экологияга өз кедергисин тийгизбей койбойт. Ошондуктан акыркы учурларда жарандардын кара түтүнгө, кирдеген абага болгон даттануулары байма-бай каттала баштады.

Мындай курч көйгөйдү тез арада чечүү керектигин депутат Дастан Бекешев ЖКнын отурумунда айтып, К-4 жана К-5 күйүүчү майларына 2021-жылдан эмес, 2019-жылдан тарта өтүү керектигин сунуштаган. Анткени аталган күйүүчү майлар жакшы тазалоодон өткөндүктөн, алар абага зыяндуу заттарды азыраак көлөмдө бөлүп чыгарат.

Белгилей кетсек, бул кадамга өтүп, артыкчылыгын баалагандардын катарында Орусия, Казакстан жана Европа өлкөлөрү бар. Ал эле эмес, “күйүүчү май, бензин, дизелдик отун, мазут жана реактивдүү кыймылдаткычка колдонулган майлардын коопсуздугуна болгон талаптар” боюнча өздүк техникалык тартип иштеп чыккан Тажикстан дагы тизмеге кирген.

Ал эми Кыргызстанда бул көйгөй ата мекендик “Кытай” мунайды кайра иштетүүчү заводдорго такалды да калды. Ошону менен катар парламент өкүлдөрү башынан начар үлгүдөгү иштелип чыккан күйүүчү майларды 2021 жылга чейин экспортторун айтып келишкен.

Өкмөттү аталган маселе боюнча “бул кадам кайра иштетүүчү мунай заводдорунун ансыз деле туруксуз абалын ого бетер начарлатат” деп тынчсыздандырууда.

Эскерте кетсек, азыркы учурда өлкөнүн аймагында 2 ири мунайды кайра иштетүүчү Кара-Балтадагы “Джунда” жана Токмоктогу кайра иштетүүчү заводдор иштеп келет.

Бирок аты эле болбосо, бул эки завод Кыргызстанды 20% гана күйүүчү май менен камсыздайт, ал эми калган 80% бул импорт, б.а. сыртган ташылып келинет.

Анын үстүнө ЕАЭБдин талаптарына ылайык, 2021-жылга чейин заводдордо керектүү жаңылануу иштерин жүргүзүп, чыгарылган күйүүчү майлардын стандарты К-5ке жетиши керек.

Кызыгы, Орусияда бул кадамга өтүү үчүн кеткен чыгым 1 триллион долларды түзгөн. Биздикиндей 2-3 заводдун тегерегиндеги сумма 100 миллион доллардын башын чапчыйт.

Аталган сумма, иштеп жаткан заводдордун үстүнө кошуп дагы бир заводду куруу керек дегенди түшүндүрөт.

Бирок бул жерде инвесторлордун каржы каражаттары жетеби? Мамлекет өзүн-өзү актабаган долбоорлорду жылдыра баштабайбы деген суроолорду өзүбүзгө беришибиз керек. Себеби алардын өндүрүмүнө “Наполеондун” пландары 10 жылдан бери эле иштелип чыгып жаткандыгы сыр эмес.

Эксперт Азамат Ибраимов бийликтегилердин ата мекендик заводдорду иштеп чыгаруу боюнча үмүтүнөн шек санады.

Анын айтымында Орусиядан өлкөнүн муктаждыктарына толук жооп берген алымсыз сырьё алынып келинсе деле, алардын ишмердүүлүгүнөн бир пайда чыккан жок.

“Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетип чыгуу заводдорун түптөө боюнча чечим 2о09-жылы кабыл алынган. 2010-жылы алгачкы курулуш иштери башталып, завод эксплуатацияга берилген. Өндүрүштүк объект негизи ЖЧК “Чайна Петролъ компани “Джунданын” карамагында. Ал 8о миң кубометр продукцияны камтыган мунайбаза жана заводдун өзүнөн турат. Завод начар октан бензиндин маркасын, дизелдик отун жана күйүүчү-майлоочу отун иштеп чыгат. Бирок менин билишимче бул майлардын көпчүлүк бөлүгү болжонгондой ички рынокко эмес, Тажикстан жана Афганистанга экспорттолот. Кыргызстанга келсе дагы минималдуу көлөмдө келет”, – дейт Азамат Нурбаевич.

Эксперт мунайды кайра иштетүү – бул абдан кымбат өндүрүш экендигин белгилеп өттү.

Мунайды кайра иштетүүнүн айлана-чөйрөгө жана адамдарга коопсуз болушу үчүн миллиардаган акчаларды жумшоо керек. Бирок инвесторлор биринчи орунга тургундардын коопсуздугун койбой, түшкөн киреше тууралуу көбүрөөк ойлонушат. Ал эле эмес, бир топ эле чоң өнөр-жай обьектилери деле ушундай. Балким ошондуктан акыркы 5 жылдын тегерегинде заводдордун ишмердүүлүгүнөн улам булганган аба менен дем алууга мажбур болгон жергиликтүү жашоочулар менен завод ээлеринин ортосунда уруш-талаштын аягы басылбай келет. Ошол эле карабалталыктар “Джунда” мунай иштетүүчү завод тараптан келген курч күкүрт жытындай жагымсыз жытка даттанып келишет.

Жыйынтыгында мамлекет ушундай көз көрүнөө киреше алып келбеген, экологияга кооптуу объекттердин кызыкчылыктарын коргоп келет деп айта алабыз. Мунайды кайра иштетүүчү заводдордун ар кайсы жеринен мыйзам бузуулар чыгып жатса кайдагы жаңылануу тууралуу кеп? Жеке мен ишене албайм”, – деп кошумчалады Ибраимов.

Кызыгы “Джунда” заводунда совет учурундагы орнотмолор иштейт, өткөн кылымдын 60-70 жылдарына тиешелүү өндүрүш Кытай тарабынан берилген.

2000-жылдардын башында Кытайда экологиялык көйгөйлөр курчуп кеткен. Ошондо алар күчтүүлүгү жылына 2 миллион тоннадан ашкан жана сапаты К-5тен төмөн мунай өндүрүмдөрүн чыгарган заводдордун ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу мыйзам кабыл алышкан. Сыягы ошондо аталган заводдорду Кыргызстанга алып келүү тууралуу чечими кабыл алынса керек.

Ошону менен катар экономика министри Олег Панкратов ЕАЭБдин регламенттерине ылайык, К-5 стандартына жооп бербеген күйүүчү майларды иштеп чыгарууга болгон тыюуга карабастан, мунай заводдор өз ишмердүүлүгүн токтотпойт экендигин айтты.

Албетте, келечекте ички керектөөчүгө иштейм дегендер өндүрүштү жаңылатууга мажбур. Качып кете алышпайт. Ал эми каражаттар тууралуу айта турган болсом, бизнес мыйзамдарына ылайык, алар эбак эле туш тараптагы тобокелчиликтерди ойлонуп чыгышкан.

Ал эми Орусия ири камсыздоочулары тарабынан унаа май өлкөлөрүнө импорт ансыз деле жаңы стандарттар менен жургүзүлүүдө. Себеби Орусиядагы заводдор ЕАЭБдин регламентинде талап кылынган К 5 өндүрүмүнө мурун эле өтүшкөн. Ошондуктан ЕАЭБдин талаптарына өтүү ыңгайлуу болуш үчүн министрлер кабинети жана президенттин аппараты заводдордун эски стандарттар менен жүргүзүлгөн ишмердүүлүгүн узартуу боюнча чечимди кабыл алган”, – деп ишендирген Панкратов.

Азыркы учурда таразанын ташында сапаты начар күйүүчү майлардын жана унаалардын көптүгүнөн улам өтө тездик менен экологиялык коллапска жакындап жаткан 6 миллион элдин ден соолугу коюлду. Балким чынында эле Дастан Бекешевдин демилгесине кулак салып, коңшулар сыяктуу К-4 жан К-5 стандарттарынан төмөн эмес майларга өтүү керектир. Себеби бул норма жарандардын ден соолугуна жакынкы аралыктан тарта өзүнүн жакшы таасирин тийгизет, ал эми жергиликтүү заводдор экспорт үчүн төмөнкү сапаттагы майларды өндүрүүнү 2021-жылга чейин уланта алышат.

Булак: “Фабула”

 

Душанбеде студенттердин үй-бүлөсүндө төрт эм төрөлдү

Хумоюн, Хумайра, Хуррия жана Хуснизар – студенттик үй-бүлө төрт эмин ушундай атады. Үч кыз, бир уул эки жума мурун Душанбедеги төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө келген.

Ымыркайлардын апасы – Тажик медициналык университетинин студенти, 22 жаштагы Зарина Неъматова. Наристелер 1,5тен 2 килограммга чейинки салмакта төрөлүштү. Дарыгерлер алардын абалын жакшы деп баалоодо.

Студенттин төрт эм төрөрү үч ай боюнда бар кезинде эле белгилүү болгон. “Жети ай болгонго чейин сабакка катышып жүрдүм. Андан кийин оор болуп калды”,- деди Зарина.

Зарина Неъматова опперация жолу аркылуу төрөдү. Азыркыга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын айтымында, улуу кызы жана баласы өтө кыймылдуу, кийинки эки кызы болсо жоош. Заринанын күйөөсү Фаррух Субхонкулов дагы Тажик медициналык университетинин студенти. Жаштар 2017-жылы баш кошушкан.

Жаш үй-бүлө бийлик аларга жардам берсе деп үмүттөнүшүүдө. “Экөөбүз тең студентпиз, шаарда батирди ижарага алып турабыз. Эгер үй жагынан каралашса, жакшы болмок. Балдарды кароо боюнча тажрыйбабыз жок, андыктан аларды багууга жардам керек”, – деди Фаррух.

​Жума башында Тажикстанда 9 миллионунчу наристе жарык дүйнөгө келген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Кенжебек Бокоев: «Болбогон 3-4 миӊ сом үчүн кылмыш иши козголот, ал эми миллиондогон сомдор боюнча козголгон иштер жабылып калууда»

Өткөн жылы прокуратура органдары тарабынан 15 билдирүү жөнөтүлүп, «Хизб ут-Тахрир», «Ислам мамлекети государству», «Талибан» сындуу террордук жана экстремисттик топтордун маалыматтары жайгаштырылган 159 веб-сайты менен интернет-баракчалары жабылды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Депутат Кенжебек Бокоев кезинде 100 сом уурдалган «Агроөнөржай корпорациясы боюнча кылмыш ишинин абалына кызыкты. «Кылмыш иши козголгондон бери 10 жыл өттү, эмдигиче дайыны жок, анын тагдыры эмне болду? Болбогон 3-4 миӊ сом үчүн кылмыш иши козголот, ал эми миллиондогон сомдор боюнча козголгон иштер кандайдыр бир себептер менен жабылып калууда. Булар тууралуу кабарыӊыз барбы?», – деген собол салды, эл өкүлү. Башкы прокурор андай ири кылмыш иштери көп экенин, анын баары азыр кайра козголуп жатканын, анын жыйынтыгы жакында белгилүү болорун билдирди.

Депутат Иса Өмүркулов болсо, мамлекеттик сатып алуулар жаатында түзүлгөн тендердик комиссиялардын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн киргизүү зарылдыгын белгиледи. «Башаламан текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик ишканалар кыйналып турат. Эгерде комиссиялардын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кошо кирсе, аларга кыйла жеӊил болмок», – деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев депутаттар тобунун жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча кайрылуусунун тагдырына кызыкты. Башкы прокурор кайрылуу келип түшкөнүн, анда келтирилген жүйөлөр мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кылдат текшерилип чыгып, депутаттарга жазуу жүзүндө жооп бериле турганын билдирди.

Бүгүн Сапар Исаковду дагы суракка чакырышты, социалдык тармактарда аны бүгүн УКМК камакка алышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда

Бүгүн, 29-майда УКМК экс-премьер Сапар Исаковду саат 14.00.гө кайрадан суракка чакырды. Бул тууралу ал өзү журналисттерге билдирди. Бул анын төртүнчү жолу суракка барышы.

УКМК Сапар Исаковду Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу уурдап-тоноолор боюнча ачылган кылмыш иштин алкагында суракка алып жатат.

Бул маалымат белгилүү болору менен социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында бүгүн УКМК Сапар Исаковду камакка алышы мүмкүн деген божомолдор айтыла башталды.

Айгүл Рыскулова Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан кетти

Кечээ, 28-майда Бишкек шаарынын вице-мери Айгүл Рыскулова өз арызы менен ээлеген кызмат ордун таштап кеткени белгилүү болду. Бул тууралу бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мэр Албек Ибраимовго шилтеме берип, депутаттарга билдирди.

Бүгүн өтүп жаткан Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында Бишкек мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мери Айгүл Рыскулова депутаттардын алдында отчет бермек эле. Бирок, мэр Албек Ибраимов бүгүн шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевге  вице-мэр Айгүл Рыскулова кечээ арыз жазып кетип калгандыгын билдирген.

 

Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине жаңы салынган үйдүн батирлеринин ачкычтарын тапшырды

Жээнбеков бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышып, батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин Кыргызстандын Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктап, 1992–жылдын 29-майда өлкөнүн аймагында жайгашкан аскердик түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына алынып,  алар улуттук Куралдуу Күчтөрдүн негизин түптөгөнүн белгиледи.

Ал өткөн чейрек кылым аралыгында кыргыз армиясы бир топ кыйынчылыктарды жеӊип өткөнүн белгиледи.

«Азыркы убакта кыргыз армиясы бир кыйла ийгиликтерге жетти. Азыр учурдун талабына жооп бере турган армиябыз түптөлдү деп айтсак болот, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. — Армиянын баркы жогорулап, жоокердик милдетин аткарууну каалаган жаштардын саны өсүп жатат. Күжүрмөн аскердик салттар кайрадан калыбына келип, солдаттар менен офицерлерге карата коомдун сый мамилеси күчөдү».

Мамлекет башчысы жоокерлердин физикалык даярдыгы жана армиянын техникалык жабдылуусу менен кошо аскер кызматкерлери ыңгайлуу жашоого татыктуу шарттар менен камсыз болуусу зарылдыгын белгиледи. Бүгүн мамлекет бул багытта активдүү саясатты жүргүзүп жатат. Жыл өткөн сайын аскер кызматкерлеринин социалдык шарты жакшырып жатат.

«Бүгүн, жалпысынан алганда 2481 квартиралуу 77 турак жайлардын курулушу аяктады. Азыркы учурда 1250 квартиралуу 22 объекттин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн 54 жаңы квартиранын ачкычтары тапшырылат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу иш-чара», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент дагы бир жолу аскер кызматкерлерин турак-жай алышы жана кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга кызматында ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди, жакшылыктарды, ал эми Мекенге бакубаттык жана тынчтык каалады.

Ошондой эле Мамлекет башчысы ден-соолукту чыӊдоого багытталган спорт аянтчасын курууга 300 миӊ сомдук сертификатты белекке тартуулап, жаңы квартираларды карап чыгып, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайызга чейин төмөндөттү

Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 28-майында эсептик чен өлчөмүн (чен саясаты) 25 базистик пунктка 4,75 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 2018-жылдын 29-майынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляция төмөн деңгээлде чектелип турууда. Жылдын май айы ичинде (18-не карата) инфляциянын жылдык мааниси жыл башындагы 3,7 пайыздан төмөндөп олтуруп, 1,6 пайызды түзгөн. Баанын төмөндөшү товарлардын азык-түлүк тобу боюнча жүрүүдө, бул эл аралык азык-түлүк рыногунда алгылыктуу жагдайдын сакталышы менен шартталган. Азык-түлүккө, анын ичинде импорттолуп алынгандарга баанын туруктуу сакталышы менен катар эле, ички суроо-талаптын учурда калыбына келип жатышы орто мөөнөттүк мезгил ичинде баанын акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчүндө  5-7 пайыз чегинде сакталарына өбөлгө түзөт. 

Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө калыптанган экономикалык жагдай жана алардын келечек багыты республиканын экономикалыкөнүгүшү үчүн алгылыктуу өбөлгөлөрдү түзүү менен өсүш тенденциясынын сакталып калышын бекемдөөдө. Республиканын экономикасындагы алгылыктуу өсүш арым акча которуулардын туруктуу агымы жана эмгек акынын көбөйүшү алкагында өсүшкө ыктаган чогуу алгандагы суроо-талап менен колдоого алынууда. 2018-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүм 1,3 пайызга, ал эми «Кумтөр» алтын-кенин казып алуу ишканаларындагы маалыматтарды эске албаганда 2,5 пайызга өскөн. Экономиканын негизги секторлорунда өндүрүштүн күч алышы байкалууда. 2018-жылы өлкө экономикасынын реалдуу сектору потенциалдуу деңгээлге чейин жеткен өсүштү тастыктоодо.  

Монетардык сектор алгылыктуу тенденциялардын сакталышы менен мүнөздөлүүдө. Банк секторунда ликвиддүүлүк жетиштүү деңгээлде. Акча рыногунда пайыздык чендер Улуттук банк белгилеген пайыздык чекте сакталып, пайыз саясаты ченине жакындашууда. Банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда жигердүүлүк сакталууда. Буга чейин көрүлгөн акча-кредит саясатынын чаралары кредит боюнча рыноктук чендердин төмөндөшүнө жана экономиканы кредиттөөкөлөмүн арттырууга таасир этүүдө. Учурда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу.  

Тышкы инфляциялык таасир жана өсүшкө ыктаган чогуу алгандагы суроо-талап, кошумча таасирлер келип чыкпаган шартта өлкөдө келерки мезгил ичинде алгылыктуу инфляция динамикасын камсыз кылат. Тышкы сектор шартташы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө алууга мүмкүн экендигин жана ички шарттардын өнүгүү багытын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн төмөндөтүү чечимин кабыл алган. Бул, албетте экономиканын реалдуу секторунаөбөлгө түзүүчү чараларды андан ары колдоого алууга мүмкүндүк берет. Улуттук банк келерки мезгил ичинде да тышкы таасирлер орун албаган шартта, акча-кредит саясатынын учурда жөнгө салынган багытын улантууга ниеттенүүдө.  

Борбордук банк туруктуу негизде инфляцияга карата тышкы жана ички факторлордун таасирине баа берүү менен экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.  

Аскар Эшимбеков "Электр станциялары" ААКнын гендиректору болуп дайындалды

Аскар Эшимбеков “Электр станциялары” ААКнын гендиректору болуп дайындалды. Бул тууралу бүгүн, 29-майда компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Аскар Эшимбеков 56 жашта. 1985-жылы Фрунзедеги Политехникалык институттун Электр станциялары, түйүндөрү жана системалары адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон. 33 жылдан бери энергетика системасында иштейт.

Алгачкы эмгек жолун Ош ЖЭБинде электрослесар болуп баштап, Түндүкэлектро” АККнын генералдык директоруна чейин көтөрүлгөн. Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.

КР ЖКнын Отун-энергетикалык комплекси боюнча эксперти болуп иштеген.

2006-жылы КР Президенти Курманбек Бакиев тарабынан ардак грамота менен сыйланган.

Буга чейин “Электр станциялары” АККнын гендиректору болуп иштеп келген Узак Кыдырбаев быйыл 3-апрелде УКМК тарабынан кармалып, абакка киргизилген.

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: Мен базардан келген жокмун

– Марлен мырза, парламенттеги жаш депутат катары эл үчүн, мамлекет үчүн эмне иштерди жасайын деген ой-максаттарыңыз бар?

– Менин депутат болуп келгениме эки айдын жүзү болуп калды. Негизи, мен башында эле депутаттык мандат алганга укугум бар болчу. Шайлоо алдындагы сүйлөшүүлөргө ылайык, Бишкек шаарынан мен көп добуш алгам. Бирок буйрук экен, айрым бир депутаттардын айынан эми гана мандат алганга мүмкүнчүлүк болду. Албетте, депутат болуп келээрде элге убада бергенбиз. Ошол убадалардын өтөөсүнө чыгышым керек. Эң негизгиси булганбай, таза иштеп, жаштарга үлгү көрсөтүшүм абзел.

– Ишти эмнеден баштадыңыз?

– Учурда Мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жазып жатам. Анткени баарыбыз тендерлердин ачык-айкын өтпөсүн жакшы билебиз. Тендер өткөзүүдө лобби бар. Азыркы мыйзамдагы ошол кемчиликти жоюу зарыл. Кыргыз жарандары, ишкерлер ачык-айкын тендерге катышып, мыйзам чегинде утууга шарт түзүү бүгүнкү күндүн талабы болуп турат.

– Кандай механизмдерди киргизип жатасыз?

– Учурда тендер өтүп 10 компания катышып жаткан болсо, алгач техникалык талаптар жазылат. Эгер кайсы бир компания бааны аз берип тендерди утса, бирок башка баасын кымбат көрсөткөн компания, уткан компаниянын техникалык негиздемесинен кемчилик таап, тендерди жокко чыгартканга укугу бар. Натыйжада баарынын берген баасын билип алган компания, кийинки тендерде аз бааны көрсөтүп, жең ичинен сүйлөшүүлөр жүрөт. Коррупцияга жол ачылат. Мына ушул нерсени жокко чыгаруу зарыл. Мунун бир эле механизми бар. Тендер эки этапта өтүш керек. Биринчи этапта тендерге катышкан компаниялар баасын көрсөтпөй, техникалык негиздемесин бериш керек. Техникалык негиздемеден өткөн компаниялар экинчи этапта ишти канчага бүтүрө алаары боюнча баасын көрсөтөт. Ошондо уткан компанияны кайсы бир таанышы күчтүү компания техникалык негиздемеси талапка жооп бербейт деген шылтоо менен тендерди жокко чыгарта албай калат. Бул мыйзамды буюрса каникулга чейин өткөрөм деген максатым бар…

– Экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев ТЭЦ чырына байланыштуу «депутаттар базардан келишиптир» деген сын айтты эле. Сиз кайсы тармактан келдиңиз?

– Мен мамлекеттик кызматта 12 жыл иштеп, тажрыйба топтоп келдим. Эки жогорку билимим бар. Инженер, экономистмин. Алгач Соцфонддо жөнөкөй адис катары иштеп, башкармалыктын башчысы болдум. Финансы министрлигинде бөлүм башчы, Экономика министрлигинде советник, аппарат жетекчиси болдум. Ак үйдө биринчи вице-премьер министрдин кеңешчиси, Жогорку Кеңеште «Ар-Намыс» фракциясынын катчылыгынын бөлүм башчысы, кийин Экономика министрлигинде статс-катчылык кызматты аркаладым. Өкмөттө 6 бөлүм кошулган чоң бөлүмдү жетектедим. Андыктан базардан келдим деп айта албайм.

– Саясатта тың чыгып келе жаткан жаштар саясаттын курмандыгына айланып калган учурлар көп кездешет… Саясатта кирдеп калуудан чочулабайсызбы?

– Жок. Саясатка келгенден кийин адамгерчилик менен так позицияны кармансаң эч качан бирөөнүн куралына айланбайсың деп ойлойм. Позицияң жок болсо кимдир бирөөнүн айтканын аткарып, саясий куралга айланып калышың мүмкүн. Туура, саясатка аралашкан айрым жаштар жаңылып калган учурлар көп. Айрым жаштар
мамлекеттик кызматта иштеп тажрыйба албай депутат болуп келип калып эле, бул жерде сөзсүз согуш керек экен, сындаш керек экен деп ойлоп жаңылышып калып жатышат.

– Коррупция менен кылмыш иши козголгондор дароо эле саясий куугунтук тууралуу ооз ачат. Сиз ушул нерсеге кандай карайсыз?

– Чынын айтыш керек, буга чейин коррупцияга каршы жакшы иштер жүрдү. Ошол эле кезде, айрым учурларда куугунтук да болду десем болот. Ал эми азыркы кезде андай көрүнүштү байкаган жокмун. Бирок куугунтук жыттанган иштер жок деп айтуу эрте.

– Мурунку бийликтин учурунда куугунтук болду дегенди айттыңыз. Кимдердин фонунда айтып жатасыз?

– Мисалы, Өмүрбек Текебаев бийликке катуу сын айтып баштаганда кылмыш иши козголуп камалды. Ушул жагы туура болбой калды. Менин Текебаев боюнча тааныш-билиштигим жок. Эл арасындагы акыйкатты айттым.

– Сиз Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишин кандай өңүттө деп ойлойсуз?

– Мен Өмүрбек Бабановду президенттик шайлоодо ачык-айкын колдоп жүрдүм. Бул нерсени жашырбайм. Бабанов дагы мамлекеттен чыгып кеткенден кийин, болбогон сөз үчүн улутту экиге бөлүп, чагымчылык кылды деп айыптоо туура эмес болуп калды. Бул жерде саясат бар деп ойлойм…

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

 

Видео - Университеттин окутуучусу 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Каржы полициясына Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура институтунун (КГУСТА) студенткасы А.А арыз менен кайрылып, университеттин К.А. аттуу кафедра башчысы андан дипломду ийгиликтүү коргоп алуу үчүн 1500 доллар пара талап кылып жаткандыгын жана ага каршы чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча Каржы полициясы КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу  жана 225-мыйзамсыз каржы талап кылуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

21-май күнү Каржы полициясы ыкчам-иликтөө иш чараларын өткөрүүнүн натыйжасында аталган университеттин кафедра башчысы К.А. 1000 доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармады.

Азыр тергөө иштери улантылууда.

 

ЖКнын өзүндө гендердик мыйзам иштебейт

Гендердик теңчилик, гендердик саясат, гендердик укук деген сыяктуу терминдер бизге СССРдин жоюлушу менен келе баштагандыгы бардыгыбызга маалым эмеспи. Бирок, коомубуздун кээ бир катмары үчүн ушул мезгилге чейин түшүнүксүз болуп келүүдө. Гендер деген сөз кайдан келип чыккан, мааниси эмнени түшүндүрөт, коомго кандай таасири бар. Биздин Кыргызстанда анын орду кандай?- деген нукура карапайым окурмандардын суроолоруна азын оолак маалымат берип, анан гендердик теңчилик ЖКда канчалык деңгээлде сакталууда? – деген суроонун алкагында ой бөлүшсөк.

Бул термин англис тилинин gender – “жыныс”, “урук-тукум” деген маанини билдирет. 1950-жылдары америкалык окумуштуу Джон Мани тарабынан киргизилген. Жалпак тил менен которгондо аял менен эркектин тең укуктуулугу же болбосо коомдогу орду, тактап айтканда, билим берүү, саламаттыкгы сактоо, экономика, саясат ж.б. тармактарда дайыма сакталыш керек экендиги айтылат. Дүйнөлүк практикада ар бир өлкөдө гендердик баланс сакталганда жана гендердик саясат мыйзамдуу иштегенде гана мамлекеттин гүлдөп өнүгүүсүнө шарт түзүлөт деген принцип сакталып келет.

Кыргызстан аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жок кылуу жөнүндө эл аралык конвенцияга кол коюп, анын шарттарын толук аткаруу милдеттерин моюнуна алган. Гендердик теңдикке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы да бекитилген, аны жүзөгө ашыруу мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынгансыйт, бирок турмушта, күнүмдүк практикада кандай колдонулууда, кеп мына ошондо болуп жатат.

Биздин өлкөнүн негизги мыйзамы – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (13-берене-нин 3-4 пункттарында) либералдык идеологиянын духунда аял менен эркектин тец укуктуулугуна кепилдик берет: “Кыргыз Республикасында бардык адамдар мыйзам жана сот алдында бирдей. Эч ким теги, жынысы, расасы, улуту, тили, тутунган дини, саясий жана диний ынанымдары же жеке жана коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка жагдайлар боюнча басмырланып, эркиндиги жана укугу кысымга алынбайт. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей эркиндиктерге жана укуктарга, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ” – деп жазылып турат. Бирок, ошол кашкайып жазылып турган мыйзам Жогорку Кеңеште канчалык деңгээлде жүзөгө ашырылып жатат деген мыйзамдуу суроо туулат.

Аида Касмалиева, ЖК депутаты:

-Гендердик теңчиликти сактоо негизги маселелердин бири. Биз 70-30 деген квотаны кабыл алганыбыз менен учурда жакшы иштебейт. ЖК тарабынан кабыл алынган квота сакталган сыяктуу көрүнгөнү менен аялзатты өкмөткө же башка бир кызматтарга жөнөтүп жиберишип, натыйжада аялзат депутаттык мандаттарынан айрылып калышууда. Азыркы күндө ЖКда 19 гана аял иштеп жатат. Буйруса, 2020-жылдан баштап мыйзам иштеп баштайт. Ал мыйзамда аял депутат башка бир өкмөттүк кызматке кете турган болсо, анын ордуна аял киши гана депутат болуп келе алат. Ошондой эле эрекек кишини эркек адам гана алмаштыра алат. Тизме боюнча ар бир төртүнчү адам аялзатынан турса, гендердик теңсиздиктин бузулбашына шарт түзөт. Буга чейин ЖКда квотанын коюлушу дагы аздыр-көптүр жардамы тийди деп айтууга болот. Бирок, жергиликтүү кеңештерде эч кандай гендердик теңчилик сакталбаганы бардыгыбызга белгилүү. Өзүңүздөр байкасаңыздар райондук акимдер, Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн бардыгы эркек кишилер. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, саясий партиялар шайлоо учурунда айымдарды тартат. Мыйзамда жазылган квотаны сактап иш алып барып жаткандай туюлганы менен декларативдүү гана болуп калып жатат. Ал эми реалдуу жашоодо андай эмес. Жигиттерибиздин айымдар дагы келип, ЖКдан I орун алсын дегендери аз.

