Menu

Орусия Алеппого сокку урууну токтотконун билдирди

Орусия орусиялык жана сириялык аба күчтөр Сириянын Алеппо шаарына сокку урууну убактылуу токтотконун билдирди.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун билдирүүсүнө караганда, соккулар жай тургундар менен согушкерлердин шаардан чыгып кетүүсүнө мүмкүндүк берүү үчүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дөн тарта токтотулган.

Буга чейин кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Syrian Observatory for Human Rights уюму «түн оогондон кийин орусиялык учактар Алеппонун козголоңчулардын карамагындагы райондоруна катуу сокку урганын» билдирген.

Орусия 20-октябрда сегиз саатка Алеппого абадан соккусун токтоторун, бул мезгилде жоочуларга жана тынч жарандарга шаардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилерин 17-октябрда билдирген эле.

Бириккен Улуттар Уюму ок атууну токтотууну кубаттап, бирок ал жардам жеткирүүгө жана жарандарды чыгарып кетүүгө өтө эле аз убакыт экенин билдирген. Кошмо Штаттар Орусия демилгесин “өтө кеч жана өтө кыска” деп атады.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Спорт министрлиги: Грозныйдагы балдар мушташы ММА эрежелерин бузуу болуп эсептелет

Чеченстан республикасында балдардын мушташтын аралаш түрү боюнча мелдештерге катышуусу ММА эрежелерин бузуу болуп эсептелет. Бул тууралуу “Р-Спорт” агенттигине Орусиянын спорт министринин орун басары Павел Колобков билдирди.

Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун 10 жаштагы уулу Ахмад 4-октябрда Грозныйда өткөн мелдеште атаандашын 14 секунддун ичинде нокаут кылган. Андан сырткары Кадыровдун дагы эки уулу — Эли (9 жашта) менен Адам (8 жашта) 27 жана 35 килограммга чейинки салмак категорияларында жеңишке жетишкен. Кийинчерээк Орусиянын аралаш күрөш өнөрү (ММА) союзунун башчысы Федор Емельяненко балдардын мушташтарга катышуусун сынга алып, 12 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн ММА эрежелери боюнча мушташуусуна таптакыр уруксат берилбегенин билдирген.

Спорт министрлиги Чеченстанда балдардын катышуусундагы макулдашылбаган мелдештерди өткөрүүнү токтотуу максатында атайын кат даярдады. Анда мекеме чечен спорт министрлигине мелдештерди өткөрүү боюнча макулдашып турууну кеңеш кылат.

Ошол эле маалда министрдин орун басары федералдык мекеме «укук коргоо органы болбогондуктан», балдардын катышуусунда мелдештерди өткөргөндүгү үчүн кимдир бирөөнү жазалоо ыйгарым укугуна ээ эмес экенин белгиледи.

Өз кезегинде аралаш стилдеги мушташтар боюнча Grand Prix Akhmat-2016 мелдешинин уюштуруучулары мушташтар тааныштыруу иретинде өткөрүлгөнүн белгилөөдө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыз Республикасынын делегациясы КР-ЕБ соода-сатык жана инвестициялар боюнча комитети астындагы XV жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы Брюссель шаарында (Бельгия королдугу) өткөн Кыргыз Республикасы-Европа Биримдиги соода-сатык жана инвестициялар боюнча комитети астындагы XV жыйынына катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын делегация курамына ЕБ менен кызматташтык боюнча улуттук координатору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Н.Чуйков, КР экономика министринин орун басары Э.Абакиров, КР финансы министринин орун басары М.Байгончоков, КР юстиция министринин орун басары У.Дооталиев, КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Абдрахматова, Кыргыз Республикасынын Белгиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү А.Исаев кирди.

Европа Союзунун делегациясы, Европалык тышкы байланыштар кызматтын расмий өкүлдөрүнө, кызматташуу жана соода өнүктүрүү боюнча Европа Союзунун башкы директоруна жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө тааныштырылды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин 2015-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында өткөн инвестиция жана соода боюнча XIV жыйынында каралган маселелердин негизги өнүктүрүү багыттарынын жыйынтыктары каралды.

Жолугушуу учурунда кыргыз тарап, Кыргыз Республикасында демократияны өнүктүрүү жолу жана рыноктук экономиканы өнүктүрүүнүн заманбап принциптери тууралуу жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча маалымат берди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жалпыга бирдей системасында жеңилдиктерди кароо (ВСП+), актуалдуу маселелер, эки тараптуу соода экономикалык тармактар боюнча кызматташуу, Европа Биримдигине кирген мамлекеттерден Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Интернет аркылуу террорчуларга “илинген” тажик жарандары

Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүргөн тажикстандыктардын 90 пайызы интернет аркылуу азгырылганы аныкталганын тажик башпрокуратурасы жарыялады.  Алардын 85 пайыздайы эмгек мигранты болгон жана экстремисттик топторго Орусияда жүргөн жеринен кошулуп кеткен. “Ислам мамлекети” террордук тобунунун катарында беш жүздөй тажик жараны бар.

Булак: Де-Факто 

Ч. Адамкулова университетти талкалап, силерди шылдың кылып жатат.

Урматтуу депутаттар!

Ч.Адамкулова Улуттук университетти талкалап, улуттук мыйзамды тебелеп жатканын көрүп, карайлаган эл калыстык издеп силерге кайрылды эле. Силерден бөлөк арга калган эмес.

Эми атайын түзүлгөн депутаттык топтун колунан болгону “сөгүш” келерин да көрдүк. Силердин “сөгүшүңөрдү” Ч. Адамкулова чымын чакканча көргөн жок. Эл болсо депутатың деле  “байкуш” турбайбы деген ойдо калды.

Ч. Адамкулова болсо ого бетер күчөп, университетти  талкалап, силерди шылдың кылып жатат.

Мыйзам бузуулар, каржылык, кадрдык башаламандыктарды элдин баары билет.  Аларды силер дагы билесиздер.

Биз мунун көрүнгөн жерде мактанып жүргөн “реформасынын” маңызы жөнүндө учкай айтып берели.

  1. Юридикалык статусу  бар институттарды жойдум деп мактанат.

Буларды жоюш керек деген министрликтин буйругу чыккан. Бул буйрукка таянып өлкөбүздөгү бардык окуу жайлар ондогон институттарды жойду.

Бир гана айырмасы бөлөк университеттер  ызы-чуусу жок, мыйзам нугунда бул ишти бүтүрүштү.  Жалгыз гана университетте бул маселе чатак, зордук, мыйзам бузуулар менен коштолду.

  1. Мактанган “кадрдык реформасы” же өзү айткандай “жаңы менен эскинин күрөшү” тууралуу.

Ишке жөндөмдүү, жаш, илимде төбөсү көрүнгөн адистерди  куугунтуктап, картаңдарды, өмүр бою чатак коштоп жүргөн интригандарды жетекчи кызматтарга коюуда. Мисалы жаш илимдин доктору, таланттуу, заманбап көз караштагы Т.Маразыковду куугунтуктап, Кыргыз филология факультетине декан кылып 70жашка чыгып өз алапайын таппай жүргөн М.Жумаевди дайындаган.

Дагы бир “кадрдык реформасы” – Кыргыз-кытай факультетине декан кылып дагы бир 70 жаштагы чалды, баарынан кызыгы, кытай, англис тилдерин кой, орус тилин жөндөп билбеген Б.Байсабаевди дайындаган. Бул таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Математика факультетине декан кылып тилчини койгондой эле кеп. Кытай тилин таптакыр билбеген Б.Байсабаев кытай тарап менен сүйлөшө албай котормочу издеп шылдың болдуп жүрөт.  Ошол эле убакта  кытай тили боюнча далай мыкты, жаш адистер жумушсуз жүрүшөт.

Азыр дагы бир 70 жаштагы Т.Ниязов деген чалды геофакка декан кылуу аракетинде.

Мына Ч.Адамкулованын түшүнүгүндөгү “жаңы менен эскинин” күрөшү.

Мындай кадрдык саясатты идеологиясы бирөө эле – бул мага добуш берген менин камчымды чабат, тиги бөлөккө берген ал душман. Бул өңдүү мисалдар толтура.

  1. Кадрдык кыскартуулар жөнүндө

Студенттер толугу менен төрт жылдык окууга (бакалавр) өткөнүнө байланыштуу республика боюнча студенттердин саны 400миңге жакын кыскарды. Демек кыскаруулар бардык университеттерде болду. Бирок чатак, жаңжал улуттук университетте гана болуп жатат…

  1. Мугалимдердин конкурсу жөнүндө

Конкурс өткөрүп беш жылга  келишим түзүү практикасы Советтер Союзу менен кошо өлгөн. Муну советтик стереотип дейт. Советтик пландык экономика “беш жылдыктар” (пятилеткалар) менен жашаган. Беш жылда бир КПССтин сьезди өткөн. Ал кезде университеттер дагы ушундай схема менен жашаган.

Бирок азыр заман бөлөк, СССР эчак өлгөн. Эшикте рынок экономикасы. Билим берүү талаасында айыгышкан конкуренция. Ошондуктан студенттердин саны жыл сайын өзгөрүп турат.

Эгерде мугалим менен беш жылга келишим түзсөң, бирок кийинки окуу жылында студенттердин саны кескин кыскарып кетсе ал мугалим кимди окутат, калган төрт жылы эмне кылат? Мыйзам боюнча келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин ага компенсация төлөнүш керек. Аны Ч.Адамкулова өз чөнтөгүнөн төлөйбү?

Кыскасы ушундай башаламан “реформа” университеттин түбүнө жеткени калды. 60 жаштагы алжыган кемпир Ч.Адамкуловадан университетти силер эле кутултпасаңар, деги эле эч кимдин колунан келгидей эмес.

А.Саламатова

Булак: Фабула 

Надира Нарматова, экс-депутат, саясий жана коомдук ишмер: “Заманга жараша аралдардын суусу тартылып, көкмөк болгон биздин футбол аянтчаларыбыз да жоголуп кетти”

Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы

  • Менин киндик кан тамган кичи мекеним – “Кучагы толгон ооматка, кош келиңиздер Ноокатка” деген сыйлуу чакырыгы менен кучагын жайып турган, ыймандуу, ынсаптуу , мээримдүү, ынтымактуу көп улуттуу элди кучагына батырып турган Ноокат районунун Кашкалдак деген айылда төрөлгөм.  Бул айыл союздун мезгилинде Москвадагы ВДНХнын “Ардак тактасынан” түшпөй даңазаланып аты жазылып турган учурундагы “Россия” колхозунун, азыркы Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү. Атам Нарматов Азим өмүр бою 14 жашынан баштап мугалим болуп иштеп жүрүп,  45 жашында кокусунан гүлдөп турган чагында врачтардын туура эмес койгон диагнозунун натыйжасында туура эмес дарылап, 1973-жылы ааламдан өтүп кеткен. Атам бул дүйнөдөн өткөндө мен 9-класста окучумун. Биз үй-бүлөдө  алты бир тууганбыз. Үч кыз, үч уул жана апам ал кезде 43 жашта болчу. Андан бери 44 жылдын жүзү болуптур. Апам катардагы карапайым аял, өзү жалгыз алты баланы жетим ашын жедирбей, жетим кийим кийгизбей, “Энелүү жетим эрке жетим” дегендей эч нерседен өксүтпөй чоңойтту. Апам: “Кайратыңа, акыл-эсиңе таянып ак эмгек кылып адал тамак жегин” – деп багыт берип алдыбызды үч жолудан, артыбызды бир жолудан окутуп өз жолубузга кошту. Бутубузга турганга бүт өмүрүн арнады. Азыр апам Аллага шүгүр 87 жашта. “Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” демекчи, 20 небере, 27 чөбөрө көрүп, үзүрлүү карылыктын доорун сүрүп төрүбүздүн көркү болуп отурган чагы. 2012-жылы ажылык сапарга барып мусулманчылык парзын 83 жашында өз аягы менен басып барып аткарып келди. Апамдын бардыгына Аллахыма чексиз мактоолор болсун деп ыраазычылыгымды билдиргим келет. Анткени апам өмүр бою мага моралдык колдоо көрсөтүп келди. Менин балалык кезим, өз теңдүүлөрүмө  салыштырмалуу өтө  кызыктуу, өзгөчө өттү. Мен үй-бүлөдө төртүнчү кыз болуп, артымдан үч эркек баланы ээрчитип келгем. Ошондуктан атам мага эркек баладай мамиле жасап, эркиндикти чексиз берген. Дайыма өзү менен кошо ала жүрчү. 2-3-класста окуганга чейин эркекче сөгүнүп, өзүмдү эркек баладай элестетип чоңойгом. Айылда көчөбүздүн жалаң эркек балдары менен эркек оюндарын ойночумун. Мен тоголок,  кичине болгондугума карабай өтө тың, шамдагай элем. Өзүмдөн 3-4 жаш улуу балдардын баарын башкарып катарга тургузуп койчумун. Орозодо жарамазан айтып чогулткан оокаттарыбызды мен бардыгына тең бөлүштүрүп берчүмүн. Ошол бирге өскөн көчөбүздүн балдары менен азыркы күндө жолугуп калсак, күнү бүгүнкүсүндөй балыгыбызды эстеп күлүп калабыз. Мал кайтарып жүрүп футбол ойнойт элек. Арал деген участкада көкмөк болгон көк чөп болоор эле, ошол жерде футбол ойночубуз. Мени дайыма дарбазачы же коргоочу кылып коюшаар эле. Ортого ойнотушчу эмес, себеби ортодо ойногондо мен топко жетпей калсам балдардын шымын шыпырып ийчүмүн, ал шымынын ычкырын кармап калганда каткырган бойдон топту тээп кетип калат элем. Мен баары бир кыз деп катуу сөз айтышчу эмес. Ысак ака деген өзбек кишинин өрүк багы, Бакир ака деген аксакалдын алма багы болоор эле. Чогулуп алып алма менен өрүккө уурулукка барар элек. Өрүктү жеп, данегин чагып жипке тизип мойнубузга асып алып, ким канча узун данектен мончок кылганын салыштырып бүтүп, кайра данекти жеген боюнча жарышчубуз. Уруш, жаңжал деген сөздү билчү эмеспиз. Азыр андай бактар да жок. Заманга жараша аралдардын суусу тартылып, көкмөк болгон биздин футбол аянтчаларыбыз да жоголуп кетти.

Жумушсуз калуу мен үчүн кайгы эмес

  • Мен өмүр бою комсомолдук, партиялык, советтик, мамлекеттик кызматтарда, шартка жараша бизнес тармагында, өндүрүштө иштеп келдим. Табиятымдан мен ар кандай нерсеге сабырдуулук менен мамиле жасап келем. Бул жашоодо көптү көрдүм. Аллахымдын ар кандай сыноолоруна туруштук берип, ар кандай сыноолорду көтөрүп келе жатам. Бүгүнкү менин кызматсыз олтурганым татыктуу беш жыл иштеп, кайрадан элдин колдоосуна карабай “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын парламентке кирбей калышы менен сыртта калып кылышым да кезектеги Алланын сыноосу деп билем. Бул мен үчүн катастрофа же кайгы эмес. Негизгиси элимде тынчтык болуп, балдарым, бир туугандарым аман болсо болду. Баш аман болсун. Мүмкүн Аллахым муну менен ар түрдүү чуулардан сактап жаткандыр. Депутаттык кызмат убактылуу кызмат. Буюрган иштейт. Жогорку Кеңеш кептеркана сыяктуу. Буюрганы келе берет, мөөнөтү бүтсө кетет, эгер буюруп койсо кайра келет. Мен үчүн байлык, бийлик эч кандай жашоомо өзгөрүү кыла албайт. Мурда кандай болсом, депутат кезимде деле ошондой эле жүрдүм. Болбой калдым, эч нерсе деле болгон жок, ошондой боюнча калдым.  Ар качан калыстыкты карманганга аракет кылып, ачуу болсо да чындыкты ачык бетке айтып коюп келе жатам. Себеби мен саясий оюнчу боло албайм. Атам Азим Нарматов да, коомчулукка тарбия берген тутунган атам Токтомат Зулпуев да таза, түз, мээнеткеч, өз эмгеги менен ар кандай чокуларды багындырган кишилер болгон. Мен алардын берген тарбиясын, көрсөткөн жолун аттап кете албаймын. Мандатым болбосо да добуш берген шайлоочуларым тынымсыз кайрылып турушат. Жакында 15-сентябрь күнү Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн алты айылындагы социалдык колдоого муктаж болгон 147 үй-бүлөнүн 200дөн ашык мүчөсүнө 360 миң сомдук кышкы, күзгү кийим-кечектерди өз колум менен үй-бүлөлүк  бюджетимдин эсебинен Алланын ыраазычылыгы үчүн жардамымды берип келдим. Эл менен баарлашуу мен үчүн күч-кубат берет.

Ыр менен бий ички күйүттү чыгарганга жардам берет

  • Бала кезимден ырдаганды, бийлегенди жактырам. Жакшы ырдаймын. Бирок музыкалык аспаптардын биринде да ойной албайм. Учурунда элдик таланттар конкурстарга, республикалык фестивалдарга катышып элдик ырларды “Алымкан”, “Насыйкат”, “Эсимде” ж.б. ырларды ийине жеткирип, филармониянын оркестринин коштоосу менен ырдаган күндөр да болгон. Эсимде 1982-жылы кыргыздын таланттуу кызы , Эл артисти Саламат Садыкова менен катарлаш 1982-жылы бир жума Кыргыз Республикасынын 60 жылдык маарекесине карата республикалык элдик таланттар фестивалында чогуу катышып, элдик ырларды оркестрдин коштоосу менен аткарып, жыйынтыгында филармонияга солист болуп иштеп, Комсомол комитетинин катчылыгын кошо берүү жөнүндө сунуш да болгон. Бирок мен ырчылык менин кесибим эмес деп макул болгон эмесмин. Ошондо мен Ноокат районунун райондук Комсомол комитетинде бөлүм башчы болуп иштечүмүн. Мүмкүн ошондо макул болгонумда менден жакшы эл артисти чыкмак.  Мүмкүн жашоом башка нукта кетмек беле деген ойлор келип кетет. Эми ал өтүмүш боюнча калды. Бирок азыр жашым бир топко барып калганы менен 35-40 жаштагыдай секирип айланып бийлеп, ички күйүтүмдү, бугумду бакырып-бакырып ырдап чыгарып алам. Ырлар өзүмдү жолго салганга жардам берет. Бий жашоомдун сергектигине көмөк көрсөтөт. Мага ошол маанилүү.

Аш көп жерде каада көп

  • Мен көп деле чайкана, кафелерге жактырып калып кайра бара бербеймин. Эбепке себеп болуп барып калбасам, атайылап ашканалардан тамак жегенди көп жактырбайм. Мен өзүм тамактын түрүн даамдуу жасайм. Мээримиңди коюп көңүлдөнүп жасасаң тамак даамдуу болот. Үйдөн тамактанганды жакшы көрөм. Балдарым өз алдынча жашагандыктан, келгенде “Нарматованын колу менен бир тамак жасап бербейсизби?” – дешип күлүп калышат. Ал эми үйдө салтты өтө катуу деле кармана бербейм. Албетте кыргыз болгондон кийин өзүмдүн деңгээлимде кыргыздын салт-санаасын, үрп-адаттарын колдон келишинче шартка жараша, муктаждыкка карап колдонуп келебиз. Мен эми мусулман катары өз парзымды аткарып, Алланын эшигине насип кылып, буюруп калган экен ажылык зыяратымды жасап келгем. Кыргызча мусулман болгонго аракет кылып, колумдан келишинче шарияттын жолун сактаганга аракет кылып келем.

Турмуштун арабасын жалгыз тартып келем

  • Мен бир эле мезгилде өзүмдү сарамжалдуумун, ошол эле мезгилде берешенмин деп айта алам. Анткени мен өзүмдүн баскан жолумда бешене эмгегим менен ырысымды таап келгем. Мышыкчасынан балдарымды тиштеп алып тытынып тыным албай мээнет кылып, кайсы жерде эмгектенсем да жанымды аячу эмесмин. Турмуштун арабасын жалгыз тартып келем. Ак эмгектин акыбетин, үзүрүн Аллага шүгүр, жакшы эле көрүп келе жатам. Басып өткөн жолума өкүнбөйм. Бир гана орду толгус арманым, мээнетим  эми колума тиерде тун уулум Мээримбегимди күтүүсүз жоготуп алганым. Ал күндөрдү да өткөрүп, сыр билгизбей көтөрүп келем. Бирок бул сыноо мен үчүн өтө оор болду. Мындай тагдырга туш боло тургандай же мындай жазага дуушар болгудай одоно катачылык кетирбедимби деп өзүмө-өзүм суроо берип жооп таппай келем. Себеби мен жашоодо тапканымды үнөмдөп, аял катары сарамжалдуу пайдаланып, ошол эле учурда колумда бар нерсени аянган жан эмесмин. Тапканымды Алланын ыраазычылыгы үчүн деп тууган-урук, кошуна, достор менен бөлүшүп эле келем. Өзүмдө болбосо да башкада болсун деген айкөлдүк сапаттан артта эмесмин. “Канчалык сынсам да, түйшөлсөм да, сыноого дуушар болсом да, кайгыга батсам да, күйүтүм күчөп жанчылып турсам да сабыр кылып, тобо келтирип жашап келем.

Жамандыкты амандык жеңет

  • Үй-бүлөм жөнүндө айтсам: үч уулум бар эле, жогоруда айтып кеттим, Алланын катуу сыноосуна дуушар болуп тун уулумду жоготуп алдым. Эки уулум Муханбек менен Азатбегим үйлөнүп-жайланышып калышкан. Мамлекеттик кызматта иштешет. Бөлүп койгом, өз алдынча түтүн булатып жашап жатышат. Мен ошого курсантмын. Үч уулумдан азыр 11 неберем бар. Келиндерим Аллага шүгүр, кичипейил. Неберелеримди өздөрү багышып, тарбиясын берип жатышат. Келиндериме,  балдарыма ыраазымын. Эне катары мага болгон сый-урматын көрсөтүп этияттап турушат. Мага ошол маанилүү. Алтын баштары аман болсун, өздөрү менен өздөрү болуп, тынч , бактылуу болушса болду. Намазымда Алладан балдарымдын тынчтыгын тилеп дуба кылып келем. Аманчылык болсо, тынчтык болсо калган нерсе боло берет.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Чынарбек Изабеков, алтын медалдын ээси: “Мелис Турганбаев экөөбүз бала кезде бир залда күрөшчүбүз”

7-9-октябрь күндөрү Польшада  ардагерлер арасында өткөн күрөш боюнча таймашта Кыргызстандан барган Чынарбек Изабеков менен мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев атаандаштарын көтөрүп чаап далысын жер жыттатып,  Кыргызстандын намысын бийик көтөрүп жеңиш менен келишти. Тагыраак айтканда Чынарбек Изабеков 46-50 жаш курак чегинде 97 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы таймашта ал Түштүк Африкадан келген Фредерик Дю Преени утуп жарым финалга чыгып, андан соң жарым финалдык беттеште польшалык Иренеузу Пепловский менен беттешип, атаандашын 7:0 эсебинде таза жеңиш менен утуп алган. Ал эми балбан Мелис Турганбаев  коло медаль үчүн польшалык Сильвестр Петро Сзыманский менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Бүгүн биз алтын медалдын ээси, жоон билек ардагер балбан Чынарбек Изабеков мырзаны кепке тартып жооп алдык…

-Чынарбек мырза, жеңиш кут болсун, жеңем деп ойлодуңуз беле?

-Албетте, жеңем деген ой менен күрөшсөң  жеңесиң да. Мен жеңем, алтын медаль алам, атаандашым ким болбосун төбөсү менен жерге сайып утам деген максатта баргам. Максатым орундалып, атаандаштарымды жеңип алдым. Алтын медалды моюнга илдим.

-Күрөшүп келе жатканыңызга канча болду?

-20 жашка чейин  күрөшкөм. Атаандаштарымды уткам,  утулгам. 21 жашымда ден соолугума байланыштуу спортту таштоого туура келген. Себеби белимди оорутуп алгам. Отуз жаштан өткөндөн кийин мен ойлобогон оорулар пайда болду. “Кант диабети” деген дартка чалдыктым. Дарыгерлерге кайрылсам дарыдан башка эч нерсе кыла алышпады. Айлам кетип кайра баштагы спортко кайтып келдим. Жумасына төрт жолу спорт залга бара баштадым. Күрөшө баштадым. Бир жылча тынбай машыккан соң “кант диабетимдин” өлчөмү кадимкидей азайды. Эки жыл залга барган соң, “Кант диабетим” такыр эле жоголдук. Азыр Кудайга шүгүр, оорудан алысмын. Белим  ооруп  кыймылдай албай калчу элем, турникке тартынып  кыймылдап тургандыктан белим такыр оорубай калды. Өзүмдү аябай жеңил сездим. Колдон келсе спортко көңүл буруш керек экен. Азыр балдарымды дагы спорт менен машыккыла, күрөшкүлө деп залга жиберип жатам. Үч уулум бар. Улуусу 20 жашта. Үчөө тең мага окшоп залга барып спорт менен машыгышат.

-Мелис Турганбаевди жакындан тааныйсызбы?

-Ооба, жаш кезде бир залда күрөшүп машыкканбыз. Кийин байланышпадык. Бул жолу кайра чогуу болдук. Мелис Турганбаев 15 жылдан бери спорт менен машыгат экен. Сууда сүзөт экен, күрөшөт экен. Польшада өтчү күрөшкө  ал дагы катуу даярданыптыр. Жыйынтыгында коло медалга ээ болбодубу.

-Буга чейин дүйнөлүк аренада күрөштүңүз беле?

-Былтыр Грецияда өткөн ардагерлер арасында күрөшкө катышып 95 килограмм салмакта күрөшүп алдыңкы орунга чыккам. Быйыл 97 килограммга чейинки салмакта күч сынаштым.

-Сиздердин жеңишке ээ болушуңуздарды мамлекет кандай баалады?

-Мамлекет эч кандай деле баалап, жеңип келдиңер деген жок. Азырынча эч ким деле куттуктап, эч нерсе айта элек. Польшага барчу жол киребизди өзүбүз төлөп бардык. Башка жактын спортчуларын барып келген жол киресин мамлекет төлөп берет экен. Биз ушинтип өзүбүз төлөп келдик десек ишенишпей, аябай таң калышты. Мелис Турганбаев экөөбүз тең эки медалды алып кетсек ого бетер таң калышты. Себеби башка жактын спортчулары  биздей болуп экөө эле барбай, бери дегенде 20 спортчу келиптир. 20 спортчу биригип, бир же эки медаль алып жатышты да. “Силер болгону экөөңөр келген экенсиңер, анан экөөң эки медалды алып кетесиңерби” деп суктанып да, таң калып да жатышты.

-Дагы канча жашка чейин күрөшөсүз?

-Кудай күч-кубат берсе 60 жашка чейин күрөшөм деген ой бар. Америкада 60 жашка чейин дүкүлдөп күрөшө беришет эмеспи. Бизде болсо кырктын кырына чыкпай шылкыйып карылыкка моюн сунабыз. Антпешибиз керек. Жаш кезден спортко жакын болуп спортту сүйсөк өмүрүбүз ошончолук узак болооруна менин көзүм жетти.

Мирлан Алымбаев

Видео - Жылдыз Жолдошева: "Алмаз Атамбаев 31-августта айткан мародёрлорду, банк ячейкаларын тоногондорду жана Кадыржан Батыровго тийиштүү адамдарды табам деген убадасын аткарбаса саясый өлүк болуп калат"

“Мен Алмаз Атамбаевди да, Өмүрбек Текебаевди колдобойм. Алар 2010-жылдагы кандуу окуяларды өздөрүнө саясый курал катары пайдаланбаш керек. Эгер Алмаз Атамбаев 31-август күнү кан төгүлгөн Ала-Тоо аянтында айткан “2010-жылдагы мародёрлорду, банк ячейкаларын тоногондорду жана Кадыржан Батыровго тийиштүү адамдарды табам” деген убадасын аткарбаса анда Атамбаев саясый өлүк болуп калат”, – деп билдирди бүгүн, 18-октябрда маалымат жыйынын өткөргөн экс-депутат Жылдыз Жолдошева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Сентябрь

Акыл Акунов, полковник: "Убактылуу Өкмөт ээрге олтурганда эле кыйшык олтурган"

Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери эле бийликке келгендердин эрмеги баш мыйзам болду да калды. Себеби “учук саптай  албаган ийнеден көрөт” же “кыз боозуп энесин коркутат” дегендей же кайран эл ийнесинен көрөрдү билбей же энесинен көрөрдү билбей баштары адаттагыдай айлануунун үстүндө. Референдум болсун дейли, анда Конституция деген китептин ичинде кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес экенин эл кантип билет.

Эгерде конституциянын өзгөртүүгө киргизген конкреттүү бир беренеси болсо бир жөн, аны окуп аа ушул туура же туура эмес (ооба же жок) дегидей. Бүгүнкү кырдаалды 2010-жыл менен салыштырууга болобу, ал мезгилде парламент тарап кеткен же болбосо амбицияга алдырбай парламентти таратпай туруп Баш мыйзамды оңдоп түздөп алып, андан кийин анан парламентти таратыш керек эле, эми убактылуу өкмөттүн экинчи жолу шайланган депутаттарынын көзү ачылып оңдойлу деп жатабы же Текебаев автор болгон конституцияны Ажо чанып атабы айтор эмнеси болсо да жөнөкөй логика болуш керек да, Конституцияны кеп кылардан мурда. Эми тактап айтсак бул Референдумга алып чыгып жаткан ва­риант деле кыргыз элин бейишке алып бара турган вариант эмес аны деле бир же эки жылдан кийин «бул Атамбаевдин варианты болчу ал өзүнө ылайыктап жазып алган» – деп Ажонун камчысын чаап жүргөндөр чыкпайт деп ким кепилдик берет.

Референдум боло турган болсо анда ага бир гана маселе коюлушу керек, «Конститу­цияны өзгөртөлүбү же өзгөртпөйлүбү” – деп, ал эми калганын, конституциянын ичиндеги ар бир беренени парламент коомчулуктун өкүлдөрү менен окмуштууларды кошуп алып кылдаттык менен иштеп чыгыш керек. Бүгүнкүдөй айрым алабарман алып сатарлар чогулуп алып, “ураа биз жактырдык, эми Референдум өткөрөбүз”- деп элге салып коюшу эч жакшы ж йынтык бербейт экенин бир нече жолу көрбөдүк беле. Эгерде бийлик чындыгын билгилери келсе ошол алып сатарлары ме­нен ала чапан жамынып колуна таяк таянып алып элди аралап келсе ошондо көздөрү ачылаар беле ким билет. Ал эми кабинетте олтурган ажону айланасында кошоматчы мыйзам дегендин «м» тамгасын түшүнбөгөн журналист, шоопурлар элди дүрбөлөңгө сала берери турган иш. Эгерде конституцияны өзгөртүп толуктай турган болсок анда аны түп тамырынан бери кайра өзгөртүүгө туура келет. Маселен бийликтин үч бутагы деп конституцияда турса анын экөөнү эл шайлап, анан бир бутагын тандап алганыбыз кандай.

Тандап алабыз деген сөз бийликтин бир бута­гы болгон сотторго тиешелүү болуп жатат, мына балээнин баары ушул’ жерден башталып жатат, бул сотторду тандоо кеңеши соттордун арык же семизине карап тандайбы же ырдатып, манас айттырып тандайбы аны өзүлөрү эле билип майчиевче май чайнап тандагандан эч нерсе чыкпаганын эл көрүп жерге түкүрүп жүрүшпөйбү. Демек сот реформасы ишке ашкан жок жана кийинки вариант менен деле соттордон эл күткөн адилеттүүлүк болоруна эч кимдин көзү жетпейт. Себеби сотторду эл тандабай эле партиялар, тандагычтар тандап калышса анда анын эмнеси үчүнчү бийлик. Эгерде чыныгы демократия орнотобуз деген реформаторлор болсо, чыныгы адилеттүүлүк мамлекетте керек деген инсан болсо конституцияга сотторду эл түбөлүккө шайлайт деген өзгөртүү киргизмек. Ошондо соттор кайсы күнү бизди ары -бери түрткүлөйт дебей сот деген бийликти ыйык тутуп элдин тагдырын калыс болуп чечүүгө толук мүмкүнчүлүк болот эле.

Ал эми аларды рота­ция кылыш керекпи же жокпу деп конституцияга жазып алыштын кандай зарылчылыгы бар, анда Жогорку сот жана Соттор кеңеши эмне кылат. Тоталитардык мамлекеттик түзүлүш болчу деген со­циализм доорунда дагы демократия бар экен, алар дагы сотторду жалпы элдик шайлоо жолу менен чечип алышчу, азыркыдай партиялар узурпация жасап алып муну өткөзөсүң аны өткөзбөйсүң дешпей, элдин тандоосуна коюшканы адилеттүүлүк болор эле. Конституциянын баш­ка беренелерине көңүл бурсак деле эл ута турган жери жок экен, кайра эле баягы кара таман эл алданып кала бере турган. Бир шайлоо компаниясы үчүн канчалаган акча каражаты кетет, ага кеткен акча каражатын пенсия, пособияга кошуп койсо ошол элге жардам болбойбу.

Бийликтегилер курсагы тойгондо эле Баш мыйзамга жабышып алганы эч кимге түшүнүксүз же эптеп элди алагды кылгылары келеби же убакытты чоюштун максатыбы же элге ким ак, ким кара экенин көрсөткүлөрү келеби иши кылып «алай-дүлөй будуң чаң» ак-үй, көк үйдө. Убактылуу өкмөт ээрге отурганда эле кыйшык отурган аны эл айтса уккулары келбей ийгиликтен баштары айланып, чамгарактап жүрүшүп коллапска жолукмак, бирок оңдоп алууга мүмкүнчүлүк бар Убактылуу өкмөт өз ара компромиске барышса эптеп бир жылга чыдашы мүмкүн, бирок бул деле бүгүн кризистен чыгуунун убакты­луу жолу болуш керк.

Эмесе жарандык коомдун конституцияга өзгөртүү киргизе турган эң жакшы сунуштары бар, ал мурун деле бо­луп келген ошолордун баарын чогултуп туруп жогорудагы айтылгандарды эске алып анан Референдумга барса болмок. Маселен парламеттик шайлоо мезгилинде инибиз Ө. Бабанов менин партиямды шайласаңар биз аткаруу башкаруу бийлигин бир кылып өкмөттү же президентти калтырабыз бир апаратты кыскартабыз ошондо оптимизация болуп канчалаган акча каражаттарын үнөмдөйт элек деп сайрап жүрбөдү беле бүгүн ал ырдын бирөө да жок, мүмкүн ажо уча табакты сага тартам деп койгонбу айтор сөзүнүн дайыны жоктой алаңдап бир жыл тезирээк өтсө экен деп Ажого чай сунуп жүрөбү ким билет.

Мындан көрө Ажо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып менин деле ден соолугум жакшы болбой жатат деп ордуна ууру эмес, ниети пейли дурусураак адамдардан бирди көрсөтүп Б.Ельцин сыяктуу акырын жылып кетсе кыргыз элинин алкышына татыйт эле деп ойлойм. Бүгүнкүдөй эл аралык кырдаал бо­луп көрбөгөндөй курчуп бара жатканын эске алсак биздин жазган Баш мыйзамдардын эч кимге пайдасы тийбей да калышы мүмкүн урматтуу билермандар. Андан көрө АКШнын баскынчылык саясатына каршы эгемендүү мамлекет болуп оңдонуп дүйнөлүк үчүнчү согушту болтурбоо максатында өзүбүздүн калыс сөзүбүздү айтсак жакшы болмок.

Акунов Акыл Мукашович, милициянын полковниги, ардагер

Булак: “Ачык саясат”

Кубанычбек Исабеков, экс-вице-спикер: "Убактылуу Өкмөт - "самопал" өкмөт"

“Мамлекет канчалык коррупциялашкан болсо мыйзамы ошончолук көп болот” деген сөз бекеринен айтылбагандай. Эгемендүү өлкөбүз эки жолу революцияны башынан өткөрдү, ал ортодо баш мыйзамыбыз эчен жолу өзгөртүлдү. 2010-жылкы кандуу төңкөрүлүштөн кийин кабыл алынган баш мыйзамга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизилбеши керек эле, азыр болсо кайрадан өзгөрүүнүн алдында турат. Жогорку Соттун Конституциялык палатасы Конституцияны өзгөртүү боюнча бийликтин аракетин колдогон чечим чыгарды. Бийликтин кадамы туурабы же жокпу? Бул туурасында коомдук ишмер Кубанычбек Исабековдун пикирин угууну туура көрдүк.

-Агай, Конституциянын өзгөртүүгө негиз бар беле же бул жерде Атамбаевдин командасынын гана жеке кызыкчылыгы болуп жатабы бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?

-Медалдын эки жагы бар дейт эмеспи, президенттин аппараты иштеп чыккан Конституциянын долбоору сунушталып жатпайбы. Биринчиден ким конкреттүү түрдө жазганы азырынча белгисиз. Экинчиден 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын көп кемчиликтери бар. Мына, Токтайым Үмөталиева Текебаев менен соттошконго чейин барып жатпайбы. Мен юрист катары айтсам, кээ бир беренелери чынында көп мыйзамдарга карама-каршы келет. Мисалы, Коргоо кеңеши дегенди Иосиф Сталин согуш убагында түзгөн. Чынында “Коргоо кеңеши” деген бул дүйнө жүзүндө согуш убагында гана түзүлөт. КМШ өлкөлөрүндө “Коопсуздук кеңеши” деген бар. Бул аскер жагынан, же болбосо чек-ара жагынан коопсуздук эмес, ал жер­де суу, тамак-аш, жана ошондой эле энергетика, миграция коопсуздугу баарын караса болот. Биз баарыбыз билебиз, 5-6 жылдан бери Прези­дент Коргоо кеңешинин баарын чакырып алып тапшырмаларды берип жатат. Юридикалык жа­гынан алганда бул туура эмес болуп жатат.

Азыркы Консти­туциянын дагы бир беренесинде жазылып турат Жогорку Кеңешке депутаттар шайланат деп. Чындыгында бизде партиялар шайланып, анан ошол партиянын тизмеси менен депутат болуп жатпайбы. Бул жерде дагы кемчилиги бар. Президент ички-сырткы саясатты алпарганга укугу жок. 5-чакырылыштын депутаттары Конституцияга карама-каршы келген мыйзамды кабыл алып койгон. Алсак, Президентке сырткы саясатты берүү боюнча, Консти­туцияга карама-каршы келген мыйзамдар иштебейт деп Баш мыйзамда жазылып турат. Мына ушундай бир топ эле туу­ра эмес беренелер , аны өзгөртсө болот. Премьер-министрге көбүрөөк укукту беребиз дегени менен Президенттин укуктарынан эч бири дагы өзгөргөн жок. Азыр баарын эле президент карап жатат, аппараты кийлигишип жатканын баарыбыз билебиз, өкмөт экинчи планга жылып калды. Эгер мындай болсо бардык жоопкерчиликти президент өзүнө алышы керек. Бизде Референдум аркылуу көп нерсени өткөрүп келишкен, алардын арасынан бүгүнкү күндүн талабына жооп бербегени да бар деп айта алам. Бизге 120 депутат керек беле, 55 аким-мэрлер, 7 губер­натор, 2 борборубуз бар. Толгон токой өкмөттүн мүчөлөрү турат. Килейген Америкада болгону 11 министр бар. Муну чиновниктердин армиясы деп койсок жаңылышпайбыз. Конституцияга өзгөртүү киргизгенде толук кандуу бизде мындан кийин өзгөртүү кирбейт же болбосо идеалдуу деп айтууга мүмкүнчүлүк жок. Шашылыш өткөргөндө эле бир чатак чыгып кетчү эле, мурунку президенттер да ушул Баш мыйзамга өзгөртүү киргизем деп бийликтен кубаланган. Айтарым Референдумга каршы чыгып жаткандарды дагы угушу керек эле президент, алардын ой пикирин угуп, бир аз аларга мүмкүнчүлүк бе­рип, сунуштарын кабыл алган соң Референдум өткөрүп, өзгөртүү киргизсе бул жакшылыкка эле алып келет деп ойлойм.

– Биз билгенден Конституцияны өзгөртүүгө биринчилерден болуп Өмүрбек Текебаев кар­шы турду. Эгер бул ишке Текебаевди кошкондо ал каршы болбойт эле деген кептер эл арасында айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Бул жерде жеке эле кызмат жөнүндө эмес, бири-бирине жеке адамдык мамилесин дагы билүүбүз зарыл. Кээде президентибиз балп эттире сүйлөп салып жатпайбы, анан ал киши дагы таарынып калып жатат да. Булар бүгүнкү күндө иштеп жаткан конституцияны чогуу алып келишкен. Азыркы конституцияны кабыл алууда Убактылуу өкмөт, (самопальный өкмөт деп айта алам) бардык мүчөлөрү кол коюп, анан Референдумга чыгарып өткөрбөдү беле. Баарыңыздар жакшы билесиздер 31-августта борбордук аянтта Отунбаеваны баш кылып калган Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн кошуп, президентибиз агынан жарылды го. Бу киши чыдабай айтып салдыбы деп ойлойм да. Мүмкүн башка жерден деле айтса болмок, улуу майрамды бузбай.

– Өзүңүз деле жак­шы билсеңиз керек, кечээ жакында оппозиция Курул­тай өткөрдү, алар­дын бул кадамы Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө бөгөт боло алабы?

-Жок, боло албайт! Курултайчылар үнү жогору жака жетпегенинен өткөрдү. Азыр бир топ массалык маалымат каражаттары бийликтин сөзүн сүйлөп калбадыбы, бул белгилүү иш. Мына жакында эле Көлдөн келдим, элдин көбү “кайда жүрөсүң, көрүнбөй калдың” – деп сурап жатышат. Мени КТР, ЭлТР, 5-канал, НБТ жана борбордук радиолордон чыгарбагыла деп команда беришиптир. Азыркы бийлик деле оппозицияда жүрүп келген, мен булар менен талашып-тартышып сен мен деген киши эмесмин көбү менен ушул убака чейин катышам. Минтип элди бөлүп жарганы туура эмес болуп калат, же мамлекеттин душманы болбосом. Азыркы бийликтегилердин баары, Атамбаев баш болуп Акаевдин ошондой эле Бакиевдин убагында чоң кызматтарда иштеген. Мына жакында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды, мурунку бйликтин тушунда деле шайлоонун алдында же референдумга жакын мундай сыйлыктарды көп беришчү эле. Азыркы бийлик мурункуга караганда 2 эсе көп берди. Арасында татыктуусу жана татыксызы бар.

-Конституция өзгөрсө Жогорку Кеңеш тарайт деген кептер айтылууда бул мүмкүнбү?

-Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети чечим чыгара салды. Референдумда “Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таралсын” деген беренени күн тартибинен алып салды. Референдум түп жаңы Конституция кабыл алынып жаткандан кийин депутаттардын моралдык укугу жок, Жогорку Кеңеш тарашы керек болуп калат. Бирок, менин жеке оюмда президент Жогору Кеңешти азырынча таратпайт. Себеби алдыда президенттик шайлоо турат. Эгер кетирсе анда кайра шайлоо белгилейт дагы бийлик өз партиясы менен добуштардын элүү пайыздан ашыгын алууга аракет кылат. Бул жерде Россиянын сценарийи ойнойт. Мындай оң-терс көрүнүшкө гана алып келет. Азыркы бийлик КСДП отуз пайызга жеткен жок деп актанганы менен “жардамчы” партиялары парламентке барбадыбы. Элди алдаган болбойт, адам өзүн-өзү алдай албайт башканы алдаса дагы. Шайлоолор азыр аукцион катары өтүп калбадыбы. Байкасан, Жогорку Кеңеш өзү сот, өзү бийлик, прокурор болуп жатат. Өкмөт мүчөлөрүн жана башка кызматкерлерди чакырып алып иштетпей эле күн сайын чогулуш болуп жатат. Бул туура эмес да, өкмөткө мүмкүнчүлүк бериши керек. Сурап ала турган убагы болот, өкмөттүн отчёт бере турган маалы келет. Депутаттар өкмөттү жамандап эле отурушат. Мен айткым келет андай болсо депутаттар өзүлөрүн- өзү жамандасын анда. Себеби өздөрү түзгөн өкмөт болуп жатпайбы.

-Эл арасында Атамбаевди айланасындагы адамдар элге жаман көрсөтүүдө деген сөздөр тарап жатат. Бул боюнча эмне айта аласыз?

-Тегерегиндеги адам­дар идеалдуу деп айтыш кыйын. Кадр саясатынан абдан аксап жатат. Туура, кээ бирлери Президентти уят кылып койгон учурлары көп эле кездешип жатат. Көчмөндөр оюндарын алсак, ачылышында баарыбыз жакшы билебиз белгилүү актёр Стивен Сигалды атка мингизип чыгарып, кыргыз баласын басмырлагансып атты жетелетип тигил үстүндө олтурат. Муну кайсы сценарист түздү? Анан эки желек менен чыгышты Кыргызстандын жана Түркмөнстандын. Андай болсо башталышында Кыргызстан менен көчмөндөрдүн желегин алып чыгышы керек эле. Ушундай кемчиликтер болду, эмкиде мындан дагы мыкты деңгээлде өткөргөнгө аракет кылыш керек.

Аалы Искендеров

Булак: “Ачык саясат”

Кан коё бербейт: Убактылуу Өкмөт жоопко тартылышы керек!

Ушундай эле жыйынтыкка келчүдөй болуп калдык. Бакиев бийлигин кулатып, анын айынан жүздөгөн адамдардын каны төгүлүп, канчалаган балдар жетим, канчалаган аялдар жесир калып, мына ушунун шарапаты менен бийликке келген Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн абийирлери төгүлүп, биринин этин бири жеп жатат. Кан коё бербейт деген ушул экен да. 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянты канга чыланып жатканда Атамбаев, Текебаев баштаган Убактылуучулар өз камын көрүп алышкан тура. Кан менен келген бийлик оңбойт, акыр түбү жаман болот деп ошондо эле карыялар айтышкан эле. 

Мына эми арадан алты жыл өтпөй өз абийирлерин өздөрү ачып, «сен мародёр, мен мародёр, кыргыз-өзбек согушун сен баштагансың, мен баштагам» болушуп, шерменде болуп жатышат. Буларды 7-апрелде курман болгондордун арбактары кечирээр бекен? Бири бийликте калгысы келип, бири бийликке баргысы келип, айтор Кудайдан деле коркпой калышты. Эми булар мындан алты жыл мурда жасаган иштери үчүн: курман болгон адамдар үчүн, июнь окуясы үчүн, алты жылдан бери сыр жашырып элди алдап келгендери үчүн жооп бериштери керек. Эмне үчүн Атамбаев менен Текебаев ушул кезге чейин маанилүү сырларды жашырып келишкен? Кылмышты жашыруу кылмыш кылган менен барабар болот.

Роза Отунбаева болсо куйругун түйгөн боюнча Батышты көздөй зуу койду. Өткөөл мезгилде БШКны жетектеп турган Акылбек Сариев кечээ жакында маалымат жыйын өткөрүп, «Отунбаеваны эл шайлаган эмес, Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча Референдумда Отунбаева президент деп көрсөтүлгөн эмес» – деп билдирди. Демек, Кыргызстан укуктук талаага келген эмес экен да деген ой туулат. Ошондо Роза Отунбаева бир жылдан ашык мөөнөттө өлкөнү мыйзамсыз башкардыбы? Анын чыгарган декреттери толук бойдон мыйзамсыз болуп калабы? Мына көрдүңөрбү, ушундай баш айланткан айлампага келип такалып калдык.

Булар элдин убал-сообунан коркпогон көрпенделер тура. Учурда 7-апрелдин шарапаты менен топтогон байлыктары менен телевидения, гезит-журнал, сайт, радио ачып алышып, бирин-бири шыбамайга өтүштү.
Булар өтө ыплас жолго түшүп алышты. Акыр аягы менен аяктайт? Туңгуюкка кептелип калышты. Дагы канчалаган сыр ачыкка чыкпай сакталып турат. Булар дагы кандай мыйзамсыз иштерге барышкан?

Ысык-Көлдө Бакиевдерге тиешелүү пансионаттар, баасы асмандын башын чапчыган котеждер, кымбат баалуу авто унаалар кайда? Алардын канчасы улутташтырылган да канчасын Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү улутташтырып алышкан. Бул маселеде Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Байтемир Ибраевдин түздөн-түз тиешеси бар дешет. Бекназаров 2010-жылдан кийин Ысык-Көлдө кандайча эс алуу жайга ээ болуп калгандыгы тууралуу да суроо жаралбай койбойт. Банк ячейкаларындагы миллиарддар, июнь коогалаңында түштүккө бөлүнгөн каражаттар кимдер тарабынан жок кылынган? Ал акчалардын эсеп-кысабы кайда? Эмнеге бул үчүн жооп берчү киши жок? Кыргыз элин келесоо ойлошот булар. Текебаев Жогорку Кеңештин трибунасында айтып тастыктады го «элдин бизден башка эч кимиси жок, карманаары жок» – деп. Ошол эч кимиси жоктугунан басмырлап колдон келет кылып жатышабы булар?

«Бакиев электр энергияны элүү тыйынга, уюлдук телефонду 60 тыйынга жогорулатты» – деп элдин баарын дүрбөтүшкөн ошол кездеги оппозиция өздөрү эмне кылышты. Электр энергия 50 тыйын эмес эки сом элүү тыйынга өстү го. Көрсө ошол кездеги оппозициянын максаты эл камын көрүү эмес, жөн гана башты айланткан шылтоо менен элди Бакиевдерге кырдырып туруп бийликке гана жетүү максаттары тура.

Айта берсе арман көп, кыскасы, учурда жалпы элдин кыжыры кайнап, эски саясатчылардын эсирген жоруктарына тоюп турат. Эски саясатчыларды ээрчип булганбаган, таза, билимдүү, курулай эле популизмден алыс, патриот улан-кыздар чогулуп алып, Кудайдан коркпогон, кандан коркпогон, арбактан коркпогон саясатчы-сойкуларды өлкөдөн кууп чыкчу мезгил бышып жетилди окшойт. Буга кандай дейсиңер туугандар? Үн кошкулачы, кайдыгер карабагылачы…

Баян Көлбаева, журналист

Булак: “Ачык саясат”

Ош-Бишкек жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө коюлду

Бүгүн, 18-октябрда саат 16:00дөн тарта Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат үчүн, Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымдарыда кар борошонун кесепетинен унаалардын каттамына оорчулук жаратты.

Кошумча айта кетсек, 2016-жылдын 17-октябрдан 19-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт деп шашылыш билдирүү берилген.

18-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Мындан улам алыскы жолго аттанган айдоочулар, жолго керектүү шаймандарды ала жүрүү менен унаалардын жайкы дөңгөлөгүн кышкысына алмаштыруу керек  экенин эскертет!

Кошумча маалымат берилет.

Бабырбек Жээнбековдон президент Алмаз Атамбаевге ачык кат

А Л Г Ы    С Ѳ З

Эки жарым жылдан бери саясаттан оолактап, «кыбыраган кыр ашат» болуп майда-барат күнүмдүк иштер, кыйбас адамдарымдын укуктук кѳйгѳйлѳрүн чечүү менен алектенип, ѳз арбайымды ѳзүм согуп, карапайым, алпейим, караламан калктын арасында, кѳчтүн карасында жүрүп калдым эле. Саясатка  кан-жини менен аралашып, анын сормо сазына баш-оту менен кирип, «оппозициялык күчтѳрдүн» «кылыч шилтеп, жаа тартып, найза сайчуларынын» ана башчыларынын алдыңкы сабында уулум жүргѳндѳн кийин «ата-бала тизгин талашпайлычы»-деп ѳз демимди ѳзүм басып, «кимисине болбосун калыс кебимди айтып, калбааттыкты карманайын»- деген ойго токтогом. «Аша чаппагыла, каттуу кетпегиле»- дегенди азыр деле оң кѳрүп турам.

Экинчиден, ѳзүн-ѳзү сыйлаган ар бир адам эл менен, элдик пикир менен эсептешпей, аларды кулак сыртынан кетирүүгѳ укугу жок. Бул оомал-тѳкмѳл дүйнѳдѳ элге анча-мынча тѳбѳсү кѳрүнүп калган адамдын айткан ар бир сѳзү, жасаган ар бир иши, таштаган ар бир изи элдин элегинде, журттун таразасында болот. Бирѳѳ билип айтса, бирѳѳ билбей туруп божомол-дѳдѳмѳлдѳп сого берээрин, бир ит кѳрүп үрсѳ, башка бир ит аны жандай салып ажылдап чыгаарын кѳрүп-билип жүрсѳм да «кечээ эле ѳкмѳттѳ жүргѳндѳ оозуна талкан куюп алгансып унчукпай жүрдү эле. Бүгүн кайрадан кызмат керек болуп калган го, бүткүл адамзаттын акылын чымчыктыкындай мээсине жыйнап алгансып сайрап калыптыр»-деген ажылдактардын айың кебинен алысыраак болоюн дегем.

Ойлоп отурсам ошол ажылдактардын бири дагы «кой, калыс сѳзүбүздү айталы. Ушул бечара иштеп турганда мамлекет, ѳкмѳт жетекчилерине жаман кѳрүнгѳнүнѳ карабай электр энергиясына тарифти кѳтѳртпѳйм, «Манас» аэропортундагы алешемдиктерге жол бербейм, «Роснефть» кыргыз рыногуна мыйзамсыз кирип жатат,  Кара-Балта спирт заводун атайылап банкроттукка алып баратышканын тоттотурам, түрк компаниясы «Пегасустун» монополист болуусуна жол бербейм, байланыш операторлорунун элден алдап алган 5 сомун жоем деп, дагы толгон-токой маселелерди кѳтѳрүп, кѳрүнгѳн менен кызыл-чеке болуп жүрбѳдү беле»- деп айтпайт экен. Кѳрсѳ биз адамдын жасаган жакшы иштерин эмес, кемчиликтерин санаганды жакшы кѳрѳт экенбиз.

Кандай болгон күндѳ дагы бүгүн айрым маселелер боюнча коңгуроо кагып, мамлекет башчынын тикелей ѳзүнѳ кайрылуунун учуру да, ыңгайы да, шарты да келип турат. Анда эмесе…

 Б И Р И Н Ч И   К А Т

Мейли сенин ашып-ташсын байлыгың,

Бийлик үчүн башты деле сай бүгүн.

Жарайсыңбы, бирок, үнүн укканга,

Ѳлкѳнү кой, кичинекей айлыңын.

(Т.Бекболотов.)

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Ѳткѳндѳ Сиз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилген жаңы имараттын ачылышына барып, сүйлѳгѳн сѳзүңүздѳ Президент болуп турган беш жылдын ичинде 300дѳн ашык адамды сот кылып дайындаганыңызды, бүгүнкү күндѳ алардын бирѳѳсү гана Сиздин ишеничиңизди актабай, «ит болуп» кармалгандыгын, калгандарынын бардыгы таза, татынакай  иштеп жаткандыгын, демек сот реформасы оңунан  чыккандыгын айтып, сотторду мындан ары да ушундай темп менен иштѳѳгѳ чакырып кеттиңиз.

Ошол жерде турган соттор дагы, башкалар дагы дүркүрѳтѳ кол чабышты. Мамлекет башчысы ѳзү келип, алардын ишине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары дагы ушул жүрүшү менен иштѳѳсүн  суранып жатса соттор менен кошоматчылар кол чаппаганда, ошол жерде отурган-турган карѳзгѳй соттордун жосунсуз жоруктарынан кан тамырым кѳтѳрүлүп, үйүмдѳ телевизорду тиктеп отурган мен кол чапмак белем? Же кѳрүнѳѳ турган фактыларды кѳмүскѳгѳ жымырып, Кыргыз мыйзамдарын буйлалаган тѳѳгѳ айланткан, ѳкүм-чечимдерин жымсалдата соккон соттордун азабын тартып бүтпѳгѳн каратаман эл чабабы?

Сиз «сот реформасы»-деп айткан сѳзүңүзгѳ ѳзүңүз ишенесизби? Сиздин айлана-тегерегиңизде аткошчуларыңыздын кѳп экендигин, бирок акылкошчулардын жок экендигин мен жакшы эле билем. Мына ошолордун кѳбүртүп-жабыртып берген маалыматтарын Сиз Жогорку соттун залынан туруп алып бүтүндѳй кыргызстандыктарга жеткирип салдыңыз. Бүгүн эл Сиздин сѳздѳрүңүзгѳ кандайча баа берип жаткандыгы тууралуу бир кызыгып кѳрдүңүзбү? Мен мыйыгымдан гана жымыйып койдум.

Бир кездеги мамилеси жакын, аздыр-кѳптүр сырдаш болуп жүргѳн Бабыр акеңиз катары ачыгын айтайын-сот системасы бүгүнкү күндѳ оңолуу жолуна түшпѳй эле, омурткасы сынган ѳгүздѳй очорулуп отуруп калды. Кайсыл сотко барба башаламандык, мыйзам талаптарына түкүрүүчүлүк, соттук креслого отуруп-отурбай жатып менменсинип-кекирейүүчүлүк, иштерди айлап эмес жылдап сүйрѳп былгытуу, ѳкүм-чечимдердин  грамматикалык сабатсыздыгы кѳнүмүш кѳрүнүшкѳ, азаптуу адатка айланды. Кээде аларды окугандан да уяласың, сотко баргандан заарканасың.

Мен бүгүнкү сот системасынан кынтык издеп жаткан жокмун. Кынтык, майда-чүйдѳ кемчиликтер «баары ойдогудай» деген жерде деле кокустук иретинде кезигиши, ал гана эмес орун алышы да мүмкүн экендигин мен жакшы түшүнѳм.

Мен бул  ачык катым менен сот системасында орун-очок алган, тамыры тереңдеп кеткен башаламандыктын, текеберчиликтин, сабатсыздыктын, мыйзам талаптарын зордуктоочулуктун, жоопкерсиздиктин кашкайган системасы жѳнүндѳгү маселени кѳтѳрүп жатам.

Мүмкүн Сиз менин айткандарымды жеке кѳрүнүш катары кабыл аларсыз. Андай болсо Сиз үчүн да, Сиздин айлана-тегерегиңиздеги аткошчуларыңыз үчүн да, дегеле кыргыз бийлиги, анын бедели үчүн да жагымсыз абал түзүлүп калат. Себеби, бүгүн коомчулук эки тарап болуп тирешип турган Конституциянын 94-беренесинде «судьялар кѳз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет»-деп жазылган. Эгерде менин уулум Равшандын аты аталган эле иштердин түптүз, сопсонун баратып эле орто жолдон (областтык соттон) же жогорку чектен (жогорку соттон) бүдѳмүктѳп туруп, «буйткага» түшүп кеткенине бүйүр кызытпай, сабырдуулук менен карасак «саясий куугунтук» деген түшүнүк өзүнөн-өзү жаралаарын мен деле, Сиз деле жакшы түшүнѳбүз. Ортодо «Президент ѳзүнүн аппаратына, алар болсо сотторго түздѳн-түз кѳрсѳтмѳ берип, оппозиционер Равшанды «жайлап» жатат»-деген коомдук пикир калыптанат.

Жеке мен ѳзүм антип ойлобойм жана андай ойлордон алысмын. Бул жана башка маселелер боюнча сиздин аппарат жетекчиңиз Фарид Ниязов экѳѳбүздүн ой-пикирлерибиз деле бир жерден чыккандай болду.

Ошондуктан, сот системасында түзүлгѳн опурталдуу, жапайы системаны азыртадан оңдоп-түзѳп албасак, эртең ал калың калктын шорун шорподой кайнатчу абалга жетип калды.

Эки колум менен жакамды кармап, мен анчалык мани бербесем да Сиз ишенген Кудайга тооба келтирип айтайын: ушундай темп менен ишти уланта берүүгѳ Сиз чакырык таштаган сотторду К.Бакиевдин учурунда деле кѳрүп, азабын далай тарттык эле. Бирок, мынчалык «бѳтѳнзордукка» (Ш.Дүйшеев), аксымдыкка, мыйзамды зордуктоочулукка барганын кѳргѳн эмес экенмин.

Эгерде менин айткандарым бирин-экин болсо жеке кѳрүнүш катары кѳңүл бурбай деле коймокмун. Сизге деле кадырымды салып, бүтүндѳй кыргыз элине коңгуроо кагып, ачык кат менен да кайрылбайт элем. Тилекке каршы, алар бирин-экин болбой жатпайбы Сиз менин журналистикага ооп кеткен юрист экенимди жакшы билесиз. 2010-жылы бир сүйлѳшүп отурганда «дипломуңузду алып келиңизчи. Прокурорлукту караштырып кѳрѳлү»-деген сѳзүңүз дале эсимде. Бирок насилимде кызматка жулунбаган жаным Сиздин ал сѳзүңүздү деле кулак сыртынан кетирип койдум эле. Бүгүн бир сѳздүн ыгы келип турат окшойт, айтып калайын-мага берген, элге кылган кызматыңыз ошол болсун, сот, прокуратура органдарынын тизгинин тартып, мыйзам жолунан тайгандарды орду-ордуна коюп, бул системаларды тартипке салып койбосоңуз караламан калк качанга чейин карап, чыдап отура берет…

Дегеним, кыйбас адамдарымдын иштери менен алектенип жүрүп Бишкек шаарынын райондор аралык, Ленин, Биринчи май, Октябрь, Ысык-Кѳл областынын Ысык-Кѳл райондук, областтык, Кыргыз Республикасынын сода-ѳндүрүш палатасынын алдындагы эл аралык бейтарып (третейский) сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, анын алдындагы Конституциялык палатасынын жасаган «иштерин» ичкериден кѳрүп, аларга ѳзүм күбѳ болуп, манчыраган соттордон «үч кѳчкѳн журттай» кѳңүлүм калып, ырасын айтсам аларды ушундай кѳпкѳнчүлүккѳ алып келген Алмазбек Атамбаевди да сѳккѳн учурларым болду.

Сотко катышуучу тараптарды ѳзүнүн аныктамасы менен бир күнгѳ чакырып коюп, анан кызыккан тараптын «кытырагынын» аркасында ѳзүнүн аныктамасын танып, «мен силерди кече күнкүгѳ чакыргам»-деп ишти уламдан-улам жылдырып, алты айдан бери ар кандай шылтоолор менен карабай келаткан судьяны кѳрдүм.

Соттук отурумда сенин айткан сѳздѳрүңдү ѳзүнѳ ылайыктап бурмалап жазып, мыйзамга эмес,  ѳзүнѳ жаккандай чечим чыгарган судьяны жолуктурдум.

Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» мыйзамынын 62-беренесиндеги күрөөгө коюлган үй менчик ээсинин жалгыз үйү болсо андай талаштарды сот органдары гана чечээрин көрсөткөн талапка карабастан «бөтөнзордукка» салып бирөөнүн жалгыз үйүн коммерциялык банкка тартып берген бейтарап соттун арбитри менен да жаман-жакшы айтыштым.

Бардыгы эле беттерин тултуйтуп турушуп «билгениңди кылып ал»-деп өзүңдү сөгүп чыгарышат. Анан, айла кеткенден улам «билгенимди кылып» Сиздин наамыңызга ушул ачык катты жазып баштадым.

Бирок, булардын «жоруктары» Ысык-Кѳл областтык сотунун тѳрагасы А.К.Молдакуновдун, анын орун басары А.А.Досмамбетовдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тѳрайым орунбасары А.Базаралиеванын, судьялары Б.Акматов менен Б.Аманалиеванын жосундарынын жанында шоона эшпей калчудай. Буларыңызга (Сизге таандык кылып айтканымдын себеби, Сиз ѳзүңүз «аларды мен дайындагам» деп жатпайсызбы) маркум акын досум Тургунбек Бекболотовдун тѳмѳнкү тѳрт сап ыры куп жарашат экен:

Эзилтип казы-карта, жал жесеңер,

«Эл деген ээрчиме бир мал»-десеңер,

Эч кимди кѳзүңѳргѳ илбей жүрүп,

Эсирип кеттиңер ээ, даңгеселер.

«Кыргыз тилинин сѳздүгү», (1-том 398-бет. Бишкек-2011) китебинде «даңгесе»-«жалкоо» деген түшүнүктү берет экен. Жасаган иштерине карата баа берсек буларды мыйзамдын денесине жабышып алып, анын канын соруп жаткан мите курт, мыйзамды зордуктаган кылмышкер катары кароого туура келет. Булар соттордун кѳз карандысыздыгына таянып алып, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган кылмышкерлер экендигин ѳздѳрү тастыктап берип отурушат. Ошондуктан, булардын жасаган иштерине, б.а. чыгарган чечимдерине саясий-укуктук баа берип, судьялык кызматтарынан көчүккө тээп айдап чыгып, кылмыш ишин козгосо кудайын тааныбай калган башка судьяларга да чоң сабак болот эле. Ошого күчүңүз, эркиңиз жетеби? Далилдерин мен таап берейин.

Болбосо, кайсы мыйзамды туу туткан сот  жасалма экендиги архивдик документтер менен далилденип турган, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы №501-токтомуна түп-тамырынан каршы келген айыл ѳкмѳтүнүн токтомун жарактуу деп, ѳздѳрүнүн мурда чыгарган аныктамасы менен токтомунда менчик укугун жокко чыгарган адамдын менчик укугун кайра таанып (нонсенс), ага мүлктү сатууга укук берүүгѳ бара алат?

Айрым адамдардын «ээ, кызыктар али алдыда-деген сѳздѳрүнѳ кол шилтеп, «койсоңорчу. Алардын эмне, эки башы бар дейсиңерби»…деп жактырган эмес элем. Кѳрсѳ алардын чындап эле эки башы бар окшобойбу, урматтуу Алмазбек Шаршенович! А мүмкүн буларыңыз баягы ѳзүңүз  айтып жүрчү үч баштуу дракондордон болуп жүрбѳсүң? Андай болсо ѳзүңүз эптеп чара кѳрүп, жалмаңдаган артыкбаш эки башын эртерээк чаап түшпѳсѳңүз болбойт го, кыргыз мыйзамдарынын баарын жайлап, кыргыз бүткѳндѳрдүн эле эмес, атпай кыргызстандыктардын баарынын ашмалтайын чыгара электе.

Ошол эле убакта, Башкы прокуратура жакка да кѳз кырыңызды бир салып коюуңузду суранам элем. Себеби, Ысык-Кѳл областтык прокуратурасы дагы аш бышым учурунда эле бүтүрѳ койчу ишти үч жылга жакын убакыттан бери созуп эле келатат, созуп эле келатат. Кѳрсѳ, аларыңыз деле эмчегинен сүт чыкпай калып, наристесин упчу менен «эмдеген» бечара келиндердей шордуу же «кытырактан» катыра жеп, кычырап отурган немелер окшойт.

Сиз сот менен прокурорлорду мактап-жактаганыңызды койбойсуз, буларыңыз болсо Сизди калың элдин наалатына кактаганын койбойт. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир силкинип коюңузчу. Прокурорлоруңуз «кайсы жерден тыйын чыгат»?-деп акактабай кылмышкерлерди издесин, сотторуңуз болсо рейдерлерди кожосундай колдобой, мыйзамга ылайык сот ишин жүргүзсүн.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Мен ушул жазган ар бир сѳзүм үчүн жооп берүүгө, аларды документтер менен коштоп, далилдеп берүүгө даярмын. Ѳзүңүзгө жолуксам айтчу сөз көп эле, бирок  эшик кайтаруучуларыңыз өткөрбөйт. Аргасыздан ачык кат менен кайрылып жатам.

Жойпуланма сот, прокурорлоруңуз адатынча Сиздин башыңызды айлантып,мени калпычы кылып, «иттен чыгарып» койбосун үчүн менин катымды карап чыгууну акыл-эси ордунда, калыстыктан тайбаган жооптуу  бир кызматкериңизге  дайындасаңыз. Керектүү документтерди, фактыларды мен таап берейин. Ошентип,  чындыкты чогуу издеп көрбөйлүбү?

Сөзүмдү Т.Бекболотовдун төрт куплет ыры менен бүтүргүм келип турат. Адабиятка жакын, сезимтал кишисиз. Намысыңыз ойгонуп, бир силкинип аларсыз.

Түнөрбө, түтөп-күйүп чычаладай,

Сабыр кыл, сөзүмдү ук чычалабай.

Жалгандын жан жыргатар жагымы бар,

А чындык ачуу болот күчаладай.

****

Ким айтса сөзүн ээрчип көчө бербе,

Тагдырды шашып чала чече көрбө.

Жалганды төрүбүздө тайраңдатып,

А чындык ыйлап жүрөт көчөлөрдө.

                        ****

Күрөштүн түбү көр оокат үчүн элеби?

Ал үчүн башты саюунун барбы кереги?

Буулуп тили, таңылып көзү чындыктын,

Чыркырап эле жеңилип жүрө береби?

                         ****

Кагуу жегин, мейли тил ук, бозоргун,

Бул турмушта болуу керек өз ордуң.

Мылжыйган бир мококтуктан арылып,

Ээрчимелик сезимдерден бошонгун.

Кайсы күнү тик карасаң Чындыкка,

Ѳзүң үчүн майрам болот ошол күн.

               Урматтоо менен,

                     Баягы эле Бабыр акеңиз Жээнбеков

Менин телефонум 0-770-83-10-83.  18.10.2016-жыл.

Текшерүү жыйынтыгында өлкө аймагында сырткы мигранттар калтырган 56462 бала табылды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери 316680 балдары бар үй-бүлөнү кыдырылган. Анын жыйынтыгында өлкө аймагында сырткы мигранттар калтырган 56462 бала табылган, анын ичинен 637 бала көзөмөлчүлүккө берилген, 136 бала калыбына келтирүү жана кризистик борборлорго, интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштырылган. Ал эми 55653 бала бирден ата-энелери менен же туугандары менен жашаганы аныкталды. Мындай маалыматты КР эмгек жана социалдык өнүгүу министрлиги Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, тармактык комитетте Жогорку Кеӊештин эки тармактык комитетинин өспүрумдөргө карата жасалган зордук зомбулукту болтурбоо жана алдына алуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жөнүндө протоколдук тапшырмасынын негизинде Ички иштер министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы угулду.

"Замандаш" кайсы күчкө таянат?

Акыркы күндөрдө өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаал коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Тараптардын тирешүүсү эмне менен аяктайт болду экен деп кылтыйып четтен аңдып, ыңгайлуу учурду күткөн үчүнчү топтор толтура. Оппозиция опурулуп- жапырылып, бийликтин кемчиликтерин көзгө сайып көргөзүп, талуу жерден кармап алгандай таасир калтырууда. Бийлик болсо абалды турукташтырып калууга далбастап, «карышкыр ток, кой аман» ишараатын кылып атат. «Октябрда жардыруу болот» деп бир жагынан батыштын «көзү ачык» элчиликтери эсти оодарууда. Кыргызстандын эртеңи эмне болот деп санааркаган мындан көп. Мындай шартта парламенттик шайлоодон өтпөй калган «чала жан» саясий партиялардын деми кантээр экен деп сыдыргыга салып көрсөк, кол манжадай саналуу гана дымагы бар экен. Дээрлиги кырдаалга ыктап, оппозициянын көлөкөсүнө сүңгүүдө. Алардын ичинен «Замандаш» партиясы гана ачык аракетке өтүп, эл алдында отчетун берип, мурда кетирген саясий каталарын оңдоп-түзөп, кайрадан баштапкы идеясына кайтып барууга ниет коюп, партиянын ички-тышкы талабын жаңылоого киришип, аталган партия XI съездин өткөрдү. Анда партиянын башына жаңы адамдар келгени, жаңы программа кабыл алганы маалымдалды. Партияны жаш саясий ишмер Жеңиш Молдакматов жетектеп, маркум Мухтарбек Өмүракуновдун жолун улантып, «Замандаштын» туусун колго алганын эшиттик. 10 жылдык тарыхы бар бул партия чындап кайра калыбына келсе, мурдагыдай электоратын түзө алса, позициясынан тайбаса, эл оозуна алынган «элдик партия» атын сактап калууга, саясатка тикелей таасир этүүгө толук шансы бар. Кызыгы, эми «Замандаш» кайсы саясий күчкө ыктаар экен же өзүнүн гана күчүнө ишенеби? Муну мезгил көрсөтөөр.

Булак: Де-Факто 

Салмагы сайдын ташындайкен!

Адам деген аркандай болоткен: бири пермер, бири депутат, бири койдон жоош, бири шуулдак, бири арык-торук, бири толук дегендей. Бобуреки сүрөттөгү каарман өзү жалгыз депутат дагы, шуулдак дагы, толук дагы деген баага татыктуу инсан экени байкалып туру. Каармандын аты-жөнү Султануп Абдыкапар, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан ЖоКеге депутат. Интервью берип аткан кезеңи го, колду жайып бапылдап атат. Шуулдап атат. Дуулдап атат. Эмне теманы бажарып атканы азырынча табышмак. Мурда-кийин бул каарман жөнүндө маалыматыбыз жок болгондуктан, эмине кошумча берерибизди да билбей турубуз. Илибой неме ичип-жейт дечи, бу деле ошенткендир. Бир кезде Салижан агай: «Билет, билет, бирок айтпай атпайбы!..» дегендей, Абдыке да илливой маселени уча сугунгандай мүлжүйт деп ишенип турабыз. Би-иртике кошумчабыз бареле, таштай кетели, Абдыкени бир көргөн киши ойлойт болуш керек: «Болду болбоду, бул жигит жапондордун сумо күрөшү менен машыгат го…» депчи. Ошол анда азырынча, башка сөз жок.

Булак: Де-Факто 

Айбекти апаптап койгула же Калыев качып кайда барат?

Жоопкерчилик, милдет деген түшүнүктөрдү биздин чиновниктер уруп ойнобой калды. Алар үчүн креслосу бекем болсо болду. Маселен, бакандай Энергетика министрлигин жоюп туруп, улуттук энергохолдинг түзүп, ага Айбек Калыев деген балакайды алып келип койбодук беле. Ошол жигиттин эмне менен алектенип олтурганын билген киши барбы? Чээнге кирген мамалактай эле дайынсыз. Өлкөнүн күрөө тамырына барабар болгон тармакты жетектеп атса дагы анын абалын, артыкчылык же кемчилигин айтып койгусу жок. Башта чыйрак жигиттей эле көрүнгөн.  Алдыда кыш. Даярдыктарыбыз кандай, эмне иштер аткарылып жатат, бул боюнча маалымат алалы деп таппай жатабыз. Журналист дегенден жаа бою качкан неме экен. Көрсөңөр айтып койгулачы…

Булак: Де-Факто 

Карамушкинадан башка карманаарыңар жокпу?

Эзелтен калган эски обондор созула баштады. Саясатта, башкаруу, аткаруу системасында «жаңы кан» нөлгө барабар. Мына карагыла, жакында Жалал-Абад областына губернатор, азыркы аталышы менен айтканда Өкмөттүн Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна баягы Ирина Карамушкина депутат болуп келип, кечээ ант берди. Ирина айым мурунку чакырылышта дагы депутат болгон, эмне мыйзам жазганы эсибизде жок, бирок кызматтык унаасы менен адам тебелеп өлтүрүп алып, аны кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу аркылуу ишти жаап салганы эсибизде. Анан да кыргыздын баш кийими калпакты мазактаганы, баатыр энелерге акарат айтканы дагы бар. Бир ирет дагы бир бошогон орунга депутат боло коймокчу болгондо коомчулук толкуп, ал кадамынан кайткан эле.

Булак: Де-Факто 

Жолдошбек Токоев, журналист: “Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн кылмыш жообуна тартыш керек”

– Жылдыз Жолдошеванын 2017-жылкы бийликке Убактылуу Өкмөттүн бири да келбеши керек деген демилгесин колдойсузбу?

– Бул маселени мен 2010- жылы Бакиевдер, К. Батыровдор качырылгандан кийин эле жазып чыккам. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн бийликке бардырмак турсун, мүмкүн болсо туура эмес иштери үчүн  кылмыш жообуна тартыш керек.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс 

Эл башы тумоолоп калды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ден соолугу начарлап, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө турганын Ак ордо расмий кабарлады. Мындай кабар буга чейин расмий айтылчу эмес. Бул кабардын эртеси Нурсултан Назарбаев ден соолугуна байланыштуу Армения сапарын токтоткону да айтылды. Казак президенти жума күнү Ереванда өтчү ЖККУ саммитине катышмак.

Булак: Де-Факто 

Көп кырдуу талантка ээ Нурайым, Бегайым Эшимкановалар

Көргөндөр суктана карап таң калган керме каш эгиз сулуулар Нурайым, Бегайым Эшимкановалар 1991-жылы 26-сентябрда Ысык-Көл районунун Тамчы айылында төрөлүп, өсүшкөн. 5 бир туугандын кичүү кыздары.  

– Кыздар өзүңөр тууралуу кеп салсаңар?

Нурайым: – Мен 2 кг, Бегайым 1,700 гр болуп төрөлгөн. Экөөбүздүн ортобуз 15 мүнөт. Азыр деле 2 кг. арык. Биз төрөлгөнгө чейин апам эгиз экенибизди билген эмес экен. Бирок ичи аябагандай чоң болуптур. Качан гана толгоо тартып төрөт үйүнө келип мени биринчи төрөп, бир аз эс алгандан кийин 15 мүнөткө жетпей Бегайымды төрөгөндөн кийин билиптир. Үй-бүлөнүн эң кичүү кыздарыбыз. Бизден улуу 4 байкебиз, бир эжебиз бар.

Бегайым: – Мени төрөлөрдө төрөт үйүндө жарык өчүп калып, шам чырактын жардамы менен кыйналып төрөлгөн экем. Караңгыдан көрүнбөгөндүктөнбү, айтор дарыгерлер “дагы бар болуп жүрбөсүн” деп апамдын ичин улам-улам текшеришиптир. Апам төрөгөнгө чейин УЗИге түшпөй жүрүп, эгиз кыздуу болгонуна абдан сүйүнүп, бир чети шок болгон экен.

– Жакындарыңардын экөөңөрдү айырмалай албай калган учурлары болобу?

Н: – Ооба, көпчүлүгү бизди биринчи көргөндөр башкача кийинип турсак деле айырмалай албай калышат. Ал эми көптөн бери таанып калгандар көз карашыбыздан дене-мүчө, чач жасалгалообуздан, анан Бегайымдын оозунун үстүндөгү калынан айырмалай билишет. Жадагалса азыр өзүбүздүн апабыз тааныбай, алмаштыра берет. Себеби жогорку окуу жайга тапшырып окуп, иштеп калгандан бери шаарда жашап калдык. Айылга анда-санда барып калганда мени менен сүйлөшүп жатып, эшиктен Бегайым кирип келсе “Апей, сен Нурайым белең, мен Бегайым менен сүйлөшүп жатам го” – десе деп калат. Үндөрүбүз абдан окшош. Телефондон таптакыр айырмалай алышпайт.

– “Зита, Гита” тасмасына окшоп, жигиттериңер менен алмашып сүйлөшүп көргөнсүңөрбү?
Б: –
Бир жолу Нурайымдын тааныш баласы эшикке чакырып калды. Экөөбүз “тамашалайлы” деп мен чыгып, 20 мүнөт сүйлөшүп турдук, эч байкаган жок. Анан акырында мен “Нурайымдын түгөйү Бегайым болом” десем ишенбей, качан гана Нурайым дагы эшикке чыкканда шок болуп туруп калган. Дагы бир жолу эртең менен жакшы эле сабакка жөнөп жатып кел бири-бирибиздин окуубузга барып көрөбүз деп бир күн алмашканбыз. Бирок эч ким байкаган эмес.

Н: – Былтыр Бегайымдын бир экзаменине кирип жооп берип, жакшы баа алып чыккам. Агай билбей калган. Азыр билсе жинденсе керек.

– Бири-бириңерден алыстап жалгыз калган учурда кандай абалда болосуңар?

Б: – Кичине кезибизден бери чогуу жүрүп, айылдан 9-классты аяктагандан кийин мен колледжге тапшыруу үчүн шаарга келдим. А Нурайым 11-класска чейин окуп келиш керек болчу. Бирок экөөбүз тең бири-бирибизди сагынып, куса болуп ооруй бергендиктен чыдабай 10-классты бүтүп эле шаарга келип алган. Ошондон кийин бир да жолу жалгыз калып көрө элекпиз. Кайсы жерге барбайлы ээрчишип эле басып жүрөбүз.

– “Эгиздер биринин абалын экинчиси сезип турат” деп айтышат. Силер бул сөзгө кошуласыңарбы?

Н: – Ооба, чынында эле мен ооруп калсам, сөзсүз Бегайым дагы ооруп калат. Же болбосо бирибиз ооруп бүткөндөн кийин экинчибиз ооруп калабыз. Кээде бирибиздин колубуз тытылып кетип же бычак менен кесип алсак, көп өтпөй эле экинчибиз бир жерин тилип алат. Бирибиздин абалыбыз экинчисине кайталанбаш үчүн канчалык сактансак да, баары бир бир күнү так ошондой абалга туш болобуз. Көп сөздөрдү бир маалда айтып, чогуу чүчкүрүп, экөөбүз тең бир учурда бир жерди тырмап жаткан учурлар болот. Өзүбүз дагы кээде таң калып кетебиз.

– Эгиз жигиттер менен сүйлөшүп турмушка чыксак  деп кыялданасыңарбы?

Б: – Учурда экөөбүздүн тең жигиттерибиз жок. Буга чейин эгиз жигиттер менен таанышып көргөнбүз, бирок бирөөсүнүн үй-бүлөсү бар болчу. Албетте, эгиз балдарга турмушка чыккыбыз келет. Анткени мен Нурайымсыз, Нурайым менсиз жашообузду элестете албайбыз. Кийин деле бир үй-бүлөнүн бүлөсү болуп, бир аз да болсо жакын болуп кездешип турсак деп кыялданабыз. Азыр деле апам “Бириңер айылга келип кеткиле” – десе экөөбүз тең барып алабыз. Анан “Кийин күйөөгө тийгенде эмне кыласыңар?” – деп уруша берет.

– Мүнөзүңөр окшошпу? Кайсы сапатыңар жакпайт?

Н: – Экөөбүздүн мүнөзүбүз ар башкача. Көбүнчө тааныштарыбыз Бегайымды аябай шуулдак, мени жоош деп айтышат. Бегайымдын мага өжөрлүк сапаты жакпайт. Качан болбосун өзүнүкүн бербейт.

Б: – Нурайымдын мага көк беттиги жакпайт. Ошол көк беттигинин айынын көп урушабыз. Бирок ушунчалык катуу урушсак деле 5-10 мүнөткө жетпей эч нерсе болбогондой күлүп-жайнап сүйлөшүп калабыз. Негизи менин эгизим барына сүйүнөм. Кийин дагы эгиз балалуу болсок кандай болот деп ойлоно берем. Кээде ата-энебиз биздин аябай ыйлаак, алсыз болуп, араңжан болуп чоңойгонубузду айтып берсе эгиз балалуу болгум келбей кетет.

– Экөөңөрдүн ортоңордо атаандашуу болобу?

Б:- Кичине кезибизден бери эле бирибиз тентек кылып койсок ата-энебиз экөөбүздү тең бирдей урушчу. Бир жолу мени эки жолу чаап, Нурайымды бир жолу чаап койсо эмнеге мени эки жолу чаап, Нурайымды бир жолу чаптыңыз деп чыр чыгарганым эсимде. Ошол кезде бири-бирибизге атаандашып эле басып жүрчүбүз. Ошондуктан окшош кийим алып берип, окшош тамак берип, чогуу ээрчитип жүрүшчү. Азыр андай атаандашуу адатыбыз калды окшойт.

– Кимиңердин эмнеге шыгыңар бар?

Н: – Экөөбүз тең бийге катышабыз. Бийдин ар кандай түрлөрүн билебиз. Андан сырткары 2011-жылы жазында “Сурия” фонду уюштурган эгиздер конкурсуна кастинг аркылуу катышып, канчалаган эгиздердин арасынан финалдык турга чыгып, 20дан ашык эгиздердин арасынын бий боюнча экинчи орунду ээлегенбиз. Ошондо Кыргызстанда эгиздердин көптүгүн көрүп абдан таң калганбыз. Ар биринин өз өнөрлөрү бар экен.

– Клип же киного сунуш түшсө тартыласыңарбы?

Н: – Албетте, тартылабыз. Көп эле кишилер “тасмага тартылбайсыңарбы” деп айтышат. Буга чейин ырчы Нурлан Насип, Булан Осмоналиевдердин чыгармаларынын клиптерине тартылганбыз. Учурда дагы ар кандай клип, тасмаларга тартылууга сунуштар түшүүдө. Бирок биз чыгарманын мазмунуна, сценарийдин жазылышына карап бир чечим чыгаруудабыз.

– Азыр дайыма окшош кийинесиңерби?

Б: – Кичине кезибизде дайыма окшош кийинип жүрчүбүз. Азыр ар башкача. Себеби окшош кийинип алсак элдин баары башкача көз караштары менен карагандары өтө жага бербейт. Өзгөчө жерлерге барганда гана окшош кийинип алабыз, ошондо да бирибиз алдыда, экинчибиз артта басабыз. Азыр дагы сиздерге баары карагандан уялып атайын такси менен келдик.

– Бири-бириңерден сыр жашырасыңарбы?

Б: – Ооба, экөөбүздүн тең бири-бирибизге айтпаган сырларыбыз бар. Мисалы мен аларды өзүмдүн курбу кыздарыма айтам. Нурайым деле ошондой. Бирок бири-бирибизден чукуп сурашпайбыз. Биздин эгиз дос кыздарыбыз бар. Мисалы, Алина, Мадина аттуу эгиз кыздар менен көп жылдан бери дос болуп, бир туугандай мамиледе болуп калдык. Андан сырткары экөөбүздүн тең өзүнчө жакын курбуларыбыз абдан көп.

– Келечегиңерди кандай элестетесиңер?

Н: – Келечекте буюрса өз кесибибиздин мыкты кызматкери болуп, бизди багып, татыктуу тарбия берип чоңойткон ата-энебиздин эмгегин актап, бир-эки жылдан кийин өзүбүзгө татыктуу түгөйлөрүбүздү таап бактылуу жар, мээримдүү эне болсок деген тилегибиз бар.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Интернет аркылуу террорчуларга “илинген” тажик жарандары

Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүргөн тажикстандыктардын 90 пайызы интернет аркылуу азгырылганы аныкталганын тажик башпрокуратурасы жарыялады.  Алардын 85 пайыздайы эмгек мигранты болгон жана экстремисттик топторго Орусияда жүргөн жеринен кошулуп кеткен. “Ислам мамлекети” террордук тобунунун катарында беш жүздөй тажик жараны бар.

Булак: Де-Факто 

Азык-түлүк арзандаса, күйүүчү май кымбаттады

Кыргызстанда соңку күндөрү азык-түлүктүн негизги түрлөрү бир канча пайыз арзандады. Айталы, ундун биринчи сортунун бир килограммы 27 тыйынга түшүп, 28 сомдон сатылууда. Экинчи сорттогу ун 39 тыйынга арзандаса, күрүч 8 сомго чейин түшкөн. Бирок нан арзандаган жок. Мындан тыш жер-жемиштердин баасы да бир аз арзандаса, кой эти 5-6 сомдой түшкөн. Бул арада күйүүчү май 50 тыйындан бир сомго чейин кымбаттады.

Булак: Де-Факто 

Трамп Путин менен январдагы инаугурацияга чейин жолугууну самайт

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп эгер шайланып калса, январдагы инаугурацияга чейин президент Владимир Путин менен жолугуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди. Трамп америкалык шайлоолорго кийлигишип жатат деп АКШ айыптаган орус лидерине жакын экенине көңүл бөлдү.

Трамп Путинге суктанарын жана Вашингтон менен Москванын чыңалган мамилелерине өкүнөрүн билдирди.

Анын пикиринде, маселе Путин АКШ президенти Барак Обаманы такыр сыйлабагандыгында. Бул тууралуу Трамп Майкл Сэвидж менен болгон ток-шоу учурунда айтты. Трамп катастрофалык кырдаал түзүлгөнүн кошумчалады.

“Эгер мен 8-ноябрда жеңишке жетишсем, Путин менен кызматыма кирише электе жолукмакмын”,- деди Трамп. АКШ президенттигине талапкер мындан тышкары шайлоолордогу көз боемочулуктар АКШнын шайлоо системасына олуттуу коркунуч жаратарын билдирди. Ал добуш берүү бурмаланышы мүмкүн экенин эскертти.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ: Москва «тыным» тууралуу чечимди кеч кабыл алды

Жай тургундар менен козголоңчулардын чыгып кетүүсү үчүн Алеппону бомбалоону 8 саатка токтотуу боюнча Орусиянын планы жакшы чечим болмок, бирок аракет өтө кеч көрүлүүдө. Бул тууралуу АКШ Мамдепартаменинин расмий өкүлү Марк Тонер билдирди.

Күн мурун Орусиянын Башкы штабы жөнөкөй жашоочулардын чыгып кетиши үчүн 20-октябрда Алеппону бомбалоодо «гуманитардык тыным» уюштурарын билдирген. БУУ Алепподогу согушта кандай гана тыныгуу болбосун кубаттай турганын билдирди. Бирок шаарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атууну кеминде 48 саатка токтотуу зарылдыгын белгиледи.

Европа биримдиги жөнөкөй адамдар курман болуп жаткан орусиялык жана сириялык аскерлердин авиасоккуларын кескин айыптаган. Билдирүүдө кассеталык бомбаларды жана химиялык куралдарды колдонуу менен ооркуканаларды, мектептерди жана башка шаардын инфраструктуралык объектилерин бутага алып талкалоо «аскердик кылмыш» катары каралышы мүмкүндүгү белгиленген.

Акыркы апталарда Сириянын өкмөттүк күчтөрү Орусиянын колдоосу менен Алеппонун козголоңчулардын көзөмөлүндөгү чыгыш бөлүгүнө чабуул жасоосун жандандырды. Андагы авиасоккулар ондогон адамдын өмүрүн алып кетти.

20-сентябрда Алепподо БУУнун гуманитардык кербени аткыланган. Анда кеминде 20 киши өлгөн. Сирия оппозициясы, АКШ жана ЕБ чабуулга Орусияны айыпташкан. Москва ал кинелерди четке кагып келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ч. Адамкулова университетти талкалап, силерди шылдың кылып жатат.

Урматтуу депутаттар!

Ч.Адамкулова Улуттук университетти талкалап, улуттук мыйзамды тебелеп жатканын көрүп, карайлаган эл калыстык издеп силерге кайрылды эле. Силерден бөлөк арга калган эмес.

Эми атайын түзүлгөн депутаттык топтун колунан болгону “сөгүш” келерин да көрдүк. Силердин “сөгүшүңөрдү” Ч. Адамкулова чымын чакканча көргөн жок. Эл болсо депутатың деле  “байкуш” турбайбы деген ойдо калды.

Ч. Адамкулова болсо ого бетер күчөп, университетти  талкалап, силерди шылдың кылып жатат.

Мыйзам бузуулар, каржылык, кадрдык башаламандыктарды элдин баары билет.  Аларды силер дагы билесиздер.

Биз мунун көрүнгөн жерде мактанып жүргөн “реформасынын” маңызы жөнүндө учкай айтып берели.

  1. Юридикалык статусу  бар институттарды жойдум деп мактанат.

Буларды жоюш керек деген министрликтин буйругу чыккан. Бул буйрукка таянып өлкөбүздөгү бардык окуу жайлар ондогон институттарды жойду.

Бир гана айырмасы бөлөк университеттер  ызы-чуусу жок, мыйзам нугунда бул ишти бүтүрүштү.  Жалгыз гана университетте бул маселе чатак, зордук, мыйзам бузуулар менен коштолду.

  1. Мактанган “кадрдык реформасы” же өзү айткандай “жаңы менен эскинин күрөшү” тууралуу.

Ишке жөндөмдүү, жаш, илимде төбөсү көрүнгөн адистерди  куугунтуктап, картаңдарды, өмүр бою чатак коштоп жүргөн интригандарды жетекчи кызматтарга коюуда. Мисалы жаш илимдин доктору, таланттуу, заманбап көз караштагы Т.Маразыковду куугунтуктап, Кыргыз филология факультетине декан кылып 70жашка чыгып өз алапайын таппай жүргөн М.Жумаевди дайындаган.

Дагы бир “кадрдык реформасы” – Кыргыз-кытай факультетине декан кылып дагы бир 70 жаштагы чалды, баарынан кызыгы, кытай, англис тилдерин кой, орус тилин жөндөп билбеген Б.Байсабаевди дайындаган. Бул таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Математика факультетине декан кылып тилчини койгондой эле кеп. Кытай тилин таптакыр билбеген Б.Байсабаев кытай тарап менен сүйлөшө албай котормочу издеп шылдың болдуп жүрөт.  Ошол эле убакта  кытай тили боюнча далай мыкты, жаш адистер жумушсуз жүрүшөт.

Азыр дагы бир 70 жаштагы Т.Ниязов деген чалды геофакка декан кылуу аракетинде.

Мына Ч.Адамкулованын түшүнүгүндөгү “жаңы менен эскинин” күрөшү.

Мындай кадрдык саясатты идеологиясы бирөө эле – бул мага добуш берген менин камчымды чабат, тиги бөлөккө берген ал душман. Бул өңдүү мисалдар толтура.

  1. Кадрдык кыскартуулар жөнүндө

Студенттер толугу менен төрт жылдык окууга (бакалавр) өткөнүнө байланыштуу республика боюнча студенттердин саны 400миңге жакын кыскарды. Демек кыскаруулар бардык университеттерде болду. Бирок чатак, жаңжал улуттук университетте гана болуп жатат…

  1. Мугалимдердин конкурсу жөнүндө

Конкурс өткөрүп беш жылга  келишим түзүү практикасы Советтер Союзу менен кошо өлгөн. Муну советтик стереотип дейт. Советтик пландык экономика “беш жылдыктар” (пятилеткалар) менен жашаган. Беш жылда бир КПССтин сьезди өткөн. Ал кезде университеттер дагы ушундай схема менен жашаган.

Бирок азыр заман бөлөк, СССР эчак өлгөн. Эшикте рынок экономикасы. Билим берүү талаасында айыгышкан конкуренция. Ошондуктан студенттердин саны жыл сайын өзгөрүп турат.

Эгерде мугалим менен беш жылга келишим түзсөң, бирок кийинки окуу жылында студенттердин саны кескин кыскарып кетсе ал мугалим кимди окутат, калган төрт жылы эмне кылат? Мыйзам боюнча келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин ага компенсация төлөнүш керек. Аны Ч.Адамкулова өз чөнтөгүнөн төлөйбү?

Кыскасы ушундай башаламан “реформа” университеттин түбүнө жеткени калды. 60 жаштагы алжыган кемпир Ч.Адамкуловадан университетти силер эле кутултпасаңар, деги эле эч кимдин колунан келгидей эмес.

А.Саламатова

Булак: Фабула 

Айчүрөк Иманалиева, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Аял үйдүн куту”

– Жолдошуңуз экөөңүздөр таарынышып кеткенде ким биринчи кадам шилтеп сөз баштайт?

– Мен биринчи кадам шилтеп, мен сөз баштайм. Анткени “Аял үйдүн куту” деп коюшат эмеспи. Аял киши үй-бүлөнү ынтымакка чакырып, баарынын башын бириктирип туруш керек. Көк бет эмесмин. Аябай ак көңүл жана жөнөкөймүн. Таалай экөөбүз тил табышпай таарынышып кеткенде мен биринчи сүйлөп баштайм. Бирок жумуш аркылуу эле таарынышпасак, экөөбүз тең аябай камкор, мээримдүү ата-энелерденбиз. Балдарыбызды эч качан биз көргөн кыйынчылыктарды көрбөсө экен, жаман сөз угушпаса экен деп канатыбызга калкалап багып, тарбия берип, ошол үч балабыз үчүн жашап келебиз.

Назми, ырчы: “Апам жоолук салгандан кийин толкунданып…”

– Алгачкы келин болуп барган күнүңүз эмнеси менен эсиңизде калган?

– Келин болгондун да өзүнчө бакыты бар экен. Биз шаарда тургандыктан, айылга аз убакытка барып калабыз. Ошондуктан баргандан кеткенге чейин апама колумдан келишинче жардам берип, тынбай кызмат кылганга аракет кылам. Көлдүктөр улгайып калганча бири-бирине жүгүнө беришет эмеспи. Мен дагы барган сайын жүгүнүп турам. Биринчи жолу келин болуп барганда биз менен бирге сахналаш досторум Сапар Сопубеков, Роза Шакирова жолдошу менен барышты. Апам көшөгөнүн ичинен ак жоолугун салып, бетимден өөп чыгып кетти. Мен өзүмдү жоготуп толкунданып, жанымда турган Сапарды жоолугумду жакшы салып берчи десем, ал дагы оңдоп кирди. Себеби Сапар экөөбүз ал тебетейи менен, мен жоолугу менен форма тиктирип, дайыма сахнага чыгаарда Сапар жоолугумду салып, оңдоп берчү. Ошого көнгөн жаным, апам салгандан кийин Сапарды карап “салып берчи” деп жатпаймынбы.

Добр, ырчы: “Атым өзүмө жакчу эмес”

– “Добр” бул өзүңдүн атыңбы?
– Өзүмдүн атым Адилет. Фамилиям Добранов. Бул ат менен мектеп убагында бардыгына таанылып калгам. Себеби мугалимдер атыбыздан эмес Добранов деп фамилиябыз менен чакырчу. Ошол кезде бири-бирибизге лакап ат койгон мода болуп, мени “Добр” деп айтып калышкан. Бирок өзүмө жакчу эмес. Ошону үчүн дагы классташтарым менен урушуп кеткен күндөрүм болгон. Бул ат кулакка сиңип калгандыктан, шоу дүйнөгө деле ушул ат менен аралашып кеттим.
Курал ЧОКОЕВ, ырчы: “Прокурордун дөңгөлөгүн жарып…”

– Бала кезиңде шоктук кылып ата-энеңден уруш жеген күндөр болду беле?

– Ооба, андайлардын далайы баштан өткөн. Чоң атамдардын орус кошунасы кичинекей небереси менен жашап, сагыз, майда-чүйдө конфеттерди сатчу. 3-класс кезимде менден 4-5 жаш улуу балдар “Ушул кемпирдин үйүндө салюттары бар. Ошону мага алып келип бергиле” – деп коркутуп жиберишти. Биз бандиттердей болуп жашынып, жөргөлөп салютту алып, кетип бара жатып сагыз, конфеттеринен уучтап чөнтөккө салып чыгып баратсак мени небереси көрүп калат. Аны мен билбейм. Жыргап үйгө келип, чоң сагызды оозго алып чайнап, терезени карап турсам тиги апа биздин үйгө кирип келе жатат. Жүрөгүм түшүп алдынан чуркап чыгып, жүрүңүз апа, мен баарын көрсөтүп берем деп, балдардын үйлөрүн көрсөтүп бул тигини алган, бул муну алган деп көрсөтүп бергем. Бирок апамдар баары бир билип калып аябай урушушкан. Дагы бир орустун үйүнө дайыма прокурор конокко келип турчу. Мен кичинекеймин да, эч нерсе билбейм. Чоң балдар “прокурор жаман киши” десе ии, жаман турбайбы деп машинасынын дөңгөлөгүн жарып салып дагы ата-энемден уруш жегем. Мен ушундай тентек, шок бала болчумун.

Гүлмира, “Кеңеш” тобунун солисткасы: “Үй-бүлөнү кармап калыш биздин колубузда”

– Мүсүр байкенин кайсы мүнөзүн жактырасыз?

– Негизи адам биринчи бири-бирин 3 жыл сүйөт, 5 жылда ага-карындаш, ал эми 7-8 жыл өткөндөн кийин бири-бирине көнүп бактылуу турмуштун даамын татып башташат экен. Ошондой эле мен да кээде Мүсүр, мени сүйөсүңбү деп сурап калам. Мүсүр тамашага салып мага сүйүүсүн арнап калат. Аял заты өтө назик болгондуктан ар бир нерсени жүрөгүбүз менен кабыл алабыз. Ошондуктан ар бир кызга турмуш кургандан кийин үй-бүлөнү кармап калыш биздин колубузда экенин унутпагыла деп кеңеш айткым келет. Мүсүрдүн бардык мүнөзүнө көнүп калгандыктанбы, айтор бардык мүнөзү жагат.

Бекчоро, ырчы: “Балдар менен согушуп кеткеним чын”

– “Бекчоро, балдар менен согушуп көзү көгөрүп, коомчулукка көз айнекчен чыгууга аргасыз болгон” дешет. Ошол чынбы? Көз айнектериңиздин саны канча? Жана эң кымбаты канча турат?

– Чынын айтсам балдар менен урушуп кеткем. Эртеси клип тарттырар күнү көзүм көгөрүп, көз айнек тагынууга туура келди. Ошол убакта “ Мен үчүн белең” деген ырым хит болуп жаткан. Бир жумадан кийин “хит-парад” көрсөтүүсүнө көзүмдүн көгү тарабай, көз айнек кийип тартылгам. Ошондон кийин продюсерим Семетей Мурзалиев көз айнекчен жүрүүгө сунуш киргизген. Өзүм деле кызыгып көз айнек тагынып калгам. Негизи буга чейин 300 дөн ашык болчу. Кийинки убактарда кызыкпай деле калдым. Мурда көргөн жерден эле баса калып сатып алчумун. Туугандарым,  жакын досторум  белекке көз айнек беришчү. Азыр досторума, жакындарыма  жана күйөрмандарыма таратып, жоготуп, сындырып жатып 60тан ашыгы калды.  Алардын ичинен эң кымбаты 400 доллар Италиядан дос балам салып жиберген жана Кореядан 350 долларга көз айнек сатып алгам.

Элина АБАЙ кызы, актриса: “Кыйынчылыктын баары режиссердун мойнунда”

– “Боз салкындагы” аткарган ролуң өзүңө жагабы? Кичине кезиңден бери киного тартыла берип кино тартуунун кандай кыйынчылыгы бар экенин билип калсаң керек?

– Ал кезде тасмага тартылат деген эмне экенин билчү эмесмин. Эрнест байке “тартыл” десе тартылып, “бийле” десе бийлеп жүрө бергем. Кийин тасмадан өзүмдү көрүп алып аябай күлгөм. Негизи ошол кезде кинодо кандай болсом, өзүмдүн жашоомдо да аябай шок, тентек, эрке кыз болчумун. Албетте, ар бир тасма тартууда кыйынчылык жаралат. Эң башкы кыйынчылыкты тасманын режиссеру тартат. Анткени ал таң эрте актерлорду чогултуп, аларды жасап-түзөп, кийинтип, даярданып, эки-үч саат тарткандан кийин кеч кирет. Бир күн кыйналып тарткан кадрлар монтаждаганда, беш мүнөттүк болуп калат. Андан сырткары акча каражатынан көп аксап калаарын билип калдым. Бирок мурдагыга караганда кыргыз киносунда жакшы, жаңы ачылыштар байкалып калды.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Калдарбек Бахтакунов, уролог: «Рейтер эркектин сийдик жолдорун, муундарын, көзүн жабыркатат»

Өз кесибинин мыкты адиси, көп жылдык иш тадрыйбасы менен коомчулукка таанымал №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун уролог-хирург дарыгери  Калдарбек Бахтакуновдон эркектердин көйгөйлүү оорулары туурасында суроолорубузга жооп алдык.

– Азыркы учурда эркектер сиздерге кандай оорулар менен көп кайрылышууда?

– Учурда көбүнчө жаштар жыныстык жол аркылуу жугуштуу оорулар, простатит, тукумсуздук маселелери менен кайрылышууда. Акыркы кездерде эркектердин тукумсуздугу көбөйүп кетти. Бизге кайрылган үй-бүлөлүү эркектерге, сөзсүз түрдө аялы дагы келип текшерилишин эскертебиз. Ал эми эркектердин спермограммасын текшерип, алардын канчалык деңгээлде активдүүлүгүн карап, андан кийин тукумсуздуктун себебин аныктайбыз.
– Тукумсуздукту дарылоого болобу?
– Тукумсуздуктун эки стадиясы болот. Биринчиси, эркектердин тукуму гормоналдык жактан бузулушу мүмкүн. Тукум чыга баштаганда гормондору аз болуп калат. Ал эми экинчиси, сезгенип ооругандан улам өөрчүшүп урук чыгаруучу жолдор тосулуп калат. Мисалы, простатит оорусунан улам да уруктардын активдүүлүгү төмөндөп кетет. Бул учурда эркекти толугу менен текшерип, этап-этап менен дарылайбыз. Тукумсуздукту айыктырса болот.
– Тукумсуздуктун негизги себептери кайсы?
– Тукумсуздук социалдык көйгөйлөргө да байланышкан. Кээ бир эркектер иштеген жерде химиялык заттар болот. Бул зыяндуу заттардын көпчүлүгү эркектерди тукумсуздукка алып келет. Андан сырткары суукка урунуу, сыз жерге отуруу жана ар кандай венерикалык ооруларды жуктуруп алганда же болбосо түгөйүнүн ресурстук фактору да туура келбей калышы мүмкүн.
– Ал эми простатит эмнеден келип чыгат?

– Простатит оорусу урук чыктагыч безине сийдик чыгаруучу каналдан, жоон ичегиден, жамбаштын кан жана лимфа тамырларынан сезгенген табарсыктан оору козгоочу микробдордун өтүп кеткенинен улам келип чыгат. Эгер эркек курч кармаган простатит менен ооруп калгандыгына карабастан дарыгерлерге кайрылбай жүрө берсе, анда урук чыктагыч безинде абсцесс (ириңдөө) башталат. Мындай учурда дененин температурасы 39-40 градуска чейин көтөрүлүп, заара кылуу кыйындайт. Бир канча убакыттан кийин урук чыктагыч без шишип чыгат да, заара чыкпай калат. Андыктан ооруга кабылган адам убакытты өткөзбөй дароо дарыгер урологго кайрылуусу кажет.

– Ооруга чалдыккан адамда кандай белги байкалышы мүмкүн?

– Биринчиден, ооруну сезүү табарсыктын үстүнө, чат, бел, чычаң тараптарга берилет. Дискомфорт болуп, уйку качат. Экинчиден, тез-тез сийип, жалган чакыруу сыяктуу болуп, табарсыкта сийдик калып калган сыяктанып сезилет. Үчүнчүдөн, жыныстык, сексуалдык бузулуулар байкалат. Уруктун тез түшүп калуусу, эрекциянын начарлашы билинет. Потенция ылдыйлайт, ал кетип, депрессияга кабылат. Өтүшүп кеткенде гемоспермия, башкача айтканда эякулят кан аралаш чыгат. Каликулит, везикулит оорулары кошулат. Көпкө дарыланбай жүрө берсе простатада петрификат топтолуп, ташка айланып калуу коркунучу туулат. Сперматогенез бузулуп, тукумсуздукка алып келүүсү мүмкүн. Сөзсүз урологго кайрылып тийиштүү анализдерди, простатанын секретин, бактериологиялык, цитологиялык изилдөөлөрдөн өткөрүү зарыл. УЗИден так аныктап, простатит же аденома экени, рак экени такталат. Атайын ПСА (простатспецификалык антигенин) анализ жасалат.

– Простатитке кабылуунун негизги себептерин жана дарылоо этаптарын айта кетесизби?

– Дененин суукка чалдыгуусу, аз кыймылдуулук, узакка чейин жыныстык катнашта болбо, ич катуу, денедеги иммунитеттин начарлашы, сезгенүүдөн келип чыккан оорулар, жыныстык жактан жугуучу жана урологиялык оорулар жана албетте сапатсыз күнүмдүк тамак-аштар себеп болот. Дарылоо узак убакытка созулат жана комплекстүү түрдө болот. Ар бир оорулууга индивидуалдуу түрдө анализдеринде чыккан инфекцияларына карап дары-дармектер жазылат. Бул оорудан оңой-олтоң дарыланып кетүү кыйын экени оорулууга түшүндүрүлөт, шаблон сыяктуу дарылоо жолу жок. Микробдордун флорасы аныкталгандан кийин антибактериалдык терапия, кан айлануусун жакшыртуучу дарылар, ферментативдик препараттар колдонулат. Эгер кабылдабаган простатит, абсцесс, аденома, рактын белгилери болбосо гана кан айлануусун жакшыртуу үчүн простатанын дренаждык функциясын жакшыртуу үчүн простатага бир мүнөттөн ашпаган убакытка массаж жасалат да, сийдик аркылуу тазаланат. Фаллодекомпрессия простатаны рефлектордук түрдө кан айлануусун жакшыртат. Инстиляция жолу менен керектүү дарыны уретрага 5-7 мл чейин куюп, чыгарбай туруп арткы уретраны чат аркылуу жеңил массаж жолу менен керектүү дарынын простатага түздөн-түз натыйжа беришине өбөлгө түзүлөт. Бул ыкманы инстиляциялык массаж деп айтабыз. Мындан сырткары прополис свечаларын да колдонобуз. Микроклизмалар көтөн чучукка ромашка, календула, пустырник, шалфейдин тундурмаларын 40 С 100 мл чейинки көлөмдө куюлат.

– Эркектерде кездешүүчү “рейтер” деген оору бар. Бул оору тууралуу кененирээк айта кетсең?
– Рейтер инфекциялык оору. Ооруну көптөгөн инфекциялар козгошу мүмкүн. Мисалы, дизентерия таякчасы, гонококк, вирустар, хламидий, спирохета ж.б. инфекциялар. Көбүнчө жаштар оорушат. Бул оору үч органды жабыркатат. Биринчиден, заара чыгуучу каналдары, муундарды жана көздү. Муундарга моноартрит, полиартрит, заара чыгуучу каналдарды, уретрит, простатит, цистит, пиелонефрит, көздө коньюктивит, увеит, кератит оорусун чакырып, көрбөй калганга чейин алып келет.

– Ооруну дарылоого болобу?

– Албетте дарылоого мүмкүнчүлүктөр бар. Оору 6-8 айга чейин эффективдүү дарылабаса 5-10 жылга чейин созулуп кетет. Дарылоонун эффективдүүлүгү негизинен диагноздун туура коюлгандыгына байланыштуу болот. Бул оору медицинада толук чечиле элек, дагы көп изилдөөлөрдү талап кылган аймагына кирет. Ошондуктан оору күчөп кете электе эртерээк ооруканага кайрылуу зарыл.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Эгиздерге турмушка чыккысы келбеген Алина, Мадина Такеновалар

Алина, Мадина Такеновалар 1992-жылы 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2кг 500 гр болуп бирдей салмакта алгач Алина, анан 10 мүнөткө жетпей Мадина төрөлгөн. УЗИге түшүп уулдуу болоорун билишкен жаш ата-эне күтпөгөн жерден эгиз кыздуу болушканына бир чети сүйүнүшсө, бир чети таң калышкан. Кыздары чоңоюп эс тартып калганда бактылуу ата-эне 3 эм уулдуу болушкан. Учурда Алина турмуш жолуна аттанса, Мадина  карьерасын өнүктүрүү менен алек.

Өзгөчөлүктөрү

Алинанын бетинде меңдери көп болсо, Мадинанын мүнөзү Алинаныкынан бир аз жоошураак. Бирок экөөнө айырмачылыгы жоктой сезилет. Эгиз кыздар бири-биринен алыстап, жалгыз калуудан абдан коркушат. Буга чейин бир гана жолу бир жумадай жалгыз жүрүшүп, көрүшкөндөн кийин бири-бирине мындан кийин мен сенсиз эч жерге барбайм деп сөз беришкен.

Дос, курдаш

Алина менен Мадина бала кезинен баштап эле эгиз балдардын курчоосунда чоңоюшкан. Мисалы мектеп босогосун атташканда Мунара, Чынара аттуу кыздар менен бирге окушса, кийин колледжге тапшырганда да Нурайым, Бегайым аттуу кыздар менен достошушкан.

Эгиз балдарга турмушка чыкпайбыз

“Жалгыз калуудан коркобуз” – деген кыздар эгиз балдар менен сүйлөшүп, кийин турмуш курууга кызыгышпайт экен. Себеби адамдардын аларга болгон көз карашы, кыйынчылыгы көп жага бербейт. Алар үчүн эгизи жок адамдардын жашоосу өтө кызык. Бирок экөө тең кийин эгиз балалуу болсок деп кыялданышат.

Эркелик

Чоң ата, чоң энесинин тун неберелери төрөлгөндөн тартып 8-класска чейин бапестеп тарбияланып, аябай эрке чоңоюшкан. Ошондуктан от жагып, нан жаап, уй саап дегендей айыл жумуштарына өтө жакын эмес. Бирок азыр ата-энесин, бир туугандарынын бир сөзүн эки кылбай бардык жумуштун майын чыгара жасаганга аракет кылышат.

Өнөр

Мектепте окуп жүргөн кездеринде эле коомдук иштерге активдүү катышып, ыр-бийге жакын болушкандыктан, кийин ээрчишип алып бий мектебине барып бийдин ар кандай түрлөрүн үйрөнүшкөн.

Сүйүнүч

Алина менен Мадина 6 жашка чыкканда 3 эгиз инилүү болушкан. Ошол күндөгү сүйүнүчтү жашыра алышпай: “Өзүбүз дагы эгиз болуп, апам дагы 3 эгиз төрөсө элдин баары эле эгиз төрөсө керек деп ойлочубуз. Ал эми эгиздер чанда гана кездешээрин кийин гана билдик. Эсибизде ошондо Майрам Акаева үйгө келип бизди куттуктап, үй белек кылган.  Эгер апам дагы төрөсө бизге окшош эгиз кыздар болсо экен” – дешти кубанычтары жүздөрүнө батпай.

Эң кызыгы

Кичине кездеринде бири-бирине абдан окшош болгондуктан ата-энеси да айырмалай албай калышчу. Азыр деле аттарын алмаштырып айта беришет. Колледжде окуп жүргөн кездеринде экөө эки группага бөлүнүп, сессия учурунда экөөнүн темалары бирдей, бирок мугалимдери башка болгондуктан, ким биринчи модуль тапшырып жакшы баа алып чыкса, экинчи күнү экинчисиникине кирип жооп берген күндөрү болгон. Дагы бир жолу Алина көчөдө кетип бара жатса артынан бир бала келип Мадина номериңди берчи деп артынан калбай үйүнө чейин ээрчип барган. Андан сырткары көбүнчө бир маалда ооруп, бирге каткырып, бирдей кыймыл-аракеттери менен башкаларды таң калдырышат.

 Венера Тургуналиева, Алина, Мадинанын апасы: “Эгиз эмес, жалгыз бир баланы багыш оңой эмес”

– Венера эже, эгиз кыздуу болооруңузду алдына ала билгенсизби?

– Жок, билген эмесмин. Мен 19 жашымда жолдошум Нурдинге турмушка чыгып, 20 жашымда кыздарымды төрөдүм. Боюмда бар кезде көбүнчө жашылчаларга талгак болуп жүрүп, УЗИге түшсөм “уул” деп айтышкан. Жолдошум экөөбүз сүйүнүп уул күтүп жүрүп эгиз кыздуу болгондо бир чети кубансак, бир чети таң калганбыз.

– Кыздарыңыздын аттарын ким койгон?

– Нурдиндин эң кичүү карындашы Гүлсара биринчи “Адина, Мадина” деп коюшуп, эртеси күнү унутуп калып Алина, Мадина деп жаздырып коюшкан.

– Алина, Мадинадан кийин дагы үч эгиз балдарыңыз бар экен. Негизи кайсы тараптын канында эгиздер бар?

– Нурдин тарапта да, мен тарапта да эгиздер бар. Кыздарым 6 жашка чыгып калганда Борис, Азамат, Амангелди аттуу 3 эгиз уулдуу болдук. Аларды 3 айлык боюмда бар кезде эле эгиз экенин билгем. Төрөгөндөн кийин Майрам Акаева жардам берип, борборубуздан 3 бөлмөлүү үй белекке беришкен. Азыр ошол үйдө жашайбыз.

– Балдарыңыздын бири-биринен өзгөчөлүгү барбы?

– Балдарымдын мүнөзү үч башкача өзгөрүлүп турат. Кээде жоош, кээде тентек. Борис биринчи төрөлгөндүктөн баары бир чоңдук кылып экөөнү урушуп коет. Бирок бирөө ооруса, үчөө тең ооруйт. Ошондуктан үчөөнө тең кыйнап дары берип, азыркыга чейин ден соолуктарына кам көрүп турам. Ал эми Алина, Мадинаны төрөгөндө жолдошум экөөбүз студент болгондуктан, бизди тыңып алышсын деп чоң ата, чоң энеси алып калышкан. Дем алыш сайын барып турчубуз. Бирок ошентсе дагы кыздарымды айырмалай албай жүрдүм. Кийин өзүбүздүн колубузга келгенде өзгөчөлүктөрүн байкагам. Азыр Алина шуулдап, ар дайым жаркылдап жүрсө, Мадина бир мүнөздө, бир калыпта жүрөт.

– Эгиз балдарды багыш оңой эмес да. Көп кыйынчылыктар менен чоңойтсоңуздар керек?

– Албетте эгиз эмес, жалгыз бир баланы багыш оңой эмес да. Кыздарымды 3 айга чейин эмиздим. Андан кийин тойгуза албай кошумча сүт, ботко жасап берип чоңойттук. Ал эми уулдарымдын абалы өтө оор болчу. Кудайга шүгүр, туугандарыбыздын, Майрам Акаева, мээримдүү дарыгерлердин жардамы менен чоңойтуп алдык.

– Болочоктогу күйөө балдарыңыздын, келиндериңиздин дагы эгиз болушун каалайсызбы?

– Мен деле кыздарымдын балдарымдын келечегин көп ойлоп, бири-биринен алыс болушун каалабайм. Себеби эгиз деген биринин абалын экинчиси жан дүйнөсү, жүрөгү менен сезип кайгырса кайгырып, сүйүнсө сүйүнүп турат экен да. Анан кыздарым менен келиндерим эгиз болуп, бир үй-бүлөдө жашаса кандай керемет. Бирок бардыгы кудайдын буйругунан экен, жакында эле эгиз кыздарымдын бири Алина турмушка чыкты. Күйөө баламдын эгизи жок.  Буюрса Мадинамдын дагы турмуш курчу убагы али алдыда. Эң башкысы балдарымдын баары аман-эсен, бактылуу болушса болду.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Фабула: Дүйнө кызыктары…

Япондор тууралуу кызыктар

Япониялыктар түшкү тамактануусуз 24 саат иштеше алышат. Үч күн уктабай жүрүшсө дагы, жаңы идеяларды ойлоп, аларды ишке ашырышат жана төрт күн эс алууга чыгышса, алар үчүн бир жыл дем алып калгандай болуп идеялары топтолуп калат. Жумуш иши бүтсө дагы үйлөрүнө кетпестен иштеп жүрө беришет. Бул улуттагылар сыртынан кичинекей көрүнгөнү менен күчтүү жана жөндөмдүү келишет. Алардын тили татаал болгондуктан, улуттук тилин үйрөнгөн адамдарды урматтап, сыйлашат. Башка өлкөнүн адамдары япончо саламдашып жатканын көрсө, япониянын эли үчүн чоң сыймык. Урушуп жатканда жаман сөздөр менен урушушпайт, жөн гана үнүн жоон кылып эмоция менен билдиришет. Уурулукка барган адамды катуу жазалашат. Кимде-ким метрого кол чатырын же башка буюмдарын унутуп калган болсо кайра барып алууга болот. Үйгө болобу,ооруканагабы же ресторандаргабы, кайсы жерге барышпасын бут кийимин чечип киришет. Ошондуктан дайыма жанына байпак сала жүрүшөт. Бут кийимди чечкенден кийин кайра кеткенге даярдап көчө жакты каратып эшиктин оозуна коюш керек. Эгерде муну кылышпаса уят деп эсептелинет. Шамдагай келгендиктен, алар бут кийим чечкен жана кийген жагынан алдына эч кимди чыгарбайт. Өз өлкөсүнөн башка жакка чыккандан коркушат. Бирок азыркы убакта Япониянын жаштары башка өлкөлөргө жашаганга кетип жатышат. Чет жерде жүргөндө, топ-топ болуп душмандардан коргонушат. Конокту үйлөрүнө чакырбайт. Машинаны 120 км. ылдамдыкта айдашса да айып төлөшпөйт. Анткени алардын мыйзамында буга уруксат берилген. Суу тартыш болгондуктан, бир адам жуунган сууга үй-бүлөсүнүн бардыгы жуунуп чыгышат. Баары бүткөндөн кийин кайра ал сууга кир жуушат.

Эми заряддын кереги жок

Күтүлгөндөй, келечекте смартфондор зарядды адамдын жүрөк согушунан толтуруп алат. Ал үчүн телефонго кичинекей электростанция орнотулмакчы. Ал телефонго энергияны өткөрүп турат. Мындай ыкма жаныбарларда колдонулуп жакшы жыйынтык берди. Жакынкы жылдары адамдар колдоно баштамакчы.

Кара ак куулар

Кара ак куулар эң сейрек кездешет. Алар өздөрүнө окшош бир гана балапан бастыра алышат жана эң камкор келишет.

Өлгөндөн кийин да музыка угабыз

Дене көмүлүүчү жер алдындагы табытка кабелдер аркылуу жер үстүндөгү көрүстөндүн ташы туташтырылат. Ал өз кезегинде 4G интернетке кошулган. Андыктан көз жумган адамдын туугандары ал үчүн музыканы күн сайын алмаштыра алат. Ал эми эгер киши өзүнүн табитине гана ишенсе, ал музыканы көзү барда эле алдын ала тандап койсо болот.

-Кумурскалар такыр укташпайт. Ошондуктан эмгекчил жана жалкоо эмес.

Кытай бамбугу – дүйнөдөгү эң бат өсүүчү өсүмдүк. Күнүнө 90 сантиметрге чейин өсөт.

-Дельфиндер – бир көзүн ачып, бир көзүн жумуп укташат. Кандай жакшы, уктап жатып да бардык нерсе менен кабардар болуп турасың.

-Аттар такыр жатпай 1 ай тик тура алышат. А биз бир күн да тура албайбыз.

-Орточо эсепте – бир киши өмүрүнүн 3350 саатын сакал алуу үчүн сарптайт.

–Көпөлөк – буту менен даам сезет. Ошондуктан алар башка жандыктарга зыян келтире алышпайт.

-Көк кит айбанаттардын эң чоңу жана эң тез сүзгөнү, бат чоңойгону болуп саналат. Ал бир жарым жылда 26 тонна салмакка ээ болот.

-Акча пахтадан жасалат.

-Жыландардын угуу сезими жок. Бирок туюу сезимдери абдан мыкты өөрчүгөн.

-Жирафтар сууда сүзө алышпайт. Андыктан алар сууда басып гана жүрүшөт.

Булак: Фабула 

Замира Молдошова, дизайнер: «Боюмду узартмакмын»

– Дене мүчөңүздүн кайсы жери өзүңүзгө жагат? Эгер  өзгөртүүгө мүмкүн болсо кайсы жериңизди өзгөртмөксүз?

– Бардык эле аял заты келбеттүү, жылдыздуу, сулуу болуп турса дагы бир нерсенин жактырбай, сөзсүз кемчилик таап турат. Ошол сыяктуу эле мен дагы азыркыдай өң-келбетиме нааразы эмесмин. Кудайга шүгүр. Өзүмө кашымдын өңү жана формасы абдан жагат. Ал эми эгер дене мүчөмдөн кандайдыр бир нерсени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болсо, боюмду бир аз узартмакмын.

Дайыр ИСМАДИЯРОВ, ырчы: «3 жолу «кимдики» деп кыйкырып…»

– Алтын балык кармап алсаң кандай каалоо сурамаксың?

– Мен негизи жашоодо реалистмин. Ошондуктан алтын балык сыяктуу жомокторго ишенбейм. А эгер бир чемодан акча таап алсам ал нерсеге ишенип, 3 жолу кимдики деп кыйкырып, ээси табылбаса үйгө алып барып сейфимдеги акчаларыма кошуп коймокмун – дейт жакында эле бойдокчулук менен коштошкон ырчы Дайыр.

Фарида КАРБОСОВА, ырчы: «Бетимди самын менен жуубайм»

– Акыркы убактарда аябай арыктап чырайлуу болуп кеттиңиз. Мунун сыры эмнеде?

– Эч кандай деле сыры жок. Атайын деле диета кармабайм. Болгону ар дайым өзүмдү жакшы алып жүрөм. Дене-мүчөмө, бетиме кам көрөм. Бетимди самын менен жуубайм. Эгер айым сулуу бойдон калгысы келсе эч качан бетин самын менен жуубаш керек. Себеби бардык самында ар кандай химикаттык заттардын кошулмалары болгондуктан назик теринин бат картаюусуна жана ар кандай  тактардын пайда болушуна алып келет. Ошондуктан жөн гана тазалоочу каражаттар жана маскаларды, кымбат бет майларды колдонууга аракет кылам.

Азалия ИШЕНБЕКОВА, «Кыз-Бурак» тобунун солисткасы: «Сүйүүнү күтпөш керек»

– Кайсы мезгилди чыдамсыздык менен күтүп тосуп аласың?

– Мезгилдердин арасынан жазды өзгөчө күтөм. Билбейм, балким өзүм жазында төрөлгөндүктөнбү… Айтор айлана жашылданып, жерибиздин көркү ачылат эмеспи. Жазда сүйүүлөр башталат дегендей сүйүү жаатына келсек, сүйүү кокустуктан келсе чыныгы сүйүү болот деп ойлойм. Сүйүүнү күтпөш керек. Сүйүү айттырбай келет. Негизи келээрки жазда жашоомдун башка нукка өзгөрүлүшүн күтөм.

Айнура АВАДАНОВА, «Тумар» радиосунун ди-джейи:

– «Кайгыдан тырмак, кубанычтан чач бат өсөт» деген чынбы? Деги эле өзүңдүн чачың, тырмагың бат өсөбү?

– Абдан кызыктуу макал экен. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, бул да болсо жөн жеринен айтылып калбаса керек. Эл ичинде ушул убакытка чейин айтылып жүргөндөн кийин, кандайдыр бир чындыгы бар деп ойлойм. Ал эм менин тырмагыма караганда чачым абдан тез өсөт. Себеби ар дайым позитивдүү маанайда жүргөн адамдардын катарын толуктайм.

Акыл ИРСАЛИЕВ, продюсер: “Эгер бардык нерсе биз ойлогондой болсо…”

– «Жакшынын жолдошу көп болсо да, кээде жанына пайдасы жок» дегендей жолдошторуңуздун арасында пайдасыздары барбы?

– Чын-чынын айтканда менин жашоомдо мен сыйлап, урматтаган досторум абдан көп. А бирок дал ушул макал сыяктуу эле кээ бир учурда сени колдонуп же пайдаң керек болгондо жаныңда жүрүп, кереги тийээрде жок болуп кеткендери да болгон. Алардын баарына баш оорутуп капалангым келбейт. Бул нерсени закон ченемдүү көрүнүш деп эсептейм. Эгер бардык нерсе биз ойлогондой боло берсе жашоо кызыксыз болуп калат го. Негизи чыныгы достукту жакшылык менен жамандыкта сынап, анан жыйынтык чыгарсак болот.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Филармония 80 жашта, ырчылар эмне дешет?

Маданияттын очогу болгон Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармония быйыл 80 жашта. Эске салсак, 1936-жылы 29-октябрда ырчы-чоорчулардын коштоосунда филармония түзүлгөн. Андан бери нечендеген суулар акты. Далай ырчылардын көзү өттү. Жаңы ырчылар менен филармониянын сахнасы толукталды. Бүгүн биз дал ушул 80 жылдыкка карата аталган жайда эмгектенген айрым ырчыларды кепке тарттык…

Анарбек Ибраев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты:

-Филармонияда иштеп жатканыма быйыл 45 жыл болду. Башында эле К. Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринде ырчы болуп баштагам. 45 жылда оркестрде бир топ өзгөрүүлөр болду. Төрт  дирижер жетектеди. Азыр төртүнчү дирижер Сагынбек Акматалиев менен иштешип жатам. Мисалы, башында иштешкен Төлөгөн Томотоев өзүнчө кайталангыс кайрыктары, ырлары менен элдин эсинде калды. Ал кишинин ырларын мен азыркы күнгө чейин ырдап жүрөм. Эсенгул Жумабаевдин мыкты күүлөрү калды. Сардарбек Жумалиевдин да керемет ырлары бар. Азыр Сагынбек Акматалиев заман талабына ылайыкташтырып квартет менен жана башка музыкалык аспаптардын коштоосунда  ырдагыдай кылып жакшы жаңылык киргизип жатат. Ырчыларды ошол аспаптардын коштоосунда ырдоого көндүрүүдө. Бул дагы өзүнчө эрдик. Ырчылардын көбү мурдагыдай болбой, жандуу үн менен ырдап калышты. Бул дагы Улуттук филармониянын жетишкендиги. Сахна жаңыланып, тактай полго килем төшөлүп, гриммденчү бөлмөлөрүбүз жаркырап, иштегибиз эле келип калды. Иштеген жериң жаркырап турса, колдогон киши болуп турса, шарт болсо иштегиң келет экен. Шарты жок болсо, баалаган киши болбосо албетте иштен качып, иштегиң келбейт. Айтаарым 80 жылдык мааракебиздин алдында көбүбүздүн маанайбыз жакшы. Буюрса мааракебизге жакшы даярдык көрүп жатабыз. Элибизде тынчтык болсун! Өлкөбүздө ыр гана жаңырып туруусун тилейм.

Гүлсүн Мамашева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:

– Жашым жетимишке келди. Өмүрүмдүн теңинен көбү дал ушул Улуттук филармониянын сахнасында  өттү. Ага чейин концертти ырчылар азыркы Панфилов паркында үстү жабылган аянтча бар болчу, ошол жерге тартуулачу элек. Бирок анда мыкты артисттер бар эле. Алар элди кайда болбосун чакырып алчу. Алар концертти кайда койсо, эл ошол жерге толуп келип көрүшчү эле. Мен филармонияга 1971-жылы келдим. Ага чейин Нарын театрында иштечүмүн. Мен келгенде К. Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Асанкан Жумакматов болчу. Ал киши оркестрди гүлдөтүп жаткан кези экен. Орскестрдин солисттери Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева, Сабира Суранчиева, Салмоорбек  Шералиев ж.б. болчу.  Мына ошол залкарлар менен бирге иштеп калдым. Ошол доордогу ырчылардан саналуу эле калдык. Алардын бири менмин. Былтыр жетекчибиз К. Осмонов ошол учурдагы гүлдөгөн артисттердин баарынын башын бириктирип, “Кылым коштоп көөнөрбөгөн ыр дүйнө” деген аталышта чоң концерт уюштуруп, өзү алпаруучу болду. Ал концертти бир эмес үч жолу элге тартууладык. Жаңы жылдын   астында дагы элге тартуулайбыз. Ага Зейнеп эже, Гүлмайрам эже, Келдибек Ниязов, Алтынбек Сапаралиев, айтор эски муундагы ырчылардын көбү катышып жатышат. Эл эски ырчыларды, эски ырларды абдан сагыныптыр. Концертке келгендердин саны өтө көп болууда. Бул да болсо, Кыргызбайдын уюштуруу жөндөмүнүн жогорулугу, ишти билгени десем болот. Андан тышкары маданият министри болуп иштеген Алтынбек Максүтов деген жигит чынында таланттуу жигит экен. Кыргызбай жетекчи болоору менен эле 2014-жылы А.Максүтовду башкы режиссер кылып дайындады. Ал ишке кирген күндөн тартып эле филармонияда боло элек иштерди жасап баарыбыздын оозубузду ачырып салды. Баарыбыз тең ишке тартылып, иштегибиз келип баштады. Биз ойлобогон концертти уюштуруп, баарыбызды тээ эски сагынган доорго жетелеп, аны сахналаштырып элге тартуулап салдык. Анан көп өтпөй эле министр болуп кетти. Алтынбек  азыр 80 жылдык мааракеге карата бизди даярдап жатат. Дагы өзгөчө даярдоодо. Кыскасы режиссер жакшы болсо, анан жетекчи жакшы  болсо иш абдан жакшы болот экен. Мен муну азыр түшүнүп жатам.

-Салима Балтаева, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын ырчысы:

-Эки-үч жылдан бери филармониянын артисттери башкача өңүттө иштеп жатабыз. Мисалы, мурда элден оолактап  калган элек. Азыр эл, жер кыдырып концерт берип жатабыз. Эл бизди абдан сагыныптыр. Биз дагы гастролдоп концерт бергенди сагынган экенбиз. Былтыр Көлгө, Ошко, андан кийин Казакстандын Алматы шаарына жалпы жамаатыбыз менен барып концерт тартуулап келдик. Азыр болсо 80 жылдыкка даярданып жатабыз. Негизи ырчы болгондон кийин төрт дубалды тиктеп эле отура бербей, эл аралап концерт бериш  керек. Бирок жер кыдырыш үчүн шарт керек. Шартты жетекчибиз К. Осмонов түзүп берип жатат. Талабы да катуу “Иштегиле, эл аралагыла, элдин руханий байлыгын көтөрөлү” – деп дайым иш үстүндө.

Улан Зайнидин уулу, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын адабий бөлүмүнүн башчысы:

-Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин жарлыгы менен жарыяланган “Тарых жана маданият жылына” карата калкты улуттук жана дүйнө элдеринин көркөм өнөр маданияты менен кеңири тааныштырып, табитин жогорку деңгээлдеги искусствого тарбиялоо максатында быйылкы жылы көптөгөн долбоорлор иштелип чыкты. Республикабыздын аймактарында улуттук көркөм өнөр маданиятыбызды кеңири жайылтып, жалпы жумурай журтка ыр-күү тартуулоо максатыбызды ишке ашыруу менен Ош шаарына жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына жасаган ири деңгээлдеги чыгармачыл иш-сапарыбызга Улуттук филармониянын 300дөн ашык чыгармачыл өнөрпоздору катышып, өлкөбүздүн региондоруна көп жылдардан берки үзгүлтүк болуп калган чыгармачылыктын чыйырын жаңыртып, журтчулуктун колдоосуна ээ болду.

Мындан сырткары атайы белгилей кетүүчү эл аралык маанидеги чыгармачылык иш сапарларыбызды санай кетсек: М.Ауэзов атындагы Казак Мамлекеттик академиялык драма театрында болуп өткөн Кыргыз улуттук филармониясынын 350 чыгармачыл өнөрпоздору катышкан чоң программадагы гала-концерти боордош казак журтчулугунун сүймөнчүлүгүнө татып, кыргыз – казак элинин бир туугандык – достугун бекемдеген маданий көпүрөнүн түркүгү болуп, эки улуу элдин тарыхый биримдигин келечек муунга таанытып, даңазалоо вазийпасын аткарды деп ишенебиз! Кувейт мамлекетиндеги болуп өткөн КР Маданият күндөрүндө Улуттук филармониянын чыгармачыл жамааты маданий иш-чаранын өзөгүн түзүп, кыргыз элинин көркөм өнөр маданиятын боордош кувейт элине тартуулап кайтышты. Түркия мамлекетинде Стамбул шаарында болуп өткөн “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы” да Улуттук филармониянын жардамы менен даярдалып, түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу Жусуп Баласагындын образын КР Эл артисти Кыргызбай Осмонов Баласагындын айтып кеткен улуу ойлорун көркөм окуу аркылуу ачып берди.

Улуттук филармония бүгүнкү күндө да чыгармачылык сапарын карытпай, кыргыз улуттук көркөм өнөр маданиятын дүйнө элине даңазалап келүүдө.

“Камбаркан” фольклордук тобу Кытай Эл Республикасынын  Шанхай шаарында өткөн  “33-Жаз майрамы” Эл аралык улуттук ыр-күү фестивалына катышып лауреат болуп кайтышты. Түркмөнстандагы Кыргыз Республикасынын маданий күндөрү Улуттук филармониянын чыгармачыл жамаатынын күчү менен даярдалып, ири ийгиликтер менен өттү. Н.Түгөлов атындагы Мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли Франциянын Тулуза шаарында жана Италиянын Барселона шаарында болуп, Бүткүл дүйнөлүк “Дю Сюд” элдик бий өнөрүнүн фестивалына катышып, дүйнө элдерине кыргыздын улуттук бий өнөрүн тартуулоо менен бирге зор ийгиликтерге жетишип кайтышты.

Мына ушундай эмгек  аракетибизди эл баалап, бир катар ырчыларыбыз Эл артисти, Эмгек сиңирген артист болушту. Айрымдары президенттин Ардак грамотасына татышты. Аттарын атай турган болсок, КР Эл артисттери С.Жумалиев жана С.Садыкова аттуу аксакалдарыбыз III даражадагы Манас ордени менен; А.Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестрдин башкы дирижеру Р.Осмоналиев “Даңк” медалы менен сыйланышты. Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук ансамблинин башкы дирижору Р.Жумакунов,  кыргыз эстраданын аксакалы болгон  С.Каримов КРнын Эл артисти наамын алышса, төкмө акындар А.Кутманалиев, А.Болгонбаев, А.Туткучевдер жана ырчы кызыбыз Элнура Самарбекова КРнын Эмгек сиңирген артистти наамына ээ болушту. Улуттук филармонияга көптөгөн жылдар кызмат өтөп келген аксакалыбыз, концерттик бөлүмдүн башчысы В.И.Божко “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамына ээ болуп олтурат.Жана ошондой эле эмгегин эл баалаган  өнөрпоздорубуз КР Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

Токтобүбү Черикчиева: “Азыр өзүмдү жалгыз сезбейм”

Учурда “Ак таңдардан тосоюнчу”, “Оромол”, “Барайынбы?”, “Кошуңуз агай, кошуңуз” деген жаңы ырлары менен радиолордо мукам үнү  жаңырып жаткан Токтобүбү Черикчиева 21-22-октябрда Улуттук филармонияда  күйөрмандарына концерт тартууламакчы. Ырчы манен учкай маек назарыңыздарда. 

 Токтобүбү эже, концертти жыл сайын бересизби?

Ооба. Бул жолкусунда жакын досторум, чогуу иштешкен эжей-агайларым концертимдин көркүнө көрк кошушат. Мен чынында бактылуу ырчы экенмин. Башкалар Эстебес Турсуналиев, Асанкан Жумакматов, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Мыктыбек Үмөталиев, Самара Токтакунова өңдүү залкарлардын жанына жолой албай жүрүшсө, мен чогуу иштештим. Самара эженин кызындай эле болуп калгам. Андыктан комуздун, эстраданын коштоосунда ыр майрам тартуулайм. Учурда даярдык көрүп тызылдап чуркап жүрөм. Менде башкалардай продюсер жок. Болсо деле ал мен айткан жакка бармак да… Буюрса эки жылдан бери чыгармачылык жактан жемиштүү болуп атат. Бир канча ыр жаздырып, алар радио-сынактарда алдыңкы саптарда келатат.

Көп жыл иштеп келген филармонияда иштебей калуу убагында оор тийсе керек?..

15 жашымдан иштеп экинчи уям болуп калган филармониядан 2010-жылы кеткенге туура келди. Себеби көп. Аны азыр айтуунун кажети деле жок калды. Азыр Мэриянын алдындагы оркестрде жана Аскер институтунда иштейм. Кудайга шүгүр, ишим бар. Чыгармачылыгым жүрүшүп жатат. Балдарым кашымда. Бир гана мурункудай апам жок жанымда. Эртерээк небере жыттагым келип, уулумду “үйлөн” деп жанын койбой жатам.

Апаңыз баккан баягы кичинекей уулуңуз үйлөнө турган куракка келип калдыбы?

22ге чыкты. ЖОЖду бүтүп, ишке киргени жатат. Кызым 8-класс болду. Билинбей ушинтип биз деле небере күткөн куракка келиптирбиз.

Апаңыздын күмбөзүн айылга эмес, шаарга тургузганыңыздын себеби неде? 2014-10-08_12-26-32_323634_w

Мен апамдын жапжалгыз кызы болдум. Күмбөзгө кам көрүп, айлана-тегерегин карап, барып куран түшүрүп туруу үчүн туугандар менен кеңешип бул жакка койдургам.

Атаңыздыкы айылдабы?

Ооба. Айылга барган сайын куран түшүрөм. Учурунда айылдагы үйдү сатып апам жаныма биротоло келген. Ошентсе да мен айылга барган сайын тосуп алчу туугандарым көп. Барганда биринчи атамдын туугандарына кирип калсам, тайларым таарынат, тайларыма кирип калсам, атамдын туугандары таарынат. Барган сайын талашка түшөм (күлүп).

Туугандарыңыз көп болгону менен жалгыз кыз экениңизди сезген учурлар болобу?

Биздин үй-бүлөнүн тарыхы өзгөчө. Атам менен апам бири-бирин жактырып үйлөнүшкөн. Беш балалуу болуп бешөө тең чарчай бергенде экөө ажырашып кетишет. Атам башка бүлө күтүп, ал никеден бир уул, эки кыздуу болушат. Бирок ал аялдан ажырышып атам кайра менин апама келет. Апам ал учурда  турмушка чыкпай, жалгыз бой жүргөн болот. Ошондо мен төрөлүпмүн. Коркуп калган ата-энем “наристе токтосун” деп атымды Токтобүбү аташат. Бирок тагдыр ата-энемди түбүлүк бирге кылбай, мен 3 жаштан өткөндө ажырашып кетишет. Ошентип балалыгымды апам менен жалгыз өткөрдүм. Кийин аталаш эжелеримди таап, катышып алдым. Бирөө Кантта, бирөө Бишкекте турушат. Азыр өзүмдү жалгыз сезбей калдым.

Бугуңузду кантип чыгарасыз?

Мен өзүм комузчумун, ичимдеги ой-толгоо, муң-кайгы, өксүк-кусалыгымды бир гана күү аркылуу чыгара алам. Ыр да чиймелеп коем. Бирок аларга обон чыкпай, үйдө эле жатат.

Үнүңүзгө кам көрөсүзбү?

Менин үнүм мурда кандай болсо, азыр деле ошондой. Өзгөрүп кеткен жок. Семичке чага берем, муздак иче берем. Баарына көндүрүп койгом (күлүп). Вокалдан берген агайым Сапар Исмаиловго кандайдыр бир маанилүү иш-чаралардын алдында ырдаарда же азыркыдай жеке концерт коердун алдында барып үнүмдү ачып турам. Ал “сенин үнүң жаратылыштан берилген. Сенде баары жакшы, анда-санда мурунга салып ийип атасың” деп оңдоп коет.

Рахмат, алдыдагы жеке концертиңизди ийгилик коштосун.

 Айке Аданбекова

Булак: Де-Факто 

“Үркүн” көркөм тасмасы элдин назарында

12-октябрда саат 10:00дө “Манас” кинотеатрында “Үркүн” көркөм  тасмасынын ачылышы болуп, көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Тасманын ачылышына Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, жазуучу публицист Мирзохалим Каримов  баштаган жазуучу акындар, белгилүү кино режиссерлор, манасчылар, ырчылар, айтор чыгармачыл адамдардын жоон тобу барып тасманын ачылышына күбө болушту. Чынында  тасма жакшы тартылыптыр. Аны биз эмес, тасманы барып көргөн режиссер, кино сынчылар кеп кылышты.Тасманын жаратуучусу, башкача айтканда сценарийдин автору белгилүү ырчы, акыркы убактарда кино тартууга ык коюп, режиссер катары тааныла баштаган Муктар Атаналиев. Кинону  тарткан жана койгон  режиссер Мидин Учкеев. Тасманы тартууга жалпысынан 100 миң доллардын тегерегинде каражат коротулган. Бирок тасмага керектелчү каражаттын суммасы смета боюнча 228 миң доллар деп көргөзүлгөн. Маалым болгондой, сметада көргөзүлгөн каражаттын коробой, 100 миң долларга тартылып калышынын себеби, тасманын негизги бөлүгү тартылган Ысык-Көл облусунун эли абдан чоң жардам кылыптыр. Тагыраак айтканда көлдүн жашоочулары тасма тартыш үчүн тиккенге боз үй, мингенге ат, эт бышырганга казандан өйдө беришкен экен. Ошентип 100 миң доллардай каражат үнөмдөлүптүр. Тасманы тартууда 60 боз үй тигилип, 50-60 адам роль жараткан. Башкы ролдогу жигиттин ролун  Кымбатбек Алимжан уулу аткарса, кыздын ролун Эркайым Мирлан кызы  аткарган. Экөө тең өз ролдорун жакшы аткарышкан. Кино бүткөндөн кийин Кымбатбек Алимжан уулун атактуу кино актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовго окшоштургандар дагы болду. Эске сала кетсек, кыз менен бала экөө тең буга чейин киного тартылышкан эмес. Биринчи жолу “Үркүн” көркөм тасмасына роль жаратышкан. Бирок биринчи жолу киного тартылганына карабастан экөө тең каныккан актер, актрисадай тартылгандыгы менен өзгөчөлөнөт. Тасманын дагы бир өзгөчөлүгү, буга чейинки тасмалардай болуп, белгилүү актер, актрисалар роль ойнобогондугунда. Тартылгандардын көбү эл тааныбаган жаңы жүздөр. Ал эми тасманын  тартылышын толук каражат жагынан каржылаган азыркы тапта тартылып жаткан Саякбай Каралаев тасмасын тартууга демөөрчүлүк кылган “Сакбай Манасчы” коомдук фонду, анын жетекчиси Самат Ибраев жана жеке ишкерлер Нурбек Айбашев менен Болот Берикбаев экенин эсиңиздерге сала кетели.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

Надира Нарматова, экс-депутат, саясий жана коомдук ишмер: “Заманга жараша аралдардын суусу тартылып, көкмөк болгон биздин футбол аянтчаларыбыз да жоголуп кетти”

Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы

  • Менин киндик кан тамган кичи мекеним – “Кучагы толгон ооматка, кош келиңиздер Ноокатка” деген сыйлуу чакырыгы менен кучагын жайып турган, ыймандуу, ынсаптуу , мээримдүү, ынтымактуу көп улуттуу элди кучагына батырып турган Ноокат районунун Кашкалдак деген айылда төрөлгөм.  Бул айыл союздун мезгилинде Москвадагы ВДНХнын “Ардак тактасынан” түшпөй даңазаланып аты жазылып турган учурундагы “Россия” колхозунун, азыркы Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү. Атам Нарматов Азим өмүр бою 14 жашынан баштап мугалим болуп иштеп жүрүп,  45 жашында кокусунан гүлдөп турган чагында врачтардын туура эмес койгон диагнозунун натыйжасында туура эмес дарылап, 1973-жылы ааламдан өтүп кеткен. Атам бул дүйнөдөн өткөндө мен 9-класста окучумун. Биз үй-бүлөдө  алты бир тууганбыз. Үч кыз, үч уул жана апам ал кезде 43 жашта болчу. Андан бери 44 жылдын жүзү болуптур. Апам катардагы карапайым аял, өзү жалгыз алты баланы жетим ашын жедирбей, жетим кийим кийгизбей, “Энелүү жетим эрке жетим” дегендей эч нерседен өксүтпөй чоңойтту. Апам: “Кайратыңа, акыл-эсиңе таянып ак эмгек кылып адал тамак жегин” – деп багыт берип алдыбызды үч жолудан, артыбызды бир жолудан окутуп өз жолубузга кошту. Бутубузга турганга бүт өмүрүн арнады. Азыр апам Аллага шүгүр 87 жашта. “Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” демекчи, 20 небере, 27 чөбөрө көрүп, үзүрлүү карылыктын доорун сүрүп төрүбүздүн көркү болуп отурган чагы. 2012-жылы ажылык сапарга барып мусулманчылык парзын 83 жашында өз аягы менен басып барып аткарып келди. Апамдын бардыгына Аллахыма чексиз мактоолор болсун деп ыраазычылыгымды билдиргим келет. Анткени апам өмүр бою мага моралдык колдоо көрсөтүп келди. Менин балалык кезим, өз теңдүүлөрүмө  салыштырмалуу өтө  кызыктуу, өзгөчө өттү. Мен үй-бүлөдө төртүнчү кыз болуп, артымдан үч эркек баланы ээрчитип келгем. Ошондуктан атам мага эркек баладай мамиле жасап, эркиндикти чексиз берген. Дайыма өзү менен кошо ала жүрчү. 2-3-класста окуганга чейин эркекче сөгүнүп, өзүмдү эркек баладай элестетип чоңойгом. Айылда көчөбүздүн жалаң эркек балдары менен эркек оюндарын ойночумун. Мен тоголок,  кичине болгондугума карабай өтө тың, шамдагай элем. Өзүмдөн 3-4 жаш улуу балдардын баарын башкарып катарга тургузуп койчумун. Орозодо жарамазан айтып чогулткан оокаттарыбызды мен бардыгына тең бөлүштүрүп берчүмүн. Ошол бирге өскөн көчөбүздүн балдары менен азыркы күндө жолугуп калсак, күнү бүгүнкүсүндөй балыгыбызды эстеп күлүп калабыз. Мал кайтарып жүрүп футбол ойнойт элек. Арал деген участкада көкмөк болгон көк чөп болоор эле, ошол жерде футбол ойночубуз. Мени дайыма дарбазачы же коргоочу кылып коюшаар эле. Ортого ойнотушчу эмес, себеби ортодо ойногондо мен топко жетпей калсам балдардын шымын шыпырып ийчүмүн, ал шымынын ычкырын кармап калганда каткырган бойдон топту тээп кетип калат элем. Мен баары бир кыз деп катуу сөз айтышчу эмес. Ысак ака деген өзбек кишинин өрүк багы, Бакир ака деген аксакалдын алма багы болоор эле. Чогулуп алып алма менен өрүккө уурулукка барар элек. Өрүктү жеп, данегин чагып жипке тизип мойнубузга асып алып, ким канча узун данектен мончок кылганын салыштырып бүтүп, кайра данекти жеген боюнча жарышчубуз. Уруш, жаңжал деген сөздү билчү эмеспиз. Азыр андай бактар да жок. Заманга жараша аралдардын суусу тартылып, көкмөк болгон биздин футбол аянтчаларыбыз да жоголуп кетти.

Жумушсуз калуу мен үчүн кайгы эмес

  • Мен өмүр бою комсомолдук, партиялык, советтик, мамлекеттик кызматтарда, шартка жараша бизнес тармагында, өндүрүштө иштеп келдим. Табиятымдан мен ар кандай нерсеге сабырдуулук менен мамиле жасап келем. Бул жашоодо көптү көрдүм. Аллахымдын ар кандай сыноолоруна туруштук берип, ар кандай сыноолорду көтөрүп келе жатам. Бүгүнкү менин кызматсыз олтурганым татыктуу беш жыл иштеп, кайрадан элдин колдоосуна карабай “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын парламентке кирбей калышы менен сыртта калып кылышым да кезектеги Алланын сыноосу деп билем. Бул мен үчүн катастрофа же кайгы эмес. Негизгиси элимде тынчтык болуп, балдарым, бир туугандарым аман болсо болду. Баш аман болсун. Мүмкүн Аллахым муну менен ар түрдүү чуулардан сактап жаткандыр. Депутаттык кызмат убактылуу кызмат. Буюрган иштейт. Жогорку Кеңеш кептеркана сыяктуу. Буюрганы келе берет, мөөнөтү бүтсө кетет, эгер буюруп койсо кайра келет. Мен үчүн байлык, бийлик эч кандай жашоомо өзгөрүү кыла албайт. Мурда кандай болсом, депутат кезимде деле ошондой эле жүрдүм. Болбой калдым, эч нерсе деле болгон жок, ошондой боюнча калдым.  Ар качан калыстыкты карманганга аракет кылып, ачуу болсо да чындыкты ачык бетке айтып коюп келе жатам. Себеби мен саясий оюнчу боло албайм. Атам Азим Нарматов да, коомчулукка тарбия берген тутунган атам Токтомат Зулпуев да таза, түз, мээнеткеч, өз эмгеги менен ар кандай чокуларды багындырган кишилер болгон. Мен алардын берген тарбиясын, көрсөткөн жолун аттап кете албаймын. Мандатым болбосо да добуш берген шайлоочуларым тынымсыз кайрылып турушат. Жакында 15-сентябрь күнү Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн алты айылындагы социалдык колдоого муктаж болгон 147 үй-бүлөнүн 200дөн ашык мүчөсүнө 360 миң сомдук кышкы, күзгү кийим-кечектерди өз колум менен үй-бүлөлүк  бюджетимдин эсебинен Алланын ыраазычылыгы үчүн жардамымды берип келдим. Эл менен баарлашуу мен үчүн күч-кубат берет.

Ыр менен бий ички күйүттү чыгарганга жардам берет

  • Бала кезимден ырдаганды, бийлегенди жактырам. Жакшы ырдаймын. Бирок музыкалык аспаптардын биринде да ойной албайм. Учурунда элдик таланттар конкурстарга, республикалык фестивалдарга катышып элдик ырларды “Алымкан”, “Насыйкат”, “Эсимде” ж.б. ырларды ийине жеткирип, филармониянын оркестринин коштоосу менен ырдаган күндөр да болгон. Эсимде 1982-жылы кыргыздын таланттуу кызы , Эл артисти Саламат Садыкова менен катарлаш 1982-жылы бир жума Кыргыз Республикасынын 60 жылдык маарекесине карата республикалык элдик таланттар фестивалында чогуу катышып, элдик ырларды оркестрдин коштоосу менен аткарып, жыйынтыгында филармонияга солист болуп иштеп, Комсомол комитетинин катчылыгын кошо берүү жөнүндө сунуш да болгон. Бирок мен ырчылык менин кесибим эмес деп макул болгон эмесмин. Ошондо мен Ноокат районунун райондук Комсомол комитетинде бөлүм башчы болуп иштечүмүн. Мүмкүн ошондо макул болгонумда менден жакшы эл артисти чыкмак.  Мүмкүн жашоом башка нукта кетмек беле деген ойлор келип кетет. Эми ал өтүмүш боюнча калды. Бирок азыр жашым бир топко барып калганы менен 35-40 жаштагыдай секирип айланып бийлеп, ички күйүтүмдү, бугумду бакырып-бакырып ырдап чыгарып алам. Ырлар өзүмдү жолго салганга жардам берет. Бий жашоомдун сергектигине көмөк көрсөтөт. Мага ошол маанилүү.

Аш көп жерде каада көп

  • Мен көп деле чайкана, кафелерге жактырып калып кайра бара бербеймин. Эбепке себеп болуп барып калбасам, атайылап ашканалардан тамак жегенди көп жактырбайм. Мен өзүм тамактын түрүн даамдуу жасайм. Мээримиңди коюп көңүлдөнүп жасасаң тамак даамдуу болот. Үйдөн тамактанганды жакшы көрөм. Балдарым өз алдынча жашагандыктан, келгенде “Нарматованын колу менен бир тамак жасап бербейсизби?” – дешип күлүп калышат. Ал эми үйдө салтты өтө катуу деле кармана бербейм. Албетте кыргыз болгондон кийин өзүмдүн деңгээлимде кыргыздын салт-санаасын, үрп-адаттарын колдон келишинче шартка жараша, муктаждыкка карап колдонуп келебиз. Мен эми мусулман катары өз парзымды аткарып, Алланын эшигине насип кылып, буюруп калган экен ажылык зыяратымды жасап келгем. Кыргызча мусулман болгонго аракет кылып, колумдан келишинче шарияттын жолун сактаганга аракет кылып келем.

Турмуштун арабасын жалгыз тартып келем

  • Мен бир эле мезгилде өзүмдү сарамжалдуумун, ошол эле мезгилде берешенмин деп айта алам. Анткени мен өзүмдүн баскан жолумда бешене эмгегим менен ырысымды таап келгем. Мышыкчасынан балдарымды тиштеп алып тытынып тыным албай мээнет кылып, кайсы жерде эмгектенсем да жанымды аячу эмесмин. Турмуштун арабасын жалгыз тартып келем. Ак эмгектин акыбетин, үзүрүн Аллага шүгүр, жакшы эле көрүп келе жатам. Басып өткөн жолума өкүнбөйм. Бир гана орду толгус арманым, мээнетим  эми колума тиерде тун уулум Мээримбегимди күтүүсүз жоготуп алганым. Ал күндөрдү да өткөрүп, сыр билгизбей көтөрүп келем. Бирок бул сыноо мен үчүн өтө оор болду. Мындай тагдырга туш боло тургандай же мындай жазага дуушар болгудай одоно катачылык кетирбедимби деп өзүмө-өзүм суроо берип жооп таппай келем. Себеби мен жашоодо тапканымды үнөмдөп, аял катары сарамжалдуу пайдаланып, ошол эле учурда колумда бар нерсени аянган жан эмесмин. Тапканымды Алланын ыраазычылыгы үчүн деп тууган-урук, кошуна, достор менен бөлүшүп эле келем. Өзүмдө болбосо да башкада болсун деген айкөлдүк сапаттан артта эмесмин. “Канчалык сынсам да, түйшөлсөм да, сыноого дуушар болсом да, кайгыга батсам да, күйүтүм күчөп жанчылып турсам да сабыр кылып, тобо келтирип жашап келем.

Жамандыкты амандык жеңет

  • Үй-бүлөм жөнүндө айтсам: үч уулум бар эле, жогоруда айтып кеттим, Алланын катуу сыноосуна дуушар болуп тун уулумду жоготуп алдым. Эки уулум Муханбек менен Азатбегим үйлөнүп-жайланышып калышкан. Мамлекеттик кызматта иштешет. Бөлүп койгом, өз алдынча түтүн булатып жашап жатышат. Мен ошого курсантмын. Үч уулумдан азыр 11 неберем бар. Келиндерим Аллага шүгүр, кичипейил. Неберелеримди өздөрү багышып, тарбиясын берип жатышат. Келиндериме,  балдарыма ыраазымын. Эне катары мага болгон сый-урматын көрсөтүп этияттап турушат. Мага ошол маанилүү. Алтын баштары аман болсун, өздөрү менен өздөрү болуп, тынч , бактылуу болушса болду. Намазымда Алладан балдарымдын тынчтыгын тилеп дуба кылып келем. Аманчылык болсо, тынчтык болсо калган нерсе боло берет.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

«Куу жыгачтын башында кутурган адам кыйкырат»

Түндөсү үйүнө түнөбөй калган  Өмүкеңдин алдынан аялы Айжаркын атырылып чыгып «арр» этип беттен алды: – Эй, итирейген шүмшүк, караңгыда каңгып кайда жүрөсүң ыя, темселеп?

– «Жүргөнүмдү жел билет, конгонумду сай билет». Баш мыйзам, баш мыйзам!” – деп тажадым, саясаттын сайынан кетейин деп жүгүрүп жүрөм!

–   Ушу сен жанагы каңгып жүргөн Камчыбек менен тили сайраган Садыр менен бирге болсоң  керек?

–  «Атасы башканы кудай кошот, үйүрү башканы нокто кошот…»

–  Жарты тыйын пайдасы жок жарма досунун көптүгүн көр!

– «Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун…» Достордун артынан кудая шүгүр, бир топ эле байлык топтоп алдык го!

 –  Алардын го аркалап алаар ажосу, колдоп алаар кожосу бар, аларга теңелип бир күнү сенделип көчөдө калаар бекенсиң!

–  «Баатыр болсоң аш жокпу, бакыр болсоң иш жокпу…» Мектепке кетем!

–   Баатыр деп сени эмес, 7 – апрелде кырылган кыргыздын кырчындай жаш жигиттерин айтат!

–  «Ажал ашынганды да алат, жашынганды да алат».

–  Тигине баатырбыз  баарын кыйратабыз, Ак үйдү алеки заматта басып ала коебуз деп  түрмөнүн «айранын» ичип отурушат!

–  «Лөлүдөн баатыр чыкса, өз чатырын жыга чабат» деген ошо да.

–  Алты аял айкырып чыкса сопусунган сотторуңдун жаны чыгып,  акыйкаттык кылбай актап, эли-журтунун бетин карай албай алаңдап отурушат!

–  «Буту кыйшык болсо да байдын кызы бийлесин…»

–  Деле гой, уялбай дагы макалдаштырып коет!

–  « Акылдуу баш макалга таянат, акылсыз баш сакалга таянат…»

–   Карапайым калкты  алдап, «Кум-Төрдүн» алтынын бийликтегилер өз билгениндей калчап алышып чалчактап жүрүшөт! Өзүң да чоң фирмалардын акырынан жем жеп жүрөсүң!

–  «Алтын а дегенде кудай кылат, анан ылай кылат», «Акыл чачты жейт, алтын башты жейт…»

–   Өзүңө окшогон атка минген чиновниктериндин баары эле алсам-жулсам, чоңураак папке-шапкеге илинсем, бийликке жетсем деп жулунуп-жулкунуп турушат экен!

–  «Бийликтин таманы тайгалак, төбөсү сыйгалак…»

– Жанагы  депутаттарың эмнени кыйратып жатышат, миллиондогон акчаны коротуп, элдин акчасын жеп отургандан башка көзгө көрүнөөрлүк иш жасаган жок! Он чактысы гана эли, жери үчүн кызмат кылгандары бар!

–  «Соолуган көлгө бака айгыр», «Жакшы келсе – кут, жаман келсе – жут…»

–  Базардагы баа баштан ашып, күндөн күнгө кымбаттап баратса, саясаттан кетем дейсиң кантип жан сактайбыз ыя, ырысы жок !

–  «Келүүгө жараган жол, кетүүгө да жарайт…”

–  Кыргыз тили кыр аша албай, жогору жактагы «киргиздер» кыргызча сүйлөй албай тилин чайнап тантырап жүрүшөт!

–  « Кыргыздын эки душманы бар, бири – кыргыз, бири – кылмыш».

– Сен саясаттан кетсең ажырашам!

“Эри жок аял калагы жок кайыктай, аялы жок эркек жүгөнү жок аттай”.

–  Кой сени менен акыйнек айтышпай көр оокатымды кылайын, макалыңды коюп сакалыңды алып, көзүмө көрүнбөй барчу жагыңа бар!

– «Куу жыгачтын башында кутурган адам кыйкырат» деп Өмүкең эшикке атып чыгып кеткен экен.

Асан  АКМАТОВ

Булак: Фабула 

Актөбөдөгү куралдуу чабуул боюнча сот жабык режимде өтүүдө

5-июнда Актөбөдө болгон куралдуу кол салуу иши боюнча соттук жараян жабык режимде өтүүдө. Айыпталуучу катары 29 киши өтүп жаткан сот жыйыны кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык сотто уюштурулган.

Сот имаратынын айланасы курчоого алынып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. ММК өкүлдөрү жараяндын жүрүшүнө мониторлор коюлган өзүнчө бөлмөдө көз салып туруу мүмкүндүгүнө ээ болушту. Бирок судья соттун курамы, айыпталуучулардын аты-жөнү, аларга тагылып жаткан айыптар тууралуу маалыматты окуп жатканда үнү чыкпай, сүрөттөлүшү гана көрүнүп калды.

Актөбөдө бүгүн каралып башталган кылмыш ишинде айыпталуучу катары 29 киши өтүүдө. Тогузу терроризм актысына тиешеси бар, 18и даярдалып жаткан кылмыш тууралуу маалымат берген эмес, экөөсү кылмышты жаап-жашырган деп айыпталууда.

Сот жообуна тартылып жаткандардын кызыкчылыктарын 27 адвокат коргоодо. Иште жабырлануучу катары 88 киши, күбө катары 48 киши өтүүдө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тергөө комитетинин башчысы абактын психиатриалык бөлүмүнө жаткырылды

Орусияда Тергөө комитетинин Жеке коопсуздук башкармалыгынын башчысы Михаил Максименко Бутырка абагынын психиатриалык бөлүмүнө которулду. Ал криминалдык авторитет Шакро Молодойдон пара талап кылды делип айыпталууда.

“Интерфакска” Москванын Коомдук байкоочу комиссиясынын башчысынын орун басары Ева Меркачеванын айтымында, Максименко 15 килограммга арыктап, араң басып, начар сүйлөп жана жаза албай калды.

Максименконун ден соолугунун начарлаганы туурасындагы маалымат октябрдын башында пайда болгон. Ал башы катуу ооруп жатканын айткан болчу. Генералдын мурдагы кесиптеши, Тергөө комитетиндеги коррупциялык кылмыш иштин фигуранты Денис Никандров укук коргоочуларга билдиргендей, бир нече жума мурун Максименкону ФСБ алып кетип, чайга психотроптук зат кошуп беришкен сыяктуу.

Никандровдун айтымында, Максименко ФСБдан кайтып келгенден кийин өз атын эстей албай, эч кимди тааныган эмес.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Азимжан Аскаровдун соту 25-октябрга жылдырылды

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин караган соттук териштирүү кийинкиге жылдырылды. Буга сотко төрагалык кылган Чүй облустук сотунун судьясы Кыдык Жунушпаевдин ооруп калганы себеп болгон. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сот Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку cот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда 82 жаштагы эне уулунан алимент өндүрүп алды

Тажикстандын Хатлон облусундагы 82 жаштагы байбиче сот аркылуу тун баласынан алимент талап кылды. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, баласын ай сайын 70 сомони (9 долларга жакын) төлөп берип турууга милдеттендирди. Тажикстанда административдик мыйзамдар боюнча эмгекке жарамдуу балдар пенсиядагы ата-энелерин багуусу керек.

Сангин Мирзоева беш жылдан бери араң басат, улуу баласынан чоң үмүт артып келгени менен ал материалдык жактан жардам бербейт. Мындан улам чоң эне кайрымсыз уулунан айына 300 сомони алимент алып туруу үчүн райондук сотко арызданган.

«Мен майыпмын, ал болсо мени карабайт. Араң дегенде сотко бардым, алар болсо болгону 70 сомони өлчөмүндө алимент чектешти, бул өтө эле аз, көбүрөөк өндүрүп беришсе болмок. Себеби уулум менен неберелерим иштейт. Багып чоңойткондон кийин кылган жакшылыктары ушул», – деп үшкүрдү байбиче.

Сангин Мирзоева жаш кезинде эле жесир калган. Алты баланы тарбиялап чоңойткон, алардын экөө жарандык согуш учурунда курман болушкан. Учурда чоң эне кенже уулу менен жашайт, эки кызы ажырашып келишкен, алар дагы апасы менен чогуу турушат.

Кубодиён районунда мындай көрүнүш экинчи сапар кайталанып жатат. Сотко кайрылган карыган ата-энелердин өтүнүчтөрү адатта канааттандырылат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыз-өзбек чек ара маселесин өкмөттүк деңгээлде чечүү сунушталды

Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кыргыз-өзбек чек ара маселелерин өкмөттүк деңгээлге көтөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жумушчу топ деңгээлинде калтыруу туура эмес, анткени алардын белгилүү бир маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктары жок.

«Өкмөттүк деңгээлде жолугушуу болушу шарт. Жумушчу топ мурдагы сүйлөшүүлөрдө такталган жерлер жөнүндө эле сүйлөп жатышпайбы. Демаркация жана делимитация боюнча өкмөт башчылардын орунбасарлары эки өлкөдө тең бар. Жолугушууларга ошолор катышуусу керек», – деп эсептейт Маматалиев.

Эки өлкө ортосундагы бир топ жыл муздап турган мамиле соңку кездери жанданган. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара боюнча жумушчу топтору быйыл сентябрь айынан бери үчүнчү ирет жолугушту.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым. Аны 320 чакырымы тактала элек. Мындан улам ар кандай чыр-чатактар болуп турат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Адабият — тарых менен маданияттын жүрөгү! Адабиятсыз, тарых жана маданият жок! Президент Алмазбек Атамбаевге кат

Президент Алмазбек Атамбаевге кат

Урматтуу президент! Быйылкы жылды «тарых жана маданият жылы» жарыялаганыңыз акылмандык болду. Бул жарыяңызды эл жактырды. Айрыкча тарых тармагында, маданият майданында эмгектенгендер өзгөчө кубанышты. Анткени эгемен Кыргызстан жашай баштагандан бери узак жылдар бою мамлекеттик бийлик бул өтө орчундуу маселелерге көңүл бурбай, кайдигер мамиле эткен. Жазуучулар, тарыхчылар, маданиятчылар «томолой жетим балага» айланып, өкмөт акча жок деген шылтоого байланып алакан жайып калган. Сиздин жарыяңыз өчкөн отту тамызып, өлгөн жанды тиргизгенге тете айбар жумуш болду.

Мен эмне үчүн адабиятсыз тарых жана маданият жок деп жер муштап кыйкырып жатам?..

Эмесе кылкылдап агып жаткан кылымдар дарыясына кылчайып, эл адабиятына сереп салалы: «Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй!» Манас атаны даңазалаган эл ырчылары эртеңки кыргыз элине, улуу ырды гана эмес, ак ала чач тарыхты да тартуулап турушкан. Байыркы Ырамандын ырчы уулу Каратай баштаган даңазаны, кийин соңку Келдибек, Акылбек, Айтыке, Тыныбек, Балыкооз, Чоодан, Чоюке сыяктуу алтын жаак, жез таңдай акындар жамгырдай төгүп, мөндүрдөй сабап ырдашкан эмеспи. Ушу улуу ырчылардан таалим үйрөнүшүп канаттарын күүлөшүп, булардын соңунан ээрчишип чыгышкан Тоголок Молдо, Куйручук, Сагымбай, Жаңыбай, Багыш, Молдобасан, Саякбай аттуу кара жаак, кайкы тил акындар тобу улуу ырды баштарына жазып, тилдерине катып, азыркы кыргыз элине асылбаа мурас таштап кетишпеди беле?!

Биз, жалгыз «Манас» эпосуна гана эмес, «Манастын» тегерегиндеги «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Эр Табылды», «Эр Эшим», «Кожожаш», «Кедейкан», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл-Мырза», «Ак-Мөөр» сыяктуу шедевр чыгармаларга эгедер улуу кыргыз элибиз! Дүйнө жүзүндөгү бир дагы эл рух байлыгы боюнча кыргыз элине теңдеше албайт! Комуз, кыл кыяк, ооз комуз, чоор күүлөрү эмне деген ган, керемет!

«Манас» эпосунда жана эл дастандарында, керемет ширетилген күү, обондордо «Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй» ак ала чач кыргыз тарыхы түбөлүк жашап турат!

Атаганат, азыркы кыргыз эли, калкыбызга улуу мурас калтырышкан Арстанбек, Музооке, Чоңду, Жеңижок, Токтогул, Ниязалы, Калык, Карамолдо, Ыбырай, Атай сыяктуу калкагар тоодой адамдардын ысымдарын ыйык тутуп, кастарлоого милдеткербиз!

Ооба, тарых менен маданиятты бири-биринен бөлүп кароого мүмкүн эмес. Бул түшүнүктөр кыргыз рухунун киндиги туташ, эгиз баласы! Ал эми ушу эгиз баланын жүрөгү – адабият! Адабиятсыз тарых жана маданият жок!

Урматтуу президент! Сиз жана биз, адабиятты, жүрөгүбүздү унутуп жатабыз! Албетте, жарык дүйнөдө жаңылбас жаак болбойт! Адам баласы жаңылат! Жалгыз гана Кудай жаңылбайт! Жүрөгү жок адам болбогон сыңары, адабияты жок тарых, маданият болбойт! Жүрөгү жок адам – айкел таш! Адабияты жок маданият — өлүк!

Дагы артка кылчайып, бу жолу эл адабиятынан бери өтүп, кыргыз жазма адабиятына азын-оолак айланчыктайлы… Аалы Токомбаевдин «Таң алдында» роман-поэмасы, Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк Асаба», Төлөгөн  Касымбековдун «Сынган кылыч», Качкынбай Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы», Шүкүрбек Бейшеналиевдин «Тайлак баатыр» романдары, Сооронбай Жусуевдин «Курманжан датка» роман-поэмасы тарых менен адабиятты саламдаштырып жолугуштурган алтын көпүрөлөр эмеспи.

Мынакей, адабият, тарых жана маданият ушинтип бири-бирине улуу тоолор сыңары жөлөнүшүп, сүйөнүшүп турушат. Эгер адабият аттуу улуу тоо куласа, анда тарых жана маданият тоолору да күү-шаа түшүп кулап калышат. Кудай анын жүзүн ары кылсын! Улуу тоолорубуз кулабасын!

Адабият тарыхка гана тургай, маданиятка да зор кызмат өтөп келет. Улуттук туңгуч опера «Айчүрөктүн» либертто-ыр баянын, атактуу акындар Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов үчөө жазышкан да. Эгерде бул акындар ыр баян жазышпаса, анда композиторлор А.Малдыбаев, В.Власов, В.Фере баштарын ташка урушса да опера жарата алышмак эмес. Ошондой эле Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликов жазган либертто-ыр баян мынабу үч композитордун башын бириктирип, «Манас» операсынын жазылышына тоодой эмгек өтөгөн. Кыргыз опера жана балет театры элге улуу рух тартуулаган.

Эл акыны Жалил Садыков «Айкөл Манас», «Манастын уулу Семетей» аттуу драма чыгармаларын жазып, Кыргыз драма театрынын бөксөсүн толтуруп, кемтигин бүтөгөндүгүн кимдер гана билбейт.

Улуу Манас ыры атактуу композитор Муратбек Бегалиевди да ой толкунда калкылдатып, жан табиятын жаркылдатып, бул гений адам «Манасты» музыка дүйнөсүнө ширетип, кыргыз элин бүт дүйнөгө даңазалагандыгын айта кетмегим парз!

Ой бешикте термелем… Жазуучу-драматург драмалык чыгарма жазбаган болсо театрларда спектакль коюлмак эмес. Режиссерлор менен артисттер өздөрү пьеса жаза алышпай ыйлашмак!

Эгер акын ыр жазбаса, композитор менен обончу обондуу ыр чыгара алабы?.. Албетте, жок! Ырчы өзү ыр жазып ырдай алабы?.. Жок, ырдай албайт!

Урматтуу президент! Сиздин жарыяңыздын шарданы менен Кыргызстанда жакшы жумуштар жасалып жатат: Улуттук китепканада тарых жана маданият маселелерине арналган көргөзмөлөр, жолугушуулар, маданий иш-чаралар өтүүдө. Улуттук тарых музейинин имараты жаңыртыла баштады. Теле берүү, радио уктуруу жана гезиттер да таң агаргандан каш карайганга чейин тарыхка кайрылышып, маданиятка айланчыктап жатышат. Айыл-кыштактарда театр имараттары, маданият үйлөрү, китепканалар ремонттолуп жаңыртылып жатканы жагымдуу көрүнүш.

Деген менен акыл жарыштырып, ой тегеретип көрсөк кантет?.. Театрлар, музейлер, маданият үйлөрү ремонттолуп калса эле тарыхыбыз менен маданиятыбыз өркүндөп кетеби?.. Жок, өркүндөбөйт! Жанагы жагымдуу жумуштар жан дүйнөсүн өркүндөтпөй туруп жаңы кийим кийип алган кишиге окшоп калат. Биз маданияттын тышкы кебетесин эмес, анын ички дүйнөсүн, жан табиятын өгөртүшүбүз керек.

Урматтуу президент! Сиз тарыхты жана маданиятты жан дилиңиз менен чындап өркүндөтүүнү кааласаңыз абалы адабиятка камкордук көргөнүңүз оң болот. Ал эми адабиятка камкордук көрүү үчүн а дегенде, китеп жөнүндө ойлонуп-толгонууңуз абзел. Анткени китеби жок адабият болбойт эмеспи.

Азыркы кезде Бишкек шаарында эмне көп?.. Китеп чыгарган басмалар көп! Бирок бул басмалар мамлекет кызыкчылыгын эмес, өз кызыкчылыктарын көздөшөт. Себеби жанагы басмалардын бардыгы жеке менчик! Дагы Кудайга шүгүр! Жеке басмалар болбогондо жер тиктеп, китеп кереметинен кемип калмак экенбиз.

Кыргызстанда эмне жок?.. Китеп дүкөндөр жок! Эртеги СССР доорундагы, район, облус борборлорундагы, шаарлардагы китеп дүкөндөр  жеке менчикке сатылып кетип, алардын баары арак дүкөндөргө айланып калган.

Ушу тапта Бишкек шаарында жалгыз гана кыргыз китеп сатуучу «Нуска» деген, китеп дүкөнү бар. Бул китеп дагы чычкандын көчүгү айланбаган тар бөлмөдө жайгашкан. Оо, шумдугуң кур! Борбор калаадан «Нускага» чоңураак, үч бөлмөлүү имарат табылбаганы эмне жосун!

Ал эми мунун тетиринче Бишкекте орус китеп сатуучу беш-алты дүкөн бар. Жаңкы орус китеп дүкөндөрү жаркыраган, заңгыраган, кенен-чонон чоң имараттарга конушкан. Бир жолу «Нуска» китеп дүкөнү менен «Дом русской книги», «Раритет», «Одиссей» ж.б. орус китеп дүкөндөрүн салыштырып көрүп ызаланып ыйлагым келген. Эмне үчүн кыргыздар ушунча өтө төмөндөп кеттик?.. Эмне үчүн?..

Оо, урматтуу президент! Мен сизге төмөнкү сунуштарым менен кайрылам:

  1. Маданият министрлигинин алдында «Кыргыз китеп» борборун жана «Адабият» Басма Үйүн ачыш керек. Албетте, Басма Үйүнүн өзүнө таандык басмаканасы да болушу зарыл.
  2. Бишкек шаарынын чогортосуна, чоң китеп дүкөн куруш керек. Азыркы «Нуска» китеп дүкөнүн ушу жаңы имаратка көчүрүш керек.
  3. Райондордун, облустардын борборлоруна жана республиканын аймагындагы шаарларга китеп дүкөндөрүн ачууга убакыт мерчеми жетти.
  4. Маданият министрлигинин алдында уюштурулган «Кыргыз китеп» борбору китеп чыгаруу жумуштары менен гана чектелбестен, мамлекет кызыкчылыгын көздөгөн, элге ак кызмат өтөгөн гезит жана журнал чыгарып турушу лаазым.

Маселен, адабият, тарых, маданият маселелерин мелжеген «Улутман» аттуу гезит жумасына бир жолу чыгып турса, «Эгемен Кыргызстан» деген журнал ай сайын жарыяланса эл үчүн өтө жакшы болмок. Ошондо капкара булуттардын артынан жаркыраган күн суурулуп чыга калгандай кубанычтуу жаңылык болбойт беле, атаганат!

Дегеним, ушу кезге чейин адабият, тарых жана маданият маселелерине арналган бир дагы гезит-журналдын жоктугу, элди өкүндүрөт.

Урматтуу президент! Мамлекеттик бийликтин китеп баса турган жана гезит-журнал чыгара турган өз басмасы сөзсүз болууга тийиш!

Улутман боло албаган адам, мекенчил боло албайт! Мекенчил боло албаган адам, Ата мекенге ак кызмат кылбайт!.. Кыргыз элинин башына, жүрөгүнө улутмандык жана мекенчилдик сезим-туюмдар орногондо гана Кыргызстан биротоло оңолот, ошондо гана коррупция шүмшүк жоголот! Ошондо Кыргызстан, жылдызстанга айлана баштайт!

Урматтуу президент! Мен сизге акыл үйрөтүп жаткан жокмун, баскан жолуңузга жарык төгүп жатам!  Улуу кыргыз элинде жакшы салт бар эле.. Акылмандар жана акын-чечендер хан-бектерге да акыл сунушкан, таалымдап жол көрсөтүп турушкан… Мен ошо жакшы салтты жаңыртып, улантып жатам.

Жанатадан бери эле улутмандык жана мекенчилдик жөнүндө жаагымды жанып саймедиреп жатпайымбы!.. Эмесе өзүмдүн мекенчил адам экенимди далилдеп сизге ыр окуп бергим келет. Бул ырымды бүт кыргыз элине арнап жазгам:

– Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда жолдо жаткан ташын да.

Мээримиң төк чөптөрүнө чөгөлөп,

«Мекенди мен сүйөм!» – деп кур, бакырба!

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

Мекеге сен барбай артка бурулгун.

Ала-Тоого таазим этип кыргызым,

Алты ирекет бүгүлгүн да, жыгылгын!

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

Кереметтүү Ысык-Көлгө сыйынгын.

Шайтан-шабыр жолобогон эгерим,

Шаркыраган сууларыңа жылынгын!

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда асмандагы Күн-Айды.

Акактабай Арабстан чөлүндө,

Ала-Тоодон табасың сен Кудайды!

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда көктө учкан куштарын.

Каркылдаган каргаларын кучактап,

Жыландарын башка жаздап уктагын!

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

«Жазды сүйөм!» деген сөздү таштагын.

Жакшы көргүн жайын, күзүн жана да

Жааган карын, кычыраган кыштарын!

Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда ысык жана муздагын.

Ат-Башынын токоюнда жатканда,

Арстанбапты элестетип уктагын!

Сүйөсүңбү, чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда ар бир айыл-кыштагын.

Ошту, Чүйдү, Нарын жана Баткенди,

Деги койчу, Кыргызстандын бүт баарын!

Сүйөсүңбү, чын жүрөктөн Мекенди,

«Түндүк-түштүк» деген сөздү укпагын.

Жалал-Абад калаасында жашасаң,

Таласта өскөн гүлдү өөп-жыттагын!

Сүйөсүңбү, чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда, чымын менен чиркейин.

Бечараны басып алба, байкабай,

Мобул бака, сенин бакаң түркөйүм!

Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Мекен сага, Мекеден да ыйык да.

Суу ичсең да Теңир-Тоонун койнунда,

Сулайман-Тоо сенин тооң унутпа!

Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Саяк, саруу, сарбагышка бөлбөгүн.

Кыргыз элдин оң жана сол канаты —

Бардыгы тең сенин элиң көйрөңүм!

Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда жолдо жаткан ташын да.

Ошто жашап сүйө албасаң Токмокту,

«Кыргызстанды сүйөмүн!» – деп бакырба!

Урматтуу президент! Улуттук идеология деген ушу! «Улуттук идеологиябыз жок! «Улуттук идеология жөнүндө» мыйзам жазыш керек!» – деп кыйкырышкан кыргыздар да жок эмес. Менимче жазып кереги жок! Кыргыз мамлекетинин улуттук идеологиясы, Улуу «Манас» эпосунда, эл адабияттарында, ата-бабалар бизге энчилеген макал-лакаптарда алтын-күмүш сыңары жылт-жулт этип уюп жатат!.. Мына ушу асыл баа элдик кенчти алтын кен казгандай аяр казып, жаңы заман агымына буруп, элге кайрадан туртуулашыбыз керек! Ата-бабалар мурасы бизге бай түшүм берет! Азыркы саясатчылар ата-бабаларыбыздын улуу сөзүнөн ашкан улуттук идеология мыйзамын жазып кыйратышпайт. Алар Кыргызстанды жаңкы мыйзам менен жыргатышпайт!

Улуттук идеологиянын башкы урааны береги, үч сөз болмогу ийги: «Улуу жана күчтүү Кыргызстанды куралы!», «Улуу кыргыз элине айланалы!», «Кыргызстанды Манас атанын тирүү арбагы колдосун!»… Телекөрсөтүүлөр жана радиоуктуруулар, гезиттер ушул үч сөздү байма-бай какшап, таңшып, шаңшып турушу керек. Элдин кулагына ушул үч сөздү күндүр-түндүр куюшу керек. Ошондо уктап жаткан элдин жүрөгү ойгонот! Жан дүйнөбүз тазарып, агарып жаркырай баштайт. Улуу кыргыз тилинде сыйкыр бар, магиялык күч бар!

Мамлекет жалаң мыйзамдын күчү менен элди тарбиялай албайт. Мыйзам аркылуу коркутуп-үркүтүп, уруп-сабап, түрмөгө камап, ал тургай дарга асып, атып дүйнө жүзүндөгү бир дагы мамлекет элди тарбиялай алган эмес! Элди улуу сөз гана тарбиялай алат!

Ошондуктан сиз, адабиятты, тарыхты жана маданиятты өнүктүрүүнү, өркүндөтүүнү кааласаңыз анда ушул үч улуу сөздү, улуттук идеология куралы катарында колдонуңуз! Албетте, мен жогортодо айткан чалкеш жумуштарды бир заматта эле, «сүф» деп жасап салууга мүмкүн эмес. Ошондуктан эмдиги 2017-жылды адабият жылы жарыялаңыз!

Эмесе урматтуу президент! Кыргызстан үчүн кыл чайнап, эл үчүн ээрде уктап эмгектене бериңиз!

Эркалы Өскөналы, жазуучу.

Булак: Фабула 

Дүйнөдөгү эң өзгөчө адамдар

Эң узун бойлуу колукту

Сиздер көрүп турган сүрөттөгү узун бойлуу кыз Элизани да Крус Сильва Бразилия өлкөсүндө төрөлүп, өскөн. Ал бир аз эс тарткандан баштап өзү менен теңдүүлөрдөн боюнун узундугу менен өзгөчөлөнө баштаган. Азыр Элизани 19 жашта. Боюнун узундугу 203 см. 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн 24 жаштагы жигити Франсинальдонун бою 162 см. Экөөнүн бою 41 см ге айырма. «Досторубуздун көпчүлүгү кантип кучакташып, кантип өбүшөсүңөр?» – деген суроону көп беришет. Бирок бул нерсе биз үчүн эч кандай маселе жаратпайт. Тескерисинче мен болочоктогу колуктум менен сыймыктанам дейт жигити. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп, балалуу боло албастыгын билген Элизани учурда бала багып алууну пландаштырууда.

Картинки по запросу Калим

Гигант колдуу 8 жаштагы Калим

Чыгыш Индияда төрөлгөн 8 жаштагы Калимдин колдорунун чоңдугу менен дүйнөгө белгилүү. Анын алакандан  тарта манжаларынын учуна чейинки узундук 33 см болсо, ар бир 5 манжасы 8 кг дан турат. Калим азыр эң жөнөкөй жумуштарды жасай албайт. Айына 22 доллар айлык алган ата-энеси баласына жардам берүүгө аракет кылышканы менен эч майнап чыккан эмес. Ал гана эмес баланы төрөткөн дарыгерлер дагы так диагноз кое алышпай, азыркыга чейин эмне кылуунун айласын таппай келишет.

Картинки по запросу Автар пагди

45 килограмм селдеси бар индус

Индиянын Пенджаб шаарындагы элдер салт катары «пагди» деген аталыштагы селде кийишет. Ал эми башкалардан өзгөчөлөнгөн Автар башына узундугу 645 метр, салмагы 45 килограммдагы селде киет. Эгер селдени жайып көрсөк 13 олимпиадалык бассейн жасоого болот. 60 жаштагы индус бул селдени орош үчүн күнүнө 6 саат убактысын коротуп, автоунаа, жалпак имараттарда ыңгайсыздыкты жаратса да 16 жылдан бери Пенджабдын атактуу инсаны катары өзүн баалап келет.

Картинки по запросу Аманда Суле

130 килограммдагы модель

Салмагы 130 килограмм, бою 2 метрлүү Армениялык модель ушуга чейин өзүнүн келбети менен акча таап жашап келет. Аманда кээ бир бою кыска эркектердин кыялындагы айым. Себеби ал анча чоң эмес суммадагы акчага адамды колуна же бооруна көтөрүп жүрө алат.  Бирок эч кандай жыныстык мамилеге макул эмес. Андан сырткары Аманда кандайдыр бир майрамдарда, иш-чараларда, деги эле коомчулукту өзүнө бургусу келген эркектерди коштоп жүрө алат. Кичине кезинде атактуу модель болууну каалаган Аманда, азыркы келбети менен дүйнө жүзүндөгү эркектерди өзүнө багындырып келет.

Картинки по запросу Кайл Джонс

91 жаштагы кемпирге үйлөнгөн жаш жигит

30 жаштагы Америкалык Кайл Джонс өзүнөн 60 жаш улуу Марджор Маккул менен 2009-жылы китеп дүкөнүнөн таанышкан. Ошол күндөн тарта ал экөө бирге өмүр сүрүп келет. «Сүйүктүүм менден бир канча жаш улуу болсо да мага унутулгус сексуалдуу жашоо тартуулап келет» дейт 18 жашында 50 жаштагы аял менен мамиле курган Кайл. Жаш жигиттин апасы баласынын бул чечимин туура көрүп, ар дайым колдоп келет.

Картинки по запросу Чарити Пирс

Салмагы менен рекорд койгон Чарити

Айова тургуну Чарити Пирстин салмагы 358 килограмм. Ал үйдөн чыкпаса дагы өзүнүн теңин таап, махабат сезими менен бактылуу. 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн өзүнөн 2 жаш кичүү жигити Тони Чаритинин колун сурап, жакында үлпөт тоюн өткөрүүгө даярданууда. «Чарити апакай үлпөт көйнөгүн жана ковбой өтүк, шляпа кийүүнү кыялданат. Ал жакынкы арада ашыкча майларын алдыруу үчүн операция жасатат. Ал үчүн жок дегенде 120 кг арыкташы керек. Азыр анын жүрөгү ашыкча салмактын айынан кыйын иштеп жатат» – дейт сүйүктүүсүн диета карматып арыктоого жардам берген Тони.

Картинки по запросу Арлиндо де Соуза

Чоң булчуңдуу адам

Бразилиялык 56 жаштагы Арлиндо де Соуза машыгуу жана талбас эмгектин арты менен чоң булчуңдуу болгон. Жаш кезинде Арнольд Шварценеггерди кумир туткан Арлиндо алгач атайын диета кармап, спорт  менен машыгып, кийин ар кандай минералдык майлар кошулган коктейль жана спирт ичимдиктери менен булчуңдарын чоңойткон. Акыр аягында мына ушундай карикатура стилинде келбетке ээ болгон.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула

«Күйгөндөн» айтам бир сабак

Илгерки жаштар сүйгөнүнө жетпей, кудаланган жерине берип жибергенден улам, «күйгөндөн айтам бир сабак» деген накыл сөз чыкса керек. Ошол сыңары мен башыма түшкөн «арман ыры» менен окурмандарды кабардар кылып коюуну ылайык көрдүм.

Совет мезгилинде мен Улуттук академия менен азыркы Улуттук университетте катарлаш иштеп (бул жакта К.Артыкбаевдин кафедрасында совместитель катары) жүрдүм. Академияда Тил жана адабият институтунда тогуз жыл директор болуп иштеп туруп, 1988-жылы университетке өтүп, «Дүйнөлүк адабияттын тарыхы жана теориясы» кафедрасын жетектеп келдим. 1972-жылы докторлук диссертациямды коргогондон кийин аспирант жана изденүүчү ала баштадым. Азыр менин жетекчилигим менен коргогон кандидат жана докторлордун саны 41 болду. Дагы экөө жакынкы аралыкта коргоого даярданып жатышат. 43 изденүүчү жана аспиранттарга оппонент болуп, кандидаттык жана докторлук диссертацияларын корготтум. 1979-жылы КУИАнын корреспондент-мүчөсү болуп шайланып, 1980-жылы профессорлук диплом алдым. Сөз чынынан бузулбайт дегендей, совет мезгилинде илимий даража жана наамдарды «жон териңди сыйрып алып» Москванын Жогорку аттестациялык комиссиясы берчү. Азыркы капитализм шартында самопал окумуштуулардын саны көбөйүп бараткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Мен ошол жогорку ВАКтын катуу чеңгелинен өткөн докторлордун биримин.

Илимий эмгектерим жөнүндө айта турган болсом, алардын саны – 390. Анын ичинен 90дон ашыгы өзүнчө китеп түрүндө жарык көргөн.  2014-жылы «Кыргыз залкарлары» аттуу көп томдуу эмгектеримдин 11-тому 40 басма табак көлөмүндө жарык көрдү. Бирок университет анын бир да даанасын китепканага сатып берген жок, анткени ректорубуз илимге такыр көңүл бурбаган адам.

Мен жогорку сөздөрдүн баарын бекеринен тизмектеп жатканым жок. Университеттин ректору Ч.Адамкулова жогору жактан оптимизация жүргүзүү жөнүндө буйрук алганы чын, бирок аны акыл-эстүүлүк менен субьектизмге жол бербей жасоо керек эле да. Андай тапшырманы Улуттук академия жана ЖОЖдор да алган, бирок алардын бири да биздикиндей алабарман, акылсыздыкка жол бербей, тынч аман эле жасап жатышат. Мен бул жерде бөлөк факультеттер жөнүндөгү «кыйроолор» жөнүндө эмес, кыргыз филологиясы тууралуу гана айткым келет. Эгерде КУУну ЖОЖдордун флагманы десек, кыргыз филологиясы факультети ошолордун башында турат. Бул жерде көзү өтүп кеткен К.Тыныстанов, Х.Карасаев, К.Юдахин, Б.Юнусалиев, И.А.Батманов, А.Жапаров башында турган канчалаган залкарлар иштеп, мамлекеттин оор жүгүн көтөрө турган уул-кыздарды тарбиялап кетишкен. Алардын тизмеси узун, б.а. ар бири тууралуу өзүнчө китеп жаза турган залкар инсандар. Факультет азыр да андай окумуштуулардан уучу кур эмес.

Кыргыз филологиясы улуттун жүзү деп айтсак болот б.а. улуттук тилибиз менен адабиятыбызды өнүктүрмөйүнчө элдин элдик касиети эч качан сакталбайт. Бул жагынан орун алган толгон-токой мүчүлүштүктөр жазылып келе жаткандыгына карабастан «жүк ордунан жыла элек» б.а. (тамсилде айтылгандай «воз и ныне там»).

Президентибиз кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган атайын программа кабыл алып, тил комиссиясы колунан келишинче иштемиш этип, бир топ каражат жумшалууда, бирок интеллигенциянын аң-сезиминде, жан дүйнөсүндө туруктуу орун алмайынча бул проблеманы алдыга жылдыруу кыйын. Туура, «өнүгөлү, өсөлү» деген демагогиялык сөздөр көп эле айтылып жатат. Ал эми иштей келгенде бөлөк көрүнүшкө туш келүүдөбүз. Мына мисалы, Ч.Адамкулованы алалык. Анда улуттук сезим жок, өзү кыргызча жаза албайт, орусча сүйлөйт. Анан ал кыргыз филологиясы факультетинин кадыр-баркына жетмек беле! Ал араң жашап келе жаткан факультетти ого бетер төмөн чөгөрүп таштады. Чындыгында бул факультетке өзгөчө статус берүү ылайыктуу болсо да, ал азыр эч кимдин оюна келе элек. Факультетте азыр төрт кафедра бар. Жоюлууга дуушарлангандар «Манас» жана «Дүйнөлүк адабияттын тарыхы жана теориясы» кафедралары. «Манас» кафедрасы жөнүндөгү маселе көпчүлүккө белгилүү. Ал эми «Дүйнөлүк адабият» тууралуу айта турган болсок, анын «Лингвистика» кафедрасына кошуп таштады. Муну менен ректорубуз бир гана кафедра башчысынын ордун экономдоду. Ага төлөнүүчү акча болгону 2000 сом эле. Эми ушул эки миң сом тагдыр чечеби? Экинчи  жагынан биз саясий утулушка туш болуп жатпайбызбы. Азыр дүйнөлүк адабиятты орто мектептин окуу планына киргизип коюшту. Логика түшүнүктүү, себеби Кыргызстан дүйнөлүк цивилизациянын контекстинде турат. Бирок Европалык билим берүү системасындагы өлкөнүн жаштары дүйнөлүк адабияттан жакшы маалымат ала албай эле бүтүп жатышат. Мисалы, Шекспир менен Хемингуэйди сурасаң такыр ооз ача алышпайт. Демек аларды окутууга саат жетпейт. Мына ушундан кийин Ч.Адамкулова «Дүйнөлүк адабиятты» «Лингвистикага» алып барып тыгып таштаганын кандайча бааласак болот?! Эгерде кыргыз тилин жана адабиятын өнүктүрүп, дүйнөлүк билим деңгээлинде туралы деген жакшы ниет болсо, ушул чакан кафедраны мурдагы эле абалында (анда бир доктор, профессор, эки доцент, бир илимдин кандидаты, бир көп жылдык тажрыйбасы бар улук окутуучу) калтырып койсо, андан университет бир жагына кыйшайып калбайт эле, тескерисинче саясий утушка гана ээ болмок.

«Дүйнөлүк адабият» кафедрасынын жоюлушуна Ч.Адамкулованын А.Садыковго көзү түз эместигине байланыштуу. Менин «эл душманы» эсептелген себебим, Т.Маразыковду декандыкка мен сунуш кылып, ал конкурста К.Абакиров менен Б.Байсабаевди жеңип чыккандыгы болду. Кийин аталган экөө мага оппозиция болуп, ректорго ар кандай сөздөрдү жеткирип жамандай башташты. К.Абакиров менин отуз жылдан бери окуткан «Адабият теориясы» деген сабагымды талашып, окуу планы боюнча Т.Маразыковго асыла баштады. Ага азыр камакта отурган мурдагы проректор Асанбеков кошулуп, акыры аны арыз жазууга аргасыз кылышты. Күрөш муну менен токтогон жок. Шайлоодо конкуренти жок Маразыковду «кулатып» тынышты. Менин  «кулашым» да ошонукуна окшош эле. Ч.Адамкулова И.Арабаев университетинде ректорлукка конкурска катышып, алты добуш алып ал жакка батпай айласын таппай жүргөн М.Жумаевди декандыкка алып келип, аны мага конкурент кылып шайлоого чыгарып, ага «жеңиш» алып берди. Эми бул илимпоздун моралдык кебетеси жөнүндө айта кетейин. Мен академияда институтта директор болуп иштеп турган кезимде аны Москвага эки жылдык стажировкага жибергем. Бирок жыйынтыгында ал аспирантурага өтпөй калып кайра келгенде кенже илимий кызматкер кылып ишке алгам. Бир күнү ал мага келип: «Айлыгым аз экен (анда 120 сом болчу), мен мектепке кетем, директор болуп иштейм» – деди. Мен кой антпе, темаң бар, коргоп алып эле кет деп жибербей койгом. Аялын уборщица кылып орноштуруп, өзүнө жатакана алып бергем. Мына ошентип туура жолго салып койгон менин эмгегимди шакиртим унутуп, шайлоодо профессорлук ордумду тартып алды. Жакында эле, эки жыл мурун менин консультанттыгым менен докторлугун коргогон. Ал ректорго барып «агайыма конкурент боло албайм, андан көрө кетип калайын» деп айтканга жараган жок. Мына ушул жүрүм-турумду кандай деп бааласак болот?! Ал – саткындык, адамдык пастык.

Жаш курак жөнүндө. Бир бутумдун мууну ооруп таяк кармап жүрөм. Муну Ч.Адамкулова «А.Садыков такыр жүрбөй калган» – деп эки-үч чогулушта чыгып айтыптыр. Эми таяк кармаган менен мээнин иштешинин эмне байланышы бар? Акыл-эси ордундагы адамды жерип, жектегенге болобу? Эгерде Адамкулованын мага карата ою түз болсо, мен иштеген кафедрадагы мугалимдерден жана студенттерден А.Садыков сабакты кандай окутат деп бир сурап койбойбу? Мен факультетте студенттерге катуу талап коюп, алар жакшы билим алса деп күрөшүп жүргөн окутуучулардын биримин. Токсон жаштагы хирург М.Мамакеев күнүнө төрт-беш операция жасап иштеп жатса, мени эмне үчүн Ч.Адамкулова «бракка» чыгарып коюш керек. Ректорубуз өзү илимдин азабын тартпаган адам, ошон үчүн менин илимий мектеп түзгөнүм ага бир тыйынга арзыбайт экен. Ал өзү көп жылдардан бери доцент болуп иштеп жүрүптүр, анан эмне үчүн бир да кандидат даярдаган эмес?

Кыргызда «атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал» деген акылман сөз бар. Бул жерде «алтымыш» шарттуу гана айтылат. Анын өтмө мааниси улгайган адамдарды (эгер ал алжып калбаса) сыйлап, барктап, алардын бай илимий тажрыйбасын пайдалануу керек деген сөз. А бизде өлкөдө сапатсыз кадрларды ашык даярдап алып “жаштар иш таппай жүрөт” деп, “бөрү карысын жектейт” дегендей мамиле кылабыз.

Сыйлык жөнүндө. Азыркы кезде өкмөттө сыйлык тууралуу ар кандай сөздөр айтылып, жазылып жатат. Менин да ушуга карата пикирим бар эле. Сыйлыкты жакшы иштеп жаткан адамдарга, өзгөчө улгайгандарга дем-күч болсун деп берет да. Мен “элге берген куруттан, мени эмне куруттуң” деген накыл сөзгө туура келип калдым. Алтымыш жыл бою жаштарга татыктуу билим-тарбия берип, өзүнчө илимий мектеп түзүп, ичимде “кыйраттым го” деп жүрсөм, аным эч нерсеге арзыбай калган сыяктуу. “Өсөр киши өзүн мактайт” дегендей, мен бир топтордон алдыдамын го деп келдим эле. Кыргызстандын жыйырма беш жылдык мааракесине байланышкан улуу майрамда менден төмөнүрөөктөр да чоң сыйлыкка арзыганына бир аз ичим тызылдай түштү. “Көңүлдүн кирин айтса кетет” дегендей, бул жөнүндө унчукпай коюуга болбой калды. Сыйлыкка көрсөтүү мекемелеринде, ЖОЖдордо жүрөт да. Анан Ч.Адамкулова мени эч качан ага жакындатмак эмес.

Ошентип айтса арман көп. Менин жогорудагы маалыматтарым анын бир гана үзүмү. Улуттук университетти өз деңгээлине көтөрүү үчүн аны жасалма оптимизациядан тазалап, чыныгы иш билген тажрыйбалуу, билимдүү, адилет, ак ниет кадрды тезирээк алып келүү зарыл. Бирок жогорку бийликтин эмне үчүн Ч.Адамкулованы  “ыйык  адамга” айлантып жатканын түшүнүп болбойт. Эгерде ал дагы эле өзүнүн “акылман” ишмердигин уланта бере турган болсо, анда өлкөдө чыныгы адилеттүү бийлик жашап жаткандыгына күмөндүк туулбай койбойт.

Д.ф.н, проф, КРУИАнын корр.мүчөсү, илимге эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты А.Садыков.

Булак: Фабула

Чынарбек Изабеков, алтын медалдын ээси: “Мелис Турганбаев экөөбүз бала кезде бир залда күрөшчүбүз”

7-9-октябрь күндөрү Польшада  ардагерлер арасында өткөн күрөш боюнча таймашта Кыргызстандан барган Чынарбек Изабеков менен мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев атаандаштарын көтөрүп чаап далысын жер жыттатып,  Кыргызстандын намысын бийик көтөрүп жеңиш менен келишти. Тагыраак айтканда Чынарбек Изабеков 46-50 жаш курак чегинде 97 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы таймашта ал Түштүк Африкадан келген Фредерик Дю Преени утуп жарым финалга чыгып, андан соң жарым финалдык беттеште польшалык Иренеузу Пепловский менен беттешип, атаандашын 7:0 эсебинде таза жеңиш менен утуп алган. Ал эми балбан Мелис Турганбаев  коло медаль үчүн польшалык Сильвестр Петро Сзыманский менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Бүгүн биз алтын медалдын ээси, жоон билек ардагер балбан Чынарбек Изабеков мырзаны кепке тартып жооп алдык…

-Чынарбек мырза, жеңиш кут болсун, жеңем деп ойлодуңуз беле?

-Албетте, жеңем деген ой менен күрөшсөң  жеңесиң да. Мен жеңем, алтын медаль алам, атаандашым ким болбосун төбөсү менен жерге сайып утам деген максатта баргам. Максатым орундалып, атаандаштарымды жеңип алдым. Алтын медалды моюнга илдим.

-Күрөшүп келе жатканыңызга канча болду?

-20 жашка чейин  күрөшкөм. Атаандаштарымды уткам,  утулгам. 21 жашымда ден соолугума байланыштуу спортту таштоого туура келген. Себеби белимди оорутуп алгам. Отуз жаштан өткөндөн кийин мен ойлобогон оорулар пайда болду. “Кант диабети” деген дартка чалдыктым. Дарыгерлерге кайрылсам дарыдан башка эч нерсе кыла алышпады. Айлам кетип кайра баштагы спортко кайтып келдим. Жумасына төрт жолу спорт залга бара баштадым. Күрөшө баштадым. Бир жылча тынбай машыккан соң “кант диабетимдин” өлчөмү кадимкидей азайды. Эки жыл залга барган соң, “Кант диабетим” такыр эле жоголдук. Азыр Кудайга шүгүр, оорудан алысмын. Белим  ооруп  кыймылдай албай калчу элем, турникке тартынып  кыймылдап тургандыктан белим такыр оорубай калды. Өзүмдү аябай жеңил сездим. Колдон келсе спортко көңүл буруш керек экен. Азыр балдарымды дагы спорт менен машыккыла, күрөшкүлө деп залга жиберип жатам. Үч уулум бар. Улуусу 20 жашта. Үчөө тең мага окшоп залга барып спорт менен машыгышат.

-Мелис Турганбаевди жакындан тааныйсызбы?

-Ооба, жаш кезде бир залда күрөшүп машыкканбыз. Кийин байланышпадык. Бул жолу кайра чогуу болдук. Мелис Турганбаев 15 жылдан бери спорт менен машыгат экен. Сууда сүзөт экен, күрөшөт экен. Польшада өтчү күрөшкө  ал дагы катуу даярданыптыр. Жыйынтыгында коло медалга ээ болбодубу.

-Буга чейин дүйнөлүк аренада күрөштүңүз беле?

-Былтыр Грецияда өткөн ардагерлер арасында күрөшкө катышып 95 килограмм салмакта күрөшүп алдыңкы орунга чыккам. Быйыл 97 килограммга чейинки салмакта күч сынаштым.

-Сиздердин жеңишке ээ болушуңуздарды мамлекет кандай баалады?

-Мамлекет эч кандай деле баалап, жеңип келдиңер деген жок. Азырынча эч ким деле куттуктап, эч нерсе айта элек. Польшага барчу жол киребизди өзүбүз төлөп бардык. Башка жактын спортчуларын барып келген жол киресин мамлекет төлөп берет экен. Биз ушинтип өзүбүз төлөп келдик десек ишенишпей, аябай таң калышты. Мелис Турганбаев экөөбүз тең эки медалды алып кетсек ого бетер таң калышты. Себеби башка жактын спортчулары  биздей болуп экөө эле барбай, бери дегенде 20 спортчу келиптир. 20 спортчу биригип, бир же эки медаль алып жатышты да. “Силер болгону экөөңөр келген экенсиңер, анан экөөң эки медалды алып кетесиңерби” деп суктанып да, таң калып да жатышты.

-Дагы канча жашка чейин күрөшөсүз?

-Кудай күч-кубат берсе 60 жашка чейин күрөшөм деген ой бар. Америкада 60 жашка чейин дүкүлдөп күрөшө беришет эмеспи. Бизде болсо кырктын кырына чыкпай шылкыйып карылыкка моюн сунабыз. Антпешибиз керек. Жаш кезден спортко жакын болуп спортту сүйсөк өмүрүбүз ошончолук узак болооруна менин көзүм жетти.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

Арданган Адамкулова, чычалаткан биз...

Ушу тапта “Фабула пресс” басылмасынын үстүнөн  баарыбыз окуп бүткөн, алтын уябыз Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин төрайымы Чынара Адамкулова Ленин райондук сотуна “Жарандын ар-намысын, кадыр-баркын ишкердик беделин коргоо жана моралдык зыянын компенцациялоо жөнүндө ” арызын жазып, натыйжада бул иш Фемида өкүлдөрү тарабынан кабыл алынып, карала баштады.  Көрсө университеттин ректору биздин басылманын №50 санына чыккан “Алкымы чоң Адамкулова, алсыз министр” деген макалабызга арданып, макалада айтылган кеп-сөздөн кийин беделине шек кетип,  кадыр-баркы ошол күндөн ушул күнгө төмөндөгөндүн үстүндө болуп, эл карай албай, моралдык жактан “сынып” калыптыр…

Кокуй, кайдан да, эмнени жаза койдук эле деп макалага көз жүгүртсөк, ал жерден анчалык деле жүрөктү түшүрүп “ап-аптай” турган одоно, ойдон чыгарылган, ректор айымдын кадырын күбүп күлгө айландырчу атайын каралоо, жаман атты кылуу, жалаа жабуу деген жок экен. Болгон ачуу сөз – “Бир жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз билим берүү системасында өз орду бар, жогорку окуу жайлардын флагманы болуп келген Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин ректору болуп Чынара Адамкулова шайлангандан бери окуу жайда чыр бүтпөй келет. Бүтүндөй окутуучулар жамааты каршы болуп, билим берүүчү агай-эжелер ректордун интригаларынын арты менен уйдун бөйрөгүндөй бөлүнүп, тараптар арызданбаган орган деле калган жок. Бирок буга өкмөт, парламент өзү киришип дагы чекит кое албады. Анткени азыркы  ректор анык ажыдаардын нак өзү көрүнөт”, бүтүндөй бийлик вертикалын чымын чаккандай көрбөй өз билгенин жасоододеп жазганыбыз профессордун безине тийиптир. Ошондой эле биз эмес бир катар ММКларга чыккан, окутуучулар жамааттары өздөрү кайрылуу катары жарыялашкан макалалардагы каржылык маселелер, институттардын лизенциясы, сырттан окуган студенттердин келишимдик негиздеги акча которуулары, окутуучулардын бирин-бирин жамандоосу жана башка толгон токой фактылардын баарын Чынара Адамкулова жалганга чыгарып, анын мындан аркы ректор катары ишин улантууга “Фабула пресстеги” ошол макала чоң тоскоол жаратып “колун байлап”,  коомчулук аны “сүткор” катары таанып, натыйжада “нравалык азап чегүүлөргө тушуккан” ага  гезиттен сот өндүрүп бере турган 1 млн. 758 миң 310 сом гана жардам болуп, кеткен кадырын кайра ордуна кайтарып келээри айтылган экен. Ооба, бул жерде ажыдаар деген “коррупция” деген эле түшүнүк. Мындай сыпатталышты президентибиз Алмазбек Атамбаев киргизип, “Коррупция деген жети баштуу желмогуз” деп айтканы бар. Андыктан улуттук университеттеги каржылык, кадрдык мыйзам бузуулар боюнча далай жазылып, айтылып, бирок ага не укук коргоо, не фискалдык органдардын жетиштүү реакция жасабаганы, окуу жайды так ошол жети баштуу желмогуз ээлеп алганбы деп шекшидик да. Бирок “Адамкулова жети баштуу ажыдаардын нак өзү” деп аны 100 пайыз коррупционер кылып салбаптырбыз. Болгону боолголоп, “ай, ушул жерде бирдеме бар окшойт” деппиз. Анын эмнесине чычалаш керек?!

Ошону менен келерки жумада экинчи ирет сот отуруму өткөнү турат. Биз дагы өлкөдөгү кадыр-барктуу, салмактуу басылма катары соттон Чынара Адамкулова тараптан кечирим суроого эмес, ага айткан-дегендерибизди негиздей турган кагаздарыбызды иреттеп шайма-шай турабыз. Анткени сырттагы бизди мындай кой, ошол окуу жайда эмгектенип жаткан жүздөгөн окутуучулар өздөрү бизге “баалуу” кагаздарды эчак эле жеткирип, ректор танып кете алгыс аргументтер колубузга жеткен соң жогорудагыдай макалалардын бир эмес, бир нече сериясын жазганбыз. Керек болсо, азыр дагы ректордун реформаларын сындаган макалалар күн сайын кат куржунубузга түшүп,  маалыматтык боштугубузду толтуруп жатышат. Ал арада ректордун ишмердигин караган депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы да дайын болуп, анда биз жазган фактылардын иш жүзүндө болгондугу тууралуу далилдер жетиштүү болуп калганы туру.

Баса окуу жайдын эсебинен өзү чет өлкөдө жүрүп Кыргызстанга телефон чалып, 15 миң сомго сүйлөшүп койгонун Чынара Адамкулова өзү деле тастыктаптыр болчу. Ошондой эле каржылык мыйзам бузуулар боюнча башкы бухгалтер баштаган кызматкерлердин үстүнөн иш козголгону да факты. Кадрдык дайындоолорундагы калпыстык боюнча өткөн саныбызда кеңири жазып чыгардык. Окуу жайдагы кыбыр эткен каржы кыймылын бир гана банк аркылуу жүргүзүү, студенттерге турникет алабыз деп салык салуу боюнча биз эле эмес, ЖКнын депутаттары да маселе көтөргөн. Демек Чынара Адамкулова биз менен соттошо турган болсо мына ошолордун баарын менен соттошуусу мыйзамга ылайык. Андыктан а дегенде ИИМден КУУдагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча ачылган кылмыш ишти жаптырып, депутаттарды кечирим суратып, андан кийин анан биз менен маселени териштирип алса оң болоор. Баса, биз дагы сотко келе жатканда ректордун иштөөгө жарамсыздыгы боюнча саламаттык сактоо мекемелеринен тастыктамасын, аброюнун төмөндөп кеткени боюнча окуу жайдан соцопрос, “ректордун шыкагы жок эле өзүбүз бөлүнүп-жарынып жатабыз” деген мугалимдердин түшүнүк каттарын ала келүүсүн суранып коелу, алдын-ала. Сотту создуктуруп не керек?!

Булак: Фабула 

Меню