Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен япон компаниялары Ош облусуна иш сапары менен келишти

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн көмөгүнүн астында 2021-жылдын 15-июнунда япон компаниялары Ош облусуна иш сапары менен келишти.

Иш сапардын алкагында Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы жана Кыргыз-Япон Достук Фонду, DM Solutions жана Ассоциациялар Кооперативинин IBS, Japan style, ошондой эле Ош токой чарба департаментинин колдоосу менен Ош областынын Кызыл-Туу айылына акация көчөттөрүн отургузушту. Долбоордун алкагында фонд 2021-жылдын ноябрь айына чейин 1800 акация көчөттөрүн отургузууну пландап жатат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында япон делегациясынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Жарасул Осмоналиевич менен жолугушуусу уюштурулду. Облус башчысы менен болгон жолугушууда Кыргызстандан Японияга бал экспорттоону көбөйтүү маселелери талкууланды. Ош облусунун жетекчилиги конокторду япон делегациясынын долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигине ишендирди, ошондой эле делегациянын Ош шаарынын ишкерлери менен жолугушуулары  уюштурулду.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин төрагалыгынын астында Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 12 - жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 16-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин төрагалыгынын астында Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 12 – жыйыны болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн делегациясы, Кеңештин мүчөлөрү жана министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун күн тартибине Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасы үчүн Көп жылдык индикативдик программасынын жана 2021-2027-жылдарга Борбордук Азия үчүн Аймактык индикативдик программасынын алкагындагы эки тараптуу жана регионалдык кызматташтык маселелери, ошондой эле кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу: билим берүү, социалдык коргоо, мыйзамдуулук, шайлоо тутуму, санариптештирүү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика, анын ичинде COVID-19 антикризистик чаралар пакети киргизилди жана талкууланды.

Өзгөчө көңүл Евро Биримдигинин Кыргыз Республикасында негизги программаларын ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине, биринчи кезекте бюджеттик колдоого, аймактарды өнүктүрүүгө жана санариптештирүүнү илгерилетүүгө, ошондой эле суу ресурстарын башкарууга багытталган чараларга бурулду.

Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун долбооруна кол коюу үчүн даярдык иштерин аяктоо зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу жана регионалдык программаларды, ошондой эле программалык жана долбоордук иш-чаралар боюнча Евро Биримдик  менен кызматташтыкты чыңдоо боюнча демилгелерди илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Консультативдик кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча протокол кабыл алынды, анда жетишилген макулдашуулар жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы программаларынын жана долбоорлорунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар комплекси чагылдырылды.

23-июндан тартып Кувейт—Бишкек—Кувейт багытындагы жаңы туруктуу аба каттамы ачылат

Эми Кыргызстандан Кувейтке түз учууга болот. «Манас эл аралык аэропорту» ААКсы, 2021 жылдын 23 июнунан тартып Кувейт—Бишкек—Кувейт багытындагы жаңы туруктуу аба каттам ачылаарын билдирет. Бул авиакаттамды Куветтик Jazeera Airways авиакомпаниясы аткармакчы.

Туруктуу каттам жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Учуу убактысы – 3 саат 35 мүнөттү түзөт.

ТИМ: Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ализа Солтонбекова Нью-Йоркто өтүп жаткан Майыптардын укуктары боюнча конференцияда сөз сүйлөдү

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 2021-жылдын 15-июнунан 17-июнуна чейин Нью-Йоркто өтүп жаткан Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияга катышуучу мамлекеттердин 14 конференциясынын жүрүшұндө сөз сүйлөдү.

Ализа Солтонбекова өз сөзүндө ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга шарт түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жасалып жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Тактап айтканда, 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана калктын аз мобилдүүлүк топтору үчүн “Жеткиликтүү өлкө” Мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыкты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Майыптар иштери боюнча кеңеш түзүлдү, мамлекеттик социалдык төлөмдөрдү жана кызматтарды көрсөтүү жигердүү болуп жаткандыгы, ошондой эле мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен инфраструктураны өркүндөтүп жатканы тууралу.