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты:

-Сакталбай жатканы анык. Де-факто, азыр Жогорку Кеңештеги депутат айымдарыбыздын саны абдан аз. 70-30 пайыздык квотаны КСДП фракциясы гана сактап жаткандай. Ал эми карап көрсөңөр, айрым фракцияларда бир дагы аялзатынын өкүлү жок. Шайлоонун алдында партиялар тизме түзгөндө бардыгы эле жакшы сакталат. Анан эле шайлоо бүткөндөн кийин аялзатынын тизмеден чыгып калышы абдан өкүнүчтүү. Ошондуктан шайлоо алдында түзүлгөн тизме дайыма сактала тургандай мыйзамдык талаптарды коюш керек. Ошондо гана гендердик теңчилик сакталат. Андай болбосо, гендердик саясаттагы тең салматуулук азыркыдай эле болуп бузула берет. Квота үчүн шайлоого баргандагы көрүнүш башка, шайлоо өткөндөн кийинки абал башка боло бергени мыйзамга да, логикага дагы туура келбейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи чакырылышында 120 депутат болсо, анын 25 аял, 95 эркек. Жалпьшап айтканда, 20,8% аял, ал эми 79,2% эркектер түзгөн. Ал эми алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештеги 120 депутаттан 19 аял, 101 эркек. Тактап айтканда, 15% га жетпеген аялдар, 85% дан жогору эркектер түзүп, гендердик саясат туура эмес жүргүзүлүп келет. Жогорку Кеңеш гендердик теңчиликти сактабай, саясий оюндар менен гана алек болуп, гендердик проблемага көңүл бурганга депутаттардын чолосу тийбей калгандыгынын негизги себеби, ар бир депутат өз ордун гана сактоого мыйзамды бузуу менен барып жатышкандыктарын сезишер бекен?

Асел Молдоболотова

Булак: Ачык Саясат

 

Кашкардын кадр саясаты интриганы күчөттү

ИИМ министри Кашкар Жунушалиев кадрдык дайындоолордон чоң каталарды кетирип баштады. Баягы эле милийсаны ичинен ириткендер чоң кызматтарга дайындалып, интрига мурдагыдан да ашыкча күч алды. Өздук курам арасында нааразы пикирлер аябагандай көп айтыла баштады. Президент Сооронбай Жээнбеков чоң ишеним көрсөтүп алып келгенден кийин ишеничти актап, кадрдык дайындоолордон ката кетирбесе болмок. Бул кебетеси менен алыска барбайт окшоп калды. Сооронбай Жээнбеков ага өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин жоготуу боюнча тапшырма берген. Тилекке каршы, Кашкар Жунушалиев ОПГга каршы күрөш жүргүзө албайт. ОПГга каршы согуш баштоо үчүн чоң жүрөк керек, анан эрк керек. Эмитен кадрдык башаламандыктарга жол берип жатса, эртеңкиси эмне болот? Айтор кыргыз милициясынын жакын арада багы ачылбайт окшоп калды.

Булак: Ачык Саясат

Жогорку Кеңеш 30-майда 2017-жылга карата КР Башкы прокурорунун отчетун, ал эми 31-майда КТРКнын Байкоочулар кеңешинин отчетун угат

Жогорку Кеңеш 30-майда 2017-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетун угууну пландады. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мындан сырткары, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору, “Кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алуу (III Протокол) боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенциларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуусу жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда жана башка мыйзам долбоорлору 2-3-окууларда каралмакчы.

Ал эми 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында 2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун угушат. Андан соң “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (3- окууда), “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (2- окууда), “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам долбоору (1- окууда) жана башка мыйзам долбоорлору талкууланат.

Чынара Капарованын КТРдин деректири Илим Карыпбековдун үстүнөн болгон жеңиши акыйкат издеген жалгыз бой энелерге дем болду

Кыргызстанда бийлике карата канча нааразычылык болсо анын жарым-жартылайы соттордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо керек. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери сот бийлиги өзүнчө кастага айланганы жашыруун эмес. Бийликтин маанилүү бир бутагы болгон сот бийлиги кырсыктап же ж.б.ар кандай себептер менен башына иши түшкөн адамдардын тагдырын каалагандай калчап, чекит коюп кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып айрым учурларда (саясий зарылчылык болсо) бийликтин буюртмасын ашыгы менен аткарып берген учурлар көп болду. Кандай гана резонанстуу сот процесстери (Д.Садырбаев, Ф.Кулов, И.Исаков, А.Жекшенкулов, Рысбек Өмүрзаков (“Республика” гезитинин журналистеринин жоон тобу) коомдо сотторго карата нааразычылыктарды жаратып келген.

Бирок алар айсбергдин чокусу гана десек болот. Себеби таанымал саясатчылар, коомдук ишмерлер, журналисттер, жарандык активистердин үстүнөн болгон сот иштери коомчулуктун көнүл борборундагы иштер. Ал эми сотторго иши түшкөн карапайым көпчүлүк “чубактын кунундай чубалган” узакка созулган сот процесстеринен тажап акыйкаттык үчүн аягына чейин күрөшө албай тагдырына моюн сунгандар көп.

Жакында эле Азаттык радиосунун эфирине чүйлүк Нургул Алтыбаева деген төрт балалуу келин күйөөсү сумка уурдады деген шек менен кармалып, 4 айдан бери убактылуу кармоочу жайда жатканын. Үйдүн жалгыз нан табуучусу түрмөгө ак жерден түшүп, төрт баласы менен кыйналып жашап атканын кан какшап ыйлап
айтып берди. Адвокат жалдамак тургай күнүмдүк тамак-ашка каражат жок болуп сыздап кала бергенден андай учурлар жүздөп саналат.

Канчалаган жалгыз бой энелер өзүнүн, уул-кыздарынын укугун коргой албай зар какшап жүрүшөт. Өлкөдөгү мамлекеттик мекемелерде, жеке сектордо иштеген канчалаган жарандардын эмгек укугу бузулуп акыйкаттыка жете албай жүрүшөт. Жакында коомчулука белгилүү алып баруучу Чынар Капарова 2 жыл мурун КТРден адилетсиздик менен кызматтан бошоп андан бери соттошуп жүрүп женгени белгилүү болду. Ары чыйрак, жарандык позициясы күчтүү Чынар айым көшөрүп жүрүп (эң кызыгы адвокат жалдабай туруп) сот процессинен утуп чыкканы.

(Анын жалгызбой аял экенин эске алганда) жакшы жөрөлгө болду. Себеби соттордо акыйкаттык үчүн күрөшүүдө өжөрлүк, аягына чейин мокобогон позиция чоң роль ойноорун көрсөттү. Мейли Капарова андай сапаттары менен жеңип чыкты, убактысы, каражаты жетиштүү, нерви чыдамдуу экен. Далай энелер, жубайлар укуктарын коргой албай соттон сотко жүрүп, суй жыгылып баарына кол шилтеп ичтен сызып “кудайдан жетсин” деп калып жатышат. Либерал жаш жетекчилердин жаңы толкунундагыларынын бири болгон Илим Карыпбеков ушундай бюрократиялык кадамдарга барып жатса башкалардан эмнени күтүүгө болот деген ой келет? Бир маегинде мен ишке келгени 150гө жакын кызматкерди иштен бошоттум деген. Адамдын иштеген иши анын экинчи үйү, анын жашоосунун бир бөлүгү, жумуштан четтетилген адам оңой эмес моралдык-психологиялык кырдаалды баштан кечирет. Демек 150 кызматкердин артында 150 тагдыр ошончо чыңалуу материалдык-моралдык сокку болгон чыгаар… Мамлекет жумушчу орундарын түзө албай, өндүрүш өлүмсөөк абалда турган, чет элден бакыт издеп кеткен ишсиздердин агымы токтомок тургай күчөп турган биздей шартта 150 кишини иштен бошотуп койуу маселени чечүүнүн оң жолу эмес. Эмнеси болсо да Чынар Капарованын соттогу жеңиши “чиновниктик беспределге” каршы туруп, агымга каршы сүзгөндү билүү да чоң эрдик экенин жана акыйкатсыздыктын азабын тартып жүргөн жалгызбой энелер үчүн жакшы үлгү болоорун көрсөттү.

Анткени бизде күрөшүп одоно катачылыктарды көзгө сайып көргөзүп жүрүп гана сот акыйкаттыгына жетүүгө болот. Антпесе мен-мен деген саясатчыларды ар кандай ыкмалар менен камап, соттоп койуп жаткан Кыргызстанда жөнөкөй адамдар эмне болуп калыптыр. Кыскасы Капарованын жеңиши акыйкат издеген жалгыз бой энелерге дем болду.

Чолпонбек Сыдыкбаев

Булак: Ачык Саясат

Эсенкул Момункулов КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Эсенкул Момункулов Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Тажикстанда "кыздык белги" жөнүндөгү талаш токтой элек

Тажикстанда күйөөгө чыкчулардын “кыздык белгисинин” бар-жогун алдын ала медициналык жактан текшерүү натыйжа бере элек. Акыркы төрт айда эле Хатлон шаарында 12 келиндин “аруулугун” кайрадан текшерүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Хатлон облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Суннатулло Зугуров билдиргендей, бул жараян кыздардын басмырлануусуна, психологиялык жактан жабыркоосуна алып келет.

28 жаштагы Майсара 14-апрелде турмушка чыккан, бирок күйөөсү анын “кыздыгынан” күмөн санап, эки жолу медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурлаган. Эки текшерүү тең Майсаранын “аруу” экенин далилдеген. Күйөөсүнүн көңүлү жайланып калган, бирок мындай шылдыңдоодон кийин кыз аны менен жашоону каалаган эмес.

«Жалган жалаа менен башталган жашоо – жашоо эмес. Минтип өмүр сүргүм келген жок. Жолдошум менден күмөн санап, апамдын, эжелеримди алдында уят кылды. Мен анын тизесине жыгылып, ак экенимди айттым. Эки жолу мени экспертизага алып барды», – деди ал.

Тажик коомчулугунда никеге чейинки жыныстык катнаш тууралуу ачык сөз кылуу мүмкүн эмес. Актыгы шек жараткан келиндер өмүр бою кодуланып, басмырланып өткөн учурлар арбын кездешет.

Былтыр Тажистанда 18 жаштагы келин жолдошунун “абийири жок келген” деген айыптоосунан кийин жанын кыйган. Бул факт боюнча анын күйөөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин “өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен иш козголуп, 7 жылга түрмөгө кесилген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Орусиялык олигарх Абрамович Израиль жарандыгын алды

Орусиялык миллиардер, “Челси” футбол клубунун ээси Роман Абрамовичтин  британ визасы узартылбай калгандан кийин Израиль жарандыгын алды.

Абрамовичтин түпкү теги еврей болгондуктан, Израилдин “Кайтып келүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жарандык алды. Бул мыйзам боюнча бардык еврей Израилге кайтып келе алат, бул укук алардын аялдарына, балдарына жана неберелерине да берилет.

Миллиардер дүйшөмбү, 28-майда жеке учак менен Бен-Гурион аэропортуна конуп, кайрылман күбөлүгүн жана Израиль ички паспортун алды.

Буга чейин Британия орусиялык байларга берилген жүздөгөн визалар текшерилип жатканын билдирген. Лондон мындай кадамга Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылганы үчүн барган.

Forbes Абрамовичтин байлыгын $11,5 миллиардга баалаган. Ал “Сибнефть” мунай компаниясынын мурдагы ээси, 2005-жылы аны “Газпромго” $13,1 милллиардга сатып жиберген. Анын болот өндүрүүчү “Евраз” жана “Норникель” компанияларда үлүшү бар. 2003-жылы британиялык “Челси” футбол клубун сатып алган. Бир ай мурун британ бийлиги андан байлыгынын мыйзамдуу экенин далилдөөнү талап кылган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Ашхабад аэропортунда аялдарды эл аралык каттамдардан алып салышууда

Түркмөнстан аялдары өлкөдөн чыгуу учурунда кыйынчылыктарга туш болушууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы бир нече күн мурун бир аял миграциялык кызматтан маалымкаты болбогондуктан, Түркияга учуп кете албай калганын жазды.

«Эмгек өргүүгө чыкканбыз. Күйөөмдөн миграциялык маалымкат сурашкан жок, мени болсо ансыз учакка киргизбей коюшту. Акчабыз текке кетти, санааркадык», – деди түркмөнстандык аял.

Дагы бир түркмөнстандык аял беш баласын багуу үчүн Түркияга кеткенин, Ашхабад аэропортунда өзү менен бирге барган тааныштары уча албай калганын ырастады.

“Мен Түркияда иштөө үчүн аэропортко келдим, мени менен кошо айылдаштарым да келишкен, бирге учууну чечкенбиз. Бирок каттоо учурунда миграциялык кызматкерлер бир айылдан экенибизди түшүнүп, паспортторубузду алып коюшту. Алар бизди бир бөлмөгө алып кирип, сапардын максаттарын сурашты. Сурактан кийин мени коё беришти да, калган аялдарды кармап калышты», – деди атын атагысы келбеген түркмөнабаддык аял.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы жыл башынан бери ушул сыяктуу окуялар бир нече жолу кайталанганын жазган. Миграциялык кызматкерлер айрым учурда эч себепсиз эле жарандарды каттамдан алып коюшат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Үй-бүлөлүк маселеден улам тажикстандык аял өз жанын кыюуга аракет жасады

Тажикстанда Яван шаарынын тургуну Хосият Шарифова майдын башында өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган. Ал Сарыкамыш дарыясына барып секирген, анын артынан үч жашар баласы да сууга боюн таштаган.

«Баары күтүүсүздөн болду. Көңүлүм чөгүп кеткен, муну абалдан чыгуунун жалгыз жолу деп эсептедим. Телефонумду кызыма берип, дарыяга боюмду таштадым. Бирок жанымда үч жашар баламды көрүп, үрөйүм учту. Аны сактап калгым келди, суудан чыгарайын дедим. Андан аркысы эсимде жок»,- деди ал

Эне-баланы окуя болгон күнү ошол чөлкөмдө жүргөн жергиликтүү жашоочу Халим Кодиров куткарган.

«Мен үйгө келатып, апам чөгүп баратат деп ыйлаган кызды көрдүм. Дарыяга секирип, алгач баланы анан апасын куткардым. Аял эс-учун жоготуп коюптур, өзүнө келгенге жардам бердим», – деди куткаруучу.

30 жаштагы Хосият Шарифова мындай кадамга үй-бүлөгө карамы жок, чет өлкөдө иштеп жүргөн күйөөсүнө, кайын-журтуна каршылык билдирүү максатында барганын билдирди.

«Күйөөм Орусияда иштеп жүрөт. Кайненем жана кайын сиңдилерим жаман мамиле жасашат. Мени каралоо үчүн ар кандай шылтоо табышат. Күйөөм акча салбайт. Акыркы жолу жолугушканда мындан ары мени менен жашагысы келбей калганын айтты. Ошентип, мени үйдөн чыгарып коюшту», – деди Хосият.

Хосият Шарифовдун күйөөсү Шодмон Ражабов аялы менен ыркы келишпей ажырашканын, балдарына болсо дайыма акча жөнөтүп турарын айтты.

Суицид аракети боюнча фактыны Яван шаардык прокуратурасы иликтөөдө. Үч жума ооруканада жатып чыккан Хосият азыр убактысын балдары менен өткөрүүдө. Өзүнө кол салууну көздөгөн аялга психосоциалдык жардам көрсөтүлдү.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Өзбекстанда таасирдүү генералдын полковник жээндери иштен алынды

Өзбекстан Мамлекеттик салык комитетинин мурдагы башчысы Батыр Парпиев.

Анжиян шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник Шухрат Парпиев 27-майда ээлеген кызматынан бошотулду. Ошол эле күнү Бухара облустук ИИБ башчысынын орун басары Анвар Парпиев да отставкага кетти.

Өзбекстан укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиргендей, Шухрат менен Анвар Парпиевдер – Мамлекеттик салык комитетинин мурдагы башчысы Батыр Парпиевдин жээндери. Ал жумуштан 11-майда бошотулган.

