Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Кыргызстанда 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн камсыз кылуу, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды сактоо, калктын саламаттыгын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилсин.
2. «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилсин.
Этил спиртин колдонгон чарба жүргүзүүчү субъекттер эки жумалык мөөнөттө «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына этил спиртин берүүгө жана сатууга колдонуудагы контракттарды макулдашуу үчүн берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары — Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик) түзүлсүн.
4. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги милдети этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополияны жүзөгө ашыруу, этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо болуп саналат деп белгиленсин.
5. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
— этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
— этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнү, жүгүртүүнү, импорттоону жана экспорттоону лицензиялоо;
— этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын импортун квоталоо;
— этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, алардын сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
— этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, жүгүртүү, импорттоо жана экспорттоо жаатында мамлекеттик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
— этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда жана техникалык регламенттерде каралган шарттардын сакталышын контролдоо;
— этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүү;
— этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, сактоо, жылдыруу жана сатуу чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
— 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«– Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик».
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону бекитсин;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин;
— ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин, ошондой эле мурда кабыл алынган чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

ИИМ: "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси камалды

“Ихсан” турак жай кооперативинин жетекчиси 46 жаштагы Б. А. Кылмыш кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу”) менен козголгон кылмыш иштерин тергөө алкагында, 11-июлда кармалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматына быйыл март айынан бери өлкөнүн ар кайсы аймагынан “Ихсан групп ЛТД” кооперативине кирген жарандардан көптөгөн даттануулар түшкөн.

“Арыз ээлери кооперативге кирерде түзүлгөн келишим боюнча 4-7% өлчөмүндө кирүү акысын жана автоунаа же турак жай сатып алуу үчүн алынган мүлктүн наркынан 25-35-50% өлчөмүндө баштапкы төлөмдөрүн төлөшкөн. Жарандар ушул убакка чейин салынган акчасына турак жай жана автоунаа алыша элек, ал эми акчасын кайтарып алууну каалаган жарандарга кооперативдин жетекчилиги кайтарып берген эмес”, – деп жазылган маалыматта.

ИИМдин эсебинде жарандардан келип түшкөн арыз-даттануу боюнча жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 121 313 950 сомду түзгөн. “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин жетекчилиги бул убакытка чейин зыяндын ордун толтурган эмес.

Милиция жарандарды мындан ары аталган кооперативге мүчө болбоого чакырып, анын ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын белгилери бардыгын, жарандар ага салган акчасын кайра ала албай калышы мүмкүндүгүн эскертти.

Бул кылмыш иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМдин маалымдашынча, жыл башынан бери турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөн.

Бишкекте “Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 иш козголуп, 11 млн. сом чыгым аныкталган. Кооперативдин жетекчиси камалган. “Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 миллион сомдон ашык. Арыз менен 30 жаран кайрылган. S-Line кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгым 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган.

Расмий маалыматка караганда, мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине турак жайга муктаж 50 миңден ашык үй-бүлө кайрылган.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Genocide Watch: Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун тургундары тажик бийлигинен куугунтук көрүп жатат

Геноцидге байкоо жүргүзгөн Genocide Watch уюму Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун тургундары тажик бийлигинен куугунтук көрүп жатканын билдирди.

Genocide Watch тараткан билдирүүдө Хорог жана Рушан районундагы окуялардан кийин ондогон кишилер каза болуп, 200дөн шуун манифестант кармалганы жазылган.

Тажикстан бийлиги нааразыкка катышкандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катары сыпаттап, алар чет элден аймакты турукташтыруу боюнча тапшырма алганын айткан.

Баяндаманын авторлору Тажикстан бийлигин этникалык памирликтерди кармоого жана аларды куугунтуктоого айыптоодо. Муну менен бирге күч түзүмдөрү Москвадагы бадахшандык активисттерди уурдап, аларды түрмөгө камоо үчүн мекенине депортациялап жатканын жазышты.

Тажикстан бийлиги уюмдун билдирүүсүнө жооп кайтарган жок.

Genocide Watch уюму 1992-1997-жылдардагы жарандык согуш маалында Тоолуу Бадахшан эли Бириккен тажик оппозициясын колдогонун белгилеген. Ошондон бери тажик бийлиги бул аймактын жашоочуларын куугунтуктап келери жазылган. Жарандык согуш 150 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун жалпы аянты Тажикстан аймагынын дээрлик жарымын түзөт. Бирок жашоочулардын саны 220 миң кишиден ашпайт.

Genocide Watch төмөндөгүдөй сунуштарды берген:

• Евробиримдик, АКШ жана НАТО Тажикстан бийлигинин памирликтерди куугунтуктап жатканына өзгөчө маани берүүгө тийиш.

• ЕБ жана АКШ Орусияга жаңы санкцияларды киргизгенден кийин Борбор Азия экономикасына жардам көрсөтүү мүмкүндүгүн кароого тийиш.

• Бириккен Улуттар Уюму 1997-жылы токтоп калган байкоочулар миссиясынын ишин кайра жандандыруу мүмкүндүгүн кароого тийиш.

