Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Кыргыз-япон достук фондунун жетекчиси Тетсуя Асано менен «SOS-Детская деревня Чолпон-Ата» директору Нурбек Богачиевдин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин  жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин алдындагы япония таануу институтунун көмөк көрсөтүүсүндө 2021-жылдын 13-июнунда япониялык ишкерлердин Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз-Япон Достук Фондунун негизинде, Фонддун жетекчиси Тетсуя Асано  менен «SOS-Детская деревня Чолпон-Ата» директору Нурбек Богачиевдин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Кол коюлган документтин алкагында Достук фонду аталган мекеменин тарбиялануучуларын окутууну каржылап, Японияга окууга жиберүүнү көздөп жатат.

Япониянын IBS жана DM Solutions компаниялары Достук фондунун демөөрчүлөрү катары иш алып барышат, алар Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн балды Япониянын рыногуна активдүү жайылтышат жана бал сатуудан түшкөн кирешенин бир бөлүгү Кыргыз Республикасындагы коммерциялык эмес долбоорлорго жумшалат.

Иш-чаранын аягында балдарга япон сувенирлери, канцелярдык буюмдар жана таттуулар берилди.

“Тилектештик автобусунун” Ош облусу боюнча 2021-жылга карата иши боюнча презентация болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн конференц-залында «Тилектештик автобусунун» Ош облусу боюнча 2021-жылга карата иши боюнча презентация болуп өттү. Бул тууралу Юстиция министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б.Б. Алайчиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, БУУӨПтүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Бул иш-чаранын максаты – аялдарга жана кыздарга зордук-зомбулукту жоюуда «Тилектештик автобусу» аркылуу алдыда милдеттүү боло турган натыйжалуу коомдук кампания жөнүндө толук маалыматты Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун тургундарына жеткирүү.

Презентациянын жүрүшүндө катышуучулар жер-жерлерде кампанияны практикалык жактан ишке ашырууну талкуулашты.

Иш-чара аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун жана басмырлоонун бардык формаларын жоюу багытында БУУнун жана Европа Биримдигинин «Луч Света» биргелешкен демилгесинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, COVID-19 илдетинин саны өсүп жаткандыгына байланыштуу кырдаал тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин күчөтүүнү талап кылууда.

«Түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууларды пайда кылууда. Биз өткөн жылдагыдай каатчылыкка жол бербешибиз керек. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалды кармап туруу жана турукташтыруу  боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка тийиштүү медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү, коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелердеги негизги жана резервдик орундардын, ошондой эле дары-дармектердин  жетиштүү өлчөмүн камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармоосу тийиш», – деди ал.

Улукбек Марипов коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү жана вакцинациялоо темптерин ыкчамдатуу боюнча ишти тездетүү зарыл экендигин баса белгиледи.

«Жакын арада өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жана «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы  келет. Тармактык мамлекеттик органдар өлкөгө вакциналардын өз учурунда жеткирилишин камсыздоо маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруусу тийиш. Биз үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу абдан маанилүү», – деди ал.

УКМК: Абхазиядан контрабандалык жол менен автоунааларды ташып келүү схемасы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө (Экономикалык контрабанда) каралган кылмыш белгилери боюнча, Кыргыз Республикасынын “Чалдыбар-Унаажолун” (кыргыз-казак чек арасынын) өткөрүү пунктунда Армения Республикасынын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазия Республикасынан контрабандалык автоунааларды ташып келүүнүн белгиленген схемасы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын УКМК Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаралардын комплексинин жүрүшүндө, 2021-жылдын 9-июнунда “Чалдыбар-Унаажолу” өткөрүү пунктунан “Вольво” жүк ташуучу унаа менен 8 жүргүнчү ташыган автоунааны  ташып келе жаткан Кыргыз Республикасынын жараны “И.Т.К.” кармалды.

Ошол эле автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылды:

– Абхазия Республикасынын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;

– Абхазия Республикасынын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;

-Армения Республикасынын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;

– Армения Республикасынын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;

– Кыргыз Республикасынын УКМК чек ара кызматынын мамлекеттик 1 жасалма номерини.

Андан кийин, 8 автоунаасы менен “Вольво” маркасындагы автотрал, айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБ Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, Абхазия Республикасынан бажы жол-жобосуз алынып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат. Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө, бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек, андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек, же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.

Урматтуу жарандар! ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн автоунааларга буйрутма берүүдө жана сатып алууда сак болуңуздар!

Видео - Ализа Солтонбекова БУУнун Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенция боюнча 14-сессиясында сөз сүйлөдү

«Азыркы учурда БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын Кыргызстан тарабынан ишке ашырылышы боюнча улуттук отчетту даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат, аны ушул жылы адам укуктары боюнча Комитетке берүү пландаштырылууда”, – деди  Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.

Кыргызстан 2019-жылдын 13-мартында БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялаган, анын алкагында алардын өлкөдөгү абалы жакшырышы керек.

Учурда Кыргыз Республикасында 195 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт, алардын 32 миңи балдар. Акыркы он жылдын ичинде республиканын калкы 18% га, ал эми ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саны 47% га өстү.

