Menu

ӨКМде иштеп кеткен согуштун жана эмгектин арадагерлерине материалдык жардам көрсөтүлдү

1-октябрь Эл аралык улгайган адамдардын күнүнө каратта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде  иштеп кеткен   согуштун жана эмгектин арадагерлерин эмгеги эске алынып,  ар бирине акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде  иштеп кеткен   согуштун жана эмгектин арадагерлери:

1) Кубрин Борис Ивановичке;

2) Килин Владимир Лазаревичке;

3) Калинин Геннадий Алексеевичке;

4) Назаров Виктор Ивановичке;

5) Волков Николай Ивановичке;

6) Воеводина Татьяна Абрамовнага;

7) Корчагина Лидия Васильевнага;

 Камчыбеков Алмаз Камчыбековичке;

9) Тихонова-Волощинко Людмила Георгиевнага;

10) Масютенко Людмила Анатольевнага;

11) Раевская Тамара Андреевнага;

12) Ищкильдина Замиля Ганиуловнага;

13) Ботбаева Сагынбүбү Семетовнага;

14) Мамытбекова Зауреге;

15) Коротков Сергейге;

16) Кадыркулов Төлөгөн Абдираимовичке;

17) Васюшкин Владимирге;

18) Намазалиев Турарбекке;

19) Ильин Валерий Константиновичке.

Фото - Кечээ жааган кардан улам Жалал-Абад–Казарман жолу жабылып калган

Кечээ, 3-октябрда жааган кардан улам Жалал-Абад–Казарман унаа жолунун 52-54-чакырымдарындагы Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүсүнөн улам жол кыймылы токтоп калган. Тыгында 32 унаа туруп, анын ичинен 13 оор жүк ташуучу унаа, 19 жеңил унаа болгон. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынан ыкчам топ, Сузак жана Казарман районунун Жарандык коргонуу кызматтары жеринде барышып, тиешелүү иш-чараларын аткарышкан. КР ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Абдышарип Бекиловдун айтымында, Сузак жана Казарман райондорунун Жарандык коргонуу кызматтарынын тыгыз ыкчам аракеттеринин натыйжасында, жол тыгын жоюлуп, унаалар өз багыттарында кетишкен. “Тыгынга кабыл болгондордун арасында жабыркагандар болгон жок”, – деди А Бекилов.

Жолду тазалоо иштерин түнү менен жүргүзүүлүп, бүгүн таңкы саат 06:30да Жалал-Абад-Казарман унаа жолу толугу менен ачылган. Тазалоо иштерине 1 бульдозер, 2 “тез жардам” унаасы, 3 “Нива” унаасы жана Жарандык коргонуу кызматынын 21 кызматкери катышкан.

zha-kazarman-zholu

zha-kazarman-zholu3

zha-kazarman-zholu2

zha-kazarman-zholu-4zha-kazarman-zholu5

 

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары сымапты иштетүүнүн экологиялык таза жолун табышты

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессорКакин Сулайманкулов жана химия илимдеринин доктору, профессор Муса Балбаев сымапты иштетүүнүн экологиялык таза жолун табышты. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

– Сымап иштеп чыгарууда көп зыян заттар бөлүнүп чыгат. Себеби аны алуу үчүн байытылган кенди 500 градуска чейин ысытуу керек. Анда сымап учуп, чөйрөнүн баарын булгайт: сууну да, жер кыртышын да. Мына ушул себептен сымап бөлүп чыгарууну дүйнө жүзү боюнча жабышууда. Бизде сымап бюджетке акча түшүрүүчү өндүрүш. Ошону үчүн биз сымапты иштеп чыгаруунун экологиялык таза жолун таап чыктык. Аны “Кыргызпатент” мекемесине бергенбиз. Алар бир жыл бою текшеришти. Мына ошол аракетибиз илимий жаңылык катары жакында тастыкталды.

Биз кендин концентратын алабыз, анын ичинде сымапты кармаган минерал –  киноварь бар. Ал башка химиялык затка эрийт экен. Концентратта  канча сымап чыгаарын болжолдоп эсептеп алып, ошого жараша химиялык затты жана аралашуу чөйрөсүн түзүү үчүн суу кошулат. Тутумунда сымап бар суюктук бөлүнүп алынат. Ага сурьманы кошкондо анын ичиндеги сымап бөлүнүп чыгат.

Окумуштуу, профессор Муса Балбаев сымапты пайдалануу жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

Сымап күндүзгү чырактарды жасоодо, парфюмерия өндүрүү тармагында, бетмайларды, алтынды өндүрүүдө, дары-дармектерди даярдоодо, коргонуу өндүрүшүндө  ченемине жараша пайдаланылат. Анан да бул ыкманы пайдаланууда сымаптын айынан пайда болуучу минимата оорусунан оолак болууга мүмкүнчүлүк бар.

 

 

symap1

symap2

Улуттук банктын эстелик монеталары COINS 2016 эл аралык монеталардын көргөзмөсүнө ийгиликтүү катышты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылдын 22-24-сентябрь аралыгында Москва шаарында COINS 2016 монеталар көргөзмөсүнө жана Эл аралык конференцияга катышып келди. Көрсөтмөгө коюу жана андан ары сатуу үчүн 175 алтын жана күмүш коллекциялык монеталары коюлган. “Кыргызстандын кызыл китеби”, «Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери», «Кыргыз каганатынын доору» жана “Тарыхый окуялар” сериясындагы экспонаттар көргөзмөгө келгендердин чоң суроо-талабына ээ болду. Айрыкча “Үкү”, “Жейрен”, “Ак илбирс”, “Барсбек-кыргыз каганы”, “Улуу Кыргыз каганаты”, “Тамга-Кыргыз каганатынын биримдигинин символу”, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Жамиля”, “Биринчи мугалим” жана “Саманчынын жолу” монеталары чоң кызыгууну жаратты.

Эки күнгө созулган көргөзмөнүн жүрүшүндө Улуттук банктын экспозицияга жана кийинки сатууга арналган 175 даана коллекциялык монетасынын рекорддук бөлүгү сатылып кетти.

Эл аралык конференция жана COINS-2016 (Коинс-2016) монеталар көргөзмөсү – бул Россия жана КМШ мамлекеттеринин арасында өткөрүлүүчү монеталар рыногуна арналган жападан-жалгыз эл аралык форум болуп эсептелет. 2016-жылы өткөрүлгөн иш чарага дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн келген 200 ашуун делегат: борбордук жана коммерциялык банктар, дүйнөнүн ири монета сарайлары, монеталардын дистрибьютеркомпаниялары, аукциондук үйлөр катышышты.

 

“Батыровду ким качырганын Батыров өзү айтып...”

Соңку  күндөрү  кыргыз  басылмалары  сыналгы-үналгылары  ОБСЕнин Варшавада  өткөн  жыйынындагы  чуулгандуу  кылмышкер К. Батыровдун сүйлөгөн сөзүн ар  тараптан  жиликтешип, жорушуп, -тиги-бу дегендей  ойлорун мөндүрдөй жаадырып жатышат. Бирок, ошолордун бириси да Батыровдун  ошол жыйында  сүйлөгөн  сөзүнүн так мазмунун  толук билишпей, ар кайсыл жеринен  үзүп-кыркып алышып, өзгөчө Батыров өзү катуу  жаңылган “геноцидди” гана айтып келишет.Ооба, асти кылмышкерди чакырып ыйык минбарынан сөз бергендиги абройлуу уюмга кара тактай эле болду.Кыргыз ТИМи  кала берсе, Бишкектеги анын макамын пасайтууга барарын жар кылды.

Албетте, эгемен өлкө болгон соң мындан да катуу чараларды көрсө сонун болмок.Бирок ошол эле кезде А. Аскаровго келгенде негедир БУУнун көрсөтмөсү  көктөн түшкөн буйрук катары сыпатталып,атүгүл мына ушунун кесепетинен  Баш мыйзамды өзгөртүүгө туура келип жатат деген бийликтин чала  мас ойу  ар  кандай  күдүк ойлорго түртөт.

Батыровду эч ким актабайт жана ал кыргыз элине зор кайгы алып келген бир желмогуз. Бирок, биз демократиялык өлкөдө жашап келгенибизден кийин, мына ушул   “акылдан азап” кылмышкерди кармап ( 6 жылдан бери оозго албай келишти го) тергөө амалдарын жүргүзүп, жакшылап сурап туруп анан соттоп ийсе болбойт беле. Интерполдо издетип атабыз дегени  да  чындыкка коошпогонун ошол эле Варшавадагы жыйын ачык көрсөттү. Интерпол саясатка шылоолоду дешет…

Экинчиден, Батыров да, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бири-бирине “жөөтчө” мамиле жасашып, “кимиси кимисинин” кулагына көбүрөөк кесме илет же “подстава” кылат дегендей мышык-чычкан ойунун  жүргүзгөнүн  Батыровдун сөзү айгинилеп турат. Анын сөзүнүн  толук  текстин  Ош облсунун экс-милиция башчысы (2010-жылы) Абдылда   Капаров “Сентябрь” сыналгысынан узун   элдин учуна жар кылды. Батыров өз  сөзүндө,-дейт Капаров,- Убактылуу өкмөт менен тыгыз байланышта болгонун, өзгөчө күч структураларын жетектеген, ушул өкмөттүн биринчи  орун басары Алмаз Атамбаев менен коюн-колтук иштегенин ачык эле айтты. Албетте, “кидала” болгонун кийинчерээк сезип калган бул шүмшүк,  ичиндеги дартын айтып  калуу  үчүн чоң  трибуна издеп келгени жашыруун эмес. Экинчиден, ага эбак эле качкын деген статусту деп берип койушканы маалым болду. Элдин оозунда айтылып келген  Ош  согушунун  тутанышына  жана  Батыровдун  акмактына, анын качып кетишине Отунбаева менен Текебаевдин түздөн-түз тиешеси бар деген имиш Батыровдун оозу менен өзүнөн өзү жок болду,- деди Капаров,-көрсө  5-июнда  аны Атамбаев кабыл алып, акыркы  көрсөтмөлөрүн бергени, кийинчерээк  жоролору аркылуу “ал деген бир аз күтүп турсун, чыдасын, керек болсо менин Түркиядагы же Маскөөдөгү үйүмдө жашап турсун” дегени ачыкка чыкты.

Экинчиден,  Түштүккө бардык мандатты  колуна  алып  барган  генерал  Исаковдун 2010-жылдын  8-июнунда түштүктөгү 20 блок-постту алып салуу тууралуу  буйругу нени каңкуулайт. Ахыбал күндөн күнгө оорлошуп баратканын билип туруп, неге мындай ойго келбеген кадамды жаасашы  деген  собол  өзүнөн  өзү пайда болот.Жаңжалдан  эки  күн  алдын  мындай  буйрукту  албетте  Исаковго Бишкектен Убактылуу өкмөт, тагыраагы Атамбаев бергенин ачык эле айтсак болот.

Үчүнчүдөн Ошко Атамбаев жана Илмиянов Максимдин 5 орундуу учагында учуп барышып, аэропорттон ( Капаров да тосуп алган) күч структураларына каражат беришкен маалыматты Капаров дагы бир ирээт тастыктап берди. Бирок ошол 5 миллион кайда жана кандай максатта пайдалангандыгын  бүгүн бир кудай анан аны колуна алган Ош облусунун ошол кездеги губернатору Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси Асылбек Жээнбеков гана билет. Оштогу сүт зоотунун аймагында  жүздөгөн өзбек жигиттеринен “согушкерлерди” даярдап жатканын паамдаган Капаров ошондо эле  бул ойун Асылбекке  айткандай болуптур. Тилекке каршы, “бул деген саясат, сенин башың жетпейт” деп кайра өзүн жемелеп киришкенин да сайрап айтып туру бүгүн Абдылда.

Айта берсе сөз көп. Бирок Ош согушунун тутанышына албетте Убактылуу өкмөттүн түздөн түз күнөөсүнүн  бардыгы, анын ичинде Атамбаевдин да  айыпталышы… президент  өзү Батыровду качыргандарды иликтегиле, дегенине анчейин коошпой тургандай. Демек, оболу эле Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Бекназаров, Исаков, күч струкураларынын генерал жана башкалары, бүгүн СИЗОдо жаткан Жалалабаттын экс-губернатору Бектур Асановдор суралышы керек эле. Бирок бүгүн Башкы прокуратура ишти таптакыр башка жактан баштап атканы да   баш-аяксыз жараянды түзүүгө көрүлгөн аракеттердин бири деп койсо  болчудай.  Өмүр бойу жазага кесилген адамга ишенүү болбойт деп жатышат. Макул бололу, бирок мыйзамда «презумпция невиновности» дегени бар, оболу сурап, көзмө көз беттештирип, кылмышкердин да бир «чындыгын» угуп койууга неге болобсун. «Бовойт эле бовойт» дегендин өзү шек жаратып жатпайбы. Анткени, Батыров да ошол күндөрдө жөн жатпаса керек эле, колунда бардыр кандайдыр бир далилдүү документ жана аудио-видео жазуулары.Акыры согуштун башкы күнөөкөрү да өзүнүн сөзүн айтышы керек го…Балким ушунча жылдын юери жамалбай келаткан жамаачы жамалып калар ушул Батыровдун көрсөтмөсүнөн кийин…

Экинчидиен, качкын деген статусу бар кылмышкерди Швеция же башка бир өлкө бизге кайтарып да бербейт.Демек, «Батыров баш оорусу» али далай чууну салышы ыктымал.Кыргызстан кудум ушуга даяр болушу шарт.

Анткени, анын демине дем салып жаткан акча шайтанына биротоло азгырылып кетишкен , өздөрү анча деле түшүнө  бербеген кайдагы бир  укуктарды коргомуш болушкан  Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан  Исмаиловалардын  канаттарын кыркып койбосо, «дерьмократиянын шартында, билген «погун» жеши бар. Муну унутпайлы.

Бирок кандайынан албайлы, баары бир Батыров да, ага көмөк кылышкан у”бактылуулар” да  элдин  сотунан  качып  кутула  алышпайт. Кан кечирбейт., кууп жүрүп табат. Чарчабай, жадабай артынан түшүп алып , акыры көксүсүн суутат.Ар качантан ар качан ушундай болгон жана боло да берет. Анткени, төбөдө жалгыз кудайым турат жана ал жазасыз койбойт эч кимди.

Калдарбек  Койлубайтегин, журналист

 

65% эл аймактык милициясын тааныбайт

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык союзу укук коргоо кызматкерлери калк менен кандай иштээрин баалап көрүүнү чечишкен. Сурамжылоо жыйынтыгында жарандардын 65 пайызы өздөрүнүн аймактык милицияларын тааныбайбыз дешсе, калктын 70 пайызы алар менен ишибиз дагы жок деген жооп узатышкан. Сурамжылоонун максаты жана ага карата алдыда кандай иш алып барылары тууралуу билүү үчүн союздун координатору Урмат Казыкбаевге кайрылдык:

– 2011-жылы милицияда реформа башталган. Биз ошол беш жылдан бери ушул теманын үстүнөн түшпөй иштеп келе жатабыз. Биз иштегенден бери үч ички иштер министри жумуштан алынды. Эки жолу өкмөт алмашты. Канча жылдан бери реформа дегендери менен эч нерсе кылыша элек. Биз болсо аймактык милицияларды эл менен бир столго отургузуп, эл көйгөйүн чогуу талкууладык. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатат деп милициялар өздөрү айтышты. Февраль айында кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык, 2015-жылдын аягында милициялар отчёт сунушташ керек эле. Алар отчёт берди. Бирок, 68 пайыз жарандар милицияга ишенет деген жыйынтык менен беришти. Бул жакшы жыйынтык болгону менен сурамжылоонун так эмес жактары бар. Кыргызстандын жарандарынын ой-пикирин угуш үчүн бир жарым миңге жакын респондент, ар бир облустан 7000ге жакын адам суралышы керек эле. Реформа башталгандан бери беш жыл өттү. Бул жылдар аралыгында өкмөт жакшы иштерди жасаса болот эле. Алар жөн гана жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматын бириктирип, патрулдук милиция кылып коюшту. Эч кандай көзгө көрүнөрлүк өзгөрүү болгон жок. Коопсуз шаар деген дагы жакшы долбоор соттун ичинен чыкпай калды. Бул реформалар 2 жыл ичинде иштеп кетмек. Биз 12 пилоттук жерде жөнөкөй жаран менен милицияны бир столго отургузуп, ортодогу көйгөйлөр боюнча биргелешкен план түзгөнбүз. Эми ушул эле ыкманы Талас, Өзгөн, Бишкектин Свердлов районуна сунуштап жатабыз. Себеби, сурамжылоо жүргүзүп көрсөк, Кыргызстан жарандарынын 30 эле пайызынын милиция менен байланыш бар экен. Демек, милициялардын эл менен иштөө жагы аксап жатат. Биз милиция кандай иштеп жатат деген ой-пикирди чогултуп өкмөткө жибердик. Эми алардан жыйынтык күтүп жатабыз.

Булак: Саресеп 

Акылман Айтматов арсыздарга алдын ала айтчусун айткан…

“Жерден жик чыкты, эки кулагы тик чыкты” деген балалыктын табышмагындай кыргыз китеп айдыңында “Унаис” аттуу былжыраган басылма пайда болду. Береги 60 жаш жаман-жакшы курагыма чейин канчалаган китеп окусам да, мындай сабатсыз, дөөдүр китепти алгач ирет аргасыздан окуп чыктым. Окудум да, ээ катыгүн, 25 жылдан бери китеп окубай башаламан базар турмуш менен башмалдак атып калган кыргыздын урпактары дүйнөнүн 164 расмий тилине которулуп, көз жашындай кыргыз элин аалам кыйырына тааныткан алп жазуучубузду былжыр мээлүү Мелис Арып-Бектин деңгээлинде кабыл алабы деген түпөйүл коркунучтан калем алдым.
2013-жылдын сентябрь айында, “Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата” деп кытайлык кыргыз жазуучулары жергебизге келгени эске түшөт. Аларды дипломат калемгер Асанбек Токтогулов экөөбүз Шекерге коштоп бардык. Боордошторубуз береги Төө-Ашуу, Суусамыр, Өтмөк, Манас Ордого ушунчалык суктанышат, “Айтматовдун Шекерине качан жетебиз?” – деп дегдешет…
Атаңдынгөрү, биз кембагалга “колдо бар алтындын баркы жок”, а конокторубуз Шекерден кеткиси келишпейт. Айтылуу “Дүйшөндүн багында” Ильгиз байке эс алып жүргөн экен, Чыңгыз абакебиз тирилип келгендей эле тегеректеп алышты. Кыскасы кытайлык туугандар Ч.Айтматовду пайгамбардай урматташаарына кайра мен таң калып, суктанып турдум.
Ошондо куунак көңүлгө көлөкө түшүрөөр кесепет жолугушуу болбогондо баары майрамдагыдай сонун эле… Кытай өлкөсүнө белгилүү тарыхый роман жазуучу Оркалча аксакал экөөбүз ээндей сүйлөшүп жүрсөк, алдыбыздан айылдык бирөө жолугуп калды. Жөн-жай сурашкандан соң, тиги шекерлик сөрөй “Айтматов бизге эмне кылып койду? Жок дегенде жолго да көңүл бурган жок…” дебеспи. Кудая тобо, бирөө атайлап жибергенсиген сейрек сакал тепейген кыйды чал тикчийип бет маңдайда турат. Не дейсиң, атаңдай улгайган киши да… Ошондо оро-парада Оркалча аке сабырдуу мындай деди:
– Тууганым, сен экөөбүз кайгырган жолду оңдоп-түзөө мамлекеттин иш милдети. Биз тээ Ала-Тоонун аркы тарабынан Айтматовдун чыгармаларынан окуп дайынын билген Шекер айлыңды бир көрсөк деп дегдеп келдик. Болбосо сендей адам менен жолугушаарды Жараткан кудай буюраар беле, ким билсин!?
Ал го ал болду, мына эми “Унаис” китеп болумушу тууралуу мурдагы айтылгандарды уласак, былжыр жыйнактын автору Мелис Арып-бек деген жогоруда Оркалча акени кейиткен айылдык бир чектелген кесеп чал эмес, орусча-кыргызча урдура оомал-төкмөл жаза билген кокуй экендиги менен кыйла маанилүү, кооптуу эй! Ооба, кыргыздын көзгө басаар, куттуу рух дөөлөтү”Манас” чайкоочулуктан арылбаса, ааламдык сыймык таянычыбыз Айтматовдун алка-жакасына ашмалтай асылышса… Болуптур, Омор акын Султанов таамай айткандай: “Эй, кашайгырлар, мобу акын-жазуучубуз деген беш жүздөйүбүздүн жолубуз мынабу Меркеге чейин эле, а андан ары Чыңгыз Айтматовдун ааламы башталат да” деп же кыргызча кенебей, Мелис Арып-бек эмне Айтматовдун погуна куурай сая алабы деп отура берсек кандай болот?
Жаман болот, өтө жаман болот! Дегеним, ири алды береги эгемендик делген чейрек кылым (!) аралыгында китеп окубай калган кыргызга, “Айтматовдун чыгармаларын түшүнбөйбүз” деген жалкоо окурманга, көргөн-бакканын адабият деп тизмектей берген коммерция китептердин чаңдуу жолу кеңеет, туташ сабатсыздык туманы баса берет. “Айтматов кудайсыз, дин безер” деп мечиттерде жылжытып дин баян айткан айрым жан дүйнөсү коргондолгон, улут безер, илимсиз, кара өзгөй молдолордун чырагына май тамат. Ошентип бир боорум, урпактарга, улут – мамлекет келечегине, рух тамырыбызга оңбогондой доо кетип, сокку урулат!
Дагы не дейли… Албетте, Чыңгыз акебиз Улуу Жараткандын биздей эле адам-пендеси болгон: күлгөн, ыйлаган, мүдүрүлгөн… Биз да пенделик кылып кемчиликти ушул жактан издегенге машпыз. Өз деңгээлибизде жобурайбыз…
А жазганычы? Ошол Улуу Жараткан миңдин, миллиондун, миллиарддардын арасынан чанда колдоп-сүйөмөлөгөн талант, кудурет-күч, ыхлас-илхам менен улуу турмуш – жашоонун кыйырсыз агымын, күңгөй-тескейин, андагы алектенген адам-пенделердин айжаркын, кайталангыс, коркунучтуу, ажайып образ-бейнесин ташка тамга баскандай жазганын айталы.
Ооба, сүйүүсүз жашай албаган, жалындаган Жамийланы, эл-жерин кыйбаган качкын Ысмайылды “Жабылуу кара инген” – кайраткер Толгонайды, караңгылык менен күрөшкөн мугалим Дүйшөндү, асылынан адашкан армандуу Илиясты, өз чындыгы үчүн жанын аябаган акыйкат Танабайды, келечек урпагы үчүн жан кыйган ата Эмрайнды, жамандыкка келише албай сууга аккан, таза муун баланы, маңкуртту, эне-бейитти… Стоп! Мына ушул жерден көсөм, гений калемгердин алдын ала “былжыр мээлүү акылман, котур таштуу” Мелис Арып-бектин образын кандай бергенин жана да сабатсыз молдокелерге шарияттан даабат айтканын окуп көрөлү:
“Адамдын адам болгон касиети жаралганда кошо жаралып, өлгөндө өзү менен кошо кетчү, айбандан айырмалап турган жалгыз касиети эс-акыл болсо, аны түп тамыры менен жулуп салса бу неге деген шумдук, андан көрө туткунду жүрөгүн өлтүрөр кыйноого салса же түз эле башын алып салса тигиге салыштарганда адилетчилик болбойбу. Кыяматтуу туңгуюк тарыхынан жамандыктын не бир кыянаттуу түрлөрүн алып чыккан айдар көкүл көчмөн жуңжаңдар эми адамдын эң ыйык назилине кыянатчылык кылышты…
…Сабитжан экөөнүн ортосундагы болгон сөздөн кийин ал адамдын адамдыгынан түңүлө жаздап, ата-бабанын өбөк-жөлөк деген үмүт-тилегинин баары урпактарынын дилинен чаң-тозоңдон бетер учуп кеткенби деп жаны кейип, өрт алгандай ичи эңшерилип, эсин жыя албай туруп калды. Өрт алган жан дили азыр арылдап суук шамал такатсыз өтүп турган, коюуну ээн караңгылык басып турган куру көңдөй капчыгайга окшоп турду, опол тоонун боорун көңдөйлөтүп тешип койгонсуп жаны ачышып турду. Талаага кеткен кайран сөз, куруган жанымда бу сөздү эмне баштадым деп Борондуу Эдигей өкүнүп турду, кейип турду. Акылдашып жардам сурай турган киши ушу Сабитжан беле? Билимдүү эмеспи, окумал эмеспи, өзүнө окшогон кишилердин тилин таап сүйлөшө алар деп үмүт кылган кишиси ушу Сабитжан! Көрүнгөн курста, ар жердеги институттан окуп чыккандагы майнап ушубу? А балким окуп бүтүп, иштегенде дал ушундай болсун деп атайы окутушкан чыгар? Балким бир жерде акылы тетик, көзү жетик бир киши отургандыр, ал өзү киши эмес адамдын башын маң кылган жин-шайтандыр, ал Сабитжанды кандай окутушкан митаамчылыгын коротуп, Сабитжанды башка киши кылып чыгарбай, дал Сабитжан кылып чыгарышка максат күткөндүр?..
– Маңкурт экенсиң! Маңкурттун маңкурту сен экенсиң! – деп каргап да, аяп да сүйлөндү жаны кашайган Эдигей.
Бирок Эдигей болгон ишке моюн сунуп отуруп бергиси келбеди, мүңкүрөп кала бергиче бир айласын табыш керегин, бир чарасын көрүш керегин билип турду. Ушу бойдон кетенчиктей берсе, ушу бойдон эңкее берсе, өз көзүнчө өз наркынан ажыраарын билип турду Борондуу Эдигей.