Ализа Солтонбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасы адам укуктарынын артыкчылыгын мыйзамдуулуктун аныктоочу принциби катары чечкиндүү түрдө карайт жана ушул максатта майыптардын кызыкчылыгына ылайык кийинки трансформацияларды улантууга толук чечкиндүү.

Иш-чарага БУУга мүчө-мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун 100дөн ашуун өкүлдөрү катышууда.

 

Доскул Бекмурзаев, энергетика министри: Электр энергиясы боюнча жаңы тариф президент менен макулдашылган

Электрдин тарифи президент менен макулдашылганын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев 16-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Министрлик 15-июндан баштап Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелет. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналат.

Бул тариф калктын бардык катмары үчүн бирдей иштейт жана мурда айтылгандай турмуш-шартка жараша өзүнчө тариф каралган жок.

Министрлер кабинети жарыктын баасын жыл сайын жогорулатууну пландап жатат. Токтом долбоорундагы маалыматка ылайык, 2022-жылы электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 48 тыйынга чыгат. Андан кийин жылдык инфляциянын деңгээлинде жараша кымбаттап турат.

“Арак, цемент чыгарган заводдор, алтын кен ишканалар, майнинг фермалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйын төлөйт. Анткени булар көп киреше алган бизнес болуп саналат”, – деди Доскул Бекмурзаев.

Ушул тапта элге электр энергиясынын бир кВт/сааты 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда өкмөт Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алып жатат. Аны үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

ИИМ: Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт

Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча республикасынын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Издөө иштерине ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкери тартылган.
Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.
Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер уланууда. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт

Байболот Абытов, профессор: Көк тиреген мунардай, бутак жайган чынардай, биздин биринчи эжекебиз Сарабү Жолдошова!

Элибизде “Ааламга жол айылдан башталат” дейт адатта. Ошол ааламга башталган жолдун эң башында ата-энеден кийнки эле орунда, мектеп босо­госун аттаганда тосуп алган, биринчи калсска кабыл алып, билимдин баша­тын баштаган эң биринчи мугалимиң болот.  Биз үчүн дал ошондой эжекебиз Жолдошова Сарабү эжеке болду. Мурда мектеп мугалимдерин атасы­нын аты­нан айтчу адат жок эле, болгону өзгөчө сый, урмат менен мектептеги баар­дык педагог­дор­го “агай”, “эжеке” деп кайрылат элек. Ал убактагы мек­теп окуучулары өздөрүнүн эле агай, эжекелерин эмес, бүтүндөй мектептин эмгек жамаатын кас­тарлап, сый­лап, этият, өзгөчө сылык жана болгон мада­ният­ын жумшап, жылуу мамиле жасашчу. Анткени алар өздөрү иштеген айыл жериндеги баш­ка­лардан айыр­ма­ланып, шам чырактай жанышып, жарык берип, жеткинчек­терди, болочок жаш муундарды, билимге, илимге, маданият­тын туу чокусуна карай жол көр­сөткөн, багыт берген өзгөчө адам­дар болушканы талашсыз. Менин баамымда алардын ар бири өздөрү окуткан балдардан “адам” чыкса, алардан татыктуу билим, таалим, тарбия алган инсан калыптанса деген илге­ри үмүт, аруу ти­лек, жакшы максаттар менен өздөрүнүн адистик вазыйпасын аткарып келиш­кен. Мүмкүн мындай ой, дал ошол мектептин эмгек жамааты менен чогуу 33 жыл башталгыч класстарга билим берип, ардактуу эс алууга чыккан атам Абытов Капардын уулу болго­нум, мугалимдин үй-бүлөсүндө көргөн тарбиям, алган таали­мим, алардын мугалим­дик зор сый-урматка ээ болгонун көргөн үчүн калып­тан­гандыр.

Мектепте окуп жүргөндө көп эле сабак берип, колдон келген ыкмалары менен тарбиялоого салымын кошкон агай эжекелер бир топ эле болот. Бирок бирөө да балалыктан мектеп босогосун атаганда, “А” тамгасынан баштап арип үйрөтүп, окуганды, сандарды санаганды, мектепте, класста, көчөдө, керек болсо өз үйүңдө өзүңдү алып жүрүүнүн алгачкы сабактарын берген “биринчи эжекеңе” эч ким жетпейт. Албетте андан кийин кийинки класс жетекчи­ле­риң да эсте калат. Бирок биринчи эжекең, биринчи эжеке боюнча калааары талашсыз. Биздин дал ошондой эстен кеткис, биринчи мугалимибиз Сарабү эжеке болгону  талашсыз.

Менин жеке баамымда Сарабү эжеке жогорку маданияттуу, өз заманынын билимдүү инсаны, чыныгы педагог, элеттик  интеллигенциясынын үлгүлүү өкүлү болгон. Мен үчүн, менин классташтарым үчүн Сарабү эжекебиз  бир катар өз­үнө гана таандык болгон жеке сапат­тары менен айырмалан­ган эжеке­биз болуп калды. Биздин балалык баамыбызда Сарабү эжеке ар дайым жаркылдап күлүп жүргөн, кайгы-капасын билдирбеген, дайыма адамды тике карап сүйлөгөн, көз карашы менен эле адамды тарбиялап, ойго салган, эч кимден тайманбаган, улууга урмат, кичүүгө сый мамиле кыл­ган, өзүн абдан таза, көрктүү, азыркынын тили менен айтканда стилдүү кийими, жогорку маданияты менен айырмаланган биздин биринчи эңже­кебиз болду. Биз үчүн ал убакта Сарабү эжекеден өткөн билимдүү адам жок­той сезилчү, өзүнө гана таандык жеке  көз карашы жана акыл-эси, бекем эрки, багыттуу мак­саты, көрөгөчтүгү, окуучуларды өзүнө тарта билүү жөн­дөмү, эмгек жамаатынын сый-урматына ээ болгону, элет жерин­де билим берүү жаатынын бир катар көйгөйлүү ма­се­­­­ле­лерин че­чүү­дөгү жооп­­керчилигин өз мойнун алуу жөндөмү, жетекчилик ка­сиет­тери ме­нен өз доо­ру­нун чыныгы педагогу, коммунисти өз заманынын, аял заты­нан чыккан Дүй­шөнү, жүздө­гөн, миңдеген окуучулардын, болочок адис­тер­дин, бир топ элибизге, мамлекетибизге таанымал болгон инсан­дар­дын алгачкы мугалими, жаш педа­гог­дордун акыл­гөй насаат­чысы болгон.    

    Биздин биринчи эжекебиз Жолдошова Сарабү класс жетекчи, жаш бө­бөк­төрдүн мектеп босогосун аттагандагы алгачкы тарбиячысы катары, ошол өзү окуткан балдардын жан дүйнөсүнө аяр мамиле кылып, ага жарык берип, жол көрсөтүп, коркутпай, чочутпай жылуу мамиле жасап, жагымдуу багыт берип, тез эле алардын сүйүктүү мугалимине, көбүбүз үчүн идеалга айланып, биз­дин балалык кыялдарыбыз менен кошо эргип, сабак өтүүдөн арыбай, чар­чабай, өз кесибинин чыныгы чебери болгон эжеке катары элеси калды.

    Эми илимдин докторунун деңгээлинен жана бүгүнкү күндүн бийикти­ги­нен артка көз салып, бала чагыбызга, эжекебиздин ишмердүүлүгүнө назар сал­сам, Сарабү эжеке өз мезгилинин билимине сугарылган, педагоги­ка­лык  чебер­чиликти мыкты өздөштүргөн, жаш балдарга жакын болуу менен алардын көзүн ачып, билимге үндөгөн, талыкпаган жол көрсөтүү­чү, жаш педагогдорго татыктуу насаатчы, абдан абройлуу эжеке болгон экен. Мен бизди ушундай чебер педагогдун окутуп, көзүбүздү ачып, алгач­кы билимди берип – тамга таанытып, жазганды, эсептегенди үйрөткөн биринчи мугалимибиз Сарабү эжеке болгонуна өмүр бою сыймыктанып келем жана сыймыктана берем.

    Дал ушундай касиеттери, сапаттары менен Сарабү эжекебиз жаш муундар­дын да, келечек адистердин да, эл-жери­нин да алдында өз вазыйпасын атка­рып, жарык дүйнөдө жакшы, унутул­гус из калтырды десек болот. Менин жеке баамымда Срабү эжеке биздин Чалма айылынын “Ленинчил жаш” орто мектебинде эле эмес, бүтүндөй Совет (азыркы Кара-Кулжа) району, Ош об­ласты боюнча таанымал педагог болгон. Сарабү эжеке кирген класста, жүр­гөн залда же сыртта дайыма тартип болоор эле. Баамдасам биз эле эмес, мек­теп­теги баш­ка класстардагы балдар, кыздар сыйлап, урматтап, айбыгып, ке­рек болсо коркуп турчу эжекебиз Жолдошова Сарабү болгон экен. Ошондук­тан орто мектепти бүткөнүбүзгө 52 жыл болсо да биз үчүн биринчи мугали­мибиз Сарабү эжеке бойдон калды.

Мындан 52 жыл мур­да, 1969-жылы биз биринчи класска барганбыз. Ал кезде 1-сентябрь азыркыдай билим күнү катары расмий белгиленчү эмес. Бирок, ошого карабастан ал күнү ар бир мектепте салтанаттуу линейка өткө­рү­лүп, мектеп босогосун жаңыдан аттаган бөбөктөргө жана бүтүрүүчү бол­гон 10-класстарга  куттуктоо айтылып, андан кийин кадимкидей сабактар баш­­талчу. Дал ошол 1-сентябрь күнү эсте калганы, ошон­­догу “Ленин­чил жаш” орто мектебинин директору Кармыша­ков Бакас агай сөз сүйлөп, мектепке биринчи жолу барган бизди үч класска бөлүп тизип, бизге 10-клас­стар­ды кут­туктатып, өз кезегинде алар бизди куттуктап, ар кимибизге китеп бе­лек кылганы эсимде. Мага Эркин ака, кийин мектепте мугалим болуп кал­ды, “Жусуп менен” деген чакан китеп берген эле. Ошол 1969-жылдын 1-сен­тя­­бры­нан баштап биздин 1 “а” класстын жетекчиси Жолдошева Сарабү эже­ке, “б” класстын жетек­чиси Ражапова Баарин эже­ке, “в” класстын жетек­чиси Кур­маналиева Дарика эжеке болуп, башка агай-эжекелерибиз сыяк­туу алар­­дан мектеп­теги алгачкы таалим-тарбияны ала баштадык эле.

Үч жыл мурда, биздин 1969-жылы ал кездеги Чалма айылынын «Ленин­чил жаш» орто мектебин аяктаган классташтар, мектебибизди бүткөнүбүздүн  40 жылдык мааркесин өткөрдүк. Дал ошондо да биз биринчи класска кадам таштагандагы агай, эжекелерибизди эскердик, айылдык мечитке, жай башы­на барып көзү өткөндөргө куран окуттук. Ошол мааракеге даярдык көрүп жаткан учурда, мен биздин райондук архивден 1969-70окуу жылында «Ле­нин­чил жаш» орто мектебинин  1 классында окуган окуучулардын тиз­ме­син таап чыктым. 1 “а”, “б”, “в” класстарынын тизмеси ирети менен төмөндө сиздердин назарыңыздарда:

       

