Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК: Камчы Көлбаев жана Раим Матраимов менен байланышы бар 50 бажы кызматкери жумуштарынан айдалды

“Мыйзамдагы ууру” деп аталган К.Асанбек менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.  

Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет К.Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды. Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Казакстан ХАМАСтын Израилге кол салуусун айыптап, Газадагы жайкын тургундарды коргоого чакырды

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ХАМАС радикал тобунун Израилдин карапайым тургундарына жасаган кол салуусун жана аларды барымтага алуусун айыптап, Израилди Газа тилкесинде жайкын адамдардын өлүмүнө алып келген пропорционалдуу эмес күч колдонуудан карманууга чакырды.

Мекеменин мындай билдирүүсү 17-октябрда жарыяланды.

“Казакстан ХАМАСтын Израилдин карапайым тургундарына кол салуусун жана израилдиктерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү барымтага алуусун айыптайт. Аларды тез арада бошотуу жана эч кандай тоскоолдуксуз гуманитардык жардамга жетишин камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин чакырыгын колдойт”, – деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Астана тараптарды аскердик аракеттерди токтотуп, тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аракеттерди көрүүгө чакырган.

Мекеменин пресс-релизинде ошондой эле өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекте өткөн КМШ мамлекет башчыларынын саммитинде айткан сөздөрү да келтирилген:

“Бул кырдаалда эл аралык укук нормаларын, палестин элинин мыйзамдуу укуктары каралган БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларын сактоо абдан маанилүү. Зомбулуктан зомбулук жаралат жана Жакынкы Чыгыш менен бүтүн дүйнө үчүн кейиштүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн”.

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1 400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адамдар жараат алды. Бул топ 130дан ашык адамды барымтага алган.

Ошондон бери Израил армиясы-ЦАХАЛ-Газа тилкесине тынбай абадан сокку уруп жатат. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан каза болгондордун саны 2 800гө, жарадарлардын саны 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Садыр Жапаров Бээжиндеги "Бир алкак, бир жол" форумуна катышпайт

Президент Садыр Жапаров Кытайдын борбору Бээжинде өтүп жаткан “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтык форумуна катышпайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматы 17-октябрда билдирди.

Буга быйыл октябрдагы КМШ саммити, ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары жана Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны сыяктуу бир катар иш-чаралар себеп болгону айтылат.

Форумдун тематикалык иш-чараларына Кыргызстандан энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков катышууда.

ТИМ билдиргендей, 17-18-октябрда Бээжинде өтүп жаткан “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтыгынын үчүнчү форумунун темасы “Бир алкак, бир жолду” жогорку сапатта куруу, жалпы өнүгүүгө жана өркүндөөгө биргелешип жетишүү” деп белгиленген.

Бул форумга 140тан ашуун мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери, министрлери жана башка деңгээлдердеги 30тан ашуун эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын алкагында экология, логистика, санариптик экономика, тышкы соода, маданий-гуманитардык байланыштар, аналитикалык борборлордун ортосундагы кызматташтык, аймактар аралык жана деңиз кызматташтыгын илгерилетүү маселелери талкууланат.

Кыргызстан Индия жана Кытайдын айрым жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берет

Кыргызстандын Министрлер кабинети Индиянын жана Кытайдын жарандарына белгилүү шарт менен жети күнгө визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө көп жолу жана узак мөөнөткө виза ачтырган индиялык жана кытайлык жарандар Кыргызстанга бир жумалык мөөнөттө визасыз режим менен кире алары жазылган. Кайра кирүүнү каалагандар Кыргызстандан чыгып кеткенден 21 күн өткөндөн кийин кайра кирсе болот.

Ошондой эле Кытайдын Гонконг жана Макао тургундарына 30 күндүк визасыз режим берилет, бирок кайра учуп кетүүгө авиа билети болушу шарт. Кайра келүүнү каалагандар болсо Кыргызстандан чыгып кеткен күндөн кийин 30 күндөн соң кире алат.

Чечим туристтик агымды көбөйтүү жана Кыргызстандын инвестициялык, ишкердик багытын жакшыртуу максатында кабыл алынганы жазылган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналисттерге берген маегинде Кытайдын айрым жарандарына виза берүү коопсуз экенин, тиешелүү органдар ар бирин көзөмөлгө алып турарын билдирген.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу быйыл майдын башында маалым болгон. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри менен Сиань шаарында жолукканда бул маселе талкууланганын 3-майда парламентте билдирген.

Май айында коңшу Казакстан менен Кытай лидерлери эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алат.

11-сентябрдан баштап кытай жарандары үчүн Грузия да визасыз режим киргизген.

УКМК: Экс-министр Динара Кутманованын уулу Кемел Кутманов апасына таянып, миллиондорду уурдап качып кеткен, эми Стамбулдан кармалып, Бишкекке алып келинди

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Экология жана техникалык көзөмөл (Жаратылыш ресурстар министрлиги) жана “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду Жаратылыш ресурстар министрлигинин жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталып жана бөгөт коюлган, анын жүрүшүндө Коррупция жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Түркияда жашынып жүргөн коррупциялык топтун дагы бир уюштуруучусу кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө экс-министр Д.Кутманованын уулу К.Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фондунун ишине түздөн-түз кийлигишкендиги жана Долбоорду каржылоонун суммасынын 10% өлчөмүндө «откат» түрүндө алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынган.    Көрсөтмөлөргө ылайык, К.Кутманов 5 чарба жүргүзүүчү субъекттен 17 миллион сомдон ашык суммада компенсация алган. Ошондой эле, ал «Жашыл Мурас» КФ долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган, бул каражатты чыгарып салууга себеп болгон.

Анын үстүнө, К.Кутманов «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө Фонддун ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындоого жеке кызыкчылыгын жасап турган.

Маалымат үчүн: 2021-жылдан азыркы мезгилге чейинки мезгилде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынан Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорун ишке ашырууга жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат, (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 325 млн. сом) бөлүнгөн. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын. 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык, “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” (ИӨФ) 720 миллион сомду башка максаттарга пайдаланып, анын ичинен мамлекетке 192 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттин кирешесине 56 миллион сом кайтарды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 29-майында Казакстан Республикасына чыгып кеткени, андан кийин 2023-жылдын 13-июнунда Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетип, андан кийин 2023-жылдын 19-июнунан тарта Түркиянын Стамбул шаарында жүргөндүгү аныкталды.

К.Кутмановго «ИНТЕРПОЛ» аркылуу эл аралык издөө жарыяланган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Түркиянын биргелешкен ишинин натыйжасында анын так жайгашкан жери аныкталып, андан соң кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө К.Кутманов анын катышуусу менен тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинип, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иштин бардык жагдайларын жана коррупциялык фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерди улантууда.

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев $2000 пара алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынды

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан көрүлгөн сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө, каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2000 АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы учурунда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. кармалды, ошондой эле ортомчулар катары иш алып барышкан судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды. 

Бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, судья К.Н.Т. банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды, айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. катышкандыгы такталды.  

Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 1-тергөө абагына камака алынды.

2023-жылдын 5-сентябрында КР УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, КР Башкы прокурору аталган судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон. 

2023-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Грузиянын Конституциялык соту президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн уруксатысыз Европа мамлекеттерине барып, Баш мыйзамды бузду деп тапты

Грузиянын Конституциялык соту көпчүлүк добуш менен президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн уруксатысыз бир катар Европа мамлекеттерине барып, өлкөнүн Баш мыйзамын бузду деп тапты.

Бир нече күнгө созулган сот жараянына Зурабишвили катышкан жок. Ал Франция жана Германиянын президенттери менен жолугушууну мыйзам бузуу деп эсептебей турганын айткан. Грузия президенти Тбилисиге Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирүүдө.

Өлкө конституциясы мамлекет башчыга өкмөттүн уруксатысыз тышкы сясатка аралашууга тыюу салат. Зурабишвилинин өкүлдөрү чет өлкөлөрдүн лидерлери менен кездешүүлөр, телефон чалуулар, каттар тышкы саясатты өзгөртүүгө алып келбесе, андайга жол берилет деген аргументин келтиришти.