“Кыргыз Республикасы социалдык саясат өзгөчө орунду ээлеген мамлекет. Социалдык теңсиздиктин себептерин жана аны жоюунун жолдорун аныктоо – бул биздин коомдун мындан аркы ийгиликтүү өнүгүүсү менен байланышкан мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты ”, – деди Солтонбекова.

Анын айтымында, мамлекет мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык жактан коргоо тутумундагы мамилелерди адаптациялайт, көңүлдү турмуштук ишмердүүлүккө жана көзкарандысыз жашоонун жаңы концепциясын калыптандырууга бурат.

Бүгүнкү күнгө чейин, Кыргыз Республикасында 2021-2040-жылдарга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка мобилдик топпор  үчүн “Жеткиликтүү өлкө” аттуу Мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыккан, бул биринчи кезекте аларды билим берүү жана жумуш менен камсыз кылуу жаатында иш-аракеттердин бардык чөйрөлөрүнө интеграциялоого багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн кеңеш туруктуу коммуникация платформасы катары түзүлгөн. Кеңештин негизги милдети – БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш-чараларды контролдоону жана ведомстволор аралык координациялоону камсыз кылуу, мамлекеттик органдарга социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча мыйзамдарды ишке ашырууга көмөктөшүү майыптарга жана конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди жүзөгө ашырууда майыптарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалын жакшыртуу максатында, мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, мамлекеттик социалдык төлөмдөрдү жана кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу жигердүү колдонулуп жатат. Албетте, бул ишти күчөтүү керек », – деди Солтонбекова.

А. Солтонбекова белгилегендей, мамлекеттик орган  тарабынан “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча жигердүү иш алып барууда.

УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча "Дженго" жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктрадын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн  алкагындагы издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү «Т.И.М.» кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталган боюнча, 2021-жылдын 18-майында К.Досоновдун «Т.И.М.» башында турган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күч колдонуп, Ош шаарынын четине үч унаа менен кыйнап алпарып, курал менен коркутушкан. Алар физикалык күч колдонуп, жабырлануучунун «Мерседес-Бенц» унаасын тартып алышып, “общаковская кассага” деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле, жабырлануучуну кыйноого катышкан адамдардын арасында К.Досоновдун жеке айдоочусумун деген “Р.у.А.” кошумча дагы 1000 АКШ долларын талап кылган.

Кармалган «Т.И.М.» Ош областтык жана Ош шаары боюнча УКМК башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Видео - Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Баткенден келген балдар менен кезигишти

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана туристтик милициянын кызматкерлери «Кырчын» жана «Барчын» балдар лагерлеринде болушуп, 28-30-апрель күндөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун балдары менен кезигишти.
Балдардын эң белгилүү фольклордук ырларынын бири болгон “Ай чыкты карачы” ырын, жолугушуунун катышуучулары балдар лагеринин сахнасында ырдашып, булутсуз балалык сезимин, аларга болгон тилектештигин жана балдар Кыргызстандын сыймыгы экендигин даңазалашты. Ал эми туристтик милициянын кызматкерлери балдарды келечекте укук коргоо органдарында иштөөгө кызыктыруу максатында, өздөрүнүн кызматы жөнүндө айтып беришти.
«Бул акция менен биз жаш муундарды тарбиялоодо чоңдордун маанисин баса белгилегибиз келет. Ал эми ыр адамдар үчүн эӊ бир чоӊ мотивация болуп саналат, бул жашоодон ырахат алууга, жакшы маанайда болууга жана башкаларга жылмаюу тартуулоого жардам берет», – деп белгиледи Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев.
Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери балдарга жайкы каникул учурунда негизги коопсуздук эрежелерин эскертип, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча сунуштарын беришти. Коштошуп жатып, балдар жайкы каникул күндөрү эч кандай окуясыз өтүшү үчүн, формачан келген меймандарга бардык коопсуздук эрежелерин сактоолору боюнча убадаларын беришти.

Базар-Коргондо улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳгѳ багытталган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

2010-жылы июнь окуясында кызмат ѳтѳѳ учурунда каза тапкан милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чара учурунда Мыктыбек Сулаймановдун кызмат учурунда жасаган эрдиги, кызматтагы ѳзгѳчѳлүктѳрү, жѳнѳкѳйлүгү жана атына жараша мыкты инсан экендиги айтылды.

Кичи футболго Базар-Коргон районунун аймагындагы 9 айыл аймактардын командалары активдүү катышып, биринчилик үчүн күч сынашышты. Жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, баалуу белектер, Базар-Коргон РИИБдин дипломдору тапшырылды.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери келген конокторду спорттук таймаш аркылуу достукка чакырышты. Район аймагында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

УКМК: КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаровдун жогорку билим тууралу диплому жасалма экени аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында,  мурдагы вице-спикер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “КСДП” фракциясынын депутаты «З.Т.З.» тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, «З.Т.З.» 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.

Андан кийин, «З.Т.З.» Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алуу колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган.

Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Президент Садыр Жапаров ИИМге жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштады.

Садыр Жапаров адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, ошондуктан Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

Меню