Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Министрлер Кабинетинин 100 күнү: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар Планын аткаруу алкагында өлкө боюнча «open space» форматындагы 7 калкты тейлөө борбору ачылды.

Атап айтканда, калкты тейлөө борборлору Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында, Бишкек шаарында мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда ачылган.

Ошондой эле 100 күндүк План алкагында 2021-жылдын 3-майынан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт алууга анкета-арыздарды кабыл алуу башталды. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жарандык паспорт даярдоого 72 989 анкета-арыз кабыл алынган. 39 236 биометрикалык чет элдик паспорт даярдалган.

Белгилей кетсек, 50 барактан турган паспорт 920 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эсепке албаганда), ал эми 34 барактан турган паспорт 857 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эске албаганда).

2021-жылдын 1-апрелинен тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспорту тутуму киргизилген.

Бул тутум автоунаанын даярдалган учурунан тарта, Бажы биримдигинин аймагына импорттолгон учурду кошо алганда утилдештирүүгө же республиканын чегинен тышкары экспорттоого чейинки таржымалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул унаа сатуу же сатып алуу процессин коопсуздандырууга көмөк берет. Жалпысынан буга чейин 12 унаага паспорт берилген.

2020-жылдын 29-июнунан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Санарип аймак” тутумун баскычтуу ишке ашыруу жүрүп жатат.

Бул иштин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1506 кызматкери окутулду. 2021-жылдын 19-майына карата өлкө боюнча 484 айыл өкмөтү «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутумуна туташтырылып, 446 554 үй чарбасы жана 1 517 052 жаран катталган.

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин иши менен таанышты. Кен кыргыз тарапка өткөндөн бери 44 миң унций алтын сатылып, $40 млн киреше түшкөн

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, “Кумтөр” алтын кениндеги убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты.

Мамлекет башчысына алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алышкандыгы, айлык маяналар өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын студенттеринин практикалык билим алуусу үчүн, ошондой эле аталган тармакта кадрлар резервин камсыз кылуу максатында, компания жайкы практика программасын жана өлкөнүн ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген.

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде “Кумтөр Голд Компани” 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди.
Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров карьерге да барып, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгына токтолду.

Фото - Ташкентте «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форуму ачылды

Бүгүн, 15-июнда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенаты жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулган «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышты. Ошондой эле, иш-чарага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун директору Асел Атабекова катышты.

Форумдун алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева, Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун Камкорчулар кеңешинин Төрагасынын орун басары Саида Мирзиёева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, белгилүү эл аралык уюмдардын, ошондой эле Борбордук Азия жана Афганистандын өкүлдөрү саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева өз сөзүндө Борбордук Азияда жана Афганистанда гендердик теңчиликке жетишүү тармагында аймактык жана эл аралык кызматташуунун учурдагы көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо, аялдардын ишкердүүлүгүнүн потенциалын жогорулатууда мындай иш-чаралардын жогорку маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы аялдардын учурдагы абалы, анын ичинде алардын бизнестеги ролу жөнүндө кыскача маалымат берип өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар аялдар бизнесин өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары жана ой-пикирлери менен алмашышып, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес чөйрөсүндөгү кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Форум ошондой эле ишкер аялдар жетектеген ишканалардын продукцияларынын көргөзмөсүн, ишкер байланыштарды жана ишкер өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча B2B жолугушууларын өзүнө камтыйт.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Биргелешкен Билдирүүнү жана Борбор Азия менен Афганистандын аял-ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыктын «Жол картасын» кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Форумга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

Чек ара: Эл аралык кылмыш соту кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады

Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокуратурасы кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады. Бул тууралуу юрист, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды иликтеген жарандык коомдун өкүлү Сания Токтогазиева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Юристтер Кыргызстандын жай тургундарына каршы Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен 6-июнда Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кат жолдошкон.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланган.

ТИМ: Новосибирскте жарылуудан үч кыргызстандык жабыркады

Орусияда автогаз куюучу бекеттеги жарылуудан кеминде үч кыргызстандык күйүк алып жабыркады. Бул тууралуу 15-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Новосибирск шаарында дүйшөмбү 14-июнда болгон. Денесинин 20% күйгөн 53 жаштагы эркектин абалы азыр туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок. 5% күйүк алган 20 жаштагы кыргыз жараны медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кое берилген. Жабыркаган үчүнчү адамдын денесинин 7% күйгөн, ал азыр ооруканада.

Жарылуудан жана өрттөн бекеттин жанындагы кафе күйүп кетти. Аны кыргызстандык келин ижарага алып иштетип жүргөн. Ошол эле жерде дөңгөлөк алмаштыруучу жайда кыргыз жараны иштеп жаткан. Ал жана кафени иштеткен келин качып чыгууга үлгүрүшкөн.

