Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Казакстан Кыргызстандан макулдашылган көлөмдөгү суунун жарымын гана алууда

Кыргызстандагы суу таңкыстыгына байланыштуу Казакстандын Жамбыл облусунда сугат суу тартыш болууда. Бул тууралуу облус башчысы Бердибек Сапарбаев билдирди.

– Сууну Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынан алып жатабыз. Бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда кол коюлган келишимде көрсөтүлгөн суу көлөмүнүн болгону 50% гана келүүдө. Азыр Кыргызстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатабыз. Алар суунун көлөмүн бир канча пайызга көбөйтүштү, бирок тилекке каршы ал да азырынча жетишсиз болууда, – деди Сапарбаев.

Ал буга байланыштуу Казакстан өзүнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланышы керек деп эсептейт.

– Ошондуктан биз өзүбүздүн суу ресурстарыбызды натыйжалуу пайдаланып, кошумча жайылмаларды курушубуз зарыл. Мындан тышкары скважиналарды оңдоп, күздөн баштап көлдөрдү толтуруп, булактардын сууларын пайдаланышыбыз керек. Азырынча биз Кыргызстандан 80% көз карандыбыз. Бүгүнкү күндө Чүй жана Талас дарыяларынын эсебинен суроо-талапты болгону 50% гана камсыз кылып жатабыз, – деди Сапарбаев.

Анын айтымында, Жамбыл облусундагы 200 миң гектарга жакын айдоо жерге 1,1 миллиард куб суу керек.

Өткөн жумада суу тартыш болуп жатканына байланыштуу Кыргызстандын Чүй облусундагы үч райондун дыйкандары эки жолу митингге чыгышкан. Өкмөт бул абалды суу жылдагыдан аз келип жатканы менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн бир тууганы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолугушту.

Жолугушууда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөөлөрүн укту.

Жыпариса Рысбекова Богдан Якунинди учурда окуянын бардык жагдайлары комиссиялык кароодон өтүп жатат деп ишендирди.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Игорь Якуниндин өлүмүнүн жагдайларына баа берүүнүн жыйынтыгы менен аракетсиздигинен улам бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги караларын белгиледи.

Жыпариса Рысбекова Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Эске салсак, жакында Богдан Якунин Мамлекет башчысына видео-кайрылуу жасап, бир тууган иниси Игорь Якуниндин балдар үйүндө каза болушу жөнүндөгү ишти көзөмөлгө алууну суранган.

Бөлтүрүк: Кумтөр кенин камсыздоо - азыркыга чейин чоң көйгөй бойдон калууда

Нью-Йорк соту чечим чыгаргандан кийин Кумтөр кенин жабдуулар менен камсыздоо көйгөй жаратууда. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу сырттан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк 21-июнда “Биринчи радионун” эфиринде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Нью-Йорктун банкрот боюнча соту чечим чыгаргандан кийин көптөгөн жеткирүүчүлөр муну туура эмес түшүнүп алып, жеткирүүлөрдү токтотушту. Азыр кепилдик каттарын жөнөтүүгө туура келип жатат. Нью-Йорктогу биздин юристтер бир да жеткирүүчү, сервис жана кызмат көрсөткөн бир да компания милдеттенмелерин токтотууга укугу жок экени жөнүндө кат жазышууда. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, – деди Бөлтүрүк.

Ал “Кумтөр Голд” компаниясынын эсептери мурдагыдай эле камакта экенин, ошондуктан кызматкерлердин маянасын төлөө үчүн “алтынды тез сатып жиберүүгө” туура келгенин кошумчалады.

“Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын алтын кенди иштетип келген “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген. Компания Нью-Йорктогу сот жараяны “Кумтөр Голд Компани” менен “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган. Кумтөргө байланыштуу Нью-Йорктогу соттук отурум дагы улана турган болду.

8-июнда Нью-Йорктогу сотто бул иш карала баштаган. Судья Лиза Бекермандын макулдугуна ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартуу, алардан доо өндүрүү же ал ишканалардын мүлкүн тартып алуу аракеттерине убактылуу чектөө коюучу буйрук ишке кирген.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Кумтөр алтын кенинде 3500дөн ашык киши иштейт.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

 

УКМК: Бейбаштык кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду

Кечээ, 20-июнда Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.

Кыргыз Республикасынын УКМК каза болгон Улуттук коопсуздук кызматынын  кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздар менен тең бөлүшөбүз.

Арменияда шайлоодо Никол Пашиняндын партиясы алдыга чыкты

Арменияда 20-июнда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоодо бюллетендердин 70% эсептелди.

Баштапкы жыйынтык боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын “Жарандык келишим” партиясы алдыда келе жатат.

БШКнын маалыматы боюнча, 2008 добушкананын 1378индеги добуш берүүнүн маалыматына ылайык (болжол менен 1 миллион 281 миң шайлоочунун 758 425 шайлоочусунун добушу иштелип чыккан) “Жарандык келишим” 56,53% ээ болуп, Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын “Айастан” (Армения) блогу 19, 56% добуш алган.

Кийинки орундарда “Менде Намыс бар” блогу (Артур Ванецян) – 5,34% жана “Гүлдөгөн Армения” партиясы (Гагик Царукян) – 4,4%. Калган күчтөр 2 пайыздан көп эмес добушка ээ.

Арменияда 20-июнда өткөн кезексиз парламенттик шайлоого 21 партия жана 4 блок катышкан. Добуш берүүгө 2,578 миллион жарандын ичинен 1 281 174 же 49,4% катышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

УКМК: Абактагы Өмүрбек Бабанов спорт менен машыгып жатат деп таратылып жаткан видеоматериал фейк болуп саналат

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтылып тарап жаткан видео-материал боюнча КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитети төмөнкүлөрдү маалымдайт, Өмүрбек Бабановдун УКМК убактылуу кармоочу жайында болуп машыгып жатат делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат,  жана анын ичинде фото-видеого тартуу тыюу салынган. Аталган видео материал фейк болуп эсептелинет.

Руслан Казакбаев «Анталия дипломатиялык форумунда» сөз сүйлөдү

Ушул жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Анталия дипломатиялык форумунда» сөз сүйлөдү. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Министр Р.Казакбаев өз сөзүндө Анталия форуму инновациялык дипломатиялык ыкмаларды колдонуу менен коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында кызматташууну өнүктүрүү үчүн салттуу жана абройлуу глобалдык аянтчага айланат деп ишеним артты.

Ушул форумдун жыйынтыгында дүйнөлүк коомчулук саясий, экономикалык, экологиялык жана гуманитардык туруктуулукка, эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча көз караштардын жана позициялардын биримдигине жетише алат деген ишенимин билдирди.

Министр Р.Казакбаев өз сөзүндө мамлекеттер аралык талаш-тартыштарды бир гана тынчтык жолу менен жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарылдыгын белгиледи. Бул контекстте ал жакында кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалды эскерип, тараптар аны дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө умтулгандыгын белгиледи.

Учурда дүйнөдө түзүлүп жаткан геосаясий архитектурасын белгилеген Министр Р.Казакбаев Азия континентиндеги интеграциялык процесстердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал катышуучуларды регион менен жалпысынан континенттердин ортосундагы соода-экономикалык, транзиттик, транспорттук, энергетикалык жана маалыматтык технологиялык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө чакырды.

Бул контекстте Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кылымдар бою сыналган “Жибек Жолунун” элдери орноткон регионалдык байланыштарды пайдаланууну сунуш кылды. Тактап айтканда, Министр Р.Казакбаев Баку – Тбилиси – Карс темир жол долбооруна кошулганда, Кытайга материк аркылуу Европа менен байланышууга мүмкүнчүлүк бере турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан сыяктуу Азия байланыш магистралдарын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ал туруктуулукту, коопсуздукту сактоо жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн мамлекеттердин жана элдердин тышкы саясатын активдештирүү үчүн ишеним чараларын иштеп чыгуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуш кылды.

Заманбап дүйнө түзүлүшүндө Евразия континентинин жана түрк мамлекеттеринин мааниси өсүп жаткандыгын белгилеген Министр Р.Казакбаев келечектүү адамдык, интеллектуалдык, энергетикалык, транзиттик жана транспорттук ресурстарга ээ болгон Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана элдеринин өзгөчө ролун баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Министр Р.Казакбаев Түркия Өкмөтүнө жана Президент Р.Т.Эрдоганга эл аралык форумду мыкты уюштургандыгы, меймандостугу жана Кыргызстан менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматта жолугушууларга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Абдухалык Шамшиев Юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич ротация тартибинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын кызматына которулду. Бул тууралу Юстиция министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы кызмат ордуна өткөрүлдү.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын министрлердин кабинетинин төрага Улукбек Марипов кол койду.

Президент Садыр Жапаров Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды.

Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Тайырбек Сарпашев УКМКнын тергөө абагына 31-июлга чейин камалды

Сот мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасын карап, 31-июлга чейин камакта калтырды.

Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу 17-июнда колго түшкөн Сарпашевдин баш коргоо чарасын 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту карады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев канадалык “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген.

Тергөө ал өкмөттө иштеп турганда мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганын аныктады.

Сарпашевдун жакындары жана жактоочусу азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.

Ал 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон.

Сарпашев 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган.

Меню