Батыр Парпиев Улуттук коопсуздук кызматын 22 жыл башкарып, быйыл Мирзиёевдин буйругу менен отставкага кеткен Рустам Иноятовдун кудасы болуп эсептелет.

Такталбаган маалыматтар боюнча генерал Парпиевдин жээндеринин ишмердүүлүктөрүн текшерүү башталды. Бирок өлкө ИИМи бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Шухрат Парпиев Анжиян шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчылыгына 2017-жылы мартта, Анвар Парпиев Бухара облустук ИИБ башчысынын орун басарлыгына былтыр июнда дайындалган.

Каримовдун доорундагы таасирдүү генералдардын бири Батыр Парпиев Мамлекеттик салык комитетин 14 жыл катары менен башкарган. Быйыл 11-майда Шавкат Мирзиёев аны иштен алган.

Өз булактар маалымдагандай, бийлик Шухрат Парпиев жана анын жакындарынын мал-мүлктөрүн каттоого ала баштады.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Астана Кытайда кармалган этникалык казактарды бошотууну суроодо

Казакстан ТИМинин Консулдук департаментинин башчысы Ардак Мадиев

Казакстан менен Кытай дипломаттары Кытайдан Казакстана кайтып, жарандык алган этникалык казактардын жагдайы тууралуу маселени талкуулашты.  Бул тууралуу Казакстан ТИМи билдирет.

Министрлик кабарлагандай, Пекинде өткөн кеңешмеде эки тараптуу кызматташтык, эки өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселеси талкууланды.

Казакстан ТИМи Кытайда кош жарандык үчүн кармалган этникалык казактардын ишин адилет карап, аларды бошотуу өтүнүчүн билдирди. Жолугушуунун катышуучулары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районудагы этникалык казактардын маселесин чечүүдө бирге аракет жасоо боюнча макулдашты.

Мындан тышкары эки өлкө ортосундагы виза режимин жеңилдетүү маселеси талкууланды.

“Азаттыктын” казак кызматы буга чейин Кытайдагы этникалык казактардын жапырт кысымга учураганы, кармалганы жана “саясий жактан кайта тарбиялоо жайына” түшкөнү тууралуу жазган.

Кытайда казактар негизинен Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Иле-Казак автономдуу аймагында, Алтай, Тарбагатай жана башка аймактарда, Үрүмчү шаарында жашайт. 2000-жылдагы эл каттоого ылайык, алардын саны бир миллион 250 миңге чамалайт. Казактардын өздөрү Кытайдагы санын эки миллионго жетет деп санашат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Трамп: Түндүк Кореянын "мүмкүнчүлүктөрү жогору"

Дональд Трамп Түндүк Кореяга америкалык расмий топ барганын ырастады. Бул тууралуу АКШнын президенти “Твиттердеги” баракчасына жазып, өкүлдөр Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен болчу жолугушууга даярдык көргөнү барганын билдирди. Бул маалыматты мурдараак Мамдепартамент да тастыктаган болчу. Ага ылайык, Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу Түштүк Кореяга чектеш Пханмунжом шаарында өтөт.

Трамп “Түндүк Кореянын жогорку мүмкүнчүлүктөрүнө, келечекте экономикалык жана каржылык жактан өнүккөн өлкө болоруна ишенерин” билдирип, “Бул жагынан Ким Чен Ын мени менен макул. Ушундай болот!” деп жазган.

24-майда Ак үй Трамп Түндүк Кореянын лидери менен күтүлүп жаткан саммитин токтотконун, буга расмий Пхеньяндын билдирүүлөрүндөгү “ачык кастык” себеп болгонун жарыялаган. Бирок ишембиде президент Ким Чен Ын менен болжолдошкон убакта жолугушуу болорунан үмүттөнүп жатканын билдирген.

26-майда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кайрадан чек ара аймагында жолуккан. Бул кездешүүдөн кийин расмий Сеул Ким 12-июнга белгиленген саммитти өткөрүүгө макул болгонун кабарлаган.

Андан көп өтпөй Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги да Ким Чен Ын “Трамп менен жолугушуу өтүшү керек” деген “бекем эркин” билдиргенин жазып чыккан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Өзбекстанда айылдарды жакшыртуу үчүн мугалимдердин айлык акысынан кармап калышууда

Наманган облусунун Туракурган районунда мугалимдерди маяналарынын бир бөлүгүн “Обод кишлок” программасын ишке ашыруу үчүн которууга мажбурлашууда. Бул долбоор айыл жергесинде жеткиликтүү турак-жайларды курууга багытталган.

Мугалимдердин биринин айтымында, мектеп директору мамлекеттик программанын алкагында турак-жайларды куруу үчүн бир күндүк айлык акыны которууну талап кылган. Мындай буйрук облус башчысынан келген.

Бир күндүк маянасын которуудан баш тарткандарды окуу саатын кыскартып, жумуштан алабыз деген коркутушканы айтылууда.

– Биз 800 миң сум (100 доллардын тегереги) айлык алабыз. Болор-болбос маянабыздан мектептин ремонту үчүн акча кармап калышат. Эми минтип айыл жергесинде үйлөрдү куруу үчүн каражат талап кылышууда. Жетекчиликке баш ийүүдөн башка аргабыз жок, – деп даттанды атын атагысы келбеген мугалимдердин бири.

Айрым агартуучулар айыл жерин жакшыртуу үчүн өз эрктери менен акча беришкенин айтышты.

Элдик билим берүү башкармалыгынын Туракурган райондук бөлүмүн чиновниги мажбурлоо жок экенин, акча чогултуу ыктыярдуу түрдө жүрүп жатканын билдирди.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 29-мартта “Обод кишлок” программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Долбоордо айыл жерлеринин архитектуралык көрүнүшүн түп-тамырынан бери өзгөртүү, инженердик-коммуникациялык, жол-транспорттук, инфраструктуралык жана социалдык объектилерди куруу каралган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Ашхабад: ун менен кант кезеги мушташ менен коштолууда

Ашхабадда азык-түлүк каатчылыгынан улам  дүкөндөрдө узун кезек жаралууда. Бул күндөрү кезекке тургандар айрым учурда урушуп, мушташып жатканын көрүүгө болот.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, бир килограмм кант, бир килограмм ун, бир бөтөлкө суу май сатып алуу үчүн шаар тургундары дүкөндөргө таң ата электе келишүүдө. Кезек талашкан аялдар урушуп эле тим болбой, бири-биринин бетин тытканга чейин барышууда.

Соңку мезгилде азык-түлүк дүкөндөрүнүн алдында полиция менен атайын кызмат өкүлдөрүнүн саны көбөйдү.

«Ар бир дүкөндүн жанында 5-6 киши турат. Бирок мушташып жаткан аялдар менен алардын иши жок. Алар кезекке тургандар болуп жаткандарды сүрөткө тартып алышпасын деп турушат. Өлкөдөгү кыйынчылыктарга бийлик санааркабайт. Алар бул жагдай чет өлкөлөргө билинбесин, интернетке жазылбасын деп кабатыр болушат”, – деди ашхабаддык тургун.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Тажикстан: мындан ары билим берүү кызматкерлери уруксаты жок чет өлкөгө чыга албайт

Мындан ары тажикстандык окутуучулар, студенттер жана окумуштуулар расмий уруксаты жок окуу же иш сапар үчүн чет өлкөгө чыга алышпайт.

Жаңы тарип 2018-жылы февралда киргизилген, бирок ал тууралуу кененирээк маалыматтар эми гана пайда болду. Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, мектеп директорлору, жогорку окуу жайлардын ректорлору чет өлкө сапарларын алдын ала бийлик менен макулдашуусу керек. ТИМдин жазуу түрүндө уруксаты талап кылынат.

Окуу жай жетекчилери эл аралык иш-чараларга катышып, сөз сүйлөй турган болсо баяндамаларынын мазмунун билим берүү министрлигине кабарлоого милдеттүү. Иш-сапардан кайтып келген соң отчет берүү керек болот. Орто мектептин мугалимдери жана окуучулары эл аралык олимпиадаларга катышса дагы бийликтен ушундай эле тартипте уруксат алышы зарыл.

Студенттер менен окумуштуулар чет өлкөдө бир жылдан ашуун жүрүүгө тийиш болсо, мындай учурда Билим берүү мекемелеринин илимий кеңешинин уруксаты керек.

Документке ылайык, мурдагы иш-сапарларында адепсиз жүрүм-туруму менен кармалган кызматкерлер же катуу ооруга кабылгандар чет өлкөгө жиберилбейт.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Алматы: рейд учурунда мыйзамсыз жүргөн мигранттар кармалды

Алматыда Өзбекстандын 13, Тажикстандын 9 жараны миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Казакстан аймагынан өз эрки менен чыгып кетүү тууралуу соттун чечимин аткарган эмес деген шек менен кармалды.

Алматы шаардык ички иштер департаментинин билдиришинче, экинчи жолу кармалган 22 жаран кылыш жоопкерчилигине тартылат. Шектүүлөр “чет элдик жумуш күчүн пайдалануу ыкымалдуулугу жогору” объектилерди – базарларды, коомдук тамактануу жайларын, курулуш жүргөн жерлерди текшерүү учурунда кармалган.

Маалыматтарга караганда, Казакстандын түштүк аймагында өткөрүлгөн “Нелегал” операциясы учурунда өлкөгө кирүү жана жүрүү тартибин бузду делген шек менен жүздөгөн чет элдик кармалган, алардын көбү административдик камакка алынган.

Казакстанда мындай рейддер маал-маалы менен болуп турат. Бирок соңку текшерүү өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн маалга туш келди.

21-майда Казакстанда нааразылык акциялары өтөрү жарыяланып, бирок ага бийлик уруксат берген эмес.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Бишкекте сот казакстандык оппозициячыл активистти камакта калтырды

Бишкек шаардык соту 28-майда казакстандык оппозиционер, активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди камакта калтыруу боюнча 1-май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Казак бийлиги тарабынан издөөгө алынган активист 10-майда Кыргызстанда кармалган.

Апелляциялык соттун чечимин анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Адвокаттын айтымында, келтирилген жүйөлөр эске алынбай, бир тараптуу бүтүм кабыл алынды.

– Сот жүйөлөрүбүздүн бирин дагы эске алган жок. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде Казакстан Кылмыш кодексинин 266-беренесине (кылмыштуу топту каржылоо) дал келген берене жок. Кишинев конвенциясы жана башка эл аралык, улуттук укук нормаларына ылайык, мындай учурда жарандарды башка өлкөгө берүүгө болбойт. Эгер берилбесе, камаганга да болбойт. Бул сыяктуу жүйөлөрдүн бири да сотто эске алынган жок, – деди Нурбек Токтакунов.

Астана Тунгышбаевди бул өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптоодо. Казакстанда кылмыштуу топту каржылоого, экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталган блогер учурда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурат. Ал саясий куугунтукка кабылганын билдирүүдө.

21-майда Башкы прокуратура Бишкекте кармалган жана саясий башпаанек сураган активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берүүгө макул болгон. Токтом казакстандык активист Бишкекте кармалгандан 11 күн өткөндөн кийин чыккан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эмил Шүкүров, эколог: "Мэр 9000 сомдон Германиядан алып келдик деген көчөттөрдү Бишкектен эле, мэрдин инисинен сатып алышкан..."

“Мен аныгын билбейм, бирок мага келип түшкөн бир маалыматты депутаттар текшерсе жакшы болот эле, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Германиядан 9000 сомдон сатып келдик деп тиктирип жаткан көчөттөрдү Бишкекке жакын эле жердеги питомниктердин биринен, Албек Ибраимовдун эки бир тууган иниси Эркинбек Исаковдон сатып алышкан”, – деп билдирди “Вести” сайтына белгилүү окумуштуу-эколог, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Эмил Шүкүров.

Каржы полициясы «КазМинералзБозымчак» компаниясынын гендиректору Иляс Тулекеевди эмнеге кармаган?

КР Каржы полициясы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы “Бозымчак” алтын кенин казып жаткан Казакстандык миллиардер Владимир Кимдин «КазМинералзБозымчак» ЖЧКсы 2014-2016-жылдарда Кыргызстандан 9760 тонна алтын концентратын ташып чыгып кеткенин, бирок салыкчылар мыйзам боюнча эсептеп чыккан 55,7 млн сом киреше салыгын төлөбөй жүргөнүн аныкташкан.

Ала-Букадагы Бозымчак кенинде 23 тонна алтын, 140 тонна күмүш жана 143 тнна жез бар экендиги белгилүү.

Буга байланыштуу Каржы полициясы 2017-жылы декабрда КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-коммерциялык ишканалардын кызматкерлеринин өз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

26-май күнү «КазМинералзБозымчак» компаниясынын гендиректору Иляс Тулекеев “Манас” аэропортунан Казакстанга учуп кетерде каржы полициясы тарабынан кармалып, убактылуу абакка киргизилген.

28-май күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Иляс Тулекеевдин баш коргоо чарасын карап, абакка алуудан баш тартты.

Каржы полициясы тергөөнү улантууда.

 

Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловго: "Коррупция же уурдоолорго байланыштуу резонанстуу иштерди аягына чыгаргыла, күнөөлүүлөргө катуу чараларды көрүш керек"

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

УКМКнын ишмердигинин натыйжалары жана ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы Чечимин ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Президент УКМК өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздаган маанилүү органдарынын бири катары ички жана тышкы коркунучтар, эл аралык терроризм жана экстремизм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүшү керек экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жолугушууда коррупция, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын фактыларын аныктоо, коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

«Күнөөлүү адамдарга карата катуу чараларды көрүш керек, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толуктоону камсыз кылуу керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Токтогул шаарынын мэри Марат Калмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэри Калмурзаев Марат (берген арызына ылайык) ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Бекитилген долбоорсуз балдардын онкогематология жаңы корпусунун курулушу – бул кылмыштык шалаакылык, анда 601,3 млн сом деген сан кайдан чыккан?"

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОГБ) балдардын онкогематология корпусунун курулушу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Балдардын онкогематология корпусунун курулушу өлкөнүн калкы үчүн зор мааниге ээ. Өкмөт бул маселени жакшы түшүнүп, аңдап сезип турат. Коомдо жана айрым ЖМКларда бул объекттин курулушу токтотулары талкууланууда, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Бул жалган. Балдардын онкогематология корпусунун курулушу республиканын чыныгы бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен мыйзамдын алкагында аягына чыгарылат».

Премьер-министр Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги менен кеңешүү менен биринчи кезекте Борбордун курч муктаждыктагы: абдоминалдык жана торакалдык онкология жана маммология бөлүмдөрүндө капиталдык оңдоо жүргүзүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи. Кыйла маанилүү тапшырмалардын бири – балдардын онкогематология корпусун мындан ары курулуш ченемдерин жана эрежелерин эске алуу менен, мыйзам талап кылгандай куруу болуп саналат.

Өз кезегинде Борбордун директору Эрнст Тилеков УОГБ корпусунун курулушунун айланасындагы учурдагы кырдаал жана көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелер тууралуу маалымдады.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт борбордун өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы пландарына аракеттешүүгө, анын ичинде зарыл болгон кошумча жабдууларды сатып алуу маселесин иштеп чыгууга даяр экенине ишендирип кетти.
Мындан тышкары кеңешмеде өлкө Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Премьер-министр кол койгон эки линиялык тездеткичтерди сатып алуу маселеси талкууланды. Бул аркылуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан которулган финансы каражаттары аларды андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун колдонуусу үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгынын өлкөнүн Улуттук банкында ачылган мультивалюталык эсебине которулат.

