Menu

Улуттук коопсуздук кызматы 9090 сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө башталды

КР МУКК 2018-жылдын 25-апрелинде козголгон “Зеленхоз” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттары, 304-беренесинин 2-бөлүгү жана 306-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.

Такталган боюнча, 2017-жылы 23-октябрда көчөттөрдүн айрым түрлөрүн 9090 сомдон сатып алуу үчүн «Арт Грин» ЖЧК менен келишим түзүлгөн.

Бекитилген бюджеттик пландын негизинде ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу максатында 2017-жылга карата май айында 60 000 000 сом каралган.

2017-жыл аралыгында «Арт Грин» ЖЧК менен жалпы суммасы 18 615 980 сомго барабар 4 келишим түзүлгөн.

Мындан сырткары «АГТ Азия» ЖЧКсы менен жалпы суммасы 8 948 816 сомдук 2 келишим жана «Зиар Строй» ЖЧК менен  14 481 000 сомдук 6 келишим түзүлгөн.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча аудит жүргүзүлүүдө. Тергөө жүрүп жатат.

Кубанычбек Исабеков, экс-вице-спикер: Энем каза болуп, бир жак капталым эңшерилип калды

Экс-вице спикер, коомдук ишмер Кубанычбек Исабековдун апасы Турушкан Исабекова 11 -майда бул дүйнө менен кош айтышып, келбес caпapга узап кетти. Эненин ордун эч ким жана эч нерсе толуктай албайт эмеспи. Маркум Турушкан апанын уулу Кубанычбек мырза төмөндө эскерет.

Менин энем

-Энем Турушкан 15 жашында атам Сатиндиге турмушка чыккан экен. 29 жашында өмүрлүк жолдошунан айрылып, жесир калган. Ошентип биз ата мээримин көрбөй чоңойдук. Бирок энем сыртта ата милдетин аткарып, үйдө мээримдүү эне боло алды. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп, оор турмушту жеңип өттү. Кабагым-кашым дебестен күнү-түнү эмгектенип жүрүп чоңойтту. Энем өмүр бою колхоздо иштеп, эмгегинин үзүрү кайтып, топтогон тажрыйбасынын негизинде айылдык кеңешке депутат болуп шайланды. Баарыбызды билим алууга үндөп, колунда сокур тыйыны жок экенине карабастан жогорку билим алуубузга шарт түздү. Энемдин ак эмгеги акталып, баарыбыз ардактуу кесип ээлери болдук. Эл арасында сый-урматка жетип, өз ордубузду таптык.

Келиндерине өз кызындай мамиле жасачу

-Келиндерине кайненелик кысым көрсөтмөк тургай, өйдө карап сүйлөгөн жок. Бирөөсүн дагы нааразы кылган жок. Үйүбүзгө кыз бала конокко келгенде, «кызым, турмуштун ысык-суугуна чыдап жаша. Жалгыз бой жашоо тирүүлүктүн тозогу» – деп тарбиялап, «Ээх, жесирдин жашоосу курусун» – деп оор үшкүрүп коер эле.

Энем өзгөчө мага, мен энеме жакын элем

-Жети баласынын ичинен энем мага, мен ага өзгөчө жакын элем. Окууну бүтүп, Украинага ага айтпастан окууга кетип калдым. Энем «кичинекейимди ким батырбай койду?» – деп көп убакыт боздоп ыйлаган экен. Аскердик окууда окуп, дайыма берцы өтүгүн кийип жүргөндүктөн, буттарым бычылып кетет. Каникулга чыгаар замат энем менен учурашып келүүгө жөнөйм. Энем, «балам, бутуң эмне болгон ыя» – деп көзүнүн жашын көл кылып, бутумдан өөп жиберген. Ошол көз ирмем ушул күнгө чейин көз алдымдан кетпейт.

Өкүнүч

-Өзүм шаардын чок ортосунда көп кабаттуу үйдө турам. Айылда өсүп-чоңойгондуктан, тегерек чети бакшак менен курчалган жер үйдө жашоону көп кыялдандым. Кыялымды ишке ашыруу максатында короо-жайы кенен үй салып жаткам. Ошол ак өргөмдүн босогосун, энем биринчи аттап, алакан жайып бата берсе – деп тилек кылган элем, ал тилегиме жетпей калдым. Мен өзүм Германияда дарыланып жүргөндө энем экинчи жолу инсульт алып, райондук ооруканага түшүп калган экен. Анан Бишкекке алып келдик. 22 күн комада жатып, өтүп кетти. Ошентип энем менен коштошо албай өксүп калдым. Германиядан энеме деп алып келген жоолук, көйнөгүм кийилбей калды. Мына ушундай өкүнүчтөр жүрөгүмдү оорутуп, жан дүйнөм сыздап турат.

Энеме берген биринчи белегим

-Украинада окуп жүргөндө гезит беттерине макала жазып, кем-карчымды толуктап алчумун. Каникул жакындай баштаганда вагондорго көмүр ташып, айылга кете турган жол акысын даярдайм. Биринчи курсту аяктап жатып, Украинадан чоң энем менен өз энеме жакшы жоолук, кант, чай көтөрүп келдим. Энеме берген биринчи белегим ушу болду. Чоң энем менен энем кошулуп алып кубанычтын көз жашын төгүп ыйлашкан эле. Бул менин жашоомдогу эң бактылуу мүнөттөр болуп кала берди.

Мен эми жетим калдым

-Энем сексен төрт жашка чыкканда дүйнөдөн кайтты. Мен үчүн бул орду толгус жоготуу болду. Атам каза болгондо чоң энем, «Кайрат кылгыла, бир Сатиндим өлсө, артында жети Сатиндим турат. Кан жутуп турам, бирок ыйык аял заты, эне катары айтам, «энеси бар эрке жетим», энеңер тирүү, мен ошого шүгүр кылам. Сатиндим силерге эне берген мээримди төгө албайт эле. Эненин орду таптакыр башка» дегени кулагыма жаңырып турат. Чоң энемдин кайратына баа берип келем азыркыга чейин. Эми мен жетим калганымды сездим, түшүндүм. Энемди Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылына жерге бердик.

Нуркыз Бакасова

Булак: Ачык Саясат

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер: "АША Кытай тарапка 30-40 миллион долларга узундугу 200 чакырымды, туурасы 10 чакырымды түзгөн бүтүндөй Алай өрөөнүн берип койду"

«Силер менин газ түтүгүнүн 4-бутагы жөнүндө жазып келатканымды окубай келесиңер. Ал боюнча биздин өлкөгө 75 миллион доллар төлөнөт деген бир да документке бекитилген эмес. Силер айткандай, ал каражат газдын транзити үчүн да эмес. Газдын транзити үчүн аны өткөргөн компанияга төлөнүшү керек, а бизде андай компания да жок.

АША Кытай тарапка 30-40 миллион долларга узундугу 200 чакырымды, туурасы 10 чакырымды түзгөн бүтүндөй Алай өрөөнүн берип койду. Дегеним, газ түтүгүн куруу мезгилинде ал жерде миңден ашык кытай курулушчулары жумуш аткарат, ошол кытай курулушчулардан турган төрт кыштакка жайгаштырылышат. Газ түтүктү жана басым станциясын тейлөөгө өмүр бою 700 кытай эмгектенет.

Мындан тышкары да далай нерсеси бар.
Кең Алай өрөөнү туурасынан экиге бөлүнөт. Ар биринин диаметри 1,64 метрди түзгөн газ түтүгүнүн кош багытында кытай аскерлери туруп, эч кимди жакын жолотушпайт. Айта кетсек, бул келишимге АШАнын көрсөтмөсү менен Темир Сариев Кытайдагы сапарында кол койгон, ал эми АША өзү болсо, менимче, Кувейтте жүргөн. Ошондуктан Алай өрөөнүн кытайларга сатылганы боюнча ызы-чуу али алдыда.

АША ижарага дагы эмес, оозеки убада кылынган 30 миллион доллар үчүн жерибизди берип олтурат. Келишим – жашыруун сыр болууда, мындай келишимдердин жолун АША жакшы билет экен. А эмнеге Жогорку Кеңеш аталган документти өздөрүнө алдырганга талап кыла албайт? Бул келишимге тээ 2013-жылы эле кол коюлган».

Мунун баары далилденсе, бул эмне КОРРУПЦИЯ эмеспи?!

Бул АТА-МЕКЕНди сатуу, миңдеген жылдар бою айтыла турган каргыш!

Анан ушундай киши (АША) Куранды билгени менен мактанып, «Манас» эпосуна түшүндүрмө берип келбеди беле?!

Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК), Өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭККМКсы), Башкы Прокуратура, Жогорку Кеңеш мындай кишиге токтоосуз чара көрбөсө болбойт!

Булак: “Алакан.Биз”

Кашкар мырза ИИМди ириткен "крысалардан" эртерээк арылса болмок

Тогуз-Тородо элдин массалык түрдө тополоңго чыгышы, Кыргызстандагы инвестициялык климатты өлтүргөнү, ОИИБнин шалаакылыгынан улам тартипсиздик орун алганы кандай? Албетте, бул окуялар ошол учурдагы Жалал-абад ОИИБнин мурдагы башчысы Акылбек Мамасейитовдун алдын ала эл менен жолугуп профилактикалык иштерди жүргүзгүзбөгөн шалаакылыгынан келип чыкканы маалым. Анын кесепетинен тогузторолук бейкүнөө жарандар камалып олтурат. А баса, береги аймактагы «хаосту» түзгөн ОИИБнин мурдагы начальниги Акылбек Мамасейитов эмне үчүн талкуулоого алынбай, ал башка кызматка орун которуп кетет? Керек болсо Мамасейитов буга чейинки кылган шектүү иштери үчүн жазага тартылыш, кылмыш иштерине кириптер болушу керек эле. Мамасейитов облустагы мыйзамсыз иштерге, башаламандыктарга жол бергендиги үчүн жоопко тартылышы керек. Тилекке каршы, «өз балдарды» коюн-колтукка ала берсек, анан качан коррупцияга каршы күрөшөбүз?

Буга чейин деле Мамасейитов өздүк курамдын ичинде кадыр-баркы жок болгону, коомдук-коопсуздук абалды тийиштүү деңгээлде жайгара албай, тажрыйбасы жетпегенинен улам аксап келген. Анын себеби эч качан ИИМдин жогору баскычында жетекчи болуп иштеп көрбөгөн Мамасейитовдун бул кызматка келиши деп баамдасак болот. Айрым маалыматтарда Акылбек Мамасейитов ИИМдин орун басары, бул тармактагы коррупциянын символу аталган Данияр Абдыкаровго тиешелүү «ставканы» берип анын көңүлүн таап, бул кызматка келгени айтылууда. Жогорку жетекчилик мындай кадрды неге кармап олтурган? Дагы жакшы ИИМге жаңы жетекчи келгени аны алгач кызматтан которуп, акыры ИИМдин атына  кир келтиргени үчүнбү айтор биротоло айдап чыкты. Баса, Мамасейитов тар чөйрөдө кайсы бир «крышаларын» айтып мактанып, өзүнүн жеке бизнеси гүлдөп атканына таянганы кандай? Ушунча да эркеталтаң болобу?! Мындай жоопкерсиз жетекчини эмнеге жазалашпайт?!

Айрым маалыматтарга таянсак, Акылбек Мамасейитов Данияр Абдыкаров аркылуу мурдагы ИИМ министри Исраилов менен жакшы болуп, алардын коргоосу менен Жалал-Абад облусунда бир топ мыйзамсыз иш аракеттерге барганы айтылып келет. Ал аймактагы алтын кендерине “доляга” олтуруп, алынган алтындан жогорудагы эки кожоюну менен бөлүшүп келгени айтылып жүрөт. Булардын ыраатын көргөн Исраилов учурунда Атамбаевге Абдыкаров менен Мамасейитовду мактай берип, бирине генерал-майор, бирине “Даңк” медалын алып берген. Аныгында бул эки жетекчи мындай наамдарга татыксыз, алардын көзгө басар бир дагы алгылыктуу иштери жок экенине коомчулук күбө. Тескерисинче, бул эргулдардын кулактары жалаң гана мыйзамсыз иштерден көрүнүп жатпайбы? Акчанын кулуна айланган Исраиловдун бул жоругун, кийин Атамбаев туюп бир генералдык чин туура эмес берилип калыптыр деп Абдыкаровдун огородуна таш ыргытып өкүнгөн жайы бар.

Эң кызыгы Акылбек Мамасейитов ИИМ тармагына келгени 4-жолу кызматынан төмөндөтүү менен, 3-жолу «распоряжение» менен кызматтан кеткен экен. Бул ага карата жетекчиликтин ишенимин актабаганы жана өз ишин тарта албаган сабатсыз жетекчи экенин айгинелеп жатпайбы. Анан ушундай адамды капчыгына азгырылып жооптуу кызматка дайындаган жетекчиликке жол болсун.

Учурда күбүр-шыбыр кептерге таянсак, бул эргул президенттин айланасындагы таасирдүү адамдарга чыгып, Бишкек шаардык милициясына башчы болуп келүүгө жан үрөп жатыптыр. Алардын таасири менен Кашкар Жунушалиевге чыгып, жакынкы күндөрү дагы бир майлуу-сүттүү кызматка келип калышы ыктымал. Эгерде бул маалымат чындыкка дал келип, ушул сценарий ийгиликтүү ишке аша турган болсо, Кашкар Жунушалиев экинчи ирет кол алдындагы булганыч кызматкеринин алдында сынган болот. Эске сала кетсек Кашкар Жунушалиев 2016-жылы ИИМге министр болуп келип, ИИМдин коллегиясын өткөрүп, ал коллегияда жалындуу сүйлөп, батыл кадам менен бир нече башкармалыктын жетекчилерин кызматтан айдаган. Алардын арасында кызматтан айдалган Бакир Таиров ошол эле күнү, крышасы Икрамга чыгып, өз ордун сактап калган. Икрам Илмиянов Кашкар Жунушалиевди жарга такап, айткан сөзүн кайра артка алдырганы боюнча маалыматтар желдей тараган. Андыктан Кашкар Жунушалиев мындан ары чыныгы генералдык сапатын көрсөтүп, «сөзүң өлгөнчө өзүң өл» демекчи, принципиалдуу түрдө жогору жактан келген желге туруштук берип, «айтылган сөз, атылган ок» дегендей, артка кайтпашы керек. Тескерисинче, Кашкар Жунушалиев Акылбек Мамасейитовду бардык наамдарынан ажыратып, анын иштери боюнча комиссия түзүп, былыктарын иликтөөгө ала турган болсо бардык коррупциялык схемасы калкып чыгат. Андыктан, Кашкар мырза ИИМди ириткен “крысалардан” эртерээк арылууга тийиш.

Бакыт Карачалов

Булак: Ачык Саясат

Узар Жылкыбаев Ысык-Көлдө кландык бийлик орнотуп алганбы?

Ысык-Көлдө Жылкыбаевдин кландык башкаруу бийлигине балта чаап, коррупцияга бөгөт койбосо болбойт. Жергиликтүү тургундар нааразы. Ысык-Көл өнүктүруү фондуна дос-тууганын, катыштарын, жердештерин алып келип, биргелешкен коррупциялык системаны түзүп алышканы боюнча уу-дуу кеп жүрүүдө. Албетте анын мындай кадамдары жаңы бийликтин аброюна шек келтирбей койбойт. Аталган фонддун директору кылып Бостерилик жердеши, география мугалими Алмаз Осмонов (иштин көзүн билбеген бул жигит, келээри менен тогуз кызматкерди мыйзамсыз иштен кетирип жиберген), ал эми директордун орунбасары ЖК депутаты Данияр Аттокуровдун жердеши, тарых мугалими Актан Мамбеткулов. Бул эмне деген шумдук ыя? География менен тарых мугалимдери Өнүктүрүү фондуна кандай тиешелери бар? Кесипкөй адистер жокпу эмне? Ысык-Көл өнүктүрүү фонду областагы курулуш иштери менен алектенишет да. Ошол себептүү аталган фондго өз ишин билген кесипкөй адис келиши керек, ошондо гана иш жүрөт. Бул экөө эле эмес, фонддун ичиндеги ар кандай кызматтарга жалаң өң тааныштарын дайындап, Жылкыбаевдин кландык бийлиги өкүм сүрүүдө. Узарбек Жылкыбаев өзү да иштин көзүн билбеген, жай кыймылдаган, көрүнүктүү иш жасай албаган, кыбыр жетекчи катары калыптанып калды.

Элетти өнүктүрүү жылында Узарбек Жылкыбаевге окшогон кадрлар менен элетти тургай эч нерсени өнүктүрө албайбыз. Ысык-Көл областына татыктуу кадрды алып барышпаса, Жылкыбаев менен иш жылбайт. Учурда бул жигит иштебей эле Жогорку Кеңешти айланчыктап, спикер Дастан Жумабековдун эшигин сагаалап жүргөнүн эшиттик. Эмнеге? Ордун сактап калыш үчүнбү? Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 12 млн сомду жалмап койгонун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аныктап чыгыптыр. Бул эмне коррупция эмеспи? Аталган фонд Жылкыбаевсиз бир дагы ишти жылдырбасы бештен белгилүү эмеспи. Фонд менен иштешкен курулуш компаниялар да абдан нааразы экендиктерин билдирип жатышат. Кайдан болсо ошол жактан болсун, эң негизгиси өз ишин билген кесипкөй адисти директор кылып беришсе деген ойлорун айтышууда. Билимсиз, жердешчил, коррупционер жетекчилер менен Кыргызстан өнүкпөйт…

Булак: Ачык Саясат

Арман дүйнө, жалган дүйнө

Таластын бир аксакалы суусар тебетейин силкип-силкип, сандыкка салып жатып айтат дейт: – Атаң гөрү? Сени сүлкүлдөгөн 30-40 жашымда кийсемчи? Тигил жагы Андижан, Ташкент, бул жагы Кашкар, Кытайга төө буурчак сатмакмын, – деп. Анын сыңарындай, азыр саясатка кирип-чыгып жүргөндөрдүн экинчи адамы арманга батып жүргөн чагы. “Досумду бекер далыга таптаптырмын” деп бирөөнүн ичкени ирим, жегени желим. “Ата Мекенге” кайра кантип кирем дегендер Болот Шерди ит менен издеп таппай жүрөт имиш. Убагында КСДПга “журт которуп” келгендер эми Асылбек Жээнбековдун бир ишааратын күтүп жүрүшкөн чагы.

Булак: Ачык Саясат

Жеңиш Жоробековго күтүүсүз сокку урулду

Ысык-Көл областынын Каракол шаардык милициясынын башчысы Жеңиш Жоробеков күтүүсүз эле иштен алынды. Көрсө мурдагы башчы соттон утуп келиптир. Жоробековго чейин ортодо дагы бир жетекчи иштеп кеткен эле. Андан бери кайла жылдар өттү, канча суулар акты дегендей. Жакшынакай иштеп жаткан адамды алып ыргытып, күтүүсүздөн сокку урган этикага жатабы? Же Кашкар мырзанын “приёмдору” ушундайбы? Иштин көзүн билген, эл менен жакындан иштеше алган кадрларды талаада калтырбай, башка кызмат бериш керек го эми. Жеңиш Жоробековду өздүк курам да, жергиликтүү тургундар да сый-урмат менен узатышты. Ысык-Көлгө мына ушундай адам келгенде гана уюшкан кылмыштуу топтор жок болот. Жалал-Абадда областтык милицияны жетектеп турганда, жергиликтүү тургундарды спортко үгүттөп, кылмыш чөйрөсү баш көтөрбөй калган.

Булак: Ачык Саясат

Президенттин аппарат жетекчиси Айбек Азыранкулов болобу?

Президенттин аппарат жетекчиси Мукан Абылгазиев премьер-министр болуп кеткенден бери аппараттын орду бош турат. Сыягы татыктуу кадр таппай жатышат окшойт. Жооптуу, анан калса кооптуу кызмат эмеспи. Президенттин көлөкөсү, өпкө-жүрөгү да болуш керек. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Чүйдүн мурдагы губернатору, учурда президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов аталган кызматка дайындалышы күтүлүп жатыптыр. Бул жигит өзү ишенимге бек жигит. Баралы деле келип калды. Тажрыйба топтогондой эле болду. Ишти тартып кете алат го…

Булак: Ачык Саясат

Кубанычбек Кулматов эмнеге камалган жок?

