Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алууга "буюртма" алып, Өзбекстандан келген 3 киллерди кармаганын билдирди

Өзбекстандын үч жараны буюртма менен адам өлтүрүү максатында Кыргызстанга мыйзамсыз келгенин 14-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, “Альфа” түзүмүнүн жоокерлери Ойбек Каримбердиевди, Азамат Рустамовду жана Исламхан Абдулгаффаровду кармады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар “мыйзамдагы ууру” делген Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) өлүмү үчүн өч алуу максатында “буюртма” алып, аны аткарууга келишкен. Кармалгандар 13-октябрда Өзбекстандын күч органдарына өткөрүлүп берилген.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Атайын кызмат муну улай эле Камчыбек Көлбаев менен байланышта болгон делген 40тан ашык адамды кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары кармаган. Камчы Көлбаевге тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын да билдирген.

Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар делип бир катар жарандар кармалууда. Алардын катарында ишкерлер, курулуш компанияларынын жетекчилери, Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри жана башка адамдар бар.

"Авангард Стиль" жана "Элитхаус" курулуш компанияларынын директорлору Эрнис Миңкеев менен Тимур Файзиев камакка алынды

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-октябрда “Авангард стиль” курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Миңкеевди камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 12-октябрда билдирди.

Соттун чечимине ылайык, ал 4-ноябрга чейин абакта болот.

Соттун маалыматына караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган. УКМК Миңкеевдин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган тасмада Чүй облусунун Байтик айылындагы “Салкын-Төр” шаарчасы да бар. Бул объектини “Авангард Стиль” компаниясы куруп жатканын ишкананын социалдык тармактардагы баракчасынан көрүүгө болот.

Октябрь райондук соту 11-октябрда “Элитхаус” курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, аны 9-декабрга чейин камакка алган. Ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдаштырууга айыпталууда.

УКМК буга чейин кабарлагандай, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

Кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен бир нече ишкер да кармалганы кабарланган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган.

Орусия менен абадан коргонуу системасын түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “Абадан кол салуудан коргонуунун бириккен аймактык системасын түзүү жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо” боюнча мыйзам долбооруна кол койду.

Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына 12-октябрда жарыяланды.

“Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда абадан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жакшыртат”, – деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 11-октябрда бир окууда карап, жактырган.

Анда коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов маалымат берип, бул документтин негизинде Орусия Кант шаарына жакын жердеги авиациялык базанын аймагына абадан кол салуудан коргонуу компоненттерин жайгаштырууну пландаштырып жатканын билдирген.

“Бул максатта Кыргызстандын Коргоо министрлиги Орусиянын Коргоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык, Канттагы авиабазага жанаша жайгашкан 5 гектар жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн башкарууну кыргыз тарап жүргүзөт, ал эми күнүмдүк ишинде каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо орус тараптын карамагында болот”, – деди Карасартов.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик думасы макулдашууну ратификациялаган.

Былтыр августта Москвада Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу документке кол койгон.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет: «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы келишимге кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына кошууну макулдашкан.

Акылбек Жапаров дүйнөлүк державалардын Борбор Азия өлкөлөрүнө кызыгуусу өскөнүн билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “акыркы убакта ири геосаясий оюнчулардын Борбор Азияга болгон кызыгуусу артып жатканы байкалып жатканын” билдирди. Бул жөнүндө ал Бишкекте өтүп жаткан “Борбор Азия: өз ара аракеттешүүнүн өзгөчөлүктөрү” аттуу Vl эксперттик форумда сүйлөп жатып айтты.

“Аймактагы интеграциялык процесстер – Борбор Азия глобалдык процесстердин толук кандуу субъектиси болууну көздөп жатканын көрсөтүүдө. Сырткы борборлор бизге бир бүтүн аймак катары карап жатышат. Акыркы кездердеги көптөгөн саммиттер да С5+1 форматында өтүүдө”, – деди Жапаров.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жөнүндө айткан төрага алардын ортосунда бардык деңгээлдерде “дайыма диалог жүрүп жатканын” белгиледи. “Анткени азыркы реалдуулукта биздин экономикалык жана саясий жактан атаандаштыкка туруштук берүүбүздү арттыра турган өз ара тыгыз кызматташтыксыз Борбор Азияга дүйнөлүк масштабдагы субъектке айлануу өтө кыйын болот”, – деди Жапаров.

Буга чейин президент Садыр Жапаров да глобалдык геосаясий окуялардын фонунда эл аралык коомчулуктун Борбор Азияга болгон кызыгуусу “кыйла өскөнүн” билдирген.

Быйыл С5+1 форматында Борбор Азия өлкөлөрү катышкан бир нече саммит өттү. Май айында Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин демилгеси менен “Кытай – Борбор Азия” саммити өтүп, анын жыйынтыгында Бээжин аймактагы өлкөлөргө 50 миллиард доллар бөлөрүн билдирген.

Июнь айында Кыргызстан экинчи “Борбор Азия – Европа биримдиги” саммитин кабыл алган. Анда Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга каршы санкцияларды бузбоону талап кыларын, “ошол эле маалда өнөктөштөрдүн бул маселеге байланышкан көйгөйлөрүн угууга жана талкуулоого даяр экенин” айткан.

Сентябрь айында тарыхта алгачкы жолу АКШнын президентинин жана Борбор Азия лидерлеринин катышуусунда “Борбор Азия – АКШ” саммити өткөн. Анда Жо Байден Борбор Азия өлкөлөрүнүн бирине барышы мүмкүн экенин айтып, дипломатиялык С5+1 форматына кошумча бизнес-платформа түзүү планы бар экенин билдирген.