***

…”Ашадван ля илла хиль алла” – “кудайдан башка кудай жок” – деп келменин биринчи сабын айтты да, ингенди көздөй шар басты. Ачуусунан эмес, расмиске Акмая саал бакырып коюп, акырын чөгүп берди. Куржунду эки өркөчтүн ортосуна арта салып, Найман-Эне желмаянга минди, теминип койду. Акмая ойкуп-кайкып тура келгенде Найман-Эне жерден бийик учуп кеткендей болду. Алыс сапар жол жүрөрүн Акмая эми туйду…
…Даарат алган соң Эдигей көр башындагы жаназаны өткөрүү парзына каада кармады. Канистранын тыгынын тыгып, экскаватордун далдаасынан бери чыгып келди да, сакал-мурутун сылап салабаттуу үн катты:
– Кудаанын кулу, пайгамбардын үммөтү, жаны а дүйнөгө жол тарткан Казангап уулу Сабитжан, кел, менин сол жагыма тур. Силер төртөөңөр сөөктү апкелип жайдын кырына койгула, башын кыбыланы караткыла, – деди салтанаттуу доош менен. Айткандары аткарылып бүткөндө, эми баарыбыз кыбыланы карап туралы. Алаканыңарды жайгыла, сөзүңөр менен дилиңер кудайда болсун, биздин өтүнүчүбүз жеткендей болсун…
…Алдыда терең казылган көрдүн кырында замбил табытта Казангаптын сөөгү жатты. Жалпы баарыга жана ар бир пендеге, ар бир учурга жана кыямат кайымга чейинки бардык заман-доорлорго арналган куран сөздөрүн кобурап, ал сөздөрдө өлгөнгө да, тирүүгө да, пендеси кайсы доордо жашабасын, кандай киши болуп жүрбөсүн, баары бир кудаанын кулу экендигин, демек али туула элек келечек пендеге да тиешелүү маанисин чечмелеген, ушуну биле жүрсүн деп пайгамбар үммөттөрүнө мурас кылып кеткен сөздөрдү кобурап, Борондуу Эдигей аларга өз дилинен чыккан, өмүр тажрыйбасынан чыккан ойлорун кошумчалады. Ушунча жашап, ошончо ой ойлонбогон жан бекен Эдигей.
Эгер угуп жатканы чын болсо, Алла таалам, ата-бабам айтып өткөн куранды кулуң мен да кайталап турганымды ук. Менин кошкон ойлорум артыкбаш болбос…”

P.S.
Кайран Борондуу Эдигейдей мен кембагал да мына буларды кошсом артык баш болбос: аттиң арман, алп жазуучубуздун чыгармаларын урпактарыбыз окуп, ошол 164 тилдүү калктын окурмандарындай окуп, аңдап түшүнө алса атаганат. Анда биз береги өзүбүз демократия деп атаган “анархия менен маңкуртчулуктун саздуу аралчасынан” ылдамыраак чыгып кетер белек…

Дүйшөн Керимов
Бишкек шаары
Булак: Фабула 

Болот Назаров: “Балким Аалы, Жеңишбек агайлар жок биринчи орунду алып калдым”

Экинчи Көчмөндөр оюнун алкагында Кырчын жайлоосунда болуп өткөн айтыштан биринчи орунду алган жаш төкмө акын Болот Назаров редакциябызда конок болду. Жаш талант үй-бүлөсү, өнөрү, максаттары туралуу ойлору менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди

Өзүмдүн атым Болотбек

Өзүм Нарындын кулуну болом. Азан чакырылган атым Болотбек. Бирок кичинемден бери эле “Болот, Болот” деп жүрүшүп Болот болуп калдым. Нарын сууну бойлой кеткен айылдардын эң акыркысында, Таш-Башат айылында өсүп чоңойдум. 11-классты бүткөндө элдин көчү менен мен дагы шаарга келип искусство институтуна тапшырып, ал жакта актер бөлүмүндө беш жыл окудум. Окуп жүргөндө Садык Шер Нияз түптөгөн “Айтыш” фондуна барып, акындар менен айтышып, устаттардан сабак алдым.

Чоң атамдын ырлары акындыкка жол ачты

Акындык өнөрдү табият же талант деп коёт. Балким бул Кудайдын белегидир. Бул өнөрдү дагы жөн бербей, сынап берет тура. Сен муну кандай аздектейсиң? Түбүнө суу куюп өстүрүп аласыңбы, же ала көөдөк болуп жүрүп өлтүрүп аласыңбы? “Мен сага ушундай нерсе бердим, сен аны кандай пайдаланып, элге кандай таруулайсың” деп Кудай Таалам мага ыроолоп койсо керек. Мен чоң атамдын атынан Назаров болуп жүрөм. Чоң атам өзү санжырачы болгон экен. Боогачы атабыз менен чогуу сүргүнгө айдалыптыр. Ошондуктан анын ырларын жатка билчү. Мен да кичине кезимде чоң атамдан көп ыр жаттап алгам. Кийин унутуп калган жерлерин бул жери мындай болуш керек эле деп өзүм кошуп жүрүп, ырга болгон шыгым ойгонгон экен.

Элмирбек Иманалиев 10-планетам

Устатым Элмирбек Иманалиев. Мен аны аң-сезимдин доктуру, 10-планетам деп коём. Ал төрт аягы төп жорго. Мен акындык бир өнөрдү аркалап жүрсөм, ал жети өнөрдү аркалаган киши. Колуна 20-апрель күнү Амантай агабыздын туулган күнүндө барыптырмын. Бара жатканда өзүмчө сүрдөп, беш жолу эшигин ачып жаап, артка кетип, кайра келип олтуруп араң киргем. Барганда эле Амантай агабыз менен айтышып калдым. Ошондон баштап аралашып жүрөм. “Айтыш” фонддо жүргөнүмө 6-жыл кетип жатат. Дагы эле сабак алып, окуп жүрөм. Акындык өнөр башка өнөрлөрдөй эле кажыбаган мээнетти талап кылат. Бул өнөрдө айта кетчү дагы бир нерсе бар. Төкмө акындыкта бир пайыз талант, анан көбүрөөк сезим керек.

Китепкана – экинчи үйүм

Бирөө велосипед жасаса биз аны туурабай, кайра ага дагы эки дөңгөлөк кошуп, унаа жасашыбыз керек. Мындайча айтканда, өнүгүш керек. Байыртадан келе жаткан улуу көнөрбөс сөздөр аң-сезимибизде тунук турганы абзел. Ал үчүн китепкананы экинчи үй кылып алуу зарыл. Китепти көп окуйм. Өзүмдө Сагымбай атабыздын сегиз киллограмдык Манас китеби бар. Аны окуш үчүн Карасаевдин сөздүгүн алыш керек. Себеби ал жакта өмүрү кездешпеген сөздөр бар. Мисалы, “Апсана сөздөр арбагыз, апаң көлүп жайдабыз” дегенди кандай түшүнөбүз? Өзүбүздүн эле сөздөр чет элдин сөзүндөй болуп калып жатат. Ар бир китеп өз өзгөчөлүгү менен баалуу. Биз төрт-беш акын балдар бири-бирибизге атаандашып, жаңы китептер чыкканда сыясы кургай электе окуйбуз.

Тойго такшалып алуу үчүн барабыз

Акындын университети дасторкондун чекеси. Маселен, тойлорго илгертеден эле жарчылык деп коёт. Ар бир замандын өз шарты бар. Тойлорго барабыз, ырдап беребиз. Мени тойго тааныштарым чакырат, же бир жерден байкап калышып, ушу баланы тоюма чакырайын деп чакырып калышат. Кээ бир убактарда өзүңөн-өзүң баргың келбей калат. Кеп акчада эмес. Акчадан бийик турган нерселер бар. Ар бир адам ниетине жараша амал кылат. Биз акындар тойго такшалып алганга барабыз. Ал жерде канча деген эл турат. Ырдап, өзүңдү көрсөтүп өсөсүң. Биринчи максат бул болсо, экинчи максат жан багыш керек. Себеп дегенде бир дагы акындын туруктуу айлыгы жок. Бирок өнөрдү берген Кудай башкасын да унутпайт экен.

Балким агайларыбыз жок биринчи орунду алдым

Эл деген көп. Калк айтса, калп айтпайт. Бардык нерсенин эки жагы бар. Ар ким өзүнө керек жакты карап алат. Аалы, Жеңишбек агаларыбыздын айтышка барбай койгону, балким жаштар өссүн дегенидир. “Өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, балким ошол агаларыбыз катышпай, мен Көчмөндөр оюнунан биринчи орун алгандырмын. Болгону бардык нерсенин жакшы жагын ойлош керек. Тандоо турунда жогорку упай менен өттүм. Өзүм чырга жок баламын. Ызы-чуу болуп жатканын угуп калып жаттым. Бирок бул нерсе да жакшы. Демек, айтыш өсүп жатыптыр. Ийгилик болгон жерде чыр болуп турат. Атаандашуу башталса өнөр өсүп жатат.

Алган байгемди карыздарга бердим

Өзүм 92-жылкымын. Жашоо шарт жаңы башталып жаткан учур. Жубайым студент. Жаздан бери эмгектенип жүрүп Кырчындан биринчи орунду алдым. Кетмен кармап кетип калсам, ыр калып калат. Себеп дегенде ойдун баары ырда болуш керек. Алган байгем менен карыздарымды төлөдүм. Байге алган сайын акындын баары өзүнө эстеликке бир нерсе алат. Мен дагы ошол сыяктуу иш кылдым.

Жубайымда дагы акындык шык бар

Жубайым менен үч жыл сүйлөштүм. Мен чынында, эртерээк үйлөнүп калдым. Учурда эки балам бар. Улуумдун аты Асман, экинчим кыз, Мөлмөл. Жубайым Нарындан болот. Азыр шаарда, батирде турабыз. Чечен айтыштан таанышып калганбыз. Ал жерде менин акын экенимди көбү билчү эмес. Дос балдар менен барып калдык. Алар дагы университеттин атынан чечен айтышка барып калышыптыр. Ошентип ал жерден таанышып, баш кошуп калдык.

Мен айтышта биринчи тийишпейм

Мен ушул убакка чейин акындарга тийишип көргөн эмесмин. Жооп берип гана келе жатам. Өзүмө ушундай шарт коюп алгам. “Сүзөөнөк болсоң жашыңда, үзөөнөк болосуң кийин” дегендей. Албетте, айтышта элге кызык нерсе керек. Бирок кеп сен сары, кара дегенде эмес да. Айтыш деген бизге элдин атынан берилип жаткан трибуна. Мага ар кандай айткандар болот, мен болгону жооп гана берип келе жатам.

Колуман жакшы ата болуу гана келет

Жашоодо болгону эки гана максатым бар. Өзүм дагы көп ойлондум. Менден кыйратып бизнесмен деле, же башка кыйраткан неме деле чыкпайт. Эки нерсе гана колуман келет экен. Жакшы ата жана мыкты акын болуу. Натыйжада ушул эки максаттын артынан түшөйүн деген ниетим бар.

Булак: Саресеп

Кыңыр иштер жана катылган мүлктөр тууралуу

Саясатта Атамбаев менен Текебаев өңдүү эки дос алыша кетип, ортодо айтылбачу кептин баары айтылып, далай сырлар чачылып эле жатып калды. Кыңыр иш кырк жылда билинет дечү эле кыргыз, кырк жылга деле жеткен жок. Бир заматта эле салынган үйлөр, басылып алынган жерлер чууруп чыгып отуруп, аягында бул жалган менен табышмактуу кош айтышкан азирети муфтийибиз ыраматылык Мураталы ажы Жуманов тууралуу да айтылды. Эмесе, бүгүн фейсбук баракчасынан алынган жыйнагыбызды ошол адам тууралуу маалымат менен баштап берсек…

Бейшенбек Бекешов

Бейиши болгон Мураталы ажы жаштыгына карабай турмуштун ар бир жаңылыгын илгиртпей түшүнгөн баамчыл, эч убакта бирөөгө катуу айтпаган, оозунан эзели жаман сөз чыкпаган, адамкерчилиги, улуу-кичүүгө мамилеси өтө бийик исламий аалым эле.

Ал муфтий, мен КТРде директордун орун басарымын. Диний көрсөтүүнү эфирге чыгаруу тозоктун тозогу. Эптеп молдолор акчасын төлөдү аты кылып орозо мезгилинде бир маал азанды араң обого чыгарабыз. Орозо аяктап калганда телефондон сүйлөшүп алып Мураталы ажынын кабинетине өзүм бардым.

– Ажы аке, – дедим. – Сен тарыхта калчу бир иш бар. Орозо айт жакындап келатат. КТРдин эфиринин эң төмөнкү коммерциялык баасы 1 мүнөтүнө миң сом. Эптеп бир 60 миң сом тап. Мен муфтият эфирди сатып алды кылып, айт намазы учурунда 1 саат эфир алайын. Жарым саат өзүң дават кыласың, жарым саат элди намаз окутасың. Анан ошону тартып түз эфирде көрсөтөлү. КТРдин тарткан акысы эле андан алда канча чоң болот. Мен аны эптеп ыгын таап жаап коёюн. Намаздын эфирде көрсөтүлгөнү намаз окугандар үчүн кереги жок. Бирок намаз окубаган жүз миңдеген киши телевизордон көрүп олтурса, андан өткөн даават болобу?

Мураталы ажы мунун маанисин дароо түшүндү. Мени менен талашып-тартышкан да жок. Унчукпай бир топко турду да:

– Бейшен аке, 50 миң сом кылың, – деди. Мен күлүп, эми жетпеген 10 миң сомдун жарасы жеңил экен. Муфтияттын акчасын үнөмдөп жатат да бу деле. Арга кетсе демөөрчү табылаар деп ойлоп, кол алышып кете бердим.

КТРдин чоңу Кыяс Молдокасымов эле. Акчанын кемигенин айтсам этибарга деле алган жок. Мейли, уюштура бергиле деп кол шилтеп койду.

Айт намазынын ошол алгачкы түз эфири укмуштай сенсация болду. Мураталы ажы да дува кылганда “Ушу алакан жайып телевизор көрүп олтургандардын да дувасы кабыл болсун!” – деп бүт өлкөнү бир жамаатка айлантып бата кылды. Бүт өлкөнү бир жамаатка айлантып намаз башкарып, бата кылуу кимдин түшүнө кирет эле. КТРчилер да кайдан-жайдан автокрандарды жалдап келип, аларга операторлорду чыгарып, аябай кооз кылып тартып көрсөттүк.

Ошентип айт намазын түз эфирде көрсөтүү салтка айланды. Аны кийин КТРге жетекчи болуп барган ыраматылык Мелис Эшимканов да токтото алган жок. Бирок айт намаздарын акчасын төлөтпөй акысыз көрсөтүү 2010-жылдан кийин гана мүмкүн болду. Ошентсе да мунун маанисин бүгүнкү күндө деле билген бар, билбеген бар. Эмнеси болсо да Жараткан Кудай арабыздан кырчынында кеткен аалымыбыз Мураталы ажыга Бейишин берсин. Анын ушул элдин жакшылыгы, ыйманы, аруулугу үчүн жан үрөп жашап өткөнүнө аны жакындан билгендердин баары күбө. Анын Кудай деген эркин эң мыкаачы зөөкүрлөр да сындыра албаганын билебиз.

Нурмухаммед Жумабеков “Санаага салган саясий сойкулук”

Менин бир айылдаш агам бар. Пайгамбар жашына жакындап калды, а мүмкүн алтымыштан ашып кеткен чыгаар… Мен ал кишинин жашын эмес, кандай жашаганын өзүмө жана өзүмө окшогон жаштарга, айрыкча саясат майданына сапар алгандарга пайдасы тиер деп жазып жатам. Мен эс тартканда ал киши “Алга Кыргызстандын” желегин айылга алып келип илген. Арадан жылдар алмашкан соң “Ак Жолдун” аймагыбыздагы атаманы болуп келип калды. Кайран киши талапкер болгону менен мандатка малдаш токунуп отура алган жок. Апрелде ажо артын карабай качкандан кийин күзүндө парламенттик шайлоодо баягы байке дагы келди. Азамат десе, бул жолу “Ак Шумкардын” канатына конуп алыптыр. Сариевдин жанына жанаша түшкөн сүрөтү айылыбызда бакыйып илинип турду… “Ак Шумкар” Жогорку Кеңешке өтпөй калды… А бирок айыл ал кишини аз да болсо колдоп берген. Андан кийин ал байкенин дайыны жок. Беш жыл сайын шайлоо эмеспи, 2015-жылы айылыбыздын алдыңкы адамы (өзүн ошентип ойлосо керек) жарк деп айыл-апанын арасын аралап калды. Бул жолу “Республика-Ата Журттан” келиптир, тим эле алдыңкы тизмеде. Айтымында агасы илгертен эле РАЖды колдочу экен. “Ак Шумкарды” апасы жакшы көрчү экен, “Ак Жолдо” досу бар имиш. Айтор, ушундай. Бирок бул жолу эл ишенген деле жок. Анысын өзү да сезген окшойт. 4-октябрь күнү спринтерлер менен шайлоочулар шаардан ташылды. Көрсө, “Форма 2” дегенди Тайырбек таап чыккан экен. Ошону пайдаланып жатып айылдан алдыга араң чыкты. Бирок менин “баягы-ы байкем” депутат болбой калды… Эмнеге ыя? А мүмкүн биз ар күнү ашатып сөккөн Ак Үй дагы саясий сойкуларды жаман көрөт окшойт ээ?

Семетей Талас уулу

Өткөндө ЦУМ тараптан кесиптеш иним Кудрет Тайчабаровго жолугуп калдым. Көптөн бери жолукпаганга сөзүбүз оо далайга кызыды. Бир дем токтобой 2 саатка чукул сүйлөшүппүз. Айтып отурганын уксаң эми укмуш, пай-пай, саясатчылардын далай “секреттерин” билет экен. Өзү да аралашкан жерлери бар)))

Эми ошол окуяларды китеп кылып жазганга бел байлап жүрүптүр. Ал китеп чыкса бестселлер болчудай. Себеби, саясатчылардын көшөгө артындагы жашоосу, селкилер, арам акча, сауна жыттанган китеп чо-оң резонанс жаратары бышык. Китебиңди күтөбүз Кудрет иним, бирок өзүң абайла кокуй. Аты-жөнүн жарыялап салбай Какиш-Пакиш деп эле жаза келгенде эл өзү түшүнүп алат.

Майрамбек Абдрасулов

Эки күндөн бери күндүн, то есть фейсбуктун темасы Фарид Ниязов болуп атат. Шеф ден-соолугун чыңдап алсын. Эми Фарид Ниязов Атамбаевдин эң жакын адамы. Фарид Ниязов 2010-жылдан кийин катуу байып кетиптир. 13 жер тилкеси бар экен. Президенттин досу Албек Ибраимовдун 32 жер тилкеси жана 100 гектар жери бар экен. Бул жер тилкелери гана. Үй, особняк, кафе-ресторандарын эсептебей туралы. Элестетип атасыңарбы???

Буга чейин президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарынбаев дагы коррупция беренеси менен камалбадыбы. Демек, Атамбаевдин жакын адамдары ушундай булганыч ишке аралаш болсо бул бийлик толук эле “иши бүтүп калган” экен деп тыянак чыгардым.

Эми, 1-октябрда президент Алмазбек Атамбаев жумушка чыгышы керек. Ал келсе дагы көп суроолор бар. Ал кишинин тез сакайып кетишин каалайм!

Эрнис Кыязов

АБСОЛЮТТУК БИЙЛИК кимди болбосун чалчаңдатып, тайраңдатып жиберет, анткени пенденин табияты ошондой окшойт… Пендең кургур курсагы ачта башкача, курсагы токто башкача ойлонот эмеспи, ашыра тоюп алганда өтө ач кезин тез эле унутуп калат бечара. Курсак напсиси менен бийлик напсиси дээрлик окшош эле. Азыр системабыздын аты эле “парламентаризм” болбосо, ак үй-көк үйдүн баары, бизнес-журту, кызылдар менен каралары, партиялар менен соттору….баары БИР КИШИНИН урматы үчүн бери карап жылмайып, ары карап өз арбайын сого берген заман болбодубу. Тиги киши “мага гана кулдук ур” дебеген чакта деле, ушундай бир системаны куруп алдык дейсиз. БИР КИШИГЕ караштуу паровозго түшүп алдыңбы, бүттү сен асти кор болбойсуң. :)Эң негизгиси, темселеп паровоздун артында да калбай, “ура-алап” алдыга да секирип кетпей, о-оортосунда кылды-раа-ап жүрүп бараткандай түр көрсөтө алсаң ийгилик акыры сеники. Кыскасы, Батыштын демократиясына Кокондун чапанын кийгиз да, сыр алдырбай демократтарча жөтөлүп коюп жашай бер. :)Көбү жакшы көргөн, көбү жаман көргөн Текебаев бир нерсени такай моюнга ала жүрмөйү бар. Өзүнө көп бийлик топтоп алган кишинин иши акыры жакшылык менен бүтпөй турганын, бийликтин чалчандап кетүүсүнө жол бербей турган система керек экенин Акаев, Бакиев учурунда көп айтып жүрдү эле, эми азыр деле БИР КИШИНИН колуна амалдуулук менен көп бийлик топтолуп калганын сезип атабы, жокпу, же президенттик аламан байгенин тизгинди коё берчү моментин күтүп олтурабы, айтор, айлана -тегерек кулак-мурун кескендей мемиреп тынч. Кээде гана майда-чүйдө оппоненттердин “чыйк-чуйк,кыйк-пыйк..” деген үндөрү болбосо, негизинен жымжырттык. Жөн жымжырттык эмес, “алжыке ажонун аны-мунусуна кичине чыдай туралы” деген шектүү жымжырттык..

Булак: Саресеп

Жакшы көчөт тиксең, жакшы түшүм аласың

Күз келип, жыйым-терим күчөп тургандыктан Талас ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Бектурсун Такелеев менен байланышып, «Таласта жыйым-терим бүттүбү? Жыйым-теримде төө буурчактан башка дагы эмнелер басымдуулук кылат?» деген суроолорго жооп алдык.

Азыр Талас облусунда төө буурчак терими толук бүтө элек, анткени быйыл аба ырайы катаал болуп, мөндүр жаап, сел алып кеткенине байланыштуу көпчүлүк дыйкандар эки жолу кайталап тигүүгө туура келген. Ал тургай кээ бирлери 3 сыйрадан да тикти. Бирок ошого жараша баалар дагы жакшы башталды. Башталганда эле быйыл 40 сомдон бааланды эле, барган сайын көтөрүлүп отуруп 60 сомго чейин көтөрүлдү.

Негизинен Таласта 4 район болсо, ар бир район өзүнчө тармактар менен “кесиптешкен”. Мисалы, Талас районунун жогорку тарабы мал чарбачылыгы менен, бир аз төмөнүрөөгү картошка менен шугулданып, 50 миң тоннага чейин түшүм алган.

Төө буурчакты болсо негизинен 3 район тигет. Эң көп тиккен райондор: Кара Буура, Бакай Ата жана Талас районунун төмөн жагында азыраак бар. Ал эми Манас району пияз, болгар калемпири, сабиз ж.б. ушул сыяктуу жер-жемиштер менен иштейт. Фасоль боюнча быйыл түшүм орточо деп жатышат. Азыр баасы бир аз кайра төмөндөп, 50 сом болуп калды.

Азыр Таласта алма менен кара өрүк жакшы жолго түшүп келе жатат. Кара өрүк учурда болжолдуу 2 миң тонна чогултулат. Ушуну минимум 5 миң тоннго жеткирсек, чет өлкөлүк чоң фирмалар менен иштешүүгө болот. Бирок кара өрүктүн саясаты жакшы болбой жатат. Болбосо өткөн жылы Иран, Жапониядан кызыгуу болуп, бизде жетиштүү көлөм болбогондуктан, ишке ашпай калган. Ушундан улам былтыр элге маалыматтык жыйындарды, жолугушууларды уюштуруп, жакшы сорт тиксеңер жакшы түшүм аласыңар, сатканга жакшы дегенбиз. Башында чыгым көп болгону менен ал кийин түшкөн киреше баарын актамак. Бирок, кашайып жанагы өкмөттүн адамдары семинарларга катышат дагы, Аксыга барып алардын акимдери менен сүйлөшкөнбү, кыскасы текейден арзан көчөттөрдөн 70 миңге жакын алып келип жайнатып тигип салышыптыр. Эми алар качан, кандай түшүм берерин да билбейбиз. Болбосо бизде сапаттуу көчөт саткан, талап болсо чет өлкөдөн да алып келип бере алган ишкерлер бар болчу.

Булак: Саресеп

Кары адам төрдүн көркү... Же кадыры кеткен карылар!

1-октябрь дүйнөдө карылар күнү катары белгиленет. Кыргызстанда азыркы мыйзамдар боюнча аялдар 58 жаштан, ал эми эркектер 63 жаштан пенсияга чыгууга укуктуу. Бул үчүн алардын кеминде 20-25 жыл эмгек стажысы болушу керек. Андан 15-20 жыл ашыкча стажга ээ аялдар 50, ал эми эркектер 60 жаштан пенсияга чыга алышат. Өлкөдөгү 605 миң пенсионер бар. Социалдык фонддун маалыматы боюнча учурда өлкөдө иштеген алты адам беш пенсионерди каржылайт. Кыргызстанда жыл өткөн сайын пенсионерлердин саны көбөйүүдө деп айтылып келет. Дүйнөлүк эмгек уюмунун көрсөткүчү боюнча бир пенсионерди үч-төрт иштеген киши каржылаганда гана толук кандуу камсыздалган коом деп эсептелет. Биздин коомдо карылар күнү дегенде бапестеп өстүргөн балдары бакпай, карабай таштап кеткен карылар үйү эске түшөт. Мындай карылар үйү мамлекетибизде көбөйүп жана анда баш калкалап жаткан кыргыз ата-апаларыбыздын саны күн санап өсүүдө. Кыргыздын менталитетинде балдары улгайган ата-энесин асырап багууга милдеттүү. Бирок биринчи себеп, ыйман-ынсаптын кеткенинен, экинчиден социалдык шарттын жоктугунан тилекке каршы мындай көрүнүштөр болуп жатканы чындык. Карылар үйүнө мамлекет, демөөрчүлөр тарабынан ар түрдүү колдоолор көргөзүлүп келет. Карылар үйүнүн кызматкерлери кары адамдарга аяр мамиле кылышып, колдон келген жардамдарын кылып жатса да өз үйүн, өлөң төшөгүн, небересин, туулган жерин сагынган карылар көп. Туулган жеринен алыс көпкө чыдабаган кыргыз, аргасыз бул жашоонун, тагдырынын татаалдыгына чыдоого аргасыз.

Меңди Мамазаирова, акын:
– Бир уламыш эске түшөт: илгери карыган ата-энесин жашы белгилүү мерчемге жеткенде какыраган чөлгө алып барып таштачу экен. Бир жигит атасын алып барып эч бир баш калкалар саябаны жок жайга таштап жатып ыйлап: “Жок дегенде ушул арабаны калканыч кылып тур өлгөнүңчө ата” -дейт. Анда кошо ээрчип барган 5 жашар баласы: “Ата, сен карыганыңда мен да ушул араба менен алып келем да” – деген экен. Анын сыңарындай ата-энелерин карылар үйүнө таштаган балдардын өз балдары да кезек күтүп турарын унутушпаса… Келме кезек, терме тезек… Улгайгандардын майрамы келе жатат. Ата-энеңерди тирүүсүндө сыйлагыла демекмин жаштарга. Бардык кары ата-энелерге ден соолук, балдарда ырайым жана ыйман болсун деп тилеймин.

Алга Кылычов, мамлекеттик кызматкер:
– Кээ бирлер айтат заман бузулду деп. Чындыгында тынччылыкта, эгемендүү мамлекетте жашап жаткандыгыбызда баарын заманга шылтаган туура эмес. Мен айтат элем заман бузулбай биз адамзат пейлибиз тарып баратат. Керек болсо ата-бабалар согуш убагында ачарчылык учурунда машак терип жеп калган заманда да карысын, баласын эч качан таштаган эмес. Канчалык цивилизация өнүккөн сайын ошону менен катар батыш өлкөлөрдүн биздин каада-салтка такыр коошпогон ата-энени таштап кетүү сымал терс көрүнүштөр коомубузга сиңүүдө. Кыргыз элинин маданиятына төп келбеген жаш балдарды кордоо, балдарды аборт жол менен алдыруу, карыларды таштап кетүүгө каршы мыйзам кабыл алып, катуу жаза киргизүү туура жана учур талабы деп ойлойм. Карылардын, ата-эненин баркы, кары адам төрдүн көркү сымал сөздөрдүн баркы эч качан кетпейт жана кетпөөгө тийиш. Карыларды, бул жарык дүйнөгө алып келген ата-энелерди мактап-даңктаганга, алардын улуулугун жеткире сүрөттөп айтып бергенге сөздүн да күчү жетпес. Жер каймактап, адам баласы жер жүзүнө пайда болгондон тарта ата-эне тууралуу кандай гана накыл кептер айтылбады. Кандай гана улуу чыгармалар жаралбады. Бирок бул да аздык кылат. Анткени биз ата-энелердин алдында ар дайым карыз жанбыз. Андыктан ушул учурдан пайдаланып бул келаткан майрамдын алдында жалпы карыларга, ата-энелерге ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалайм. Уулдан урмат, кыздарынан сый көрүп, жүздөрүнөн жылмаюу кетпей өмүр сүрүшсүн. Төрдүн көркү болуп жүрүшсүн!!!

Бактыгүл Момбекова, журналист:
– Илгертен эле кыргызда сөз бар “карылар үйдүн көркү”, “карысы бар үйдүн ырысы бар” деген. Ар бир жүрөгүндө ыйманы, мээрими, уят-сыйыты бар кыргыз атуулу улуу муундагы аксакал ата-апаларыбызга сый көрсөтүүсү керек. Азыр замандын агымына жараша элден пейил кетип, жаштарыбыз ыймандан алыстап калгандай. Ойлонуп көрөлүчү, мурда кайсы кыргыз өз ата-энесин карылар үйүнө калтырчу эле. Ал кезде гумандуулук деген бар болчу. Чоң идеологиянын астында кыргыз жаштары тарбияланчу. Азыр батышчыл болуп, башка элдин жакшы эмес сапаттарын өздөштүрүп алганыбыз себеп болуш керек. Учурда кыргызга улуттук идеологиянын негизиндеги таалим тарбия керек болуп турат. Ата-энесин карылар үйүнө таштаган жаштар эртең өзү дагы карыганда дал ошол жерде болуп калуудан коркуп жашашы керек. Өмүр бир берилет, ошону ар бирибиз туура пайдаланалы. Коомчулук дүнүйө куубай, мындай нерсеге жапатырмак киришсек токтото алабыз.

Бакыт Жумакадыров, ырчы:
– “Карысы бардын ырысы бар” деген сөз тээ алмустактан бери келе жаткан ыйык сөз, бул сөздүн баркы кетпеш керек. Ал эми карылардын карылар үйүнө түшүп жатканы менин жеке оюмча тарбиядан деп ойлойм. Мурун жалаң орус калкын көрчү элек, ал эми азыр болсо кыргыз карылардын карылар үйүнө түшүп жатканы бул өтө эле жат көрүнүш. Баланы кичинесинен тартып ыймандуулукка, сабырдуулукка, мээримдүүлүккө жана намыстуу болууга тарбиялаш керек. Ошондо жылыш болот го деп ойлойм.

Гүлмира ШАРШЕЕВА
Булак: Фабула 

Нокдаундан кийин нокаут болобу же...

Бүгүн калың элдин арасында ушул эле кеп. Кайда бар, эки кишинин башы бириккен жерде Текебаев менен Атамбаевдин  ачык маалымат  “согушу”. Эки тараптын өзүнө тең колдоочулары жуурканды алынын жетишинче өздөрүнө тартууга аракет кылышып, бирин-бири “поктоп” эле атат. Башкысы, “ооруп” калган президент да келди, кызматына чыкты. Мына, эми энеңердин Үч-Коргонун көрөсүңөр дегендер чекеден чыгып жатат. Эми булар көчө ушагынан алыс барбагандар болгодуктан, чынында эле саясий жагдай кандай? Мына ушуга башты тоголотуп  көрөлү. Ооба, президент күтүүсүз ооруп, оболу Түркияга, соңунда Маскөөгө барып дарылангандай болду. Мындай кадамдын канчалык деңгээлде ак-көк экендигин бир билсе президент өзү жана анын айланасындагылар билет. Болгону мындай күтүүсүз тыным” алуу Текебаевдин чабуулунун мизин кайтарып, контрчабуулга мүмкүнүчүлүк берет деп ойлошкон президенттин кошоматчылары. Жок, чынында “тыным алуу” кайрадан Текебаевдин пайдасына иштеп кетти сыягы.

Текебаев “тыным” албай чабуулун улантып жатат. Кала берсе эртеңки курултайга барып, ал жерде да далай иштердин бетин ачышы мүмкүн… Саясаттагы пиарын күчөтүп олтуруп, бийликти колунан келишинче “поктоп”, түшүп кеткен рейтингин бир кыйлага жогорулатып алгандыгын жашырууга болбойт. Анын каршылаштары муну сонун билип туруп, ичи ачышкандыктанбы, кайрадан эле эски ыкмаларга салып, чоң жаңылыштык кетирип жатышат. Текебаевди оодара койуу  үчүн кандайдыр бир “ыкманы” ойлоп “ чыгуу керек эле да. Жок андайы.  Кала берсе интернетти “Атамбаев Текебаевден кечирим сурап, ортого киши салып жан соогалаптыр. «31-августагы айткан сөзүмдү кайра алдым, Өмүке кечирип кой, мынчалык ырбап кетерин билген жок элем, мындан кийин мамилебизди туруктуу кармайлы. Мен да сени тынч койойун, сен да менин артымдагы иштеримди чукубай эле кой, референдумду аман өткөрүп алалы, саясатта жолубуз бир», дептир. Бирок, Текебаев анын кечирим сураганына жооп да бербей унчукпай коюптур. Текебаев көктүгүнө таянган окшойт. Атамбаев болсо 31-августа мародерлорду табам деп оозун көбүртүп алып эми таба албай ит эле болду, өзүнүн мародерлугу чыгып шермендеси чыкты” дегендей  маалымат тытып жүрөт. Ортодо ортомчу болуп Турсунбек Акун жүгүрүп жүргөнүн да көргөн билгендер саймедиреп эле айтып жүрүшөт. Бу элден эчтемкени жашырууга болбойт тура… Бул нени каңкуулайт?

Өмүкеге туруштук берүү улам кыйындап баратканын, кала берсе “ Мени камап салышса, Атамбаев кеткенден кийин элдин кол чабуусунда чыгам” деген өтө ишенимдүү, ынанымдуу сөзүнүн артында  ким турганын паамдаса болобу? Болчудай.

Келерки кадам албетте президентте. Баары ошого көз каранды. Бирок президенттин бүгүнкү командасы жаңы бирдемкени ойлоп табат дегенди унутуп эле салса болот. Алар радикалдык кадамдарды гана көрүшөт сыягы. “Поктосо” “поктоп”, салышса салышып дегендей. Жк, мындай ыкма кечээки күндө калып кеткен.

Акөрө президенттик мөөнөт бүтүп баратканда анын башатына кайрылып, не убада кылып, нени аткардык, кай жерден жаңылдык, кай жеринен уттук, деген соболодрду койуп, ага жооп издеп, кала берсе мына ушул жоопту оппзициялык маанайдагы курултайга жеткирип, керек болсо ага катышып,  жагадйды жайгаштырса болор беле. Болмок. Бирок, кыргызда президен дегеле оппозиция десе оңкосунан түшүп алат эмес. Кызыгы, кечээ эле өзү оппозиционер болгонун унутуп койгонунда.

Атамбаев алты жылда кайсыл алты белди ашып, нени жасап койду? Энергетикалык көз карандысыздыкты эсептебегенде ( Датка-Кемин деле Бакиевдин кезинде башталган долбоор) өлкө жакшы тарапка жарты кадам да баскан же жылган жок.муну сокур деле сезип турат.Ал эми сыркы карыз дегенибиз 1,5дан 4 миллиард бакска чейин көкөлөп кетти. Бул деген жакынкы аралыкта дефолтко учурап, өлкө банкрот болушу мүмкүн деген эле сөз.

Ошон үчүн бүгүн Атамбаевди Баш мыйзам эмес, андан да негиздүү болгон, келерки президентке кандай өлкөнү калтырып кетем деген жүйөөлүү собол ойлонтууга тийиш эле. Текебаев менен кармашуунун ордуна 31-августта узун элдин учуна абдан берилүү менен айткан талап-тоноочулардын, банк кутучуларынан уурдашкандардын, башка кылмыш иштердин бетин ачса, өлкө үчүн чоң түрткү болмок, ал катып калган жерден алдыга жылуусун баштамак. Мына ошондо гана коомчулук  бир оор жүктү желкесинен алыс ыргытып салып, эркин дем алып,эртеңкиге ишенимдүү көз караш менен карап, сапарын улантмак.Келерки президенттин да башы оорубай, экономика менен шугулдөнуп, жаңы белестерге канат байлап, жаңы  идеяларга жол ачмак.

Бирок, мунун баары “1001 түн” жомогундагы ойлордой эле бирдеме . Анткени, эч качан президент мындай кадамды жасабайт. Анткени,  “кыргыз менталитети” дегени бар, президенти мен болсоп, менден кыйының ким дегени да жок эмес…Келип эле окемдер айтмакчы “Восток-дело-тонкое”.. И больше ничего!!!

Баса, Ак Үйгө узун кулагын салган  Жер тыңшаар Маамыттардын мишине караганда Жаңы жылда Атамбаев Елүцинчесинен “чарчадым, кеттим” деп кете бериши да мүмкүндөй. Анткени, түзүлгөн кырдаалда экс-президент макамынс актап калуудан ыңгайлуусу жок да ага. Ким билсин. Балким ошондой, мүмкүн башка бир вариант иштеп кетээр. Баары  президенттин бүгүнкү жана эртеңки кадамдарына бап болот.

Текебаев Атамбаевди, анысы тигини канчалык “сложный  шыбаган сайын , экөөсүнүн эле эмес бүтүндөй бийликтин  эки жүздүүлүгү, аша чапкандыгы, көпкөндүгү  суунун үстүнө калкып чыгып жактандыгын  “түшүнө алышпай турушат сыягы.  “Темирди кызуусунда сок” демекчи, эмне үчүн ушул “косяктарды” ошондо айткан эмес деп сурап аткандар толтура.Эгерде биз алты жылдан бери Конституциясыз эле Атамбаев Текебаевден суранып премьер-министрлерди  кетирип турган шартта жашаган болсок, андай Баш мыйзамды өзгөртүүдөн не мандем? Эгерде КСДП президенттин гана колдоосу менен өмүрүн кечирген, ансыз жарты секунтта жарылып кетчү партия болсо, мындай башкаруучу партиянын кимге кереги бар?

Ал эми Текебаев менен Атамбаевдин элдешип алуусу тууралуу жүжүрлөрдүн пиарлары суу кечпей калбадыбы. Экөөсү тең былыктарын узун элдин учуна жеткирип ачып алышып, анан кучакташып кетишсе, акыры эл деген мал эмес го…Элдешсин, бирок ортодогу “ыпластыктарлын” куйругун кыркып, элдин алдында маанайы жарык болсун. Элдин күткөнү эле ошо.

А дейбизби, бу дейбизби, түзүлгөн кырдаалада эки тарап тең өздөрү койгон тузакка түшүп калганын анчейин паамдабай жатышат. Ошо сымал укуктук талаада болумуш болушуп туруп кадимки эле “беспределдик”  карама-каршылыкка жол ачышып, “свой среди чужих, чужой среди своих” болушту да калышты.

Бул “кармаш” нокдаунддук абалда калып кетеби же сөзсүз нокаут менен бүтөбү… деген собол абада каалгып турат.

 PS:  Ак үйдүн шамалы кай  багытка  согуп  атканын  айттырбай  билип , аңдап жүргөндөрдүн миш-миштерине кулак төшөсөк, ушул тапта «кой да аман, бөрү да аман калсын»  дегендей болгонду болгондой сактап калуу  вариантынын үстүндө «акылдар» иштеп жатыптыр.

Калдарбек Койлубайтегин, журналист

Орусиянын Коргоо кеңешинин башчысы Тажикстанга барды

Тажикстан Коопсуздук кеңешинин башчысы Абдурахим Каххаров терроризм жана экстремизм менен күрөшүү маселелерин өзүнүн орусиялык кесиптеши Николай Патрушев менен талкуулады. Тараптар Дүйшөмбүдө жолугушту.

Тажикстан Коопсуздук кеңешинин төрагасынын айтымында, жолугушуу маалында терроризм жана экстремизмден коргонуу чаралары, ошондой эле Ооганстандагы абал жөнүндө кеп козголду. Бул Коопсуздук кеңешинин катчыларынын акыркы үч айдагы экинчи жолугушуусу. Өткөн жолу иш-чара июнда Москвада өткөн. Анда тараптар Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды, Ооганстандан келүүчү коркунучтарды, аскер-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулашкан. Жаңы жолугушуу Ооганстандын түндүгүндөгү кырдаалдын начарлашына дал келди. Ал жакта талиптер Кундузга чабуул жасашкан.

Николай Патрушев ошондой эле Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана коргоо министри Шерали Мирзо менен дагы жолукту.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аскаров куранды кармап күнөөсү жок экенин айтты

Чүй облустук сотунда камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров Куранды кармап күнөөсүз экенин айтып, калпты аныктоочу детектордон өз ыктыяры менен өтүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле ал Базар-Коргон районундагы окуяларга катышпаганын кошумчалады. Анын айтымында, укук коргоо органдарында ошол учур тартылган видеотасма бар, алар аркылуу ал жерде анын жок болгонун көрүүгө болот.

Ишке күбө катары катышып жаткан милиция кызматкерлери сөз болуп жаткан тасманын жок экенин айтышты.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь окуясы боюнча айыптуу деп, 2011-жылы Жогорку соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып чыккан.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дайырбек Орунбеков, журналист: "Кадыржан Батыровду сыртка атайын качыргандарды табуу тобу кылмышкерлерди таптыбы же Президенттин сөзү жел сөзбү?

Президенттин айткан сөзү аткарылабы же жел сөзбү? Эсиңерде болсо, ал Ош коогалаңынын уюштуруучусу Кадыржан Батыровду качыргандарды табуу боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берип, анын алкагында атайын укук коргоо органдарынын ведомстволор аралык тергөө тобун түзүп жатышкан. Ал тергөө тобу ишин баштадыбы, баштаса ишти эмнеден баштады, курамына кимдер киргени тууралуу маалымат жок. Эмнеге президент айтып коё берет да сөзүнүн өтөөсүнө чыкпай, демилгеси ара төрөлгөн баладай ташталып калат. Кадыржан канкорду качырып, жашыргандар ким экенин жакын арада билебизби же дагы көмүскөдө калып кетеби? Урматтуу президент мырза! Биз сизден президенттик жана жигиттик сөзүңүздү аткарууну талап кылып, жыйынтык күтөбүз. Эгер аткара албасаңыз убада айтарда олуттуу мамиле кылууга чакырабыз!

Дайырбек Орунбеков, журналист

Назарбаев менен Путин ЕАЭБ боюнча өз ара кызматташтыкты талкуулайт

Бүгүн Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу болот.

Кремлдин билдирүүсү боюнча мамлекет башчылары Астанада эки тараптуу мамилелерди жана Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында өз ара кызматташтык маселелерин талкуулашат.

Жолугушуудан соң президенттер орус-казак бизнес-форумунда сөз сүйлөшөт. Форумдун транспорт жана логистика маселелерине арналары маалымдалууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда келишимдик негизде аскердик кызмат өтөө мөөнөтү 5 жылга чейин узартылды

Өзбекстанда ушул жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мыйзам боюнча келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөнүн жаңы мөөнөттөрү киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Өзгөртүүлөргө ылайык, аскердик кызмат өтөөнүн негизги шарттары менен мөөнөттөрү келишимде көрсөтүлөт. Ошол эле маалда узак мөөнөткө кызмат өтөөгө белсенген адамдар менен алгачкы келишим беш жылга түзүлөт. Келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан аскерлер менен жаңы контракт беш жылга, эгер кызмат өтөөгө жарактуу курагына чейин беш жылга жетпеген убакыт калса андан аз мөөнөткө түзүлөт.

Буга чейин катардагы жоокер жана сержанттык курамда кызмат өтөө боюнча алгачкы келишимдер үч жылга, офицердик курамда кызмат өтөө боюнча келишимдер беш жылдык мөөнөткө түзүлүп келген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Сирияга жаңы ракеталык комплекстерди жеткирди

Орусия биринчи жолу өлкө тышына С-380 ВМ «Антей-2500» зениттик-ракеталык комплексин жайгаштырууда. Бул тууралуу Fox News кабарлады.

Курал жүктөлгөн унаалар өткөн дем алыш күндөрү Жер ортолук деңиздин сириялык Тартус портуна жеткирилди. Ал жерде Орусиянын аскер-деңиз базасы бар.Техниканы али түшүрүшө элек, алар контейнерлерде сакталып турат.

С-380 ВМ АКШ жана алардын тарапташтарынын канаттуу ракеталары үчүн коркунуч жаратат. Алар мындан тышкары жакынкы жана орто алыстыктагы учактар жана баллистикалык ракеталар менен күрөшүүгө багытталган.

Үч жыл мурун президент Обама «Томагавк» тибиндеги канаттуу ракеталарды химиялык курал колдонгон Сирия армиясына каршы жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караган болчу. Орусия болсо эми өзүнүн аскер базасынкоргоо үчүн Сирияда S-400 ракеталык-зениттик комплексин жайгаштырды.

Бир жыл мурун Сирия Орусиянын бомбалоосуна кабылгандан кийин президент Обама Москва Сириядагы жарандык согуштун сормо сазына батарын айткан. Бирок АКШнын Мамлекеттик департаменти күн мурун Орусиянын аскердик кийлигишүүсү Асаддын режимин бекемдегенин расмий түрдө моюнга алды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда мунай компаниясынын жумушчулары ачкачылык жарыялоо ниетинде

Жаңы-Өзөн шаарындагы «Бургылау» мунайсервис компаниясынын жумушчулары шаар акимине арыз менен кайрылып, ачкачылык акциясын баштай тургандыктары жөнүндө кабар бергендиктерин билдиришти. Алар буга чейин маяналарды жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кесиптик кошуунга басым жасоону токтотуу талабы менен иш ташташкан.

«Бургылаунун» жумушчуларынын бири Бекарыс Толесиновдун айтымында, арыз Жаңы-Өзөн шаарынын акими Елубай Абиловдун атына жазылып, ага 150 киши кол койгон.

KazPetroDrilling («Бургылаунун» башкы акционери) компаниясынын президенти Рахмет Хайруллаев жумуш убактысы жарым-жартылай кайра каралып, эсепке алынбай калган сааттар боюнча акча төлөнөрүн билдирди. Айтымында, 13-айлык аталган сый акылар 2017-жылдын мартында берилет.

Хайруллаев кесиптик кошуун башчысы Салуакас Беккалиевге тагылган айыптарды алуу, анын өз иш бөлмөсүнө кирүүсүнө уруксат берүү жана профсоюздун тоңдурулган эсебин ачуубоюнча жумушчулардын талаптары прокуратурага айтылышы керектигин белгиледи.

«Бургылау» компаниясы жумушчулардын иш таштоосун мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен 1-октябрда Жаңы-Өзөн шаардык сотуна арыз менен кайрылган. Сот 30-сентябрь жана 1-октябрь күндөрдөгү иш таштоону мыйзам деген чечим чыгарган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бахадыр Кочкаров: Күнүнө эки саат машыгууга жана англис тилине убакыт бөлүү керек

Кыргыз футболунда көрүнүктүү, кыргызстандыктар сыймыктана турган бир адам бар, футболчу да, машыктыруучу да эмес. Ал — рефери Бахадыр Кочкаров.  2010-жылкы дүйнө биринчилигинде каптал калыстар арасында матчты тейлөө боюнча рекорд жараткан. Алгач ышкыбоз футболчу, кийин тренер, аягында калыстык кылууга эмне түрткү бергенин Бахадыр Кочкаров өзү айтып берди.

Бахадыр мырза, алгач профессионалдык футболго машыктыруучу катары кирдиңиз эле. Калыс болуп кетүүңүзгө эмне себеп болду?

Аскерге чейин футбол ойноп жүрдүм, андан кийин 1990-жылдары тренер болуп иштей баштадым. Ош облусунун курама командасын машыктырып, балдарымды беттештерге даярдачумун. Ошол эле жылдары Бишкекке командамды алып келгенде оюнду тейлегенге рефери келбей калгандыктан, Футбол федерациясынын калыстар комитетинин төрагасы Альберт Широков мага аны алмаштырууга сунуштады. Ушул күнү алгачкы ирет футболдо калыстын кызматын аткардым. Андан кийин Альберт Широков менен Ярошенко Санович бул кесипти улантууну сунушташты. Чындыгында калыстык кылуу өзүмө дагы абдан жагып калган. Ошентип 1995-жылы улуттук категориядагы судьянын наамын алдым, бир жылдан кийин 26 жашымда ФИФАнын рефериси аталдым.

Рефери-рекордчу болуш үчүн кандай сапаттар талап кылынат?

Эң биринчи психологиялык жактан даярдык керек. Экинчиси жакшы физикалык көрсөткүчтөр талап кылынат. Үчүнчүсү күчтүү эрк. Мындан тышкары, оюндун шарттарын, эрежелерин жана чет тилдерди билүү зарыл. Бул спорттун түрүндө 3 секунддун ичинде судья чечим чыгарышы керек болот. Ошондуктан калыстын мээси автоматтык түрдө иштейт.

Оюнда футболчулар менен тил табышуу оңойго турбаса керек. Дүйнөгө аты чыккан топ тепкичтер оңой адамдар эмес да?

Албетте. Биринчи кезекте команданы, анын ичинде ар бир футболчуну өздөштүрөм. Ар бир оюнчунун мүнөзүн, кандай багытта ойноорун, колунан эмнелер келиши мүмкүн экендигин билип туруп жасай алабы, кандай ыкмаларды колдоно алат, мына ушулардын баарын изилдейм. Эл аралык матчтарда кандайдыр бир жакшы, жылуу сөздөрдү ылгап колдонууга аракет жасайм. Анткени кээ бир учурда футболчуну жооткотууга туура келет. Оюнда баамчыл болуш керек. Ал үчүн туура учурду кармаш керек.

ФИФА судьялардын чындап калыс болушу үчүн кандай шарттарды койгон?

ФИФАнын, калыстар коммисиясынын ишенимине кирүү көп жылдарды талап кылат. Бизди кадимки турмушубуздан баштап, ар бир кадамыбызга чейин текшерүүгө алышат. Интерполдун да көзөмөлүндөбүз. Коомдо өзүбүздү кандай алып жүрөбүз, кандай коомдук иштерди аткарып жатабыз, мунун баарына байкоо жүргүзүшөт. Менимче эгерде адам өзүнүн мекенин сүйсө, футбол федерациясын уятка калтырбоону кааласа, анда ал өз жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Учурда машыгуулардан баштап, медициналык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыктарына чейин ФИФАга маалымат берип турам. Үч айда бир нормативдерди тапшырам. Тамактануумдан баштап өзүмдү-өзүм көзөмөлгө алам.

Ар бир матчтан кийин коммисия түзүлүп, калыстардын ишине баа беришет деп уктук. Сиздин ишмердүүлүгүңүздө одоно ката кетирген учурлар болду беле?

Туура айтасыз, ар бир оюндан кийин калыстардын ишине баа берилет. Кудайга шүгүр, буга чейин одоно каталар болгон эмес. Эгерде мындай каталар болгондо, биз калыстык да кыла алмак эмеспиз. Ошондуктан бул — оор суроо. Адамдык фактор деген нерсе бар. Эгерде рефери атайын туура эмес чечимге барган болсо, тартылган камерадан эмоционалдык абалы аркылуу айдан ачык көрүнүп калат. Менде да мындай көрүнүш байкалганда Дүйнө чемпиондугуна катыша алмак эмесмин.

Футбол талаасында жакын мамилелеш адамдарыңыздын оюнуна калыстык кылуу кыйынбы?

Бизде тааныш үчүн жан тартуу деген жок. Менин атам же балам футбол ойноп, эрежени бузса да ойлонбостон сары же кызыл карточка бермекмин. Тажрыйбамда милиция жана улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине калыстык кылдым. Бирок ар дайым өз принцибимден четтеген жокмун. Мага баары бир, Месси болобу, же Роналдубу, эреже бузса, өз жазасын алат.

Биздин улуттук футбол курамабызга кандай баа бересиз?

Мен тренер эмесмин. Бирок өзүмдүн оюмду мындайча айтат элем. Футбол федерациясы туура жолдо баратат. Мындан үч жыл мурда интервью бергенимде да белгилегем. Командага футболду түшүнгөн, ойногон балдар келди. Кыргыз футболунун деңгээли өстү. Ал эми алардын кандай ойноп жатканын, кандай ыкмаларды колдонгонуна баа бере албайм. Ал менин кызматым эмес.

Кыргыз футболчуларынын арасынан ыплас түрдө эреже бузуп ойногондорду байкайсызбы?

Азыркы учурда кимдин кандай ойноп жатканын алты секунддун ичинде билип койсо болот. Ар бир оюнда отуз беш камера иштейт. Улуттук курама бүткүл өлкө үчүн ойнойт. Ал улуттук форма кийип, көкүрөгүндө желекти тагынып жүрөт. Ошондуктан мен бул тууралуу ойлонбойм дагы. Биздин балдар мындай ишке барышына ишенбейм. Анткени ар бир оюнга беш-алты сааттан учушат, андан кийин организм калыбына келишин күтүшөт. Чындыгында футбол ойноо оңой эмес. Ошондуктан футболчулардын, калыстардын чыныгы жашоосун чагылдырган бир кино тартыш керектин сунуштап келем. Алар эмне менен тамактанат, үй-бүлөдө кандай болушат, машыгуулары кандай өтөт, оюнда өзүн кандай алып жүрөт, деталдуу ачып бериш керек.

Кыргызстанда эл аралык категориядагы калыстардын саны жетиштүү элеби?

Туура суроо бердиңиз. Эгерде бизде калыстар болбосо, футбол болмок эмес. Мен жакында эле жаш калыстарды даярдап чыгардым. Кыргызстандын футбол федерациясы бул маселени да кылдат көзөмөлгө алып, реферилерди  даярдоодо.

Келечекте рефери болом деген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Эң биринчи принципиалдуу болушу керек. Жаш судьялар дароо эле дүйнөлүк деңгээлге чыгууну каалашат. Бирок эл аралык матчтарда андайлар бат эле “күйүп” кетишет. Айтаарым: ар бир секундду изилдеп, колдон чыгарба. Зирек болуп, керектүү учурда керектүү жерде бол. Футболдун бардык түрлөрүн жатка бил. Англиялык, голландиялык, америкалык, германиялык футбол болобу, изилде. Туура жолду тандап, туура багытта жүрсөк, Кудай өзү берчүсүн берет. Бул тагдыр, андан эч ким кутула албайт. Ошондуктан жаштарга айтаарым, чоңдорду угуп, күн сайын эки саат машыгууга, эки саат англис тилине убакыт бөлүшсө, келечектери жакшы болот.

Сиз өзүңүздү бактылуу адаммын деп эсептейсизби?

Эгерде мен Кыргызстанга кандайдыр бир пайда алып келсем, демек ошондо мен өзүмдү бактылуумун деп айта алсам керек.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто

Кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаев тууралуу тасма тартылууда

Кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаев тууралуу учурда көркөм тасма тартылып жатат.  Аягына чыгып калды. Башкы каармандын ролуна актер Марат Жантелиев тандалган. Ал эми залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейнесин уулу Эльдар Айтматов жаратты. Тасма тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн режиссер Эрнест Абдыжапаровду, актер Марат Жантелиевди жана чыгармачыл топту маекке тарттык.  

Саякбай атанын ролун жаратууга сунуш түштү беле же кастингге катыштыңызбы?
full_szhsxwbl

Марат Жантелиев, актер:  Мындан бир жыл мурун эле Саякбай Каралаевдин ролун аткарууга сунуш түшкөн. “Саякбай Манасчы” эл аралык коомдук фондунан кайрылышып, образды жаратып бере аласызбы, сизди окшоштуруп жатабыз дешкен. Мен аткара аламбы, билбейм, бирок аракет кылып көрөм деп макул болгом. Андан кийин Эрнест Абдыжапаровдун сценарийи бекитилип, кастинг жарыяланды. Канстингге келгендердин арасынан тандалып алындым.

Саякбай Каралаевдей инсандын образына кирүүгө атайын даярдык көрдүңүзбү?

М.Жантелиев: Бул тарыхый инсан болгондуктан, Саякбай Каралаевдин баскан-турганын, манас айткандарын, сүйлөгөнүн, баарын туураганга аракет кылдым. Режиссердун айтканы боюнча бир аз көркөмдөдүк. Албетте,  даярдандык, көргөн-билгендерден сураштырдык. Манас айткандарын уктум, жазылып алынган видеолорун көрдүм. Тилекке каршы, Саякбай Каралаевдин басканы, кыймыл-аракети, шамдагайлыгы, шайырлыгы аз тартылып калыптыр. Көбүнчөсү манас айтып аткан жерлери бар экен.

jernest-abdyzhaparov

Кыргыз манасчыларынын акыркы могиканы Саякбай Каралаев жөнүндө фильм тартууга кандайча киришип калдыңыз?

Эрнест Абдыжапаров, режиссер: Негизи Саякбай Каралаев тууралуу тасма тартам деген ой болгон эмес. Бирок манас темасы дайыма оюмда жүрчү. Анткени чоң таятам манасчы болгон экен. Ошондон улам таякелеримдин баары манасчы, музыкант. Менин биринчи тасмам да манасчы Рысбек Жумабаев тууралуу эле. Студенттик кезде Сагымбай Орозбаковдун томдору биринин артынан бири чыгып баштаганда стипендия менен кубалап жүрүп алганбыз. Кийин Бүбү Мариям Муса Кызынын “Айкөл Манасы” тууралуу даректүү тасма тарткам. Бирок “Манас” эпосу жөнүндө тасма тартам деген ой ар бир режиссердун жүрөгүндө болсо керек.

Сынактан сиз жазган сценарий кандайча тандалып алынды?

Э. Абдыжапаров: Былтыр сунуш түшкөндө “Шабдан баатыр” тасмасы менен алек болуп атам деп айткам. Кимди сунуштайсыз дегенде Темир Бирназаровду көрсөткөм. Темир Бирназаровго эки жолу кайрылса, ал экөөндө тең баш тарткан экен. Анан күзүндө “Шабдан баатыр” тасмасы токтоду деп айтканда мага кайрадан сунушташкан. Ошондон кийин макулдугумду бердим. Сынак жарыяланып, мен жеңип чыккан сценарийди тартышым керек болчу. Ошондуктан мен мындай сунуш киргиздим. Сынакка мен да катышайын, бирок байге фондунан баш тартам деп айттым. Анткени менде да Саякбай Каралаев тууралуу маалыматтарым, көз караштарым бар болчу. Тасманы да өзүм каалагандай тартышым керек деген ойду айтканда макул болушкан. Себеби өзүмдүн тасмаларыма өзүм сценарий жазам. Сынактан биринчи орунду беришти, бирок айткандай эле байгеден баш тарттым.

full_mmivaefm

Тасма тартылар алдында тарыхый фактылар бурмаланбасын деп чыгышты, андай тынчсызданууга эмне себеп болду?

Э. Абдыжапаров: Ар бир адамдын көз карашы болот. Көпчүлүгү адамдын өмүр баяны, жазылып калган окуялары бурмаланбаш керек деген ойдо болот. Бирок чыгармачылыкта, мисалы, тасманы ала турган болсок, эки түргө бөлүнөт: бирөө — даректүү, экинчиси — көркөм. Даректүү тасмада ошол адамдын өмүр баяны изилденип,тактык менен берилиш керек. Көркөм тасмада болсо, анын басып өткөн жолу эмес, ички дүйнөсү чындыкка жуурулушуп чагылдырылат. Шабдан баатыр тууралуу тасма тартылып атканда ушундан улам тартыш жаралып, долбоор токтоп калган болчу. Ушул жолду кайталабайлы деп чакан эле топ сценарий менен иштедик. Биздин максат Саякбайдын өмүр баянын эмес, анын касиетин дүйнөгө чагылдыруу болду. Бул тасма Саякбай Каралаевдин өмүр баяны эмес деп айтсам болот. Манасчылык касиетти дүйнөгө жайылтууну көздөйт. Ошол эле учурда Саякбай Каралаевдин жашоо-турмушунун алкагында тарых бурмаланган жок. Биз образдуу түрдө бир жарым саатка батырыш үчүн көркөм ыкмаларды пайдаландык десем болот.

Саякбай Каралаевдин образын Марат Жантелиев кандай ачып берип атат?

Э. Абдыжапаров: Баарыбыз эле Марат Жантелиевди куудул деп билебиз. Анын драматикалык ички дүйнөсүн көргөндөр сейрек кездешет. Ал чет жакка чыкканда эки гран-при жеңип алган күндөрү болгон. Сейрек кездешчү кесипкөй. Актердук билимди Москвадан алган. Буга чейин көптөгөн тасмаларга тартылган. Аны көптөн бери билем. Ички дүйнөсү да мага тааныш. Албетте, биз көп актерлорду карадык. Бирок кастингге биринчи болуп Марат Жантелиевди чакырдым. Биринчиден жогорку деңгээлдеги чебер, экинчиден Саякбайдын жаштыгын буга чейин аткарган тасмасы бар. Сырткы келбети да окшош экенин баары көрүп, күбө болуп атышат. Бирок баары бир тасма чыкмайынча баа берүү албетте кыйын.

Суйумкан Сулайманова, аткаруучу продюсер: Бул тасманы толугу менен “Саякбай Манасчы” эл аралык коомдук фонду каржылап жатат. Тасманын премьерасы 2017-жылга деп пландалган. Пусандагы долбоорлор конкурсуна сценарийи менен катышууга жолдомо алгандыгы үчүн октябрда фильмдин башкы продюсери Саматбек Ибраев менен койгон режиссер Эрнест Абдыжапаров Түштүк Кореяга аттанганы турушат.

ajzaada-montazherАйзаада Омуралиева, монтажер: Азыркы учурда тасманын 90 пайызы тартылып бүттү. Буюрса, съемка ойдогудай тартылууда. Монтаж болсо удаалаш жасалып атат. Мындайча айтканда монтаждын “черновой” вариантын жасап атабыз. Тасма тартылып бүткөндөн кийин кайрадан монтаждалып, үндөр коштолуп, түстөргө коррекция жасалат. Кызыккандар Саякбай Каралаевдин тасмасы боюнча маалыматтарды, сүрөттөрдүwww.sayakbay.com сайтынан таба алышат.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто

Акылбек Усупбаев, врач: Ушу тапта калктын эң аялуу катмары — эркектер

Быйыл Астанада КМШ өлкөлөрүнүн урологдорунун биринчи съездинин алкагында жаш окумуштуулардын конкурсу болуп өттү. Кыргызстандан барган жаш врач Рано Халмурзаева “Улгайып бараткан курактагы гипогонадизмде эстрогендин ролу” деген темада илимий доклад окуп, биринчи орунду жеңип алды. Гипогонадизм – бул  эркектин организминдеги тестостерондун азайып кетиши. Ушул маселе биздин жаш окумуштууларды ойлонтуп, эркекти эркек кылган касиети төмөндөгөн учурда, башкача айтканда тестостерондун жетишсиздигинде эстрогендер кандай кызмат аткарарын изилдешкен.  И.Ахунбаев атындагы КММАнын Урология жана андрология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаевдин жетекчилиги астында КММАнын биоэтикалык комитетинин уруксаты менен доцент Зуфар Хакимкожоев коендорго эксперимент жүргүзгөн. Профессордун айтымында, съездге келген делегаттар “Кыргызстан деген чакан мамлекетте дагы ушундай кызыктуу илимий ачылыштар болобу” деген таң калуусун жашырышкан эмес. 

Акылбек Чолпонкулович, сиз жетектеген тармакта уникалдуу илимий ачылышка эксперимент жүргүзүлүп, ал эмгегиңер көз жаздымда калбай үлкөн иш-чарада татыктуу бааланыптыр? Муну силердин тармактагы чоң жетишкендик десек жарашабы?

Албетте. Бул жаңылыкты бир гана урология тармагына эмес, жалпы кыргыз медицина илимине тиешелүү десек жарашат. Анткени аталган эксперимент иш жүзүнө ашып үзүрүн көрүшсө, саламаттык сактоо тармагына кошкон салымыбыз эмеспи. Учурда эл саясат менен гана алек болуп калды. Ден соолукка байланыштуу пайдалуу кеңештер менен сунуштарды, көйгөйлүү маселелерди айтсак эч ким укпайт. Медицинадагы жогорудагыдай саамалыктардан, жаңылыктардан дээрлик бардыгы кабарсыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетсем, саламаттык сактоо тармагы абдан оор акыбалда. Албетте, министр эмесмин, жалпы абалына саясий жактан баа берүүгө укугум жок, бирок республиканын башкы урологу катары байкашымча, медицинабызда жылыш болбой  бир ордунда катып калган. Күчтүү мамлекеттин элинин ден соолугу чың болот. Ден соолугу мыкты болуш үчүн экономикасы өнүгүш керек. Ал эми илимий докладдын дагы  түпкү максаты коомдун күчтүү, таза болушуна кам көрүүнү көздөйт. Кененирээк токтолсок, эркек болобу, аял болобу, адам организминде эстроген (аял организминде басымдуулук кылган гормон) жана тестостерон (эркектин организмине тиешелүү гормон) болот. Көрсө жаратылыш бардыгын бири-бири менен тыгыз байланыштырып шайкеш кармап турат экен. Ошол табигый тең салмактуулук бузулуп, эстроген эркектин организмде таптакыр жоголуп кеткенде тестесторон азайып кетет да, эстрогендер басымдуулук кылып ар кандай ооруларды, аденоманы (залалсыз шишик) жаратат. Эч кандай дартка чалдыктырбаса деле тестостерондун азайышы — эркектик касиетти төмөндөтүп, “эркектердеги климакс” деп аталуучу белгини пайда кылат. Тестостерондун деңгээли эркек организминде жетиштүү өлчөмдө болушу абдан маанилүү. Гормондор ден соолугуна зор пайдасын тийгизип, жыныстык жашоосун жөнгө салып турат.  Бирок эркектерде жаш өткөн сайын кийин тестостерон азая баштайт. Айрыкча 40 жаштан өткөндөн кийин бир жылда 1-1,5%дан төмөндөй баштайт. Ошондуктан бул гормондун организмде көп убакыт бою сакталышында аялдардын гормону кандай таасир этерин эксперимент аркылуу изилдешти.

Изилдөөнүн жыйынтыгынан кийин кандай далил-аныктама келип чыкты?

Эстрогендер жана андрогендер эркектерде жана аялдарда ар түрдүү өлчөмдө кезигет дедик жогоруда. Эстрогендердин эркектин организминде кандай орунду ээлерин, сексуалдык жашоосуна, жүрөк, кан тамыр системасына,  боордун иштешине тийгизген жагымдуу таасирин аныктап, ошол эле учурда эстрогендер эркектер үчүн ушунчалык баалуубу же аз гана керекпи деген суроого жооп алуу үчүн ага тактык керек болчу. Анүчүн биз  бычылган 20 коенго 2 ай инъекция жана таблетка түрүндө эстроген бердик. Андан кийин алардын бүт ички органдарын  изилдеп чыктык. Эстроген албаган группага караганда, эстроген алган топтогу коендордун  простата безине, сөөктөргө, жүрөккө жана терисине бул гормон жагымдуу таасир тийгизери далилденди.

 “Дени сак эне — дени сак улут” дейбиз. А эркектердин ден соолугуна көңүл бурулбаса, саламаттыгы чың коом кайдан жаралмак эле?

Кептин баары ошондо болуп атпайбы… Улуттун генофонду эркектердин ден соолугунан көз каранды экенин түшүндүрүп элге жеткирүү максатында  10 жыл бою “Мырзалардын ден соолугунун жумалыгын”  өткөрүп келдик. 18 миң кишини, жаш балдардан тартып карыган чалдарга чейин бекер  текшерип, кеп-кеңеш берип медициналык кароодон өткөрдүк. Бир да реакция болбоду, кызыккандар жок. Биздин бул демилгебизди колдоп-кубаттап, жардам берчү бир жан чыкпады. Жыл сайын врачтарымды кубалап, лаборатория, демөөрчү издеп чарчадым. Анан былтыртан бери уланта албай калдык.  Жаңы баштаганда тозок эле болду. Эркектер өзүнүн ден соолугуна ушунчалык кайдыгер мамиле кыларына ошондо даана ишендим. Жүз эркек келсе, анын тең жарымын аялдары  колунан жетелеп келип атты. “Көрчү, ушу соо эмес” десе, мойнуна албайт да жарыктык,  “жо-ок, жакшы элемин” деп. Текшере келсең, толтура патология чыгат. Кийинки жылдары үйрөнүп калышты да, анан өздөрү келе башташкан.  Көрсө эркектер абдан алсыз калк болот экен да. Элдин эң аялуу катмары аялдар, жаш балдар, карылар эмес, эркектер экен да. Жумушу жок калдыбы, арак ичип кетет же өз өмүрүнө кол салат. Аракеч, баңги, кылмышкер болгон кимдер? Эркектер. Травмадан жыл сайын 20 миңден ашык киши өлүп атпайбы, ошонун 80-90 пайызы эркектер. Ооругандардын баары эркектер, бирок мен эркекмин деген куру намыс менен дарыгерге кайрылбастан толтура инфекцияларды жугузуп алып жүрө беришет. Аялы үзгүлтүксүз дарыланып турганына карабастан күйөөсү оору болсо, эч кандай натыйжа чыкпайт. Учурдун  абдан орчундуу, маанилүү жана эң көйгөйлүү маселеси – эркектердин ден соолугу десем эч жаңылбайм.

Арабызда уролог адиске эркектер гана көрүнүш керек деп түшүнгөндөр кездешет. Аялдар уролог врачка көбүнчө кайсы дарт менен кайрылышат?

Ооба, мындай тар түшүнүк менен дарыгерлерге кайрылбай жүрө берип, оорусун күчөтүп алгандар абдан көп.  Аялдарда деле бөйрөк, табарсык бар. Алар деле эркектер ооруган дарт менен жабыркашат. Аялдар бизге көбүнчө бөйрөк, заара түтүкчөлөрүнүн, табарсыктын сезгенген ооруларында, бөйрөк, заара таштары жабыркаткан учурда кайрылышат. Төрөгөндөн кийин жана гинекологиялык операциялардан соң оору пайда болуп өтүшүп кеткен учурда келишет. Ушу тапта аялдардын 40 пайызы заарасын кармай албай кыйналат. Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, оор нерсе көтөргөндө, басса-турса деле заарасы чыгып кетет. Бул көп төрөгөн аялдарда кездешет. Айрыкча кыргыздар кеселин айткандан уялып, дарыгерге убагында кайрылбай  памперс кийип, чүпүрөк коюп алып жүрө беришет да, күчөтүп алат. Аталган ооруну биз  ТVТ/Слинг жаңы ыкмасын колдонуп операция жасайбыз. Тор сыяктуу таркатуучу материал болот, слингдер менен табарсыкты көтөрүп коебуз (бул операцияны мындан 10 жыл мурда Кыргызстанга биринчилерден болуп А.Усупбаев киргизген.-ред.).  Биздин Урология жана андрология борборунда уро-гинекологиялык 5 койка бар, заарасын кармай албай калган аялдар эч тартынбай кайрылышсын (66-36-32 телефону менен байланышса болот.-ред.), алар менен атайын уро-гинекологдор иштешет. Антпесе бул дарттан жабыркаган аялдарга психологиялык-моралдык жактан абдан эле оор. Байкуштарды оору  оңбогондой кыйнап, жүдөтүп-чүнчүтүп салат.

Ушу тапта  урологиялык оорулардын кайсынысы басымдуулук кылууда?

Азыр простата безинин рак оорулары көбөйө баштады. Өкүнүчтүүсү, простата безинин сезгенишине, вирус-инфекцияларга мектеп жашындагы балдар кабылып атышат. Кыргыздын менталитети эмеспи, оорусун айткандан уялып, туш келген антибиотиктерди ичип  жүрө берип, өнөкөт ооруга айланат. Ал жүрүп отуруп ракка жеткирет. Простата безинин рагы, табарсыктын рагы абдан көбөйүп кетти. Бизге түшкөн оорулардын ичинен 2 пайызын түзүп атат. Мурда он чакты гана рак оорусун тапчубуз, азыр бир эле биздин мекемеде 100дөн ашып кетти. Ал эми ракка мынчалык көп операция жасалары түшкө кирчү эмес, урологиялык рак илдетине операция жасоо Орто Азия боюнча бизде гана ийгиликтүү ишке ашууда. Табарсыктын рак илдетин дарылоодо да  жетишкендиктер бар. Европада жана башка өнүккөн мамлекеттерде жайылган жаңы ыкмаларды биздин борбордо да колдонуп атабыз. Мисалы, табарсыкты алып салбай сактап калуу же анын ордуна ичеги-карындан же башка органдардан табарсык жасоо, заара чыгарчу жолдорду организмге ыңгайлаштырган операциялар жасалып жатат.

Нурзада Ташбаева

Булак: Де-Факто

Жалал-Абаддагы өндүрүштүк ишкана планды ашыгы менен аткарды

 

Жалал-Абаддагы Дүлөйлөр жана азиздер коомунун алдыдагы ишкананын эмгек жамааты 8 миллион 600 миң сомдук буюртмаларды аткарганга жетишти. Бул жыл башында пландалган көлөмдөн кыйла көптүк кылат. Бул тууралуу депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков шаардык ишканаларды кыдыруу мезгилинде билдирди.

Анын айтымында, бул ишкана жууркан-төшөнчүлөрдү, шейшеп-матрастарды даярдаганга ыңгайлаштырылган жана продукциянын сапаты мыкты. Товардык продукциянын өтүмдүүлүгүнөн улам быйылкы жылы пландалган 6 миллион сомдук буйрутманын ордуна бүгүнкү күндө ишкана 8 миллион 600 миң сомдук буйрутманы аткарып койду. Мындан тышкары, Өкмөт тарабынан памирлик кыргыздарга буюртма катары берилген 600 даана матрастарды да ишкананын жамааты даярдап коюшту.

-Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген 30 адам иштейт. Ийгиликтерди менен бирге ишканада көйгөйлөр да бар. Алар – заманбап тигүү машиналардын жетишсиздиги.  Биздеги техника маселеси чечилип калса, ишканабыздын өндүрүмдүүлүгү дагы да жогоруламак, – дейт ишкананын жетекчиси Үсен Печелов.

Төрага Э. Ормоков шаардын жергиликтүү бийликтери бул ишкананын муктаждыктарын чечип бергенге аракет кылышарын билдирди.

Эскерте кетсек, шаардык кеңештин төрагасы Жалал-Абаддагы өндүрүштүк ишканаларды кыдырып, алардагы акыбал менен кеңири таанышты жана алардын муктаждыктарын чечүү боюнча пикир алышты.

-Биздеги 8 ири ишканалар шаарыбыздын бюджетинин 50 пайызын беришет. Бул ишканалардын тынымсыз мыкты иштеп турушу биз үчүн маанилүү, ошондуктан да биз ишканалардын акыбалы менен жеринде таанышып, алардын азыркы абалын үйрөнүүгө кызыгып жатабыз, Бүгүн ири ишканаларды кыдырдык, алардын акыбалы менен толук тааныштык, – дейт

Кызыл сызык минген жол жээгиндеги соода түйүндөрү жана курулуштар тазаланат

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун буйругунун негизинде район борборлорундагы жана Ош-Бишкек трассасынын жээгинде кызыл сызыктан чыгып мыйзамсыз соода сатык жайларын куруп алган жана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жарандарга карата атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын курамына райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер, жол башкармалыктардын башчылары, укук корго органдарынан киргизилди. Кечээ күнү комиссия алгачкы отурумга чогулуп  КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадовдун жетекчилиги астында  Араван районунан жумушун баштады. Район борборундагы жана жол жээгинде бардык мыйзамсыз курулуштар менен соода сатык түйүндөрүн кыдырып жеринде эскертүү берилди. Протокол түзүлүп жакынкы убакытта өз калоосу менен бузуу талабы коюлду. Көзөмөл райондук жана жергиликтүү бийликке калтырылды. Эми бул багытта акимдер атайын жумуштарды алып барат. Берилген мөөнөт бүткөн соң кайрадан комиссия жагдайды карап чыгат. Эгерде эскертүүлөргө баш ийбегендер болсо мыйзам чегинде бардык курулуштар бузулуп сүрдүрүлөт. Комиссиянын курамы бүгүн да өз жумушун улантып Ош шаарына Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Алай райондорунан кире бериш жол жээктери текшерилет. Мыйзамсыз бардык тараптарга протокол түзүлүп көзөмөлгө алынат. Комиссия өз ишин жол жээктери жана район борборлору иретке келтиргенге чейин улантышат.

Мал чарбачылыгы: акталбаган үмүт

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киргени менен анын алдында айтылган убадалардын көпчүлүгү ишке ашпады. Бир эле мисал, эт-сүт азыктарын жана малды сыртка экспорттоодо чоң мүмкүнчүлүктөр ачылары айтылган.  Бирок андан дайын жок. Тескерисинче мал кескин арзандап, фермерлердин үмүтү таш каап отурат.

Экономикалык биримдиктин эпкини

Өлкөдө малдын баасы азыр эки жыл мурдагыга салыштырмалуу эки эседей арзан. ЕАЭБге кирсек, коңшу Казакстан менен Орусияга малды кымбат сатабыз, эт-сүт азыктарын кенен-кесири экспорттойбуз деген убадалар бул уюмга кирбей жатып жайрады. Коңшулар Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга шылтап, эт-сүт азыктарын алууну чектеп койду. Ага мал идентификацияланбаганы да башкы себеп болду. Чектөөнүн артында Казакстандын өз базарын коргогон тымызын саясаты жатканы да турган иш. Анан калса Орусия менен Казакстандагы былтыркы экономикалык кризистин эпкини да чарпып кетти. Ушундай жагдайлар Кыргызстандын мал базарындагы баага түз жана кыйыр таасирлерин тийгизип, баа арзандашына алып келди.

Мал базардагы кырдаалга көз салып жүргөн Чоң-Алай районунун тургуну Өмүрбек Муратов азыркы баа эки жыл мурдагы нарктын тең жарымына тете болуп калганын айтат.  Маселен, анда мыкты деген жылкы 90 миң сом болсо, азыр 50 миң сомго түштү. Уй 50 миңден 30 миңге, 7-8 миңге сатылган койдун баасы 5 миңге түшүп кеткен. Баа арзан болгону аз келгенсип мал мурдагыдай өтпөй да калды. Өзү да багып жүргөн малын сата албай жүргөн Өмүрбек Муратов өлкө аталган биримдикке киргени менен экспортко кедерги болгон жагдайлар жайгарылбай жатканына кейийт: «Бизге башында эт-азыктарын, малыбызды коңшу өлкөлөргө экспорттойсуңар деп айтышкан эле. Бирок азыр тескерисинче бизге Орусиянын, Казакстандын малы келип баштады. Негизи эле биримдикке киргенге чейин азыр чоң көйгөй жаратып жаткан малды идентификациялоо маселесин чечүү зарыл эле. Азыр Кыргызстан боюнча үч эле райондо пилоттук идентификациялар жүргүзүлгөн. Бул иштер аягына чыккандан кийин деле жандыктарыбыз сатылып кетээрине толук ишенбейм. Себеби экономикалык биримдикке кирген башка өлкөлөрдүн рыногу бизге караганда чоң экен. Алар бардык тармактарда бизге үстөмдүк кылып жатат.»

Малчылык менен алектенген дагы бир маектешибиз Кыяз Рахманов азыр касапчылык менен шугулдангандар да зыян тартып жатканына токтолду. Анткени элдин көбү өзү мал кармагандыктан чоң шаарларды эске албаганда аймактарда  эт-сүт азыктарына талап аз.

Илгерилебеген идентификация

Эт-сүт азыктарын жана малды сыртка сатууга кедерги болуп жаткан негизги маселе – Кыргызстандагы малдын идентификацияланбаганы. Башкача айтканда, ар бир малдын башы каттоого алынып, “паспорттоштурулуш” керек. Бул иш ушул күздө башталышы керек эле. Бирок ал ишти жүргүзчү компанияны тандоо тендери азырга дейре бир жаңсыл болбой турат.  Ала жазда башталган тендер эки жолу үзгүлтүккө учурап, өткөн айдагы үчүнчү тендерде Кытайдын New Star компаниясы тандалган. Эми атаандаш компаниялар ага каршы арызданып, иш дагы токтоп калды.

Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров август айында бүтөөрү пландалган малды идентификациялоо программасы азырга дейре ишке ашпай жатышы өлкө мал чарбачылыгындагы абалды ого бетер оорлотуп жатканын айтат. Депутат малды идентификациялоону жеке ветеринарларга берүү демилгеси туура эместигин белгилеп, алар бул ишти ойдогудай ишке ашыруусуна күмөн санайт жана аны мамлекет өзү колго алса туура болмок деген ойдо.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин карамагына кирген соң кааласа-каалабаса да бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн товарлары үчүн өз эшигин ачууга тийиш. Демек бара-бара биримдиктеги башка мамлекеттерден эт-сүт азыктары арзан келе баштаса, өлкөдө өндүрүлгөн мындай товарлар сыртка чыкмак тургай өзүбүздө да өтпөй калышы мүмкүн. Ал нерсенин эпкини азыр деле аз-аздан сезиле баштады. Мындай абал Союз бузулганы чачырап кетип, эми кайра акырындап ирдене баштаган мал чарбачылыгына оор сокку урушу мүмкүн.

Андыктан өкмөт эт-сүт азыктарын экспорттоодо ар кандай шылтоого шынаа издеп, базарын ачпай жаткан кошуналардын эле көзүн тиктеп отура бербей башка өлкөлөр менен деле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү шарт. Албетте, мында деле маселе баягы эле идентификацияга, ветеринардык-эпизоотикалык абалга такалат. Мындан келди, малыбыз сыртка сатылсын, ар кандай ылаңдардан алыс болсун десек, азыр тил сынып жат сезилип жаткан идентификация маселесине ириде ар бир малчы өзү кызыкдар болушу, жоопкерчиликти сезиши керек. Бирок ал ишти жолго коюу, шарт-жагдай түзүп берүү, албетте, өкмөттүн милдети.

Азат Акаев

Булак: Де-Факто

Жаш калемдер Мекенге таазим кылышты!

“Мекенге таазим” жаш акын жазуучулардын республикалык фестивалы жана “Жаш калем” конкурсу жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган фестивалга республикабыздын бардык аймактарынан жалпы 115 жаш талант катышты.

Фестивалдын жүрүшүндө он секция иштеп, түрдүү жанрларда жазган жаш таланттар тажрыйбалуу акын-жазуучулардын сынынан өтүштү. Секция башчылары болгон кыргыз элине таанымал акын-жазуучулар жаш таланттарга чыгармачылыктагы иш-тажрыйбасын айтып, кеп-кеңешин берди.

Бүйүр кызыткан конкурстун жыйынтыгы сыйлык тапшыруу аземи башталганга жарым саат калганда чыкты. Сыйлык тапшыруу иш-чарасы чоң салтанат менен Токтогул атындагы филармониянын кичи залында өттү.

Оболу фестивалдын эң жаш катышуучуларына атайын сыйлыктар тапшырылды. Залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун эң кенже уулу, он төрт жаштагы Асылбек Касымбеков конкурстун эң жаш катышуучусу катары атайын сыйлыктын ээси болду.

Фестивалдын лауреаттары жана конкурстун баш байгесинин жана 1-орундун жеңүүчүлөрү болуп, төмөнкү жаш таланттар табылды.

Баш байге: Лира Камчыбекова, жаш акын.

1-орун: Мырзайым Айтимбетова, жаш акын; Элдияр Элчибек, жаш жазуучу; Артем Хегяй, жаш котормочу.

Ушул эле жанрларда экини жана үчүнчү орундарды алган жаш таланттарга да атайын сертификаттар, баалуу сыйлыктар берилди.

Биринчи орунду алгандарга ар бирине 20 000 сом;

Экинчи орунду алгандарга ар бирине 15 000 сом;

Үчүнчү орунду алгандарга ар бирине 10 000 сом.

“Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция фестивалдын демилгечилеринин бири жана эң негизги демөөрчүсү болду.

“Прогрессивдүү демилгелер фондунун” президенти, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков жана “Саякбай манасчы” фондунун атынан манасчы Рыспай Исаков фестиваль лауреаттарына атайын сыйлыктарын тапшырып, бул саамалык жаш таланттардын демине дем, күчүнө күч кошту.

Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия фестиваль катышуучуларына жалпы суммасы 85 000 сомдук эң мыкты китептерди белек кылды.

Андан да кубанычтуусу: комиссия төрагасы, белгилүү акын жана драматург Эгемберди Эрматов конкурста жеңишке жетишкен 5 жаш акын-жазуучунун китептерин комиссиянын эсебинен чыгарып бермей болду.

Улуттук Жазуучулар Союзу конкурс жеңүүчүлөрүн Союз мүчөлүгүнө кабыл алды.

Андан сырткары Улуттук Илимдер Академиясынын президенти, сынчы жана котормочу, илимпоз, академик Абдыганы Эркебаев конкурс жеңүүчүлөрүнө өз сыйлыгын тапшырды.

Улуу Британия, Россия, Казакстандан бери коноктор катышкан бул масштабдуу фестиваль жаш таланттарга дем-күч бергени талашсыз. Мындай деңгээлдеги иш-чара эгемендүүлүк жылдарында бир да жолу өткөрүлгөн эмес экен. Уюштуруучулар жана демөөрчүлөр бул фестивалды мындан ары туруктуу өткөрүп туруу, ал үчүн каржы булактарын издөө сунуштарын айтышты. Сунуш бир добуштан колдоо тапты.

Жаш таланттардын таланты өркүндөй берсин. Чыгармачыл дем, ийгилик каалайбыз!

Булак: “Майдан.kg” гезити

Ош облусунда карыларга урмат көрсөтүлдү

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов 102 жаштагы Ноокат районунун тургуну Муккарам Тиллебаеваны президент Алмазбек Атамбаевдин жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн атынан карыларга урмат көрсөтүү күнү менен куттуктап, акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Ош облустук маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары Көк-Жар айыл аймагындагы социалисттик эмгектин баатыры 1942-жылы туулган Келдибай Турдуев менен Зулпуев айыл аймагынын 1916-жылы туулган тургуну Бактыгүл Раимбабаевадан да кабар алды. Облус жетекчиси ардагерлерди куттуктап ” Мамлекет башчыбыз өзү көңүл буруп сиздерди майрамыңыздар менен куттуктап саламын айтып акчалай белек жиберди. Сиздерден кабар алып, ал ахыбалыңыздарды сурап келүүнү тапшырды. Сиздердин мамлекет үчүн кошкон салымыңыздар эбегейсиз. Өлкөнү кайра курууда өз салымыңыздарды коштуңуздар. Бала тарбиялап өстүрүп коомго керектүү инсан кылып тарбиялап, жаштарга акыл насаат, кеп-кеңеш айтып келесиздер. Сиздер бар биздин бактыбыз түгөл. Биздин төрүбүздүн көркү жана сыймыгы болуп жүрүңүздөр. Ден-соолукта аман болуңуздар” -деди. Ар бирине акчалай жана азык-түлүк түрүндө жардам берип майрамы менен куттуктап кайтты. Ош облусунда 120 миңге жакын пенсионер болсо алардын ичинен жети социалисттик эмгектин баатыры бар.

Бактыгүл Жумабаева, мурдагы Апрель Баатыры: ““Көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей Атамбаев менен Текебаев бийликке жетишкенде көөп кетишти”

“Эгер Кыргызстан бүгүнкүдөй, мышык ыйлагыдай  абалга кептелерин билгенде биз 2010-жылы Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдерди колдомок эмеспиз. Булар бийликке келери менен мародерлук, банк ячейкаларын тоноо,  бажы кызматынын жетекчи кызмат орундарын сатуу, коррупция сыяктуу оор мамлекеттик кылмыштар менен айыпталып келатышат”, – деп билдирди Нарындан мурдагы Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Өзү бийликке келгинче Атамбаев “Бакиевдер өздүк наркы 1 киловаты 8 тыйын турган электрэнергияны элге 1,5 сомдон сатканы жатышат, бул уурулук деп жүрсө эми өзү бийликке келгенде 2,16 сомдон сата баштады. Бул эмне, уурулук эмеспи? Акаев менен Бакиевдин балдары сыяктуу Атамбаевдин Сейит жана Сейтек деген балдары да 5 жылдан бери мамлекеттен арзан электроэнергия сатып алып элге 10 эсе кымбат сатып жатканын баардык ММКлар жазып жатышат. Эл күндөлүк керектөөчү тамак-аштын баары кескин кымбаттап кетти. Акаев менен Бакиевдер конституцияны өзгөртөбүз десе Атамбаев оозунан көбүк чыкканча “булар бийликти узурпациялап жатат, өзгөртүүгө каршылык көрсөтөлү” деп кыйкырып чыкчу. Эми өзү бийликте кезинде  бул да конституцияны өзгөрөм деп жулунуп жатат. Атамбаев оппозицияны Акаев менен Бакиев кезинен да катуу куугунтуктап, азыр 10дон ашык саясый туткундар абакта олтурушат. Көбү ашканада сүйлөшкөн сөздөрү үчүн гана камалгандар.  Анда Атамбаевдин Акаев менен Бакиевден айрымасы кайсы? Анда неге 90 баланын өмүрүн кыйып мамлекеттик төнкөрүш жасадык?  Текебаев менен Отунбаева  2010-жылдан кийин бийликте олтурушуп,  эмнеге Атамбаевдин авторитардуу президент болушуна бөгөт болбой кайра көмөктөшүп жүрүп, эми түштөн кийин кыйкырышат.  Атамбаев күчтөнүп, ажыдаарга айлана элегинде ордуна коюшуп туруш керек болчу. Тескерисинче аны колдоп келишти. Эми күчтөнүп алган ажыдаар Атамбаевди токтотуш кыйын болот.  Бири-бирин “мародер!” деп кыйкырып жүрүшө берет.  Чынын айтканда “көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей  Атамбаев менен Текебаев карапайым элдин эсебинен бийликке жетишкенде көөп кетишти”, – деди мурдагы Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Эсиңиздерге сала кетсек, Бактыгүл Жумабаева 2010-жылы Бакиев режимине каршы күрөштө активдүү катышып,  Атамбаев, Отунбаева, Бекназаров, Шыкмаматов сыяктуу көңтөрүшчүлөрдү колдоп жүргөн. Алтургай Жумабаеванын үйүндө Отунбаева, Бекназаров, Шыкмаматов сыяктуу көнтөрүшчүлөр Нарынга барган сайын түнөп жүрүшкөн. 2010-жылы Бактыгүл Жумабаева Роза Отунбаеванын буйругу менен “Апрель Баатыры” наамын алган. Бирок, 2014-жылы Бактыгүл Жумабаева “Атамбаев, Отунбаева, Текебаев жана башка көңтөрүшчүлөр элдин үмүтүн акташкан жок, Апрель  революциясынын максаттары ишке ашпады, булар элди алдап кетишти” деп нааразчылык иретинде өзүнүн “Апрель Баатыры” деген наамынан баш тарткан жана күбөлүгүн журналисттердин көзүнчө өрттөп салган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

КТРК эл толкушун каалап жатабы?

Коомдук теле-радио корпорациясы (КТРК) аталышы “коомдук” болгону менен, бийликтин ырын ырдап, президентке каршы сөз айткан адамдарды эл душманындай каралоону адатка айлантып алганын ким билбейт? Атамбаев-Текебаев тирешүүсүнөн улам да, КТРКдан бир жактуу, “Ата Мекендин” лидерин, айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн каралаган көрсөтүүлөр дамамат кайталанып жатканын ким байкабады?

Мурда го күнүнө жарым саат гана, “Ала Тоо” маалымат программасы аркылуу мындай бети жоктукка барышчу. Эми “Ала-Тоо – 24” дегени ачылгандан бери, оппозициялык ишмерлерди күнү-түнү шыбап турууга мүмкүнчүлүк алышты. Мына ушул жагдайдан улам парламенттик тийешелүү комитети КТРКнын ишмердүүлүгүн талкууга алды.

Анын жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев Кадыржан Батыровдун эфирден улам-улам көрсөтүлүп атканын жактырган жок. “КТРК калыс, акыйкат болушу керек. Асан менен Үсөн тиреше кетсе, Асандын да, Үсөндүн да пикирин чагылдырууга милдеттүүсүздөр. Качып жүргөн Батыровду кайра-кайра көрсөтүп эмне кылабыз? От менен ойноп жаткандай болуп калдык. Текебаевди кимдир бирөө каралап максатыма жетем десе, Акаев менен Бакиев максатына жетмек. Эл деген бар. Чындык баары бир жеңет”, – деди ал.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер Нияз КТРКнын так ушундай бир жактуу маалыматтарды бергенинен улам “кара жащик” деген атка ээ болгонун эске салды. “Бир жактуу маалыматтардын кесепети оор болот. Эл толкундоолоруна да ошондой маалыматтар негиз болгон. Коомдук канал түптөйлү дегенбиз, бирок ал аракетибиз ишке ашпай келет. Коомдук канал, элдин каналы, Атамбаевдики, же Текебаевдики боло албайт. Бир адамдын жеке каналына айланып кала турган болсо, анда ал шорубуз”, – деп белгиледи Садык Шер Нияз.

Текебаев 60 жашында жеткен кымбат баадагы батирге жаш кызматкерлер эчак эле жайгашып калганын белгилеп, аларды айтпай, өзүнө “асылып” аткан  каналдын маалыматтарын жогорку жактын каралоо саясатына байланыштырды: “1995-жылдан бери үч бөлмө үйдө жашап келдим. Аны Бакиевдин убагында менчиктештирип алгам. Кийинчерээк жаңы салынган көп кабаттуу үйдөн үч бөлмө батир алдым. 60ка чыгып калдым, ушул курагымда алынган 3 бөлмө үй кылмыш болуп калабы? Мен алган батир 120 чарчы метр, ошол эле үйдө президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Сапар Исаков 180 чарчы метрлүү батирде турат. Аны эмнеге айтышпайт? Маңдайымдагы батирде Атамбаевдин уулу төрт бөлмө батирде жашайт. Бул да айтылган жок. Маалыматты кетирерден мурда батир сатып алууга акчаны кайдан алдың деп менден сурашпайбы. Декларацияда баарын көрсөткөм, аялым жылына 3-4 миллион сомдой, мен миллион сомдой киреше табабыз. Жаңы алган үйдү сатып алганда акчасын эки жыл бөлүп төлөдүм, ремонт кылганга бир жыл убакыт кетти. Керек болсо Атамбаев менен Карыпбеков “чиновник деген ушундай болушу керек” деп мени үлгү катары көрсөтүшсө болот”.

Ал КТРКны жашыруун сакталган байлыктарын издетип убара кылбай эле ачык айтып берди. Айтымында, алгачкы үч бөлмө батири, андан кийин алган элиталык үйдөгү 3 бөлмө батири жана эки кабаттуу курулушу бүтө элек үйү бар. “Беш жылдан бери куруп атам. Дубалын көтөрүп, чатырын жаап алгам. Калганын дагы беш жылда бүткөрүп, 65 жашымдан баштап жер үйдө жашайм го деп турам. Сапар Исаковдун декларациясында өзү жылына 800 миң, аялы 53 миң сомдой пайда табат экен. Анда 180 чарчы метрлик үйдү кайсы акчасына алды? Кымбат баадагы унааны кайдан алып минип жүрөт? Эмнеге буларды көрсөтпөйсүңөр”, – деп “Ата Мекендин” лидери КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековго кайрылды.

Бул президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаевге жаккан жок. Саясатчыны “комитет жыйынын өз кызыкчылыгында маселени чечүү үчүн пайдаланды” деп эсептеген өкүл, “жыйынды саясий арена катары пайдаланбай, колунда кандай маалыматтар болсо тийиштүү органдарга берсин”, – деген жообун айтты. Ошондой эле Абдылдаев: “Текебаевде Атамбаевге каршы дооматтары болсо, Атамбаевдин да Текебаевге карата дооматтары бар”, – деп жыландын башын чыгарып койду.

Ал эми Илим Карыпбеков Текебаевдин айыптоосуна ак да, көк да деген жок. Айтымында, Коомдук каналдын саясатчыга кара ниеттиги жок, болгону  каналдын эрежеси боюнча бир жаңылык кайра-кайра көрсөтүлө берет. “Мен журналисттердин материалдарын редакциялабайм. Ар кимдин жоокерчилиги өзүндө. Биздин журналисттер ар бир маалыматты ар тараптуу бергенге аракет жасашат. Саясий акыбал оорлоп, саясий топтордун тиреши башталган учурда кыйын. Жаңы ачылган каналда бир жаңылык кайра-кайра кайталанып көрсөтүлөт, аны өзүңүзгө албаңыз”,- деген жетекчи Текебаев тууралуу маалыматты эфирге кетирген журналисттер менен сүйлөшө турганын убадалады.

Андан кийин Текебаев журналисттер үчүн өз мүлктөрүнө пресс-тур уюштуруп, баарын ачык көрсөтүп берди. Көп сандаган жер участокторунун ээси Албек Ибраимов, андан “жер сатып алган” Алмаз Атамбаев да журналисттерди чакырып, көрсөтүп берсе жакшы болот эле. Ошондо эл дагы ынанып калат беле…

Г.Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити

Аида Салянова, экс-генпрокурор: “Бүгүн бийликтин калптан башка куралы жок!”

– Учурдун маанилүү саясий маселеси Конституция болуп турат. Ар бир президенттик шайлоого жакын калганда ажолордун Баш мыйзамга асылганы алардын өз бийлигин бекемдөөгө аракет жасашканын туюндурабы?

– Ооба, иштеп жаткан президенттер бийлигин бекемдегенге, кетип жаткандары ал кеткенден кийин анын чечимдерин кийин келгендери ревизиялай албай тургандай  кылып, аракеттерин көрөт.

– Убактылуу өкмөт менен президенттин ортосундагы каршылык эмнеден улам келип чыкты деп ойлойсуз, бул жерде Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси себепкерби, же башка да себептери барбы? 

– Карап көрсөк, Убактылуу өкмөттүн  билдирүүсүндө андай деле катуу сөз жок. Аларга караганда көп жарандар, анын ичинде мен деле долбоорду катуу сындаганбыз. Ошондон улам мындай ой келет: Убактылуу өкмөттүн Конституция боюнча билдирүүсү бул шылтоо  болду. Буларга карата жаман ой мурун эле болсо керек.

– Учурда УӨнүн мүчөлөрүнө каршы өзбек улутундагы жарандардан көрсөтмө алуу аракети жүрүп атканы коомго чыкты. Баарын каматуу аракет жүрүп аткан жокпу?

– Бийликтин болуп жаткан кыймыл-аракетинен кийин ошондой кадамдарга “аз эле калды” деп айтканга толук негиз бар.

– Өмүрбек Текебаев Атамбаев тууралуу көп нерселерди ачыктады. Анда Бакиевдерге таандык болгон жер учурдагы Бишкек мэри Албек Ибраимов аркылуу Атамбаевдин менчигине өткөнү да айтылды. Ар бир маалымат айтылгандан кийин анын жыйынтыгы да болушу керек да, жыйынтык чыгаруу үчүн дагы кандай кадамдар талап кылынат?

– Кийин жаңы келген бийлик А.Атамбаевке каршы иштегиси келсе, бүгүн коомго белгилүү болуп калган фактылардын үстүнөн бир-эки көрсөтмө алып, “Ооба, бул тууралуу президент билген, керек болсо өзү айткан”, –  десе эле, аны КР Кылмыш жаза кодексинин коррупциялык кылмыштары менен айыптаганга толук шарт түзүлөт. Бул сабак болуп, бүгүн коркутуу-уркутуу жолу менен алып аткан көрсөтмөлөрдүн негизинде айыптоолорду токтотуш керек.

– Деги эле Атамбаев-Текебаев кармашы өлкөнүн саясий абалын кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

– Карама-каршылыктан чындык жаралат. Чындык болсо коомду өнүгүүгө алып келет. Бирок калпка негизделген тирешүү жакшылыкка алып барбайт. Азыр бийликте калптан башка курал жок. Аруу тилек үчүн, чындык үчүн туруп бере турган адам жок. Байкасаңар баары Атамбаевге жашынып алган. Алса коллективдүү чечим алганга гана кудурети жетет.

– Кадыржан Батыровдун качырылышына Текебаевдин катыштыгы бар деп айтып атышат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

– Буга чейин дагы,  азыр дагы мындай күнөөлөр коюлуп жатканы менен, аны тастыктаган бир дагы далил уга элекмин.

– Атамбаев “мародерчулук боюнча документтерди жок кылып жиберишкен” деп айткандан кийин ошол кезде сиз башпрокурор болуп тургандыктан, коомчулук сизден шек санап башташты. Мародерчулук боюнча документтер чын эле жоголгонбу?

– Президент кимди айткан болсо дагы бул карандай калп. Кылмыш ишинин материалдары тергөөчүдө болот. Тергөөнү ИИМ, УКМК жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы өткөргөн. Ушул жерден бир нерсени айтып койгум келет,  Өмүрбек Чиркешовичти көп жылдардан бери адам катары абдан сыйлайм. Бирок экөөбүздүн жолубуз эки башка эле. Жалаң ичи тардыктын, курулай шектенүүнүн артынан бүгүн бир жолго түшүп, үзөңгүлөш болуп иштеп жатабыз. “Жаман айтпай жакшы жок” дегендей, буга дагы Кудайыма ыраазымын.

– Атамбаев Роза Отунбаеваны мыйзамсыз шайланган президент атады. Мыйзамдын көзү менен караганда Отунбаеванын бийликке келишине кандай баа берүүгө болот?

– Мыйзамдуу талаага түшкөнгө чейин  мамлекетте убактылуу бийлик убактылуу жоболор менен иштеши керек. Бизде декреттер болду. Эгерде мамлекет кыска арада ошондой эрежелерди иштеп чыкпаса, турбуленттик абалдан чыга албай, акыбал революция же төңкөрүш болгонго чейинки акыбалдан дагы начарлашы мүмкүн. Буга дүйнөдө көп мисалдар бар. Роза Исаковна бийликке ошондой жагдайда келди. Мен үчүн бул – баатырдык.

– Мамлекет башчысы өзүнө карата дооматтар пайда боло баштаганда, түрк жергесинде дарыланып атканы белгилүү болду. Сиз өлкө башчысынын ооруп калышынан саясатты көрө алдыңызбы?

– Орубай туруп оорудум десең, сөзсүз өзүңө оору тилеп аласың. Ошон үчүн жеке мен адам “оорудум” десе ишенем, саясат менен байланыштыргым келбейт.

– Фракциялашыңыз Текебаевдин Атамбаевди бир топ кылмыштарга айыпташынын мыйзамдагы жоопкерчилиги кандай болот? Учурдагы президентке кылмыштык айып тагуу туурабы?

– Кылмышты далилдеген база кынтыксыз болуш керек. Бүгүн аны айта турган адамдар бийликтен коркот.

– “Атамбаев бийликти узурпациялап алды” деген пикирлер басымдуулук кылат. Сот органдарына президенттин таасири чоң экени айтылат. Сиз башпрокурор болуп турган чакта жогору тараптан көрсөтмө болгонбу?

– Мага эч ким көрсөтмө бере алчу эмес. Балким, менин көрсөтмөсүз иштегеним кызматтан кетишимдин негизги себеби болду.

– “Элдик парламент” уюмунун бир топ мүчөлөрү канча айдан бери абакта кармалып турушат. Алардын аракетинде кылмыш элементтери болгонбу?

– Коомчулукка белгилүү маалыматтан андайды көрө алган жокмун.

– Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна Текебаев Атамбаевди айыптады. Сиз ошол убактагы башпрокурор катары Текебаевдин билдирүүсүн тастыктай аласызбы?

– Бүгүн антип тастыктаганга далил жетиштүү эмес. А.Атамбаевдин тиешеси бар болсо, ал кишиден көрсөтмө алган адамдар тастыкташы керек. Мисалы, мага андай көрсөтмө бериши мүмкүн эмес болчу. Абактан чыгаруу жөнүндө сунушун бере турган, чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл ала турган орган прокуратура эмес. Ал болгону тиешелүү материалдарга өзүнүн укуктук баасын берет.

Булак: “Майдан.kg” гезити

Ырысбек Өмүрзаков, “Трибуна” гезитинин башкы редактору: “Атамбаев менен Текебаев бири-бирин жеп жоготсо, жалпы Кыргызстан утат эле”

Азыркы өлкөдөгү саясаттын акыбалын “ит жыгылыш күрөш” деп атап койсок адашпайбыз. Же болбосо, менин бир агам: “Өлкө саясаты учурда чүчү кулак абалында. Бул абал Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн референдум талашынан жаралды дебатышат – келжиреген сөз”, – дейт.

2010-жылдан баштап эле, президент Атамбаев жана Конституциянын атасы деп аталган Текебаев аны “өзгөтпөө мораторийи сакталышы керек”,- деп сайрап келишкен.  Эми Атамбаев Конституциянын атасы Текебаев эмес эле, Батыштагы эмиссарлар экенинине көзү жеткенби же “мурунку президенттерден кемминби?”,- дедиби, айтор, “өзгөртүлбөс текелик Баш мыйзамды” референдум аркылуу өзгөртмөй болду.

Өзгөртүү жөнүндөгү сөздөр мурун эле болгон. Азыркы өзгөртүүгө каршы чыккандардын көбү: “Текебаев өзгөртүүгө болбойт деп келжиреп, өзүнүн түзгөн Конституциясы аркылуу өзүнүн кызыкчылыгын сактап келет”, – деп да айтып жүрүшпөдүбү…

Анан, өткөн шайлоо алдында аны жаӊы парламент карайт дегенге бийлик, анын ичинде депутаттар да токтободу беле. Аны шайлоочулар: “Ата Мекен менен КСДП жана анын ара туулган баласы “Кыргызстан” партиясы жеӊиши үчүн чыгарган жомок, ошону үчүн Конституцияны өзгөртүш керек”, – деп пикеттерге чейин ушу эле каршы болгондордун көбү чыгышпады беле.

Азыркы кезде, Атамбаев мурун эле айтканын аткаргысы келди. Текебаев ага болбой, Убактылуу өкмөттөгү санаалаштарын каршы чыгарып, кайрылуу жарыялап жиберди.

Колду ойлонбостон, иштеп кеткен мурунку УӨтүн мөчөлөрү кол коюп, Текебаевдин санаалаштарынын санын көбөйтүп, бирок сапатын пасаңдатып жиберишти… Ошентип, Кыргызстанда тирешүү күчөдү. Саясатчылар эки тарапка бөлүнүп, бирок, бийлик деген бийлик экен. Мындайча айтканда, “текенин артын жапканга” ЖКда адам эмес айбан да калган эмес окшойт…

Кандай деп айтсак да, Атамбаев менен Текебаевдин саясый тирешүүсү экөөнүн тең командалары алсыз, мурдагы “боссторун” сатып көнгөн кадрлардан түзүлгөнүн көрсөтүп туру. Аны эл да билди. Эл эмне демек эле: “Ишенген кожолоруң Ниязов, шопур жана Карашев сыяктуулар болсо, чындыгында эле – турмушубуз эшек араба. Ал эми эшектин баарын кырып этке айландырып жиберген соң, турмушуң араба, эшектин ордуна адам аны сүйрөөчү…” – деп тынч болот.

Дагы бир айтып коючу нерсе, экөөнүн тең артында колдоор адамдары күндөн-күнгө азайып бараткан экен. Көнгөн адат боюнча акча төлөп аянтка эл чыгаралы дешсе, 7-апрель кайталанып кетери чоочулатып, компроматтар менен чабышып, саясатта чүчү кулак, ал эми шахмат термини менен айтканда – ПАТ абалын жаратышты.

Айтмакчы, биз ар дайым эле үчүнчү күч жөнүндө айтканды жакшы көрөбүз. Мындайда үчүнчү күч деген демилгени колго алат дешет го.  Бирок, бизде аны эл эптеп бийликке жетүүгө жанталашкандардын тобу катары түшүнөрү белгилүү. Антсе да, андай кыймыл башталганы деле байкалбайт. Болгону, бийликти колдогондордун көбөйгөнүн, алар деле кызмат тиер бекен деп, мурдагы чоӊ акырдан жем жегендер экени байкалууда.

Аларды жандаткандан көрө жанына булганбаган аксакалдар менен жаштарды тартса Атамбаевдин жеӊери турган иш. Кайталап коёюн – бийлик деген бийлик да. Текебаевдин айласы кетип, эптеп кутулуу жолун издеп калды окшобойбу.

Баягы эле чиновниктердей – “Менин үч комнат эски батир, эски унаам жана бир штаным эле бар. Эл үчүн иштеп байлык топтобопмун. Аялым болсо 2010-жылы 7-8-апрелде базарга, саясатка аралашпастан чыгып, соодасы болуп, кирешеге беш батир, эки заңгыраган үй, төрт унаа жана башка миллиондогон долларга бааланган мүлк топтоптур. Аны да мен гезиттерден билдим”, – дегенсип Текебаев журналисттерди чакырып, өзүнүн мүлкүн көрсөттү.

Мында белгилеп кою абзел. ӨЗҮНҮН… Аялыныкын эмес, кыздарыныкын эмес, кайнисиникин эмес, жакын туугандарыныкын эмес, иниси Асылбек жана анын үй-бүлөсүнүкүн эмес – ӨЗҮНҮН мүлкүн…

Кандай десек да, азырынча ит жыгылыш күрөш жүрүүдө. Ит жыгылыш күрөштө эч кимиси жеӊбей, ырылдаша, кабыша берет эмеспи…

Ошондуктан, бири – бирине айтылган айыптарды аягына чыгарып, өзгөчө Атамбаев мародёрлук туралуу маселени туура көтөргөн соң аягына чыкса, саясый упай алат эле. Теке жана текечилер мародёр экенин эч ким таналбайт. Ошону үчүн, эл мародёрлорду жоопко тартууну колдойт эле. Ошентип, мародёрлук боюнча маселени аягына чыгаруу – Атамбаев үчүн көп саясый упай топтоо болуп эсептелинет…

Мародёрлорду жоопко тартуу менен, Атамбаев Фарид-марид, шопур-мопурларынан кутулса жакшы болот эле. Бу маселе, дагы бир саясый упай топточу жагдай…

Азыркы кезде Атамбаевдин тегерегиндеги кадрдык жүрүштөр жөнүндө сөздөр көбөйдү. Бирок, адатынча бул нерсе кадрларды ротация кылуу менен эле чектелип калбайбы?

Бир жагынан Атамбаев менен Текебаев бири-бирин жеп жоготсо, жалпы Кыргызстан жана кыргыз эли утат эле.

Андай болбосуна көз жеткен соң, жок дегенде кыргыз эли “шопур, Фара жана башка кыргыз саясаттагы айбан аттуулардан кутулабы”,- деген эле үмүт…

Андан да, бийликке умтулуп турган кээ бир кузгундарды көргөндө: “Эмне өзгөрүлмөк эле? Шордуу элди – “Нурдан чыккан, Аллахтын тумшугунан түшкөн, Кудай өзүнө дача кылам деп калтырган жерде жашайсынар, – деп “мозгини с…., сылап-сыйпап, элди алдап жүрөт да бийлик”, – дейсиң…

Экинчи жагынан, Путиндин жолун жолдоп, оппоненттерин душман катары көрбөй, оппозициячыл саясатчыларды түрмөдөн үй-камакка чыгарып, андан ары бийлик соттун чечимдери менен актап жиберсе, нечен упайды дагы эле Атамбаев топтоп алмак…

Бирок, “АШАга саясый упай кереги жокпу?” – деген суроо пайда болууда…

Булак: “Майдан.kg” гезити

Оппозиция референдумга каршы кол топтоого киришти!

– “Референдумга жол жок кыймылы” жетиштүү добуш топтоп, Конституцияны өзгөртпөй сактап кала алабы?

Самсаалы Четинбаев, УОКтун мүчөсү: “Эл кыжырданса “илибой” бийликти кууп жибере алат!”

– Бийликтин ээси эл! Эл жапа тырмак киришип, өзүнүн эртеңки тагдырына кайдыгер карабай, “эртеңкибизге бүгүн кам көрөлү” десе, жыйынтык чыгат. Эл деген эл! Элден айланса болот! Элди көзүнө илбей, каалаганын жасап аткан бүгүнкү бийликти да эл бийликке алып келген. Бирок булар аны унутуп калды көрүнөт. Жалпы эл кааласа, кыжырданса “илибой” бийликти кууп жибере алат! Аны кечээ күнкү эле тарыхыбыз айтып турат! Эл менен ойношпош керек! Эл менен ойношкусу келген экөөсү кайда жүргөнүн бүгүнкү бийлик унутуп бараткандай…

Төрөхан Жунусбеков, “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы: “Ит итти жумшаса, ит куйругун жумшайт”

– Мындай өтө чоң жана машакаттуу ишти, “көпчүлүгү текебер адамдар ишке ашырып кетет” деп ишене албай жатам. Болгону булар чоң, президентке ишенбөөчүлүк акциясын уюштурушат го деп ойлоп жатам жеке оюмда. Бул иш чоң акча каражатын талап кылат, а булар андай акчаны чыгарып жан дили менен өздөрү шаарларда, айылдарда кол топтошпой, борбордо олтуруп алып саясый билдирүүлөрдү жасаганды жакшы көрүшөт. Ал эми иштин деңгээли “ит итти жумшаса, ит куйругун жумшайт”- дегендей болот. А куйрук көңүл толоорлук иш жасабайт…Бул өтө чоң саясий ишти аткарыш үчүн, биринчи өтө жөнөкөй болуп, кадыр-баркты, акчаны жана өз тагдырын тобокелге салып, жөнөкөй адамдардан дагы ылдый болуп, көчөлөрдө кол чогултуп, ачка-ток эл аралап жүрүш керек болот. Булардын көпчүлүгү борборлордо олтуруп алып пресс-конференция уюштуруп, таза кийим менен бирөөлөрдүн эмгегинин үстүнөн билдирүү жасап олтурганды өтө жакшы көрүшөт…

Тимур Саралаев, активист: “Эч ким кепилдик бербейт”

– “Референдумга жол жок” кыймылы эми, бүгүнкү күндөн баштап кол топтоо демилгесин баштады. Албетте, кандайдыр бир деңгээлде кол топтоого болгон күч-аракетин жумшайт. Биздин план – максимумду чогултуш. Мына, бүгүн эле “кайсыл жерге барып кол койсок болот?”- деген суроолорду берип жатышат. Андан тышкары “демилгеге кошулабыз” деген ар түрдүү топтор чыгып жатышат. Булардын баардыгы өзүнүн салымын кошушат. Бирок бийлик элдин башын оорутуп, дежурларды теле менен ММКларга улам-улам чыгарып, коомчулуктун сөзүн укпай билгенин кылса, анда референдумду өткөрөт. Ал эми андан кийин эмне болооруна эч ким кепилдик бербейт.

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз Ата” элдик саясий партиясынын төрагасы: “Ак үйдөн телефон чалуу күтүп жүрүшсө, азыр эле токтотуп коюшсун”

– “Референдумга жол жок” жүргүзүп жаткан иштери коомчулукка жете элек. Ал үчүн каржылык жагын чечиш керек, Мындан сырткары республикалык жана облустук, райондук, шаардык штабтар ачылып, газеталар жана башка массалык маалымат каражаттарында салмактуу саясатчылар жана коомдук ишмерлердин макаласы, саясый партиялардын билдирүүлөрү тынымсыз чагылдырылып иштеш керек. Бул саясий өнөктүккө саясий күчтөрдү топтой алышса жыйынтык чыгат. Анан жөн эле “Ак үйдөн ким чалат?”- деп күтүп жүрүшкөн болсо токтоткондору жакшыраак го.

Асылкын кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити

Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Батукаев боюнча Атамбаевге күнөө тагыла турган болсо, билип туруп учурунда айтпай койгону үчүн Текебаев да жооп бериши керек!”

Бөдөш Аманбаевна Убактылуу өкмөттүн тушунда миграция министрлигин жетектеген, ошол эл учурда 2010-жылкы бийлик алмашууга алып келген окуяларга да чоң салым кошкон. Демек, учурда Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы чон тирешүүгө жол ачкан мародёрчулук, апрель-июнь окуялары, К.Батыровдун өлкөдөн чыгарылып кетиши сыяктуу маселелердин айрым элге билгисиз жагдайларынан да кабардар.

Батукаевдин кызыл жайып узатылышына да Текебаев азыры президентти айыптады. Парламент депутаты катары Б.Мамырова бул чектен чыккан мыйзамсыздык тууралуу көп айткан. Айтор, Бөдөш Аманбаевна менен маегибиз кызыктуу болду, анда мархамат…

– Акыркы убакта көрүнбөй калдыңыз, эмне менен алектенип атасыз? Сизди көп убакыттан бери таппай калып, “саясаттан четтеп кетти окшойт” деген ойдо калдык эле…

– Саясаттан башка да жашоо бар го. Акыркы 20 жылдан бери балдарым чоңойгондон тарта көңүлүмдүн бардыгын, негизги потенциалымды, күч-аракетимди коомдук иштерге, саясатка бөлүп келиптирмин. А быйыл жашоомдо жакшы бурулуш болду, буга чейин кызымдан төрт небере көрсөм, бул жылы уулум кыздуу болду. Балдарым АКШда жашайт эмеспи,  уулум балалуу болсо барып небере багайын деп тилек кылдым эле, ошондуктан ал жакта 5 айдай жүрдүм. Неберемди эркелетип, жытына балкып, саясаттан бир аз алыстагансыдым. Бирок, азыркы заманда интернет деген бар, өлкөдө болуп аткан окуялардан кабардар болуп аттым. Кыргызстанга сентябрдын башында келдим, келгенден бери жер которуштуруу да оңой эмес экен, адаптация болуп, үйдөмүн, биринчи жолу силер менен маектешип атам.

– 2010-жылдары Убактылуу өкмөттүн тушунда кызматта жүргөнсүз, эми бир кездеги багытташтардын минтип бирине бири айгак чыга баштаганын кандай кабыл алдыңыз?

– Албетте, оор кабыл алдым. Убактылуу өкмөттүн негизин түзгөн 14 адамдын арасында болбосом да,  убагында Миграция министри болуп иштеп калдым. Кайым айтышуунун башталышына Конституцияны өзгөртүү демилгеси себеп болуп калды. Анын башкы жактоочусу – мамлекет башчысы болууп атпайбы. Ошол убакта, 2010-жылы конституциялык жумушчу топтун курамында болгон адам катары жеке оюм, ооба, Конституция өзгөртүүгө муктаж, анткени жалпыга маалым болгондой абдан оор, өткөөл мезгилде кабыл алынгандыктан, мүчүлүштүктөр бар. Биз КМШ мамлекеттеринин ичинде, алтургай Борбор Азиядагы парламенттик-президенттик  башкарууга өткөн биринчи мамлекет болдук. Башкаруунун бул формасына ылайык парламентке депутаттар партиялык тизме менен келишет. Конституцияда так ушул партия менен келген депутаттардын андан аркы ишмердүүлүгү калпыстыкты жаратып койгон. Шайланып келгенден кийин депутат менен партиянын ортосунда байланыш болбой калган. Партия короонун сыртында калып кетип, депутат өзү менен өзү болуп, ал тургай “депутаттык топ түзөбүз, башка фракцияларга кошулуп кетебиз” сыяктуу, өз казанында кайнап калбадыбы. Мага бул башынан жаккан эмес, анткени кайсы партиялык тизме менен келсең, ал партиянын алдында жоопкерчилигиң  болушу керек. Тагыраак айтканда, парламентаризмдин негизи болгон партиянын ролу бекемделбей калган. Ошондуктан бүгүнкү күндө мандат үчүн партиядан партияга секиргендер көбөйүп, максат -партиянын ишмердигин, парламентаризмди күчтөндүрүү эмес, эптеп мандатка жетүү болуп калды. Мындан башка дагы аткаруу бийлигиндеги вертикаль сакталбай калган мүчүлүштүктөр  бар. Бирок, ошого карабастан, Конституцияга “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети” деген глава киргизилип (2010-жыл 19-май УӨ №39), 4-беренеде бакыйып, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизуу тартиби 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирет”,- деп жазылып, референдум аркылуу кабыл алынып калган. Ошондуктан  Конституцияны бүгүнкү күндө эч ким өзгөртө албайт. Башмыйзамды өзгөртүү менен бир топ одоно мыйзам бузууларга, анын ичинде УӨтүн чечимдерине дагы шектенүү жаралып жатат.  Андагы жобону буза турган болсок, эртең УӨнүн протоколдорун, декреттерин жокко чыгарууну демилгелеп чыкса, аны да колдойбузбу? Дегеле 5 жыл бою Конституцияны колдондукпу, колдонбодукпу, каалагандай бийлик жүргүзүп келип, анан президенттик шайлоого бир жыл калганда “шашылыш түрдө өзгөртүш керек” деп чыгып аткандары бүдөмүк ойлорду пайда кылбай койбойт.

– Мынчалык шашылыш өзгөртүүгө кандай муктаждык жаралышы мүмкүн?

– Муктаждык бул бийлик. Президенттик шайлоого алдын-ала даярдык. Конституцияны өзгөртүү бул оңой норма эмес экенин, аны тар чөйрөдө кабыл алуу дайыма эле оң натыйжасын бербесин, жыйынтыгы теңирден тескери болуп калаарын тарык көрсөттү го. Бирок, ошого карабастан шашылыш түрдө кеңири талкуудан өтпөй, тар чөйрөдө ишке ашырылып жатат, жыйынтыгына, канчалык денгээлде туура экенине баа бере турган мезгил келет.

– Президент тарабынан 31-августта, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында бир кездеги үзөңгүлөштөрү, башкача айтканда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн дарегине карата өтө оор сын айтылды. Бул боюнча оюңуз?

– Айтыла турган, айтылбай турган кеп болот. Аны кабыл алчу чөйрөнү да ойлош керек. Менин жеке баамымда, президенттин сөзүн даярдаган жазмакерлер өлкө башчыны ыңгайсыз абалга туш кылып коюшту. Айтылат эмеспи, “эки гана нерсе артка кайтпайт” деп, “атылган ок” жана “айтылган сөз”. Ошол күнкү президенттин сүйлөгөн сөзүндө эмнелер гана айтылган жок. Натыйжасы кандай болот, кеп ушунда болуп атпайбы. Бул жөн эле катардагы кеп эмес, президенттин билдирүүсү. Сөзсүз ал иликтениши шарт. Эгерде териштирип, аягына чыга турган болсо, эмне менен актаары айтпаса да түшүнүктүү. Банк кутучаларынан жоголгон миллиондор, мародёрчулук бул жакта калсын, Роза Отунбаеванын 1,5 жылдык президенттик мөөнөтүнүн мыйзамдуулугуна чейин сөз кетти. Эгерде Отунбаева эл тарабынан мыйзамдуу шайланбаса, анда анын кол коюп чыгарган чечимдеринин баары жокко чыгабы? Тынчтык жолу менен мыйзамдуу түрдө президенттикти өткөрүп берүү максатында чыгарган өткөөл мезгилдин президентинин шайлоолорду өткөзүү жөнүндөгү чечими дагы жокко чыгабы? Анда, 2011-жылдагы президенттик шайлоонун мыйзамдууулугу кандай болот? Иши кылса эмоцияга алдырдыбы же бир жүрөк өйүткөн ачуу чындыкты айтып, көптөн бери коомчулукту түпөйүл кылган арасат ойдун аягына чыгайын дедиби, айтор, ажо терең кетип, чоң талкууга жем ташталып калды.

– Балким, өлкө башчы өлкөсү үчүн күйүп, келечек үчүн кеч болсо да баарын мыйзам чегинде өз текчелерине койгусу келип аткандыр?

-Албетте, мамлекет башчысы катары эртеңине күйүш керек, бирок аны биринчи күнүнөн баштоо керек болчу, беш жыл бул оңой убакыт эмес, мамлекетте бурулуш жасап коюуга боло турган мезгил.  Акаев, Бакиев элдин ырыскысын ичип-жеп салды, “эбегейсиз бийликке ээ болобуз” дешти. Элдин эсебинен байлык топтошту, мына эми алар каякта азыр? Элдин эсебинен топтолгон байлык, каткан акчалар кайда кетти, ушул мезгилге чейин уу-дуусу басылбай келген ячейка, талап-тоноочулук, мыйзамсыз басып алган мүлктөр азыр кайда, кимдер ээлик кылып жатат? Орун алмашуудан сумма өзгөрбөгөн кадр саясатына ким жоопкер? Иши кылса толгон токой, коомчулуктун талкуусунан түшпөгөн маселелер боюнча кимдин канчалык денгээлде мыйзам чегинде катыштыгы бар экенин ийне-жибине чейин териштирип, элди аралаштырбай туруп өздөрүнчө чечишип алып, жыйынтыгын алып чыкса болбойт беле? 2010-жылы мародерчулук болгон, аны эч ким тарыхтан өчүрө албайт, жалгыз эле Бишкекте эмес, жер-жерлерде да болгон.  Бирок аны өз убагында иликтеп, мыйзам чегинде катышы барларды аныктоого эмне тоскоолдук болду? Аны компромат катары кармабай, точка койсо болот беле, ушул убакка чейин? Президентте бул боюнча далилдер барбы, ким жасаганын билеби – мыйзамдын колуна салып берсин. Мамлекет башчысы менен бакандай саясатчы абысын айтыш кылып, элди дүрбөлөңгө түшүрүп, улам бири маалыматтарды чубап башташы бул жакшы жорук эмес. Абдан терең кетип калды. Аягы эмне менен бүтөт, күтө туралы.

Текебаев деле 5-чакырылыштагы парламентке эки жолу конституциялык мыйзам долбоорун алып чыккан. Конституциялык мыйзам көпчүлүк 80 добуш менен өткөндүктөн, жетиштүү колдоо тапкан эмес. Депутаттардын баары эле мыйзам долбоорун жиликтеп окуп чыгып, анан каршы болот дейсиңерби. Арасында жогору жактан буйрукту күтүп турушкандар бар. Айтайын дегеним, президент айтып атпайбы – “Баш мыйзамда “мина” бар, аны көрүп туруп, бийликтен унчукпай кетип калалбайм” деп, анда эмнеге ошол “ минаны” Текебаев экөө ынак болуп турганда “жок кылып коёлу, жарылып кетсе чатак болот” деп бир чечимге келе алган жок. Булардын “минасы”   жарылбай эле 5 жыл өттү го, акыркы жылында абысын айтышка түшкөндүн өзү туура эмес болуп калды.

– Текебаев Атамбаевдин бийлигин бекемдөөгө эбегейсиз салым кошконун айтып чыкты. Эми ошол өзү бекемдеген бийликти кайра өзү бүлгүнгө учуратканга күчү жетеби?

– Текебаевдин билдирүүлөрүнөн улам ушул убакытка чейин Конституциясы жок эле бийлик жүргүзүп келишкени маалым болду. Ал  айтып атпайбы, “өкмөт башчы президентке жакпай калса, мени чакырып, “кетир” десе кетирип берчүмүн” –деп. Ошол эле убакта өзүнө жакпаган опоненттерин каматышканын сөз кылды. Ушундай жобо кайсы мыйзамда бар. “Атамбаев айтканды, Текебаев барып чаап салсын”- деп Башмыйзамда жазылыптырбы? Бабанов президентке жакпаптыр, Текебаев айдаптыр, Сатыбалдиев да жакпай калган экен, анын да айласын Текебаев тааптыр. Коалиция бузулуш керек болсо – эч себепсиз эле бузулуп атты. Келдибеков “камалыш керек” деп камалыптыр. Ошентип атып беш жылда беш өкмөт алмашты. Баш мыйзамда жазылган өкмөттү парламент курайт, ошол эле мезгилде “өкмөт парламенттин алдында отчет берет” деп турат, кеткен өкмөттүн бири парламентке отчет бердиби?  Бизде премьер алмашкандай байпакты да  алмаштырбайт. Көрсө биз Конституциясы жок эле, Текебаев деген эле түшүнүк менен жашап келиптирбиз да. Андан ары бир жыл деле чыдап коюшса болмок. Негизи бул тирешүүдөгү экөө  тең күнөөлүү. Текебаевдин айткандары кыйшайуусуз ишке ашып, ошол эле мезгилде “Атамбаевдин бийликте турганына эбегейсиз салым коштум” деп жүргөн. Арийне, президенттин Конституцияны өзгөртүү демилгеси ортого от чачты. Мындай учурда күчтүү саясатчы кандай кадамдарга бараарын өзүңөр жакшы билесиңер. Андан дагы 31-августта айтылган сөз “чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” болуп, андан бетер “өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп, ачуусун калыңдатып жиберди.

– Текебаев менен Атамбаевдин кайым айтышына коомчулук шектүү карап турат. Бул тиреште жеке кызыкчылык орун алган дегенге болобу?

–  Түшүнгөнгө – экөөнүн тиреши пикир келишпөөчүлүктүн кагылышы А Конституция болгону  ортодогу курал. Бири-бирине сыртын салып, тил табыша албай, кандайдыр бир кайчы пикир  пайда болуп жарака кеткен го, эми минтип айыгышкан кармашка өтүштү. Бул жерде мамлекет башчыда да, чырылдап аткан Текебаевде да кандайдыр бир деңгээлде биз билбеген жеке келишпөөчүлүк бар.

– Атамбаев-Текебаев тирешинин кандай кесепеттери болушу мүмкүн?

– Президенттин аянттагы билдирүүсү Кыргызстан эле эмес, интернет аркылуу бүт дүйнөгө тарады. Эми аны тастыктап, керек болсо мыйзам чегинде баа берүү керек. Керек болсо мародёрчулуктун дарегинен бери, “ким башында турганы боюнча далилдер бар” деди. Текебаев да “эркек болсоң тап”, – деп маселени кабыргасынан коюп, Атамбаевдин Кой-Таш айылына салынып аткан ак сарайынан баштап Дастан” ЖАК  жерин менчиктештирүү, алып-сатууга чейин изилдеп, анын кандайча Атамбаевге өтүп калганын жиликтеп атат. Президенттин айткандары дагы мыйзам чегинде иликтениш керек. Айтор, эки тарап тең өз билдирүүлөрүн аягына чыгаруулары керек.  Бирок мен бир нерсени сезип атам, алдын ала көзү ачыктык кылбайын, ыңгайлуу мезгилди, сүйлөшүү аянтчасын издеп атышат го  “Саясатта достук жок, кызыкчылык бар” дегендей, “сенден мага, менден сага” деген соодалашуунун болушу дагы бир вариант.

– Текебаев учурдагы президентти кылмышка айыптады, аны далилдөө кыйын болуп калбайбы?

– Текебаев билдирүүлөрүн бир топ далилдер менен айтканга аракеттенип атат, ошол эле мезгилде ар бир сөзүндө “мен аны менен бир жылдан кийин сүйлөшөм” деп кыстарып коюп атат. Кыргызстандын тарыхында болду беле бийлик башында тургандар менен ага каршы чыккандардын чырынын аягына чыкканы? Текебаевге караганда Атамбаев “айткандарымдын аягына чыгам” десе, ишке ашып калышы мүмкүн. Текебаевди “камайм” десе эртең эле камап коёт. Бирок, так далилдер болбосо, “камап, элди тынчытам” деп ойлобош керек, куру жалаа менен адамдарды каралоонун арты кандай болоорун сезип калышкандыр.

– 5-чакырылыштын ишмердүүлүгү учурунда Батукаев абактан чыгарылды. Депутаттык комиссия да түзүлүп, бул ишти иликтөөгө алганы менен жыйынтык чыкпаган бойдон калган. Текебаев бул кылмышерди “Атамбаевдин буйругу менен чыгарышкан” деп айтып чыкты. Сиздер мамлекет башчысынын бул ишке катыштыгы бардыгын билген белеңиздер?

– Мен Текебаевди саясатчы, адам катары сыйлайм, бирок бир топ кадамдарына таң калам. Батукаевдин маселеси парламентте каралып атканда, демейде эч кимди алдына өткөрбөгөн эмоциясын жутунуп, ал тургай залдан акырын чыгып кетчү. Президенттин буйругу менен болгонун билген экен, Атамбаев менен ынак болуп, Конституцияны сандыктарына салып коюп, мамлекетти өздөрүнүн мыйзамы менен башкарып атканда бир ооз “Жогорку Кеңеште катуу талкуу болуп атат, жогору жактан кимдин көрсөтмөсү аткарылганы белгилүү болуп калды, бул кылганың туура эмес”, – деп айта алды бекен? Депутаттык комиссия “үч күндө өлөт экен” деген тыянак чыгарып салганда стенограмманы көтөрсө болот, мен: “Батукаев өлбөйт, шашпай тургула, далайларды лезгинка бийлетет” деп айткам. Ошондой эле болду го акыры. Мына бүгүнкү күнү да негизги компромат катары көтөрулүп жатат. Батукаев кримавторитет, Жогорку Кеңештин депутатын мууздап койгон адам. Аны абактан чыгаруу түрмө башчысынын, Нарын сотунун, же Саламаттыкты сактоо министрлигинин эле колунан келе койчу нерсе эмес. Бул жогорку мамлекеттик деңгээлде чечилген нерсе экени ошондо эле түшүнүктүү болгон экен да. Мен аны чыгарууга Атамбаев күнөөлүү болсо, аны билип туруп айтпай койгон Текебаев да күнөөлүү дейт элем. Эгер Батукаев боюнча Атамбаевге күнөө тагыла турган болсо, Текебаевге да коюлушу керек, анткени билип туруп учурунда айтпай койгону кылмыш, Кылмыш-Жаза кодексинде буга атайын берене бар!

– Атамбаевдин Америкага сапар тартып бараткан жеринен ооруп калганы коомчулукта ар кандай кабыл алынып атат. Анын оорусун саясатка байланыштыргандар да жок эмес. Бул тууралуу эмне дейсиз?

– Интернеттен президентти замбилге салып алып баратышкандагы жүзүн көрүп “ооруп атат” деген маалыматка мен ишенип эле турам. Ден-соолугун саясат үчүн оюнга аралаштырбайт болушу керек, кантсе да мамлекет башчысы эмеспи. Анын үстүнө ЕККУнун жыйынына бараткан, ал жакта маанилүү маселелер талкууланып, жолугушуулар да болмок. Ал да пенде, тиреш күчөп атса,   жүрөгү темирден бүткөн эмес да. Бир гана нерсе – президенттин жансакчылары ошол көрүнүштү видеого тартууга жол бербеши керек эле, бул нерсе менен өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги адис эместигин билдирип коюшту.

– “Атамбаевди көп жылдан бери жакындан билем” деп калдыңыз. Болот Шер президентти “психикалык жактан оорулуу” деп маалымат булактарына айтты. Чын эле ошондойбу?

– Болот Шер анысын билет экен, эмнеге Бакиевди кетиришип, бир команда болушуп, бир ашканадан тамактанып атышканда, “Алмазбек, сенин психикаң жабыркап калган, бийликке келбей эле койгонуң жакшы”, – деп айтпады? Эч кандай далили, адистердин корутундусу жок мындай диагнозду болгондо дагы өлкө башчынын дарегине айтуу менин оюмча өзүн сыйлаган адам үчүн осол иш. Атамбаев болгону эмоционалдуу, оюнда болгон нерсени айтыла турган, айтылбай турган жер деп ылгап отурбай айтып таштайт. Анан ошол мүнөзү үчүн эле “оорулуу” деп айта берүү болмок беле, оорулуу кандай болоорун башка билбесе да Болот Шер жакшы билет болуш керек.

– “Отунбаева Европага жумуш издеп кетти” деп айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анын өлкөдөн кетүүсүн президент менен карама каршылыктын жаралышына байланыштырууга болобу?

– Ал ЕККУнун качкындар боюнча чоң жыйынына катышып жатканын окугам. Негизи Отунбаева БУУнун астында качкындар боюнча иш алып баруу жаатында бир топ жыл иштеген, анын ичинде Кавказда качкындар менен иштешип, бул жааттагы маселелерди жакшы билет. Андыктан, ага ошол жактан кызмат сунуштап, чакыруу түшкөн болушу дагы мүмкүн. Өлкөдөн качып кетишине себеп деле жок. Тескерисинче, өткөөл мезгилдин президенти катары саясий акыбал боюнча сунуш, пикирин, көз карашын чагылдырып турганы оң. УӨнүн жасаган иштери, кетирген кемчиликтери боюнча ал киши көп нерсени билсе керек.

– Парламентте коалициянын тагдыры бүдөмүк болуп турат. Кандай ойлойсуз, тарап кетиши мүмкүнбү?

– “Коалициядан чыгып кет” деп эч ким мажбурлап чыгара албайт, андай норма Баш мыйзамда да, ЖКнын регламентинде да жок. Мисалы, фракциядан өз чечими менен чыгып кетсе болот. Коалициянын башкы бутагында турган эки фракциянын эки башка ойду карманып атканынан улам тарап кетүүгө негиз бар деп айтууга болот. Эки башка позицияны карманып, анан “бир коалициядабыз” деген болбойт. Бул жасалмалуулук болуп калат. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган болгондон кийин баары мыйзам чегинде жасалашы керек. Жөн эле элге көрүнүп, жалпыланган түрдө мен коалициядамын деп айтуу туура эмес. Өмүрбек Чиркешович бул нерсени өзү да түшүнүп, бир буту сууда, бир буту отто турган абал пайда бербешин жакшы эле түшүнөт. Азыр “парламент тарайт экен” деген да сөздөр айтылып атат. Мындай сөз 5-чакырылышка да беш жыл бою айтылып келген. Бирок, анда бүгүнкүдөй чыңалуу болгон эмес. Ошондуктан, учурдагы саясий акыбал бардык суроонун жообун убакыт гана бере турганын шарттап койду.

Булак: “Майдан.kg”

УОК лидерлеринин үстүнөн сот жабык уланууда

Мамлекеттик бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаганы айтылып, камакка алынган Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, ошондой эле коомдук ишмер, эксперт Эрнест Карыбеков, экс-мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун үстүнө сот жараяны жабык жүрүп жатканы айыпталуучулардын колдоочуларын нааразы кылган.

Маселен, ушундай эле жагдайда камалып, соттолуп жаткан “Элдик парламент” уюмунун лидерлери Бекболот Талгарбеков ж.б. жабык эшик артындагы “шоуга” катышуудан баш тартып, “камерасынан” чыкпай жатса, УОКчулардын соту акырындык менен бирок, жылып жатат. К.Кадыров, Б.Асановдун адвокаттарынын сотту коомчулуктун катышуусунда өткөзүү талабы улам четке кагылып жатат, ага соттук материалдардагы айрым жашыруун жагдайлар себеп болуп жатыптыр. Бирок, адвокаттар эч кандай жашыруун сыр жоктугун, мамлекеттик айыптоо эч кандай далил таба албагандан ушул чарага барып жатканын билдирүүдө. Кыскасы, бул сот процесси да элди зериктирбеген бир шоуга татыктуу болмок. Тилекке каршы, элди бул шоудан да куржалак калтырышты. Эң башкысы – камактагы Бектур Асанов да, Кубанычбек Кадыров да өздөрүн жакшы кармап, “биздин эч кандай күнөөбүз жок, убакты-сааты келет, ошондо толук акталып, жасалма иш козгоп каматкандар жазасын алат!”- деген ишенимде олтурушканын туугандары кабарлашты.

Булак: “Майдан.kg” гезити

“Бир Болдун” ичинде ажырым барбы?

Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү маселеси кимдин ким экендигин, ЖоКедеги фракциялардын ичиндеги ынтымак, биримдиги кандай экендигин көрсөткөндөй болду окшойт. Айрым фракциялар Башмыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүүдө бир пикирде экенин көрсөтүшсө, “Бир Бол” фракциясы же толук колдогон жок, же толук колдобой койбоду.

Дегенибиз, Конституцияга өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттардын тизмесин карасаң, депутаттар А.Сулайманов, Ч.Жакупова, М.Абдылдаев, У.Ормонов кол коюшкан эмес, депутаттар Б.Субанбеков, И.Чудинов, К.Жумалиев, А.Акматов, И.Пирматов колдорун коюп беришкен. Ал эми А.Шадиев, Ж.Бакчиев, А.Жапаровдун позициялары белгисиз, анткени, булар ал учурда иш сапарда болушкан экен. “Бир болчулардын” мындай эки ажырымдыгы эмнеден кабар берет? Фракция ичинде ажырым бар экенин билдирбейби? Буга чейинки ар кандай пикирлерди Башмыйзамдын шыноосу менен айгинелештиби? Же артында былыгы барлар алда бир нерседен чочулашып, колдорун коюп беришсе, башкалары үркпөй эле каршы экенин билдириштиби? Мындай жагдайда “Бир Бол” фракциясын жарымын “оппозиция”, жарымын “пропозиция” дейбизби, ыя?

Булак: “Майдан.kg” гезити

Камчыбек Ташиев президенттик жарышка даярдык көрүп жатабы?

Өлкөдө болуп жаткан саясий окуяларга өз баасын бербей, коомчулуктун назарынан алыстап кеткен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев көрсө, тымызын, президенттик шайлоого даярдык көрүп жатыптыр.

Биздин булактар кабарлагандай, К.Ташиев жогорку даражалуу, таасирдүү чет өлкө жетекчилери менен жолугушуп, анда Кыргызстандын келечеги, жакын калган президенттик шайлоо тууралуу сөз кылышкан. Учурда өлкө ичиндеги аттуу-баштуу саясатчылар менен да “чайлашып”, өзүнө өнөктөш издеп жатканы айтылууда. Учурда түзүлгөн саясий кырдаалга карата да өз ой-пикири бар. Бирок, ар дайым болгонун болгондой, эч тартынбастан айткандан коркпогон эр жүрөк Камчыке неге бул сапар тымызын иш жүргүзүп жатат? Айтчу сөзүн, мынабул президенттик жарышка карата даярдык көрүп жатканын ачык эле айтса болбойбу? Же биз билбеген да кандайдыр бир жагдайы барбы?

Канткен күндө да, Ташиевдин саясаттагы салмагын эч ким танбас. Бир да саясатчынын артында Камчыкеникиндей электораты жок. Ушундай адамдар көп нерсени өзгөртүүгө кудуреттүү. А анын президенттикке чыга турган оюн көп эле адам колдойт. Болгондо да карапайым адамдар буга кубанат. Мындай жаңылыгы бар болсо, ошондуктан, ачык айтып, эл менен бөлүшсө жакшы болмок!

Булак: “Майдан.kg” гезити

Бийликтеги “крысалар” түнкүсүн “Ата Мекендин” офисине чуркашууда, эмненин белгиси?

Буга чейин бөлүнбөстөй туюлган Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин кокусунан бири-бирине “душман” болуп, “компромат” согушун ачып ийишинен улам жалпы саясий кырдаал өзгөрдү. Анткени, бул эрегишкен эрежесиз күрөштүн арты эмне менен бүтөөрүн эч ким айтууга батына албайт.

Эгер айрым кесиптештер жазгандай, бири чындап “кабылан”, экинчиси “теке” болсо, эмне менен бүтөөрү белгилүү болот эле. Текеге ор казууну максат кылган мурунку президенттердин каякта күн кечирип жатканы белгилүү. Аны оңою менен сындырып, камап, саясаттан жок кыла албайсың.

Бул жагынан алып караганда, утуш баары бир Теке тарапта болорун сезген алдуу-күчтүүлөр учурда “Ата Мекендин” офисине каттап, бир балакет башталгыча алдынан өтүп, көрүнүп коюуну адатка айлантышты. Бийликте олтурган айрым аткаминерлер болсо күндүзү өз иши менен алек болсо, түнкүсүн жашырынып “Ата Мекендин” офисине барып, чайлашып калганы эмненин белгиси? Эл ичинде да буга чейинки: “Кыргызстанды ушул Теке курутту”, “башкы мародёрду камаш керек”, “жазган баш мыйзамдары болбогондо КР эчак өнүгүп кетмек”- деген өңдүү сөздөр да бара-бара актуалдуугун жоготуп, “мына, оппозиция болсоң ушу Текедей бол”, “эч нерседен коркпой чындыкты чыгарганына рахмат”- таризинде мактоо кептер арбыганын да моюнга алыш керек.

Айрыкча, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун Нью-Йорк шаарында болуп өткөн Башкы Ассамблеянын 71-сессиясында сүйлөгөн сөздөрү эл ичинде катуу талкууга алынып, “аа, эл аралык коомчулуктун дагы кыргыз бийлигинен көңүлү калыптыр”,- деген ой жаратууда. “Биз бир катар өлкөлөрдүн лидерлери өз элинин кызыкчылыктарын сатып атышканына күбө болуп атабыз. Конституцияны өзгөртүп, шайлоо процесси менен тастыктап алуу менен башка кадамдарга – бийликте мүмкүн болушунча узакка кармалууга бара башташты. Мамлекет башчылары алардын бийлиги – жеке менчиги эмес, жарандар тарабынан берилген ишеним экенин түшүнүүлөрү кажет. Мен түз мааниде айтам, силер өз элиңерге кызмат өтөшүңөр керек. Демократияны алсыздандырууну, өз өлкөңөрдүн жаратылыш кен байлыктарын тоноону, дарегиңерге сын айткандарды эле темир тор артына камап, кыйноого алууну токтоткула?”, – деп БУУнун башкы катчысы кимдин дарегине сын ыргытып жатат?

Өлкө башчысы Алмаз Атамбаевдин да кокусунан жүрөгү кармап, дарыланууга жатканы да азыр биринчи саясий тема болууда. Маселен, Борбордук Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов орус басылмаларына берген пикиринде кыргыз президентинин ооруп калышын кагылыштар арааны жүрүп аткан кезде изин суута турууну туура деп тапканы катары баалады.  “Менин көз карашымча, бул “дипломатиялык оору”. Бул ага таандык мүнөз. Мисалы, Курманбек Бакиевдин учурунда премьер-министр болуп турганда, Атамбаев бир нече жолу ууланып калганына шылтоолоп коомчулукка көрүнбөй калган. Азыр өлкө ичинде аны дагы бир жолу ушундай кадамга жетелечү акыбал орноп турат:  ал Убактылуу өкмөттөгү мурдагы санаалаштары, биринчи кезекте Роза Отунбаева менен болгон тирешүүнү басаңдатуу үчүн коомчулук мейкиндигинен чыга туруу зарылдыгына туш келди. Менин оюмча, бул оюн ишке ашырууга  президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына бараткан жолдо ооруп калуудан, Түркияга учакты кондуруп, тез жардам унаасы менен ооруканага баруудан  башка  түзүгүрөк ыкма таппады окшойт”, – деген Аркадий Дубнов. Ал эми Азимбек Бекназаров “Жаңы Ордого” президенттин оорусу башкада экенин айткан: “Орустун аналитиктеринин азыр айтып жатканын беш жыл мурун эле айтпадым беле. Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугун жакшы билген адам катары “ооба бул саясый оору” деп айтканым чын. Алмазбек ичкенден кийин он күндөй тазаланат, анан кайра жумушка келет. Катар-катары менен мейман күттү, көчмөндөр оюндарын өткөрдү, 31-августта болсо тарыхый сөздөрдү сүйлөдү. Анын баары эле ден-соолугуна зыянын тийгизди да. Президентибизге ден-соолук тилейм. Ажобуз ден-соолугу чың болуп али алдыдагы нечен-нечен саясый иштерге аралашып, атаандаштары менен алышып, камачусун камашы зарыл. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн камап, жоопко тартышы абзел. Кадыржанды кое бергендерди аныктап, жазасын берүү иши да турат. Мунун баары үчүн Атамбаевдин биринчи кезекте ден-соолугу чың болбосо болбойт”.

Айтор, президенттин минтип “пауза” кармаганы Текебаев үчүн жакшы нерсе болду. Себеби, дасыккан саясатчы катары “пиардын” атасын таанытып, бийликти болушунча боктоп жатат. Бул да өз таасирин берип, азыр рейтинги өсүп, эл ичинде колдогондордун катары барган сайын калыңдап баратат. Эми мындай шартта Өмүкеге туруштук берүү кыйын болуп калбайбы? “Мени камап салышса, Атамбаев кеткенден кийин элдин кол чабуусунда чыгап алам”,- деп ишенимдүү сүйлөп жатканы эмнени туюнтат, ия? Баары эми АШАнын кийинки кадамдарынан көз каранды. Ак үйдөгү айрым булактар АШАнын ден-соолугуна байланыштуу Жаңы жыл алдында кетерин айтышууда. Бул жол ага экс-президент макамын сактап калуусуна ыңгайлуу. Балким, бул дагы ишке аша турган варинаттардын биридир? Көрө жатаарбыз…

Булак: “Майдан.kg” гезити

Азимжан Аскаровдун иши бүгүн каралат

Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланышкан ишти бүгүн, 4-октябрдан тарта карай баштайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь окуясына айыптуу деп табылып, 2011-жылы Жогорку Соттун өкүмү менен өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген. Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн эле.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасы жана уулу соттолду

Астана шаардык соту Казакстандын Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевди салыктан качуу жана мамлекеттик каржыны кымырып алуу боюнча күнөөлүү деп таап, 3-октябрдагы өкүмү менен алты жылга эркинен ажыратты. Анын уулу, КазТагдын директору Асет Матаев беш жылга кесилди. Алар коюлган айыптарды четке кагууда.

Сейтказы Матаев соттук жараянды “спектакль” жана “фарс” деп атады. Ал уулунун кайраттуулугуна жана жактоочулардын колдоосуна ыраазычылык билдирди.

– Мага жана уулума боор оорунун кереги жок. Биз өзүбүздү күнөөсүз деп эсептейбиз. Башкача ой жүгүрткөндөр Казакстанда болушу керек, антпесе демократия өкүм сүрбөйт. Мен өзүмдү оппозиционер деп санаган эмесмин, санабайм дагы. Кандай гана жагдай болбосун мен адилеттүүлүктү жактайм, –деди Матаев.

Укук коргоочулар Сейтказы Матаев Журналисттер бирикмесинин төрагасы катары ишмердүүлүгү үчүн соттолуп жатканын билдирүүдө. 61 жаштагы Матаевдин ден-соолугуна байланыштуу соттук жараяндар бир нече жолу кийинкиге которулуп келген эле.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Укук коргоочулар Өзбекстандын жаңы бийлиги менен диалог курууга даяр

Варшавадагы ЕККУнун саммитинде эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар Өзбекстандын жаңы бийлиги менен диалог куруп баштоо демилгеси менен чыгышты. Бирок аталган өлкөнүн расмий делегациясы алардын кайрылуусун көңүл сыртында калтырды.

ЕККУнун Варшавадагы жыйыны – бул адам укуктарынын абалын талкууга алган алгачкы ири конференция. Өзбекстандын расмий делегациясы ага өлкөдө бийлик алмашкандан кийин катышты. Мындай иш чараны өткөрүү менен укук коргоочулар өзбек өкмөтүн адам укуктарын коргоо жаатында диалогго барууга жана өлкөдө реформа жасоого үндөштү.

Бул арада Мирзиёев айрым артисттердин чоң сахнага кайтып келүүсүнө уруксат берди. Анын мындай демилгеси Өзбекстандагы социалдык саясаттын өзгөрүп баштаганынан кабар берет. Ага карабай, өзбек өкмөтүнүн жаңы жетекчилиги республикадагы адам укуктары темасын али көтөрө элек.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстандык укук коргоочу Собир Валиев Кыргызстан элчилигине кайрылуу ниетинде

Тажикстандын «Группа 24» тобунун активистти, укук коргоочу Собир Валиев жакынкы күндөрү Кыргызстан элчилигине кайрылат. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган видео кайрылуусунда айтылат.

Ал учурда Европа өлкөлөрүнүн биринде жүргөнүн билдирген. Кыргыз элчилигине кайрылгандан кийин УКМК ага каршы кылмыш ишин жандандыруу үчүн документтерди жөнөтө алат.

«Бүгүн Кыргызстандын атайын кызматы мага каршы кылмыш ишин жандандырганын билдим. Европа өлкөлөрүндө кыргыз паспорту менен учуп жүрөм, менин шенген визам бар. 2015-жылы мени Молдовада кармашкан, бирок Кыргызстан кылмыш ишин жандандыруу боюнча документти же башка бир доо-талабын жөнөткөн эмес. Буга байланыштуу бул жолку аракеттери менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу жасалып жатса керек деп ойлойм. Менимче, бул Тажикстандын өтүнүчү менен болуп жатат», – деди Валиев.

Валиев мындан тышкары Тажикстандын атайын кызматы өзүнүн жана жубайынын өмүрүнө коркунуч жараларын кыйытып, опузалагынын билдирди. Укук коргоочунун аялы учурда Кыргызстанда. Ал катардагы активист жана укук коргоочу экенин кошумчалаган. Анын айтымында, 10 жыл Кыргызстанда эмгектенген. Бизнес менен алектенип, салык төлөп, эч кандай кылмыш жасаган эмес. Тажикстанда «Группа 24» экстремисттик топ катары табылганына токтолгон Собир Валиев Борбор Азия мамлекеттеринде экстремизм түшүнүгүн ажыратып билүү өтө татаал экенин айткан.

УКМК 3-октябрда 2015-жылы Собир Валиевге карата козголгон кылмыш ишин кайра жандантканын кабарлап, ага “мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Валиевдин жубайы Жанета Хамзаева 2-октябрда Бишкекке учуп келген учурда УКМК кызматкерлери тарабынан камакка алынып, кайра бошотулган. Учурда ал күбө катары өтүүдө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Орусия менен Сирия тууралуу маалымат бөлүшүүнү токтотту

Вашингтон Сирия маселеси боюнча Москва менен байланышты үзүү чечимин өткөн жумада Жон Керри эскертүү берген соң кабыл алган. Бул туурасында Associated Рress агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

АКШ мамлекеттик катчысы эгер сириялык жана орусиялык авиация Алеппону бомбалоону улантса, кызматташууну токтотуу мүмкүн экенин айткан.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Орусия сентябрда кол коюлган келишимдин шарттарын аткарган жок деп эсептейт. Эки өлкө Сирияда элдешүү жараянын камсыздоого көмөк көрсөтүү жана курчоого алынган шаарларга гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыздоо боюнча макулдашкан болчу.

АКШ Сириядагы аракеттерди координациялоо боюнча Орусия менен биргеликте түзүлгөн борбордон өз персоналын чакыртып алууда. Associated Press кабарлагандай, бул чара эки өлкөнүн Сириядагы терроризм маселеси боюнча сүйлөшүүлөрүнө терс таасирин тийгизбейт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркия өзгөчө кырдаалды дагы үч айга узартты

Түркиянын өкмөт башчысынын орун басары Куртулмуштун 2-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, президент Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда өткөн өкмөт жыйынында өлкөдө өзгөчө кырдаалды 19-октябрдан тарта дагы 90 күнгө узартуу чечими кабыл алынды.

Түркияда өзгөчө кырдаал 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен беш күндөн кийин 20-июлда киргизилген. Төңкөрүш аракети учурунда 270 киши набыт болгон.

Расмий Анкара АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди төңкөрүштүн уюштуруучусу катары айыптап келет. Гүлен аны четке каккан. Төңкөрүш аракети боюнча 32 миңдин тегерегинде киши камакка алынганын түрк бийлик өкүлү кабарлаган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украина Орусиядан Роман Сущенкону токтоосуз түрдө бошотууну талап кылат

Украина Коргоо министрлигинин Чалгындоо боюнча башкы башкармалыгы Москвада тыңчылыкка айыпталып кармалган журналист Роман Сущенко чалгын кызматкери эмес экенин кабарлады. Бул маалымат “катардагы фейк” деп билдирди РИА “Новостиге” мекеменин басма сөз кызматы.

Дүйшөмбүдө Орусиянын Федералдык кызматы Сущенконун кармалганын кабарлаган. Орус атайын кызматы журналистти полковник наамына ээ украин аскер чалгынынын кадрдык кызматкери деп эсептейт. Алардын пикиринде, Сущенко Москвадагы жашыруун маалыматтарды ташуу менен иштеген.

Украина ТИМи анын негизсиз кармалышына каршылыгын билдирди. “Укринформ” агенттиги Сущенконун камалышын “пландалган чагым” катары баалады. Билдирүүдө айтылгандай, Роман Сущенко агенттиктин Франциядагы атайын корреспонденти жана Москвага эмгек өргүү учурунда жеке сапар менен келген.

Адвокат Николай Полозов украин журналистинин кармалышын адам уурдоо катары бааласа болот деп эсептейт. “112 Украина” телеканалындагы берүүдө Полозов эл аралык нормалар бузулганын – камоо тууралуу консул менен туугандарына билдирүү жөнөтүлбөгөнүн айтты. “Кремль ырааттуулук менен Украина жарандарын уурдап, аларга карата жалган кылмыш ишин ойлоп табуу саясатын улантууда”, -деди адвокат.

Учурда Сущенко “Лефортово” тергөө абагында жатат. Сот 1-октябрда аны эки айга камоо боюнча бүтүм чыгарган. Орусиядагы Украина консулун корреспондентке киргизишкен жок.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жашы жетпегендерге нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери менен ата-энелердин жоопкерчилиги каралат

Жаш жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору жактырылды. Аны бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 3-окууда карап, талкуусуз кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова, Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев  тарабынан демилгеленген аталган мыйзам долбоорунда  Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, жашы жетпегендер менен диний нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери менен ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылат,- деп көрсөтүлүүдө.

 

Фото - Мамлекеттик гранттын эсебинен ачылган "Аруудил" борбору оор кырдаалга кабылган балдардын интернатка түшпөөсүнө көмөк көрсөтөт

Турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга ылайыкталып ачылган “Аруудил” борбору жалпысынан 2 жаштан 16 жашка чейинки 14 балага кызматын көрсөттү. Бул туралу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Борбор Ош облусунун Ноокат районунун Баглан айылында мамлекеттик тапшырыкты аткаруунун негизинде  «Представительство Союза Социальных Педагогов Юга Кыргызстана» коомдук бирикмеси тарабынан ачылган.

Проекттин негизги максаты – бул турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын интернат тибиндеги үйлөргө түшпөөгө көмөк көрсөтүү. Бул үчүн мындай акыбалга түшкөн балдарды аныктоо менен аларга социалдык психологиялык, реабилитациялык жардамдарды көрсөтүү болуп эсептелет.

Борбордун жетечиси Шааргул Шербаеванын айтымында, учурда борбордун жана социалдык тармакта балдар менен иш алып барган мекемелердин кызматкерлеринин ортосундагы өз ара аракеттеринин жигердүүлүгүн күчөтүү үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

“Биздин борбордо балдардын үй-бүлөлүк курчоодо жашоосу үчүн шарттар түзүлгөн. Бул жерде аларга медициналык, психологиялык, социалдык жана укуктук кызматтар көрсөтүлөт. Ошондой эле, социалдык өнүгүү жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте турмуштук оор кырдаалда калган балдарды ата-энелерине кайтарып берүү үчүн аракеттер жазалып жатат. Биздин долбоордун негизги максаты балдар интернатта эмес, өз үй-бүлөсүндө жашоосу. Мындан улам, алардын ата-энелери менен да сүйлөшүп, эгерде психологиялык же укутук жардамдарга муктаж болсо, ушул кызматтарды көрсөтүүдөбүз”, – дейт борбордун директору Шааргул Шербаева.

aruudil-borboru

aruudil-borboru3

aruudil-borboru2

Замира Акбагышева, Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин президенти: “Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат”

 

– Алгач, 23 жылдык тарыхка ээ Аялдар конгрессинин бул жылдар аралыгында жасаган алгылыктуу иштери тууралуу айтсаңыз?

–   Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси 1993-жылы түзүлгөн.  Аялдар  конгресси аялдарга коомдук, саясий, экономикалык жактан,  социалдык жана маданий чөйрөдө да көмөк көрсөтө алган уюм болуп эсептелет. Ушул 23 жылдын ичинде 61 проект иш-жүзүнө ашырылды. Конгресстин филиалдары 7 областта, 42 райондук жана шаардык  аймактарында, 59 айыл өкмөттөрүндө бар. Аялдардын абалын жакшыртуу жаатында Аялдар конгресси абдан зор үлүш кошо алды, себеби конгресс каражат жактан көз каранды эмес, жана  Конгресстин мүчөлөрү дасыккан адистер болгондуктан Улуттук программаларды жүзөгө ашырууда чоң салым кошо алды. Конгресстин жардамы менен аялдар арасында бизнес ишкерлери пайда болду, анткени аларга бизнести ачуу үчүн финансылык сабаттуулукка, кредит алуу мүмкүнчүлүгүнө, лидерлик сапатты ачууга, пикир алмашуу технологиясына окутуу жүргүзүлдү. Буга бизнес-инкубациясынын ачылышы, ушул күндө да жигердүү иш жүргүзүп жаткандыгы зор далил болуп эсептелет. Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси  дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат. Биздин уюм аркылуу бизнес – инкубаторду түзүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө жетише алышты. Ушул учурда 25 бизнес инкубатор 2300 адамга жумуш ордун табууга шарт түзүп берди.  «Экономиканы жакшыртуудагы аялдардын ролун күчөтүү», – деген Дүйнөлүк банктын программасынын негизинде өткөрүлгөн иш-чаралар дагы бир жолу Аялдар конгрессинин бизнес-инкубаторду түзүүдө  лидерлик орунда тургандыгын тастыктады. Кыргызстан Аялдар конгресси бизнес негиздеринде, компьютерде иштөөгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө 14390 адамга көмөк көрсөттү. Ошондой эле Эл аралык аялдар бизнес-инкубатор ассоциациясы түзүлдү.  2013-жылдын март айында Эл аралык «Агробизнестеги аялдар» деген семинар аялдардын гендердик укугун бекемдөөгө, айыл-кыштактагы аялдарга көмөк көрсөтүүгө арналды. Борбордук  Азиядан келген эксперттер, мамлекет кызматкерлери, донорлор, бейөкмөт мүчөлөрү, дыйкан чарбасында эмгектенгендер тажрыйба алмашышты. Мунун негизинде айыл чарбасына инновациялык ыкмаларды киргизүү, кредит алуу мүмкүнчүлүгү, көмөк көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү иштелип чыкты. Ошондуктан теплица ачууда 7 проект ишке ашты, 35 фермер аялдар кредит ала алышты. «Бизнес кандай болуу керек», «Кредитти кандай алуу керек» деген тренингдер ушул күндө да өзүнүн зарылдыгын, популярдуулугун жогото элек.

  • Аялдар конгрессинде үй-бүлөсүндө көйгөйү бар айымдарга карата психологиялык кеңештер берилип, юридикалык жардамдар көрсөтүлөөрүн уктум эле. Сиздерге мындай учур менен кайрылган айымдардын саны көп эле болсо керек?
  • Шопоков шаарындагы Бизнес-Инкубатордун имаратындагы «Аялдар борборунда» үй-бүлөсүндө көйгөйү бар аялдар үчүн ар дайым юридикалык, психологиялык кеңеш берилип келет, реабилитациялык көмөк көрсөтүлөт. 2011-жылдан бери 101 үй-бүлөгө ар кандай жардам берилди, 297 аял жана өспүрүмдөр юридикалык жана психологиялык жардам алышты, 27 аял реабилитациядан өттү. Бул жылдын эле 4 айында үй-бүлөлүк зордукка  туш болгон 7 аялга юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. Аялдар конгресси көптөгөн аялдарга, энелерге жана балдарга билим алуу жаатында да зор көмөк берип келе жатат.  “Аялдар борборунда» 2011-жылы англис, түрк жана кытай тилдерин 87 адам үйрөнө алса, 2012-жылы 57 адам болду, 2013-жылы 65 адамга жетти. Ал эми 2014-жылы 87 адам ийгиликке жетишти. Акыркы 2 жылдын аралыгында бизнести өздөштүрүү, ишкерлик негизге, бухгалтердик эсепке, ден соолук алкагында окуй алышты. 2015-жылдын апрель айында «Бизнес негиздери» деген темада эл аралык эксперттердин катышуусу менен семинар өткөрүлдү, «Үй-бүлө институту: заман учурундагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолу» деген темада тегерек стол отуруму болду. Шопоков шаарынын тургундарынын өтүнүчү жана шаардын мэринин  кайрылуусу боюнча мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды тарбиялоо максатында иш-чаралар өткөрүлдү, ошонун негизинде 80 бөбөк бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
  • “Кыргызстан айымдары” китебиңиздин 3-томдугу чыккан экен. Китеп жазуу идеясы тууралуу, бул китептин таржымалы тууралуу сөз кылсаңыз? Китепке айымдарды киргизүү үчүн алардын ишмердигин иликтеген атайын топ түзүлдүбү же теледен чыгып жүргөн белгилүү айымдарды гана алдыңыздарбы?
  • «Кыргызстан аялдары» китебинин 1-тому 2008-жылы, ал эми 2-тому 2010-жылы жарык көргөн. Китепте кыргыз мамлекетин өнүктүрүү  үчүн үзүрлүү салымын кошкон аялдардын эмгектеги, жетишкендиктери чагылдырылган. Бул жылы сиз айткан энциклопедиянын 3-тому чыкты.  Бул китептеги  өзгөгө өтөлгөлүү  өмүрү бар  каармандардын ар биринин  кайгы-кубанычы, ак эмгек алга сүрөп жеткен жеңиши жана жеңилүүсүнөн токулган  кызыктуу жашоосу баяндалат. Биз бул китеп менен 1 жылдан бери  иштедик,  китепке кире турган айымдардын  ар бир райондун акимдери, министрликтерден  бизге  жөнөтүп  жатышты, жалпысынан 637ге жакын таржымал түшкөн, алардан тандалып отуруп мыкты  делген  400ү калды, алар өлкөбүзгө белгилүү болуп калган  лидер-айымдар: Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Жогорку Кеңештин  депутаттары: Галина Скрипкина, Никитенко, Аида Салянова, маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директору  Бактыүл Норузбаева, Баткен областынан чыккан СССРдин кыздар арасынан шахмат боюнча чемпион Лим Грета, кыргыз маданиятына эмгеги сиңген: Назира Мамбетова, Асылкүл Набиева, Бактыгүл Бокоева, сот тармагында эмгектенген Галина Уметалиева, алыскы аба ырайы катаал райондордо  билим берүүдө татыктуу эмгектенген Жамбы  Газыбекова, айыл чарбасына эмгеги сиңген Лайлохан Абдураимова, өмүр бою медицинада эмгек өтөгөн Сонунбала Эсентаева, он баланы тарбиялаган, коомдук иштерге активдүү катышкан Баатыр энелер. Кыргызстанга эмгеги сиңген жана эмгектенип келе жаткан ар улуттун өкүлдөрү бар. Мына  ушундай башкаларга үлгү боло турган айымдарыбыз тууралуу тарых барактарына жазып, биле жүрсөк.

 

  • Акыркы жылдары апалардын күнүн белгилеп келе жатабыз. Бул күнгө карата Аялдар конгресси кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатат?
  • Жыл сайын  Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде энелер күнүнө арналган салттуу көргөзмөсүн «Эне – ааламдын руху» деген девиздин алкагында, Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ата журт ар дайым карегимде» аттуу  ар жыл сайын көргөзмөлөрдү өткөзүүдө. Көргөзмөдө өзүнүн эмгектерин Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген атактуу  чыгармачыл адамдары менен кошо эле живопись, графика, скульптура, көл өнөрчүлүк боюнча эмгектенген жаш муундардын өкүлдөрү, көркөм ВУЗдардын студенттери  эне менен баланын ортосундагы  сүйүү сезими, муундан-муунга өткөн ыйык жана ысык мамилелер, аруулукту чагылдырган өздөрүнүн чыгармаларын көрсөтө алышат.  Албетте, көргөзмөгө патриот адамдар жана  искусствону түшүнгөн, баалап-барктай алган жарандар, катышат. Себеби нечен замандардан бери эле  жүрөктөн чыккан ырларын, романдарын сөз чеберлери, чыгармачыл таланттар сүрөттөрүн жана скульптураларын энелерге арнап келген. Энелик мээрим, энелик сүйүү – бул чексиз океан эмеспи. Мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон Моңолдоров Максаттын («Бала эмизген эне»), Сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөлөрү Илипов Замирдин (Уз», «Каныкей»), Давлетов Адилеттин («Көчмөн аялдар»), Шаршекеев Алмаз менен Бекова Жылдыздын аты  уйкаш («Ким болор экен… – «В ожидании чуда…»), Замир уулу Акылдын «Ата сөзү» деген чыгармалары энелик мээримди, сүйүү сезимдерди  жана кыргыз аялдарынын кулк-мүнөзүн чагылдырса, арт-дизайнер Казыбекова Кайыркүлдүн эмгектери философиялык чексиз суроолорго жооп издөөгө түрткү болот. Аялдар конгрессинин мүчөсү  Эрке Жумагулованын «Мураскорлор» деген кийиз куурчагы бактылуу балалыкты сүрөттөйт. Бул эмгеги сиңген чеберлер менен катар эле Т. Садыков атындагы Улуттук сурөт академиясынын студенттери Арстаналиева Мырзайымдын «Кыйын жылдар», Мамазакирова Чолпондун «Балкондо» эмгектери, Чыныбек уулу Иманбектин «Найман-эне», Каныбеков Нурадилдин «Умай–эне» скульптуралары  уламыштарга арналуу менен бирге, көргөзмөдө татыктуу ордун тапты. Бул күнү ар бир областта энени даңазалаган салтанаттуу иш-чаралар өтөт.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Индира Кудайбергенова, Иса Ахунбаев атындагы КММАнын ректору: “Медакадемия жаңы сапаттык бийик деңгээлге көтөрүлөт”

 

– Индира Орозбаевна, сиздин ректор болуп дайындалганыңызга саналуу гана ай болду. Бирок мурунку ректор Аширали Зурдинов баш болгон бир катар окутуучулар сиздин кадрларды куугунтуктап жатканыңыз тууралуу маалымат жыйын өткөзүп айтышты эле. Чын эле куугунтук жүрүп жатабы?

– Туура, менин ректор болгонума бир аз гана убакыт болду. Буюрса Медициналык академиянын эл аралык деңгээлде аброюн көтөрүү багытында жакшы тилек, максат менен иш жүргүзүп жатабыз. Келе калып эле кадрларды куугунтуктап жатат деген чындыктан алыс. Бүгүнкү күндө баары жакшынакай эле иштешүүдө. Эч ким кызматтан кеткен жок.

– Анда эмне себептен иштен кетирип жатат деген сөздөр айтылды…

– Эми менин ректор болуп келишим кайсы бир деңгээлде айрымдардын көз карашына туура келбеген чыгаар. Албетте, маалымат жыйын өткөргөндөр эмоционалдуу түрдө пикирлерин айтышты. Негизи алар конкреттүү түрдө клиникада, кафедрада иштешет.  Башка университеттерден айырмаланып, биздин академиянын декандары көбүнчө кафедраларда иштешет.  Негизги жумушу ошондой. Түштөн кийин гана деканатта иш жүргүзөт. Декандык кызмат үчүн айлыгына 500 сомдон 1200 сомго чейин кошулат.  Маалымат жыйын өткөргөндөрдүн баары өздөрү иштеп жүрүшкөн кафедраларда калышты. Болгону декандык кызматтарын гана өткөрүп беришти. Азыр талапты катуулатып жатам.  Талап болбосо иш алга жылбайт.

– Демек декандык кызматтан кетишкенине нааразы экен да?

– Алар баары бир декандык кызматтан кетээрин билишчү. Жыл аягында келишимдери бүтмөк. Мени премьер-министр Сооронбай Шарипович ректорлук кызматка дайындаганда академиянын техникалык базасын, билим берүү сапатын эл аралык талапка жоо берген деңгээлге көтөрүү талабын койду. Мен ал үчүн иштин көзүн билген команда топтоп иш алып барышым керек да. Бүгүнкү күндө эл аралык стандартка төп келген техникалык базаны, башкача айтканда медициналык жабдууларды жаңылоо, окуу программасын эл аралык стандартка шайкеш келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мындай иш буга чейин деле жүрүп келген. Бирок биз бул ишти ыкчам анан сапаттуу жүргүзүү максатында иш алып баруудабыз. Ушул жерден жөнөкөй эле бир мисал айта кетейин, биз өзүбүз ден соолукту чыңдоо, ага кам көрүүгө үндөп келебиз да, өзүбүздүн студенттер үчүн спорттук аянтчабыз жок. Мына ушул кемчиликти жоюп, студенттерге шарт түзүп, спорттук аянтча курганы жатабыз. Учурда долбоору даяр болду. Жакын арада иш башталат. Илимий, техникалык, диагностикалык, лабораториялык базаларды жаңылоо, билим берүү сапатын көтөрүү багытында да бир катар долбоорлордун үстүндө иш алып барып жатабыз. Кудай буюрса, Медакадемия жаңы сапаттык бийик деңгээлге көтөрүлөт.

– Медициналык академия коррупцияга батып кеткен деген сын-пикирлерге кошуласызбы?

– Коррупцияга батып кетти дегенден алысмын. Албетте, кемчиликтер бар. Иш бар жерде кемчилик болот. Бирок биз Кудай буюрса академияны ар кандай сындан арылтып аброюн көтөрөбүз деп ишеничтүү айта алам.

Мына бүгүнкү күндө академияга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн жалпы республикалык тесттен жогорку балл алгандар кабыл алынат. Абитуриенттер тесттен алган баллы көрсөтүлгөн талон менен келишип, өздөрү каалаган факультетке тапшырышат. Жогорку балл алгандар эч тоскоолдуксуз өтөт. Биз өз алдыбызча сынак албайбыз. Демек абитуриенттерди окуу жайга кабыл алууда маселе жок.

Ал эми студенттердин билим алуу, сынак тапшыруу маселесинде көйгөйлөр болушу мүмкүн. Биз ушул жагдайга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Студенттердин кайсы предметтер боюнча ийгиликтүү сынак тапшырды, кайсы сабактан аксап жетише албай жатат, баарын көрүп-билип туруу үчүн электрондук сынак китепче онлайн системасын киргизип, көзөмөлдү күчөтөлү  деген максатта иш жүрүп жатат. Ар бир деканат кайсы студент кайсы кафедрадан сабактарына жетише албай жатат, сабакка катышуусу кандай, баарын онлайн системасынан көрүп, анализдеп турат. Эмне үчүн биз буга баруудабыз? Мурун биз окуп жүргөндө экзамен тапшыра албай калсак бир жолу кайра тапшырууга уруксат берилчү. Тапшырсаң тапшырдың, тапшыра албасаң кулачусуң. Азыр кандай? Экзаменден кулаган студент,  качан сынактан өтмөйүн кайра-кайра экзамен тапшыра берет.  Мындай болбош керек да. Анткени бул нерсе студентти баары бир тапшырам да деген көңүл коштук, кайдигерлик, кенебестикке түртөт. Биз ушул кемчиликти түзөп, экзамен тапшыра албай калган студентке эки жолу кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берип, үчүнчүсүндө кулай турган кылып жоопкерчиликти күчөтүп, окууга олуттуу мамиле кылууга үндөп жатабыз.  Анткени адам өмүрүн сактоочу келечектеги врачтар ар дайым сабакка калтырбай катышып, окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого милдеттүү. Ага эрки жетпесе, башка кесипти тандашы керек.

– Акча алып экзамендерден өткөрүп койгон окутуучуларга болгон талап кандай?

– Студенттерге кандай талап катуу болсо, окутуучуларга болгон талап да күчөтүлөт. Ким кайсы предметтен сабак берсе, өз убагында программадан калбай лекция, сабактарын үзбөй өтүүгө милдеттүү. Эгер кайсы бир окутуучунун экзаменден акча алганы туурасында маалымат уксам, анын илимдин доктору, профессор экенине карабай кызматтан кетет. Мен андайлар менен акыйлашып отурбайм. Академияда коррупцияга жол ачкандарга орун жок. Албетте, студенттерден акча албаш үчүн окутуучулардын айлык-маянасын көтөрүү керек. Алар эч нерсеге алаксыбай, кайдан акча табам деп майда-барат күнүмдүк тиричиликке байланбай, студенттерге татыктуу билим бериши керек. Ошондо гана биз сапаттуу кадрларды даярдап чыгабыз. Биз бул багытта иш жүргүзүп, кызматкерлердин айлыгын бир аз көтөрдүк. Кудай буюрса окутуучулардын айлыктары жетишээрлик деңгээлге көтөрүлөт. Биздин окутуучу доценттер, профессорлор, илимдин кандидаттары, докторлору аябай күчтүү, тажрыйбалуу адистер. Жалгыз кишинин колунан эч нерсе келбейт, мен ойлойм биргелешип, академиянын аброюн көтөрөбүз деп.

– Эми жеке өзүңүзгө байланышкан суроолорго токтолсок. Сиз проректор болуп иштеп турганыңызда чет элдик 1-курстун студенти алтынчы бүтүрүүчү курска которулуп, диплом алганы тууралуу маалыматтар чыкты. Ушул туурасында эмне айта аласыз?

– Бул иш мен 2000-2001-жылдары 1-проректор болуп иштеп турганда болгон дешип жазышты. Ал учурда биздин академияга которулуп келген чет элдик студенттердин документтери эл аралык мамилелер боюнча проректордон өткөн.  Мен окуу иштерине жооп берчүмүн. Ал эми дипломдогу коюлган кол чындыгында менин колума абдан окшош. Бирок ал колду мен койдум беле же башкалар жасап коюшканбы далилдөө өтө кыйын. Андан бери 16 жыл өттү. Бирок мен ачык айтып коеюн, Кудай турат диплом жасаган ишке аралашкан эмесмин. Мен мындай иштерден өзүмдү оолак кармайм.

– 2011-жылы сиздин жеке менчик онкологиялык борбордо дарыланып жаткан Акмат Бакиев качып чоң чуу чыккан. Бул ишке сиздин тиешеңиз болушу мүмкүн деген шек жаралган…

– Менин Акмат Бакиев менен жеке эч кандай тааныштыгым болгон эмес. Мага ошол кезде 15 жыл Акмат Бакиевди дарылап келген врач чалган. Ал жатак колониясынан Акмат Бакиев ооруп келгенин, аны жаткырып дарылаш керектигин билдирди. Мен ал ооруп келиптирби десем “ооба” деди. Мен ооруп келген адамды дарылабай баш тартууга сенин да, менин да укугум жок, жаткырып дарылоо керек  дегенди айткам. Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиев президент болгонго чейин эле онкологиялык борбордо дарыланып келиптир. Ал эми анын качып кеткени мага да таң калычтуу болду. Бизге эч ким анын кайтарууда экенин айтышкан эмес. Кайтарып жүрүшкөн эч кимди көргөн эмеспиз. Биз оорулуу адамды кайтарбайбыз  дарылайбыз. Керек болсо Акмат Бакиев дарыланган акчасын төлөбөй кеткен. Бул иште биздин эч кандай күнөө жок. Бул туурасында учурунда да айткам.

– Курманбек Бакиевдин жубайы Татьяна Бакиева менен жакын курбу, ынак мамиледе болгон деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Чынын айтайын, жакын, ынак болмок түгүл сүйлөшүп көргөн эмесмин. Телевизордон гана көрүп калаганым болбосо, жакындан тааныбайм. Кайдан жүрүп курбу кылып жатышканына түшүнбөйм.  Мени билбей туруп, мен жөнүндө тескери маалымат жазгандарды кудай өзү кечирсин. Башка эч нерсе деп айта албайм.

– Медакадемияга тиешелүү жерди, имаратты сатып жиберген деген маалымат чыкты эле…

– Ушундай маалымат чыккандан кийин прокуратурадан келип текшеришти. Менин жер же имарат сатканым боюнча эч бир документ таба алышкан жок. Мен эч кандай академияга тиешелүү жер же имарат сатпасам, анан кайдагы документти табышмак эле. Мен болгону академиянын аймагына жайгашкан сулуулук салонуна ижара акысын төлөө боюнча келишимге кол коюптурмун. Башкы прокуратура текшергенде сулуулук салону 2008-жылдан бери ижара акысын төлөбөгөнү ачыкка чыгып,  академияга 200 миң сомдон ашык каражатты төлөй турган болду. Демек прокуратуранын текшергени тескерисинче пайда болду. Мен учурда Медакадемиянын клиникалык базасын түзгөнгө имарат таппай жатам. Анан кайсы имаратты сатабыз? Бош имарат болсо бизге бергиле, биз клиникалык база түзүп, студенттердин окуу шартын, билим сапатын жогорулаталы деп чуркап жүрөм.

– Эмне себептен премьер-министр ректор шайлоодо биринчи орунду алган эмес, үчүнчү орун алган сизди ректор кылып дайындады деп ойлойсуз?

– Эми бул жерде эч сыр жок. Жобо боюнча ректор болуп биринчи орунду алган эмес, көп добуш алган үч кишинин бирөө дайындалыш керек деп жазылып турат.  Ал эми эмне себептен мени дайындаганын премьер-министрдин өзүнөн сураш керек го. Бирок мен бир нерсени так айта алам, мен ректор болом деп кимдир бирөөгө бир нерсе бергеним жок. Эч ким менден эч нерсе сураган да жок. Анткени менин бирөөгө бир нерсе сунуштабай турганымды, бирөөдөн бир нерсе албай турганымды, сырымды билгендер жакшы түшүнүшөт. 

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

 

 

Надира Нарматова, экс-депутат: “Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө арнап, сактап жүргөн "бомбасы" болсо керек”

Кыргыз коомчулугунда издөөдө жүргөн, сыртынан өмүр бою кесилген, түштүк коогалаңын уюштурду дегендердин алдыңкы сабында турган Кадыржан Батыровдун ЕККУда сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Анын кыргыз бийлигине айткан сыны, Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикири, ошондой эле өзбектер геноцит болду дегени элдин ачуусун ого бетер келтирди. Бирок аталган жыйында анын жанында олтуруп алып  аны мактап, Кыргызстандагы саясый качкындардын бири деп тааныштырып туруп сөз берген Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулованы да эч ким сүйгөн жери жок. Керек болсо Кыргызстандагы укук коргоочулук миссиясын токтотуп, эл чогулган жерден кууп чыгыш керек. Булар кыргыз элинин кайгысынан акча табат деп жеригендер да четтен чыгууда. Ошондой эле кыргыз бийлиги абройлуу делген эл аралык ЕККУ деген уюмдун жетекчилигине нааразы болуп, биздин мамлекетти сыйлабаганы үчүн кылмышкер делген Кадыржанга сөз бердиңер деп, ал керек болсо 51 мамлекет мүчө болгон уюмдан чыгып кетүү  маселесин да көтөрүштү. Кадыржан Батыров эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандагы эки укук коргоочуга таянып Кыргызстанга болушунча көө жапты. Эми Кадыржанга калканыч болгон эки укук коргоочуга эл каршылыгын көрсөтөбү, же мурункудай эле иш аракеттерин жүргүзө береби, аны убакыт көрсөтөр. Биз элдин пикирин билүү максатында айрым инсандарга кайрылып суроо салдык.    

– Кадыржан Батыровдун ЕККУда  “Кыргызстанда азчылык улуттар басмырланат, Конституция өзгөрбөсүн” деп айтканга укугу барбы?

– Кадыржан Баатыровдун ЕККУнун кезектеги жыйынына  катышышы, официалдуу түрдө сөз берип сүйлөтүү фактысы ЕККУнун Кыргыз мамлекетине туура эмес мамиле жасагандыктын белгиси деп түшүнсө болот. Кадыржан Баатыров – издөөдө жүргөн кылмышкер,  өмүр бою эркинен ажыратылган Кыргызстандын жараны. Өзү качып жүрүп мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, демократиянын принциптерине сын айтып, мамлекеттин башкаруу системасына өзүн эркин сезип баа берип тургандыгы, жанына укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын отурушу атайылап даярдалган кезектеги ЕККУнун 2010-жылдагы Ош-Жалал-Абад окуясындагы комиссиянын жыйынтыгындагы өзбектерге геноцид жасашкан кыргыздар деген бүтүмүн тастыктагысы келген деп ойлоймун.

Экинчиден, Конституция боюнча Т.Исмаилова президентке болгон нааразычылыгынын негизинде багыт берсе керек деп ойлойм. Бул деген биздин башкы прокуратуранын, укук коргоо органдарынын, жалпы бийликтин алсыздыгы. Алты жыл бою эч кандай чара көрүшпөгөндүгүнүн натыйжасы келип чыкты. Бул Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөттүн  мүчөлөрүнө арнап, сактап жүргөн бир жара турган “бомбасы” болсо керек.

Булак: Асман плюс

 

Замира Акбагышева, Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин президенти: “Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат”

 

– Алгач, 23 жылдык тарыхка ээ Аялдар конгрессинин бул жылдар аралыгында жасаган алгылыктуу иштери тууралуу айтсаңыз?

–   Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси 1993-жылы түзүлгөн.  Аялдар  конгресси аялдарга коомдук, саясий, экономикалык жактан,  социалдык жана маданий чөйрөдө да көмөк көрсөтө алган уюм болуп эсептелет. Ушул 23 жылдын ичинде 61 проект иш-жүзүнө ашырылды. Конгресстин филиалдары 7 областта, 42 райондук жана шаардык  аймактарында, 59 айыл өкмөттөрүндө бар. Аялдардын абалын жакшыртуу жаатында Аялдар конгресси абдан зор үлүш кошо алды, себеби конгресс каражат жактан көз каранды эмес, жана  Конгресстин мүчөлөрү дасыккан адистер болгондуктан Улуттук программаларды жүзөгө ашырууда чоң салым кошо алды. Конгресстин жардамы менен аялдар арасында бизнес ишкерлери пайда болду, анткени аларга бизнести ачуу үчүн финансылык сабаттуулукка, кредит алуу мүмкүнчүлүгүнө, лидерлик сапатты ачууга, пикир алмашуу технологиясына окутуу жүргүзүлдү. Буга бизнес-инкубациясынын ачылышы, ушул күндө да жигердүү иш жүргүзүп жаткандыгы зор далил болуп эсептелет. Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси  дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат. Биздин уюм аркылуу бизнес – инкубаторду түзүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө жетише алышты. Ушул учурда 25 бизнес инкубатор 2300 адамга жумуш ордун табууга шарт түзүп берди.  «Экономиканы жакшыртуудагы аялдардын ролун күчөтүү», – деген Дүйнөлүк банктын программасынын негизинде өткөрүлгөн иш-чаралар дагы бир жолу Аялдар конгрессинин бизнес-инкубаторду түзүүдө  лидерлик орунда тургандыгын тастыктады. Кыргызстан Аялдар конгресси бизнес негиздеринде, компьютерде иштөөгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө 14390 адамга көмөк көрсөттү. Ошондой эле Эл аралык аялдар бизнес-инкубатор ассоциациясы түзүлдү.  2013-жылдын март айында Эл аралык «Агробизнестеги аялдар» деген семинар аялдардын гендердик укугун бекемдөөгө, айыл-кыштактагы аялдарга көмөк көрсөтүүгө арналды. Борбордук  Азиядан келген эксперттер, мамлекет кызматкерлери, донорлор, бейөкмөт мүчөлөрү, дыйкан чарбасында эмгектенгендер тажрыйба алмашышты. Мунун негизинде айыл чарбасына инновациялык ыкмаларды киргизүү, кредит алуу мүмкүнчүлүгү, көмөк көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү иштелип чыкты. Ошондуктан теплица ачууда 7 проект ишке ашты, 35 фермер аялдар кредит ала алышты. «Бизнес кандай болуу керек», «Кредитти кандай алуу керек» деген тренингдер ушул күндө да өзүнүн зарылдыгын, популярдуулугун жогото элек.

  • Аялдар конгрессинде үй-бүлөсүндө көйгөйү бар айымдарга карата психологиялык кеңештер берилип, юридикалык жардамдар көрсөтүлөөрүн уктум эле. Сиздерге мындай учур менен кайрылган айымдардын саны көп эле болсо керек?
  • Шопоков шаарындагы Бизнес-Инкубатордун имаратындагы «Аялдар борборунда» үй-бүлөсүндө көйгөйү бар аялдар үчүн ар дайым юридикалык, психологиялык кеңеш берилип келет, реабилитациялык көмөк көрсөтүлөт. 2011-жылдан бери 101 үй-бүлөгө ар кандай жардам берилди, 297 аял жана өспүрүмдөр юридикалык жана психологиялык жардам алышты, 27 аял реабилитациядан өттү. Бул жылдын эле 4 айында үй-бүлөлүк зордукка  туш болгон 7 аялга юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. Аялдар конгресси көптөгөн аялдарга, энелерге жана балдарга билим алуу жаатында да зор көмөк берип келе жатат.  “Аялдар борборунда» 2011-жылы англис, түрк жана кытай тилдерин 87 адам үйрөнө алса, 2012-жылы 57 адам болду, 2013-жылы 65 адамга жетти. Ал эми 2014-жылы 87 адам ийгиликке жетишти. Акыркы 2 жылдын аралыгында бизнести өздөштүрүү, ишкерлик негизге, бухгалтердик эсепке, ден соолук алкагында окуй алышты. 2015-жылдын апрель айында «Бизнес негиздери» деген темада эл аралык эксперттердин катышуусу менен семинар өткөрүлдү, «Үй-бүлө институту: заман учурундагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолу» деген темада тегерек стол отуруму болду. Шопоков шаарынын тургундарынын өтүнүчү жана шаардын мэринин  кайрылуусу боюнча мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды тарбиялоо максатында иш-чаралар өткөрүлдү, ошонун негизинде 80 бөбөк бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
  • “Кыргызстан айымдары” китебиңиздин 3-томдугу чыккан экен. Китеп жазуу идеясы тууралуу, бул китептин таржымалы тууралуу сөз кылсаңыз? Китепке айымдарды киргизүү үчүн алардын ишмердигин иликтеген атайын топ түзүлдүбү же теледен чыгып жүргөн белгилүү айымдарды гана алдыңыздарбы?
  • «Кыргызстан аялдары» китебинин 1-тому 2008-жылы, ал эми 2-тому 2010-жылы жарык көргөн. Китепте кыргыз мамлекетин өнүктүрүү  үчүн үзүрлүү салымын кошкон аялдардын эмгектеги, жетишкендиктери чагылдырылган. Бул жылы сиз айткан энциклопедиянын 3-тому чыкты.  Бул китептеги  өзгөгө өтөлгөлүү  өмүрү бар  каармандардын ар биринин  кайгы-кубанычы, ак эмгек алга сүрөп жеткен жеңиши жана жеңилүүсүнөн токулган  кызыктуу жашоосу баяндалат. Биз бул китеп менен 1 жылдан бери  иштедик,  китепке кире турган айымдардын  ар бир райондун акимдери, министрликтерден  бизге  жөнөтүп  жатышты, жалпысынан 637ге жакын таржымал түшкөн, алардан тандалып отуруп мыкты  делген  400ү калды, алар өлкөбүзгө белгилүү болуп калган  лидер-айымдар: Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Жогорку Кеңештин  депутаттары: Галина Скрипкина, Никитенко, Аида Салянова, маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директору  Бактыүл Норузбаева, Баткен областынан чыккан СССРдин кыздар арасынан шахмат боюнча чемпион Лим Грета, кыргыз маданиятына эмгеги сиңген: Назира Мамбетова, Асылкүл Набиева, Бактыгүл Бокоева, сот тармагында эмгектенген Галина Уметалиева, алыскы аба ырайы катаал райондордо  билим берүүдө татыктуу эмгектенген Жамбы  Газыбекова, айыл чарбасына эмгеги сиңген Лайлохан Абдураимова, өмүр бою медицинада эмгек өтөгөн Сонунбала Эсентаева, он баланы тарбиялаган, коомдук иштерге активдүү катышкан Баатыр энелер. Кыргызстанга эмгеги сиңген жана эмгектенип келе жаткан ар улуттун өкүлдөрү бар. Мына  ушундай башкаларга үлгү боло турган айымдарыбыз тууралуу тарых барактарына жазып, биле жүрсөк.

 

  • Акыркы жылдары апалардын күнүн белгилеп келе жатабыз. Бул күнгө карата Аялдар конгресси кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатат?
  • Жыл сайын  Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде энелер күнүнө арналган салттуу көргөзмөсүн «Эне – ааламдын руху» деген девиздин алкагында, Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ата журт ар дайым карегимде» аттуу  ар жыл сайын көргөзмөлөрдү өткөзүүдө. Көргөзмөдө өзүнүн эмгектерин Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген атактуу  чыгармачыл адамдары менен кошо эле живопись, графика, скульптура, көл өнөрчүлүк боюнча эмгектенген жаш муундардын өкүлдөрү, көркөм ВУЗдардын студенттери  эне менен баланын ортосундагы  сүйүү сезими, муундан-муунга өткөн ыйык жана ысык мамилелер, аруулукту чагылдырган өздөрүнүн чыгармаларын көрсөтө алышат.  Албетте, көргөзмөгө патриот адамдар жана  искусствону түшүнгөн, баалап-барктай алган жарандар, катышат. Себеби нечен замандардан бери эле  жүрөктөн чыккан ырларын, романдарын сөз чеберлери, чыгармачыл таланттар сүрөттөрүн жана скульптураларын энелерге арнап келген. Энелик мээрим, энелик сүйүү – бул чексиз океан эмеспи. Мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон Моңолдоров Максаттын («Бала эмизген эне»), Сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөлөрү Илипов Замирдин (Уз», «Каныкей»), Давлетов Адилеттин («Көчмөн аялдар»), Шаршекеев Алмаз менен Бекова Жылдыздын аты  уйкаш («Ким болор экен… – «В ожидании чуда…»), Замир уулу Акылдын «Ата сөзү» деген чыгармалары энелик мээримди, сүйүү сезимдерди  жана кыргыз аялдарынын кулк-мүнөзүн чагылдырса, арт-дизайнер Казыбекова Кайыркүлдүн эмгектери философиялык чексиз суроолорго жооп издөөгө түрткү болот. Аялдар конгрессинин мүчөсү  Эрке Жумагулованын «Мураскорлор» деген кийиз куурчагы бактылуу балалыкты сүрөттөйт. Бул эмгеги сиңген чеберлер менен катар эле Т. Садыков атындагы Улуттук сурөт академиясынын студенттери Арстаналиева Мырзайымдын «Кыйын жылдар», Мамазакирова Чолпондун «Балкондо» эмгектери, Чыныбек уулу Иманбектин «Найман-эне», Каныбеков Нурадилдин «Умай–эне» скульптуралары  уламыштарга арналуу менен бирге, көргөзмөдө татыктуу ордун тапты. Бул күнү ар бир областта энени даңазалаган салтанаттуу иш-чаралар өтөт.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Меню