КРнын Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго Улуттук коопсуздук комитети тарабынан, Келечек жаңы конушуна салынган мектеп боюнча кылмыш иши козголуп, бирок камакка алынган жок. Эмнеге? Коррупцияга каршы күрөш тандалма жол менен жүрүп жатабы деген суроо туулат. Дал ушул Кулматовго окшогондорду камакка алганда, президент Жээнбековдун аброю көтөрүлүп кетмек эле. Аттиң, минтип отурушса коррупционерлердин куйругу үзүлбөйт окшойт.

Булак: Ачык Саясат

ОПГ менен байланышы бар Капар Батыркановго ким кызмат берди?

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Чынгыз Жумагулов, каймана аты “Дөө” менен байланышы бар делип иштен айдалган Чүй милициясынын мурдагы башчысы Капар Батырканов учурда кайрадан жооптуу кызматка дайындалды. ИИМге караштуу Транспорт милиция башкармалыгынын башчысы болуп келди. Жеке Батыркановдун ишмердүүлүгү, тажрыйбасы жакшы эле. Керек болсо министрликке да ылайыктуу кадр. Бирок анын ОПГ менен байланышын кантебиз? Же аны кызматтан кетирүү үчүн ошондой ойдон чыгарылган нерсе беле? ОПГ менен байланышы бар деген шек, абдан кооптуу шек экенин жогорку бийлик өкүлдөрү билбейби? Кашкар Жунушалиев эмнени карап отурат? Же ал деле кайдыгерби?

Булак: Ачык Саясат

Абылгазиевдин өкмөтү кыбырап жатат

Премьер-министр Мукан Абылгазиев тажрыйбалуу жетекчи десек болот. Бирок өкмөткө келгени чечкиндүү кадамдарды жасай элек азырынча. Көп иштер бар жасала турчу, бир топ маселе бар чечилбеген. Чоң жоопкерчилик турат мойнунда. Өкмөттүн курамын жаңылабастан, эски курам менен иш баштап алды кайран киши. Эми эски курам менен ишти алдыга жылдыруу кыйынга туруп жатат. Тез арада маанилүү чечимдерди кабыл алып, чечкиндүү кадамдарды жасап баштабаса коомчулук тарабынан, ошондой эле мурдагы бийлик тарабынан соккулар урула баштайт. Азырынча Абылгазиев азамат дегенден алыспыз. Көзгө көрүнө турган кадамдар баштала элек.

Булак: Ачык Саясат

Дастан Жумабеков элдин купулуна толбой жатканы чындык

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун Таласта авторитети нөл экенин гезитибиздин өткөн санында жазганбыз. Бирок Жумабеков чычалап, башка маалымат сайттары аркылуу өпкөсүн көптүрө мактанып жаздырыптыр. Чычалабай эле койсо болмок. Биз жазгандан кийин, “туура жазгансыңар, Дастандын Таласта авторитети нөл” – дешип, каттарды жөнөтүштү. Эми анысына мейли дейли. Бирок жалпы коомчулук Дастан Жумабековдун спикердик ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, ичтери чыкпай жатканын кантебиз? Бир тараптуу болуп кетпедиби. Анын үстүнө аталган кызматты татыктуу алып бара албай жатат. Асылбек Жээнбековдон үлгү алып иштесе жакшы эле болмок. Кечээ кырааттанып, эч кимди теңсинбей жүргөн Чыныбайдын бүгүнкү ахыбалынан сабак алса да ашыкча болбос. Адилеттүү, калыс, билимдүү жетекчини ким эле жамандасын…

Булак: Ачык Саясат

Улуттук коопсуздук комитети Көчмөндөр оюнунун алкагында курулган ат майданды салууда эбегейсиз чоң суммадагы уурдап-тоноолорду аныктады

Кыргыз Республикасынын МУКК Коррупцияга каршы кызматы (ККК) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте Ыссык-Көл облусунун Бостери аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылында өткөрүлгөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданды курууда каражаттарды пайдалануунун максаттуулугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, объектини куруудагы подрядчикти тандоодо Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар» жана «Шаар куруу жана архитектура» боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдери бузулган. Тактап айтканда подрядчик менен келишим долбоорлоо-сметалык документациясы жана мамлекеттик экспертизасы жок түзүлгөн. Жыйынтыгында курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 млрд. 584 млн. сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн 10 млн. сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан фактысы аныкталды. Ошол эле мезгилде 144 млн. сом каражаттын финансылык отчеттуулугу боюнча документациялары жок болуп чыкты.

Республикалык сертификация борборунун сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык 31 млн. 398 миң сом коротулган жолго төшөлгөн асфальт нормативдик талаптарга жооп бербейт жана эксплуатациялык мөөнөттөрдүн аягына чейин чыдай албайт.

Мындан сырткары 8 млн. 244 миң сомго жасалган темирден жасалган ферма долбоорго ылайык салынган эмес жана аны курууда курулуш эрежелерин бузуулар аныкталды.

Обьектидеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда КР Өзгөчө кырдаалдар миинистрлигинин эсебинен өткөзүлө турган иштер үчүн 9 млн. 737 миң сом өлчөмүндө каражаттар мыйзамсыз колдонулган фактысы такталды.

Учурда тиешелүү теккшерүү иш чаралары улантылып жатат жана аудит иштеринин жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берилет.

Кытай АКШны деңиз чек арасын бузууга айыптады

АКШ аскер-деңиз күчтөрүнүн кемеси (архив сүрөт)

Кытай АКШнын аскердик кемелерин Түштүк-Кытай деңизиндеги аймактарына кирип барууга айыптады.

Буга чейин Reuters агенттиги америкалык расмий адамдарга таянып, АКШнын Higgins жана Antietam аскер кемелери Кытай өз аймагы деп эсептеген талаштуу Парасель аралдарынан болжол менен 19 чакырым алыстыктан өткөнүн кабарлаган.

Кытай ТИМи америкалык кемелер деңиз сууларындагы 12 милялык аймакты бузганын билдирди. Пекин аталган аймакка өзүнүн кемелери менен учактарын жөнөтүүгө аргасыз болгонун жана мындан ары дагы «өлкөнүн көз карандысыздыгы менен коопсуздугун коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүсүн» уланта турганын белгиледи.

АКШ өз кемелеринин бул аракетин Түштүк-Кытай деңизинде кеме жүргүзүүгө Пекин тараптан киргизилген чектөөлөргө каршы туруу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Пекиндин бул аймактагы саясаты менен макул эмес экенин буга чейин АКШнын жогорку кызматтагы бир катар өкүлдөрү, анын ичинде президент Дональд Трамп дагы айткан.

Парасель аралдары – Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аймактардын бири. Аларга ээлик кылуу укугун Кытай менен катар Вьетнам, Бруней, Малайзия, Филиппин жана Тайвань өлкөлөрү талашып келишет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Фото/видео - Түркмөнстанды Каракалпакстан тараптан келген кумдуу, туздуу бороон каптады

Туз аралашкан кумдуу бороон аймакка Өзбекстандын Каракалпакстан автономдук республикасы тараптан келген.

27-майга оогон түнү Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал болуп, аймакты туз аралашкан кумдуу бороон каптады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Дашөгүз облусу Түркмөнстандын экологиясы начар аймагы болуп эсептелет. Облуста Арал деңизинин соолушунун кесепеттери көбүрөөк сезилет. Жергиликтүү тургундар суунун сапатынын начардыгына жана жер кыртышынын шор экенине даттанып келишет. Мындан улам аймакта туз аралашкан кумдуу бороондор байма-бай болуп келет.

​Бул видео Дашөгүздө 27-май таңга маал тартылган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы бороон жекшемби күндүн экинчи жарымына чейин уланып, аймакка туз жана кум учуруп келип турганын билдирди.

Туз аралашкан кумдуу бороон жекшемби күндүн экинчи жарымына чейин уланган.

«Туз пахта жана буудай талааларын, ошондой эле жемиш бактарын каптап калды. Көчөнүн баары аппак, тузга толгон”, деп жазды басылма.

Бул видео Өзбекстандын Хорезм облусунда тартылган.

Туз аралашкан кумдуу бороон Өзбекстандын Каракалпакстан автономдук облусу тараптан келген. “Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, мындай бороон өлкөнүн Хорезм, Бухара жана Навои облустарында дагы болгон. Азырынча Өзбекстандын бул облустары менен чектешкен Түркмөнстандын Лебап облусундагы абал белгисиз болууда.

Бороон менен келген туз эгин талаалары менен жемиш бактарын каптаган

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталууда

Наманган облустук кеңешинин депутаты Олимжон Тухтаназаров.

Наманган облустук кеңешинин депутаты, учурда Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясында иштеген Олимжон Тухтаназаров президент Шавкат Мирзиёевге Нобелдин тынчтык сыйлыгы берилиши керектигин айтты.

– Эл тарабынан берилген ыйгарым укуктарыман пайдаланып, Нобель сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнөн Өзбекстан президентине бул сыйлыкты ыйгарууну өтүнөм, – деди депутат Олимжон Тухтаназаров.

Бир кылымдан ашык тарыхы бар Нобелдин тынчтык сыйлыгы жыл сайын физика, химия, физиология же медицина, адабият, ошондой эле тынчтыкты бекемдөө ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылып келет. Депутат Олимжон Тухтаназаровдун айтымында, президент Мирзиёев бул сыйлыкты жогорудагы бардык номинациялар боюнча алууга татыктуу.

«Ал бул сыйлыкка «адабият» номинациясында татыктуу. Анткени президент адабияттын өнүгүшүнө жакшы көңүл бурууда. Ал «тынчтыкты бекемдөө ишмердүүлүгү үчүн» номинациясы боюнча дагы сыйланса болот, азыр Өзбекстанда тынчтык өкүм сүрүүдө. Президент ошондой эле бул сыйлыкты илим тармагы боюнча да оңой эле ала алат. Ал ата мекендик журналистикага көңүл буруп, атайын университет дагы ачты. Жакында швециялыктар өзүлөрү келип, биздин Журтбашыбызга Нобелдин тынчтык сыйлыгын тапшырат деп ойлоп жатам», – деди Тухтаназаров.

Буга чейин Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы «Менин пикирим» порталы аркылуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге «Өзбекстан баатыры» наамын ыйгарууну сунуштап, бул демилге он миңден ашык адамдын колдоосун тапкан.

​Ал ортодо партия жетекчилеринин бири Олимжон Тухтаназаровдун бул сунушун колдой турганын айтты. «27-апрелде биз президентке эң жогорку «Өзбекстан баатыры» наамын ыйгарууну демилгелегенбиз. 24-майга карата ал сунушубузду он миңден ашык киши колдоду. Менимче, президентке бул наамдын берилишин миллиондогон жарандар күтүп жатышат. Материалда менен ысымымды жазбашыңарды өтүнөм. Айрымдар мунун баарын президентке жагыш үчүн айтып жатат деп ойлобосун», — деди ал.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Тажикстандын калкынын саны 9 миллионго жетти

Тажикстандын тогуз миллионунчу жашоочусу 26-майда эртең менен Душанбедеги №1 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу улуттук «Ховар» маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда 3,6 килограмм салмакта төрөлгөн кыз менен 28 жаштагы апасы Назира Мулложонованын абалы жакшы.

Тажикстандын Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу агенттигинде иштеген Мулложонова бул окуя ал үчүн күтүүсүз болгонун айтты. «Мен өлкө калкынын саны 9 миллонго жетип калганын билген эмесмин. Бүгүнкү күн мен үчүн өтө кубанычтуу күн болду», — деди ал. Наристенин атасы Фируз Латипов көптөн бери кыздуу болууну самап келгенин айтты. Үй-бүлөнүн буга чейин бир эркек баласы болгон.

Өлкө президенти кыздын ата-энесин куттуктап, аларды жаңы батир менен камсыз кылууну тапшырды. Борбор калаанын башчысы Рустам Эмомали ошол эле күнү Назира Мулложоновага Душанбенин борборунан бардык шарттары бар үч бөлмөлүү батир берүү тууралуу токтомго кол койду.

Тажикстан балдардын төрөлүшү боюнча мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинде алдыда келе жатат. Статистикалык маалыматтар боюнча жыл сайын калктын саны 2,2 пайызга же 200 миң кишиге көбөйүүдө.

​Ошол эле маалда Борбор Азия боюнча Тажикстан гана расмий түрдө жарандарына аз балалуу болуу кеңешин берип келет. Өлкө калкы эң жаш мамлекеттердин катарына кирет.

БУУнун божомолу боюнча 2050-жылга карата Тажикстан калкынын саны 14,4 миллионго жетет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы эркиндикке чыкты

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы Сапармамед Непескулиев үч жылдык жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты.

Маалыматка караганда, Непескулиев 19-майда боштулган. Булактар маалымдагандай, журналисттин ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар.

Непескулиев 2015-жылдын июлунда камакка алынып, Түркмөнстанда тыюу салынган трамадол медициналык каражатын сактаган деген айып менен соттолгон. Эл аралык укук коргоо уюмдары бул айыптоону жасалма деп аташып, түркмөн бийлигин журналистти эркиндикке чыгарууга үндөп келишкен.

Камалганга чейин Непескулиев Түркмөнстан бийлигин сындаган репортаждарды даярдап жүрчү. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун версиясы боюнча, бул өлкө сөз эркиндигинин рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 178-орунда турат. Түркмөнстанда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун башка журналисттери дагы куугунтуктоолорго кабылып келишет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннес китебине кирди

Быйыл 11-мартта Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жазды.

Анда Бишкектеги бешбармактын салмагы 1 464 килограмм болгону, «Аю Холдинг» жана LLC KazGrain ишканалары тарабынан рекорд коюлганы жазылган.

11-мартта Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында Гиннес рекорддор китеби үчүн 1 тонна 464 килограмм бешбармак, 117 метр чучук даярдалган. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылган. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган.

Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурган.

2015-жылы Казакстандын Астана шаарында 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргизилген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Алыскы Ат-Башыдагы Дыйкан айылына жаңы мектеп курулду

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Дыйкан айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Батырбеков, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун  аткаруучу директору Мохаммед Абдулкарим,      Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоев, мекеме жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Дыйкан айылындагы мектептин имараты  эскирип жараксыз абалга жеткенине байланыштуу жаңы мектеп куруу зарылчылыгы чыккан. Ассанабил ККФнун колдоосу менен аталган айылга 200 орундуу жаңы имарат курулуп пайдаланууга берилди.

Имарат 10 каанадан туруп, 6 окуу классы, 1 мугалимдер үчүн каана, 1 директордун каанасы жана ашкана тамактануучу бөлмөлөрү менен бүткөрүлдү. Ар бир кабинетке тиешелүү эмеректери, видео байкоо, жылытуу системасы орнотулуп сырткы жана ички жасалагалары менен толук камсыздандырылды.

“Ассанабил” ККФ тарабынын жалпы республиканын ар кайсы аймактарына 35 мектеп, 20 медпункт курулуп мамлекетке гранттык түрдө берилген.

Шашылыш билдирүү: 28-30-майларда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Эртең, 28-майда жана 29-майда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: 27-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 28-майда жана 29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда күндүз жана 28-майда 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 28-майда күндүз жана 29-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: 28-майда күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 16…21°, тоо этектеринде 14…19°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт. 29-майда түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 2018-жылдын 28-31-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жала-Абад жана Баткен областарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
28-30-майларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

28-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. 29-майда жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-майда күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
28-30-майларда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

28-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 29-майда жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

28-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда кундүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-майда күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Булак: Кыргызгидромет

Каарманыбыз айтылуу Замир каары өз кезегинде мусулманчылыктагы ыйык парз болгон ажылык сапар боюнча беш ирет республикалык штабды башкарып, бир канча ирет Меккеге карай жол баштаганы менен белгилүү. Мындай инсан менен улуу Рамазан айында орозо, андагы ислам дининин айныгыс эрежелери боюнча баарлаштык. -- Каарыке, быйылкы Жараткан Алланын ыйык Рамазан айы кандай өзгөчөлүктөр менен коштолмой болду? Алгач ушул жагынан ой айтып берсеңиз? -- Бисмиллахир рахмонир рахим! Эң оболу жалпы момун мусулман мекендештеримди Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жана өзүмдүн атыман касиеттүү Рамазан айы менен куттуктайм! Алла Тааладан ушул ыйык айдан суранарыбыз: Рамазан айынын берекеттеринин баардыгын Кудай Таалам ар бир момун мусулман пендесине тартуу кылсын! Быйылкы орозо Кудайга шүгүр, тээ жай чилдедеги ысык күндөрдөн бери карай жылып, аба ырайы кадимкидей салкын болуп жатат. Орозо туткан пенделерден жаз мезгилиндеги өтө ысык же өтө суук эмес мындай жагымдуу аба ырайынан кыйналгандар дээрлик жок болуп жатат десек болот. Жараткан Алла Тааламдын ыйык айы быйыл ушундай жакшы күндөргө туш келди. Бул дагы быйылкы Рамазан айындагы өзгөчөлүк да. Мындан тышкары учурда Кыргызстан боюнча миңдеген жерлерде хатм курандар окулуп, жарандарыбыздын орозого болгон мамилеси жылдагыга караганда азыр өлкө аймагындагы ар бир мечитте таравих намаздарына келишкен өтө көп сандагы момун пенделердин катарынан улам өсүп жаткандыгын баамдасак болот. Мен бир эле көрүнүштү мисалдатып берейин. Айрым кичирээк мечиттерде жылына 300-400 чамалуу момун мусулман туугандарыбыз таравих намаздарын окуй турган болушса, быйыл андай көрсөткүчтөр кескин өсүп, жогорудагы мен атаган 400дөй туугандарыбыздын үстүнө дагы 200гө чукул жарандарыбыздын ибадат кылууга агылып келип жаткандыгын көрүп жатабыз. Ал эми чоң-чоң мечиттерибизде учурда намазга келген адамдарыбыз батпай, көчөгө дейре агылып чыгып калышууда. Кудайга тобоо, бул абдан жакшы көрүнүш. Муну менен момун мусулман бир туугандарыбыздын ислам динине тартылып, орозонун парз экенин билип жатышкандыктарынын белгиси десек болот. Сыртта жаз болуп, дыйканчылык, талаачылык иштердин кайнаган учуру болсо дагы жарандарыбыз куру шылтоолорго өтүшпөй, орозолорун эч үзбөй кармап жатышканын байкап жатабыз. Кудайга тобоо келтирели, орозо туткан мекендештерибиздин катары быйыл өтө көп. -- Орозодо айрым пенделер арасында саарлыкта оозду бекитип, дуба кылган соң ооздорун тиш пасталары менен жууп жатышат. Ушул жагынан көпчүлүктө кайчы пикир, түшүнбөстүктөр жаралууда. Оозду бекиткен соң тиш пастасы менен жууса ооз ачылып калат да, туурабы? -- Мындай жагдайды биз жакшы карашыбыз керек. Адамдар эртең менен саарлыкка турганда биринчи тишин жакшылап жууп алып, орозого даяр болуп, ооз бекиткен соң жөн гана чайкап коюсу жакшы болмок. Бирок, мамлекеттик кызматта иштеген адамдар же башкалар деле болобу, уйкудан турган убакта оозунан жаман жыт келип калбасы үчүн ооздорун тиш пастасы менен жуушуда. Мындай шартта тиш пастасы менен жууганда ооз ачылып калат дебейбиз, болгону тиш пастасы менен жууганда ооз ачылып калгандай даражага алып барбаш керек. Тагыраагы, тиш пастасын азыраак колдонуп, өтө этияттык менен тишинин тазалыгына кам урса болот. Тиш пастасын көбүрөөк колдонсо, албетте, оозун ачып алышы ыктымал. -- Орозодо ушул ооз жуумайдан тышкары дагы кандай кылдаттык менен талап кылчу жагдайларга көңүл буруу зарыл? -- Адам болгон соң орозодо момун мусулман бир туугандарыбыз жууна тургандай жагдай жаралышы мүмкүн. Өзгөчө мамлекеттик кызматта иштегендер жыйналышка же коомдук жайларга барабыз деп орозо маалында жуунуп, чайканып алууга мажбур болгон жагдайлар жаралат. Андай шартта душ кабыл алса болот. Болгону буга да өтө этияттык менен суу астында көп тура бербестен тез аранын ичинде жуунуп, кулак-мурунга суу кирип кеткендей абалдан өтө сак болуш керек. Экинчиден, орозо тутууда бир гана ашказанды ачка кылбастан, адамдын баардык мүчөлөрүн орозо туттуруу абзел. Баардык мүчөлөрү дегенде маселен, ошол эле кулакты жаман ушак-айыңдан, ыпыр-сыпыр, шайтан азгыра турган сөздөрдөн алыс болууга аракеттениш керек. Тилди да тыйып, кимдир бирөөлөр менен урушуудан же ушак сүйлөөдөн, чагымчылык кылуу сыяктуу терс көрүнүштөрдөн өтө этият болуу зарыл. Дегеле Рамазан айында ар бир мүчөнү орозо карматууга аракет кылуу керек. -- Өлкөбүздүн аймагында жылдан жылга орозо туткандардын катары калыңдап жатканын айтып жатпайсызбы, мындай жагдайда ошол эле арабдардын атактуу шейхтери кайрымдуулук иштерин көп жасашары турган иш. Рамазан айында чет өлкөлүк колунда барлар тарабынан өлкөбүзгө кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүүгө кызыкдар адамдарга сиздер тараптан көзөмөл барбы? Сырттагы диний жааттан коопсуздугубуз деле жыргатарлык абалда корголгон эмес да, дегеним... -- Туура, бир эле арабдар эмес, өзүбүздүн кыргыз жарандары дагы акыркы мезгилде кайрымдуулук иштерин кылганга үйрөнүшкөнү бизди да сүйүндүрөт. Мындан 10 жылдай мурун эле орозо туткан адамдардын оозун ачыруу сооп болорун биздин дин өкүлдөрүбүз колунда бар адамдарга түшүндүрүп, ооз ачырууну адатка айлантуу боюнча демилгени башташкан. Ошол учурларда ооз ачырган адамдар азыркыга салыштырмалуу өтө аз болчу. Азыркы убакта өзүңөр деле көрүп жатасыңар да, баш калаабыздагы банкет өткөрө турган кафе-ресторандардын дээрлик ооз ачыруу жөрөлгөсүнөн бошобой жатканын баамдаган чыгарсыңар. Шаар ичиндеги мечиттердин баардыгында күн сайын ооз ачырмай жөрөлгөсү болуп жатат. Соопчулук кылышты бир гана арабдар эмес, өзүбүздүн жарандарыбыз да үйрөнүп, көңүл кубанткан жагдайга барышууда. Биздин мусулмандар дин башкармалыгынын мындай иштерде сөзсүз көзөмөлүбүздү күчөтөбүз. Өлкө аймагындагы ар бир мечитке өзүбүздүн дин ишмерлерин дайындап, мечиттен момун мусулмандарга ооз ачтырууну каалаган жарандарыбыздын кандай, ким экенине сөзсүз кызыгуубузду жаратып, тамак-аштарын текшерүү жана аларга шарт түзүү жагын ошол өкүлдөрүбүз карап жатышат. Ал эми кафелердеги же үйлөрдөгү ооз ачырмай өнөктүгүн текшерүүгө алуу биздин милдетибиз эмес. Алар да өздөрүнүн мусулманчылык иштерин кылып жатышат. Биз баардыгын орозодо көзөмөлгө алганга

-Эдил мырза кокус Атамбаев кол тийбестиктен ажыраса, кайсыл иштери үчүн жоопко тартылышы мүмкүн?

-Эң биринчи күнөө жана доомат бул бийликти узурпациялоо боюнча болот. Анкени, Алмазбек Атамбаевдин президент кезиндеги кайда жана  кайсы элде сүйлөсө да, боорду эзип, оңдогон кылмыштарды жасап атканын өзү айтып берчү — ошолорун эле бетине кармаш керек. Ошондой эле  бул укук коргоо системасын пайдаланып саясий оппонентерди камоо жана соттоо боюнча өзү чечим чыгарганы боюнча жоопко тартыш керек. Себеби, муну кийлигишүү деп айтууга да болбойт.  Атамбаев жеке өзү чечип атканын ачык эле айтчу. Бакиев менен Акаев эч качан, мисалы, алар чечип атканын жарыялашчу эмес. Алар эч качан УКМК же Башкы прокурорго түздөн түз буйруктарды да беришкен эмес. Мисалы,  «Белизгейт» жана башкаларын айтпаганда дагы Данияр Нарымбаевди камака алганда «мен башкача эле чечип кое алмакмын» дегени өзү да эң оор кылмыш кылып атканын түшүнбөгөнүн көргөздү.

Президентке эч бир мыйзам менен  ким камалат, ким камака алынбайт, ким соттолот, кимге көз жумулат деген бийликти ыйгарган эмес. Атамбаев болсо кадимки эле орто кылымдардагы падышадай өзүн алып жүрдү — бул оюнчук же тамаша эмес, бул демократияда эң оор кылмыш. 1993-жылкы Конституциябызда «узурпация власти — тягчайшее преступление» деген статьясы бар болчу. Аны анан алып ташташты, бирок мааниси элдин эркиндигин муунтуу — мындан оор кылмыш жок дегени, миң кишини өлтүргөндөн дагы оор жазага тете. Биз азыр Атамбаевдин бийлигинин табиятын уюшулган кылмыш группасына, мафияга теңеп атабыз. Бирок андай салыштыруулар дагы аздык кылат. Булар, мисалы, Канат Исаевди «насильственный захват власти» деген доомат менен бир кайсы бандиттердин сөздөрүнө таянып, камап коюшту. Эми так ушул сыяктуу камоолор үчүн Сегизбаев-Жолдубаева-Арабаев анан Атамбаев баш болуп ошол эле «насильственное удержание власти» жана «узурпация» деген статьялар менен кесилиши керек. Бирок бул да башы эле.

Азыр экс-президенттик статусуна жамынып калышкан атамбаевчилер кече күнү ошол экс-президенттикке ээ Бакиевди бир эмес, беш-алты жолу кайра кайра соттошподу беле, унутуп калыштыбы? Анда эмне Атамбаев унчуккан эмес: «соттобогула, ал экс-президент» деп? Бир жөн Бакиев 7-апрелде кандуу окуялары үчүн соттолсо — жок! Аны, мисалы, жанагы Карганбек Самаковдун жери боюнча козголгон ишке аралаштырып, эки жүз гектар сенин убагында туура эмес пайдаланган деп, өмүр бою эркинен ажыралатып атат. Көрүп атасызбы? Президент каякта анан кайдагы бир гектар жерлер? Эч бир документинде колу жок болгон күндө дагы, Бакиевди президенттигинин учурунда мыйзам бузулган, ошого жооптуу деп Атамбаевдин прокуратурасы жана соттору өкүм чыгарып берип атышат.

Эми ушул эле аналог менен кетсек, мындай “хозяйственный” иштерден жүздөп чогулат, Бишкек ТЭЦ боюнча чатак чепуха эле. Акаев менен Бакиевтин түшүнө дагы Атамбаевдин авторитаризми, өзүм билемдиги кирген эмес. Алар президенттик Конституция менен башкарышкан, бирок ошол Конституция менен азыр деле жашаган күндө дагы, Атамбаевчилеп килейген мамлекеттик чечимдер мынча шашма жана сапатсыз жол менен кабыл алынган эмес.

Сиз мурунку бизге берген интервьюңузда Атамбаевдин бийлигин пианиного ойногон маймылдын какафониясына салыштырган элеңиз. Бийлиги начар, айткан сөзүнүн көбү калп болуп чыкты, бирок ошол какафония үчүн соттосо болобу?

-Акылы жетпей калыптыр дейли, бирок ал кылмыш эмес да. Туура! Мен дагы, ушул кетсе, баардыгын кечирип берет элек деп айтчумун. Бирок, мына бийликтен кеткенине бир ай жетпей Бишкек ТЭЦ авария болуп тоңуп, эбегейсиз коррупциянын изи ачылды. Бул бир эле долбоордон. Мындайлар толтура. Өзү моюнга алганы бар “мен бир дагы көрүнүктүү ишкана ачкан жокмун” деп, бирок ушул Кытайдын карызына салынган энергетика жана жол объектилерин бизге милдет кылчу, «мына кыйраттым» деп. Резиденцияда болсо уялбай бир миллион евролук хан сарай салып алып жашап атат. Кыжырын келет экен. Бул киши жаш балдардын каны менен бийликке келген. Ошол кан менен ант берген. Канчалаган курмандыкка барды кыргыз элибиз. Ошонун жообун алышыбыз керек! Экинчиден, бул жакшы карыбай, кайра элди коркутканга өтпөдүбү. «2005 жана 2010-жылкыдай төңкөрүп салам” деп ачыктан ачык эле жарыялап атпайбы.

Биз тим койсок, күзүндө эле элде кичине нааразылык күчөгөн күнү баягы көңгөн адатка салат. Колунда чексиз байлык, эң күчтүү маалымат каражаттары бар. Үчүнчүдөн болсо, бул киши башкарган жети жыл бою жети жыл мурунку президенттерди күнөөлөп келди: баардыгына ошол экөө күнөлүү болуп чыкты. Баягы эки жыл мурун жайында Москвада типография өрттөнүп, биздин жаш кыздар өлгөндө, мен айткам: «ошол кыздар Атамбаев бийликке келгенде 10-12 жашта болчу, алар Москвада иштегенине Акаев же Бакиев күнөлүүбү” деп. Ошол өрт чыккан жерде ыйлаган бир жаш кыздын “знайте, придурки!” деп айтканы азыр дагы баардыгыбыздын эсибизде. Анан кантип биз эми азыр “Атамбаевтин кол тийбестиги бар, өмүр бою аны багып, төрүбүздө сыйлашыбыз милдет” дейбиз?

Акаев менен Бакиевдин авторитаризми быякта эле калат дегениңизди чечмелеп берсеңиз?

-Какафониядан эки эле мисалды келтирейин, кайрадан эле жеке менин эсимде өзгөчө калганын. Мисалы, Север-Юг жол курулушу боюнча эч ким менен кеңешпей эле, талкууга салбай эле, парламентке, өкмөткө добушка салбай, жеке өзү чечим кабыл алып койгон. Ал жолдун курулушу керекпеле, жокпу, кайсы маршрут менен жүргүзүшүбүз туура болот дегенди эч ким талкуулаган эмес. Ошол жакка кеткен миллиард доллар карызды биз башка, мындан дагы пайдалуу жака жумшасак болот эле да, туурабы? Казарманга туннель салып, берки Нарынга жолду оңдоп койсок. Эсиңердеби, кайра эле ушул Атамбаевдин тушунда Оштогу бир көпүрөнү “непродуманно” салдың деп Мелис Мырзакматовду кызматынан шыпырып, аягы мекенден айдап чыгарышканын.

Ошондо кайсы бир милисанын майору оозу менен “непродуманно” деп айып коюп атат, бирок ал чечимди Мырзакматов баардык тийиштүү органдардын, шаардык кеңешинин буйругунун негизинде чыгарган күндө дагы. “Непродуманный” дегени бул чечимди Атамбаеви жок эле чыгаргандары болду ал жергиликтүү бийликтер. Экинчи мисал, Жерүй кайра сатылып, андан бонус 100 миллион доллар накталай акча түшөт. Аны дагы Атамбаев эч ким менен кеңешимиш да болуп койбой, “мектептердин курулушуна” деп чечим жарыялайт ошол эле замат. Эсиңердеби? Ошондо айтты эле го “мен кеткиче бүт мектептер оңолот, бир дагы мектеп капиталдык ремонтко муктаж болбойт” деп. Биздин Конституциябыз боюнча президенттин андай чечимдерди эмес, өзүнүн аппаратынын бюджетин дагы бекиткенге дагы кымындай укугу жок.

Анын баардыгы толугу менен өкмөткө жана Жогорку Кеңешке өткөрүлүп берилген. Атамбаев Кыргызстанды падышадай эле, жеке менчик фирмасындай эле башкарды. Ушунча чексиз бийликке ээ болду, Конституцияны дагы, башка бийлик бутактарын бар жок экенин дагы унутуп калган. Өзүн Кудайдай эле көрүп калган үчүн, ошол чексиз бийликке мастыгынан “мен президенттикти кайсы бир байкушка өткөзүмүш болуп, өзүм эле чексиз башкара берем” деп жаңылды. Азыр дагы ошол мастыгы тарай элек. Баягыдай эле “мени кыргыз эли кудайындай эле сүйөт” деген ойдо.

из Атамбаевдин камалаарына ишенесизби ?

-Биз андан сөзсүз экс-президент деген макамды алып коюшубуз керек. Бирок, бул жерде өтө чоң дыкаттык маанилүү. Мен толугу менен президенттердин кол тийбестигин жоюга каршымын. Анан ал иммунитетти дагы жокко чыгаруу оңой болбошу керек. Президент көп душманды күтөт. Ал ар кандай оор чечимдерге барышы мүмкүн, анан ошол чечим чыгарып атканда (мисалы, согуш учурунда миңдеген жаш аскерлерди мекен үчүн өлүмгө буюруп атканда, ал ойлонбошу керек, мен эртең жооп берип каламбы бул чечимим үчүн деп). Ошондуктан, мен сунуштап атам экс-президенттин статусун так ошол Конституциянын 67-статьясында көрсөтүлгөн импичмент процедурасы менен жокко чыгарылышы керек: депутаттардан үчтөн бири демилге көтөрүп, ал демилге Баш прокуратура тарабанан колдоого алынып, анан 80 депутаттан аз эмес добуш менен акыркы чечимди кабыл алсак болот.

Экс-президент деген макам алынгандан кийин, Атамбаев резиденциядан көчүрүлөт, андан мамлекеттик күзөт дагы алынат. Сотко дагы тартылышы мүмкүн. Бирок азыр социалдык тармактарда камалышы боюнча талаптар көп айтылып атат, биз алдын ала айтышыбыз керек, Атамбаев камалган күндө дагы, колонияларда зэктер менен чогуу отурбайт. Биз өзүбүздү сыйлашыбыз керек. Азыркы эле элдин жек көрүүсү бул өтө чоң жаза. Эртең аны сот эркиндигин ажыратуу боюнча дагы өкүм чыгарган күндө дагы, Атамбаевке биз өзүнчө, атайын шарты бар түрмөгө камап  шарт түзүп беришибиз керек. Биз эч качан аны же болбосо Текебаев же ошондой жогорку рангтагы мурунку элдик жетекчилерди зэктерге, же черныйларга жем кылып салып бербешибиз керек. Мыйзамдын эле жазасы — эркиндигин ажыратуу же болбосо, чектөө, ошол эле жетиштүү болот.

-Депутатардын ишенимине ээ болбой кеткен премьер-министр Сапар Исаков УКМКга үч ирет катары менен суракка чакырылыганда, саясый куугунтук башталды деп жиберди. Чындап эле Атамбаевчилер куугунтукка кабылып, жоопко тартылчу кез келдиби?

-Булардын телеканалы, угушумча, Сегизбаевди дагы “куугунтуктун курмандыгы”деп жарыялашыптыр. Бул орусча айтканда: “было бы смешно, если бы не было так грустно”! Өздөрү канча репрессия уюшутуршту. Акаевдин дагы, Бакиевдин учурунда мынча саясий туткун, Атамбаевтин доорундагыдай акыйкатсыздык болгон эмес. Эми азыр эч нерсе  боло электе эле “куугунтук” деп айтып чыккандарына айла жок жылмаят экенсиң. Сапар Исаков  өзү премьер-министр болуп турганда тергөөгө тапшырма бербеди беле. Аны сиз же мен уюштурган жокмун да, туурабы? Эштеке боло электе эле, эмне мынча чыңырышат? Исаков боюнча мен аябай таң калдым, чынын айтсам. Кече күнү эле жылмаю менен баардык келген чет элдик делегацияларга “бизде тергөө жана соттор толугу менен адилеттүү, көз каранды жана калыс” деп жооп берип, узатчу.

Анан ал бийликтен түшөөр замат эле, саясий заказ системасы орноп калдыбы? Жанагы досу Талант Султанову болсо кытайча дагы даттанып, анан англисче failed state деп жазып атат, мекенибизге кыйрап калган деген аныктама берип. Булар Максим Бакиевдин ЦАРИИсинен түздөн түз Атамбаевдин 7-катабына барып, кыргыздын улуттук тагдыры менен каалагандай куурчак-оюнчугундай эле ойногон балдар эми ал оюнчукту колунан алар замат, мекенибиз failed state болуп калат экенда. Исакову болсо кайра кайра эле интервьюларында кайталайт “мындайга эл жол бербейт, андай заман өткөн” деп. «Эй, Исаков, сен өмүрүндө бир жолу чындык үчүн күрөштүң беле? Бир жолу элдин таламын талаштың беле? Максимдин жанында жүрүп, бир жолу элиңди эстедиң беле? Атамбаевдин учурунда канча акыйкатсыздык болду, ошолорго бооруң оорубай, жок дегенде бир мүнөт алаксыдың беле? Эми кайсы моралдык укугун бар “андай заман өткөн, эл жол бербейт акыйкатсыздыкка” деп айтканга? Сен кимсин деги сага эл баардык ишин тыштап коюп болуша тургандай?” деп айткын келет экен. Мен ушул Исаковдун апломбун түшүнө албай койдум.

Атамбаевтин бир түгөйү экен, иши кылса. Ошол үчүн бири бири менен тил табышса керек. Эбегейсиз зыян келтирди улуттук эгемендүүлүгүбүзгө, мамлекеттүүлүгүбүзгө ушул жигит. Бир дагы жолу патриот эмес. Максим талкалаганда ага колуна суу куюп жүрдү. Атамбаевге жардам бербей турмак, аны башкарып алган башынан эле. Бүт мамлекеттер менен мамилебиз бузулду. Анан мына Лигласс жана Бишкек ТЭЦ долбоорлору көрсөтүп тургандай — баардык чечимдер ушул Исаков аркылуу кабыл алынчу. Бул факт! Жөн эле кагаз ташыган бала деп айтайын десең, кайра өзү “я этим проектом горжусь”деп барган жеринде кайталап атат.

Жарым миллиард доллар карызды ошол ТЭЦтин 600 долларлык кычкачтары үчүн моюнубузга илип койгонуна сыймыктанат экен. Муну элине чыккынчы деп айткандан башка сөз жок. Ушулардын катачылык-чыккынчылыгынан улам биз 2050-жылга чейин Тажикистанды, башкаларды тим кой, Тажикистанды кубалап, жете албайбыз, өнүгүүдө артта калдык. Кесепеттери мына азыр эле билинип атат, бирок булар калтырган миналардын көбүнчөсү дагы көптөгөн жыл бою алдыда жарылат.

Коррупционер деген ярлык тагылгандардын баарынын акчасы эми тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсепке которулуп, кыргызстан ушул жол менен тышкы карыздан кутулабы?

-Жок. Бул болбогон кеп. Акча чыкпайт. Бул жаш балдардын сөзү. Бул туура эмес жол. Карыздан деле коркпош керек. Кеп аны биз кандай пайдаланып атабыз. Кеп ошондо. Азыр деле Кытайга болобу, башкасына болобу карыз — башты жерге салбайлы. Баардыгы колубузда. Мыкты жетекчилик эле керек. Мен Атамбаевтин деле учурунда каршы болчумун “коррупция менен күрөшүүнү” улуттук идеяга айлантып жана негизги лозунг катары туу тутууга.

Азыр дагы ошого тынчсызданам. «Кыргыздар өсүп-өнүкпөй эле, бири бирин камаганды, анан ошого сүйүнүп, мактанганды жакшы көрүшөт” деген сөзгө калабыз. «Бирөөлөрдү камап, анан алардын эсебинен карызыбыздан кутулабыз” десек — биз алыс кетпейбиз. Мамлекеттик денгээлде ой жүгүртүү жок эсе азыр. Атамбаевдин жолу туура эмес экенин баардыгыбыз түшүндүк, кудайга шүгүр. Бирок, кайсы жол туура, — ал жөнүндө дагы айтыла элек.

Булак: «Майдан»

Султан Абдрахманов Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тарыхый-архелогиялык музейдин директору болуп дайындалды

Журналист Султан Абдрахманов Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тарыхый-архелогиялык музейдин директору болуп дайындалды. Бул тууралу маалыматты КР Маданият министрлиги таратты.

