Menu

АНАЛИТИКА

Алексей Елисеев: "2007- жана 2009-жылдардагы “Кумтөрдөгү” концессиялык аянттардын кеңейтилиш маселесин бул багытта жеткиликтүү маалыматы жана билими жок адамдар гана көтөрүп жатышат"

КР Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча агенттиктин мурунку жетекчилеринин бири Алексей Елисеев Кумтөр кенин иштетүү боюнча 2009-жылдагы келишимдин негизинде кыргыз тарап “Центеррага” 16 миң гектар жерди кошуп берген деген оппоненттеринин маалыматын жокко чыгарган макаласын жарыялайбыз.

Акыркы учурларда “Кумтөр” долбоорунун концессиялык аянттарын кеңейтүү боюнча чыгып жаткан чайкоочулуктар, бул долбоор боюнча 2007-жылдын 30-августундагы Келишим менен 2009-жылдын 24-апрелиндеги Келишимдердин шарттарын карама-каршы коюусу, ошондой эле бул талашып-талкууга жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди аралаштыруусу, көз карандысыз кесипкөй түшүндүрмөнү талап кылат. Мындай түшүндүрмө кандайдыр бир саясый боёктордон алыс болуп, жалаң документтер аркылуу далилденген фактыларга негизделиш керек, антпесе бул тема кайра эле саясый талашып-тартышууларда пайдаланыла берет жана мындай шартта көз карандысыз эксперттик корутунду чыгаруу мүмкүн эмес. Ошентип, бул кыскача анализдин жалгыз максаты жооптуу мамлекеттик кызматкерлерге жана коомчулукка ошол учурдагы айрым факт жүзүндөгү шарттарды жеткирүү болуп саналат, булардын чын-төгүнүн бул жерге тиркелген биринчи булактарды окуп эле текшерип алса болот. Жарыяланып жаткан анализ пайдалуу болот жана мындан ары бул маселеде ар кандай түшүнбөстүктөрдөн качууга жол ачат деп үмүттөнөбүз.

Биринчи кезекте, 2007-жылдын 30-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Премьер-министр А.Ш.Атамбаевдин колу менен) жана «CENTERRA GOLD INC.» компаниясынын (Президенти Homeniuk L.A. колу менен) ортосундагы Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү Келишимдин 2.4 пунктуна ылайык “Тараптар “Кумтөр Голд компанинин” учурда иштеп жаткан Концессиясын кеңейтүү үчүн Өзгөртүлгөн Концессиялык Келишим түзүшөт жана ага азыр “КГК”нын чалгындоого жана иштетүүгө лицензиясы бар территориялары да киргизилет” деп макулдашылгандыгын белгилеп кетүү зарыл. ““Кумтөр Голд компанинин” кеңейтилген концессиялык аянттардагы чалгындоого, иштетүүгө жана кен казып алууга укуктары чектелбейт.” Ошондой эле бул Келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы № 382-Токтому менен да (КР Премьер-министри Атамбаев А.Ш. кол койгон) бекитилген.

«CENTERRA GOLD INC.» компаниясынын Директорлор кеңешинин 2007-жылдын 28-августундагы чечимине ылайык, “Кумтөр” долбоорунун концессиялык аянтынын кеңейтилиши «Cameco Corporation» компаниясынын пайдасына 10 000 000 даана кошумча казыналык акцияларды чыгаруу менен төлөнгөн (Кыргыз Республикасы менен «Cameco Corporation» компаниясынын ортосундагы өз ара колдоо боюнча Келишиминин 1.1.пункту).

2007-жылдын 30-августунда «CENTERRA GOLD INC.» компаниясы ачык жаңылык Релизин чыгарган (шилтемеси: (http://centerragold.com/sites/default/files/news-releases-en/cg-08302007-en.pdf), анда бүгүн «Centerra Gold Inc. (TSE:CG) жана Cameco Corporation компаниясы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен милдеттендирген келишим түзүүгө жетишкендигин көрсөтүп, жарыялаган, анда “Кумтөр” долбоорунун узак мөөнөттө өнүгүүсүн улантуу үчүн кыргыз өкмөтү тараптан Centerra компаниясына толук берилгендик жана колдоо каралган. Бул келишим ошондой эле мурда бул компанияга чалгындоолорго берилген бардык аянттарды бириктирүү үчүн, ошондой эле “Кумтөр” кенинин иштешине жеңилдетилген, туруктуу жана алдын-ала билип турууга мүмкүн болгон салык режимин орнотуу үчүн буга чейин берилген концессиялык аянтты 25 000 гектардан ашык көбөйтөт.”

2007-жылдын 30-августунда «Cameco Corporation» компаниясы да өзүнүн жаңылык релизин чыгарган (шилтемеси: http://www.cameco.com/media/news_releases/2007/?id=196), анда бүгүн “Cameco Corporation” жана «Centerra Gold Inc.” компаниялары Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен милдеттендирген келишим түзүүгө жетишкендигин көрсөтүп, жарыялаган. Келишимдин шарттарына байланыштуу Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ишканасы  “Кумтөр” долбоорунун узак мөөнөттө өнүгүүсүн улантуу үчүн Centerra компаниясын колдоого макул болгон, ошондой эле «Cameco Corporation” компаниясынын Centerra компаниясындагы кызыкчылыктарынан чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга макулдашышты. Мунун акысына Кыргызстандын өкмөтү 32,3 миллион акция алат (Cameco компаниясынан 22,3 миллион жана Centerra компаниясынан 10 миллион казыналык акция) Cameco жабылганда, ал эми жабылуунун укуктук аныктамалары бүгүн кол коюлган келишимде көрсөтүлгөн… Кыргызстандын өкмөтүнүн Centerra менен келишими боюнча Centerra компаниясынын кен казып алуучу концессиялык аянттарына чалгындоо үчүн лицензия алган аянттарын кошуу менен кенцессиялык аянттарды олуттуу көбөйтүп, 25 000 гектардан ашат жана Centerraнын операциялык ишмердигин кыргыз өкмөтү толук колдооого алат.”

Ошентип, КР Премьер-министри Атамбаев Алмазбек Шаршенович 2007-жылдын 30-августунда «CENTERRA GOLD INC.» жана «Cameco Corporation» компаниялары менен келишимге кол коюп, Кыргыз Республикасы «CENTERRA GOLD INC.» компаниясынын “Кумтөр” долбоору боюнча концессиялык территориясын 25 000 гектардан ашык көбөйтүп бергени – бул факт. Бул кеңейтилген концессияга Кумтөр Голд Компанинин ошол кезде чалгындоого жана иштетүүгө алган бардык колдонуудагы лицензияларынын территориялары киргизилген. Кеңейтилген концессиянын акысы үчүн «CENTERRA GOLD INC.» компаниясы Кыргыз Республикасына өзүнүн 10 миллион казыналык акциясын өткөрүп бериш керек эле, бирок кандайдыр бир түшүнүксүз себептерден улам Кыргызстандын коомчулугунун көзүнө будамайланып, ал акциялар «Cameco Corporation» комапаниясынын пайдасына чыгарылып кеткен.

Дал ушундай эле кеңейтилген концессия 2009-жылдын 24-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.В.Чудинов кол койгон “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү Келишимде каралган. Ушул аталган Келишимдин 1.2 пунктуна ылайык “Тараптар бул келишимдин “Кеңейтилген Концессиялык Аянт” аттуу 1-тиркемесинде Келишимдеги “Кумтөр” долбоорундагы концессиялык аянттардын кеңейтилишин Кумтөр голд компанинин кызыкчылыгына ушундай эле укуктарды берүү менен кайра каралган деп макулдашат. Муну менен бирге 2009-жылдагы Келишимде кеңейтилген концессия үчүн акы катары «CENTERRA GOLD INC.» компаниясы Кыргыз Республикасынын пайдасына 18 232 615 казыналык акциясын чыгарат.”

Бирок, концессиянын аянттарын кеңейтүү маселесинде 2007-жылдагы келишимдин авторлоруна жана 2009-жылдагы келишимдин катышуучуларына эч кандай айыптоолор жана кандайдыр бир чайкоочулуктар болбошу керек. Чындыгында концессияны “Кумтөр Голд Компанинин” кендерди чалгындоого жана иштетүүгө алган колдонуудагы лицензияларында көрсөтүлгөн территорияларына чейин кеңейтүү бул техникалык мүнөздөгү эле чечим болгон, анткени бул долбоордун компаниялары долбоорду ишке ашыруунун башталышынан эле Кумтөр кенинин бул кеңейтилген территорияларын иштетүүгө укугу болгон.

1992-жылдын 4-декабрындагы Кумтөр алтын кени боюнча Генералдык келишим “Кумтөр Голд Компани” ишканасына Кумтөр алтын кенинин айланасындагы бардык пайдалуу жер байлыктарын иштетүүгө өзгөчө укук берген.

1994-жылдын 30-майындагы Генералдык келишимдин редакциясынын 4.13-беренесинде “Кумтөр Голд Компани” ишканасына “Кумтөр алтын кенинин периметри боюнча 7,5 километр радиустагы территорияда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана инвестиция салууга артыкчылыктуу укуктар” кепилдиги берилген.

2003-жылдын 31-декабрындагы Инвестициялык келишимде жогоруда көрсөтүлгөн укуктар жана кепилдиктер кайталанып киргизилген.

Ушул инвестициялык милденттенмелердин рамкасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары “Кумтөр голд компани” ишканасына Кумтөр алтын кенинин флангаларында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө бир нече лицензияларды беришкен, алардын ичинде:

  • “Кумтөр аянты” участогун геологиялык изилдөө үчүн 1997-жылдын 19-декабрындагы № Au-79-97 лицензиясы;
  • “Түштүк-Батыш участогун иштетүүгө 2005-жылдын 22-июлундагы № АЕ-147 лицензиясы;
  • “Сарытор” участогун иштетүүгө 2007-жылдын 30-ноябрындагы № АЕ-15-21 лицензиясы;

Андан сырткары, 2004-жылы «CENTERRA GOLD INC.» компаниясы Торонтодогу (IPO) фондулук биржасында биринчи жолу өзүнүн акцияларын ачык сатыкка коюп жатып, фондулук рынокто өзүнүн запастары жана ресурстары катары 1997-жылдын 19-декабрындагы № Au-79-97 лицензиясын боюнча бардык геологиялык чалгындоо иштерине укуктарын да койгон. http://www.centerragold.com/sites/default/files/prospectus_2004.pdf).

2006-жылы Кыргызстандын жогорку кызмат адамдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жогоруда аталган артыкчылыктуу укуктарынан күмөн санаганда CENTERRA GOLD INC. компаниясы Кыргыз Республикасына 1 миллиард долларга доомат артып, UNCITRAL эрежелери боюнча эл аралык арбитраждык териштирүүнү баштаган.

2007-жылдын 30-августундагы Келишимге ылайык CENTERRA GOLD INC. компаниясы өзүнүн арбитраждык иликтөөөсүн убактылуу токтоткон.

2009-жылдын 24-апрелиндеги Келишимге ылайык ал арбитраждык дооматтар жөнгө салынган, CENTERRA GOLD INC өзүнүн бардык дооматтарынан баш тарткан.

Жогоруда баяндалгандарга негизденип, 2007- жана 2009-жылдагы “Кумтөр” долбоорундагы концессиялык аянттардын кеңейтилиш маселесин бул багытта жеткиликтүү маалыматы жана билими жок адамдар гана көтөрүп жатышат, же биздин мамлекеттин жооптуу кызмат адамдарына тескери маалымат берип, адаштырып, реалдуу окуялар менен фактыларды атайылап бурмалашууда деп так кесе жыйынтык чыгарууга болот. Бул учурлардын кайсынысы болбосун Канадалык инвесторлор менен болгон сүйлөшүүлөр процессинде Кыргызстандын позициясын жакшыртпайт, тескерисинче, биз тараптан сүйлөшүүчүлөрдүн компетенциясына негиздүү шек жаратат.