Ошол 1969-1972-жылдары Сарабү эжеке окуткан 1 “а” классттагы 29 кыз­дар, балдардын ичинен кийин 7 жогорку билимге, 5 атайын кесиптик орто би­лимге ээ болушту. Экөөбүз Россия Федерациясынын жогорку окуу жайын – мен В.И.Ульянов-Ленин атындагы Казан мамлекеттик университетин, Замира Чокоева деген классташыбыз Иваново шаарындагы Тесктил институ­тун бүтүргөн. Калгандары ар түрдүү кесипти аркалаган элет жеринин, айыл-чарбасынын жигердүү каармандарынан болушту. Ошол эле 1969-жыл­кы Сарабү эжеке жетектеген 1 “а” класстан, кийин бир тарых илимдеринин доктору, про­­фессор (бул мен өзүм), бир Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (Атамбаев Нурпазыл),  алты жеңил өнөр жай, айыл чарба жааты­нын мыкты бизнесмендери, ишкерлери чыгышты (Анарбек – Мукаш, Мама­те­мин, Мухтар, Нурпазыл, Калийпа, Токтоназар – Чубак). Заман өзгөрүп, жаш­оо­нун нугу бурулганда бир топ классташтарыбыз өз зама­нынын талабына жараша жеке ишкерлер, коммерсанттар жана бизнес­мендер болуп чыгышты. Азыр баарыбыз чоң ата, чоң эне болуп, небере­лер­дин ырахатын көрүп жатабыз.

Булардын баарына дал ошол биздин көздү ачкан, алгачкы тамгаларды, окуганды үйрөткөн, келечекке каз-каз таштаган кадамыбыздын пайдубалын койгон биздин биринчи мугалимибиз Сарабү эжекенин салымы зор экендиги шексиз.

Баса мектеп босогосун аттап, окугандан баштап менин биринчи жолу алган “Мактоо баракчасы” дал ошол Сарабү эжеке окуткан мезгилде алганым эсимде. Жаңылбасам биз 3-класста окуп жатканда, бир күнү текшерүүчү келди, класстарга кирет экен – деген кабар оттой тез тарады.  Сарабү эжеке да бизге кайрылып: -Балдар текшерүүчүлөр класска кирсе, эч чочулабай, корк­пой, кадимкидей эле сабакта отургандай болуп, берген суроолоруна тартын­бай, кысынбай жооп бергиле – деп айтты. Көп өтпөй эле, мектеп директору Бакас агай баштап, 4-5 чоочун агай, эжекелер кирип келишти. Бакас агай эжекебизди мыкты педагог, ал эми анын классы да мыкты окуган класстар­дын бири – деген мааниде тааныштырды. Анан текшерүүчүлөрдүн бири: -Кана балдар, кандай үй тапшырма берилген, ким даяр? – деди. Тапшырмабыз бир ыр­ды жаттоо болчу кыязы. Бир аздан кийин мен кол көтөрсөм, баягы киши  кана айтчы – деп калды. Мен эми үндү катуурак чыгарып айтайын деген ниетте эле, катуу баштасам, 4-сап бүтөйүн дегенде эле, -Ой азамат, жакшы даярданыпсың, бирок мынча катуу кыйкырбай айтсаң деле болот – дегенде баары күлүп калышты. Элдин көңүлү менде болсо, менин көңүлүм Сарабү эжекеде эле. Карасам башын ийкеп, кубаттап жылмайып турган экен. Ошол эле күнү кечинде атам иштен келип, кечки тамак маалында мени мактап, ыраазы болуп калды. Комиссиянын купулуна толо жооп берипсиң, бирок эмне анча катуу кыйкырдың – деп күлүп калды. Атам да ошол “Ленинчил жаш” орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, Сарабү эжекенин коллегасы эле. Андан көп өтпөй эле мектеп­тин бир чогу­лушунда жогорудагы “Мактоо баракчасы” берилди. Ал менин биринчи расмий сыйлыгым эле, кубанычта чек жок болду. Эми ойлосом, дал ошол мектеп дирекциясы тарабынан берилген алгачкы сыйлыгымдын чоң түрт­күсү, ага шарт түзүп, тартынбай, ачык, так, катуу сүйлөгөнгө үйрөткөн, ага өбөлгө түзгөн, биздин биринчи мугалимибиз Сарабү эжеке болгон экен.

