Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр” алтын кениндеги коррупция фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрда кармалган “Ата-Мекен” партиясыныны мүчөсү, экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди 30-сентябрга чейин тергөө абагына камакка алды.
Жоомарт Оторбаев “Ата-Мекен” партиясынын Саясый кеңешинин мүчөсү катары 2010-жылдагы парламенттик шайлоого аталган партиянын тизмесинин курамында катышкан. Шайлоодон соң жеңүүчү партиялардын бири катары “Ата-Мекен” партиясына бир нече министрлик жана вице-премьер-министрлик кызматтары бөлүнгөндө Жоомарт Оторбаев 2011-2012-жылдарда вице-премьер, биринчи вице-премьер кызматтарын аркалаган.
2014-2015-жылдары Жоомарт Оторбаев Ата-Мекен” партиясынын атынан КР Премьер-министри болуп шайланып, кыргыз өкмөтүн башкарган.
Ошол жылдары КСДП жана “Ата-Мекен” партияларынын тымызын колдоосу менен Канадалыктарга Кумтөрдөгү Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалоого парламент аркылуу мыйзам өткөрүп, жол ачып беришкен.