Алексей Елисеев, КР Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча агенттиктин экс-жетекчиси

 

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: Эмнеге Жогорку Кенештин депутаттары «чимкириктерге» айланды?

Биз эч кимди шылдындап, басынтып же каралагыбыз деле келбейт… Биз бул укмуш феноменди талдап көрүп, түшүнгүбүз келип жатат. Эмнеге Атамбаевдин бир айтып койгону менен эле «чимкирик» деген кемсинтүүчү сөз байыркы акылгөй элдин аң сезимине сиңип кетти?

2010-жылдагы Конституцияны мурунтан жалпыга таанылган парламенттик жана президенттик башкаруу формаларынын стандарттарына шайкеш келүүсүн талдап көрүп, андан толук кандуу иштей турган парламентаризмди да, жана айкын президенттик моделди да көрө албадык. Жөнөкөй тил менен айтканда, 2010-жылдагы Конституцияда «Колу жок, буту жок, рулу жок, ачык-айкын багыты жок автоунаага отуруппуз да, баарыбыз эле кыйкырып, чуру-чуу түшүп, кокуйлап эле жатабыз, бирок эч кимибиз эч жакка шашкан жерибиз жок, бир жерди таптап эле турабыз».

2010-жылдагы Конституциянын ачык-айкын, так эмес жана карама-каршы болушунан улам, Кыргызстан баары эле сүйлөй берген, бирок жоопкерчилиги жок өлкөгө айландык. Ушул мезгил ичинде – парламентке кайра эле баягы жадаткан, уят-сыйыты жок «чимкириктер» келип өтүп, 2020-жылдын октябрында кезектеги төңкөрүш чыкканга чейин эл кыжыры кайнап, карап отурду.

Эмне үчүн мындай окуялар болуп кетти жана бул жерде 2010-жылдагы Конституциянын эмне тиешеси бар?

Балким билбегендиктенби, же атайын элеби, айтор, 2010-жылдагы Конституцияда депутаттар баардыгына кийлигише берген, бирок эч нерсеге жооп бербеген, ал эми Өкмөт тескерисинче, баардыгына жооптуу болуп, бирок чечимдерин чыгарууда парламентке жана  президенттин администрациясынын эркине үтүр, чекитине чейин көз каранды болуп, өзү эч нерсени чечүүгө укуксуз болгон, бийлик жана мамлекеттик түзүлүшү киргизилген.

Депутат болуш түз да, кыйыр да маанисинде өтө  пайдалуу да, ынгайлуу да болуп калды. Биринчиден, бардыгында жеке унаасы, айлыгы жакшы жеке секретаршасы, жеке жардамчысы бар, акысыз уюлдук байланышы бар, өлкө ичиндеги каалаган сапары мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Ай сайын депутаттар 40 миң сомдон күтүүсүз чыгымдарына алышат, аларга отчет беришпейт. Экинчиден, дээрлик бардык депутаттар туугандарын, жакындарын, досторун жана тааныштарын кызматтарга орноштура беришип, басып жүргөн кадрлар бөлүмүнө айланышты. Үчүнчүдөн, депутаттардын негизги киреше булагы – ата мекендик бизнеске кыянаттык кылуу менен чет элдик фирмалардын кызыкчылыгын көтөрүү болуп калды. Муну депутаттар ачык эле, бетпактык менен жасашчу, анткени оозеки айткандарын далилдеп берүүгө болбошун билишчү. Министрлерди, чиновниктерди мыйзамсыз чечимдерге кол коюуга мажбурлап, өздөрү четте карап турушчу. Ошон үчүн ар бир депутат өзүн министр сезип, фракция лидерлери өздөрүн премьер-министр сезип калышкан. Депутаттардын мыйзамсыз иштери андан көп, ошон үчүн азыр октябрь төңкөрүшүнөн кийин алар дымып, унчукпай отурушат, жана кандай болбосун чечимдерди колдоп берип жатышат. Депутаттардан принципиалдуулукту жана акыйкаттуулукту күтүү – бул келесоонун иши, алар кара санатай болгону үчүн эмес, алар мамлекеттик кызыкчылыкты кыпындай да ойлоп койбогондору үчүн! Анткени алар өздөрүнүн андан көп эселентип көбөйтүп алуу үчүн, акчаларын партиянын “общагына” салышкан. Шайлоо алдындагы какшаган убадаларын эстеп да коюшпайт, парламентке кирген партиялар кийинки шайлоого чейин иштеринин баарын жыйыштырып коюшат. Жеке жана партия ичиндеги талаштар парламенттик фракцияларга өтүп, ошол жактан кызматтарды, тендерлерди жана бюджеттин акчаларын бөлүштүрүү иши башталат. Депутаттар бат эле конституциялык-бычылган импотенттерге айланып отуруп калышат! Мунун баары кыргыз элинин башына бүткөн балээ…. коомдун саясий рак шишиги.

Эми жаны парламент да Кыргызстандын денесиндеги рак шишигине айланбашы учун эмне кылыш керек?

Эң биринчиден, Жогорку Кенешти күтүүгө болгон каражаттарды кескин азайтуу керек. Эгерде депутат – элдин кызматкери болсо, анда ал элге льготалар же артыкчылыктар үчүн эмес, таза идея үчүн, жөнөкөй элдин турмушун оңдош үчүн иштеп берсин. Жеке автоунаасын, жеке секретаршаларын, жогорку эмгек акыларын кайтарып алыш керек, ал эми жардамчылары коомдук башталышта, акысыз иштеп берсин. Жогорку Кенештин аппаратын кыскартуу менен сапатын жаңыртуу зарыл. Жогорку Кенештин аппаратына жогорку класстагы эксперттерди жакшы айлыкка ишке тартуу керек, алар мыйзам долбоорлоруна туруктуу мониторинг жана экспертиза жүргүзүшөт. Бүгүнкү күндө, көп акылгөй адистер чет элдик долбоорлордо иштешет. Мына ушул абалды түп тамырынан өзгөртүү кажет.

Ал эми эмгеги сиңген, акылман инсандарыбыз элге кызмат кылып берүүгө даяр жана  аткаруу бийлигиндеги чиновниктер коррупциясын, чынчыл иштешин көзөмөлдөп беришет. Жүрөгу ак депутаттар гана льготаларын же артыкчылыктарын жоготуп алуудан корпкпостон, тайманбай, принципиалдуу иштей алышат. Бул көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн далилденген тажрыйбасы.

Жогорку Кеңештин чыгымдарын үч эсеге кыскартуу – тышкы карыздан кутулуунун кепилденген ыкмасы. Ошол ачкөз депутаттардын принципсиз иш-аракеттеринен улам, мамлекеттин тышкы карызы көбөйгөн!

Жаңы Конституция боюнча бийликтин толук жоопкерчилигин гана эмес, ошондой эле тарыхый зор жоопкерчиликти өзүнө алып жаткан Кыргызстандын азыркы жетекчилиги, анын айланасындагылар жана командасынын негизги мүчөлөрү бир өтө маанилүү акыйкатты түшүнүп алышсын – сырты жалтырак, ичи калтырак болуп, калп көрүнбөстөн, акыйкат иштеш керек! Мына ошондо гана мурунку президенттер аткара албай кеткен эл мүдөөсүн аткарууга – Кыргызстанды өнүккөн, гүлдөп өскөн өлкөгө айландыруу вазийпасын аткаруу мүмкүнчүлүгү берилет!

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: "Согушуучу Кыргызстан…"

Тез аранын ичинде эле өнүгүп кеткен тажик-кыргыз согушу жооптору ар кандай карама-каршы келген,  менен көптөгөн суроолорду жаратты.

Эмне болду? Кезектеги эле чек арадагы кагылышпы же толук кандуу эле согуш болдубу?

Бул атайы пландаштырылган адамкерчиликсиз коркутуу акциясы болду. Тажик аскерлери Кыргызстандын тынч жаткан айылдарына жана чек ара заставаларына чыккынчылык менен кол салышты. Минометтук-артиллериялык аткылоону чек ара конфликти деп айтууга болбойт. 

Бул коркутуу акциясынын максаты эмнеде эле? Анан эмне үчүн бул согуш тез арада бүтүп калды?

Тажикстан Ворух анклавына коридор ачуу үчүн жана ошол региондо сууну бөлүштүрүүнү өзүнүн көзөмөлүнө алуу сыяктуу анык эле максаттарды көздөгөн болчу. Алар чечкиндүүлүгүн жана өз максаттарына бат эле жетип кое алаарын көрсөтүп коюшту. 

Согушту тез арада эле башталып, аякташы – бул Россия жетекчилигинин согуштун создугуп кетүүсүнүн кесепеттерин көрө алганы менен түшүндүрсө болот. Бул окуялар түрк дүйнөсүн толкутуп, биригүүгө түрткү берип койду. Экинчиден, РФ Президенти Путиндин Евразия экономикалык биримдигин (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмун (ЖККУ) түзүп кылган бардык аракеттери текке кетти. Армян-азербайжан кагылышы ЕАЭБ жана ЖККУ түзүмдөрүнүн наркын түшүрүп салды эле, ал эми кыргыз-тажик кагылышынын создугушу мурунку болгон бардык союздук республикалардын биримдигин таптакыр жок кылмак. Үчүнчүдөн, Навальныйдын тарапташтары жана Батыштын ар тараптуу санкциялары Россияны алсыздантып, Россия президентинин бийлигин бошоңдотуп, эки союздук республиканын ортосундагы согуш бүткүл Россиянын аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын мигранттарынын ортосунда катуу кагышууларга алып келмек. Төртүнчүдөн, Дүйшөмбүдө өткөн ЖККУнун саммитинде кандай кулуардык кызуу талкуулар болгонун эч ким билбесе да, болжолдосо болот болчу. Ал жерде алар, жана биринчи кезекте ЖККУ уюмунун лидери катары укукка ээ болгон Россия делегациясы да өзүн кандай кемсингенин жана алсыз сезишкенин билсе болот. Албетте, Россия жетекчилиги ал жердеги бардык маанайлар жана кулуардык сүйлөшүүлөр жөнүндө отчетту толугу менен алды. Дал ушул себептен улам, жана ошол коркутууларга байланыштуу, кремль Россиянын эки союздашынын ортосундагы боло турган чоң согуштун алдын алып, бул кагылышуунун башында кан төгүүнү токтотууну чечти. Эгерде окуялар ушул жүрүшүндө кете берсе, Москва Борбор Азиядагы эки союздашынан тең кол жууп калышы ыктымал. Ушуларды Кремль түшүндү болуш керек деген үмүттөмүн. 

Бешинчиден, кремльдеги аналитиктер Жапаровдун азыркы бийлиги дагы эле туруксуз экенин жана каалаган учурда Кремль таптакыр билбеген карөзгөй күчтөр союздук республикада бийликти басып алып коерун сезип калышты деп ойлойм, анткени жергиликтүү масштабдагы саясатчылар эскирип бүттү жана абалды контролдоого жөндөмсүз болуп калышты. Аларды эч ким укпайт дагы, алардын артынан эч ким ээрчибейт.  

Мындай учурда эмне кылуу керек? Биринчи кезекте кандай чараларды көрүү зарыл?

Тынчтыкты кааласаң, согушка даяр тур деген акыйкат бар. Биз Лейлекти жоготуп алышыбыз мүмкүн, муну түшүнүш керек. Бул район анклавга айланып, каалаган учурда кошуна мамлекет басып алышы толук ыктымал. Бүткүл Баткен облусу боюнча өзгөчө абал жарыялап, облусту аскердик аймакка айландырып, чычкан өтө алгыс чеп менен курчаш керек. Өзүбүзгө өзүбүз жардам бербесек, эч ким жардам бербейт. Элге курал таратыштын кереги жок, бул курал бүт республикага тарабайбы, бирок армиянын түзүмүндө куралданган, мыкты даярдалган отряддарды түзүп, буларды ар бир калктуу пункттарга жайгаштыруу зарыл экенин турмуш көрсөтүп жатат. Бул элдин мүдөөсү, учурдун талабы жана абалды реалдуу баалап, кароо болуп саналат. 

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы.

Москва менен Вашингтон туткундарды алмашуу ыктымалдуулугун талкуулашууда

Пол Уилан (солдо), Виктор Бут (ортодо) жана Константин Ярошенко

АКШнын мурдагы деңиз аскери Пол Уиландын москвалык адвокаты Reuters агенттигине туткундарды алмашуу боюнча Орусия менен АКШнын ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүү туурасында айтты.

Владимир Жеребёнковдун билдиришинче, сүйлөшүүнү бийликке Жо Байден келгенден кийин Америка тарап демилгелеген.

Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон мурдагы деңиз аскери Пол Улиан 2018-жылы 28-декабрда кармалган жана 16 жылга катаал режимдеги колонияга кесилген. Америкалык жаранга АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган.

Адвокаттын айтымында, учурда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы менен эки-үч ай аралыгында туткундар алмашуусу ыктымал. Жеребенков сүйлөшүү былтыр июлда кармалган Тревор Риддин ишине тиешеси бар-жогун билбейт. Ал “полицияга кол салуу” айыбы менен тогуз жылга соттолгон.

Вашингтон Риддин ишин “абсурд театры” деп атаган.

Адвокат Владимир Жеребёнков Москвада Уиландын ордуна алмашыла турган ыктымал талапкерлер талкууланып жатканын кошумчалады. Ал курал-жарак соодагери Виктор Бут менен “маңзат аткезчилиги үчүн кутумга баруу” айыбы менен соттолгон Константин Ярошенкону эске салып өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Кубан Мамбеталиев, профессор: "Отунбаева, Текебаев, Атамбаевдер 2010-жылдан тартып парламенттик демократияны эмес, партократияны, партбосстордун бийлигин орнотушту"

“5-октябрда шайлоонун таза эмес жыйынтыктарына каршы революция болду. Эгер президент качып кетсе же өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетсе муну революция дейт”, – деп билдирди бүгүн, 8-январда профессор Кубан Мамбеталиев.

“Парламенттик шайлоодо жанагы эки партия жеңип алып, парламенттеги мандаттардын жарымысын алып алып, бир партия болсо инисиники, бир пария болсо спонсордуку эле. Калган партиялар талаада калды, анан алар биригип алып, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарабыз деп чыгышты. Анан 4-президент шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды, БШК да ошондой кылды. Бирок кеч болуп калды… Шайлоого 1 жума калганда Мүсүркул Кабылбеков деген публицист: “Матраимов, эгер сен ушул шайлоону жеңип чыксаң, бул шайлоо сенин акыркы шайлооң болот, сенин эле эмес азыркы бийликтин да акыркы шайлоосу болот. Сенин да ишиң бүтөт, сени колдогон бийликтин да иши бүтөт” деп жарыялаган болчу. Ал көрөгөчтүк кылды да, 1 жумадан кийин анын айткандары аткарылбадыбы, бийлик шайлоодон улам кетпедиби… Анан баарынан кызыгы бийлик кеткенден кийин калган саясатчылар чогулуп алып “кайра шайлоо кылабыз” деп чыгышты. Кайра шайлоо кылганда, кандай шайлоо болот? Кайра эле партиялык шайлоо кылышабы, партократияны кайра курушабы? Бизде партократия кылып салышкан да. 2010-жылы Отунбаева, Текебаев, Атамбаевдер биригип алып, партократиянын структурасын түзүп коюшкан, демократия эмес, партократияны түзүштү. Анан мамлекеттик кызматтарды бөлүп алышты: 2 министрликти “Ата-Мекен” партиясына, 1 министрликти тигиге, 1 министрликти тигиге деп, ушинтип эле иштеп келишпедиби. Ушунун баары 5-октябрда революцияга алып келди. Декабрда кайрадан шайлоо кылабыз дешет, кайра шайлоо кылса дагы эле ошондой болмок. Ошол эле мыйзамдар менен, ошол эле жолдор менен башка партиялар жеңип келмек. Алар да келип алып, дагы жанагы партиялардай кутурмак, эч нерсе өзгөрбөйт эле. Бирок жаңы бийликке келген саясый күчтөр “жок, андай болбойт, биз аны бузабыз, жаңы система курабыз” деп эски системаны бузуп жатышпайбы. Эскилер “референдум туура эмес, тигиндей, анан мындай, биз парламенттик болобуз” деп жатышат. Кеп анда эмес, кеп жаңы бийликке келген саясый күчтөр эскилер түзгөн партократияны, партбосстордун системасын жокко чыгарып, бузуп жатат. Кеп парламенттик же президенттик системада эмес, кеп референдум эски системаны жокко чыгарып жаткандыгында. Партлидерлер түзгөн тартипти жокко чыгарууда. Ошол системаны жокко чыгарып алып, эми парламенттик шайлоо башка түрдө өтөт. Эгер жанагылар айткандай “мыйзам менен кылалык” деп жүрсөк дагы 1 жылга созулуп кетмек. Анда дагы 120 депутат шайлап алып, кайра олтурмакпыз, оозубузду ачып. Тигилер болсо кооз сүйлөп, демократия демек, кайдагы демократия, 30 жылдан бери алдап гана келе жатышат. 30 жыл бою бизде Президентократия анан Партократия болду. Эми буйруса 10-январда эл добушун берип жаңы президент шайланат… анан аны менен чоогу биз жанагы партиялык лидерлердин тартибин бузуп туруп, эмики шайлоо башкача болот. 120 депутат болбойт. 90 мандаттуу парламент болот, анан ортосунан тең бөлүнөт, жарымысы бир мандаттуу округдардан, жарымысы партиялык тизме менен келишет…” – деди профессор Кубан Мамбеталиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Президенттик шайлоого бийлик менен соодалашыш үчүн гана чыгып жаткан саясатчыларга кызмат берүү практикасы токтотулуш керек

Алдыда, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого карата бүгүнкү күнгө чейин 65 адам өз талапкердигин көрсөттү. Алардын ичинен биз мурунтан айтып келгендей 3-4 гана талапкердин ортосунда чыныгы күрөш жүрөт. Калгандары кыргыз айткандай “иттин уулу байгара” деле президент болгусу келет дегендей кеп. Айрым оорукчандары эле өз “мурдуна карабай бышкырганы” болбосо, көпчүлүгү өздөрүнүн шайлоодон өтпөй каларын да билишет. Анда эмнеге жанталашып президенттик кызматка жулунушууда?

Бир эле максат – бийликти коркутуп, соодалашып, бир устукан өндүрүп аламбы деген үмүт. Анткени бул президенттик шайлоолордун алдында бизде традиция болуп калды. Кайсы бир региондо, кайсы бир участокто бийликтин талапкеринин добуштарын талашып, чачыратып жиберет деп эсептеген бийлик коркконунан айрым бир талапкерлер өз талапкердигин алып салыш үчүн устукан – кызмат кармата коёт.

Алыска барбай, бүгүн да президенттикке талапкер болуп жаткан Турсунбай Бакир уулун алалы, ал 2009-жылы президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Курманбек Бакиевге атаандаш катары президенттик кызматка өз талапкердигин койгондо өз кичи мекени Кара-Сууда бутка чалынып, добуштарды чачыратып, тоскоол болбосун деген бийлик ага Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматын сунуштары менен шайлоодон өз талапкердигин алып салып, Бакиевди алкап-жалкап, Малайзияга “зуу” койгон. Эми болсо Садыр Жапаров эмне сунуштай коёт деп жулунууда.

Ал эми Бектур Асанов ошол эле 2009-жылы президенттик шайлоодо өз талапкердигин алып чыкканда Бакиевдик бийлик ага Кыргызстандын Пакистандагы элчилик кызматын кармата салары менен шайлоодон талапкердигин алып салып, Пакистаганга чаап кеткен. Эми азыр Жапаров эмне бере коёт деп күтүүдө.

2017-жылы президенттик шайлоого катышкан Улукбек Кочкоров болгону 8 миң добуш алган, азыр да өтпөшүн билет, бирок 2017-жылдагы шайлоодон кийин бийлик ага сооротуучу сыйлык катары министрлик кызмат берген. Бийлик ооз жабуу максатында кээде шайлоодогу улуу-кичүү атаандаштарына да устукан – кызмат кармата коёт.  Ошону менен оозу жап болот. Мындай устукан күткөндөр да 65 талапкердин арасында толтура.

Бүгүн президенттик кызматка барам деп арыз берген 65 адамды бирден тартып жиликтесе, мындай жоруктары чекеден чыгат.  Баары устукан күтүүдө. Ошондуктан президенттик кызматты аркалап кетүү колунан келгени деле, келбегени деле шакылдата арыз жазып, БШКны демитип турат. Көп талапкерлердин кебетесине, акылына, билимине, деңгээлине эл күлүп жатат, дүйнө күлүп жатат. Мамлекеттүүлүкө доо кетирүүдө, Кыргызстанды “сөзгө сөлтүк, кепке кемтик” кылууда. Ошондуктан жаңы бийлик жогоркудай жаман салтты токтотуш керек. Бутка чалынып, тоскоол болот деп устукан кармата коюп, аларды жаман үйрөтпөшү зарыл. Алардын артында  куру дымактан башка эч нерсе жок. Алардын айткан кооз сөздөрүнө коомчулук да сын көз менен карап, талдоого убакыт жетти. Президенттик шайлоого бийлик менен соодалашыш үчүн гана чыгып жаткан саясатчыларга кызмат берүү практикасы токтотулуш керек.

Бул жагынан байлык десе байлыгы бар, электорат десе 600 миң электораты бар Өмүрбек Бабанов прагматик катары туура кадам жасады. Анткени 2017-жылы ал президенттик шайлоого катышканда анда каржылык жана электоралдык ресурстар жетиштүү болгон, бирок административдик ресурстары жетишсиз болуп, экинчи орунда келди.  Бирок президенттик шайлоодо 2-орун деген болбойт, бирөө утат, калгандары утулат. Парламенттик шайлоодо гана партиялар добуштун санына жараша 1-2-3-орундарды бөлүшүп мандат алышат. Эгер Бабанов бул шайлоого катышканда да баягы эле административдик ресурстун тартыштыгынан кайра эле 2-орунда келмек. Бирок 2-орундун кимге кереги бар? Ресурстарды курулай ысырап кылгандан башка пайдасы жок. Ошондуктан ал “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө жакшы” дегендей Садыр Жапаровдун талапкердигин колдоп чыкты. Бүгүнкү адыраңдаган 65 талапкердин ичинде эң чоң мүмкүнчүлүктөрү бар Бабанов реалдуу чечимге келип, шайлоого катышуудан баш тартты.

Биз 1-ноябрда жазгандай, Кыргызстандын шартында президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн негизги 3 ресурс аба менен суудай керек. Биринчиден, талапкерде электоралдык ресурс болушу керек, экинчиден, каржылык ресурс жетиштүү болушу зарыл. Үчүнчүдөн, административдик ресурс баары бир чечүүчү ролду ойнойт. Бул 3 ресурс азырынча бир гана Садыр Жапаровдо бар.

Калган олуттуу талапкерлердин бири Канат Исаевде электоралдык жана каржылык ресурс  гана бар, ал эми административдик ресурстан ал өзү баш тартып алды. Эми колундагы ресурстарын үч-төрт эселеп көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана алабы? “Кыргызстан” партиясынан башка да “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын жана айрым олигархтардын ресурстарын өзүнө бура алабы?  Геосаясый оюндардын субъекттеринин колдоосун таба алабы? Муну убакыт көрсөтөт.

Үчүнчү олуттуу талапкер Адахан Мадумаровдо чектелүү гана электоралдык ресурс бар. Каржылык жана административдик ресурстары чак. Геосаясый оюнчулардын колдоосун табуу максатында Москвада жасаган кадамдары алгач жакшы жемиштерди берип жаткан. Анткени Мадумаровдун күчтүү атаандаштары Канат Исаев менен Садыр Жапаров Россиядан колдоо таппай жаткан учурда Мадумаров Москвага визит жасап, интервюларды берип, маалымат жыйындарын өткөрүп, “Мадумаровду Москва колдойт экен” деп эл оозуна кайрадан алына баштаган.

Аңгыча эле Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25 күндүн ичинде Москванын, Астананын, Ташкендин жана Анкаранын эшигин жыртып жатып, блицкриг жасап, Кыргызстандагы дүйнө өлкөлөрүнүн элчилерин эпке келтирип, Садыр Жапаровду тааныбай жатышкан дүйнө лөктөрүн ийге келтирди. Садыр Жапаровго Россиянын президенти Путин, премьер-министри Мишустин, өзбек президенти Мирзёев, казак президенти Токаев, премьери Мамин сыяктуу КМШнын дөө-шаалары телефон чалышып, ал-акыбал сурап, саясый жана экономикалык колдоо көрсөтө башташты. Бул деген алардын Садыр Жапаровду өздөрүнө тең ата катары тааный баштоо фактысы болду.

Эми Жапаровдун колунда электоралдык, каржылык, административдик ресурстардан башка да төртүнчү фактор – геосаясат да роль ойной баштады. Бул деген Садыр Жапаров бул шайлоодо атаандаштарын алда канча артка калтырып кетет деп болжолдоого шарт түзөт. Бирок, Садыр Жапаровдун командасы колунда турган административдик ресурсту иштете алабы?  Административдик ресурс  иштеши үчүн бийликтин күчтүү вертикалы болуш керек.

Аткаруу бийлигинде Көк үйдөн тартып, айыл өкмөтүнө чейин бийликтин аппараттык оюндарын мыкты билген, алчы таасын жеген, тажрыйбалуу аткаминерлер олтуруш керек. Эмне, тажрыйбасы аз, бирок премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп калган Артём Новиков админ ресурсту иштетеби же өмүрүндө мамлекеттик жооптуу кызматтарда (аткаруу бийлигинде) иштебей эле вице-премьер министр болуп жаңы эле барышкан Элвира Сурабалдиева  менен Максат Мамыткановдорбу? Тегерегине бүт тажрыйбасыз эр-азаматтарды жыйнап алды.

Жаңы дайындалып жаткан тажрыйбасыз министрлер менен агенттиктин, мекеме-ишканалардын башчыларын, губернаторлорду ал жерде иштеген эски карышкырлар угабы?

Бүгүн президенттикке талапкер болуп чыгышкандардын көбү 2-турга болжоп жатышат. Экинчи турда соодалашып алабыз, ага чейин таймаша беребиз деп көшөрүшүүдө.  Шайлоо үгүтү 15-декабрдан башталып, 8-январда бүтөт, 10-январь шайлоо күнү. Жаңы жыл алды жана жаңы жылдан кийин элдер эс алууда болуп, саясый активдүүлүк кескин төмөндөйт. Шайлоого катышуу азаят. Мындай учурда биринчи турдан эле 51% добушту алып кетүү кыйынга турат. Эгер шайлоо 2-турга өтсө анда Адахан Мадумаровдун шансы өсөт. Регионалдык фактор Мадумаров үчүн иштейт…

Садыр Жапаров шайлоого күчтүү командасы менен киришиш керек эле, бирок ал досторунун, тарапташтарынын баарын аткаруу бийлигине жогорку кызматтарга дайындап салды. Балким ушунча жыл колдоп жүргөн тарапташтарына болгон моралдык карыздарынан кутулуп жаткандыр. Ошол эле учурда аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттар шайлоо учурунда талапкерди коштоп-колдоп жүрө албайт. Мыйзам жол бербейт. Жанындагы командасын мамлекеттик кызматтарга таратып жиберип, утуш үчүн шайлоого кайсы тажрыйбалуу оюнчулар менен барат? Командасына кимдерди алат? Кыргызстанды кимдер менен кыдырат? Коррупция менен күрөшүү лозунгун туу катары көтөрүп чыккан талапкердин командасында буга чейин коррупцияга шектелбеген, арты таза, репутациясы бийик гана тажрыйбалуу адамдар болушу керек. Бул өңүттөн алганда Садыр Жапаровдун командасы ойлоно турган көйгөйлөр көп…

Булак: KyrgyzToday.kg

Президенттик шайлоого карата кайсы күчтөр кимдер менен биригүүдө?

10-январга өлкөдө президенттик шайлоо дайындалган күндөн тартып кыргыз саясат майданында саясый күчтөрдүн биригүүлөрү, орун алмаштыруулары, тымызын жүрүштөрү башталды. Ал жүрүштөрдүн негизинде бул президенттик тактыны талашта негизги күрөш төмөнкү 4 талапкердин арасында болчудай болуп турат, алар: Садыр Жапаров, Өмүрбек Бабанов, Канат Исаев жана Адахан Мадумаров. Эми алардын кимиси жеңишке жетишүү үчүн кандай кадамдарды жасап жатышканына, кандай каржылык, электоралдык ресурстар үчүн күрөш башталганына токтололу.
Садыр Жапаров колунда бийлиги болгондуктан биринчиден, шайлоого пайдалануучу административдик ресурстар колунда, экинчиден, шайлоого сарпталчу каржылык ресурстарды чече алат, үчүнчүдөн, электоралдык ресурстун уюткусу (“Мекенчил” партиясынын шайлоочулары) бар, эми аны 51%га жеткирүү гана калды. Ал максатта Жапаров “Чоң казат” партиясын өзүнө тартып, анын лидерлери Сыймык Жапыкеевге Финполдун төрагалыгын, Максат Мамыткановго вице-премьерликти кармата койду. “Ата-Мекенди” өзүнө имерип, Тилек Токтогазиевге министрлик, Элвира Сурабалдиевага вице-премьерлик мансапты тартуулады. Болгону Жанар Акаевге сураган кызматын бере албай акыркы күндөрдө Текебаев менен мамилеси солгундай түштү(ошондуктан Текебаев Нью ТВга Садыр Жапаров шайлоодон жеңип чыгып президент болот деп интервью берсе, эртеси эле “Азаттыкка” Садыр Жапаров утулуп калат деп ишендирип жатат). Жапаров “Ыйман нуру”, “Ордо”, “Бир бол”, “Республика” жана “Улуттар биримдиги” партияларын да өзү тарапка тартуу аракеттерин көрүүдө.
Ошондой эле шайлоого карата административдик ресурсту колго алуу максатында азыр мамлекеттик кызматтарга ага шайлоодо иштеп бере турган тарапкерлерин коюп, чекесинен алмаштыра баштады. Кыязы шайлоого чейин өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматтарга өз кишилерин дайындап бүтчүдөй. Эсеби, ар бир мамлекеттик кызматкер эле ага баш ийген кызматчылары, өз үй-бүлөсү, урук-туугандары, жоро-жолдоштору менен добуш беришсе эле шайлоого катышкандардын 51% камсыз кылат деген ишеним чоң сыяктуу.
Бирок, аксак жагы – Россия, АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн колдоо таппай жатат. Дүйнөнүн баардык өлкөлөрү Садыр Жапаровду бийликти мыйзамсыз басып алган төңкөрүшчү катары гана кабылдоодо. Эгер шайлоого чейин жок дегенде Россиянын колдоосун таба албаса Жапаров шайлоодон уттуруп коюшу мүмкүн. Бирок Россия өзүнүн колдоосу үчүн аябагандай чоң баага – союздук мамлекетке кошулууну суроого камдангандай болуп турат.
Дагы бир маселе – Садыр Жапаров 13-октябрда Москвадан келген Путиндин атайын өкүлү Козак менен сүйлөшүүдө президент Сооронбай Жээнбеков менен кол алышып, эгер Жээнбеков парламенттин чечимине кол коюп, аны премьер-министрликке дайындаса анда Сооронбай Жээнбеков шайлоого чейин өз кызматында олтуруп турат деп шерттешкен эле. Бирок Сооронбай Жээнбеков аны премьер-министрликке дайындаган жарлыкка кол коёру менен Козактын ортомчулугу алдында болгон шертти бузуп, Жапаров эртеси эле Жээнбековду кызматтан кетүүгө аргасыз кылды. Бул кадамы менен Жапаров Москванын алдында сөзүнө турбаган, шертти бузган саясатчынын кейпин кийип калды жана ошондуктан Кремль бүгүн Жапаровго далысын салып жатат. Ошондой эле мезгилде Жапаров шертти бузуп, Жээнбековду кызматтан кетирүү менен түштүк электоратынын көп бөлүгүн жоготуп алды.
Өмүрбек Бабанов алигиче президенттик шайлоого катышуу дымагын ачык жарыялай элек. Азырынча ортомчулар аны “Республика” партиясы менен бирдикте Садыр Жапаровду колдоого чакырып, премьер-министрлик кызматты убадалашып жатканы айтылууда.
Белгилүү болгондой Бабановго мурунку бийликтер козгогон 8 кылмыш ишине Садыр Жапаровдун бийлиги дагы 3 кылмыш ишин козгоп кошуп, 11ге жеткирип койгон. Ошондуктан өмүрүн, эркиндигин, байлыктарын тобокелге салып, ачык күрөшкө чыгып, президентикке ат салышууга духу жетеби?
Баса, Бабановдун электоралдык жана каржылык ресурстары жетиштүү жана акыл-эс менен бул ресурстарды шайлоого мобилизациялай алса чоң жеңишти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар.
Биздеги маалыматтар боюнча Россия да эгер Өмүрбек Бабанов шайлоого аттанса аны колдоо ниеттери бар. Анткени Бабанов орус бийлигине жат эмес, тепкичтен-тепкичке өсүп премьер-министрликке чейин жетип, кызматташып жүргөн. Россияда байланыштары жана чоң бизнестери бар. Бирок Бабановдун “канжыгага башын байлап” чыкканга эрки жетеби?
Биздин баамыбызда Бабанов өзүнүн коопсуздугуна Путин кепилдик бергенде гана шайлоого баш оту менен киришип, күрөшкө аттанат.
Эгер андай кепилдик алалбаса Бабанов досу Канат Исаевди колдоп кетеринде күмөн жок. Эсиңиздерде болсо 2017-жылы Атамбаев Канат Исаевди саясый негизде камакка алганда Бабанов “Канат Исаев президенттик шайлоодо мени колдогону үчүн эле камалып кетти” деп чырылдап чыккан. Өзүн моралдык жактан карыз эсептеп, ар дайым Канат Исаевди абактан чыгарып алууга аракеттенип жүргөнү белгилүү.
Канат Исаев тууралу азыр ал шайлоодо аутсайдер болот деген пикирлер арбын, бирок биздин баамыбызда ал тымызын көп жүрүштөрдү жасоо менен акырын күчтөнүп баратат. Белгилүү болгондой 10-октябрда Канат Исаевдин спикер болуп калышына ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков чоң роль ойногон. Кечээ, 31-октябрда Бишкектеги мечиттердин биринде Сооронбай Жээнбеков менен Канат Исаев бирге намазга жыгылганы да узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетти.
Канат Исаевде каржылык ресурстар жетиштүү (артында арак магнаты Шаке Абдыкеримов баштаган бизнестин дөө-шаалары турат).
Электоралдык ресурстун уюткусу (“Кыргызстан” партиясы) өзүндө бар. Бизге жеткен маалыматтар боюнча “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары да өздөрүнүн электоралдык ресурстарын бүтүндөй бойдон Канат Исаевге бурганы даярданып жатышат. Бул партиялардын функционерлеринин баары азыр кызматсыз талаада калышты жана булардын келечегине Канат Исаевдин жеңиши гана “жашыл жарык” ачышы мүмкүн.
Эгер буларга Бабанов “Республика” партиясы менен кошулуп кетсе Канат Исаевди колдой турган саясый күчтөрдүн чоң ири альянсы түзүлөт. Бир эле учурда 4 ири саясый партия, анын ичинде 2 түштүктүн (“Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан”) жана 2 түндүктүн (“Кыргызстан” менен “Республика”) партиялары колдоп калат. Бул деген Канат Исаев түштүктөн да жана түндүктөн да көп добуш алат дегенди түшүндүрөт. Дегеле Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партиясынан башка бардык партиялар жана олуттуу саясый күчтөр партиялык-парламенттик системанын өнүгүшүн каалашууда, ошондуктан Канат Исаев бул жагынан да электораттын чоң колдоосуна ээ болгону турат.
Канат Исаевге Россиянын колдоосун экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен россиячыл “Биримдик” партиясынын билермандары камсыз кылганы аракеттенишүүдө. Россия деле же Бабанов же Канат Исаев деп турганы айтылууда. Анткени Садыр Жапаров шертти бузду, бийликти шайлоо жолу менен эмес, түрмөдөн чыгып келип, күч менен басып алды, артында бандиттер турат деген шек жаралды. Өзүн КМШнын жандармы сезген Россия муну оңой баага кечирбейт.
Эгер бул ресурстардын баарын акыл менен бир муштумга түйө алса Канат Исаев шайлоодо жеңип кетишине күмөн жок.
Адахан Мадумаров боюнча айрымдар аны Садыр Жапаровдун бүгүнкү күндөгү негизги атаандашы деп аташып, шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү чоң талапкер катары баалашууда. Бирок Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдун идеологиялары жана электораты окшош болгондуктан бири-бирине электоралдык тоскоолдуктарды гана жаратышат.
Садыр Жапаров да жана Адахан Мадумаров да президенттик башкарууну кайра алып келебиз, парламенттик шайлоону бир мандаттуу округдарга кайтарабыз деп жар салышууда.
Экөөсүнүн тең негизги колдоочулары Россия менен Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттары.
Экөөсүнүн тең өлкөнүн түштүгүндө эң көп жактоочулары бар. Жапаровдун ал жактоочуларына Ташиевдин шайлоочулары да кошулуп кетери айдан ачык.
Ошондой эле Мадумаров да Россиядан колдоо таба албайт.
Мадумаровдун дагы бир аксак жагы – каржылык ресурстары жок. Кыргыздар шайлоолордо “куру аякка бата жүрбөйт” принцибине өтүп алганы алда качан.
Ошондуктан Адахан Мадумаров бул шайлоодо да өткөнкүдөй үчүнчү орунда келиши болжолдонууда.
Анын үстүнө кыргыздын жазылбаган мыйзамдары боюнча жаңы кыргыз тарыхында президент бир түштүктөн, бир түндүктөн алмак-салмак алмашып келе жатат. Эмики кезек түндүк аймакта жана бул табышмактуу күчтөр колдогон салтты буга чейин эч ким буза алган эмес.
Жогоруда аттары аталган 4 азаматтын бүгүнкү күнгө карата артыкчылыктары менен кемчиликтерин мына ушул өңүттө салыштырып караганда: күтпөгөн жерден Канат Исаевдин арымы кеңейип, дүбүртү күчөп бараткандай…
Булак: KyrgyzToday.kg

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаев сыяктуу эски саясатчыларды жаш олигарх-бөлтүрүктөр жөн эле тебелеп кетишет”

-Бегалы мырза, быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Кандай дейсиз, президент өзүнө лоялдуу, анын демилгелерине бут тоспой колдой турган депутаттык корпуска ээ болуш үчүн өз партиясын түзүп, же азыркы партиялардын бирине назарын салышы мүмкүнбү?

-Президенттик  институт сөзсүз түрдө шайлоого өзүнүн партиясын ачык же көмүскө түрдө алып чыгат. Себеби, 2010-жылдагы Конституциянын жаратылышы өзү ошондой болуп калган. Элге парламенттик система курабыз деп атышып, чындыгында өлкөгө күчтүү президенттик системаны алып келишкен. Эгер Өмүрбек Текебаев  чын эле парламенттик системаны каалаганда бир эле норма менен биздин саясий-коомдук түзүлүштү өзгөртүп коймок. Ал кайсыл норма? Конституцияда “президентти парламент шайлайт” деген норма киргизип койсо эле өлкөнүн өнүгүшү таптакыр башка нукта кетмек. Азыр Текебаев “президент премьер-министирдин ыйгарым укуктарын өзүнө тартып алды” деп айтып жатпайбы. Президент кантип тартып алды? Ал оңой эле, Текебаев жазган Констититуциянын негизинде. Парламенттик система курабыз деген өлкөлөрдө президентти парламент шайлайт. Ошондо парламент президентти көзөмөлдөп турат. Ал эми президентти эл шайлаганда ал эч качан парламенттин көзөмөлүндө болбойт. Кандай президент болсо дагы ал айтат да: ”Мени жалгыз алты миллион калк шайлап атса, силерди жүз жыйырмаңарды биригип, алты миллион шайлап атса, анан кантип мен силерге баш ийишим керек?” деп. Логикалык жактан да анын ошентип айтканга укугу бар. Текебаев өзү президент болуп калганда дагы парламентке баш ийбейт болчу. Эгер Текебаевдин чыны менен эле парламенттик системаны киргизем деген ою болгондо бир эле норманы киргизип, бир ок менен эки коён аткандай кылмак. Ал кезде эмне үчүн андай норманы киргизген эмес? Себеби, Атамбаевдин саясий-интеллектуалдык потенциалы төмөн экенин билип, баары бир биз жеңип чыгып, өзүбүз президент болуп калабыз деген үмүт менен келечекте күчтүү президенттик бийликке ээ болуш үчүн ошол норманы киргизбей коюшкан. Ошон үчүн чала жан парламент болуп калды. Эсиңерде болсо 2007-жылы жүз пайыз партиялык системаны Бакиевдик режим киргизген. 2010-жылы конституцияны кайра жазганда деле Текебаев ошол системаны көчүрүп алып, кайра алып келишти. Ошон үчүн биз алиге чейин парламенттик системаны кура албай жатабыз. Анткени парламенттин азуусу жок, президентти көзөмөлдөй албайт. Президенттин колунда күч органдары: УКМК, Генпрокуратура турат. Коалиция түзүүгө мандат берүү укугу турат. Артында шайлады деген эли турат. Президент парламентке караганда азуулуу болуп жатпайбы. Анан кантип парламент өлкөнү башкара алат?

Бизде алигиче бир маселе чечиле элек. Эгер парламенттик башкарууга өтөбүз десек анда президентти парламент шайлаш керек. Эгер андай кыла албасак, анда элди алдабай бизде президенттик башкаруу деп ачык эле айтыш керек. 2010-жылы жок дегенде президенттик башкаруунун америкалык түрүн киргизе алышпады. Өзүңөр билгендей ал жерде президент премьер-министрдин да милдетин аткарат. Тагыраагы аларда аткаруу бийлиги бир эле колдо, ал эми бизде аткаруу бийлиги эки колдо болуп, реалдуу бийлик эл шайлаган президентке өтүп кетип жатпайбы. Анан кантип Текебаев айткандай өлкөнү премьер-министр башкарсын. Премьер-министрди эл шайлабайт да, аны чала жан парламент шайлайт. Баса, дагы бир мисал, Текебаев бүгүн “президент премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өзүнө алып алды, конституциялык талаага кайтып келели” дегенде, айла жок күлкүң келет экен. 2010-жылы ал өзү жазган конституциянын 2020-жылга чейин чейин өзгөртүлбөсүн деген нормасын өзү бузуп, Атамбаевге кошоматтанышып, конституциядагы премьер-министрдин эл аралык саясатты жүргүзүү ыйгарым укугун ушул Текебаев конституцияга каршы мыйзам жазып, тартып бербеди беле? Ошондо Текебаев президентти конституциялык талаадан чыгарбады беле? Эсимде, ошол кезде интервью берип актанышкан: “КМШ өлкөлөрүнүн президенттери чогулганда жалгыз эле Кыргызстандан премьер-министр барса болбойт экен” деп. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ал кезде жалгыз эле Кыргызстан өзүн парламенттик система деп жарыяласа албетте премьер-министрин жөнөтүш керек эле да. Андай болбосо эмнеге биз “парламенттик система орноттук!” деп дүйнөгө жар салабыз? Мына, 2018-жылы парламенттик системага өткөн Армениянын премьер-министри Никол Пашинян дүйнө өлкөлөрүнүн бардык президенттери менен эле тең ата болуп сүйлөшүп, маселе чечип, келишимдерге кол коюп, өлкөсүндө саясый-экономикалык реформаларды ишке ашырып жатпайбы. Кыскасы, “балык башынан сасыйт” дегендей  Убактылуу өкмөт “башынан эле ээрге кыйшык олтурушкан”. Ошондуктан акыркы 10 жылда Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй талкаланды.

Ошол эле норманын (президентти эл шайлайт) негизинде президент аябай күчтүү бийликке ээ. Анткени эл бийликтин булагы, президентке бийликти эл берип жатат. Мындай күчтүү бийликке ээ болгон кайсы гана президент болбосун өзүнүн партиясын парламенттик бийликке алып келет. Эмне үчүн? Биринчиден, азыркы президенттин дагы төрт жылга жакын мөөнөтү бар. Бул мөөнөттө мага жардам бере турган, таянар тоом боло турган саясий партиялар, институттар болушу керек деп ойлойт. Экинчиден, президенттиктен кеткенден кийин дагы кандай гана адам болбосун өзүнүн коопсуздугунун кепилдигин камын көрөт да.

Андан сырткары, президенттик партия менен кошо жүргөн жандооч партиялар болот. Андай партиялар тууралуу да үзүл-кесил маалыматар чыгып жатпайбы. Эмне үчүн Канат Исаев соттон акталып чыкты? Демек, ”Кыргызстан” бийлик партиясына жанаша кете турган жандооч партиялардын бири. Бийликти колдогон, же ага тарапкер партиялар шайлоого барышат жана жакшы добуштарды алышат. Эмне үчүн? Себеби, кыргыздын жаш олигарх саясатчылары шайлоо технологияларын жакшы өздөштүрүп калышты.

Технология дегенде “шайлоонун шайтан оюндарын” айтып жатасыз да?

-2010-жылы Конституцияны жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды иштеп чыгышканда бир “минаны” көмүп коюшкан. Жакында эле журналист,тарыхчы Кыяс Молдокасымов  “мен “Азаттыкта” иштеп жүргөндө Текебаевден  “Ата-Мекен” партиясын бутка тургузуп, көтөрүүнүн эмне зарылдыгы бар? деп сураганыбызда ал “балдар, силер билбейсиңер. Партия деген – бул чоң бизнес. Мен муну чоң бизнеске айлантам” деген деп ачык айтып салды. Текебаев бул жагынан кыйын экен, ошол оюн чын эле ишке ашырды. Партиясын бизнеске айлантты. Эки жолку парламенттик шайлоодо: 2010-жылы жана 2015-жылы Атамбаев менен Текебаев чоң бизнес жасашты. Булар саясат менен бизнести айкалыштыра алышты. Партияларын парламенттик партияга жеткирип,  өлкөдөгү көмүскө же ачык ири байларга айланышты. Эки шайлоодо тең КСДП менен “Ата-Мекендин” тизмесине кирүү үчүн акчалуу олигархтар кезекке турушту. Текебаев менен Атамбаев дайыма эле ушундай боло берет деп ойлошту. Шайлоо участокторунда добуш сатуу да ачык жүрүп калды. Акчалуу гана партиялар парламентке өтүп калышты. Ошол эле учурда бир нерсени баамдашкан жок. Азыр алдыда келе жаткан парламенттик шайлоодо өздөрү казган орго өздөрү түшүп калуулары ыктымал. Себеби, бул акыркы эки парламенттик шайлоодо (2010-2015) Текебаев менен Атамбаевдин жасаганын көрүшкөн жаш олигархтар “саясатты ушинтип эле жасаса болот турбайбы, саясат деле бизнеске окшош турбайбы, баарын акча чечет турбайбы” деген жыйынтыкка келишип, азыр акчасы бардын баары партия ачып алышты. Алды парламентке кирип келишти, арты шаардык жана айылдык парламенттерде олтурушуп, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого жулунуп келатышат.

Кийинки келе жаткан муун саясатчылар эмес, бизнесмендер. Мисалы, ошол эле “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, ”Замандаш”  партияларынын башында бизнесмендер турат. Алар бизнеске аябай шыктуу жигиттер да, “аа, парламентке ушинтип эле өтүп кетсе болот турбайбы” деп тигилердин ыкмасын жаңы технология катары өздөштүрүштү. Ошон үчүн 2015-жылы Атамбаев, Текебаевдин партиясынан башка бүт бизнесмендер, олигархтар өтүп келишти. Эми жалаң акчалуулар, каржы ресурстарына ээ болгон партиялар өтө турган болуп калды. Көрөсүңөр, жалаң жаш олигархтар келет шагырап. КСДП менен “Ата-Мекен өтпөй калышы мүмкүн. Себеби, алардын каржылык мүмкүнчүлүгү тигилердин деңгээлине жетпейт. Алар өздөрү түзгөн технологиянын курмандыгы болушат. Эски саясатчылар оюндан чыгып, эмки парламент жалаң олигархтардын парламенти болот. Булар саясый күрөштөрдө, саясый атаандаштыктарда  жеңишип, парламентке келатышкан жок. Бизнестик күрөштө чоң акча таап, экономикалык күрөштө өздөрүн көрсөтүшүп, көз карашы ушул багытта калыптанган кишилер өлкөнүн саясий бийлигине келе жатышат. Андай ири олигарх курулуш бизнесмендердин бири парламентке депутат болуп келип, андан соң баш калаанын мэрдигине шайланды. Мындан кийинки саясаттан ушундай эле жыйынтыктарды күтсөк болот. Дайыма эле ушинтип парламенттик шайлоолордон акчаны самандай сапырып таап жыргай беребиз деп калышкан Текебаев менен Атамбаев сыяктууларды бул жаш бөлтүрүктөр эми жөн эле тебелеп кетишет.

-“Бир бол”, ”Өнүгүү-Прогресс”, ”Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялардын тагдыры кандай болот деп ойлойсуз?

-“Өнүгүү-Прогресс” менин оюмча, бул шайлоодо өтө албайт. Мендеги маалымат боюнча, алар бийлик менен тил табышууга аракет жасашууда. Бирок, өз алдынча шайлоого барса шансы жок. ”Бир бол” да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. ”Бүтүн Кыргызстан” болсо… Ал 2010-жылкы шайлоодо жеңген, бирок, өтүү босогосун көбөйтүп туруп, чыгарып салышкан. Экинчи жолку шайлоодо админстративдик ресурстун негизинде эле  өткөрбөй коюшту. Алар азыр  деле радикалдуу жол менен кетет, бийлик менен келишип, сүйлөшүү жолу менен өтүүгө аракет кылбайт. Бирок, админстративдик ресурс менен таймаша алабы – бул өзүнчө чоң маселе. Лидери Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдүн башын бириктиргенге аракет кылат болушу керек. Эгер бириктире алса, оппозициялык партия катары “Бүтүн Кыргызстандын” деле анча-мынча шансы бар. ”Ак-Шумкар” эч качан саясий күчтөрдүн башын бириктире албайт. Анткени, электораты жок. ”Ар-намыс” электоратын жоготуп алган. ”Ата-Мекендин” бүгүнкү абалы түшүнүктүү. Ошолордун ичинен жалгыз гана “Бүтүн Кыргызстандын” электораты  бар. Эгер алар өздөрүнүн  тегерегине бардык саясий күчтөрдү аз-аздан жыйнап алса,  оппозициялык партия катары парламентке өтүп келүүгө шансы бар. Бирок, биздеги оппозициялык күчтөр оңойлук менен бир муштум болуп биригише албайт. Бир да шайлоодо андай боло элек. 2010-жылы “Ата-Журт” гана бир аз окшоштура алды, бирок бардык күчтөрдү бириктиргенге алы жеткен эмес. Алтургай кийин элдин аларга болгон ишенимин талкалады.

Булак: “Азия ньюс”

Эңгиреген экономикаң алтын менен ЕАЭБге көз карандыбы?

Кыргызстандын экономикасы Кумтөрдөгү алтындын казылып алынышына көз каранды. 2019-жылы алтын ири көлөмдө казылып алынып, натыйжада өнөр жай өсүшүнүн көрсөткүчү кыйла жогору болду.

Бирок кен казуу тармагында иреттүү тартип жок. Кайсыл жерде болбосун, жергиликтүү тургундар кен казууга каршы митинг уюштуруп келет.

Анын үстүнө 2019-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүүдөгү кээ бир техникалык регламенттердин мөөнөттөрү да соңуна чыкты. Эксперттердин айтымында, 2020-жылы мунун бардыгы экономиканын абалына терс таасирин бере баштайт.

Бардыгы алтынга көз каранды

2019-жылдын башында бардыгы ойдогудай көрүнгөн. “Кумтөр”  алтынды жакшы казып жаткан. Өлкөнүн ички дүң продуктусу илгерилеп калган эле. Январда адеттегидей ишкердик активдүүлүк басаңдаганы менен, экономиканын өсүшү 6,4 пайызды түзгөн.

Эксперттер “сүйүнүүгө эрте” деп эскертишкен. Жылдын экинчи жарымында баалуу металлдарды казып алуу көлөмү азайып, экономика да өсүшү да басаңдаган. 2019-жылдын апрелинде эле ИДПнын өсүшү январга салыштырмалуу араң 0,7 пайызды түзгөн. Августтан тарта экономика басаңдап олтуруп, ноябрга карата 4,9 пайызды түзгөн.

Евразиялык банктын аналитиги Айгүл Бердигулованын айтымында, 2019-жылдын биринчи жарымындагы өсүш экинчи жарымында кадамкидей жайлады. Бул “Кумтөр” ишканасындагы алтын өндүрүү динамикасын аныктап койду.

“2019-жылы калктын акчалай кирешеси менен инвестициялык активдүүлүктүн фонунда өлкө ичиндеги талап экономикага көмөк көрсөтүп келди. Натыйжада, Еварзиялык өнүгүү банкынын баасы боюнча, 2019-жылы өлкөнүн ИДПсы (ички дүң продуктусу) 4 пайызды түздү”, – дейт эксперт.

Уран менен алтынга каршы

Өткөн жыл кыргызстандыктардын кен казууга каршы турушу менен эсте калды. Эгемендүүлүк алганы мындай кен иштетүү долбоорлору ызы-чуу менен коштолуп келгенине көнүп деле калгандай болдук. Бирок 2019-жыл өзгөчө эсте каларлык.

Бардыгы Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин казуу боюнча долбоордон башталды. Тоң районунан уран менен торий казылып алынып, Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына иштетилет деп жатышкан. Бирок февралда долбоорго каршы массалык митингдер башталды.

Туу чокусу апрелдин соңунда Бишкекте болуп өттү. Андан кийин эле өлкөдө уран казууга толук тыюу салуу мыйзам долбоору келип чыкты.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште чоң талаштардын себеби болду. Акыры депутаттар аны кабыл алып, президент да колун койду.

Бирок уранды казууга инвестиция салгандар менен талаш-тартыш тынчый элек, алдыда далай соттук териштирүүлөр болот окшобойбу.

Августта Нарын облусунун Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар ортосунда жаңжал чыкты. Митингге 300дөн ашык жергиликтүү тургундар чыгышты.

Алар алтын казган Zhong Ji Mining кытай компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышты. Натыйжада митингчилер менен жумушчулар бири-бирине таш ыргытканга чейин барышты. Солтон-Сары кениндеги жаңжалдан 20 киши жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлдү.

Иш аз жерден эл аралык ызы-чууга айланып кете жаздады. Кытайдын элчилиги ачуу билдирүү жасап, кытай ишканасына кол салуу болгондугун айтып чыкты. Кытай дипломаттары кыргыз өкмөтүнөн мыйзам чегинде тийиштүү чара көрүүнү, кытай жарандарынын коопсуздугун талап кылышып, экинчи мындай жаңжалдын кайталанышына жол бербөөнү суранышты.

Акция бир нече күн уланды. Натыйжада өкмөт Zhong Ji Mining компаниясынын лицензиясын токтотуп турууга аргасыз болду. Солтон-Сарыда иш уланабы-уланбайбы, алигүнчө белгисиз.

Аткезчилик менен күрөш

Кыргызстандын экномикасына жана бүджетине аткезчиликтин агымы да зор таасирин берет. 2019-жылы бул тема бир нече ирет көтөрүлдү. Эң алгач коңгуроону мунай трейдерлери кагышты. Коңшу өлкөлөрдөн мыйзамсыз күйүүчү майлар келип жатканын келтиришип, легалдуу бизнес коркунучка кептелгенин айтып чыгышты.

Эксперттердин эсебинде, 2018-жылы Кыргызстанда күйүүүчү майлардын көмүскөдөгү үлүшү 25 пайызды түзгөн. Мындайча айтканда, өлкөдөгү ар бир төртүнчү литр – аткезчилик менен келген.

2018-жылдагы маалыматтарга ылайык, күйүүчү майлардын рыногунда салыктын эки түрү (акциз жана кошумча нарк) боюнча бүджет 3 млрд сомдон куржалак калган. Бул күйүчү майларды импорт кылгандардын кадыресе расмий эсеби боюнча гана. Кээ бир экономисттер өлкөдөгү күйүүчү майдын көмүскө рыногу 40 пайызга жетерин айтышууда.

2019-жылдын соңунда өкмөт күйүчүү майларды Кыргызстанга автоунаа менен ташууга тыюу салууга аргасыз болду.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 1-январынан баштап, өлкөгө күйүүчү майларды кое берүүдө автоматташтырылган система киргизилди. Күйүүчү майды дүңүнөн менчигинде мунайзат сактоочу базалары бар компаниялар гана сата алышат, ал эми чекене түрүндө АЗСте гана сатылмакчы.

Мындай иш-чаралар аткезчиликти токтото алабы-албайбы, азырынча айтуу эрте. Бирок өкмөт буга чоң ишеним артууда.

Күйүүчү май – Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген жалгыз товар эмес. Аткезчилик менен өлкөгө ири көлөмдө ун, тамеки, жер-жемиш, кийим-кече жана башка калкка зарыл товарлар киргизилип келет.

Депутаттар эсептеп чыккандай, Кыргызстандын бүджети аткезчиликтин айынан аз дегенде эле 8,2 млрд сом жоготот экен.

Өкмөт болсо товарлардын мыйзамдын кириши менен тынымсыз күрөшүп келе жатканын бир айтып, бир койойт, бирок абал өзгөргөнү байкалбайт. Кудайдын куттумуш күнү ар кайсыл кызматтар чегарада аткезчилик кармалганын айтышууда. Ал кармоолор көз жаздым үчүн сыяктуу. Көмүскө каналдар менен ири товарлардын киргени кирген, бизнес менен өлкө бүджетине катуу сокку уруп келет.

2020-жылдан эмне күтсөк болот?

Улуттук банк өз божомолунда белгилегендей, Кыргызстанда экономиканын өсүү тенденциясы сакталууга тийиш – бардыгы соода өнөктөштөргө, дүйнөлүк соода рынокторундагы баалардын туруктуулугуна байланыштуу болот.

Мындан тышкары Улутттук банктын божомолунда, мигранттардын акча которуу көлөмү азаят, бирок ал Кыргызстандын экономикасына чоң таасир бере албайт.

“Экономикалык өсүштүн азыркы учурдагы ички жана тышкы шарты сакталып калса, ИДПнын терс ажырымы 2020-жылдын аягында жабылат, – дешет Улуттук банкта. – 2020-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 3,6 пайыздын тегерегинде болот, “Кумтөр” эсепке алынбаса – 3,5 пайыздын тегереги”.

Мындай божомол менен Евразиялык өнүгүү банкы да макул. Банктын аналитиги Айгүл Бердигулованын ою боюнча, “Кумтөр” ишканасынын алтын казып алуу көлөмү акырындан төмөндөп кете берет, ошонун негизинде 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсынын өсүү динамикасы аныкталат.

“Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өсүшкө ылайык, акча которуулар, экспорттук кирешелер экономикага таасирин берет. Жай болсо да, өсүш болуп турат”, – дейт банк эксперти.

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Булак: 24.kg

Трайбализм синдрому... Же түндүк-түштүк картасы, бул Кыргызстанды жок кылуучу, өтө коркунучтуу айыктырылгыс оору

Ушул темада, макала жазууну каалаган эмес элем. Бирок, буга баштагы ЖКнын депутаты, укук коргоочу Чолпон Жакупованын элибизди түндүк-түштүккө бөлүп, “бечара аркалыктар” деп айткан пикири таасир этти. Бир ирет, сакалың өрттөңгүр Брежнев доорунан калган “партбос” Кемелбек Ашыралиев да ак үй “каллош жыттанып кетти” деп, карыганда айнып оштуктарды кемсинтип, келекелеп дөөрүгөндөй айтып алган жагы бар эле. Чал алжыган экен дешип көбү ага теңелип, асылышкан эмес болчу. Ушуну менен бүттү го деген элек, көрсө жаңылыппыз. Андан кийин эле элдин канын төгүү менен бийликке келип, Мадумаров менен Атамбаев айткандай “өзүн-өзү шайлап алган” Отунбаева ”мыркалар” деп чак түштө балп эттирип алды. Ушул сөздү кечээ эле Кыргызстанды “аз-маз” болсо да башкарган “жоогазын”,“сары түстү” жакшы көргөн “Мадам брошка” деген каймана аты бар айымдын айтканы абдан өкүндүрдү. Элдин эсебинен олчойгон пенсия алып, резиденцияда жашап, ажатканадан башка жерде жан сакчылардын коштоосу менен жүргөн Отунбаеванын деңгээли ушул болсо, анда бүткөн экенбиз. Жакупова менен Отунбаева экөө тең батышчыл, ошолордун ырын ырдап, алардын талкалоочу саясатын колдоп, ошону менен азыктанып турушат эмеспи. Ички миграциянын айынан Бишкекке көбүнчө Ош, Баткен, Жалал-Абаддан жашоонун өтө төмөндүгүнөн айла жоктон оокат издеп көчүп келгендер көп эмеспи. Аны жашыруунун кереги жок. Отунбаева мырк!” дейби кагазга ороп,“мырка!” деп тырмакча ичине сүйлөйбү, анын ким экенин, айтар сөзүнүн түпкү маанисиң элибиз деле билип бүттү. Акаевдин гүлдөгөн доорунда өзбек президенти Каримов ТИМ министри Роза Отунбаеваны көпкө чейин тиктеп калат. Аны байкап калган казак президенти Назарбаев “Ислам Абдыганиевич, Роза Отунбаевага ашык болуп калгандай көпкө тиктедиңиз го!” – деп тамаша иретинде сөз ыргытат. Ошондо Каримов, “Жок, Нурсултан Абишевич, мен ашык болгондон тиктегеним жок!” дейт. Назарбаев “ Анда эмнеге мынча тиктедиңиз?” деп кайрадан тамашага салат. Каримов “Аскар Акаевич, бул катындын ичи толтура шайтан экен. Тезинен кетириңиз, Отунбаева сизге да, элиңизге да жакшылык кыла турган аял эмес!” – деп ачыгын айтып салганын, саясатчылардан уккан жайым бар. Кыргызстандын “мырктарынын” эсебинен олчойгон пенсиясын алып, эскерүү китебин жазып резиденцияда тынч жата бербейби дейм да. Эски улакчыдай, дагы деле саясаттын сасык оюндарына тойбой Бабанов же Текебаевдин партиясы менен парламентке барчу түрлөрү бардай.

Акыркы кезде көз караштары биригип бараткан Карамушкина, Отунбаева, Жакуповалардын арам ойлору башкада экенине  эми түшүндүм. Өзгөчө Кой-Таш окуясында элди бөлүп жаруу, “түндүк-түштүк” маселелери өтө күч алып, ачык эле электрондук сайттарда чыга баштаган. Бакиевди тактан кетирүү үчүн Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн алдын канга чылаганга чейин барган Атамбаев өзүнүн Кой-Таштагы резинденциясына суракка чакырганга барган күч структураларынын опер тобунун адамдарын киргизбей, аларды барымтага алышып, көк ала кылып сабашып, курал-жарактарын тартып алгандары маалым. Өлкө башчысы, азыркы парламент жайгашкан Ак-Үй кайтарууда турган № -1 обьект экенин Атамбаев жана анын “шайкалары” жакшы билишчү. Ошого карабастан билимсиз жаштарды куралдуу, кандуу төңкөрүшкө үндөп алып чыгышкан. Алты жыл бою мамлекеттин казынасын уурдап, Акаев менен Бакиевди жамандап жүрүп, Атамбаев криминалдык бийликти түзүп кеткенин көрдүк го. Бизди демократияга үйрөткөн АКШнын президенттери отурган Ак-Үйүнө төңкөрүш жасайбыз деп кол салып көрүшсүнчү. Ошол жерден аларды атып, кырып жок кылып салышмак. Ал эми өлкөнү жети жыл башкарган Атамбаев Кой-Таштагы өз үйүнө суракка чакырганы барган оперативдүү топтун кызматкерлерин кийирбей койду. “Куралым бар, менин үйүмө кол салышса атышам!” Жөн багынып бербейм! – деп бийликти коркутту. Кечээги жалпы элине ант берген Атамбаев, өз антын бузуп, өз атуулуна ок чыгарды. УКМКнын офицери, Атамбаев президент болуп турган учурда анын коопсуздугун сактаган подполковник Ниязбеков Үсөн, Атамбаевдин үйүнүн ичинен атылган октон каза болуп жатканы өкүнүчтүү. Ким ойлоду эле, өз президенти өзүн коргоп жүргөн офицерин атып салат деп. Аны да Алмаз Атамбаев тактап “Окту мен атканмын!” – деп өз мойнуна алган жайы бар. Атамбаев мыйзамды сыйлаган адам болсо, Кой-Таштагы кандуу окуя болмок эмес эле. УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев менен ИИМ министри Кашкар Жунушалиев Кой-Таштагы окуяга жооптуу. Ошол операцияны дурустап өткөрө албай бүт дүйнө жүзүнө шерменде болушту. Жээнбековдун ордунда Атамбаев болгондо бул экөөнү эбак кызматтан алып, жоопкерчиликке тарттырмак эле. Офицер Ниязбековго Атамбаев аткан ок тийип, ал каза болду. Биздин элибиз, бийлик башындагылар деле бир нерсеге анчейин маани беришкен жок. УКМКнын офицери Үсөн Ниязбеков өзүнүн өлүмү менен кара жолтой Атамбаевдин Кыргызстанды түндүк-түштүк кылып бөлүп салуу коркунучунан, кыргыз элинин бүтүндүгүн, керек болсо Сооронбай Жээнбековдун президенттигин, дагы бир кандуу мамлекеттик төңкөрүштөн куткарып калды. Кудай сакта, капысынан Кой-Таштан Чүйдүн кулундарынан бирөөсүнө адашкан ок тийип өлүп калганда барбы, ошол адамдын сөөгүн көтөрүп алып “түштүктүк президент Жээнбеков биздин балабызды атып салды!” дешип Ак-үйгө чейин келип тополоң кылышмак. Атамбаевдин көксөгөнү ошондой кандуу окуя болчу. Кудай бар экен, Атамбаевдин арам ою ишке ашпай калды. Өзүнүн өлүмү менен мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калган Үсөн Ниязбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку наамды берсе да жарашмак. Убагында Роза Отунбаева мамлекеттик төңкөрүшкө катышкан элчи инисине “баатырлыкты” уялбай эле бере салган. Үсөн Ниязбеков да өзүнүн баатырлыгы менен ошондой жогору баага татыктуу. Отунбаеванын “баатырына” салыштырмалуу Ниязбеков өз өлкөсүн чоң апааттан сактап калганын дагы баса белгилеп кетким келип турат. Мурдагы президент Атамбаев өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн дагы бир жолу кан төгүү менен мамлекеттик төңкөрүшкө катуу даярданганы көрүндү. Атамбаевдин арам ою ишке ашканда кара тизмеге түшкөн бизнесмендердин, жеке ишкерлердин, байлардын байлыктары, мүлктөрү тонолуп “көчмө” ноториалдык конторалар түнү менен башка адамдарга “өз каалоолору” менен анын менчигине өткөрүп беришмек. Атамбаевге каршы сүйлөгөн саясатчылар, ММК кызматкерлери, журналисттер жазаларын алышмак. Ниязбековдун өлүмү менен бул ирет Атамбаевдин жана анын кан көксөгөн жактоочуларынын арам ойлору ишке ашпай, мамлекеттик төңкөрүш болбой, мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемдүүлүгү сакталып калды. Бул Үсөн Ниязбековдун өмүрүнө байланыштуу. Ал эми Атамбаевдин жалгыз арам ою, ич күйдүүлүгү президент Сооронбай Жээнбековду өзү каалагандай башкара албай, арам ою ишке ашпай калган соң мамлекеттик төңкөрүш жолу менен тактан кулатуу болгон. Ал эми Сооронбай Жээнбеков коррупциянын башындагы, өз элин, мамлекеттик казынаны тоногон, чала бандит Алмаз Атамбаевди эмес, өзү ант бергендей кыргыз элин тандаганы болду. Жеке коррупциялык иштери үчүн мамлекеттүүлүктү жок кылып жиберүүдөн кайтпаган Атамбаевди бир кесим эт, бир бөтөлкө арак, беш миң сомго сатылып аны ээрчиген адамдарга таң калам. Саткын Жээнбековго караганда коррупционер, ууру, жарым террорист болсо да Атамбаев өз балабыз!” деген адамдарды угуп алып таң калып, жакаңды карманасың.

Албетте ачык айта алышпаса да шыбырап сүйлөшкөндө, түндүктүн көпчүлүк саясатчылары эптеп Жээнбековду тактан кетирип, ордуна өз адамдарын алып келүү болуп турган кез. Эмнесин жашырабыз? Түнү эл аралашып, “Такка алып келген Атамбаевди сатып кеткен, саткын түштүктүк Жээнбеков бутуна туруп кете электе тактан түшүрүү керек!” -деген сасыган, элибизди экиге бөлгөн сөздөрдү угуп калып жүрөбүз го. Өзүн башкара албаган жаштарга акча таратылып “ түндүк-түштүк” маселесин көтөрүшүп, түнү уктабай жүргөндөр бар.

Эми, буга чейин деле саясатчылар жаап жашырып “түндүк-түштүк” деп элди бөлүп келишкени калп беле. Биздин акылман элибиз алардын сасыган саясатын колдобой, артынан ээрчибей келгени бул чындык. Азыркы күндө аты-жөнү кыргызча болгону менен тилин билбеген, ал эми дилин бербеген Чолпон Жакупова менен Карамушкинанын айырмасы деле болбой калды. Чынында “сырты жалтыраган,” ал эми жан дүйнөсү ириген, чириген укук коргоочу Жакуповага өз пикиримди айтып коюуну туура көрдүм. Элчи инибиз Эдил Байсалов Чолпон Жакупованын элди бөлүп жарып жазганына жакшы жооп бериптир. Ошондон үзүндү келтире кетейин:

“Түштүк-түндүк бөлүнүүгө каршы. “Я не уважаю Вас. Есть достаточно эпизодов, которые говорят о личной непорядочности, экзальтированности, самовлюбленности. Знают об этом и помнят многие другие политики. Такое не забывается. В отличие от них я не могу и не умею мило в лицо говорить одно, а думать другое. Поэтому, простите, не принадлежу к клубу ваших обожателей. У вас нет ни позиции, ни платформы, ни убеждений. Вам слишком нравится быть центром обожания публики, той части, которая, к сожалению, живет одним днем, хайпом, эмоциями, и не отличает гражданскую позицию от позы. Ну вот вам ничего не стоит, походя теперь обвинить меня в якобы получении больших денег, и что, значит, я не выдержал «этого испытания». Опять же оставлю это на вашей совести. Вы из тех, кто ради красного словца, что угодно скажет. Вам давно уже не достаточно образа «самой честной». Нет! Вы жаждите быть «единственной».

Хочу только вспомнить. Не в заслугу вам. Просто отметить, как факт. Один из депутатов этим летом, при рассмотрении моей кандидатуры, сказал, что Вы положительно отозвались обо мне и сказали, что я справлюсь со своей работой. Это я хочу отметить, чтобы вы могли себе впредь также приписывать и мое выдвижение в качестве посла.

А теперь о главном.

Все, кто делит мой народ, являются моими личными врагами. Несмотря ни на какие заслуги. Самый главный враг наш не коррупция, не повальная некомпетентность, не отсталость, и не бедность. Это те, кто за кухонным ли столом ли у себя дома своим детям, в разговоре с коллегой на работе, либо в социальных сетях воспитывают и прививают чувства ненависти друг к другу.

Это те, кто подсчитывает скрупулезно, кто и откуда вышел. Это и те, кто, как Джакупова Чолпон, сам такого не пишет, но распространяет и подписывается. Все наши остальные проблемы (коррупция, некомпетентность, бедность) являются производными от этого разделения. Надеюсь, что для всех произошедшее станет уроком.

Таков мой ответ.”

Эдил Байсалов 18 декабря в 18:43

ММК каражаттарынын беттеринде, саясат айдыңында кээ бир журналисттер Жээнбеков айланасын “түштүктүктөргө” толтуруп жатат деген сөздөрдү көп айтышчу болду. Сооронбай Жээнбеков табиятынан элди түндүк-түштүк кылып эч качан бөлбөгөн инсан. Бирок, элдин арасында Сооронбай Жээнбековду ушул кезге чейин өз командасын топтой элек деп сындап келишет. Чынында бул сөздүн чындыгы бар. Айланасын карап көрсөңөр 80% Атамбаевдин куйруктары, ошону менен иштеген жетекчилер. Мен өзүм билген, азыркы күндөгү мамлекеттик ММКнын башчыларынын баарысы Кыргызстандын бир регионунан болуп калганы өкүндүрөт. Мисалы КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу (туулган жери Нарын областы), ЭлТРдин гендиректору Айбек Мусаев (Ысык-Көл обл.), “Кыргыз туусу” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков (туулган жери Нарын областы), “Эркин-Тоо” гезитин баш редактору Керимбаев Дыйканбек (туулган жери Жалал-Абад областы), Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев (туулган жери Ысык-Көл областы), “Кут-билим” гезитинин баш редактору Кубат Чекиров (туулган жери Нарын областы) мыйзамга туура келбесе да, ошол эле учурда “Би-Би-Си” радиосунда да иштейт. “Бетме-Бет” гезитинин баш редактору Нарынбек Жамангулов (туулган жери Нарын областы) анын ордуна Нармырза Калыбаев (туулган жери Жалал-Абад областы) келген. Ал тургай “Би-Би-Си” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Гульнара Касмамбетова (туулган жери Ысык-Көл областы) ал жерде бир тууган сиңдиси Акчолпон Касмамбетова (Койчиева), анын күйөөсү да ушул радиодо иштейт. Мындайча айтканда бир үй-бүлөөнүн радиосуна айланып калды. Буга чейин “Азаттык” радиосу менен “Би-Би-Сини” жетектеген Тынчтыкбек Чоротегиндин баласы Алмаз Чороев “Би-Би-Си” радиосунда иштеп келет. Ал эми батыштан каржыланган “Эркин Европа”, “Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси, ошондой эле Орто Азия боюнча регионалдык кызматынын милдетин аткаруучусу Венера Сагындык кызы, (Ысык-Көл областынан), Ал эми Бишкектеги “Азаттык” радиосунун жетекчиси Айзада Касмалиева (туулган жери Ысык-Көл областы). «Азаттыктын» бүгүнкү жетекчилиги, радионун кыргыз бюросу ачылгандан тартып иштеп келаткан Эсенбай Нурушев, Айданбек Акматовдорду, дагы башкаларды кызматтан четтетти. Ошол эле учурда, өмүрүндө эсте каларлык бир макала жазбаган президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева (туулган жери Талас областы) экени белгилүү. Ал эми премьер-министрдин басма сөз катчысы Эсенгул уулу Чыңгыз (туулган жери Нарын областы) башкарып келет.

Биз канчалык сындабайлы, Атамбаев өзүнүн “Апрель” ТВна өтө күчтүү команда топтогону белгилүү. Бул сөзүм башкаларга жакпаган менен ачуу чындык. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай айым айланасына күчтүү команда топтой алган жок. Информациялык согушта, президенттин басма сөз катчысы Толгонай айым өзүнүн профессионалдык деңгээлинин төмөндүгү менен кесиптеши Кундуз Жолдубаевадан 10:0 эсебинде утулуп калганына жалпы кыргыз эли күбө. Салыштырып айтканда, басма сөз айдыңындагы кармашта Кундуз Жолдубаева Толгонай айымды тирүүлөй тооктун жүнүн тытып, жүдөтүп, мурдунан чимкиригин агызы спалгандай абалга жеткирип салды. Азыркы бийлик, ошол күндөрү информациялык согуштан жеңилип, Сталинграддын алдындагы согуштай абалга жетип талкаланып “Апрель” ТВны күч менен жаап гана кутулушту. Кыска убакыттын ичинде “Апрель” ТВсы элдин көпчүлүгү көргөн теле компанияга айланды. Бул да чындык. Толгонай Стамалиева журналист катары Кундуз Жолдубаеванын алдында моралдык жактан да утулду. Мына, профессионалдуулук деген эмне экенин Жолдубаева президенттин басма сөз катчысына көрсөтө алды.

Чындыкты айткан адам, эч качан падышага да жакпайт деп айтышат. Анын чындыгы бар, убагында экс-президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдерге да ачуу чындыкты айтып жаман көрүнгөн жагым бар. Алар убагында укпай койгондору менен кийин өкүнүштү. Бүгүнкү күндө, Акаевдин жанында деле саналуу гана адам калды. Менимче Бекболот Талгарбеков гана баштагы позициясынан тайбай, Акаевди колдоп жүрөт. “Акаев үчүн жанымды берем!” деген Токон Шайлиева ошол бойдон өзү жок. Бакиевдин ишенгени, ортозар илимпоз, ишенген кадры Досбол Нур уулуна окшогон кадрлар болчу. Аны кай жерлерге гана алып барбады. Ошол Досбол Нур уулу “Мен Бакиев үчүн жанымды берем!” дегендердин бири эле. Бирок, Бакиевге жанын бермек түгүл, өз чүчкүрүгүнөн өзү чоочуп, жакындан бери гана үйүнөн көчөгө чыгып, той-топурларда көрүнө баштады. Ал эми Атамбаев доор сүрүп турганда жанында кошоматка кой союп канчалаган адамдар жүрүшчү, Алмаз Шаршенович менен кол алышып саламдашып койсо, бир жума бою колун жуубай жүргөндөрү канча болгон.

Президентти башынан сылап же көңүлүн оорутуудан алысмын, мамилем бузулса да болгон ачуу чындыкты айтып коюу менин жарандык парзым деп билем. Ачыгын айтсам, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да бир топ алгылыктуу иштерди баштоодо, бирок өзүнө ишенген, экономикалык реформа жасай ала турган күчтүү командасы жок болуп жатканы өкүндүрөт. Президент, премьер-министр, министрлер, губернатор, аким, айыл-өкмөтүнө чейинки жумуштун баарын өз мойнуна үйүп алгандай көрүнөт. Бийликти “тазалоо”, “жазалоо” убактысы эбак келген. Жакында эле Атамбаевди саткан адамдар “оптом” Сооронбай Жээнбековдун айланасына “үйүрү” менен анын короосуна кирип алышты. Алар эч качан президент Жээнбековго жанын үрөп иштеп беришпейт. Атамбаевди сатып кеткен адамдар эртең эле Жээнбековду бети кызарбай туруп сатып кетээри белгилүү иш. Ошол табиятынан “саткын адамдарга” таянам десе анда президент Сооронбай Жээнбеков чоң жаңылышат. Ал эми убакыт деген чыкылдап поезддей тынбай өтүп жатат. Жаңы жылдан кийин президент Жээнбеков жаңы, күчтүү командасы менен түп тамырынан бери экономиканы өзгөрткөн реформаларды жасашы керек. Атамбаевди камоо менен эле реформа болуп калбайт. Коррупциянын башы гана алынды тамыры али жулуна элек. Бүлүндүргүч табиятынан талкалоочу аталган Атамбаевден кийин, элибиз Жээнбековго ишеним, чоң үмүт менен жашап келе жатат. Элибиздин ошол үмүтү шам чырактай өчпөсүнө тилектешмин. Сооронбай Жээнбеков азыркы командасы менен алыска кете да, реформа да жасай албайт. Анткени, бул команда Жээнбековдун колуна-кол, бутуна-бут болуп бере турган күчтүү, бирдиктүү команда эмес. Саясатта деле футболдогудай мыкты команда болбосо каршылаштарын утуу кыйын эмеспи. Жээнбековго өз добушун берген, ишенимин арткан элдин көңүлү калып, жаңы жылда күчтүү команда түзүп, жаңыланууну жасай албаса, анда эл көчөгө чыгат. Мезгилдин агымы ошого баратат. Анда кеч болуп калат, мырза президент. Ойлонуңуз…

Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы Ордо”

Меню