Султан Абдрахманов буга чейин КТР жана ЭлТР телеканалдарынын гендиректорлук кызматтарын аркалагандыгы менен белгилүү.

"Түндүк" темир жол бажысынын экс-башчысы Нурбек Айбашев кармалды

Бүгүн, 26-майда “Түндүк” темир жол бажысынын экс-башчысы Нурбек Айбашев абакка алынганы белгилүү болду. Кечээ, 25-майда анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн жана Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Нурбек Айбашев “Түндүк” темир жол бажысын 2016-жылдын 21-апрелинен баштап жетектеп, жакында эле кызматынан алынган.

Ала-Букада алтын казган KAZ Minerals Bozymchak ЖЧКсынын гендиректору Иляс Түлекеев кармалды

Бүгүн, 26-майда Ала-Букада алтын казган KAZ Minerals Bozymchak ЖЧКсынын гендиректору Иляс Түлекеев кармалып, Бишкек СИЗОсуна киргизилген.
Түбү казак олигархтарына караштуу бул компания Ала-Букада алтын жана башка кендерди казууда экологиялык стандарттарды бузуп, сууга уулуу заттарды төккөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү эл көптөн бери нааразычылык билдирип келет.

Иляс Түлөкеевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана салыкты жашыруу беренелери менен айыптап абакка алышкан.

Азамат Абдыкадыров Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы болуп дайындалды

Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич “Улуттук энергохолдинг компаниясы”  ААКнын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралу Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Азамат Абдыкадыров 55 жашта, буга чейин “Электр станциялары” ААКда бөлүм башчылык кызматты аркалаган. Токтогул ГЭСин реконструкциялоого катышкан. Бир нече энергетикалык долбоорлорду жетектеген.

Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоору боюнча коррупцияга шектелип, 17-апрелде камакка алынган.

Жакыпбек Байымбетов УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  кол койгон буйрукка ылайык Байымбетов Жакыпбек Мамадыевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды.

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат талдоочу: “Кыргызстан - өч алгычтардын, жегичтердин, качкындардын, канкорлордун өлкөсүнө айланбаса экен”

Биздин каарман өлкөдөгү саясый процесстерди ар убак ташка тамга баскандай таасын талдай алгандыгы менен айырмаланат. Ошондуктанбы, анын бул жаатта айткан ар бир кеби ынанымдуу болуп, коомчулукта ачык талкуу менен коштолмою бар. Бул сапар да көрөңгөлүү инсан менен маегибиз маанилүү кеп-сөздөргө оролуп, кызык маанайда уланды.

— Чолпонбек мырза, соңку саясый окуялардан улам көрдүк да, экс-премьер Сапар Исаков парламенттен депутаттарга татыктуу жообун узатып, камактан да коркпостугун, эч жакка качпай, актыгын далилдээрин ачык жар салды. Айтыңызчы, анын мындан аркы саясый тагдыры кандай нукта уланат деп ойлойсуз?

— ЖЭБге байланыштуу чыр Кыргызстан үчүн “кылым кылмышы” болгону калды окшойт. Мынчалык ири долбоордун сапатсыз аткарылып, айрым топтордун кулкунуна ири суммалар куюлуп кеткени чындап далилденсе, мурдагы биринчи, экинчи жетекчилердин актанганы курусун. Акаев да убагында ушунча кооз сөздөр менен актанчу, мактанчу эле аягы эмне болду? Ылайым алар ак чыкса кана? Бирок, окуялардын өнүгүшү такыр башка нукка бурулуп, ал жактан жаңы фактылар, жаңы жүздөр да чыга келиши мүмкүн болуп калды. Сапар Исаковдун азыркы аракети “коргонуунун эң жакшысы – чабуулга өтүү” деген тактикага туура келет. Кантсе да Сапар Ормон хандын урпактарынан да, кашкөйлөнүп турганы — качып кеткендерге караганда кайраттуу экен. Күнөөлүүлөр качып кете берип аягы тумандап, сырттан соттоп кала бергенден көрө күнөөлөрү далилденсе, жоопко тартылса коом үчүн пайдалуу, кийинкилер үчүн сабак болоор беле?

— Тагдырдын тамашасын карасаңыз, бир кездери Атамбаевдин алдында келиндей ийилип, кулча жүгүнүп жүргөн саясый күчтөр, айрыкча парламент депутаттары түштөн кийин кадимки чөөлөрдүн образын туюндуруп, бүгүн экс-президентти ТЭЦ баштаган күмөндүү иштер боюнча жоопкерчилигин кароону демилгелеп жатышат. Атамбаев мындай кыйчалыш кырдаалдан татыктуу түрдө чыга алабы? Кандай ойлойсуз?

— Ошон үчүн партиялар кыргыз кыртышында корпоративдик-коммерциялык, реваншисттик, убактылуу кызыкчылыктардан улам түзүлгөн “ара туулган туруксуз саясый бирикмелер” катары өнүп чыкты да. Партия түпкүлүгүндө бир идеянын тегерегинде баш кошкон, идея аны алга жылдырыш үчүн жанын, канын бере тургандардан түзүлгөн уюм болуш керек эле. Эми караңыз, монолиттей бекем, тарыхы терең КСДПнын үлкөндөрү бир бороондо эле эски шефине “үрүп башташса” башка партиялардан эмнени күтсө болот? Балким Атамбаев башын муштап жаткандыр. ТЭЦтин шылтоосу менен КСДП эле эмес, ЖК депутаттарынын басымдуусу жаңы бийликтин астында өздөрүн олдоксондук менен легитимдештирүүгө шашылышты. Ооба, жаман эле көрүнөт экен “кой терисин жамынган карышкырлар” сен айткандай “козу терисин жамынган чөөлөр” көп экенине күбө болдук. Исаковдун да, Атамбаевдин да убакыт өткөн сайын тагдырлары татаалдашып баратат. Албетте, Алмазбек Атамбаев мындай кыйчалыш кырдаалдан таза болсо гана татыктуу чыга алат. Анан анда да бүйүр кызытарлык фактылар бар болушу, ошолорду ачыктап, азыркы бийликтин имиджине чоң сокку урушу мүмкүн. Бирок, азыркыдай шартта Атамбаевдин “суудан кургак чыгып кетиши” кыйын го.

— Бүгүн Атамбаевдин өзүнө, өзгөчө ишенимдүү кадрларына катуу сокку урулууда. Мындай ишарат, албетте, бүгүнкү бийликтин колдоосу жок ишке ашпасы белгилүү. Мындай шартта көкжал мүнөз Алмазбек Шаршенович күзгө карай тылын бекемдеп, тарапташтары жана жалпы элди чогултуу менен бүгүнкү бийликтен өч алууга барбайбы? Ал өзү алып келүүгө чоң салым кошкон бүгүнкү бийликке жөн багынып бербеси турган иш да, туурабы?

— “Атамбаевдин командасына сокку” деп айрымдардын бүйүрүн кызытпай эле ал өзү баштаган коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы катары кабыл алалычы, иним. Кечээ эле бир кемеде жүргөндөр эки жээкке бөлүнүп кетишсе, кайра бирин баатырга, бирин “жаңы адам” болуп кайра жаралчудай коомдук пикир жаратыштын зарылдыгы барбы? Экөөнүн көп жылдык достугун хан тактысы бузуп койсо, бири напсисин тыя албай ажыдаарга айланган болсо, ал алардын “өздүк трагедиясы”. “Өзү тийишкен бала ыйлабайт” дейт го. Кыргызстан максатына жетпеген революциялардын, өч алгычтардын, жегичтердин, качкындардын, канкорлордун өлкөсү болуп эле кала бербешибиз керек.

— Ошол эле маалда бүгүнкү бийликке карата айбаты катуу айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев менен Адахан Мадумаров сес көрсөтүп, саясый күчтөрдү чогултуу менен элдешкис оппозициянын көчүн башташары боюнча кеп кетти. Береги экөөнүн кадамдарына карата пикириңиз кандай?

— Азыркы бийликке кечээ эле бийликтен кеткен Атамбаев эмес, ошолордой чыныгы оппозиция чыкса жарашат. Кечээ бийликти өткөрүп берип, бүгүн кайра оппозиция болуп айкырып чыгып, оппозициялык аянтчаны ээлеп ала бергидей аларга (анан калса мандемдүү иштерге малынып калган болсо) коомчулук сокур, дүлөй эмес. Айтылуу “Комиссар Каттани” атыккан Өмүрбек Суваналиев менен Адахан Мадумаров экөөнүн тең тушоосу тээ 1995-жылдары ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп келишкенде кесилген. Экөө тең татыктуу, белдүү тазалыгы бар саясатчылар. Болбосо өткөн бийлик тушунда эле экөөнү тең “сындырып” коюшмак. Негизи оппозиция “бийликке альтернативдүү программасы бар, обочодо сын көз менен караган, өздөрүн алардан бийик санаган артыкчылыкка ээ топ болуш керек. Кыргызстанда мурда-кийин бийликте болбогон жаңы, ары таза, реалдуу программасы бар саясый күч оппозициянын туусун көтөрүп чыкса дейм. Бизде так программасы жок эле “бара көрөбүз” деп оппозицияга чыга беришет. Дал ошондой шашылыш, ар кошкон, убактылуу максаттар менен баш кошкон оппозиция 2005-2010-жылдары бийликке келип эмнени гана кылган жок? Эки учурда тең бир күчтүү команда болуп, экономиканы алдыга жылдырган жок да, туурабы? Ошондуктан, коом эми оппозицияга “трезвый мамиле” кылаар мезгил келди.

— Бишкек ТЭЦи, жол куруу, энергетика, тышкы карыз жаатындагы коркунучтар алдыда алакандай Кыргызстанды алкымдан алары белгилүү болду. Улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирген мындай көйгөйлөрдү чечүүдө Жээнбеков менен Абылгазиевдин бийлиги бирдеме кыларына үмүт кылсак болобу?

— Туура, сен баамдагандай коопсуздугубуз өтө назик, улуттук коопсуздукка болгон мамилебиз таза кыргызча. Алыс барбай, мына өткөн шайлоо алдында Өмүрбек Бабановду улут коопсуздугуна коркунуч туудурган №1 фактор катары коңгуроо кагып, бүт мамлекеттик машина кулагына турду эле. “Улут аралык мамилени бузуп, козутуп, бийликти тартып алчудай баштанып калды” деп айгай салышты эле. Эгер чындап эле ошондой болсо шайлоонун эртеси чоң толкундоолор болот эле да, туурабы? Андай шек саноо суу кечпей калды. Кызыгы, ошентип айгай салган бийлик ээлери ошол бийликтин “көзүрлөрү” ТЭЦтеги “кылым кылмышына” катыштыгы бар” деп шектелип жатат. Демек, улуттун коопсуздугуна коркунуч туудурган көрүнүштөр бул жакта турбайбы көрсө… Желген акчалар бир тең, ал жакта 200дөн ашык кытайга жатакана салып берип, стратегиялык объектиге жашатып койгондугу үчүн такыр кечиргим келбейт. Улут коопсуздугунун уңгусуна доо кетирген бул маселе боюнча өзүнчө чоң сөз кылсак болот. Ал эми Жээнбековго да, экөөбүздүн кочкорлук агабыз Абылгазиевге да тиешелүү жалпы сапаттар бар. Ал экөө тең буга чейинки саясый басып өткөн жолунда аткаруучулар гана болушкан. Жол баштоочулардын амирин аткарып, үлгүлүү окуучу сымал буга чейинки жолун түптөшкөн. Экөө тең “чөптөн жапыз, жерден бийик жүрүшкөн”. Балким ушул сапаттардын аркасы менен чоң бийликке келишти. Азыр болсо экөөнө тең алдыңкы катарда болуп, жол баштоону учур талап кылууда. Психология илиминде аткаруучудан жол баштоочулукка, жаратмандыкка өтүүсү татаал процесс. Экөө тең ошол процесстен жаңылбай-жазбай өтүп алса жакшы. Болбосо, саясый сахнанын ары жагында көмүскө “дирижерлор” пайда болуп, ошолор “саясаттын аба ырайын” жасап калышканы Кыргызстандын соңку саясый тарыхындагы ачуу чындык да. Андай болуп кетишине экөө тең ыңгайлуу фигура. Баарын убакыт көрсөтөт, азырынча көзү ачыктык кылбай туралы…

— Эки жердешиңиз Сапар Исаков менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү башкаруудагы кандай айырмачылыктарын байкап жатасыз?

— Сапар Исаков жалындуу идеялары, прагматикалык деңгээлдеги прогрессивдүү демилгелери менен дүбүртү катуу чыккан. Бирок, анын идеялары Акүйдөн ары ашпай койду. Ал жетиштүү билими, харизмасы менен тышкы саясат багытында тер төгө иштесе, саясатта кадимки Россиянын мурдагы ТИМ башчысы, кийин премьер-министр болгон дасыккан дипломат Евгений Примаковдой тышкы саясаттын патриархына айланып, чоң саясатта көпкө жашамак. Тилекке каршы, башка нерселер аны азгырып кеткен окшойт. Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев өзүн саясый интригалардан окчун кармай билген ишмер. Бул анын башкы артыкчылыгы. Эгер президент ага толук ишеним көрсөтүп, Башмыйзамга ылайык кеңейтилген ыйгарым укуктары менен колу-жолун бош койсо, жакшы жыйынтык жаратышы мүмкүн. Күтөлү.

 Калыгул Бейшекеев     

Булак: “Азия ньюс”   

Замир каары Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары: “Быйыл орозо кармаган мекендештерибиз өзгөчө көбөйдү”

Каарманыбыз айтылуу Замир каары өз кезегинде мусулманчылыктагы ыйык парз болгон ажылык сапар боюнча беш ирет республикалык штабды башкарып, бир канча ирет Меккеге карай жол баштаганы менен белгилүү. Мындай инсан менен улуу Рамазан айында орозо, андагы ислам дининин айныгыс эрежелери боюнча баарлаштык.

— Каарыке, быйылкы Жараткан Алланын ыйык Рамазан айы кандай өзгөчөлүктөр менен коштолмой болду? Алгач ушул жагынан ой айтып берсеңиз?

— Бисмиллахир рахмонир рахим! Эң оболу жалпы момун мусулман мекендештеримди Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жана өзүмдүн атыман касиеттүү Рамазан айы менен куттуктайм! Алла Тааладан ушул ыйык айдан суранарыбыз: Рамазан айынын берекеттеринин баардыгын Кудай Таалам ар бир момун мусулман пендесине тартуу кылсын! Быйылкы орозо Кудайга шүгүр, тээ жай чилдедеги ысык күндөрдөн бери карай жылып, аба ырайы кадимкидей салкын болуп жатат. Орозо туткан пенделерден жаз мезгилиндеги өтө ысык же өтө суук эмес мындай жагымдуу аба ырайынан кыйналгандар дээрлик жок болуп жатат десек болот. Жараткан Алла Тааламдын ыйык айы быйыл ушундай жакшы күндөргө туш келди. Бул дагы быйылкы Рамазан айындагы өзгөчөлүк да. Мындан тышкары учурда Кыргызстан боюнча миңдеген жерлерде хатм курандар окулуп, жарандарыбыздын орозого болгон мамилеси жылдагыга караганда азыр өлкө аймагындагы ар бир мечитте таравих намаздарына келишкен өтө көп сандагы момун пенделердин катарынан улам өсүп жаткандыгын баамдасак болот. Мен бир эле көрүнүштү мисалдатып берейин. Айрым кичирээк мечиттерде жылына 300-400 чамалуу момун мусулман туугандарыбыз таравих намаздарын окуй турган болушса, быйыл андай көрсөткүчтөр кескин өсүп, жогорудагы мен атаган 400дөй туугандарыбыздын үстүнө дагы 200гө чукул жарандарыбыздын ибадат кылууга агылып келип жаткандыгын көрүп жатабыз. Ал эми чоң-чоң мечиттерибизде учурда намазга келген адамдарыбыз батпай, көчөгө дейре агылып чыгып калышууда. Кудайга тобоо, бул абдан жакшы көрүнүш. Муну менен момун мусулман бир туугандарыбыздын ислам динине тартылып, орозонун парз экенин билип жатышкандыктарынын белгиси десек болот. Сыртта жаз болуп, дыйканчылык, талаачылык иштердин кайнаган учуру болсо дагы жарандарыбыз куру шылтоолорго өтүшпөй, орозолорун эч үзбөй кармап жатышканын байкап жатабыз. Кудайга тобоо келтирели, орозо туткан мекендештерибиздин катары быйыл өтө көп.

— Орозодо айрым пенделер арасында саарлыкта оозду бекитип, дуба кылган соң ооздорун тиш пасталары менен жууп жатышат. Ушул жагынан көпчүлүктө кайчы пикир, түшүнбөстүктөр жаралууда. Оозду бекиткен соң тиш пастасы менен жууса ооз ачылып калат да, туурабы?

— Мындай жагдайды биз жакшы карашыбыз керек. Адамдар эртең менен саарлыкка турганда биринчи тишин жакшылап жууп алып, орозого даяр болуп, ооз бекиткен соң жөн гана чайкап коюсу жакшы болмок. Бирок, мамлекеттик кызматта иштеген адамдар же башкалар деле болобу, уйкудан турган убакта оозунан жаман жыт келип калбасы үчүн ооздорун тиш пастасы менен жуушуда. Мындай шартта тиш пастасы менен жууганда ооз ачылып калат дебейбиз, болгону тиш пастасы менен жууганда ооз ачылып калгандай даражага алып барбаш керек. Тагыраагы, тиш пастасын азыраак колдонуп, өтө этияттык менен тишинин тазалыгына кам урса болот. Тиш пастасын көбүрөөк колдонсо, албетте, оозун ачып алышы ыктымал.

— Орозодо ушул ооз жуумайдан тышкары дагы кандай кылдаттык менен талап кылчу жагдайларга көңүл буруу зарыл?

— Адам болгон соң орозодо момун мусулман бир туугандарыбыз жууна тургандай жагдай жаралышы мүмкүн. Өзгөчө мамлекеттик кызматта иштегендер жыйналышка же коомдук жайларга барабыз деп орозо маалында жуунуп, чайканып алууга мажбур болгон жагдайлар жаралат. Андай шартта душ кабыл алса болот. Болгону буга да өтө этияттык менен суу астында көп тура бербестен тез аранын ичинде жуунуп, кулак-мурунга суу кирип кеткендей абалдан өтө сак болуш керек. Экинчиден, орозо тутууда бир гана ашказанды ачка кылбастан, адамдын баардык мүчөлөрүн орозо туттуруу абзел. Баардык мүчөлөрү дегенде маселен, ошол эле кулакты жаман ушак-айыңдан, ыпыр-сыпыр, шайтан азгыра турган сөздөрдөн алыс болууга аракеттениш керек. Тилди да тыйып, кимдир бирөөлөр менен урушуудан же ушак сүйлөөдөн, чагымчылык кылуу сыяктуу терс көрүнүштөрдөн өтө этият болуу зарыл. Дегеле Рамазан айында ар бир мүчөнү орозо карматууга аракет кылуу керек.

— Өлкөбүздүн аймагында жылдан жылга орозо туткандардын катары калыңдап жатканын айтып жатпайсызбы, мындай жагдайда ошол эле арабдардын атактуу шейхтери кайрымдуулук иштерин көп жасашары турган иш. Рамазан айында чет өлкөлүк колунда барлар тарабынан өлкөбүзгө кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүүгө кызыкдар адамдарга сиздер тараптан көзөмөл барбы? Сырттагы диний жааттан коопсуздугубуз деле жыргатарлык абалда корголгон эмес да, дегеним…

— Туура, бир эле арабдар эмес, өзүбүздүн кыргыз жарандары дагы акыркы мезгилде кайрымдуулук иштерин кылганга үйрөнүшкөнү бизди да сүйүндүрөт. Мындан 10 жылдай мурун эле орозо туткан адамдардын оозун ачыруу сооп болорун биздин дин өкүлдөрүбүз колунда бар адамдарга түшүндүрүп, ооз ачырууну адатка айлантуу боюнча демилгени башташкан. Ошол учурларда ооз ачырган адамдар азыркыга салыштырмалуу өтө аз болчу. Азыркы убакта өзүңөр деле көрүп жатасыңар да, баш калаабыздагы банкет өткөрө турган кафе-ресторандардын дээрлик ооз ачыруу жөрөлгөсүнөн бошобой жатканын баамдаган чыгарсыңар. Шаар ичиндеги мечиттердин баардыгында күн сайын ооз ачырмай жөрөлгөсү болуп жатат. Соопчулук кылышты бир гана арабдар эмес, өзүбүздүн жарандарыбыз да үйрөнүп, көңүл кубанткан жагдайга барышууда. Биздин мусулмандар дин башкармалыгынын мындай иштерде сөзсүз көзөмөлүбүздү күчөтөбүз. Өлкө аймагындагы ар бир мечитке өзүбүздүн дин ишмерлерин дайындап, мечиттен момун мусулмандарга ооз ачтырууну каалаган жарандарыбыздын кандай, ким экенине сөзсүз кызыгуубузду жаратып, тамак-аштарын текшерүү жана аларга шарт түзүү жагын ошол өкүлдөрүбүз карап жатышат. Ал эми кафелердеги же үйлөрдөгү ооз ачырмай өнөктүгүн текшерүүгө алуу биздин милдетибиз эмес. Алар да өздөрүнүн мусулманчылык иштерин кылып жатышат. Биз баардыгын орозодо көзөмөлгө алганга физикалык жактан жетише албайбыз. Ал эми мечиттерде ооз ачырмай жөрөлгөсү биздин көзөмөлдө турат.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ    

Булак: “Азия ньюс”

Каарманыбыз айтылуу Замир каары өз кезегинде мусулманчылыктагы ыйык парз болгон ажылык сапар боюнча беш ирет республикалык штабды башкарып, бир канча ирет Меккеге карай жол баштаганы менен белгилүү. Мындай инсан менен улуу Рамазан айында орозо, андагы ислам дининин айныгыс эрежелери боюнча баарлаштык. -- Каарыке, быйылкы Жараткан Алланын ыйык Рамазан айы кандай өзгөчөлүктөр менен коштолмой болду? Алгач ушул жагынан ой айтып берсеңиз? -- Бисмиллахир рахмонир рахим! Эң оболу жалпы момун мусулман мекендештеримди Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жана өзүмдүн атыман касиеттүү Рамазан айы менен куттуктайм! Алла Тааладан ушул ыйык айдан суранарыбыз: Рамазан айынын берекеттеринин баардыгын Кудай Таалам ар бир момун мусулман пендесине тартуу кылсын! Быйылкы орозо Кудайга шүгүр, тээ жай чилдедеги ысык күндөрдөн бери карай жылып, аба ырайы кадимкидей салкын болуп жатат. Орозо туткан пенделерден жаз мезгилиндеги өтө ысык же өтө суук эмес мындай жагымдуу аба ырайынан кыйналгандар дээрлик жок болуп жатат десек болот. Жараткан Алла Тааламдын ыйык айы быйыл ушундай жакшы күндөргө туш келди. Бул дагы быйылкы Рамазан айындагы өзгөчөлүк да. Мындан тышкары учурда Кыргызстан боюнча миңдеген жерлерде хатм курандар окулуп, жарандарыбыздын орозого болгон мамилеси жылдагыга караганда азыр өлкө аймагындагы ар бир мечитте таравих намаздарына келишкен өтө көп сандагы момун пенделердин катарынан улам өсүп жаткандыгын баамдасак болот. Мен бир эле көрүнүштү мисалдатып берейин. Айрым кичирээк мечиттерде жылына 300-400 чамалуу момун мусулман туугандарыбыз таравих намаздарын окуй турган болушса, быйыл андай көрсөткүчтөр кескин өсүп, жогорудагы мен атаган 400дөй туугандарыбыздын үстүнө дагы 200гө чукул жарандарыбыздын ибадат кылууга агылып келип жаткандыгын көрүп жатабыз. Ал эми чоң-чоң мечиттерибизде учурда намазга келген адамдарыбыз батпай, көчөгө дейре агылып чыгып калышууда. Кудайга тобоо, бул абдан жакшы көрүнүш. Муну менен момун мусулман бир туугандарыбыздын ислам динине тартылып, орозонун парз экенин билип жатышкандыктарынын белгиси десек болот. Сыртта жаз болуп, дыйканчылык, талаачылык иштердин кайнаган учуру болсо дагы жарандарыбыз куру шылтоолорго өтүшпөй, орозолорун эч үзбөй кармап жатышканын байкап жатабыз. Кудайга тобоо келтирели, орозо туткан мекендештерибиздин катары быйыл өтө көп. -- Орозодо айрым пенделер арасында саарлыкта оозду бекитип, дуба кылган соң ооздорун тиш пасталары менен жууп жатышат. Ушул жагынан көпчүлүктө кайчы пикир, түшүнбөстүктөр жаралууда. Оозду бекиткен соң тиш пастасы менен жууса ооз ачылып калат да, туурабы? -- Мындай жагдайды биз жакшы карашыбыз керек. Адамдар эртең менен саарлыкка турганда биринчи тишин жакшылап жууп алып, орозого даяр болуп, ооз бекиткен соң жөн гана чайкап коюсу жакшы болмок. Бирок, мамлекеттик кызматта иштеген адамдар же башкалар деле болобу, уйкудан турган убакта оозунан жаман жыт келип калбасы үчүн ооздорун тиш пастасы менен жуушуда. Мындай шартта тиш пастасы менен жууганда ооз ачылып калат дебейбиз, болгону тиш пастасы менен жууганда ооз ачылып калгандай даражага алып барбаш керек. Тагыраагы, тиш пастасын азыраак колдонуп, өтө этияттык менен тишинин тазалыгына кам урса болот. Тиш пастасын көбүрөөк колдонсо, албетте, оозун ачып алышы ыктымал. -- Орозодо ушул ооз жуумайдан тышкары дагы кандай кылдаттык менен талап кылчу жагдайларга көңүл буруу зарыл? -- Адам болгон соң орозодо момун мусулман бир туугандарыбыз жууна тургандай жагдай жаралышы мүмкүн. Өзгөчө мамлекеттик кызматта иштегендер жыйналышка же коомдук жайларга барабыз деп орозо маалында жуунуп, чайканып алууга мажбур болгон жагдайлар жаралат. Андай шартта душ кабыл алса болот. Болгону буга да өтө этияттык менен суу астында көп тура бербестен тез аранын ичинде жуунуп, кулак-мурунга суу кирип кеткендей абалдан өтө сак болуш керек. Экинчиден, орозо тутууда бир гана ашказанды ачка кылбастан, адамдын баардык мүчөлөрүн орозо туттуруу абзел. Баардык мүчөлөрү дегенде маселен, ошол эле кулакты жаман ушак-айыңдан, ыпыр-сыпыр, шайтан азгыра турган сөздөрдөн алыс болууга аракеттениш керек. Тилди да тыйып, кимдир бирөөлөр менен урушуудан же ушак сүйлөөдөн, чагымчылык кылуу сыяктуу терс көрүнүштөрдөн өтө этият болуу зарыл. Дегеле Рамазан айында ар бир мүчөнү орозо карматууга аракет кылуу керек. -- Өлкөбүздүн аймагында жылдан жылга орозо туткандардын катары калыңдап жатканын айтып жатпайсызбы, мындай жагдайда ошол эле арабдардын атактуу шейхтери кайрымдуулук иштерин көп жасашары турган иш. Рамазан айында чет өлкөлүк колунда барлар тарабынан өлкөбүзгө кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүүгө кызыкдар адамдарга сиздер тараптан көзөмөл барбы? Сырттагы диний жааттан коопсуздугубуз деле жыргатарлык абалда корголгон эмес да, дегеним... -- Туура, бир эле арабдар эмес, өзүбүздүн кыргыз жарандары дагы акыркы мезгилде кайрымдуулук иштерин кылганга үйрөнүшкөнү бизди да сүйүндүрөт. Мындан 10 жылдай мурун эле орозо туткан адамдардын оозун ачыруу сооп болорун биздин дин өкүлдөрүбүз колунда бар адамдарга түшүндүрүп, ооз ачырууну адатка айлантуу боюнча демилгени башташкан. Ошол учурларда ооз ачырган адамдар азыркыга салыштырмалуу өтө аз болчу. Азыркы убакта өзүңөр деле көрүп жатасыңар да, баш калаабыздагы банкет өткөрө турган кафе-ресторандардын дээрлик ооз ачыруу жөрөлгөсүнөн бошобой жатканын баамдаган чыгарсыңар. Шаар ичиндеги мечиттердин баардыгында күн сайын ооз ачырмай жөрөлгөсү болуп жатат. Соопчулук кылышты бир гана арабдар эмес, өзүбүздүн жарандарыбыз да үйрөнүп, көңүл кубанткан жагдайга барышууда. Биздин мусулмандар дин башкармалыгынын мындай иштерде сөзсүз көзөмөлүбүздү күчөтөбүз. Өлкө аймагындагы ар бир мечитке өзүбүздүн дин ишмерлерин дайындап, мечиттен момун мусулмандарга ооз ачтырууну каалаган жарандарыбыздын кандай, ким экенине сөзсүз кызыгуубузду жаратып, тамак-аштарын текшерүү жана аларга шарт түзүү жагын ошол өкүлдөрүбүз карап жатышат. Ал эми кафелердеги же үйлөрдөгү ооз ачырмай өнөктүгүн текшерүүгө алуу биздин милдетибиз эмес. Алар да өздөрүнүн мусулманчылык иштерин кылып жатышат. Биз баардыгын орозодо көзөмөлгө алганга

-Эдил мырза кокус Атамбаев кол тийбестиктен ажыраса, кайсыл иштери үчүн жоопко тартылышы мүмкүн?

-Эң биринчи күнөө жана доомат бул бийликти узурпациялоо боюнча болот. Анкени, Алмазбек Атамбаевдин президент кезиндеги кайда жана  кайсы элде сүйлөсө да, боорду эзип, оңдогон кылмыштарды жасап атканын өзү айтып берчү — ошолорун эле бетине кармаш керек. Ошондой эле  бул укук коргоо системасын пайдаланып саясий оппонентерди камоо жана соттоо боюнча өзү чечим чыгарганы боюнча жоопко тартыш керек. Себеби, муну кийлигишүү деп айтууга да болбойт.  Атамбаев жеке өзү чечип атканын ачык эле айтчу. Бакиев менен Акаев эч качан, мисалы, алар чечип атканын жарыялашчу эмес. Алар эч качан УКМК же Башкы прокурорго түздөн түз буйруктарды да беришкен эмес. Мисалы,  «Белизгейт» жана башкаларын айтпаганда дагы Данияр Нарымбаевди камака алганда «мен башкача эле чечип кое алмакмын» дегени өзү да эң оор кылмыш кылып атканын түшүнбөгөнүн көргөздү.

Президентке эч бир мыйзам менен  ким камалат, ким камака алынбайт, ким соттолот, кимге көз жумулат деген бийликти ыйгарган эмес. Атамбаев болсо кадимки эле орто кылымдардагы падышадай өзүн алып жүрдү — бул оюнчук же тамаша эмес, бул демократияда эң оор кылмыш. 1993-жылкы Конституциябызда «узурпация власти — тягчайшее преступление» деген статьясы бар болчу. Аны анан алып ташташты, бирок мааниси элдин эркиндигин муунтуу — мындан оор кылмыш жок дегени, миң кишини өлтүргөндөн дагы оор жазага тете. Биз азыр Атамбаевдин бийлигинин табиятын уюшулган кылмыш группасына, мафияга теңеп атабыз. Бирок андай салыштыруулар дагы аздык кылат. Булар, мисалы, Канат Исаевди «насильственный захват власти» деген доомат менен бир кайсы бандиттердин сөздөрүнө таянып, камап коюшту. Эми так ушул сыяктуу камоолор үчүн Сегизбаев-Жолдубаева-Арабаев анан Атамбаев баш болуп ошол эле «насильственное удержание власти» жана «узурпация» деген статьялар менен кесилиши керек. Бирок бул да башы эле.

Азыр экс-президенттик статусуна жамынып калышкан атамбаевчилер кече күнү ошол экс-президенттикке ээ Бакиевди бир эмес, беш-алты жолу кайра кайра соттошподу беле, унутуп калыштыбы? Анда эмне Атамбаев унчуккан эмес: «соттобогула, ал экс-президент» деп? Бир жөн Бакиев 7-апрелде кандуу окуялары үчүн соттолсо — жок! Аны, мисалы, жанагы Карганбек Самаковдун жери боюнча козголгон ишке аралаштырып, эки жүз гектар сенин убагында туура эмес пайдаланган деп, өмүр бою эркинен ажыралатып атат. Көрүп атасызбы? Президент каякта анан кайдагы бир гектар жерлер? Эч бир документинде колу жок болгон күндө дагы, Бакиевди президенттигинин учурунда мыйзам бузулган, ошого жооптуу деп Атамбаевдин прокуратурасы жана соттору өкүм чыгарып берип атышат.

Эми ушул эле аналог менен кетсек, мындай “хозяйственный” иштерден жүздөп чогулат, Бишкек ТЭЦ боюнча чатак чепуха эле. Акаев менен Бакиевтин түшүнө дагы Атамбаевдин авторитаризми, өзүм билемдиги кирген эмес. Алар президенттик Конституция менен башкарышкан, бирок ошол Конституция менен азыр деле жашаган күндө дагы, Атамбаевчилеп килейген мамлекеттик чечимдер мынча шашма жана сапатсыз жол менен кабыл алынган эмес.

Сиз мурунку бизге берген интервьюңузда Атамбаевдин бийлигин пианиного ойногон маймылдын какафониясына салыштырган элеңиз. Бийлиги начар, айткан сөзүнүн көбү калп болуп чыкты, бирок ошол какафония үчүн соттосо болобу?

-Акылы жетпей калыптыр дейли, бирок ал кылмыш эмес да. Туура! Мен дагы, ушул кетсе, баардыгын кечирип берет элек деп айтчумун. Бирок, мына бийликтен кеткенине бир ай жетпей Бишкек ТЭЦ авария болуп тоңуп, эбегейсиз коррупциянын изи ачылды. Бул бир эле долбоордон. Мындайлар толтура. Өзү моюнга алганы бар “мен бир дагы көрүнүктүү ишкана ачкан жокмун” деп, бирок ушул Кытайдын карызына салынган энергетика жана жол объектилерин бизге милдет кылчу, «мына кыйраттым» деп. Резиденцияда болсо уялбай бир миллион евролук хан сарай салып алып жашап атат. Кыжырын келет экен. Бул киши жаш балдардын каны менен бийликке келген. Ошол кан менен ант берген. Канчалаган курмандыкка барды кыргыз элибиз. Ошонун жообун алышыбыз керек! Экинчиден, бул жакшы карыбай, кайра элди коркутканга өтпөдүбү. «2005 жана 2010-жылкыдай төңкөрүп салам” деп ачыктан ачык эле жарыялап атпайбы.

Биз тим койсок, күзүндө эле элде кичине нааразылык күчөгөн күнү баягы көңгөн адатка салат. Колунда чексиз байлык, эң күчтүү маалымат каражаттары бар. Үчүнчүдөн болсо, бул киши башкарган жети жыл бою жети жыл мурунку президенттерди күнөөлөп келди: баардыгына ошол экөө күнөлүү болуп чыкты. Баягы эки жыл мурун жайында Москвада типография өрттөнүп, биздин жаш кыздар өлгөндө, мен айткам: «ошол кыздар Атамбаев бийликке келгенде 10-12 жашта болчу, алар Москвада иштегенине Акаев же Бакиев күнөлүүбү” деп. Ошол өрт чыккан жерде ыйлаган бир жаш кыздын “знайте, придурки!” деп айтканы азыр дагы баардыгыбыздын эсибизде. Анан кантип биз эми азыр “Атамбаевтин кол тийбестиги бар, өмүр бою аны багып, төрүбүздө сыйлашыбыз милдет” дейбиз?

Акаев менен Бакиевдин авторитаризми быякта эле калат дегениңизди чечмелеп берсеңиз?

-Какафониядан эки эле мисалды келтирейин, кайрадан эле жеке менин эсимде өзгөчө калганын. Мисалы, Север-Юг жол курулушу боюнча эч ким менен кеңешпей эле, талкууга салбай эле, парламентке, өкмөткө добушка салбай, жеке өзү чечим кабыл алып койгон. Ал жолдун курулушу керекпеле, жокпу, кайсы маршрут менен жүргүзүшүбүз туура болот дегенди эч ким талкуулаган эмес. Ошол жакка кеткен миллиард доллар карызды биз башка, мындан дагы пайдалуу жака жумшасак болот эле да, туурабы? Казарманга туннель салып, берки Нарынга жолду оңдоп койсок. Эсиңердеби, кайра эле ушул Атамбаевдин тушунда Оштогу бир көпүрөнү “непродуманно” салдың деп Мелис Мырзакматовду кызматынан шыпырып, аягы мекенден айдап чыгарышканын.

Ошондо кайсы бир милисанын майору оозу менен “непродуманно” деп айып коюп атат, бирок ал чечимди Мырзакматов баардык тийиштүү органдардын, шаардык кеңешинин буйругунун негизинде чыгарган күндө дагы. “Непродуманный” дегени бул чечимди Атамбаеви жок эле чыгаргандары болду ал жергиликтүү бийликтер. Экинчи мисал, Жерүй кайра сатылып, андан бонус 100 миллион доллар накталай акча түшөт. Аны дагы Атамбаев эч ким менен кеңешимиш да болуп койбой, “мектептердин курулушуна” деп чечим жарыялайт ошол эле замат. Эсиңердеби? Ошондо айтты эле го “мен кеткиче бүт мектептер оңолот, бир дагы мектеп капиталдык ремонтко муктаж болбойт” деп. Биздин Конституциябыз боюнча президенттин андай чечимдерди эмес, өзүнүн аппаратынын бюджетин дагы бекиткенге дагы кымындай укугу жок.

Анын баардыгы толугу менен өкмөткө жана Жогорку Кеңешке өткөрүлүп берилген. Атамбаев Кыргызстанды падышадай эле, жеке менчик фирмасындай эле башкарды. Ушунча чексиз бийликке ээ болду, Конституцияны дагы, башка бийлик бутактарын бар жок экенин дагы унутуп калган. Өзүн Кудайдай эле көрүп калган үчүн, ошол чексиз бийликке мастыгынан “мен президенттикти кайсы бир байкушка өткөзүмүш болуп, өзүм эле чексиз башкара берем” деп жаңылды. Азыр дагы ошол мастыгы тарай элек. Баягыдай эле “мени кыргыз эли кудайындай эле сүйөт” деген ойдо.

из Атамбаевдин камалаарына ишенесизби ?

-Биз андан сөзсүз экс-президент деген макамды алып коюшубуз керек. Бирок, бул жерде өтө чоң дыкаттык маанилүү. Мен толугу менен президенттердин кол тийбестигин жоюга каршымын. Анан ал иммунитетти дагы жокко чыгаруу оңой болбошу керек. Президент көп душманды күтөт. Ал ар кандай оор чечимдерге барышы мүмкүн, анан ошол чечим чыгарып атканда (мисалы, согуш учурунда миңдеген жаш аскерлерди мекен үчүн өлүмгө буюруп атканда, ал ойлонбошу керек, мен эртең жооп берип каламбы бул чечимим үчүн деп). Ошондуктан, мен сунуштап атам экс-президенттин статусун так ошол Конституциянын 67-статьясында көрсөтүлгөн импичмент процедурасы менен жокко чыгарылышы керек: депутаттардан үчтөн бири демилге көтөрүп, ал демилге Баш прокуратура тарабанан колдоого алынып, анан 80 депутаттан аз эмес добуш менен акыркы чечимди кабыл алсак болот.

Экс-президент деген макам алынгандан кийин, Атамбаев резиденциядан көчүрүлөт, андан мамлекеттик күзөт дагы алынат. Сотко дагы тартылышы мүмкүн. Бирок азыр социалдык тармактарда камалышы боюнча талаптар көп айтылып атат, биз алдын ала айтышыбыз керек, Атамбаев камалган күндө дагы, колонияларда зэктер менен чогуу отурбайт. Биз өзүбүздү сыйлашыбыз керек. Азыркы эле элдин жек көрүүсү бул өтө чоң жаза. Эртең аны сот эркиндигин ажыратуу боюнча дагы өкүм чыгарган күндө дагы, Атамбаевке биз өзүнчө, атайын шарты бар түрмөгө камап  шарт түзүп беришибиз керек. Биз эч качан аны же болбосо Текебаев же ошондой жогорку рангтагы мурунку элдик жетекчилерди зэктерге, же черныйларга жем кылып салып бербешибиз керек. Мыйзамдын эле жазасы — эркиндигин ажыратуу же болбосо, чектөө, ошол эле жетиштүү болот.

-Депутатардын ишенимине ээ болбой кеткен премьер-министр Сапар Исаков УКМКга үч ирет катары менен суракка чакырылыганда, саясый куугунтук башталды деп жиберди. Чындап эле Атамбаевчилер куугунтукка кабылып, жоопко тартылчу кез келдиби?

-Булардын телеканалы, угушумча, Сегизбаевди дагы “куугунтуктун курмандыгы”деп жарыялашыптыр. Бул орусча айтканда: “было бы смешно, если бы не было так грустно”! Өздөрү канча репрессия уюшутуршту. Акаевдин дагы, Бакиевдин учурунда мынча саясий туткун, Атамбаевтин доорундагыдай акыйкатсыздык болгон эмес. Эми азыр эч нерсе  боло электе эле “куугунтук” деп айтып чыккандарына айла жок жылмаят экенсиң. Сапар Исаков  өзү премьер-министр болуп турганда тергөөгө тапшырма бербеди беле. Аны сиз же мен уюштурган жокмун да, туурабы? Эштеке боло электе эле, эмне мынча чыңырышат? Исаков боюнча мен аябай таң калдым, чынын айтсам. Кече күнү эле жылмаю менен баардык келген чет элдик делегацияларга “бизде тергөө жана соттор толугу менен адилеттүү, көз каранды жана калыс” деп жооп берип, узатчу.

Анан ал бийликтен түшөөр замат эле, саясий заказ системасы орноп калдыбы? Жанагы досу Талант Султанову болсо кытайча дагы даттанып, анан англисче failed state деп жазып атат, мекенибизге кыйрап калган деген аныктама берип. Булар Максим Бакиевдин ЦАРИИсинен түздөн түз Атамбаевдин 7-катабына барып, кыргыздын улуттук тагдыры менен каалагандай куурчак-оюнчугундай эле ойногон балдар эми ал оюнчукту колунан алар замат, мекенибиз failed state болуп калат экенда. Исакову болсо кайра кайра эле интервьюларында кайталайт “мындайга эл жол бербейт, андай заман өткөн” деп. «Эй, Исаков, сен өмүрүндө бир жолу чындык үчүн күрөштүң беле? Бир жолу элдин таламын талаштың беле? Максимдин жанында жүрүп, бир жолу элиңди эстедиң беле? Атамбаевдин учурунда канча акыйкатсыздык болду, ошолорго бооруң оорубай, жок дегенде бир мүнөт алаксыдың беле? Эми кайсы моралдык укугун бар “андай заман өткөн, эл жол бербейт акыйкатсыздыкка” деп айтканга? Сен кимсин деги сага эл баардык ишин тыштап коюп болуша тургандай?” деп айткын келет экен. Мен ушул Исаковдун апломбун түшүнө албай койдум.

Атамбаевтин бир түгөйү экен, иши кылса. Ошол үчүн бири бири менен тил табышса керек. Эбегейсиз зыян келтирди улуттук эгемендүүлүгүбүзгө, мамлекеттүүлүгүбүзгө ушул жигит. Бир дагы жолу патриот эмес. Максим талкалаганда ага колуна суу куюп жүрдү. Атамбаевге жардам бербей турмак, аны башкарып алган башынан эле. Бүт мамлекеттер менен мамилебиз бузулду. Анан мына Лигласс жана Бишкек ТЭЦ долбоорлору көрсөтүп тургандай — баардык чечимдер ушул Исаков аркылуу кабыл алынчу. Бул факт! Жөн эле кагаз ташыган бала деп айтайын десең, кайра өзү “я этим проектом горжусь”деп барган жеринде кайталап атат.

Жарым миллиард доллар карызды ошол ТЭЦтин 600 долларлык кычкачтары үчүн моюнубузга илип койгонуна сыймыктанат экен. Муну элине чыккынчы деп айткандан башка сөз жок. Ушулардын катачылык-чыккынчылыгынан улам биз 2050-жылга чейин Тажикистанды, башкаларды тим кой, Тажикистанды кубалап, жете албайбыз, өнүгүүдө артта калдык. Кесепеттери мына азыр эле билинип атат, бирок булар калтырган миналардын көбүнчөсү дагы көптөгөн жыл бою алдыда жарылат.

Коррупционер деген ярлык тагылгандардын баарынын акчасы эми тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсепке которулуп, кыргызстан ушул жол менен тышкы карыздан кутулабы?

-Жок. Бул болбогон кеп. Акча чыкпайт. Бул жаш балдардын сөзү. Бул туура эмес жол. Карыздан деле коркпош керек. Кеп аны биз кандай пайдаланып атабыз. Кеп ошондо. Азыр деле Кытайга болобу, башкасына болобу карыз — башты жерге салбайлы. Баардыгы колубузда. Мыкты жетекчилик эле керек. Мен Атамбаевтин деле учурунда каршы болчумун “коррупция менен күрөшүүнү” улуттук идеяга айлантып жана негизги лозунг катары туу тутууга.

Азыр дагы ошого тынчсызданам. «Кыргыздар өсүп-өнүкпөй эле, бири бирин камаганды, анан ошого сүйүнүп, мактанганды жакшы көрүшөт” деген сөзгө калабыз. «Бирөөлөрдү камап, анан алардын эсебинен карызыбыздан кутулабыз” десек — биз алыс кетпейбиз. Мамлекеттик денгээлде ой жүгүртүү жок эсе азыр. Атамбаевдин жолу туура эмес экенин баардыгыбыз түшүндүк, кудайга шүгүр. Бирок, кайсы жол туура, — ал жөнүндө дагы айтыла элек.

Булак: «Майдан»

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «Атамбаев резиденциядан көчүрүлөт, андан мамлекеттик күзөт дагы алынат»

КР Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүү «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасынын бет ачары тартууланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин ишине катышты. Анын жүрүшүндө аймактык саясат Концепциясы жана 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык»  Программасы сунушталды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Аймактык саясат Концепциясынын башкы максаты – калктын берекелүү турмушу жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүнү камсыздоо болуп саналат. Концепциянын алкагында жергиликтүү өңдүрүштүк кубаттуулуктарды колдонуу менен жайгашкан аймагынын экономикалык ишмердигине тартылуучу инфраструктурасы бар 20 өсүү шаарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу пландалууда. Мындан тышкары аймактарды адистештирүү жана кластерлөөнү тереңдетүү максатында Ысык-Көл облусунда туристтик кластер, Бишкек жана Чүйдө тигүүчүлүк кластер, ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында айыл чарба кластерлерин  ишке киргизүү мерчемделип жатат», – деп баса көрсөттү ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен бирге аймактарда шаарлардын жана калктуу жерлердин инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлору илгерлетилерин ырастады.

«Кеп унаа жолдорун куруу жана оңдоо, ирригациялык тармактарды модернизациялоо, социалдык турак-жай менен камсыздоо, социалдык мекемелер тармагын өнүктүрүү, жагымдуу инвестициялык абалды түзүү тууралуу жүрүүдө. Өлкө президенти тарабынан аныкталган артыкчылыктар менен катар аймактык саясаттын аталган кадамы экономиканы активдештирүүгө жана аймактарды тездетилген темпте өнүктүрүүгө кошумча дем берет. Бул ошондой эле милдеттерди комплекстүү чечүүгө, ресурстарды топтоштурууга, аймактарды башкаруу үлгүсүн өзгөртүүгө алып келет», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялаган Жарлыгын ишке ашыруунун негизги аспабы катары каралган 2018-2022-жылдарга өлкөнүн Аймактык саясатынын концепциясынын бетачары тартууланды.

Премьер-министр донордук коомчулукка көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүүдө түптүү өзгөртүүлөргө жетишүү үчүн аталган жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга катар Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасы тартууланды.

Премьер-министр белгилегендей, аталган өкмөттүк Программа жана аны ишке ашыруу боюнча План калктын пикирин жана талаптарын, депутатардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Мындан тышкары, бул документтер учурда иштелип жаткан 2040-жылга дейре Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын негизги багыттарына шайкеш келет.

«Программа өлкөдө экономикалык өсүштү жана финансылык туруктуулукту камсыздоого, бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууга жана республиканын стратегиялык умтулууларына, өнүгүүнүн артыкчылыктарына жетишүүгө  багытталган», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн Координациялык кеңешинин өкүлдөрү өз сунуштарын айтып, Өкмөттүн Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүү боюнча демилгелерин колдоого алууга даярдыгын билдиришти.

Айбек Кожошев Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койгон буйрукка ылайык, Айбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.

Ошол эле учурда Айбек Кожошев мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргыз-Өзбек чек арасынын ачылышынын күңгөйү менен тескейи

Мындан эки жыл мурда Өзбекстанда саясый режим өзгөрүп, Ш. Мирзиёевдин президент болушу менен өлкөнүн тышкы саясаты да жаңы нукка бурулуп, эң оболу кошуналар менен мамилеси жакшыра баштады. Өзбек президенти алгачкылардан болуп Кыргызстанга өзү кол сунуп, 150 райондук, облусттук жетекчилерден турган делегация Ошко келип-кетишкен. Андан кийин биздин да чектеш облусттардын аткаминерлеринен турган ошончо делегация Анжиян менен Фергананы кыдырып келишкен. Бул бир эле өзбекстандыктар эмес, кыргызстандыктар да чейрек кылым бою зарыга күткөн тарыхый кадам эле. Анткени Өзбекстандын маркум экс-президенти Ислам Каримовдун тегерек-четиндеги мамлекеттер менен катаал мамилеси, диктатордук режиминен тышкары да соңку 25 жылда эки ирет кайталанган Ош окуясы кыргыз-өзбек мамилесин бир топ солгундатып койгон болчу.

Өзбекстанда бизге караганда 2–3 эсе арзанчылык

Ошол эле учурда биздин ал кездеги бийлик, экс-президентибиз А. Атамбаев 15 жыл премьер-министрликти аркалаган Ш. Мирзиёев менен чогуу иштешип, жакшы мамиледе болгондуктан, өзү Ташкентке эки ирет расмий визит менен барды. Өзбекстандын президентинин да Бишкекке сапары жогорку деңгээлде уюштурулуп, ондогон документтерге кол коюлду. Алардын катарында Кыргызстан мындан ары ГЭСтерди курууда сөзсүз кошуналар менен макулдаша тургандыгы каралган. Бир чети А. Атамбаевдин ал кезде Астана менен мамилеси сууп тургандыктан, Ташкентке ооп кетти окшойт.

Ал эми карапайым кыргыздар менен өзбектер үчүн чек аранын ачылышы чоң майрам болду. Мындан ары кыргызстандык өзбектер ал жакка мурдагыдай телеграмма менен каттабай калышты. Өзгөчө “Достук” чек ара бекетинен күндө жети миңден ашык адам ары-бери өтүп жатышы ортодо соода-сатык кызыгандыгын далилдеп турат. Экономиканын тили менен айтканда деле карым-катнаш канчалык көп болсо, товар жүгүртүү ошончолук жогорулайт.

Чындыгында эле Өзбекстандан арзан баада келген жашылча-жемиштер кыргызстандык сатып алуучулардын чөнтөгүн бир топ эле жеңилдетип койду. Мисалы, Кадамжай районунун жашоочулары Ферганага Кызыл-Кыяга каттагандай эле барып калышты. Себеби ал жакта баары арзан. Эгер бир байлам укроп Кызыл-Кыяда кышында 15 сом турса, ал жакта 1 эле сом. Кадимки эле бизде баасы 100–150 сомдун тегерегиндеги шыпыргыны Фергананын базарынан 30–40 сомго тандап аласың. Тамак-аш да арзан дешет. Айтор миң кыргыз сому менен Фергананы кенен кыдырып, базар-учарыңды кылып, курсагыңды кампайтып кайтасың. Бул бир чети өзбек ашыналардын соода-сатыкка жакындыгынан, биздегидей 2–3 эсе пайда көрүүнү эмес, андан 2–3 эсе аз киреше түшсө деле каниет кылып, аларманды апийимге азгыргандай, өзүнө имерип алгандыгынан, атаандаштык өтө жогорулугунан да болууда.

Кыргызстанга келип иштеген өзбек мандикерлер көбөйдү

Көпчүлүк эмгекке жарактуу жаштарыбыз чет өлкөлөрдө жүргөндүктөн өзүбүздө иштей турган кол күчү жетишпей калууда. Мындай муктаждык айрыкча жазгы талаа иштери башталганда жогорулайт. Өзбекстан менен Тажикстандан пахта талааларына келип иштеп кеткен мандикерлер мурда деле бар болчу. Ал эми былтыртан тартып чек ара ачылганда ого бетер күчөдү.

Бирок эки өлкөнүн чегарасы ачылгандан бери алардын саны көбөйгөнүн Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы да билдирди. Ал жактан келген аялдар талааларда, эркектер курулушта иштеп жатышат. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында иштеп жүргөн өзбекстандык жумушчуларды иш берүүчүлөр арзан акысы жана сапаттуу ишине кызыгышат.

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев Өзбекстандан келген мигранттар көбөйүп жатканын ырастады, бирок азырынча алардын так саны эсептеле элек экенин билдирди.

Эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышы менен өзбекстандыктардын көбөйгөнү Кыргызстандын мигранттар тууралуу мыйзамын жакшылап иштетүүгө түрткү берди. Анткени сырттан келген мигранттар жергиликтүү калктын жумушун колдон тартып алып, ансыз деле оор социалдык маселени ого бетер татаалдатууда. Бул жагдайды жөнгө салуу үчүн Мамлекеттик миграция кызматы өлкө аймагында иштеп жүргөн өзбекстандык эмгек мигранттарын мыйзамга ылайык иштөөгө чакырып, тиешелүү мыйзамдар бузулса алар айып тартаарын эскертип жатат.

Арзан эмгек күчү

Ушул тапта Жалал-Абаддагы пахта талааларында өзбекстандык кыз-келиндер иштеп атышат. Жергиликтүү дыйкандар алардын бир күндүк жумушуна 250–300 сомдон акы төлөйт. Бирок кыргызстандык эмгек күчүнө 400 сомдон жогору алышат. Мигранттар кимдин талаасында эмгектенсе, ошонун үйүндө жашайт. Тамак-ашы да үй ээсинин мойнунда.

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарындагы жеке курулуштарда акча таап жүргөн өзбекстандык жигиттер да оңой табылат. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдү курган өзбекстандыктар да көбөйгөнү байкалат.

Өзбекстан өзүнүн жарандарына эскертет

Мыйзамдын иштей баштаганынан кийин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга барууга камынган жарандарына кайрылып, коңшу өлкөгө киргенден кийин 5 күн ичинде каттоого туруу зарыл экенин эскертти.

Мындай билдирүү 11-май күнү министрликтин расмий сайтына жарыяланды. Анда кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрында чыккан токтомуна ылайык, өзбекстандыктар Кыргызстандын чек арасынан өткөн соң, 5 күн ичинде каттоого туруу зарыл экендиги айтылат. Эрежени сактабагандарга кыргыз улуттук валютасы менен 10 миң сом айыппул салынат.

Кыргызстанда мигранттарга мыйзам кандай иштейт?

Ал арада мигранттарды иштетип жаткандар текшерилип, айыппул төлөөгө милдеттендириле баштаганын Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунун тургундары кабарлашканын “Азаттык” сайты жазып чыкты. Мыйзамга ылайык, Өзбекстандын жараны Кыргызстанда беш күн ичинде каттоого турушу керек. Антпесе 10 миң сом айыппулга жыгылат. Экинчи ирет ошол эле көрүнүш кайталанса, депортацияланат.

Мигрантты иштетип жаткан адам Миграция кызматына кайрылып, жумушка уруксат берүүчү кагаз алууга тийиш. Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссия “Мигрант өлкөгө зыян тийгизбейби?”, — ​деп бир нече критерийлер менен карап чыккан соң, эки жума ичинде уруксат кагазын берет же баш тартат.

Уруксат кагазы мигрант кыргызстандык жарандардын жумуш ордун талашпаса гана берилет. Уруксат кагазы жок иштеген мигрантка 10 миң сом айып салынат. Аны иштетип жаткан кыргыз жаранына “мыйзамсыз миграцияны колдонгон” деп кылмыш иши ачылат.

Өзбекстан мигранттардын мекениби?

Өзбекстандан мигранттардын чет мамлекеттерге көп чыгышы Кыргызстандагыдай эле көрүнүш. Алар да негизинен Орусияга барышат. Орто Азия изилдөө борборунун маалыматы боюнча, Өзбекстандын бийлиги Казакстан жана Орусияда иштөө үчүн бара турган жарандарына атайын поезд жана автобустук кызмат ишин баштайт. РФнын ИИМинин маалыматы боюнча, бул өлкөдө жүргөн мигранттардын 10%ын өзбекстандык жумушчулар түзөт жана болжол менен 1 млн адам, алардын болжол менен жарымына (765,8 миң) эмгек патенттери берилген.

Булар Орусияга кеткен мигранттардын болжолдуу саны болду. Ал эми Кыргызстанга канча мигрант келгени боюнча маалыматтарды тактап көрөбүз.

Мамлекеттик миграция кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Канат Сагынбаевдин маалыматына караганда, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 12 айда 118 жаранга Кыргызстанда иштөө боюнча уруксат кагазы берилсе, быйылкы жылдын 5 айында 109 адам иштөөгө уруксат кагазын алган. Бирок бул сандар реалдуу иштеп жаткандардан алда канча аз.

Ал эми мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 888 миң 814 адам Кыргызстандын аймагына кирсе, 842 миң 252 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Булардын көпчүлүгү Кыргызстанга транзит аркылуу өткөндөр болуп саналат. Кыргызстан менен Өзбекстандагы “Достук” өткөрмө бекетинен ары-бери өткөндөрдүн саны күнүнө 10–12 миң адамга жеткен.

Эмилбек Момунов

Булак: “Жаңы ордо”

Өкмөттө пробация институту жана уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) каршы туруу маселеси боюнча мыйзамды өркүндөтүү механизмдери талкууланды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 26-майда, Кыргыз Республикасында пробация институтун киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астында өлкө үчүн жаңы саналган социалдык-укуктук пробация институтун өз учурунда жана ийгиликтүү киргизүүнү камсыздоо боюнча милдет турат деп белгиледи.

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, пробация институту соттук укук колдонуу тажрыйбасын гумандаштырууга, мыйзам бузган жактарды коомго адаптациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Буга катар пробация түрмөгө камалгандардын жана кайталанма кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган», – деди ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков пробация институтун киргизүү боюнча белгилүү иштер аткарылгандыгын белгиледи.

«Анткен менен алдыбызга коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу мөөнөтүнүн чектелгендигин, ошондой эле анда козголгон инсандын жана мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн кеңири чөйрөдөгү маселелерин эске алуу менен күч-аракеттерди бириктирип, бардык маселелерди сапаттуу жана ыкчам түрдө чечүү керек», – деп ырастады Жеңиш Разаков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча министрликтерге жана ведомстволорго өлкөбүздө пробация институтун киргизүү процессин ченемдик-укуктук коштоого жана каржылык, материалдык-техникалык камсыздоого байланыштуу маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуулукка каршы туруу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча механизмдер талкууланды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, укук коргоо органдары үчүн аталган багыттагы иш артыкчылыктуу бойдон калууда.

«Уюшкан кылмыштуулук өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө тоскоолдук келтирип, жалпы криминогендик абалга кескин таасирин тийгизет. Ага каршы күрөшүүдө мыкты ченемдик-укуктук база зарыл», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ал укук коргоо органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча концептуалдуу механизмдерди иштеп чыгуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга кеңешменин жүрүшүндө талкууланган сунуштарды ыкчам тартипте талдоого алып, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жаатындагы мыйзамдарга актуалдаштырылган өзгөртүүлөрдү кароого киргизүүнү тапшырды.

Мырзабек Адылбеков Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Мырзабек Адылбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Туйгунаалы Абдраимов Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Коррупция менен күрөшөлү” – деп атып экономика унутта калбасын

Коррупция менен күрөшүү керек. Бул жети баштуу ажыдаар тынымсыз туруктуу күрөштү талап кылат. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө да муну менен үзгүлтүксүз күрөшүшөт. “Коррупцияны таптаза жок кылдык”- деген мамлекет тууралуу уга элекмин. Кылмыш иши далилденээри менен эл алдында коррупционерди атып таштаган Кытайда да бул “оору” айыккан жок. Коррупцияга кулагынын учуна чейин баткан Кыргызстанды андан таза арылтууга Президент Сооронбай Жээнбековдун Президенттик мөөнөтү эле эмес өмүрү да жетпейт го. Ошондо да “Мамлекеттик кызматка баргандардын баары жегич, ичкичтер. Мамлекетти талап-тоноп бүтүштү”- деген коомдук пикирди оңдоп, бийликтин эл алдындагы кадыр-баркын көтөрүп, келечекке болгон эл ишенимин кайра жаратууга жетишсе да оңой иш кылган болбойт.

Президент коррупция менен катуу күрөш баштагандан бери коомчулуктун көңүлү ушул жакка бурулуп, Өкмөт эмне кылып атат эч кимдин иши деле болбой калды. Элдин жашоо турмушун, мамлекеттин өсүп, өнүгүшүн жалгыз коррупция менен күрөшүп жакшыртуу мүмкүн эместиги балага деле түшүнүктү. Жаз жарышы кандай аяктады? Президент “Аймактарды өнүктүрүү жылы”- деп атады эле бул багытта конкреттүү кандай программалар башталды? Деги эле мамлекетибиздин экономикасын кризистен алып чыгуунун жолун тапкан Өкмөт болобу? –деген суроолор бүгүн көңүл сыртында калууда.

Мамлекеттин экономикасынын өсүшүнө түздөн түз Өкмөт жоопкер. 27 жылдык эгемен мамлекеттүүлүгүбүздө 30 га чукул Өкмөт башчы алмашты. Биринин да артында “Баланча өкмөт башчы мыкты иштеди” –деген сөз калган жок. Эми Өкмөт башчыларды күнөөлөйүн десең алардын асты 2 жыл, арты 1 ай иштеп алмашкан учурлар болду. “Анан кантип өздөрүн иштен көрсөтө алышсын”- десем миллиондорду жеп ийүүгө үлгүргөндөрү кылтыйып чыгууда. Арга жок “Жеп ичүүгө үлгүрсө болот экен. Иштен өзүн көрсөтүүгө болбойт экен го.”- дейсиң.

Жаңы болгон Өкмөт башчыбыз Мухаммедкалый Абылгазиев ишин батыл деле баштап жиберген жок. Кантсе да такшалган мамлекеттик кызматкер эмеспи аяр жүрүш жасоодо. Ал ортодо “аяр жүрүшкө” убакыт дегениң карабайт экен минтип жаз бүтүп жай кирип келди. Эртең эле күз болот. Анан “жөжө санайбыз” Ошондо Мухаммедкалый мырза “растрат” болбойбу? Деги эле Кыргызстандын экономикалык жактан оңолуу жолу табылабы? Элдин жашоо турмушу жакшыруу жагына оойбу? Айлык маяналар, жөлөк пулдар көтөрүлөбү? Жаш кары дебей тамтаңдап чет өлкөгө иш издеп кеткендердин агымы токтойбу? Өзүбүздө айлык маянасы жогору болгон иш орундар ачылып сыртта тентип жүргөндөр кайра кайрылып келе башташабы? Жүрөк ооруткан суроолор көп. Жооптор азырынча жок.

Аймактарды өнүктүрүү жылы

Демек, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жылы. Анткени аймактарыбыздагы жашоочулардын дерлик бардыгы айыл чарбачылыгы менен алектенет. Жалпы элибиздин 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт деген маалымат бар. Чындыкты айтсак шаардыкпыз дегендерибиздин деле 70–80 пайызыбыздын тамыры айылда. Дагы деле айыл менен байланышып мал жан күтөбүз. Демек кыргыздар үчүн айыл чарбачылыгын өндүрүү орчундуу маселе. Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери мамлекет бул багытта элге кандай жардам көрсөттү? Бир гана жардамы Айыл чарба министрлигин жойбой сактап келатат. Ал эми аталган министрлик эмне иш кылат, кайсыл дыйканга же фермерге эмне жардамы тийди эч ким айтып бере албайт.

Эгер чындап эле аймактарды өнүктүрөлү десек Кыргызстандын ар бир аймагынын өзгөчөлүгүнө карап мамлекеттик деңгээлдеги бери дегенде беш жылдык программа кабыл алынса туура болот эле. Маселен Нарын, Көл, Кара-Кулжа, Алай аймактарынын жер шарты мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө болгондо да эт багытындагы мал өстүрүүгө ылайыктуу. Чүй, Талас аймагында сүт багытындагы уйларды өстүрүүгө ылайыктышкан.  Дыйканчылыктын түрдүү тармактарын өздөштүрүүгө ылайыкташкан аймактарыбыз да бар.

Айыл чарбачылыгы мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай, кароосуз калгандыктан төрт түлүк малдын асыл тукумдуулугу өтө төмөндөп кетти. Айыл жерине барганда ашса 20 кг эт берген тыртайган койлорду, көп болсо 200–250 кг эт берген уйларды көргөндө зээниң кейийт. Сүт багытындагы уйларыбыз деле ушундай абалда. Төрт түлүк малдын тукумун асылдандыруу багытында мамлекеттик деңгээлде деги эле иш жүрбөдү. Айыл эли өз арабасын өздөрү тартып келатат. Акыркы жылдарда республика боюнча өздөрүнүн жеке демилгелери менен ар-ар жерден асыл тукум кой же уй өстүргөндөр пайда боло баштады. Булар деле мамлекет тарабынан колдоого алынышы элек.

Эми жөнөкөй эсеп жүгүртөлү, 20 кг эт берген 10 койдон 200 кг эт алынат. Бүгүнкү орточо базар баасы менен 1 кг 250 сомдон десек, 50000 сом болот. 60 кг эт берген 10 койдон 600 кг эт алынат, 1 кг 250 сомдон десек 150 000 сом болот.

Ал эми ошол 20 кг турган же 60 кг турган 10 койдун кайсынысын бакпа бирдей эле жем-чөп, бирдей эле кол күчү кетет. Болгону 60 кг турганы бакканыңды актайт, ал түгүл пайда берет. 20 кг турганы өзүн актаса актайт, актабаса чыгашага учуратат. Уйдуку деле ушундай. 200–250 кг эт берген уй менен 700–800 кг эт берген уйларды эсептеп көргүлө. Бүгүн дүйнө олуттуу өзгөргөн. Эт багытында 70–80 кг эт берген койлорду бул эле коңшубуз Тажикстанда өстүрүүдө. 900 кг, 1.5 тоннадан, 2 тоннага чейин эт берген уйларды өстүргөн мамлекеттерди четтен саноого болот.

Республикада малдын асыл тукумдуулугун жакшыртууну массалык колго алуу ишин мамлекет өзү жүргүзмөйүн карапайым чарбакердин колунан келчүү иш эмес. Малдын асыл тукумдуулугун колго алуунун бир гана жолу республиканын аймактарында коммунисттик доордогу совхоздор тибиндеги жок дегенде 7–8 мамлекеттик асыл тукум мал өстүрүү заводдорун ачуу керек. Асыл тукум мал өстүрүү заводунда малды асылдандырып аны чарбакер менчик ээлерине жайылтуу оңойго турат. Элдин малын аргындаштырып, уруктандырып берүүнү бекер, ал эми асыл тукум малды өтө кымбат эмес сатыкка койсо иш жакшы жылат эле. Жалпы республика боюнча минтип малдын тукумун асылдандыруу иши 5–10 жылда өз үзүрүн бере баштамак. Асыл тукум мал өстүрүү заводдоруна мамлекет алгач кредиттик багытта жардам берсе арадан 10 жыл өтпөй өздөрүн камсыздап, кредитинен да кутулууга жетишмек.

Туура, айыл чарбачылыгы мамлекетин бюджетин толтурууга орчундуу салым кошо албайт. Бирок жалпы элдин жашоо турмушун жакшыртууну тездетет. Мамлекеттин бюджетине каражат түшүрүү үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды аймактарда ачуу сөзсүз керек. Эт багытындагы мал өстүрүлгөн аймактарга эт комбинаттары курулбаса анда өндүрүлгөн эт көбөйгөндө баасы тез түшүп кетет да чарба кризиске кабылат. Ошондуктан эт комбинаттарын куруу сөзсүз керек. Буга ачык мисал 2017- жылы күздө казактар чек араны жапканда Нарын, Көл аймагындагы малдардын баасы арзандап кетти. Себеби көпчүлүк малды казактар алышууда. Деги эле эртерээк Нарын, Көл аймагына эт комбинаттары курулбаса малдын тукумун асылдандырбаган күндө да 3–4 жылдын аралыгында малдын башы көбөйүп, эти арзандап, кризистин алгачкы таасири башталат. Союз тараган жылдардагы 1 кой 1 шише арак болгонго жетпесе да баккан чыгашаны актабай калат. Дүйнөлүк стандарттагы эт комбинаттарын курмайын этти сыртка экспорттой да албайбыз. Бүгүнкүдөй сырьё түрүндө гана сата беребиз.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иштей баштаганына канча болду? Ого эле көп каражат фонддо бардыгы айтылат. Эмне үчүн карапайым жеке ишкерлерге аймактарга кайра иштетүүчү комбинат, заводдорду ачууга каражат берилбегени түшүнүксүз. Фонддун иши эмне үчүн ачык жүргүзүлбөй мамлекеттик сыр сыяктуу жабык сакталып келүүдө? Фонд Нарында эт комбинаттарын, Таласта төө бурчакты кайра иштетүүчү комбинат, Аксыда жемишти кайра иштетүүчү комбинат ачууга ачык конкурс жарыяласа ага катышуучу ишкерлер четтен чыгат деп ойлойм. Канткен менен бүгүн четте иштеп жүрүшүп бутуна туруп, ишти үйрөнүп, бирок мамлекет тарабынан колдоо таппай келаткан ишкерлер бар экенине ишенем. Ал эми фонд өз ишин ачык жүргүзүп ар жарым жыл сайын эл алдында толук отчет берип турса туура болмок. Болбосо бул фонддо да “бармак басты көз кысты” көбөйүп кеткени эл арасында сөз болууда. Фонд Ө. Бабановго 17 миллион доллар кредит бергенде бир чууга кабылган. Азыр соода түйүн, базар сала коюп тез байып кетүүнү көздөгөндөр көбөйдү. “Азия Молдой” мыкты соода түйүн да керек. Андай комерциялык багытты көздөп тез байыгысы келгендерге кредитти проценти жогору берсе болот. Ал эми кайра иштетүүчү ишканаларды кургандарга проценти төмөн, кайтаруу мөөнөтүн узак берүү керек.

Кыргызстандын ар бир аймагы уникалдуу. Баткендин өрүгү, Ноокаттын тамекиси, Аравандын пахтасы, Аксынын кайнаалысы кайсыл бирин айтайын. Туура иштете алсак асыл жерде жашайбыз. Токсонунчу жылдарда Жапандардан келген дыйкандар Чүйдү кыдырып көрүшүп “Бир эле Чүй өрөөнү менен Жапонияны камсыздай турган жашылча өстүрсө болот экен”- дешкен имиш.

Мисалга; Аксы өрөөнүндө жок дегенде бир жемишти кайра иштетүүчү дүйнөлүк стандарттагы комбинат болгондо Аксы чиркин керемет жер го. Кайнаалысынан башка канча түрлүү жемиш өсөт. Ар бир капчыгайы толо жер жемиш. Керек болсо дарылык касиети менен эле дүйнөгө Кыргызстандын атын чыгаруучу мөмө жемиштер толо. Аларды санаганда санабаганда эмне.

Өбөктөгөн өнөр жай

Коммунисттик доордо Кыргызстан жеңил өнөр жайы да, оор өнөр жайы да мыкты өнүккөн мамлекеттердин катарында элек. А. Акаев Президент болгон 15 жыл ичинде жеңилин да оорун да айыл чарбасын да тымтыракайын чыгара талкалап коррупцияны гүлдөтүп, карызга батырып, аз эле жерден мамлекети жок кылып жибере сактады да качып кете берди. “Бийликке келсем 3 эле жылда Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошом”- деп күпүлдөгөн А. Атамбаев бийликте турганда, эл алдына чыккан сайын качан кетер күнүн санап, кемчилдикти болсо качкандарга шылтап отуруп 6 жылын өткөзүп, мурдакылардан 21 жылда калган 2 миллиард сырткы карызга 6 жылда дагы 2 миллиардды кошуп 4 миллиардга жеткизип баса берди. Артында калган коррупциянын жарасы улам чукулуп кызыгына батуудабыз.

Улам кийинки келген Президент өзүнөн мурункуну жамандап бүт күнөөнү ошол кеткендерге шылтап убактысын өткөргөн жаман адат пайда болду. Мен С. Ш. Жээнбековго мындай тагдырды каалабас элем. Туура, кеткендердин күнөөсү тоодой бирок эртең өзүң кеткенде артында кандай сөз калат ойлоп астыны карап иштеш керек го.

Өнөр жай өнүкмөйүн бюджети оңолбойт. Демек мамлекет байыбайт. Кыргызстанда жеңил өнөр жайы тымызын өз алдынча өнүгүүдө. Эгер мамлекет катуу колдоого алса дүркүрөп кетет беле дейм. Казылган кендерди сыртка ташып кеткен сырьёлук мамлекетке айландык. Өзүбүздө иштетүү жагын колго алууга болбойбу? Орто Азия боюнча аты чыккан Кара-Балта алтын иштетүү комбинаты, Хайдаркен сымап иштетүү комбинаттары эмнеге толук иштей албай атышат?

Сырттан келген кредит, гранттык каражаттарды жалаң эле ичкен жегенге салбай кайтарымы бар тармактарга салууга 27 жылда үйрөнө албай койдук го.

Бизде өнүккөн мамлекеттерге караганда жумушчу күчү арзан. Элибиздин билим деңгээли эмне иш болсо да окутса үйрөнүп өздөштүрүп кетүүгө жетет, Жапония сыяктуу мыкты өнүккөн мамлекеттердин белгилүү фирмаларынын жок дегенде чөнтөк телефон чыгарган филиалдарын республиканын аймагында ачууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болбойбу? Бир кезде нечендеген фирмалар келишип алардан биздин чиновниктер 10 процент сураганда “Акмактар экен”- дешип баса беришкени эл арасында сөз болуп жүрөт. Эми “10 процент сурабайбыз. Коррупцияга жол бербейбиз”- деп мамлекеттик деңгээлде ачык жарыя кылсак кантет. Кыскасы өнөр жайды деле ойлонуп туура багытта иш алпарса өбөктөтпөй тургузуп кетүүчү мүмкүнчүлүк бар. Жаңы өкүмөт ушул багытта иш алпара алар бекен же “Президент коррупция менен катуу күрөшүп атат. Биз ага жардам берүүдөбүз”- деп сүрмө топтун чуусу менен күн өткөрө беришеби?

Жогоруда Айыл чарба министрлиги жөнүндө учкай кеп кылдык. Менимче бул министрликти экономика министри менен бириктирип, “Экономика, өнөр жай, айыл чарба тармактары боюнча менеджерлик багыттагы министрлик”- деп атаса туура болчудай. Экономика министрлигин ачканыбызга канча жыл болду? Экономикабыз төмөндөп карызыбыз көбөйбөсө оңолгон жокпуз.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: “Жаңы ордо”

Атамбаевдин журналисттерди кечиргени - бул айкөлдүк эмес, айласыздыктын иши болду

Атамбаев түштөн кийин былтыр соттошкон журналисттерди кечиргенин айтты. Эсиңерде болсо, Атамбаев 2017-жылдын март айында болуп көрбөгөндөй доо арыздары менен кайрылып,  “Zanoza.kg” сайтынын редакторлору Дина Маслова жана Нарын Айыпты, жана аякта комментарий берген укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берип, 30 миллион сомдон ашык айыпка жыккан. Аны төлөш үчүн Нарын Айыптын карган энеси жашаган квартираны тартып алууга да аракет кылган. Көптөгөн байкоочулар Атамбаев доо арыздарынан президенттиктен кетээрде баш тартып, өзүн айкөл көргөзөт деген ойдо болгон. Бирок ал үмүттөр акталган эмес. Тескерисинче, ал журналисттерге жана сөз эркиндигине чабуулун уланткан. 31-мартта өткөн КСДП съездинде дагы “мен эч качан кечирбейм” деп көк беттик кылган. Ага салыштырмалуу, жаңы президент Жээнбеков 24.кг сайтын жана журналист Кабай Карабековту кечирип, доо арызын кайра чакыртып алганда, ал кадамына жалпы эл жана эл аралык коомчулук жогорку баа берген. Качан гана Жогорку Кеңеш экс-президенттик статусун жокко чыгарып, өзүн соттоору боюнча чечим чыгарганда, эртеси күнү Алмазбек Атамбаев “материалдык доодон баш тартам” деп жарыялаганга мажбур болду. Муну айкөлдүк деп айтууга болбойт. Ансыз деле Атамбаевдин пайдасына мурун күнкор соттор чыгарган ажыдаарлык өкүмдөрү кайра каралып баштаган, себеби Ак үйдөн Манас Арабаевдерден телефон буйруктар дагы токтотулган. Ошентип, кандай болгон күндө дагы, Алмазбек Атамбаев кыргыз тарыхында “Сөз Эркиндигинин эң чоң душманы” деген ат менен калаары анык.

Булак: “Жаңы ордо”

Равшан Жээнбеков: «Атамбаев Жээнбековдун алдына кечирим сурап барбайт»

— Бул парламенттин Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кол тийбестигин алып салууга духу жетеби?

— Эгерде парламенттин өз эркине коё турган болсок, Атамбаевдин иммунитетин алганга кудурети жетет. Атамбаевге таарынгандары көп, анын командасынын ичинде болсо да буга чейин бугун чыгара албай, кыйналып жүргөндөр толтура. Азыркы саясий абал булардын баарына таасир берет.

— Добушту түшүнбөй калып берип коюптурбуз деген КСДП депутаттары чыгып жатпайбы?

— Алар Атамбаевдин арты менен парламентке келишкен, бир топ жылдар бою саясий элитанын катарына киришти. Өздөрү элестетпеген, түштөрүнө кирбеген саясий карьера жасашты, материалдык-финансылык пайдаларды көрүштү. Кээ бирлери уялгандан добуш беришкен жок. Айрымдары көпчүлүк менен добуш берип алып, партиясынын же болбосо Атамбаевдин тегерегиндеги адамдардын басымынан соң кайра баш тартып жатканына коркуп кеткени себеп болуп эсептелет. Мындан сырткары, азыркы бийликтин Атамбаевден иммунитетти алуу боюнча эрки, каалоосу боло турган болсо, бул дагы депутаттарга чоң басым болот. Мындай учурда депутаттардын 90–95 пайызы иммунитетти алууну колдооруна ишенем.

— Сооронбай Жээнбеков өзүн президенттикке алып чыккан адамдан иммунитетти алып салып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга батына алабы?

— Парламент мыйзамды колдоп берсе, жалпы эле президенттердин кол тийбестиги алынат. Сооронбай Жээнбеков да кызматын тапшырып кеткенден кийин ушундай эле кыйынчылыктар туруп калышы мүмкүн. Ошондон улам азыркы президент бул мыйзамга жол бербей коюу мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок, саясий абалга жараша кадам ташталат. Бир эле Бишкек ТЭЦтеги маселе эмес. Мындан кийин жол, Датка-Кемин, учактын кулашы, Батукаевдин маселеси көтөрүлүшү мүмкүн. Булар айланып келип Атамбаевге алып бара берет да, күндөн-күнгө курчуйт. Иммунитет тез чечилбей, жарым жылга созулуп кала турган болсо, аягына чыкпайт. Себеби, саясат, окуялар өзгөрөт. Президент Жээнбековдун акырындык менен күчү кетет. Саясатчылар, маалымат каражаттары, коомдук пикир колдогон учурду президент өткөрүп бара жатат.

