Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген адамды кармашты

2021-жылдын май айынын аягында Ош облусунун Араван районунун тургуну ички иштер органдарына анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп берүү жана мыйзамды бузгандарды жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Белгилүү болгондой, белгисиз бир адам арыз ээсинин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 18 миң АКШ долларын алган. Арыз ээси бир аз убакыттан кийин карызды төлөп берүүнү талап кылганда, ал ар кандай шылтоолорду айтып, келбей кача баштаган, андан тышкары, коркутууга аракет кылып кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрүн ага акчадан баш тартууга мажбурлоо максатында жөнөтө баштаган.
2021-жылдын июнь айынын башында Ош облусунун Араван районунун дагы бир тургуну ички иштер органдарына кайрылып, 2017-жылы белгилүү бир жаран анын ишенимине кирип миллион сомдон ашык суммадагы акчаны алдап алгандыгын айткан. Андан кийин ар кандай себептерди айтып жолугуудан качып жүрөнүн айткан.
Эки арыз ээси тең бир адамга мыйзамдуу чара көрүүнү суранышкан.
Тергөө буйругунун алкагында ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жакында ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 1986-жылы туулган жаран А.С. кармалган, ал мурда бир нече жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Ошол эле күнү ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул жаран мурда 8 эпизод менен алдамчылык иш-аракеттери үчүн 166-берененин 3-бөлүмү ( эски кодекс) менен жоопко тартылган.
2019-жылы ал Ош шаардык соту тарабынан соттолуп, сот пробациялык көзөмөлдү дайындаган. Бирок, соттолгон адам сыноо мөөнөтүндө жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн акча төлөгөн эмес. 2020-жылдын февраль айында жаран А.С. атын өзгөртүп, жаңы документтерди алган.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган адамга карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.
Тергөө амалдары уланууда.

Эми Кыргызстандан Иранга түз учууга болот

«Манас эл аралык аэропорту, 2021 жылдын 17 июнунда пандемиянын айынан узак тыныгуудан кийин, биринчи жолу Мешхед – Бишкек – Мешхед каттамын тосуп алды. Бул тууралу “Манас” эл аралык аэропортунун  басма сөз кызматы билдирет.
Ирандык Varesh Airlines авиакомпаниясы бул каттамды 1 айда 1 жолу жүргүзмөкчү.
Учуу убактысы 2,5 саат.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин трагедиялуу каза болгон фактысы боюнча коомчулукка кайрылуусу

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин трагедиялуу каза болгон фактысы боюнча түзүлүп жаткан кырдаалды, коомдук пикирди бурмалоо аракеттерин жана балдар менен педагогдордун, бул окуянын күбөлөрүнүн психологиялык оор абалын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги коомчулукка расмий кайрылуу менен чыгууну зарыл деп тапты.

Военно-Антоновкадагы балдар үйү жетим балдар жана ата-энеден кароосуз калган балдар үчүн ачылган мекеме экенин белгилөө зарыл. Тарбиячылар менен педагогдордун жогорку педагогикалык билими бар, тийиштүү категориядагы балдарды окутуу-тарбиялоо иштери боюнча системалуу түрдө курстардан өтүп турушат, бейөкмөт уюмдардын көп сандаган текшерүүлөрү (рэкет, дедовщина маселелери боюнча дагы) бул балдар үйүнүн аброю жакшы экенин көп жолу далилдеген.

Балдар үйүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик кызматкерлери өзүнүн ишинде маалыматты жаап-жашырууга жол бербеши үчүн өз жоопкерчилигин жетиштүү түрдө билишет, аны окуялардын төмөнкү хронологиясы күбөлөп турат.

