Menu

Жон Керри Түркия НАТОдон чыгарылышы мүмкүн экенин билдирди

Эгерде Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин башталган массалык тазалоодо демократия принциптери сакталбаса, өлкө НАТОдон чыгарылышы ыктымал. Бул тууралуу АКШнын мамкатчысы Жон Керри билдирди. Анын айтымында, АКШ «Түркиянын шайланып келген жетекчилигин колдойт». Бул тууралуу Independent кабарлады.

Ошону менен катар мамкатчы белгилегендей, АКШ Түркия өкмөтүн «демократиялык институттардын эң жогорку стандарттарын жана мыйзамдын бийиктигин сактоого» чакырды.

«Биз албетте төңкөрүштү уюштургандарды адилеттүү жазалоону колдойбуз. Бирок чектен чыгып, демократиялык эрежелерге доо келтирбөөнү эскертебиз», – деди Керри.

Түркияда төңкөрүш аракетине катышкан бир топ аскерлер камакка алынды. Алардын арасында Экинчи армиянын (Кургактыктагы аскерлер) башчысы Адем Худути бар. Укук коргоо органдары аскерий аба күчтөрүнүн мурунку башчысы Акин Озтүрк дагы кармалганын билдирди. Бул эки аскер төңкөрүштүн башында турган деп эсептелүүдө. Мындан тышкары түштүктөгү Испарта провинциясында дагы эки генерал – Метин Аккай менен гарнизон жетекчиси Мустафа Курутмаза кармалды. Түркиядагы куралдуу козголоң 15-июлда түнү башталган.

Аскерлерден турган топ жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу үчүн бийликти өз колуна алганын жарыялаган. Түрк өкмөтү таң атканга чейин көзөмөлдү толугу менен өзүнө кайтарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алмаз Атамбаев журналист Дайыр Орунбековдун "Маалымат.kg" сайтын жаптырып салды

Журналист Дайырбек Орунбековго караштуу “Маалымат.kg” сайты жабылды. Бул тууралуу Орунбеков фейсбуктагы баракчасында билдирди.

“Урматтуу “Маалымат.kg” сайтынын окурмандары, бийлик биздин сайттын ишмердүүлүгүн токтотту. Аламүдүн райондук соту, “Маалымат.KG” сайты катталган “Азия инфо” ишканасына расмий билдирүү кылып, сайтты жаптырып салды. Бул Атамбаев менен соттошума байланыштуу. Мага караштуу мүлктөрдү камакка ала баштады”, – дейт Орунбеков.

Бишкек: мечиттерде түнкүсүн микрофон менен азан айтууга тыюу салынат

Борбор калаадагы мечиттерде түнкүсүн үн күчөткүчтөр менен азан айтууга тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкек мамсанэпиднадзор борбору билдиргенин Кnews маалымат агенттиги жазды. Маалыматка караганда шаар тургундары уйкусу бузулуп жатканын айтып арызданышкандан кийин, аталган мекеме бардык мечиттердин имамдарына түнкүсү азанды микрофон менен айтпоо боюнча эскертүү беришкен.

“Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин муфтият бул сунушка макул болду. Бишкек мамсанэпиднадзор борбору бир жума ичинде аталган тапшырманын аткарылышын көзөмөл кылат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ала-Буканын Кошалмурут айылынын Алмаз Атамбаевге ачык каты: Элдин сабыры түгөндү

Ала-Бука районунда жайгашкан Кош-Алмурут айылы Өзбекстан  менен чектеш.  Айылдыктар үчүн эң көйгөйлүү маселе – көпүрө, таза суу, жайыт. Айылда баардыгы болуп  600 дөн  ашык түтүн эл жашайт. Чоң сай суусу Кош-Алмурут айылын экиге бөлүп, көпүрө  бул айылды бириктирип, райондун борбору жана башка айылдар менен байланыштырып  турган  жалгыз жол болуп саналат. Мындан башка жол жок. Ошондуктан айылдыктар үчүн көпүрөнүн мааниси өтө чоң.

Жакында араң эле  турган, жогоруда айтылган көпүрөнү сел алып кетип, жашоо кыйындап,   тургундарынын сабыры түгөндү, анткени беш жылдан   бери көпүрө авариялык абалда (андан унаа эмес жөө жүрүү  өмүргө коркунучтуу) болчу. Себеби көпүрөнүн 5 см ге да жетпеген  бир учу (селде так ошол учу жабыркады) жыл өткөн сайын жарылган тирөөчтө  эптеп эле  илинип турчу. Ал сел болбогон күндө да, бир күнү сөзсүз куламак.

Кулап жаткан көпүрөнү көрүп (тиркелген сүрөттө), анын  талапка ылайык салынганын айтуу кыйын. Көпүрөнүн каптал жагына  бетон тирелип, көпүрө коюлчу жагына  30 см  бетон куюлуп, ортосу кум менен толтурулуп, анын үстүнө темир учкай жаткырылып  асфальт төшөлүптүр. Ал эми ортосундагы бир метрлик тирөөч, көпүрөнүн бир башы кулаганда омкорулуп кетекенин  баамдоо үчүн эксперт болуунун деле кереги жок.

Негизинен  бул кырдаалдын алдын алып  жергиликтүү бийлик өз убагында  көпүрөнү бекемдеп, оңдош керек болчу.  Тескерисинче биз:  “Тобокел кылып жүрө берсек бир күнү кырсыктап жоготуулар болот, көпүрөнү бекемдейли. Бекемдөө иштерине күч жагынан кол кабыш кылып, каражат жагынан  да жардамдашалы” – деп демилге көтөрүп, бир нече жолу кеткен акимге,  айыл өкмөткө алдын ала кырдаалды айтканбыз, бирок эч майнап чыккан эмес.

Азыр  жергиликтүү бийлик: “Көпүрөнү тургузууга көп каражат кетет. Быйыл өтпөй калды.  Бир  жылдан кийин көпүрө курулат” –  деп, элдин кыжырын келтиришүүдө.

Эмне үчүн  Кош-Алмурут көпүрөсүнүн авариялык абалы жөнүндө бийлик алдын ала элдин маалымдоолору менен  кабардар болуп туруп, беш жылдын ичинде МЧСке өткөрүп, демилгечи эл менен биргеликте ремонттоо иштерин уюштуруп, көпүрөнү  кыйроодон  аз чыгашалар менен сактап калуу айласын табышкан жок? Эмне үчүн МЧС өздөрүнө тиешелүү обьектилерине – сайдын боюн бекемдөөчү габиондорду кээ бирлер огороддорун коруп, тоокана салып алышканына шалаакылык кылып   көзөмөл жүргүзүшпөйт? Жылдан жылга  сайлар кеңейип, жолдорубуз да жырылып жатат.

Алыскы райондордун жергиликтүү мамлекеттик органдарынын иш-милдеттерин, функцияларын, программалардын, Мыйзамдардын, Президенттин жарлыгынын  аткарылышы талаптагыдай көзөмөлдөнбөгөндүктөн; (Президент, Өкмөт – аларга жөнөтүлгөн арыздарды областка шылтап) экспертизалар, текшерүүлөр чындыкка жакын жүргүзүлбөгөндүктөн; туура эмес иши үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбагандыктан бул жоопкерсиздиктер болуп жатат.

2009-2010 жылдары Ноокенден келген  Т.С. Сагындыков деген кадр Ала-Бука районунда аким болуп иштеп кеткен. Ал  өз ишин билген, көптөгөн көйгөйлөрдү – жайыт, таза суу, сугат суу, Орто токой суу сактагычы, чек ара жана башка маселелерди четинен, эч кандай каражат, жогорку бийликтин жардамы  жок эле сөз билиги, иш билги сапаттары менен  өзү чечип жаткан.

Ала-Букалыктар – “такшалган, чыныгы жетекчи келди, эми районобуз оңолот!” – деп аябай сүйүнгөнбүз. Бирок тилекке каршы ал иштен кетип калды. Ушундай адамдарды кетирбей алардын  иш-тажрыйбаларын, башкаруу ыкмаларын мамлекеттин өнүгүүсү үчүн колдонуш керек болчу. Сагындыковдой аким болсо гана деп, азыркыга чейин өкүнөбүз.  Өзүбүздүн Ала-Букадан чыккан акимдер  бизге капа болушпасын. Ала-Бука району бардык жагынан арта калганын айтпай эле коелу, эл кыдырып бизге окшогондордун көйгөйлөрүн чечпей, адаттагы акча жок дегендерин айтып,  стол кучактап, ордун кайтарып отуруп  жарытылуу иш кылбаган натыйжаларынын бири Кош-Алмурут көпөрөсү эмеспи.

Эмне үчүн бийлик, мыйзам чегинде грант алып, долбоор жазып, элдин көйгөйүн чечүү демилгеси жокторду; элдин  (бюджеттин) каражатын  натыйжалуу колдонбогон,демилгечи жарандардын акылын колдонуп, күчүн пайдаланып элди уюштура албаган, тескерисинче кызматын тарттырып жиберчүдөй кызганып, аларга бут тозгондорду; ооз толтура -“акча жок”-  деген  сөздү,  жалган убадаларды, чеберчилик менен айткадарды, “акча табуу  планы, жөндөмдүүлүгү жок,тигини жасаш керек муну жасаш керек, антиш керек минтиш керек” – деген,  бүдөмүк божомолдоолор менен чектелген жетекчилерди колдойт? Дегеле бийликтин көздөгөн максаты шайлоонун эле камын көрүүбү?

Катуу айтсак жаман көрбөңүздөр,  бул катуу сөздөрдү   элдин мүмүкүнчүлүгү азайгандан азайып, чыгашасы, жоготуулар, түйшүгү көбөйгөндөн көбөйүп, жашоо шартыбыз өзгөрбөгөндөн,  айтууга мажбурбуз.

Биздин айылга дегеле таза суу  кирген эмес. Таза  суу эмне экенин билбейбиз. Жакшы заман келди, канчалаган президент алмашты, депутаттар убада беришет,  айыл өкмөт:  “Таза суу киргизип беребиз” – деп түтүн башынан  акча  чогултат. Азыр акча да, суу да, өздөрү да жок. Эл баштагыдай эле өз көйгөйү менен өзү.

Айылдаштарым өмүр бою арыктан суу тундуруп ичет же айылдын четиндеги булактан суу алышат. Булакка жете албагандар  жол боюндагы айылдардан унаабыз менен суу ташыганыбыз ташыган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин  жергиликтүү бийликтен үмүт үзбөй – “жакшы заман келээр, айлыбызга да таза суу  киргизишээр” – деп бийликке залакабызды тийгизбей,  түшүнүү менен мамиле жасап, мал багып, дыйканчылык кылып, азык түлүгүбүздү жыл бою райондун базарына алып чыгып  сатып, кээ бирибиз унаабыз менен жүргүнчү жана ичээрге суу ташып,  бала бакырабызды эптеп көпүрөнүн жардамы менен багып, өзүбүз менен өзүбүз болуп күн өткөрүп келгенбиз. Азыр көпүрөбүз,  ичээрге таза суубуз, жайыт жок сабырыбыз түгөнүп  арызданып отурабыз.

Кир суу ичип ден соолуктан айрылганыбыз аз келгенсип, былтыр бир  миң гектардан ашык  жайыт Өзбекстанга  өтүп,  жайытыбыз  жок калдык. Эми  өзүбүз, балдарыбыз  кырсыктап, мүлкүбүз талкаланып азапта калганы турабыз.

Урматуу Алмазбек Шаршенович! Чыныбай Акунович!Сооронбай Шарипович!

Эмне үчүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерди тоскоолдуксуз жана  кечиктирилгис түрдө  жоюу үчүн  каржылык жана материалдык резервдер түзүлгөн эмес?Эмне үчүн бийликтин кетирген кемчилиги үчүн эл жапа чегиш керек?

Көпүрөнү сел алганына жарым ай болду. Көпүрө  эмдиги жылы курулат дешүүдө. Бир жылга чейин кантип күн көрөбүз? Бизге азыр көпүрө керек.

Азыркы  түзүлгөн кырдаалда,   унаалар суу жырган чуңкурга тыгылып, урулуп-согулуп,  а шорду  эл жүгү менен таштан-ташка секирип,  суу кечип, бут кийимдери жыртылып чыгаша  тартууда (Кудай өзү сактасын, күз-кыш айындагы таягакта  кырсыкташсачы),  кошалмуруттуктарга    компенсациялар берилеби? Ошондой эле Кош-Алмурут айылына  качан таза суу кирет?- жооп берип койсоңуздарды  суранабыз.

Ала-Бука мост

Ала-Бука мост4

Ала-Бука мост5

Ала-Бука мост6

Ала-Бука мост7

Ала-Бука мост8

Кошалмуруттуктар, 18.07.2016-жыл    

Чубак ажынын “тили байланды”, кезек кимде?

Биз демократиялык өлкөдө жашап, сөз эркиндигин каалагандай пайдаланабыз деп көкүрөк кагып, океандын ары жагынан же Европадан Ангела Меркелге окшогон мартабалуу конок келип калганда “радикализм менен катуу күрөшүп жатабыз” деген шылтоо менен көрнөктөрдү илип, көзүнө көрүнүп, жагалданганды жакшы көрөбүз. Анткен менен ошол биз сыймыктанып айтып жүргөн демократия деген аралчабыз билинбестен чөгүп баратат. Өздөрүн эркин сезген ММКлар да акыркы убактарда тилдери кесилип, тымызын бийликтин “огородуна” оой баштаганы байкалууда. Ак үйдүн азыркы тактикасы дагы өзгөчө – артынан аңдып, оңтойу келгенде оодара салууну жакшы өздөштүрүшкөн. Анын кесепети өлкөдөгү мен деген саясатчылардын да бир тобун тайсалдатып койду. Элдин биримдиги, ынтымагы жоктугунан пайдаланган бийлик баш көтөргөндөрдү бир-бирден алып барып, тилин байлап коюп жатканы да ошондон. Буга акыркы учурда белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак ажы Жалиловго теле-радиодон чыгып сүйлөөгө тыюу салынышын мисал кылсак болот.

Чубак ажы мурда ажонун ислам динине көзү түз экенин, динди элге кеңири жайылтууга же даават ишине Атамбаев моралдык колдоо көрсөткөнүн айтып, алкаганы бар. Анан кокустан эле ажо айткандарынан айнып, “бизге башкалар өз маданиятын, кийимин таңуулап жатат” деп айкырып чыкканын көпчүлүк түшүнбөй калды. Куранды бир эмес бир нече жолу окуп чыгып (өзүнүн айтканы боюнча) Айт намаздардан калбаган Атамбаев акыркы учурда эмне үчүн оюн өзгөрттү? Баарынан дагы элге акыл-насаатын айтып, жаман жолдон алыс болууга, мамлекетти, мамлекет башчыларын сыйлоого чакырып келе жаткан аалымдын жолун тосконго эмне себеп болду? Чындыгында бул суроолорго азырынча далилдүү жооп жок. Аны Атамбаев менен анын айланысындагылар гана билет. Бирок, динге болгон мындай мамиле качанкыга чейин уланарына бушайман болгондор арбын. Деги бул маселе жарнактарды илүү, Чубак ажыга тыюу салуу менен эле бүтөбү же..? Эгер бүтпөсө кийинки кезек кимде?..

Булак: Кyrgyztoday

Видео - Алмазбек Атамбаев: "Түшүнгөн президенттер көчүгүн кысып эл үчүн иштейт"

2009-жыл, Ысык-Көл облусу. Президенттик жарыш. Анан Алмазбек Атамбаевдин эл алдында сүйлөп жаткан сөзү. Бул тасмага чындыгында комментарий жазуунун деле кажети жоктой.

Ала-Арча капчыгайында сууга агып кеткен эки жаш бала табыла элек

Кечээ, 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткен эки жаш баланы издөөгө чыгышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Издөө иштери жүргүзүлүп, бирок балдар табылган эмес.

Ошондой эле №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 17-июль күнү Ала-Арча капчыгайындагы сууга  агып кеткен 79 жаштагы адамды издешип, натыйжа болгон эмес.

Видео - Ысык-Көлдө мөндүр жаап, үйлөрдү суу каптап, бир адам каза болду

Кечээ, 18-июлда Балыкчы шаарында саат 17:00дөн 17:20га чейин катуу жааган мөндүр аралаш жаандын кесепетинен шаардын ички ирригациялык каналдарга сел суулары толуп ашып,  шаардын ички көчөлөрүн жана айрым жерлерде жайгашкан 31 турак үйдү жана 10 барак тибиндеги үйдү сел суулары каптап кеткен. Темир жол көпүрөнүн астынан өткөн Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда болжол менен 100-150м3 сел суулары толуп калган, ошондой эле сел суулары кирген 1 турак үйүнүн ээси А.Р.Т (аял киши) короосундагы сууларды тазалап жатып эсин жоготуп каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 8 куткаруучусу, Балыкчы шаарынын муниципалдык мекемеси тарабынан 1 даана экскаватор, 3 даана атайын суу соргуч унаасы, 10 кызматкерлери, Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иш канасынан 1даана экскаватор, 2 даана атайын суу соргуч унаасы, 10 кызматкерлери, Жашылдандыруу чарбасы тарабынан 1 даана экскаватор,  1 даана атайын суу соргуч унаасы, 5 кызматкерлери жана Өрткө каршы кызматынын 1 даана атайын жеңил пикап 16 кызматкери менен биргеликте кайра калыбына келтирүү иш-чаралары аткарылып жатат. 

Түркияда үч миллион мамкызматчынын эс алуусу жокко чыгарылды

Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым өзгөчө жарлык чыкканча үч миллиондон ашык мамлекеттик кызматкердин жыл сайын алуучу жайкы эс алуусун жокко чыгарды.

Өкмөттүн отурумунан кийин элге кайрылуусунда ал ушул тапта төңкөрүш жасоого аракеттенген жети жарым миң адам кармалып, 10 миңдей адам кызматтарынан бошотулгандыгын айтты.

Йылдырым ошондой эле Түркия менен АКШнын алакасына токтолуп, түрк бийлиги бул мамилелерди кайра карап чыгууга даяр экендигин билдирди. Анкара Вашингтондон төңкөрүшкө түздөн түз тиешеси бар делген ислам диниятчы Фетхуллах Гүленди кайтаруусун талап кылган. Ал эми Гүлен өзү ал окуяларга такыр тиешеси жок экендигин айтууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арасына салынган бассейн

Аксы районунун Өзбекстан менен чектеш Жийде-Бел участкасына жергиликтүү тургун ижарага бак тигип, кургак талааны эс алуу жайына айландырды. 2010-жылы эки өлкөнүн ортосунда талаш жараткан чек ара тилкесиндеги 70 сотых жерге боз үй тигип, алгачкылардан болуп жайгашкан. Жалал-Абад-Кербен унаа жолундагы бул жай азыр жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүдө.

https://www.youtube.com/watch?v=WEMcU_-dDm0

Руслан Калматов

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорлорун (CASA-1000) ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга кол коюлду

Кечээ, 18-июлда Алмаз Атамбаев парламент мурун кабыл алган бир нече төмөнкү мыйзамдарга кол койгонун КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору) ратификациялоо тууралуу

2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялоо тууралуу

2016-жылдын 4-январында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) кыргыз бөлүгү) ратификациялоо тууралуу

Мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 16-июнунда кабыл алынган..

Келишимдерге «Датка» 500 кВ көмөкчү чордондон (Кыргыз Республикасы) «Худжент» көмөкчү чордонуна (Тажикстан Республикасы) жана андан ары Кабул (Ооганстан) аркылуу өтүп, Пешавардагы (Пакистан) өзгөрткүч станцияга чейинки ВЛ 500 кВ электр өткөрүү чубалгысын куруу менен  Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун (CASA-1000) жүзөгө ашыруу максатында кол коюлган.

Кол коюлган мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызгидромет: 19-июлдан 23-июлга чейин күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет: 19-июлдан 23-июлга чейин  күтүлгөн аба ырайы

Бишкек шаарында 19-июлунда жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 19-июлунда жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болушу күтүлөт.

19-июлунда жана 20-июлунда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метерден, кээ бир райондордо 15-20 метерге жетиши күтүлөт.

20-июлунда күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жана Ысык-Көл облусунда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

22-23-июлу күндөрү мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Жалал-Абадда тургундар СДПК фракциясынын депутатына нааразы болушууда

Жалал-Абад шаарынын тургундары депутатардын шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясынын айрым депутаттарынын шаар мэринин аткарган иштери боюнча тутунган позициясына нааразы болушууда.

Алардын айтымында, жакында эле шаар мэри, СДПКнын кадры эсептелген Салайдин Авазов шаардык кеңештин сессиясында эки жыл бою шаарда аткарган иштери боюнча отчёт берген. Шаарда бир катар жакшы өзгөрүүлөр болгонун көрсөткөн. Бирок, СДПК фракциясынын депутаты, шаардын экс-мэри, азыркы “Дыйкан банктын” Жалал-Абаддагы филиалынын жетекчиси, мурдагы “Ак жол” партиясынын лидерлеринин бири Тилек Акамбаев мэрди катуу айыптап чыккан, ал эми фракциянын башка депутаттары анын пикирине каршы чыгышпаган, унчукпай макул болушкан. Тескерисинче, башка фракциялар С. Авазовдун ишинин ийгиликтерин баса белгилешип, аны колдоого алышкан.

Жалал-Абад шаарындагы “Спутник” кичи районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Азим Садыков чындыкка акыйкат баа бере албаган, жеке амбициясы менен гана аракет кылгандарды депутаттыкка шайлабаш керек деп эсептейт.

-Буга чейин шаарга көп жетекчилер келип иштеп кетишкен, бирок баары эле шаарга жакшы кызмат кылып бере алган эмес. Бул С. Авазовдун шаардф жакшы жагына өзгөртүү аракеттерин бүт шаардыктар колдоп жатышат. Ал эми Т. Акамбаев сыяктуу депутаттар эл кызыкчылыгын эмес, өз кызыкчылыгын көздөп, жеке симпатиясына карап аракет кылса, бул туура эмес. Ал мурда шаарда мэр болуп турган кезде бир дагы жакшы иш болгон эмес, эми жакшы иш кылган кишини сындап жатышы өтө кызык. Андайларды экинчи депутат кылып шайлабаш керек. Менин оюмча, мындай чектен чыккан көрүнүштү КСДП фракциясы өз ара талкуулап, бир жаңсыл чечип алышы абзел, -дейт ал.

Мындай пикирди шаар тургуну Батма Шамшиева да билдирди. Анын айтымында, депутат сессияда өз позициясы менен эмес, элдик позициядан туруп аракет кылышы зарыл.

-Депутаттар элдин кызматчылары болгон себептүү сессияда элдин кызыкчылыгы менен гана иштеши керек. Т. Акамбаев жеке мамилелерин шаардык саясатка, эми калган депутаттар аны колдоого алышпастан, иштеп жаткан мэрди колдоп кетишти, Т. Акамбаев жалгыз калды. Ушунун өзү эле көп нерсени айтып турбайбы, – дейт ал.

Эскерте кетсек, С. Авазов 2014-жылдын сентябрь айынын бери Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп келатат. Ал эми Т. Акамбаев мурда иштеши кемчиликтери Бишкектеги 1-Май районунун акиминен алынган, кийин “Ак жол” партиясынын Жогорку Саясий Кеңешинин мүчөсү, Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеген.  2012-жылы КСДП партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Азыр “Айыл банктын” Жалал-Абад филиалынын жетекчиси.

Жалил Сапаров, журналист

Кыргызгидромет: 19-июлдан 23-июлга чейин күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет: 19-июлдан 23-июлга чейин  күтүлгөн аба ырайы

Бишкек шаарында 19-июлунда жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 19-июлунда жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болушу күтүлөт.

19-июлунда жана 20-июлунда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метерден, кээ бир райондордо 15-20 метерге жетиши күтүлөт.

20-июлунда күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жана Ысык-Көл облусунда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

22-23-июлу күндөрү мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Жалал-Абадда тургундар СДПК фракциясынын депутатына нааразы болушууда

Жалал-Абад шаарынын тургундары депутатардын шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясынын айрым депутаттарынын шаар мэринин аткарган иштери боюнча тутунган позициясына нааразы болушууда.

Алардын айтымында, жакында эле шаар мэри, СДПКнын кадры эсептелген Салайдин Авазов шаардык кеңештин сессиясында эки жыл бою шаарда аткарган иштери боюнча отчёт берген. Шаарда бир катар жакшы өзгөрүүлөр болгонун көрсөткөн. Бирок, СДПК фракциясынын депутаты, шаардын экс-мэри, азыркы “Дыйкан банктын” Жалал-Абаддагы филиалынын жетекчиси, мурдагы “Ак жол” партиясынын лидерлеринин бири Тилек Акамбаев мэрди катуу айыптап чыккан, ал эми фракциянын башка депутаттары анын пикирине каршы чыгышпаган, унчукпай макул болушкан. Тескерисинче, башка фракциялар С. Авазовдун ишинин ийгиликтерин баса белгилешип, аны колдоого алышкан.

Жалал-Абад шаарындагы “Спутник” кичи районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Азим Садыков чындыкка акыйкат баа бере албаган, жеке амбициясы менен гана аракет кылгандарды депутаттыкка шайлабаш керек деп эсептейт.

-Буга чейин шаарга көп жетекчилер келип иштеп кетишкен, бирок баары эле шаарга жакшы кызмат кылып бере алган эмес. Бул С. Авазовдун шаардф жакшы жагына өзгөртүү аракеттерин бүт шаардыктар колдоп жатышат. Ал эми Т. Акамбаев сыяктуу депутаттар эл кызыкчылыгын эмес, өз кызыкчылыгын көздөп, жеке симпатиясына карап аракет кылса, бул туура эмес. Ал мурда шаарда мэр болуп турган кезде бир дагы жакшы иш болгон эмес, эми жакшы иш кылган кишини сындап жатышы өтө кызык. Андайларды экинчи депутат кылып шайлабаш керек. Менин оюмча, мындай чектен чыккан көрүнүштү КСДП фракциясы өз ара талкуулап, бир жаңсыл чечип алышы абзел, -дейт ал.

Мындай пикирди шаар тургуну Батма Шамшиева да билдирди. Анын айтымында, депутат сессияда өз позициясы менен эмес, элдик позициядан туруп аракет кылышы зарыл.

-Депутаттар элдин кызматчылары болгон себептүү сессияда элдин кызыкчылыгы менен гана иштеши керек. Т. Акамбаев жеке мамилелерин шаардык саясатка, эми калган депутаттар аны колдоого алышпастан, иштеп жаткан мэрди колдоп кетишти, Т. Акамбаев жалгыз калды. Ушунун өзү эле көп нерсени айтып турбайбы, – дейт ал.

Эскерте кетсек, С. Авазов 2014-жылдын сентябрь айынын бери Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп келатат. Ал эми Т. Акамбаев мурда иштеши кемчиликтери Бишкектеги 1-Май районунун акиминен алынган, кийин “Ак жол” партиясынын Жогорку Саясий Кеңешинин мүчөсү, Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеген.  2012-жылы КСДП партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Азыр “Айыл банктын” Жалал-Абад филиалынын жетекчиси.

Жалил Сапаров, журналист

Атамбаев “Азия МIХ” тобун жеңиши менен куттуктады

Алмазбек Атамбаев “Азия МIХ” тобун Орусияда өткөн “Голосящий КиВиН 2016” музыкалык фестивалындагы жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев “Азия МIХ” тобу өзгөчө өнөрү, талыкпаган эмгеги менен эл аралык деңгээлдеги КВНчилерге айланганын белгилеп, алардын кыргыз маданиятына кошон салымы зор экендигин айтты.

Фестиваль 17-июлда Орусиянын Калининград облусунун Светлогорск шаарында өткөн. Быйыл ага 23 команда катышып, баш байгени жана 400 миң рублди “Азия MIX” тобу утуп алган.

Автоунаа айнегин караңгылатууга тыюу салынды

Кыргызстандык айдоочуларга машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүгө 18-июлдан тарта расмий түрдө тыюу салынды. Бул боюнча өкмөттүн токтому 30-июнда чыккан.

Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдиргендей, эрежеге баш ийбегендерге айыппул салуу жана башка чара көрүү ыкмалары каралган:

– Административдик кодекстин 228-беренесинин негизинде терезени караңгылаткан чыптама сыйрылып, 2000 сом айып салынат. Чыптаманы алуудан баш тарткандардын автоунаасы айып аянтчасына киргизилет.

Токтомго ылайык, президенттин, өкмөт башчынын, парламент спикеринин жана Жогорку сот төрагасынын кызматтык автоунааларынын, аларды кайтарып жүргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрүнүн машинелеринин айнектерин караңгылатууга уруксат бар. Андан тышкары акча жана баалуу буюмдарды ташыган “Кыргыз инкассациясы” уюмунун унааларына, соттолгондорду жана камакка алынгандарды алып жүргөн машинелерге айнек караңгылатууга тыюу салынбайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызгидромет: 19-июлдан 23-июлга чейин күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет: 19-июлдан 23-июлга чейин  күтүлгөн аба ырайы

Бишкек шаарында 19-июлунда жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 19-июлунда жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болушу күтүлөт.

19-июлунда жана 20-июлунда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метерден, кээ бир райондордо 15-20 метерге жетиши күтүлөт.

20-июлунда күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жана Ысык-Көл облусунда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

22-23-июлу күндөрү мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Алмазбек Шаршенович, ишенип коюңуз, “ит уялашынан коркпойт”

Апрель революциясынан бери алты жыл айланды. Бул жылдар аралыгында баягы эле бир ууч аткаминерлер байып, революциянын үзүрүн ошолор эле көрүштү десек болчудай. Анткени элдин турмушу оңолуп кеткен жок. Эл эңсегенине жетпей, ишенип такка отургузган эрендерден көңүлү сууп турган кези. Токсон бала окко тоголоп, эмне деген дем-күч менен Бакиев бийлигин өлкөдөн кубалап чыктык эле. Манастын жери канга боёлуп, Манастын элине өз бийлиги ок чыгарып, андан каза болгон токсон баланы бир күндө жерге бергенде Ала-Тоо ичи ыйга бөлөнүп турбады беле. Мүрзөнүн башында туруп, азыркы бийлик өкүлдөрү “Биз муну унутпайбыз, элге ак кызмат кылабыз” – деп айтышкан ошондо. Азыр “ак кызматтын” акыбетин көрүп жатабыз. Өлкөнүн карызы күн санап өсүп, мамлекеттик казына каалагандай тонолуп, кен байлыктар башкалардын чөнтөгү үчүн иштеп жатат. Калкты ойлогон жан жоктой. Кризис карааны бүгүн шаарларды эле эмес айыл-кыштактарды дагы каптап, эл эмне кылаарын билбей мүңгүрөп турат. Дайындалган жетекчилер жарытып иштебегени үчүн ушундай туңгуюкка кептелдик. Баягы эле тааныш-билиш, тууган-урук саясаты жанданып, артиси деле, шоопуру деле бийлик бутагын имере кармап, акылы жетсе да, жетпесе да аракет кылып жатышат. Мунун залалы акыры келип эле элге тийүүдө.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, учурунда революцияны сиз же Ө.Текебаев эле эмес, мына биз дагы жасаганбыз. Кыйын кезеңде катарлаш жүрүп караан болуп, Ак үйдү каптап бороон болуп бийликти алып бергенбиз. Кыргызда “ит уялашынан коркпойт” деген жакшы сөз бар. Мен дагы сизди жакшы билген, чогуу отуруп чай ичип, баарлашкан адам катары коркпой өз оюмду билдирип жатам. Алдыңыздагы туура эмес маалымат жеткирип жаткан адамдардын сөзүнө кирип отура бербей, элдин үнүн дагы уксаңыз жаңылышпайсыз. Чындыгында элдин жашоо абалы күндөн-күнгө оорлоп бара жатат. Муну дүйнөлүк кризиске байлап отура бербей, убагында чара көрүлбөсө, арты эмне менен бүтөөрүн ким айта алат? Баягы оппозиция эмес элди кыйын турмуш көчөгө жетелеп чыгышы мүмкүн. Аны эч ким токтото албайт. Андыктан өз ишин мыкты билген кадрларды дайындап, элди кыдырып, алардын дагы көйгөйүн угуп турганыңыз ашыкча болбос. Сизди эл ишенип шайлаган, ишенимди суутпаңыз!!!

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры, Талас облусу     

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунуна келишкен меймандарыбызды кайсы тилде тосуп алабыз?

Учурда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунуна ар тараптан кызуу даярдык көрүлүп жаткан кези экендиги жалпыга маалым. Мамлекетибиздин атагын алыска тааныта турган ири масштабдуу иш чарага арналган көрнөк-жарнактар илинип, маалыматтар берилүүдө. Бирок дал ушул көрнөк-жарнактарда кайра эле көйгөй жаралууда. Бул тууралуу КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын  басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө мамлекеттик тилдеги жазуусу жок баннерлер илинүүдө. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы А.Молдоканов: «Бизден башка бир дагы өлкөдө мейманды башка элдин тили менен тоспойт!» деп билдирди.

Ошондой эле, сөз болуп жаткан баннерлер боюнча Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунунун катчылыгына кайрылуу жиберилгендиги маалым болду. Жыйынтыгын чогуу күтөлү.

Казакстанда ок чыгарган кылмышкерлердин бири кармалды

Казакстандын Алматы шаарында полиция кызматкерлерине ок чыгарган адамдардын бирөөсү колго түштү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Учурда калган кылмышкерлер изделүүдө.

Эске салсак, бүгүн Алматыда Абылай хан – Казыбек бий көчөлөрүнүн аймагында атышуу болуп, үч киши каза тапты. Күбөлөрдүн айтымында алардын экөө полиция кызматкерлери, бирөө жай тургун.

Буга чейин Алматы полициясы шаарда терроризмге каршы операция жүрөрүн жарыялап, жашоочуларды сак болууга чакырган. Ошондой эле Казакстандын Ички иштер министрлиги террор коркунучунун “кызыл чегин” жарыялады.

КР ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруу Абдишарип Бекиловго жүктөлдү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Абдишарип Бекиловго жүктөлдү.

Жаңы дайындалган жетекчини министр, генерал-майор Кубатбек Боронов министрликтин борбордук аппаратына жана аталган аймактык башкармалыктарынын өздүк курамына тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады. “Силерге өзгөчө тапшырма жана сыноо үчүн кыска мөөнөт берилип, жогорку ишеним менен дайындап жатабыз. Калкты табигый жана техногендик кырсыктардан коргоодо жергиликтүү башкармалыктардын ролу чоң. Андыктан, жергиликтүү бийлик менен биргеликте жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылуу зарыл” деди К. Боронов.

Кыялбек Курганбаев КР ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды

ӨКМдин 15-июлда болуп өткөн коллегиясынын чечиминин негизинде КР ӨКМнин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын башчылары ээлеген кызматтарынан бошотулушкан. Ал эми бүгүн 18-июлда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен кызмат ордуна убактылуу жаңы жетекчилер дайындалышты. Бул тууралу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин карамагында жүргөн майор Курганбаев Кыялбек Жанышович дайындалды.

Видео - Түркияда төңкөрүшкө катышкан аскерди полиция өлүмдөн куткарып калды

Түркияда төңкөрүш уюштурууга катышкан топту полиция менен жарандар курчоого алып, анда колго түшкөн аскерди эл жазаламакчы болгондо, полиция кызматкери куткарып калган.

Булак: UA Today

Фото - Көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы күмүш байге утту

Көчө футболу боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы, Шотландияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байлени багындырды. Аталган мелдеш боюнча официалдуу сайттын маалыматына караганда кыргыз курамасы финалда Мексикалыктар менен бет келишип, 5:0 эсебинде утулуп калышкан.

Эске салсак, буга чейинки беттештерде АКШ, Индия, Чили, Голландия, Англия ж.б. күчтүү делген командаларды уткан Кыргызстандын курамасы футбол сүйүүчүлөрүнүн алкышына арзыган эле.

2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12

 

Алматыдагы ок атышуудан 2 полиция кызматкери мерт кетти (видео)

Бүгүн Казакстандын Алматы шаарындагы Алмалы райондук Ички иштер бөлүмүнүн аймагында ок атышуулар болуп, 2 полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу Тotal.kz сайты жазып чыкты. Окуяга күбө болгондордун айтымында белгисиз адам граната жардыра турганын айтып коркуткан жана куралдан бир нече жолу ок чыгарган.

Маалыматка караганда мындан башка Алматынын төрт жеринде ок атышуулар болгон. Кылмышкерлер жол-кайгуул кызматынын автоунааларын аткылашкан.

WhatsApp аркылуу тарап жаткан аудиозаписте төрт адам өлгөндүгү айтылууда.

Жалал-Абадда тургундар СДПК фракциясынын депутатына нааразы болушууда

Жалал-Абад шаарынын тургундары депутатардын шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясынын айрым депутаттарынын шаар мэринин аткарган иштери боюнча тутунган позициясына нааразы болушууда.

Алардын айтымында, жакында эле шаар мэри, СДПКнын кадры эсептелген Салайдин Авазов шаардык кеңештин сессиясында эки жыл бою шаарда аткарган иштери боюнча отчёт берген. Шаарда бир катар жакшы өзгөрүүлөр болгонун көрсөткөн. Бирок, СДПК фракциясынын депутаты, шаардын экс-мэри, азыркы “Дыйкан банктын” Жалал-Абаддагы филиалынын жетекчиси, мурдагы “Ак жол” партиясынын лидерлеринин бири Тилек Акамбаев мэрди катуу айыптап чыккан, ал эми фракциянын башка депутаттары анын пикирине каршы чыгышпаган, унчукпай макул болушкан. Тескерисинче, башка фракциялар С. Авазовдун ишинин ийгиликтерин баса белгилешип, аны колдоого алышкан.

Жалал-Абад шаарындагы “Спутник” кичи районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Азим Садыков чындыкка акыйкат баа бере албаган, жеке амбициясы менен гана аракет кылгандарды депутаттыкка шайлабаш керек деп эсептейт.

-Буга чейин шаарга көп жетекчилер келип иштеп кетишкен, бирок баары эле шаарга жакшы кызмат кылып бере алган эмес. Бул С. Авазовдун шаардф жакшы жагына өзгөртүү аракеттерин бүт шаардыктар колдоп жатышат. Ал эми Т. Акамбаев сыяктуу депутаттар эл кызыкчылыгын эмес, өз кызыкчылыгын көздөп, жеке симпатиясына карап аракет кылса, бул туура эмес. Ал мурда шаарда мэр болуп турган кезде бир дагы жакшы иш болгон эмес, эми жакшы иш кылган кишини сындап жатышы өтө кызык. Андайларды экинчи депутат кылып шайлабаш керек. Менин оюмча, мындай чектен чыккан көрүнүштү КСДП фракциясы өз ара талкуулап, бир жаңсыл чечип алышы абзел, -дейт ал.

Мындай пикирди шаар тургуну Батма Шамшиева да билдирди. Анын айтымында, депутат сессияда өз позициясы менен эмес, элдик позициядан туруп аракет кылышы зарыл.

-Депутаттар элдин кызматчылары болгон себептүү сессияда элдин кызыкчылыгы менен гана иштеши керек. Т. Акамбаев жеке мамилелерин шаардык саясатка, эми калган депутаттар аны колдоого алышпастан, иштеп жаткан мэрди колдоп кетишти, Т. Акамбаев жалгыз калды. Ушунун өзү эле көп нерсени айтып турбайбы, – дейт ал.

Эскерте кетсек, С. Авазов 2014-жылдын сентябрь айынын бери Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп келатат. Ал эми Т. Акамбаев мурда иштеши кемчиликтери Бишкектеги 1-Май районунун акиминен алынган, кийин “Ак жол” партиясынын Жогорку Саясий Кеңешинин мүчөсү, Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеген.  2012-жылы КСДП партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Азыр “Айыл банктын” Жалал-Абад филиалынын жетекчиси.

Жалил Сапаров, журналист

Атамбаевдин айтканына Текебаевден тескери пикир...

Баягы баннер чыры дагы деле басаңдай элек. Айрыкча Алмазбек Атамбаев аны колдоп, өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу боюнча буйрук бергенден бери каршы пикирлер күч алды. Соцтармактарда эки жаатка бөлүнүп, жаакташкан адамдар арбын. Ажо немис канцлери Ангела Меркель менен болгон жолуугушуудан кийинки маалымат жыйынында “Араб, Пакистан, Бангладеш же дагы башка бир маданиятты кыргыз маданияты менен чаташтырбайлы. Биздин өзүбүздүн салт-санаабыз, маданиятыбыз бар. Мен президенттик аппарат башчысына ошол баннерлерди илип жаткандарга финансылык жардам көрсөтүлсүн деп буйрук бердим. Андай көрнөктөр республиканын бардык жеринде илинсин” – деп айткан эле.

Ал эми Конституциянын “атасы” аталган “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бул боюнча пикири таптакыр башка экен. Анын айтымында кимдин кандай кийингенинен проблема жасаштын кереги жок. Бул тууралуу Текебаев журналист Мыктыбек Арстанбек менен курган маегинде билдириптир. “Сакалды белиңе чейин өстүрсөң дагын биздин Конституцияга туура келет. Болгону сиркеси болбосо, бити болбосо болду. Андан эмнеге биз проблема жасашыбыз керек? Ким кандай кийингенинен эмне үчүн биз проблема жасашыбыз керек? Мини-юбка кийген да, хиджаб кийген да бизде бирдей укукка ээ болушу керек. Ар кимдин дүйнө таанымы ар кандай, анын ошого ылайык жашаганга укугу бар”, – дейт “Ата Мекендин” лидери.

Өлкөнүн баш мыйзамында бажырайып “Баардык жарандардын укугу бирдей” деп жазылып турса, анда эмне үчүн шариат мыйзамы менен жашап жаткандарды өгөйлөшүбүз керек? Алардын укугун ким ойлойт? Өлкөнүн өзөгүн кармап турган жетекчилер ар башка пикирди карманышса, эл кимисин ээрчийт? Андыктан элди эки анжы кылбай, бир багытты карманып, бир муштумдай түйүлбөсөк, аңдып турган душмандар арага чок салаары турган иш.

Булак: Кyrgyztoday

Нургазы Мусаев: "Президенттин ырчы катары электорат алдында жыйган урмат-сыйын баннер-гейт чатагы басаңдатып койгонсуду"

Коомду бир жумадан бери удургутуп жаткан баннер чатагы биздин туруксуз идеологиябыздын бир мөмөсү болуптур. Куну бир тайга барабар баннерлердин бир түндө эле Бишкектин көчөлөрүнө жайнап илине калышы жарнама, саясий пиар тармагында дээрлик 20 жылдан бери тирилик кылып келе жаткан мен үчүн чоң саясий оюндун желаргысы катары сезилген. Бирок анализдеп көрсөм бир акция эле болгон сыяктанат.
Баннер чатагынын жандырмагы Германия канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга келишинде окшойт. Аскар Акаев чыйыр салып кеткен демократиялык баалуулуктардан Кыргызстан канчалык четтеп, мезгил-мезгили менен автократия, тоталитаризм оорулары менен эпкиндеп турганына карабастан, биздин өлкө “Матушка Европа” үчүн демократия аралчасы катары кала берүүдө. Демократиянын аталары үчүн деспоттук-тоталитардык кошуна “стандардын” арасында Кыргызстан тим эле сүймөнчүк баладай. Мунун өзү Кыргызстан үчүн дагы көз күйгүзгөн сонун-сонун гранттарга, жардамдарга өбөлгө болуп берчү оокат.
Ошол кооз картинаны Кыргызстандагы адам укугунун айрым маселелери жана ислам фактору гана бузуп турган. Азимжан Аскаровдун тегерегиндеги ызы-чуу камырга ачыткыны ашыкча кошуп жибергендей эле жасалма окуя. Меркель кеткенден кийин акырындап унуткарылат.
Баннер чатагы деле ошол. Укмуш демократия куруп жатабыз деп көкүрөк каккылаган демди Кыргызстанда мечиттердин санынын дүркүрөп өсүүсү, ага карабай жума намазга келген элдердин тирелип мечиттерге батпай туруусу, хиджапчан аялзатынын күн санап көбөйүп баратышы басып турган. Дүйнөдөгү эң чоң донор мамлекеттердин бирининин Өкмөт башчысы улук башын кичик кылып Кыргызстанга келе жаткандан кийин ошол ислам факторунун таасирин азайтып көрсөтүү, биз өз улуттук баалуулуктарыбызды туу тутуп келе жатабыз деген маанини билдирүү үчүн ушул баннерлер ойлонуп табылган сыяктуу.
Президенттин акыл кошчулары артык кылам деп тыртык кылып ала жаздашты.
Европада, тескерисинче, исламга болгон кызыгуу күн санап өсүп, Ангела Меркелдин улутташтары топ-тобу менен ислам динине өтүп жатканынан кабары жок окшойт биздин идеологдордун. Европанын архитектуралык керемет чиркөөлөрү прихожандардан куржалак калып, музей катары гана кызмат кылып, айрым шаарларда болсо чиркөөлөргө кадам таштаган бир пенде жок, өндүрүш ишканалары, маданият үйлөрү ж.б. ижарага берилип жатканынан биздикилер кабары жок сыяктуу. Биздин идеологдор өз элибизге жана Европа элине мокочо кылып көргөзгүсү келген ислам Европада өзүнүн билинер-билинбес кайра жаралуусун баштан кечирип жатканын билишпейт окшойт.
Өлкөнүн түбү тешик бюджетине жамаачы болчу грант же кредит көтөрүнүп келчү бир аял үчүн бийликтин акыл кошчулары бүтүндөй элдин аздектеген ишенимине, баалуулугуна түкүрүп салууга даяр экен.
Германия бизден үйрөнчү нерсе аз эмес. Гомосексуал, лесбиянка, бигендер, интерсексуал, асексуал, транссексуал, феминист, кызын аялдыкка алуу, атасына күйөөгө тийүү, итине үйлөнүү, атына турмушка чыгуу ж.б. адамдык табияттан тыш тирукмуш балакеттерден сактанууну немистер бизден үйрөнсүн. 20 жылдан бери өлкө калкынын бештен бири талаалап жүрсө да үй-бүлөлөр бузулбай, ата-эне, бала-чака кароосуз калбай, коомдун кантип сакталып турганын бизден үйрөнсүн Европа.
Европа адамча туулуп, адамча жашап, адамча кошулуп, адамча көбөйүп, адамча өлүүнү бизден үйрөнсүн.
Ата баласына, бала атасына, небере чоң ата, чоң энесине айттырбай конокко барса болоорун, кайсы ресторанга кирбесин ар качан эркек аялды конок кылаарын, боюнда бар аялдын, жашы улуу адамдын даражасы ар качан жогору турарын, карыздап болсо да той кылып, конок күтүп, ал үчүн үй-бүлө чарбасын толук талкалап алып деле жашаса болоорун, уул-кызын окутам же үйлөйм деп ата-эне өмүр бою кредит төлөп өмүр кечирсе болоорун, эң акыркы кайырчы өлсө да тууганы чыгып, аздектеп жерге берээрин, бир тууганына, уулуна же кызына денесинин бир бөлүгүн орган катары белек кылып да күн кечирсе боло берерин, чет жерде кара жанын карч уруп иштесе да тишинин кирип соруп жашап, айылдагы ата-энесин, бала-чакасын баккан адам өлүп калбасын Европа бизден үйрөнсүн.
20-кылымда ар кандай саясий себептер менен Кыргызстанга миңдеген немистер көчүрүлүп келгенин билебиз. Алардын чекесине чертпей, төрүбүздөн орун берип, аздектедик. Ортодо адамзат апааты болгон Экинчи Дүйнөлүк согушта ушул немистин огунан канча кыргызстандык ажал тапканын да билебиз. Германия ушул жааттан алып караганда деле бизге карыздар.
Эми ушул бир кредит же грант үчүн биздин ата-бабабыздан келе жаткан динибизди кара көрсөтүп, кокуй, эле, кокуй деп жар салуунун, өлкөбүздө болуп жаткан руханий процесстерди жаап-жашыруунун канчалык кажети бар эле. Бизде Европанын ондогон инстутуттары, коомдук уюмдары иштеп, ар бир кыймыл, ар бир тенденция, ар бир тармак, алтүгүл Балтабай менен Жармагүлдүн кайсы күнү урушуп, кайсы күнү жарашаарынан бери маалыматы бар европалыктардын.
Улуттук иденттүүлүк дейбиз, жалпак тил менен айтканда улуттун улут катары белгиси кайсы дегенде кыргыздын эң оболу мусулман экендигин дүйнө тааныйт.
Ислам бир эле аял, анын кийген хиджабы менен чектелбейт. Ал бүтүндөй дүйнө тааным, жашоо образы. Айрым бир жамааттагы аялдар бетин жапкан никаб кийип алган фактылар бар. Никаб кийүүнү Чубак ажы Жалилов баш болгон, Максат ажы, Шамсуддин ажы, Марс ажы, Сиражидин ажы, Илияс ажы, Абдышүкүр ажы, Кимсанбай ажы, Молдо Надыр ж.б. дээрлик бардык төбөсү көрүнгөн аалымдарыбыз колдоого алган эмес. Алтүгүл Чубак ажы никабчан аялдарга өтө катуу, орой айтканын өз көзүм менен көргөнмүн. Эми ушул миңден бир пайызды түзгөн аялдар үчүн бүтүндөй исламды мокочо көрсөтүү канчалык туура.
1-2 миллиардды бөктөрүнүп, Саудия королу же Эмираттардын эмири келип калса, анда хиджапчан кыздардын сүрөтүн жайнатып илип чыгабызбы?
Же 5 млрд. доллар көтөрүнүп Обама келип калса, джинсычан, мини-юбкачан кыздарыбызды фотосессия кылып, илип чыгабызбы баннерлерге?
Дал ушул баннерлерди илүү менен президенттин акыл кошчулары тарыхый маанилүү иш сапардын барк-баасын түшүрүштү. Ангела Меркель менен жолугушууда жетишилген ийгиликтер көз жаздымда калды. Германиядын тажрыйба алмашуу, студенттерди акысыз окутуу ж.б. толтура кызыктуу долбоорлор боюнча маалыматтарга көңүл бурулбай калды.
Намыска ууккан мусулман үммөтү немис лидери менен эмне маселе сүйлөшүлгөнүнө деле маани бербеди. Президенттин ырчы катары электорат алдында, айрыкча ырды сүйгөн аялзатынын алдында жыйган урмат-сыйын баннер-гейт чатагы басаңдатып койгонсуду.
Бара-бара баннер чатагы унутулат. Чөп-чар жапканга сонун оокат экен деп баннерлерди аңдып турган дыйкандардын тилеги ишке ашат. Бирок коомдогу бөлүнүп-жарылуу, өйдө-төмөн айтышуулардын жарааты айыгаар бекен?..

Нургазы Мусаев

Видео - Эрдоган төңкөрүш жасоого катышкандар өлүм жазасына тартылышы мүмкүндүгүн билдирди

Түркия президенти Режеп Эрдоган ѳлүм жазасы кайра киргизилиши мүмкүн экендигин четке какпайт. Ал жекшембиде билдиргендей, бул маселени оппозиция менен талкуулап кѳрѳт. 2004-жылы Түркия Евробиримдикке кошулууга жигердүү аракет кылып баштаганда ѳлүм жазасы алынган.

Стамбулда анын үйүнүн жанына чогулган адамдар мамлекеттик тѳңкѳрүш жасоого аракеттенгендерди ѳлүм жазасына тартуу керек деген чакырыктарды айткандан кийин президент элдин талабын кѳз жаздымда калтыруу болбойт деп билдирди.

Эрдоган козголоңчулардын жаңы чабуулдарынын алдын алып, элди кайрадан бир жума бою шаарлардын борбордук аянттарына чыгууга чакыра кетти. Ал тѳңкѳрүштү даярдоого Эрдоган менен араздашуудан кийин АКШга эмиграцияга кеткен диний аалым Фетхуллах Гүленди айыптады.

 

Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин сөөгү бүгүн жерге берилет

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны жана Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 18-июлда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот. Акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Сүйүнбай Эралиев менен коштошуу зыйнатын уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган уюштуруу комитети түзүлгөн.

Кыргызстандан Орусияга 11 млрд 390 млн сом кылмыштуу жол менен чыгарылып кеткени аныкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы беш жыл ичинде Орусияга 170 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен эки кишини кармап, кылмыш ишин козгоду. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандан Орусияга 170 миллион доллар (болжол менен 11 млрд 390 млн сом) кылмыштуу жол менен чыгарылып кеткенин аныктады.

Мекеменин маалымат катчысы Азамат Шейшеевдин ырасташынча, кармалгандардын бири Д.Н. аттуу жаран Финансы министрлигинин кызматкери болгон.

– Эки адам кармалып, бирөө тергөө изоляторунда отурат. Экинчиси үй камагында. Чыгарылып кеткен акча 170 миллион долларды түзөт. Кандай жол менен чыгарып кеткени тергөө иштери менен такталып жатат. Шектүүлөрдүн бирөө 2004-жылдан 2016-жылдын башына чейин Каржы министрлигинде иштегени аныкталды. Экинчи адам аны менен байланышта болгон.

Кармалган эки кишиге мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу беренелери боюнча иш козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча ири өлчөмдөгү шектүү каражаттар 2011-жылдан 2016-жылга чейин “Манас” аэропорту аркылуу Орусияга чыгарылган. Бул ишке айрым коммерциялык банктардын да катыштыгы бар экени айтылууда.

Каржы министрлиги шектүү жарандын аталган мекемеде иштегени белгисиз экенин айтууда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү ачыкка чыга элек, ортодо фамилияларын өзгөртүүгө үлгүрүшкөн. Финансы министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Гүлмира Түгөлбаеванын айтымында, кызматкердин министрликте иштебей калганына жарым жылдан ашты. “Эгерде учурда иштеп жаткан болсо териштирмекпиз. Анын үстүнө анын 2016-жылдын январына чейин иштегени айтылып жатат. Жарым жылда министрликке кимдер келип, кимдер кетип жатканын биз билбейбиз”,-деди ал.

Кылмышка шектүүлөр кайсы каражатты чыгарып кеткени аныктала элек. Алдын ала маалымат боюнча, чет өлкөлөрдөн табылган арам акча Кыргызстан аркылуу адалданган болушу мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы төңкөрүшкө байланышту 925 ички жана тышкы аба каттамдарын токтотту

“Түрк аба жолдору” авиакомпаниясы Фетуллахчы террордук уюмдун козголоңунан улам дүйнөнүн чар тарабына учуп жаткан 925 аба каттамын токтотту. “Түрк аба жолдорунун” басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда аба жолу компаниясы кээ бир ички жана  тышкы каттамдарын аткара албайт.

“Түрк аба жолдорунун” башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжы уча албаган жүргүнчүлөрдүн билеттеринин гарантияга алынгандыгын белгилеп, шартсыз түрдө алмаштырыларын айтты. Айжы бир телекөрсөтүү каналында берген маалыматында ушул кезге чейин 35 учакты өзгөчө абалдан улам башка ишенимдүү аэропортторго багытташкандарын айтты. Бул жерлерде жүргүнчүлөр менен алектенишкендерин белгилеген Айжы : «Окуялардан улам 132 каттам токтотулду. Бүгүндөн баштап «Ататүрк» аэропортунан 183 учууну жана 116 каттамдын Ататүрк аэропортуна келүүсүн пландадык. Сабиха Гөкчен аэропортунан да учуу көлөмүн арттырабыз. Кечээтен баштап токтотулган кээ бир каттамдарыбызды да бүгүн бириктирип, бул жарандарды учуруу үчүн колубуздан келгенди аткаруудабыз»,- деди.

Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжы жүргүнчүлөрдүн саякатка чыгуудан мурда каттамдар тууралуу акыркы абалды www.thy.com адресинен же 444 0849 номерден билип үйрөнө алышарын айтты.

Булак: TRT

Түркияда түндө ишке ашпай калган июль революциясында 90 адам атып өлтүрүлүп, 1154 киши жаракат алган

Түркияда түндө башталып, армиянын Генштабын, мамлекеттик ТРТ телеканалын, Стамбулдагы Ататүрк жана Анкара эл аралык аэропортторун, Европа менен Азияны бириктирген 2 асма көпүрөлөрдү басып алган, аскердик тик учактары жана танктары менен парламентке жана президенттик резиденцияга чабуул жасаган түрк июль революциясынын 1600 катышуучусу камакка алынды. Революционерлерди камоо улантылып жатат.  Эгер алар жеңишке жетишкенде Июль Револциясынын  Баатырлары деген наамдарды алышмак.

Түнкү революционерлер менен бийлик тараптагы аскерлердин, полициянын атышуусунан 90 дон ашык адам атып өлтүрүлдү, 1154 адам ар кандай жаракаттар менен медициналык жардам алууда.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Элчи Ибрагим Жунусов уктабай эле Түркиядагы кыргыз жарандарынын камын көрүп жүрөт

“Бишкектеги айрым ММК өкүлдөрү “Түркияда төңкөрүш болуп жатса Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов уктап жатат” таризинде жазып жатышат. Биз чынында уктаган жокпуз, өз ишибизди аткарып жатабыз”, – деп билдирди бүгүн, 16-июлда Кyrgyztoday.kg  маалымат агенттигине Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов.

“Түнкү саат 12ге жакын Бишкектен Стамбулга “Манас” кыргыз-түрк университетинин журналистика факультетинин 10 студенти мамлекеттик ТРТ телеканалынан практикага өтүү үчүн учуп келишкен экен. Алардын учагы аэропортко конуп, студенттер шаарга чыгары менен төңкөрүшчүлөр Ататүрк аэропортун басып алышкан. ТРТ телеканалынын аймагында жайгашкан жатаканага келишсе ал жерди төңкөрүшчү аскерлер курчап алгандыктан кире албай көчөдө калышкан. Анан түнкү 12 де бизге телефон чалып жатышпайбы. Биз дароо жетип барып, аларды элчиликке алып келип, курсактарын тойгузуп, түнкү саат 2де дипломаттардын үйлөрүнө жайгаштырдык. Кыргыз-түрк “Манас” университети биздим ТИМ менен макулдашпай эле түз ТРТ телеканалы менен келишим түзүп студенттерди жөнөтүп жиберишиптир. Бизге да кабарлашкан эмес. Бизде маалымат болгондо биз алардын камын эртерээк көрмөкпүз”, – дейт Жунусов.

“Түнкү кагылышууларда бир да кыргыз жараны жапа чеккен жок. Баарын байкап турабыз. Элчиликте күнү-түнү иштеген телефон уюштурдук. Абал турукташып келатат”, – деп кошумчалады элчи Ибрагим Жунусов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Түркияда төңкөрүш уюштурган 1600дөй адам кармалды

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым өлкө аймагындагы кырдаал жөнгө салына баштаганын билдирди. Өкмөттүк аскерлер төңкөрүшчүлөр басып алган мекемелерди кайтарып алды. Анткен менен Стамбул жана Анкара шааларында абал толук тынчый элек. Кээ бир райондордо ок атышуулар, жардыруулар болуп жатканы кабарланууда.

Маалыматтарга караганда учурда аскердик төңкөрүш уюштурган 1600гө жакын адам колго түшүрүлдү. Алардын арасында полковниктер, генералдар дагы бар.

Өкмөт башчы министр Максүтовду неге "сөктү"?

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жумушка киришкенден бери кабагын бүркүп, катуу иштеп жаткандай түр көрсөтүүдө. Бир топ жетекчилерди ээрден оодарып түшсө, бир тобун эл көзүнчө кагып-силкип, эскертүүлөрдү байма-бай берип келе жатат. Кээлерин “иштей албасаң кетип калчы” деп жаш балача жээриген жери да бар. Анткен менен өткөн жумада эле премьерден сөгүш алган жетекчилер ишти кыйратып жибергени деле байкалбайт. Ал эми бүгүн өкмөт башчы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовго ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жарыялаптыр. “Шефинен” сөгүш уккудай Алтынбек мырза эмнеден жазды болду экен? Иштей албагандарды сөгүп сөз коротуп отурбай, акырын көк үйдүн короосунан чыгарып койсо болбойбу? Анткени жетекчилердин арасында сөгүштү уккан менен сөз жебеген эрендер толтура экени көрүнүп эле турбайбы…

Булак: Кyrgyztoday  

Бейшенбек Бекешов, журналист: “Мен үчүн мындай өлкөдө жашоо коркунучтуу боло баштады. Силергечи?”

Биздин бийлик үчүн жамандыктын жарчысы бетин жапкан кыздар болду. Ошолордун аягы аялдын баарына паранжы кийгизет деген көрнөк-жарнакты баш калаа тургай, бүт өлкө боюнча илишибиз керек экен. Миңдеген кыз-келиндер жанында бир көз болоор кишиси жок чет өлкөлөп кеткенде ооз ачкан эмеспиз. Миңдеген кыздар чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жатканда унчуккан эмеспиз. Миңдеген кыздар өз төрүбүздө чет элдиктерден миңдеген кыргыз жарандарын тууп жатканда лам деген эмеспиз. Миңдеген кыздар биздин элдин түшүнө миңдеген жылдар бою кирбеген сойкулукту кесип кыла баштаганда да дың эткен жокпуз. Бир көк мээ мугалим он беш кыздын бетин жаап чогулушка алып келген экен, ошону бетке кармап, асмандан издегенибиз жерден табылып, биздин элди курутаар балээ мына ушул деп, бүтүндөй мамлекеттик машинанын куйругун толгоп, көзүн чукуп көрсөтө баштадык. Мен үчүн мындай өлкөдө жашоо коркунучтуу боло баштады. Силергечи?

Бейшенбек Бекешов, журналист

Алмазбек Атамбаевден жаңы ыр - "Мне не страшно умирать"

Алмазбек Атамбаев Сергей Орловдун сөзүнө жазган кезектеги ырын жарыялады. Бул ыры “Мне не страшно умирать” деп аталат. Атамбаев буга чейин “Судьбе назло” жана “Я не могу без тебя жить” деген ырларын жарыялап, эл арасында “жылдызга” айланган.

https://youtu.be/_tuJI9aLucw

Элчи Ибрагим Жунусов Түркиядагы төңкөрүштү түшүндө көрдүбү?

Түркияда окуп, иштеп жүргөн тааныштар менен байланышып, абалын сурадым. “Кудайга шүгүр, жакшыбыз” дейт баары. Түнү Стамбулда болгон аскер төңкөрүшүнүн залалы мекендештерибизге тийбептир. Кичине болсо да көңүлүм тынчтанды. Бирок, Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги ал жактагы жарандарга көңүл бурбай, бейкапар уктап жатканы жанды кейитти. Башка өлкөлөрдүн элчилери сайттар, соцтармактар аркылуу өз жарандары менен байланышта болуп, алардын абалын сурап, кеп-кеңештерин берип турушту. “Ал эми биздикилерден кабар жок. Элчиликтин сайтында бир-эки ооз сөз жазып коюптур” дешет мекендештер. Эмне, өлкө ишеним артып жөнөткөн элчи Ибрагим Жунусов мырза ал жакка эс алып, уктаганы барды беле? Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда кыргызстандыктарга көз салып, карап койсо көптөрдүн көңүлү көтөрүлүп калбайт беле? Биз ушундай “уйкусураган” жетекчилерден качан кутулат болдук экен?

Булак: Кyrgyztoday

 

Адил Турдукулов, блогер: "Кайран элим, кайда баратабыз?"

Кайран элим, кайда баратабыз?

– Кыргызстандагы 1805 айылдын ичинен 725 айыл ичкенге таза суусу жок олтурат;

– Кыргызстандын тышкы карызы, акыркы жылдарда эки эсе көбөйүп, азыр 4 млрд $ чамалап калды;

– Кыргыз элинин 3/1 бөлүгү – 1.8 млн адам бир айда жашоонун эң төмөнкү деңгээлинде жан багууга муктаж болуп – 2 485 сомго гана жашап калды;

– 5 жашка чейинки кыргыз балдарынын 18%  тоюнуп тамак жей албайт;

– Биздин мамлекетте бир компьтерге 90 мектеп окуучу туура келет, мындай кейиштүү акыбал эң артта калган мамлекетте да жок;

– Ооруканалардын саны Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон 1991-жылдан бери 307 ден 117ге чейин кыскарган – ооруларды жаткыра турган орун жок;

– Тажикистан жана Өзбекстан мамлекеттери менен 2010-жылдан бери 1 метр дагы чек ара маселеси чечилген жок. Талаш чек арадагы жерлер 800 км түзөт;

– Кыргызстанда ар жыл сайын 6 миң адам туберкулез дартына чалдыгат;

– Кыргызстан КМШ өлкөлөрдүн ичинде жол кырсыгы боюнча биринчи орунда турат;

–  Кыргызстандагы 1 жаштан – 14 жашка чейинки балдардын 57% ы  зомбулукка дуушар болушат;

– Кыргызстанда ЖОЖдорду бүтүргөндөрдүн ичинен 9% гана өз адистиги боюнча жумуш таба алышат;

– Кредиттерди алгандардын саны 500 миңден ашкан, алардын ичинен ар бир төртүнчүсү процентти төлөөгө мүмкүнчүлү жок болуп, алган кредиттин үстүнө пеня кошулуп жатат;

– Жарым миллион кыргыздар орус жарандыгын алган, чет жактагы мигранттардын саны болсо бир миллиондон ашкан;

– Кыргызстандагы наристелердин  85%  бала-бакчага барууга мүмкүнчүлүгү жок;

– Интернаттарда ар бир баланын бир күндүк тамагына 65 сом гана каралса, карыялар үйлөрүндө болсо 55 сомдон гана каралган, андан ашык кароого кыргыз бюджетинин чамасы жетпей калды.

Ал эми Атамбаев 6 жыл мамлекетти башкарып, президенттик мөөнөтү бүтүп баратканда төмөнкүдөй баннерлерди бүткүл өлкөгө илдирип, таң калуу менен кайра бизден сурап жатат: “Кайран элим, кайда баратабыз?!” деп.

Кайран элим

Адил Турдукулов, блогер

Видео - Түркияда төңкөрүш жасоого аракеттенген генералдардын бири өлтүрүлдү

Бүгүн түнү Түркияда аскердик топ мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, өлкөнү өз көзөмөлүнө алганын билдирип чыккан. Кагылышуулардын натыйжасында 17 полиция кызматкерлери набыт болгону айтылууда. Мармарис шаарында жүргөн Эрдоган Стамбулга кайтып келип, төңкөрүш аракетин чыккынчылык деп мүнөздөп, ага катышкан аскер башчыларына катуу жаза колдонула турганын эскертти.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым төңкөрүш жасоого аракеттенген генералдардын бири өлтүрүлгөнүн жана 130дан ашуун аскер кызматкерледи кармалганын билдирди.

https://youtu.be/S3jyYPN2Alc

https://youtu.be/ancsMuzujZc

https://youtu.be/H6IJqp-YNJk

Канжар кайда жүрөт?

Мурунку прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылгандан бери көңүл бурган киши жок. Жабырлануучулар сот иши белгисиз себептер менен улам бир судьянын колу­на өтүп, ар кандай себеп­тер менен сот процесси башталбай келе жатканын айтышып, Канжар Кадыралиевдин үй камагында жүрүп алып кысым көрсөтүп жатканын билдирүүдө. Мындан улам Кадыралиевге ашканасын, үйүн тарттырып жибергенин айткан ишкер Мирлан Жолдошов аталган ишти көзөмөлгө алууну өтүнүүдө.

Булак: “Фабула”

Түндө Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болуп, төңкөрүшчүлөр аэропортторду, көпүрөлөрдү, телеканалдарды басып алышты

Бүгүн, 16-июлда ( Стамбул убактысы боюнча 15-июлдун 23.00. сааты) Түркияда аскердик генералдар мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, Түрк армиясынын башкы штабын, Стамбулдагы “Ата-Түрк” эл аралык аэропортун, Анкара аэропортун, мамлекеттик ТРТ телеканалын, Европа менен Азияны Босфор кысыгынан бириктирип турган эки көпүрөнү басып алышкан.  Фейсбук, Твиттер социалдык тармактарын өчүрүшкөн.

ТРТ мамлекеттик телеканалы аркылуу элге кайрылуу жасап “Түркияда бийлик аскерлердин колуна өттү. Мамлекеттик жетекчилер кармалып жатат. Түрк армиясынын башкы штабынын начальниги барымтага алынды. Биз өлкөдө мыйзамдын диктатурасын орнотобуз. Демократия менен адам укугун коргойбуз!” деп жарыялашкан.

Төңкөрүшчүлөрдү колдогон аскердик тик учактар парламентти аткылап, танкалар аэропортторду, мамлекеттик имараттарды курчап, көпүрөлөрдү жаап салышкан.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болуп жатканын расмий мойнуна алды.

Измир шаарында эс алып жаткан Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Анкарага же Стамбулга учалбай самолетунун ичинен мобилдик телефон аркылуу гана билдирүү жасай алган.  Тайип Эрдоган Германиядан жана Россиядан башпанээк сураганы тараган. Алтургай Россия президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Песков “башпанээк маселесин президент Путин гана чече алат” деп комментарий берген.

Эрдоган соткадан суйлоп

Бирок бийликти колдогон аскер күчтөрү бүгүн таңга карай төнкөрүшчүлөрдү аткылап, алар басып алган жерлерди бошотуп, башчыларын камакка ала баштаганын билдиришти. F-1 аскердик учагы төңкөрүшчүлөрдүн тик учагын атып түшүрүп, танкыларын аткылаган.

Азыркы учурда Тайип Эрдогандын бийлиги кайрадан өз бийлигин калыбына келтиргенин жарыялап, аэропорттор жакынкы учурда кайра иштей баштайт деп жарыялашты. Бирок Стамбулда айрым атышуулар дагы деле угулуп жатканын дүйнөлүк ММКлар билдиршүүдө.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Өкмөт башчы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулушун катуу көзөмөлдөөнү буйруду

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекет өлкөдөгү жолдорду реконструкциялоого жана курууга өзгөчө көңүл бурууда. Бул максатта бюджеттик каражаттар бөлүнүүдө, ошондуктан негизги талаптардын бири катары сапаттуу ишти камсыздоо болуп саналат.

«Бишкек-Нарын-Торугарт» жолу өлкөнүн транспорттук артериясы катары республиканын үч облусун – Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облусун бириктирип турат. Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайдын түндүк-чыгыш багытына транзиттик кыймылды камсыздап, Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган эки негизги трассанын бири катары Пакистан жана Индия океанынын портторуна чыгууга мүмкүндүк берип, Россия жана Казакстанга аталган портторго чыгууга шарт түзөт», – деп белгиледи Жээнбеков жана келечекте бүткөрүлгөн тилкелерди кайрадан жасап чыгууга жол бербөө максатында курулуш иштери бардык техникалык талаптарды сактоо менен сапаттуу жүргүзүлүшү тийиштигин кошумчалады.

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров маалымдагандай, жалданган компаниялар жылдын соңуна дейре жолдун негизги бөлүгүн реконструкциялоону жыйынтыкташат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министрге иштин сапатын такай көзөмөлдөп туруу жана ишке жалданган компаниялар тараптан долбоор шарттарынын аткарылышына катуу талап коюу тапшырмасын берди.

Аксыдагы талаштуу жер Өзбекстандыкы деген бийлик өкүлүнүн маалыматы калп экени билинди

Комиссия тактап жаткан Аксыдагы Сөгөт участогу.

Аксы райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси Алтынбек Кутманов Сөгөт айылындагы талаш жер Өзбекстандыкы болуп чыкты деген сөзүн кайра өзү төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна кабарлап, жаңылышып маалымат айтып алганын айтты. Анын билдиришинче, талаштуу маселе боюнча делимитация жана деморкация менен алектенген адистер расмий маалымат берет. Кутманов айткан сөзүн жалганга чыгарууга эмне себеп болгонун тактаган жок.

12-июлда буга чейин талаш жаратып жаткан тилке Өзбекстанга таандык болуп чыкканын Алтынбек Кутманов “Азаттыкка” кабарлаган болчу. Буга 2003-жылдагы өкмөттүн протоколун негиз келтирип, ага 2006-жылы ошол учурдагы өлкө башчысынын Ташкенге сапарында кол коюлганын, андыктан кыргызстандык жарандар иштетип келген тилке өзбек тарапка тиешелүү экенин, бирок бул маселе өкмөттүк деңгээлде каралып дагы такталмайынча ал участкага эч ким кирбей турганын белгилеген.

28-июнда кыргызстандыктар чөп чапкан жайыт жерге өзбек чек арачылары кирип келип, аларды чыгарып салышкан. Бул окуядан соң эки тараптан тең жумушчу комиссия иштей баштаган.

Алтынбек Кутмановдун айткандарына жергиликтүү эл нааразы болуп жатышат. Талаштуу тилке 2,5 гектар. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Керимкуловдун маалыматында, бул жер Кыргызстанга таандык. Ошондой эле айыл өкмөттүн карамагында экени документтерде көрсөтүлгөн.

Булак: “Азаттык”

Тайсон Ысык-Көлдү 6 саатта сүзүп өттү

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде иштеген Майк Тайсон Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн тескейине 6 саатта сүзүп өттү. Бул тууралуу элчилик фейсбуктагы баракчасында жазды.

Маалыматка караганда Тайсон Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн тескейине чейинки 13 км аралыкты эс албастан сүзүп өткөн. “Майкка мактоолор болсун. Биз аны менен сыймыктанабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Видео – Активисттер Тайырбек Сарпашев менен жолугуп, “эркек болсоң кызматыңды тапшыр” деп кекетишти

Интернетте Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев менен паспорттогу улут графасын алып салууга каршы чыккан активисттердин жолугушуусунда жашыруун жазылып алынган аудиозапис тарады. Анда активисттер Сарпашевди жарга такап, “эркек болсоң кызматыңды тапшыр” деп да кодулап жаткан жерлери бар.

Атамбаевдин диплома­тия менен иши жок, чарбаркер “досу” Германияга элчи болобу?

Президенттин иш башкармалыгын жетектеп келе жаткан Турусбек Коёналиев Германияга Кыргызстандын элчиси болуп кетет экен деген кеп укканбыз. Эл аралык диплома­тия менен иши жок, өзү спортчу, чарбаркер адам андай кызматка кетээрин күткөн эмеспиз. Бирок, акыркы күндөрдөгү окуялар анын чындап мамрезиденциядан “пошел” болоорун көрсөтүп койду окшойт. Анткени адатта ал чарба иштери ме­нен алек болуп, сыйлуу коноктордун алдында тааныштырылчу деле эмес. Кечээ Германия канцлери Ангела Меркель айым келгенде Тукебизди президент министрлердин катарына кошуп, жакышлап тааныштырды. Демек анын жолу ачылып, келечектеги элчи катары тааныштырылды десек болот.

Булак: “Фабула”

Жыргалбек жыргабай калды көрүнөт

Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун аяшпас душманына айланган Жыргалбек Саматов бул жолу мандатын кайрып алаары арсар болуп калды. Үч жолу депутаттык төш белгисинен ажырап, көшөрүп, соттошуп жүрүп кайра кайрып алган Саматовдун эрдиги эми эч кайсы жерде өтпөй турат. Туйгунаалы Абдураимов БШКдан кетип, ордуна Нуржан Шайлдабекова келээри менен Саматовдун маселеси кайра каралып, өткөн жумада Боршайкомдун баардык мүчөлөрүнүн колдоосу менен мандатын алып коюшкан. Тирешүүдөн тажабаган Жыргалбек мырза “мандатымды алып бергиле” деп кайра сотко кайрылган. Бүгүн ошол маселе Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, БШКнын чечими күчүндө калды. Мындан мурда Жогорку соттон утуп, мандатын кайрып алган Саматов кайра ошол жакка кайрылабы, же “тойдум байдын кызына” деп кетип калабы, азырынча белгисиз. Кандай болгон күндө да бул жолу соттор Жыргалбекти жыргатпай калды көрүнөт.

Булак: Кyrgyztoday

Меню