Новосибирск мэриясынын маалыматына караганда, коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан чыккан кырсыктан жалпысынан 35 адам жабыркады. Өрт 1200 чарчы метр жерге жайылып, бекеттин жанында турган бир нече автомашина да күйүп кетти. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Орусияда, бейрасмий маалыматтарга караганда, миллионго чукул кыргызстандык эмгек мигранты болуп журөт. Алардын көбү тейлөө тармагында иштешет.

«Ош эл аралык» аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот?

Бүгүнкү күндө «Ош» эл аралык аэропортунан Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө чартердик каттамдар аткарылууда.

 Казакстан

  • Ош-Алматы-Ош каттамы боюнча маршрутту «Эйр Астана» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).
  • Ош-Алматы-Ош каттамы боюнча маршрутту «TEZ JET» авиакомпаниясы жумасына 7 жолу жүргүзөт.
  • Ош-Алматы-Ош каттамы боюнча маршрутту «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы жумасына 3 жолу жүргүзөт (шр., иб., жш).
  • Ош-Чимкент-Ош каттамы боюнча маршрутту «TEZ JET» авиакомпаниясы жумасына 4 жолу жүргүзөт (дш., бш., иш., жш).
  • Ош-Чимкент-Ош каттамы боюнча маршрутту «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы жумасына 7 жолу жүргүзөт (күн сайын).

 Россия

  • Москва-Ош-Москва (Шереметьево) каттамы боюнча маршрутту «Аэрофлот» авиакомпаниясы күн сайын жүргүзөт.
  • Москва-Ош-Москва (Домодедово) каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 2 жолу жүргүзөт (иш., жш).
  • Москва-Ош-Москва (Домодедово) каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 3 жолу жүргүзөт (дш., шр., жм).
  • Раменское-Ош-Раменское (Жуковский) каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 3 жолу жүргүзөт (шр., бш., жм).
  • Красноярск-Ош-Красноярск каттамы боюнча маршрутту «Азимут» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).
  • Красноярск-Ош-Красноярск каттамы боюнча маршрутту «Икар (Pegas Fly)» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).
  • Красноярск-Ош-Красноярск каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).
  • Красноярск-Ош-Красноярск каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
  • Красноярск-Ош-Красноярск каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
  • Красноярск-Ош-Красноярск каттамы боюнча маршрутту ««Nordstar Airlines» » авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (бейшемби).
  • Ростов-на-Дону-Ош-Ростов-на-Дону каттамы боюнча маршрутту «Азимут» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).
  • Ростов-на-Дону-Ош-Ростов-на-Дону каттамы боюнча маршрутту «NordWind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).
  • Кемерово-Ош-Кемерово каттамы боюнча маршрутту «Икар (Pegas Fly)» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
  • Кемерово-Ош-Кемерово каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).
  • Санкт-Петербург-Ош-Санкт-Петербург каттамы боюнча маршрутту «Rossiya Airlines» авиакомпаниясы жумасына 2 жолу жүргүзөт (бш., жш).
  • Санкт-Петербург-Ош-Санкт-Петербург каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 2 жолу жүргүзөт (шш., бш).
  • Санкт-Петербург-Ош-Санкт-Петербург каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).
  • Нижний Новгород-Ош-Нижний Новгород каттамы боюнча маршрутту «NordWind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).
  • Нижний Новгород-Ош-Нижний Новгород каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).
  • Уфа-Ош-Уфа каттамы боюнча маршрутту «NordWind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).
  • Уфа-Ош-Уфа каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).
  • Уфа-Ош-Уфа каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
  • Минеральные воды-Ош-Минеральные воды каттамы боюнча маршрутту «NordWind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
  • Минеральные воды-Ош-Минеральные воды каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).
  • Пермь-Ош-Пермь каттамы боюнча маршрутту «NordWind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).
  • Пермь-Ош-Пермь каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
  • Тюмень-Ош-Тюмень каттамы боюнча маршрутту «NordWind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).
  • Астрахань-Ош-Астрахань каттамы боюнча маршрутту «NordWind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (бейшемби).
  • Астрахань-Ош-Астрахань каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).
  • Оренбург-Ош-Оренбург каттамы боюнча маршрутту «NordWind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
  • Краснодар-Ош-Краснодар каттамы боюнча маршрутту «NordWind Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).
  • Краснодар-Ош-Краснодар каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).
  • Новосибирск-Ош-Новосибирск каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 3 жолу жүргүзөт (шш., бш., иш).
  • Иркутск-Ош-Иркутск каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
  • Самара-Ош-Самара каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жума).
  • Самара-Ош-Самара каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).
  • Владивосток-Ош-Владивосток каттамы боюнча маршрутту «S7 Airlines» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).
  • Воронеж-Ош-Воронеж каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).
  • Казань-Ош-Казань каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).
  • Адлер-Ош-Адлер каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (бейшемби).
  • Нижневартовск-Ош-Нижневартовск каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
  • Екатеринбург-Ош-Екатеринбург каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
  • Белгород-Ош-Белгород каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
  • Челябинск-Ош-Челябинск каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).
  • Липецк-Ош-Липецк каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (дүйшөмбү).
  • Калуга-Ош-Калуга каттамы боюнча маршрутту «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шейшемби).

Ошондой эле ички каттамдар аткарылууда.

  • Бишкек–Ош-Бишкек каттамы боюнча маршрутту «TEZ JET» авиакомпаниясы жумасына 26 жолу жүргүзөт (күн сайын 3-4 каттам).
  • Бишкек–Ош-Бишкек каттамы боюнча маршрутту «Avia Trafic Company» авиакомпаниясы жумасына 7 жолу жүргүзөт (күн сайын).
  • Бишкек–Ош-Бишкек каттамы боюнча маршрутту «Эйр Манас» авиакомпаниясы жумасына 15 жолу жүргүзөт (күн сайын 1-2 каттам).

ИИМ: Адам уурдоого жана каракчылыкка шектелген УКТнын "смотрящийи" кармалды

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш чараларынын натыйжасында адам урдоого жана каракчылыкка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин борбор калаанын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине мыйзам бузуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранып жаран кайрылган. Ушул жылдын июнь айынын башында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен жабырлануучуну кара унаага отургузуп, тоого алып чыгып кетишкен. Ээн жерде баш калаанын тургунун күч колдонуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202 беренеси (Каракчылык) жана 170 (адам уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кылмыш структуралары тарабынан тоноо жөнүндө маалымат болгондугуна байланыштуу, ИИМдин 3-башкармалыгынын (УБОП) ыкчам кызматкерлери бул фактыны иликтөөгө кошулушкан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эки адам кармалган:
– 1983-жылы туулган жаран С.К., Нарын облусунун Жумгал районунда туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, кылмыш чөйрөсүндөгү статусу “смотрящий”.
– кармалган экинчи жаран 1983-жылы туулган У.Ч., ошондой эле мурда соттолгон, Ысык-Көл облусунун тургуну.
Соттун чечими менен кармалган эки жаранга тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

UNICEF Кытайдан Кыргызстанга вакцина алып келүүгө жардамдашат

Кытайдан коронавируска каршы 150 миң доза вакцинасы 20-июнга чейин келиши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлады. Ал буга UNICEF жардамдашып жатканын билдирди.

“Кытайдан грант түрүндө келе турган коронавируска каршы вакцинанын экинчи партиясы 20-июнга чейин келиши күтүлүүдө. Бул багытта бардык керектүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. UNICEF вакцинаны ташып келүүнү камсыздап бермей болду”.

Буга чейин Кыргызстан Кытай берген вакцинаны алып келүүгө каражат издеп жаткан эле.

“Sinopharm” вакцинасынын 75 миң кишиге ылайыкташкан 150 миң дозасы март айында Кыргызстанга Кытайдан жардам иретинде жиберилген.

29-мартта өлкөдө эмдөө өнөктүгү башталган. Орусиядан 20 миң кишиге жеткидей “Спутник V” вакцинасынын 40 миң дозасы келген.

Жалпы эмделгендердин саны 90 миңден ашты.

Эл аралык COVAX программасынын алкагында “Astra Zeneca” вакцинасынын 210 миң дозасы келери да маалымдалган.

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кечээ, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Сауд Арабиясы менен эки өлкөнүн бир тууган элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана бири-бирине болгон ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты.
Сауд Арабиясы Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Арабия Падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Сауд Арабия Падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабия элдеринин кызыкчылыктарына жооп бере турган биргелешкен өз ара аракеттешүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль-Ради КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Бүгүн, 14-июнда Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Аль-Ради мырза Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев дипломатиялык миссиянын башчысын кызматка дайындалышы менен куттуктап, ар бир тарапты кызыктырган ар кандай чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Тараптар кыргыз-сауд мамилелерине эки тараптуу жана көп тараптуу форматта дагы кошумча динамика берүү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарылдыгына токтолушту.
Ошол эле учурда, Элчи И.Аль-Ради, Сауд Арабия бийлигинин чечимине ылайык коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн кошумча чараларды көрүү максатында, быйыл Меккеге (Ажылык) зыярат кылуу Covid-19 илдетине каршы вакцина алган Сауд Аравия жарандарына жана САП жашаган чет мамлекеттик жарандарга гана уруксат берүү менен өтө тургандыгын айтты.
Өз кезегинде, Министр Р.Казакбаев кыргыз тарап эпидемиологиялык кырдаалды эртерээк турукташтырууга үмүттөнүп, бул чечимге түшүнүү менен мамиле кыларын белгилеп, жогоруда айтылган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жеткирилет деп ишендирди.
Ошондой эле Элчи И.Ал-Ради Сауд Аравия Падышалыгынын Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргыз Республикасына ушул жылдын июль айынын ортосунда келүү ниети жөнүндө маалымдады.
Бул иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алып, Министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын Сауд Аравия Падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин башчысын кабыл алууга даяр экендигин билдирди.
Меню