Кыргыз Республикасынын Конституциясы 2010-жылдын 27-июнунда бүткүл элдик добуш берүүдө кабыл алынгандыгын жалпы журт жакшы билет. Азыркы кыргыз парламентинде, саясий айдыңда болуп жаткан чырдын баары ошол 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга барып такалып жатат.
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясын 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деген мыйзамды жан алакетке түшүп коргоп жатышат. Алар Конституцияны эмне үчүн өзгөртпөш керек деген аргументти айта алышкан жок. Жөн гана Конституцияга тийбеш керек деген ойлоруна бекем туруп алышкан.
А чындыгында Конституция өзгөргөн жок, жөн гана кээ бир Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна шек келтирген, юридикалык жактан так эмес беренелерге гана редакциялык кошумчалар киргизилип жаткандыгын коомчулук түшүнүп калды. Дүйнөдө жана ааламда өзгөрбөй турган эч нерсе жок. Бул диалектиканын мыйзамы.
Кыргызстандын мамилеси айрым эл аралык уюмдар менен акыркы убактарда курчуп баратат. Буга мисал Варшавада болгон ОБСЕнин жыйынында сепаратист Кадыржан Батыровго кыргыз делегациясынын каршылыгына карабай үч жолу сөз берип жатышат. Бул кыргыз элин, кыргыз мамлекетин сыйлабагандык. “Сыйга сый, сыр аякка бал” дейт элибизде. Эгер бизди сыйлабаса эмне үчүн аларга жагынабыз.
2010-жылдагы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына” өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы болуп жаткандардын көпчүлүгү эл аралык уюмдардан каржыланып жаткан Кыргызстандагы мамлекеттик эмес уюмдар, орусчасын айтканда НПОлор экендиги айдан ачык көрүнүп калды. Алар Кадыржан Батыровдун жанына отуруп алышып, анын оозу менен биздин Конституциябызга сын айтырып жатышат. Демек эл аралык уюмдар биздин ички саясатка кийлигишип, Конституцияны өзгөртүүгө каршы. Албетте каршы болот да, Кыргыз Республикасы аларды ички иштерибизге кийлигишүү укугунан ажырап жатса.
Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын тапшырмасы менен бир топ тилчи-окумуштуулар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мамлекеттик тилдеги текстин карап оңдоп чыктык. Конституциянын текстин карап жатканда котормонун так, даана которулбагандыгын көрүп төбө чачыбыз тик турду. Ушундай Конституциянын тексти менен 6 жыл жүргөнүбүзгө таң калдык.
Көрсө “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын” мамлекеттик тилдеги тексти теңирден тескери которулуп, ар бир сүйлөмүндө грамматикалык жана стилистикалык ката көп экен. Мындай котормочуларды жоопко тартыш керек. Өзүн сыйлабаса да, элди сыйлоо абзел го. Эми конкреттүү мисалдарга өтөлү, Конституциядагы 2-берененин 4-пунктун алып көрөлү: “Жогорку Кеңештин депутаттарын, президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан депутаттарын шайлоо жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт” – деген сүйлөм стилдик жактан туура эмес түзүлгөн. Кыргызчасы төмөнкүдөй которулууга тийиш болчу: “Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын депутаттарын шайлоо жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт”. Мындай стилдик каталар Конституцияда өтө эле арбын жолугат.
Конституцияда ыгы жок кайталоолорго жол берилген: 20-берененин 4-пунктунун 2-3-4-пунктчалары 22-берененин 4-пунктунун, 23-берененин 2-пунктунда кайрадан кайталанат. Конституцияда бир маселени улам кайталай берүүнүн зарылдыгы барбы?
Конституциянын “Адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктери” деген экинчи бөлүмүнүн 20-беренесинин 4-пунктун окуган адамдын көздөрү алайып, келмеси оозунан түшөт. Анда мындай деп жазылган: “Төмөнкүдөй тыюу салуулар боюнча ушул Конституцияда белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес: 1) өлүм жазасын, кыйноону дагы башка адамгерчиликсиз, мыкаачылык мамилени же болбосо жазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга карата салынган тыюларга чектөө”. Бул тексти окуган адам Кыргызстанда өлүм жазасына, мыкаачылыкка, зомбулукка, абийирсиздикке, зордукка жана башка терс көрүнүштөргө “чектөө коюууга тийиш эмес” турбайбы деген ойдо калат. Конституциянын ушул беренесинин текстин окуп көрүңүз, урматтуу окурман, төбө чачыңыз тик турат. Биз ушундай Конституция менен жашап келе жатабыз.