Жыйынтыгында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигине бир айлык мөөнөттө киргизилген өзгөртүүлөр эске алынган балдардын онкогематология корпусунун курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздарын сунуштоону тапшырды.

«Бекитилген долбоорсуз онкогематология жаңы корпусунун курулушу – бул кылмыштык шалаакылык чегиндеги толук түрдөгү жоопкерчиликсиздик. 601,3 млн сом деген сан кайдан чыкканы тууралуу суроого, эгерде долбоор жок болсо, так жооп жок. Мунун баарын дыкат карап, тактап чыгуу керек», – деп белгиледи Өкмөт башчы.
Буга байланыштуу Премьер-министр УОГБ балдардын онкогематология корпусунун мындан аркы курулушу анын жеке көзөмөлүндө болорун ырастады.

Видео - 166 млн сом уурдады деп шектелип жаткан "Түндүк" бажысынын экс-башчысы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

25-май күнү КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) “Түндүк” бажысынын экс-начальниги Нурбек Айбашевди кармап, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизген.

27-май күнү Нурбек Айбашевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыбы угузулуп, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө аяктагынча абакка алуу чечими чыккан.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой Нурбек Айбашев 2015-жылы 20-августта өзүнө афирирленген “А” ЖЧКсынын жетекчилери менен алдын-ала сүйлөшүп алып, жасалма документтерди жасап берүү менен мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирген.

 

 

Жалал-Абад шаарынын бюджети кандай сарпталды?

Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу маселени бүгүн сессияда карашты.

Сессия жыйынында белгилүү болгондой, 2016-жылга  жергиликтүү бюджет 325 миллион сомго бекитилген. Бирок бюджеттин аткарылышына келгенде бекитилген каражаттын 311 миллион сому гана иштетилип, чыгаша жагы 95 пайыз аткарылган, анын жүйөөлү себептери болгон. Анан да 11 миллион сом каражат артып, ал кийинки жылга өткөрүлгөн.

Ал эми 2017-жылы шаар бюджетинин кеч бекитилгендигине байланыштуу чыгашанын 80 миллион сому аткарылбай калып, быйылкы жылга өткөрүлгөнү айтылды.

Жалал-Абад шаардык кенешинин сессиясында депутаттар өткөн 2016-2017-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту угуп жана талкуулап, аны канааттандырарлык деп табышты.

Ошондой эле депутаттар бюджеттин аткарылышы боюнча айрым кетирилген кемчиликтерге токтолуп, аларды жоюу боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.

Эскерте кетсек, 2017-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 305 миллион сом, жалпы бюджеттин көлөмү 382 миллион сом болуп бекитилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад шаарында курулуш тармагына көп каражат жумшалууда.

 

Сапар Исаков: Болот Сүйүнбаевди кызматка дайындаганыма эч качан өкүнбөйм

—Сапар Жумакадырович, ТЭЦ боюнча депутаттардын алдында мурда кийин иштеген өкмөт башчылар күнөөнүн баарын сизге оодарышууда. Ошол ишти жетектеп алып барганыңызга өкүнгөн жоксузбу?

-Жок, эч качан өкүнгөн жокмун. Себеби бул долбоор Кыргызстаныбызга энергетикалык көз карандысыздыкты алып келди деп айтсак болот. 2012-1013-жылдар Кыргызстан үчүн абдан оор жылдардан болгон. Депутаттар дагы ТЭЦтин реконструкциясы керек болчу деп айтып жатышат. Мунун баарын тарых өз ордуна коёт. Ал жерде чын эле коррупция болсо, коррупционерлерди жоопко тартыш керек. Күнөөнү күч органдары аныктап, сот чечим чыгарат. Ушул жерден аша чаппай иш алып барышса деп ойлойт элем. Тилекке каршы учурда саясый куугунтук болуп жатат. Мен мындан башка жол көрө албай жатам. Депутаттар 30 га жакын адамды тизмелеп, чечим чыгарып күч органдарына айтып беришти. Акыйкат чечим чыгыш керек.

—УКМК сизди кайра-кайра суракка алууда, камакка алуу коркунучу жокпу?

—Жок, андай коркунуч жок. УКМК күнөөсү бар, чоң коррупцияга шектүү адамдарды камайт. Мен коррупцияга аралашпасам, эч нерсе кылбасам эмнеге камакка алат? Камалгандан деле коркпойм, муну жасаш үчүн маанилүү далилдер керек. Кайсыл гана кызматта иштебейин өзүмдүн функционалдык милдеттеримди так жана жоопкерчилик менен аткарчумун. ТЭЦ боюнча иш алып барып атканда тышкы саясаттагы мыйзамдардын жобосу менен иштегенбиз. Кытай мамлекетине иш сапарга даярданып жатканда чогулуштарды өткөрүп, ар бир долбоор боюнча президентке айтып отчёт берип турдук.

—«Сактыкта кордук жок» дейт эмеспи. Камалып кеткенден көрө чет өлкөгө чыгып кетейин деген ойду да ойлонуп жатсаңыз керек..

-Чет өлкөгө кетүүгө ниетим жок. Ошончо эле кетүү мүмкүнчүлүгү болуп калса чоң акча тыйын да зарыл. Азыр андай акчам жок. Ошондуктан өзүмдүн мамлекетимден эч кайда кетпейм.

—Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев: «Мени Сапар Исаков чакырып алып бир топ акыл айткан. Мен чын айтып жатам, куран кармап берем» деди. Куран кармашууга жетсе сиз деле кармай алсаңыз керек?

—Куран кармаганга чейин жетсе ошол адамдын гана абийирине коюш керек. Жыйында ал киши айткандай чын эле жолугушуулар болгон. Мен аны чакырып алып: «Кожобек мырза далилденген нерселерди айтсаңыз болмок» десем, «Сапар Жумакадырович, мен түшүндүм, далилдерди издейин» деп кеткен. Кийин жыйында дагы маселе көтөргөнүнөн: «Далилдерди таап айтпайсызбы?» – деп катуурак эскерткем. Балким ошондо таарынып калгандыр. Депутат Рыспаев «СМИК» компанияны киргизүүгө абдан далалат жасады. Аракеттер башталганда Тышкы иштер жана энергетика министрлиги Кытай тарапка расмий түрдө: «СМИКти дагы көрсөтүп жатышат. Бизге так позицияңарды билдиргиле» деген нотаны жиберишиптир. Нота кеткенде Кытай тарап расмий түрдө: «ТВЕА компаниясы гана иш алып барат» деп жооп беришиптир. Баардык жерде чындык анан калыстык болуш керек.

—Баса, Аскарбек Шадиевди колдогондой, аны коргогондой таасир калтырдыңыз го?

—Аскарбек Шадиев кызматтан кетүү арызын жазгандан кийин жүрөгү кармап ооруканага жатып калды. Колдоо ирээтинде ооруканага 2 3 жолу баргамын. Ошондон кийин таптакыр байланышка да чыга албай, таппай калдым.

—Осмонбек Артыкбаев сизди күнөөлөп, баардык иш сиз аркылуу тейленгенин айтты…

—Президент: «Ушул нерсенин баарын изилдеп мага сунуш киргизгиле» деп айтып жатат. Артыкбаев министр катары изилдөөлөрдү өткөрүп жыйынтыкка келгенде расмий түрдө президент менен өкмөт башчыга сунуштама берди. Бул кишини бирөө кыйнаса анда башка кеп. Андай болгон эмес да. Осмонбек Мамбетжанович туура эмес жасады деп эсептебейм. Өзүнүн милдеттерин гана аткарды.

—Кытайга канча жолу барып, ТВЕА боюнча алардын өкүлдөрүн канча жолу кабыл алдыңыз эле?

—Кытайга расмий түрдө президент менен 4-5 жолу барыптырмын. Ишенбесеңиздер журналист катары чек арага сунуштама берип, тактап алсаңыздар болот.

—Өкмөт башчы болуп турганда ТЭЦке бир дагы жолу барып кабар албаптырсыз. Бул окуя болоорун күткөн жок белеңиз?

—Мен өкмөт башчы катары башка иштер менен алектенип калдым. Ал эми ТЭЦ боюнча вице премьер-министрлер иш алып барышкан. Мен барган күндө дагы адис болбогондуктан маселе бар же жогун билмек эмесмин.

—Алмазбек Атамбаев бул жөнүндө эмне деп жатат?

—Алмазбек Шаршенович учурда процесстерди байкап турат. Өзүнүн позициясын убакыт-сааты келгенде билдирет деп ойлойм.

—Раим Матраимовду мыйзам чегинде алгач сөгүш берип, кийинкисинде эскертүү жасап анан кызматтан алдыңыз беле?

—Мыйзам чегинде гана кызматтан алгам. Тиешелүу сунушту мага Бажы кызматынын ошол убактагы башчысы Азамат Сулайманов киргизген.

—Экөөңүздөр өчөшпөй эле жигитче чечишип алсаныздар болбойт беле?

—Кызматтан алаар күнү Раимбек Матраимовду абдан издетип таба албай койдук. Жардамчыларым көпкө издешти. Өзү менен сүйлөшүп, каталарын көрсөтүп анан кетирейин дегем. Буга күбө кишилер дагы бар.

—Өткөн жума УКМКнын кызматкерлери Кубанычбек Кулматовдун үйүн тинтүүгө алышыптыр, сиздин да үйдү тинтүүгө алышпайбы?

—Эгер бул тергөө иштерине керек болсо каршы эмесмин. Мыйзамдуу тергөөгө эч качан тоскоолдук кылбайм.

—Сизди өтө көп байлыгы бар адам катары билебиз. Өмүр бою айлык менен жашагансыз да. Айлык менен ушунча байлыкты топтосо болобу?

—Азыркы айдап жүргөн машинаны ижарага алгам. Өмүрбек Текебаев көтөрүп ызы-чуу кылып чыккан батиримди саттым. Учурда убактылуу батирде жашап жатабыз. Өзүмдүн коопсуздугум үчүн машинаны алып, инимдей болуп калган адам жанымда жүрөт.

Тергөө иштерин саясый куугунтук деп атаптырсыз. Эгер сизге саясый куугунтук болбосо суракка барбашыңыз керек беле?

—Мыйзамды эч качан бузбай суракка сөзсүз барышым керек, тескерисинче.

—Парламентте отчётуңуз каралаардан бир күн мурун сизди депутаттарды кабыл алып, «Колдоп койгула!» деп суранып жатыптыр деген сөз чыккан. Кимдерди кабыл алдыңыз эле?

—Өзүм менен мамилеси бар депутаттарды чакырып сурап жаттым. Кээ бирлер өздөрү келишти. Абалдын кандай экендигин сурагам. Айрымдары: «Сапар Жумакадырович, мен сизди колдойм. Биз бир командабыз» деп айтып кетишкен. Анан эле ошол «Бир командабыз» дегендер парламентте катуу сөздөрдү айтканда шок болуп калдым. Бул мен үчүн турмуштук, саясий чоң сабак болду.

—Саясатты терең билгендер, «Сапар Исаков өкмөт башында күзгө чейин олтурмак. Каржы полициясына Болот Сүйүнбаевди жетекчи кылып дайындап, отставкасын эртелетип алды» деген «прогноздорду» айтышууда. Сиз кандай жооп айтат элениз?

—Кандай гана сөз айтпайлы баары буйруктан экен. Ошол учурда өкмөт башчылыктан кетиришти. Болот Сүйүнбаевдин жаман жагын көргөн эмесмин. УКМКдан өз арызы менен кызматтан кетиптир. Болот көп жылдан бери партияда Алмазбек Шаршеновичтин жанында жүргөн жигит. Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси начарбы аны да билбейбиз. Мунун баарын депутаттар айтып жатышат. Тергөө иштери боюнча күчтүү, тажрыйбалуу жигитти орун басар кылып алып келгем. Каржы полициясында токтотулуп турган көп иштерди жандандырайын дегем. Болот Сүйүнбаевди кызматка дайындаганыма эч өкүнбөйм. Кандай гана чечим чыгарбайын, баарына өкүнбөйм. Kaтa кетиргенде чыгып элге ачык айтчумун. Өкмөт башчынын баардык кадамдары элге ачык болгону жакшы.

—Өкмөттү башкарып турган кезде пенделикке алдырып, кандай ката кетирдиңиз?

—«Хуавей» компаниясы менен келишимди түзүп, изилдөөлөрдү баштаганда Кыргызстанга пайда алып келбешин билип, келишимди тынчтык жолу менен буздум. Бул мен жактан ката болуп калды. Бирок катаны оңдодум. Кыргызстандагы «айтишниктерди» чогултуп, төрт кесилиштеги камераларды коюп, ишти баштадык. Камералар турган жерде машиналар баардык эрежелерди сактап өтүп жатышат. Бул деле чоң жетишкендик. Чоң жана кичине каталар болгонун ачык айтам, бирок ондогонго аракет жасадым.

—Кызматтык дайындоолоруңузду Алмазбек Атамбаев менен кеңешчү белеңиз?

-Чоң кызматтык дайындоолордо албетте кеңешчүмүн. Бирок Алмазбек Шарщенович тигини муну дайында деп эч качан мага айтчу эмес. Бул жагынан абдан ыраазымын. Бир эле Алмазбек Шаршенович эмес, парламенттеги партиянын лидерлери менен кеңешип турчумун.

—Сиз кызматта турганда ийилип турчулардын баары бүгүн башка командага өтө качышты. Өзүңүз ушундай болоорун сезгенсизби?

—Бир аз андай сезимдер болгон. Бирок мынчалык болуп кетээрин күткөн эмесмин.

—Кеңешчилериңиздин айрымдары сиз кызматтан кетип жатканда арыз жазбайбыз деп чыгышкан экен, чынбы?

—Жалган маалымат.

—Алмазбек Атамбаевден жүз буруп кетип, өкмөт башчылык креслоңузду сактап калуу мүмкүнчүлүгүңүз бар эле. Эмнеге ушул ишке барган жоксуз?

—Мен андай адамдардын катарын толуктабайм.

—Келечектеги карьералык өсүшүңүздү кандай багытта көрө аласыз?

—Бейиши болгур атам 43 жыл өлкөнүн түштүк аймагында иштеди. Мага дайыма тарбиялаганда: «Эч качан жаман нерсеге барба, бирөөгө жамандык кылса, бирөөнүн чөнтөгүнө кол салба, түз жүр» деп айтчу. Ушундай тарбия берген атама ыраазымын. Келечекте Кыргызстаныма чынында пайда алып келе турган кызматка чоң-кичинесине карабай барам. Ар бир адамдын турмушунда өйдө-ылдый болот экен. Азыр менин жашоомдо ушундай абал болуп жаткан учур. Сөзсүз муну да көрүшүм керек эле.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Назира Айтбекова: Аткарган ролум 13 жылдык эмгегимди бат эле басып өттү

-Сиз ири долбоорлордун автору жана алып баруучусу катары эмгектенип келдиңиз. Кайрадан жаңы долбоордун үстүндө иштөө планыңыз барбы?