– 2021-жылы 1-июнда балдарды уктатууга даярдык көрүлүп жаткан учурда тарбиячынын жардамчысы балдардын чакырыгы боюнча барып, Игорь Якунинди уктоочу бөлмөдө эс-учу жок жаткан абалда көрөт, аны бирге ойноп жаткан балдар тегеректеп турган болот. Тарбиячы жергиликтүү “Тез жардамды” чакырууга аракет кылып, телефон чалып ала алган эмес, бирок балдар үйүнүн директоруна жана медайымга телефон чалып, чукул кабар берген. Ошондон бир нече мүнөттөн кийин директор дароо жетип келген, маалымат алар замат анын өзү дагы медайымга телефон чалган. Директор менен медайым бир убакта келип, баланы эсине келтирүүгө аракет кылышкан.

Ошондон кийин алар Игорь Якунинди “Тез жардамга” жеткиришкен. “Тез жардамдын” дарыгерлери баланын өлгөнүн аныктап, ошол замат эле түзүлгөн кырдаалды Чүй областынын Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө билдиришкен. Игорь Якуниндин денесин изилдеп кароо Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн соттук-медициналык эксперти жана ОДП боюнча кызматкери тарабынан балдар үйүнүн директорунун катышуусунда жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө баланын денесинде өлүмгө алып келген зомбулуктун издери табылган эмес (тийиштүү протокол жана фотосүрөттөр бар). Бир гана оң тизесинде сүрүлүп сыйрылган жери көрүнгөн.

– 2021-жылы 2-июнда саат 9:48де электрондук почта аркылуу Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн директорунан 1-июнда Игорь Якунин менен болгон трагедиялык инцидент жөнүндө КР Билим берүү жана илим министрлигине расмий кайрылуу келген.

– 2021-жылы 2-июнда КР Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзгөн, ага Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле министрликтин юристтери кирген. Комиссия окуя болгон жерге дароо барып, ишти териштирген. Балдар үйүнүн кызматкерлери менен медайымды сурамжылоо жүргүзүлгөн. Балдардын жаман психологиялык абалын жана укук коргоо органдарынын алдыда аткара турган иштерин эске алып, аларды сурамжылоо болгон эмес.

– 2021-жылы 4-июнда КР Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылы 2-июнда болгон соттук-медициналык экспертизанын көчүрмөсүн алган, анда баланын өлүмүнүн себеби тийиштүү лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин гана аныктала турганы жазылган.

Азыркы убакта баланын өлүмүнүн зордук-зомбулук мүнөзүн көрсөткөн фактылар жок. Бирок, күнөөсүздүк презумциясына карабай, укук коргоо органдары гана тийиштүү иликтөө жүргүзүүгө укуктуу жана компетенттүү экенине карабай, айрым адамдар ЖМКда “адам өлтүрүү” жөнүндө маалымат берип жатышат.

Андан тышкары, ЖМК алардан балдар күбө катары берген дегендей конкреттүү баланы киши өлтүрүүгө айыптап, анын жеке маалыматтарын ачыктаган маалыматты алууда. Бул маселенин айланасындагы кырдаал, ЖМКдагы жана социалдык тармактагы карама-каршылыктуу маалыматтар балдар үйүндөгү балдарга жана педагогдорго карата кырдаалды курчутууда. Негизсиз, азырынча эч кандай далилденбеген айыптоолордон басынган балдарды кайтарууга алууга туура келүүдө.

Жогорудагы маалыматты эске алуу менен, ким тараптан гана болбосун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” КР Мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актылардын бардык тийиштүү нормаларын тебелөө менен, айрыкча, ата-энеден кароосуз калган жашы жете элек балдарга карата, өзгөчө оор кылмыш үчүн кимдир-бирөөнү ачык эле күнөөлөгөн аракеттерди адам укугун одоно бузуу деп эсептейбиз жана ага жол берилбеши керек деп ойлойбуз.

Биз бардык тараптарды иш-аракеттердин укуктук режимин сактоого жана расмий тергөөнүн тыянагын күтүүгө чакырабыз.

УКМК: "Кумтөр" иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды

Ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иштерин иликтөө улантууда. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Сотко чейинки өндүрүштө, Кыргыз Республикасынын мурунку биринчи вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык “Центерра” компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды.

Тергөө иштринде, Т.Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, “Центерранын” кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары, Т.Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Кумтөр Голд Компания” ЖАК мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, «Кумтөр» кенинде жайгашкан, «Лысый» жана «Давыдов» мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү кылуу үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.

Т.Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен, 2021-жылдын 17-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.

Жакынкы аралыкта Т.Сарпашевге карата жогоруда айтылган кылмышты жасоого шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карайт.

Кумтөр кени боюнча камалган экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Алмаз Баатырбеков тергөө менен кызматташуу тууралу келишим түзүп, үй камагына чыгышты

“Кумтөр иши” боюнча камалган Жогорку Кеңештин мурдагы эки депутаты Талантбек Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков тергөө менен кызматташуу тууралуу тил катка кол коюп бергенине байланыштуу үй камагына бошотулду.

Маалым болгондой, экс-депутаттар мамлекеттик бюджетке ондогон миллион сом каражат да төгүп бермей болушкан.

Июндун башында Узакбаев менен Баатырбековду Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камоо чечимин чыгарган эле.

Кумтөргө байланыштуу буга чейин депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, президенттин мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев камалган.

Кытай үч астронавтын биринчи жолу жаңы космостук станциясына учурду

56 жаштагы Не Хайшэн, 54 жаштагы Лю Бомин жана 45теги Тан Хунбо “Тяньгун” (“Асмандагы хансарай”) деп аталган жаңы станцияда үч ай болушат. Үч астронавтын ичинен Хунбо гана буга чейин космоско учкан эмес.

Кытай үч астронавттан турган экипажын алгач ирет жарым-жартылай курулуп бүткөн жаңы космостук станциясына учурду. “Шэньчжоу-12” космостук кемесин “Чанчжэн-2F” ракетасы 17-июнда Гоби чөлүндөгү космодромдон орбитага алып чыкты. Бул Кытайдын соңку беш жыл ичиндеги биринчи космостук миссиясы болуп калды.

Бул миссиянын алкагында австронавттар эки жолу ачык космоско чыгып, станциянын ишин камсыз кылуучу технологияларды жана таштандыларды жок кылуучу системаны текшерүү сыяктуу бир нече тапшырманы аткарышы керек.

“Тяньгун” станциясынын негизги бөлүктөрү быйыл апрель айында космоско учурулган. Анда космонавттар жашай турган бөлмө, станциянын ишин камсыз кылуучу жабдыктар жана башкаруучу система бар. Алдыдагы эки жыл ичинде станцияга эки лаборатория жөнөтүлөт. Анда Кытайдын космостук станциясынын жалпы салмагы 100 тоннага жетет.

Эгер Кытайдын бул дымактуу долбоору ишке ашса, анда “Тяньгун” “Мир” жана Эл аралык космостук станциядан кийинки космостогу үчүнчү туруктуу станция болуп калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов: Бүтүрүүчүлөрү жол кырсыгына тийиштиги болгон автомектептердин жоопкерчилиги каралышы тийиш

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы жол кыймылы коопсуздугунун ар кыл аспектилерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгына басым жасады. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Жол кырсыктарынын санынын өсүшү негизинен айдоочулардын каршы тилкеге чыгып кетишине жана мас абалда унаа башкаруусуна байланыштуу орун алууда. Айдоочуларды даярдоо сапатын да эстен чыгарбоо керек. Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген. Учурда автомектептерди текшерүү жүргүзүлө турген тутум жана критерийлерди кайрадан карап чыгуу зарыл. Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер лицензиядан биротоло ажыратылып, “кара тизмеге” киргизилиши керек. Ар бир айдоочу жол кыймылынын эрежелерин, жолдордогу сабаттуу жана тийиштүү жүрүм-турум эрежелерин так сактоосу жана өзүнүн өмүрү үчүн гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугу үчүн да жооптуу экендигин түшүнүшү керек», – деди Улукбек Марипов.

Транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева жыл сайын унаалардын саны өсүп жаткандыгына көңүл бурду.

«Бул фактор жергиликтүү жана республикалык маанидеги унаа жолдордун абалына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Айрым тилкелер пайдаланууга жараксыз абалга келген. Финансы каражаттырынын жетишсиздигинен улам капиталдык реконструкцияга муктаж болгон жерлерде жамаачылап жасап-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул жалпы жол кыймылынын катышуучулары үчүн белгилүү тобокелдиктерди жаратат», – деп маалымдады ал.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, акча каражатынын жоктугун айтып отурбастан, башка чараларды да ишке ашыруу керек.

«Айдоочулук маданиятты бала кезден эле калыптандырышыбыз керек. Мектептерде балдарга автоунаанын жана жолдо жүрүү коопсуздугунун принциптерин үйрөтө турган атайын курстарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгуу керек», – деп белгиледи ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, Министрлер Кабинетинин ишиндеги башкы артыкчылыктардын катарына жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо, биринчи кезекте жол кырсыгында жабыркаган жана курман болгондордун санын кыскартуу кирет.

«Жол кырсыктардын, анын ичинде оор кесепеттерге алып келген кырсыктардын себептерине жолдордун абалы гана кирбейт. Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын күнөөсүнөн улам келип чыгууда.

Тийиштүү мамлекеттик органдар жолдордогу кооптуу жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек», – деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, иш-чаралардын жыйындысын жүргүзүү жана республикалык маанидеги автомобиль жолдоруна, анын ичинде Бишкек-Ош жана Бишкек – Чолпон-Ата жол тилкелеринде камераларды орнотуу менен «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-баскычын тез арада ишке киргизүүсү, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону кеңири жайылтууну активдештирүү жана жол кыймылы коопсуздугун, жарандардын, өзгөчө балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыздоого багытталган алдын алуу иш-чараларын күчтөндүрүү тапшырылды.

Вице-спикер Аида Касымалиева жана Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева эки өлкөнүн ишкер аялдарынын жолугушуусун Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашышты

Бүгүн, 16-июнда, Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумуна катышуусунун алкагында анын Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева менен жолугушуусу өттү. Жолугушууга Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын аялдар жана гендердик теңчилик боюнча комитетинин төрайымы Малика Кадырханова жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун Төрайымы Асел Атабекова да катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун учурдагы абалын жана келечегин, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо тармагында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер аялдарынын ортосунда өз ара байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-өзбек мамилелеринин өнүгүшүнүн жогорку динамикасын баса белгиледи. 2021-жылдын 15-июнунда Ташкент шаарында өткөн «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» Эл аралык бизнес форумун жогорку деңгээлде уюштургандыгын өзгөчө белгилеп, бул иш-чаранын жыйынтыгында жемиштүү натыйжаларга жетүүгө үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын ортосунда байланыштарды орнотуу жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, ал «Борбордук Азия аялдар лигасынын» кийинки форумун ушул жылы Кыргызстанда өткөрүү пландарын маалымдады. Ушуга байланыштуу, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаеваны аталган иш-чарага катышууга чакырды.

Өз кезегинде «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун Төрайымы Асел Атабекова аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, ошондой эле эки мамлекеттин лидер аялдарынын жана ишкер аялдарынын бизнес-ассоциацияларынын өз ара байланышын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ушундан улам, ал ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн конкреттүү чараларды камтыган жол картасын иштеп чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле, ал Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын жолугушуусун уюштурууга Танзила Нарбаеванын жеке көмөктөшүүсүнө үмүтүн билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева өз кезегинде эки өлкөнүн парламенттеринин активдүү байланыштарын баса белгилеп, ушул жылы анын Кыргызстанга иш сапары пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Мындан аркы парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоонун алкагында ал кыргыз тарапты 2021-жылдын октябрь айында Өзбекстан Республикасында боло турган президенттик шайлоого катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин аялдарынын ортосундагы байланыштарды орнотууга жана чыңдоого, айрыкча бизнес чөйрөсүндө, алардын түз байланыштарына ар тараптуу көмөктөшүүгө, ошондой эле аялдардын ишкердүүлүгү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган иш-чаралар жана бизнес форумдарга өз ара активдүү катышууга макулдашышты.

Ошондой эле, Ташкент шаарында өткөн Эл аралык бизнес форумунун ишин улантуу максатында Кыргызстандын жана Өзбекстандын ар кайсы тармактарындагы аял лидерлери катышкан «Борбордук Азия аялдар лигасынын» Үчүнчү форумун өткөрүү макулдашылды. Бул форум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын колдоосу менен «Борбор Азиядагы аялдар лигасы» коомдук фонду тарабынан уюштурулат.

ИИМ: Жарандарды бычак менен коркутуп, каракчылык кылып жүргөн шектүү кармалды

2021-жылы март айында ички иштер органдарына алдын ала сүйлөшүп, жарандарга каракчылык менен кол салып, андан соң изин жашырып качып жүргөн адамдардын тобу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне борбордун жыйырма жаштагы тургуну кайрылып, анын укуктарын коргоп берүүсүн суранган. Үстүбүздөгү жылдын 28-мартына караган түнү Асанбай кичирайонунун аймагында белгисиз адамдар аны жолдун жээгине чыгарып, анын “Hyundai” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан. Андан кийин айдоочу менен жүргүнчүнү күч колдонуп, мыйзамсыз алып кетишкен жана кармашкан.
Шектүү адамдар күч колдонушуп, бычак менен коркутуп, жабырлануучуга таандык “Hyundai” үлгүсүндөгү автоунаасын 2000 АКШ долларына күрөөгө коюуга аргасыз кылышкан. Керектүү каражатты алгандан кийин качып кетишкен.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту «Каракчылык» менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.
Буга чейин 2021-жылдын 31-мартында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында бул фактыга тиешеси бар кылмыштуу топтун эки мүчөсү аныкталып кармалган.
Бул кылмыштын калган шериктештерин кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып келген.
Жакында ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар 1996-жылы туулган Д.У. аттуу жаранды кармашып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин ченемдерине ылайык чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин Тергөө кызматына жеткиришти.
Бул кылмышка тиешелүү башка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда.

Аламүдүндө чет элдик аялдын $5750 алдап кеткен Ысык-Көлдүн 38 жаштагы жашоочусу Т.Ч. "Лола" алдамчылыкка шектелип, кармалды

Аламүдүн районунун ИИБнө коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны 46 жаштагы Ю.Р. аттуу аял арыз менен кайрылып, чала тааныш аял киши анын ишенимине кирип, зер буюмдарды жеткирип берүү үчүн алдоо жолу менен арыз ээсинин 5750 АКШ долларын алып, ошол боюнча из жашырып жүргөнүн билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
2021-жылдын май айында “Лола” аттуу аял өзүн зер бумдарды жеткирүү боюнча менеджер катары тааныштырып, зер буюмдар үчүн бажы тариздөөлөргө жана башка төлөмдөргө керектөө үчүн алгач 2500 кийин 3250 доллар которткон. Жыйынтыгында алдамчылыктын курмандыгы болуп, милицияга арыз менен кайрылганын билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция
кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жогорудагы алдамчылыкка шектелип Ысык-Көл облусунун 38 жаштагы жашоочусу Т.Ч. аттуу аял кармалган.
Териштирүү учурнда жогорудагы аял алган акча каражатын өзүнүн керектөөлөрүнө иштетип жибергени маалым болгон.
Кармалган аял үй камагына алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Эгерде кимде-ким жогорудагы аялдын аркетинен жабыркагандар болсо төмөндөгү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот.
Аламүдүн РИИБдүн нөөмөт бөлүгү 0(312) 36-35-27, 0(704) 98-08-08

Меню