Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Prosperity CUP Kyrgyzstan - стартаптар үчүн 10 000 доллардан жогору грант алуу мүмкүнчүлүгү

Prosperity CUP Kyrgyzstan – бул он күндүк хакатондо Кыргызстандын бардык аймактарынан келген инновациялык жана санариптик стартаптар үчүн күчтүү түрткү, ал эң мыкты стартаптарды инвестициялык комитетке сунуштайт. Арыздар 21-августка чейин кабыл алынат, ал эми иш-чаранын өзү 2022-жылдын 5-сентябрында ачылат. Prosperity CUP Kyrgyzstan Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. AP Asia долбоору Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктын экономикалык жыргылчылыктын жогорулатууга багытталган.

Prosperity CUP алкагында катышуучулар командаларда жана насаатчы менен иштешет, баалуулук сунушун аныктай алышат, өздөрүнүн стартапынын финансылык моделин иштеп чыгышат, аны өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууну үйрөнүшөт жана башка көптөгөн нерселер. Эки жумага жетпеген убакытта, сиздин стартапыңыз идея идеясынан баштап гүлдөп өнүгүү кубогу менен реалдуу инвестицияга чейин өсөт!

Prosperity Cup Kyrgyzstan Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жаштар жана жаштардын инновациялык жана IT стартаптары менен иштөөгө багытталган. Колдонмо аркылуу тандалган хакатондун катышуучулары тренингден өтүшөт жана трекерлердин колдоосу менен бизнес -идеяларын жакшыртуу үчүн иштешет. Ал эми эң ийгиликтүү стартаптар инвестициялык комитеттин алдында сүйлөп, 10 000 доллардан жогору ала алышат! Негизги тандоо критерийлери: жакшы иштелип чыккан идеяга, прототипке жана командада кеминде 2 адамга ээ болуу.

Катышуу үчүн 2022 -жылдын 28 августка чейин https://kg.accelerateprosperity.org/prosperitycupkyrgyzstan шилтемесиндеги веб -сайтка арыз калтырышыңыз керек.

Prosperity CUP Kyrgyzstan  Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашырылат. AP Asia долбоору Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктын экономикалык жыргылчылыктын жогорулатууга багытталган.

COVID-19: Алматыда кайрадан беткап режими киргизилди

Алматы акимчилиги шаарда COVID-19 жуктургандар көбөйгөнүнө байланыштуу жабык жайлар менен коомдук траспорттордо милдеттүү түрдө беткап режими киргизилгенин билдирди.

Мындан тышкары коронавирус аныкталган адам менен байланышта болгондордун жакындарын, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу эмдөөдөн өтө албагандарды жана кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө өткөрүү талабы кирди.

Ошондой эле 10дон ашык киши катыша турган жыйындарды онлайн-форматта өткөрүү сунушу айтылды.

Акыркы бир сутканын ичинде Казакстанда COVID-19 жуктурган жаңы 482 учур катталды. Алардын 123чү Нур-Султан, 205и Алматы шаарында аныкталды.

Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылуу темпи боюнча Алматы шаары “сары”, калган шаарлар менен аймактар “жашыл” зонада.

13 жашар кызды зордуктоо иши: айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок

12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо иши боюнча жараян уланды.

Бул ишке эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир киши айыпталууда. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султановдун айтымында, бүгүнкү отурумда үч күбө суралып, бирөө келбей калгандыктан кийинки жараян 13-июлга жылды.

“Азыркы күндө айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок. Соттук териштирүүдө алардын дагы позициясын билебиз. Аларды дагы сурайбыз”, – деди жактоочу.

Султановдун айтымында, сотто айыпталуучулардын жактоочусу ал коргоп жаткан кишинин сүрөтүн социалдык тармактарга таратып жаткандарды жоопко тартууну суранган.

12-июлдагы отурумга Акыйкатчы институтунун жана Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү киргизилген жок. Сот жабык өттү. Журналисттер жеринен кабарлагандай, азырынча соттон алардын эмнеге киргизилбегени боюнча түшүндүрмө боло элек.

8-июлдагы отурумда да Акыйкатчы институтунун өкүлү киргизилген эмес. Анда судья Азиз Эшалиев Акыйкатчынын өкүлү сотко катышуусуна айыпталуучу тарап каршы болгонун жүйө келтирген.

2-июлда ЖМКларга милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы отурум Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылган.

Акыркы 5 жылда автожол кырсыктарынан 4006 адам каза болуп, 50 миңдей адам жаракат алган. Минкаб айрым эреже бузуулар үчүн айыппулдарды көтөрүүнү чечти

Жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулук тартипти чыцдоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу чечими кабыл алынды.

Бул маселе боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берди.

Анын айтымында, 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында расмий түрдө 32 369 жол кырсыгы катталып, анда 4006 адам каза болуп, 49 639 адам ар кандай жаракаттарды алган.

