Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Орусияга барган мигранттар "лоялдуулук келишимине" кол коюуга милдеттендирилет

Орусияга жаңы барган мигранттар “лоялдуулук жөнүндө келишимге” кол коюуга милдеттүү болот. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) таянып жазды.

“Лоялдуулук жөнүндө келишим” институтун киргизүү миграция жаатында жаңы мыйзам долбоорунун концепциясында каралган” – деп айтылат маалыматта.

Орусиядагы чет өлкөлүк мигранттар аталган келишимге кол коюу менен өзү тууралуу ачык маалымат берүүгө, орус өкмөтүнө зыян келтирбөөгө жана мыйзамдарды так сактоого милдеттүү болот. Келишимдин шарттары сакталбаган учурда мигрант Орусиянын аймагынан чыгарылат жана бардык чыгымды өзү көтөрөт.

Лоялдуулук – бул кайсы бир нерсеге же кимдир бирөөгө ишенүү менен мамиле кылуу, берилүү, жактоо, анын тарабын алуу. Орусиянын соңку миграциялык мыйзамдарында лоялдуу мамиле кылуу эрежелери каралган.

15-июнда Владимир Путин Орусияда жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узарган.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта буларга каршы тиешелүү жазалар ишке кирери айтылган.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны бир миллиондон ашат.

Ашхабад шаарында кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышы болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты.

Аталган иш-чаралар Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын имаратында өттү.

Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чары Гылыджов Мамлекет башчысын көргөзмө экспозициясы менен жана өлкөнүн газ жана газ өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, химия өнөр жай тармактары, текстиль өнөр жайы, ошондой эле курулуш, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана башка экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Андан кийин, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземи болуп, анда Президент Түркмөнстандын мамлекеттик органдары менен бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөдү.

Эң алгач Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин ынак коңшулук мүнөзүн белгилеп, Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө мурда келе жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантууга умтуларына токтолду.

Ошону менен бирге соода-экономикалык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө басым жасап, кызматташтыкты арттырууга жаңы дем берүү маанилүү экенин айтты.

Президенттин айтымында, Кыргызстан инвесторлордун ишенимин жогорулатууга жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелерине абдан көңүл бурат.

Ошондой эле Мамлекет башчысы инвестициялык ишмердүүлүккө жана чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоого байланыштуу, экономиканын ар кыл тармактарында бир катар преференцияларды жана стимулдарды камсыз кылган либералдуу мыйзам базасы бар экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров муну менен катар эле учурда өлкөдө инвестициялык долбоорлорду даярдоо, кароо жана ишке ашыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлору иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

Ал Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын, анын ичинде, жалпысынан Европа Бирлигинин өлкөлөрүнө жана Америка Кошмо Штаттарына товарлардын 6 миңден ашык түрүн алымсыз киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ВСП+ статусун; Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин миллиондогон рыногуна продукцияларды жеңилдетилген шартта экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу ЕАЭБге мүчөлүктү; жеткиликтүү квалификациялуу жумушчу күчүн, энергетика ресурстарын, либералдуу инвестициялык мыйзамдар менен салык тутумун тизмектеди.

Садыр Жапаров тажрыйба алмашууга жана Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана электр энергетика тармагында иш алпарган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Президент Түркмөнстандын экономикасынын алдыңкы тармактарынын бири – ири текстиль комплекстери иш алпарган текстиль өнөр жайын, пахтадан жип ийрүү жана токуу өндүрүшүн, тигүү фабрикаларын, жибек иштетүүчү ишканаларын, бут кийим фабрикаларын, тери жана жүн иштетүү заводдорун өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы түркмөн өнөр жайчыларын Кыргызстанда приоритеттүү деп саналган жеңил өнөр жай тармактарында ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө катары энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында эбегейсиз потенциалга ээ, бул дагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын чоң келечегин ачат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров келечекте эки өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана инфраструктура жаатында өз ара кызматташууга басым жасады.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөлөрдүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүгүн пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз жана түркмөн товарларын дүйнөлүк рынокторго экспорттоого көмөкчү боло турган биргелешкен кыргыз-түркмөн логистикалык компанияларын түзүү келечеги тууралуу да сөз кылды.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров түркмөн ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кароого үндөп, аларды жигердүү кызматташууга жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.

Форумга экспорттук продукцияларды өндүргөн ири түрмөн ишканаларынын жетекчилери катышты.

Экономикалык форумдун жүрүшүндө бир катар баяндамалар жасалды:

– түркмөн тараптан: энергетика министри Чарымурад Пурчеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чары Гылыджов, мамлекеттик министр – “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин төрагасы Батыр Аманов, “Түркмөнхимия” мамлекеттик концернинин төрагасы Ниязлы Ныязлыев, Түркмөнстандын тышкы экономикалык иштер боюнча мамлекеттик банкынын башкармалыгынын төрагасы Рахимберды Жепбаров жана Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун төрагасы Довран Худайбердыев баяндама жасашты;

– кыргыз тараптан: инвестициялар министринин орун басары Умбриэль Темиралиев менен Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Данил Ибраев баяндама жасашты.

Ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар болду, ар кандай профилдеги продукцияларды жеткирүү боюнча ишкерлер ортосунда эки тараптуу келишимдер менен контракттарга онлайн режиминде кол коюлду.

Каракол шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранпорттордо видеорегистраторлор орнотулууда

Жайкы туристтик мезгилде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук транспорттордо ар кандай кылмыш фактыларынын алдын алуу, ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында Каракол шаардык ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген автоунааларда видеорегистраторлорду орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Видеорегистратор – автоунаанын жолдо бара жаткан кыймылын, ошондой эле салондун ичиндеги абалды бир эле учурда видеокөзөмөлдү жүргүзүү функцияларына ээ.

Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Мунарбек Асаналиевдин айтымында, облус борборунда жүргүнчүлөрдү ташуу менен 5 ишкана алектенет, алардын балансында 385 кичи автобус жана 20 автобус бар. Каракол шаарынын ичинде күн сайын 55 кичи автобус каттайт. Мындан тышкары, аймак жана облус аралык каттамдар дагы жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө аталган ишканалардын унааларынын 75 пайызы жогоруда айталган видеорегистраторлор менен жабдылган.

«Видеорегистраторлор – биздин жарандарыбыздын коопсуздугун сактоодогу эффективдүү чарасы. Аталган жабдууларды орнотуу менен уурулукка каршы күрөшүүгө, мүлктү бузган жүргүнчүлөрдү табууга жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда келип чыккан чыр-чатактарды жөнгө салууга жардам берет. Мындан тышкары, айдоочулар жол эрежесин бузуудан этият болушат. Ошондой эле жол кырсыктарынын жана ар кандай башка кырдаалдардын күнөөлүү адамдарды аныктоого көмөктөшөт», – дейт Мунарбек Асаналиев.

Эмомали Рахмон Мирзиёев жана Токаев менен Ооганстандагы абалды талкуулады

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 24-июнда Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, көңүл борборунда аймактагы коопсуздукту камсыздоо, Ооганстандагы абал болду.

Ооганстандагы талибдер Тажикстан менен чек арадагы Кундуз шаарынын жака белине жакындашты жана тажик аймагы менен байланыштырган өткөөлдү кармап турушат. Согушкерлер акыркы жумаларда улам бир районду өз көзөмөлүнө алып келатышат. 22-июнда талибдер Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн – Кундуз провинциясынын борборунан 50 километрдей жердеги Шерхан Бандар шаарчасын ээлешкен.

Тажикстан менен Өзбекстан башчысы ооган аралык тынчтык жараянын алдыга жылдырууга жана Ооганстанда туруктуулук жана коопсуздукту камсыздоого биргеликте аракет көрүүнү улантууга макулдашты.

Эмомали Рахмон менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев дагы Ооганстандагы азыркы аскердик-саясий абалды кенен талкуулашты.

Тараптар бул өлкөнүн түндүк, түндүк-чыгыш райондорунда абалдын курчуп кеткенине тынчсыздануусун билдиришти.

Рахмон менен Токаев эки тараптуу жана көп тараптуу негизде тыгыз байланышты уланта берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Шекер, эт, өсүмдүк майынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Кыргызстанга шекер, өсүмдүк майы жана эт алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

Улукбек Марипов кошумча нарк салыгынан бошотуудан бюджетке 200 млн. сомдой түшпөй каларын, бирок бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо оң натыйжа берерин айтты.

Улукбек Марипов өткөргөн өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, аларды чечүү жолдору талкууланды.

2021-жылы Кыргызстанда жана кошуна мамлекеттерде кургакчылык байкалууда. Айрым эксперттер азык-түлүк маселеси курчушу мүмкүн деп эскертүүдө. Акыркы айларда Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин өсүп кетти.

Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Осмоналиев Кайрат Медербекович Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызпатент Өзбекстандын IT паркы жана Электр байланышынын эл аралык союзу менен бирге уюштурган “Venture day” эл аралык форумуна катышты

Бүгүн, 24-июнда Кыргызпатент Өзбекстандын IT паркы жана Электр байланышынын эл аралык союзу менен бирге уюштурган “Venture day” эл аралык форумуна катышты. Бул тууралу Кыргызпатенттин  басма сөз кызматы билдирет.

Аталган форум Startup Central Eurasia региондун стартап экосистемаларынын кызматташтыгын өнүктүрүү  платформасынын алкагында өткөрүлдү.

Форумдун жүрүшүндө  Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев  Кыргыз Республикасындагы стартап-экосистема жөнүндө маалымат берди.

Мындан сырткары,  Кыргызстандын стартапчылары 3 стартап-долбоорду эл аралык инвесторлорго презентациялашты.

Форумдун негизги максаты – регионалдык жана эл аралык венчурдук фонддордун көңүлүн Борбор Азия жана Кавказ аймактарына буруу,   стартап-долбоорлорду колдоо жана инвестициялоо, экосистемалардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү.

Издөө салынат: Жалал-Абад университетинин 1-курсунда окуган, 18 жаштагы Өзбекстан жараны Бахрамова Севинч Шерзод кызы дайынсыз жоголду

2021-жылдын 3-май күнү Өзбекстан Республикасынын жараны 2003-жылы туулган Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргыз Республикасынын аймагына кирип, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болууда. Ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окуп Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринде жашачу. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда Бахрамова Севинч Шерзод кызынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см. өңү кара тору, чачы, көзү, кашы кара, арык дене түзүлүштө, сол далысында сары-күрөң калы бар.

Дайынсыз болуп жаткан Өзбекстан Республикасынын жараны Бахрамова Севинч Шерзод кызы тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102; (03722) 5-28-31; 7-03-44;  (0224) 95-15-15, (0773) 00-08-02.

Президент Садыр Жапаров 27-29-июнь күндөрү расмий иш сапарлары менен Түркмөнстанга жана Тажикстанга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнь күндөрүндө расмий иш сапары менен Түркмөнстанда болот. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Андан ары, 28-29-июнда Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасына барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашат.

Меню