-Атайын чоң долбоордун үстүндө эмгектенип, ошол долбоорго башым байланып иштей элекмин. Жакшы пландарды ишке ашырууну кыялданып, кыялдын үстүндө иштеп жүргөн убагым. Аткарыла элек ишти айтып, куру мактанбай турайын. Азыркы тапта «Эл эмне дейт» долбоорунун үстүндө гана иштеп жаткан учурум.

-«Эл эмне дейт» берүүсүнөн кийин сизди мыкты актриса катары көрө алдык. Дегеним, долбоордон кийин киного сунуштар түшө баштадыбы?

-Ооба, бул долбоордон кийин социалдык баракчама сунуштар, «сизди кинолордон көргүбүз келет» деген каттар түшө баштады. Аткарган кыска эпизоддук ролго айтылып жаткан сөздөр демиме дем кошуп жатат, өнөрүм элге жагып, эл талап кылып жаткан соң элдин талабын аткаруу керек деп ойлойм. 13 жыл ичинде укмуштуудай долбоорлорду алып баргам, бирок аткарган ролум 13 жылдык эмгегимди бат эле басып өттү. Оюмда драмалык, психологиялык жактан таасирдүү ролду аткарууну кыялданып жүрөм. Тилекке каршы кыргыз режиссёрлорунан сунуш түшө элек. Балким актриса катары роль берип, жүзүмдү ачкандан коркушат же кыска комедиялык жанрдагы актриса катары көрүшөт.

Баса, кино тармагы жаңы бүчүр байлап, жакшы кинолор тартылып, чет элдик фестиваль-конкурстарга катышып, ийгилик жаратууда. Биз, азыркы жаш муун өтө билимдүү, таланттуулардын топтомубуз. Кыргызстан ири кино индустриясынын өлкөсү болот деп терең ишенем.

-«Устат» академиясынын деректири катары айтсаңыз, академиянын иши эмне себептен токтотулду?

– «Устат» академиясынын негиздөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаев менен акын, журналист Мирлан Самыйкожо. Жашоомдо чоң өзгөрүүлөр болуп, абдан кыйналып, депрессияга батып, турмуштан сынып турган учурда мени алаксытуу үчүн эки досум ойбоюма койбой академияга деректир кылып койду. Эгер сага ишеним артып кызмат берсе, сен күчүңдүн жетишинче аракет кылышың керек. Бир топ иш-чараларды өткөрүп, көп иштерди жасаганга жетиштик. Кеңсебиз шаардан алысыраак жайгашкандыктан, көбү таап келе албай, окуучуларга алыс болуп калды. Шаардын так ортосунан офис таап, көчүү үчүн тыныгуу бердик.

-«Kg тай» берүүсүн бир жылга жакын алып бардыңыз. Кийин берүү «НТС» телеканалынан көрсөтүлүп, алыпбаруучулары да алмашты…

-Берүүнүн автору, идеясы ырчы Гүлнара Тойгонбаева эжебизге таандык. Иш тажрыйбамда биринчи ирээт балдар менен иштештим. Мен да энемин, баланын тилин тапканды, кайсы учурда кандай сүйлөөнү жакшы билем дегендей. Гүлнара эженин сунушуна макул болбой коюуу мүмкүн эмес эле. Ошентип «КТРК» телеканалынан берүүнү бир жылга жакын эфирге чыгардык. Кийин кандайдыр бир себеп, пикир келишпестиктерден улам «НТС» телеканалына кетти. Бул каналдын тартиби боюнча эфирге ошол каналдын журналисти гана чыгат экен.

-Сизге түрк тилдүү мамлекеттерден келишим түшсө баш тартып келгенсиз. Мүмкүнчүлүк болсо баарын таштап кетүүгө даярсызбы?

-Ал убакта үй-бүлөм, курсактагы балам бар болчу. Азыр бары башкача. Эгер жакшы келишим болсо ойлонбой туруп кетмекмин.

-Май айы майрам айы демекчи, Энелер майрамында эмне белек бердиңиз жана кандай белек алдыңыз?

-Энелер майрамында чет өлкөдө болуп, апам экөөбүз телефон аркылуу бири-бирибизди жылуу куттуктадык. Жакын адамдарга майрам күнү гана белек берүү мен үчүн жат көрүнүш. Жакшылыктын эрте кечи жок» демекчи, жакшы белек даярдайм.

-Журналист катары айтсаңыз, Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө кандай бересиз?

-Жаңы жетекчи жаңыча шыпырат болуп жатат. Сооронбай Жээнбеков жалаң өзүнүн кадрларын коюп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок жыйырма жети жылдык тарыхыбызда кландык башкаруу эмнеге алып бараарын жакшы билебиз. Сооронбай Шариповичтен чоң өтүнүчүм бар, Кыргыз Республикасын светтик өлкө катары калтырышын суранат элем. Ажонун динге болгон көз-карашы бүтүндөй өлкөгө байланбашы керек.

-Жогоруда дин тууралуу сөз болуп өттү, «Аалам сырлары» долбоору эфирге чыга баштаганда диний көз-караштар туура келбей, долбоор аягына чыкпай калган. Сиз көзү ачыктар менен иштешкен иликтөөчү катары айтсаңыз, көзү ачыктарга ишенүүгө болобу?

– Кыргызстан светик өлкө экенине карабай, Жогорку Кеңеште кайра-кайра талкууга алынып, эл өкүлдөрү жана депутаттар мыйзамга каршы чыгышты. Конституцияда «Кыргызстан светтик өлкө» деп жазылганын окуп, мыйзамдагы беренени тебелеп туруп «Аалам сырлары» долбоорун жаптырып салышты. Ошол себептен светтик өлкө катары калышын суранат элем. Кайсы динде, кайсы агымда болбосун, эң башкысы » бир түндүктүн ичинде тынч жашасак болду, долбоорду жаңы  иштеп баштаган мезгилде көзү  ачыктар көзү карындай жайнап, ошолордун заманы болуп турган  учур эле. Себеби психолог адистер өтө аз, баасы асман чапчыйт.  Кээ бири сөздүн «псих» деген уңгусун алып, «мен эмне псих белем» дегени өтө уят. Айла жок, көзү ачыктарга багыбызды байлап беребиз. Көзү ачыктар арасында психологу, астрологу, аферисти, анекдот чалышы жана чыныгы касиеттүүсү болот.

150 катышуучунун ичинен бир-экөөсүнүн эле чымыны бар. Биз ошол касиеттүүлөрдү аныктаганыбыз менен эфирге чыгарганга жетишпей калдык. Долбоордун аягында элге көп нерсени түшүндүрүп айткым келген. Кубанганым ошол берүүдөн кийин көзү ачыктардын саны азайып, эл касиеттүүлөрдү иргеп калышты. Сырдуу дүйнө менен байланышкан касиеттүү адамдар бар экенине ынандым. Бул дүйнөнү касиети күч көтөрө алган адам гана көтөрүп кетет экен

-«Карьераны түптөгөн атактуу айымдарга жолдоштун кереги жок, болгону ойнош гана жетиштүү» деп орой айтылган цитатага кошуласызбы?

-Атагың алыска кетип, дүйнө эли талантыңа таңгалып, алакан чаап турса да жалгыздык жанга батканда көңүлүң эч нерсе сүйбөй калаары анык. Ойчул балким туура айткандыр, бирок бул сыпаат дээринде болбосо, көрүнгөндүн жанын жуут тута албасаң болбойт экен да. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы сүйүүгө муктаж болот экенсиң.

-Кайын-журтуңуз менен байланышып, жамандык-жакшылыкта катташып турасызбы?

-Эки эжем (кайнежем) менен ушул күнгө чейин сырдашып, сыйлашып, катташып турам. Башкасы менен катташпайм, сый мамиледемин.

Нуркыз Бакасова

Булак: Ачык Саясат

Таласка кыз ала качып баратып, колго түшкөн 29 жаштагы жигит кызды бычактап өлтүрүп, өз өмүрүнө да кол салды

Кечээ, 27-майдын кечинде Таластык 29 жаштагы жигит Б.Д. Бишкекте туугандарыныкында андан жашырынып жүргөн 20 жаштагы Жалал-Абаддык кыз Т.Б.ны кармап алып, достору менен машинага күчтөп салып, Таласка алып качып жөнөшөт. Кыздын сүйлөшкөн жигити болгондуктан анын артынан чуркаган Б.Дга макулдугун берген эмес. Ала качууну билип калган кыздын туугандары түнкү саат 22.00.дө Бишкектин Биринчи май райондук милициясына кабарлашып, Бишкек-Талас жолундагы Сосновка өткөрмө пунктундагы Чүй облустук МАИчилер алар бараткан Subaru Outback автоунаасын токтотуп, кыз ала качкандарды колго түшүрүшөт. Бул тууралу Чүй облустук милиция билдирет.

Машинада 29 жаштагы Б.Д. жана анын досу 30 жаштагы С.А. менен 20 жаштагы Т.Б. болушкан. Колго түшкөндөр Жайыл райондук милициясына жеткирилип, өткөрүлүп берилген. Ал жерде милиция кызматкерлери документтерди толтуруу учурунда кыз олтурган бөлмөгө уурданып кирген Б.Д. бөлмөнү ичинен жаап алып, арыз жазганы жатасың деп кызга бычак менен кол салып, өзүнө да бычак урган. Натыйжада 20 жаштагы кыз Т.Б. ооруканага жетип каза болгон. Ал эми 29 жаштагы Б.Д. операциядан кийин аман калган.

Азыр 30 жаштагы С.А. абакта сурак берүүдө. Милиция кыз ала качуу жана адам өлтүрүү фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Ошондой эле Жайыл райондук милиция кызматкерлерине да кыздын коопсуздугун камсыз кылбаган фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Турсунбек Акун: Кубат Оторбаев өз эрки менен кызматтан кетпесе, депутаттар ишеним көрсөтпөө жолу менен кетириши керек

-Турсунбек мырза, Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин ишмердүүлүгүнө купулу толбогондордун пикири анда-мында айтыла баштады. Сиздин баамыңызда Акыйкатчы өз кызматын жөндөй алдыбы?

-Мага Кубат Оторбаев – Акыйкатчылык кызматка акыйкатчыдай эмес, журналисттей мамиле кылып жаткандай сезилет. Ал деле чуу чыккан, нааразычылык болгон жерлерге барып, окуяны жеринде көргөнгө аракет кылды. Бирок, канчалык аракет кылса да чыныгы укук коргоочудай иштей албай жатат. Ага бир эмес, үч жылдан бери парламентке отчет тапшырып, докладын өткөрө албаганы далил болот. Чынында үч жыл эмес, бир эле жыл докладын тапшыра албаса, ал адамдын парламентке отчет тапшырып, докладын өткөрө албаганы далил болот. Чынында үч жыл эмес, бир эле жыл докладын тапшыра албаса, ал адамдын Акыйкатчы болуп иштегенге укугу жок. Ал тургай мөөнөтүнөн мурун отставкага кетиши керек. Биздин Акыйкатчынын кенебестигиненби же депутаттардын кайдыгерлигиненби Акыйкатчы үч жыл катарынан отчетун берип, докладын тапшырбаса да аталган кызматта, баары жайында болгондой иштеп жүрөт. Эгер Кубат Оторбаев ал кызматтан өз эрки менен кетпесе, премьер-министрди ишеним көрсөтпөй кетиргендей Акыйкатчыга да дал ошол ыкманы колдонушу керек.

-Ал кызматка сиз кызыкдар болуп, ушул маселени көтөрүп жаткан жоксузбу?

-Мен кызыкдар эмесмин. Болгону акыйкаттык үчүн айтып жатам. Мыйзамга шайкеш келбеген мындай иштерди биз айтпасак, ким айтат. Эгер Кубат Оторбаев ал кызматта мындан ары да иштейм десе, үч жылдык отчетун тезинен тапшырып, депутаттар тарабынан докладын жактыртышы керек. Болбосо, депутаттарды ишеним керсөтпөй кетирүүгө мажбурлабай өз каалоосу менен кызматтан кетиши керек. Биз Акыйкатчы институтун көз карандысыз кылуу үчүн канчалаган эмгектерди жумшап, ал кызматтын кадырын көтөрүп, укугу тепселгендер маселем чечилет деп ишенип кайрыла турган абалга жеткирип, мамлекетибизде чоң кызматтардын бири кылып койгонбуз. Ошол эмгегибизди адам укугун коргоодон кабары жоктор келип алып, текке кетирип жатат. Чынында акыйкатчылык кызмат тигил же бул кызматы жоктор коно турган, утурумдук аэродром болбошу керек. Ал кызматка табиятынан укук коргоочулар, нары жагынан укугу тебелгендердин укугун коргоого жөндөмдүү адамдар иштеши керек, болбосо азыркыдай болуп ишин кыйратпаган же бирөөлөрдүн ыгынан чыкпаган институт болуп калат.

-Акыйкатчынын ишин сынга алганыңыз менен ал деле өз ишин жөндөөгө аракет кылып, Өмүрбек Чиркешовичти камактан бошотуу өтүнүчү менен чыкты го?

– Оторбаев туура маселени көтөргөнү менен калпыстыкка жол берип, Акыйкатчы эмес, журналисттей ойлонуп алып иш жасады. Ошон үчүн анын бул демилгеси түрдүү пикир жаратты. Айтайын дегеним, саясый куугунтуктун азабын жалгыз эле Текебаев тартып жаткан жок. Күнөөсү далилденбесе дагы жалаанын негизинде камалып жаткан бардык саясый туткундардын атын атап, Президенттен ырайым кылууну суранса орундуу болмок. Сыягы, Кубат Оторбаев үч жылдан бери өткөрө албаган докладын парламенттен колдоо табамбы деген үмүт менен “Ата Мекенден” колдоо күтүп, жалгыз Текебаевдин атын атаган окшойт. Баары макулдашылып жасалган иш болгондо Текебаев чалкасынан түшүп, мунапыстан баш тартмак эмес.

-Турсунбек агай, Жогорку соттун судьяларын тандоодо парламент эки эле судьяга ишеним артты го. Депутаттар келгендин баарын колдобой туура эле кылдыбы?

-Албетте, туура кылды. Мурдагыдай болуп, келген судьялардың баарын ураалап өткөрүп жиберишкен жок. Купулуна толгонуна колдоо көрсөтүп, толбогону жетиштүү добуш берген жок. Бул жерден парламент эрки, күчү бар экенин көрсөттү.

-Воронцованын колдоо таппай калганы саясый буйруктарды аткарып, кара тизмеге түшүп калганы себеп болгон жокпу?

-Негизи Воронцова мыкты судьялардын катарына кирет. Бирок, анын жогору жактагыларга жагам деп, алардын тапшырмасын аткарып, саясий заказдарды ишке ашырганы аны депутаттардын сынына кабылтып, көп добушка ээ кылбай койгондой болду.

-Сотторго көзөмөл кылып, саясий заказдарды аткарышын талап кылган Манас Арабаев да кызматтан кетти. Анын кызматтан кетиши менен соттор көз карандысыз болуп калды, эми аларды эч ким тымызын көзөмөл кылбайт деп ишенсек болобу?

-Сотторго көзөмөл кылып, аларга ар кандай тапшырмаларды берип, саясый буйруктарды аткарылышын талап кылган Манас Арабаевдин кызматынан кеткенинин өзү элдин кыжырын кайнаткан нерселерден арылууга аракет жасала баштаганын далилдейт. Мына ушул нерседен кийин Президент соттордун ишине кийлигишип, тымызын көзөмөлгө жол бербейт деп ишенгим келет.

