Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Тажикстан 100дөн ашуун ооган аскери талибдер менен салгылашууда тажик аймагына чегингенин тастыктады

Кундуз провинциясында “Талибан” кыймылынын жоочулары менен салгылышкан 100дөн ашуун ооган өкмөтүнүн аскерлери тажик аймагына чегинди. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

“22-июнда саат 09:00гө чейин уланган кагылышуунун жыйынтыгында Ооганстан Ислам Республикасынын 134 аскер кызматкери Тажикстандын “Паянж” чек ара бөлүгүнүн 3-4-тозоттору аркылуу чегинүүгө аргасыз болушту” деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, тажик чек арачылары “гуманизим жана ынак коңшулук принциптерине таянуу менен ооган аскерлеринин Тажикстан аймагы аркылуу тоскоолдуксуз өтүшүнө уруксат берген”.

Соңку он суткадан бери Ооганстандын Тажикстан менен чектеш төрт провинциясында өкмөттүк аскерлер менен “Талибан” кыймылы салгылашууда. Натыйжада талибдер бир нече районду өзүнө каратып алды. БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайнс 22-июнда билдиргендей, талибдер май айынан бери 370 райондун 50дөн ашуунун көзөмөлдөп калышты. Дипломат муну менен кошуна өлкөлөрдүн коопсуздугуна да коркунуч пайда болгонун белгиледи.

Ушул тапта Тажикстан менен чектеш Ооганстандын Бадахшан провинциясынын үч ири калктуу конушунда катуу салгылашуу болуп жатат. Буга байланыштуу Тажикстан качкындардын агымына даярданууда. Буга чейин Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун башчысы Ёдгор Файзов чукул жыйын өткөрүп, 5-10 миң бозгунду кабыл алууга даяр экенин айткан. Ошол эле маалда ал алардын саны 30 миң кишиге чейин жетиши ыктымал экенинен кооптонгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкекте өзбек өндүрүшүнөн чыккан автобустар жүрө баштады

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 22-июнда, журналисттерге берген маегинде борбор калаага Өзбекстандан чыгарылган 50 автобус келгенин кабарлады.

Анын маалыматына караганда, бул автобустар 22-июндан тартып 1-июлга чейин элди бекер ташыйт.

“Автобустар шаардагы беш линияга кирип жатат. Элди көндүрүү максатында жүргүнчүлөрдү убактылуу бекер ташып турат”, – деди Кудайбергенов.

Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын “Самарканд-авто” заводу менен “Исузу” маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгону кабарланган. Автобустардын экинчи партиясы октябрга чейин келери күтүлүүдө.

Учурда Бишкекте мэрияга караштуу транспорт ишканасынын 140 троллейбусу, 110 автобусу иштейт. Мындан сырткары жеке фирмалардын 20га жакын автобусу эл ташыйт.

Расмий маалыматка ылайык, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн Бишкекке кеминде миңге жакын автобус керек.

Борбор калаада муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары (маршруткалар) тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат.

Учурда кичи автобустардын жол киреси – 10 сом, автобус менен троллейбустардыкы – 8 сом.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев: Президент Садыр Жапаров айрым парламентчилерди өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон этиятсыз билдирүүлөрдөн сак болууга чакырат

«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына «Кыргызстандын дунган этносунун коомчулугу ассоциациясы» коомдук бирикмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Райымкуловдун ачык сүйлөгөн сөзүнө реакция кылуу өтүнүчү менен кайрылуу келди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондорду өнүктүрүү боюнча комитетинин кезексиз жыйынында депутат Б.Райымкулов дунган улутундагы жарандарды сабизге бааны жасалма көтөрүп жаткандыгын айтып айыптаган. Атап айтканда, ал: “Дунгандар бааны жасалма көтөрүп жатышат. Москва жана Сокулук райондору жетиштүү деңгээлде суу алышат, дунгандар ошол жерлерде жашайт, алар бааларды көтөрүп жатышат” деп билдирген.

Ушуга байланыштуу Президент Садыр Жапаров бардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкө бүтүндүгүнө жана элдин биримдигине доо кетирип, улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдөн сак болууга чакырат. Элдердин улуттар аралык биримдигине байланыштуу ар кандай билдирүүлөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн.

Ошондуктан Мамлекет башчысы бардык жарандарды, анын ичинде парламентчилерди сак болууга, бул темада чайкоочулук кылбоого чакырды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан – 100дөн ашык этнос жашаган көп улуттуу өлкө, биргелешкен аракеттерибиз менен гана күчтүү жана өнүккөн мамлекетти кура алабыз”, – деп белгиледи Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

"Манас" эл аралык аэропорту: Бишкектен Анталияга каттамдардын саны көбөйдү

Бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунан Анталияга авиакаттамдардын саны жогорулады. Туруктуу каттамдарды 4 авиакомпания ишке ашырууда.
«Пегасус» авикомпаниясы:
• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 4 жолу (дш.,шр.,бш.,иш)
«Фри берд» авикомпаниясы:
• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 4 жолу (шб.,бш.,иш.,жш)
 «Туркиш Эйрлайнс» авикомпаниясы:
• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 2 жолу (дш.,жм)
 «Авиа Траффик Компани» авикомпаниясы:
• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 3 жолу (шб.,бш.,жш)

Видео - Абактагы Өмүрбек Бабановдун аялы Рита Бирбаева сотко, бийликке нааразычылыгын билдирди

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту абактагы Өмүрбек Бабановдун аппеляциялык арызын карап, Биринчи май райондук сотунун Өмүрбек Бабановду 2 айга УКМКнын абагына камоо боюнча чечимин күчүндө калтырды.

Соттун чечиминен кийин Өмүрбек Бабановдун аялы Рита Бирбаева соттун алдына келген Бабановдун тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөп, сотко жана бийликке күйөөсүн адилетсиз соттоп жаткандыгы үчүн нааразычылыгын билдирди.

 

Бурятиянын Нижний Шатай айылында мыйзамсыз кармалып жаткан 6 кыргыз эмгек мигранты бошотулду

2021-жылдын 2-июнунда КРнын РФдагы Элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесине РФнын Бурятия Республикасынын Мухоршибирский районунун Нижний Шатай айылында жайгашкан жеке чарбанын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз кармоо фактысы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын кыш мезгилинде Кыргыз Республикасынын алты жараны келишимдик негизде Бурятия Республикасына келишкен. Аларга жумуш таап берген ортомчу Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Эмгек акы төлөөнүн шарттары жана иштөө шарттары жөнүндө макулдашууга карабастан, жергиликтүү иш берүүчү мекендештерибиздин укугун бузуп, алардын паспортторун да тартып алган.

2021-жылдын 14-июнунда КРнын РФдагы Элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсеси Россиянын Ички иштер министрлигинин Бурятия Республикасы боюнча Башкы башкармалыгынын Миграция маселери боюнча башкармалыгынын көмөгү менен алынган паспортторду ээлерине кайтарып берген. Эртеси келген алты жарандын үчөө жумуш ордун таштап кетишти.

2021-жылдын 18-июнунда КРнын РФдагы Элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинин жардамы менен Улан-Удэдеги кыргыз диаспорасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын калган жарандары жеке чарбанын аймагынан чыгарылды. Учурда алар Улан-Удэ шаарындагы мейманканага жайгаштырылып, диаспоралар тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бул факт боюнча, учурда Бурятия Республикасынын укук коргоо органдары тергөө алдындагы териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

УКМКнын алдына митингге чыккан Өмүрбек Бабановдун тарапташтары тарады

“Кумтөр ишине” байланыштуу камакка алынган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун атайын кызматтын имаратынын алдына митингге чыккан тарапташтары тарады.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) келип, саясатчынын үй камагына чыгарууну, ишинин калыс тергелишин талап кылышты.

Мунун алдында Бишкек шаардык соту Бабановдун бөгөт чарасын жабык карап, аны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырды. Анын адвокаты Амантур Абдрахманов чечимди мыйзамсыз деп атады.