«Айдоочулардын күнөөсү боюнча 28 142 жол кырсыгы катталып, бул жалпы көрсөткүчтүн 86,9% түзөт. Кырсыктан каза болгондордун дээрлик 70% эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар. Айрыкча балдар арасында жаракат алагандардын саны жогору. Балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын жалпы саны – 7541 учурду (23,1%) түзөт. Жөө жүргүнчүлөр жана жүргүнчүлөр – жабыркагандардын да, каза болгондордун да көп бөлүгүн түзөт. Кырдаалды өзгөртүү үчүн ылдамдык боюнча чектен ашкандыгы, ашып өтүү, же каршы тилкеге чыгуу менен ашып өтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле жол кырсыгына себепкер болгон айрым эрежелерди бузгандыгы үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин дифференциялоо жана күчөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда», – деди министр.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бул чечим жол кырсыктарынын санын кескин кыскартууга таасирин тийгизиши керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин жыйынында жактырылган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Кызмат орундарында 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору жумушунан бошотулуп, алардын ордуна сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары) жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо системасы киргизилсин.

  1.  Төмөнкүлөр белгиленсин:
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт;
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат;
    – конкурстук тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына өткөрүлөт;
    – кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет, иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык башка талапкерлер менен катар жалпы негиздерде жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу.
    3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
    – ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
    – өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
    4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине коюлуучу квалификациялык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;
    – конкурстук тандоону өткөрүү үчүн тесттик инструменттерди иштеп чыксын жана апробациядан өткөрсүн;
    – 2022-жылдын жана кийинки жылдардын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына конкурстук тандоону уюштурсун.
    5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкурстук тандоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

"Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгү кыргыз тилинен англис тилине которулду

Мындай маалымат бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республдикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов АКШнын Майами (MIAMI) университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолукканда белгилүү болду.
Жолугушууда профессор Даниел Приор аталган китептин бет ачаарын Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.
Бул бет ачаардын уникалдуулугу – улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган түп нуска биринчи жолу кыргыз тилинен англис тилине түз которулуп, Лондондо “Penguin Classics” сериясында басылып чыгып, чет өлкөлөрдүн окурмандарына тартууланууда.
Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Даниел Приор мырзага кыргыз элинин байлыгы болгон “Манас” эпосун жайылтууга көмөктөшүп жатканы кыргыз элине жана анын бай тарыхына болгон сый мамиле катары кабыл ала турганын белгилеп, профессорго терең ыраазычылык билдирди.
Азамат Жаманкулов бул китеп аркылуу дүйнө эли жалгыз гана “Манас эпосу” эмес, кыргыз элинин салттуу маданиятын, жашоо турмушун, үрп-адаттарын кеңири тааныша алаарына ишенем, сөзүн жыйынтыктады.
“Көкөтөйдүн ашы”- “Манас” эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Ч. Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3319 сап ыр.
Ал эми Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда “Көкөтөйдүн ашын” кагаз бетине түшүрүүнү Каюм Мифтаков демилгелеп баштап, кийин Ыбырайым Абдрахманов жазып алып, бүгүнкү күндөргө жеткирген.

Каза болгон орус аскерлеринин үй-бүлөлөрүнө 89 миллиард рубль төлөнүп берилди

Орус өкмөтү Украинада согуш башталгандан бери каза болгон жана жаракат алган аскерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация катары 113 миллиард рубль (1,9 миллиард доллар) бөлүп, бүгүнкү күнгө карата 89 миллиар рублин (1,5 миллиард доллар) төлөп берди.

Бул тууралуу “Новая газета.Европа” басылмасынын иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөнүн авторлору белгилегендей, кенемте болжол менен 15-17 миң орус аскерине же алардын үй-бүлөлөрүнө берилген. Алар мындай жыйынтыкка каза болгондордун жакындарына компенсация катары 9,5 миллион рублден (160 миң доллар), жараат алгандарга 4,5 миллион рублден (76 миң доллар) бериле тургандыгын эске алып, эсептеп чыккандан кийин келишкен. Бул сандарга ылайык, Украинада согуш башталгандан бери Орусия “кол салуу үчүн даярдаган” 150 миң аскердин 10-11% каза болуп же жаракат алган болушу мүмкүн.

“Новая газета. Европанын” маалыматына караганда, Орусиянын Каржы министрлиги компенсация төлөө үчүн каражатты 10-мартта, согуш башталгандан эки жумадан кийин бөлүп бере баштаган. Анда Росгвардияга 1,5 миллиард рубль, Коргоо министрлигине 15 миллиард рубль бөлүнгөн. Бул орус бийлиги расмий түрдө билдирген согуштун алгачкы бир жумасында каза болгон жана жараат алган аскерлердин санына дээрлик туура келет. Анда Орусиянын Коргоо министрлиги 498 аскер өлүп, 1597си жараат алганын кабарлаган. Мекеме 25-марттан кийин орус армиясындагы жоготуулар тууралуу маалыматтарды жарыялоону токтоткон.