-Баса, Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна 6 айдын жүзү болду. Ал 6 айдын ичинде эмнелерди жасай алды?

-Алты айда мактоого арзыган, элдин ишенимин актоого бел байлаган иштерди жасай алды. Маселен, тамырлап кеткен коррупцияны ооздуктайм деген демилге көтөрүп, аны ишке ашыруунун аракетин көрө баштады. Ошондой эле тышкы саясатта салкындап калган мамилелерди калыбына келтирип жатат. Анын бул аракетин баалаган президенттер Сооронбай Шариповичти Путинди тоскондой тосуп, абройлуу президенттердей мамиле кыла баштады. Жакшырган мамиленин баары Кыргызстан үчүн пайдасын гана берет деп ойлойм.

-Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө салым кошкон, демократиялык партиялардын чыгышына себеп болгон КДК деген уюмдун 28 жылдыгы белгиленгени жатыптыр, 28 жылдыкты кандай кылып белгилөөнү максат кылып жатасыз?

-Кыргызстанда демократиянын жел аргысын соктурган, демократиялык көз караштагы партиялардын, лидерлердин, коомдук уюмдардын калыптанышына чоң салым кошкон КДК деген коомдо орду бар, барандуу уюм бар. Мына ошол уюм жакынкы күндөрү 28 жылдыгын белгилөөнүн алдында турат. Атыбыз катуу угулуп, үнүбүз бийик чыкканы менен каражаттын жоктугу кендирди кесип турат. Ошентсе да, Маданият министрлигинин жыйын өткөрчү залын алып, 100-150 кишинин алкагында аталган уюмдун 28 жылдыгын белгилөөнү пландап жатабыз. –

-Делегаттарды кандай сюрприздер күтөт? 

-КДКны уюштуруп, ага болгон энергиясын, мүмкүнчүлүгүн сарптагандардын катары суюлуп баратат. Айтайын дегеним, КДКнын сап башында тургандардын көпчүлүгү ыраматылык болуп кетишти. Ошол нерсени эске алып, КДКга салым кошкондорду, аны жетектегендерди көзүнүн тирүүсүндө сыйлап, аз болсо да мамлекеттик сыйлыктарды ыроолоп койсок ашыкча болбойт эле деген таризде Президенттин аппаратына кайрылып жатам. Кудай буюрса, 28 жылдык эмгектерди эске алган сыйлыктарды тартуулаган жагымдуу нерселер менен коштолот деген ойдомун.

Булак: “Ачык саясат”

 

 

Ажынын айткандары орундалса…

Учурда эң популярдуу ажаат ачкыч Чубак ажынын канаттуу фразалары ойкуп-кайкып көккө учуп калганы ырас. Көбүнчө кыжаалат кылган көйгөйлөрдүн чечилишин каалагандар ага түркүн түстөгү соболдорун бергени бекерден эместир? Өткөндө көпчүлүгү уурулук, жемкордук боюнча суроолорун ажыга жаадырышты. Ошол эле ТЭЦти тоногондор, тарых музейинен каражатты өөнөп алган шылуундар тууралуу ойлорун ортого салышып Жалиловдон жооп күтүштү.

— “ Каракчылык кылган атка минерлердин манжаларын кесип, керек болсо башын алыш керек коңшу кытайларга окшоп. Ошондо абдан таасирлүү болуп, мындай тескери жосундар кескин азаймак. Негизи мен кытайлардын катуу жазасын колдойм”-деди ажыкебиз. Эгерде ошол жаза капыстан биздин жашообузга кирип калса колу томурайган миңдеген уурулар пайда болмок. Алардын колун көргөндөр а-аа бул шүмшүк уурулук кылган турбайбы деп жанынан алыстап кетмек да? Дагы бир денени чыйрыктарган суроо берилди. Жемкорлорго, кыянаттык кылгандарга өлсө жаназа окубай коюу боюнча. Ал маселе боюнча да дин аалымдарына сунуш киргизерин кыйытты Чубак ажы. Айтор, чоңдордон үмүтү үзүлгөн карапайым жарандар дайыма ушул кишинин түз берген жоопторуна шыктанып, собол таштоого аракеттенишет. Бул да болсо демократиянын кенендигинен десек эмнеге болбосун?

Булак: “Ачык сөз” 

Тез арада 13-палатаны уюштурбасак болбойт

Адам фактору эң башкы орунда деген “урааныбыздан” кайтпашыбыз керек деген ниетте болсок анда чукул арада 13-палатаны ишке киргизишибиз кажет. Анткени мурда үлкөн бийлик бутактарында “ак дилден” кызматын кылгандардын жүрөк согуусу ылдам чекке жетип, кан басымы көтөрүлүп, башы айлан-көчөк болуп, табити тамакка тартпай акыбалы жаман болгон кези. Ошондуктан мурда төрдө компоюп отуруп улуу тостторду кыраатына келтире сүйлөгөн, акчаны желдей сапыра үйлөгөн, элине түк күйбөгөн, таптакыр жөө жүрбөгөн, сын айткандарды сүйбөгөн атка минерлерди тумшуктууга чокутпай сактап калуубуз абзел. Кандай болгон күндө да булар калкка “таптаза” кызматын өтөшүп, өз көмөчүнө кантип күл тартуу керектигин өзгөлөргө куп үйрөтүштү. Алардын таалим-тарбиясына сугарылган жаш кадрлар өлкөнүн “келечеги” болордо ишенген төбөлдөрдүн “жаман жерден” этеги жыртылды. Ал тургай тагдырына коркунуч туулуп айрымдары камалды. Окуя минтип өзгөргөнүнө биз кайдыгер болбошубуз зарыл.

Демек, кыска мөөнөттө мезгил талабына ылайык 13-палатаны уюштурууну бийликтен сурайбыз, керек болсо талап кылабыз. Бишкектин чок ортосундагы улуттук эмканадан жүз киши сыярлык жайды табууну медицинанын лөктөрүнө табыштоо кажет. Бардык заманбап аппараттар менен камсыздалбаса капыстан жатчуларга ыңгайсыздык жаралат. “Кызыл китепке” кирген баалуу кадрларды көздүн карегиндей карабасак кечирилгис күнөөгө тушугабыз. Анткени булардын иш-тажрыйбаларын кезеги келгенде жайылтуу зарылчылыгы сөзсүз келип чыгат. Акчаны майдалап эмес оптом сугунганды кулкуну аркылуу өздөштүргөндөр албетте “жаш мамлекетке” керек болору шексиз.

Эгерде мындай “эптүүлөргө” шарт түзүп бербесек Аскарбек Шадиевге окшоп качып кетишет. Байларды чет өлкөлүктөр деле кубанычтуу түрдө кош колдоп тосуп алышат. Каерде болсо дагын каражаты калыңдар катуу бааланарын билип эле калбадыкпы? Максимдин байлыгы болбогондо Лондондо бир саат да кармашмак эмес. Байлар эч качан талаада калбайт экен. Айтор, ойлонуп чечер маселенин туу башында ушул көйгөйлүү жагдай турат. Башын тегерете иштетип кыргызстандан тапкан байлыгын шылуундар чет тарапка алып чыгып кетпеши үчүн журт башчылары камкордук көрүшү зарыл деп эсептейбиз. Болбосо Өмүрбек Бабановдун жолоюна түшүп, жашылбайларын каалаган жагына жайгаштырып алып жыргализмге батып кара жоргону бийлеп дооранын сүрө беришет. Же андай эмеспи, бурадарлар?

А балким Ысык-Көлдөгү ак кемени палатага ылайыкташтырып, “берекелүү” каармандарыбызды аздектеп баксак кантет? Калтасында акчасы толо болгондорду ошентип ардактап, даңктап багып алсак өзүбүзгө эле пайдалуу болмок. Алардын токсон пайызы биринчиден сууда сүзгөндү билбейт, калгандары болсо суу жүрөк. Эмнеси болсо да төрт тарабы толкуган суу болгон соң эч жакка качууну ойлонушпайт. Болгону убагында дарысын берип, ийнесин сайып, тамагын майлап туруу талап кылынат. Улам аң-сезими оң тарапка ойгонгондордон өз каалоосу менен тил кат жаздырып алып, ашыкча байлыктарын, кыймылсыз мүлктөрүн мамлекетке өндүрө берүү керек. Мындай учурда чоң утушка ээ болобуз. Оболу каармандар түгөл болот, андан соң кытайлардын карызынан кутулууга өбөлгө түзүлөт. Жумушчу орундардын ачылышынан улам медиктер, ашпозчулар, нотариусттар, жер шыпыргычтар, массажисттер оокатын кылууга жагдай табылат.

Ток этерин айтканда ушундай сонун идея пайда болду. Бул деген замандын өктөм талабынан жаралды дегенге негиз бар. Дагы кимде башка канаттуу идеялар пайда болсо биздин гезиттин дарегине өз кыялдарыңарды жазып жибергиле. Себеби, баарыбыздын тилегенибиз кыргыз өлкөсүн өнүктүрүү, очойгон карыздан оолактатуу, жарык мамлекетте жашоо экени талашсыз. Демек, ишке ашырчу айкын долбоорлорду дайыма ортого салып турууга ар бирибиз милдеттүүбүз. Жапа тырмак киришпесек олуттуу ишибизден майнап чыкпайт.

Ж. Түзайтар

Булак: Ачык сөз

Видео - Текебаев абактан интервью берип, мыйзам боюнча Атамбаевдин кол тийбестик макамы жок экенин жарыялады

Бүгүн, 28-майда абакта олтурган Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов шаардагы N47-абактын жанында туруп видеобилдирүү таратты. Анда ал Текебаев бүгүн маалымат каражаттарынын бирине интервью берип, Конституция боюнча экс-президент Алмаз Атамбаевдин кол тийбестик макамы жоктугун, Кыргызстанда бардык жарандар бирдей укукка ээ экендигин негиздеп берген.

 

Байлыктын да азабы болоруна көзүбүз жеттиби?

Негизи жегичтер майлуу орунга келсе алты жылда эмес бир айда берекелүү жердин ит акмагын чыгарып салат. Алыска барбай эле ырыскылуу делген бажы тармагына келели. Күнү-түнү республикадагы бажыканалардан нечендеген унаалар өтөт, көмүскө товарлар кирет же чыгат, туурабы? Ушул кыймыл-аракеттин баары акча аркылуу “ырымдаларын” кимибиз билбейбиз? Ошол үчүн ушул тармаккка жок дегенде кароолчу болууга жан талашып жүрүшпөйбү? Салаалардан куюлуп эле акча түшүп жатса алардын уйкусу келмек беле? Эмне үчүн азыр дөө-шаалар бажыга тырмышып жатышат? Жогоруда айткандай миллиондор тынбай айланып жатса ким “сүттөлгөн акырдан” алыстагысы келсин? Бекер жерден кыска мөөнөттө 3 миллиард сомду капчыкка салган кишинин ордуна башка адамды коюшкан эместир?

Ана сатабыз, эми сатабыз деген “Мегакомдон” деле 24 саат боюу алтын сөлкөбайлар айланып турганы калп эмес. Ошонун сыйрытмагына илингендер азыр каякта отурушат соксойуп? И-ии ошол эргулдар каймагын шыпырып жеп жүрүп, кекиртегинен илингендер. Дагы канчалар мындай тагдырга туш болорун көзү ачыктар да айталбайт. Ал эми чуулган жараткан соттошуулар эртең эле аягына чыгат деген курулай кыялдануу десек болот. Көрсө акчанын кусуруна кабылгандар оңой кутула алышпайт тура. Сугалактык, тойбостук, ыймансыздык тескери сапаттар баары бир балээге туш кылат экен. Тили менен казанга чарылдатып таш кууругандар деле ачкөздүгүнөн улам кулкунунан илинип кокуйлаганына күбө болуп жатабыз го?

Алтын чыккан жерлерден деле эки кулагы шалпайгандар кезинде чириген байлыкты жыйнап алышкан. Кээ бирлери азыр Москвалап жүрсө, айрымдары Лондондо шапар тээп калышканы боюнча уламыштар жомоктой уланып келет. Дале болсо купшуңдап алтындан өөнөп калсам деп жулунгандар толтура. Кумтөр, Жерүй, Макмал, Иштамберди, Бозумчак, Алатай сыяктуу кен чыккан жерлердин чүйгүнүн ап эткиси келгендердин аппетити ар качан ачылып турат. Керек болсо Швейцариянын эч ким кире алгыс банктарында көмүскө ат менен сакталган алтындары бар экени тууралуу билермандар узун сабак кептерин токуп калышканы жөн жерден эместир? Алып жатса деле тынгысы келбегендердин жоругун сөз кылгыбыз деле келбей калды. Анткени бир келген өмүрдө жылыңач келип, кайра жылаңач кетерибиз ырасталган. Бул кызылдай чындык!

Чырлуу ТЭЦтин аягына чыга электе тарых музейин “ыңаалатып” сууруп чыгышты. Буйруса дагы бүтпөс тема табылды. Бул боюнча да “хохмалар” уюлгуп чыгарында шек жок. Ар кандай тамашалар, анегдоттор, какшыктар, сценарийлер тартылат, жазылат, сахналаштырылат деп ишенимдүү айтсак болот. Анткени ушундайдан “чыгарма” жаратуучулар кескелдириктей куйругун шарт кесип салышат көз ачып жумгуча. Акыркы учурда биздин журтчулукта “өнөрлүүлөр” бутка чалынып калышпадыбы…

Эми үстүртө кеп кылгандай ар кандай “түстөгүү” ой-жооручулар бар экендиги байкалды. Бирөө шардана кылып минтип жазды:-“ Жегичтердин азабын берип салчу тажик молдолор бар. Эгерде ошолорду атайын таап келип дубасын окутса мамлекеттин байлыгын жеп, ичкендер калтырап, титиреп, окшуп колго түшүп берет. Антпесек такыр ылаажы табылбай калды”-деп өз пикирин калтырды. Андай божомол чын ишке ашса бизге кыйын оперлердин, тергөөчүлөрдүн, прокурор, соттордун эмне кереги бар? Ошолордун ордуна ошондой укмуштуу касиети бар молдолорду эле жалдап, шектүүлөрдүн ашмалтайын чыгарып, казынага каражаттарды тартып келип байгерчиликте оокатыбызды кыла бербейлиби? Мындай жолду табууга жардам бергендер алтынга оронуп жатса да жарашмак. Миңдеген чабал милисалардын, соттордун, салыкчылардын, генералдардын ордуна сүф дегенде оозунан “кара куртту” түшүргөндөр деги бар болсоңор, кабар берип койгулачы? Жетинчи кабаттагы билермандарга өзүбүз кезиктирүүгө убада берели. Анда эле илгерки коммунизм дегенге жетип, жыргап, куунап жашообузду өткөрмөкпүз. Дегинкисинде айла кеткенде ар кандай кептер айтылат шекилди. Пендебиз да …

Жора Сулайманов

Булак: Ачык сөз

Туй аке туурга конду

Кадыр сыртында калбаган тың чыкма кадрлардын ичинде Туйгунаалы Абдраимов да бар экендиги толук түрдө тастыкталды. Чүйдүн биринчи адамына айланган моңолдор уурусундагы атка минердин кайрадан кызматка келишине ар кандай пикирлер токула баштады. Бири балансты кармоого карата жасалган аракет десе, экинчилери аны татыктуу талапкер сыңары жымсалдады. Ал эми Ишенбай Кадырбековдун, Эдил Байсаловдун куйкалары тырыша түшкөнү заматта байкалды. Анткени булар Туй акеге анчалык ичтери ак эмес.

