Menu

Шектүү болсоң секирик жасайсың

Турмушта парадокс көп учурайт. Өзгөчө саясатта. Мына кезинде коррупцияга байланышкан чырдан кулагы чыгып жүргөн, Максим Бакиевдин өнөктөшү катары коомчулукка таанылган Жаныбек Бакчиев учурда “Бир Бол” фракциясынан бакыйган депутат болуп отурат. Күйгүзгөнү, кылмыштуулукка шектелип жүргөн неме Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетин жетектеп отурса жакаңды кармап, тобо келтирбеске аргаң калбайт экен. Бул жагдай “ууруну карма деп ууру кыйкырат” дегенге куп жарашат. Эми буга деле таң калганыбыз жок. Болгону “жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” болуп жатат да…

Булак: Фабула

БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды

Дүйшөмбүдө автоколоннага жасалган аба чабуулунан 12 адам өлүп, көбү жаракат алды. БУУнун өкүлдөрү 31 автоунаанын 18и талкаланганын кабарлады.

Учактардын биринчи толкуну жүк ташуучу унааларга сокку урган. Экинчиси жарадарларга жардам берген медицина кызматкерлерин аткылаган. Мындай тактиканы Сирияда Асаддын аскердик аба күчтөрү менен Орусия авиациясы кеңири колдонот. БУУ “буга өтө кыжыры кайнап жатканын” уюмдун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура айтты. Буга чейин БУУнун коштоочулары аба чабуулдарына кабылган эмес.

Бир апта мурун Сирияда АКШ менен Орусиянын ортомчулугу алдында элдешүү келишими күчүнө кирген. Мунун алкагында БУУ жана “Кызыл жарым ай” коомунун сириялык бөлүмү курчоодо калган Алеппо шаарына тамак-аш азыктарын, медикаменттерди жана негизги муктаждык үчүн керектелүүчү буюмдарды жеткирген.

Аба чабуулдарына чейин Сирия командачылыгы ок атышпоо келишими күчүн жоготконун жарыялаган. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия армиясы бомбалоону токтотпосо, тартип бузуулар үчүн Орусия жооптуу болорун айтты. Автоколоннага Орусия же Сирия авиациясы чабуул жасаганы белгисиз. Обаманын администрациясы бул жагдайды тактай элек.

The New York Times Акүй кызматкерине таянып кабарлагандай, Барак Обаманын администрациясы Сирия боюнча ок атышпоо келишими сакталарынан күмөн саноодо.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Интерпол издөөдөгү адамдардын тизмесинен Гафур Рахимовду өчүрдү

15-сентябрда белгилүү өзбек ишкери Гафур Рахимовдун ысымы Интерполдун Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн издөөдөгү адамдар тизмесинен өчүрүлдү. 2012-жылы АКШнын Финансы министрлиги анын атын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болгон адамдардын санкциялык тизмесине кошкон. 65 жаштагы Гафур Рахимовдун ысымы дагы деле ал тизмеде калууда.

«Постсоветтик өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган «Туугандык чөйрө» аталышындагы кылмыштуу топтун башкы адамы, ошондой эле Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири эсептелген Гафур Рахимов Борбор Азия өлкөлөрүндө маңзатын өндүрүү менен алектенет. Ал героин аткезчилигине байланышкан ири дүйнөлүк наркосиндикат операцияларына катышуусун улантууда», – деп жазылган АКШ Финансы министрлигинин расмий сайтындагы документте.

Анда Гафур Рахимов эки башка адамдын атына берилген Өзбекстандын эки паспортуна ээ экени жана учурда Дубайда жашап жатканы айтылат.

Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан Рахимовго каршы расмий же бейрасмий айыптардын тагылган-тагылбагандыгы тууралуу эч кандай маалыматтар жок.

Айрым булактардын билдирүүлөрү боюнча 2012-жылы Гафур Рахимовго таандык делген бизнес-түзүмдөрүндөгү текшерүүлөрдөн кийин ал өз каалоосу менен Бириккен Араб Эмирлигине кетүүгө аргасыз болгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда бачабаздыкка шектелип өзбек жараны кармалды

Жезказганда жаш жигит кичинекей кызды паркка сүйрөп кирип, муунтуп, ошол эле маалда зордуктоого аракет кылган.

Informburo.kz интернет-басылмасы кабарлагандай, Жезказгандын 38 жаштагы тургуну 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жигитти коркутуп, коркунучтуу кылмыштын алдын алган. Ал полиция чакырып, окуя туурасында айтып берген.

Окуя болгон жерде Түштүк-Кахакстан облусунда жашаган, 23 жаштагы Өзбекстандын жараны кармалды. Шектүү учурда убактылуу абакка камалды. Тергөө иштери жүрүүдө.

Кармалган жаранга карата адам өмүрүнө кол салуу жана бир нече жолу сексуалдык зомбулук аракетин көрүү боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлөт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин абалы дурус экенин билдирди. Президент Бишкектен Нью-Йоркко бара жаткан жолдо Түркияда калып, АКШга сапарын токтоткон.

Фарид Ниязовдун айтымында, бүгүн ал телефон аркылуу Атамбаев менен сүйлөштү. Аппарат жетекчиси билдиргендей, учурда өлкө башчысын ооруканага жаткыруу чечими жок. Атамбаев «медициналык кароодон өтүү зарылдыгына байланыштуу» 20-сентябрдан тарта кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты.

Буга чейин жүрөгүндөгү көйгөйлөргө байланыштуу Атамбаевдин БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катыша албай тургандыгы белгилүү болуп, кыргыз делегациясын Нью-Йоркко жетектеп баруу иши тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге жүктөлгөн.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясында Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева да баяндама жасайт. Ал Нью-Йоркко ЕККУнун төрагасы жана Германия ТИМинин башчысы Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен барган.

Маалымдалгандай, Отурбаева Нью-Йоркко болгон сапарынын алкагында 19-сентябрда туруктуу өнүгүү жолдору талкууланган БУУнун лидерлер кеңешинин тогузунчу жыйынына катышкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Евробиримдик Крымдагы шайлоолордун жыйынтыгын тааныган жок

Евробиримдик жекшембиде Крымда өткөн шайлоолорду легитимдүү деп тааныган жок. Уюм Украинанын суверенитеттүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн мурдагыдай эле колдойт. Бул тууралуу европалык дипломатиянын башчы Федерика Могерини билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин позициясы дагы ушундай.

Кырымда Мамдума үчүн шайлоолорду өткөрүп жаткандыгы үчүн Украина Орусияны айыптады. Киев мыйзамсыз добуш берүүлөр орус парламентигин төмөнкү палатасынын легитимдүүлүгүнө толугу менен шек жаратарын билдирди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Орусия тарабынан аннексиялаган Крымга байкоочуларын жөнөткөн жок.

Крымды Орусия 2014-жылы басып алган. Украина жана эл аралык коомчулук Крымдын Орусияга кошулушун тааныган эмес жана жарым аралды украин аймагы катары таанышат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанга «Ислам мамлекети» тобунун 133 мүчөсү экстрадицияланды

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча өлкөнүн 1000ден ашык жараны сырттагы түрдүү террордук жана экстремисттик уюмдардын катарына кошулган. 2016-жылдын 8 айында терроризм менен экстремизмге айыпталган ондогон жаш жигит мекенине кайтарылган.

Интерполдун «Калкан» долбоорунун жыйынында Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода чет өлкөлөрдөн Тажикстандын терроризм менен экстремизмге айыпталган 151 жараны экстрадицияланганын билдирди.

Алардын ичинен 133 адам «Ислам мамлекетинин», 5и «Жамоат Ансоруллохтун», 4ү козголоңчу командир Абдухалим Назарзода башында турган топтун мүчөлөрү. Калгандары «Хизб-ут-Тахрир», Өзбекстан Ислам кыймылы, «Салафия», «Группа 24» жана «Жамоати Таблиг» кыймылдарынын катарында болушкан.

Тажикстан ТИМинин маалыматы боюнча акыркы бир жарым жылда 75 тажик жараны Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге катышкандан кийин өз каалоолору менен мекенине кайтып келишкен. Бийлик жалпысынан Тажикстандын 1100дөн ашык жараны Жакынкы Чыгыштагы согушка кеткенин жана учурда алардын 300үнүн курман болгонун билдирди.

Тажикстан көп жылдан бери Интерполдун мүчөсү, ошондуктан ал терроризм жана экстремизм, ошондой эле башка оор кылмыштарга айыпталган жарандарын колго түшүрүп, экстрадициялоого жардам берүү өтүнүчү менен башка өлкөлөргө кайрылып келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Оштун волонтерлору өзгөчө муктаждыктагы балдар менен иштөө боюнча окутуудан өтүштү

18-сентябрда “Салам” мейманканасында Ош шаарында жашаган өзгөчө муктаждыктагы балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча инновациялык технологиялар жана методикалар боюнча 3 волонтердук топтун потенциалын өнүктүрүү үчүн бир күндүк курс болуп өттү. Бул курсту “Благодать” коомдук фонду USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда, “Ош шаарында жашаган өзгөчө муктаждыктагы балдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана колдоо” долбоорунун алкагында “Ар бир балага үй-бүлө” жана “Smail.kg” коомдук фонддору менен өнөктөштүктө өткөрдү. Бул тууралуу ББП билдирди.

Окуу курсунан 20дан 30 жашка чейинки курактагы 25 адамдан турган үч волонтердук топ өттү, алардын арасында конкурстук тандоодон жана өзгөчө муктаждыктагы балдар менен иштөө боюнча үч күндүк окутуу курсунан өткөн социалдык педагогдор, социалдык кызматкерлер, психологдор, педагогдор болду. Бул тренинг ушул жылдын май айынын башында башталган волонтерлорду окутуу боюнча курстун уландысы болуп саналат.

Тренингдин программасы мастер класстарды, практикалык сабактарды, ролдук оюндарды, психологиялык көнүгүүлөрдү, индивидуалдык иштөөгө үйрөтүүнү, өзгөчө муктаждыктагы балдар, алардын үй-бүлөлөрү менен кантип консультация жүргүзүү керектигин, аларды социалдык коштоону, ата-энелерди педагогикалык жана социалдык жактан колдоону камтыды.

Окуу курсунун максаты – волонтердукка үйрөтүү. Билим гана бербестен, барыдан мурда, волонтердук тажрыйба менен таанышып чыгуу, камкорчулар менен жолугушуу, командада иштөө, биргелешип окутуу, чыгармачылык, проблемаларды талкуулоо жана аларды чечүү болду. Мындай иш жаштарга социалдык жактан активдүү болууга мүмкүндүк берет, алардын инсандык жана кесиптик жагынан өсүүнүн камсыз кылат, өзгөчө муктаждыктагы балдар менен баарлашуу, тең бөлүшүү жана өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берет.

Биргелешип башкаруу программасы (ББП) Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Ашхабаддын чылым сатуучу жайларында массалык мушташтар орун алууда

Ашхабадда полиция мамлекеттик дүкөндөрдөн чылым сатып алууну каалагандарды кууп таркатууга аргасыз болууда.

Цирк имаратынын жанында жайгашкан дүкөн саат сегизден тартып эле иштеп баштайт. Акыркы жолу сооданы полиция чакыруу менен токтотууга туура келди. Себеби чылым сатып алуу үчүн кезекке тургандар жаңжалдашып, бири-бири менен мушташа кетишти.

500дөн ашуун кишини полиция аран басты. Дүкөндө бир куту чылым 12 манатка бааланып, бир кишиге бирден пачка гана сатылып жаткан. Базарда болсо эң эле арзан чылымдын кутусу 42 манат, ал эми бир даанасы үч манат болчу.

Түркмөнстанда бир нече жумадан бери тамеки сатылбай жатат. Өлкөдө мамлекеттик эмес уюмдарга жана жеке жактарга чылым алып кирүүгө жана сатууга тыюу салынган. Бирок өкмөт өзү өлкөнү тамеки өнүмдөрү менен камсыз кыла албагандыктан, тартыштык пайда болуп, көмүскө базарда анын баасы күн санап өсүүдө.

Сентябрдын башында 1 АКШ доллары көмүскө базарда 5,5 манатка сатылып, ал эми сатып алуу 5 манатка бааланган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мамлекеттик тил күнү жана Камбаралы Бобуловдун 80 жылдык маарекеси белгиленет

Жалпыга маалым болгондой Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүнүндө” мыйзамынын кабыл алгандыгына быйыл 27 жыл толот. 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүндѳ эне тилибиздин ѳнүгүшүнѳ зор салымын кошкон белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун 80 жылдык маарекесин белгилѳѳ мерчемделүүдѳ. Иш чара Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында 23-сентябрда саат 15:30да башталат.

Иш чарага КР Президентинин аппаратынын, КР Ѳкмѳтүнүн, КР Жогорку Кеӊешинин ѳкүлдѳрүнүн ж.б. катышуусу күтүлүүдѳ.

Киргенге эле тешик таппай турасызбы?

Өмүрбек Бабановдун “Мен КСДПнын оордунда болсом эчак коалициядан чыгып кетмекмин”деген чагым жыттанган билдирүүсүнө териси жука Өмүрбек Текебаев жооп кайтарды. Жөн эле эмес шылдың кылып “Коалициядан кичине тешик көрүнсө эле култ этип кирип кеткени турат” деп айтып өттү. Чындыгында Бабанов оппозициянын милдетин аткара алган жок. Эки жылдан берки өкмөттүн кылып жаткан иши боюнча оппозициялык маанайда, экономикалык-чарбалык, каржылык критерийлерге салып, бир да жолу билдирүү жасабады. Мына сырткы карыз, 4 млрд. 79 млн. АКШ долларына жетип, сом түрүндө алганда бул ички дүң продукциянын 60 пайызына чаап барып, өлкө экономикалык дефолтко жакындап келе жатканын көрүп туруп, оппозиция катары бир жолу ач айкырык салып, чыгымдарды кыскартуу же инвестиция тартуу боюнча кескин сунуштарды бере алган жок. Сыягы, бул жагдай Бабановдун мококтугун же жеке бизнесинин жайында болушун ойлогон, өлкөнү ойлобогон кайдигерлигин далилдейт десек жарашчудай…

Булак: Фабула

Атамбаевди уят кылып бүтмөй болушту

Өткөндө Караколдо аябай кызык иш болду. Ысык-Көл облусунун коллегиясында губернатордун жаңы эле кызматка дайындалган биринчи орун басары Дамир Моңолдоров менен жаштардын ортосунда кайым айтышуу болуп, уккан кишинин жүрөгү түшө турган сөздөр айтылды. Эрлан аттуу жигит: “Атамбаевге добуш бербегиле, Бакиевге добуш бергиле деп убагында бизди коркутуп жүргөндө коркпогон эми коркомунбу. Билгениңди кыл. Балыкчы, Жети-Өгүздөн куулуп кеттиң эле. Эми уялбай кантип эл башкарып, алдыгы жерде отурасың?” – деп Моңолдоровдун абийирин аштай төктү. Атаңдын көрү, Алмаз Шаршеновичтин көзүн будамайлап, каалаган боткосун чалган тегерегиндегилер Моңолдоровду мактап-жактап бийликке алып келсе, анысын көлдүктөр ит талагандай кылып шермендесин чыгарды. Минтип облустун орун басары кагуу жеп жатса, ыргыткан таш президентти көздөй эле тиет экен да. Биздин укканыбызга караганда, кадыры жок Дамир Моңолдоровду СДПКнын депутаты Данияр Аттокуров сүрөп креслого отургузган экен. Азабын президент тартууда.

Булак: Фабула 

Өзбекстандын күчтөрү Үңкүр-Тоодон чыгарылды

Өзбекстандын 22-августтан бери Үңкүр-Тоону көзөмөлдөп жатышкан күч түзүмдөрү толугу менен чыгарылды. Буга дейре Үңкүр-Тоону басып алышты деп саясий упай топтоону максат кылып кокуйлашып, “бийликтин колунан эч нерсе келбейт, патриоттор өзбек аскерлерин өзүбүз кууп чыгалы” деп чагымчылдык чакырыктарды жасап жаткандар ийинге киргендей дым. Өлкө жетекчисине, тиешелүү органдардын иштеп жатканын моюндарына алып, рахмат айтып коюуга эрктери жетпеди. Көрсө жакшы ишти көрө албай, жаман нерсени көбүртүп-жабыртып, кылдан кыйкым издеп кыйкырып турганга уста экенбиз. Ырас, коңшулардын аты аталган тоону ээлеп алышы бүтүндөй кыргыз элин кайдигер калтырбай, сар-санаа кылды. Бирок ушул өлкө коопсуздугуна байланышкан иштен кыйкым издеп, упай топтогусу келгендер чыгып күйгүзүшпөдүбү…
Булак: Фабула

Тышкы карыз көбөйдү

Кыргызстандын тышкы карыздарынын көлөмү кыйла өсүп кетти. Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова 2016-жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик карыздардын өлчөмү 4 млрд 72 млн долларды же ички дүң өнүмгө карата 68 пайызды түзгөнүн, ал эми тышкы карыз 255,7 млрд сомго жеткенин билдирди. Ал эми депутат Руслан Казакбаев мыйзамга ылайык, тышкы карыздын көлөмү ички дүң өнүмгө карата 60 пайыздан ашпашы керектигин, мыйзам бузулуп жатканын баса белгиледи.

Булак: Фабула 

Президент 60 жашын белгиледи...

Өткөн жуманын этегинде президент Алмазбек Атамбаев 60 жашка толду. Өлкө башчысын бир катар мамлекеттин президенттери кызуу куттукташты. Президенттин юбилейине чет элдик аттуу-баштуу ишмерлер менен Филипп Киркоров баштаган коноктор катышты. Эки жүзгө жакын меймандардын көбү өлкө башчысынын жакын санаган санаалаштары, классташ, айылдаш ага-тууган, кыз-күйөө балдары болгонун күбө болгондор айтышты. Ажонун 60 жашка чыгышын куттуктап өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков баш болгон вице-спикерлер, ошондой Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Тышкы иштер министри Эрлан Абылдаевдер барышты. Калган министрлер чакырылган эмес окшойт, белектерин камдашкан бойдон супсундары сууп, куттук айта алышпай ичтери ачышып кала беришти. Ал эми, Жогорку Кеңештен спикер Чыныбай Турсунбеков баш болуп КСДПдан Рыскелди Момбеков, Осмонбек Артыкбаев, Кожобек Рыспаев, Иса Өмүркулов, Анвар Артыков, “Республика – Ата-Журттан” Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, “Кыргызстан” партиясынан Канат Исаев жалгыз, “Бир Болдон” Алтынбек Сулайманов, Аскар Шадиевдер барышты. “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынан эч ким чакырылган эмес көрүнөт. Чакырылса Текебаев барбай калса да, Бакыт Төрөбаев калбайт эле. Айтмакчы, чакырылган меймандардын арасынан кан кудасы Алымбай Султанов көрүнбөптүр. Демек таарынып жүргөнү чын окшойт.

Булак: Фабула 

Карыпбековду кайрадан коркутуп...

КТРКнын директору Илим Карыпбековду өткөн жумада Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрүп “Бакиев менен жүргөндө аман калдың эле, эми Атамбаев менен жүргөндө аман калам деп ойлобо” – деп, массалык маалымат каражаттары аркылуу коркутуп-үркүтүп опуза кылган. Мындай ачык коркутууну ачууга алдырып айтып алды го десек, чындап эле ниети карарып калган окшойт, мародерлук тууралуу көрсөтүүлөр берилгенден кийин Илим мырзага телефон чалып алып да: “Атамбаев камата турган болсо, көп болсо эки же үч жыл отурам, чыгып келгенден кийин сазайыңды берем” – деп коркутканын Карыпбеков айрым адамдарга кулак кагыш кылыптыр.

Булак: Фабула 

Түркмөнстанда элчи спорт тармагын жетектемей болду

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов Спорт боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Какабай Сеидовду “башка ишке өттү” деген шылтоо менен жумуштан кетирди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Мамлекеттик спорт комитетинин жаңы башчысы болуп, буга чейин Түркмөнстандын Азербайжандагы элчиси кызматын аркалаган Тойли Комеков дайындалды.

Сеидов мурда эл аралык категориядагы футбол арбитри жана Улуттук спорт жана туризм институтунун кайсы бир факультетинин деканы болгон. Түркмөнстандын спорт комитетин 2014-жылдын сентябрынан бери жетектеп келген.

Түркмөнстан курамасы Рио-де-Жанейродогу ХХХI жайкы Олимп оюндарында ийгиликсиз кайткан. Буга нааразы болгон Бердымухаммедов спортчуларды жемелеп, бул максатта Түркмөнстандан көп акча короткон өлкө жок экенин айткан.

Какабай Сеидовго катуу сөгүш жарыяланып, эгер ал кыска мөөнөттө кемчиликтерди жойбосо иштен айдалары эскертилген.

Источник: Служба новостей Центральной Азии

Тажикстанда экстремизмге айыпталган эки жактоочу 25 жылга кесилиши мүмкүн

Мамлекеттик айыптоочу жактоочулар – Бузургмехр Ёров менен Нуриддин Махкамовдун күнөөсү сотто далилденгенин айтып, узак мөөнөткө эркинен ажыратууну суранууда. Прокурор Бузургмехр Ёровду 25 жылга, ал эми Нурддин Махкамовду 23 жылга түрмөгө кесүүнү өтүндү.

Бузургмехр Ёров менен Нуриддин Махкамов улуттук, расалык, диний ажырымды козутууга жана конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө үндөөгө айыпталууда.

Ёров менен Махкамовдун жактоочусу айыптоочунун талабына макул эмес. Ал соттон адилеттүү чечим кабыл алууну суранды. Адвокаттын айтымында, бул ишти кароо учурунда көптөгөн кемчиликтер кеткен жана акыйкат иликтөө жасалган эмес.

Белгилүү адвокат Бузургмехр Ёров Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсүнүн кызыкчылыгын коргоп, бул максатта атайын комитет дагы түзгөн. Ал былтыр сентябрда камалган. ИИМ аны көз боемочулукка жана документ жасоого айыптаган. Декабрда тергөө жактоочуну Кылмыш кодексинин дагы үч беренеси боюнча, анын ичинен “экстремисттик ишмердүүлүккө чакырууга” айыптаган.

Ёров менен Махкамов аларга карата саясий негизде кылмыш иши козголгонун айтып келишет. 2015-жылы 4-сентябрдагы мамлекетти күч менен басып алуу аракетинен кийин Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсү камалган. Алар козголоңчу генерал Абдухалим Назарзоданын ишмердүүлүгүн каржылоого айыпталышкан. Кийинчерээк сот аларды узак мөөнөткө түрмөгө кескен.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Киев: Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган өзбек жараны кармалды

Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Харьков облусунун чек арасында тыңчылыкка шектелип Өзбекстан жараны кармалды. Ал видеокамеранын жардамы менен орусиялык атайын кызматтарга маалымат чогултуп жүргөн.

Маалымдалгандай, 1991-жылы туулган Өзбекстан жаранын “Плетеневка” өткөрүү бекетинен кармашып, Украинада жүрүү себептерин тактоо үчүн кошумча текшерүүгө жөнөтүшкөн.

Кароо учурунда анын көйнөгүнүн топчуларынын ордунан жашыруун камераны жана чөнтөгүнөн үн жазуучу жабдыкты табышкан.

Өзбек атуулу бул түзүлүштү Орусияда жүрүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн кармалганда, орусиялык миграциялык кызмат бергенин айтты.

Кармалган жаранды Украинанын коопсуздук кызматына өткөрүп беришти.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Абакта зордукталган аял жактоочусун кайра чакыртып алды

Адвокат Айман Умарова тергөө изоляторунда зордукталды делген аялдын кызыкчылыгын кайрадан коргойт. Алматыдагы абакта кармалган Наталья Слекишина 13-сентябрда күтүүсүздөн жактоочунун кызматынан баш тарткан.

Умарова буга чейин интернеттеги баракчасына Слекишинанын билдирүүсүн жарыялаган. Анда ал адвокат, прокуратура жана ММК өкүлдөрү менен жолугушууну талап кылган. Эгер талаптар орундалбаса, ачкачылык жарыялай турганын билдирген.

Адвокат Умарова 19-сентябрда жабырлануучу менен жолугуп чыгып, ал кысым көргөндүктөн, аргасыз жалган көрсөтмө берип, жактоочунун кызматынан баш тартканын билдирди.

Слекишина өткөн жылы түрмөдө жатып, кош бойлуу болуп, төрөгөн. Ал темир тор артында топ адамдардын зордуктоосуна кабылганын айткан.

Слекишинаны зордуктады делген абактын кызматкерлерине каршы сот иши 11-августта жабык режимде башталган. Айыпталуучу катары бир адам – 37 жаштагы Алматы түрмөсүнүн кызматкери Руслан Хакимов өтүүдө. Ал экспертизанын жыйынтыгы менен жарык дүйнөгө келген кыздын атасы катары аныкталган. Хакимов зордуктоо жана ыйгарым укуктарынан аша чабуу беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Айыпталуучу катары суракка алынган абактын башка үч кызматкери азыр күбө макамына ээ.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дамаск элдешүү жараяны токтогонун жарыялады

Президент Башар Асад режиминин Куралдуу күчтөрү жарашуу жараянын токтотуу боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө айтылгандай, сириялык режимдин каршылаштары бир нече сапар элдешүү тартиптерин бузган жана жарашууну жаңы кол салуулар үчүн мүмкүнчүлүк катары пайдаланган.

Дамаск мындай көз карашын Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын ыкчам башкармалыгынын башчысы Сергей Рудскойдун билдирүүсүнөн кийин ачыкка чыгарды. Орусияны Коргоо министрлиги бир тараптуу элдешүү режимин сактоо маанисиз болуп калганын айткан.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби 19-сентябрда Вашингтон сириялык командачылыктын билдирүүсүнө байланыштуу Орусия тараптан түшүндүрмө күтүп жатканын билдирген. Ал Орусия Дамаск режими үчүн ок атышпоо боюнча жоопкерчиликти алганын баса белгиледи.

АКШ менен Орусиянын ортомчулугу менен Сириядагы элдешүү жараяны 12-сентябрда күчүнө кирген болчу.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Нью-Йорктогу жардырууга шектелген киши кармалды

17-сентябрда Нью-Йоркто жана Нью-Жерсиде болгон жардыруулар үчүн шектелип жаткан 28 жаштагы Ахмад Хан Рахами кармалды. Расмий маалыматка караганда, теги оогандык АКШ жараны Рахами Нью-Жерсидеги Линден шаарында полициячы менен ок атышуудан кийин жараат алып колго түшүрүлдү.

Аны тез жардам машинасы алып кеткени маалымдалууда. Нью-Йорктогу жардыруудан 29 киши жараланган.

Рахамиге 19-сентябрда издөө жарыяланып, анын сүрөтү жер жерлерге таркатылган. Тергөөчүлөр маалымдагандай, колго жасалган бомба спорт дүкөндөрүндө сатылган Таннерит деген зат менен дүрмөттөлгөн. Ошондой эле ал бомба Бостон марафону учурунда колдонулган жардыргычтарга окшош болуп чыкты.

https://www.youtube.com/watch?v=83kRAHHCS-I

https://www.youtube.com/watch?v=FeiP-tDUmFY

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео: euronews

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Н.Алимбеков: “Кыргызстанда Волейболду өнүктүрүү борборун түзүүгө баардык шарттар бар”

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков кечээ, 19-сентябрда Волейбол боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациянын вице-президенти Иса Хамза Альфайлакави менен Кыргызстанда волейболду өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жолугушууга Волейбол боюнча Азия конфедерациясынын башкы катчысы Сунил Денг, КР Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Кызалаков, КР Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Н.Алимбеков Кыргызстанда волейбол жигердүү өнүгүп жаткандыгын айтып, анын калк арасында популярдуулугу улуттук оюндардан кийин эле экинчи орунда турарын белгиледи. Ал меймандарга 2018-жылы өтө турган Волейбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка карата үстүбүздөгү жылдын 15-17-сентябрь күндөрүндө Чолпон-Ата шаарында өткөн тандоочу этапка берген жогору баасы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар Кыргызстандын курама командасы Мальдив аралдары менен Бангладештин курама командаларын утуп, 2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандоочу этаптын кийинки айлампасына өткөндүгү айтылды. Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Волейбол боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациянын колдоосу менен Волейболду өнүктүрүү борборун ачууну сунуштады. “Кыргызстанда Волейболду өнүктүрүү борборун түзүүгө баардык шарттар бар”,- дейт Н.Алимбеков.

Волейбол боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациянын вице-президенти Иса Хамза Альфайлакави Кыргызстандын курама командасынын волейболчуларынын жогорку деңгээлине токтолду. Ал Кыргызстанда волейболду өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ачыктады.

Жолугушууда тараптар мындан сырткары, Кыргызстанда спорттун бул түрүн өнүктүрүү маселелери боюнча кеңири пикир алышты.

Азамат Болгонбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын: “Айрым адамдар акындардын ортосундагы нерседен ажырым жаратып жибере жаздады”

Өткөн жумада Кыргызстанды гана эмес, бүткүл дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюну болуп өттү. Баарынан көпкө эл суктана күткөн нерсе казак-кыргыз акындарынын айтышы болчу. Айтышка акындарды тандоо туруна келгенде дагы бир топ талаш-тартыштар болуп кеткен. Биз бүгүн дал ошол “Айтыш” коомдук фондун бир кезде жетектеген, бул айтышта баш байгени жеңип, кыргыздын намысын талашкан айтылуу акыныбыз Азамат Болгонбаевди кепке тарттык.

— Азамат байке, алгач сөздү көчмөндөр оюнунун өзүнөн баштасак. Сиздин купулуңузга толдубу?

— Көчмөндөр оюну кыргыз эли үчүн руханий баалуулуктарын, басып өткөн жолдорун, бабалары кандай турмушта жашаганын, мезгилдерди, доорлорду басып өткөндөрүн эстеп алууга, ошол мезгилге бир аз да болсо аралашып алууга шарт түзүп берди деп ойлойм. Спорттук оюндарды дээрлик көрө алган жокмун, теледен гана карап жаттым. Кырчында абдан көп сынактар өттү. Айтыштан баштап, ар бир аймактын жайган дасторконунан, тиккен боз үйүнө, көргөзгөн иш чарасына чейин сынак кылышыптыр. Баардыгы үзүлүп-түшүп даярданышыптыр. Кырчындагы Алтынбек Максүтов байкебиз койгон театралдык ачылышта көрөрмандардын көпчүлүгү көзүнө жаш алып көрүштү. Ага өзүбүз дагы күбө болуп жаттык. Аны көрүп жаткан адамдардын көкүрөгүнөн нур чачырап ушундай эл турбайлыбы деп суктануу менен кабыл алып жаткандыгын көрүп, бул иш чара өзүнүн максатына жетти деп ойлодум. Мамлекет үчүн жанын берген маданият өкүлдөрү башкы режиссёрдон баштап жүрөгү менен берилип иштегени көрүнүп турат.

— Керемет жайлообуздагы көпчүлүк күткөн казак-кыргыз айтышынын деңгээли башка айтыштардан эмнеси менен айрымаланды?

— Бул айтыштын негизги темасы көчмөндөр оюнуна, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, “Айтыш” коомдук фондунун 15 жылдыгына арналды. Бул нерселердин баардыгы айтыштын өзгөчөлүгү деп эсептейм. Албетте, негизги системасы мурдагы тартип менен эле өттү. Биз айтышка кетээрде казактар келип алып “олимпиадада биздин балдар мынча жеңди, силер жеңбей калдыңар” деп айтат экен дешти. Бирок казактын бир акыны “силерге олимпиаданын алтынынын эмне кереги бар? Силер ат үстүнөн тишиңер менен жерден алтынды эңип алат экенсиңер”- деген салыштыруу элдин улуулугун, буга чейинки элибиздин эрдигин жакшы нерсе менен чагылдырып берди. Айтышта абдан жакшы ойлор айтылды. Жаштардын көкүрөгүнөн жалындуу кептер чыгып жатты. Мамлекеттин айтышка каражат бөлгөнү дагы өтө сейрек кездешет. Мамлекеттин бир жарым миллион сом бөлүп бергенин эске салсак, айтышка болгон мамилесинин бир үзүмүн көрсөттү болуш керек деп эсептейм. Негизги ишти “Айтыш” коомдук фонду өзүнүн мойнуна алып, Маданият министрлиги менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурду. Казактардан өзүнүн мамлекетинде зор ийгиликтерге жетишкен 8 акын келиптир.

— Казактардан күчтүү акындар келиптир деп айтып жатасыз? Кимиси менен айтышуу сизге оор болду?

— Биринчи күнү айтыш эки тур менен өттү. Ошол айтыштарым өзүмдүн купулума көп толбой калды. Айта турган ойлорумдун баарын айттым. Чек ара сыяктуу маселерди козгошко туура келди. Дипломатиялык түрдө мындай нерселерди козгобоюн деп барганмын. Себеби Айтпай Жумагулов деген казак акыны менен айтыштым. Шартка байланыштуу ал акынды алдын ала интернеттен карап дагы изилдеп албаптырмын. Буга чейинки казак кыргыз айтышында аны менен дээрлик кездешип көрбөптүрмүн. Ошондуктан аны менен айтышуу бир аз оорураак болду. Экинчи айлампада Мухтар Ниязов экөөбүздүн айтышыбыз дээрлик кызык өттү. Башка жуптарга караганда айтышыбыз узагыраак болду. Сырын билген жоо атышканга жакшы дегендей, бири бирибизди жакшы билет элек. Анткени Мухтар менен 2005-жылдан бери Астанадагы “Шабыт” фестивалынан бери таанышпыз. Мухтардын сырын билем, кандай ыкмаларды колдонот жаттап бүткөм.. Залда өткөн айтыш менен сыртта өткөн айтыштын дээрлик айрымасы болот. Жалпы акындар үчүн сырттагы кырдаалга кирип кетүү дагы абдан оор болду. Себеби Филармонияда айтышсаң көрөрмандар сахнага гана назары бурулат. Сыртта болсо бирөө ат чаап өтүп кетет, же башка иш кылып жаткан болот. Чоң аймак болгондуктан оюң менен көрүүчүлөр дагы чачырап кетет. Ошондуктан бир жерге чогултуу кыйын болгондуктан биринчи күнү башкаларды билбейм мен кыйналдым. Экинчи күнү дээрлик сонун маанайда чыкканга шарт түзүлдү. Казактар дагы албетте алар келгенде жакшы ойлорду айтат. Өздөрүнө баргандагыдай мамиле жасашпайт. Негизинен айтыш сонун болду.

— Казак акындарынын таржымалын сиз жакшы билесиз да. Кимдер келгенин айтып кетсеңиз?

— Мухтар Ниязов өзү алтын домбраны уткан жигит. Кечээ бирөөлөр казактын таанымал эмес акындары келиптир деп айтып жатат. Анан мен тамашалап “силер тааныбасаңар биз тааныйт экенбиз. Мухтар Ниязов үч килограмм алтынды уткан акын” деп койдум. Нурмат Мансуров экинчи орунду алды. Бул жигит 2004-жылдардан бери айтышып келе жатат. Азыр Астанада жашап, радио журналист болуп иштейт. Дидар Камиев деген бизден кичүүрөк бала. Бирок Казакстанда элдин бүйүрүн кызыткан чоң айтыштарда баш байге алып жүрөт. Эржеңиш Абдиев деген өзү математик мугалим экен. Ал дагы өзүнүн багытында жолу, орду бар акын. Айтпай Жумагуловду гана тааныбайт экенмин. Биринчи орунду алган Жаркынбек Наушарбеков деген бул Элмирбек, Жеңиш байкелер курагындагы мыкты акындардын бири. Алар биздин айтышка абдан суктанып силердеги айтыш табигый өтөт, жасалмалуулук жок деп айтышты. Казактар абдан дыкат даярданат. Кыргыз акындар болсо чапаныбызды кийип алып, комузубузду көкүрөккө кармап жайлоонун этегинде басып жүрдүк. Алар болсо бизди “ ой бай, мына бул кыргыз акындарынын даярдыгы күчтүү окшойт, кыжаалат болушпайт го” дешти. Биз деле даярданабыз, ойлорду топтоп көкүрөккө көрөңгө жыйып. Даярдыктын табияты ушундай болот.

— Айтыштын алдындагы тандоо турунда бир аз уруш да чыгып кетти. Чоң акындарыбыз Жеңишбек Токтобеков менен Аалы Туткучев катуу чычалап, сөз чыгарып эки жаат болуп социалдык баракчалар гүүлдөп жаман-жакшы сөздөр айтылып жатты. Сиздин комментарий?

— Биринчиден мен бул айтыштын уюштуруучусу эмесмин. Болгону “Айтыш” фонддун курамында бар адам катары көмөктөштүм. Бирок өнөр адамы катары айта кетсем болот. Алардын да өз чындыгы бар. Алардын кадырына, адамдыгына шек келтиргим келбейт. Жеңишбек байке менен Аалы акындарыбыз калыстар тобунун айрым мүчөлөрү менен пикири келишпегендиктен айтышка катышпайбыз деп баш тартып коюшту. Жалпы күйөрмандардын көпчүлүгү айтышка катышып берсе деп суранып да жатышты. Эми алардын өздөрүнүн чыгарган чечими бар окшойт, айтышка келишкен жок. Социалдык тармактарда өтө талаш-тартыш жүрүп жатты. Жеке өнөрпөз катары, буга чейин “Айтыш” фондду жетектеген өкүл, ар түрдүү айтыштарды уюштуруп жүргөн адам катары бир нерсеге абдан сүйүндүм. Ооба, ар кандай сөздөр айтылып жатты. Бирок жалпы эл айтышка күйүп жатты. Сүйүнгөнүмдүн себеби 2001-жылы Тарых музейинде биз атайын айтыш өткөрчүбүз. Ал жерде ашып кетсе 300 орун бар. Көп дегенде 20 көрүүчү келет, айтышка болсо 60 акын катышат. Ошол убакта Садык байке “биз айтыштын байгесине машина коёбуз. Буйруса чоң айтыштарды Филармонияда өткөрөбүз. Ошол жерде эл батпай турат” десе кээ бир акындар күлүшчү. Ошолордун баары чындыкка айланып жатат. Айрым майда-чүйдө кемчиликтин айынан бүтүндөй улуу өнөргө шек келтирүү мүмкүн эмес. Айрым адамдар акындардын ортосундагы нерседен ажырым жаратып жибере жаздады. Бул учурлар деле өтүп кетти. Айрым өзүбүздүн замандаштарыбыздын акындардын ортосуна чок салганга аракет кылышканына таң калдым. Таптакыр айтышка башка өңүттө карап, Садык байкени бут тосуп жатат дегендер чыкты. Бирок Садык байкенин айтышка кошкон салымын, кылган мээнетин эки адамдын ортосундагы таарыныч менен жокко чыгарып ийгенге эч кимдин укугу жок. “Бышкан аштын ээси көп” дегендей айтыш гүлдөп турган кезде сын айтуу оңой. Эмне үчүн ошол адамдар бир акын базарда жүргөндө, көр оокаттын айынан башка акын койчу болуп кеткен кезинде кайда эле деген пендечилик ойлор да келет. Жеке адамдардын арасындагы таарынычтын айынан мындай чоң эмгекти жокко чыгарууга таптакыр эч кимдин акысы жок.

— Жакында кыргыз өкмөтү сыйлыктар боюнча чечим чыгарып, акындарды да Эмгек сиңирген артист, Эл артисти деген сыйлыктарга көрсөтүптүр. Сизди да Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  артисти деген наамга көрсөтүптүр, чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сыйлык, чыгармачылыкты көтөрүүгө чоң стимул болот дешет. Сыйлыктын сыймыгын сезип жатасызбы?

— Көз көрбөсө, көңүл толбойт болуп жатат окшойбуз. Себеби буйрук чыкканы менен азырынча наамдарды колубузга ала элекпиз. Албетте ар бир адамга жакшы сөз эле канча эргитет. Бирөөдөн жакшы сөз угуп калсаң кубанат эмессиңби. Сыйлык деле кандайдыр бир деңгээлде стимул болуп берет. Бирок бул Элмирбек байкеге, болбосо Жеңишбек байкеге, Аалыга же Азаматка берилген сыйлык эмес. Бул кыргыздын кыргыз экенин, улуу экенин далилдеп келген өнөр, бул төкмө акындардын өнөрү. Ошол өнөргө болгон мамлекеттин көңүл буруусу деп эсептейм. СССРдин учурунда айтышка катышкан төкмө акындардын сыйлыгын алган акыркы адам Замирбек Үсөнбаев агайыбыз. 2010-жылы 3 акыныбызга да сыйлык берилди. Андан кийинки жылдардагысы берилди. Мунун да түпкүлүгү барып, “Айтыш” коомдук фондуна барып такалат. Айтыш коомдук фондунун биримдиктүү ишинин аркасы менен ушундай деңгээлге акындар жетишип жатат. Баарыбыз пендебиз, жаңылабыз, кулайбыз. Бирок кулаган адам турат, жаңылган адам түзөлөт. Ошондуктан “Айтыш” коомдук фондунун аркасы менен акындар ушундай даражага жетип жатат. Акындарды алган сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Албетте сыйлык деген көкүрөгүңө эргүү дем берет экен.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

Фарид Ниязов, Президенттин аппарат жетекчиси: «Өз кезегинде Текебаев Акаевден “Дубовый” паркынын бир бурчун бузууга уруксат алган»

«Текебаев Президентке дагы кандай жалаа жабууну билбей турат. Эгерде мамлекет башчысы жерге ээ болуп жана үй куруп аткан болсо, ал таза мээнет менен табылган акчага курулуп атат. Болгондо да чоң акчага, текейден арзан баага эмес. Чындыгында мага Албек Ибраимовдун айтканы боюнча ал жакта 27 гектар жер эмес, андан ондогон эсе аз. Туура, өткөн жылы жерге ээ болуу жана курулуш иштери боюнча Алмазбек Атамбаевде чоң чыгымдар болгон. Бул декларацияда көрсөтүлгөн. Муну эч ким жашырган эмес жана бул жашыруун сыр эмес болчу.

Текебаевдин «Албек Ибраимов Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан жер тилкесин бергенден кийин Бишкек мэри болгон» деген сөзүн мындай жалганды жадагалса мародерлордон угуу да адаттагыдай эмес. Мародерлордо чоочун мүлктөрдү бекерге эле тартып алуу жана өздөрүнө каттап алуу болот. Бул жерде жер тилкеси өткөрүлүп берилген жок же кайра катталган эмес, кадимкидей эле мыйзамдуу сатуу-сатып алуу болгон, бул декларацияда көрсөтүлгөн.

Мага белгилүү болгонуна караганда Апрель революциясына чейин завод жер тилкелерин жеке жактарга саткан. Ал жерде аукцион болгон. Бул жерди ошол жеке жактардан Албек Ибраимовдун үй-бүлөсү сатып алганынын, андан соң Алмазбек Шаршеновичке сатканынын эч кандай өзгөчөлүгү жок. Болгондо да аз эмес акчага.

Ар ким өзүнө жараша ойлонот. Эгерде адам сатылма болсо, анда ал сыртынан эле көрүнүп турат. Өз кезегинде Текебаев Акаевден  “Дубовый” паркынын бир бурчун бузууга уруксат алган жана эми бардыгы эле ошондой деп ойлоп атат. Бирок Атамбаев менен кадр маселесин мындай жол менен чечүүгө болбостугун эл билет. Эл өзүнүн президентинин ким экенин билип калды жана мамлекет башчысына жалаа жабуу эми жадагалса Текебаевде да ишке ашпайт. Текебаев өзүнүн жалганы үчүн сот алдында жооп бербейт деп айта албайм.

Булак: Жаңы Ордо

Атамбаевдин жүрөгү ооруп, Нью-Йорктогу БУУ сессиясына катышпай калды

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркко бараткан жолдо өзүн жаман сезип, Стамбулда калды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, дарылануу курсун Стамбул шаарында өтмөй болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Усенов билдирди.

Анын айтымында, Бишкектен Нью-Йоркко бараткан Кыргызстан делегациясы Стамбулдагы Ататүрк аэропортуна конууну пландап жаткан. Президент Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, догдурлар жүрөк оорусунун симптомдорун аныкташты. Буга байланыштуу президент Атамбаев медициналык текшерүүдөн өтүп, бир нече убакыт догдурлардын көзөмөлүндө болот. Мамлекет башчынын буйругу менен Кыргызстандын БУУнун Башкы Ассамблеясына жол тарткан делегациясын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштап барат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өмүрбек Текебаев: "Мен Акаев, Бакиев менен да күрөшкөм, бирок алар Атамбаев сыяктуу трайбализм деңгээлине түшүшкөн эмес, жердештерин же аялдарды саясый оппоненттерине каршы тукурган эмес"

Бүгүн, 19-сентябрда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, Атамбаевдин саясый күрөштө оппоненттерине каршы жердештерин, аялдарды тукуруп колдонуп жаткандыгын айыптады.

“Мен Акаев менен Бакиев менен да күрөшкөм, бирок алар Атамбаев сыяктуу пас деңгээлге түшүшкөн эмес. Акаев менен Бакиев эч качан жердештерин же аялдар менен балдарды өзүнүн саясый оппоненттерине каршы тукуруп, пайдаланган эмес. Атамбаев элди экиге бөлүп, бири-бирине кайраштырып жатат. Атамбаевдин кылганы бул трайбализм”, – деди Текебаев

Видео: azattyk

Видео - Өмүрбек Текебаев: "Кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө Атамбаев түздөн түз күнөөлүү "

Бүгүн, 19-сентябрда депутат Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын берип, анда президент Алмазбек Атамбаевдин саясий күрөштөгү ыкмаларын кескин сындады. Ал ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө Атамбаев түздөн түз күнөөлүү деп билдирди.

Булак: azattyk

Видео - Эдил Байсалов: "Атамбаев баарын камап, коркутуп жатат, мындай мыйзамсыздыктар Акаев менен Бакиев учурунда да болгон эмес"

“Акыркы күндөрдө мага бир нече булактардан “Эдил, сен жакында камаласын! Алмаз Атамбаев сени эптеп бир себеп таап, узак мөөнөткө каматам”  деп жатыптыр” деп айта башташты. Алтургай менин жакын туугандарыма да  “жакынкы күндө камоолор башталат, эң биринчи болуп Эдил Байсаловду камашат экен” деп айтып келе башташты”, – деп билдирди бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйын өткөргөн саясатчы Эдил Байсалов.

“Булар мени кыргыз элине саткын кылып көрсөткөнү жатышат. Атамбаев бийликти түбөлүккө басып алып, узурпациялап алуу планы менен иштеп жатат. Түркмөнстандын президенти менен жөн жерден дос болгон жок. Жакында камоолор башталат, балким бүгүн, түштөн кийин мени камашат!  Бирок Атамбаев жалаң эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн гана эмес баардык өз үнү, өз позициясы бар, ага каршы сүйлөгөндөрдүн баарын камайт, коркутат, качырат. Атамбаев жасаган иштердин баары ийгиликсиз, натыйжасыз болуп келаткандыктан эми бет тырмалык кылып жатат. Атамбаев жасаган мыйзамсыздыктарды Акаев менен Бакиев да жасаган эмес!”, – деди Байсалов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: azattyk

Депутат Өмүрбек Текебаев менен айрым Кой-Таштыктар мушташып кете жаздады

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин алдына Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын айрым жашоочулары келип, чакан митинг өткөрүп, “Текебаев чыгып, ага кайсы Кой-Таштык “Бакиевдин жерин Атамбаев басып алды” деп айтканын көрсөтүп берсин!”,  деп талап кылышты.

Өмүрбек Текебаев алардын алдына чыгып, “Силер эмне Атамбаевге болушуп келдиңерби? Ким айтканынын айрымасы кайсы? Мен Максим Бакиевдин жерин Алмаз Атамбаев басып алганын далилдеп бердим го! Силерге дагы эмне керек? 2007-жылы Бакиевдерге каршы митингдерде силер менен мына мен жүргөм. Атамбаев анда Бакиев тарапка өтүп кеткен. Бакиев экөөсү тигил жерде туруп алып, Атамбаев элди митингден кууп тараткан.”, –  деди.

“Бизди, Кой-Таштыктарды эл уяткарып жатат, “эмне Атамбаев Бакиевдин жерин алып алды деп Текебаевге арыздандыңар беле?” деп. Биз беш күндөн бери Кой-Таштын ар бир үйүнө кирип сурап чыктык. Эч ким мойнуна албай жатат”, –  дешти айрым Кой-Таштыктар.

“Ким сатып койду? деп издеп жатасыңарбы? Эмнеге издейсиң? Сатып койду деп издеп жатасыңар! Ким айтса да ал туура айтыптыр. Силердин айылыңардагы Максим Бакиевдин менчиги Атамбаевден чыкты! Жалганбы? Ага эмне мынча күйөсүн? Эмне, разборка кыласынбы? Сен эмне, президентке болушканы келдиңби? Атамбаев сенсиз өзүн коргой албайбы?”, – деп ачууланып айрым митингичилер менен түрткүлөшө кетишти.

Акырында Текебаев “Эртең, 20-сентябрда саат 12.00. дө Кой-Ташка барам, ошол жерден силер менен сүйлөшөм” деп колун кезеп басып кетти.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Түгөлбай Казаков Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 19-сентябрда кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 87-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Казаков Тугелбай Токтогулович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кытайлык гранттын эсебинен Бишкектеги 49 көчө жана 6 көпүрө оңдолот (тизме)

16-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жана Кыргыз Республикасындагы «China Roadand Bridge Corpоrationin Kyrgyzstan» жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясы кытайлык грантка Бишкектеги жолдорду куруу жана калыбына келтирүү долбоорунун I фазасын ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Келишимде шаардагы 49 көчө жана 6 көпүрөнү оңдоо каралган. Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жайгашкан көчөлөр менен жалпысынан узундугу 95 км жол оңдолот. Оңдоло турган 49 көчөнүн тизмеси:

1. Л.Толстой көчөсү  (Шабдан-Баатыр көчөсүнөн  Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүгү);

2. Оберон көчөсү  (Анкара көчөсүнөн  Л. Толстой көчөсүнө чейин);

3. Достоевский көчөсү  (Горький көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү);

4. Достоевский көчөсү  (Ахунбаев көчөсүнөн  Анкара көчөсүнө чейинки бөлүгү);

5. Көлбаев көчөсү  (Лермонтов көчөсүнөн  Ауэзов көчөсүнө чейин);

6. Лермонтов көчөсү  (Ж. Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);

7. Фрунзе көчөсү (Осмонкул көчөсүнөн  Лермонтов көчөсүнө чейин);

8. Мамбетов көчөсү   (Т. Айтматов көчөсүнөн  Шабдан-Баатыр көчөсүнө чейин);

9. Токтогул көчөсү (Гоголь көчөсүнөнт   Т. Айтматов көчөсүнө чейин);

10. Сүйүмбаев көчөсү  (Москва көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү);

11. Т. Айтматов  көчөсү   (Түгөлбай-Ата көчөсүнөн  Ж. Жолу проспектисине чейин);

12. Осмонкул көчөсү  (Жибек Жолу  проспектисинен   Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү);

13. Элебесов көчөсү  (бажы терминалынан түндүк айланма  жолго чейин);

14. Профессора Зима көчөсү  (№81 мектептен Бухар көчөсүнө чейин );

15. Саадаев көчөсү  (Т. Молдо көчөсүнөн  Орозбеков көчөсүнө чейин);

16. Орозбеков көчөсү  (Жибек Жолу проспектисинен  Саадаев көчөсүнө чейинки бөлүгү);

17. Т.Молдо көчөсү    (Жибек Жолу проспектисинен  Саадаев көчөсүнө чейинки бөлүгү);

18. Щербаков көчөсү  ( Махатма Ганди көчөсүнөн  Бакинский көчөсүнө чейин);

19. Баялинов көчөсү  (Ленинградская) (Махатма Ганди көчөсүнөн  Бакинский көчөсүнө чейин);

20. Новая  көчөсү  (Пригородный көчөсүнөн Новая көчөсүнө чейин) жана Сүйөркулов көчөсү  (Боталиев көчөсүнөн Новая көчөсүнө чейин);

21. Профсоюз көчөсү  (Фучик көчөсүнөн  Кустанай  көчөсүнө чейин);

22. Кустанай  көчөсү  (Дэн Сяопин проспектисинен  Профсоюз көчөсүнө чейин);

23. Садыгалиев  көчөсү    (Дэн Сяопин проспектисинен  Профсоюз көчөсүнө чейин);

24. Салтанат көчөсү    (Кайназарова  көчөсүнөн  П. Лумумбы көчөсүнө чейин);

25. Мурманская көчөсү    (Садыгалиев  көчөсүнөн   Алыкулов көчөсүнө чейин);

26. Гагарин көчөсү    ( Тагай Бий  көчөсүнөн    Айбийке көчөсүнө чейин);

27.  Лущихина  көчөсү     (Т.Фрунз көчөсүнөн  Алыкулов көчөсүнө чейин);

28. Л. Толстой  көчөсү     (Садыгалиев көчөсүнөн  Алыкулов көчөсүнө чейин);

29. Жамгырчинов көчөсү      (Интергельпо көчөсүнөн    Садыгалиев көчөсүнө чейин);

30. К. Акиев  көчөсү       (Бөкөнбаев көчөсүнөн  Ж. Жолу проспектисине чейин);

31. Рыскулов  көчөсү       ( Жаш Гвардия бульварынан Турусбеков  көчөсүнө чейин);

32.  Турусбеков  көчөсү       (Чуйков  көчөсүнөн   Ж. Жолу проспектисине чейин);

33. Тыныстанов көчөсү       (Линейный көчөсүнөн  Ж. Жолу проспектисине чейин);

34. Токтоналиев көчөсү  ( Масалиев көчөсүнөн  Кулатов көчөсүнө чейин);

35. Медеров  көчөсү  (Панфилов көчөсүнөн    Токтоналиев көчөсүнө чейин);

36. Малдыбаев  көчөсү  (Ахунбаев көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин);

37. Малдыбаев көчөсү    (Ахунбаев  көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин);

38. Тыналиев көчөсү      (Ахунбаев  көчөсүнөн Жайыл-Баатыр көчөсүнө чейин);

39.  Репина  көчөсү      (Түштүк магистралдан  Куюков көчөсүнө чейин);

40. Ахунбаев  көчөсү      (Д. Садырбаев көчөсүнөн Тагай-Бий көчөсүнө чейин);

41. Алыкулов көчөсү        (Муромской  көчөсүнөн (ЖЭБ-2) М.Омуракунов көчөсүнө чейин);

42. Куюков көчөсү          (Д. Садырбаев көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин);

43. Шералиев көчөсү          (Түштүк магистралдан №18 көчөсүнө чейин);

44. Иманалиев  көчөсү          ((Түштүк магистралдан  Абдрахманов көчөсүнө чейин);

45. Абдрахманов көчөсү     (Тынчтык проспектисинен  Чортеков көчөсүнө чейин);

46. Орто-Көчө көчөсү     (Д. Садырбаев  көчөсүнөн  Ветеринарная көчөсүнө чейин);

47. Түштүк-чыгыш конуштарына бараткан жер алдындагы жол (көпүрөнүн курулушу менен);

48. Каралаев көчөсү       (Куттубаев көчөсүнөн  Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү);

49. «Мурас-Ордо»  конушу (Озерное көчөсүнөн  Мурас-Ордо көчөсүнө чейин) жана борбордук көчө.

Көпүрөлөр:

1.    Орозбеков көчөсү  — Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө;

2.    Токомбаев көчөсү  — Аламүдүн суусу аркылуу өтүүчү көпүрө;

3.    Фрунзе  көчөсү  — Аламүдүн суусу аркылуу өтүүчү көпүрө;

4. Токтогул көчөсү  — Аламүдүн суусу аркылуу өтүүчү көпүрө;

5.    Токтоналиев  көчөсү  — Ала-Арча  суусу аркылуу өтүүчү көпүрө;

6.    Осмонкул  көчөсү  — Аламүдүн суусу аркылуу өтүүчү көпүрө.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы туурасында учкай кеп

Жалпы жумурай журтка маалым болгондой, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү болуп жарыялангандан бери арадан 19 жыл өттү. Дал ушул күнү көз карандысыз өлкөбүздүн Конституциясы кабыл алынган. Ошол мезгилден тартып кулагыс сезилген көп нерселер өзгөрүп кетти, анын ичинде баш мыйзамыбыз болгон Конституциянын өзү дагы бир канча жолу өзгөрдү. Конституция демекчи, эч бир мамлекетте, эч бир элде өлкөнүн Баш мыйзамын биздегидей өзгөртүүгө дуушар кылышпаса керек. Ушул биз айткан мезгилдерде Кыргыз Республикасынын Конституциясы — Баш мыйзамы канча жолу референдумдар аркылуу канча жолу оңолуп-түзүлбөдү. Канча жолу талаш-тартышка түшүп, кыл чайнашкан талкууга алынбады. Ошого карабастан, канчалык оңолуп, канчалык түзөлгөн сайын Баш мыйзам, ошончолук канат-бутагы тонолду, үстүндө үйрүп алган кийими жок «карыптын» кейпин кийди десек да болот.

Дегеле Конституция кимге, эмнеге кызмат кылышы зарыл? Президенткеби, өкмөт башчысынабы, парламенттин төрагасынабы, же элгеби? Конституция эмне десе, аны бийликти бөлүштүрүү деп түшүнгөндөр чоң жаңылыштык кылышат! Конституция — бул албетте бийлик бөлүштүрүү эмес, Ал — мамлекеттин кандай мамлекет экенин аныктаган күзгүсү. Өлкөнүн келечегин, мамлекеттин болочогун көрсөтүп, аныктап турган багыт, жол көрсөткүч. Конституция бир адамдын, же бир үй-бүлөнүн, же кайсы бир топтордун, саясый партиялардын менчиги болуп калганда, ал элдик болуудан калаарын баарыбыз жакшы билебиз.

Өлкө президенти таасын белгилегендей «демократиялуу өлкөдөгү Конституциянын негизги милдети ар бир жарандын укуктарын гарантиялоо болуп саналат. Эң жөнөкөй адамдык укуктарды: жашоого жана анын коопсуздугуна; турмуштун сапатына — электр жарыгына, жылуулукка, турак-жайга, тамак-аштын, саламаттык сактоонун жана билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө; ресурстарга — сууга жана жерге, шайлоо жана тандоо укугуна жетүү мүмкүнчүлүгүнө. Мына ушул укуктар алгачкы ирет колдонуудагы Конституцияда формалдуу эмес, дыкат жана негиздүү түрдө жазылган. Өлкөбүздүн тарыхында гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагында алгачкы ирет киргизилген. Бул жагдай эл аралык эксперттер жана Венеция комиссиясы тарабынан дагы белгиленген. Жарандар укуктары бөлүгү жарандык коомдун, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү тарабынан иштелип чыгып, бышыкталган. Жалпы элдик референдумда кабыл алынган Конституциянын текстине мына ошолордун редакциясында, саясий лидерлер жана өкмөт тарабынан кандайдыр бир оңдоп-түзөтүүлөрсүз киргизилген».

Ооба, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 1993-жылдын 5- майында Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алган. Ошол мезгилден баштап, Кыргызстан Республикасы — Кыргыз Республикасы деп аталып, 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясы күчүн жоготкондугун биз жакшы билебиз. Бирок андан бери бир канча жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, беш жолу кайрадан түп орду жазылып чыкты (2003-ж. февралда, 2006-ж. ноябрда, 2006-ж. декабрда, 2007-ж.). Акыркы жолу 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциядан кийин кайрадан жазылды.

Дегеле «Конституция» деген сөз өзү эмнени түшүндүрөт? Конституция — латындын «konstitutio» сөзүнөн алынып, «орнотуу» деген маанини билдирет. Көпчүлүк учурларда, биз конституция терминин мамлекеттин негизги мыйзамы, анын коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү тандап алуу (шайлап алуу эмес) системасын, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын ишин жөнгө салуу принциптерин, жарандардын негизги укуктары менен милдеттерин аныктаган документ деп түшүнүп жүрөбүз. Ал эми «мыйзам» деп элибиз жаратылыш тарабынан аныкталган, адам өзгөртө алгыс эрежелерди, нормаларды аташкан.

Конституция деген сөздүн ошол эле латын тилинде түзүү, куруу дегенди билдирген алгачкы мааниси да бар. Мисалы, «адамдын конституциясы» деген түшүнүк анын белгилүү бир табигый жана коомдук шарттардан улам калыптанган жекече физиологиялык жана анатомиялык өзгөчөлүктөрүнүн топтомун билдирип, анын ар түрдүү тышкы чөйрөнүн таасирине карата жасаган мамилесин, реакциясын туюнткан. Айбандын конституциясы деген түшүнүк — алардын тышкы чөйрөнүн таасирине болгон реакциясын аныктап турган организминин жалпы түзүлүшүн билдирген.

Аталган мааниде алганда, Конституция элибиздин тарыхый өнүгүү жолунда тышкы таасирлерге карата иштеп чыгып, колдонуп келе жаткан реакциясы, анын рухий-практикалык жашоо-турмушу деп койсо болот. Ошондой эле, аны элди ичинен да, сыртынан да калкалап-сактап турган эреже-талаптардын топтому деп түшүнүү да керек. Бир катар мамлекеттерде Конституциянын ролун жана функциясын дин, дагы бирөөлөрүндө каада-салттар, экинчилеринде укук, коомдук келишим аткарып тураары маалым.

Конституция өзү биздин баш мыйзамыбыз деп аталып, укуктук документтердин төрөсү катары каралат. Ал эми жашоо-турмушта укуктан жогору, бийик турган дөөлөттөр да бар. Алар — адилеттик, ар- намыс, акыйкаттык, каада-салт ж. б.у.с. Ыймандык-адептик эрежелер элди эл кылып, уюштуруп, сактап турган түбөлүктүү, өлбөс-өчпөс рухий- маданий дөөлөттөргө кирет. Эл нарк-насил менен жашап, каада-салтты сактап, дөөлөттөргө таянып өнүгүп турат.

Демек, Конституция карандай интеллектуалдык акыл-ойдун, укуктук илим-билимдин бийик сересин чагылдырган кынтыксыз документ деп караган күндө да, ал баары бир бүгүнкү күндүн акыл- эсинин фактысы болуп кала берет. Ал, баары бир эртеңки, келечектеги турмушту тескеп турууга дармансыз келет, акыйкатта ага анын чамасы да, мүмкүнчүлүгү да жетпейт. Себеби, жашоо-турмуш дайыма кубулуп, жаңыланып, өзгөрүлүп турат эмеспи. Бүгүнкү эрежелер, нормалар эртең эскирип калат. Андыктан, аны улам жаңылоо, оңдоп- түзөтүү көйгөйү ургаалдуу бойдон кала берет демекчибиз.

Адабияттар:

  1. 2016-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш. Атамбаевдин куттуктоо сөзү.
  2. Кыргыз Республикасынын 1993-жылдагы Конституциясы.
  3. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдагы Конституциясы.
  4. Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Конституциясы.

А.К Джаркымбаева,

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, Философия жана Саясий Укуктук Изилдөөлөр институтунун укук бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери.

Замира Калыбек кызы,

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, Философия жана Саясий Укуктук Изилдөөлөр институтунун укук бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери

Булак: Жаңы Ордо

Дайырбек Орунбеков: «Алмаз Атамбаев Текебаевдин айыптоосун расмий төгүндөй албаса, анда президент болуп отуруу абийиринен ажырайт!»

– Президент Алмазбек Атамбаев өтө оор кылмыштар менен расмий айыпталып жатат. Аны көчөдөгү бирөө эмес, Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев ачык күнөөлөдө. Мындай кылмыштарга айыпталгандан кийин Атамбаев актанып, Текебаевдин келтирген айыптоосуна каршы мыйзамдуу аргументин билдирип далилдеши керек. Эгерде, далилдеп, ага коомчулукту ынандыра алса анда мындан ары президент болуп иштөөгө моралдык укугу бар. А коомчулук алдында ал өзүн ишенимдүү актай албаса президент болуп элди башкарууга моралдык укуктан ажырайт. Мындай уят иштен кийин эл алдына бети калың, абийирсиз адам гана эч нерсе болбогондой кайра кайрыла алат.

АТАМБАЕВДИН АЙЫПТАЛЫП ЖАТКАН ДАЛИЛДЕРИ:

1.Максим Бакиевдин жер тилкесин басып алып, ага үй салып жатат. Мародерчулук.

2.Сеператист, Ош коогалаңынын уюштуруучусу Кадыржан Батыров менен 2010-жылдан 5-июнь күнү жашыруун жолугушуп, шайлоодо КСДП менен Батыров башында турган «Ана Ватан» партиясы өнөктөш болуу жөнүндө сүйлөшүү болгон.

3.Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишине Атамбаев Алмаз Шаршенович жардам берген.

4.Кадыржан Батыровдун байлык, мүлктөрүнө КСДПчы Нурмамат Сулайманов ээлик кылат.

Мына ушундай расмий айыптоо Текебаев тарабынан коомчулукка ашкереленди. Алмаз Атамбаев азырынча жооп кайтара элек. Болгону, ал бүгүн Арашандагы туугандарын Акүй алдына алып келип, Текебаевге каршы митинг  уюштурду.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Азамат Болгонбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын: “Айрым адамдар акындардын ортосундагы нерседен ажырым жаратып жибере жаздады”

Өткөн жумада Кыргызстанды гана эмес, бүткүл дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюну болуп өттү. Баарынан көпкө эл суктана күткөн нерсе казак-кыргыз акындарынын айтышы болчу. Айтышка акындарды тандоо туруна келгенде дагы бир топ талаш-тартыштар болуп кеткен. Биз бүгүн дал ошол “Айтыш” коомдук фондун бир кезде жетектеген, бул айтышта баш байгени жеңип, кыргыздын намысын талашкан айтылуу акыныбыз Азамат Болгонбаевди кепке тарттык.

— Азамат байке, алгач сөздү көчмөндөр оюнунун өзүнөн баштасак. Сиздин купулуңузга толдубу?

— Көчмөндөр оюну кыргыз эли үчүн руханий баалуулуктарын, басып өткөн жолдорун, бабалары кандай турмушта жашаганын, мезгилдерди, доорлорду басып өткөндөрүн эстеп алууга, ошол мезгилге бир аз да болсо аралашып алууга шарт түзүп берди деп ойлойм. Спорттук оюндарды дээрлик көрө алган жокмун, теледен гана карап жаттым. Кырчында абдан көп сынактар өттү. Айтыштан баштап, ар бир аймактын жайган дасторконунан, тиккен боз үйүнө, көргөзгөн иш чарасына чейин сынак кылышыптыр. Баардыгы үзүлүп-түшүп даярданышыптыр. Кырчындагы Алтынбек Максүтов байкебиз койгон театралдык ачылышта көрөрмандардын көпчүлүгү көзүнө жаш алып көрүштү. Ага өзүбүз дагы күбө болуп жаттык. Аны көрүп жаткан адамдардын көкүрөгүнөн нур чачырап ушундай эл турбайлыбы деп суктануу менен кабыл алып жаткандыгын көрүп, бул иш чара өзүнүн максатына жетти деп ойлодум. Мамлекет үчүн жанын берген маданият өкүлдөрү башкы режиссёрдон баштап жүрөгү менен берилип иштегени көрүнүп турат.

— Керемет жайлообуздагы көпчүлүк күткөн казак-кыргыз айтышынын деңгээли башка айтыштардан эмнеси менен айрымаланды?

— Бул айтыштын негизги темасы көчмөндөр оюнуна, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, “Айтыш” коомдук фондунун 15 жылдыгына арналды. Бул нерселердин баардыгы айтыштын өзгөчөлүгү деп эсептейм. Албетте, негизги системасы мурдагы тартип менен эле өттү. Биз айтышка кетээрде казактар келип алып “олимпиадада биздин балдар мынча жеңди, силер жеңбей калдыңар” деп айтат экен дешти. Бирок казактын бир акыны “силерге олимпиаданын алтынынын эмне кереги бар? Силер ат үстүнөн тишиңер менен жерден алтынды эңип алат экенсиңер”- деген салыштыруу элдин улуулугун, буга чейинки элибиздин эрдигин жакшы нерсе менен чагылдырып берди. Айтышта абдан жакшы ойлор айтылды. Жаштардын көкүрөгүнөн жалындуу кептер чыгып жатты. Мамлекеттин айтышка каражат бөлгөнү дагы өтө сейрек кездешет. Мамлекеттин бир жарым миллион сом бөлүп бергенин эске салсак, айтышка болгон мамилесинин бир үзүмүн көрсөттү болуш керек деп эсептейм. Негизги ишти “Айтыш” коомдук фонду өзүнүн мойнуна алып, Маданият министрлиги менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурду. Казактардан өзүнүн мамлекетинде зор ийгиликтерге жетишкен 8 акын келиптир.

— Казактардан күчтүү акындар келиптир деп айтып жатасыз? Кимиси менен айтышуу сизге оор болду?

— Биринчи күнү айтыш эки тур менен өттү. Ошол айтыштарым өзүмдүн купулума көп толбой калды. Айта турган ойлорумдун баарын айттым. Чек ара сыяктуу маселерди козгошко туура келди. Дипломатиялык түрдө мындай нерселерди козгобоюн деп барганмын. Себеби Айтпай Жумагулов деген казак акыны менен айтыштым. Шартка байланыштуу ал акынды алдын ала интернеттен карап дагы изилдеп албаптырмын. Буга чейинки казак кыргыз айтышында аны менен дээрлик кездешип көрбөптүрмүн. Ошондуктан аны менен айтышуу бир аз оорураак болду. Экинчи айлампада Мухтар Ниязов экөөбүздүн айтышыбыз дээрлик кызык өттү. Башка жуптарга караганда айтышыбыз узагыраак болду. Сырын билген жоо атышканга жакшы дегендей, бири бирибизди жакшы билет элек. Анткени Мухтар менен 2005-жылдан бери Астанадагы “Шабыт” фестивалынан бери таанышпыз. Мухтардын сырын билем, кандай ыкмаларды колдонот жаттап бүткөм.. Залда өткөн айтыш менен сыртта өткөн айтыштын дээрлик айрымасы болот. Жалпы акындар үчүн сырттагы кырдаалга кирип кетүү дагы абдан оор болду. Себеби Филармонияда айтышсаң көрөрмандар сахнага гана назары бурулат. Сыртта болсо бирөө ат чаап өтүп кетет, же башка иш кылып жаткан болот. Чоң аймак болгондуктан оюң менен көрүүчүлөр дагы чачырап кетет. Ошондуктан бир жерге чогултуу кыйын болгондуктан биринчи күнү башкаларды билбейм мен кыйналдым. Экинчи күнү дээрлик сонун маанайда чыкканга шарт түзүлдү. Казактар дагы албетте алар келгенде жакшы ойлорду айтат. Өздөрүнө баргандагыдай мамиле жасашпайт. Негизинен айтыш сонун болду.

— Казак акындарынын таржымалын сиз жакшы билесиз да. Кимдер келгенин айтып кетсеңиз?

— Мухтар Ниязов өзү алтын домбраны уткан жигит. Кечээ бирөөлөр казактын таанымал эмес акындары келиптир деп айтып жатат. Анан мен тамашалап “силер тааныбасаңар биз тааныйт экенбиз. Мухтар Ниязов үч килограмм алтынды уткан акын” деп койдум. Нурмат Мансуров экинчи орунду алды. Бул жигит 2004-жылдардан бери айтышып келе жатат. Азыр Астанада жашап, радио журналист болуп иштейт. Дидар Камиев деген бизден кичүүрөк бала. Бирок Казакстанда элдин бүйүрүн кызыткан чоң айтыштарда баш байге алып жүрөт. Эржеңиш Абдиев деген өзү математик мугалим экен. Ал дагы өзүнүн багытында жолу, орду бар акын. Айтпай Жумагуловду гана тааныбайт экенмин. Биринчи орунду алган Жаркынбек Наушарбеков деген бул Элмирбек, Жеңиш байкелер курагындагы мыкты акындардын бири. Алар биздин айтышка абдан суктанып силердеги айтыш табигый өтөт, жасалмалуулук жок деп айтышты. Казактар абдан дыкат даярданат. Кыргыз акындар болсо чапаныбызды кийип алып, комузубузду көкүрөккө кармап жайлоонун этегинде басып жүрдүк. Алар болсо бизди “ ой бай, мына бул кыргыз акындарынын даярдыгы күчтүү окшойт, кыжаалат болушпайт го” дешти. Биз деле даярданабыз, ойлорду топтоп көкүрөккө көрөңгө жыйып. Даярдыктын табияты ушундай болот.

— Айтыштын алдындагы тандоо турунда бир аз уруш да чыгып кетти. Чоң акындарыбыз Жеңишбек Токтобеков менен Аалы Туткучев катуу чычалап, сөз чыгарып эки жаат болуп социалдык баракчалар гүүлдөп жаман-жакшы сөздөр айтылып жатты. Сиздин комментарий?

— Биринчиден мен бул айтыштын уюштуруучусу эмесмин. Болгону “Айтыш” фонддун курамында бар адам катары көмөктөштүм. Бирок өнөр адамы катары айта кетсем болот. Алардын да өз чындыгы бар. Алардын кадырына, адамдыгына шек келтиргим келбейт. Жеңишбек байке менен Аалы акындарыбыз калыстар тобунун айрым мүчөлөрү менен пикири келишпегендиктен айтышка катышпайбыз деп баш тартып коюшту. Жалпы күйөрмандардын көпчүлүгү айтышка катышып берсе деп суранып да жатышты. Эми алардын өздөрүнүн чыгарган чечими бар окшойт, айтышка келишкен жок. Социалдык тармактарда өтө талаш-тартыш жүрүп жатты. Жеке өнөрпөз катары, буга чейин “Айтыш” фондду жетектеген өкүл, ар түрдүү айтыштарды уюштуруп жүргөн адам катары бир нерсеге абдан сүйүндүм. Ооба, ар кандай сөздөр айтылып жатты. Бирок жалпы эл айтышка күйүп жатты. Сүйүнгөнүмдүн себеби 2001-жылы Тарых музейинде биз атайын айтыш өткөрчүбүз. Ал жерде ашып кетсе 300 орун бар. Көп дегенде 20 көрүүчү келет, айтышка болсо 60 акын катышат. Ошол убакта Садык байке “биз айтыштын байгесине машина коёбуз. Буйруса чоң айтыштарды Филармонияда өткөрөбүз. Ошол жерде эл батпай турат” десе кээ бир акындар күлүшчү. Ошолордун баары чындыкка айланып жатат. Айрым майда-чүйдө кемчиликтин айынан бүтүндөй улуу өнөргө шек келтирүү мүмкүн эмес. Айрым адамдар акындардын ортосундагы нерседен ажырым жаратып жибере жаздады. Бул учурлар деле өтүп кетти. Айрым өзүбүздүн замандаштарыбыздын акындардын ортосуна чок салганга аракет кылышканына таң калдым. Таптакыр айтышка башка өңүттө карап, Садык байкени бут тосуп жатат дегендер чыкты. Бирок Садык байкенин айтышка кошкон салымын, кылган мээнетин эки адамдын ортосундагы таарыныч менен жокко чыгарып ийгенге эч кимдин укугу жок. “Бышкан аштын ээси көп” дегендей айтыш гүлдөп турган кезде сын айтуу оңой. Эмне үчүн ошол адамдар бир акын базарда жүргөндө, көр оокаттын айынан башка акын койчу болуп кеткен кезинде кайда эле деген пендечилик ойлор да келет. Жеке адамдардын арасындагы таарынычтын айынан мындай чоң эмгекти жокко чыгарууга таптакыр эч кимдин акысы жок.

— Жакында кыргыз өкмөтү сыйлыктар боюнча чечим чыгарып, акындарды да Эмгек сиңирген артист, Эл артисти деген сыйлыктарга көрсөтүптүр. Сизди да Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  артисти деген наамга көрсөтүптүр, чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сыйлык, чыгармачылыкты көтөрүүгө чоң стимул болот дешет. Сыйлыктын сыймыгын сезип жатасызбы?

— Көз көрбөсө, көңүл толбойт болуп жатат окшойбуз. Себеби буйрук чыкканы менен азырынча наамдарды колубузга ала элекпиз. Албетте ар бир адамга жакшы сөз эле канча эргитет. Бирөөдөн жакшы сөз угуп калсаң кубанат эмессиңби. Сыйлык деле кандайдыр бир деңгээлде стимул болуп берет. Бирок бул Элмирбек байкеге, болбосо Жеңишбек байкеге, Аалыга же Азаматка берилген сыйлык эмес. Бул кыргыздын кыргыз экенин, улуу экенин далилдеп келген өнөр, бул төкмө акындардын өнөрү. Ошол өнөргө болгон мамлекеттин көңүл буруусу деп эсептейм. СССРдин учурунда айтышка катышкан төкмө акындардын сыйлыгын алган акыркы адам Замирбек Үсөнбаев агайыбыз. 2010-жылы 3 акыныбызга да сыйлык берилди. Андан кийинки жылдардагысы берилди. Мунун да түпкүлүгү барып, “Айтыш” коомдук фондуна барып такалат. Айтыш коомдук фондунун биримдиктүү ишинин аркасы менен ушундай деңгээлге акындар жетишип жатат. Баарыбыз пендебиз, жаңылабыз, кулайбыз. Бирок кулаган адам турат, жаңылган адам түзөлөт. Ошондуктан “Айтыш” коомдук фондунун аркасы менен акындар ушундай даражага жетип жатат. Акындарды алган сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Албетте сыйлык деген көкүрөгүңө эргүү дем берет экен.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

Ырысбек Өмүрзаков, “Трибуна” гезитинин башкы редактору: “Атамбаев менен Текебаев бири-бирине үрүп-үрүп, кайра жытташып достошот”

– Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тирешүүсүнүн аягы эмне менен бүтөт?

– Текебаев менен Атамбаевдин мамилесин Зарылбек Рысалиев жакшы сүрөттөп берген экен “Атамбаев менен Текбаевдин мимилеси байланып турган эки кавказ овчарка иттерди элестеттирет. Бири-бирин жеп, жутуп жоготчудай болуп долулуктарын көрсөтүшөт да, чынжырларынан бошотуп койсо, эч нерсе болбогонсуп, жытташышып, достошуп алышат” деп. Демек, ушул айтылгандарга “Текебаев менен Атамбаев бири бирине “үрүп” чыгышканы менен, кайра эле, кавказ овчаркалардай болуп, бири биринин көчүктөрүн жыттап, достошуп, оюн салышат деп кошуп кетет элем. Экөө тең соттолгусу келбейт. 2010-жылы жасаган иштери боюнча бири соттолсо, экинчиси азаттыкта калат деп айтуу кыйын. Ошону үчүн бири-бирине үрүп-үрүп, кайра жытташып достошот. Саясат деген балээ да, баардыгын күтүүгө болот. Баягы: “Муну менен бир гектар жерге чоң пейшеп кылганы да олтурбайм”, — дегендер деле кол кармашып, убактылуу биригүү деп жатышпайбы. Бу экөө деле “убактылуу” биригет. Бирок, азыр эмес. Бири патриот болуп чыга калыш керек, бири күнөөкөр болуп, бири- биринен кечирим сурап коюшат да, аман-эсен элдин канын дагы эле соргонго аракет кылышат.

Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо

Өмүрбек Текебаев: “Албек Ибраимов Атамбаев үчүн бөтөн адам эмес, жеке ишин алып барып жүргөн завхозу болгон”

Атамбаев менен Текебаевдин тиреши көпчүлүк ойлогондой компромиcс менен бүтө тургандан өтүп калды окшойт. Экөөнүн тең кармашкандан кайта турган түрү жоктой көрүнөт. Кимиси кол көтөрө турган болсо кыргыз саясатынан куулуп чыгып, көчөдө жүрө албай кала турган абалга туш болот. Текебаев кечээ күнү журналисттерди чогултуп, Атамбаевге карата кезектеги соккусун урду. Согулган сокку кандай болсо өзгөртпөстөн бердик. Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов Текебаевдин айтканына өз жообун кайтарды. Саясий талаадагы күрөш мындан ары күч алчудай өрчүп баратат

– 2010-жылга чейин Бакиев жана анын жанжөөкөрлөрү Кыргызстандын байлыгына жеке менчиктей ээ болуп келишкен. Революциядан кийин алар Кыргызстандан качып кеткенден кийин алардын мүлктөрүнүн бир бөлүгү улутташтырылган. Бирок, көз жаздымда калган көп менчиктер болгон, көп бизнестери болгон. Бакиевдердин менчигинин, бизнесинин бир бөлүгү гана улутташтырылган. Мен жаз айларында тоого чыгып эс алганды жакшы көрөм. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын тургундары мага 5 жылдан бери кайрылат. Ошол жерде бир база бар экен. “Ушул базаны Максим Бакиев, Ширшов, Данияр Үсөновдор менчиктеп алган, анын “заборун” Данияр Үсөнов өзү келип куруп жүргөн, ушуну жергиликтүү тургундар 2010-жылы апрелде басып алышты, аны мамлекетке алып улутташтырыш керек эле. Эмне үчүн жеке адамдар басып алып пайдаланат? Мамлекетке алынбайбы?” деп 5 жылдан бери мен тоого чыкканда айтышат. Көп сөздүн бири го деп жүргөм, көңүл бурган эмесмин. Бирок, массалык маалымат каражаттарына жана башка булактардан чыккан информациялардан мен ал объектиге көңүл бурдум.

“Дастан” деген ачык акционердик коом бар. Анын Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында “подсобный хозяйствосу” бар 27,5 гектар жери менен. Бул аскер заводу. Өзгөчө статусу бар завод. 2008-жылы Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер болуп турганда жаңылышпасам Ширшов “Дастан” акционердик коомунун жетекчиси болуп турганда, Максим өзү каалагандай мамлекеттик менчикти калчап турганда бул базаны 2008-жылы Укуев Анарбек Акматович дегенге приватташтырылып берилиптир. Ал убакта Ширшов ошол жерди жетектеп турганда жөнөкөй адамга кетип калышы мүмкүн эмес эле. Бул Бакиевдерге барган, ушул кишиге катталган. Азыр ал жерде гражданин Алмаз Атамбаев үй куруп жатат. 5 жыл ал жерди мыйзамсыз захват кылып басып олтурушкан. 5 жыл өткөндөн кийин унутулду го деп ал жерди катташкан. 2015-жылдын 7-майында бул участок Ибраимова Айнура Танкеевнага катталган. Бул Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Сабырбековичтин карачечекей аялы. 5 күн өткөндөн кийин 2015-жылдын 12-майында Ибраимовдор ал жерди гражданин Атамбаев Алмазбек Шаршеновичге кайра каттатышкан.

Биз Бакиевдердин менчигин издеп жүрөбүз. Кыймылсыз мүлк качып кетпейт. Эртеби-кечпи аны бирөө пайдаланат, анын тарыхы чыгып калат. Ал жер апрелде басып алынганын койташтыктар мен барган сайын айтып жүрүшөт. Эл азыркыга чейин унуткан жок. Мен быйыл дагы майдын аягында барып 15 күн кымыз ичип келдим. Быйыл дагы келип “мамлекетке албайсыңарбы?!” деп айтышты. 2015-жылы Ибраимов Албек президентке ошол жерди бериптир, Ширшов, Максим Бакиев, Данияр Үсөновдордун жерин. Ошондон кийин эле ал Бишкек шаарына мэр болуп келип калды. Бул жерде логикалык байланыш бар деп карасак болот. Бул коррупциянын классикалык түрү. Албек Ибраимов Атамбаев үчүн бөтөн адам эмес, жеке ишин алып барып жүргөн завхозу болгон. Атамбаев бийликке келгенде аны “Дастан” акционердик коомуна койгон. Балким ошондо басып алгандыр? Ал жерде 2 млн доллар жоголду деп чыр да чыкканы баарыбыздын эсибизде. Ал тарых бүгүнкү күнгө чейин бүдөмүк болуп олтурат. Андан кийин Эркин экономикалык зонага, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары, андан кийин аэропортко директор болгон. Бул жерди Атамбаевге менчиктеп бергенден кийин Бишкек шаарынын мэри болду.

Албек Ибраимов эл арасында Эркин деген ат менен белгилүү. Ал алабарман адам. Бишкектин мэрлигине келгенде горкеңештин депутаттарына айткан “шайласаңар, шайлабасаңар да мен мэр болдум, добуш бербегенде кайда барат элеңер” деп. Ошол алабармандыгына салып Өкмөт мүчөлөрүнө, кээ бир досторуна “Президентке мен үй куруп берип жатам” деп мактанып айтат экен.

Мен аэропортто иштеп тургандагы бир фактыга көңүл бурайын. Аэропортто “Манас” Менеджмент Компани” деген СП бар. 80 пайыз чет элдиктер, 20 пайыз аэропорт, Кыргызстан. 95-жылдары Акаевдин учурунда түзүлгөн. Бул да коррупциялык схема болгон. Ал “цех по приготовлению бортового питания” деген цех, самолётто тамак берет. Бул 20 жыл мурун курулган. Бүгүн 2 млн долларга заманбап, компьютерлештирилген, автоматташтырылган цехти алып келип койду. Бирок аны Албек Ибраимов 15 млн долларга сатып алат. 2–3 млн долларлык жаңы цехтин 80 пайызын 15 млн долларга сатып алып жатат. Бул технология айылдагы эң сабатсыз кыргызга да белгилүү. Арзан нерсени кымбат сатып алгандан кийин ким кайсыл жерден ал акчаны бөлүштүрүп, канчасын алат баарыбызга белгилүү. Ошондуктан мен мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси Мелис Мамбетжановго депутаттык иликтөө рамкасында суроо-талап жөнөтөм. Бул цехти мамлекетке сатып алуу боюнча ким качан чечим чыгарган? Өкмөт билет беле? Мамлекеттик мүлк фонду билет беле? 15 млн доллар көп акча. Аны Өкмөт, фонддун жетекчиси, керек болсо президент билиш керек. Мамлекетке акча жетпей, дивиденттерди таба албай, компанияларды саап тургандачы. Былтыр сатылган. Биз фракциянын жыйынында ушул маселени карайбыз. ..

Эми булар изин жашырганга аракет кылышат. Чиновниктер жооп бербей качышат. Ошондуктан мен эл алдында ачык айтып, бул иштин жүрүшүн коомчулук менен кошо көзмөлдөсөк деген оюм бар. Депутаттан, менден качып кутулушу мүмкүн, бирок элден качып кутула албайт. Эртең чиновниктер кагазы менен келбесе, булар качып жатканынын белгиси. Мен Укуев Анарбек Акматовичге силер аркылуу кайрылып койгум келет. “Анарбек, азыр сени таап ар кандай сөздөрдү айттырышы мүмкүн. Даниярды да, Ширшовду да тааныбайм, жөн эле сатып алып койгом” депчи. Медет Садыркуловду өлтүргөн адамдарды дагы жалган көрсөтмө алып, “авто кырсык” деп соттоп жиберген. Бакиевдер кызматтан качканынын биринчи жасаган иши изин тазалаган.

Атамбаев түбөлүк олтурбайт. Өзү айткандай бир жылдан кийин кетет. Балким эрте кетип калышы да мүмкүн. Ошондуктан Анарбек ойлонуш керек. Жалган маалымат бергениң менен кийин биринчи сенден кутулат, чындыкты айтып койбосун деп.Бул маселеде башка күбөлөр да толтура. Бул менин Анарбекке түз кайрылуум болду.

Мен Сарпашев Тайырга ошол жер качан, кимдерге катталганы жөнүндө официалдуу маалымат жөнөттүм. Ал кнопканы басса эле чыгат, аны эки күн күтүштүн кереги жок. Эртең ал бизге маалыматты алып келиши керек. Эми тазалап, башка кылып койгон күндө деле Атамбаев үй куруп жатканын ал жерден эч ким жашыра албайт. Аскер кайтарып турат, жол курулуп жатат. Эч ким жок деп айткан жок. Бүт койташтыктар ал жер апрелде басып алынган, 5 жылга чейин эч кимди киргизбей олтурган деп айтып атышат. Алар ачык айта албаганы менен барсаңар жөн сүйлөгөндө айтып берет. биз алардын бир-экөөсүн бул жерге алып келгенге аракет кылдык. “Бизди бул жерге жашатпай коёт” деп коркуп айтып чыкпай жатышат. Арасынан убагы келгенде айтып чыга тургандар болот. Бүт айыл билет, аны жашырыш мүмкүн эмес. Менин айткандарым официалдуу эмес, биздин суроолорубузга жооп келгенде официалдуу болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Катталбаган жана тыюу салынбаган "Таблиги жамаатка" ким дем берүүдө?

Учурда Кыргызстан, диний өңүттөн алып караганда, Борбор Азиядагы туруктуу өлкөлөрдүн катарында деп айтуу кыйын. Бул багытта туруктуулуктун бекемделишине жана диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүдө, биздин пикирибизде, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) да жана анын лидери да жоопкерчиликтүү болушу зарыл.

Кыргыз Республикасы диний экстремизмге каршы күрөштө постсоветтик мейкиндикте көзгө түшкөн челдей өзгөчөлөнүп турат. Бунун себеби — Борбордук Азия республикаларынын ичинен тек гана Кыргызстанда “Таблиги жамаат” кыймылынын ишмердигине тыюу салынбай келгендигине байланыштуу.

Аталган кыймылдын чордону болгон Пакистанда, Индияда жана Бангладеште канча кыргыз жаранынын билим алганын эч ким так кесе айта албайт. Изилдөө жүргүзүлгөн учурларда Индиядагы жана Бангладештеги кыргыз элчилиги мындай маалыматтарга ээ эмес экендигин моюндаган. Ошондой эле бул суроого Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы да жооп бере алган эмес. Эгер, жаш өспүрүмдөрдү Бангладештеги даават борборлоруна окууга мечиттердин өкүлдөрү жөнөтүп жатканын эске алсак, бул — өтө таң каларлык нерсе.

Дегинкиси, КМДБ бир түрдүү, кызык көз карашты карманууда. Биринчиден, КМДБ диний окууга кетип жаткан жарандарды көзөмөлдөбөйт, бирок ал жактарда жүздөгөн кыргызстандыктардын билим алып жатканын танбайт. Экинчиден, Кыргызстандагы “Таблиги жамааттын” ишмердигин кош колдоп колдойт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитети бир мертебе КМДБнын Бангладеште окутуу программасына колдоо көрсөтүү максатында “Таблиги жамаат” кыймылы менен мамиле жасаганын айыптаган, жана Нарын облусунда балдарды уурдоого жана аларды андан ары Бангладешке ашырып жиберүүгө КМДБнын таблигчыларынын катыштыгы болушу мүмкүн деп ишара кылган.

Мындай иштер Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана анын жетекчиси тарабынан көрмөксөн болуу же түздөн-түз колдоо аркылуу ишке ашышы ыктымал. Анын үстүнө, Бангладеш менен Пакистанда окууга жаңы шакирттерди тартуу менен мурдараакта башкармалыктын жетекчиси Максатбек Токтомушевдин соратниги жана пикирлеши Абдумалик Афзалов алпурушкан.

Сөз ыңгайы келип турганда, Токтомушевдин “Таблиги жамааттын” чөйрөсүнөн чыкканын айта кеткенибиз абзел. Ал 7 жыл Пакистанда жашап, ал жакта шариат жаатында жогору диний билим алган. Кыязы, ошол кезде Токтомушев «тынчтык кыймылы» деп аталган ушул диний уюмга катышкан го, анткени бүгүн ал Кыргызстанда “Таблиги жамааттын” эң демилгелүү жактоочусу болуп отурат. Балким, мында «руханий биримдик» эмес каржы кызыкчылыгы бардыр.

Ал эми таблигдардын Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан бекем орун алганын Токтомушевдин бул жетекчи кызматка келгени айгинелеп турат. Токтомушевдин КМБДнын лидерлигине шайлануусун башкармалыктын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон (пара алуу аркылуу деген имиштер да бар). Мындан тышкары, башкармалыктын мурдагы жетекчисин зиналык жаңжалдан улам ордун бошоткон соң, ал бул кызматка жападан жалгыз талапкер болгон.

Ошол учурда интернетке видеотасманын чыгып таралышына Токтомушевдин түздөн-түз тиешеси бар деген кеп кеңири талкууга алынган болчу. Анын бир нече себеби бар. Биринчиден, өлкөнүн башкы таблигчысына өзүнүн ыйгарым укугун кеңейтүү үчүн расмий аянтча керек болду. Экинчиден, ажыга баруу уруксаттамаларын бөлүштүрүүдөн КМДБ казынасына жана мамлекетке түшө турган чоң каржыларга, ошондой эле «диний боордошторго гуманитардык жардам» иретинде чет өлкөлөрдөн түшө турган чоң каражаттарга жетишүүгө жол ачуу керек эле.

Ишмердигинин алгачкы айларында Токтомушев өзүнүн “Таблиги жамаат” менен байланышын расмий түрдө жокко чыгарган. Кийинки жылдары Кыргызстандагы таблигчылардын кызыкчылыгын ачыктан ачык коргой баштады.

2015-жылдын күзүндө серепчилер Кыргызстанда бул уюмдун ишмердигине тыюу салуу зарылдыгын дагы да көтөрүп чыгышкан. Анда кыймылдын өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарына басым жасалган. Коопсуздук боюнча серепчилердин бири Артур Медетбеков дааватка чыгып жүргөн адамдардын арасында салттуу эмес исламды жана экстремисттик идеяларды жактоочулар пайда болуп жатканын айтып чыкты: «Пакистан менен Афганистанда “Таблиги жамааттан” чыккан “Аль-Моджахед” сыяктуу террордук уюмдар арбын. Мындан тышкары, “Таблиги жамааттын” мүчөсү болгон кыргызстандыктар ИДУ менен ИГИЛдин катарына кирип жатат». Буга карата Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы биздин жаш өспүрүмдөрдүн Бангладеште билим алуу фактысы боюнча тынчсызданууга негиз жок экендигин билдирген.

Ошентип, Кыргызстан акырындык менен чөлкөмдөгү исламчылардын аралына айланып бара жаткандай. Бул процесс мамлекеттик органдардын кайдыгерлигинин жана өлкөнүн баш муфтийинин таблигчылардын кызыкчылыгын чечкиндүү түрдө колдоосунун аркасында жүрүп жатат. Бул ишмердик чет өлкөлүк каржылоонун жардамы менен ишке ашып жаткандай. Чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн ичинде радикалдык багыттагылар жок деп ким кепил боло алат? Айрым маалыматтарга караганда, медреселердин 90% пайызын чет өлкөлүктөр каржылайт, чамалап айтканда, медреселердин 80%ы таблигдардын программасы боюнча окутат. Финансылык жана башка да колдоолорду Сауд Аравиясында жайгашкан Бүткүл дүйнөлүк мусулмандар лигасы (Рабита-э-Ислами), Пакистан менен Бангладештеги ӨЭУлар көрсөтүүдө. Каражаттар башка да булактардан келишет, айтмакчы, ал булактар ИГИЛдин түзүмдөрүн да каржылаган деген кеп бар. Дин жаатындагы Кыргызстанга бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүүдө таблигчылардын саясатын колдоп отурган Кыргызстандын башкы муфтийи Максатбек Токтомушевдун катышы бар экендиги айтпаса да түшүнүктү.

Жаркынбек ТАШТЕМИРОВ

Булак: Жаңы Ордо

Фарид Ниязов, Президенттин аппарат жетекчиси: «Өз кезегинде Текебаев Акаевден “Дубовый” паркынын бир бурчун бузууга уруксат алган»

«Текебаев Президентке дагы кандай жалаа жабууну билбей турат. Эгерде мамлекет башчысы жерге ээ болуп жана үй куруп аткан болсо, ал таза мээнет менен табылган акчага курулуп атат. Болгондо да чоң акчага, текейден арзан баага эмес. Чындыгында мага Албек Ибраимовдун айтканы боюнча ал жакта 27 гектар жер эмес, андан ондогон эсе аз. Туура, өткөн жылы жерге ээ болуу жана курулуш иштери боюнча Алмазбек Атамбаевде чоң чыгымдар болгон. Бул декларацияда көрсөтүлгөн. Муну эч ким жашырган эмес жана бул жашыруун сыр эмес болчу.

Текебаевдин «Албек Ибраимов Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан жер тилкесин бергенден кийин Бишкек мэри болгон» деген сөзүн мындай жалганды жадагалса мародерлордон угуу да адаттагыдай эмес. Мародерлордо чоочун мүлктөрдү бекерге эле тартып алуу жана өздөрүнө каттап алуу болот. Бул жерде жер тилкеси өткөрүлүп берилген жок же кайра катталган эмес, кадимкидей эле мыйзамдуу сатуу-сатып алуу болгон, бул декларацияда көрсөтүлгөн.

Мага белгилүү болгонуна караганда Апрель революциясына чейин завод жер тилкелерин жеке жактарга саткан. Ал жерде аукцион болгон. Бул жерди ошол жеке жактардан Албек Ибраимовдун үй-бүлөсү сатып алганынын, андан соң Алмазбек Шаршеновичке сатканынын эч кандай өзгөчөлүгү жок. Болгондо да аз эмес акчага.

Ар ким өзүнө жараша ойлонот. Эгерде адам сатылма болсо, анда ал сыртынан эле көрүнүп турат. Өз кезегинде Текебаев Акаевден  “Дубовый” паркынын бир бурчун бузууга уруксат алган жана эми бардыгы эле ошондой деп ойлоп атат. Бирок Атамбаев менен кадр маселесин мындай жол менен чечүүгө болбостугун эл билет. Эл өзүнүн президентинин ким экенин билип калды жана мамлекет башчысына жалаа жабуу эми жадагалса Текебаевде да ишке ашпайт. Текебаев өзүнүн жалганы үчүн сот алдында жооп бербейт деп айта албайм.

Булак: Жаңы Ордо

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: "Текебаев, Нарынбаев, Салянова, Шыкмаматов баштаган бир топ адамдар Конституцияга мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизгени тастыкталып, бул үчүн кармалышы жана да жооп бериш керек болот"

— Токтайым эже, Конституцияга өзгөртүүлөр кирет дегенден баштап саясий оюндар күч алды. Сиз бул бийликке каршы позицияда жүрчү элеңиз. Акыркы убактарда бийликке жакын адам катары көрүнүп калуудасыз. Баштапкы позицияңыздан кайтсаңыз керек?

— Мен эч убакта позициямдан кайткан эмесмин, азыр деле мурунку эле позициядамын. Болгону менин позициямды бурмалап жаткан адамдар бар. 2010-жылы “Эркин Тоо” гезитине конституциялык кеңешменин долбоору чыккандан соң 3 күндөн кийин “Урматтуу кыргызстандыктар, биз даярдаган конституциялык текст алмаштырылды. Өмүрбек Текебаев ким менен жазганын билбейм, башка текстти жарыялап жиберди” деп кайрылгам. Ошондон бери эле соттошуп келе жатам. Конституцияны Текебаев кантип алмаштырып койгонун, кантип бурмалаганын, депутаттарды кантип алдаганын, прокуратурадагы адамдардын кантип көзүн боёгонун жаза турган болсом 3–4 томдук китеп болот.

— Соттошуп жүрүп Конституциянын баштапкы варианты өзгөрүлүп кеткенин далилдей алдыңызбы анан?

— Референдумдан кийин Конституция 2 жолу алмашканын Бекназаров тастыктады. Ал мага оппозиция өткөргөн талкууда ачык эле “Токтайым, сен билгиң келсе, референдумга коюлган Конституциянын текстин референдумдан кийин 2 жолу алмаштырдык” деп айтты. Менин иликтөөлөрүмдө эки нерсе жетпей жаткан. Эмне үчүн ар кайсыл адам кол койгон Конституциянын эки нускасы бар деп жүрчүмүн. Ошол эки нусканы 2014-жылы Адилет министрлигинен таап чыкканбыз. Конституциянын негизги нускасы Адилет министрлигинде болушу керек. Ага кеңешменин катчылыгы акт менен өткөрүп берүүгө тийиш. Ошол күндөн баштап министрлик жоопкерчиликти мойнуна алат. Биз иликтөө жүргүзүп жатканда убактылуу бийликтегилер эч нерсе бербей жатты. Шыкмаматов министрликтен кетээрден бир жума мурун акыркы соттук отурум болгон. Мен “баштапкы нусканы бербесеңер Конституциянын негизги варианты жоголду деп эсептеп кылмыш иш катары карайбыз” деп катуу тополоң салганымда эки нусканы алып келишти. Эки нускада эки башка адамдар кол коюшуптур. Бир нускасында 3–4 киши, экинчи нускасында 6–7 адамдын колу коюлган. Эки нускага тең кол койгон Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү 3–4 экен, калгандары ар башка. Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деген мыйзам барбы дегенди карадык. Андай мыйзам да жок экен. Сотко эки нусканын көчүрмөсүн алганга уруксат бериңиз деген сунуш берсем, аны четке кагып койгон. Таанышып чыгып, протоколго киргизип койгула деген. Эки нусканын текстинде айырма бар экен. Конституциялык палатага кайрылганыбызда “Референдумга чыккан, жарыя болгон Конституциянын негизи жана чектөө мыйзамы бир бүтүн катары каралат. Аларды бөлгөнгө болбойт” деп, 2020-жылга чейин силер эч нерсени өзгөртө албайсыңар деген чечимди чыгарып койгон. Ошондуктан, бийликтин да референдум менен Конституцияны өзгөрткөнгө уруксаты жок.

— Эки нусканын көчүрмөсүн албай калдыңызбы?

— Мен Шыкмаматовго “Сотто көргөн документтердин көчүрмөсүн мага берсеңиз” деп кайрылуу жаздым. 2–3 күндөн кийин эле Шыкмаматов отставкага кетти. Андан кийин да көчүрмөсүн талап кылдым. Анда үчүнчү варианттын көчүрмөсүн алып келишти. Буга кимдер кол койду десек, Салянова менен министрдин үч орун басары кол койгон конституциянын долбоорунун копиялары экен. Сотко министрликтин төрт өкүлүн чакырттык. Экөөсү “бизге баштапкы нуска келген эмес, мыйзам түшпөгөн. Биз аларды көргөн эмеспиз. Көчүрмөлөрү гана келген” деп айтышты. Дагы экөөсү “Бизге келген нускалар бар болчу” дешкен. Эгерде Конституциянын баштапкы нускалары жок болсо азыр эмнени өзгөртөбүз?

— Өзү сиз кайсыл тараптасыз? Бийликтин референдумуна макул болуп жатасызбы?

— 6 жылдан бери өзүмдүн агымым менен эле келе жатам. Бийлик Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек деп бүгүн эле чыга калды. Бул ишти бүгүн баштабай, тексттер алмашкан күндөн башташы керек болчу. Мен өз алдымча иликтөө жүргүзүп, соттошуп да келдим. Азыркы Конституция алмашылып калганын айтып жүргөнүм үчүн мени бийликке жармаштырып жатпайбы. Бийлик референдумга башкаруунун кандай формасын колдойсуз деген маселени гана алып чыга алат.

— Референдумдун өтүшүнө Текебаев каршы болуп жатат…

— Текебаев жеткен артист. Венеция комиссиясы каршы чечимин берди деп айтты. 2010-жылы да “Эркин Тоо” гезитине долбоор басылгандан кийин Венеция комиссиясы да чалкасынан кеткен. Алар “Конституция эволюциялык өнүгүү. Эволюциялык өнүгүүнү эч ким чектөөгө акысы жок. Башкы прокуратура көзөмөл менен тергөө ишин бир учурда жүргүзө албайт. Конституцияны алмаштырышыңар керек” деген тыянак чыгарган. Конституцияны өзгөртүш үчүн баштапкы вариантын табыш керек. Парламент референдумга макул болсо, айласы жоктон Конституциянын тексти алмашып калганына келет. Текебаев, Нарынбаев, Салянова, Шыкмаматов баштаган бир топ адамдар Конституцияга мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизгени тастыкталып, бул үчүн кармалышы жана да жооп бериш керек болот. Азыр кээ бир документтерди жазып жаткандар бир тамгасы туура эмес жазылып калганы үчүн өмүрү өткүнчө деген жоопкерчиликти тартып олтурушат. Эмне үчүн Конституцияны өзгөртүп жибергендер жооп бербеши керек? Текебаевдин премьер-министр болсом деген амбициясы деле жок, ал азыр эң бир күчтүү серый кардиналдардын бири, наркы жээк-берки жээкке ойногонду жакшы билет. Ал иликтөө жүрүп бети ачылып калгандан коркот.

— Азыркы долбоорду президенттик администрация алып чыгып жатпайбы. Ошолор “Текебаевге тең келсе жалгыз Токтайым тең келет” деп сизди жалдап алган эмеспи?

— Текебаевди алты жылдан бери эр сайышка чакырып жатам. Эркек болсо чыгат эле да. Мародер ким экенин билем деп кыйкырды. Ал тастыкталбады беле. Кимдер кайсыл мезгилде, кайсыл жерде телефон менен сүйлөшкөнү аныкталып, Бакиевдердин буюмдары табылган да. Конституцияга да мародерлук жасалган. Азыр тазалануу мезгили келип жатабы деп ойлойм. Бул мезгилди Атамбаев же Текебаев алып келип жаткан жери жок. Конституцияга өзгөртүү башталганда иликтөө жүрөт. Депутаттарга да кайсыл Конституцияны карайсыңар деп айтып жатам. Алардын колундагы китепти да көрдүм, үчөөсү үч башка экен. Азыр өлкөдө парламенттик башкаруу жок. “Эркин Тоого” басылган долбоор боюнча мурунку, азыркы чакырылыштагы парламентти “бандитизм” деп койсок болот. Анткени, гезитке чыккан долбоордун 85-беренесинде премьер-министрди президент шайлайт. Ал үчүн парламенттин макулдугу керек эмес. 2010-жылы Текебаев президент болом деген максатта Конституциянын текстин алмаштырган.

— Текебаев өзү “Фарид, Токтайымга күнүңөр түшүп калса бүткөн экенсиңер” деп айтпадыбы?

— Тескерисинче, мага Текебаевдин күнү бала чагынан баштап эле түшкөн. Ошол кездерде жанында кимдер жүргөнүн эстеп койбойбу чиркин киши. Эми ошол күндөрдү унутса керек да. Айласы жок башка жакка жармаштырып жатат. Текебаевдин 2005-жылы Жогорку Кеңештин спикери болуп олтуруп калышына да мен чуркагам. Аскар Акаев 27-март күнү Кыргызстандан чыгып кетти. Саат таңкы алтыларда Феликс Кулов менен байланышуу үчүн Эмил Алиевге чыктым. Балким ошол күнү Кулов өз ордунда болгондо Акаевдин мураскери болуп калмак. Тилекке каршы ал күнү таба албай койдук. Акаевдер Москвага барганда мен байланышта болуп жаттым. Мында жашыра турган эч нерсе жок. Текебаев отставкага кеткени тууралуу арызын алганы барганда нотариусу жок эле уруп барышкан. Майрам Акаевага “Эже, мен Текебаевге ишенбейм. Арыз берип жатканда нотариус болсун” десем, ал киши “Аскар Акаевич өлкө түндүк-түштүк болуп бөлүнүп калбасын, спикер да түштүктөн болсун. Менин ишенгеним эле Өмүрбек Текебаев. Ал демократия тууралуу бир аз болсо да түшүнөт деп жатат” деди. Мындан сырткары “Текебаев “Ата-Мекен” партиясынын лидери катары барган. “Ата-Мекенди” түптөгөн Акаевдин командасы болчу. Мен дагы учурунда “Ата-Мекенде” болгом. Кийин оюндарды көрсөтө баштаганда эшикти тарс жаап чыгып кеткем. Оппозициялык маанайдагы партия кылып “Ата-Мекенди” акаевдик бийлик өзү түптөп, оппозициялык жигиттерди таптап алып чыккан. Мен “Каныбек Иманалиевди спикер кылып шайлабайлыбы. Жакшыбы-жаманбы өзүңүздүн жердешиңиз. Сизди сатпайт, экс-президент деген статусту сактап калганга аракет кылат деп айтыңыз” десем, эжеке “Өмүрбек Текебаевге гана кол коюп берем деп болбой жатат” деди. Аскар Акаев отставкага кетүү арызын бергенде бир шарт менен берген. Ал шарт экс-президент деген мүмкүнчүлүктөрүм сакталып калса деген болгон. Бул шарт нотариус менен бекитилген. Бакиевде андай шарт нотариус менен бекитилген эмес. Ошондуктан азыр Акаев эл аралык сотко чыгып “Мага берилген милдеттенмени мамлекет аткарган жок” деп соттошо турган болсо утуп алат.

— Акаев Москвада туруп колдогону менен бул жакта абал башка болчу. Акаевдин адамдары аны заматта эле сатып кете баштаган. Анан кантип Текебаевди спикер кылганга күчү жетмек?

— Күндөп-түндөп “Алга Кыргызстандын” мүчөлөрү чогулушту. Депутат болгондорду чогултууга чуркадык. Ишенген кишибиз Болот Жанузаков ооруканада жаткан эле. Кеңеш Дүйшөбаев байланышта болуп жардам берип жатты. Ушуга окшогон 7–8 киши бутубуз үзүлгүчө эле чуркаганбыз. Текебаевдин спикерлигинен сырткары Бермет Акаеванын келишин сүйлөштүк. Берметтин депутаттык мандатын Текебаев сактап калышы керек болчу. Аны да жасаган жок. Мунун кызыкчылыгы эртелеп Конституцияны өзгөртүп, өзүнүн күчтөрүн бекитүү болду. Бакиев менен бирге 7–8 киши президенттикке талапкер болуп чыкпадыкпы. Ошондо бизди парламентке чакырып алып “Конституцияны өзгөрткөнгө кандайсыңар?” деп оюбузду уккандан кийин “Мен силерге Конституциянын вариантын берем, силердин кимиңер президент болуп калсаңар ушул вариантты өткөргөнгө кол коюп бересиңер” деп айтты. “Мен кол коюп бербейм, Конституцияны өзгөртүү элдин гана укугу” деп чыгып кетип калдым.

— Президенттин администрация башчысы Фарид Ниязовко кыр көрсөтүп айтканына караганда сиз аны менен жолугушуп турасызбы?

— Андай болсо сонун болбойт беле, мен тастыктаган нерселердин түбүнө качан жетмекмин. Бирок азыр да кеч эмес. Мен бул бийликке башынан каршы болуп келе жатпаймынбы. Бийликтегилер канча жолугушуу өткөзүп жатат. Текебаев менен анын тегерегиндегилер гана чакырылат. Алты жылда андай чакыруу келген жок. Оппозициячыл топтор уюштурган жолугушууларда эле жүрөм.

— Каршыбыз дегендердин башында Текебаев жүрбөйбү?

— Ал жерде Текебаев жок. Элдин көзүнө оппозицияда жүрөм дегенди гана көрсөтүп жатат. Оппозициячыл күчтөрдүн башын бириктирип келе жаткан Замира Сыдыкова, Адахан Мадумаров жана башкалар болуп жатат.

— Текебаев Атамбаевге каршы чыга алабы?

— Чыга албайт. Атамбаевдин күнү бүтүп жаткан соң, жасаган иштеринен алыстап, өзүнүн иштерин президентке таңуулаганга аракетин көрүүдө. Эркекче сүйлөшөбүз деп айтты. Эмне алты жыл ичинде жоолук салынып алып катынча сүйлөшүп жаттыбы? Эми жоолугун чечип салып, “Мен билбей жүрүптүрмүн, көрсө эркек экенмин” деп чыгабы? Жоолук салынып алып сүйлөшкөнү үчүн буга Атамбаев “гаремди” башкара бер деген мүмкүнчүлүктү берди да. Премьер-министрлерди, өздөрү менен теңтайлашчу жигиттердин баарын бирге чогуу жок кылышпадыбы. Текебаев менен Атамбаев экөөсүнүн эркекче сүйлөшкөнүн элестетүү кыйын.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ашхабадда баасы $2 миллиарддан ашкан жаңы аба майдан ачылды

Баасы эки миллиард доллардан ашкан эл аралык жаңы аба майдан ишемби күнү Түркмөнстан борбору Ашхабадда ачылды.

Аба майдандын ачылышына өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты. Ал эң заманбап аэронавигациялык техника менен жабдылган жаңы аба майдан континенталдык жана континенттер аралык соода-экономикалык байланыштардын өнүгүүсүнө мүмкүндүк берерин айтты.

Ачылыш аземинде жаңы аба майдан дүйнөдөгү эң чоң архитектуралык оймосу үчүн Гиннесс китебинен сертификат алды. Аба майдандын негизги жүргүнчүлөр терминалынын чатырында жайгашкан ал орнаменттин аянты 705 чарчы метрди түзөт.

Түркмөнстан борборундагы жаңы аба майданды «Плимекс» түрк компаниясы курду. Буга чейин ал Олимпиада кыштакчасы, Түркмөнбашынын алтын эстелиги, Ашхабад телемунарасы жана Эл аралык Түркмөнбашы аба майданы (мурдагы Красноводск) өңдүү объектилерди салган.

Полимекстин сайтындагы маалыматка ылайык, аба майдан курулушуна 2,2 млрд $ каражат жумшалган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Олжобай Шакир, журналист: “Атамбаев менен Текебаевдин тиреши элди дагы бир чоң стресске алып келгени калды”

– Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тирешүүсүнүн аягы эмне менен бүтөт?

– Эмне менен бүтмөк эле, кайра эле караламан калкты камгактай удургуткан мүшкүлгө салышат. Мындан Текебаев да, Атамбаев да утулмак беле, эл арасында ынтымак ыдырайт. Эл утулат. Мына азыртан эле коомчулук арасында тигил өйүз, бул өйүзгө бөлүнгөн жик пайда болду, көз караштары келишпегени үчүн соцсеттерде отурган жөн эле карапайым кээси бирин-бири жеберине жеткире ызырынып отурат. Экөөнүн тиреши элди дагы бир чоң стресске алып келгени калды. Элди ырааттуу бейпилдикке алып келбейт булардын тиреши. Саясый жагы башка, бу жерде элди конфликтологиялык чоң проблемага алып келаткан маселе жатат. Ансыз да оорукчан коом бейтапкана, ооруканаларга батпай калганын көрүп атабыз. Эми да бул экөө коомду психолого-психиатриялык ооруларга түртө тургандай абалда кыл чайнашып турганы жакшылыкка алып келбейт.

Булак: “Жаңы Ордо”

БУУнун жыйынына өзбек делегациясын ТИМ башчысы баштап барат

21-25-сентябрь күндөрү Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башында турган өзбек делегациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынындагы саясий талкууларга катышат.

Делегация Нью-Йоркто Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин координациялык жолугушуусунда баяндама жасап, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясы 13-сентябрда Нью-Йоркто расмий ачылган. Ассамблеянын төрагасы бул жыйын уюмду БУУ долбоорунун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүүсүнүн 17 максатын ишке ашырууга жакындатышы керектигин белгиледи. Жыл сайын болчу жалпы жарыш сөздөр 20-сентябрда башталып, 26-сентябрга чейин уланат.

Башкы ассамблея – БУУнун негизги кеңешүүчү органы. Анын курамына уюмга мүчө бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү кирет, алардын ар бири бирден добушка ээ. Тынчтык жана коопсуздук же жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу өңдүү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууга добуштардын үчтөн экиси талап кылынат. Башка маселелер боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк менен эле кабыл алынат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кытай курамасы Риодогу паралимпиадада эң көп медал алды

Рио-де-Жанейродо 7-сентябрдан 18-сентябрга чейин уланган XV жайкы паралимпиадалык оюндар аяктады. Жабылуу аземи 18-сентябрь күнү кечинде Бразилиянын борборундагы «Маракана» стадионунда болду.

Эл аралык паралимпиада комитетинин төрагасы Филипп Крэйвен оюндарды уюштургандыгы үчүн бразилиялыктарга ыраазычылыгын билдирди. Ал паралимпиадалык тууну оюндардын кийинки — 2020-жылдагы уюштуруучусу эсептелген Жапонияга тапшырды.

XV жайкы паралимпиадалык оюндарга дүйнөнүн 160 өлкөсүнөн 4000ден ашык спортчу катышты. Алар спорттун 23 түрү боюнча 528 комплект медал үчүн күч сынашты.

Он бир күндүк мелдештердин жыйынтыгы боюнча 239 медалы (107 алтын, 81 күмүш жана 51 коло) менен Кытай курамасы биринчи орунга чыкты. Улуу Британия экинчи орунга жайгашса, 117 медалы менен Украина курамасы үчүнчү орунду алды.

Жалпысынан быйылкы Паралимпиада оюндарында 83 өлкөдөн барган спортчулар медалдарга жетишти.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Президенттик шайлоонун астында Конституцияны өзгөртүп, СДПК өзүнүн саясый үстөмдүгүн сактап калууну максаттоодо”

— Алмамбет мырза, президенттин майрам күнү сүйлөгөн сөзү көп сыр ачылбай калганынан кабар берди окшойт. Бир кезде өзүнө санаалаш болуп жүргөн Отунбаева, Текебаевдерди жерден алып көргө салгандай эле болду го. Кептин бир бурчуна сизди да кыстарып кетти окшойт. Тамекиге менден акча сурап жүргөндөр азыр килейген джип машиналарды минип жүрөт деп.

— Биринчиден андай болгон эмес. Экинчиден ал жерде көп сөз айтылды. Ага эл өзү тараза. Менин атым кошо айтылып калгандыктан, өзүмдү актабай эле коёюн, аны эл өзү таразалап алат.

— Ар бир иштин артында кандайдыр бир кызыкчылык болот да. Конституцияны өзгөртүүнүн артында кандай кызыкчылык турат?

— Баш мыйзамды өзгөртүүнүн артында чоң саясый максат бар. Биринчи кезекте президенттик шайлоонун астында Конституцияны өзгөртүп, азыркы эки чылбыр бир тизгинди колуна кармап, баардыгын көзөмөлдөп турган СДПК өзүнүн саясый үстөмдүгүн сактап калууну максаттоодо. Өзгөртүүнүн сүрөөчүлөрү удургутуп эле “бул жөн эле сөз, андай деле эмес, тескерисинче демократияга багытталган реформа. Азыркы баш мыйзамдагы миналарды алып салып жатабыз” деп айтышууда. Бирок бул жерде мина алынганы менен, кайра бомбалар салынып жатат.

— Кандай бомбалар?

— Азыр Конституцияга сотторду президент ротация кылат деген норма кирип жатат. Ушунун өзү бешиктеги балага деле түшүнүктүү. Ротация деген сотторду жазалоо дегенди билдирет. Ротация жолу менен соттордун көз карандысыздыгын жок кылат. Башкаруучу саясий группанын тилин албаган соттор алыскы аймактарга айдалып кетет. Экинчи, Конституциялык соттун чечими күчүнө кирээрден мурун 3 ай талкууда болот. Үч айдан кийин алдын ала чыгарган чечимден улам добуш берилет. Эгерде чечим башкаруучу саясый топтун кызыкчылыгына каршы келген чечим болсо үч айдын ичинде сотту коркутуп болсо да башка нукка киргизип жибербейби. Демек Конституциялык палата дагы өзүнүн классикалык функциясын жоготуп жатат. Мындан сырткары башкы прокуратура кызматтык абалдан пайдаланган коррупция боюнча кылмыш иштерин тергөөнү өкмөткө берүүдө. Эгер мындай болсо өкмөт парламентти толук көзөмөлдөп калат. Бизде баш мыйзам боюнча парламент аркылуу коомчулук өкмөттү көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан баш мыйзамды өзгөртсөк парламент” Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” партиясынын эле кебетесин кийип калат.Чөнтөк парламентке айланат.

— Сиз Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча Венеция комиссиясына кат жазып кайрылдыңыз. Бир жыл мурун эле Текебаев, Кулов, Турсунбековдор Конституцияны өзгөртүш керек дегенде эмне үчүн ал комиссияга кайрылбагансыз? Лидериңиздин шагын сындырып алуудан коркконсузбу?

— Анда мен Адилет министри болуп иштеп жаткам. Бул тууралуу Венециянын сотуна ошол убактагы депутат Наталья Никитенко кайрылгандан кийин атайын жыйынтык “туура эмес болуп калат” деген жооп келген. Ошондон соң президент баш болуп мыйзамдан баш тартып жатышпайбы. Туура айтасыз, мен атайын Венецияга кайрылгам. Алардан “эгерде бул Конституцияны өзгөртсөңөр, бийлик бутактарындагы баланс бузулат. Бул жерде президент менен өкмөт күчтүү болуп парламенттин укугу тепселенип, Сот бийлиги көз каранды болуп калууда” деген жооп келди. Демек, биз айтканды алар тастыктап коюуда. Башкача айтканда сот аткаруу бийлиги менен президенттин көзөмөлүндө болуп, көз карандысыздыгы жоголот. Парламент чыныгы чөнтөк парламентке айланат.

— “Ата-Мекен” фракциясы жалгыз гана референдум өткөрүүгө карамандай каршы болуп турасыздар. Бирок, азыркы Конституцияда 2020-жылга чейин референдум өтпөсүн деген норма каралган эмес да. Силер саясий амбициянын тирешин уюштуруп жаткан жоксуздарбы?

— Ал жерде “2020-жылга чейин депутаттардын Конституцияны референдум жолу менен өзгөртүүгө сунуш киргизгенге тыюу салынат” деп жазылып турат. Бирок референдумду өзгөртүүгө элге гана уруксат берилген. Элдин укугун чектөөгө мүмкүн эмес. Бирок азыр бул сунушту депутаттар 4 фракциянын лидери өздөрү киргизип жатышат. Эгер референдумду эл киргизсе 300 000 адамдын демилгеси керек болот эле. Андай болгон жок, анча добуш топтоо дагы абдан кыйын. Демек, бул мыйзамды эл көтөрүп чыгышы керек болчу.

— Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу тууралуу БУУнун чечими келгенден кийин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси башталды. Сиз адам укуктарына байланышкан өзгөрүүлөрдү көрө алдыңызбы?

— Ал 41-берене деген бул шылтоо. Азимжан Аскаров бүгүн бар, эртең жок адам. Бирок кыргыздын жарандарына кызмат кылбай турган сатылган соттор бар деп жатабыз. Мисалы Дайырбек Орунбековду эртең Жогорку сот соттоп жиберсин. Дал ушул берене менен Дайырбек Эл аралык коомчулукка көтөрүп чыгууга мүмкүнчүлүк алмак. Ал эми 41-беренени мисал кылышып, башкы көз карандысыздыкты жоготтук деп жатышат. Бул деген карандай калп. 41- берене биздин Эл аралык деңгээлдеги адам укугун бузбайбыз деген милдеттерибиз. Ушул берене менен алар чечимин бизге таңуулай албайт. Эл аралык уюмдун кеңеш берүүчү чечиминен Конституция жогору турат. Аскаров эркиндикке чыккан жок, чыкпайт дагы. Болгону сот алардын жактоочуларын угуп, берген далилдерин кароо максатында эле кылды. Кайра эле сот өзү чыгарат да чечимди. Эл аралык БУУнун ал бөлүмү бизге кеңеш гана айта алат.

— Жарыяланган долбоордо баштагыдан бир топ эле өзгөрүүлөр киргизилиптир. Сиз дагы кандай негиздерине каршысыз?

— Башында берген долбоорлордун көбүн алып коюшуптур. Бирок сотторду ротациялоо, Конституциялык палата 3 айдан кийин чечимди чыгарат, Кызмат абалындагы адамдардын жоопкерчилигин прокуратура эмес Өкмөт көзөмөлдөйт деп жатпайбы. Эң коркунучтуусу бизде башкы прокуратура ачык-айкын структура. Анткени жарандык коом, адамдар, мамлекеттик органдар ал жерге кире алат. Алар менен журналисттер дагы сүйлөшө аласыздар. Алар коомго ачык, ошондой салт түзүлүп калган структура. Кызматтык иштер боюнча УКМК тергеп калса ал жабык аймак. Ал жакка журналисттер силер, коомчулук дагы кире албайт. Тээ 17-жылдардан бери УКМКны жабык орган кылып койгон. Сталин репрессияны УКМК аркылуу жасаган. Аны күчтөнтүү, кыңк эткендин баарын шурудай тизип жазалоо болуп калат. Ошондуктан мунун баары авторитаризмге бара жаткан илинчектер десек болот.

— Сиз Россия тараптан ГЭСтин курулушу үчүн келген 37 млн доллардын кандай сарпталганы тууралуу иликтеген комиссияда болуп, көп нерсени алып чыкчудай болдуңуз эле. Ал акчалар кайда жумшалган, кимдердин колунан өткөн? Же ал каражат дагы кумга сиңгендей жок болуп дарексиз жок болуп кете береби?

— Ал 37 млн доллар эки-үч эсе кымбат эсептелген нерсе. Ал Россия менен Кыргызстан тараптын атуулдары кирип директорлор кеңеши болуп калган. Эки тараптын тең бирдей шалаакылыгы, коррупциялык иштерге жол бергени үчүн ошончо акча уурдалган.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

Тажикстанда интернетти көзөмөлдөө менен теракттардын алдын алышууда

Тажикстандын Башкы прокуратурасы социалдык түйүндөрдү, электрондук почталарды жана мессенжерлерди текшерип турат. Көзөмөл органдын чиновниктеринин айтымында, интернеттеги байкоолор өлкөдөгү мыйзамдардын негизинде гана жүзөгө ашууда.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Азизмухаммад Холмухаммадзода күч түзүмдөрү тарабынан дүйнөлүк желенин көзөмөлдөнүп жатышын террорчулук менен күрөшүү, өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу менен түшүндүрүүдө. Анын айтымында, былтыр ноябрда “Терроризм менен күрөшүү жөнүндө” мыйзамга толуктоолор киргизилген. Ага ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар антитеррордук операция жүргүзүү маалында интернет жана мобилдик байланышка бөгөт коюуга укук алышкан.

Жыл башында Тажикстан кибертерроризмге жана маалымат технологиялары менен жүзөгө ашкан кылмыштарга каршы күрөшө турган борбор ачарын жарыялаган. Бийлик интернеттин, анын ичинде социалдык түйүндөрдүн жардамы менен кылмышкерлер экстремизм идеаларын жайылтып, жаштарды азгырып жатканын айтып келет. Буга байланыштуу дүйнөлүк желедеги көзөмөлдү күчөтүүдө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бюллетендердин 90 пайызы саналгандан кийин Мамдумага алты партия өттү

Орусия БШКсынын эсеби боюнча бюллетендерин 90 пайызы эсептелди. Ага ылайык, партиялык тизме боюнча “Бирдиктүү Орусияга” шайлоочулардын 54 пайызы добуш берди. Бир мандаттуу округдар боюнча дагы ал атаандаштарынан ат чабым озуп кетти. 225 округдун ичинен 203үндө бийликчил партиянын өкүлдөрү алдыда  келе жатат.

Мындан тышкары Мамдумага Коммунисттер партиясы 13,5 пайыз, ЛДПР 13,3 пайыз жана “Акыйкат Орусия” партиясы алты пайыздан ашыгыраак добуш менен өттү. Бир мандаттуу округдар боюнча парламенттеги мандаттарга “Родина” жана “Жарандык платформа” дагы ээ болот.

Калган партиялар Мамдумга өткөн жок. “Яблоко” партиясы эки пайыздай гана добуш топтой алды. ПАРНАС 0,7 пайызга ээ болду. Саясий өнөктүккө болжолдуу түрдө шайлоочулардын 50 пайыздан азыраагы келгени айтылууда.

ПАРНАС партиясынын лидери Михаил Касьянов шайлоого элдин аз келгенине капаланып, алдын ала жыйынтыктары менен шайлоодо тандоо мүмкүнчүлүгүн бербегени үчүн бийликти айыптады. Касьяновдун айтымында, жараян мыйзам бузуулар менен өттү. Ал бийлик таза жана эркин шайлоолордон коркот деп эсептейт.

Көз карандысыз байкоочулар 18-сентябрда өткөн шайлоолор өтө көп кемчиликтер менен коштолгонун билдиришти. Бюллетендерди массалык түрдө үкөккө таштоо, байкоочулардын жана тилкелик шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн укугунун бузулушу, шайлоочуларды ташуу жана “карусель” ыкмасын колдонуу фактылары катталганын маалымдашты.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: “Текебаев менен Атамбаев экөө күн сайын талашып тартыша беришет”

-Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тирешүүсүнүн аягы эмне менен бүтөт?

-Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн мамлекетти гүлдөтүү идеясы эмес, ар кимисинин өзүнүн кызыкчылыгы бириктирген. Акыр аягы ушундай эле болмок. Мен буга таң калбаймын. Биз мындай жол менен өнүкпөйбүз. Жүз жылга чейин талашып-тартышып жашап келе беребиз. Бизде эки жол бар. Эч кимди сүйлөтпөй, Атамбаевди же Текебаевди башына коюп авторитардуу мамлекет курабыз же жаңыча көз караш менен караган, акылдуу демократ адамдарды алып келип чыныгы демократиялуу мамлекетти курабыз. Текебаев менен Атамбаев экөө күн сайын талашып тартыша беришет. Же эмне муну бүгүн көрүп жатасыңарбы? Муну саясат дейт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Меню