Genocide Watch дүйнө жүзүндөгү 50дөн ашуун уюмдан куралган.

Дагы 92 кыргыз жараны Түштүк Кореяга жумушка жөнөп кетти

Түштүк Кореяга эмгек миграциясына жөнөп жаткан жарандар менен 11-июлда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жолуккан. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Бул жарандар эки өлкө ортосунда түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында жумушка орношууда.

Министрликтин маалыматы боюнча ушу тапта Түштүк Кореяда эки миңдей кыргыз жараны иштеп жатат.

Министр Базарбаевдин айтымында, кыргызстандыктарды убактылуу жумуш менен камсыз кылуу боюнча буга чейин Жапония, Британия менен келишимдерге кол коюлган. Учурда Германия менен келишим даярдалууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 117 жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарга ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош облусунда ирригацияны жакшыртууга 17,87 млн евро берет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев маалымдагандай, Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейин Улуттук өнүгүү стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынган жана экономикалык өсүштү тездетүү жана ата мекендик экономиканы дүйнөлүк процесстерге интеграциялоо негизги милдет бойдон калууда.

«Кыргыз Республикасынын 2050-жылга карата көмүртектин нөлдүк эмиссиясына жетишүү боюнча милдеттенмесинин алкагында келечекте жашыл экономикага өтүү артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. Жакында эле энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды, анда чакан гидроэнергетикага укуктук нормаларды жөнгө салуучу, көмүртек колдонбостон энергия булактарына өтүү үчүн жеңилдетилген тарифтер белгиленген», – деди ал.

Адылбек Касымалиев көптөгөн инвесторлор азыртадан эле чакан ГЭСтерди жана күн станцияларын куруу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып жатканын белгиледи.

«Бул долбоорлорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексиндеги “жашыл” экономиканы жана аз көмүртектүү технологияларды колдоо боюнча ченемдер өбөлгө түзөт. Муну эске алуу менен биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын бир гана гидроэнергетикага жана анын альтернативдүү булактарына эмес, жашыл экономика тармагындагы башка өз ара пайдалуу чөйрөлөргө инвестициялоо аркылуу кызматташууга чакырабыз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено-Бассо өз кезегинде кыргыз делегациясына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары каржы институту Борбордук Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча жардам көрсөтүп келгендигин белгиледи.

«Учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өлкөлөрдүн жашыл экономикага өтүү жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча стратегиясын жактайт. Биздин инвестициялык долбоорлордун жарымы учурда “жашыл” багытта болуп саналат жана бул дагы бекемделип, кеңейтилет», -деди Одиль Рено-Бассо.

Анын айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маанилүү приоритети мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун алкагында кичи жана орто бизнести колдоо бойдон калууда.

«Учурда биздин кардарларыбыз саналган бизнес-компаниялар Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү “жашыл” долбоорлорго кызыкдар жана алар үчүн маанилүү позициялар боюнча жагымдуу шарттарды түзүү зарыл. Биз дагы дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин күчөп бара жатканын эске алуу менен айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы аракеттерибизди улантышыбыз керек. Биргелешкен аракеттердин дагы бир багыты бул жаш муундун дараметин эске алуу менен санариптештирүү тармагы саналат”, – деп белгиледи Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча 17,87 млн евро суммасындагы жаңы макулдашууга кол коюлду.

Бул долбоорго ылайык, ирригациялык система модернизацияланып, Ош облусунун Араван районунун фермердик жана дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо жакшырат.

Келишимге кыргыз тараптан – финансы министри Алмаз Бакетаев, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тараптан аймактык директор Жужанна Харгитаи кол койду.

Каракалпакстандык абитуриенттер үчүн ЖОЖдорго катталуу мөөнөтү узартылат

Интернет байланышы калыбына келтириле элек Каракалпакстандын абитуриенттери үчүн жогорку окуу жайларга онлайн-катталуунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Билим берүү министрлиги билдирди.

Процесс толугу менен өкмөттүн көзөмөлүндө. Документтерин тапшырууга жетишпей калган каракалпакстандык абитуриенттердин онлайн-катталуу мөөнөтү узартылат”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Документтерди тапшыруунун жаңы мөөнөтү тууралуу Каракалпакстандын жашоочуларына SMS жана жергиликтүү телеканалдар аркылуу кабар берилет.

Катталуу Мамлекеттик тестирлөө борборунун жана Интерактивдик мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталы аркылуу жүрөт. Анда абитуриенттер бакалавр боюнча билим берүүнүн бешке чейинки багытын жана тесттер өтө турган сабактарды тандап алса болот.

Июлдун башында Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында Өзбекстан Конституциясындагы автоном республиканын макамын өзгөртүүгө каршы өткөн жапырт акциялар башаламандыктарга айланып, адамдар өлүп, көп киши жараат алган.

2-июлда Нукуска барган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каркалпакстанга бир айга өзгөчө абал режимин киргизип, аймакта интернет байланышы өчүрүлгөн.

Адылбек Касымалиев Лондондо Улуу Британдыктарга Кыргызстандан ичүүчү таза сууну экспорттоону жана тоо туризмин өнүктүрүүнү сунуштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбордук Азия маселеси боюнча мамлекеттик министри, лорд Тарик Ахмад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер түзүлгөндөн берки 30 жылдык кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарып, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аларды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелерде, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө ишке ашырыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды.

Адылбек Касымалиев айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, «жашыл», санариптик жана креативдүү экономика сыяктуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын ичүүчү таза сууну экспорттоодогу потенциалына жана аны Улуу Британиянын рыногуна жеткирүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө катары чет элдик туристтер үчүн уникалдуу аймак болуп саналат, ошондуктан тоо туризми жаатында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Экономикалык кызматташууну активдештирүү алкагында кыргыз тарап иш-чаранын жүрүшүндө бири-бирине өз ара пайдалуу долбоорлорду сунуш кыла ала турган эки өлкө ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-британ инвестициялык форумун өткөрүүнү сунуштады.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мамлекеттер ортосундагы келишимдик-укуктук базаны чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, буга чейин британ тарапка сунушталган түрдүү тармактардагы келишим долбоорлорун кароону тездетүүгө ишенимин билдирди.

БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбордук Азия маселеси боюнча мамлекеттик министр, лорд Тарик Ахмад өз кезегинде Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясына иш сапары жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди.

Лорд Тарик Ахмад сунуштарды карап чыгууга, ошондой эле аларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө британиялык тараптын даяр экендигин белгиледи.

Тажик абактарындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Тажикстандын абактарында кармалып турган 11 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралу 2021-жылдын 24-октябрынан бери Коженттеги абакта кармалып турган Айдарбек Хайдаров журналисттерге билдирди.

Ал өзү менен кошо тажик абактарында кармалып турган дагы 10 кыргыз жараны 7-июлда Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнүн билдирди.

Укук коргоо органдарынын талабынан улам ашыкча маалымат бере албасын түшүндүрдү.

Анын атасы Умарбай Хайдаров абактан бошотулгандардын абалы жакшы экенин айтты:

“Баткендин Кызыл-Бел чек ара бекетинен чыгып келди. Ден соолугу жакшы. Он бир кишини чыгарып келишти. Укук коргоо органдары өзүбүз алып келебиз дегендиктен, биз барган жокпуз”.

Умарбай Хайдаровдун маалыматына караганда, кайтарылган алты жаран Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы милициянын жергиликтүү пунктуна жеткирилген, төртөө Бишкекке жөнөтүлгөн.

Бошотулгандар ар кайсы мезгилде чек арадан мыйзамсыз өттү деген негизде Тажикстанда кармалган.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын расмий органдары комментарий бере элек.

Буга чейин президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз жана тажик мамлекеттик органдары абактагы жарандарды алмашуу жараянын баштаганын кабарлаган. 3-июнда Лейлек райондук соту Кыргызстанда кармалып турган 11 тажик жаранына 50 миң сомдон айып салып, абактан бошоткон.

Быйыл апрелде Башкы прокуратура тажик абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатканын, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экенин билдирген.

Каракалпакстандагы окуялардан кийин Өзбекстан президентинин администрация башчысы Зайнолибиддин Низомиддинов иштен алынды

Каракалпакстандагы окуялардан кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин администрация башчысы Зайнолибиддин Низомиддинов кызматтан алынды.

Расмий маалыматта ал “саламаттыгынан улам башка жумушка которулганына байланыштуу” иштен кеткени жазылган.

Кийинчерээк Низомиддинов Кесиптик кошуундар федерациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматына дайындалганы белгилүү болду.

«Азаттыктын» өзбек кызматы бийликтеги булактарына таянып, Низомидинов баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү сунуштоодо маанилүү роль ойногонун жазды. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы “суверендүү республика” деген макамы алынган эле.

Бул өзгөртүүлөргө байланыштуу Каракалпакстан автоном республикасында тутанган башаламандыкта 18 адам өлгөн. Жүздөгөн адам жараат алып, беш жүздөн көбү камалган. Укук коргоочулар жана бозгундагы оппозиция өкүлдөрү курман болгондордун саны алда канча көп экенин айтып келишет.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон.
49 жаштагы Зайнолибиддин Низомиддинов 2016-жылдан бери Мирзиеев менен тыгыз кызматташып келет. Ал президенттин администрациясынын жетекчиси катары таасирдүү саясий фигура катары саналчу.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган.

Май айында Кыргызстандан эң көп суммадагы доллар чыгарылган, анын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн

Быйыл май айында жеке адамдар тарабынан Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетунда айтылат.

Чыгарылган каражаттын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн. Айрым басылмалар мындай сумма акча которуулардын көлөмү ыраттуу эсептеле баштаган 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин жазып чыгышты.

Буга чейин Кыргызстанда накталай доллардын жетишпестиги байкалып жатканы кабарланган. Муну өкмөт жана Улуттук банктын жетекчилиги белгилеп, ага каршы чаралар иштелип жатканын билдирген эле.

Ал эми май айында 257 миллион доллар Кыргызстанга келген. Анын 245 миллион доллардан ашыгы Орусиядан кирген.

Меню