Негизи жакын арада бул кишинин “боз айгырга” минери тууралуу добулбасты каккандар болгон. Ошол сурнайдын чыккан үнү туура “нотага” келди окшойт, сааты чыгып Абдраимов эчнерсени кыйраткан жок деген сыпаттамага алына баштаган Улан Карагуловдун ордуна жеңил отуруп калды. Албетте, регионалдык баланстан мурда кайсыл саясатчынын эл арасында барк-баасы канчалык деңгээлде экенине ириде көңүл бурулат.

Министрлик, элчилик, депутаттык “жүктөрдү” кезинде жонуна көтөрө алган киши оңой болбостур? Эки ирет БШКны деги ким жүгөндөп алганын көрдүк эле? Эмне деген күндө да бул адамдын коомчулукта орду бар десек куп жарашат. Баштын ичиндеги мээни туура багытка салып иштетүүнүн өзү утук болорун акылы бар адам танбайт. Демек, көрүнүктүү облуска кабелтең кадрдын дайындалышынан эле көп сырдын түйүнүн чечсе болот. Бул ирет да кеткен ажонун позициясын алсыздандырууга карата болгон шахматтык жүрүштү жон тери менен туйдук. Эми ошого жараша арабаны жакшылап тартып берсе экен Туй аке!

Булак: Ачык сөз

Улуттук коопсуздук комитети тарых музейин реконструкциялоодо максатсыз сарпталган каражаттар боюнча иликтөө жүргүзүүдө

2018-жылдын апрель айынан тартып МУКК Коррупцияга каршы кызматы (ККК) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте Мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүүдө, тиешелүү каражаттарды алып келүүдө бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

2015-жылы КР Премьер-министринин буйругу менен Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоону Түркия Республикасынан берилүүчү жардамдын эсебинен кылынсын делген тапшырма берилген. Келишим боюнча Түркия тарап гранттык каражат катары 15 млн АКШ доллар каражатты 3 жыл ичинде бөлүп берүүсү каралган. Жогоруда аталган гранттык каражаттардын 4 млн АКШ доллардан ашыгы Музейдин тегерек-четин жана ага жанаша аймактарын көрктөндүрүү менен фасаддык бөлүгүн оңдоо иштерине сарпталган.

Бирок гранттык каражаттарды күтпөстөн, КР Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджетинен музейдин курулушун бүткөрүү үчүн каражат издеп табуу боюнча бир нече чечим кабыл алынган.

Музейдин ички бөлүгүн реконструкциялоо жана тийиштүү жабдууларды сатып алуу үчүн Турак-жай жана жарандык курулуш Департаментине жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнүп берилген.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдарга юридикалык баа берилет.

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер: ""Кумтөр" боюнча Сапар Исаковдун 2017-жылы түзгөн келишими кылмыштуу келишим, президент менен парламент аны токтоосуз жокко чыгарыш керек!"

2017-жылы 11-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков “Кумтөр” алтын кени боюнча Канадалык “Центерра голд…” компаниясы менен жаңы стратегиялык келишим түздү. Бирок ал келишимдин текстин өкмөт эмне үчүн элге жарыялаган жок?

Балким алар элдин каарынан коркуп жатышат, анткени бул келишим да Кыргызстандын түпкү кызыкчылыктарына каршы түзүлгөн. Канадалык компаниялар мындай учурларда биздин өлкөгө бир жолку берилүүчү кайыр-садагаларды узатып коюп, өздөрүнө керектүү келишимдерди түзүүнүн ыгын билип алышты. Ошол эле учурда “Кумтөр” көйгөйү 1994-жылдан бери чечилбей, бүткүл элдик нааразычылык чыгууларына айланып кетеби деген коркунучту жаратып, коомдогу бейстабилдүүлүктүн негизги булагы болуп келатат.

Биз, бул маселени ичинен билгендер үчүн 2017-жылдагы Сапар Исаковдун келишиминин мазмунун Акаевдин 1994-жылдагы генералдык келишими менен, 2003-жылдагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо келишими менен жана эң башкысы – Бакиевдин 2009-жылдагы “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы келишминин мазмуну менен салыштыруудан башка эч нерсе калбай калды. Азыркы Сапар Исаковдун келишиминин эң башкы мазмуну – бул Кыргызстан канадалык компанияларга каршы бардык арбитраждык жана экологиялык дооматтардан баш тартат, ошондой эле канадалыктарды келечекте болуучу дооматтардан да куткарат. Баарынан да кызыгы, 2017-жылдагы Атамбаевдик “Кумтөр” келишими 2009-жылдыгы Бакиевдик “Кумтөр” келишимин күчүндө калтырууга милдеттенме алат. Бакиевдик келишим боюнча алтынды сатуудан түшкөн дүң кирешенин 13 пайызы бизге калат.

Сапар Исаковдун келишиминин дагы бир өзгөчөлүгү – бул канадалыктарга эми бүтүндөй Кумтөр өрөөнүнө эркин кирүүгө жол ачат, алар өрөөндө алтын издөө боюнча кеңири масштабдагы геологиялык чалгын жасагандан кийин ал жерде калып, үстүбүздөгү кылымдын аягына чейин алтын казууга уруксат берет. Бул эмнени түшүндүрөрүн силер элестете аласыңарбы? Анын үстүнө жаңы келишим боюнча кыргыз бийлиги мындан ары Канадалык негизги компанияга жана анын составына кирген бутактарына Кыргызстандан Канадага акча которууга чек койбойбуз деген милдеттенме алган. Мына ушундай жеңилдиктердин баары үчүн алар бизге мурунку 310 миң доллардын ордуна 2,7 миллион доллар акча берет. Дагы Сапар Исаковдун өкмөтү атайын ойлоп тапкан – Жаратылышты коргоо фондуна 57 миллион доллар берет имиш.

Бирок, биздин бийлик Канадалык компания азыр, жыл сайын биздин алтынды сатуудан 700 миллион доллар дүң киреше алып жатканын, анын ичинен бизге 90 миллион доллар гана – 13%ы гана тиерин айтпайт. Канадалыктар “Кумтөрдүн” алтынын казып бүткөндөн кийин жасоого милдеттүү болгон  жерлерди рекультивация маселесин түшүнбөй туруп, кыргыз бийлиги кайрадан рекультивация боюнча трасттык фондду түзүүгө макул болгон. Мындай фонд ал жерде мындан 10 жыл мурун эле түзүлгөн, бирок канадалыктар алигиче аны аткарбай келатышат.

Бийликтен кеткен режим “Кумтөрдө” эмне балээлерди жасап кеткенин билип туруп, жаңы президент жана Жогорку Кеңеш эмнегедир – бул “Центерра…” менен болгон стратегиялык келишим деп аталган бул документти жокко чыгарган жок. Эмне, алар бийликтегилердин кылмыштуу иш аракеттерин дагы деле мурдагыдай жаап койсо боло берет деп ойлошобу? Андай болушу мүмкүн эмес!

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премер КР

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Сапар Исаков соттолобу?

Бекболсун Молдояр уулу: «Исаковдун келүүсү өкмөттүн ишин алга сүйрөө үчүн эмес, кайсы бир тараптын кызыкчылыгын сактап, кеткен президент менен келген президенттин бийлигин тең салмакта кармап туруу үчүн »

-Баа берип эмес, өлкөнүн жараны катары оюмду айтайын. Биринчиден Сапар Исаков иштеген жарым жылдай убакыт аз, экинчиден бул аралыкта чоң иштерди жасоого үлгүрбөсө дагы, алдыга план түзүп, команда топтоп алууга болмок. Бирок Исаковдун келүүсү өкмөттүн ишин алга сүйрөө үчүн эмес, кайсы бир тараптын кызыкчылыгын сактап, кеткен президент менен келген президенттин бийлигин тең салмакта кармап туруу үчүн келген да. Ошондуктан анын өкмөтүнүн өмүрү кыска болду. Камалат деген имишке маани берген болбойт, болуп аткан ишти айтуу керек. Сапар Исаков күбө катары суралып жатат, күбө катары, күңөөлү деп айта элек эч ким. Тийиштүү органдар ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна таянып ишти башташты, органдар кандай иш алып барат ал бизге белгисиз. Саясаттын табияты кубулма, эртең баары болуп кетиши мүмкүн. Сапар Исаков эски кадр дегенге болбойт, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун заманынын ички жагдайы менен тааныш адам. Айрым жаштардын колдоп жаткандыгы, коомду толук бойдон бир багытка буруп салуу мүмкүн эмес, ар бир адамда өзүнчө пикир. Исаковдун колдогон тараптын өзүнүн карманган чындыгы бар, колдобогон тараптын өзүнүн чындыгы бар.

Самат Бакытаев: иликтесе “Иливоюнун” ит акмагы чыга түшөт

-Сапар Исаков жаныча көз-караш менен иш алып баргысы келди. Бизге келе элек жаңылыктардын башын баштап коюп бирок бири да аягына чыккан жок. Эл аралык мекемелерде волонтер болуп иштеген студенттердей эле элес калтырды. «Төрт перекрестокто камералар иштеп атат, Акылдуу шаар дорбоорунун алкагында» – дейт. «Баланын иши чала» – дегедей эле болду, кыскасы. Жогору жакта иштеген байкелерибиздин басымдуу бөлүгү камала турчу эле инсандар негизи. Арты тазалары аз. Иликтесе «иливоюнун» ит акмагы чыга түшөт. Исаковдун да катмар-катмар каталары бар да. Камалып кетиши толук мүмкүн. Исаковду көпчүлүк жаштар колдойт дегенге кошула албайм. Колдоп аткандар болсо, демек алар жаңы кадрга ачка болгондор эмес. Себеби, Исаков жаңы деле кадр эмес да. Алардын көксөөсү эмне экенин билбейт экенмин. «Эскилерден» тажадык деп баарын кетирип жиберип, жаштарды алып келиш керек» деген болбогон кеп. «Тажадык силерден» дегенибиз менен шайлоодо кайра эле ушу кишилерди шайлап алып атабыз. Бирок ошол эле учурда жаңы жүздөрдү көргүбүз келет. Ал эми биз каалап аткан ошол жаңы жүздөр кол менен жасалбай, өз күчү менен акырындап пайда болуш керек. Буюрса, көз каранды болбогон, күчтүү мыкты жаштар көрүнө баштады.

Майрамбек Абдылбеков: «Сапар Исаковду жаштар колдоп жатат дегенге кошулбайм»

-Сапар Исаков аз мөөнөткө өкмөт башчы болду. Жакшы жагынан “Таза коом» программасын колго алып, электрондук өкмөт түзүүнү колго алгандыгы. Бирок ошону менен эле бирге терс, чулгандуу окуялар менен да элдин эсинде калды. Өкмөттү жетектеп турганда «Лигласс» иши, “Акылдуу шаар”, ТЭЦтеги коррупция сыяктуу иштерде аты чыгып жатат. Бул окуялар боюнча тийиштүү органдар изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Сот аныктап күнөөлү болсо, камалышы мүмкүн. Аралашпаган болсо акталат. Исаковду жаштар колдоп жатат дегенге кошулбайм. Мен деле жашмын, бирок анын кылган иштеринин көбүн колдогон жокмун. Мындай пикирди аймактардагы көп эле жаштар карманышууда.

Алымбек Бектурганов: «ири долбоорлордун үстүндө иштөө үчүн 2 жыл керек»

-Сапар Жумакадырович билимдүү, тажрыйбалуу кадр. СССР тарап, эгемендүү мамлекет катары таанылганыбыз менен бул аралыкта 30 премьер-министр алмашты. Эгемендүү мамлекет болгонубузга али 30 жылдын жүзү боло элек го. Кеминде 3 жыл премьер-министрлик кызматта эмгектенип, эл алдында отчёт бергенде гана иш алдыга жылат. Алты айда ким эмнеге жетишти?! Ири долбоорлордун үстүндө иштөө үчүн кеминде 2 жыл керек. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айтмакчы «жыйырмасы жылып кетти, жыйырмасы жыдып кетти» го. Сооронбай Шариповичтин президенттик тактыда олтурганына 6 айдын жүзү болду, кайсы маселени чече алды?! Кадрдык саясат менен эле алышууда. «Коррупциянын түп тамыры менен жоём» деген таризде сүйлөгөнү менен ЖЭБ маселеси ушул күнгө чейин чечилбей келет. Баары президенттин колунда, бирок жыйынтык барбы?! «Кантсе болот как башты, алдаш керек жаш башты» деген маани болуп жаткан жокпу ыя?

Нуркыз Бакасова

Булак: Ачык Саясат

Чүй облусунун судьяларынын эки күндүк тренинги жыйынтыкталды

24-25- майда  Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  жана Кыргыз Республикасында укукту өнүктүрүү боюнча IDLO эл аралык уюму  менен биргеликте  уюштурган «ЖМК менен байланышуунун өз ара чеберчилиги» деген аталыштагы тренинг болуп өттү.

Тренингге Чүй облусунун судьялары жана  райондук сотторунун төрагалары катышышты.

Иш чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева ачып, тренингди өткөрүүнүн максаты жана ЖМК менен өз ара байланышууда сот коомчулугунун көз карашы боюнча айтып берди.

“Өлкөнүн  Жогорку соту  калктын  сот  адилдеттүүлүгүнө  жетишүүсүн камсыздоого  олуттуу  көңүл бурат. Бул сот тутумун демократизациялоо шартында негизги багытардын  бири  болуп эсептелет. Ал эми  жарандардын  сот  адилеттүүлүгүнө жетишүүсүндө процессуалдык жана уюштуруучулук  чаралар  менен бирге  соттордун  жалпыга маалымдоо каражаттар менен байланышынын эффективдүүлүгүнөн көз каранды. Сот бийлиги жана жалпы адилеттүүлүк жөнүндө элдин пикирин түзүүдө ММКнын орду чоң”- деди  С. Соурбаева.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар судьялардын жалпыга маалымдоо каражаттары  менен өз ара байланышуудагы маселелер жана  медиа иштеринин  жаңы принциптерине токтолушту. Практикалык бөлүгү болсо оюндардан туруп, интервьюлардын түрлөрү  жана кандай учурларда  интервью берүү керек  экендиги туурасында маалымат алышты.

Кемин райондук сотунун  төрагасы  Нурманбет Эшалиев  тренингдин кыргыз тилинде  өткөнүн  баса  белгилеп,  уюштуруучуларга  ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, соңку үч жылда биринчи жолу тренинг мамлекеттик тилде өткөрүлгөнүн кошумчалады.  Ал эми бакша катышуучулар сөз байлыгын өрчүтүп алгандарын белгилешип, мындай  мүмкүнчүлүк үчүн рахмат айтышты.

Өз кезегинде Чүй облусунун судьясы  Улан Садырбеков тренингдин форматы жакшы таасир калтырганын айтып, катышуучулар жаңычылдыктар менен бирге жагымдуу эмоцияларды алгандарын белгиледи. Ошону менен бирге ушундай багыттагы тренингдерди уюштуруп туруу зарылдыгын белгиледи.

Эки күндүк тренингдин  жыйынтыгы менен катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.

Меню