Журналисттер Украинада аскер кызматкерлери гана эмес, Орусиядан барган жарандык адамдар да каза болуп жатканын билдирүүдө. Маалыматка караганда, оккупацияланган аймактарга ыктыярчылар, медиктер, аткаминерлер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү да жөнөтүлүүдө. Алар жарадар болсо 3 миллион рублден, каза болсо жакындарына 5 миллион рублден төлөнүп берилиши керек. Бул үчүн Орусиянын федералдык бюджетинен 300 миллион рубль (5 миллион доллар) бөлүнгөн.

Каракалпакстандагы окуялар тууралуу баяндама АКШ Конгрессине берилет

Каракалпакстанда 1-2-июль күндөрү болгон окуялар боюнча баяндама АКШ Конгрессине берилет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) караштуу “Дунё” маалымат агенттиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Өзбекстандын АКШдагы элчиси Жавлон Вахобов “Каракалпакстандагы кырдаал тууралуу объективдүү маалымат берүү үчүн” Конгресс мүчөлөрү менен видеоконференция өткөргөн. Анын жыйынтыгында өзбек тараптын Конгресске баяндама берүүгө даяр экени айтылды. Конгресстин протоколу мыйзам чыгаруу органынын расмий документи катары сенаторлор менен конгрессмендердин бардык кеңселерине тарайт.

“Конгрессмендер Каракалпакстан тууралуу маалыматтардын бул документке киргизилиши Конгресс мүчөлөрүнүн бул маселеде тилектеш экенин көрсөттү”, – деп жазды агенттик.

5-июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти Каракалпакстандагы окуялар тууралуу билдирүү жасап, өзбек өкмөтүн бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. Мекеменин билдирүүсүндө АКШ Өзбекстандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганы жазылган.

Өзбекстандын өкмөтү 1-2-июль күндөрү Каракалпакстанда 18 киши өлүп (анын ичинде 4 укук коргоо кызматкери), 240тан ашык адам жараат алганын билдирген. Өзбек бийлиги коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияга чыккандарга карата ок атканын четке кагууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев окуя боюнча толук, анын ичинде күч органдарынын пропорционалдуу күч колдонуусу боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн айткан.

УКМК мамлекеттик “Ак-Кеме” мейманканасынын директорун 7 миллион сомду кымырып алууга шектеп кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун (ММБФ) балансында турган мамлекеттик ишканалардын ишин талдоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча,  ММБФга караштуу “Объектилерди башкаруу дирекциясы”  мамлекеттик ишканасынын (“Дирекция” МИ) жана “Дирекция”  МИ караштуу “Ак-Кеме” мейманкана комплекси филиалынын (“Ак-Кеме” МК) кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик мүлктү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү менен натыйжасыз пайдалануу,  анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени боюнча маалыматтар алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” МК ишмердүүлүгүн текшерүү актысына ылайык, мамлекеттик бюджетке 7 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген жетекчиликтин атайылап 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейинки аралыкта чет элдик студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп бергени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө “Ак-Кеме” МК мурдагы жетекчиси Т.Б. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” МК ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүү дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар адамдардын тобун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Январь окуясы: Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталды

Казакстандагы Январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү жүргүзгөн тергөөдө жана соттук-медициналык экспертизада аныкталганын музыкант өзү Фейсбукка жазды.

“Бүгүн Ленин райондук милициясы менин ишим боюнча тергөөнү аяктап, материалдар менен тааныштырды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча менин саламаттыгыма оор залал келтирилгенин эксперттер аныкташты. Чогулган материалдар Башкы прокуратура аркылуу күнөөлүүлөрдү аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Казакстандын тиешелүү органдарына жиберилмекчи”, – деп жазды Рузахунов.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы да бул маалыматты ырастады.

Музыкант Викрам Рузахунов Казакстанда Январь окуялары маалында кармалган учурда Жазык кодексинин “Кыйноо” беренеси менен козголгон кылмыш иши, тергөө да убактылуу токтотулган. Буга алардын суракка барбаганы себеп болгонун музыканттын адвокаты Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” блидирген. Адвокат Алматыга суракка барбаганына казак прокуратурасы коопсуздук кепилдигин бербегени негиз болгонун айткан.

Казакстандын тиешелүү органдары бул боюнча комментарий бере элек.

Белгилүү музыкант, пианист Викрам Рузахунов Казакстанда быйыл Январь окуялары учурунда кармалып, эки күндөн кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалып, алардын баары чыкканы айтылган. Эки кыргызстандык каза болгону расмий такталган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолду.

Тополоңдо каза болгондордун саны расмий эсеби 227ге жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Меню