Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Түркиялык “Yapı Merkezi İnşaat ve Sanayi A.Ş” компаниясы Бишкекке трамвай системасын (жеңил темир жол же заманбап дековил) курууга кызыкдар

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров “Yapı Merkezi İnşaat ve Sanayi A.Ş” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда транспорт жана инфраструктура жаатындагы долбоорлор талкууланды.
Равшанбек Сабиров өз сөзүндө өлкөгө инвестиция салууну көздөгөн ар бир инвестор маанилүү экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясаты жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан алып барылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Өз кезегинде түркиялык инвесторлор Лейлектеги Исхак Раззаков аэропортун модернизациялоого жана Бишкек шаарында трамвай системасын (жеңил темир жол же заманбап дековил) курууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда талкууланган маселелер боюнча биргелешип жумуш алып баруу макулдашылды.
Эскерте кетсек кыргыз тараптан жолугушууга «Манас» эл аралык аэропортунун президенти Б.О. Шаршеев, Ош эл аралык аэропортунун директору А.С. Токуров, Лейлек районундук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А.Р. Рахманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.И. Ажибаев жана башкалар катышышты.
Маалымат үчүн: Yapı Merkezi 1965-жылы негизделген. Компания дүйнөнүн отуздан ашык өлкөсүндө түрдүү долбоорлорду ишке ашырган. Транспорт, инфраструктура, курулуш жана башка тармактарда иш алып барат.

УКМК: Кримтөбөл Чынгыз Жумагуловду ("Дөө Чынгыз") кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул иштин алкагында 2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Чынгыз Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат. Ошол эле учурда социалдык тармактардагы топтордун ээлерин маалыматты дыкат текшерип, коомчулукту адаштырбоого үндөйт.

Анжиянда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелери макулдашылды

Үстүбүздөгү жылдын 4-8-июлуна чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Акылбек Жапаров Кытай элчиси менен айланма Чүй каналын куруу жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик автожолуна көчкүлөрдөн коргоочу курулуштарды салууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Өзгөчө басым айланма Чүй каналын жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик автожолунун курулушунун алкагында кар көчкүдөн коргоочу курулуштарды куруу сыяктуу долбоорлорго бурулду.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Министрлер Кабинети өз алдына өлкөлөр ортосунда түзүлгөн соода потенциалын активдуу пайдалануу милдетин койду.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда энергетика жана айыл чарба тармагында чоң потенциал бар, бирок биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана албай жатабыз», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Элчи өз ара кызыкчылык туудурган бардык долбоорлор боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

«Биргелешкен аракеттер менен биз активдүү жүрүп жаткан стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда жакшы натыйжага жетиштик. Бул иш келечекте дагы улантылат», – деп жыйынтыктады Ду Дэвэнь.

Өзбекстанда журналист сотто аткаминерден кечирим сурады

6-июлда Ташкенттин Шайхонтахур районунда Uzmetronom.com сайтынын негиздөөчүсү Сергей Ежковдун иши каралды.

Өзбекстандын Улуттук маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана колдоо боюнча коомдук фондунун төрагасы Комил Алламжоновго жалаа жабууга айыпталган журналист сотто жарбырлануучудан кечирим сурады. Бул тууралуу Uzmetronom сайты билдирди.

Буга чейин Алламжонов Ежковго каршы укук коргоо органдарына арыз жазган. Февралдын аягында Uzmetronom сайтында “Бриллиантовый мальчик” жана “Слив с дальним прицелом” (азыр өчүрүлгөн) деген макалалар жарыяланган. Анда Алламжонов 4,2 миллион долларга тете алтын жасалгаларды Өзбекстанга мыйзамсыз алып кирүүгө катышы бар экени айтылган.

Алламжонов быйыл апрелде: “Мен жеке өзүм Ежков менен тааныш эмесмин, бирок эл ал 2016-жылга чейин кайсы бир атайын кызматтын буюртмасын аткарып, айрым кишилердин кадыр-баркына доо кетирүүнүн куралы катары колдонулуп келгенин айтып жүрөт. Бул чынбы же калппы, билбейм, тергөө аныкташы керек”, – деп жазган.

Сот жыйынында жабырлануучу жана соттолуучу макала боюнча өз пикирлерин айтышканы белигенет. Uzmetronom сайтынын негиздөөчүсү материалды жетиштүү далилдерсиз жарыялаганына өкүнүп, жабырлануучудан кечирим сураган.

Алламжонов максаты журналистти жазалоо эмес, ак экенин тастыктоо экенин айтып, арызын кайтарып алган.

Сот жараянынын аягында Алламжонов Ежковго “Алламжонов виноват” деген китебин кол таммгасы менен белекке берген.

АКШ элчилиги: Аймактарда өткөн жайкы окуу жана математика лагерлери балдардын билим алуусуна жана көңүл ачуусуна шарт түздү

Июнь айында 30 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучулары USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган жайкы окуу жана эсеп лагерлерине катышышты. Кыргыз Республикасында мындай лагерлер 600дөн ашуун мектептерде жана 43 коомдук китепканаларда уюштурулду. Лагерлерде жайкы каникул мезгилинде балдардын функционалдык сабаттуулук көндүмдөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон кызыктуу жана практикалык окуу көнүгүүлөр сунушталды.

“Биз күнүнө эки саат убакыттын ичинде жаңы китептерди окуу, талкууларды уюштуруу жана окурман театрлары сыяктуу түрдүү ишмердүүлүктөрдү өткөрдүк. Балдар чыныгы жашоодогу кырдаалдардан алынган маселелерди чыгаруу менен да алектеништи. Лагерь алкагында окуучулар бийлеп, ар кандай оюндарды ойногонго да мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чаралардын бардыгы окуучулардын командада жана өз алдынча иштөө, угуу жана тез жооп берүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет,”- деп Жалал-Абад областынын  Сузак районунун башталгыч класс мугалими Айнагүл Раззакова ой бөлүштү.

Айнагүл эжекей окуу жана эсеп лагерлерин уюштуруу боюнча окутууга катышкан 1 200 мугалимдердин бири. USAID класстан тышкаркы окуу иш-чаралары боюнча колдонмону иштеп чыгып, аны менен мугалимдерди камсыз кылды. Колдонмодо окуу жана математика боюнча ар кандай деңгээлдеги көндүмдөрдү өрчүтүүгө жардам берген оюндар жана иш-чаралар боюнча нускамалар келтирилген.

“Ар бир бала ушундай лагерге катыша алса жана мындай лагерлер жыл сайын өткөрүлсө сонун болот эле! Биз жергиликтүү китепканага барып, күн сайын китеп окуйбуз. Балдар менен таза абада көп ойнойбуз, таштардын жана асфальттын бетине сүрөт тартабыз. Жайында үйдө отургандан көрө, лагерге катышкан сонун!”- дейт Нарын шаарында 4-класста окуган Даткайым Бейшенкулова.

“Биздин негизги максатыбыз – башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүү. Биз Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте балдар үчүн жыл бою билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн, өлкө боюнча жайкы лагерлер сыяктуу инновациялык окутуу усулдарын ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз,”- деп Кая Адамс, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын директору кошумчалады.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын (1-4) окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуу жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган беш жылдык долбоор. Долбоор окуу жана математика сабактарын окутуунун сапатын жакшыртууга, мектептен тышкаркы билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана башталгыч билим берүү системасын бекемдөөгө багытталып, Кыргыз Республикасындагы 1 686 максаттуу мектептер менен иш алып барат.

Акылбек Жапаров: “Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-июлда, “Манас” жана “Ош” эл аралык  аэропортторунун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

“Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык.

Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек.

Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз.

Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”,- деп белгиледи Минкаб башчысы.

Ошто кыздарга карата зомбулукту токтотуу талабы коюлган акция өттү

Ошто бүгүн 8-июлда кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы тынч митинг өттү.

Жарандык активисттер тобу Ош шаардык милициясынын алдында чогулуп, “13 жашар кыз… Дагы ким?”, “Кыргызда кыз ыйык!”, “Кайдыгер болбо!”, “Укук кордоочубу?” деген жазууларды кармап турушту.

Чогулгандарга Ош шаардык милиция башчысынын орун басары Бакыт Исраилов чыкты. Ал зомбулукка каршы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, активисттерди бул багытта чогуу аракеттенүүгө чакырды.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда. ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.

Америкалык ыр сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланды

6-июлда “Sun People” коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин колдоосунда Америкалык ыр сынагынын финалын өткөрдү. Бишкек шаарынан, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарынан келген орто мектептердин окуучулары жана Бишкек, Ош, Баткен жана Жалал-Абаддагы университеттердин алты студенти англис тилинде америка ырларын аткарып, таймашты. Америкалык ыр сынагы англис тилин окутууда чыгармачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт, кыргыз жаштарынын талантын көрсөтөт жана жергиликтүү аудиторияны АКШнын уникалдуу музыкалык маданияты менен тааныштырат.

Финалдык сынакка чейин онлайн тандоо жана жарым финалдык турлар өткөн, алар өткөн жыл ичинде www.americansongcontest.kg сайтында өткөрүлгөн.  Быйылкы жылы сынакка 90 орто мектептен 9-11-класстарынын 400дөн ашык окуучусу, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Бишкектеги 12 университеттен 70тен ашык студент катышты.

Америкалык дипломат Стивен Райдер, Аэлита Жолчиева – мэриянын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси жана Замира Мавлянова, Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Бельканто” вокал мектебинин негиздөөчүсү курамына кирген көз карандысыз калыстар тобу орто мектептердин арасында сынактын үч жеңүүчүсүн жана ЖОЖдор арасында сынактын үч жеңүүчүсүн аныкташты:

Орто мектептер:

I орун – Дилола Омуралиева, №2 мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

II орун – Арина Кыдыралиева, № 26 мектеп-гимназиянын 10-классынын окуучусу, Бишкек шаары;

III орун – Айзат Кыялбекова, А.Огомбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу, Талас району, Талас облусу.

ЖОЖдор:

I орун – Назикгуль Рыскулова, Кыргыз улуттук университетинин студенти;

II орун – Айтегин Темирбаева, Ош технологиялык университетинин студенти;

III орун – Нурсулуу Мураталиева, Ош мамлекеттик университетинин студенти.

Америкалык ыр сынагынын финалында АКШ Элчилигинин “Access” микростипендиялык программасынын студенттери дагы өзгөчө “Sunlight” ырын аткарышты. Студенттер ырды Мамлекеттик департаменттин “American Music Abroad” программасынын алкагында америкалык музыкант Тони Меммелдин жетекчилиги астында англис тилинде жазышкан. АКШ Элчилиги Америкалык ыр сынагынын финалдык иш-чарасынын алдында Элчиликтин Instagram баракчасында өткөрүлгөн социалдык тармактардагы Америкалык ыр сынагынын финалисттерине дагы байгелерди ыйгарды.

Нарында жер талаштан улам ок атылып, алты адам жараат алды

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жараат алышканын облустук милиция билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 7-июлда кечки саат 11 чамасында болгон, Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн бирөөлөр аткылап жатышканы тууралуу маалымат түшкөн.

“Айылдын К.Б. аттуу тургуну ошол эле айылдын 30-40ка чукул тургуну чогулуп, анын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинасын өрттөп жаткан учурда үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. Натыйжада алты адам денесинен ар кандай жараат алып, облустук ооруканага жеткирилген”, – деп билдирди милиция мекемеси.

Жараат алгандардын үчөөнүн абалы оор болгондуктан аларга операция жасалганы маалымдалды.

Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жер талаштан улам эки тарап буга чейин бирин бири айыптап, арыз жазып жүрүшкөн. Айыл тургундары, көбүнчө жаштар, сүйлөшүү үчүн барганда уруш чыгып кетип, аягы ок атуу менен аяктаган.

Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат, милиция айылда коомдук тартипти сактоо багытында иш-чараларды жүргүзүүдө.

Меню