Негизи 1969-жылы 1-класска барып, ар кандай толуктоолор, сырттан келип кошулуп окугандар, бизден башка жакка кетип окугандарды кошкондо, 1979-жылы бүтүрүүчүлөрдүн саны 96 жеткен экен. Ошолордун ичинен 18 жогорку билимге, 12 атайын кесиптик орто билимге ээ болушуп­тур. Заманына, мезгил талабына жараша кийинчерээк “б”, “в” класстарынан да жеке педагогдор, инженерлер, экономисттер, айыл чарба кызматкерлери, ишкерлер, ком­мер­санттар, бизнесмендер чыгышты.

Демек алардын калыптанышына, дүйнө таанымына алардын биринчи муга­ли­ми, класс жетекчиси болушкан, Сарабү эжкенин кесиптештери Ражапова Баарин жана Курманалиева Дарика эжекелердин салымы зор десек болот. Алар да биздин Сарабү эжеке­биздей эле бүт дараметин өз класстарындагы балдар, кыздардын билим алуусуна, көз ачылышына, дүйнө таанымына жум­шашканы талашсыз.

Биз канчага чыкпайлы, кандай кызматты ээлебейли, кайда болбойлу, ар кимибиз дайыма биринчи мугалимибизди эстен чыгарбай жүрөбүз жана жүрө беребиз. Ошондуктан, Сарабү эжеке, биздин ата-энелерибизден кийинки эле эң бир кымбат, асылзат аял, чыныгы педагог, көк  тиреген  мунардай,  бутак  жайган чынардай, биздин биринчи эжекебиз катары эсибизде сакталат.

Абытов Байболот Капарович, тарых илимдеринин доктору, профессор,

Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти

$2,3 млн суммасындагы алдамчылык фактысы боюнча «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян кармалды

УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык структуралардагы коррупцияны аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды алуу фактысы аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Г.Б. мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 000 АКШ доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Г.Б. жогоруда аталган кыймылсыз мүлк, ага жеке менчик катары таандык болгондуктан, насыяга алуу үчүн күрөө катары, кайтарып берүүсүз,  Г.Б. тапшырмасы менен 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражаттар алынгандыгы боюнча далилдер алынды.

Алынган далилдердин негизинде ушул жылдын 15-июнунда Г.Б. аттуу жаран ушул кылмышка шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат.

Белгилей кетсек, мурда ушул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмыш ишин жасоого түздөн-түз тиешеси бар делип аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары А.К. кармалган.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот?

Бүгүнкү күндө «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Россияга чартердик (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн) каттамдар аткарылууда.

Москва-Тамчы- Москва каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору » авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).

Москва-Тамчы- Москва каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору » авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).

Москва-Тамчы- Москва каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).

Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург каттамы боюнча маршрутту «Nordwind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).

Минеральные Воды-Тамчы-Минеральные Воды каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору » авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).

Ростов-на-Дону-Тамчы-Ростов-на-Дону каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору » авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).

Ростов-на-Дону-Тамчы-Ростов-на-Дону каттамы боюнча маршрутту «Nordwind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).

Уфа-Тамчы-Уфа каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).

Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).

Новосибирск-Тамчы-Новосибирск каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).

Орусия мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген мөөнөттү 30-сентябрга чейин узартты

15-июнда Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык, ушу тапта Орусияда жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылды.

Мындай чечимдин мыйзам бузгандарга, улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендерге жана экстремизм менен терроризмге шектелгендерге тиешеси жок. Бул тууралуу kremlin.ru сайтында жарыяланды.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта буларга каршы тиешелүү жазалар ишке кирери айтылган.

15-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарга орус бийлиги чет өлкөлүктөргө документтерин ирээттеп алуу үчүн берген убакыт аяктаганын эскерткен. Элчиликтин маалыматына ылайык, жарандар ушул жылдын 15-июнуна чейин жарактуулук мөөнөтү өткөн документтерди (ID-карта жана жалпы жарандык паспорт) өз убагында алмаштырышы керек болчу.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны бир миллиондон ашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню