Menu

Бишкек милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун милиция ардагерлерине көрсөткөн кордугу

Самат Курманкулов деген Бишкек ИИБнин башчысы бар эмеспи, сойкуларга согуш ачкан. Мына ошол жигит ачендик болгону кадимкидей каада күтүп каадаланып калганына не дейбиз. Аз күн мурун ИИМдин отставкадагы полковниги редакциябызга баш багып, Курманкуловго кире албай ындыны өчүп келатканын кеп кылды. Ал полковник байкебиз ички иштер тармагында 30 жылдан ашуун эмгектенип, далай кылмыштардын бетин ачууга өз салымын кошуп келген. Мына ошол 30 жылдан ашуун эмгегин баалабай, кечээки эле жаш балакайлар кабыл албай, жардамчысы аркылуу сиз “гражданскийсиз” да, жазылып анан кириңиз, азыр кабыл ала албайт деп сылык-сыпаа узатып жибергенин айтып кейип, жадагалса министрге киргенде да мынчалык кордолбогонун кошумчалады. Чындап эле отставкадагы ИИМдин ардактуу ардагерлери Бишкек ИИБнин башчысына кире албаса, анда жөнөкөй жарандарыбыз кайдан кирмек. Бул жагы кандай болуп кетти Самат мырза? Ак же көк деп койбойсузбу?

Булак: Фабула 

 

Жакупованын жаңжал жыттанган чакырыгы

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова Жогорку Кеңештин депутаттарынын аброюна шек келтирген, өзүн башкалардан өйдө сезген билдирүүлөрдү акыркы кездери арбын айта баштады. Алсак, өткөндө оппозициянын курултайында ачык эле бийликке «депутаттардын 95%ы жатып беришти» дегенди айтты.  Муну менен ал эл өкүлдөрүнүн инсандык сапатына, аброюна көө жапты десек жарашат. Бул аз келгенсип, элге карата «мына силерди канча жолу мал» деп айтты, «отура бергиле ошентип мал болуп» дегенди айтып чагымчыл маанайдагы чакырык таштады. «Саясаттан, Жогорку Кеңештен тажадым мандатымды тапшырам» – деген Чолпон айым тажаганы чын болсо чагымчыл сөздөрдү айтпай, мандатын тапшырып берип үйүндө тынч отурбайбы?.. Ага эрки жетпесе, калп эле элге жакшы көрүнүмүш болгон, түпкүлүгүндө  жаңжал жыттанган чакырууларды жасабай шүк отурса болмок. Отура албай жатса, оозун чойдурбай тизгинин тартып коюш керек, азанатпай…

Булак: Фабула 

Максим Бакиев доодон кутулабы?

Кыргыз өкмөтү Максим Бакиевден 20 миллион фунт доону өндүрүүнү  процессуалдык жагдайларды тактаганга чейин убактылуу токтоткону маалым болду. Айрым адистер бул жагдайды Кыргызстан эл аралык сотторго катышуу, доо өндүрүү иштеринде тажрыйбасыздык кылып жатат деп баалашты. Эске салсак,

Өкмөткө караштуу Сот өкүлчүлүгү борборунун маалыматы боюнча ушул жылдын апрель айында Социалдык фонд менен Өнүктүрүү фондунун атынан Лондондогу Жогорку сотко арыз жөнөтүлгөн. Анда Максим Бакиев менен “Азия Универсал Банк” жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мурунку жетекчиси Михаил Надель бул фонддорго ири каржылык зыян келтирген, мунун айынан “Азия Унверсал Банк” банкрот болгон деген айып тагылган. Максим Бакиевге Социалдык фонддун “Азия Универсал банктагы” эки миллиард сомун кымырып кеткени боюнча кылмыш иши козголуп, 2014-жылы сот аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. Аны менен кошо бул банктын Директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Надель менен MGN group компаниясынын жетекчиси Евгений Гуревич да айыпталган, экөө тең 25 жылга сыртынан кесилген. Сот алардын үй-мүлкү конфискацияланып, үч миллиард сом өндүрүлсүн деген чечим да чыгарган болчу.

Булак: Фабула 

Текебаевдин акыркы дүрмөтү...

Өмүрбек Текебаев учурда Алмазбек Атамбаевге карата акыркы дүрмөттөрүн пайдаланып жаткан кез. Дегенибиз, буга чейин президентти жаманатты кылууга болгон аракети суу кечпей, коомчулук тарабынан колдоо таппай калгандан улам, эми “бийлик мени жок кылып коюшу мүмкүн, менин өмүрүмө кол салуу уюштурулушу мүмкүн” дегенди каңкуулап, жыландын башын кылтыйта баштады. Башында дүпүрөтө жан сакчыларды алып жүрдү эле, акыркы учурларда жалгыз эле көчө бойлоп басып калганын көргөндөр кеп кылып жатышат. Минтип жалгыз ээндеп басканынын сыры, балким өчөшкөн кимдир бирөө кол салып ден соолугуна залал келтире турган болсо же өзү деле жасалма түрдө өзүнө кол салуу уюштуруп, “мына айтпадым беле Атамбаевди сындаганым үчүн мени жок кылууга аракет кылышты” деп оюн кылышы мүмкүн. Муну Текебаевден күтсө болот. Дал ушундай фокустарды жасап жибербеш үчүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Текебаев макул көрсө башынан бир тал чачы түшпөй тургандай коргоого алууга даяр экенин маалым кылды.

Булак: Фабула 

Кой союшуп, уча тартышкан

Өткөн саныбызда “Өзгөндөгү өзгөчө той” деген аталышта маалымат жарык көргөн. Анда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын Өзгөн районунун из кубарлары кесиптик майрамын белгилешип, жылкы, 5-6 кой союшуп аябай тойлошкону айтылган. Маалымат жарык көргөндөн кийин редакцияга жооп келиптир, анда бир эле кой союшуп майрамдашканы жазылган. Ал түгүл пресс-конференция да берип жиберишти,  жазылган маалымат чындыкка коошпойт деген өңүттө. Бирок бир эле кой союшса, анда прокурорго тарткан уча кайдан чыкты деген суроо туулат. Мүмкүн эстеринен чыгып кеткендир. Бирок үйүнө уча көтөрүп кеткен  прокурор унутпаса керек. Балким чындыктын бетин ачаар… Айткандай бул боюнча видео тасма да бар экен. Тандыра койбос… Кызыгы, тойлошконун жашырып эмне мынча акчыланышат? Кесиптик майрамын шылтоолоп көптөрдөн калың конверт алышканына чочулап жатышкандан сообу булар…

Булак: Фабула 

Мамлекеттик казынага суук колун салган Сайдулла Нышановго Атамбаевдин сыйлык бергени кантип акылга сыйсын? Шермендечилик!

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата өлкөгө эмгеги сиңген бир катар жарандарга 11-октябрда сыйлыктар ыйгарылды. Албетте сыйлык кандай критерий менен өлчөнүп тапшырылды деген маселе өзүнчө чоң сөз. Биздин айтайын дегенибиз, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун “Даңк” медалынын алышы далайдын оозун Ошту каратты. Дегенибиз, президент 2010-жылдагы мародерлук боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү табуу боюнча буйрук берип иликтөө иштери жүрүп жатканда Нышановдун сыйлык алышынын өзү парадокс. Анткени 2010-жылдагы революциядан кийин мамлекетке кайтарылган Максим Бакиевдин БНК май куюучу станцияларын дал ушул Сайдулла башкарып, кийин аны 3 миллион долларга сатышып, андан соң кайра 39 миллион долларга Россиялык “Росснефт” компаниясына сатышып, ортодо мамлекетти 36 миллион долларга сызга отургузушкан. Бул деген талап-тоноочулук деген эле сөз да. Мындай махинациянын башында БНКны башкарган дал ушул Нышанов турган. Анан мамлекетке түшчү каражатты будамалап суук колун салган немеге казынаны кагып алган көз боемочулугу үчүн сыйлык берилгени кантип акылга сыйсын? Чыныгы шермендечилик ушул эмеспи?..

Булак: Фабула 

Тышкы саясат аласалдырып баратпайбы?

Кимдир бирөөдөн өч алуу үчүн кимдир бирөөнүн көңүлүн алуу менен саясат аттуу дөө шааны куурчак кылып, күнүмдүк кызыкчылыктын кулу болуу- өтө опуртал жол экендигин дүйнө тарыхы көзгө сайып көрсөтүп турат. Балким ким бирөө үчүн бул сабак эместир, анткени өтүгү өзүнүкү, демек төрү кайда качмак эле. Мисалга, Кыргызстан  Орусия, Түркия менен санаалаш, жакын өнөк болуп келгендиги маалым.Орустардын түздөн түз көрсөтмөсү менен жашап жатканыбызды жаап-жашырууга болбос. Ал эми түрктөр огеле  көп жардамды бергенин кечээ эле мактанып айтып жүрүшкөн. Бүгүнчү?  Саясатта 180 градуска бурулуп кеттикпи жүзүбүз тайып? Айтуу кыйын. Бирок президент Атамбаевдин Грузияга жасаган сапарында президент Атамбаев кыргызга котур ташын ыргытпастан тынч эле , өзүнүн арабасын кылдыратып сүйрөп келаткан Украинага бөөдө эле,  түз айтканда деле орунсуз асылып, керек болсо келекелеп, эки революциянын чоң автору катары чоң ата боло койгону кимдир бирөөнүн акырына жем таштагандай болду. Эки башка кырдаалга түшүнө бербестен  туруп, көкүрөгүн кагып койгону тууралуу Порошенкодон   укчу сөзү толтура. Ишене бергиле.

Экинчиден, Тбилисиде Грузиянын биримдиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койгонун  да кимдир бирөө эртең эсине салат. Анткени, бул эстеликтин бетине ар кайсыл мезгилде Орусия менен болгон согуштарда курман болгон 3,5 миңден ашуун адамдын аты-жөнү, анын ичинде 2008-жылдын 8-августунда Орусиянын агрессиясынан курман болгондордун ысымдары бар. Ойлончу маселе бекен? Орустар дүлөй эмес го акыры… Андан да ары кетип, Атамбаев Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү катары таанып,  Грузиянын аймактык бүтүндүгүнө батасын берип салды. Орусия бул республикалардын эгемендүүлүгүн тааныгандыгын  эске алсак, тышкы саясатыбыздагы кадам чукул бурулуп кеткенин паамдасак болчудай. Кай багытка? Бул да чоң собол.

Тбилисини ыраазы кылган гүлчамбар, аймактык бүтүндүктү таанууну албетте АКШ, Европа кош колдоп кубатташты. Орусиячы? Балким, эми бу шок үкөбүз Жириновскийдей айтса айткандыр, андан эч кимге зыяны жок. Керектүү маалда колуна чыбык менен катуураак уруп койобуз, деп койушабы? Мүмкүн.

Кезекте Армения бар. Ушу тапта  президент Атамбаев кудум ушул өлкөдө…Дагы эмнени айтып жиберет экен деп көздөрүн жумуп, кулагына кебез  тыгып олтургандар толтура. Бирок сөзсүз бир” жаңылыкты” ачат . Анткени, ал  деген Алмазбек Атамбаев… башкача кыла да албайт….

Калдар Шерматов

Осунбек Жамансариев, 7-апрель окуясынын адвокаты: “Жолдошеванын демилгеси да саясый оюн болуп жатат”

– Жылдыз Жолдошеванын 2017-жылкы бийликке Убактылуу Өкмөттүн бири да келбеши керек деген демилгесин колдойсузбу?

– Жылдыз эже 2017 – жылкы бийликке Убактылуу Өкмөттүн бири да келбеши керек деген демилгени июнь окуясы жана  банктардагы ячейкалардан алынган каражаттар,  мародерлукка шектелгендер  боюнча айтып жатат. Бирок  бул имиштер далилденбей, ачыкка чыкпай, саясый курал катары колдонулуп жаткансыйт… Ошондуктан Жылдыз Жолдошеванын демилгеси да саясый оюн болуп жатат. Себеби, Убактылуу Өкмөттүн  мүчөлөрүнөн ролдору өз учурунда абдан чоң болгон. Алар азыр да Кыргызстандын калыптанышына, өсүшүнө өз салымдарын кошуп  жатышат.

Булак: Асман плюс

Жаш окумуштуулар токой чарбасы боюнча конференцияга чогулат

2016-жылдын 17-октябрында саат 10. 00до (Карагачева роща көчөсү 15те) КР Улуттук илимдер академиясынын П.А.Ган атындагы токой институтунда “Евразия токойлору – ТЯНЬ-ШАНДЫН БЕРМЕТИ” аталган жаш окумуштуулардын XVI Эл аралык конференциясынын ачылышы болот. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

16-22-октябрында КР УИА жана Москванын мамлекеттик токой университети жана КР УИАнын токой жана жаңгакчылык институту биргелешип, КР токой чарба министрлигинин колдоосу менен жаш окумуштуулардын “Азия токойлору” ХVI Эл аралык конференциясын өткөрөт. Бул жылы иш-чара  “Евразия токойлору – ТЯНЬ-ШАНДЫН БЕРМЕТИ” деп аталып, Кыргызстанда токой илимин негиздөөчү, атактуу окумуштуу Петр Алексеевич Гандын туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган.

КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага оңтойсуз суроолор?: Алыңыз жетпеген да ЖОЖдор барбы?

Кымбаттуу министр айым!

Учурда ондогон студенттер Кыргызстандагы Кыргыз-Орус билим берүү Академиясына (КРАО) нааразы болуп, какпаган эшиктери калбай, акыйкаттык издеп жүрүшөт. Алардын армандарын уксак, 2015-жылкы абитуриенттер Жалпы ЖТРден жетиштүү балл ала албай калып, жогорку окуу жайга тапшыруу кыялдары кыйрап турган маалда, аталган Академиянын кызматкерлери алардын үмүтүн жандырып, “Бизде ЖТРи жок эле окууга кабыл алынат, биз Кыргызстандын эмес, Орусиянын билим берүү программасы менен иштейбиз, биздики Орусиянын лизенциясы, дипломуңар да Орусиялык үлгүдө болот” деп абитуренттерди чакырышат. Ошону менен алар бир жыл бою орус-кыргыз академиясында окуп, 19 миң сом бир жыл окууга төлөп, келишимдик негизде окуп келишет. Бирок 2-курска баш багаар алдында окуу жайдын жетекчилиги аларды ар кандай шылтоолор менен куугунтукка алып, “Орусиянын ЖОЖдорунда окугула” деп сыртка чыгарып коюптур. Алардын айтымында, академия акыркы үч жылдан бери бүтүрүүчүлөргө орусиялык үлгүдөгү диплом бербей келген имиш.

Ал эми окуу жайдын жетекчилиги болсо бул аракеттерин толук кандуу мыйзамдуу катары санап, “келишим боюнча алар окуусун Орусия, Казакстандан окууга милдеттүү болчу. Бирок өздөрү сырттан окууга барбай жатышса биз күнөөлүбүзбү?!” – деген так кесе жооп беришиптир.

Ушундан улам, министр катары мындай башаламандыкты токтотууга эмне тоскоол болууда? Кыргызстанга мейли Орусиядан, мейли Кытайдан, ал турсун Кембридждин өзүнүн филиалдары ачылсын, бирок КРнын Билим берүү министрлигине баш ийип, атайын мыйзамдардын алкагында ишмердигин улантуусу керек го? Же ар ким эле келип ата-энелердин араң тапкан акчасын шыпырып, сапатсыз билим берип, кааласа диплом берип, каалабаса студенттерди көчөгө айдап сала берсе сизге мейлиби? Айрыкча акыркы жылдары ушундай ортодон эптеп каражат таап алууну каалаган окуу жайлар көп ачылып, абитуренттердин башын айлантуу менен эптеп эле отурган окуу жайлар арбыды. Бирок билим берүүнү реформа кылам деп келген сизден мындай “плагиат” окуу жайлар боюнча жарытылуу иш кылганыңызды көрө албадык? Алыңыз жетпей жатабы же сиз деле ушинтип ара жолдо калган студенттердин тагдырына кайдигерсизби?

Булак: Фабула 

 

Кубанычбек Нурматов, ЖК депутаты: «Коомдун аң-сезимин тарбиялоо зарыл»

– Бул чакырылыштагы Эл өкүлдөрүнө ыраазы болгон адам аз, парламентти таркатуу керек дегенге кошуласызбы?

– Биринчиден, бул парламентти эл өзү шайлаган. Экинчиден, парламенттин түзүлгөнүнө бир гана жыл болду. Көп ишке ашыруучу иштер бар. Биз ошону аткарышыбыз керек да. Парламентти кааласа таратып, кааласа жаңысын апкелгендей бул оюн эмес да. Эл сабырдуу болушу керек. Мен ар кандай жолугушууларда дагы айтып келем көпчүлүк учурда эл өзү катачылык кетирип, туура эмес чечим чыгарышып, көп нерсени тереңинен аңдабастан ката кетиришет, муну моюнга алуу керек. Бул жакта алты партия ишин алып барып жатат, коалиция түзүлгөн. Парламент тандаган адамдар министр боло алат, жана мыйзам чыгарууда алгач парламент чечим чыгарып анан президентке жөнөтүлөт. Албетте катачылыктар болуп жатат, бирок бирөө жаман болсо анын артынан баарын жек көрүүнүн кажети жок. Биз иштешибиз керек да, туурабы. Эң алгач эл өкүлү катары элиме кайрылат элем. “Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот” деген улуу сөз бар, ошол сыңарындай ар бирибиз өзүбүздөн тазалыкты баштообуз керек. Ошондо гана таза коом түзүлөт, келечекке карай ишенимдүү кадам таштай алабыз. Ал эми болбогон кепке аралашып, ээрчиме болуп кете берсек анда эч кандай майнап чыкпайт, коомдун өлгөнү ошол болот.

– Кыргызстандагы саясаттын системасы кандай? Бул кыргыз менталитетине ылайык саясатпы же таңууланган саясатпы?

– Негизи айтат элем, башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин мамлекеттин саясаты асман менен жердей. Бизде сөз эркиндиги чексиз берилген. Азияга демократиянын келиши алгач Монголиядан башталган. Ал эми Орто Азияда Кыргызстанда башталган. Кандай болгон учурда дагы ачык айтып кээде чектен дагы чыгып кетип жатабыз. Биз бийлик менен укугубузду талашканга чейин баруудабыз. Бир чети туура бирок муну дагы колдоно билишибиз керек. Ортодо сепаратисттик чагымчылдык кылуунун кереги жок. Менимче, бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясат стабилдүү.

– Акыркы учурда шылдыңга анан жылдызга айланган кесиптештериңиз четинен саналып чыга баштады? Буга кандай карайсыз? Эл ишенген эл өкүлдөрү эл турмушунан кабары жоктугу өтө уят нерсе го…

– Ооба, бул маселе албетте абдан кейиштүү. Туура айтасыз, уят нерсе. Сөздү ойлонуп сүйлөө керек. Бул албетте кабардын жоктугунда, иштин анализденбегенинде. Ар бир маселени козгоордо алгач изилдөө жүргүзүү керек, статистика деген болот. Анан балп эттирип айтуу эң оболу эл өкүлдөрүнө уят нерсе деп эсептейм. Негизи эле динди саясатташтыруунун кереги жок. Кээде мыйзам киргизерде ошол алып чыгуучу маселе анализденбей келет. Ошонун кесепетине көп нааразычылык туулууда. Тээ Союз учурунда эле адамдын жашоо турмушуна, маданиятына ылайык мыйзамдар иштелип чыккан, бирок жашоо бир ордунда турбайт ошондуктан шартка жараша Конституцияга жана башка керектүү Мыйзамдарга өзгөртүү киргизип туруу зарыл. Бирок ушул эле учурда Мыйзамдарды өзгөртүп коюп эле койбостон, алардын туура, так иштешин катуу көзөмөлдөшүбүз керек. Себеби, мыйзамдын аталышын өзгөрткөн менен заты ошол бойдон калып жатпайбы, туурабы. Мисалы, кылмыштар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизсек ал башкача болуп калбайт Ошол эле уурулук, адам өлтүрүү жана башкалар кала берет. Биз мындай нерселерден алыс болуп коомубузду жумуш менен камсыз кылууну ойлонушубуз керек. Эгерде жумушчу орундары көп болсо кылмыш дагы азаят. Ошол эле совет доорунда адамдардын 94-95 пайызы билимдүү деп эсептелчү, мейли ким болбосун. Азырчы, билимсиздердин заманы, кайры сурагандар көбөйдү өзгөчө жаштардан көп кезикчү болду. Бул мамлекетибиздин деградацияга учурап, коомдун бузулуп баратканына кабар берет. Эң оболу коомдун мүнөзүн түзөшүбүз керек. Миграция дагы азаят эле. Мисалы ар бир аймакка өзүнүн баалуу сырьёсуна жараша ишканаларды ачып берсек эмнеге болбосун. Мисалы, Нарынга эт иштетүүчү, Таласка фасоль иштетүүчү, Баткенде өрүк жана башкалар. Бул эң сонун кризистен чыгуу маселеси. Албетте башында чыгым көп болот бирок биз муну менен көп нерсени сактап калып жатпайбызбы. Эң негизгиси сырткы миграция токтойт эле, ар бир үй-бүлө өз үйүндө болуп эч кандай ажырашуулар болбойт эле, бала эне мээримин, атанын тарбиясын алып чоңоёт. Булар буюрса ишке ашат деген чоң үмүттөмүн.

– Кумтөр боюнча эмне дей аласыз? Экс-депутат Садыр Жапаров жакында ал жакта катастрофа болуп, уулуу заттар жайылат деп какшап келүүдө. Эмне үчүн бул маселеге тез арада чара көрбөй жатасыздар?

– Кумтөр бул мамлекеттин орчундуу маселеси. Каражат жагынан дагы экологиялык жактан дагы алып караганда курч маселе.  Бул боюнча атайын адистер бар алар иш алып барып жатышат, кумтөр маселеси каралбай унутта калды дегенден алыс болуңуздар. Экотехинспекция бул жаатта көп жумушту алып барып жатышат. Тээ мурун Акаев, Бакиев убагында Кумтөр маселеси боюнча көп катачылыктар кеткен, азыр ошолордун азабын тартып жатабыз. Кумтөр азыр Кыргызстанга экология боюнча 15 миллиард жана соцфондго 3,5 миллиард сом карыз. Негизи чет өлкөлөрдө салык карызын төлөбөй коюуу катуу жазага алынат. Бул жана башка маселелерди чечүү үчүн аларды сүйлөшүү процессине көндүрүү керек. Бул үчүн керек болсо атайын рычагдарды иштетүү керек. Мен ойлойм Өкмөттө тиешелүү рычагдар жетиштүү деп. Эгерде уулуу заттар жайылып залакасы тийсе бул дүйнөлүк масштабдагы катастрофага айланат. Коңшу мамлекеттер анда жеп жутат кыргызды. Буга жеткирбей ошондуктан тез арада чара көрүү керек деп ойлойм.

– Эми саясаттан тышкаркы суроо, маданият , тил маселеси? Эмне үчүн кыргыздын баалуу сапаттарын биз глобалдуу проблемага айлантып салдык?

– Биз эң оболу адабий тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Эгемендикти алганга чейин аралашма тил болуп калган. Бул маселеге эми көңүл бөлүнүп терең изилдене баштады. Буга мисал жакында өткөн көчмөндөр оюну. Карагылачы кыргыздын улуулугун, нарктуулугун бүткүл дүйнө жүзү таанып билди. Мында кыргыз улуу эл экенин далилдеди. Биздин брендибиз ушул көчмөндөр оюну болушу керек. Бул маданият жаатында ал эми тил жаатында биз көп нерседен уттуруп жатабыз. Себеби, коом жаңыланган сайын кош тилдерди биринчи орунга коюп эне тилди унутта калтырууда. Ар бир аймактын ар бир айылында бул маселеге терең көңүл бөлүү зарыл. Жада калса улуттук тилди билбегендерге, билип туруп аны үйрөтпөгөндөргө жаза катары салык же болбосо коомдук иштерге салуу керек. Анан эң оболу ЖОЖдордогу бүтүрүүчүлөр менен тыгыз иш алып баруу зарыл. Аймактык тажрыйба алмашуу программасын түзүп аны үч жылга бекитүү керек. Мына ушундай катуу тартип менен гана тилибиз, маданиятыбыз алдыда болуп эч кандай маселе туулбашы керек.

– Тарбия тууралуу… Интернетмания тээ бешиктен бели чыга элек баладан баштап алтымыштан ашкан аксакалдарга чейин басып алгандай. Мисалы чет мамлекетте интернеттин көпчүлүк сайттарын тыюу салынган. Эмне үчүн Кыргызстан бул тартипти колдонбойт?

– Эң туура айтасыз. Интернет оорусу азыр кыргыз коомун маңкуртка айлантып баратат. Мектеп окуучулары бул азгырыксыз күнүн өткөрбөй калды. Мына жакында эле интернет тармакка чыгып кеткен окуучу кыздын маселеси. Бул өтө уят нерсе, бул өтө кейиштүү маселе. Бул жаатта билим министрлиги менен биргеликте тыгыз иш алып баруубуз зарыл. Мектептерге телефон алып барууга тыюу салуубуз керек. Менин жеке депутаттык ишим ушул тарбия жаатында. Эгерде келечегибизди татыктуу тарбиялап азыртадан баштасак кийинки он жылдыкта мындай глобалдуу маселелер түп тамырынан жок болот.

Назира Кулболдиева

Булак: Асман плюс

Башкы Прокурор Индира Жолдубаевага оңтойсуз суроолор?: Оштогу “кылым коррупциясына” качан чекит коюлат?

Урматтуу Индира Ырысбаева!

2010-жылкы Ош коогалаңынан кийин экинчи борборго курулган турак-жайлардан келип чыккан коррупциялык иштердин аягы кандай болду, Эсеп палатасы таап чыккан 118 миллион артык баш каражат сарпталганы боюнча иштерди күнү бүгүнкүгө чейин Башкы прокуратура аныктап чыга албаганы эмнеси? Бул боюнча парламент дагы атайын комиссия түзүп, жыйынтыгында Башкы прокуратурага атайын ишти укуктук жактан иликтеп чыгуу боюнча токтом кабыл алынды эле, анын да токтоп турганына эмне себептер бар?

Артыкбаш чыгымды айтпаганда да, курулуш сапатсыз курулуп, дубалдары жарылып, бөлмөлөр урай баштаганы, тургундар коопсуз жайларга көчүрүлүп, ушу тапта 60-батирлүү беш кабат үйдүн кароосуз абалда турганына эмне үчүн бүгүн кылмыш иши жанданбай турганына Ош шаарынын тургундары эле эмес, жалпы эл таң калып турган кербези.

Ооба, бүгүн ал кездеги үйлөрдүн курулушун көзөмөлгө алган Ош жана Жалал-Абадд шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекцияны ким башкарганы, ал эми курулушту кайсы бир эле топтордун 3 башка курулуш компаниялары курганы, каржылоо учурунда баалар атайылап асмандатылып, ортодон миллиондор уурдалганы сокурга деле маалым. Болгону, эмне үчүн башкы прокуратура ушул фактыларга келгенде эле ташбака жүрүшкө түшүп калып жатканы табышмак болуп турат. Балким жандырмагын ачык айтып салаарсыз..?

Булак: Фабула 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Америкалыктар орустарды ойрон кылганга даяр”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Биздин тышкы саясаттагы ориентациябыз Россия эмеспи, балким ошол багытыбызды башка бир чоң мамлекеттерге буруп, түздөнсөк кризистен чыгып кетебизби?

– Кытайдын жылдан жылга эли да көбөйүп, өндүрүшү да жогорулап атыптыр. Кыргызстан бул өлкө менен соода-сатык алака кылса, биздин мамлекетке пайда гана болот. Кредиттерди алсак, товар алсак жолубуз ачык болуп,  пайдалуу болот экен. АКШнын түндүгү Аляскада эмнегедир ээнсиреп жымжырттык каптап турат. Түштүгүндөгү шаарларында кымкуут, башаламандык болуп, мигранттар өтө эле көбөйүп кетиптир. Бирок, Америка мигранттардын баарына жардам берип жатат. Ошонун арасында биздин кыргыздын мигранттары да алардын жардамын алып жатат. Ал жакта мигранттар иштебесе да акча бөлүп берип жатышат.

Америкалыктар Россияны басып алсакпы деп ойлонушкан, бирок орустардагы ядролук куралдан чочулап, ал ойлорун ишке ашыра албай жатышат. Түрктөрдү тукуруп, курал берип орустарга каршы койгулары келет экен. Түрктөр кокус орустарды  жеңип баратканын байкап калышса,  орустарды биротоло ойрон кылмакка өздөрү да даяр турушат.

Булак: Асман плюс

Рыскүл Бабаева, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары: "Элибиздин эмгектик укугун коргоо башкы максатыбыз"

Кыргызстан профсоюздун Борбордук Комитети тарабынан элибиздин социалдык, экономикалык, эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп келүүдө. Алар КР “Профсоюздар жөнүндө”, “Кесиптик союздар жөнүндө”, “Эмгек мамилелери жагынан социалдык өнөктөштүк жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алышып, экономикалык-эмгектик мамилелердин чыңдалышына, социалдык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө, профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого олуттуу салым кошуп келатышат.

16-октябрь, 2015-жылы КПФ ХХIII кезектеги  өткөн сьездинде мурдагы КПФ ишмердүүлүгүнө катуу сын көз караштар айтылып,  жаңы жетекчилик шайланган. Сьезддин делегаттары “КПФ 2015-2020-жылдарга ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары”, “КПФ ХХIII сьезддин делегаттарынын Жогорку Кеңешке жана КР Өкмөтүнө кайрылуусун” кабыл алышкан.

Профсоюз тармагында көп жылдар бою иштеп, бай тажрыйба топтогон Жанадил Абдрахманов анын орун басарлыгына профсоюздун бардык тармагында талбай эмгектенип келаткан Рыскүл Бабаева бир добуштан шайланган. Жетекчилик иш ыргагын жаңыча баштап, биринчи кезекте карапайым калкыбыздан тарта, жумушчу-кызматкерлердин эмгегин ар тараптан коргоого, эс алууга, кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууга, окуучулардын жана окумуштуулардын кадыр-баркын көтөрүүгө, эмгек шарттарын  жакшыртууга байланышкан иш-чараларды алдыга койгон.

 Жакында Рыскүл Бабаеванын төрагалыгынын алдында “Бүткүл дүйнөлүк кайратман – эмгек күнү” белгиленип,  “Профсоюздар жөнүндө” мыйзамга ылайык алдыга иштиктүү милдеттерди коюу аларды иш жүзүнө ашыруу, акыйкатуу чечимдерди кабыл алуу, уюштуруу иштерин так, таасын жүргүзүү, тармактык профсоюз уюмдарына адилеттүү башкаруу сыяктуу маселелер үстүндө  журналисттер менен  талкууларды уюштуруп,  КПФнын алдыдагы милдеттери, аткаруучу иш-чаралары жөнүндө  түшүндүрүү иштерин кеңири баяндап берди.

  • Биздин демилге менен эмгек министрлиги, КР иш берүүчүлөр ассоциациясы жана Эл аралык эмгек уюмунун өкүлчүлүгүнүн катышуусунда жолугушууну уюштуруп, 2017-2019-жылга үч тараптуу социалдык өнөктөштүктүн максатын жана алдыдагы аткаруучу иштерди каарман эмгек боюнча чоң программаны талкуулаганбыз. Биздин өлкөдө минималдык төлөм акысы 960 сом болчу, азыр араң 1060 сомго жетти. Бул көрсөткүч Тажикстанда 5-6 эсе жогору.  Минималдык төлөмдү жыл сайын көтөрүп туруш керек эле, экономикалык абалыбызды түшүнүп көтөрбөй келүүдөбүз. Үч тараптуу генералдык келишимде социалдык абал боюнча атайын бөлүмдөр бар. Ага өкмөт, иш берүүчүлөрдүн эки ассоциациясы жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы кол коет. Ал келишимде минималдык төлөм, эмгекти коргоо, эне менен баланы коргоо, аялдардын төрөт убагында декретный отпуска алып, кошумча пособия албай калгандыгы, өспүрүмдөрдү коргоо, пенсия системасы, көмүскө иштегендер боюнча көйгөйлүү маселелерди киргизгенбиз.
  • КПФнын реформалоодо алдыга кайсы максаттарды койду деген суроону узаттык.
  • КПФнын жетекчилигине шайланганыбызга октябрь айынын 16сында бир жыл болот. Биз алгач ишти баштаганыбызда тармактык профсоюздардын төрагалары, облустук профсоюздун жетекчилери, аппарат кызматкерлери менен ачык-айкын талкуу жүргүзүп, буга чейин орун алган кемчиликтерди жоюу, алдыдагы албан иштерди аткаруудагы максаттарыбызды терең талдап, анын негизинде план түзүп чыктык. Ал планда бир жылда жана эки жылда аткаруучу иштерди так көрсөттүк. КПФнын уставына ылайык профсоюздар тарабынан берилген төлөмдөр боюнча жана КПФга караштуу  кыймысыз мүлк боюнча атайын комиссия түзүлүп, федерацияга тиешелүү кыймылсыз мүлктү толугу менен жыл аягына чейин рыноктук баа менен комиссия инвентаризациялоо иштерин жүргүзөт. Жыйынтыгы жыл аягында өтүүчү сьездде талкууланат. КПФга тиешелүү санаторий, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды, туристтик базаларды сактап, оңдоо иштерин жүргүзүп, карапайым калк үчүн кызмат кыла тургандай  аракетин көрүп жатабыз. 2015-жылы жана быйылкы жылдын жарым жылдыгында 1309 негизсиз иштен которуу, мыйзамсыз жумуштан бошотуу, өз убагында айлык акынын берилбей калганы, эмгек китепчесин кармоо, иште коопсуздук жагдайлардын түзүлбөгөндүгү жана башка эмгек мыйзамын бузган фактыларды айкындадык. 96 жолу сотко катышып, 8618 оозеки жана жазуу түрүндө консультация, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Элибиздин эмгектик укугун коргоо башкы максатыбыз.
  • Эл аралык эмгек уюму менен байланыш кандай болууда?
  • Эл аралык эмгек уюму БУУнун агентствосу болот. Көп өлкөлөр анын ичинен биздин мамлекет да ага мүчө болуп эсептелет. Негизги офиси Женевада, бул жерде да өкүлчүлүгү бар. Аларга төлөнүүчү төлөмдөр көп жылдан бери төлөнбөй жатканына карабастан, профсоюзга бардык тараптан колдоо көрсөтүп жардам берип турушат. Көмүскөдө иштегендер боюнча семинарларды өткөрүп беришти. Ал боюнча видео ролик чыгардык.   Видео ролик телевидение аркылуу байма-бай берилип турса элибизге көп пайда алып келмек, тилекке каршы бир-эки жолу көрсөтүлүп, ошол боюнча берилген жок. 2008-жылдан бери кабыл алынган Конвенциянын бири да ратификациялана элек. Төлөмдөрдү жыл сайын пайыз менен төлөп туралы деген чечимге келүүдөбүз.
  • Мамлекеттик экотехинспекция менен биргеликте курулушта, өндүрүштө жана башка тармакта иштеген адамдардын бөөдө кырсыктан алдын алуу боюнча кандай иштер жүрүүдө?
  • 2014-жылдын 28-апрелинде КПФ менен Мамлекеттик экотехинспекциясы менен эмгекчилердин укугун жана эмгекти коргоо боюнча мыйзам бузууларды таап, аны калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюлган. Профсоюздун техникалык эмгек инспекциясында иштеген 26 адамдан турган  кызматкерлердин тынымсыз иштеринин натыйжасында  өткөн жылы эмгекти коргоо боюнча 300 ар тармактагы мекеме-ишкана текшерүүгө алынып, 2000 талап бузулганы аныкталган. Текшерүү ишмердүүлүктүн натыйжасында иш берүүчүлөргө 271 эскертүү берилген. Жылына 500 жакын адам өндүрүштө бөөдө кырсыктан жабыр тартышат. 100гө жакын адам майып болуп калышууда. Эмгекти коргоо жаатында  адамдардын укугу бузулуп жаткандыгы боюнча 1000ден ашык арыз, даттануулар түшүп, ал боюнча тийиштүү чараларды көрүп турабыз.

Көптөгөн сыйлыктын-сыймыктын ээси болуп келаткан Рыскүл Бабаеваны, анын жалпы жамаатын алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эл үчүн эмгек өтөп келаткан иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз.

Асан  АКМАТОВ

Булак: Фабула     

 

 

 

 

 

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги Раимберди Дүйшөнбиевге оңтойсуз суроолор?: Караларды куралдандырып бүттүңөрбү?

Жолдош  Генерал!

“Кулак укса курсак кайнайт” демекчи, жакында эле КРнын Коргоо комитетинин төрагасы Марат Кенжесариевдин шоопуру кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө 3 АК-74 автоматын сатып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнү коомчулукка “дүң” болуп, мамлекеттик мекемелер менен кылмыштуу топтордун ортосундагы мындай соода коопсуздук жана коргонуу жаатында чоң коркунуч бар экенин айгинелеп койду.

Андан соң курал сатуу боюнча мекемелер аралык комиссия ишти иликтеп чыгып, натыйжада Мамлекеттик чек ара кызматынын кампаларынан жалпысынан 26 чоң мылтык, 14 Макаров пистолети, 13 миңден ашык ар түрдүү калибрдеги октор жок болуп чыкканы аныкталып, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” дегендей, Куралдуу күчтөрдөгү эң чоң коррупциянын бетин ачыктап койду.  Бул деген бүтүндөй бир взводдун жоокерлерин жабдый турган курал-жарак жана ок-дарылардын комплектиси болуп жатпайбы?!

Ушундан улам, биз Сизге собол узаталы деп турабыз. Мамлекеттик масштабдагы кылмыштуулуктун бети ачылып, Сиз жоопкер болгон коргонуу мекемелери мамлекеттик куралдарды туш келди сатып жатканы аныкталып жаткан соң эмне үчүн ачык билдирүү жасап, жоопкерлердин атын атап, өзүңүз да жок дегенде моралдык жоопкерчилигиңиз үчүн калктан кечирим сурап койгонго жарабайсыз? Же сиз Ак үйдөгү кайсы бир адамдардын көңүлүн таап алып эле, жайбаракат жүрө бергенди жакшы көрөсүзбү?  Эмин мындан ары эмне болот? Ошол курал-жарак сатууга тиешеси бар деген 26 ар кандай рангадагы офицерлер толук жазаланып, куралдар ордуна коюлабы же караларды куралдандыруу кампаниясын “ийгиликтүү” ишке ашыра бересиңерби?

Сиз бул фактылардан кийин парламентти, президентти коомчулук алдында уят кылдым, алардын бетин жер караттым деп ойлойсузбу? Себеби азыр Өкмөт, президент дал ушул коргонуу боюнча бар аракетин жумшап, сырттан Куралдуу күчтөргө курал-жарак, техника жардам сурап, офицерлерди турак-жай менен камсыздоону башкы максат кылып чуркап жүрсө, ишенген кишиси сиз кол алдыңыздагы ведомстволордун кылмыштуу аракеттерин көрбөй жатканыңыз ачыкталып калды го?!

Булак: Фабула 

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов: «Биз өтө маанилүү маселелерди өкмөт жетекчилигинин катышуусунда гана карашыбыз керек!»

КР ЖКнын 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» токтомунун жана КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы №804 «Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угуу маселеси Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынынын күн тартибинен алынып салынды.

«Биз мындай өтө маанилүү маселелерди өкмөт жетекчилигинин катышуусунда гана карашыбыз керек. Премьер-министр, анын орун басарлары, министрлер келишсин, ошондо талкуулайбыз», – деди КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Бул сунуш фракция мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Белгилей кетсек, КСДП фракциясынын жыйынына 2010-жылы улутташтырылган мүлктүн азыркы абалы боюнча маалымат берүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы, экономика жана каржы министринин орун басарлары гана келген.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Фотобаян - Ооганстандын Улуу жана Кичи Памириндеги кыргыздардын бүгүнкү турмушу

Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган кыргыздарга Кыргызстандан кезектеги гуманитардык жардам жеткирилди. Бул үчүн кыргыз өкмөтү мамлекеттик бюджеттен 10 млн. сом акча бөлгөн жана курамы 20 адамдан турган экспедицияны аттап-тондоп жөнөткөн.  Экспедиция Ош-Мургаб-Кичи Памир-Мургаб-Улуу Памир-Мургаб-Ош маршруту менен 5 миңден ашуун чакырым жол басып келген. Гуманитардык жардамга азык-түлүктөр, дары-дармектер, жылуу кийимдер жана боз үй сыяктуу буюмдар камтылган. Ошондой эле Кыргызстандан барган дарыгерлер Памирдин кыргыздарын медициналык кароодон өткөрүшкөн.

Бүгүнкү күндө Афганистан Ислам Республикасына караган  Улуу жана Кичи Памирде  1500гө жакын этникалык кыргыздар жашайт. Кичи жана Улуу Памирде жылдын 10 айы кыш болот. Эң төмөнкү температура -30, эң жогоркусу +15.

Деңиз деңгээлинен 4200 метр бийиктиктеги Кичи Памирде 136 үй-бүлө, 8 шуура (айыл) бар. Кичи Памирде эл тарабынан шайланган Эрали бай 4-5 жылдан бери хандык кылат.

Улуу Памир деңиз денгээлинен 4300 метр бийиктикте жайгашып, анда 150гө жакын үй-бүлө, 6 шуура (айыл) бар.  Улуу Памирди башкарып келген Турдакун ажы бир жарым ай мурун дүйнө салыптыр, учурда жаңы хан шайлана элек.

Экспедиция менен кошо барган журналист Элвира Акимова Памирдик кыргыздар тууралу төмөнкүдөй маалыматтарды  жазды:

“Памир кыргыздары элдик салттарды бекем тутушат, ислам динин катуу карманышат экен. Байыркы салттуу кол өнөрчүлүк жоголуп баратыптыр. Боордоштор топоз, кой, эчки, төө жана жылкы багып тиричилик өткөрүшөт.

Памирде аялдар жана балдар өлүмү дагы деле курч бойдон. Турмуштун оордугу жана шарт жоктугунан ар бир үй-бүлө эрезеге жете элек 2-3 баласынан айрылат.  Аялдар көбүнчө төрөттө тону түшпөй каза табат. Балдардын көбү катаал шартка чыдабай жарык дүйнө менен кош айтышат. Эркек балдарды 3-4 жаштан баштап сүннөткө отургуза башташат. 

Памирде кыздар барктуу келишет. Кыздар дагы деле турмушка эрте узайт. Эң алды 12-13 жаш. Бирок, биз таанышкан бир үй бүлөнүн Чыныгүл аттуу кызы 13 жашта экен. Ата-энесинин айтуусунда, ал 17ге чыкмайынча турмушка узатышпайт. Жаштардын айтуусунда Памирде сүйүү жок. Баарын ата-эне чечет. Кыздар 5-6 жашка чыкканда, элге “чач өрдү” тоюн беришет.  Кыздардын калыңы 60тан 100 койго чейин, ага кошумча ондогон топоз берилет. Кыздар 5-6 жаштан баштап, үй оокатын үйрөнө башташат. Кызыл жоолукту кыздар, ак жоолукту келиндер салынат. Кичи Памирде аялдар эркектерден калышпай тамеки тартышат экен. Аялдардын ашканасы боз үйдүн сол жагында жайгашкан. 

Күнүмдүк рацион негизинен эт жана нандан турат. Топоздун майын карынга салып сакташат. Топоз күнүнө 6 литрге чейин сүт берет. Азык-түлүктү Памир кыргыздары 3 күндөп жол жүрүп, Ооганстандын Вахан деген шаарынан алып келишет. Памирде топоздун сүтү менен сүттөлгөн чай көп ичилет. Нанды топоздун сүтүнө жуурулган камырдан жасашат. Курут, май, каймактарды башка азык-түлүккө, буюмдарга алмаштырышат.  Колунда бар улутташтар, спутникалык антенна аркылуу кыргыз телеканалдарын көрүп турушат. Чөнтөк телефонун музыка угуп, сүрөткө тартуу үчүн гана пайданышат экен.”

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-7

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-19

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-20

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-6

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-18

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova23

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-9

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova21

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-3pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-4 pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-5

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-12

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-13

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-14

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-15

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova-16

pamirlik-kyrgyzdar-okt2016-e-akimova22

Журт бузар… же Өмүрбек Текебаевдин саясый бейнесине сүртүмдөр

Башкы “мародёр” Текебаевдин башы көрүндү

Нарын жергесинде эл менен жолуккан Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ачыгын айтайын, саясатта менин эки устатым бар. Анын бирөөсү Атамбаев болсо, экинчиси Текебаев”-деп (“Кыргыз Туусу” № -75 (24068) 2016-жылдын 23-сентябры) абдан туура сөзүн айткан экен. Чынында, ушул эки үлкөн саясатчыны карап, элибиз түздөнө турган инсандар болушу керек эмес эле. Төраганын айткан сөзүндө калет жок. Балким “мародёрлук” темасы көтөрүлүп жаткан учурда төрага да өзүнө душман кылгысы келбеген чыгар. Атамбаев менен Текебаевдин тирешинде ЖКнын төрагасы Ч. Турсунбеков “эки устаты” туурасында лам этип ооз ачпаганы өкүнүчтүү. “Эки дөө кагышса ортодо чымын өлөт”-болбосун деген позицияны карманып турат го сыягы.

Бул эки үлкөн саясатчынын ортосундагы мамиле бузулуп, жарака улам тереңдеп, кеңейип баратканын кадимки саясатчылардан, карапайым адамдарга чейин сөз кылып жатышат. Атамбаевдин доорунда Өмүрбек Текебаев андан куугунтук жеген жок, кайра анын “эрке талтаң баласы” бойдон калды. Бирок Атамбаевдин доору аяктап баратканын туйуп, өзүн куугунтук жегендердин катарында көрсөткүсү келип жатканы байкалууда. Бул бийлик өкүм жүргүзүп турган аралыкта ал эмнени кааласа, ошону жасады. Караламан эл ичинде “Өмүрбек мырза “көмүскө президенттей” кимди кызматтан кетирем десе кетирип, каматам дегенин каматып, каалагандай калчап жүрөт… Текебаев азыркы бийликтин “Кудаяр ханындай” эле доор сүрдү. Атамбаев ага отурган президенттик тагынан башканын баарысын берди. Өмүрбек мырзанын айтканы-айткандай, дегени-дегендей болуп турганын ким танып кете алат. Бул жагынан президентке нааразы болбой эле койсо болот. Кийинчерээк, “Конституциянын атасымын” –деп көкүрөгүн кага берген Текебаевдин тизгинин тартып койгону ага жакпай калды көрүнөт..”-деген пикирлер айтыла баштады.

Атамбаев Ала-Тоо аянтында “Мародёрлор” туурасында катуу айтканы бар эле. Бирок, “сокур өзүнө алат” дегендей “мародёр” деген сөздү Текебаев өзүнө алып Атамбаевге душман болду да калды. Өткөн шайлоодо “Ата-Мекен” партиясы эң начар добуш алганы аз келгенсип, бир да партиянын фракция башчылары Текебаевдей бул бийликке эрке талтаң болгон жок. “Мен айткандай болуш керек!” деген эгоист Текебаевдин бул кылыктарына жалпы эл да нааразы боло баштады. Өмүрбек Текебаев кызыл өңгөчү үзүлгөнчө “мен мародёр эмесмин!”-деген сайын, ал жарлык ага уйгактай жабышты да калды. Өмүрбек Текебаевдин бир афёрасын Өмүрбек Абдрахманов мындайча баяндап берди. Ал жакында эле “Жаңы Ордо” гезитине (№ 20(525) 30-сентябрь, 2016-жылы) берген маегинде: “Максимдин БНКсын Текебаевдин балдары басып алган. “Ата-Мекенден” коюлган Фонд министри Абдылдаевдин приказы менен Текебаевдин үкаси жана жердеши Сайдилла Нышанов башчы болуп дайындалган. Текебаев Максимдин “макүрү” акчасын алып жатат деп көп эле айткам. Кийин БНК аукционго коюлуп 34,556 миллион долларга сатылып кеткен. Бирок, эки-үч күндөн кийин аукциондун жыйынтыгын жокко чыгарышкан. Андан соң Текебаевдин суранычы менен фракция жетекчилери кол коюп БНКны түз сатууга чечим чыгарышкан. БНК түз сатылып аны 2,924 миллион долларга өздөрү сатып алышкан. Бир топ убакыт өткөн соң БНК 39 миллион долларга “Роснефть” компаниясына сатылып кеткен. Мамлекет мында 36 миллион доллардан кур калган. Бул афера боюнча Коррупцияга каршы агенство кылмыш ишин ачкан.” -деп тастыктап берген эле.

Ө. Абдрахмановдун бул маеги коомчулук арасында бир топ ызы-чууну жаратып, Текебаев өзү жактырган соцсеттерде көп талкууланды. Өмүрбек Чиркешовичтин бул афёрасы ММК беттерине жарыкка чыккандан бери анда уйку жоктой сезилет. Текебаевдин “оту менен кирип, күлү менен чыккан” кол баласы, анын “кошелогу” аталган Сайдилла Нышановго кылмыш ишин козгосо эле, ал Арстанбаптын жаңгак токоюндагы булбулдай “бул иште Өмүрбек акам да бар эле! Аны да ала жатайын…”-деп сайрап берээри бышык. Кээбир саясатчылардай КГБнын подвалында эки ай кармабай эле Сайдилланы бир участкалык инспектор 2 саат суракка алса эле анделектей бант берип, бышат. Эгер коомчулук көңүл буруп караса, Текебаевдин ачкычы Нышановдун колунда тургандай таасир калтырат. Бизнестин битин сыгып, май кармаган бармагын жалап, бардар турмушта борпоң өскөн жигитте көп сырлар бар сыяктуу. “Ата-Мекендин” лидери Атамбаевди жалпы кыргыз элине Максим Бакиевдин жерин басып алган коррупционер катары сыпаттап, шектүү пикир туудуруп келүүдө.

Кыргыз элинде “кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” –деген сөз бар эмеспи. Кыргызстандагы Максим Бакиевге таандык БНК май куюуучу жайларын 2010-жылдары иштетип турган Сайдилла Нышанов экенин элибиз жакшы билет. Бизнестин адамы катары Нышанов мындай майлуу жайдын баасын жакшы билчү. БНК боюнча чырдуу иштин артында ким турарын, чыныгы мародёр ким экенин, башкы коррупционер ким экенин кимдир бирөө мыйзамдуу жол менен далилдеп бериши керек болуп турат. СДПКнын депутаттарынын да бирдиктүү командасы жок сыягы. Ушул даражага жеткирип, аларды депутат кылган Атамбаевди ит талагандай көрүнгөнгө талатып коюп карап отурушат. Канткен күндө да Текебаев жалгыз өзү баарын талкалап, шаштысын алып жатканын да коомчулук сөз кыла баштады. Президенттин бирдиктүү, аны коргой турган чыныгы партиялаштары деле жок өңдөнөт. Эртең Текебаев президент болуп калса, ага да жаман көрүнбөйлү деген пендечилик сезим менен бирин-бири аңдып карап отурушабы?

“Текебаевдин айланасы да улам жукарып, акча менен келген “олигарх” депутаттары кемеден качкан келемиштердей андан кача башташты. Аны жанынан апендинин кызындай мактап, жанталашып коргогон Шыкмаматов, Никитенко, Саляновалардын гана караанын көрөсүң. Башка партиялаштары бийликтен коркуп, шымдарын булгап, башын кумга каткан төөкуштай болуп жашынып жатышат…”-деп коомчулукта уу-дуу сөз айтыла баштады. Канткен күндө да Текебаев президентти ыңгайы келсе-келбесе сындап отуруп партиясынын рейтингин бир аз болсо да көтөрүп алды. Аны да моюнга алалы. Убагында Акаев, Бакиев, Отунбаеваны саткан саясатчылар эми кетерине бир аз калган Атамбаевди сатып кетүүгө түйүнчөктөрүн түйүп даяр турушкандай таасир калтыра баштады. Биздин саясатчылар ушул “чыккынчылыкты” абдан жакшы өздөштүрүп алганы белгилүү эмеспи. КСДП партиясынын көпчүлүк депутаттары да балык болуп Атамбаевди ачык коргой албай отурганы да ушундан. “Эл арасында калпты чындай айтуу менен Текебаевдин саясый салмагы кыйла көтөрүлүп, Атамбаевдин жеңүүчүсү катары аброю көтөрүлүп келүүдө. Айтмакчы, падышанын алдында да болгон чындыкты гана айта билген, кара кылды как жарган Өмүрбек Адрахмановдун маеги ММК беттерине чыккандан бери Текебаевде уйку жок, аны карап, кечээ эле калмактын баатырындай болгон Сайдилла Нышанов өзүнүн көлөкөсүнөн өзү коркуп, “…ушул БНК чырына кайдан аралаштым экен!”-деп бармагын тиштеп көзү чанагынан чыгып кетчүдөй алаңдап, араң эле жүрөт”-дешет аны жакындан билгендер.

Кечээ эле Текебаев жалпы кыргыз элине теледен “Атамбаев дагы бир жылың бар, эркек болсоң мародёрду тап!” деп калчылдап, кекетип сүйлөгөндө андан өткөн жолборс жок эле го. Максим Бакиевдин БНКсы айтыла баштагандан бери Текебаевдин баштагы дымагы өчүп, үнү чыкпай калды. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Өмүрбек Текебаев анчалык ак, таза болсо эмне үчүн Ө. Абдырахмановго алгач Феликс Куловду, андан кийин Равшан Жээнбековду ортого салып, достошууга чакырып жатыптыр? Кулов менен Жээнбеков экөө биригип, Өмүрбек Абдрахмановду ресторанга чакырышып, боор тартыша сүйлөшүп отуруп, Өмүрбек Текебаевдин мындай сөзүн: “Эки ай мени сындабай турсунчу, анан алдынан өтүп өзүм кечирим сурайм”- деп айтканын далилдеп берчү кишилер бар. Абдрахмановдун алдына башын ийгени Текебаевдин шаштысы кетип, сынып калганын көрсөтөт. Сатып кеткени үчүн Сайдилла Нышановду “Ата-Мекен” партиясынын депутаттыгынан кетиргени жатканы туурасында сөз болуп жатат. Партиянын лидери болгон Өмүрбек Текебаев Сайдилла Нышановду тегирмендин парасына түртө салып, өзү суудан кургак чыкканы турат окшойт. С. Нышанов камалып кетсе да Текебаев кабагым, кашым дебейт, ага баары бир, аны практика жүзүндө бирнече ирет далилдебедиби. “Депутаттык мандаты жок көчөдөгү С. Нышановду ким тоготот эле. Сайдилла мырза ЖКга эл үчүн иштеп бергени келди дейсиңерби? Ушундай кооптуу учурда жеке бизнесинин кызыкчылыгын, депутаттык мандаты менен сактаганга гана келгени белгилүү иш да…”-деп айтып жатат көпчүлүк. Кыргызстандагы өзүн эң таза адам катары көрсөтүп келген Текебаевдин артка чегинүүсүнө эмне себеп болду? Мынчалык чуркап калганына караганда Текебаевдин бир балээси, мандеми бар көрүнөт… Атамбаевге асылып, токойдон сыртка чыккан “жолборстун” абалын чагылдырган Текебаевдин абалы бүгүн оор. Ал эми ошол жолборс кези келгенде бурчка такалган мышыкка айланып калбаса экен. БНК операциясындагы аферасы чын болсо Нышанов менен Текебаев да мыйзам алдында жооп бериши зарыл. Текебаев жазган мыйзам өзүнө да тиешелүү болушу керек. Бул жагын мезгилден озунбай күтө туралы…

“Чагымчы”

Айыл жергесинде, эки адамдын башын бириктирбеген чагымчы адамдар болот. Саясатта да ошондой чагымчы адамдардын бири-бул Өмүрбек Текебаев экени талашсыз. “Атамбаев ооруп калыптыр” дегенде, ошол күндөрү жалпы кыргыз эли Туркия тарапка кулак төшөп калды. Ал эми карапайым калк, Жараткандан журт башчысынын амандыгын, өмүрүн тилешти. Жакын санаалаштарынын айтканына караганда жалгыз гана Текебаев ичинен кымыңдап “мага кесир сүйлөгөндөр, жолуму тоскондор ушундай болот…”- деп кудуңдап, сүйүнүп турду дешет. Ал эми Өмүрбек Текебаев гезит беттерине сыр билгизбей, калп эле айкөл адам болуп ”Биз тезирээк сакайып кетсин дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. Саясый учурда гана атаандаш болбосок, адам катары, мен Алмазбек Атамбаевге ден-соолук каалайм…”- деп мырзалык сөзүн айткандай маек бериптир. Аны окугандар, “бала оңолгон экен” деп Өмүкеге ыраазы болушса керек. Ушул эле айткан сөзүнө өзү каршы чыккандай болуп, жакында өткөн Курултайда “Бүгүн, Конституция кандай, “чекке жеттик”, деп атпайбызбы? Алсак, ички жана тышкы саясат толук “банкрот” болду… Атамбаев Туркияга барганда Эрдоган, “Бир дагы клиника кабыл албасын. Мага Атамбаев деген сөздү угузбагыла!” дептир. Бир ооруканага бара алган жок. Акча төлөп мейманканага жатып анан Путин алып кетиптир,”- деп Өмүрбек мырзанын өзүнө гана таандык ириген сөздөрү оозунан чыкканын теледен көрдүк. Бул сөздү айтуу менен ушунча жылдык кадырын түшүрүп алды.

Башта журналисттер “дептир” деп макала жазса, Текебаев аларды сотко сүйрөөчү эле. Эми, дүйнөлүк кадыр-баркы бар Туркиянын президенти Эрдоган, Текебаевдей пастикке түшүп, ушундай көчө ушагынын деңгээлиндеги андай сөздөрдү айтпаса керек. Кыргыз президенти Атамбаевди Туркиядан орус президенти Путин алып кетти деген бир дагы кабарды, дүйнөлүк ММКлардан уккан жокпуз. Өмүрбек Текебаев көчө ушагынын деңгээлиндеги такталбаган маалыматтарды элге жарыялап жатат. Азыр Атамбаев Өмүрбек мырзаны айланасына жолотпой койгон күндөн бери андан ушак сөздөрдү айтуу менен өч алууга, мазактоого өтүп алды. Аны Путин алып чыгып баратканда Текебаев алардын жанында тургандай сөз кылганына жол болсун. Бул Текебаевдин учурган кош өрдөгү деп түшүнсө да болот. Бул жолу да Өмүрбек Текебаев чак түштө чагымчылык кылды деп айтсак жарашат. Айтмакчы, эл арасында “Ата-Мекендин” лидери көзү ачык, бүбү-бакшыларга эң көп барган саясатчы деп айтышат. Асылбаш айылынан чыкпайт деген кептер ээрчип жүрөт. Атамбаевдин жана башкалардын сүрөттөрүн койдуртуп алып, кара дуба окутат экен деген сөз да бекер жеринен айтылбаса керек…

Текебаев өзү “сүткорбу?”

Текебаев тынч жаткан кыргыз элин, жеке кызыкчылыгы үчүн чагымчылык кылып дүрбөлөңгө салып койду. Атамбаев, Өмүрбек мырзаны өзүнүн айланасына жолотпой койгондон кийин ал президентке каршы сүйлөп, уйгактай жабышты да калды. “Дастан” заводуна караштуу делген 2,7 га жерди “Максим Бакиевдин жери” деп чагымчылык кылып чыкты. Текебаев ушул маалыматты эртедир-кечтир кереги тиет деп “бокчосунда” катып жүргөн го. Эгерде Атамбаев менен мамилеси бузулбаганда элге жайган маалымат Текебаевдин ичинде “котур таштай” катылып жүрө бермек экен. Максим ошол жердин акчасын төлөп, анын колунда ошол жердин “кожоюну” деген кызыл китеби болгон күндө гана, ал жер Максим Бакиевге таандык жер тилкеси деп айтылмак. Атамбаев деле Текебаевдей оозун кургак чөп менен аарчып, аялына каттатып коюп эч нерсеси жок “бомж депутат” же саясатчы болуп чыга келсе болмок.

Ага абийири жол бербеди окшойт. Ошол жер үчүн Атамбаев өз чөнтөгүнөн 33 миллион сом акча каражатын төлөп сатып алганы боюнча маалыматтар гезит беттерине чыкты. “Ал эми баарына үлгү болчудай көрүнгөн Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште жашаган үйүн менчиктештиргенде болгону 80 сомдун айланасында акча төлөп алганы уят эле иш да. Уялып койсо болмок экен. Кембагал болбогон соң үч комната үйдүн акчасын азыркы баасында төлөп койсо жүзү жарык болмок. Табиятынан сараң, өмүр бою мамлекеттин казынасынан үй-бүлөсүн багып келген адамдын кылары ушул да”-деп коллегалары сөз кылып жүрөт. Текебаев анчалык эле чынчыл экен ушунча жыл ал маалыматтарды катып жүргөнү түшүнүксүз. Азыр элге айткан чындыгын эки-үч жыл башта жарыя кылбайбы? Бүгүнкү күндө Өмүрбек Текебаев жеке таарынычын Атамбаевге айтам деп отуруп өзүнүн “көчүгүн “ аңырайтып ачып алды. Текебаев Атамбаевге асылбаганда “аялынын” элден катып жүргөн мынчалык байлыгы ачыкка чыкпайт эле. Үйү жок, жашоо шарты селсаяктардан бир аз гана жогору жашаган Текебаев оозун басып жүргөндө жабылуу аяк, жабылуу бойдон калмак экен. “Бай-батча” аталган Текебаевдин аялынын атына жазылган ушунча байлыгы бар экенин эч ким билбей калышы мүмкүн эле. Элдин арасында деле ушул сөз, айтылып келет…

Интриган

Кыргыз саясатындагы эки үлкөн адамдын (Текебаев менен Атамбаевдин) тирешүүсүн А. Бекназаров “Конституциялык реформа кылабыз дегенде Атамбаев Текебаев менен сүйлөшпөй койду. Так айтканда Текебаевди кошпой койду эле Текебаев ошого теригип кетти. Кара мышык ошол эле…”- деп (“Жаңы Ордо” № 17 (522) 9-сентябрь, 2016-жыл) туура пикирин айтты. “Текебаевдин жыйырма беш жылдан берки өмүрүн, саясый жүрүм-турумун карап көрсөк, жалаң бузукулук, бирине-бирин кагыштыруу менен өтүптүр. Бузукулукту өзүнө кесип кылып алгандай көрүнөт. Өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн Текебаев шайтан менен болсо да дос болот. Акаевди түшкө чейин сындап, түштөн кийин ага ак кызмат кылып мыйзамдарын жазып жүрүп “заслуженный юрист” болгон жигит Өмүрбек Текебаев эмес беле. Төрага болуш үчүн кечээ эле “Акаевди аялы менен Румын президентиндей атыш керек!”- деген Текебаев бет чүмбөтүн өзгөртүп, качып кеткен Акаевдин артынан жетип барганын элибиз унута элек. Ушул да принципби? Ал эми жакында Роза апчесине (Отунбаеваны-ред.) күйгөн адам болуп, аны калп жерден калкалаган адам болуп өзүнө тарта алды. Чачыранды “оппозиционерлерди” да жакын тартып, Атамбаевге каршы курал катары колдонуп, тилинен чыга албаган өзүнө караштуу гезиттерине, теле каналдарына байма-бай чыгарып, бийликке каршы сүйлөтүп, алардын колу менен чок кармап жатканы калпбы? Кыргыз оппозициясынын “ветерандары” азыр анын катарын толуктап жаткан кез. Өмүрбек Текебаев бирөөлөргө “Эгер, Атамбаев токтобосо анын эң жакын адамы, анын партиялашы, Максимдин арак заводу менен банкын аялына менчиктеп алып бергенин элге жарыя кылам” дегени бекеринен эмес. Бу, така энди кайсы саясатчыны сүзгөнү калды…”- деп түштүктүн эли күтүп отурат.

“Мен эркекмин”

Кыргыз элинде “бир шизик, бир физик бар”, ошолор чоң саясаттан кетмейин Кыргызстанда эч качан тынчтык болбойт деген сөз айтылып келет. “Азаттыктын” берүүсүндө, өзүнөн-өзү тутанып кеткен Текебаевдин “Атамбаев, мен Текебаев эч жакка качпайм. Бир жылың бар, тап! Таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин сени менен өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап. Мен Текебаев, эркекмин, эч жакка качпайм!” деп теледен бакырып, өкүрүп чыкты. Өмүкени эркек эмес деп ким айтты? Өзү эле эркекмин деп жатат. Анын бул түрүнөн коркуп кетип телевизорун өчүрүп салгандар да болгондур. Бул саясатчынын психикасы соо эмес. Анын ден соолугун сөзсүз текшертиш керек. Оорукчан адам гана ушундай сүйлөсө керек. Бул жигит мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, дайыма жеке керт башын баарынан жогору койгон өзүмчүл адам экени элибизге белгилүү. Текебаев эркек экен, ушул сөздөрдү буга чейин эмне үчүн айтпай келген? Анткени, жеке кызыкчылыгы үчүн Атамбаев менен мамилени бузгусу келген эмес. Айта алмак да эмес, анткени Атамбаев менен мамилесин бузгусу келбегени белгилүү. Кудай сакта, анын жанагы сөздөрүн уккандар, Өмүрбек мырза “разборщик” же рэкет болуп кеткенби деген жаман ой кетет экен.

Текебаевдин эркек же ургаачы экени кимге кызык? Жанагы порно фильмде үй-бүлөсү бар келинди мойнунан кемер-кур менен байлап, зордуктаганын айтып, эркектигин өзү эстеп жатабы, ким билет. Белгисиз… Ушул жерде бир окуя эске келип кетти. Ө. Текебаев – өзүнүн никесиз баласын айта албаган адам да эркек боло алабы? Албетте жок. Кыргыз элине белгилүү журналист Бермет Букашевадан никесиз баласы бар экенин жалпы кыргыз элинен жашырып келет. Ушул анын эркектигиби? Эркектик туурасында Өмүрбек Текебаев сөз кылбай эле койсо. Алгач Текебаев “ал менин балам эмес” -деп жардам бергенден, алимент төлөгөндөн кача баштаган учуру болуптур. АКШда жашоо чынында оор. Бермет Букашева тың, журналистикада өз орду бар кыздардын бири. Жардамга муктаж болуп Текебаевге телефон чалса албай койгон учурлары болуптур. Качан гана АКШдагы Кыргыз республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Замира Сыдыкова (ал Ө. Текебаевдин заочный кайын эжеси эмеспи) Америкадан келе жаткан белгилүү саясатчы, депутат Абдрахмановго “Текебаевге айтып койгула, АКШда да жашоо кымбат, ал эми журналист Бермет Букашева менен жашап жаткан Текебаевдин баласы ачка жүрөт. Өмүрбектин баласын багыш үчүн Бермет ар кандай оор жумуштарды аткарууда. Абалы оор. Бүгүн ал жардамга муктаж. Баласына колунан келишинче жардам берсин. Анын чоң саясаттагы кадыр-баркы төгүлбөсүн деп басма сөзгө чыгарбай келебиз. Өз баласына жардам бербесе, анын абийирин төгүп коюуга аргасызбыз!” деген таризде океандын ары жагынан ысык салам дубайын айтып жиберет…

Биз укканга караганда өз канынан жаралган баласына жардам бергенден качкан Текебаевге караганда, ошол кезде Келдибеков колунан келген жардамын берген дешет. Бул жигитчилик эмеспи. Ал Текебаевден коркконунан эмес, тамырында кыргыздын каны оргуштап жаткан кыргыз баласынын башы оор кырдаалда калган учурда, агалык колун сунуп берген жардамы болсо керек. Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда Бермет Букашева анын кеңешчиси болгону белгилүү. Балким, “аңгилик” боюнча тажрыйбасы мол Өмүрбек Текебаев Жаныбек Жанызактын “төшөк кумары” сабагынан кеңеш бергендир. “Ычкыры бош” Текебаев бул ирет да кармалган экен деп кала бересиң. Эми, эки буттун ортосундагы “кичинекей башын” башкара албаган Текебаев өлкөнү башкара алмак беле? Өз “сийдигинен” жаралган баласын башынан сылап “… атаң мен болом, каралдым! Кандай жардам керек болсо айтып тур… Жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүм бар…” -деп коё албаган белгилүү саясатчыны кантип эркек деп айта алат элек. Кантсе да, Текебаев кара пиардан коркуп кетип, “никесиз баласы үчүн 8000 миң долларды АКШга барган ЖКнын ошол кездеги депутаты Жоомарт Сапарбаевден берип жибергенин уккан жайыбыз бар эле. Андан кийин ал АКШдагы өз баласына жардам бергенби, жокпу аны бир Кудай билет. Өз канынан жаралган баласына аталыгын айта албаган, жардамын бере албаган Текебаевдин эмнеси эркек? Анан, кайсы арына башкаларга акыл үйрөтөт. Өмүрбек мырзанын океандын ары жагындагы баласы да бир кезде эрезеге жетет, азыр жеке карьерасы үчүн коркуп жаткан атасы анын бетин кантип карайт болду экен? Өз баласынын Конституциялык укугу тебеленип жаткан кезде жардам берүүдөн качкан Өмүрбек Чиркешович, Конституция туурасында сөз кылбай эле койсо дурус болмок. Анан кайдагы Конституцияны айтабыз.

Чет мамлекеттердин биринде болгондо Өмүрбек Текебаев мындай иши үчүн өз шайлоочуларынан кечирим сурап чоң саясаттан кетүүгө мажбур болмок? Текебаевдин бети топоздун терисинен да калың окшойт, өзүнүн энеден туума жылаңач, адамды иренжиткен, башкы “мазохисттин” ролун мыкты аткарган “актёр” Текебаев “порнофильминен” кийин да кыргыз элинен кечирим сураганга кудурети жеткен жок го. Кечирим сурабайт дагы. Кантип анан, “оорукчан мазохист”, моралдык жактан бузулган, көрүнгөн келин-кыздардын чатына колун салып жүргөн Текебаевге Конституциябызды жаз деп колуна ручка берелиби? Эч качан бербешибиз керек… Анын колдору булганып калган. Бул ирет, ыйык Конституциябызды жазууда аны ага жакын жолотпой туура кадам жасадык. Элибиз да ушул ишти туура кабыл алып жатат. Өмүрбек Текебаевге, биз ыйыктын-ыйыгы болгон Конституциябызды жаз деп бермек белек. Бул ирет депутаттарыбыз Текебаевсиз Конституцияны жазууга киришкендери, кош колдой турган иш болду.

Атамбаевдин “мандикари”

Ак үйдүн “Жириновскийи” аталган Текебаев акыры жарылды. Жарылганда да бүт Кыргызстанды сасытып жиберди. Ушундай болмок эле. Иса Өмүркулов “ Текебаев президентти ачык каралады, муну өч алуу десек болот”- деп туура айтты. Чынында ошондой болду. Атамбаев менен Текебаев экөө тең табиятынан эки башка адамдар. Парламенттик шайлоодо жыдып, жүдөп калган “Ата-Мекен” партиясы Атамбаевдин “добросу” менен эптеп-септеп Жогорку Кеңешке киргенин унутту. Баштагысында Роза апчеси “Ата-Мекенди” кулак-мурдунан чоюп отуруп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ордуна парламентке алып келгени маалым. Алгачкы күндөрү Атамбаевдин жакшылыгын эстедиби, Ө. Текебаевдин үнү чыкпай, чөптөн жапыс, койдон жоош жүрдү. Эми, парламентке көчүгүн батырып алган соң, Өмүрбек мырзанын өнөрү чыгып, тили бүтүп, баягы итчилигин баштады. Бекер жеринен эл арасында Өмүрбек мырзаны “көтчукугуч” деп айтышпаса керек. Эски оорусу кармап, үнү катуу чыгып, өнөрү да байкала баштады. Өзү айткандай, кечээ эле “ляппай” деп АШАны көзүн кызартып карап жүрбөдү беле. Өзү унутса да элдин эсинде. Атамбаевдин “фас!” деген командасы менен Кыргызстанда башы көрүнгөн саясатчыларды “аңга” түртүп ыргыткан ушул Текебаев экенин ким танат. Өзү да кээде айтып жүрөт го. Бүгүнкү күндө Текебаев кийинки президенттик шайлоонун алдында атаандаштары А. Келдибеков, Ө. Бабанов, Ж. Сатыбалдиев, Т. Сариевге окшогон саясый оор салмактагы атаандаштарын саясый аренадан жок кылууда Атамбаевге “мандикарлик” (малайлык) кылып жүргөнү элге билинип калды. Аны деле эл билбейт болчу, өзү сыймыктануу менен айтып алды. Текебаев кийинки президенттик шайлоодо ушулар мага атаандаш болот деп Атамбаевдин колу менен кыргыздын башы көрүнгөн жигиттерин саясый аренадан тазалаганга аракет жасады. Мисалы Өмүрбек Текебаев: Атамбаевге кирип “Келдибековдой коррупционерди каматсаң гана сени эл колдойт! Ошол кадамга барышың керек…”-деп интрига кылган экен. “Бирөөгө гөр казсаң, терең каз…” деген ушул да. Эми ошол аңга “Ата-Мекендин” лидери өзү түшүп, чыга албай отурат. Текебаев саясаттан кетмейин Кыргызстанда эч качан тынчтык, өнүгүү-өсүү болбойт…

 Анарбек Касымов

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Бир, бир жарым жылдан кийин Кыргызстанда катуу каатчылык болот”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Кыргызстан бажы уюмуна киргенден бери бир катар кыйынчылыктарга тушукту, бул кризистен качан, кантип чыгабыз?

– Эки жыл мурун Россияда жүргөндө эле Кыргызстанда кризис болот  деп үйгө шашып келгенмин. Азыр бизге байкалбаганы менен дагы бир жылдан кийин Россия катуу кризистин сазына батып, анын таасири Кыргызстанга да тийет.  Кризистин кесепети көбүнчө  акчанын өйдө-ылдый болушу, баалардын жогорулашы менен коштолот. Кризис Кыргызстанды эле эмес, Россияны да түйшөлтүп турат. Айтайын дегеним,  Якутияда жүргөнүмдө орустар да кризистин кесепетинен жабыр тартпайбызбы деп түйшөлүп сурашкан.  Атүгүл Украинадагы согуш тууралуу да сурашып, кыжаалат болушкан. Мен аларга согуш бул жакка жетпегени менен самолётторго толтура кишилер келет дегем, айтканымдай болду. Мен айткандан бир ай өтпөй эки самолёт киши Якутияга качкын болуп келишти. Орустар алдын ала туура айтканыма таң калышты.

Ал эми Кыргызстан да кептелип жаткан кризис тууралуу айтсам, азырынча бизге  кризистин эпкини гана тийип жатат. Бир, бир жарым жылдан кийин мамлекетибизде катуу каатчылыктар болот. Бирок мен элиме аны каалабайт элем. Бирок, төлгөгө түшкөнүн айтууга аргасызмын.

Булак: Асман плюс

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Президент эч жакка качпайт”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Жаркынай эже,  Президент мөөнөтүн аяктап анан кетеби же мөөнөтүнөн мурун кетеби?

– Бул киши мөөнөтүн аяктап, ызы-чуусу жок эле өткөрүп берет постту. Бул кишини мен качып кетет деген сөзгө такыр кошула албайм. Ушул жерде эле болот ал. Бирок адамдын ою күлүк эмеспи, бир кезде ал да ойлонгон чыгып кетсем деп бирок кийин ал оюнан кайткан. Кыскасы, качпайт.

Булак: Асман плюс

Артур Медетбеков, Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын лидери, генерал-майор: «Террордук уюмдар бизди ичибизден бөлүп жарууга аракет кылып жатышат»

— Артур агай, сиз коопсуздук маселесине көп көңүл буруп, терроризм, экстремизмдин коркунучтары тууралуу коңгуроо кагып келесиз. Азыр да ушул маселе кооптуу болуп турат. Терроризмдин белгилери бизде да каттала баштады. Коргонууга кудуретибиз жетчүдөйбү?

— Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө терроризм, экстремизм абдан күчөп турган убагы. Мына ушул терроризм менен күрөш жүргүзгөн чоң мамлекеттер АКШ, Россия, Израил, Улуу Британия дагы экстремизмдин запкысын көрүп келе жатышат. Алардын шаарларына көптөгөн кол салууулар болуп, массалык түрдө адам өмүрлөрү кыйылган учурлар көп катталды. Терроризм абдан күчөп кетти, буга бир мамлекеттин күчү жетпейт. Ошондуктан бир нече мамлекеттер биргелешип, ар кандай чараларды көрүп жатышат. Терроризмде эч кандай улут жок болуп калды, алар каалаган өлкөсүнө кирип, каалагандай акцияларды уюштурууга шарттарды түзүп коюшту. Жакынкы Чыгышта өткөн кылымдын 70-жылдары мындай окуялар көп катталганда, бизде мындай окуялар болбойт деп элестетчүбүз. Кийин 90-жылдарда биринчи террористтик кыймылдын запкысын Кыргызстан да тартып калды. Алар кадимкидей биздин аймака кирип, биздин он чактыдай айылдарды басып алышып үч ай Баткен согушу болду. Мына ошондон бери бизде да терроризм меселеси пайда болду. Биздин укук коргоо органдарыбыздын материалдык- техникалык базасынын начарлыгы, профессионалдуулук жагынан кадрлардын жетишпегендиги көрүнүүдө. Өлкөдөгү жакынкы болуп кеткен террористтик окуялар дагы деле болсо кооптондуруп, маселе күч алып турат. Өзүңүздөр билесиздер, биздин 600дөн ашуун жарандар Ислам мамлекети деп аталган топко кошулуп алып согушуп жүрүшөт. Биздин укук коргоо органдарына Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен адамдардын кайра кирип жаткандыгын жана алардын байланыштарын аныктоо абдан оор болууда. Акыркы убактарда «Ватсап», «Вайбер» өңдөнгөн социалдык тармактар аркылуу террористтик уюмдар адамдарды идеологиялык, материалдык жактар менен алдап кетип жатышат. Демек, алардын арасында билимдүү, биздин менталитетти билген, адамдын психологиясын мыкты өздөштүргөн адамдар иштеп жатат десек болот.

— Алар өздөрүнүн идеологиясын бизде жетиштүү диний сабат болбогондон улам жайылтып жатышат да?

— Терроризмге каршы укук коргоо органдары колунан келишинче күрөшүп келишүүдө. Муфтият, дин комиссиясы ” Араба сынбасын, Эшек өлбөсүн” деп эле жакшы жардам бере албай жатышат. Себеби бизден 15 жаштан 30 жашка чейинки жаштарыбыз диний илим алабыз деп Пакистанга, Түркияга, Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерге кетип атышат. Ошолордун саны жана кандай багыт менен окуп келип жатышкандыгы дагы деле белгисиз. Андан сырткары акыркы учурда динге берилген жаштардын саны абдан көбөйдү. Туура биз мусулманбыз, Ислам динин тутунабыз, Кудай дейбиз. Бирок, Ислам динин жамынып алып жогорудагы айтылган жаштарыбызды экстремисттик топтор башка тарапка буруп кеткенге оңой болуп жатат. Мындай учурда биздин мамлекеттик органдар артта калып, жетишпей калган учурлар болууда. Жалпы эле экстремизм, терроризмдин алдын алуу үчүн диний сабатсыздыкты жоюу зарыл. Балдарды жаштайынан тарбиялап, мектептерге дин таануу сабактарын киргизиш керек. Айрым депутаттар, президенттин жанында жүргөн кээ бир адамдар өздөрүн көрсөткүсү келеби, айрым учурда туура эмес сөздөрдү сүйлөп алып жатышат. Мына жакында эле Чубак ажыны экстремист катары айтып жиберишкен учур болуп кетти. Мен буга кошулбайт элем, экстремист деп аташ үчүн атайын кыянаттык радикалдуу иш болушу керек, атайын эксперттик топтун чечими болушу абзел. Кээде ушундай учурдан пайдаланып экстремисттер кагылышууларды уюштуруп жибериши мүмкүн. Мисалы, жакында Кыргызстандын үч жараны интернет аркылуу видео кайрылуу жасашты. Алар айтып жатпайбы, биз Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды билебиз деп. Мамлекеттин түзүлүшүнө, туруктуулугуна каршы ар кандай сөздөрдү сүйлөп жатат. Сүйлөгөн сөздөрүндө коркутуу иштери да болуп жатпайбы.

— Алар кайрылуусун президент Атамбаевдин дарегине жолдошуптур да. Ошондо өлкөнүн коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси болду, биз күнөөлүү эмеспиз, мунун баарына Өкмөт күнөөлүү дешти…

— Алар жеке эле Атамбаевдин дареги эмес, бүтүндөй Кыргызстанга кайрылуу жасап жатышат. Булар өздөрүн актап, адилет иштерди жасап жатабыз деген менен мусулмандарды өлтүрүп жатышат. Мындай тасмаларды дагы да жиберебиз дешти. Демек, ал жакта абдан күчтүү идеологиялык жактан даярдалган адамдар иштеп жаткандыгынан кабар берет. Ошон үчүн мындай идеологиялык диверсиядан мамлекет катары сактанышыбыз керек. Ал үчүн биздин укук коргоо органдар, чиновниктер идеологиялык жактан кайра катуу сокку урушу зарыл. Булардын мыкаачылык, адам чыдай алгыс жасаган жагымсыз иштерин көрсөтүп, ММКдан тынбай чагылдырып турсак бүдөмүк ойдо жүргөн жарандарыбыз токтоп ойлоно башташат.

— Мына азыр Ислам мамлекети деген экстремисттик тобу абдан күчөдү, алардын каржылык булактары да көбөйдү. Ушундай чоң каржылык менен чыгып, идеологиялык чабуул жасап жаткан соң, идеологиялык контрчабуул жасоо жетишсиз болуп калат го? Чечкиндүү кадамдар жасалышы керек да?

— Кыргызстан акыркы мезгилдерде экстремисттик топтордун материалдык соккусуна урунуп жатат. Мындан бир жыл мурун «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун жетекчиси Халиф Ибрагим 60 млн долларды Борбордук Азияга террордук акцияларды уюштурууга, массалык тополоңдорду жасаш үчүн бөлүп берген. Борбордук Азияга Кыргызстан да кирет. Ошондой тополоңдорду уюштуруш үчүн биздин өлкөгө келген террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалып жатышат. Былтыр үч террорист өлтүрүлдү жана алардын шериктери кармалды. Жакында эле Кытай элчилигинде жардыруу болду. Булардын баары материалдык жактан алардын деңгээли чоң экендигин билдирет. Ачыгын айтыш керек бүгүнкү күндө ошол «Ислам мамлекети» же «ДАИШ», «Жапхат ан нусра», «Аль-Каида», «Түркестан ислам кыймылы» деген чоң террордук уюмдар менен күрөшүүдө Кыргызстан жалгыз эмес. Кыргызстан ОДКБнын, ШОСтун мүчөсү. Бизде Кант шаарында учкучтар базасы жайгашкан. ОДКБнын ондон ашык батальону бар, ага Тажикстан, Беларусия, Россия, Армения, Казахстан сыяктуу мамлекеттер кирет. Алар жыл сайын атайын аскерий окууларды өткөрүп турат. Ал эми 90-жылдары Тажикстан менен биздин чек арабыз жок болсо азыр чек арабыз бар, жаманбы-жакшыбы биздин аскерлер кайтарып турушат.Бирок террордук уюмдар Кыргызстандын аймагына кирип алып, бизди ичибизден жарууга аракет кылып жатышат. Мына ушундан улам бизден 600дөн ашуун жарандар Сирияда согушуп жүрүшөт. Ошон үчүн чакан экстремисттик уюмдар пайда болуп, өздөрүнүн идеологиясын тымызын жүргүзүүдө.

— Террорго шектелип кармалгандар абакта башка адамдар менен чогуу олтурат. Ал жакта дагы алар өздөрүнүн идеологиясын жайылтышууда. Аларды камаган күндө дагы темир тордун артында, кылмышкерлерге жанкечтилик идеологияны жүргүзүп жатпайбы?

— Кыргызстанда азыр экстремисттик, террористтик жол менен ар кандай кылмыш ишин жасагандар, алардын ичинде башка мамлекеттин жарандары, биздин жарандарыбыз кармалып, көбү абакта отурат. Бирок, кармалган адамдар башка кылмыштар менен кармалган адамдар менен кошо отурушат. Ал жерде отурган адамдардын 30–40% пайызы толук ошол экстремисттердин идеологиясына кирип кеткен учурлар кездешет. Ошон үчүн террористтик-экстремисттик жол менен кармалган адамдарды өзүнчө кармоого мамлекет шарт түзүшү керек. Жогорку Кеңеште дагы террористтик жол менен башка мамлекеттерге барып келген адамдардын жарандыгын толугу менен алып салуу маселеси да каралып жатат. Менимче ушул маселе туура эле каралууда. Себеби, Сирияга кеткендер – аларды кандай жазалар күтүп турганынан коркуш керек да.

— Кытай элчилигинин алдындагы жардыруу өзүн-өзү өлүмгө алып барган жанкечтиликтин биринчи катталышы болду окшойт. Ушуну деле жанкечтилер биздин өлкөгө да келип жетти деп кабыл алсак болобу?

— Мен буларды мындай деп айтат элем. Булар өздөрүн жардырып, шахид болдук деп атышпайбы. Аларды жанкечти кылмышкер деп айтыш керек. Акыркы мезгилдерде жанкечтилерди коомчулук «исламчыл террористтер» деп, мусулмандардын аброюна шек келтирип коюшту. Бул террордук топтордун Исламга такыр тиешеси жок. Булар Ислам динин жамынып алып ошондой жаман иштерди жасап жатышат. Мына ушул маселе боюнча кээде журналисттер, саясатчылар терминдерди туура эмес пайдаланышууда. Кытай элчилигинин жанындагы жанкечтилер боюнча: Бул жанкечтини психологиялык жактан эчак эле даярдап коюшкан, ал Кыргызстанда буйрукту күтүп жүргөн, ушуга окшогон жанкечтилер барбы-жокпу белгисиз. Азыркы мезгилде Сирияда, Афганистанда мындай жанкечтилерди даярдаган топтор түзүлгөн. Алар жанкечтиге акча төлөшүп, же үй-бүлөсүнө акча которуп, өздөрүн келишимге кол койдуруп коюшкан. Ушундай жанкечтилердин экспорттолушу бүгүнкү күндө күчөп жатат. Ошонун бири Кытай элчилигинин алдындагы өзүн жардырган жанкечти деп айтсак болот. Бирок бул маалыматтардан биз коркуп дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек. Маалыматты туура түшүнүп укук коргоо органдарына жардам беришибиз зарыл.

— Жандан түңүлгөн адамдар мамлекеттик стратегиялык объектилерди деле жардырганга бара алышат турбайбы?

— Ооба, биздин Сирияда жүргөн жарандарды башка бир максаттарга буруп, алардын макулдугун алып туруп, стратегиялык обьектилерди жардырасыңар десе, алар албетте жасайт. Бирок биздин атайын органдар булардын алдын алып билип туруш керек. Учурда мындай топтордун ишин алдын алуу, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө биздин атайын органдарда абал бир аз кыйын болуп турат. “Күтүлбөгөн нерсени дайыма күтүп жүрүш керек” деген сөз бар. Азыр террордук агымдар күчөп жаткан соң, биз ар дайым ар түрдүү кырдаалга даяр турушубуз керек.

— Мына жакында эле АКШ менен Англиянын элчиликтерди өздөрүнүн жарандарына “террордук жардыруулар болушу мүмкүн, сак болгула” деп эскертти. Алардын билдирүүсүндө жан барбы?

— Булардын билдирүүсү биздин мамлекеттин коопсуздугуна да тиешелүү. Ошон үчүн биздин укук коргоо органдары билдирүүнү четке какпай, дыкат иликтеп, аныктап ошол боюнча текшерүү иштерди жүргүзүш керек. Негизи эле бул элчиликтер айтпаса деле бизде террордук коркунучтар бар болчу. Алар дагы бул билдирүүнү жөн эле базардан барып угуп келип эле айткан жок. Алардын атайын чалгындоо иштери, террор менен күрөшүүдө абдан чоң тажрыйбалары бар. Иракта, Жакынкы Чыгышта согушуп жүрүшөт. Анан булардын атайын материалдык- техникалык базалары жана аналитиктери абдан күчтүү. Ошолордун негизинде гана билдирүү жасады десек болот. Булардын мындай эскертүүлөрү башка мамлекеттерге да болуп келген. Бул билдирүүнү туура позицияда кабыл алыш керекпиз.

— Улуттар аралык коопсуздук деген бар. 2010-жылы Батыров баштаган сепаратисттердин чакырыгына учурунда чара көрүлбөй, улут аралык кагылышуу болду. Батыров болсо ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар боюнча сын пикирлерин айтып отурат. Биздин атайын органдар аны биздин өлкөгө «уурдап» алып келсе болбойбу?

— Жеке эле К. Батыров эмес, коррупциялык жол менен А. Акаевдин, Б. Бакиевдин убагында качып кеткендерди кармап келебиз, шарттарды түзөбүз десе, биздин органдар баардык жерден кармап алып келсе болот. Бирок баары юридикалык норманын негизинде болушу зарыл. Себеби, алардын баары саясий качкын деген статус алып алышкан. Кээ бирлери башка мамлекеттин жараны болуп калышты. Убагында жогорку мамлекет жетекчилеринин буйругунун негизинде кээ бирлерин Кыргызстандан чыгып кеткенге жол ачып беришти, кээ бирлерине басым кылып кууп чыгышты, аягында укук коргоо органдарына күнөөнү жүктөп бийликтеги саясатчылар суудан кургак чыгып, бийликте тайраңдап жүрүшөт. Эми мындан кийин, качкындардын баардыгын мыйзамсыз жол менен кармап келебиз деген чечимди жогорку деңгээлдеги бийлик уруксат берсе, шартын түзсө, аларды тийиштүү органдын кызматкерлери кармап уурдап келиши оңой, дүйнөдө мындан жаман мисалдар болгон.

Маектешкен Үсөн Абдирашит уулу

Булак: Жаңы Ордо

 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Бир, бир жарым жылдан кийин Кыргызстанда катуу каатчылык болот”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Кыргызстан бажы уюмуна киргенден бери бир катар кыйынчылыктарга тушукту, бул кризистен качан, кантип чыгабыз?

– Эки жыл мурун Россияда жүргөндө эле Кыргызстанда кризис болот  деп үйгө шашып келгенмин. Азыр бизге байкалбаганы менен дагы бир жылдан кийин Россия катуу кризистин сазына батып, анын таасири Кыргызстанга да тийет.  Кризистин кесепети көбүнчө  акчанын өйдө-ылдый болушу, баалардын жогорулашы менен коштолот. Кризис Кыргызстанды эле эмес, Россияны да түйшөлтүп турат. Айтайын дегеним,  Якутияда жүргөнүмдө орустар да кризистин кесепетинен жабыр тартпайбызбы деп түйшөлүп сурашкан.  Атүгүл Украинадагы согуш тууралуу да сурашып, кыжаалат болушкан. Мен аларга согуш бул жакка жетпегени менен самолётторго толтура кишилер келет дегем, айтканымдай болду. Мен айткандан бир ай өтпөй эки самолёт киши Якутияга качкын болуп келишти. Орустар алдын ала туура айтканыма таң калышты.

Ал эми Кыргызстан да кептелип жаткан кризис тууралуу айтсам, азырынча бизге  кризистин эпкини гана тийип жатат. Бир, бир жарым жылдан кийин мамлекетибизде катуу каатчылыктар болот. Бирок мен элиме аны каалабайт элем. Бирок, төлгөгө түшкөнүн айтууга аргасызмын.

Булак: Асман плюс

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Президент эч жакка качпайт”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Жаркынай эже,  Президент мөөнөтүн аяктап анан кетеби же мөөнөтүнөн мурун кетеби?

– Бул киши мөөнөтүн аяктап, ызы-чуусу жок эле өткөрүп берет постту. Бул кишини мен качып кетет деген сөзгө такыр кошула албайм. Ушул жерде эле болот ал. Бирок адамдын ою күлүк эмеспи, бир кезде ал да ойлонгон чыгып кетсем деп бирок кийин ал оюнан кайткан. Кыскасы, качпайт.

Булак: Асман плюс

Артур Медетбеков, Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын лидери, генерал-майор: «Террордук уюмдар бизди ичибизден бөлүп жарууга аракет кылып жатышат»

— Артур агай, сиз коопсуздук маселесине көп көңүл буруп, терроризм, экстремизмдин коркунучтары тууралуу коңгуроо кагып келесиз. Азыр да ушул маселе кооптуу болуп турат. Терроризмдин белгилери бизде да каттала баштады. Коргонууга кудуретибиз жетчүдөйбү?

— Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө терроризм, экстремизм абдан күчөп турган убагы. Мына ушул терроризм менен күрөш жүргүзгөн чоң мамлекеттер АКШ, Россия, Израил, Улуу Британия дагы экстремизмдин запкысын көрүп келе жатышат. Алардын шаарларына көптөгөн кол салууулар болуп, массалык түрдө адам өмүрлөрү кыйылган учурлар көп катталды. Терроризм абдан күчөп кетти, буга бир мамлекеттин күчү жетпейт. Ошондуктан бир нече мамлекеттер биргелешип, ар кандай чараларды көрүп жатышат. Терроризмде эч кандай улут жок болуп калды, алар каалаган өлкөсүнө кирип, каалагандай акцияларды уюштурууга шарттарды түзүп коюшту. Жакынкы Чыгышта өткөн кылымдын 70-жылдары мындай окуялар көп катталганда, бизде мындай окуялар болбойт деп элестетчүбүз. Кийин 90-жылдарда биринчи террористтик кыймылдын запкысын Кыргызстан да тартып калды. Алар кадимкидей биздин аймака кирип, биздин он чактыдай айылдарды басып алышып үч ай Баткен согушу болду. Мына ошондон бери бизде да терроризм меселеси пайда болду. Биздин укук коргоо органдарыбыздын материалдык- техникалык базасынын начарлыгы, профессионалдуулук жагынан кадрлардын жетишпегендиги көрүнүүдө. Өлкөдөгү жакынкы болуп кеткен террористтик окуялар дагы деле болсо кооптондуруп, маселе күч алып турат. Өзүңүздөр билесиздер, биздин 600дөн ашуун жарандар Ислам мамлекети деп аталган топко кошулуп алып согушуп жүрүшөт. Биздин укук коргоо органдарына Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен адамдардын кайра кирип жаткандыгын жана алардын байланыштарын аныктоо абдан оор болууда. Акыркы убактарда «Ватсап», «Вайбер» өңдөнгөн социалдык тармактар аркылуу террористтик уюмдар адамдарды идеологиялык, материалдык жактар менен алдап кетип жатышат. Демек, алардын арасында билимдүү, биздин менталитетти билген, адамдын психологиясын мыкты өздөштүргөн адамдар иштеп жатат десек болот.

— Алар өздөрүнүн идеологиясын бизде жетиштүү диний сабат болбогондон улам жайылтып жатышат да?

— Терроризмге каршы укук коргоо органдары колунан келишинче күрөшүп келишүүдө. Муфтият, дин комиссиясы ” Араба сынбасын, Эшек өлбөсүн” деп эле жакшы жардам бере албай жатышат. Себеби бизден 15 жаштан 30 жашка чейинки жаштарыбыз диний илим алабыз деп Пакистанга, Түркияга, Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерге кетип атышат. Ошолордун саны жана кандай багыт менен окуп келип жатышкандыгы дагы деле белгисиз. Андан сырткары акыркы учурда динге берилген жаштардын саны абдан көбөйдү. Туура биз мусулманбыз, Ислам динин тутунабыз, Кудай дейбиз. Бирок, Ислам динин жамынып алып жогорудагы айтылган жаштарыбызды экстремисттик топтор башка тарапка буруп кеткенге оңой болуп жатат. Мындай учурда биздин мамлекеттик органдар артта калып, жетишпей калган учурлар болууда. Жалпы эле экстремизм, терроризмдин алдын алуу үчүн диний сабатсыздыкты жоюу зарыл. Балдарды жаштайынан тарбиялап, мектептерге дин таануу сабактарын киргизиш керек. Айрым депутаттар, президенттин жанында жүргөн кээ бир адамдар өздөрүн көрсөткүсү келеби, айрым учурда туура эмес сөздөрдү сүйлөп алып жатышат. Мына жакында эле Чубак ажыны экстремист катары айтып жиберишкен учур болуп кетти. Мен буга кошулбайт элем, экстремист деп аташ үчүн атайын кыянаттык радикалдуу иш болушу керек, атайын эксперттик топтун чечими болушу абзел. Кээде ушундай учурдан пайдаланып экстремисттер кагылышууларды уюштуруп жибериши мүмкүн. Мисалы, жакында Кыргызстандын үч жараны интернет аркылуу видео кайрылуу жасашты. Алар айтып жатпайбы, биз Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды билебиз деп. Мамлекеттин түзүлүшүнө, туруктуулугуна каршы ар кандай сөздөрдү сүйлөп жатат. Сүйлөгөн сөздөрүндө коркутуу иштери да болуп жатпайбы.

— Алар кайрылуусун президент Атамбаевдин дарегине жолдошуптур да. Ошондо өлкөнүн коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси болду, биз күнөөлүү эмеспиз, мунун баарына Өкмөт күнөөлүү дешти…

— Алар жеке эле Атамбаевдин дареги эмес, бүтүндөй Кыргызстанга кайрылуу жасап жатышат. Булар өздөрүн актап, адилет иштерди жасап жатабыз деген менен мусулмандарды өлтүрүп жатышат. Мындай тасмаларды дагы да жиберебиз дешти. Демек, ал жакта абдан күчтүү идеологиялык жактан даярдалган адамдар иштеп жаткандыгынан кабар берет. Ошон үчүн мындай идеологиялык диверсиядан мамлекет катары сактанышыбыз керек. Ал үчүн биздин укук коргоо органдар, чиновниктер идеологиялык жактан кайра катуу сокку урушу зарыл. Булардын мыкаачылык, адам чыдай алгыс жасаган жагымсыз иштерин көрсөтүп, ММКдан тынбай чагылдырып турсак бүдөмүк ойдо жүргөн жарандарыбыз токтоп ойлоно башташат.

— Мына азыр Ислам мамлекети деген экстремисттик тобу абдан күчөдү, алардын каржылык булактары да көбөйдү. Ушундай чоң каржылык менен чыгып, идеологиялык чабуул жасап жаткан соң, идеологиялык контрчабуул жасоо жетишсиз болуп калат го? Чечкиндүү кадамдар жасалышы керек да?

— Кыргызстан акыркы мезгилдерде экстремисттик топтордун материалдык соккусуна урунуп жатат. Мындан бир жыл мурун «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун жетекчиси Халиф Ибрагим 60 млн долларды Борбордук Азияга террордук акцияларды уюштурууга, массалык тополоңдорду жасаш үчүн бөлүп берген. Борбордук Азияга Кыргызстан да кирет. Ошондой тополоңдорду уюштуруш үчүн биздин өлкөгө келген террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалып жатышат. Былтыр үч террорист өлтүрүлдү жана алардын шериктери кармалды. Жакында эле Кытай элчилигинде жардыруу болду. Булардын баары материалдык жактан алардын деңгээли чоң экендигин билдирет. Ачыгын айтыш керек бүгүнкү күндө ошол «Ислам мамлекети» же «ДАИШ», «Жапхат ан нусра», «Аль-Каида», «Түркестан ислам кыймылы» деген чоң террордук уюмдар менен күрөшүүдө Кыргызстан жалгыз эмес. Кыргызстан ОДКБнын, ШОСтун мүчөсү. Бизде Кант шаарында учкучтар базасы жайгашкан. ОДКБнын ондон ашык батальону бар, ага Тажикстан, Беларусия, Россия, Армения, Казахстан сыяктуу мамлекеттер кирет. Алар жыл сайын атайын аскерий окууларды өткөрүп турат. Ал эми 90-жылдары Тажикстан менен биздин чек арабыз жок болсо азыр чек арабыз бар, жаманбы-жакшыбы биздин аскерлер кайтарып турушат.Бирок террордук уюмдар Кыргызстандын аймагына кирип алып, бизди ичибизден жарууга аракет кылып жатышат. Мына ушундан улам бизден 600дөн ашуун жарандар Сирияда согушуп жүрүшөт. Ошон үчүн чакан экстремисттик уюмдар пайда болуп, өздөрүнүн идеологиясын тымызын жүргүзүүдө.

— Террорго шектелип кармалгандар абакта башка адамдар менен чогуу олтурат. Ал жакта дагы алар өздөрүнүн идеологиясын жайылтышууда. Аларды камаган күндө дагы темир тордун артында, кылмышкерлерге жанкечтилик идеологияны жүргүзүп жатпайбы?

— Кыргызстанда азыр экстремисттик, террористтик жол менен ар кандай кылмыш ишин жасагандар, алардын ичинде башка мамлекеттин жарандары, биздин жарандарыбыз кармалып, көбү абакта отурат. Бирок, кармалган адамдар башка кылмыштар менен кармалган адамдар менен кошо отурушат. Ал жерде отурган адамдардын 30–40% пайызы толук ошол экстремисттердин идеологиясына кирип кеткен учурлар кездешет. Ошон үчүн террористтик-экстремисттик жол менен кармалган адамдарды өзүнчө кармоого мамлекет шарт түзүшү керек. Жогорку Кеңеште дагы террористтик жол менен башка мамлекеттерге барып келген адамдардын жарандыгын толугу менен алып салуу маселеси да каралып жатат. Менимче ушул маселе туура эле каралууда. Себеби, Сирияга кеткендер – аларды кандай жазалар күтүп турганынан коркуш керек да.

— Кытай элчилигинин алдындагы жардыруу өзүн-өзү өлүмгө алып барган жанкечтиликтин биринчи катталышы болду окшойт. Ушуну деле жанкечтилер биздин өлкөгө да келип жетти деп кабыл алсак болобу?

— Мен буларды мындай деп айтат элем. Булар өздөрүн жардырып, шахид болдук деп атышпайбы. Аларды жанкечти кылмышкер деп айтыш керек. Акыркы мезгилдерде жанкечтилерди коомчулук «исламчыл террористтер» деп, мусулмандардын аброюна шек келтирип коюшту. Бул террордук топтордун Исламга такыр тиешеси жок. Булар Ислам динин жамынып алып ошондой жаман иштерди жасап жатышат. Мына ушул маселе боюнча кээде журналисттер, саясатчылар терминдерди туура эмес пайдаланышууда. Кытай элчилигинин жанындагы жанкечтилер боюнча: Бул жанкечтини психологиялык жактан эчак эле даярдап коюшкан, ал Кыргызстанда буйрукту күтүп жүргөн, ушуга окшогон жанкечтилер барбы-жокпу белгисиз. Азыркы мезгилде Сирияда, Афганистанда мындай жанкечтилерди даярдаган топтор түзүлгөн. Алар жанкечтиге акча төлөшүп, же үй-бүлөсүнө акча которуп, өздөрүн келишимге кол койдуруп коюшкан. Ушундай жанкечтилердин экспорттолушу бүгүнкү күндө күчөп жатат. Ошонун бири Кытай элчилигинин алдындагы өзүн жардырган жанкечти деп айтсак болот. Бирок бул маалыматтардан биз коркуп дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек. Маалыматты туура түшүнүп укук коргоо органдарына жардам беришибиз зарыл.

— Жандан түңүлгөн адамдар мамлекеттик стратегиялык объектилерди деле жардырганга бара алышат турбайбы?

— Ооба, биздин Сирияда жүргөн жарандарды башка бир максаттарга буруп, алардын макулдугун алып туруп, стратегиялык обьектилерди жардырасыңар десе, алар албетте жасайт. Бирок биздин атайын органдар булардын алдын алып билип туруш керек. Учурда мындай топтордун ишин алдын алуу, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө биздин атайын органдарда абал бир аз кыйын болуп турат. “Күтүлбөгөн нерсени дайыма күтүп жүрүш керек” деген сөз бар. Азыр террордук агымдар күчөп жаткан соң, биз ар дайым ар түрдүү кырдаалга даяр турушубуз керек.

— Мына жакында эле АКШ менен Англиянын элчиликтерди өздөрүнүн жарандарына “террордук жардыруулар болушу мүмкүн, сак болгула” деп эскертти. Алардын билдирүүсүндө жан барбы?

— Булардын билдирүүсү биздин мамлекеттин коопсуздугуна да тиешелүү. Ошон үчүн биздин укук коргоо органдары билдирүүнү четке какпай, дыкат иликтеп, аныктап ошол боюнча текшерүү иштерди жүргүзүш керек. Негизи эле бул элчиликтер айтпаса деле бизде террордук коркунучтар бар болчу. Алар дагы бул билдирүүнү жөн эле базардан барып угуп келип эле айткан жок. Алардын атайын чалгындоо иштери, террор менен күрөшүүдө абдан чоң тажрыйбалары бар. Иракта, Жакынкы Чыгышта согушуп жүрүшөт. Анан булардын атайын материалдык- техникалык базалары жана аналитиктери абдан күчтүү. Ошолордун негизинде гана билдирүү жасады десек болот. Булардын мындай эскертүүлөрү башка мамлекеттерге да болуп келген. Бул билдирүүнү туура позицияда кабыл алыш керекпиз.

— Улуттар аралык коопсуздук деген бар. 2010-жылы Батыров баштаган сепаратисттердин чакырыгына учурунда чара көрүлбөй, улут аралык кагылышуу болду. Батыров болсо ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар боюнча сын пикирлерин айтып отурат. Биздин атайын органдар аны биздин өлкөгө «уурдап» алып келсе болбойбу?

— Жеке эле К. Батыров эмес, коррупциялык жол менен А. Акаевдин, Б. Бакиевдин убагында качып кеткендерди кармап келебиз, шарттарды түзөбүз десе, биздин органдар баардык жерден кармап алып келсе болот. Бирок баары юридикалык норманын негизинде болушу зарыл. Себеби, алардын баары саясий качкын деген статус алып алышкан. Кээ бирлери башка мамлекеттин жараны болуп калышты. Убагында жогорку мамлекет жетекчилеринин буйругунун негизинде кээ бирлерин Кыргызстандан чыгып кеткенге жол ачып беришти, кээ бирлерине басым кылып кууп чыгышты, аягында укук коргоо органдарына күнөөнү жүктөп бийликтеги саясатчылар суудан кургак чыгып, бийликте тайраңдап жүрүшөт. Эми мындан кийин, качкындардын баардыгын мыйзамсыз жол менен кармап келебиз деген чечимди жогорку деңгээлдеги бийлик уруксат берсе, шартын түзсө, аларды тийиштүү органдын кызматкерлери кармап уурдап келиши оңой, дүйнөдө мындан жаман мисалдар болгон.

Маектешкен Үсөн Абдирашит уулу

Булак: Жаңы Ордо

 

Видео - КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев 6 жылдан бери Бакиевди Белорусиядан алып келе албайбыз деп наалыды

Кечээ, 13-октябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев 6 жылдан бери экс-президент Курманбек Бакиевди алып келе албайсыңар деп КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө жана КР Генералдык прокурорунун орун басары Людмила Усмановага нааразы болуп сүйлөндү.

Бул ишке Тышкы иштер министрлиги күнөөлүү деп, Кыргызстандын Белорусиядагы элчилигине “эки-үч адамды байлап коюш керек, алар Бакиевдин  айыптарын далилдеп, түшүндүрүп, Бакиевди Кыргызстанга алып келиш керек эле” деп наалыды.

Булак: youtube

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 218 миллион сом каражат каралып, аймактык шайлоо комиссиялары үчүн дифференциалдуу смета түзүлдү

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясы алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык жана башка маселер тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматын укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын маалыматы боюнча 2016-жылдын 11-декабрындагы жергиликтүү кеңештеринде болуучу шайлоодо 49 аймактык, 1932 тилкелик шайлоо комиссиялары иш алпарат. Бул шайлоо комиссияларында жалпысынан 20 миңге чукул адам иштейт. Шайлоо 411 кеңеште өтөт. “Алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүгү жаңы технологиялардан башка талапкерлерди каттоо процесси аймактык шайлоо комиссияларында өтөт. Парламенттик шайлоодо каттоо процессин Борбордук шайлоо комиссиясы алпарса, аймактык шайлоо комиссиялары ошол талапкерлер менен иштейт. Албетте, бул оор жүк. Бирок БШК мыйзам боюнча ылдый турган комиссияларга жардам бериши керек. Бул багытта методикалык, уюштуруу түзүмү кабыл алынды. Бул ыкчам реакция жасоого өз натыйжасын берет”,- дейт Н.Шайлдабекова. Ошону менен катар БШК төрайымы каржылык смета дагы бекитилгендигин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 218 миллион сом каражат каралганын, быйыл ар бир аймактык шайлоо комиссия үчүн дифференциалдуу смета түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө шайлоо кампаниясына старт берилгендиктен улам учурда Жогорку Кеңеш кабыл алган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу бир катар мыйзамдардын күчүнө кириши кечигери белгилүү болду.

Мындан сырткары, жыйынга катышып отурган КР Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого колдонулуучу урналардын келишимди тикелей түзүү ыкмасы менен сатылып алынышында Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам талаптары бузулбагандын баса белгиледи. Мындай пикирди БШК төрайымы Н.Шайлдабекова дагы кубаттады. Бир катар депутаттар бул жагдайдын мыйзамдуулугун КР башкы прокуратурасы дагы карап чыгышы керек ойлорун ортого салышты.

Мындан сырткары, фракция мүчөлөрү алдыдагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоону БШК калыс, ачык-айкын өткөрөт деген каалоолорун билдиришти.

 

Шыкмаматовду ооздуктаган Сурабалдиева

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов «бийликке жаштар келсин эле дейсиңер, мына Жогорку Кеңеште отурат го жаштар ооз ачканга жарабай, кеп жашта эмес, башта» деген мааниде маалымат тараткан. Алмамбет мырзанын мындай кескин сынына парламенттеги жаштар нааразы болушуп, сынды абайлап айтуу зарылдыгын белигилешти. Алсак, эл өкүлү Элвира Сурабалдиева:  “Бир катар депутаттарыбыз жаш кесиптештеринин дарегине катуу сын айтып жатат. Бул туура эмес. Алмамбет Шыкмаматов жаш депутаттар чабал болуп жатат деди. Бул, албетте, жаштардын намысына тиет. Жогорку Кеңеш башкаларга үлгү болушу керек. Андыктан мындай пикирлерди айтканда да этият бололу”, – деп агынан жарылды. Өз кезегинде депутат Шыкмаматов «Силердин баркыңарды түшүрөйүн деген эмесмин, катуу тийип калса кечирим сурайын”, – деп катасын моюндады. Ошентип тыңсынган Алмамбет мырзаны чыканактай Элвира Сурабалдиева эле ооздуктап койду.

Булак: Фабула 

Рустам Маманов Икрамдан үлгү алгыла дейт...

“Эт эмес же чел эмес” арабөк позицияны карманып, анда-санда үн ката коймою бар Рустам Маманов басма булактарынын бирине: “Алтынбек Сулайманов шоопурум болгон. Шоопурлук кесип жаманбы? Керек болсо, азыр шоопурлардын ити чөп жеген заман болбодубу? Икрамдан үлгү албайсыңарбы?” – деп какшык аралаш Илмиянов менен Сулаймановду кабаттап жөөлөп өтүптүр.  Минтип азуу көрсөтүп алып мүйүздүү болом деп, кулагынан ажырабаса болгону…

Булак: Фабула 

Оппозиция Текебаевден жүз үйрүштү...

Өткөн жуманын этегинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон оппозиция Конституцияны өзгөртүүгө каршы курултай өткөргөн. Бирок ал курултай бир эле Текебаевдин бийликке болгон жеке таарыныч, ич күптүсүн чагылдырган “Ата Мекен” партиясынын эле курултайы болуп калганын күбө болгондор дароо байкашты. Анткени Текебаевди шынаарлаган 2-3 депутаттан башка бийликке сын айтып жүргөн бир дагы аттуу-баштуу оппозиция өкүлдөрү басып барган жок. Буга ошол эле Атамбаев сындап койду деп чычалаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков, Элвира Ибраимова, Темир Сариевдин, ошондой эле Аликбек Жекшенкулов, Темирбек Асанбеков сыяктуу элге төбөсү көрүнгөн коомдук ишмерлердин, оппозиционерлер Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуевдин  курултайга катышпаганы күбө.  Аты аталгандар Текебаев жеке таарынычын мамлекеттик көйгөйгө айлантып жатат дешип, курултайга катышуудан баш тартышыптыр. Мындан улам, “мен каршы болсом калгандары мени ээрчийт” деген Текебаевдин жаман ою ордунан чыкпай калып, эми “менин өмүрүмө кол салуулары мүмкүн” дегенди айтып, алдын ала бийликти жаманатты кылуунун экинчи сценарийин ишке ашыра баштады.

Булак: Фабула 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Бир, бир жарым жылдан кийин Кыргызстанда катуу каатчылык болот”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Кыргызстан бажы уюмуна киргенден бери бир катар кыйынчылыктарга тушукту, бул кризистен качан, кантип чыгабыз?

– Эки жыл мурун Россияда жүргөндө эле Кыргызстанда кризис болот  деп үйгө шашып келгенмин. Азыр бизге байкалбаганы менен дагы бир жылдан кийин Россия катуу кризистин сазына батып, анын таасири Кыргызстанга да тийет.  Кризистин кесепети көбүнчө  акчанын өйдө-ылдый болушу, баалардын жогорулашы менен коштолот. Кризис Кыргызстанды эле эмес, Россияны да түйшөлтүп турат. Айтайын дегеним,  Якутияда жүргөнүмдө орустар да кризистин кесепетинен жабыр тартпайбызбы деп түйшөлүп сурашкан.  Атүгүл Украинадагы согуш тууралуу да сурашып, кыжаалат болушкан. Мен аларга согуш бул жакка жетпегени менен самолётторго толтура кишилер келет дегем, айтканымдай болду. Мен айткандан бир ай өтпөй эки самолёт киши Якутияга качкын болуп келишти. Орустар алдын ала туура айтканыма таң калышты.

Ал эми Кыргызстан да кептелип жаткан кризис тууралуу айтсам, азырынча бизге  кризистин эпкини гана тийип жатат. Бир, бир жарым жылдан кийин мамлекетибизде катуу каатчылыктар болот. Бирок мен элиме аны каалабайт элем. Бирок, төлгөгө түшкөнүн айтууга аргасызмын.

Булак: Асман плюс

Дайырбек Орунбеков: "Анын күнөөсү дадилдене электе эле колу-бутуна чынжыр салып, башына мешок кийгизип салышыптыр"

Кечээ, “сөз эркиндигин коргоо комитети” уюштурган саясий туткундар тууралуу жыйындан кийин журналист Дайырбек Орунбеков ММКларга маек берип жатып, тероризмге тийешеси бар деп айыпталган экс-депутат Максат Кунакунов тууралуу буларды айтты:
– Мен Максат Кунакуновдун терроризмге канчалык тийешеси бар же жоктугун билбейм, бирок жакшы билем ал камакка алынаар алдында Атамбаевдин бийлигин катуу сынга алып, ага каршы активдүү күрөшүп жүргөн. Мага анын туугандары байланышка чыгып, ага карата зулумдук болуп жатканын айтышты. Анын күнөөсү далилдене элегине карабай, колу бутун темир чынжыр менен байлап, башына мешок кийгизип, иттер менен тегеректетип алып сотко алып келип жатыптыр. Анын камакка алынганына канча убакыт өттү, бүгүнкү күнгө чейин үй бүлөөсүн жолуктура элек экен. Азыр бийликти сынга алгандарга ар кандай айып тагылып, түрмөгө камалып жатат. Өлкөдө репрессия жүрүп, куугунтук күчөдү,-дейт Орунбеков.

Ахмат айыпталып, бирок акталып чыкты

Мурдагы спикер, соцфонддун төрагасы, салык кызматынын башчысы, расмий түрдө кылайган бизнеси жок, бирок өлкөдөгү манчыркаган олигархтардын бири Ахматбек Келдибековдун ишин караган Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун өкүмүн туура деп таап күчүндө калтырды. Ошону менен “кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланды” деп айыпталган ал болгону 10 млн. сом айып пулду КРнын бюджетине төгүп берип, өзү эркиндикке, башкача айтканда чоң саясаттын чордонуна карата кадам шилтей турган болду. Атаңдын көрү, болсоң эле Ахмат мырзадай бол, өмүр бою мамлекеттик кызматта иште, байы, кылмыш иши козголсо да Германияга дарыланганы кетип калып Дубайда эс ал, тийиштүү адамдар менен ымалалаш да, келип акталып кайрадан саясий фигура болуп жүрө бер. “Жизнь малина” эмей, эмне?

Булак: Фабула 

 

 

 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Президент эч жакка качпайт”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Жаркынай эже,  Президент мөөнөтүн аяктап анан кетеби же мөөнөтүнөн мурун кетеби?

– Бул киши мөөнөтүн аяктап, ызы-чуусу жок эле өткөрүп берет постту. Бул кишини мен качып кетет деген сөзгө такыр кошула албайм. Ушул жерде эле болот ал. Бирок адамдын ою күлүк эмеспи, бир кезде ал да ойлонгон чыгып кетсем деп бирок кийин ал оюнан кайткан. Кыскасы, качпайт.

Булак: Асман плюс

Акылбек Сариев “чочуду”

БШКнын мурдагы башчысы Акылбек Сариев атайын маалымат жыйынын өткөрүп, ал 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ишмердигин сынга алып, ошону менен катар эле өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын президенттик макамы чындап эле мыйзамсыз болгондугун айтып өттү. Эми юридикалык жактан карап, ошондой эле ал мезгилдеги кырдаалды эске алганда, бул талаш-тартышты туудурган маселеге ар кандай караса болот. Бирок капыстан эле Акылбек Сариевдин мындай билдирүү таркатып калуусуна эмне себеп болгонун, эмне жанынан күч келгенин түшүнө албай турабыз. Же өзүн саясий  инригалардан алыс кармап жүрүүчү Акылбек мырза деле бош жата бергенден эригип, ар кимдин сөзүнө кирип калганбы?

Булак: Фабула 

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: Темирбек Асанбековдун бийликте жолу жок

Бул кишиге мурун оомат болгон, азыр ийгилик жок.  Оомат келген кезде бир топ адамдарга туура эмес мамиле жасап, ишеничтен чыгып калган дейт. Кыргыз эли саясатта жаңы жүз, жаңы адамды көргүлөрү келип, жаңыга суусап турганда чет жактан келгендиктен бул адамга аябай ишенич артып колдошкон экен. Бирок ошол колдоону жакшы жакка пайдалана албаптыр.  Кудайдын берген шансын өткөрүп жибериптир. Анын үстүнө шайлоо болоор алдында эле элге чыга калганы болбосо, 6 жылдан бери эл үчүн эч деле иш жасаган эмес дейт.  Шайлоого катышам деген оюн  каражат  кыйынчылыгы  артка тартып турат. Азыр төрт адам менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Негизи бул адамга бийликке  жол жок, жолу байланган. Өзүнүн жеке бизнеси менен өскөн адам экен, ошондуктан өз иши менен эле алектенсин дейт. Бийликке келген күндө деле мамлекетти өстүрүп жибере турган күчүн көрбөй жатам. Себеби, айтылган сөздөрү сөз боюнча эле кала берет экен.

PS. Жолумду ачтырам, келечегимди билем, кара дубаларды жандырам дегендер болсо  0771 066806 номерине байланышса болот.

Булак: Асман плюс

Гимнге тили күрмөлбөгөн Артыков, баш мыйзамды билбеген Рыспаев...

ЖКнын депутаты, мурдагы “арнамысчы”, азыр КСДПнын байрагын көтөрүп жүргөн Анвар Артыков кандай кыйын мыйзамчы экенин билбейбиз, бирок көпчүлүктүн көзүнө дайыма негатив жагынан көрүнө бергени берген. Айталы,   жазында эле жол тандабасын Бишкектеги жөө адамдар өтүүчү тратуарга коюп коюп, МАИ кызматкерлерине документтерин бербей, депутаттыгына салып өзүм билемдик кылганы тууралуу тасма бир топко “хит” болгон. Эми болсо кайсы бир маалымат агенттигинин “Кыргызстандын Гимнин экинчи куплетинин биринчи сабы кандай башталат?” деген суроосуна түз жооп бербей, “Мен вокал менен шугулданбайм” деп керсейип турганына коомчулук күбө болууда. Жок дегенде, гимндин суралган сабын таппаса да башка кесиптештери тууралуу кыңылдап, башынан баштап ырдап койсо ыраазы болосуң да. Тили буулуп калса да…

Ал эми учурда баш мыйзамды өзгөртүү боюнча эң активдүү депутат Кожобек Рыспаев болсо өзү эгемендикти алган Кыргызстандын алгачкы баш мыйзамы качан кабыл алынганын билбейт экен. “Деңгээлиң кандай депутат” дегиң келет. Ал ортодо дагы бир эл өкүлү Кенжебек Бокоев нандын баасын 50 сомго чейин деп бааласа, дээрлик депутаттардын көпчүлүгү 20 сомдук валютада кимдин сүрөтү түшүрүлгөнүн билбей, ага караганда 10 долларлык купюрадагы Бенджамин Франклинди жакшы таанырын жашырышкан жок…

Булак: Фабула 

Пардабайды кармабай иштен айдашты

“Болгону 35 эле сутенершам бар, ошолорго тийишпей эле койбой кайра-кайра кармайсыңар, мага өчөшүп жатсаңар ачык айткыла” – деп кол алдындагы кызматкерлерди каарып жаткан интернеттеги тасманын негизги каарманы иштен айдалды. Көрсө тасмадагы сойкулардын “крышасы” Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБсинин 10-милиция бөлүмүнүн начальниги Пардабай Намазбаев деген кызыл шапкечен экен. Ал арада кайсы бир радионун түз эфирине чыккан мурдагы милиция кызматкери Пардабай сыяктуу “крышалар” сойкулардын башчыларынан күн сайын 5 миңден сом чөнтөккө салып тураарын ачыктап салды. Демек, кызматынан эч жоопкерчилик тартпай, сыйы менен жөн гана бошоп кеткен милиция күн сайын 35 сутенерунан 5 миң сомдон чогултуп алганда күн сайын 175 миң сомго жамбашы ысып турган экен да?! Эми ал акчаларды бизнеске салып койгон болсо, эртең эле пара берип дагы бир майлуу жерге келип албайт деп ким кепилдик бере алат?

Булак: Фабула 

Шотландияда кайрадан референдум өткөрүү мыйзамы даярдалууда

Шотландия өкмөтү Британиянын курмынан чыгуу боюнча кайрадан референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Никола Стержен Глазгодо өткөн Шотландия улуттук партиясынын жыйынында билдирди.

Стержендин айтымында, мыйзам долбоору кийинки аптада даяр болот. «Улуу Британия ЕБдин курамынан чыкканга чейин Шотландия өзүнүн көз карандысыздык маселесин дагы бир жолу ойлонуп көрүүгө жөндөмдүү экенине ишенем», – деди ал.

Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй ЕБден чыгуу тууралуу расмий билдирүү 2017-жылдын мартына чейин жасаларын билдирген. Brexit боюнча референдумда Шотландиянын жашоочуларынын 62 пайызы өлкөнүн Евробиримден чыгуусуна каршы добуш беришкен. Ошол эле маалда сурамжылоолорго ылайык, шотландиялыктардын көбү Brexitке карабастан Британиянын курамынан чыгуу боюнча дагы бир жолу референдум өткөрүүнү каалашпайт.

Улуу Британиянын ЕБдин курамынан чыгуусу тууралуу референдум 2016-жылдын июнунда болгон. Ага британдыктардын 72,2 пайызы катышып, добуш бергендердин 51,9 пайызы ЕБден чыгууну колдоп, 48,1 пайызы каршы добуш беришкен.

Шотландиянын көз карандысыздыгы тууралуу референдум 2014-жылдын сентябрында өткөн. Ага шотландиялыктардын 84,59% катышып, добуш бергендердин 55,3% өлкөнүн Британиянын курамынан чыгуусуна каршы, 44,7% макул деп добуш беришкен.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Калысбек Жумакановдун комиссиясы чайга токпу?

Өкмөттүн мал-жанды идентификациялоо жараяны ордунан жылбай, ал арада бирка боюнча тендер чуу менен коштолуп турган чакта интернетте дагы бир коррупциялык аракетти ачыктаган аудио-тасма пайда болду. Анда ошол бирка боюнча тендерде утуп чыгып, бирок азыр тактоо иштери жүрүп жаткан “Ньюс Стар” компаниясынын директорунун орун басары делген Рысбек аттуу адам тендер боюнча комиссия менен алака-катышта болгонун, ал тургай комиссия 4 саат отурум жасап чыкканда, “курсагыңар деле ачкандыр чай ичип алгылачы” деп сый тамакка алып барганын ачык айтыптыр. Ушундан улам биз “тендер кристаллдай таза өттү” деп жаткан КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринария жана фитосанитария инспекциясынын башчысы Калысбек Жумакановго каяша айталы деп чечтик.  Анткени эгер комиссия тендерге катышуучулардын баары менен бирдей мамиледе болуп, ортодо адамдык факторго жол бербей, алар менен байланышпаган болсо маселе жок эле. Булар болсо бир компаниянын чайын ичип, анан ал компания утуп чыгып жатса, бул жерде коррупциялык элементтин жок экенин кантип танасыңар?

Булак: Фабула 

Эпчилдиги зор энергетик...

Айбек Калиев Өкмөттөгү жаш кадр катары саналып, сыртынан карагандар бул илбериңки жигиттин иш алып барып, өлкөдөгү эң стратегиялык тармакты жөндөп жатканына кубанып жүрүшөт. Ооба, бир караган адамга ал абдан билимдүү, ыймандуу, ишти билген, саясат, интрига дегенден ат чабым алыс, заманбап кадр катары көрүнөт. Чыкыйып, жөнөкөй жигит болуп…

Бирок жакында энергетиктер менен карп-күрп кездешип калып, Айбек Калиевдин кадрдык жүрүштөрүн укканда оозубуз ачылды. Анткени энергетика тармагын монополия кылып холдинг түзгөн жаш баатыр, мекемедеги майлуу-сүттүү орундарга өзүнүн жана өзүн көлөкөдө башкарган “серый кардиналдардын” жакындарын жаштыгына, тажрыйбасына карабай эле коюп кириптир. Мисалы, холдингдеги сатып алуулар боюнча башкармалыкка али жогорку окуу жайды бүтө элек “сары ооз балапанды” отургузуп койгон экен,  энергетиктер жерге балчайта түкүрүшүптүр…

Булак: Фабула 

Осмонов ойноп отурганбы?

Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда салыктын көлөмү пландагыдан 3 млрд. сомго аз жыйналып жаткандыгы тууралуу Өкмөттөн кабарлашты. Бул деген ансыз да жыртыгы аңырайып турган бюджеттин биротоло чала өлүккө айланганынан кабар берет. Карап көрсөк, эгемендиктин тарыхында мындай көрсөткүч болбоптур. Демек мындан көрсөткүчтөн кийин Салык кызматынын башчысы Замир Осмонов  деги иштеп жатканбы же кабинетинде эле нарда ойноп отурганбы деген суроо туулат. Эгер иштеп жатканы чын болсо, эмне үчүн мындай маселе келип жатат, быйыл Кудайга шүгүр, соода-сатык деле жаман болгон жок, валюталардын кыймыл-аракеттери деле өйдө-ылдый секирген жок, Көчмөндөр оюну сыяктуу ири долбоорлор өтүп, алык-салык деле арбын болду деп ойлонуп жатабыз. Ал арада айрым ишкерлер “Жыл сайын салыкчылар эмдиги жылкы салыкты быйыл алып планды толтурушчу, быйыл биз бербей койдук” – деп айтып берип отурушат. Демек баш салыкчы эски-жаңыча иштөөнү жарытпай, эски схеманы да жарытылуу иштете албай койгон турбайбы, жарыктык. Эми мындай болгон соң, ушул айдын аягында өтүүчү салыкчылардын ири жыйынында ары же бери болот го?! Өкмөттүн эрке баласы эмес да отура бергендей…

Булак: Фабула 

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Бабанов жети ыйык жерди кыдыруусу керек”

Бабановдун ой -максаттары жакшы жакка өзгөрөт деп турат. Бул инсан жети ыйык жерди кыдыруусу керек экен. Жетинин бири кыдыр дейт, ал акырында Кочкор-Атага баруусу керек экен, ал жерден жетим- жесирлерге жардам берип бата алып келүүсү зарыл. Ыйык жерлерге зыярат кылууну   Манас Атанын мазарынан баштап, андан кийин  Сулайман тагына, Түркстанга барышы керек. Ал жактан келип Манжылы-Атага барышы керек, андан кийин Таш-Рабатка, ал жактан Чеч-Дөбөгө келип, анан аягында Кочкор-Атага  барышы керек экен. Аянда Бабанов ак боз ат минип колуна камчы кармап турганын көрдүм. Азыр кандайдыр бир жумуштарлды жасоодо бут тоскондор көп. Азыртадан ага каршы чабуул кылгандар бар, бирок баары бир колдогон адамдар көп. Президенттик шайлоого жакын өтө курч терс  маалыматтар тарашы мүмкүн, алдын алуусу керек, абдан тазалануусу керек. Тазаланса такка отура турган жолу бар. Жакшы ийгиликтер коштолот. Жашоосунун акырына чейин жакшы жашайт. Бабановдун алдында эки чоң ийгилик турат. Бири президенттик, экинчиси,  тарыхта кала тургандай Кыргызстанга жакшы иш кылып, ошонусу менен бааланып кетиши мүмкүн. Бул жигит бийликке келет. Ошон үчүн ишин жети мазардан сыйынып, бата алып башташы керек. Мына ушул нерселерди так аткарса Бабанов жүз пайыз Президент болот.

PS. Жолумду ачтырам, келечегимди билем, кара дубаларды жандырам дегендер болсо  0771 066806 номерине байланышса болот.

Булак: Асман плюс

Асад: Сирия Батыш менен Орусиянын аскердик аракеттеринин театрына айланды

Сирия Орусия менен Батыштын ортосундагы жаңжалдын зонасына айланды. Бул туурасында Сирия президенти Башар Асад “Комсомольская правда” гезитине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, соңку айлардагы окуялар Муздак согуштан артык көрүнүшкө ээ болуп жатканын белгиледи.

Орусия бир жыл мурун сирия жаңжалына толугу менен киришип, авиасоккуларды жасоо үчүн бомбалоочуларын жөнөткөн. Алар Сирия аскерлеринин кургактагы аскерлерине колдоо көрсөтүүдө. Натыйжада бул урушта күчтөрдүн балансы Сириядагы башкаруу режиминин пайдасына өзгөрүп жатат. Кошмо Штаттар менен европалык державалар Асадка каршы күрөшкөн козголоңчуларды колдосо да аскер жардамдарын беришкен жок.

Асад орусиялык басылмага берген маегинде Анкаранын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларын Түркиянын Сирия менен чектешкен аймактарынан сүрүп чыгаруу кампаниясына да токтолду. Асад муну Сирияга “кол салуу” деп атады.

Мындан тышкары Асад Сауд Арабия жардам берүүнү сунуштаганын, бирок Сириянын башкы өнөктөшү Иран менен кол үзүү боюнча шарт койгонун билдирди.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Путин орусиялык базаны Сирияда мөөнөтсүз жайгаштырууну мыйзамдаштырды

Орусия президенти Владимир Путин Сириянын аймагына орусиялык авиатопту мөөнөтсүз жайгаштыруу боюнча келишимди ратификациялады. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Буга чейин документти Мамлекеттик думанын депутаттары жана Федерация Кеңешинин мүчөлөрү да колдоп берген.

Келишимде авиабаза Латакиядагы Хмеймим аэродромуна Дамасктын өтүнүчү менен жайгашканы айтылган. Авиабазанын аймагы жана инфраструктурасы Орусияга мөөнөтсүз негизде колдонууга берилет.

Федерация Кеңешинин эл аралык комитетинин башчысы Сирия менен түзүлгөн келешим үчүнчү өлкөлөргө багытталбаганын жана коргонуу мүнөзүнө ээ экенин баса белгиледи. Коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Виктор Озеров авиатопту жайгаштыруу менен Орусия Сириядагы абалды турукташтырууга “конкреттүү салым кошуп” жатканын айтты.

Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбооруна өткөн жылы кол коюлган. 2016-жылдын август айында документ президент тарабынан Мамлекеттик думага жолдонгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Кудайберген Базарбаев, экс-министр: “"12 метр тукаба, 5 жоолукка жетине албаган апам көз жашын тыя албай калды”

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ажарын ачып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын түйшүгүн жеңилдетип, иштеген ишинин майын чыгарган эксминистр Кудайберген Базарбаев саясаттан тыш маектештик

“Бала кезде жетип- жетпеген жашоону баштан өткөрдүм”

– Апам  физика, математика  сабагынан мугалим болуп, 47 жыл  иштеди. Атам билимдүү адам болгондуктан чүйлүк болсо да,  Нарын облусунда, Ат-Башы районунда, Тогуз-Тородо иштеди.  Улуу Ата Мекендик согуштан алган жаратынан  мен окуучу кезде эле бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ал кезде биз Токмокко көчүп келип, отурукташып калганбыз.  Апам байкуш 8 баланы  багам деп кара жанын карч уруп иштеди. Эки жылдай өкмөттүн кийимин кийип калдым. Турмушубуз оор болду. Жетип-жетпеген жашоону баштан өткөрдүк.  Апамдын түйшүгүн жеңилдетейин деген максатта 3-классымдан баштап  иштеп, кошумча каражат тапканга көндүм. Азыр ойлосом, ошол кездеги тынымы жок иштеген эмгекчилдигимден  элдер бир айда тапкан акчаны мен үч жумада тапкан күндөрүм болгон.

“Камыр жууруп, кесме кесчүмүн”

– Апамдын түйшүгүн жеңилдетүү максатында  баардык бир туугандар кыз-эркектин жумушун ылгабай жасадык. Камыр жууруп, кесмеге чейин кесчүмүн. Балалыгымда көп кыйынчылыкты көргөнүм үчүн балалыгын оор шартта өткөргөн  аянычтуу балдардан аяна албайм. Колумдан келишинче жардам берип, түйшүгүн жеңилдетем. Өзүмдөн улам жашоодо кыйынчылыкты  көп көргөн адам турмушта да, достукка да туруктуу, бекем болоорун, барчылыктын да, жокчулуктун да кадырын билерин билип, кол кабыш кылгым келет.

“Баламды  гезит саттырып, машине жуудуруп иштеттим”

– Балдарым да барчылык турмушта өсүп, туура эмес тарбияланып калбасын деп жайкы каникулда  гезит саттырчумун. Жубайым “сага эмне жетпейт, балаңа гезит саттырып, элдер көрсө эмне дейт” деп намыстанып, уялып жүрдү. Нан таап жегенди, бирөөгө көз каранды болбой өзү акча тапканды үйрөнүп, эмгекке бышсын, кыйынчылыктарды жон териси менен сезсе бир тууганга да карамдуу болот деп саттыра бердим. Чоңоюп калганда машине жууп иштеди. Андан кийин машинелер токтоочу жайда күзөткө турду. Бой жетип калганда официант болду.. Бир эле балам болгонуна карабай мага таянбай жашоого жана өз алдынча болууга тарбияладым.  Азыр да менин жардамым керек экенин билсем  да, акча бербейм. Өзү кырдаалдан чыгуунун жолун издесин дейм. Кудайга шүгүр, уулум өзү иштеп, ээ болгон кесиби менен үй-бүлөсүн жакшынакай багып жатат.

Баса, окуучулук, студент кезинде балама күнүгө 15 гана сом берчүмүн. 10 сомду жол кире кылса,  5 сомго бир нерсе сатып жечү. Кызыма 20 сом берчүмүн. Ал 10 сомун жол кире кылса, 10 сомуна бир нерсе сатып жечү. Барчылыкка, токчулукка көппөй, жөнөкөй жашоодо жашасын деген таризде балдарымды ушундай ыкма менен тарбияладым. Азыр кызым да, уулум да үй-бүлөлүү. Өз оокаттарына тың. Бири-бирине карамдуу.

“Агам Чолпонбек Базарбаев мени аталык да, агалык да камкордукка алды ”

– Жубайым экөөбүз тең Улуттук университеттин чет тилдер факультетинде окудук. 4 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Мен жубайымды көргөндө эле мындан башка эч кимди сүйбөсүмдү билдим.  Досторумдун ошол кездеги лимузини болгон москвич, жигули деген машинелери бар болчу. Ошол унаалар менен Токмокко алып  келдик. Эки айдан кийин ыраматылык агам Чолпонбек Базарбаев той өткөрүп берди. Атам каза болгондон кийин агалык, аталык камкордукка мени Чолпонбек агам алды. Менин  адам болуп калыптанышыма да чоң салымын кошту. Агам да бул дүйнө менен эрте коштошту…

Агамдын, жеңемдин жакшылыгын эч унута албайм. Кайда барбайын  “жеңилимди жерден, оорумду колдон алган”  жеңемди төргө отургузуп, апамдын көзүнүн тирүүсүндө эле өзгөчө урмат-сыйымды көрсөтчүмүн. Анткени, агам да, жеңем да кемтиги жок асыл кишилер болду. Агам акыл насаатын айтып, жок нерсебизди берип, камкордукка алса, жеңем биздин тамак-ашыбызды жасап, кирибизди жууп, болушунча апамдын түйшүгүн жеңилдетти. Биз бир үй толо бала болуп, бака-шака түшкөн  8 бир тууган болсок,  эми эки гана бир тууган болуп калдык…

“Бир үйдөн үч атактуу инсан чыктык”

– Атам да, апам да тектүү жердин кызы, уулу  болгон үчүнбү, бир үй-бүлөдөн үч таланттуу, иш билги адам чыктык. Агам Чолпонбек Базарбаев искусстводо атагы чыккан эр азамат болсо, иним Жумабек Базарбаев белгилүү сүрөтчү болду. Үч жыл Түштүк Кореяда жүрүп тауджуджа деген стиль менен сүрөт тартканды үйрөнүп келди. Мен болсо, социалдык тармактын түйшүгүн жеңилдетип, элиме жардам берсем деген максатта иштедим.

“Апамдын мээнетин Жараткан дөөлөттүү карылык менен кайтарды”

– Апама студент кезде строй отряддан алган айлыгымды чогултуп 12 метр тукаба, 4-5 жакшы жоолук алып барсам, сүйүнгөнүнөн көпкө чейин ыйлаган. Анткени, тукаба деген ошол кезде дефицит болчу.  Апамдын сүйлөгөнгө дарманы келбей, кубанычтан тыйылбаган көз жашы азыр да көз алдымда. Баарыбыз апам көргөн оор күндөрүн жакшылык, ийгилик менен кайтаралы, эч нерседен кор кылбай багалы деп  аракеттендик. Чолпонбек агам  кайда гастролго барса, ошол жактан апама кийимдин жакшысын, даамдуу, таттуу нерселерди алып келчү. Апам терисине батпай, сүйүнүп калар эле.  Апам кудай сүйгөн жакшы адам болду.  84 жашка чыкты. Жакшы жашады. Жаш кезиндеги мээнетти жараткан дөөлөттүү карылык менен кайтарды. Өмүрүнүн акырына чейин мени менен болду.  Ооруп өзү да кыйналып, бизди да кыйнаган жок.  Уктаган боюнча кете берди.

Апам мени жакшы көрөрүн билсем да, кээде башка балдарындай камкордукка албаганы үчүн апа, мен башка бирөөнүн баласымынбы деп  тамашалап калаар элем. Байкуш апам, балам аны кийин түшүнөсүң деп  жылмайып койду. Айткандай эле ал сөздүн баркын кийин  билдим. Көрсө, эне байкуш, алсызына жардам берип, алдуусунан кам санабай тирлигин жасап кетет деген ишенимде болчу тура…

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Астана эгемендүүлүк майрамына карата жарандарга акча төлөбөйт

Казакстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөнүн 25 жылдыгына карата жарандарга бир жолудан акча төлөп берүү пландалып жаткандыгы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Күн мурун айрым ММКларда WhatsApp аркылуу парламент өлкөнүн 25 жылдыгына карата жарандарга бир жолу акча төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырганы тууралуу маалыматтар тарап жатканы жөнүндө билдирүүлөр пайда болгонун жазып чыгышкан. Анда 2016-жылдын 1-ноябрынан тарта ар бир казакстандыкка 25 миң теңгеден (75 доллардын тегерегинде) төлөп берүү пландалганы айтылган.

Бүгүн өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мобилдик мессенджер аркылуу таркатылган маалыматтын чындыкка дал келбей тургандыгын кабарлады.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Бакыт Бакетаев, саясый серепчи: “Референдум деген сөз чылым чегүү ден соолукка зыян дегендей эле болуп калды”

Ар бир саясый окуяга оригиналдуу баасын берип,  көпчүлүк учурда менин анализим туура чыгат деген саясый серепчи Бакыт Бакетаев менен Кыргызстандагы саясый кырдаалдар тууралуу баарлаштык. 

– Бакыт мырза, Атамбаевдин ооруганына шек санагандар Түркиянын айрым басылмалары  жазып чыккан маалыматка таянып, Эрдоган  анын сунушун кабыл албай койгонунан улам  ошол замат оорумуш болуп калганын жазып чыгышты.  Президент Атамбаев түрк басылмалары жазгандай калп эле оорумуш болуп калдыбы же ага өчөшүп калгандар ошондой маалымат таркатып жатышабы?

– Атамбаев антип анткорлонуп, калп эле оорумуш болуп калбайт. Ооруган үчүн бараткан сапарын токтотуп, Түркияда калууга аргасыз болду. Менимче, президентке капа болуп, ичинен кек сактап калгандар анын ооруп калганынан да саясат издеп жатышат. Болбосо, кыргыздар эч качан ооруп жаткан киши тууралуу жаман сөз айтпайт, башкача айтканда, оорулууну табалабайт.

– Түрк басылмалары эмне себептен оорумуш болуп калды деген маалымат таркатып жатышат?

– Мүмкүн  Эрдоган Алмаз Шаршеновичке болгон таарынычынан ушундай маалыматтарды чыгартып жаткандыр. Балким, бул ыкманы ал биздин президентти  жазалоо үчүн колдонуп жаткандыр.

– Жылдыз Жолдошева 2017-жылкы бийликке Убактылуу Өкмөттүн бир да мүчөсү келбеши керек деген демилге көтөрүп жатат. Кандай комментарий бересиз?

– Антип  бири-бирибизди чанганыбыз  болбойт. Булар катачылыктарды кетиргени менен жакшы да иштерди жасашты. Мамлекеттүүлүктү сактап кала алышты. Тажрыйбалуу экенин көрсөтүштү. Биз буларды чанып, саясатка, бийлик бутактарына  аралашканга акың жок дегенден мурун тажрыйбасын колдонушубуз керек. Туура, Убактылуу Өкмөттүн да былыктары чыгып, бири-бирин чукуп жатышат, бирок андан кооптонуп коомдон сүрүп чыгарбашыбыз  керек. Анткени, бири-бирин көзөмөлдөп, бири-бирин чукуганда гана  чындык чыгат. Башкача айтканда, Атамбаев менен Текебаевдин аракетинен сабак алышыбыз керек. Булар тирешкени менен болгон чындыкты ачыкка чыгарып,  катачылыктарын айтып жатышат. Эгер өкмөт да, депутат да бири-бирин дал ушинтип аңдып, катачылыктарын айтып турса, коомубуз, мамлекетибиз тез өнүгүп, коррупция азаймак.

– Бийликтегилер Конституциянын алмашышына каршы болгон тарапты “саясый кызыкчылык үчүн ушул кадамга барып жатышат” дейт. Оппозиция болсо Конституцияны өзгөртпөй калуунун жолун издеп, авторитардык бийлик орногону жатат дешет. Сиздин оюңузча кайсыл тараптын көтөргөн демилгеси мамлекет үчүн пайдалуу?

– Конституциянын атасы деп жаткан Текебаев да “дүйнөдө идеалдуу эч нерсе жок” деп “Конституция өзгөрбөй коё албайт.  Бирок азыр эмес, анын убактысы келгенде өзгөртүш керек”  деди. Анын убактысы, сааты качан келгенин ким билет. Даанышмандар убакыт бычак. Убактысы келгенде сен убакытты кеспесең убакыт сени кесет дешет. Ошон үчүн Конституцияны  заманга ылайыкташтырып өзгөртүп турганыбыз мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Аны өзгөртпөсөк,  замандан артта калып, өнүкпөгөн мамлекеттердин катарын толуктап калабыз. Кыскасы, Конституцияны өзгөртүүдөн коркпошубуз керек.

– Конституцияны убакты-сааты келди деп каалаган маалда өзгөртө берсек кызматка кирип жатып ант берген ыйыктыгы кайда калат?

– Конституция өзгөрсө эле ыйыктыгын жоготуп койбойт. Биз Конституциянын өзгөрүшүн трагедия кылбашыбыз керек. Жогоруда айткандай, заманга жараша өзгөртүп турушубуз керек. Сөзүм куру болбош үчүн мисал келтирейин. 10 жыл мурун уюлдук телефонго жеткендер жетип, жетпегендер көп болчу. Азыр уюлдук телефондун түрү чыгып, бир кишиде бир эмес үч  уюлдук телефон да болуп калды. 10 жыл мурун интернет азыркыдай эмес эле. Коом да башкача эле. 10 жыл мурун Батыш менен Россиянын да саясый мамилеси азыркыдай эмес болчу. 10 жыл мурун Крым украинага карачу. 10 жыл мурун ЕККУ Кыргызстанга азыркыдай мамиле жасачу эмес. Биз өзгөрүүдөн коркпой доор алмашып жатканын,  21-кылым келгенин түшүнүп,   жаңы көз караштарды туура кабыл алышыбыз керек.

– Айтканыңызга ынаналы, бирок  оппозиция “Референдумга жол жок” деген кыймыл уюштуруп, курултай өткөрүп, резолюцияларды кабыл алып, референдумдун өтүшүнө каршылыктарын билдирип жатышат. Референдум деген өзү эмне?

– Акыркы мезгилде референдум деген сөз жаман мааниге ээ болуп, чылым тартуу ден соолукка зыян деген сөз менен барабар болуп калды. Себеби, бир эмес сегиз жолу референдум аркылуу Конституция өзгөрдү. Азыркы боло турган референдумга да мурда болуп өткөн 8 референдумдун көлөкөсү тийип, референдум десе дагы эмне болуп кетет деп чочулап, кооптонуп  жатышат.

Айтты-койду дээрсиңер, азыр референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүүгө каршы болуп жатышкандар  эки жылдан кийин Конституцияны  өзгөртүшөт. Себеби, замандын талабы ошондой болуп калат.

– Атамбаев менен Текебаевдин тиреши ого бетер күчөдү. Медеткан Шеримкулов аларды ынтымакка келгиле деп карыялык сөзүн айтты. Эми экөөсү андан майнап чыгарып элдешеби?

– Медеткан Шеримкулов туура эмес айтты. Айтайын дегеним, экөө тирешип, бири-бири менен касташып чындыкты издеп жатканда аларга  тоскоолдук кылып, элдешкиле дебешибиз керек. Тескерисинче, чындыкты табышын күтүшүбүз керек.

Ынтымакка келип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ажыдаарга окшоп калганда чындык чыкпайт. Чындык бири-бирин чукуганда чыгат. Лидерлер кыргыздын  маданиятын, тилин, салт-санаасын сактоодо  бир болуп, саясатта эки башка позицияда болушу керек. Анткени,  саясатта  бир болсо, анда диктатуралык мамлекеттерге окшоп калабыз. Ошон үчүн бири президент , бири бир партиянын лидери экенине карабай тирешип жаткан Атамбаевге да, Текебаевге да ыракмат айтышыбыз керек. Булар тирешкени менен жаман-жакшы иштериң эртеби-кечпи чыгып калат деп элди коррупциядан алыс болууга чакырып жатышат.

– Атамбаев резиденциядагы сыйлык берүү аземинде элди кечиримдүүлүккө чакырды. Ал сөздүн артында Текебаевди кечирдим деген ой айтылган жокпу?

– Саясатта ачуу сөздөр айтылса да адамдык сапаттан тайбаш керек. Кармашканда кармашып, керектүү жерде кечиришип, ал тургай  жамандык-жакшылыкта катташып туруш керек.

– Президент кокустан кызматтан кетип калсам деген ой менен элдин ыраазычылыгын  алайын деген максатта 250 кишиге сыйлык берди деп жатышат го…

– Антип ойлогондор жаңылышат. Атамбаев алар ойлогондой эч качан мөөнөтүнөн мурун кызматынан кетпейт. Мөөнөтүнүн акырына чейин иштейт.

 – Оппозициянын курамын жалаң  бийликке таарынган адамдар түзөбү? 

– Оппозициянын курамын бийликке жетпей калгандар түзсө да, мен аларды бийликти сындап, бийликке умтулганы аракети үчүн жаман көрө албайм. Оппозиция канчалык күчтүү болсо, бийликтин катачылыгын көзгө сайып көрсөтүп турганы оппозиция үчүн эле эмес, мамлекет үчүн да пайдалуу болот. Мына ошондой сындарды айтып, оңдоого аргасыз кылганда гана өнүгөбүз. Ошон үчүн  бийликке илинбей калгандар оппозициянын курамына кирип умтулушу керек. Умтулуу болгондо гана  алдыга жылабыз.

 – Аскердик кампадан курал-жарактар уурдалып, алар кимдир бирөөлөрдүн жардамы менен сатылганы эмнеден кабар берет?

– Бул жагдай аскер тармагында дагы коррупция  көп экенинен кабар берет. Кыскасы, кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей бүгүн билбейт деп жасагандардын бардык иши ачыкка чыгат.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Атамбаев ЖККУ сессиясына катышуу үчүн Арменияга келди

Кыргызстандын мамлекет башчысы Ереванда өтүүчү ЖККУнун сессиясына катышат. Сессияда уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашат. Ошондой эле учурдагы коркунуч туудурган чакырыктарга каршы биргелешип аракеттенүү чараларын талдоого алышат.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Алмазбек Атамбаев Арменияга Грузия сапарынан кийин келди. Мамлекет башчысы Тбилисиге иш сапары менен 12-октябрда барган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Самсалы Четинбаев, УОКтун мүчөсү: “Кырчындай жигиттерди Бакиевдин огуна салып бергенден башка эмне кылышты?”

– Жылдыз Жолдошеванын 2017-жылкы бийликке Убактылуу Өкмөттүн бири да келбеши керек деген демилгесин колдойсузбу?

 

– Колдойм ! Колдорунан эч нерсе келбеди. Эми сыйы менен кетип калышы керек. Кыргыздын кырчындай жигиттерин Бакиевдин огуна салып бергенден башка эмне кылышты?  7-Апрелге чейин айтып келишкен убадаларынын бирин да аткарган жок. Кагаз жүзүндө парламенттик өлкө кылдык дегени эле болбосо, калганы кудум баягы боюнча калды.

Булак: Асман плюс

Татьяна Каримова шаардык мечитке Кааба жабуусун тапшырды

Өзбекстандын биринчи президентинин жесири Татьяна Каримова жана анын кызы Лола Каримова-Тилляева Ташкенттеги “Минор” мечитин зыярат кылышты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Алар мечиттин айланасын жакшыртуу иштери менен таанышып, Ташкенттин башкы имам-хатиби Анвар-кори Турсунов менен жолугушту.

Татьяна Каримова Ташкенттеги “Минор” мечитине Кааба дубалын жаап турган, алтын жиптер менен кооздолгон жибек жапкычты тапшырды. Аны Ислам Каримов 1992-жылы кичи ажылык кылуу үчүн Меккеге барганда Сауд Арабия королу белекке берген. Бул кисва Кабада бир нече жылдар бою сакталганы айтылат.

“Минор” мечитинин курулушу 2013-жылы башталып, 2014-жылы 1-октябрда ачылыш аземи болгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Меню