“Биздин жүйөлүү негиздерибизди эске албай, айыбын негиздебей чечим кабыл алды. Бул мыйзамсыз чечим. Сот жактоочуларынын дооматтарын кабыл албай койду. Бабанов эч кайда качпайт, тергөөгө, күбөлөргө басым кылмак эмес. Ага байланыштуу 120 депутаттын 74ү өтүнүч менен кайрылган”.

Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

2011-2012-жылдары премьер-министр болгон Бабанов кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген.

Билим берүү министрлигинин №1 Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Хабарова Ольганын өлүмүнө байланыштуу ата-энелерге кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги №1 Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Хабарова Ольганын өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

Бизге маалым болгондой, кайгылуу окуя ушул жылдын 21-июнунда болгон. Ага чейин Хабарова Ольга толук эмес орто билим жөнүндөгү күбөлүгүн алган. Көргөн-билгендердин айтымында, ошол күнү ал күндүзгү саат 12ге жакын үй-бүлөсүнүн жер тилкесиндеги чарбагын сугарганы Берикбаев көчөсүнө барган. Көп узабай Хабарова Ольга жансыз абалда табылган.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, 1979-жылы туулган шектүү киши кармалган, азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Хабарова Ольга Константиновна 2005-жылы төрөлгөн. Бул мектепте ал 4-класстан бери окуп келаткан. Анын үй-бүлөсү Алматы шаарынан көчүп келген.

Мектептин администрациясынын мүнөздөмөсү боюнча ал токтоо, жоош-момун, эмгекчил кыз болчу, окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылчу.

Кайгылуу окуяга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын жайкы каникулу маалында балдарды орун алышы мүмкүн болгон ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак кармоо үчүн ата-энелерди балдарына дыкат көңүл бурууга чакырат.

 

Кемин районунда 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү 42 жаштагы жаран кармалды

Кечээ, 21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамаларында Кемин районунун ИИБнө Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен жаш кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Кемин РИИБдүн ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгышып, денеге кароо жургүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Кийин болжол менен саат 17:30 чамаларында Кемин РИИБнө жергиликтүү Х.Л. аттуу аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда болжол менен саат 11:00 чамаларында чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган.
Милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган Х.О. экендиги такталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында каза болгон кыздын апасы суралып, үстүбүздөгү жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамаларында кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын алуу үчүн чыгып, болжол менен саат 10:59 чамаларында кошунасынын телефонунан чалып, сугат жумуштарын бүтөрүп алып, бараарын айтып ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген.
Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К.аттуу жаран кармалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, 2021-жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, кийин акча сураган учурда, ал кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда, коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин кошунасынын автоунаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран Кемин РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишетри улантылууда.

"Эти Бакыр Терексай" кенинин жери кеңейип, 62 үй көчүрүлөт

Чаткалдагы “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасынын кен казуу аймагын кеңейтүү максатында Терек-Сай айылындагы 62 турак үй көчүрүлөт. Бул маселени көз карандысыз баалоочу компаниянын адистери карап чыгат.

Аталган ишкананын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасы Терек-Сай айылындагы Мырзабаев көчөсүнүн тургундарына турак жай курулуштарын сатып алууну сунуш кылганы жазылат. Буга байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлүп, 62 үйдү көчүрүү чечими чыккан.

Ишкана жагдайды чечүүнүн үч жолун айтууда. Биринчиси, кенемте төлөнөт жана анын көлөмүн көз карандысыз эксперттер аныктайт. Экинчиси, тургундарга башка аймактан жер тилкелери берилет. Үчүнчүсү, жогоруда аталган эки чечим айкалышып, бир бүтүм чыгат.

24-июнь күнү Терек-Сай конушуна көз карандысыз баалоочу компаниянын адистери келет.

“Эти Бакыр Терек-Сай” биргелешкен ишканасынын капиталынын 75% Түркиянын “Эти Бакыр” компаниясына, 25% Кыргызстандын “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна тиешелүү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасында 646 адам иштейт, алардын 90% жергиликтүү тургундар.

Меню