Ушул эле 20-берененин 3-пунктун окуп көрүңүз: “Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес”. Сүйлөмдөгү “даражада” деген сөзгө “гы” мүчөсү жалганбай калгандыгынын натыйжасында сүйлөм толук түшүнүксүз болуп калган. Тил тактыкты талап кылган кубулуш. Тилде бир эле үтүрдөн сүйлөмдүн функционалдык мааниси өзгөрүп кетет. Орус тилиндеги “Казнить, нельзя помиловать” дегендей эле кеп. Эгер үтүрдү “нельзядан” кийин койсок, адам тирүү калат.
Ошондуктан расмий документтердин тилине, өзгөчө Баш мыйзамдын тилине олуттуу мамиле кылбасак болбойт. Баш мыйзамдын тили башка расмий документтердин үлгүсү болууга тийиш. Баш мыйзамда айкындооч мүчөлөр башына келип, ээ ортосуна келген сүйлөмдөр кездешет.
Кыргыз тилинин эрежеси боюнча сүйлөмдүн ээси башына, баяндоочу сүйлөмдүн аягына келет. Бул эрежени сактабаса расмий стиль бузулат. Расмий стил бул көркөм чыгарма эмес. Ал так, түшүнүктүү, адабий тилдин нормасы менен жазылууга тийиш.
Конституцияда лексикалык жактан башаламандыктар арбын: Жогорку Кеңештин жыйындары “жыйналыштары” болуп калган. Жыйналыш менен жыйындын айырмасы чоң го. Бардык жерде “мыйзамда каралган” деп берилген. Мыйзамда каралбайт, мыйзамда белгиленет.
Эми Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев айтып жаткан “бомбаларга” токтоло кетели.
Конституциянын 6-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацын караңыз: “Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин чечимдери түздөн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдин чечимдерине караганда артыкчылыкка ээ”. Демек бул жердеги логикага таянсак, ОБСЕ адам укугу бузулуп жатат деп чагымчы Кадыржан Батыровго оң чечим чыгарып койсо, алардыкы туура, калган жарандардын укуктары тебелендиде калат экен да. Калыстык кайда?
Конституциянын 41-беренесинин 2-пунктун алалы: “Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт”. Демек Кыргызстандын жараны болгон бир сепаратист же кылмышкер чет өлкөгө качып барып, кылмышкер катары Кыргыз Республикасында соттолуп жатса деле, “менин адам укугум бузулуп жатат деп” арызданса, алар чечим кабыл алып Кыргызстандагы укуктук-ченемдик актыларды жокко чыгара алат экен. Анда биздин саясий эгемендүүлүгүбүз кайсы.
Конституциянын жаңы редакциясында булардын баары алынып салынганы туура болгон.
Эми Конституциянын 33-беренесин окуп көрүңүз: 19-бет.1) Ар ким маалыматты эркин изилдөө, алуу,сактоо, пайдалануу жана оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ. 2) Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу. 3) Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле републикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралуу маалыматтарды алууга укуктуу”.
Демек бул берене боюнча Кыргызстандын жарандары эле эмес, чет элдик жарандар дагы, атүгүл чет элдик шпиондор дагы маалымат алууга укуктуу экен. Алар келип биздин мамлекеттик органдардан маалымат сураса, кыңк этпестен баш ийип берүүгө милдеттүү экенбиз. Анда биздин коопсуздугубуз кайда калат? Бул жерде “Ар ким” эмес, “Кыргыз Республикасынын жарандары” деп ачык-айкын жазылууга тийиш болчу. Ошондо гана так, айкын болот.
Жогоруда келтирилген кемчиликтердин негизинде эле биздин Конституция жаңыланып, редакцияланып, кайра кабыл алынууга тийиш.
Бир беренеси экинчи берене менен карама-каршы келген Конституция менен кантип жашайбыз?
Курманбек Токтоналиев, Конституцияны которуу боюнча лингвистикалык экспертизанын мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор