Menu

Турдукан айым докторлугун жактаса, Абдуллаева алапайын таппай жүрөбү?

КурСалиевичтин үй-бүлөлүк, криминалдык доорунда кайып каскагынан депутат, спикер болуп кимдер гана келбеди? «Акжолдун» катарында шагыраган айымдардын тобу бар эмес беле? Алардын анабашындагы Турдукан Жумабекова шефтери чет өлкөгө качкандан бери стресстен эми чыкканбы, айтор, Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетинде сабак берип, ага удаа докторлугун жактап, илимдин артынан түшүп, и.о. профессор болгондугун эшиттик. Турдукан айымдын дагы бир кесиптеши, Таластын төөбуурчагын дүңүнөн пулдап, ийгиликтүү бизнес жасаган Чолпон Абдуллаеванын ушул күндөрү «ити чөп жебей» аласа-бересеси баштан ашып, катуу кыйналып жаткандыгы чынбы? Эми баягыдай «тирөөчтөрү» болбогон соң, мобу заманда бизнес кылыш деле кыйын да, эй!

Булак: Азия Ньюс

 

Бишкек-Ош унаа жолунда коюлган чектөө алынды

2016-жылдын 20-октябрында Бишкек-Ош унаа жолунун оор жүк ташуучу унаалар үчүн коюлган чектөө алынган. Азыркы убакта баардык унаалар үчүн жол каттамы ачык.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 18-октябрында саат 16:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128 чакырымдарында кар калың жаап, жол тоңголок болгондуктан  унаалардын каттамына оорчулук жаралган. Ошол себептен, оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилген.

 

Ташкентте ажырашууну чечкендердин ысымы, сүрөттөрү ТВ аркылуу жарыяланат

Ташкент шаарынын акими Рахмонбек Усманов ажырашуу көйгөйлөрүнө арналган чогулушта, бул жараяндын көбөйүшүнө президенттин милдетин аткаруучу, премьер министр Шавкат Мирзиёев кабатыр болуп жатканын билдирди. Бул туурасында жергиликтүү ММКлар маалымдашты.

Чогулуш маалында белгилүү болгондой, статистика боюнча үй-бүлө бузулган соң, беш аялдын бирөө гана кайра турмушка чыгат. “Ал эми башкалардын тагдыры эмне болот? Эгер биз бул көйгөйдү чечүү жолдорун эрте таппасак, ажырашкандарын саны мындан дагы артат”, – деди Ташкент акими.

Жолугушуу соңунда шаар башчысы ажырашкандардын ысымдарын “Ташкент” телеканалында жана “Кечки Ташкент” гезитинде жарыялоо боюнча токтом даярдалып жатканын билдирди.

Акимдин пикиринде, мындай маалыматтарды коомчулукка жайылтуу оң таасирин берип, ажырашуулардын саны кыскарат. “Ажырашкан түгөйлөрдүн ысымдары жарым ай сайын кечки саат 23:00дө эфир аркылуу айтылып турат. Эгер жакшы жыйынтык болбосо, биз анда үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн да көрсөтүп баштайбыз. Муну менен биз кимдир бирөнүн укугун бузбайбыз, тескерисинче коомчулукка так маалымат беребиз”, – деди Рахмонбек Усманов.

Аким ыйкы-тыйкыга себеп болгон үй-бүлө мүчөлөрү – кайнене, кайнаталар, андан тышкары келиндер телешоудогу коомдук талкууга катышарын кошумчалады.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ишкашимде тажик-кытай антитеррордук машыгуулар башталды

Тажик-кытай биргелешкен антитеррордук машыгуулар 20-октябрда Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Ишкашим районунда башталды. Алар Шитарв полигонунда өтүп, төрт күнгө созулат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Машыгуулар өлкө президенти тарабынан бекитилген пландын негизинде жүргүзүлүүдө. Максаты – акыркы эки жылдан бери тынч болбой жаткан Ооганстандын Бадахшан провинциясы менен чектешкен өлкө аймагын бекемдөө. Азырынча бийлик машыгууларга катышып жаткан аскерлердин саны жана пайдаланылып жаткан курал-жарактар тууралуу маалымат бере элек.

Тажикстан менен Ооганстандын чектеш аймактары 1300 чакырымга созулат. Акыркы жылдары Ооганстандын түндүгүндөгү абал курчуп, бир канча провинция Талибандардын көзөмөлүнө өткөн. Тажикстандын өкмөтү тажик-ооган чек арасындагы абал туруктуу жана эгер коркунуч жаралса душман чабуулунун мизин кайтарууга даяр экенин дайыма белгилеп келет.

Негизинен соода өнөктөштөр деп эсептелген Тажикстан менен Кытай акыркы убактарда коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө. Ушул жылдын башында Кытай Шуроабад районунда курулган «Гулхан» чек ара бекетин пайдаланууга берген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Атамбаевдин мурунку секретаршасы, азыркы КСДПчы депутат Асел Кодуранованы орунсуз суроосу үчүн атамекенчи депутат Аида Салянова жерге казык каккандай кагып, оозун жап кылды

Кечээ, 19-октябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда 2010-жылы кабыл алынган КР Конституциясынын түп нускасы президенттин кеңсесинен жоголуу фактысы боюнча талаш жаралып, анда орунсуз суроо берген Атамбаевдин мурунку секретаршасы, азыркы КСДПчы депутат Асел Кодуранованы атамекенчи депутат Аида Салянова жерге казык каккандай кагып, оозун жап кылды.

https://www.youtube.com/watch?v=ZkOjmMhODG4

Ноокаттыктардын таянар тоосуна айланган Төрөбай Зулпукаров

Баш калаадагы «Улуу Тоо» аттуу чайканалар бар. Кардарларды тейлөө сапатынын мыктылыгы, баскан ашы кадимкидей тамшантат. Оштук туугандардын анык «чайкап-чайкап көк чай иччү» ордосуна айланган. Көпчүлүктүн оозуна алынган атактуу чайкананы Ноокаттан чыккан идиректүү жигиттер иштетип, убайын көрүп келишет. Алардын ишин Ноокаттын көмүскөдөгү «кожоюну», кичи мекенинде кадыры бийик депутат Төрөбай Зулпука­ров калкалап, баш-көз болоору, жердеш укаларын баардык жактан жөлөп, артына чоң күч топтоп койгондугун Оштун белсемдүү спортсмендеринин арасында катуу сөзгө айланууда. Эми ажыкебиз парламентте отуруп алып, «чайкана компанияларынан» бизнес жасап жатканын, «Ошэлектродогу» тендерлерден кулагы «шектүү» чыгып жатканы тууралуу күбүр-шыбырларга чекит коюп койсо, эл өкүлүнүн да пикирин укканга даяр элек.

Булак: Азия Ньюс

 

 

Кыргызстандын АШАдан кийинки “шефи” ким болот?

Азыр элдин оозундагы эки сөздүн бири жакындап келаткан президенттик шайлоо болуп калды. Атамбаевдин артынан ким бийликке ээ болоорун табышмакка айлантып, жандырмагын табууга көбү куштар. Бирок, ошол бир жылга чейин президент бийлик башында туруп бере албай калышы мүмкүндүгү да акырын айтыла баштады. 

Ак үйдөгү жеке булактардын маалыматына таянсак, Атамбаевдин чыдамы дагы төрт айга гана жетиши мүмкүн экен. Бул план көп убакыт мурун эле түзүлүп, бышырылып, ишке ашаарына саналуу айлар калганда гана сапырылып калыптыр.

Түзүлгөн план боюнча, 2017-жылдын февраль айында Атамбаев “тойдум байдын кызына” деген бойдон, түйүнчөгүн түйүп, “эркиндикке” ураалап узамак. Ордуна азыркы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду таптап-баптап, даярдап калтырып, кийинки президенттик шайлоону өткөрүү милдетин моюнуна жүктөп коймок. Бирок, жөн жүрбөгөн Өмүрбек Текебаев “Дастан” заводуна тийиштүү делген, мурда Максим Бакиевдин менчигинде туруп, андан кийин колдон-колго өтүп атып, Атамбаевдин энчисине тийип калган жердин чындыгын коомчулукка жарыялап салды. Мындан улам коомчулук Албек Ибраимов менен Атамбаевдин алака-катышын, өзгөчө жакындыгын билип алышкандыктан, Ибраимовдун капысынан эле президенттин ордуна барып отуруп калышы  нааразычылыктардын күчөгөн толкунун пайда кылмак. Ошентип, ажонун шаар башчысына арнап жүргөн оюн таш кааптыр.

Атамбаевдин мураскери тууралуу да ар кандай маалыматтар айтылып жүрөт. Азырынча, бул орунга эки талапкердин ысымы анча-мынча эл аралап, билинип калды. Алар – Сапар Исаков менен Абдил Сегизбаев.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков жакында эле президенттин колунан экинчи даражадагы “Манас” орденин алды. Бул “президенттин мураскери болушу мүмкүн” деген божомолдорго от чачкандай кылды.

МУККнын төрагасы Абдил Сегизбаев аталган кызмат орунуна “а” деп барганда эле келечек бийлик ээси катары айтыла баштаган. Президент мураскерин даярдап баштагандыктан, кызматтардын тепкичинен тепкичине көтөрүү максатында, такыр туура келбеген кесиптин ээсин чекистердин башчылыгына дайындап койду дешкен. Бирок, ортолорунда кандай ала мышык аттаганын ким билсин, жалгыз мураскер катары аталуудан калып, бийлик тактысындагы “бактысын” талашкан Сапар Исаков деген ысым пайда болду.

Маалыматтарга караганда, бул эки мураскер тең Россиянын кароосунан өтпөй калган имиш. Исаков Түркияда иштин көзүн биле бербегенин көрсөтүп алыптыр. Атамбаев Америкага учуп бараткан жеринен түрк жергесине жеткен кезде өзүн начар сезип, анда конуп, медициналык жардам алууга муктаж болбоду беле. Ошондо, жанында коштоп жүргөн Исаков түрк тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, шефин медициналык мекемекеге жайгаштыра албай, Москвадан жардам сураганга аргасыз болушуптур. “Жардамга муктаж болуп турган мамлекет башчысын бир ооруканага эптеп жайгаштыра албагандан кийин кайсы президент чыкмак эле”- дегендей анын келечек образына салкын көз ташталды.

Ал эми Сегизбаевди Москва биринчи укканда эле далысын салып, кодулап баштаптыр. Анткени, аны орус тарап “Сорос” фондунун “кулуну” катары таанышат. А аталган фонд Украинага революция жасады, Россияга көз артты деген сыяктуу орустар үчүн таза эмес репутацияга ээ болуп калган.

Анын үстүнө Атамбаевдин мураскерлери ким болбосун, Россиянын колдоосуна арзыбай калышы толук мүмкүн. Мамлекет башчысы кыска убакыт ичинде бир катар каталыктарды кетирип, Москванын капачылыгын жаратып алды. Түркияда дарыланып бүтө элек кезинде эле, Кипр мамлекетин эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жибергени – бир, Грузияга барган иш сапарында бул өлкөнүн бүтүндүгүн  колдой турганын айтып салганы – эки. Анан грузин мамлекетинин реформаларын ашепке эле мактап жибергени – үч. Булардын баары Россиянын Кыргызстанга, так айтканда, Атамбаевге карата мамилесин салкындатып, кыргыз президентинин капысынан эле өзгөргөн саясатына оозун ачып калды.

Түркиядан Атамбаевди аман-эсен айыктырып алып мекенине алып келгенден кийин Сапар Исаков маалымат каражаттарына түрк элинин жылуу тосуп алганын айтып бүтө албай, баарына ыраазычылыгын кат-каттап билдирген эле. Бирок, көп өтпөй түрк басылмалары окуяга башка өңүттөн көз таштап, чындыгын жарыялап жиберишти. Анда жазылгандай, Атамбаев Стамбулга баргандан кийин Эрдоган менен байланышка чыгыптыр. Түрк президентине БУУнун жыйынына чогуу барууну сунуштаганы менен терс жооп алып осол болуп калыптыр. Ал турмак, Эрдоган Атамбаевдин “А” тамгасын да уккусу келбегенин айтып, ооруканаларга кабыл алдырууга да каршы болгон экен. Ошентип, эс алуу жайында өзүнө келгиче жаткан биздин ажо түрк бийлигинин  ээлеринин бири да акыбалын сурап басып келбегенине арданып кетип, Кипрди эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жибериптир. Кайра-кайра катачылык кетирүүгө маш президент Кыргызстанга кайтып келгенден кийин төрт айдан кийин бийлик башынан кайып болуунун жолун издеп, артына “кимди калтырсам экен?”- деген маселенин үстүндө баш оорутуп атат дешти.

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясый партиясынын тең-төрагасы: “Оппозиция – бийликтин күзгүсү”

– Жеңиш мырза, эмне үчүн бири референдум өткөрөм десе, экинчиси каршы болуп жатат? Эгер Конституция ошончолук эле ыйык, кол тийгис болсо, неге 25 жыл ичинде 8 жолу өзгөрүүгө дуушар болду?

– Дүйнөдө ыйык – “Куран” эсептелинет, ал эми Конституция мамлекет менен коомдун алакасын жөнгө салган саясый, тарыхый, фундаменталдуу документ жана ал коомго, мамлекеттеги кырдаалга же доорго жараша кабыл алынып, өзгөрүп турат.

Ал эми, буга чейин Баш мыйзамдын 8 жолу өзгөрүүсү ошол учурдагы ажолордун бийлигин бекемдөө менен элдин укуктук ченемдеринин кыскарышына алып келген.

Буга биздин коомдун аң-сезими, бийликтин туруксуздугу, сырткы күчтөрдүн таасири, экономикалык-саясый чабалдыгыбыз себеп болду. Конституцияга биз олуттуу карап, мыйзамды сыйлап жашабагандыктан, коррупцияга белчебизден баткандыктан, улам-улам өзгөртмөйдү өнөкөт кылдык.

– Бүгүн оппозициянын курамын бийликке жетпей калган же болбосо, бийликтен куулган адамдар түзөбү?

– Антип бир беткей кароого болбойт. Биз оппозицияга баа берүүдө анын ким экенине эмес, ал кандай маселе көтөрүп жатканына басым коюшубуз керек. Албетте, саясый күчтөрдүн курамында ар-кандай адамдар, анын ичинде сиз айткандай каармандар болору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын үстүнө, оппозиция – бул бийликтин күзгүсү. Демек, бийлик оппозиция менен сүйлөшүүсү зарыл.

– Оппозиция эмне үчүн конституциянын алмашылышына караманча каршы болуп жатат?

– Анын себептерин оппозиция башында тургандар, оппозициялык маанайдагы басылмалар дембе-дем маалымдап, кеңири түшүндүрүп жатышат. Аны менин кайталоомдун кажети жок деп эсептейм. Бирок, баса белгилеп кетчү нерсе, бүгүнкү күнү Баш мыйзамдын өзгөрүшү тууралу талаш, жеке кызганыч, айрым саясатчылардын карама-каршы туруусу менен алмашкандай түр калтырат. Акыркы күндөрү Баш мыйзамдагы өзгөрүүлөр жөнүндө талдоо эмес, саясатчылардын ортосундагы маалыматтык жана компроматтык согушуна айланды – бул өкүнүчтүү.

– Иса Өмүркулов Конституцияны алмаштырууга каршы болгон тараптарды “саясый кызыкчылыктан улам ушул кадамга барып жатат” деди го?

– Эми ал, Иса Шейшенкуловичтин көз карашы. Кандай кызыкчылык болгон күндө да өлкөнүн келечеги, кыргыз элинин тагдыры биринчи орунда турушу керек. Буга “алмаштырам” дегени да, “алмаштырбайм” дегени да жоопкерчилик менен кароого милдеттүү.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: “Бийлик өз элине эшек жедирип жатпайбы. Кааласа, эшекти деле президент кылып шайлатып коёт...”

Гезитибиздин туруктуу эксперти Т.Акеров менен кезектеги аңгемебиз да Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тирешүүсүнүн тегерегинде жүрдү. Анда эмне себептен сырткы күчтөр Атамбаевди “ресурсу түгөнгөн саясатчы” катары кабыл алып жатышканы, эки дөө саясатчынын ортосуна түшкөн Темир Сариевдин ролу тууралуу сөз болот. Айтымында, сырткы күчтөр Ө.Текебаевди да, Т.Сариевди да Атамбаевге чокутуп жибербей кармап турушканынан да көп нерсени билсе болот.

– Табылды мырза, айтсаныз, өткөндө сунушталган Конституцияда “граждандарды жарандыктан ажыратып коюу туурлалуу жобо каралып жатат” деп билдирдиниз эле. Бул элдин кайсы катмарына карата киргизилген норма, көпчүлүктуү кызыктырган маселе ушунда болуп жатат. Айрымдардын айтуусу боюнча, Конституциянын бул долбоору ФСБ тарабынан Президенттин Аппаратына сунушталган имиш. Буга кандай карайсыз?

– Мен мурда да айттым эле. Бүгүн Конституциянын гаранты болгон президент Атамбаев баш болуп, 4 фракциянын жетекчиси төш болуп, биздин төрөлө элек балдарыбызды Кыргызстандын граждандыгынан ажыратууга жол берген Конституциянын долбоорун зордук менен референдум аркылуу кабыл алдырганы жатышат. Сунушталып жактан Конституциянын бул жобосу Кыргызстан 25 жыл эгемендүүлүктө жашап, өнүгүү жолун таппай, кайрадан тоталитардык системаны жандандырууга өтүп жаткандыгынан кабар берет. Тоталитардык системада өнүккөн эки улуу держава болгон. Бири Гитлер башындагы фашисттик Германия, экинчиси СССР. Биринчиси еврейлер менен күрөшүп келсе, экинчиси өз эли менен күрөшүп, анын өз ой-пикири бар алдынкы бөлүгүн душман тутуп, эл душманы кылып жок кылып келген. Муну менен коммунисттик партия СССР элин өз бийлигине кыйшаюсуз баш ийип, партияны жана бийликти аргасыз сүйдүрүүгө аракеттенген. Конституцияга да дал ушундай кызматты аткаруучу жобону бекитүү аракеттери болду. Б. а. бул бийликтин: “Шопур-Фюрер (жол башчыбыз), кыргыз Гитлерине кимде ким кыйшаюсуз баш ийбесе, өзгөчө ою болсо, ал кыргыз жарандыгынан айрылат”- дегендей опузасы.

Менимче, биринчи кезекте бул норма НПОлорго, андан кийин мусулмандарга, улутчулдарга, майда улуттардын лидерлерине, оппозицияга каршы киргизилет. Бүгүн баарыбыз күбө болуп жатабыз, НПОлор менен ислам экстремисттери деп таанылгандар мамлекет тарабынан өтө басмырланып жатышат. Айрым граждандар соттун чечимисиз эле экстремист деп да жок кылынып жатат. Ушул эле негизде майда улуттун лидерлерин “сепаратисттер”, оппозициянын лидерлерин “эл душманы” деп күнөөлөп, жарандыктан ажыратып коюуга толук жол ачылат.

Эми муну Москва менен байланышы бар же жогун мезгил көрсөтөт. Бирок, ошондой сөздөр да айтылып жатат. Анан калса, мындай сөздөр СССР учурнда КГБ өз агенттерин “Комсомолская правда”, “Слово Кыргызстана” гезиттерине киргизип коюп, союздук республикаларда эмне болуп жатканын билип турчу. Бүгүн “Комсомольская Правданын” кызматкери Президенттиин Аппарат жетекчиси кызматында. Ошого мындай сөздөрдүн чыгып жатышын мыйзам чечемдүү көрүнүш катары кабыл алам. Бирок, кандай гана болбосун “Конституциянын долбоору ФСБдан келген” деген сөз бекеринен айтылып жатпаса керек.

– Демек, бул жобо коопсуздук кызматы, милиция соттун чечимисиз эле жок кылып жаткан граждандарга болгон кылмыштык аракеттерди жаап коюу үчүн да киргизилип жатат десек болот экен да?

– Ооба. Мен да ошентип ойлойм. Себеби, өткөндө “кылмышкерлер СИЗОдон качып кетти” деп, далайын жок кылышты. Бирок, ошол эле учурда жок кылынган кылмышкерлердин көбүнүн азыркы бийликтегилер менен байланышы бар эле да. Бул окуядан кийин 2-3 жумадан кийин “ошол кылмышкерлер менен байланышы бар”- деп дагы эки гражданды түн ичинде атып ташташкан. Бирок, эч ким аларга жооп берген жок. Тек гана КТРден “алар экстремисттер экен”- деп жарыя кылып коюшту.

Менимче Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциянын ар бир жобосун, нормаларын тыкыр изилдеп туруп, анан кабыл алышы керек. Мыйзамдарды дагы. Бул алардын милдети. Бирок, бизде депутаттар өз милдеттерин так аткарбай жатышат. VI чакырылыштагы депутаттарга өлкөнүн тагдыры, элдин тагдыры баары бир болуп калды. Депутаттар жаңы Конституциянын долбоорун колдойбуз деп жатып, ал тоталитардык системага жол ачаарын да түшүнүшкөн жок. Мамлекет өз граждандары менен конституциялык негизде күрөшүп жатса, бул системаны “тоталитардык система эмес” деп айтуу кыйын. Бүткүл дүйнө терроризмге кабылып, экстремизден жабыр тартып жатат. Бүт дүйнө бирдикте алар менен күрөшүп жатат. Бирок, алар “төрөлө элек балдар кийин экстремист же террорист болуп кетпесин”- деп, баш мыйзамдарын өзгөртүү менен атайын нормаларды киргизишкен жок. Себеби, алар билишет, мунун арты эмне менен бүтөрүн. Бийликке конституциялык ыйгарым укуктарды чактап берүү керек. Эгер анын ыйгарым укугу ашыкча көп болсо, ал аны ашкере колдонот.

КТР 25 жылдан бери оппозицияга жугунду куюп келет. “Кара жащик” деген аты бар. 20 жыл оппозицияда жүргөн Атамбаевге жугунду куюп келген. Эми Атамбаев бийликке келгенде эмне өзгөрдү? Эч нерсе. Оппозицияга жугунду куйганы куйган. Бийлик оппозицияны камаганы камаган. Мурда митинг кылып, бир аз эл чогултканда камаса, эми “минтип айтыптыр, антип айтыптыр”- деп эле камап жатышат.

-Сунушталып жактан Конституция биздин жашообузду канчалык өзгөртө алат? Премьер-министр чын эле өлкөнү өз алдынча башкара алабы?

– Жок. Бул Конституция боюнча бийликтин баары президент менен премьердин колуна топтолгон. Бирок, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын бир аз күчтөндүрүшкөн. Мисалы, област, район жетекчилерин өзү бекитет. Парламентке тап бере алат. Бирок, чын-чынына келгенде Кыргызстанда премьер эч качан эркин саясат жүргүзө алган эмес. Ал дайыма президенттен көз каранды болгон. Премьер парламентке тап берсе эле, ал “президенттен күчтүү саясий интитут” деш кыйын. Президенттин колунда бийлик партиясы бар. Парламент аркылуу өзүнчө эркин саясат кылууга аракеттенген премьерди отставка кетирип коюш оңой эле болот. Б.а. Конституцияда президент менен премьердин чогуу-чаран аракеттенип, ынтыкмакта жашоосу бир эле партиянын үстөмдүүлүгү учурунда камсыз болушу мүмкүн. Эгер бул экөө эки башка партиядан болсо, анда булардын ортосунда эч убакта ынтымак болбойт. Дайыма интрига жүрүп, премьерлердин бат алмашып туруусу күтүлөт.

Бул дагы эч нерсе эмес. Бул Конституция күчтүү премьердин чыгышына каршы жазылган. Анткени президент эч убакта күчтүү саясатчыны премьерликке алып келбейт. Эгер ошондой болсо, анда премьер өзүн эркин сезип, президентти өзүнүн аракеттери менен жаап коюшу мүмкүн. Мисалы, эгер президент болуп К.Исаев же С.Исаков келсин дейли. Премьер ким болот? Булар Атамбаевдин өзүн эле премьер кылып алып келишпесе, башка өзүлөрүнөн бир аз күчтүү адамды премьер кылышпайт да. Ошондуктан, менимче, президенттин мураскери катары жаштардан эмес, Асылбек, Сооронбай Жээнбеков, К.Бороновдордой улуу муундагы саясатчылар каралганы оң болот.

– Президент Атамбаев Арменияга барганда, “Кыргызстанда саясий система өзгөрүп, парламенттик система орногону турат”- деп билдирди? Бул билдирүүсү көпчүлүк саясатчыларды түйшөлтүп жатат?

– Ооба. Бул өтө сырдуу билдирүү болду. Менимче, Атамбаев бул билдирууну атайылап эл аралык коомчулукка кулак кагыш кылып жарыя кылды. Муну менен Атамбаев референдумдан кийин бийлик парламентти таратып жиберсе да болоорун билдирди. Ал гана эмес, өзү экинчи мөөнөткө барып же премьер-министр болуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандыгын каңкуулап, эл аралык коомчулукту дайындап койду.

– Акыркы мезгилде “Атамбаев февралда мөөнөтүнөн мурда кетет экен. Президенттик шайлоолор мөөнөтүнөн мурда болуп калышы мүмкүн”- деген сөздөр тарап жатат. Сиздин оюнузча, азыркы саясатчылардан кимдер шайлоолордун шаңын чыгара алат?

– Эгер ага чейин кысталып калса. Менимче, президент Атамбаев мөөнөтүнөн мурда кетпейт. Таркалып жаткан сөздөр атайын уюштурулуп жатышы мүмкүн. Себеби, Конституция кабыл алынгандан кийин же “жазда толкундоолор болуп кетпесин” деп, атайы “президент Атамбаев февралда кетет экен” деген ушак таратып коюшу мүмкүн. Анан эл “акыры кетет экен да” деп оппозицияны ээрчибей калат деген ой менен.

2017-жылкы президенттик шайлоолордо Ө.Текебаев, А.Мадумаров, Ө.Бабановдор негизги ролду ойношот. Булар фаворит болушу ыктымал. Ошондуктан бийлик Ө.Текебаевге өзгөчө асылып, жугунду куюп жатат. Бирок, А.Мадумаров деле чоң күч талап кылуучу талапкер. Ө.Бабанов акча менен үстөмдүк кылат. Булардан кийин Б.Төрөбаев, Т.Сариевдер болот. Бирок,бул картина эки учурда өзгөрүп кетиши мүмкүн. Биринчиден, бийлик партиясы же “Бир бол” партиясы мыкты кандидаттарды алып чыгышса.

– Демек, бийликке өз кандидатын алып келүү бир топ эле оңой эмес экен да?

– Жок. Мен антип айта албайм. Кыргызстанда баары болушу мүмкүн. Бийлик өз элине эшек жедирип жатпайбы. Кааласа, эшекти деле президент кылып шайлатып коёт. Мен Кыргызстандагы президенттик шайлоолорго ишенбейм. Шайлоолордун жыйынтыктарын алып, тыкыр анализдесеңиз эле түшүнөсүз. Анан калса, БШК жана шайлоо участкаларындагы комиссия мүчөлөрү дайыма алмашып турат. Алар кызматтан кеткенден кийин шайлоолорду кантип өткөрүп жатышкандарын ачык айтып жатышпайбы. Компьютерди өздөштүрүп алышкан. Алдын ала, эсебин чыгарып, жыйынтыгын дайындап коюшат. Ошондуктан, эч коркпой-үркпөй эле “референдум болот” деп айтып жатышпайбы. Эл келбесе да, референдум өтөт.

– Акыркы мезгилде Т.Сариев бийликти ачык сынга алып жатат. “Анын артында Москва турат” дешет. Бийлик аны камап койбойбу? Москва дагы кимдерди колдойт?

– Эсиңизде болсо, мындан бир аз мурда “Москва эмки президенттик шайлоолордо Ө.Текебаевге жашыл свет кылып беребиз дептир”- деген имиштер тараган. Москва Сариевди, А.Мадумаровду, М.Абдылдаевди, К.Жумалиевди, Ө.Суваналиевди ж.б. көп саясатчыларды колдошу мүмкүн. Т.Сариевди камай алышпайт. Өзүңүз күбө болуп жаткандай, өлкөдө эки дөө саясатчы Атамбаев менен Ө.Текебаев чабышып жатат. Т.Сариев бул чабышта баланстын ролун аткарууга аракет кылууда. Бул процесстер сырткы күчтөрдүн көзөмөлүндө жүрүп жатат. Өзгөчө Москванын. Алар Атамбаевди “ресурсу түгөнгөн саясатчы” катары кабыл алып жатышат. Ошондуктан, сырткы күчтөр Ө.Текебаевди да, Т.Сариевди да Атамбаевге чокутуп жибербей кармап турушат. Убагы келгенде, ыгына жараша эл кимди ээрчисе, ошону колдоп кетип, Атамбаевди чөктүрүп жиберүүлөрү ыктымал.

– Акыркы мезгилдерде: “Өлкөнү Атамбаев башкарбай эле, Ф.Ниязов менен Шопур каалагандай чалмакей чалып жатат”,- деген сөздөр айтылып жатат…

– Ооба. Бул бара-бара жер-жерлерлерде чоң нааразылыктарды жаратышы мүмкүн. Менимче, мындай сөздөрдүн тарашына Президенттин Аппраратынын акыркы кездердеги аракеттери түрткү болуп жатышы мүмкүн. Нааразычылыктардын төркүнү да муну тастыктайт. Биринчиден, Көчмөндөр оюнунун салтанаттуу ачылышындагы концерти сынга алынууда. Ал концерт президент Атамбаевдин, элдин урматына эмес, биринчи леди менен Татарстандын президенти Р.Миннихановдун урматына коюлгандай ой калтырган. Көчмөндөр оюнуна кыргыздардын туугандары болгон хакастар, тувалар чакырылбай, Татарстандын президенти чакырылган. Экинчиден Енисей кыргыз каганаты тарыхы, Барсбек каган, Кыргыз Улуу Дөөлөттүүгү доору такыр эскерилген эмес. Кыргыз тарыхын Татарстандын тарыхынан жогору болуп туруусун эп көргөн эмес. “Мунун баары Татарстандын президенти Р.Миннихановду оңтойсуз абалда калтырып албаш үчүн жасалган”- деген сындар айтылууда.

Экинчиден, 31-августта президент А.Атамбаевдин эмоционалдуу сүйлөшүнө Ф.Ниязовдун түздөн-түз тиешеси бар экендиги айтылууда. Президент Атамбаев өз сөзү дайындалып калгандан кийин Ф.Ниязов менен 2-3 саат кеңешкен имиш. “Ошондон кийин текстке оңдоолор киргизилген”- деген сөздөр бар.

Үчүнчүдөн, президенттин тегерегиндегилердин мародерлугу, мыйзамсыз жолдор менен байып жатышынын ачыкталышы да президенттин аброюнун түшүшүнүн бирден-бир себеби катары кабылданып жатат. Мэрдин, президенттин аппарат жетекчисинин, бөлүм башчыларынын декларациясындагы артыкча мүлктөрүнүн ачыкталышы же көрсөтүлбөгөн мүлктөрүнүн чыгып калышы, бул боюнча эч кандай реакция болбой жатышы да, президенттин жана бийликтин аброюна шек келтирип жатат. Коомчулукта “эгер мэр Атамбаевдин тегерегиндеги эмес, башка бирөө болгондо эбак эле кылмыш иши ачылмак эле, Ниязов болсо кызматтан чегинмек”- деген пикирлер айтылып жатат.

Коомчулукту таң калтарганы – бул иштерге президент Атамбаев да реакция бера албай жатканы болуп жатат. Кай бирлери “Атамбаевдин тегерегине бийликтен жутап калгандар чогулганбы” дешсе, кай бири “чогуу жегендер чогулушуптур” дешет. Бийлик болсо, эч нерсе болбогондой эле, тескерисинче КТРден оппозицияга жугунду куюп коюп олтурганы олтурган. Кудум эле, “жеп-ичти” деп, өлкөдөн Атамбаев тарабынан көчүккө тебилип, айдалган Акаев-Бакиев учурундагыдай.

Булак: “Майдан”

Ашхабаддын "көмүскө базарында" доллардын баасы рекорддук чекке жетти

Түркмөнстандын борборунда америка долларынын түркмөн манатына карата наркы өсүп, тарыхый максимумуна жетти. Түркмөн жазуучусу Аманмурад Бугаев жазгандай, өткөн күндөрү 1 доллар 7,20-7,40 манатка сатылып жатты.

Жазуучу көмүскө базарда валютанын курсу туруктуу негизде өсүп жатканын маалымдады . Анын айтымында, өткөн аптада доллар 20 теңгеге кымбаттаган жана бул чек эмес сыяктуу.

Быйыл жыл башында Түркмөнстанда өкмөттүн чечими менен банктар бардык операцияларды чет элдик валюта менен жүргүзүүнү токтоткон. Элдер үчүн чоң тобокелчилик менен долларды сатып алуучу жай базар гана болуп калган.

Доллардын расмий эмес курсунун жогорулагандыгына байланыштуу Ашхабаддын жана облустук борборлордун базарларында азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарар кескин кымбаттаган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда Мутко вице-премьер болуп дайындалды

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко жакында түзүлгөн премьер-министрдин орун басары кызматына дайындалды.

Спорт, туризм, жаштар саясаты маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка анын талапкерлигин бекитүүнү премьер-министр Дмитрий Медведев сунуштап, Владимир Путин колдогон.

Эми спорт министринин орун басары Павел Колобков бул мекеменин башчысы болуп калды.

Жаңы кызмат ордун түзүү идеасын Орусия президенти 11-октябрда билдирген. 2008-жылдан бери спорт министрлигин жетектеп келе жаткан Мутко бийлик тарабынан колдоого алынган допинг жаңжалына аралашкан.

Жыйынтыгында Эл аралык олимпиадалык комитет орусиялык көптөгөн жеңил атлеттерди Бразилияда өткөн оюндардан четтеткен. Мындан тышкары сентябрдагы Паралимпиадага Орусиянын бүтүндөй курамасы катыштырылган эмес.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өлкөдө абактан качып кеткен жаран кармалды

Чүй облусунун Васильевка айылынан алыс эмес жерде Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө өтүп кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1994-жылы туулган З. С. аттуу жаран чек ара кызматкерлери тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын бойлой Чу дарыясын кечип бараткан маалда кармалды.

Териштирүү учурунда аталган жаран эки айдан бери №26 түзөтүү абагынан качып кеткендиги үчүн издөөдө жүргөнү белгилүү болду.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган киши Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстандын Билим берүү министрлиги мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салды

Казакстандын Билим жана илим, юстиция, дин иштери боюнча жана жарандык коом министрлиги мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салынганын билдирди. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.

«Диний атрибуттарды, кийимдерди, баш кийимдерди кийип, алып жүрүүгө жол берилбейт жана буга чейин да жол берилген эмес», – деп билдирген билим берүү жана илим боюнча вице-министр Эльмира Суханбердиева.

Министрлик тарабынан даярдалган маалыматта светтик мектептерде тигил же бул динди түз же кыйыр мааниде үгүттөөгө болбой тургандыгы белгиленген. Билим берүү министрлиги 2016-жылдын 14-январынан тарта бардык мектептерде бирдиктүү мектеп формасы киргизилгенин эске салган.

Маалымдалгандай, белгиленген кийим формасынын талаптары өлкөнүн тең укуктуу мамлекеттик түзүлүш принцибине жооп берген светтик жашоого туура келет. Мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар бардык диндегилер жана улуттагыларга тийиштүү болуп эсептелет.

Буга чейин казак окуучуларынын ата-энелери айрым мектептерде бирдиктүү форманын талаптары бузулуп жаткандыгы боюнча тынчсызданууларын билдиришкен. Анда кеп окуучу кыздардын хиджаб кийгендиги тууралуу болгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Канат мырзага кулак кагыш...

Ысык-Көл облусунун Жыргалаң өрөөнүндө карагайларды кыюу, уурулук күч алыптыр. Чаламандын чак түшүндө эле ар ким өзү каалаган карагайды кыйып, токойду талкалап жатышканы боюнча интернетте видео тасма жарыяланды. Карагай кыйган Сагын аттуу жигит уруксатты токой кайтарган кароолчудан алганын айтат. Жөнөкөй токойчусу эле өз билген боткосун чалып жаткан болсо, Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Рустам Абдыкалыковдун иши жакшы эмес көрүнөт. Негизи эле Рустамдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу сындар арбын айтылып келет. Бирок бул жигит бир быш этип койгон жок. Мындан улам, Экотехинспециянын жетекчиси Канат Муратбеков мырза экологияга өлчөөсүз зыян келтирип жаткандарга чара көрүү жагын өз колуна албаса, Рустамдан майнап чыкпайт.

Компьютерден каржалган Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш 1 миллион 100 миң сомго жаңы компьютердик жабдуу алаарын мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалымат булагына жарыялаган.
Сервердик компьютер үчүн 350миң сом, андан тышкары 10 компьютер, 10 принтер жана 2 көп функциялуу техника үчүн 450 миң сом, байланыш комутатору үчүн 322 миң сом бөлгөн. Ал эми интернет магазиндерден компаниялар менен түз келишимде алса бир канча арзан экендиги бирок, ортомчулар менен алганда дагы Сервердик компьютер 320 миң сом, ал эми байланыш комутатору 250 миң сом тураарын маалымат булактары жазып чыгышты.

Булак: Фабула 

Алкы ачылган Осмонов

Опера жана балет театрынын директору Болот Осмоновго өз айлык маянасын жогорулатып алгандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Аталган театрдын директору өзүнө 63 миң сом айлык жазып алса, орун басарлары И.Далиев 60миң 900, Е.Смирнова 48 миң сом айлык 2015-жылдын август айынан бери алып келишкен. Кыязы, артынан жакшы сөз ээрчибеген Осмонов Улуттук банктын төрагасы 100 миң алып жатпайбы, “Манастан Чубак кем бекен” дегенди далилдегиси келген окшойт. Өмүр бою кара жанын карч уруп иштеген пенсионерлер орто эсеп менен 3000 сом, мугалимдердин айлыгы орточо 7000 сом болуп жатканда директор, жетекчи дегендердин кекиртеги керней болуп кетти го… Ушундай алкы бузуктарды ооздуктамайын өнүкпөйбүз…

Булак: Фабула 

Видео - Бакыт Төрөбаев: "Мыйзамды бузуу менен Конституцияны өзгөрттүңөр деп тарых алдында жооп берип калабыз"

“Конституцияны өзгөртүүдө мыйзамдарды бузуу жолу менен эмес туура жол менен кетели. Мыйзамды бузуу менен Конституцияны өзгөрттүңөр деп тарых алдында жооп берип калабыз. Азыр өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтөлү деп жатабыз. Бирок анын да чеги болуш керек. Антпесе эртең бизде парламентаризм жок болот. Азыр өкмөт бизге келип отчет берип жатса бул конституцияны өзгөртүү менен биз өкмөттүн алдына барып калабыз”, -деп билдирди кечээ, 19-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Бакыт Төрөбаев

https://www.youtube.com/watch?v=N44gJbxlzMg

Экс-министр менен эмки мэрдин кармашы

Бишкек шаар башкармалыгы мамлекеттик экотехинспекциянын койгон талаптарына ылайык, аты муниципалдык, заты коммерциялык “Дыйкан” базарын жаба турган болду. Себеби 2008-жылдан бери үзүрлүү иштеген бул жашылча базары эч кандай техникалык, экологиялык жана санитардык талаптарга жооп бербей, жапайы сооданын борборуна айланып келгени чындык. Ошондуктан аталган базарды жабуу боюнча Албек Ибраимов туура чечим кабыл алганын айтып коюшубуз керек. Бирок аталган базардын артында экс-министр Аргынбек Малабаев тургандыктан, экс-министр менен эмки мэрдин ортосундагы талаш оңойго турбаганын, экөө бул боюнча кызыл чеке боло турган чекке жетип, ортодогу партиянын кыйындары ажыратып калганын, учурда Аргынбек Малабаев “Дыйкан” базарын ыңгайлуу жерге көчүрүү үчүн жер берүү талабын коюп, болбосо ачык согушка чыгаарын кыйытып турганын угуп калдык. Антсе да биз Аргынбек мырзанын алкымына таң калып бүтө албай жатабыз. Болбосо ушунча жылдан бери базардан түшкөн кирешенин 10 пайызы шаардык бюджетке түшүп, токсон пайыз пайда анын чөнтөгүнө иштеп жакшы эле бутуна турду го?!

Булак: Фабула 

Алмакан Бекова, көзү ачык: "Өзөктөн чыккан өрт: Атамбаев жанындагы азгырган адамдарынын тилине кирип, ошолорго ишенип экинчи жолду тандап чоң адашты. Өзү да сезди, кеч болуп баратат"

Ар бир кыргыздын кайдыгер эмес жараны катары мени да мекенимдин тагдыры, уул-кыздарыбыздын келечеги түйшөлтүп, акыркы күндөрү ички дүйнөм тынчтык бербей келет. Мага берилген касиеттердин күчүбү, айтор  түштөрүмдө да аян берген нерселерди айтпай коюга акым жок, айтууга мажбурмун. Акыркы убактарда Кыргыздардан ырк-ынтымак кетип, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч жаралып, ата-бабалардын каны менен түптөлгөн Улуу Кыргыз каганатынын  жок болуп кетүүсүнө бир топ зор күчтөр кызыкдар. Мен күйүп-бышкан кыргыздын кыздарынын бири катары бир нече жылдан бери ушул маселени көтөрүп келе жатамын. Бирок менин сөзүмө үлкөн саясатчыбы, же катардагы инсанбы, эч ким көңүл бурбай келет. Ишенген адамдар болсо кайдыгер болушууда. Сөзүм куру болбосун үчүн бир фактыларды келтире кетейин. 2016 жылы 2 январда интернет булактары аркылуу Атамбаев жана Текебаевге кайрылуу жазган элем. Силердин ортоңордо от жаккан адамдар пайда боло баштады, бири-бириңерди чукуп, ынтымагыңар кетип, дүйнө коомчулугуна шылдың болгону турасыңар, бул кылыгыңар мамлекеттин жүзүнө да көлөкө түшүрөт деп. Мындай кадамдарыңар силерге эле эмес, жалпы Кыргыз элине жакшылык алып келбейт, “эсиңер барда-этегиңерди жыйгыла”деген элем.  Угушкан жок. Эмне үчүн Кыргыз эли жакырчылыкка кептелдик? Жакырчылык кайдан келди? Эмне үчүн ар кандай оору менен ооруп, алсызданып баратабыз? Эмне үчүн табигый кырсыктар, кокустуктар көп болууда? Эмне үчүн элдин мээнет кылып, маңдай тери менен тапкандарында береке жок? Эмне үчүн бири бирибизди өлтүрүүгө чейин барып, арабыздан ынтымак кетип, алакандай Кыргыз көрүнгөн жерде темселеп жүрөт? Эмне үчүн адамдар, айрыкча жаштар өздөрүнө өздөрү кол салып өлгөндөр көп болуп жатат? Эмне үчүн жаш өспүрүм кыздар зордукталууда, анысы аз келгенсип өз энесин зордуктагандар кайдан пайда болду? Эмне үчүн, эмне үчүн деген суроолор көп, аттиң жооп жок. Эл менен иши жок, сен мага тийбе-мен сага тийбейм, “өзүмдү өзүм билем-өтүгүмдү төргө илем” деп, “көздөрүн май баскан”  бийликтегилердин  жоруктары карапайым элге терс таасирин тийгизип жатканы айкын болууда. “Жакшынын шарапаты- жамандын кесепети” дегендей, азыркы бийликтегилердин ынтымактарынын кетиши, өздөрүндөгү терс энергияларга азгырылып, эмне болгонун түшүнүшпөй элден алыстап кеткенин байкабай калышты. Биз күнөөнү Акаев, Бакиевдерге койордон мурда өзүбүздөн издеп көрбөйлүбү? Менин түшүнүгүмдө бизге эки жактан келген терс энергиялардын  таасиринен, өзүбүздү өзүбүз башкара албай, башкаларга көз каранды болуп калдык. Өзүбүздүн каада салтыбызды, үрп-адаттарыбызды, улуттук идеологиябызды биринчи орунга койбой башкаларды ээрчип, башкаруу системанын алсыздыгынан ар кайсыл динге өтүп, өзүбүзгө эмес  башкаларга ишенип маңкурттук жолго түшкөнү калдык.Алты миллион Кыргыз барбыз деп мактанабыз. Аныгында жарымы да эмеспиз Кыргыздар.Таза Кыргыз калбай баратат. Илгери Токсонбай, Жүзбайлар төрөлгөн, азыр эркектердин алсыздыгы жашарып бара жатат.  Үйлөнө элек жап жаш жигиттер  мага кайрылат.  Отузбайлар, Кыркбайлар жоголуп бараткандай. Канткенде мына ушундай көйгөйлөрдү чечебиз? Терс энергия кайдан келди? Ким же эмне аркылуу келди? Биздин Кыргыз элине эмес, Кыргыз жерине кызыккандар көп. Терс энергия аба, суу, тамак аш, кийим кече, гум жардамдар аркылуу келип жатканын түшүнбөй жатабыз. Гум жардам десе эле колубузда барыбыз да, жогубуз да жан талашып чуркап барып алабыз. Кытайдын арзан кийим- кечелери аркылуу, жаш балдар үчүн жасалган оюнчуктар аркылуу канчалаган терс энергиялар келип жатканын түшүнгүбүз келбейт. “Кыргызстан наш общий дом” деп келгендердин баарын кучак жайып тосуп алып жатабыз. Алардын арзыбаган акчасына кен байлыктарыбызды сатып жатышат. Алар кеменгер кыргыздын башын айлантып, эмнелерге гана ишендирбей жатышат. Динибизден четтеп бир канча динге, секталарга кирип кетишти Кыргыздар. Баарыбыз акылдуубуз, сүйлөсөк таңдайыбыздан чаң чыгат. Акыл үйрөткөнгө кыйынбыз. Ошондой кыйын болсок башканы ээрчибей өзүбүздүн акылыбыз менен болуп, Кыргызды көтөрбөйлүбү? Келечек муундарга элди- жерди жакшына кылып, татыктуу өткөрүп бербейлиби, бул биздин ыйык милдетибиз? Анткендин ордуна кыздарыбыз жарым жылаңач болуп Европаны туурап, чала молдо балдарыбыз саксайып сакал коюп, дамбал кийип, “фанаттык” жолго түшкөн кыздарыбыз көзүнөн башка жерин көргөзбөй оронуп, арабдарды туурап, ээрчип калдык. Ал эми Жогорку Кеңештин билермандары улуттун кызыкчылыгына туура келбесе да чет элдин закондорун көчүрмөлөп киргизүүдө.  Улуу кыргыз атыбыз эмнебиз менен сакталып калды? Бийликтегилер болобу, үй-бүлөдө болобу  ата-бабадан калган насааттарды тебелеп бири- бирибизди укпай калдык. Бул эмнеден???  Ынтымактын кеткенинен, кара мүртөздүктөн, текеберчиликтен, алдамчылыктан, көрө албастыктан, ач көздүктөн, жан дүйнөбүзгө терс энергия толуп калгандыктан деп ойлоймун. Бул элди эле эмес бийликтегилерди  да толук каптады. Азыркы көрүнүштөрдү айтып келгенмин, айта бермекчимин. Ажобузга далай жолу кат аркылуу кайрылганмын жооп болбоду. Мүмкүн жеткен эместир, аны системанын уятына койдум.  Бийликтегилерден, элден ынтымак кетет деп айткан элем, биринин айыбын бири чукуп, биринин сырын бири төгөт да ортодо ою арамдар пайдаланып кетет деп. Өлкөбүздөгү бүгүнкү  кырдаал баарыбызды ойго салып турат. Ажообузга кайрылганда мен эки вариантты айткан элем. Мен айткан биринчи жолду тандаса өзүнө да элге да жакшы болмок. Жок жанындагы азгырган адамдарынын тилине кирип, ошолорго ишенип экинчи жолду тандап чоң адашты. Өзү да сезди,  кеч болуп баратат, бирок убакыт бар, мүмкүн биринчи жолду тандап,сүйлөшүүлөргө барып кызматын өткөрүп берсе Элге да, Өзүнө да жакшы болор эле. Кудай башка салганды Эл көтөрөт, бирок Кудай да сактанганды сактайм, аракет кылганга берем деген. Акырында айтаарым кандай болгон күндө да Элиме тынччылыкты, токчулукту. сабырдуулукту, түшүнүктүүлүктү, кечиримдүүлүктү, ошону менен бирге эле бакубат жашоону каалаймын. Боло турган кырдаалга Элдин митингге чыгуусу, тополоң  кылуусу зыяндан башка пайда жок экенин эске салам. Ажыдаарлардын өздөрү менен өздөрү чечишчү мезгил келди, ”эки тоо кагышса, ортодо чымын өлөт” болбойлу. Элим өткөөл мезгилден өтүп, жашообуз жакшы жака бурулуп, бактыбызга Элим-Жерим деген Журт Атасы- Президент келсин. Аман бололу!!!

Алмакан Бекова, көзү ачык

Байланыш тел. 0773 35 71 56.   18 октябрь 2016жыл

 

Видео - Кыргызстандын Конституциясынын түп нускасынын жоголушу боюнча депутаттар менен аткаруу бийлигинин кайым айтышы

Кечээ, 19-октябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда 2010-жылы кабыл алынган КР Конституциясынын түп нускасынын жоголуш фактысы боюнча кызуу талаш-тартыш жаралды.

https://www.youtube.com/watch?v=iHus_ZjT3SM

Түлеевден карызын өндүрө албай жүргөн Нургазы Айдаров

Депутаттык мандатын саргара күтүп отурган Нургазы Айдаров (азыркы депутат Салайдин Айдаровдун бир тууганы) ушул күндөрү бир кездеги досу Нариман Түлеевден доосун өндүрө албай, убайымга түшүп жатканы кабарланды. Көрсө, Нукең экс-депутат Нариман Түлеевге караштуу курулуш компаниялардын биринен өзүнө батир алмакчы болуп акчасын төлөгөнүнө карабай, Наримандын адамдары Айдаровдун батирин бербей жатышкандары чын беле? Каратып туруп көз көрүнөө күйгүзүп жатканына ачууланган Айдаров тиги Түлеев тарапты сотко берээри каңкууланды. Тагдырдын тамашасын кара, бир убакта Н. Айдаров «ишиңди бүтүрүп берем» деген шылтоо менен Бозулан Мамазаировдон 20 миң доллар алып, бербей качып жүргөнүн укканбыз. Эми келме кезек деген ушулбу?

Булак: Азия Ньюс

Видео - Кыргызстанда 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын түп нускасы президенттик аппараттын кеңсесинен жоголгон

Кыргызстанда 2010-жылы кабыл алынган КР Конституциясынын түп нускасы президенттик аппараттын кеңсесинен жоголуп кеткендиги дайын болду. Ошол эле учурда КР Адилет министрлиги басып чыккан Конституциянын тексти менен КР Өкмөтүнүн органы “Эркин Тоо” гезити басып чыккан Конституциянын тексттеринде айрыма бар экендиги такталды.  Анда депутаттар биз кайсы Конституцияга өзгөртүү киргизебиз? Түп нускасы жок Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө болобу? Бүт дүйнөгө шылдың болдук! Конституция Кыргыз мамлекетинин Гимни, Желеги сыяктуу эле ыйык символ катары президенттин резиденциясында сакталыш керек. Эгер мамлекеттик символду сактай албай жоготуп жиберишсе Атамбаев баш болуп президенттик аппараттын баардык кызматкерлери жоопко тартылыш керек деп чыгышты.

https://www.youtube.com/watch?v=kxK4Abk5mD0

Барган сайын Темир Сариев саясатчыларды коңулга тартып, арбап атат. Кечээ Бакыт Төрөбаев менен жашыруун жолугушту

3-октябрь күнү кечкурун Бишкектеги «Амбассадор» ресторанында экс-премьер-министр Темир Сариев менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев о-оо кыйлага дейре жылуу маанайда сүйлөшүп, чайлашышты. Москвага каттаган сайын жүзүндө жылуулук байкалган Темир Сариев апта сайын түштүктөн чыккан саясатчылар менен жолугушуп жатканына караганда, «арканды алыс ыргыткан» кербезиби? Түштүктүн бычакка сап болчу лидери Бакыт Төрөбаев менен узун сабак сөзгө киришишкенине караганда, эки үлкөн келечек пландарын талкуулап, биригүү ниеттерине келишкенби? Же бири-бирин колдоо боюнча кол алышты бекен? Албетте, ортодогу сүйлөшүүнү азырынча табышмактата туралы. Экөөнүн жолугушканы тар чөйрөдө катуу сөзгө алынууда. Неси болсо да, Темике текирең жүрүш менен улам бир саясатчыны коңулга тартып, арбап, өзүнүн артынан ээрчитип алууга ашыгып атса керек. Эгер Кремль чындап эле Сариевди колдой баштаса, анда таскагы катуу кетчүдөй…

Булак: Азия Ньюс

Алмакан Бекова, көзү ачык: "Ачуу чындык коңгуроосу: Бакиевди кетиребиз деп жүздөй адам жоготсок, алардан миң деген адамдар набыт болот"

(Бир жыл мурун  айтылып  жазылган)

Мен өзүмдү олуя деп эсептебейм.  Жараткандан мага берилген касиеттин күчү тынчтык бербей, ар кандай аяндарды көрүүгө туура келет. Жана ал аяндарды элге (пенделерге) жеткирүүгө мажбурмун. Жер энебизде болуп жаткан окуялар (согуштар, табигый кырсыктар) жана башка кубулуштар кокусунан, капысынан боло бербейт. Бардык нерсеге бир себеп болот, же пенде баласы өзүбүз себепкер болобуз. Эстеп көргүлө өткөн жылдардагы Тайланд мамлекетинде чоң апаат болгонун. Океандан толкуган цунаминин ак толкунунда Алла деп жазылганын спутниктен тартылган сүрөт тастыктап турбайбы. Баардык нерсе жогору жактан “көзөмөлдө” турат . Жараткандан берилген аяндарды айтуу мен үчүн кыйынга турса да, айтууга аргасызмын. Түшүнүп туура кабыл алгандар көп, бирок түшүнбөгөндөр да бар. Бул нерсени “пендечилик” деп коем, акыры түшүнүшөөр. Бакиевдин учурунда кызыл кыргын болоорун айтып, куугунтука учурап өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгом. Акыры мен айткандай болгонун тарых тастыктап турат. Мен айттым деп айта албайм, Алланын кудурети айттырып жатат. Бул аяндарды айтпасам, ар кайсыл жерим ооруп, доктурдун эч бир даарысы жардам бербей кыйналгандан кыйналып жатам. Туура айтып тууганыма жакпадым дегендей, Кыргыз элине келе жаткан апаатан , табигый кырсыктардан сактанаалы деген сайын, мени шылдыңдагандар да, көрө албагандар да жок эмес. Алардын терс энергиясынан өтө чарчадым. Акыры мага берилген аяндарды, сезгенимди, туйганымды ачык айтпасам болбойт деп чечтим. Жүрөктүн үшүн алган нерселерди айтасың деп мейли соттошсун, өлтүрөбүз десе ага да кайылмын. Алла тааламдын берген аянын айтууга милдеттүүмүн, кайдыгер болууга акым жок. Заман бузулду деп айтабыз, заман бузулган жок баардыгы өз ордунда. Адамдардын пейили, напсиси бузулду. Жер эне көтөрө алгыс күнөөлөрдү жасап жатабыз. Кыргыз эли ойгон, ойлон кыргыз! Уруу-урууга бөлүнбө, түндүк-түштүкө бөлүнбө деген күңкүрөгөн үндөр угулат. Бийлик-байлык талашып бир ууч Кыргыз кырылганы турасыңар. Көрө албастыктын айынан бири-бирибизди өлтүрүп, бийлик-байлык, мансап талашып ата-бабаларыбыз сактап келген мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуу алдында турабыз. Ата-бабадан калган сөз бар:”Баары жакшынын баары жаман, бири жакшынын баары жакшы” деген. Бизде баары эле кыйын. Накта жүрөгүндө оту бар чындыкты айткандарды же камайбыз, же куугунтука алабыз. Жалаң ляппай деген, ооз ача албаган кошоматчыларды жаныбызда кармап келебиз, алар менен ыңгайлуу болсо керек. Бирок келечек узабайт, жана үмүт жок, себеби алар ”сатып” кетишет.  Жетимиш жыл көз каранды болуп жашап, Кудайды тааныбай баарыбыз  атеист болуп “кандай эне тууду экен Лениндей уулду” деп ырдап калганыбызды эстегиле.Азыр болсо кайрадан бир тараптуу багыт алып, бир жака ыктап жаңылып жатабыз. Кыргызды малга теңеп, койдой кылып айдап алыш керек дегендер аз эмес.

Дүйнө элине шылдың болуп жатабыз. Мага жиберилген жана түшкөн аяндарды бүгүн айтпасам эртең кеч болуп калат деп кейип турам. Биз ишенген жакты көз алдыма төмөндөгүдөй кылып көргөзүп жатат: ”Бир чоң ак үй эскилиги жетип ураганы турат. Ал нерсени өздөрү да көрүп, сезип турушат, бирок сыр билгизбей жатышат, билишет баари бир кулайт, бүгүнбү-эртеңби, көп узабайт беш жылга жетпейт.  Бакиевди кетиребиз деп жүздөй адам жоготсок, алардан миң деген адамдар набыт болот.  Ошол ураган үйдүн залакасы бизге да тийет. Башка кызыкдар коңшулар бизди басып алат.”  Азыркы менмин деген кыйындарыбыздын колунан эч нерсе келбей калат. Ошондой оор абалдан сактанып эмне кылыш керек, азыртадан ойлонушубуз керек. Канткенде бул кырдаалдан сактанып калышты бүгүн ойлонбосок , эртең кеч болот. Кыргызстанда баары эле кыйын, кыйын болсоңор бул кырдаалдан чыгыш үчүн биригиш керек. Алла таалам эч бир адамга бийликти, байлыкты, азапты байлап бербейт. Жакшы күндөрдүн артынан чоң азап, жоготуу күтүп турганын сезбейбиз. Ар дайым жакшы боло берет деп ойлойбуз, эч нерсе түбөлүктүү эмес. Жакшынын артынан жамандык, азаптын артынан жакшы күндөр келээрин унутпасак. Оомал-төкмө дүнүйө деген ошол. Адам болом деген адамдын адам менен иши бар. Сен ким элең дебей адам менен эсептешиш керек. Сен көзгө илбеген, тоготпогон адамдын каргышы, назаары кандай азап, ооруу, жоготуу алып келээрин эске албайбыз. Жакшылап ойлонуп көргүлө! Акаевди кубалап анын назарына калдык эле, эмне болду? Бакиев келди кыйратам, жыргатам деп, эмнени кыйратты? Ойлогон жок “бирөөгө көр касаң кенен кас, өзуң түшүп калышың мүмкүн” деген сөздү. Канча деген бей күнөө жигиттер курман болуп, өзбек-кыргыз болуп кырылып, азыркы бийлик келди. Бийлике жеткенче Кудай деп, жыргатабыз деп баары эле убада беришет. Кана элибиздин жыргал жашоодо жашаганы? Баягы эле Акаевдин, Бакиевдин тегерегинде жүргөндөр. Мейли Кудай буйруган экен, президент, премьер, министр, депутат болушту. Бирок элди ойлогон эч ким жок, мен көрбөй жатам. Баягы эле талашмай, соттошмой, сенден мен кыйынмын дегендер. Акырында айтаарым, ар бир Кыргызстандык эң биринчи жүрөгүңөрдү тазалап, пейилиңерди оңдоп, кечирим суратканды билген- кечирим сураганды үйрөнүп, ынтымака келели. Жараткандан үмүт кылып, Жаратканга сыйынып таазим этип, Кыргыз элиме ынтымак, тынчтык, бакубат жашоо каалап.

Алмакан Бекова

Бишкек шаары

7-ноябрь 2015-жыл                                     

Байланыш тел.  0773 35-71-56

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаныбек Керималиев, Айыл чарба министринин орун басары: "Кыргызстанда койдун саны 6 миллионго жетти"

“Кыргызстанда айыл чарба багытын колдоо максатында берилген кредиттин жыйынтыгы менен малдын саны өстү. Ири мүйүздү мал 1,4 миллион, койдун саны 6 миллионго жетти”, – деп билдирди бүгүн, 20-октябрда Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Жогорку Кеңеште айыл чарба багытын колдоо максатында сунушталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда берилген кредиттен кийин айыл чарбасында өнүгүү болдубу деген депутаттардын суроосуна жооп берип жатып.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Коррупциялашкан прокуратура

Өткөн саныбызда Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбеков УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү кызматы тарабынан пара алганга шектелип кармалып, анан кайрадан “соодалашуу жүрүп” коё бергенин жазганбыз. Биздин гезитке маалымат чыгаары менен Нурбеков кызматтан бошотулуп, иликтөө иштеринин натыйжасында кайра кармалып камалганы маалым болду. Деги эле коррупция менен күрөшчү бирден-бир орган катары прокуратура өзү такыр эле коррупциялашып бүткөн окшойт. Дегенибиз, буга дейре Аламүдүн районунун мурунку прокурору Кубанычбек Мамакеев 12 жылга, Башкы прокуратуранын тергөө иштерин көзөмөлдөгөн Кылычбек Арпачиев 14 жылга пара алуу боюнча айыпталып эркинен ажыратылышкан. Бирок булардын тагдыры сабак болбостон, кылмыш ишин козгоп, коркутуп пара талап кылуу прокурорлордун көндүм иши бойдон калууда. Мына паракор прокурорлор менен күрөшкөн Башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиевге үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Орто-Сай айылында кол салуу болуп, унаасы жарылып, колу жулунуп кеткен. Бир көзү да көрбөй калды. Эми буга ИИМ жакын тууганын шектүү катары колго түшүрүштү. Бул эптеп ишти жабуу үчүн жасалып жаткан шоуго окшош. Анткени Курманалиев дал ушул паракор, жеп-ичкич прокурорлордун тамагына турган сөөк болчу. Анан кайдан жүрүп тууганы душман болуп чыгат деген суроо туулат…

Булак: Фабула 

Улукбектин уучу курукпу?

Туура бир жылдан ашык убакыт мурун Эсеп палатасына дайындалган Улукбек Мариповдун ишмердигине коомчулуктун анчалык ичи чыкпай турат. “Жаш келсе ишке, кары келсе ашка” демекчи, жаштыгы, курчтугу менен далай каржылык мыйзам бузууларды таап чыгып коррупцияга бөгөт болот деп турсак, Улукбек мырза жорго таптап, кунан чаап, манаптык адаттары менен эле алектенгендей түр көрсөтүп жатат. Антели десек, ал былтыркы жылы Эсеп палатасы тарабынан 90го чукул мыйзам бузууларды аныктап, УКМК менен Башкы прокуратурага жөнөткөнүн, бирок алардын дээрлик 20 пайызына араң кылмыш иши ачылганын айтып алаканын жаюуда. Ошондо каржылык кашкайган мыйзам бузууларды бадырайта аныктап бере албаган Эсеп палатасы күнөөлүүбү же ишти мыйзамсыз жашырып, басып жаткан тергөө органдарыбы? Экинчи маселе, бүгүн деле тендерлер мыйзам бузуулар менен өтүп жатат, мамлекеттик сатып алууларда атайылап “жогорулатылган” баалар өз өкүмүн жүргүзүүдө. Ал эми эсеп палатасынын аудитор, инспекторлору деле жаңыча иштеп, жаңыча ой жүгүртүп, мекенге күйгөнүнүн көрө элекпиз. Адаттагыдай эле барган жеринде балчая отуруп чай-пулга алаксып, баарын мыйзамдуу деп басып кетип жатышат…

Булак: Фабула 

Мурзалиев 12 жылга, Абеков 25 жылга кесилди

Биринчи май райондук соту тарабынан 13-октябрда “Мегаком” ишканасынын мурдагы директору Азамат Мурзалиев 12 жылга, кеңешчиси Алмаз Абеков 25 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды. Бул ишке байланыштуу ОсОО “Новостройсервис” Аман уулу Кенжебек 6 жылга кесилди. Аты аталгандар күчөтүлгөн тартипте жазасын абакта өтөшөт. Мамлекеттик кызматта экинчи иштей алышпайт. Сотто Мурзалиев мамлекетке 22 миллион, 284 миң сом, Абеков 91 миллион, 937 миң сом зыян келтиргени айтылды.
Эскерте кетсек, 2012-жылы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Мегаком” ишканасындагы коррупциялык схеманы таап, мамлекетке 142 миллион сом зыян келтирилгенин, оффшордук аймакка 6 миллион доллар чыгарылып кеткенин изилдеп чыгышкан.

Булак: Фабула 

Тайырбек тебилеби?

Башкаларга өзүн президенттин көздөй, ишенимдүү адамы катары сыпаттап жүрүүчү мамлекеттик бир топ кызматтардын башын “майкандаган” Тайырбек Сарпашев жакын арада кызматтан кетет деген кеп чыкты. Кайсы жеринен кимге жаза тайып алганы белгисиз. Учурда мамлекеттик Каттоо кызматында жакшы эле иштеп, жаңылыктары арбын болуп, артына камчы чаптырбай алдыда келе жаткан. Бирок жогору жактагылардын кимдир бирөөсүнүн көзүнө “суук тумшук” көрүнүп жаткан окшобойбу…

Ал эми анын ордуна болсо КСДПнын кыйын депутаттарынын бири дайындалып калышы мүмкүндүгү да бар. Азыр таасирдүүлөр карап жаткан тизменин сап башындагы жаңы талапкер деле мамлекеттик кызматтарды аркалаган, анан калса түз эле Кетмен-Төбөнүн өзүнөн болуп чыкканы өтө эле кызык жагдай. Ай, бирок ал бошураак эле, Тайырбек мырзадай тездикте иштей албайт го?!

Булак: Фабула 

Шашылыш билдирүү: абанын температурасы төмөндөйт

20-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз  -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай жаан-чачындуу аба-ырайы айыл-чарба, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Абанын температурасынын төмөндөшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана  казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 14-октябрында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Ысык-Көлдө катуу шамалдын келтирген чыгымдары такталды

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агентигинин Балыкчы метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 18-октябрь күнү кечки саат 19:40дан 19-октябры саат 06:15 ге чейин Балыкчы шаарында катуу шамал катталды. Шамалдын ылдамдыгы түндүк-батыштан согуп секундасына 28 метрге чейин жеткен.

Шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн жана социалдык курулуштардын чатырлары жабыркаган.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 2016-жылдын 19-октябры күнү тактоо иштерин натыйжасында: 9 турак үйдүн чатырынан 53 шифер, 65м2 профнастил, 20 андулин, 5 орто мектептин, 3 балдар бакчасынын жана 1 педогогикалык колледжинин чатырынан жалпысы 169 шифер, 24м2 профнастил, 46 метр рейка, 2м2 терезенин айнеги жараксыз абалга келген.

Жалпысынан шамалдан 222 шифер, 89м2 профнастил, 20 андулин, 46 метр рейка, 2м2 терезенин айнеги чыгымга учураган.

Улуттук китепканада Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Маалыматтык бурч уюштурулду

2016-жылдын 18-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Маалыматтык бурч уюштурулду.

Бул Маалыматтык бурч окурмандарга жана китепканага келгендерге Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды алууга жардамдашат. Бурчта Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Конституциясы, “КР Конституциясына киргизүү сунушталып жаткан оңдоолордун салыштырма таблицасы”, ошондой эле белгилүү эксперттердин, депутаттардын, коомдук ишмерлердин ж.б. макалалары жана ой пикирлери коюлду.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көчөсү, 208. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел. 30-50-64

 

 

Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруунун ресурстук борборлорунун тармагы өсүүдө

Нарын – 20-октябрь күнү саат 10:00дө “Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча окутуучулардын ассоциациясы” коомдук бирикмеси Нарын мамлекеттик университети жана USAID менен бирдикте Нарын мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана башкаруу факультетинин алдында Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруунун (КЭУБ) жаңы ресурстук борборун ачат (Ленин көч. 217, 104-аудитория). Ачылыш аземине Нарын мамлекеттик университетинин ректору Дамира Омуралиева, окутуучулар жана студенттер, Билим берүү жана илим министрлигинин, Нарын облусунун мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле USAIDдин, Биргелешип башкаруу программасынын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

Ачылыш аземинен кийин Нарын мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучу курамынын жыйырмадан ашык мүчөсү “тренерлер үчүн тренингге” катышат, анын алкагында алар КЭУБбоюнча “Коммерциялык эмес уюмдарды башкарууга киришүү” жана “Азыркы дүйнөдөгү коммерциялык эмес уюмдар” программаларын карап чыгышат, ошондой эле КЭУБ боюнча жаңы программалар үчүн колдонула турган окутуунун инновациялык методдорун үйрөнүшөт.

КЭУБдун Ресурстук борбору студенттердин, окутуучулардын, ошондой эле жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардын, бизнестин жана мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өзүндө мейман лекцияларын, конференцияларды жана тегерек столдорду өткөрөт. Бул максаты КЭУБ чөйрөсүндө билим берүүнү чыңдоодо катылган Университеттердин консорциумунун ресурстук борборлорунун тармагынын бир бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасындагы КЭУБдун үчүнчү ресурстук борбору. “КЭУБ боюнча окутуучулардын ассоциациясы” Кыргыз Республикасында коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча университеттик программалар үчүн стандарттарды жана окуу программаларын иштеп чыгуу үчүн 2013-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын он бир университетинин консорциуму менен кызматташат. Ассоциация КЭУБдун ресурстук борборлорунун тармактарына (Кыргыз улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, эми Нарын мамлекеттик университетинин да алдында ачылган) колдоо көрсөтөт жана 2016-жылдын ноябрында Баткен мамлекеттик университетинде КЭУБдун дагы бир ресурстук борборун ачууда.

КУУнун алдында КЭУБдун Ресурстук борбору ачылган мезгилден тартып 2013-жылы КЭУБдун ресурстук борборлорунун тармагы олуттуу натыйжаларга жетишти. Ресурстук борборлор Университеттердин консорциумунун он бир университетинин 26 окутуучусу үчүн кесиптик өнүктүрүү боюнча он семинар уюштурду, КЭУБ боюнча төрт жаңы курс иштеп чыкты, ошондой эле 30дан ашык мейман лекциясын уюштурду, аларды жетекчилер жана мамлекеттик уюмдардын, жарандык коом уюмдарынын, бизнестин, эл аралык уюмдардын жана окуу жайлардын өкүлдөрү өткөрүштү.

Долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда ишке ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Фатима Касмахунова

 

Жогорку соттун Төрайымы БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын аймактык өкүлү менен жолукту

2016-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын аймактык өкүлү Ришард Коменда мырза менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун максаты БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын башчысы менен таанышуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен кызматташуу маселелери болду.

Жолугушууда Ришард Коменда мырза кыргыз Фемида башчысына ыраазычылыгын билдирүү менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби (мурда Судьялардын окуу борбору) менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди. Буга кошумча судьяларды жана талапкерлерди эл аралык стандартта адам укуктарын коргоо боюнча окутууга жардам берүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Өз учурунда Жогорку соттун Төрайымы А. Токбаева Р. Коменда мырзаны БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын аймактык өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктады жана келген меймандардын бардык кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Жолугушууга аймактык өкүлдүн орун басары Беа Ференси айым жана программалык адис Бакай Албанов катышышты.

Өзгөндө “Сыр-Дарья суусунун башындагы археологиялык объекттерди документтештирүү” боюнча семинар өтөт

Өзгөн шаарында 2016-жылдын 20–27-октябрында ЮНЕСКОнун “Сыр-Дарья суусунун башындагы археологиялык объекттерди документтештирүү” боюнча экинчи семинары өтөт. Иш-чара Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институту, “Маданий мурас борбору” мекемеси (Кыргызстан) жана Алматы шаарындагы  ЮНЕСКО уюмунун Кластердик бюросу тарабынан уюшулуп, Өзгөн районунун акимиатынын, КР ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясы, КР УИАнын Түштүк бөлүмү жана  “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин колдоосу менен өтүүдө. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Семинардын негизги максаты тарыхый-маданий мурас (ТММ) объекттерин сактоо, изилдөө жана пайдалануунун жергиликтүү потенциалын жогорулатуу жана бул маселеге жергиликтүү жамааттын, мамлекеттик түзүмдөрдүн көңүлүн бурдуруу.   Бул тема Түштүк Кыргызстандагы эстеликтерди Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен биргелешкен “Фергана_Сырдарья коридору” деген форматта ЮНЕСКОнун “Улуу Жибек Жолундагы эстеликтер” улут аралык номинациясына, көрсөтүүгө даярдык көрүүгө байланыштуу активдешүүдө.

Бир жыл мурда өткөн мындай семинарда, лекцияны маданий баалуулуктарды сактоо Улуттук институтунун адистери (Токио шаары) жана Тейко Университети (Токио ш.), ошондой эле КР УИАнын Тарых жана маданий мурастар институтунун улуттук окумуштуу-эксперттери окушкан. Анда лекцияны түштүк окуу жайларынын – Өзгөн, Ош, Кызыл-Кыя шаарларынын жаш адистери угушкан. Угуучулар заманбап техникалык каражаттары – GPS, жеңил учуучу аппараттарды (дронду) пайдалануунун теориялык негиздери менен таанышты. Мамлекеттин олуттуу тарыхый-маданий бөлүгү болгон археологиялык объекттерди документтештирүүдө – фотограммаметрияны үйрөнүшүп, аны практикада бекемдешти.

ЮНЕСКОнун экинчи семинарынын алкагында япондук коллегалардын, Казакстандын адистеринин катышуусу менен ТММ объекттерин документтештирүү үчүн дронду пайдалануудагы мурда алган көндүмдөрдү бекемдөөгө акцент жасалат. Ошондой эле эстеликтерди изилдөөнүн археологиясынын теориялык негиздери, концервация жана реставрациянын тарыхы жана методдору, материалдарды иштеп чыгуунун жаңы компьютердик мүмкүнчүлүктөрү жана анын эволюциясы, тарыхый-маданий мурастарды башкарууда заманбап ыкмалар менен таанышат.

Мурда өткөн биринчи семинарда катышкандардан башка жаңы угуучулар – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери катышат. Чакырылган коноктордун арасында – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин өкүлдөрү, улуттук мааниси бар эстеликтер жаткан Өзгөн районунун тарых мугалимдери да бар.

 

 

“Торпок жүрүш” же ким “мыш”, ким “миш” болот..?

Референдумду өткөрүү, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен парламенттик башкарууга өтөбүз деген “президенттик жүрүш”, келип эле “торпок жүрүш” менен маарасына келип калды сыягы. Президенттин Отунбаеваны жана Убактылуу өкмөттү “сложный “ шыбашы.  Ага жооп кылып Текебаевдин үстөлдү бир койуп ай- аааламга чуу  салышы, жөөтчө шоунун курамындагы  калптан эле атайылап  “койулган  “интермедия” экени канчалык бек катылса  да, баары бир куйругу көрүнүп калды. Мындан утса бир  президент жана Текебаев гана утту. Анткени, “кимдин ким  экенин, койнунда  кандай котур ташы бардыгын” жанын кыйнабастан толук эле билип алышты.Курмандыкка чалынчу  кошоматчыларды аяшмак беле, саясат курмандыкты талап кылып келген жана ошентип бермекчи.Учкашкан соң чыдайсың да…

Парламентте  КСДП жана анын ана башы Иса Өмүркулов жан талашып  референдумдун чыйырын тапташып, мына-мына соңку мүнөттөр  келди, деп атканда күтүүсүздөн башка бир жактан “атом бомбасы” жарылды.Көрсө,  Баш  мыйзам  боюнча Жогорку соттун 2012-жылы чыгарган  бүтүмү бар тура. 2010-жылы Баш  мыйзамды алмаштырып койушкан деген доону койуп  Т. Үметалиева кайрылган  экен  доо арызы арызы менен.

2012-жылы Жогорку сот Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деп бүтүм чыгарган. Эл өкүлү шыкмаматов Жогорку соттун бүтүмү даттанууга жатпасын, Конституциялык палатага кайрылуу менен мыйзам бузулуп жатканын кошумчалады. Эгерде  биз  бүгүнкү иштеп жаткан Баш  мыйзамды тааный турган  болсок  Жогорку соттун чечими эң акыркы жана  ал  эң  соңку  болуп  эсептелишин  моюнга  алышыбыз зарыл. Мына ушул соболду атамекенчи депутат  Шыкмаматов Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жазып, баарын ботко кылган Анарбек Исмаиловго узатса, тиги   чечим колуңуздабы”, деп шалпайып отуруп калыптыр.Болгону, чечимди көрбөй туруп бирдеме деш да кыйын, демиш болуптур.

Андан  кийин дагы бир «бомба» жарылып кетти . 2010-жылы референдум аркылуу кабыл алынган Баш мыйзамдын түп нускасын таппай калышты күпкүндүзү. Чыракты тамызып алышып кыдырып-сыдырып  издешти. Жок.Асан Үсөнгө шылтоолошуп, шалаакылыгын  моюнга   албай, биринен  бири кыйын  болуп жатты. Ф. Ниязов болсо:  түп нуска дегениң «Эркин Тоо» гезити», жазылып турбайбы, деп баарынын оозун Ошту каратты. Гезит  кантип  түп нуска болсун деген жан жок. Акыры президенттин колу коюлган документ президенттик  администрацияда  сактылышы  керекпи? Керек.Кудайдын мөөрүн чөнтөгүнө  салып  алышкандар үчүн мындай эреже жазылбаган окшойт.Бир сөз менен чыныгы «бардак» башкаруунун  өң-түсү калкып чыкты.

Эми не болот? Эчтеме. Анын жарасын “торпок жүрүш” менен  эзели айыккыс кылып ташташат. такыр эле жетпей жатса көздөрү,“бовойт” демек бовойт, деп кудум эле эчтемке болбогондой,  басып кетишет.Канчалаган  сөздөр айтылганы, жаман-жакшы көрүнгөнү коко  тыйынга да  турбай калат..   Баса, референдум үчүн  алтын башын баталгага койом деп, үч бүгүлүп аткандар  не болот? Эчтеме. Биз деле каршы болчубуз, силер туура түшүнбөй калгансыңар чамада… дегендей бирдемени  ичинен –сыртынан  чулдурашат да, басып кете беришет.Туура кылышат. Алар деген түздөн-түз  президенттин, тагыраагы ким тактыда болсо ошонун гана  атайын  жоокерлери. Айтылдыбы, “хоп майли”. Башкача болушу да мүмкүн эмес. Эгерде Жогорку сот деле  бирдемени билбей чыгарып алыптыр, айта берет дешип, сапарын ары улантууну чечишсе, тигилер  турган жеринен кубулуп туруп,кайрадан тоту куштай сайрап “Алга, Референдумга”  деп мазеңи алат…

Ачыгын айтканда, шахматтагы  «пат» жагдайы көз жарды сыягы. Жогорку сотту «кыш» дейин десе, анын болгон «аптарыйкаты» биротоло күм-жам болот.Антпейин десе… Бирок, ар кандай  опуртал жагдайга өзүнүн шыпаа жолу бар демекчи…айласын табышат дечи. Эми түшүнүктүү да… Эң опурталдуусу, эгерде референдум кандайдыр бир себептерден оң натыйжасын бербей калса, бүгүнкү бийлик ошо саам кетиши керек болот.Башты  баталгага койгонун сезбей жатышат.

Сокур намыс баш жарат болуп, ушундай былыктар чубалып чыгып атса да «референдумчулар»  сапарын карытпастан, «алга  дегенде алга» дешип, ошол бейиш төрүн жакындаткан референдум  күнүн   утур жакындатып, утур добушка салышып жатышат.

Бир сөз менен бийликтин мандаты чөнтөгүндө турганда дагы далай ойго келген-келбеген  иштерди жасашына бөркүңөрдөй ишене  бергиле. Бийлик  деген ошон үчүн бийлик окшойт , туугандар! Билбей жүргөндөр, эми билип жүргүлө…Асса!Просто Шер

 

Төлөгөн Келдибаев: “Кыргызстан чукул арада тамак-аш реестрин түзгөнү оң”

Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенине мына жыйырма бешинчи жылга аяк басты. Тилекке каршы, өлкөбүздө эмдигиче азык-түлүк  жана анын коопсуздугу боюнча мыйзам жок! Дал ушул өксүктүн кесепетинен республикабызда жыл сайын тамак-аштан ууланып, жугуштуу инфекциялык ооруларга чалдыккан жарандарыбыздын саны улам өсүп баратат. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматынын башкаруучусу Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ кабарчыбыз менен маегин сунуш кылабыз.  

  • Төлөгөн мырза, деги сапатсыз оюнчуктар аймакта азаябы, ыя?
  • Мындай сапатсыз оюнчуктарды, деги эле ушуга окшогон сапаты өтө начар товарларды  өзү чек арадан  өткөрбөш керек. Товарларда “Мөөнөтү бүткөндө ыргытып жибериш керек” деп жазылып турат деп жатасыздар. Сиздер мөөнөтү бүткөндөн кийин оюнчук болобу, же башка азык-түлүк болобу ыргытып жиберген кыргыздын үй-бүлөсүн өзү көрдүңөр беле? . Ушул тапта Кытайдан байма-бай ташылып келаткан товарлардын жүздөн бири гана атайын органдар тарабынан кармалып жатат. Калган токсон тогуз пайызы дээрлик чек арадан бери өтүп эле дароо сатыкка коюлат. Андыктан, акчанын кулуна айланган ишкерлерибиздин мындай ишине катуу бөгөт койбосок, эч качан натыйжа чыкпайт! Муну үчүн чек араларга заманбап био жана ветеринардык лабораторияларды сөзсүз түрдө ачуу абзел!
  • Дегеле Кыргызстан тамак-аш менен өзүн-өзү камсыз эткенге

жарайбы?

  • Азыр биздин керектеп жаткан тамак-ашыбыздын 70 пайызга жакыны сырттан келет. Аны туруктуу ташыгандардын өз сертификаты менен эле буларды таратып ийип атабыз. Товарлардын этикеткасында жазылган жазууга ишенбестен, Кыргызстанда  аны кайрадан дагы бир жолу текшерип, кошумча этикетка тагылуу керек. Мына, жакындан бери кымызды жасап сатмай мода болуп кетти. Ушул тапта сүт азыктарынын басымдуулугу жасалма каражаттар аркылуу гана байма-бай даярдалып жатат. Азык-түлүк продукциясынын сапаты начардыгынан өлкөбүздө майып балдар көп төрөлүп атат.  Андыктан, тамак-аш коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, бардыгын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү – мезгил талабы.
  • “Сапатсыз азык-түлүк Кытайдан ар түрдүү жолдор

аркылуу Кыргызстанга баары бир кирип жатат” деген маалыматтардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

  • Танып кайда барабыз? Коңшу Кытай мөөнөтү өтүп, сапатын

биротоло жоготкон күрүчүн Кыргызстанга үзгүлтүксүз жөнөтүп жатат. Кытайдан ташылган өсүмдүк майынын сапаты дагы көпчүлүктү аябай кооптондуруп аткан чагы. Анткени, “Коңшу өлкөдөгү кафе-ресторандардын таштандыларынан жасалган суу май Кыргызстанга арзан баада жиберилип жатыптыр” деген маалымат эл арасында дагыле каңгып жүрөт. Ошондуктан, мындай ар бир маалыматты өткөрмө бекеттериндеги бажычылар, чек арачылар жана ветеринардык көзөмөл кызматтары абдан тыкыр иликтөөгө жана көзөмөлдөөгө тийиш!

  • Көрүп аткандырсыңар. Теледен дайыма балдардын тамагын

тынбай жарнамалап жатышат. Өзү булардын сапаты талапка ылайык бекен?

  • Учурда Кыргызстанда сатылып жаткан балдардын азык-

түлүктөрүнүн курамында эмне бар экендигин биз так билбегендиктен, өспүрүмдөр ар кандай ооруларга чалдыгып, ууланган фактылар абдан көп кездешип жатат. Ошондуктан, мындай  шектүү азыктарды Кыргызстанга  кабыл алууда, колдонулуп жаткан продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн атайын текшерүү лабораториялардын иштешин заманбап жөнгө салуу абзел!  Ошондо гана өспүрүмдөр арасында тамак-аштан уулануу жана ар кандай дарттарга чалдыгуу маселеси кескин түрдө азаят.

  • Баса, Кыргызстанда тамак-аш жөнүндө мыйзам барбы өзү?
  • Тилекке каршы, Кыргызстан азык-түлүк боюнча мыйзамы жок

жападан жалгыз өлкө. Мунун кесепетинен республикабызда жыл сайын тамак- аштан ууланып, инфекциялык ооруга чалдыккан жарандарыбыздын саны өсүп жатпайбы. Мындан тышкары республикабызда абдан курч мүнөздөгү ичеги карын оорулары дагы ого бетер күч алды.

  • Канеткен күндө дагы биз Ата Мекендик өндүрүштөн

чыгарылган продукциялар менен өлкөбүздү толук түрдө камсыздай алабызбы?

  • Кыргызстан тамак-аш ички рыногун өзү эле толук бойдон

камсыздаганга мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Курт дагы жебеген Кытайдан келген алмаларды, биз  жеп жатабыз. Андыктан, сырттан келген сапатсыз тамак-аштарды  пайдалангандын ордуна, өзүбүздүн өндүрүштөгү тамак-аштарды урунсак, ден-соолугубуз мынчалык запкы жебейт эле. Себеби, бизде мындай дагыле мүмкүнчүлүк бар.

. Ошто тамакаштын сапатын жана кооптуулугун текшере турган атайын лаборатория барбы?

  • Кыргызстанда тамак-аш азыктарынын сапатын текшере турган

лабораторияларды катарынан куруу керек. Учурда түштүк аймакта жок дегенде бир лаборатория болушу шарт. Негизи ар бир райондун борборунда лабораториялар ачылса, тамак-аштын сапатынан дегеле кам санабайт элек. Лабораторияларды куруу үчүн кеминде 30 миллион сом керек. Кыргызстанда тамак-аш азыктарынын сапатын текшере турган жападан жалгыз лаборатория бар. Ал дагы Бишкекте.

  • Бүгүнкү күндө өтө бат жугуучу жугуштуу оорулар арбып

баратат. Сиздердин иликтөөнүздөрдө кайсыл оорулар өтө опурталдуу жана кайсыл жерлерде  ушул дарттардын жугуу, жайылуу  коркунчу өтө жогору?

  • Биздин мекеме 2015-жылы жугушуу ооруларды кандай жол менен

кай жактан жугуу болуп жатканын, жугушту ооруларды жуктурган адамдардын бир нечеси менен сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Бул көйгөйлүү дарт, айрычка жугуштуу оорулар медициналык мекемелерде көп жугуп жаткандыгы, тиш дарылоо жайларында,төрөт үйлөрүндө, төрөт маалында  операция болгондордо, аборт жасаткандарда сарык жана башка жуугуштуу бат жана кеңири жайылып жаткандыгы абдан көп байкалды.

  • Эмнеден улам ушундай көрүнүштөр абдан коп орун алууда?
  • Медициналык шаймандарды урунууда гигеналык эрежелер так

сакталбайт. Жугуштуу инфекцияларга каршы иш-аракеттер дегеле жасалбайт. Башкача айтканда, бул өңүттө шалаакылык абдан күч.

  • Төлөгөн мырза, карасаңыз. Сапатсыз азык-түлүктөр

базарларда, соода түйүндөрүндө тим эле жайнап кетти. Буга каршы неге чаралар көрүлбөй атат?

  • Чукул арада тамак-аш реестрин түзгөнүбүз он. Сырттан ташылган

продукцияларды өндүрүшкөн ишканалардын биздин өлкөбүздө өкүлчүлүгү туруктуу иштегени оң.  Анан дагы тыштан киргизилген продукциянын ар бирине атайын сертификат дагы берилиши кажет! Эгерде ал продукцияга нааразычылык жаралса, тийиштүү мекемелер ошол фирманын өкүлүнө дароо жана түз кайрылып, дооматтарын койсо жарашат. Кокус сапаты талапка жооп бербесе, кара тизмеге киргизип, алардын продукцияларын Кыргызстанга киргизбей койсок, мындан чындап утабыз!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ

Турганбаевдин тушунда мыйзам бузулганбы?

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы ИИМдин Башкы патрулдук милиция башкармалыгы мамлекеттик мыйзамдарды одоно бузуу менен 65 унааны сатып алгандыгын айтып чыкты. Көрсө ИИМдин мурдагы жетекчилиги бул башкармалык кетирген кемчиликтерге көз жуумп, натыйжада мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдар бузулуп, тендерде мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербеген тараптар менен өз ара соода жүрүп унаалар сатылып алынган экен. Эми бул боюнча башкы прокуратура кылмыш ишин жандантаары айтылды. Ошондо ИИМдин мурдагы министри, патрулдук милицияны ишке киргизүү менен бардыгы “укмуш” болот деп жаткан генерал Мелис Турганбаев да жоопкерчилик тартып суракка чакырылып калышы мүмкүнбү?!

Булак: Фабула 

Рафик да ишсиз калды

Мурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын жетектеп, кийин Өкмөттүн алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын башчылыгына барган Рафик Мамбеталиев өкмөт башчынын жарлыгына ылайык кызматынан бошотулду. Бул кабар албетте ага күтүүсүз болгондуктан, эмне себептен кызматсыз калганына түшүнбөгөн полковник кызмат ордунда ойлонуп отурган кербези. Ага азырынча эч ким ак же көк деп түшүндүрмө бере элек. Бирок кеп бул жерде “Раф” байкенин өзүндө эмес, ал башкарган тармакта экенин боолголоп жатабыз. Анткени Коопсуздук кеңеши жүргүзүп жаткан реформага ылайык Баңгизаттарын көзөмөлдөө кызматы ИИМдин карамагына өтүп, бул орган башкармалык катары ишин улантууга тийиш болчу. Демек жаңы органга жаңы жетекчи керек деп, кызматын көшөкөрлөнүп кылып жаткан полковникти шыпырып түшүштү көрүнөт. Анткени ал дагы жөн турбай, ичине сыр ката албаган неме эмеспи, “ИИМдин кызматкерлери өздөрү баңги трафигин көзөмөлдөп жардам берип жатса, биз кантип кармайт элек. ИИМге бул орган өттү дегиче, ири баңги соодагерлеринин күнү тууйт” -деген сөздөрдү ар кимге айтып жүрчү да. Мына эми, ошол сөздөрү үчүн жумушсуздардын катарын калыңдатканы калды…

Булак: Фабула 

Элди "атып" "Эрдик" сыйлыгын алды

Өткөн жумада президент Алмазбек Атамбаевдин колунан КР Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Данияр Абдыкаров “Эрдик” медалын алды. Сыйлык берүүдө өлкө башчысы анын жетекчилиги алдында бир катар чуулгандуу кылмыш иштери оперативдүү түрдө ачылгандыгын эске алганын айтты. Бирок биз Данияр Абдыкаровдун өтмүшүн карап, тээ 2010-жылдын апрелинде бул жигит Талас облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турганын, 6-апрелдеги элдик нааразычылыкты күч менен басууга аракет жасап, Болот Шердин башына мүшөк кийгизип, администрацияга келген элге “ок аттырып” милициянын курчоосуна алып сабатууда негизги ролду аткарганын билдик. Ал тургай муну КСДПдан депутат, апрель баатырларынын бири Мээрбек Мискенбаев деле тастыктап, “Апрель ыңкылабына каршы чыгып, элди сабаткан, керек болсо, аттырган адамды ИИМге кантип алып келатасыңар? Башка адилеттүү кадр калган жокпу?” – деп парламенттин ыйык трибунасынан айткан жайы бар.
Демек ошондо Данияр Абдыкаров элди атканы үчүн “Эрдик” сыйлыгына татып жатабы? Деги мамлекеттик сыйлыктар боюнча президенттин алдындагы бөлүмдүн кызматкерлери кандай тандоо критерийлерин колдонушат? Же алар президентти атайылап жек көрсөтүү максатында иштеп жатышабы? Андан да кызыгы, ошондон бери коомчулукта “ИИМ министри Кашкар Жунушалиев кетип, ордуна орун басар Данияр Абдыкаров келет экен” деген кеп чыкты. Ушинтип кечээки Бакиевдердин жасоолдорун чекесинен министр кыла берсек жыргаппыз да…

Булак: Фабула 

Текебаевдин тузагы

Президент 2010-жылдагы мародерлорду таап жазасын бергиле дегендей ишарат жасагандан кийин, “Ата Мекен” партиясынын “атасы” Өмүрбек Текебаев чок баскандай чочуп: “Эркек болсоң тап, бир жыл убакытың бар, мен эч кайда качпайм” – деп кыйкырып чыкканын баарыбыз жакшы билебиз. Анткени президент “Ата Мекен” партиясынын же Текебаевдин атын атабаса деле, айтылган сынды дароо өзүнө кабыл алып титиреңдеп чыкканы “шектү шекшинет” дегенден кабар берген. Муну менен тим калбай, жебенин учун башка жакка буруу максатында “мародерлорду билем, керек болсо өзүм колунан жетелеп барам, алар президенттин жанында жүрүшөт” деген мааниде күпүлдөгөн. Бул жагдай “ууруну карма деп ууру жүрөт” дегенди туюндурат эмеспи. Анткени мамлекеттик укук коргоо органдары издеп таппай жаткан мародерду Текебаев кайдан билет?.. Тааныганына караганда талап-тоноочулукта чогуу болгонбу деген суроо туулат… Минтип актанам деп жатып “жаман жайын айтам деп баарын айтат” болуп, “Ата Мекенге” жармашкан кара такты президентке оодармак болгон ою ордунан чыкпай, өзү казган чуңкурга өзү түшкөнүн кеч аңдап калган Текебаев Атамбаевге дагы тузак тартыптыр.
Дегенибиз, өткөн жумада Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мамлекетке эмгеги сиңген жарандарга сыйлык берилди. Ошол сыйлыкка арзыган жарандардын арасында “Даңк” медалын “Ата Мекен” фракциясынан сыйлыкка көргөзүлгөн Сайдулла Нышанов алды. Бул эл өкүлү Максим Бакиевге тиешелүү делген, 2010-жылдагы революциядан кийин мамлекетке кайтарылган БНК май куюучу станциясын башкарып, аны сатууда казынага 36 миллион доллар зыян келтирип, аталган каражатты сиңирип кеткен көз боемочулук ишке башкы шектүү катары айтылып жүрөт. Демек Текебаев дал ушундай шек жараткан Нышановду “Ата Мекен” фракциясынын атынан сыйлыкка көргөзүп, Атамбаевдин колунан “Даңк” медалын алып берип жатканы бекеринен эмес. БНК маселесинде Текебаевге муш болчу чоң иш жатат. Себеби эртең мародерлук иш боюнча күнөөлүүлөр камалып баштаганда, Текебаев “Ата Мекен” партиясынын же анын мүчөлөрүнүн мародерлукка тиешеси болсо Атамбаев сыйлык берет беле, биздин партия, биздин адамдар таза” дегенди айтып чыгат. Болбосо, “кечээ эле сыйлык берип куттуктап жатты эле, бүгүн кайра каралап жатат, эгер күнөөлүү болгон болсо эмнеге сыйлык берди эле, ошондо эмнени карап отурушту эле” дегенди айтпай койбойт. Кыскасы Нышановдун сыйлык алуусу президентке тартылган тузак болду.

Булак: Фабула 

Сирия Крымды Орусиянын ажырагыс бөлүгү катары тааныды

Сирия Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары тааныды. Бул тууралуу парламент өкүлү Хадия Аббас билдирди деп кабарлады РИА Новости.

“Биз Крымды Орусиянын ажырагыс бир бөлүгү деп тааныйбыз”—деди Хадия Аббас. Ал Сирия менен Орусиянын ортосундагы мамиле келечектүү жана стратегиялуу экенин баса белгилеп, тараптар саясий, экономикалык, социалдык жана консулдук багыттарда кызматташтыкты өнүктүрүү ниетинде экенин билдирди.

Сирия парламентинин өкүлү Крым Советтер Союзунун бир бөлүгү экенин, кеңеш доору ураган соң, элдин каалоосу менен референдум аркылуу учурда бул субъект өз башатына кайтканын айтты.

“Алар өз өлкөсү менен биригүүнү каалашты. Мына ошол тилек аткарылды!” — деди Хадия Аббас.

Крым Украинадагы төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдун жыйынтыгы менен орусиялык аймак болуп калган. Орусияга кошулуу үчүн жарым аралдагы шайлоочулардын 95%“макул” деп добуш берген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алдамчы көзү ачык сыйкыр менен Сириядагы тажиктерди кайтарууну убадалаган

Тажикстан ИИМи Шахирнавдын эки жашоочусу көз байлоочулук менен шыгуулданып, акча таап келишкенин маалымдады. Мындан тышкары алар кардарларынан Сирияга кеткен туугандарын атайын дубалардын жана ырым-жырымдардын жардамы менен кайтарууну убадалашкан.

ИИМ эки көзү ачыкка карата алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Экөө тең Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү болуп саналары маалымдалды.

Көзү ачыктар жергиликтүү жашоочунун Сириядагы тууганын атайын ырым-жырым менен кайтарып берүүнү убадалашкан. Алар мындан тышкары сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар жана маңзат колдонуу боюнча дагы айыпталышууда.

Тинтүү учурунда шектүү жарандардын үйүнөн диний китептер, ырым тумарлары, кара куурай толтурулган чылымдар, презервативдер табылган.

Былтыр сентябрдан бери Тажикстанда көзү ачыктык кылмыш катары эсептелет. Бул үчүн жаза иретинде жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда “Орол жумалыгы” гезити үч жарым миллион теңге айып пул төлөмөй болду

Орол шаардык соту полициячы Даниар Ракишевдин ”Орол жумалыгы” гезитинин редактору Тамара Еслямовага карата жазган доо арызын жарым-жартылай канааттандырды.

Сот моралдык зыян үчүн конпенсация иретинде тарип сакчысына үч жарым миллион теңге төлөп берүү чечимин чыгарды. Анын эки миллиону “Журналисттик демилге” уюмунун, бир жарым миллиону редактордун мойнуна илинди.

Полициячы болсо доо арызында жалпысынан 10 миллион теңге сураган. Тартип сакчынын пикиринде, редактордун ”Ракишев сыяктуу майорлор эмнеден коркушат?” деген макаласы анын абройуна шек келтирген.

Журналист Оролдо жаздагы жер реформасына байланыштуу акцияда журналисттер массалык түрдө кармалгандан кийин, майор Ракишев андан кечирим сураганын жазган. Тартип сакчысы муну четке кагууда.

Тамара Еслямова соттун чечимине макул эмес, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылат.

“Орол жумалыгы” гезити журналисттер тарабынан түзүлгөн. Басылма Батыш-Казакстан облусунда бийликти сындаган материалдары менен белгилүү. Гезитке доо арткан арыздар байма-бай түшүп турат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Шавкат Мирзиёев президенттике талапкер катары бекитилди

Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы шаршембиде өткөн съезде президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Шавкат Мирзиёевди президенттике талапкер кылып бекитти. Бул тууралуу РИА Новостиге партиянын өкүлдөрү билдирди.

Шавкат Мирзиёевдин талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Жакынкы күндөрү партия ал жөнүндөгү маалыматты БШКга жолдойт. Андан соң Мирзиёев каттоодон өтөт.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, талапкерди каттоо үчүн партия БШКга жалпы шайлоочулардын 1% кем эмесинин (214,35 миң киши) колу коюлган баракты тапшырышы керек. Каттоо 30-октябрда бүтөт.

БШК 23-сентябрда өлкөдө катталган төрт саясий партияны тең Өзбекстан президентин шайлоого катыштыруу боюнча чечим кабыл алды. Өткөн аптада Улуттук демократиялык «Миллий тикланиш» (Улуттук кайра жаралуу) партиясы парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасынын орун басары Сарвар Отамурадовдун талапкерлигин бекитти. Бул арада Өзбекстандын Улуттук демократиялык партиясы– Хотамжон Кетмоновду жана «Адолат» социал-демократиялык партиясы– Наримон Умаровдун талапкерлигин жылдырды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фарид Ниязов жол эрежесин бузганы үчүн миң сом айып пул төлөдү

Патрулдук милициянын кызматкерлери президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовду жол эрежесин бузгандыгы үчүн миң сомго айып пулга жыгышты. Маалыматты өлкө президентинин аппараты тастыктады.

Окуя 14-октябрда Байтик баатыр көчөсүндө болгон.

Ниязов Административдик кодекстин 235-беренеси боюнча жазаландырылды. Ага ылайык, жол белгилери, жол чийин эрежелери сакталбай, автоунааны ашып өтүү эрежеси бузулган учурда айып пул салынат.

Патрулдук милицияга Ниязов токтоп, айып пул төлөп берип жаткан учурдагы сүрөттөр социалдык түйүндөрдө жарыяланды. Айрым интернет колдонуучулар муну эл алдындагы жөн гана оюн катары баалашууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда аскер учагы кулап, тогуз адам өлдү

Өзбекстандагы жергиликтүү ММКлар билдиргендей, МИ-171 учагы 18-октябрда Фергана өрөөнүнүн Кыргызстан менен чектеш аймагында кулаган.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги окуяны кокустан болгон кырсык катары баалады. Каргаша учурунда экипаждын үч мүчөсү жана алты аскер кызматкери мерт кетти. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Өзбекстан бийлиги каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Расмий билдирүүдө белгиленгендей, МИ-171 пландуу учууларды жүргүзүп жатып кулаган.

Орусиядан алынып келинген МИ-171 учактары 2009-жылдан бери 7 жолу кулаган. Бул авиакатастрофалардын кесепетинен жалпысынан 41 адам набыт кеткен.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Берлинде “норманд төрттүгүнүн” лидерлеринин жолугушуусу аяктады

Берлинде “Норманд төрттүгү” лидерлеринин жолугушуусу аягына чыкты. Анда Орусия, Украина, Франция президенттери жана Германия канцлери Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты

Иш-чара бүткөн соң Украина президенти Петр Порошенко билдиргендей, тараптар Донецк жана Луганск облустарына ЕККУнун куралдуу миссиясын жөнөтүүгө макулдуктарын беришти. Порошенконун айтымында, Минск келишимин аткаруу боюнча “жол картанын” деталдары ноябрда“норманд төрттүгүнүн” тышкы иштер министрлери тарабынан бекитилиши керек.

Украина жана Сириядагы жаңжалдарга арналып Берлинде өткөн алты сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин Германия канцлери Ангела Меркель “укмуштарга жетүү мүмкүн болбогонун” бирок жаңы жол карта 2015-жылдагы Минск келишимдерин алдыга жылдырууга шарт түзөрүн билдирди.

Сүйлөшүүнүн катышуучулары мындан тышкары жаатташкан тараптардын ортосунда кийлигишпөөчү зона түзүү жана гуманитардык абалды жакшыртуу үчүн чара көрүү боюнча макулдашышты. Меркель ыңгайлуу учурду өткөрүп жибербөө үчүн бул сыяктуу сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин айтты.

Украина президенти Петр Порошенко жаңы жол карта Минск келишимдеринин ырааттуу түрдө ишке ашырылышын камсыздоого тийиш экенин баса белгиледи. Ал Донбасстагы фронттук линияга жакын төрт жаңы аймактан аскерлерди алып чыгып кетүү боюнча макулдашуу жетишилгенин кабарлады.

Украинанын чыгышында ЕККУнун полиция миссиясын жайгаштыруу менен уюмдун байкоочулары жандарында курал алып жүрүүгө жана бардык райондорго кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Кытай инвестициясы Кыргызстандын бардык экономика тармактарында катышууда

Кытай инвестициясы Кыргызстандын бардык экономикалык секторлорунда катышууда. Кытай биз үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат,- деди Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун (СУАР КЭР) губернатору Шохрат Закир менен болгон жолугушууда.

Эскерте кетсек, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев КЭР Сычуань провинциясындагы Чэнду шаарында «Жибек жолундагы биргелешкен кызматташуунун жаңы моделдери жана көп тармактуу кызматташуу үчүн жаңы платформаларды ачуу» атылышындагы Борбордук Азия менен Кытай Эл Республикасынын IV кызматташуу форумуна катышууда.

«Жыл сайын биздин мамлекеттер ортосунда товар алмашуунун көлөмү өсүп баратат. Соода көлөмүнүн артышы менен бирге, кыргыз экономикасына болгон инвестициянын да көлөмү өсүүдө. Эгерде 10 жыл мурда кытай инвестициясы соода багытында гана болсо, акыркы 5 жылда энергетика, жол курулуш жана өнөр жай тармагына абдан чоң инвестиция тартылды. Ушул эле жылы инвестициянын көлөмү 500 млн АКШ долларынан ашкан эки чоң тоо-кенин ачтык. Аталган өндүрүштүн ишке кириши менен кошумча жумуш орундарын түзүлүп, жалпы экономиканын өсүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Азыркы кезде кытай инвестициясынын эсебинен Бишкек ЖЭБ реконструкцияланууда. Мындан тышкары өлкө экономикасы жана бардык аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн чоң мааниге ээ болгон жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулушу жүрүп жатат», – деди.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин айтымында, форумдун жүрүшүндө транспорт, айыл чарба, логистика, маданият жана билим берүү, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган бир нече келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.

«Бишкек шаарында үч күн мурда кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди кеңири талкуулады. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев КЭР Синьцзян-Уйгур автономдук районунун губернатору Шохрат Закирге кайрылып, сүйлөшүүлөрдүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сизди биздин өлкөгө келүүгө чакырам», – деди.

Эгер Баңгизаттарга көзмөлдөө кызматын жоюшса Кыргызстанды “наркоборондор” башкарып калат

Орусия бийлиги жакында эле Бангизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматын Ички иштер министрлиги менен чогуу иш алып баруусу боюнча токтом чыгарды. “Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт” – деп, биздин аткаминерлерибиз Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматын КР Ички иштер министрлиги менен чогуу иш алып баруусу боюнча маселени өкмөттө карап жатат. Бирок, баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматы өкмөттөн кошумча акча сурабай чет элдик инвесторлордун жардамы менен жер-жерлерге имараттарды куруп, канчалаган кылмыштуу иштердин бетин ачып келатышат.

Кыргызстандын аймагында мыйзасыз иштерди жүргүзүүгө жана калкты баңгизатташтырууга кар­шы, жигердүү аракеттенүү керек. Азыркы учурда апийим өсүмдүгүн өстүрүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү белгилей кетсек, 19-кылымдан баштап иш жүзүнө ашырылып келет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы заманбап материалдык жана техникалык база жана 150 жылдык тажрыйбага ээ. Өкмөттөн баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча 624 миллион 54 миң сом өлчөмүндө акча каражаттар бөлүнүп берилген. Ошол эле мезгил аралыгында баңгизаттар менен күрөшүүдө көп суммадагы акча каражаты жумшалган. Баса, белгилей кетчү нерсе 2010-2012-жылдар аралыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган жалпы баңгизаттын саны 2 миллиард 8880 сомдон
ашкан. Бул мыйзамсыз жүргүзүүдөн алынган баңгизаттардын наркы ушул сумманы чапчып жатат. Бир эле мисалды келтирип кетели, Казак Республикасынын Ички иштер министрлигинин баңгизаттар менен күрөшүү департа­мента менен биргеликте 3 айдын ичинде биздикилер уюшкан кылмыштуу топ­тун мүчөлөрүн 15 жаранды камакка алдык. Караганда, Устанай шаарында жана биздин Ош шаарыбызда 30 миң килограмм баңгизат менен атайын уюшкан топтун мүчөлөрү кармалды. Ош шаарында жашап, баңгизат даярдап жиберип жүргөн балдар камакка алынган. Андан тышкары Ош шаарында жашаган үй-бүлөлүк уюшкан кылмыштуу топту кармап, камакка алышкан. “Зикзак” деген каймана ат менен уюшулган кылмыштуу топ бүгүнкү күндө камакта жатканы маалым.

Мисалы, 2015-жылдын жыйынтыгы менен 13 кылмыш ишин козгоп, 18и спецсубьектиден өткөн. Жогорку Кеңеште иштеген депутаттын жардамчысы кармалды. Быйылкы жылы 36 кг баңгизат менен тажикстандык жаран кар­малды. Мурда өзүңүздөр билгендей эле, айылдан келген баланы кармап, чөнтөгүнө ширеңкенин кагазына наша ороп, акырын чөнтөгүнө жиберишчү. Бала эмне экенин деле билбейт. Анын баарын азыр жокко чыгарышты. Баңгизат эки жолго гана, өлүмгө же түрмөгө алып барат.

Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: “Бул долбоордун артында наркоборондор турат”

Өкмөттө баңгизат менен күрөшүү кызматын жоюп, ИИМ менен биргеликте иш алып баруу боюнча долбоору каралып жатат. Бул долбоордун артында наркоборондор турат сөздүн ачыыгы. Биздин энергоборондор Энергетика министрлигин жоюп салып, иттен жок же ит байлаган жиптен жок болуп олтурушат. Өткөндө Тажикстан өлкөсүнө газга барганда эч ким кабыл албай койду. Кой десе болбой Коргоо министрлигин жоюп салды. Мындай саясат болбойт. Биздин өкмөт баңгизаттар менен күрөшкөндүн ордуна, баңгиликке каршы органды жабууну пландап жатат. “Элибизде эшигин көрүп төрүнө өт” деп бекеринен айтылган эмес, заманбап имараты, кесипкөй адистери бар кызматты эмне себеп менен жа­бууну пландап жатат, эч түшүнбөйм. Эгер бул кызмат ИИМге кошулуп иш алып бара турган болсо, анда Кыргызстанды “наркоборондор” башкарып калат. Керек болсо кошумча акча бөлүнүш керек. Мисалы, Афганистанда Баңгизаттар менен күрөшүү министрлиги бар. Эгер бул чечим туура эмес чечиле турган болсо, мен акмакчылык деп эсептейм, наадандык деп эсептейм. Бирок, өз сунушумду сөзсүз айтып, туура чечим чыгышына аракет кылам.

Нуркыз БАКАСОВА

Булак: “Ачык саясат”

Меню