Конституциялык соттун чечиминен кийин президентке импичмент жарыялоо боюнча мыйзам парламентте добушка коюлат. Президентти кызматынан кетирүү үчүн 100 депутаттын колдоосу керек. Маселе эки жуманын ичинде колго салынмакчы. Бирок бийликтеги партияда мынча мандат жок.

Оппозициянын бардык партиялары, анын ичинде Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймылы” да добуш берүүгө такыр катышпай турганын, же импичментке каршы добуш берерин билдирүүдө. Алар бул жараянды саясий бир жактуу деп аташат.

Кыргызстан менен Тажикстан: чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуу өттү

16-октябрда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган өкмөттүк делегациялар Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту.

Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда эки тараптын делегация башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы калган тилкелер боюнча келишимди тараптар так аткарып жатканына канааттануусун билдиришти.

Ошондой эле топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага байланыштуу бардык иштерди жандантуу жана болгон маселелерди чечүү тапшырылды.

“Делегация башчылары эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жараянын тездетүүдө 2-октябрда кол коюлган №44 протоколдун маансин белгилеп, анын шарттарын так аткарууга даярдыгын билдиришти”, деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда да кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан. Анда бул документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болору айтылган.

Азырынча протоколдун мазмуну ачыктала элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.

Илхам Алиев Тоолуу Карабакта Азербайжандын туусун көтөрдү

Жекшемби күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борбору Ханкенди шаарында (армяндар Степанакерт деп атайт) азери туусун көтөрдү.

Мындан тышкары Алиев 19-сентябрдагы аскердик операциядан кийин Бакунун көзөмөлүнө өткөн аймактагы Хожалы, Агдер өңдүү бир катар калктуу конуштарга да барып, Азербайжандын туусун көтөрдү.

Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча “Тоолуу Карабак Республикасы” деген жикчил түзүмдү негиздеп алган.

Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.

Быйыл 19-сентябрда Азербайжан аймакта “антитеррордук операция” баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришкен.

Андан бери Тоолуу Карабакта жашаган 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден ашыгы Арменияга чыгып кеткен.

Эл аралык коомчулук тааныбаган “Тоолуу Карабак республикасынын” лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январына карата жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Кыргызстандан Казакстанга суу бериле баштады

Талас облусунун аймагындагы Киров суу сактагычынан Казакстандын Жамбыл облусуна суу берүү башталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин маалымат каражаттары Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго шилтеме берип жазышты.

Казакстан менен Кыргызстандын акыркы өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны Акылбек Жапаров менен Алихан Смаиловдун катышуусунда Тараз шаарында сентябрдын аягында өткөн. Анын жүрүшүндө тараптар Киров суу сактагычынан суу берүүнү калыбына келтирүү жаатында макулдашууга жетишкен.

“Биз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, Киров суу сактагычын ачуу боюнча учурдагы шарттарды макулдаштык. Учурда суу сактагычтан 12 куб метр суу Жамбыл облусунун суу сактагычына топтолуп жатат”, – деп билдирди Нуржигитов.

Ал акыркы эки айда Казакстанга суу келбей калганын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Киров суу сактагычынын башчысы Шыгай Момуналиев буга чейин “Азаттыкка” августтун этегинде суу сактагычта болгону 10-14 млн куб суу бар экенин айткан. Бул 2022-жылга салыштырганда 10 эсеге аз. Былтыр августта бассейинде 100 млн куб суу топтолгон.

1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычына долбоордук көлөмү боюнча 550 млн метр куб суу батат. Расмий маалыматка караганда, суу сактагычта суу эң көп топтолгон убак 2016-жылга туш келип, анда 500 миллиондон ашык метр куб суу топтолгон. Киров суу сактагычына топтолгон жалпы суунун дээрлик 80% Казакстанга кетет.

Таластын Манас району суунун 20 пайызын гана колдонот. Казакстан сууну алганы үчүн кенемте катары Киров суу сактагычын жыл сайын ремонтоп, оңдоо иштерин жүргүзөт.

Меню