Сентябрдын аягында өткөн “Германия – Борбор Азия” саммитинин жыйынтыгында Берлин аймактагы өлкөлөр менен экономикалык жана саясий кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, бирок бул үчүн борборазиялык беш өлкө Орусияга каршы санкцияларды бузбашы керектигин белгилеген.

УКМК: Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү, «Каганат Resort» жана «Аврора Групп» пансионаттарынын тең ээси Азрет Боотаев кармалды

Мурда маалымдалгандай, уюшкан кылмыштуу топко К.Асанбекке (Көлбаевге) карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын жараны Боотаев Азрет Түркмөнович кылмышка шериктеш катары кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тактап айтканда, Азрет Түркмөнович Боотаев «Каганат Resort» эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана «Аврора Групп» ЖЧКсынын ээси, башкача айтканда, К.Асанбектин (Көлбаев) бизнес өнөктөшү катары иш алып барат.

Ошол эле учурда, кээ бир ЖМКларда Бишкек шаарынын, Курултай көчөсүнүн 53 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк башка жаранга тиешелүү делип жарыяланган маалымат чындыка дал келбейт.

Алсак, жаран Молдобаев Кеңешбек Токтогулович өзү жогорудагы даректе жашай турганын буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген, бирок, иш жүзүндө ал төмөнкү даректе жайгашкан кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналат: Бишкек ш., Курултай көч., №49, төмөндө айтылган даректен башка кыймылсыз мүлк болуп саналат, кылмыш иши козголуп жаткан жана К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон Боотаев Азрет Түркмөновичтин мүлкүнө жакын жайгашып, ал кыймылсыз мүлк төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Курултай көчөсү, 53 Боотаев Азрет Түркменовичтин мүлктөрүнүн арасында жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Боотаев Азрет Түркменовичтин атасы болуп саналган жаран Боотаев Түркмен Эркинбаевичтин наамына катталган. 

КР УКМК жарандарды, уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларынын жана мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккендер тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкү телефондор боюнча кайрылууларына чакырат: 0 (312) 66-04-75, 0 (312) 62-65-04, 0 (702) 68-28-68.       

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган бизнесмен Олег Подобедов кармалды

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында, 1969-жылы туулган П.О.В. аттуу жаран кармалды.

  Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө П.О.В. аттуу жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө, ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом ж.б.) табылып алынган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен П.О.В. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, П.О.В. фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.

  Учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, "Казбек чёрный" каймана аты бар Казбек Билалов кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Казбек кара” деген ат менен белгилүү Билалов К.С. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды.  Кармоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү. 

Маалым болгондой, Билалов К.С. буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн зыянсыздандыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

УКМК: Бизнесмен жана грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Аброр Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн КР грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти “И.А.Х.” кармалды. 

“И.А.Х.”. жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына алардын ишмердүүлүгүнөн “салык” (“дань” деп аталган нерсени) чогултууга катышканы (жалпы пайданын болжол менен 30%ы) аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кримтөбөлдүктөн баш тарткан "Женгонун" (Кадыр Досонов) "боевиктери" кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү, 1995-ж.т. М.у.Х., 1993-ж.т.  Ю.У., 1978-ж.т. А.Ы.Б. 1993-ж.т. Р.А.С., 1986-ж.т. Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон Т.И.М., 2000-жылы туулган “топтун” мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү,  ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. кармалды.  

Атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.

КСДПчы экс-депутат Турсунтай Салимов Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун, түрмөдөгү кылмышкерлерди каржылап, өз кезегинде аларды пайдаланып, атаандаштарын кысымга алып жүргөн

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө, 267-беренесинин 2-бөлүмүндө жана 37-беренесинин – 122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголгон. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 20дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган. 

Жогорудагы адамдардын арасында жаран Т.Салимов дагы бар, ал мурдагы жана азыркы криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык байлыктарын тынымсыз көбөйтүп, алардын топторунун жашоо шартына колдоо көрсөтүп келген. 

 Ал эми К.Асанбектин кылмыштуу тобуна карата болсо, Т.Салимов анын кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө дайыма демөөрчүлүк кылгандыгы, тактап айтканда, ал “топту” (общак) каржылап, укук коргоо органдарынын, сот системасынын жана башка мамлекеттик кызматтардын коррупционерлерине пара берүү жолу менен жашоо-тиричилигин жана кылмыштуу жазадан кутулуу аракетин көрүп келгени аныкталды.

Мындан тышкары, Т.Салимов КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелериндеги уюшкан топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын чыңдоо жана аларды кармоо шарттарын жакшыртуу максатында “ар кандай нерселерди” (грев)  берип  келгени аныкталды.

Алынган маалыматтарга ылайык, Т.Салимов мыйзамдагы ууру К.Асанбек жана анын кылмыштуу байланыштарын мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу жана кысым көрсөтүү максатында пайдаланып, алардын активдерин жана бизнес долбоорлорун куугунтуктоого жана өзүнө ыйгарып алган фактылар аныкталды. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 9-октябрында Т.Салимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май соту тарабынан 2023-жылдын 4-декабрына чейинки мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

УКМК өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана анын көрүнүштөрүнө каршы элдешкис күрөш уланып, анын жыйынтыгы коомчулукка үзгүлтүксүз жеткириле турганын белгилейт.

Меню