— Атамбаев иммунитеттен ажырап, ишенимдүү кишилери Исаков менен Кулматов камала турган болсо Жээнбековдон кечирим суроого барышы мүмкүнбү?

— Президент Жээнбеков 2–3 маанилүү чечимдерди жасабай создуктура бере турган болсо, күздөн баштап анын колдоосу азыркыдай болбойт. Кадыр-баркы түшө баштайт. Ошол маалда Атамбаевдин реанимация болууга, саясатка кайта негизги күчтөрдүн бири болуп келүүгө мүмкүнчүлүгү жаралып, Жээнбеков менен башкача өңүттө сүйлөшө алат. Атамбаев айланасындагылардан кимди камабасын, ал Жээнбековдун алдына кечирим сурап барбайт. Иммунитетти алып таштай турган болсо, ал Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн. Анын ресурсу, байлыгы жетиштүү.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

Сүйүндү каралагысы келгендер милициядан айдалган “крысаларбы”?

Акыркы күндөрү төбөсү көрүнүп калган, кадыр-баркка ээ болуп бараткан азаматтардын кадыр-баркына, намысына шек келтирген, чындыкка төп келбеген маалыматтарды Гүлчөтайга окшоп жүзүн ачпагандар “Telegraph” жашыруун сервиси аркылуу коомчулукка жарыялоону салтка айландыра баштады. Айрыкча ички иштер органдарынын аброюна шек келтирип, каралоого багытталган материалдарды тез-тезден ыргытууда. Жакында эле аталган сервис аркылуу белгисиз авторлор өздөрүн түштүк аймагындагы ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катары тааныштырышып, жогорку жактагы бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу менен коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалыматтарды чагылдырган макала жарык көргөн. Өздөрүн көшөгөнүн артына катпастан, айтчу чындыгы болгон соң коомчулукка ачык чыгып, далилдери менен сайрап берсе, баарыбыз эле аларды кубаттап кетмекпиз да. Жөө жомокчулар өз кесибинин чыныгы профессионал болгондорду коомчулукка “мокочо” кылып көрсөткүлөрү келип жатканы, алардын ачык чыга албай жатканынан эле билсе болот да. Эр болсо катын ушактан алыс болуп, жигитче кармашууга чыгышпайбы?!

Оозуна келгенди оттогон, чириген сөз менен ушак токумайга маш адамдар коомго жаман илдетти жуктуруп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Өздөрүн түштүк аймактагы Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерибиз деп тааныштырган ушакчылар Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковду карандай калп менен каралаганга аракет кылышты. Таза адамга жалаа оңою менен жармаша бербейт да. Алар генерал Өмүрзаковдун милицияны “крысалардан” тазалоо демилгесине каршы чыккан “крысалардан” экени анык. Себеби, генерал жакында эле ИИМде өткөн коллегияда ИИМдин системасын оңдоо, арам тамак коррупционерлерден тазалоо, ниети таза эмес акмактарды жоготуу, кызматтык милдеттерин аткара албагандарды иштен айдоо тууралуу демилге көтөрүп чыккандыгы белгилүү. Ошондон кийин айрым кызматкерлер иштеринен кол жуугандыктары да айтылууда. Мына ошолор ачык чыга албастан, ушундай каралоо жолу менен интернетти пайдаланып, өч алууну көздөп жатышат деп айтуу ашыкча болмок беле? Кыйын болсоң милицияны ушундай генералдар башкарып жатат деп ачык айтып чык! Андай эмеспи, мыкты жигиттерге асылгандарды токтотуу керек да, туурабы? Сүйүн көтөрүп чыгып, ишке ашырып жаткан демилге ушул күнгө чейин ишке ашпай, сөз бойдон калып келгени калппы? Милицияны “крысалардан” тазалап, элдин милицияга болгон ишенимин көтөрүү бүгүнкү күндүн негизги талабы болуп жатпайбы. Өмүрзаковдо кызыл шапкечендердин арасына кирип алган куйтуларды тазалоо үчүн тажрыйба, эрк да жетиштүү экенин ким тана алат? Анда вагон-вагон дух бар эмеспи. Министр Кашкар мырза деле бул демилгени колго алып, өзү кичи автобуска түшүп алып аймактарды кыдырып жүрбөйбү.

Жарыяланып жаткан жалаа жапкан маалыматтар ички иштер органдарынын жетекчилеринин кадыр-баркына шек келтирип, каралоого багытталган кээ бир адамдардын иш-аракети экендигин билип, үн катпай коюу да адамгерчиликке жатпайт. Сүйүн Өмүрзаков профессионал милиционер гана эмес, кыргыздын белдүү, демдүү, бычакка сап жигиттеринин бири. Ушундай жигиттер эл үчүн иштебесе, жүзүн жаап алып, көчө менен базарда айтылчу сөздөр менен жогор жактагыларга кайрылып жүргөн, “ушакчы катындар” иштеп бермек беле?

Кыялбек Тагаев

Булак: “Жаңы ордо”

Нооманжан Аркабаев, экс-депутат: "Атамбаев мага секретарша менен шоопурга да ишенүү кыйын болуп калды деп айткан"

— Номанжан мырза, сиз парламентте депутат болуп турганыңызда депутаттар Алмазбек Атамбаевди “сенин баткенчи аваң” дешип, сизге тууган кылганы чындыкпы? Бул сөз эмнеден улам айтылган?

— 2007-жылдын май айы болчу. Мен анда Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты элем. Кайсыл бир иштер менен ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевге кирип калдым. Иш бөлмөсү Акүйдүн 7-кабатынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан экен. Сөзүбүз аяктап калганда мен ага төмөнкүдөй суроо бердим: “Алмаз байке, өткөн жолу сизди ууландырып өлтүрөбүз дегендери чынбы?”

“Ооба, атаңдын оозун урайындар, — ​деди ал, кабагын чытып. — ​Ошондон бери оюм ордунда эмес. Ошондон бери өкмөттүн буфетинен тамактанганды токтоттум. Эртең менен жеңең пакетке сыр, жумуртка, колбаса, булочка, минвода салып берет. Обед учурунда ошол үйдөн апкелген эле азыктарды жеп алам. Азыр доско да ишенип болбой калды. Билесиңби, азыр эшик ачылып, секретарым же шоопурум кирип келсе да, чочуп кете турган болдум. Секретарь менен шоопурга да ишенүү кыйын болуп калды…”

Ушу күндөрү Алмаз Атамбаевдин жогорудагы сөздөрдү айтканына туптуура 10 жыл болду. Ошондо Башбакандын жогорудагы сөздөрүн кээ бир депутаттарга айтсам, алар: “сенин баткенчи аваң да” деп, дуу этип күлүп калышкан…

2016-жылы белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова “Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу аны мажбурлоо иретинде психиатриялык медициналык кароого кириптер кылуу” жөнүндө Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылып, коомчулук экинчи жолу “дуу” эткен эле. Арадан бир айдан ашуун убакыт өткөн соң, Атамбаев: “ Пушкин менен Тургеневдин ата-бабасы кыргыз болгон; индиялыктар, силер соода кылганды кыргыздарчалык билбейсиңер, ошондуктан чайды силер өстүрүп, пайдасын башкалар көрүүдө; нарындыктар — ​малсыңар; таластыктар адам эмес; кээ бир оштуктарды таш бараңга алып өлтүрүү керек” деп, “эркелеп” калган кези экендигине карабастан, Биринчи Май райондук соту “баласы урушчаактын энеси болушчаак” дегендей, укук коргоочуга: “Атамбаев куландан соо болгондугуна байланыштуу сиздин арызыңызды канааттандырууга эч кандай негиз-пегиз жок” деген токтом чыгаруу менен жооп берген.

Абдрасулованын сотко берген арызы ажобузду ойлондурбастан, тескерисинче, Азиза сулууга өчөштүбү, айтор, эл аралык трибунадан туруп алып: “чек ара маселеси Каримов өлсө чечилет, Назарбаев алжыган диктатор” ж. б. генийлердин башына келбеген “улуу” ойлорду айта баштады.

Ажолуктан кеткен соң, “эшектен түшсө да ээрден түшпөптүр” дегендей, бийликтен кеткендигин унутуп: “Соке жакшылыкты унутуп калыптыр, 7-апрелде 10 миң кишини Ак үйдүн алдына алып чыгам, Бабановду чакырып, Сокени талатам…” дегендери да Алмаз баткенчинин “куудулдук” таланты кайра козголо баштагандыгынан белги берген сыяктанат.

Алмазбек байкенин 10 жыл мурдакы сөздөрү менен соңку мезгилде айткандарын салыштырып көрсөм, “прогресс” күчөгөндөй…

Булак: “Жаңы ордо”

Аманкулов Атамбаев үчүн төшүн тосуп берчү адамыбы?

КСДП партиясында Марат Аманкулов деген эки сөздү кошуп, жөндөп сүйлөй албаган депутат бар.  Аны Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешти башкарттырып, анан Жогорку Кеңешке дагы алып келип, тим эле ушул кыргызча шар сүйлөй алмак турсун, кыргыздын жытын дагы унуткан байкушка мамлекеттин тагдырын тапшырып кете тургандай. Атамбаевдин этегине илинип, эми эки дөө кармашса, ортосунда өлчү чымын ушул Аманкулов болуп турат. Баягында Атамбаевдин иммунитети алынсын деген добушта “ооба” деп кнопка басып алып, ошондон бери жүрөт актанып. Өзү гана эмес Жылдыз Мусабекованы кошуп алыптыр: “биз Жылдыз экөөбүз жаңылдык” деп. Кокуй, Марат, сен Жылдызды тааныбайсың, ал кыздын төркүнү катары айтып коёлу сага. Мусабекова өзү жооп берет өзүнө! Сен болсо юбкага жашынбай, бери чык. Көкүрөгүң менен тосуп бер Атамбаевди!

Булак: “Жаңы ордо”

Кыргыз кыздардын мигранттык татаал турмушун мыкты ачып берген казак кыздын эмгегине арданбайлы

Москвадагы бир байкуш кыргыз мигрант кыздын ролун аткарганы үчүн казак кыз Самал Еслямова дүйнөнүн эң атактуу Канн кинофестивалында эң мыкты актриса болуп таанылды. Арабызда кээ бирөөлөр буга аябай ардануу менен кабыл алганын кантип жашырабыз? Бирок, биринчиден, бул кино кыргыздарга гана тийиштүү эмес экенин унутпасак. Арданууга эч кандай себеп жок. Кыргыз жаш кыздын Москвадагы оор жашоо окуясы Нью-Йоркто колумбиялык кыз жөнүндө, Парижде камерундук же Дубайда ливандык мигранттардын жашоосуна дал келээри үчүн, глобалдык резонанс жарата алганын эстетебиз. Экинчиден болсо, буга чейин жердешибиз Нурбек Эген жаш кыз жөнүндө “Пустой Дом” аттуу киносун убагында жакшы кабыл албай, күзгүгө таарынып, акыйкатсыздык кылганыбызды кантип унутабыз. Өзүбүздүн киночуларыбызды ошондо колунан чаппаганда, азыр бир кыргыз кыз Софи Лорен же Мэрилин Монро сыяктуу бүгүн Каннда, эртең Голливудда атагы чыкмактыр. Бирок биз боордош казак эли үчүн деле сүйүнүп коёлу, ийгилик каалагандан аянбайлы. Самал деле өзү аябай жөнөкөй үй-бүлөдө Петропавловскиде чоңоюптур. Өзү деле Москвада окуп, өзү аткарган кыргыз кыздын далай кыйынчылыктарын көрүптүр. Казак-кыргыз буга чейин деле бири-биринин кино ролдорун аткарып келген. Мисалы, “Биринчи мугалимде” Алтынайдын ролун казак Наталья Аринбасарова аткарса, снайпер Алия Молдагулованын образын кыргыз Айтурган Темирова түбөлүккө бекитип берген. Эң оболу, “Айка” аттуу кино жалпы дүйнөдө биздин, кыргыздын, бар экенине дагы салымын кошот. Ачуу чындыкка көп терикпей, ошонусуна сүйүнөлү!

Булак: “Жаңы ордо”

Кулматовдун иши Оторбаевди кошо ала жатабы?

«Атамбаевдин кошелёгу» каймана атка конгон К. Кулматовтун үстүнөн кылмыш иш козголуп, ал УКМК тарабынан камакка алынбай эле, тил кат менен ээн-эркин жүрөт азырынча. Көрсө, кытайлык ТВЕА компаниясы эки миллион долларга курчу Калыс-Ордо конушундагы мектепти ушул Кулматов аш кылып жиберген деген айып коюлуп атыптыр. Кытайлардан бир миллион доллар акчасын банк эсебине которттуруп, бирок мектепти бүтүрө албаган «Alto Group» ишканасынын жетекчиси Кубат Шаршекеев дагы камакка алынганын биз ишенимдүү булактардан уктук. Бул айтылуу Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеев жана Борбор Азиядагы эл аралык университетинин ректору Камила Шаршекееванын бир тууган иниси болгонун эске салабыз. Биз болсо угушубузча, бул чатакка түздөн-түз Текебаевдин сүйүктүү физиги – Жоомарт Оторбаевдин дагы тиешеси бар экенин эшиттик. Көрсө, ал өкмөттү жетектеп турганда «эксперименталдуу долбоор» деп токтом чыгарып бериптир. Калыс-Ордолук тургундарынын балдарына эксперимент кыла берсе болот деп. Эмне эле Жоомарт Кайыпович Жогорку Кеңештеги талкууга  катышпай жоголуп кетти десе, көрсө ТВЕАга түздөн-түз тиешеси бар экенин билип, сыртка чыгып кеткен тура.

Булак: “Жаңы ордо”

Чынчыл оппозициянын курамы Исаков, Сегизбаев, Жолдубаева, Кулматовдорбу?

Ой-тобоо,  эртең бир чоочун конок мекенибизге келсе, билбегенинен “Апрель” телеканалын сайса, ал жактагы Ложников, Королевич жана Каниметовтордун репортаждарын көрүп: “бул өлкөдө элдик жана чынчыл оппозициянын курамы Исаков, Сегизбаев, Жолдубаева, Кулматовтордон турат экен” дейт болуш керек. Чын эле, жакында ошол телеканалды көрүп, анын сыйкырына алданган мекендештерибиз дагы ортодон чыгышы мүмкүн. Так ушулар кечээ күнү эле куугунтукту уюштуруп, өздөрү мекендин тагдырын, миллиондогон элди жаш баланын тамашасындай “волейбол” ойногондорун унутуп калдыкпы бат эле? Арыдан бери бололучу! Эй, Эрнис Кыязов, сен “Бешинчи каналга” жаңы директор болуп келгениң кут болсун! Каналды жүз миллион сом карызга батырып, Малеваннаянын сүйүктүү кадрлары эми Атамбаевдин миллион долларлары менен элдин мээсин айлантуу боюнча чеберчиликтерин улантууда. Бирок мамлекеттик “Бешинчи каналды” сызга отургузгандары аз келгенсип, элдик мүлккө тийиштүү Фейсбук баракчаларына чейин алып кетип калышкандары эмне? Азыркы заманда ошол баракча негизги капитал катары бааланганы, ал миллиондогон сомду төлөсөң дагы, бир күндө топтолбошун баардыгыбыз билебиз. Эл таламын талашып, уурдалган мүлктү кайтарып берүүнү талап кылышыбыз милдет. Болбосо, Эрнисбай, прокуратурага арыз жазгының. Эртең сен жооп берип калба ушул шумпайларга.

Булак: “Жаңы ордо”

Таалайбек мырза тайпалаштарыңызды тааныштырбасаңыз болбой калды

Ош губернатору Таалайбек Сарыбашевдин жогорку билим диплому күмөндүү экенин биринчи биздин гезитибиз жазып чыкты эле. Кайрадан бул маалымат прессага чыга баштады. Бул маалымат кайра-кайра козголо бергенден улам биз  да азыркы күнү чоң материалды даярдап атканыбызды маалымдайбыз.  Урматтуу Талайбек Насирбекович, дипломуңузду колго алып, курсташтарыңызды коомчулукка алып чыгып  тааныштырып койбосоңуз сөз токтобойт.  Эмне дейбиз, урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз Атамбаевдин саясатынан арылам десеңиз, компетенттүү жана мыкты кадрларга таянганыңыз оң. Атамбаевтей жансакчыларын генерал, секретаршаларын вице-спикер, колго суу куйган балдарды премьер-министр кылуудан баш тартыңыз. Элиңиздин эң билимдүү жаштарын өзүңүзгө тартып, аларды таптап, тарбия берсеңиз, келечекте сиз сыймыктанчу, мекенибизди гүлдөтчү, 21-кылымдын Раззакову жана Усубалиеви болуп бериңиз. Ошондо колуңузда өскөн кадрлар сиздин жолуңузду улайт, даңкыңызды түбөлүккө калтырышат.

Булак: “Жаңы ордо”

Улукбек Марипов кол алдындагыларды тартипке чакырууга дарамети жетпейби!

Эсеп палатасы тим эле англистердин “палата лордов” сыяктуу статуска ээ. Болбогон эле инспектору телефон чалса, биздин мамкызматчылар тикесинен тик туруп кызмат кылышат. Бул жийиркеничтүү көрүнүш. Жакында жөнөкөй доктур кыз Нурзат Жумалиева жазып чыкты. Эсеп палатасынын инспектору Айгүл Солпиева “алыскы тууганым жыгылып, комада жатат” деп Саламаттык сактоо министрлигине айттырат. Доктур Жумалиеваны жумуштан кийин мамлекеттик “санавиациянын” тез жардам машинеси менен Кочкорго жөнөтүшөт. Алар башка иштерди таштап, чапкылап барышса, баягы комада жатчу келин ооруканада эмес эле, куландан соо болуп үйүндө жүргөнүн көрүшөт. Баары бир, ал келинди машинеге салып, кайрадан эле мамлекеттин эсебинен текшертишет. Эч кандай деле чоң травма чыкпай, “жин” тийбестиги аныкталат. Ошол убактысы, мамлекеттик каражат текке кеткенине, башка оор оорукчан мекендештерге кызмат көрсөтүлбөгөнүнө арданган доктур Нурзат жаны кашайып фейсбукка жазат. Биз дагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Эсеп палатасынын төрагасы Марипов Улукбекке   Нурзат жазган маалымат чын болсо,  Айгүл Эсеп палатасында бир мүнөт да иштөөгө укугу жок экенин, калган кызматкерлериңизге да катуу эскертүү берүүсүн кайрылат элек. Болбосо, бул иш акыры келип өзүнүн башына тийген муш болмокчу. Эсеп палатасындагылар элдин кызыкчылыгын талаша турчу жерде, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланышпасын!

Булак: “Жаңы ордо”

Соттук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик топ түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын  22-майындагы № 124 «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында сот адилеттигин жүргүзүүдө кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Бул боюнча  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев тиешелүү буйрукка кол койду.

Эксперттик  топтун курамына Президенттин, Өкмөт Аппараттарынын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар, адвокаттар, көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди.

Эксперттик жумушчу топ мыйзамдарды имплементациялоо боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруунун учурдагы абалына мониторинг  жүргүзөт.

Сот реформасынын иш-чараларынын жүрүшүнүн маселелери, топтун функциялары жана милдеттери боюнча  ар кандай институттар жана уюмдар менен кызматташат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин чараларын ишке ашырылышына эксперттик коштоону жүргүзөт.

Соттук реформаны өнүктүрүүгө, жогоруда аталган Жарлыктын жана Кеңештин башка чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында талдоо ишин жүргүзөт, зарыл болсо изилдөөлөрдү уюштурат.

Сот адилеттигин жүргүзүүдө колдонулуучу мыйзамдардын аткарылышын жакшыртуу үчүн бириктирүүчү аянтчаларды түзөт.

Мыйзамдарды ишке ашыруунун практикасынын материалдарын талдоого  алат, анын ичинде региондордогу кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жерине барып жолугушууларды уюштуруу жолу менен жүргүзөт.

Мыйзамдарды түзүү процессин жакшыртуу жана аны менен байланышкан башка уюштуруу чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгып, аларды Кеңештин кароосуна киргизет.

Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлдү.

Меню