Menu

Леонардо Хоменюк: "Келишимдерди кайра кароого негиз бар, Кумтөрдө алтын башында ойлогондон көп болуп чыкты, "Центерранын" Невада менен Монголиядагы долбоорлору ишке ашкан жок"

“Кумтөр” алтын кен ишканасын 16 жыл башкарган Канадалык менеджер Леонардо Хоменюк “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда Кумтөр боюнча келишимди кайра карап чыгууга болорун, ал үчүн жаңы негиздер бар экенин кыйытыптыр.

Леонардо Хоменюк: “Келишимдер кайра каралып, тараптар кайрадан сүйлөшүү жүргүзгөнү табигый көрүнүш. Алгачкы келишимдеги көрсөткүчтөр өзгөрүп атпайбы, мисалы Кумтөрдө алтындын запасы башында ойлогондон көп болуп чыкты. “Центерранын” Невада менен Монголиядагы долбоорлору ишке ашкан жок.

Экологиялык зыянга келсек, Кыргызстан кожоюн өлкө катары жараталышка зыян келтирилбешине катуу көзөмөл кылууга ар качан кызыкдар болушу керек. Иштеп аткан чет элдик компания жергиликтүү мыйзамдарды сыйлап, аларга баш ийүүгө милдеттүү.”

Эске салсак, “Центерра” 2003-жылы Акаев режими учурунда Невада менен Монголиядагы долбоорлорун кошуп, өзүнүн “Кумтөр” долбоорундагы үлүшүн көбөйткөн жана Кыргызстандын үлүшүн 67% дан 12%га чейин азайткан болучу.

2009-жылы Бакиев режими учурунда кайра сүйлөшүүлөр менен Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 33%га көбөйтүлгөн.

Ал эми 2016-жылы Атамбаевдин режими учурунда Кыргызстандын Кумтөр алтын кениндеги үлүшү 28%га чейин азайды. Бул башталышы гана, эми кайда барып токторун бир кудай билет.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Гүленчилер Бишкекте түлөө өткөргөнү чынбы?

Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин каржылоосу менен иштеп жаткан бир топ окуу жайлар, уюмдар, ММКлар бар. Ал мекемелерде билим алып, иштеп жаткан жарандар Гүленди дүйнөгө түркөк болчу аалым катары сүрөттөп жүргөнүн угуп, көрүп жүрөбүз. Албетте, ал адамды жакындан билбегенден кийин бир несе айтуу кыйын. Бирок, өлкөдө Гүлендин саясатын чын жүрөктөн колдоп, аны акырындап элге жайылтууга аракет кылган гүленчилердин тобу жыл санап өсүп бара жатканы жашыруун эмес.

Кечээ, 22-июлда ошол Гүлендин тарапташтары Бишкекте жыйналып, мал союп, кан чыгарып, түлөө өткөргөнүн кулагыбыз чалды. Укканыбызга караганда алар бир чоң балээден кутулганынын урматына ушундай түлөө уюштуруптур. Кызык, аларды кайсы кырсык тооруп жүрөт деп ойлонуп калдык. Түркиядагы төңкөрүшкө Гүлендин түздөн-түз тиешеси бар экенин президент Тайип Эрдоган айтып, анын тарапташтарына чабуул башталгандан кийин башка өлкөлөрдөгү гүленчилерге да мунун зыяны тийгени маалым. Түркиядагы окуядан кийин кээ бир мамлекеттер Гүленге тиешелүү делген окуу жайларды жаап салышканы айтылган. Кыргызстан дагы Түркия менен жылуу мамиледе болгондуктан биздеги “Себат” эл аралык билим берүү мекемелеринин жабылып калуу коркунучу жаралган болчу. Албетте, Атамбаев менен Эрдогандын достук мамилесин эске алганда мындай чечим чыгарып коюу кыйын эмес. Бирок, кыргыз бийлиги буга барган жок. Балким, гүленчилер ушул балээден кутулганына шүгүр келтирип, түлөө берип жүрбөсүн…

Нурбек Азимжан, журналист

Кара-Сууда 200 орундуу заманбап мечиттин курулушу башталды

Бүгүн, Кувейт мамлекетинин “Табарак” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Колот айылында эскилиги жетип оңдоого муктаж мечиттин ордуна элдин талабына ылайык, жаңы заманбап мечиттин курулушу башталды. Аталган мечиттин жер пайын түптөө аземине Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Сүйүн ажы Калыков, “Табарак” кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы директору Анарбек ажы Жусупов, Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы Кыялбек Макеев жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Аталган курулушту баштоо аземинде “Табарак” фондунун директору Анарбек ажы Жусупов сөз сүйлөп, мечит келечекте элге динди терең жайылтууда жана жаштарга туура тарбия берүүдө чоң өбөлгө болоорун белгилеп, андыктан мечиттер адамдардын руханий азыгын канаттандырууда өзүнүн заманбаптыгы, тазалыгы жана шарттуулугу менен өзгөчөлөнүп туруусу керектигине токтолду. Ал эми башкы имам-хатиб Сүйүнбай ажы Калыков Кара-Суу районунда акыркы 2 жылдын ичинде 50дөн ашык мечит заманбап стилде жаңылангандыгын айтып, мындай саамалыкка ортоктош болгон демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди. Андан соң биргеликте мечиттин жерпайына фундамент куюуу иштери башталды.

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: “Текебаев өзүнүн партиясындагы курулушчулардын кызыкчылыгын гана коргоп жатат”

Бишкек шаарынын боборун жаркыратып, а шаардын тегерегиндеги баткак, чаң жолдорду оңдобогон, аларды суусу жок, свети жок калтыруу – бул авторитардык системанын жана лидерлердин ыкмасы. Демократияда баары тегиз эволюциалык жол менен өнүгөт. Бажы биримдигинин кризиси келе электе Бишкек бир топ эле өзгөрдү, мисалы Токтогул жана башка көчөлөрдү карасаң болот. Зордук менен адамдын эски үйүн тартып алуу – бул Конституцияга да каршы келет. Эгер Текебаев экономиканы өркүндөтө турган, коррупцияны жогото турган закон жазса жана аны ишке ашырса, борбор да, айылдар да оңолмок. Азыр болсо Текебаев өзүнүн партиясындагы курулушчулардын кызыкчылыгын гана коргоп жатат.

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат

Фотобаян - Кыз узатуу кароо сынагы Жалал-Абад шаарында өткөрүлдү

Жалал-Абад областында улуттук каада салттарды жандандыруу максатында  район шаарларында  өткөрүлүп жаткан кыз узатуу кароо сынак кезеги   Жалал-Абад шаарына жетип, шаардын Тайгара аймактык башкаруусуна караштуу Кызыл-Суу айылында өткөрүлдү. Ага  шаардын биринчи вице мэри  Таирбек Чойбеков, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Турдалы Темирбаев  жана шаардагы ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, айыл эли катышты. Бул кароо сынакка атайын комиссия курамы түзүлгөн. Өткөрүлгөн иш чарага 4 боз үй тигилип, шаардык маданият үйүнүн эмгек жамааты кыргыздын эзелтен келе жаткан нукура  кыз узатуу салтын сахналаштырып, анда кыз узатууда алгач эки жаштын таанышуусу алардын ата энелеринин кудалашуу жана тойдо жеңелеринин  күйө баланы жолдоштору менен  тосуп алуудагы каада- салттарды көрүүчүлөргө ирети менен  кеңири тааныштырышты. Аны менен катар кароо сынактын жүрүшүндө улуттук оюндардан ордо, эр эңиш, тыйын эңмей, күрөш жана аркан тартыш оюндары да ойнотулду.

Кыз узатуу2

Кыз узатуу3

Кыз узатуу4

Кыз узатуу5

Кыз узатуу7

Кыз узатуу

Бул өткөрүлгөн иш чара боюнча Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице- мэри Турдалы Темирбаевдин айтуусунда областта өткөрүлүп жаткан мындай кароо сынактардын өткөрүлүүсү өсүп келе жаткан жаш муундардын кыргыз элинин  басып өткөн жолу, каад- салттары менен тереңден таанышууга мүмкүнчүлүк берет дейт,- ал.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Талаштуу жарнактар Илмияновдун мекенине да илинди

Муфтият тарабынан эл арасындагы ынтымакка доо кетирет деп табылган талаштуу жарнактар өлкөнүн бардык аймактарына, айыл-кыштактарга чейин илине баштады. Ажо аны таратуу үчүн мамлекеттин акчасын аябай чачып жаткандыктан, алыскы райондорго дагы аталган жарнактар жетип барды. Мисалы, кечээ борбордон миң чакырым алыста жайгашкан, атактуу шоопур, азыркы Атамбаевдин кеңешчиси Икрам Илмияновдун киндик каны тамган Лейлек районуна да “Кайран элим, кайда баратабыз?» деген жазууну камтыган баннерлер илинди. Шефинин “илибой” ишин иргелтпей колдогон Икрам мырза бул жарнактарды эл кандай кабыл алаарын ойлоду бекен? Угушубузча, лейлектиктер бул жөрөлгөнү жакшы кабыл албаптыр. Көпчүлүк, “кылаарга иш таппай калган окшойт” деп өйдө жактагыларды шылдыңдап, сүрөттү көргөндөр мыйыгынан күлүп өтүп жатышат дейт. Арман дүйнө, журт башчылардын акылынын жеткен чеги ушулбу? Сүрөт менен элдин оюн оңдойм дегендер аман эле болушсун.

Булак: Кyrgyztoday

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылды

Селден улам Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 22-июлда мөндүр аралаш катуу жаандан улам тоолордо сел суу көбөйүп, унаа жолуна таш калдыктары толуп калган. Мындан улам Нарын районуна кире бериш жолдун эки тарабы тең убактылуу жабылган. Ошондой эле бир канча үйдү сел суулары каптаган. Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бейшенбек Бекешов, журналист: "Раматылык Салижан аке айткандай, кыргыздын чоң деле мурду жок, бирок аны ушунчалык жогору көтөрөт дейсиң, ичиндегисинин баары аңырайып көрүнүп калат"

Эл жакшылары, бириккиле!

Демократия деген бизге ар ким оозуна келгенди сүйлөй берсе болот дегенди үйрөттү. Айрыкча интернетти карасаң адам коомунда эмес эле, айрым фантастикалык кинолордогу бири бирин жеген мутанттардын арасында жүргөндөй болосуң. Эгер биз өзүбүздү карт тарыхы бар элбиз, уңгубуз үчүн күйүп жанган улутпуз деп эсептесек мындай болууга тийиш эмес. Элдин баары, айрыкча, стакан көтөргөндүн баары сүйлөгөнгө болбойт. Оозунда сөзү барлар гана сүйлөп, калгандар тынч олтурушу керек. Кыргыздын “Жакшыда жамандын сөз акысы бар, байда кедейдин өз акысы бар” деген наркы боюнча элдин маселесин элдин баары эмес, акылдуулар менен байлар гана чечип келген. Кыргызда акылмандар менен байлар эч убакта элдин ичинен мителик менен суурулуп чыккан социалдык катмар болгон эмес. Алар элдин эл багарлары, караңгыдан жол тапкан, капилеттен сөз тапкан көсөм бир туугандары болгон. Ошондуктан алардын аты эл жакшылары болгон.

Бүгүн байлар тууралуу маселени коё туралы. Бизде азыр байлар жокко эсе. Бизде азыр өлсө тоюнбаган топорлор гана бар. Көөдөнү байлар байыганда гана бул сөзгө конок болоор.

Бүгүн жакшылар, б.а. акылы барлар, оозунда сөзү барлар тууралуу гана айткым келип жатат. Андайлар эл ичинде эзелтен эле экинин бири эмес, балким ондун деле бири эмес, чанда бир гана кут даарыган адамдар болгон. Ошолор элдин атынан сүйлөп, эл өзү айта албаган, ал турсун элдин оюна келбеген да мүдөөнү кошо айтып, жаамы журттун көйгөйүн чечкен. Өзүнүн жеке көйгөйүн ортого салып, жармаштыра коюу, адал ишке арамды аралаштырып ашмалтайын чыгаруу алардын түшүнө да кирген эмес. Мына ошон үчүн кыргыз коомунда эч бир доордо, эч бир заманда эл жакшыларына каршы коомдук нааразылык болгон эмес. Адилетсиз хандарга, башкаруучуларга каршы кутум, наалат айтуу болсо болгондур, бирок эл жакшыларына каршы мындай иштердин болгонун тарых да, санжыра да билбейт.

Бүгүнкү биздин чириген интеллигенцияны эл жакшылары деп айта албайбыз. Ал турсун интеллигенция ичинен чыккан аздыр-көптүр оозунда сөзү барлардын баарын бириктирип да ошентип айтуу кыйын. Айрыкча саясий элитаны оппозиция позициясы менен кошуп бул аруу түшүнүктүн сыртына эле чыгарып коюу туура болчудай.

Ошентсе да куттуу элдин ичээр суусу болгон соң, уучу деле куру эмес. Улуу элдин акыл көрөнгөсүн алып жүргөндөр, сатылма саясатка, бетпактык менен шылуундукка, акча десе ата-энесин саткандан да кайра тартпаган аксымдыкка ууланбагандар, өзүнөн мурда өзгө деп, менден мурда эл деп күйүп-жангандар али бар экен. ММКлардын, эл чогулчу жайлардын баарын кожоюндар ээлеп алган бүгүнкү күндө алардын көбүнүн тер төккөн, жаш төккөн жери интернет болуп калыптыр.

Бирок буларды деле эл жакшылары деп атоо эртелик кылаар. Өз ара кырды бычак, менменсинүү, текеберлик, көрө албастык, ал турсун кесирлик толтура. Бирөө мусулман, бирөө теңирчи, бирөө жөн эле кыргыз, бирөө киргиз, дагы бирөө баарынын үстүнөн караган “акылман” (Раматылык Салижан аке айткандай, кыргыздын чоң деле мурду жок, бирок аны ушунчалык жогору көтөрөт дейсиң, ичиндегисинин баары аңырайып көрүнүп калат).

Мына ушул мен кыйын деген кыргыздын баары, айрыкча оозунда сөзү, айтаарга акылы барлар бирикпесек, биз мамлекетибизден да, эл жашаар жер-суубуздан да куру жалак калчудай болуп турабыз. Мен жакшы атпайдын баары бириге ала турган бир жүйөө сунуш кылгым келип турат. Мусулманчылыкты кармангандар үчүн ал жадыбалдай жат, жай менен кыштай түшүнүктүү. Ал: “Агыңар караңардан жакшы эмессиңер, арабыңар араб эместен жакшы эмессиңер. Силердин жакшыңар жакшы иш жасаганыңар”, – деген эреже. Мусулман аттуунун баарын ушул хадисти эч кыйшаюусуз аткарууга чакырам. Намазыңар менен орозоңорду башкаларга колко кылбагыла. Намазсыз деле арам иш жасабаган, ала жипти аттабаган адамдар болгон. Бирөөгө тийишип барып, акыл үйрөтпөгүлө, адептүүсүнбөгүлө. Силер биринчи адал эмгеги менен жашаган, эч кимге пайдадан башка зыяны жок жакшы адам экениңерди өз турмушуңарда көрсөткүлө. Айрыкча бир жакшы кесипти өздөштүрүп, ар тарабыңар шайма-шай болуп жаркылдап тургула. Башкалар силердин сөзүңөрдү эмес, өзүңөрдү көрсүн.

Мусулманчылыкты карманбагандарды да ушуга чакырам. Силер да мусулманчылыкты билип-билбей тутунуп жаткан бир туугандарыңарга тийшпегиле. Айлап-жумалап дават деп каңгып жүрсө көтөрүп койгула. Алар бирөөнүн эсебинен жүргөн жок, өз эсебинен эле жүрөт. Тетири иш жасап баратса тескеп алаар уюм-мекемелер бар. Даватта жүрүү аракечтик менен бекерпоздуктан алда канча жакшы экенин түшүнгүлө. Жакшы жашоонун, чыныгы атуулдуктун үлгүсүн силер көрсөтсөңөр балким алар эртең молдолорду эмес, силерди ээрчийт.

Бири бирибиз менен дин талашканды, дин эмести талашканды токтотолу. Жакшы иштерди жасоо менен гана жарышалы. Башка элдер түшкөн туңгуюкка түшпөйлү. Жок нерсени козутуп сырттан грант алып келүүгө жанталашып жаткандар эртең бирөөлөрдүн куралдуу күчүн чакырып келүүдөн кайра тартпайт. Мына ошондо биз Сирия же Ирак болбойбуз деп эч ким кепилдик бере албайт. Түркөй, билимсиз бир туугандарыбызга сак бололу. Ошолордун сөз акысы жакшыларда экенин түшүнөлү жана ошол вазийпаны аткаралы.

Адам деген пенде. Жаңылат, жазат, иштен да, сөздөн да. Сабырдуу, көтөрүмдүү бололу, Дароо эле бетин тытпай, билмексенге, көрмөксөнгө салалы. Сыйыбыздан кетип, кутубузду учурбайлы. “Керегем сага, айтам, келиним, сен ук” кылып эскертели. Анан биротоло чийинден чыгып, азынап кетсе гана сазайын, жабылып жазасын берели.

Айланайын эл жакшылары! Кыргыздын бүгүнү жана эртеңи деген маселеде, мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин бакыбат жашоосу деген маселеде бир бололу. Баарыбыз тең бир ата, бир энеден кайра-кайра, өтмө катар, сансыз жолу кайчылашып тараган элбиз. Чыныгы кыргыз бири бирине кара ниеттик кылбайт, бири бирин атпайт. Муну биз 2010-жылдын 6-апрелинде Таластагы таң аткычакты атышууда көргөнбүз. Ошондогу Бишкектеги кан төгүүдө кыргыз эместин колу көбүрөөк болгон деп ойлойм.

Чыныгы кыргыз ар кандай заманда, ар кандай кырдаалда тил табышып келген. Бир гана СӨЗ менен. Жүйөө менен. Адилет, акыйкат СӨЗДӨН күчтүү эч нерсе жок. Мына ушул СӨЗДҮ көтөрүп жүргөндөр эл жакшылары болгон. Сөз укпагандар, сөзгө түшүнбөгөндөр, кежирлер менен кем акылдар топко кошулган эмес, жооптуу ишке жолотулган эмес. Ушинтип эл өзүн өзү коргобосо азыр бизди “Сен айтканды кыла бер, сени коммунизмге өзүм алып барам” деген компартия жок, демокартиянын болсо кайда алып бара жатканын көрүп жатабыз.

Кыргыздын СӨЗ баккан, демек, акыл баккан, жүйөө баккан эли бир бололу. Ооба, жүйөөң да, пикириң да бир тыйынга татыбай жаткан учур толтура. Бирок эл деген куттуу мухит бар. Эл жакшылары бир болсо эл эч качан эки ача болбойт. Интернетте да сөз билгендер бири бирин бир сөздөн түшүнөт. Андагы жакшы-жаманды иргеп коюу чоң деле иш эмес. Бетин жапкан бетпактарды пайдаланып, алардын кылыгына маашырланып олтургандарыбыз жок эмес. Бирок бардык нерсенин суроо-сопкуту болоорун, ар бир жаман иш сөзсүз өз башыбызга таяк болуп чабылаарын билбей калып жатпайбызбы. Эң башкысы – ниетибиз түз болсо биз чече албас маселе болбойт.

Кыргыз деген эл жөндөн жөн эле миң жылдарды карытып жашап келаткан жок. Анын ар кандай кыйын кезеңде өзүн өзү сактап алаар ушундай дөөлөттөрү бар. Аны билип туруп биз пайдаланбасак бизден кийинкилер пайдаланат сөзсүз. Бирок биздин муунга жаман аты калат. Эгер ушуну убагында пайдаланбай бир балээге туш болсок биз келечек муундар үчүн кара бет болобуз. Катуураак кетсем кечиргиле. Жаман айтпай жакшы жок, тууган күйдүрүп айтат дейт. Бул жалгыз мен баштап, тыянактап салчу иш эмес. Ой кошкула. Талашып-тартышып, талкуулайлы. Кыргыздын ЖҮЙӨӨЛӨШҮҮ деген улуу наркы да ушул.

Бейшенбек БЕКЕШОВ, журналист

Күзүндө парламенттин тарашын билген Текебаев акча топтоо аракетин баштады...

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкекти эскилиги жеткен үйлөрдөн тазалоо боюнча “иттин өлүгү” жыттанган мыйзамын артка кайтарып албаса, мандатынан ажырап калышы мүмкүн болуп турат. Учурда мыйзам демилгечисин мандаттан ажыратуу боюнча кол топтой башташкан активисттер “Текебаев бул мыйзам аркылуу шаардын борборундагы жерлерди мыйзамдын күчүнө салып курулуш компанияларына тартып берүүнү көздөп жатат” деп шектенип жатышат. Ал эми Текебаев шаардагы жапырайган тамдардын ордуна заманбап үлгүдөгү чоң имараттар курулуп калсын деп жан үрөп жатканын айтып актанууда. Мындай күмөндүү мыйзамды көтөрүп чуркап жүргөн Текебаев күздө ансыз деле референдум өтүп парламент тарайт, ага дейре мыйзамды өткөрүп курулуш компанияларынын тилегин ишке ашырып, ал кызматы үчүн тиешелүү “устуканга” ээ болуп, келээрки шайлоодо каражаттан каржалбастын камын көрүп жүргөндөй.

Булак: “Фабула”

Видео - Бишкектеги Тарых музейинде өрт чыкты

Кечээ, 22-июль түнү саат 22:12 чамасында Бишкектеги Тарых музейинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда өрт толугу менен өчүрүлгөн, жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

https://youtu.be/dUmI9u4T9AU

Видео: Sputnik

Видео - Оогандык кыргыздардын Түркияга көчүп кетүү тарыхы. Жаңыл Жусупжандын даректүү фильми

Белгилүү журналист Жаңыл Жусупжандын кылымдар бою Алай-Памир тоолорун байырлап жүргөн Оогандык кыргыздардын 150 жылдык тарыхын камтыган, орус баскынчыларынан, большевиктерден кийин кытайлык маоисттерден качып Ооган памиринде отурукташкан, 1978-жылы  оогандык коммунисттерден Пакистан аркылуу Түркияга көчүп кетүү тарыхын баяндаган даректүү фильмин сунуш кылабыз.

https://www.youtube.com/watch?v=ahse1xH66zk

Кувейт Мамлекети менен инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Алмаз Атамбаев «2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуунун негизги максаты – инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга жана  капиталдык салымдарга байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтууга багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү укуктук базаны түзүү.

Макулдашуунун ратификациялоо  Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү элементи болуп эсептелет жана өлкөбүздүн экономикасына чет элдик түз инвестицияларды тартууну көбөйтүүгө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Видео - Журналист Сабыр Муканбетов атамекенчи министр Алманбет Шыкмаматовду эмне үчүн сабаганын айтып берди. (Этият болгула, нормативдүү эмес лексика бар!)

Журналист Сабыр Муканбетов атамекенчи экс-министр, азыркы депутат Алманбет Шыкмаматовду учурунда эмне үчүн жана кандай сабаганын айтып берди.

Этият болгула, видеотасмада нормативдүү эмес лексика бар! 

https://www.youtube.com/watch?v=vsqOLUsJlXo

https://www.youtube.com/watch?v=QiG-hL2Wd7M

“Мейдан”: Төңкөрүш аракетинен кабардар болгон Эрдоган кимге эмне буйрук берген?

Түркиянын Аскердик Башкы Штабы, Улуттук чалгындоо кызматы (MİT) 15-июлдагы төӊкөрүш аракети жөнүндө ошол күнү саат 16:00дө кабарлаганын жана Штабда катар-катары менен кризистик башкаруу жыйындары болгонун белгиледи. Мамлекеттин жогорку жетекчилери төңкөрүш жөнүндө түштө эле кабардар болгонуна карабай, аны токтотууга аркет көрбөгөнү белгилүү болду.

15-июль жума күнү болгон окуялар боюнча шектенүү жараткан деталдар белгилүү боло баштады. Аскердик башкы штабдын билдирүүсүнө караганда төңкөрүш болоору саат 16:00дө эле билинген. Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси, барымтага алынган аскердик штабдын жетекчиси Хулуси Акарга саат 18:00дө кабар беришкен. Коопсуздук кызматтары төӊкөрүш жөнүндө 6 саат мурун кабары болуп туруп, жолтоо болуу үчүн кандай иштерди аткарды?

Төңкөрүш аракети 22:00дө бир канча аскердик топтун Босфор көпүрөсүн жаабусу жана Анкарада F-16 учактарынын жерге жакын (ылдый) учушу менен башталды.

Кыска убакытты Бештепе районундагы президенттин резиденциясына 15 жоокер, Түрк парламенти, “Ататүрк” аэорпорту, Башкы Штаб жана куралдуу күчтөр, Улуттук чалгындоо кызматы, Ички иштер башкармалыктары, ТРТ каналынын имараттары аз сандаган аскерлер тарабынан басып алууга аракет жасалды. Аскердик башкы штабдын командири жана куралдуу күчтөрдүн командирлери барымтага алынды.

ЖООБУ ИЗДЕЛГЕН СУРООЛОР

Улуттук чалгындоо кызматы тарабынан Аскердик башкы штабына саат 16:00дө кабар берилген болсо, президентке жана өкмөт башчысына кабар берилбей калуусу мүмкүнбү?

Башкы командир Эрдоган, төңкөрүшкө жолтоо болуу үчүн кандай буйруктарды берген?

Эрдоган эмне үчүн Мармаристеги мейманканадан коопсуз жерге алып барылбады?

Төңкөрүш алдын ала билинген болсо, эмнеге Башкы штаб жана Куралдуу күчтөрдүн командирлери штабда чукул жыйындар өткөрүшкөнүнө карабай кантип барымтага алынды?

Төңкөрүш жөнүндө алдын ала маалымат алынса, эмне үчүн командирлер тойго катышты?Төңкөрүштү билип туруп жолтоо болбогондор, козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн жарандар үчүн жооп береби?

“Ачуу чындык! Улуттук чалгындоо кызматы (MİT) президентке эч маалымат бербеди” деп маалымат таратып, анан кийин Улуттук чалгындоо кызматы маалымат берген деп кабарлаган медиа эмне максат кылууда?

Өздөрүнө “Журтта тынчтык кеңеши” деп атаган козголоңчулар, бийлик партиясын эмес, парламентти бомбалаганы эмнеси?

Саат 16:00дө эле төңкөрүш аракети тууралуу маалымат алынганына карабай Ички иштер министрлиги төӊкөрүшкө каршы эмнеге саат 22.00дө чара көрө баштады? Андан мурун эле чара көрүлсө алар кайсылар?

17:30да Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Башкы Штаб жетекчи орун басарына жолугуп, төңкөрүш жөнүндө деталдуу маалымат берген.

18:00дө маалымдаганына канааттанбаган Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси, Башкы штабдын имаратына барып, Башкы штаб жетекчисине, орун басарына жана Жер күчтөрүнүн командири менен жашыруун жыйын өткөрөт. Жыйында бүт деталдар сүйлөшүлүп, керектүү чаралар талкууланат.

18:30да Аскердик Штабдын жетекчиси Хулуси Акар, бардык аскердик бөлүктөргө буйрук берет. Өлкө боюнча абада эскердик учактардын такыр учпоосуна, аскердик бөлүктөрдүн бардык окууларын токтотуусун, аскерий окуу жайларды контролдоо үчүн жер күчтөрү командирине буйрук берилгенине карабай аскерий F-16 учактары кантип учушту? Козголоӊчу офицерлерге буйрук жетпегенби?

Төңкөрүш аракетинен кабардар болгон Эрдоган кимге эмне буйрук берген?

Бир ууч аскердин аракетине эмне үчүн башка бөлүктөр тарабынан чара көрүлбөдү?

МАМЛЕКЕТТИК АНАДОЛУ КАБАР АГЕНТТИГИНИН КОНТРАСТТАРЫ

Анадолу агенттиги 18-июль күнү абоненттерине 15-июлдагы төңкөрүш аракети боюнча ошол күнкү болгон окуяны саат-сааты менен түшүндүргөн  кабарды берди. Бирок кызыгы, ошол кабар бир канча убакыттан кийин алынып салынды. Эмне үчүн? Ошол кабарда Аскердик башкы штабтан саат 16:00дө төңкөрүш боюнча маалымдалат. Кийин 16.30да дагы жетекчи орун басарлар жолугушуп сүйлөшөт. Ушуга карабай керектүү коопсуздук чаралары эмне үчүн көрүлбөдү? Эгер чаралар көрүлсө алар кайсылар? Анадолу маалымат агенттигинин кабарында төӊкөрүш планы билинип калганы үчүн түнкү саат 03:00дө башталчу аракет 6 саат (21.00гө) мурун баштаганга туура келет.

ПРОКУРОР МААЛЫМАТ БЕРДИБИ?

208 кишинин өлүмүн алдын алса болот беле? 15-июль күнү Прокурордун орун басары Окан Бато тарабынан телефон сүйлөшүүлөрдөн жашыруун тыӊдалып алган маалыматтары менен кайсы мамлекеттик органдарды кабардар кылды? Түрк куралдуу күчтөрү ичиндеги козголоңчу топ, Измир прокурор орун басары Окан Бато тарабынан качантан бери тыңдалып жаткан эле?

ЧАЛГЫНДОО МААЛЫМАТЫ МАНИПУЛЯЦИЯГА УЧУРАДЫБЫ?

Өкмөткө жакын A Haber каналынын “Ачуу бирок чындык:  Улуттук чалгындоо кызматына маалымат бербеди” деген кабарынан кийин, Анадолу маалымат агенттигинин берген кабарында Улуттук чалгындоо кызматынын төӊкөрүш боюнча саат сайын эскерткени белгилүү болду. Чалгындоо кабары эмне үчүн бурмаланып берилди?

Булак: PostMedya

Чүй облустук милициянын начальниги болуп Канат Жумагазиев дайындалды

Чүй облустук милициянын начальниги болуп Жумагазиев Канат Сагынович дайындалды.

Буга чейин милициянын полковниги Канат Жумагазиев КР Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген.

Кыргызгидромет: 22-июлдан 27-июлга чейинки аба ырайы

22-23-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 22-июлда жана 23-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2016-жылдын 21-23-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу,  республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бишкек шаарында 23 июлунда түнкүсүн жана эртең менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 15-20 метрге жетиши күтулөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 23 июлунда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34° жылуу болушу күтүлөт.

23-июлунда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик толуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 

24-25-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

26-27-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Статс-катчы Паиза Сүйүмбаева менен министр Талантбек Батыралиевдин тымызын тиреши

Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Паиза Сүйүмбаева менен министр Талантбек Батыралиевдин тымызын тирештерин жанындагы эле дарыгерлер ушул күнгө дейре узун-сабак кеп кылып келишкени кандай? Негизги тармак болгон килейген министрликте бакандай эки жетекчи интригага алдырып, бири-бирин аңдышса, ишке эле кедергисин тийгизет да. Жакында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди президент кабыл алып, тармактагы абал боюнча маалымат алды. Муну көргөн Паиза Сүйүмбаева кандай абалда калды экен? Баса, бу айым айрым сакалдуу эле аксакалдардын артынан ар кандай сөздөрдү чуубуртуп жүргөнү чынбы? Анысы чын болсо, билип-билбей эле сөз чубуртканы аброй алып келбейт го?..

Канжар Борпошов        

Булак: “Азия ньюс”

Видео - Журналист Сабыр Муканбетов атамекенчи министр Алманбет Шыкмаматовду эмне үчүн сабаганын айтып берди. (Этият болгула, нормативдүү эмес лексика бар!)

Журналист Сабыр Муканбетов атамекенчи экс-министр, азыркы депутат Алманбет Шыкмаматовду учурунда эмне үчүн жана кандай сабаганын айтып берди.

Этият болгула, видеотасмада нормативдүү эмес лексика бар! 

https://www.youtube.com/watch?v=vsqOLUsJlXo

https://www.youtube.com/watch?v=QiG-hL2Wd7M

Видео - Эмил Каптагаевди ысыккөлдүктөр губернаторлук кызматтан кантип кетиришкендиги тууралу видеотасма тарады

Бүгүн кырнет айдыңында Эмил Каптагаевди ысыккөлдүктөр учурунда губернаторлук кызматтан кандай  “сый-урмат”  менен кетиришкендиктери тууралу видеотасма тарады.

https://www.youtube.com/watch?v=HPJQAa7x0vg

Булак: Кyrgyztoday.kg

Мамбетжунус Абылов, экс-элчи: «Атамбаев менен Максим Бакиевдин оң колу Сапар Исаков жоголгон 15 миң 250 доллардын дайынын элге айтсын, ал акча зилзаладан жапа чеккендерге берилген»

Атамбаевдин Сапар Исаковду “менин оң колум” деп айтканы анчалык деле чоң жанылык эмес. Анын кол алдында иштеп жаткан кызматкерлердин баары ага кол, бут, көз, кулак болуп кызмат өтөшөт. Сапар Исаков негизинен Атамбаевдин тышкы алакаларын тейлеп жүргөндүктөн, аны Атамбаев “менин тышкы иштер боюнча оң колум” деп кыргыздын төл сөзү менен тааныштырды го. Бул жигитти мен өлкөнүн мурунку премьер-министри Игорь Чудиновдун да “оң колу” болуп турганда биринчи жолу көргөм. Андан көп өтпөй эле Максим Бакиевдин “оң колу” боло калып, Максимдин акыркы өчө турган күнүнө чейин жандап жүргөнүн бүткүл эл билет. Бүгүн Атамбаевди жандап жүрөт. “Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында” деген кыргызда жүйөлүү сөз бар. Кимдин-ким экенин билиш үчүн, анын ээлеген кызматын эмес, жасаган иштерин баалаш керек. Эсиңерде бардыр, 2008-жылы Алай районунун Нура айылында катуу жер титиреп, жергиликтүү элдердин үйлөрү урап калган. Ошондо Түркиядагы Кыргызстандын элчиси катары мен Түркиядан жапа тарткан Нура элине жардам алыш үчүн кыргыздын белгилүү ырчы кызы Роза Аманова менен “Ордо сахна” фолклордук тобунун концертин Анкара шаарынын Кичи Ороон районунда уюштуруп, концертке келген элден “Нура айылынын жашоочуларына көмөк болсун” деп 15 миң 250 АКШ долларын ошол аталган райондун жетекчисинин демилгеси менен чогултуп, ал акчаны Игорь Чудиновдун расмий иш сапары аяктап жатканда, аны коштогон делегациянын колуна тапшыргам (кол койгон документ тиркелет). Ошондо Чудинов: “Бул акчага бир чоң щитовой үй сатып алып, ал үйгө жардамга өтө муктаж бир чоң үй-бүлөнү киргизип, үйдүн бооруна “Бул үй Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин жардамы менен курулган” деп табличка илине турганын Мамкурулуштун андагы жетекчиси Нарбаевге, каржы министри Т.Калимбетовага тапшырма берген. Ошол делегацияда С.Исаков да бар болчу. Тилекке каршы, ал акча кай жерден кайып болгону мага бүгүн да белгисиз. Текшерсем, Нурада андай үй курулбаптыр, андай үй эч кимге да берилбептир. Ошондуктан, сиздин мага берген сурооңуздан пайдаланып, Атамбаевдин бүгүнкү “оң колу” болуп жаткан Исаковдон, анын ошол чечимге күбө болгонуна байланыштуу, ушул акчаны ким жолдон олжолоп алганын тактап, ал акчаны Нура элине кеч болсо да жөнөтүп койсо, ал жигит элдин сообуна калат болчу. Мен өзүм эле муну тактап, ошол каражатты өз ээсине жөнөтүүгө аракет кылсам, бүгүнкү бийлик мени “оппозиция өкүлү” деп жээрип, менин аракеттеримди бийликти каралоо катары баалап, мага мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Булак: «Азия ньюс»

Премьер-министр Тараз-Талас-Суусамыр жолунун абалы менен таанышты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда, Талас облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында Тараз-Талас-Суусамыр жолун реабилитациялоо ишинин 3-фазасынын аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков белгилегендей, мамлекет өлкөнүн унаа жолдорун куруу жана реконструкциялоого чоң көңүл бурууда. Ошол эле учурда иштин сапаттуу аткарылышы зарыл экендигине басым жасап, бул Транспорт жана жолдор министрлигинин ишин баалоодогу башкы критерий болуп саналаарын эскертти.

Өкмөт башчы жалданма компаниянын өкүлдөрүнө кайрылып, техникалык нормалардын бардык талаптарын сактоого чакырды.

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров маалымдагандай, учурда аталган жолдун 75-105 км камтыган реконструкциялоо ишинин 3-фазасы ишке ашырылууда. Жалпысынан Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун 199 км оңдолот. График боюнча ремонт иштери 2017-жылы аяктайт. Оңдоо иштери донорлордун жана өкмөттүн эсебинен жүргүзүлүүдө. Аталган долбоорго Ислам Өнүктүрүү банкы менен Сауд Өнүктүрүү фонду донор болуп саналат. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 млн доллар каралган. Министр белгилегендей, 3-фазадагы реабилитациялоо иштери үстүбүздөгү жылы аяктайт.

Ош: Ката жазылган бир эле тамга апасына топурак салууга тоскоол болду

Кечээ күнү жакын тууганымдын апасы Өзбекстандын Наманган облусунда каза болду (атасы, апасынын да улуту кыргыз). Чоң уулу Алабукага көчүп чыгып, кыргыз жарандыгын алып, олтурукташып калган. Телеграмма аркылуу Өзбекстанга өтүү үчүн Оштогу “Достук” чек ара бекетине Алабукадан келди. Бирок “ы” менен “и” тамгасынын алмашуусу чек арадан өтүүгө тоскоол болду. Эч ким жакынын жоготуп боздобосун экен. Айрыкча эркек кишин төккөн көз жашы таш болгон жүрөктү да эзип салчудай туюлду. Бирок бул көз жаш өзбек чек арачыларынын ташка айланган жүрөгүн эзмек тургай, “сабыр кылыңыз, талап, тартип ушундай” деген жылуу сөзүн айттырууга да жараган жок. Алакандай болгон кагаз, адамдын көз жашы, кайгысы менен муң-зарынын алдында күчтүүлүк кылды.

Жумамидин Сулайманкулов, Ош шаары

Айбек Турганбаев баш прокурор болобу?

Башкы прокурор Инди­ра Жолдубаеванын кызматтан кетүү боюнча арызы президент Алмазбек Атамбаевдин иш столунда жаткандыгы боюнча кабарыбыз бар. Учурда анын арызына Атамбаев качан кол коёт деп эле күткөндөр. Бирок кийинки баш прокурор ким болоору коомчулукка абдан кызык. Угушубузга караганда Ош областынын прокурору Айбек Турганбаевдин талапкерлиги каралып жаткандай. Чукугандай сөз тапкан, илибой жерден жана илибой кырдаалдан чыгып кеткенди жакшы өздөштүргөн Айбек Калмыковичти Оштун эли абдан колдошот экен. Ал акыркы беш жылда Ошто областтык прокурор болуп иштеп, элдин тилин таба билген, элге жакын болгон. Анын пайдасы эле тийбесе, зыяны тийген жок. “Айбек Турганбаев Баш­кы прокурор болушу керек” – дешип, түштүктөн активисттер кайрылуу жолдошуптур. Алардын пикирин гезитке кыскача маалымдайбыз. Калмыкович Жолдубаеванын ордуна барып калса жаман эмес.

Булак: “Ачык саясат”

Видео - Канайым Раиса Атамбаева Манастын аялы Каныкей тууралуу кинороликке тартылды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын буйрутмасы менен “Манас” эпосунан үзүндү баяндаган киноролик тартылды. Анда Манастын аялы Каныкейдин Айкөл жарына кандагай тигүүдөгү уздугу, Кошой балбан менен Жолойдун күрөшүнө даярдык, Каныкейдин Кошойдон Семетейдей уул төрөп алууга бата алгандыгы жана Семетейди төрөгөндүгү баяндалат. Кинороликке Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева, жаш актриса Элина Абай кызы, ырчы Аяна Касымова жана башкалар тартылды.

Ысык-Көлдөгү СДПКнын эрке талтаңдары

Ысык-Көл областындагы кадр саясатын бийлеген эки эрке талтаң бар. Бири Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров, бири Ысык-Көлдөгү СДПК партиясынын штаб башчысы Анарбек Белеков. Кадрдык дайындоолордон канча каражат түшүп жатканы белгисиз, бирок дал ушул эки кишинин көрсөтмөсү менен жергиликтүү жетекчилер кызматтан алынып, ­кызматка дайындалышат. Албетте, бул көрүнүш элге жагымсыз. Кечээ жакында Түп менен Ысык-Көл районунун акимдери да Данияр Аттокуровдун кыстаганы менен кызматтан кетишти. Аягында акимдер чыдай албай арыз жазышкандарын айтып жүрүшөт. Мындай жагдай качанкыга чейин созулат? Буларга чара көрчү киши жокпу? Атамбаев болбосо да Икрам Илмиянов көңүл бөлүп койсо боло…

Булак: “Ачык саясат”

“Мейдан”: Төңкөрүш аракетинен кабардар болгон Эрдоган кимге эмне буйрук берген?

Түркиянын Аскердик Башкы Штабы, Улуттук чалгындоо кызматы (MİT) 15-июлдагы төӊкөрүш аракети жөнүндө ошол күнү саат 16:00дө кабарлаганын жана Штабда катар-катары менен кризистик башкаруу жыйындары болгонун белгиледи. Мамлекеттин жогорку жетекчилери төңкөрүш жөнүндө түштө эле кабардар болгонуна карабай, аны токтотууга аркет көрбөгөнү белгилүү болду.

15-июль жума күнү болгон окуялар боюнча шектенүү жараткан деталдар белгилүү боло баштады. Аскердик башкы штабдын билдирүүсүнө караганда төңкөрүш болоору саат 16:00дө эле билинген. Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси, барымтага алынган аскердик штабдын жетекчиси Хулуси Акарга саат 18:00дө кабар беришкен. Коопсуздук кызматтары төӊкөрүш жөнүндө 6 саат мурун кабары болуп туруп, жолтоо болуу үчүн кандай иштерди аткарды?

Төңкөрүш аракети 22:00дө бир канча аскердик топтун Босфор көпүрөсүн жаабусу жана Анкарада F-16 учактарынын жерге жакын (ылдый) учушу менен башталды.

Кыска убакытты Бештепе районундагы президенттин резиденциясына 15 жоокер, Түрк парламенти, “Ататүрк” аэорпорту, Башкы Штаб жана куралдуу күчтөр, Улуттук чалгындоо кызматы, Ички иштер башкармалыктары, ТРТ каналынын имараттары аз сандаган аскерлер тарабынан басып алууга аракет жасалды. Аскердик башкы штабдын командири жана куралдуу күчтөрдүн командирлери барымтага алынды.

ЖООБУ ИЗДЕЛГЕН СУРООЛОР

Улуттук чалгындоо кызматы тарабынан Аскердик башкы штабына саат 16:00дө кабар берилген болсо, президентке жана өкмөт башчысына кабар берилбей калуусу мүмкүнбү?

Башкы командир Эрдоган, төңкөрүшкө жолтоо болуу үчүн кандай буйруктарды берген?

Эрдоган эмне үчүн Мармаристеги мейманканадан коопсуз жерге алып барылбады?

Төңкөрүш алдын ала билинген болсо, эмнеге Башкы штаб жана Куралдуу күчтөрдүн командирлери штабда чукул жыйындар өткөрүшкөнүнө карабай кантип барымтага алынды?

Төңкөрүш жөнүндө алдын ала маалымат алынса, эмне үчүн командирлер тойго катышты?Төңкөрүштү билип туруп жолтоо болбогондор, козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн жарандар үчүн жооп береби?

“Ачуу чындык! Улуттук чалгындоо кызматы (MİT) президентке эч маалымат бербеди” деп маалымат таратып, анан кийин Улуттук чалгындоо кызматы маалымат берген деп кабарлаган медиа эмне максат кылууда?

Өздөрүнө “Журтта тынчтык кеңеши” деп атаган козголоңчулар, бийлик партиясын эмес, парламентти бомбалаганы эмнеси?

Саат 16:00дө эле төңкөрүш аракети тууралуу маалымат алынганына карабай Ички иштер министрлиги төӊкөрүшкө каршы эмнеге саат 22.00дө чара көрө баштады? Андан мурун эле чара көрүлсө алар кайсылар?

17:30да Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Башкы Штаб жетекчи орун басарына жолугуп, төңкөрүш жөнүндө деталдуу маалымат берген.

18:00дө маалымдаганына канааттанбаган Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси, Башкы штабдын имаратына барып, Башкы штаб жетекчисине, орун басарына жана Жер күчтөрүнүн командири менен жашыруун жыйын өткөрөт. Жыйында бүт деталдар сүйлөшүлүп, керектүү чаралар талкууланат.

18:30да Аскердик Штабдын жетекчиси Хулуси Акар, бардык аскердик бөлүктөргө буйрук берет. Өлкө боюнча абада эскердик учактардын такыр учпоосуна, аскердик бөлүктөрдүн бардык окууларын токтотуусун, аскерий окуу жайларды контролдоо үчүн жер күчтөрү командирине буйрук берилгенине карабай аскерий F-16 учактары кантип учушту? Козголоӊчу офицерлерге буйрук жетпегенби?

Төңкөрүш аракетинен кабардар болгон Эрдоган кимге эмне буйрук берген?

Бир ууч аскердин аракетине эмне үчүн башка бөлүктөр тарабынан чара көрүлбөдү?

МАМЛЕКЕТТИК АНАДОЛУ КАБАР АГЕНТТИГИНИН КОНТРАСТТАРЫ

Анадолу агенттиги 18-июль күнү абоненттерине 15-июлдагы төңкөрүш аракети боюнча ошол күнкү болгон окуяны саат-сааты менен түшүндүргөн  кабарды берди. Бирок кызыгы, ошол кабар бир канча убакыттан кийин алынып салынды. Эмне үчүн? Ошол кабарда Аскердик башкы штабтан саат 16:00дө төңкөрүш боюнча маалымдалат. Кийин 16.30да дагы жетекчи орун басарлар жолугушуп сүйлөшөт. Ушуга карабай керектүү коопсуздук чаралары эмне үчүн көрүлбөдү? Эгер чаралар көрүлсө алар кайсылар? Анадолу маалымат агенттигинин кабарында төӊкөрүш планы билинип калганы үчүн түнкү саат 03:00дө башталчу аракет 6 саат (21.00гө) мурун баштаганга туура келет.

ПРОКУРОР МААЛЫМАТ БЕРДИБИ?

208 кишинин өлүмүн алдын алса болот беле? 15-июль күнү Прокурордун орун басары Окан Бато тарабынан телефон сүйлөшүүлөрдөн жашыруун тыӊдалып алган маалыматтары менен кайсы мамлекеттик органдарды кабардар кылды? Түрк куралдуу күчтөрү ичиндеги козголоңчу топ, Измир прокурор орун басары Окан Бато тарабынан качантан бери тыңдалып жаткан эле?

ЧАЛГЫНДОО МААЛЫМАТЫ МАНИПУЛЯЦИЯГА УЧУРАДЫБЫ?

Өкмөткө жакын A Haber каналынын “Ачуу бирок чындык:  Улуттук чалгындоо кызматына маалымат бербеди” деген кабарынан кийин, Анадолу маалымат агенттигинин берген кабарында Улуттук чалгындоо кызматынын төӊкөрүш боюнча саат сайын эскерткени белгилүү болду. Чалгындоо кабары эмне үчүн бурмаланып берилди?

Булак: PostMedya

Фото - Аксыдагы Кербен шаарында шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти

Кечээ, 21-июль күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында күндүзгү саат 15:40 чамасында ылдамдыгы секундасына 15-22 метрге чейин жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Жардуу-Колот участкасынын МДС көчөсүндөгү 2 кабаттуу №4 көп адам жашоочу турак үйдүн 4-киришиндеги (подьездинин) чатырынын үстүндөгү кошумча жабылган жалпы аянты 120 м3 түзгөн тыникесин шамал учуруп, жарымы турак жайларга жакын жайгашкан электр мамычасындагы чубалгыларына илинип калган, чубалгыда электр тогу жок болгон.

Аксы райондук РЭС ишканасы тарабынан 4 адис, 1 атайын унаа жана Кербен шаардык мэриясынан 8 адам, 1  атайын унаа тартылып, калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүшүүдө.

Кербен шаар мэриясы кызматкерлери электр чубалгысына илинип калган тыникени түшүрүп, коопсуз жайга алып, турак үй ээсине жардам көрсөтүү жумуштарын жүргүзүшүүдө.

Тунике2

Тунике3

Тунике4

Тунике5

Видео - Алмазбек Атамбаев: "Бул бийлик кетет, иши бүттү"

Бул видеолор 2009-жылы президенттик шайлоо учурунда Ысык-Көл облусунда тартылган. Анда ажолукка ат салышкан Алмазбек Атамбаевге эл ишеним артып, кыйкырык сүрөөн менен тосуп алып, колдоо көрсөтүп турушат. Элдин маанайынан “эгер ушул адам президент болсо өлкөнү өйдөлөп кетет эле” деген ишеничти байкоого болот. Албетте, андан бери алты жыл ашык убакыт өттү. Ал эми өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болду? Максатына жеткен Атамбаев айткандарын аткардыбы? Турмушубуз чындап эле оңолдуп кеттиби?  – деген суроолор жооп күтүп тургандай. Ажонун болсо кетээрине аз эле убакыт калды…

ICG: 2015-жылы ЕАЭБ ичинде товар алмашуу 26 пайызга төмөндөп кетти

Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) ичиндеги товар алмашуунун көлөмү 2015-жылы 26 пайызга азайып кетти. Бул тууралуу Эл аралык кризистик топтун (ICG) “Евразиялык экономикалык биримдик: Бийлик, саясат жана соода” аттуу баяндамасында айтылат.

Документте белгиленгендей, Орусия жетектеген уюмдун ичинде сооданын төмөндөшү соода жүргүзүү боюнча ички келишпестерге, санкциялардын иштеп жатышына жана жалпы эле аймактагы экономикалык каатчылыкка туш келди. Сынчылар ЕАЭБди “Аймакта Орусиянын үстөмдүгүн жогорулатууга алып келген долбоор” деп атап, уюмдун башка мүчөлөрүнүн Батыш менен болгон мамилесин чектейт деп эсептешет.

Бажы биримдигинин негизинде ЕАЭБди түзүп жатканда Казакстан, Орусия жана Белорустун жетекчиликтери уюмдун максаты өлкөлөрдүн экономикасын чыңдоо, товар, капитал жана жумушчу күчтөрдүн бир рыногун түптөө деп билдиришкен. 2015-жылы биримдикке Кыргызстан менен Армения дагы кошулду.

Баяндамада айтылгандай, өлкөлөр ортосундагы сооданы жана эмгек миграциясынын шарттарын жеңилдетүүгө багытталган экономикалык долбоор деп эсептелген ЕАЭБде тышкы тарифтердин жогорулап кетүүсү жана өлкөлөрдүн экономикалары дүйнөлүк рыноктордон алыстап кетиши мүмкүн деген коркунучтар бар.

ICG’нин пикиринде, негизги кыйынчылыктар Орусия уюмду экономикалык бирикме катары гана эмес, коңшуларына таасир этүү жолдорун жөнгө салуу механизми катары дагы көргөнүнөн келип чыгууда деп эсептейт. Баяндаманын авторлору белгилегендей, мындай мамиле уюмдун ичинде мүчөлөрдүн келишпестигине алып келүүдө.

Садага чабылган Саматов эми кайда барат?

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов акыры көксөгөнүнө жетти окшойт. Анын элдешкис душманы Жыргалбек Саматов менен болгон тирешине Жогорку сот чекит койгондой болду. 8-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Саматовду “Орусиянын жарандыгын алган” деген бүтүм менен мандатынан ажыраткан эле. Буга нааразы болгон депутат Биринчи май райондук сотуна кайрылып, ал жерден жарытылуу жооп ала албагандан кийин Жогорку сотко кайрылган, “мандатымды мыйзамсыз алып койду, кайрып бергиле” деп. Жогорку сот маселени карап, БШКнын чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин соттон эки жолу утуп, депутаттык төш белгисин кайтарып алган Жыргалбек мырза азыр маанайы чөгүп, күнкарама соттордун күндө ар кандай чечим чыгарганына ызырынып турган убагы. Жогорку соттон жолу болбогон Саматов эми кайсыл жакка кайрылат болду экен?

Булак: Кyrgyztoday

Кашкар менен Сүйүндүн тиреши күч алдыбы?

ИИМ министри Кашкар Жунушалиев менен анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун ортосунда тымызын тирешүү бар экен. Албетте, Кашкар мырза да беттегенин бербеген, анча-мынчага сатылбаган киши эмеспи. Бардык документацияны өз колуна алып, чычканга кебек алдыртпай жатыптыр. Анан Сүйүнгө эч нерсе жок да. Ошто өзүмбилемдикке көнгөн немеге кыйын болгон экен. Айланасындагыларга “мен баары бир министр болушум керек” деген оюн ачык билдирип, айтор Өмүрзаковдун короосунда майрам анчейин эмес. Же чын эле Сүйүн министр болсо кыргыз милициясы оңолуп кетет беле? Болбосо Кашкардын деле колунан “пок” келчүдөй эмес. Конганын кадрларын ишке алып, ички курамды иренжитип баштады.

Булак: “Ачык саясат”

Союзбек Салиев жалгыз моторлуу учак менен дүйнө жүзүн кыдырат (фото)

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков учак менен жер жүзүн кыдырууну пландаган өлкө жараны Союзбек Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

С.Салиев маалымдагандай, бул саякат Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат жана ал Mooney Ovation 2 жалгыз моторлуу учакта ишке ашырылат.

Бишкектен учуу үстүбүздөгү жылдын август айынын башталышына пландаштырылган, жалпысынан аба аркылуу 26 мамлекетти – Араб чөлдөрүн, Ариканск саванналарын, Бразилия жунглилерин, Амазонка дайрасын жана башка аймактарды басып өтүп, жалпысынан 47,6 миң километрди ашуу максаты коюлган.

Премьер-министр С.Салиевдин демилгесин өз өлкөсүнүн патриоту катары баалап, Кыргызстандын мамлекеттик желеги менен 26 өлкөнү учак менен ийгиликтүү кыдырып чыгууну каалады. Ошондой эле өкмөт тараптан аталган иш-чараны ишке ашырууга тийиштүү колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи.

«Бул Кыргызстан желегинин алгач ирет дүйнө жүзүн айланып учуусу болот», – деди С.Салиев.

Жолугушуу жыйынтыгында өкмөт башчы С.Салиевге Кыргызстандын Мамлекеттик желегин тапшырды, учкуч аны дүйнө жүзү боюнча жасалчу саякатында жанында алып жүрмөкчү.

5 3 4

Данияр даттанбайм дейт, бир билгени барбы..?

Түрмөдөгү Н.Түлеевге жардам берем деп анын кызынан олчойгон пара алган президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев учурда УКМКнын СИЗОсунда жатат. Экс-депутат Х.Коркмазовду ортого салып, Түлеевдерден алган акчасы аш болбой, алкымынын айынан абакка отурууга аргасыз болгон. Юридикалык билими бар, азыркы Конституциянын жазылышына кол кабыш кылган Данияр мырза учурда унчукпай эле жаза мөөнөтүп өтөп жатат. Бишкек шаардык соту анын үй-мүлкүн конфискациялап, 3 жылга эркинен ажыраткан. Нарымбаевдин жактоочусу Михаил Заумандын жергиликтүү басылмаларга билдиргенине караганда, ал азырынча соттун чечимине даттануу боюнча оюн билдире элек. Буга чейин “Кыргызстандагы соттордун адилетсиздигин башыма иш түшкөндө билдим” деп кайгырган Данияр мырза соттордон түңүлүп калдыбы же дагы бир билгени барбы? Жакын санаалышы Өмүрбек Текебаев бул маселени тез-тез көтөрө калып жүрдү эле, же акыры ошол киши Нарымбаевди абактан сууруп чыгабы?

Булак: Кyrgyztoday

Сариевдин жардамчылары кытайлардан алган алты миллион долларды кимге беришкен?

Сариевдин жардамчылары кытайлардан алган алты миллион долларды кимге беришкен? Эмне үчүн ал иш боюнча тынчтык өкүм сүрүп жатат? Же Сариевге сот жокпу? Коррупцияга каршы күрөштү калыстык менен жүргүзүш керек го ыя? Сариеви болбосо башкасы жооп берсин да ботом. Кылмыш ишин ара жолдо калтырып салганыңар эмнеңер ыя? Элдин убалынан корксоңор боло. Малабаевде күнөө болсо ал камалсын, Темирде күнөө болсо ал камалсын. Миллиондорду жегендер эркиндикте жүрө беришеби? Соодалашып бүтпөй жатасыңар го ээ?

Булак: “Ачык саясат”

Кыргызстанда 150 миңден ашуу аял ала качуунун натыйжасында күйөөгө тийгени аныкталды

Укук коргоочулардын баамында өлкөдө жыл сайын 12 миңдей кызды ала качышат. Алардын эки миңге жакыны сексуалдык зомбулукка кабылат.

БУУнун маалыматы боюнча Кыргызстанда жыл сайын аялдарга карата 3 миңдей кылмыш жасалат. Тагыраак айтканда, зордуктоо, денеге жаракат келтирүү, токмокко алуу, катаал мамиле жасоо жана үй-бүлө курууга мажбурлоо учурлары катталып турат.

Расмий статистикага ылайык, өлкө калкынын 2 миллион 987 миңин аял кишилер түзөт. Эл аралык изилдөө жүргүзүлгөндө 150 миңден ашуу аял ала качуунун натыйжасында күйөөгө тийгени аныкталды.

Жакында эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда үй-бүлө куруу үчүн кызды алуу факты боюнча кылмыш иши козголду. 20 жашар Айнуранын ата-энеси кыздын пикирин эске албастан буга чейин ажырашып кеткен кишиге күйөөгө берип салышкан. Айнура аргасыздан Казакстанда жашаган курбусу Айгүл Аблаевага жардам суроого мажбур болгон.

Жабыркаган Айнура туугандарынын нааразы болушунан коркуп, эч кимди сотко бербей турганын билдирген. Учурда ал досторунун үйүлөрүндө жашоодо. Кыздын туугандары милиция жеке жашоого аралашты деп нааразылын айтып, башка органдарга арыз жазып кайрыла турганын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкек шаарына жаңы прокурор болуп Кубанычбек Бейшекеев дайындалды

Кубанычбек Бейшекеев Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

К.Бейшекеев буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасын жетектеген.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мурдагы прокурору Нурлан Сулайманкулов 20-июлда өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, ага башкы прокурор кол койгон.

Сокулук районунун Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Алмаз Атамбаев “Кыргыз Рсспубликасынын Чүй областынын Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын долбоору Жыламыш айылынын жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын административдик-территориялык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан даярдалган.

Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Сокулук районунун Гавриловна айыл аймагындагы Жыламыш айылы 1919-жылга чейин Жангарач айылы деп аталган. Кийинчерээк ал Чапаев, андан соң – Жыламыш айылы деп кайра аталган. Муну Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин материалдары тастыктап турат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Шашылыш билдирүү: Нөшөрлүү жамгыр, күчтүү шамал, сел коркунучу күтүлүүдө

2016-жылдын 21-июлунда күндүз жана 22-23-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 22-июлда жана 23-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

  2016-жылдын 21-23-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу,  республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 19-июлунда КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Видео - "Көчө футболу" боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстан менен Шотландиянын мелдеши

Шотландиянын Глазго шаарында өткөн “Көчө футболу” боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргыз кыз-келиндери 2-орунду багынта алышты.

Бул мелдешке дүйнөнүн 64 өлкөсүнөн 18 команда катышкан.

Фотобаян - Бүгүн имамдар окуу курсун аяктаган Ош облусундагы 70 мечит имамына сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 21-июлда Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана “Ыйман” фонду биргеликте уюштурган имамдар курсу жыйынтыкталды. Аталган окуу курсунун сертификат тапшыруу аземине Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, “Ыйман” фондунун өкүлү Муртаза Камбаров, Теология факультетинин деканынын орун басары Ферхат Гөкче жана телогия илимдеринин доктору Зайлабидин Ажимаматов катышты. Окуу курсуна Ош облусунун Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунан катышкан 70 имамга аталган курсту ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды. Мындан сырткары Ферхат Гөкче Түркиянын “Диянет” фондунун колдоосу менен Теология факультетинин окутуучулары тарабынан даярдалган “Ислам мазхабдарынын тарыхы жалпы өзгөчөлүктөрү”, “Илимде из калтырган мусулман илимпоздор”, “Абу Ханифа жана анын окуусунун Фергана өрөөнүндө калыптануусу” аталышындагы китептерди имамдар үчүн белекке берди.

Ыйман фондунун өкүлү  Муртаза Жолдошовдун айтымында “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында эки жумалык окуу курсунда диний сабактардан сырткары “Тайм-менеджмент”, “IT –технология”, “Исламдагы укук негиздери”, жана “Сүйлөө чеберчилиги”   сабактары  окутулган.

Эскерте кетсек, алдыда Ош облусунун кезектеги имамдарын окутуунун экинчи этабы башталмакчы.

Имамы мечетей10

Имамы мечетей11

Имамы мечетей3

Имамы мечетей4

Имамы мечетей5

Имамы мечетей6

Имамы мечетей7

Имамы мечетей8

Имамы мечетей9

Имамы мечетей12

Түп районунун акими кызматтан кетти

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Ишен Кожалиев берген арызына ылайык Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жардамчысына “зонтик” карматкан Бишкектин прокурору Нурлан Сулайманкулов жумушунан кетти

Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сулайманкуловдун кечээ өз каалоосу менен иштен кетүү тууралуу жазган арызына бүгүн башпрокурор Индира Жолдубаева кол койгон.

Эске салсак, Нурлан Сулайманкуловдун жардамчысына кол чатыр карматып турган сүрөтү интернетте тарап, кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк анын мындай бай-манаптык жоругун сынга алган эле.

Кошоматчылар Атамбаевди жардан учурат - Качкын Булатов

Чабал президент, өкмөт, парламент, калган ууру кабинеттер силерге өкмөттүн саясатын жүргүзгөн ММКлар жетишпейби? Же өкмөттө кызматты ээлеген, кошоматчы, ууру чиновниктердин менчик гезиттери силерге жөлөк болот деп ойлойсуңарбы? Уурулугуңар ашкереленип, элдин ырыскысын жеп, уурдап жургөнүңөрдү жашырууга өкмөттүн ММКлары аздык кылып жатабы? Баары бир акыр аягы элге ууру экениңер четинен билинип эле келетат го. Бир эле Атамбаевдин ишенген адамы Д.Нарынбаев эмне деген ууру экенин көргөзө алды. Мындан ары канчанкыга чейин уурдайсыңар? Чабал президентке кол кабыш кылып, жардам бергендин ордуна, так силер ого бетер басмырлап, шылдыңга алып, мактап жатканыңар курусун, Атамбаевди элге жек көрүндү кылган дежур гезиттер анын журналисттери. Элге Атамбаевдин жетишкендиги, болбосо алдыңкы өнүккөн элдин жетишкендигин жазгандын ордуна бийликке күзгү болгон оппозициячыл журналистерди жамандагандан башка билбейсиңер. Ошону кубаттаган президенттин катчысы, кеңешчилери кем чонтой экенин билгизип жатпайбы. Токтоткула, президентти шылдыңга алганыңарды! Силер мактап отуруп Акаев – Бакиевди жардан алыс түртүп жибересиңер, эми Алмазга асылдыңар. Алмаз Шаршенович, кошоматчы журналисттерден алыс болчу! “Дос күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат” айтат эмеспи, же өз башынан өтпөсө бир жөн.

Качкынбек Булатов, укук коргоочу

“Гонджа” курулуш компаниясы коопсуздук талаптарын бузуп жатканы аныкталды

Бишкек шаарынын Орозбеков менен Чуйков көчөлөрүнүн кесилишинде “Гонджа” курулуш компаниясы курулуштагы коопсуздук талаптарын бузуу менен иштеп жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекцияны басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда аталган курулушта материлдар, жабдыктар башаламан жайгашкан, курулушчулар чалынып кырсыктоосу мүмкүн, 1-кабаттан 2-кабатка чыга турган тепкичтер, ошондой эле курулуштун кабаттарынын чеке белдери тийиштүү материалдар менен тосулган эмес. Айрым кабаттарында суу түтүкчөлөр өтүүчү тешиктер жабылган эмес. Мунун баары куруучуларды кырсыкташына же өлүмүнө толук алып келүүсү мүмкүндүгүн Мамэкотехинспекциянын эмгекти коргоо башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча башчысы Турус Жумагулов белгилейт.

Андыктан курулуш компанияга тез арада белгиленген кемчилдиктерди жоюу, ошондой эле куруучулардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмалары берилди. Мамэкотехинспекция курулуштагы аныкталган кооптуу жагдайлар бир айдын ичинде жокко чыгарылбаса курулуш иштери токтотула турганын билдирди.

Баткенде көп жылдан бери жерин коргоп, "чек арачы апа" атыккан Урулка Алимбаева каза болду

Бүгүн, 21-июнда Тажикстанга чектеш Баткен районунун Кара-Бак айылында жашаган чек арачы апа Урулка Алимбаева көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Урулка апа атасынан калган 1 гектар өрүк бакты тажикстандыктардан коруп «чек арачы апа» деген атка конгон болчу. Тажик жарандары 1 млн сомдон ашык акча каражаттарын сунуш кылып «карыдыңыз, эми жерди бизге сатыңыз» дегенине карабай өмүрүнүн акырына чейин чек арада жашап, өз жерин өзгөлөргө бербей коруп келген.

Урулка апа 73 жашта болчу.

Меню