Menu

Индира Кудайбергенова, Иса Ахунбаев атындагы КММАнын ректору: “Медакадемия жаңы сапаттык бийик деңгээлге көтөрүлөт”

 

– Индира Орозбаевна, сиздин ректор болуп дайындалганыңызга саналуу гана ай болду. Бирок мурунку ректор Аширали Зурдинов баш болгон бир катар окутуучулар сиздин кадрларды куугунтуктап жатканыңыз тууралуу маалымат жыйын өткөзүп айтышты эле. Чын эле куугунтук жүрүп жатабы?

– Туура, менин ректор болгонума бир аз гана убакыт болду. Буюрса Медициналык академиянын эл аралык деңгээлде аброюн көтөрүү багытында жакшы тилек, максат менен иш жүргүзүп жатабыз. Келе калып эле кадрларды куугунтуктап жатат деген чындыктан алыс. Бүгүнкү күндө баары жакшынакай эле иштешүүдө. Эч ким кызматтан кеткен жок.

– Анда эмне себептен иштен кетирип жатат деген сөздөр айтылды…

– Эми менин ректор болуп келишим кайсы бир деңгээлде айрымдардын көз карашына туура келбеген чыгаар. Албетте, маалымат жыйын өткөргөндөр эмоционалдуу түрдө пикирлерин айтышты. Негизи алар конкреттүү түрдө клиникада, кафедрада иштешет.  Башка университеттерден айырмаланып, биздин академиянын декандары көбүнчө кафедраларда иштешет.  Негизги жумушу ошондой. Түштөн кийин гана деканатта иш жүргүзөт. Декандык кызмат үчүн айлыгына 500 сомдон 1200 сомго чейин кошулат.  Маалымат жыйын өткөргөндөрдүн баары өздөрү иштеп жүрүшкөн кафедраларда калышты. Болгону декандык кызматтарын гана өткөрүп беришти. Азыр талапты катуулатып жатам.  Талап болбосо иш алга жылбайт.

– Демек декандык кызматтан кетишкенине нааразы экен да?

– Алар баары бир декандык кызматтан кетээрин билишчү. Жыл аягында келишимдери бүтмөк. Мени премьер-министр Сооронбай Шарипович ректорлук кызматка дайындаганда академиянын техникалык базасын, билим берүү сапатын эл аралык талапка жоо берген деңгээлге көтөрүү талабын койду. Мен ал үчүн иштин көзүн билген команда топтоп иш алып барышым керек да. Бүгүнкү күндө эл аралык стандартка төп келген техникалык базаны, башкача айтканда медициналык жабдууларды жаңылоо, окуу программасын эл аралык стандартка шайкеш келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мындай иш буга чейин деле жүрүп келген. Бирок биз бул ишти ыкчам анан сапаттуу жүргүзүү максатында иш алып баруудабыз. Ушул жерден жөнөкөй эле бир мисал айта кетейин, биз өзүбүз ден соолукту чыңдоо, ага кам көрүүгө үндөп келебиз да, өзүбүздүн студенттер үчүн спорттук аянтчабыз жок. Мына ушул кемчиликти жоюп, студенттерге шарт түзүп, спорттук аянтча курганы жатабыз. Учурда долбоору даяр болду. Жакын арада иш башталат. Илимий, техникалык, диагностикалык, лабораториялык базаларды жаңылоо, билим берүү сапатын көтөрүү багытында да бир катар долбоорлордун үстүндө иш алып барып жатабыз. Кудай буюрса, Медакадемия жаңы сапаттык бийик деңгээлге көтөрүлөт.

– Медициналык академия коррупцияга батып кеткен деген сын-пикирлерге кошуласызбы?

– Коррупцияга батып кетти дегенден алысмын. Албетте, кемчиликтер бар. Иш бар жерде кемчилик болот. Бирок биз Кудай буюрса академияны ар кандай сындан арылтып аброюн көтөрөбүз деп ишеничтүү айта алам.

Мына бүгүнкү күндө академияга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн жалпы республикалык тесттен жогорку балл алгандар кабыл алынат. Абитуриенттер тесттен алган баллы көрсөтүлгөн талон менен келишип, өздөрү каалаган факультетке тапшырышат. Жогорку балл алгандар эч тоскоолдуксуз өтөт. Биз өз алдыбызча сынак албайбыз. Демек абитуриенттерди окуу жайга кабыл алууда маселе жок.

Ал эми студенттердин билим алуу, сынак тапшыруу маселесинде көйгөйлөр болушу мүмкүн. Биз ушул жагдайга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Студенттердин кайсы предметтер боюнча ийгиликтүү сынак тапшырды, кайсы сабактан аксап жетише албай жатат, баарын көрүп-билип туруу үчүн электрондук сынак китепче онлайн системасын киргизип, көзөмөлдү күчөтөлү  деген максатта иш жүрүп жатат. Ар бир деканат кайсы студент кайсы кафедрадан сабактарына жетише албай жатат, сабакка катышуусу кандай, баарын онлайн системасынан көрүп, анализдеп турат. Эмне үчүн биз буга баруудабыз? Мурун биз окуп жүргөндө экзамен тапшыра албай калсак бир жолу кайра тапшырууга уруксат берилчү. Тапшырсаң тапшырдың, тапшыра албасаң кулачусуң. Азыр кандай? Экзаменден кулаган студент,  качан сынактан өтмөйүн кайра-кайра экзамен тапшыра берет.  Мындай болбош керек да. Анткени бул нерсе студентти баары бир тапшырам да деген көңүл коштук, кайдигерлик, кенебестикке түртөт. Биз ушул кемчиликти түзөп, экзамен тапшыра албай калган студентке эки жолу кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берип, үчүнчүсүндө кулай турган кылып жоопкерчиликти күчөтүп, окууга олуттуу мамиле кылууга үндөп жатабыз.  Анткени адам өмүрүн сактоочу келечектеги врачтар ар дайым сабакка калтырбай катышып, окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого милдеттүү. Ага эрки жетпесе, башка кесипти тандашы керек.

– Акча алып экзамендерден өткөрүп койгон окутуучуларга болгон талап кандай?

– Студенттерге кандай талап катуу болсо, окутуучуларга болгон талап да күчөтүлөт. Ким кайсы предметтен сабак берсе, өз убагында программадан калбай лекция, сабактарын үзбөй өтүүгө милдеттүү. Эгер кайсы бир окутуучунун экзаменден акча алганы туурасында маалымат уксам, анын илимдин доктору, профессор экенине карабай кызматтан кетет. Мен андайлар менен акыйлашып отурбайм. Академияда коррупцияга жол ачкандарга орун жок. Албетте, студенттерден акча албаш үчүн окутуучулардын айлык-маянасын көтөрүү керек. Алар эч нерсеге алаксыбай, кайдан акча табам деп майда-барат күнүмдүк тиричиликке байланбай, студенттерге татыктуу билим бериши керек. Ошондо гана биз сапаттуу кадрларды даярдап чыгабыз. Биз бул багытта иш жүргүзүп, кызматкерлердин айлыгын бир аз көтөрдүк. Кудай буюрса окутуучулардын айлыктары жетишээрлик деңгээлге көтөрүлөт. Биздин окутуучу доценттер, профессорлор, илимдин кандидаттары, докторлору аябай күчтүү, тажрыйбалуу адистер. Жалгыз кишинин колунан эч нерсе келбейт, мен ойлойм биргелешип, академиянын аброюн көтөрөбүз деп.

– Эми жеке өзүңүзгө байланышкан суроолорго токтолсок. Сиз проректор болуп иштеп турганыңызда чет элдик 1-курстун студенти алтынчы бүтүрүүчү курска которулуп, диплом алганы тууралуу маалыматтар чыкты. Ушул туурасында эмне айта аласыз?

– Бул иш мен 2000-2001-жылдары 1-проректор болуп иштеп турганда болгон дешип жазышты. Ал учурда биздин академияга которулуп келген чет элдик студенттердин документтери эл аралык мамилелер боюнча проректордон өткөн.  Мен окуу иштерине жооп берчүмүн. Ал эми дипломдогу коюлган кол чындыгында менин колума абдан окшош. Бирок ал колду мен койдум беле же башкалар жасап коюшканбы далилдөө өтө кыйын. Андан бери 16 жыл өттү. Бирок мен ачык айтып коеюн, Кудай турат диплом жасаган ишке аралашкан эмесмин. Мен мындай иштерден өзүмдү оолак кармайм.

– 2011-жылы сиздин жеке менчик онкологиялык борбордо дарыланып жаткан Акмат Бакиев качып чоң чуу чыккан. Бул ишке сиздин тиешеңиз болушу мүмкүн деген шек жаралган…

– Менин Акмат Бакиев менен жеке эч кандай тааныштыгым болгон эмес. Мага ошол кезде 15 жыл Акмат Бакиевди дарылап келген врач чалган. Ал жатак колониясынан Акмат Бакиев ооруп келгенин, аны жаткырып дарылаш керектигин билдирди. Мен ал ооруп келиптирби десем “ооба” деди. Мен ооруп келген адамды дарылабай баш тартууга сенин да, менин да укугум жок, жаткырып дарылоо керек  дегенди айткам. Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиев президент болгонго чейин эле онкологиялык борбордо дарыланып келиптир. Ал эми анын качып кеткени мага да таң калычтуу болду. Бизге эч ким анын кайтарууда экенин айтышкан эмес. Кайтарып жүрүшкөн эч кимди көргөн эмеспиз. Биз оорулуу адамды кайтарбайбыз  дарылайбыз. Керек болсо Акмат Бакиев дарыланган акчасын төлөбөй кеткен. Бул иште биздин эч кандай күнөө жок. Бул туурасында учурунда да айткам.

– Курманбек Бакиевдин жубайы Татьяна Бакиева менен жакын курбу, ынак мамиледе болгон деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Чынын айтайын, жакын, ынак болмок түгүл сүйлөшүп көргөн эмесмин. Телевизордон гана көрүп калаганым болбосо, жакындан тааныбайм. Кайдан жүрүп курбу кылып жатышканына түшүнбөйм.  Мени билбей туруп, мен жөнүндө тескери маалымат жазгандарды кудай өзү кечирсин. Башка эч нерсе деп айта албайм.

– Медакадемияга тиешелүү жерди, имаратты сатып жиберген деген маалымат чыкты эле…

– Ушундай маалымат чыккандан кийин прокуратурадан келип текшеришти. Менин жер же имарат сатканым боюнча эч бир документ таба алышкан жок. Мен эч кандай академияга тиешелүү жер же имарат сатпасам, анан кайдагы документти табышмак эле. Мен болгону академиянын аймагына жайгашкан сулуулук салонуна ижара акысын төлөө боюнча келишимге кол коюптурмун. Башкы прокуратура текшергенде сулуулук салону 2008-жылдан бери ижара акысын төлөбөгөнү ачыкка чыгып,  академияга 200 миң сомдон ашык каражатты төлөй турган болду. Демек прокуратуранын текшергени тескерисинче пайда болду. Мен учурда Медакадемиянын клиникалык базасын түзгөнгө имарат таппай жатам. Анан кайсы имаратты сатабыз? Бош имарат болсо бизге бергиле, биз клиникалык база түзүп, студенттердин окуу шартын, билим сапатын жогорулаталы деп чуркап жүрөм.

– Эмне себептен премьер-министр ректор шайлоодо биринчи орунду алган эмес, үчүнчү орун алган сизди ректор кылып дайындады деп ойлойсуз?

– Эми бул жерде эч сыр жок. Жобо боюнча ректор болуп биринчи орунду алган эмес, көп добуш алган үч кишинин бирөө дайындалыш керек деп жазылып турат.  Ал эми эмне себептен мени дайындаганын премьер-министрдин өзүнөн сураш керек го. Бирок мен бир нерсени так айта алам, мен ректор болом деп кимдир бирөөгө бир нерсе бергеним жок. Эч ким менден эч нерсе сураган да жок. Анткени менин бирөөгө бир нерсе сунуштабай турганымды, бирөөдөн бир нерсе албай турганымды, сырымды билгендер жакшы түшүнүшөт. 

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

 

 

Надира Нарматова, экс-депутат: “Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө арнап, сактап жүргөн "бомбасы" болсо керек”

Кыргыз коомчулугунда издөөдө жүргөн, сыртынан өмүр бою кесилген, түштүк коогалаңын уюштурду дегендердин алдыңкы сабында турган Кадыржан Батыровдун ЕККУда сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Анын кыргыз бийлигине айткан сыны, Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикири, ошондой эле өзбектер геноцит болду дегени элдин ачуусун ого бетер келтирди. Бирок аталган жыйында анын жанында олтуруп алып  аны мактап, Кыргызстандагы саясый качкындардын бири деп тааныштырып туруп сөз берген Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулованы да эч ким сүйгөн жери жок. Керек болсо Кыргызстандагы укук коргоочулук миссиясын токтотуп, эл чогулган жерден кууп чыгыш керек. Булар кыргыз элинин кайгысынан акча табат деп жеригендер да четтен чыгууда. Ошондой эле кыргыз бийлиги абройлуу делген эл аралык ЕККУ деген уюмдун жетекчилигине нааразы болуп, биздин мамлекетти сыйлабаганы үчүн кылмышкер делген Кадыржанга сөз бердиңер деп, ал керек болсо 51 мамлекет мүчө болгон уюмдан чыгып кетүү  маселесин да көтөрүштү. Кадыржан Батыров эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандагы эки укук коргоочуга таянып Кыргызстанга болушунча көө жапты. Эми Кадыржанга калканыч болгон эки укук коргоочуга эл каршылыгын көрсөтөбү, же мурункудай эле иш аракеттерин жүргүзө береби, аны убакыт көрсөтөр. Биз элдин пикирин билүү максатында айрым инсандарга кайрылып суроо салдык.    

– Кадыржан Батыровдун ЕККУда  “Кыргызстанда азчылык улуттар басмырланат, Конституция өзгөрбөсүн” деп айтканга укугу барбы?

– Кадыржан Баатыровдун ЕККУнун кезектеги жыйынына  катышышы, официалдуу түрдө сөз берип сүйлөтүү фактысы ЕККУнун Кыргыз мамлекетине туура эмес мамиле жасагандыктын белгиси деп түшүнсө болот. Кадыржан Баатыров – издөөдө жүргөн кылмышкер,  өмүр бою эркинен ажыратылган Кыргызстандын жараны. Өзү качып жүрүп мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, демократиянын принциптерине сын айтып, мамлекеттин башкаруу системасына өзүн эркин сезип баа берип тургандыгы, жанына укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын отурушу атайылап даярдалган кезектеги ЕККУнун 2010-жылдагы Ош-Жалал-Абад окуясындагы комиссиянын жыйынтыгындагы өзбектерге геноцид жасашкан кыргыздар деген бүтүмүн тастыктагысы келген деп ойлоймун.

Экинчиден, Конституция боюнча Т.Исмаилова президентке болгон нааразычылыгынын негизинде багыт берсе керек деп ойлойм. Бул деген биздин башкы прокуратуранын, укук коргоо органдарынын, жалпы бийликтин алсыздыгы. Алты жыл бою эч кандай чара көрүшпөгөндүгүнүн натыйжасы келип чыкты. Бул Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөттүн  мүчөлөрүнө арнап, сактап жүргөн бир жара турган “бомбасы” болсо керек.

Булак: Асман плюс

 

КР Өкмөтү Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөттү

Афганистан Ислам Республикасындагы  Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга   гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн колонна бүгүн, 3-октябрда, Ош шаарынан жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Афганистан Ислам Республикасындагы  Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга   гуманитардык жардам  товар, азык-түлүк, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үй түрүндө уюштурулду.

Экспедициянын курамы 20 адамдан туруп,  ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы  Бакыт Адылов баштаган тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, мындан тышкары Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн   медициналык кызматкерлер кирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү гуманитардык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн  10 млн сом бөлдү.

Бүгүнкү күндө Афганистан Ислам Республикасындагы  Улуу жана Кичи Памирде  1500гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.

Кайда барсаң өзүм билем дегендин шору

Өткөн жумада кырына чыгып алып Кыргызстанды карачу опол тоодой эки окуя болду. Биринчиси, Нью-Йоркто Генералдык Бириккен улуттар (БУУ) уюмунун 71-сессиясы болуп өттү. Экинчиси, Орусияда аяктаган парламенттик шайлоо. Булар бизге «кандай болуубуз зарыл» деген суроого жооп издөөгө жардам берет болду экен?

Орусиядагы шайлоо

Биздин орусиялык саясатка киндиги туташ атка минерлер үчүн тоодой көрүнгөн окуя Москванын бөксө тоолорунан бийик эмес. Анткени Орусияда өткөн парламенттик шайлоо биздин акыркы партиялык шайлообузга караганда технологиялык жана башка жагынан алганда кыйла начар болду десек аша чапкан болбойбуз.

Технология демекчи, кантип тартылганы белгисиз, Орусиянын он чакты жеринде тасмага түшүрүлүп, интернетке жайылып кеткен видеолордо абал мышык ыйлаарлык. Элдин келечегине таалим-тарбия берип жаткан мугалим эжелер бирөөсү кароолго тура калып, экинчиси шайлоо сандыгына тутамдап бүллүтен тыгып атат. Тыгып жиберүү да алдын-ала ойлонулуп, ыңгайлаштырылган. Болгону сандыктын капкагын бекиткен мөөрлүү жипти бошураак кылып кой, бүттү, ыгы келгенде көтөрө салып бүллетендерди шуулдатып уруп жибересиң.

Ошентип Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын «Бирдиктүү Орусия» (Единая Россия) мурункуга караганда 4 млн.го аз добуш алса да, марага биринчи болуп чыгып, Мамдумада Конституцияга өзгөртүү киргизе алгандай көпчүлүк добушка ээ болушту. Сан жагынан алганда буга чейин Мамдумада 450 орундун 238ин ээлеп отурган болсо, азыр 300 орун томуруп алды. Мунун себеби элдин шайлоого аз келүүсүнө байланыштуу. Акыркы 2011-жылкы шайлоого орусиялыктардын 60%ы катышса, өткөн жекшембидеги шайлоого 48% шайлоочу гана келген. Айрыкча, Москва жана Санкт-Петербург сыяктуу миллиондон көп жашоочусу бар шаарларда шайлоого укуктуулардын үчтөн бири да келген эмес.

Орусиянын шайлоосунда оппозициялык күчтөрдүн баары биригип беш пайыздан араң аша алышты. Мунун себебин териштиргендер жалпыга маалымдоо каражаттарынын толугу менен бийлик тарапка иштегенин айтышат. Бирок мындай таш-талканы чыгып утулуунун негизги себептери башка. Биринчиси, оппозициялык партиялардын шайлоого жакындап калганда гана жүгүрүп калуусу. Экинчиси, майда-барат нерселерди талашып бириге албоо. Үчүнчүсү, берген убадаларына карабай, өздөрү сындаган бийлик тарапка бириндеп өтө качып, шайлоочулардын алдында аброюн түшүрүп алышкан.

Жогорудагы сапаттар биздин оппозициябыз деген партиялардын кылыктарына айныбай окшоп жаткансыйт. Орус коому мындай саясачылардын амалынан качып, шайлоого келбей коюп кутулуп атат. Кыргыз коому болсо жаңы ыкма тапканын жергиликтүү шайлоодо көргөздү. Муну капчыктары бош эмес партияларыбыз да аңдады. Акчаны жарнамага коротпой, шайлоочунун колуна кыстара салсаң болду. Демек, шайлоочулардын шайлоого келүүсү бизде азайбайт, көбөйөт. Биз бул жагынан да орустарды эзели алдыга чыгарбайт окшойбуз.

«Бийликте калуу үчүн Конституциясын алмаштырууда»

Биздин Ажобуз сыяктуу кетүүгө камынган жетекчи көп. Алардын чын эле биротоло кетеринен эч ким күмөн санабайт. Мисалы, БУУнун Генералдык катчысы Пан Ги Мун. Анын коштошуу сөзүнөн эле кайран аксакал ошол орунда бекер отурбаганы билинди. Эмесе, сөздү ээсине берсек.

Саясий лидерлердин көбү өз жарандарынын кызыкчылыгына кыянаттык кылууда деген оюн билдирген БУУнун жетекчиси: «Көп мамлекеттин лидерлери бийликте калыш үчүн Конституцияларын кайра жазуу, шайлоону өз билгендей колдонуу сыяктуу аракеттер менен тырбалаңдап бийликте калуу аракетине өтүштү. Алар кызматын жеке менчиги эмес, жарандарынын ишениминин натыйжасы экенин түшүнүүсү керек. Мен алардын бетине эле айткым келет. Силер элиңерге кызмат кылууңар керек. Демократияны копшогонду, өз өлкөңөрдүн табигый байлыктарын талап-тоноону, атаандаштарыңарды капаска тыгып, басмырлаганды токтоткула!» – деп арам кекиртек жетекчилерди ашкереледи.

Пан Ги Мун дипломатиялык этикетти жыйыштырып, мамлекеттер учурдун көйгөйлөрүн чече албаганына токтолуп: «Жарандар менен лидерлери эки башка дүйнөдө калды. Экстремисттер адамдарды «өзүнүкү» жана «башканыкы» деп бөлүнүүгө түртүүдө. Көп адам күн сайын коркуу менен жашап атат. 130 млн. адам өмүрүнүн учугун араң улап келет. Алардын көбү биздин келечегибиз болгон жаштар менен балдар. Бул залда жөнөкөй жарандарга кылынган мыкаачылыкты көрмөксөнгө салгандар, же ага катышкандар, же аларды мерчемдеп ишке ашыргандар олтурушат. Эми мындан ары кайда барабыз? Бирок айбандыктын түпкүрү жок сыяктуу», – деген ачуу чындыкты айтты.

БУУдагы эрежелердин адилетсиздикке жол ачып жаткандыгы тууралуу Генсек: «Мен кеңири колдоого татыган көп демилгелерди бир же бир нече мамлекет бөгөп салганына күбө болдум. XXI кылымда бир, же бир нече мамлекет эч нерсеге таянбаган эбегейсиз укукка ээ болуп, бүт дүйнөнү барымтага алып алуусу акылга сыйбайт», – деп нааразылыгын билдирген.

Бул сөздөрдү уккан адам «элимди каалагандай башкарам, өзүмдү-өзүм билип, өтүгүмдү төргө илем» деген жетекчи элдин акысын жеп-ичкени, саясий атаандаштарын куугунтуктаганы, укукту жыйыштырып, сотторду каалагандай чечим чыгартканы тууралуу дүйнөнүн кабары жок деп айта албайт. Ошого жараша ойлонуп иш кылганы жакшы болоттур.

«99%ынан 1%ы бай дүйнө эч качан туруктуу болбойт»

Дагы бир «кетер конок» Америка кошмо штаттарынын президенти Барак Обама: «Эки айрылыш жолдо турабыз. Биз же бири-бирибизге жардамдашкан мамлекеттерге айланабыз, же түскө, динге, аймакка жараша ажырап, кылымдар бою келе жаткан араздашууга кайтабыз. Узак мөөнөттүк мээнет менен келген адам укуктары, ачык базар, эсеп берген өкмөт жана демократия принциптери өнүгүүнүн пайдубалы экенин унутпасак. Бул теория жана идеологияга эмес, бул тарых менен факт. Учурда авторитардык жана либералдык башкаруунун атаандаштыгы байкалат. Мен албетте, либералдык башкаруу тараптамын. Либералдык дегенде бир гана таза шайлоо жана элдин ишенимине ээ болгон башкаруу гана эмес, адам укуктарын сыйлоо жана көзөмөлдөө, көз карандысыз сот системасы менен укуктун үстөмдүгүн айтып атам. Көп өкмөттөр ачык базарды колдонгону менен ачык коомдун күчүн көрмөксөнгө салып келишет. Заманбап шарттарда ачык экономика акыры коомду да ачыш керек», – деген ой айтты.

Интернет эң алыскы айылдарды дүйнө менен бириктирди деген Обама оюн: «Технологияларды кайра артка кууп, капаска бекитип сала албайбыз. Дүйнөнүн биригүүсүнө атайын тосколдук кылгандар бар болгону менен демократия барган сайын күчтөнүп баратат. Жердин төрт тарабында адамдар өздөрүнө урмат-сый талап кылууда. Ашкере динчилдик, улуттук өзгөчөлүккө негизделген саясат, ашкере солчулук же оңчулдук сыяктуу нерселерди эске албай коё албайбыз. Алар азгырганы менен узак мөөнөттөгү өнүгүүгө жол ача албаганын да тануу кыйын», – деп сөзүн улантты.

Адамзаттын биригүүсүнө тоскоол болгон жогорудагы нерселерди ашып өтүү үчүн бир нече чараларга токтолгон АКШ президенти: «Глобалдуу экономика артыкчылыгы барларга гана эмес, калктын кеңири катмары үчүн иштеши керек. Акчалуулар салыктан 8 триллион долларды катып жатышат. Бир пайызы калган 99 пайызынан көп байлыкты мыкчып жаткан дүйнө эч качан туруктуу болбойт. Бул эски маалымат, бирок интернет мындай абалды ашкерелегенден ашкерелеп баратат. Бул адилетсиздикти көргөн адамдардын өкмөттөрүнө болгон ишеними урап түшүп жатат. Байларын сурак-соболго тарта албаган коом чирип жок болот», – деген пикирин ортого салды.

Корутунду ордуна…

Жогорудагы регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги көйгөйлөр өлкөбүздө да жок эмес. Биздин саясий лидерлер жана коомдук элита буларды эске алуусу керек деген ойдобуз. Бул көйгөйлөрдөн чыгуу жолдору да жашырылбай так айтылган сыяктуу болду. Туура эмес нерселерден качып, туура нерселерге умтулуу бизди эгемендүү мамлекет жана дүйнөлүк саясий-экономикалык субъект катары калыптануубузга жол ачары шексиз. Антпесек Түркиянын президенти Таййип Эрдоганга окшоп БУУда өз үй-бүлөсүнүн жемкордугун жашыруу үчүн бирөөлөрдүн бетин тырмоого мажбур болосуң. Өзүңө тиешелүү телеканалдар болсо Барак Обама сүйлөп жаткандагы зал толтура кол чапкан элди сенин куру сөзүңөн качкан залдын ордуна чаптап кыйналат.

Саресеп гезитинин аналитикалык тобу

Булак: Саресеп 

Москвада тыңчылыкка айыпталып украиналык журналист кармалды

«Укринформ» агенттигинин журналисти Роман Сущенко тыңчылыкка айыпталып, тергөө абагында камалып турат. Бул тууралуу Москванын коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү, укук коргоочу Зоя Световага шилтеме кылып «Ачык Орусия» билдирди.

Укринформдун» Париждеги кабарчысы, Украинанын жараны Роман Сущенко укук коргоочуларга 30-сентябрда Москвада кармалганын айткан. Ага психологиялык кысым көрсөтүлүп, жубайына телефон чалууга уруксат беришкен эмес. Журналист 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган «тыңчылык» беренеси боюнча айыпталууда. Сущенконун камакка алынганын Украинанын Москвадагы консулу ырастады.

“Укринформ” маалымат агенттиги Роман Сущенконун Москвада кармалышын атайын пландалган чагым деп баалоодо. “Көп жылдык кемчиликсиз репутацияга ээ, Евробиримдиктин эң таасирдүү өлкөлөрүнүн биринде аккредитациядан өткөн, ошол эле маалда «норманд форматынын» катышуучусу болгон журналисттин “тыңчылыкка” айыпталышы Орусия тараптан украин жарандарына карата жасалган кезектеги орой жана мыйзамсыз акт катары гана бааланат”, – деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

“Укринформ” менен журналисттин жубайы орусиялык журналист Марк Фейгин менен келишим түзүштү. Ал Сущенко менен жолугушуу үчүн Москвадагы “Лефортово” тергөө абагына барды.

Украина ТИМи Москвада украиналык журналист Роман Сущенконун кармалышы жана камакка алынышы тууралуу маалыматты текшерүүдө. “Укринформ” журналисттер коомчулугуна, эл аралык укук коргоо уюмдарына, Украинанын жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык мекемелерине кайрылып, Роман Сущенкону эркиндикке чыгарууга көмөктөшүүнү өтүндү.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда депутаттар алгач ирет ант беришти

Тажикстан парламентинин 63 депутаты улуттун кызыкчылыгын өзүнүкүнөн  бийик коюп, мыйзамдарды ак ниеттүүлүк менен иштеп чыгууга жана кабыл алууга убада берген текст окушту.

Намояндагон мажлисинин төрагасы алгачкылардан болуп ант берди. Депутаттардын ант берүү аземи парламенттин төмөнкү палатасынын үчүнчү сессиясынын биринчи күнүндө болду.

Ар бир депутат мамлекет менен калктын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору коюуга, Конституцияга жана өлкөнүн башка мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүүгө, бардык күчүн, билимин, тажрыйбасын Тажикстандын экономикалык жана социалдык өнүгүшү үчүн жумшоого милдетенме алды. Мындан тышкары улуттук биримдикти жана мамлекеттик көз карандысыздыкты бекемдөөгө, адамдардын эркиндигин жана укуктарын камыздоого, мыйзамдарды иштеп чыгууга жана кабыл алууга жигердүү катышууга сөз беришти.

Намояндагон Мажлисинин депутаттары алгач ирет ант берип жатышат. Айрым эл өкүлдөрү бул алардын жоопкерчилигин жогорулатат деп эсептейт. Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Киёмиддин Миралиёндун пикиринде, мусулмандар антка чоң маани беришет.

Жаңы конституцияга ылайык, парламент депутаттары эл алдында ант берүүсү керек. Буга кошумча Тажикстан өкмөтүнүн анты өлкө президентине багытталат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Йога: Тарых таржымалы

Йоганын тарых таржымалы Индиядан башталат, биздин заманга чейин 17-18-кылымдарга таандык. Йоганын тарыхы 5 миң жылдан ашат, аны менен машыгуу адамга физикалык жактан гана жардам бербестен, адам дагы көптөгөн башка сапаттарды ачууга да мүмкүндүк берет. Европада алгачкылардан болуп йоганын философиясын Шопенгауэр изилдей баштаган. Ал эми коңшу келген мамлекетибиз Россия 1917-жылдагы революцияга чейин кызыга башташкан.

Йоганын негизги багыттары

Раджа йога (классикалык йога) – медитация аркылуу акыл-эсти башкаруу, чыныгы жашоо менен кыялдын айырмасын түшүнүүгө үйрөтөт.

Хатха йога-раджа йогадагы оор медитацияларды жасоо үчүн денени даярдоо системи.

Айенгара йога хатха-йоганын түрү. Ар кандай көнүгүүлөрдү жасоодо тургуч, жаздык сыяктуу буюмдар колдонулат жана бардык курактагыларга ылайыкталган.

Кундалини йога – бул багытта уруш ыкмалары да аралашкан. Көнүгүү музыканын коштоосунда жасалат.

Ислам дининде

Ислам дининде йога менен ден соолукту чыңдоо максатында машыкканга уруксат берилет. Бирок йоганын спорттук көнүгүүлөрүнөн башка ар кандай сөздөрдү кайталоого тыюу салынат. Кыргызстанда Йога федерациясы 2009-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө федерация көптөгөн багыттарды жана стилдерди бириктирип турат. Алар: хатха йога, кундалини йога, аштанга йога, балдар йогасы, жуп менен машыгуу, кош бойлуулар үчүн йога ж.б. Кыргызстанда йоганын негиздөөчүсү деп эч ким саналбайт. Анткени мурдатан эле кызыккандар көп болгон, кийин клубдар ачылып, федерация негизделген. Азыр өлкөдө болжол менен 5тен ашык йога клубу жана 200дөй өз алдынча иштеген инструкторлор бар. Инструкторлордун көбү билими жок, дисктен же башка жерден көргөндөрүн үйрөтүп жүрүшөт. Машыккандардын жашы 5 жаштан 80 жашка чейин. Келгендердин болжол менен 98 пайызы ден соолукту чыңдоону каалагандар, калгандары йоганын философиясына кызыккандар.

Йоганын пайдасы

Йоганын адамды бардык оорулардан айыктырчу касиети бар. Йоганын техникасы организмдин өзүн-өзү дарылоосуна же сакайышына толук мүмкүндүк берет. Йоганын дене көнүгүүлөрү жана медитация же сүкүт чалуусу аркылуу денебиздин энергетикалык кубатты өнүктүрүп, күч топтоп, кандын басымын төмөндөтө алабыз. Көпчүлүк оорулар руханий кыйналуудан же ой басып, кыжаалат болуудан жаралат. Йога дал ошол терс ойлордон арылып, депрессия, стресстен арылууга жардам берет. Йога туура ойлонуу аркылуу организмди өзүнүн мурдагы калыбына келтирип, узак жашоого, чын ден соолукта өмүр сүрүүгө жардам берет. Биздин мээбиз үчүн физикалык көнүгүүлөргө караганда руханий көнүгүүлөр маанилүү. Кээ бирөөлөр ооруп калып, классикалык доктурлардан шыпаа таппаганда йогага барышат. Йогадагы көнүгүүлөрдүн бири: бир чекитти көпкө тиктеп, өпкө менен терең дем алуу. Өпкө менен узак дем алуу стрессти жок кылат. Ошон үчүн организмди туура дем алдырсаң денең мемиреп эс алат, дене өзүн дарылайт. Андан сырткары мээни түркүн ойлордон тазалап, бир ойду топтоого үйрөтөт.

Йога менен машыгуунун натыйжасы

Натыйжаны күтүү ийгиликке жетүүнү автоматтык түрдө кечеңдетет. Ийгилик биз эмнени каалаганыбызга жана аны чындап каалаганыбызга багыныңкы нерсе. Ошон үчүн биз өзүбүзгө эмне керек экенин жана эмне каалаганыбызды билген абдан маанилүү. Ал үчүн денени, организмди түшүнүүбүз абзел. Ар күнү тынбай эмгек кылуу гана бизди ойлогон оюбузга жакындатат. Йога адамды денеси менен иштөөдө сабырдуулукка, чыдамкайлыкка үйрөтөт. Сиз йогага такай барып жүрсөңүз адамдар кандай прогресс жасаганын, организмиңиз кандай өзгөргөнүн байкайсыз. Миңдеген жылдар бою өнүккөн йога дарылануунун маанилүү бир формасы.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

УКМК тажик укук коргоочусу Собир Валиевге карата козголгон кылмыш ишин жандандырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны Собир Валиевге карата козголгон кылмыш ишин жандандырды.

Маалымдалгандай, буга чейин “мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Бирок ал эл аралык издөөгө алынгандыктан 2015-жылдын 14-сентябрында кылмыш иши токтотулган.

Собировдун жубайы Жанета Хамзаева 2-октябрда Кыргызстанга келгенине жана изделип жаткан адам жашаган жерде тергөө амалдарын жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу атайын кызмат бул ишти кайра жандандырды.

Хамзаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 2-октябрга караган түнү Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунда кармашкан.

УКМК Жанетта Хамзаеванын катышуусунда анын жашаган жерин тинтүүгө алган. Атайын кызмат аны күбө катары суракка алып, кайра бошотту.

Собир Валиев “Группа-24” кыймылынын активисттеринин катарында Европа мамлекеттеринде, Орусияда жана Түркияда бир канча жолу тажик бийлигин демократияга үндөгөн акцияларга катышкан.

Расмий Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен 2015-жылы Кишиневде колго түшүп, бир айга чукул Убактылуу кармоочу жайда жаткан, бирок сот аны боштондукка чыгарган. Учурда ал эл аралык издөөдө жүрөт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Пайдалуу кеңештер: Кечикпөөнүн сырлары же тактыкка кантип көнөбүз…

 

Чынында азыр кечикпей, өз убагында келген адамдар чанда кездешет. Баарыбыз эле кечигип, анан шашып жүрөбүз. Өзгөчө акыркы убактарда биздин кечигүүбүз кадимки салтка айланып бара жаткандай. Муну тойлордон, концерттерден билсек болот. Кандай гана тойго барба, кечикпей башталбайт. Себеби коноктор жок, күтүү керек. Бир саат дегенде араң кечигип келебиз. Эч уялбайбыз. Кечиксе эмне экен деп коебуз. Бул жоопкерчиликсиздик экендигин моюнга алгыбыз келбейт. Концерттерде деле ушундай көрүнүш. Негизи адам убакытка так болгону эң жакшы. Бул кимдир бирөө үчүн эмес, өзүң үчүн керек. Анткени пунктуалдуу адамдар ар дайым ийгилик ээлери болушат. Ар бир нерсе өз убагы жана учуру менен аткарылса иштин натыйжасы жакшырат эмеспи. Сиз дагы ийгиликке жетүүнү кааласаңыз, анда төмөнкү кеңешке көз чаптырыңыз.

  1. Психологдордун айткандарына таянсак, адамдардын бүгүнкү кечигүүсүнө кечээки күнү себеп болот. Анткени кечээ кечинде өз убагында уктабаган адам эртеси сөзсүз кечигет. Кеч уктаган адам кеч турат. Анан жумушка да кеч келет, аткара турган иштеринен да кеч калат. Албетте, анан ийгиликке жетише албайт да.
  2. Ар дайым кечигип жүрүү акырындык менен стресске жана депрессияга жеткирет, бул өз кезегинде ишиңиздин артка кетүүсүнө себеп гана болбостон, ден соолугуңуздун начарлашына да өбөлгө түзөт. Андыктан мындан арылуу керек.
  3. Эң биринчи убакыт адамга эмне үчүн керектигин аныктап алуу зарыл. Кимдир бирөө үчүн убакыт акча табууга, дагы бирөөгө билим алууга, башка бирөөгө эс алууга, айтор ар кимге ар кандай максатта керек. Андыктан терең ой жүгүртүп, талдап чыгыңыз да, туура багытты аныктап алыңыз. Эгер чыныгы жоопту тапсаңыз убакыттын баасы сиз үчүн анык болот.
  4. Анан ар бир адам күндөлүк ачуусу шарт. Ал жашооңузду бир топ жеңилдетип, көптөгөн баш ооруткан иштерден арылтып, убактыңызды үнөмдөөгө жардам берет. Күн сайын кечинде эртең аткара турган пландарды жазуу зарыл. Мүмкүнчүлүк болсо ар бирин убакыт — сааты менен жазган жакшы. Бул адатты күндө кайталаш керек. Бир күн жазып таштап койбой, күнүмдүк адатка айлантып алса жыйынтыгы жакшы болот.
  5. Колдон келсе жумуштарды жарым саат эрте баштаган жакшы. Бул да кечикпөөнүн алдын алып, адамдын жоопкерчилигин арттырат. Анан албетте, күндөгүдөн көп жумуш бүтүрүүгө шарт түзөт. Андыктан жумушка жарым саат эрте чыгып убакытты үнөмдөсөңүз болот.
  6. Көп адамдар кечигүүсүнүн негизи себептерин айланасындагылардан же үй- бүлө мүчөлөрүнөн, жол тыгындарынан издешет. Бирок бул кечигүүгө жооп эмес. Бардык нерсе адамдын өзүндө. Жоопкерчиликтүү адам мындай нерселердин баарын эске алып, ошого жараша иш баштайт. Маселен, жол тыгынын эске алып бир аз эртерээк жолго чыгат.
  7. Анан сөзсүз кечинде уктаар алдында өткөн күнгө саресеп салуу кажет. Кайда кечигип, кай жакка өз убагында бардыңыз жана эмне иштерди аткардыңыз, баарын көз алдыңыздан өткөрүп, кемчиликтерди башка кайталабоого убада берип, сизди ким капа кылса аны кечирип, сиз капа кылган адамдардын сизди да кечирүүсүн өтүнүңүз. Муну жөн гана сөз жүзүндө калтырбай ишке ашыруу керек. Эртең жасайм, эртеңден баштайм деген куру убаданы унутуу зарыл. Жасай турган ишти бүгүн бүтүрүүгө жана айткан убадага бек болууга аракет кылыңыз. Бул сиздин ишиңизди илгерилетип гана тим болбостон, адамдар арасындагы кадыр- баркыңызды, сый-урматыңызды жогорулатат. Анткени баарыбыз эле убадага бек, жоопкерчиликтүү адамдарды сыйлайт эмеспизби.

Даярдаган Жаркынай Кадыркулова

Булак: Фабула 

Терроризм үчүн издөөгө алынган өзбекстандыктар Петербургда балдар аянтчасын куруп жүрүшкөн

Полициянын антитеррордук бөлүмүнүн кызматкерлери Петербургдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Борбор Азиядан келген 12 чет өлкөлүк жаранды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирүүдө.

Алардын экөө Өзбекстан ислам кыймылы террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү катары издөөдө жүргөн. Кармалган эки жаран тең 32 жашта. Алдын ала маалыматтар боюнча алар Петербургда 2010-жылдан бери курулушчу болуп иштеп, жашырынып жүрүшкөн. Соңку мезгилде алар балдар аянтчасын салып жатышкан.

Кармоолор туурасында Өзбекстандын атайын кызматына кабар беришти. Колго түшкөн калган жарандар миграциялык мыйзамдарды бузушкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эл ырчылары элдешеби?

Жакында эле КРнын эл артисти Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы сөзү Дүйшөнбек Чомоевге, обону Рамис Алиевге таандык “Сахна” аттуу ыры жарыкка чыгып, көпчүлүктүн кулагына сиңип калган. Көп өтпөй аталган ырды КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева айым аткарып чыкты. Коомчулук бир ырды эки ырчы ырдап чыкканына деле маани бербесе керек. Болгону эки ырчынын элге сиңген эмгегине, талбаган талантына ыраазы болуп келишкен.

Бирок тынч жаткан шоу дүйнөнү дүңгүрөтүп Гүлнур Сатылганова  Фейсбук социалдык баракчасына “Ардактуу достор жана менин күйөрмандарым! Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда жана радиолордо “Сахна” деген жаңы ырды менин аткаруумда угуп жатасыздар, ошондой эле Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусунда дагы бул ыр жаңырып жатат. Ошондон улам мен сиздерге жагдайды түшүндүрүү үчүн бул постту жазып жатам. 2016-жылдын февраль айында сөзүн жазган автор Чомоев Дүйшөнбек менен жолугушуп бул ырдын сөзүн жаздыргам. Анан бул сөздөргө Рамис Алиевге обон жаздырып, авторлор менен келишим түзүлгөн. Ошентип жарым жылдан бери бул ырдын үстүндө иштеп жаттык. Менин айтайын дегеним, мен үчүн жазылган бул ырды Айчүрөк Иманалиева авторлордун уруксатысыз ырдап алганы авторлордун да, менин да кыжырымды келтирип жатат. Себеби ырчылык бул менин кесибим. Андыктан ырларыма жасаган жоопкерчиликтүү мамилем, ага короткон убакытым, каражатым мен үчүн кымбат турарын далилдейт. Ошондуктан бул жагдайга көз жумуп кое албадым. Негизи биздин чөйрөдө ушундай учурлар көп эле болот. Мисалы, бир ырчынын ырдаган ырын башка ырчы уруксатсыз ырдап алган ырчылардын адепсиздик, адамгерчиликсиз мамилесин туура эмес деп ойлойм” – деген оюн билдирген.

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчыларынан мындайды күтпөгөн эл дароо сынга алып, өз ойлорун билдиришти. Бул ырдын талашын коомчулук эки жумадан бери интернеттеги социалдык баракчаларда тынбай талкууга алып, кээ бир массалык маалымат каражаттарына да жарыялангандан улам Айчүрөк Иманалиева: Бул нерсени өз ара эле чечишип алсак болмок. Гүлнурдун кичинекей кыздарга окшоп гезиттерге чуркап, социалдык баракчаларга жазганы ашыкча деп ойлойм. Муну ыр деп коет. Ырды каалаган киши ырдай берет. Бул жерде сырдын деле кереги жок. Азыр акча сүйлөп калбадыбы. Болгону Гүлнур даяр оокатты акчасы менен келип жулуп кетти. Ал мага караганда көбүрөөк акча сунуштап 400 доллар төлөдү. Эгер жаман ырдасам көңүл да бурмак эмес. Демек мен мыкты ырдагам. Чыгарманы автор Рамис Алиевден алгам. Ал мага башка ыр жазып бермек. Акчасы да алдын ала берилген. Бирок ал чыгарма мага жакпай калып, 2 айдан кийин ушул “Сахна” деген ырды жазып берген. Буга жарым жыл болуп калды. Гүлнур “Ал ыр мага жазылган, мен буйрутма бергем” деп калп айтып жатат. Тескерисинче музыкасын мен бүтүрүп, Рамис акчасын алып койгону үчүн эле сатып жиберди. Албетте, ал азыр мен Гүлнурга жаздым деп айтат. Гүлнурга жазса, анда 5 күн отуруп жазган ырдын тексти менен минусун мага карматпай эле койбойт беле? Мейли ырдаса ырдай берсин, мен башка ырды ырдайм. Бир ыр менен чектелип жашаган туура эмес. Менин эч каршылыгым жок. “Радиолордон алып сал” десе алып салам, “ырдаба” десе ырдабайм. Бир ыр менен өмүр бүтпөйт. Жаштардын алдында ыр менен жаман көрүнгүм келбейт – деген пикирин гезиттердин бирине айтып чыкты.

Ал эми эки ырчынын талашы ана бүтөт мына бүтөт деп үн катпай отурган кесиптештери Бек Борбиев, Гүлнара Кахарова, Элмара Турсуналиева жана башка ырчылар социалдык баракчаларына акыл-насааттарын айтып, сыбырдуулукка чакырышты.

Бек БОРБИЕВ, КРнын эмгек сиңирген артисти:

– Сахналаштар, бири-бирибизге аяр мамиле кылууну унутпайлы. Артта 5-6 жыл болсо да мейли, 30 жылдай бир сахнада болгон кездер жатат. Буйруса дагы келечекте бир болобуз. Бул посту жазбайын дедим эле, бирок чатак автордун айланасында жүрүп жаткан соң , автор катары өз оюмду билдирип кетейин дедим. Биз көп жылдардан бери капиталисттик шоу – бизнесте иштеп жүрөбүз. Илгеркидей ырларды ийгиликтүү авторлор тартуу кылып белекке бербей калган. Жакшы ырлар сатылат, 500$ дан 1000$га чейин. Ким автордун калем акысын берип ырды алса, ошол ырчы гана ырдаш керек, ачуу чындык ушундай. Газетада журналисттер 4000$ деп адашып жазып жибергенби же атайылап жазганбы билбейм, бирок андай баа бизде жок, бул жерде 400$ жөнүндө сөз болуп жатат. Мен алган маалымат боюнча Гүлнур калем акысын авторго берип ырды алган, анан албетте ырдады. Бул жерден Айчүрөк досумду да капа кылгым келбейт, антсе да бардык сахналаштарга айтаарым, авторлордун эмгегин сыйлап, баалап жүрө турган кезге келдик. Андыктан жакшы ырлар кыргызда көп, дагы чыгат, бир ырдан бийик болуп, дагы миң ыр ырдагыла. Чыгармачылык жеңиш, достук каалайм экөөңөргө.

ЭЛМАРА ТУРСУНАЛИЕВА, ди-джей, алып баруучу:

– Аткаруучулар арасында бирөөнүн ырыстуурак ырын баса калып ырдап салмай адат бар. Бул эми эски элдик чыгармаларга тиешелүү болчу. Сурабай, астынан өтүп уруксат албай ырдоо адепсиздик, уятсыздык, сыйлабастык. Бул мезгилге чейин Гүлнур Сатылганова чыгармачылыгына кандай дыкат кылдат мамиле жасаарын жалпы чыгармачыл чөйрө абдан жакшы билет. Ийине жеткирмейинче бир ырды жылдап иштеши мүмкүн. Эң башкысы Айчүрөк Иманалиева бу жагдайда Гүлнур Сатылганованын ысымын уккан соң, кой бир ооз тактап коеюн деп алдынан өтүш керек эле. Кесиптеш, замандаш катары, бул чөйрөгө кечээ келбеген адам болбогондон кийин бир телефон чалуу жетишмек. Эмне себептен андай кылган жок? А мага бул чыгарма Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда жакты. Себеби ал ырчы. Ыр да мыкты болгон. Гүлнур эже эмне мынча кыйынсыз?

Райкан АБДУВАЛИЕВА, ырчы:

Жашоо бир келет, жүрөк оорутпай өмүр сүрсөк. Кандай ырчы болбосун ар кимисинин өзүнүн угуучусу бар. Бул кыйын, тигил кыйын деген сөз сахнада айтылбайт. Акчанын күчү менен чыккандарды эл билет. Элден айланса болот. Биз элдин күзгүсү болобуз. Сабыр кылгыла алтындарым.

Гүлнара КАХАРОВА, ырчы:

– “Эл тараза эл сынчы”. Элден өткөн калыс жок. Ким ырды кандай түшүнүп, кандай элге жеткирет кеп эми ошондо. Эң негизгиси ыр экөөңө тең жарашыптыр.

Эркинбек РЫСКУЛБЕКОВ, алып баруучу:

– “А” дейбизби, “б” дейбизби, Гүлнур Сатылганова коомчулукка алып чыккан маселе эң туура болду деп эсептейм. Качандыр бир бизде дагы “интеллектуалдык менчик” жана “автордук укук ” деген түшүнүктөр тиешелүү даражада көтөрүлүш керек эле. “Койчу ушуга теңелбейм” деп жүрүп ушуга жеттик. Мүмкүн болсо, мыйзамга таянып бул ишти сотко жеткизиңиз. “Уят болот” жана башка аргументтерди токтотуп, мыйзамды сыйлап жашап баштайлы!

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

 

Алматы аэропортунда жүргүнчүнүн айынан бир нече каттам кечиктирилди

Учакка алып кирүүгө тыюу салынган затты өткөрүү аракетинен улам Алматы аба майданында алты каттам кечиктирилди. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алматы-Тблиси каттамынын жүргүнчүсүн текшерүү маалында анын жанынан болжол менен сымап куюлган идиш табылган. Аба майдан кызматкери аны багаждан алып салуу керектигин айткан. Буга жооп иретинде жүргүнчү идишти таштанды челегине ыргытып жибергенде, андагы суюктук төгүлүп калган.

Андан соң аба майдандагы жүргүнчүлөр шашылыш эваукацияланып, кызматкерлер терминал имаратынан сыртка чыгарылган.

Азыркы тапта бардык кызматтардын иши калыбына келтирилди, деп билдирүүдө аба майдандын басма сөз кызматы.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Замира Акбагышева, Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин президенти: “Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат”

 

– Алгач, 23 жылдык тарыхка ээ Аялдар конгрессинин бул жылдар аралыгында жасаган алгылыктуу иштери тууралуу айтсаңыз?

–   Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси 1993-жылы түзүлгөн.  Аялдар  конгресси аялдарга коомдук, саясий, экономикалык жактан,  социалдык жана маданий чөйрөдө да көмөк көрсөтө алган уюм болуп эсептелет. Ушул 23 жылдын ичинде 61 проект иш-жүзүнө ашырылды. Конгресстин филиалдары 7 областта, 42 райондук жана шаардык  аймактарында, 59 айыл өкмөттөрүндө бар. Аялдардын абалын жакшыртуу жаатында Аялдар конгресси абдан зор үлүш кошо алды, себеби конгресс каражат жактан көз каранды эмес, жана  Конгресстин мүчөлөрү дасыккан адистер болгондуктан Улуттук программаларды жүзөгө ашырууда чоң салым кошо алды. Конгресстин жардамы менен аялдар арасында бизнес ишкерлери пайда болду, анткени аларга бизнести ачуу үчүн финансылык сабаттуулукка, кредит алуу мүмкүнчүлүгүнө, лидерлик сапатты ачууга, пикир алмашуу технологиясына окутуу жүргүзүлдү. Буга бизнес-инкубациясынын ачылышы, ушул күндө да жигердүү иш жүргүзүп жаткандыгы зор далил болуп эсептелет. Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси  дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат. Биздин уюм аркылуу бизнес – инкубаторду түзүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө жетише алышты. Ушул учурда 25 бизнес инкубатор 2300 адамга жумуш ордун табууга шарт түзүп берди.  «Экономиканы жакшыртуудагы аялдардын ролун күчөтүү», – деген Дүйнөлүк банктын программасынын негизинде өткөрүлгөн иш-чаралар дагы бир жолу Аялдар конгрессинин бизнес-инкубаторду түзүүдө  лидерлик орунда тургандыгын тастыктады. Кыргызстан Аялдар конгресси бизнес негиздеринде, компьютерде иштөөгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө 14390 адамга көмөк көрсөттү. Ошондой эле Эл аралык аялдар бизнес-инкубатор ассоциациясы түзүлдү.  2013-жылдын март айында Эл аралык «Агробизнестеги аялдар» деген семинар аялдардын гендердик укугун бекемдөөгө, айыл-кыштактагы аялдарга көмөк көрсөтүүгө арналды. Борбордук  Азиядан келген эксперттер, мамлекет кызматкерлери, донорлор, бейөкмөт мүчөлөрү, дыйкан чарбасында эмгектенгендер тажрыйба алмашышты. Мунун негизинде айыл чарбасына инновациялык ыкмаларды киргизүү, кредит алуу мүмкүнчүлүгү, көмөк көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү иштелип чыкты. Ошондуктан теплица ачууда 7 проект ишке ашты, 35 фермер аялдар кредит ала алышты. «Бизнес кандай болуу керек», «Кредитти кандай алуу керек» деген тренингдер ушул күндө да өзүнүн зарылдыгын, популярдуулугун жогото элек.

  • Аялдар конгрессинде үй-бүлөсүндө көйгөйү бар айымдарга карата психологиялык кеңештер берилип, юридикалык жардамдар көрсөтүлөөрүн уктум эле. Сиздерге мындай учур менен кайрылган айымдардын саны көп эле болсо керек?
  • Шопоков шаарындагы Бизнес-Инкубатордун имаратындагы «Аялдар борборунда» үй-бүлөсүндө көйгөйү бар аялдар үчүн ар дайым юридикалык, психологиялык кеңеш берилип келет, реабилитациялык көмөк көрсөтүлөт. 2011-жылдан бери 101 үй-бүлөгө ар кандай жардам берилди, 297 аял жана өспүрүмдөр юридикалык жана психологиялык жардам алышты, 27 аял реабилитациядан өттү. Бул жылдын эле 4 айында үй-бүлөлүк зордукка  туш болгон 7 аялга юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. Аялдар конгресси көптөгөн аялдарга, энелерге жана балдарга билим алуу жаатында да зор көмөк берип келе жатат.  “Аялдар борборунда» 2011-жылы англис, түрк жана кытай тилдерин 87 адам үйрөнө алса, 2012-жылы 57 адам болду, 2013-жылы 65 адамга жетти. Ал эми 2014-жылы 87 адам ийгиликке жетишти. Акыркы 2 жылдын аралыгында бизнести өздөштүрүү, ишкерлик негизге, бухгалтердик эсепке, ден соолук алкагында окуй алышты. 2015-жылдын апрель айында «Бизнес негиздери» деген темада эл аралык эксперттердин катышуусу менен семинар өткөрүлдү, «Үй-бүлө институту: заман учурундагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолу» деген темада тегерек стол отуруму болду. Шопоков шаарынын тургундарынын өтүнүчү жана шаардын мэринин  кайрылуусу боюнча мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды тарбиялоо максатында иш-чаралар өткөрүлдү, ошонун негизинде 80 бөбөк бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
  • “Кыргызстан айымдары” китебиңиздин 3-томдугу чыккан экен. Китеп жазуу идеясы тууралуу, бул китептин таржымалы тууралуу сөз кылсаңыз? Китепке айымдарды киргизүү үчүн алардын ишмердигин иликтеген атайын топ түзүлдүбү же теледен чыгып жүргөн белгилүү айымдарды гана алдыңыздарбы?
  • «Кыргызстан аялдары» китебинин 1-тому 2008-жылы, ал эми 2-тому 2010-жылы жарык көргөн. Китепте кыргыз мамлекетин өнүктүрүү  үчүн үзүрлүү салымын кошкон аялдардын эмгектеги, жетишкендиктери чагылдырылган. Бул жылы сиз айткан энциклопедиянын 3-тому чыкты.  Бул китептеги  өзгөгө өтөлгөлүү  өмүрү бар  каармандардын ар биринин  кайгы-кубанычы, ак эмгек алга сүрөп жеткен жеңиши жана жеңилүүсүнөн токулган  кызыктуу жашоосу баяндалат. Биз бул китеп менен 1 жылдан бери  иштедик,  китепке кире турган айымдардын  ар бир райондун акимдери, министрликтерден  бизге  жөнөтүп  жатышты, жалпысынан 637ге жакын таржымал түшкөн, алардан тандалып отуруп мыкты  делген  400ү калды, алар өлкөбүзгө белгилүү болуп калган  лидер-айымдар: Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Жогорку Кеңештин  депутаттары: Галина Скрипкина, Никитенко, Аида Салянова, маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директору  Бактыүл Норузбаева, Баткен областынан чыккан СССРдин кыздар арасынан шахмат боюнча чемпион Лим Грета, кыргыз маданиятына эмгеги сиңген: Назира Мамбетова, Асылкүл Набиева, Бактыгүл Бокоева, сот тармагында эмгектенген Галина Уметалиева, алыскы аба ырайы катаал райондордо  билим берүүдө татыктуу эмгектенген Жамбы  Газыбекова, айыл чарбасына эмгеги сиңген Лайлохан Абдураимова, өмүр бою медицинада эмгек өтөгөн Сонунбала Эсентаева, он баланы тарбиялаган, коомдук иштерге активдүү катышкан Баатыр энелер. Кыргызстанга эмгеги сиңген жана эмгектенип келе жаткан ар улуттун өкүлдөрү бар. Мына  ушундай башкаларга үлгү боло турган айымдарыбыз тууралуу тарых барактарына жазып, биле жүрсөк.

 

  • Акыркы жылдары апалардын күнүн белгилеп келе жатабыз. Бул күнгө карата Аялдар конгресси кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатат?
  • Жыл сайын  Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде энелер күнүнө арналган салттуу көргөзмөсүн «Эне – ааламдын руху» деген девиздин алкагында, Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ата журт ар дайым карегимде» аттуу  ар жыл сайын көргөзмөлөрдү өткөзүүдө. Көргөзмөдө өзүнүн эмгектерин Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген атактуу  чыгармачыл адамдары менен кошо эле живопись, графика, скульптура, көл өнөрчүлүк боюнча эмгектенген жаш муундардын өкүлдөрү, көркөм ВУЗдардын студенттери  эне менен баланын ортосундагы  сүйүү сезими, муундан-муунга өткөн ыйык жана ысык мамилелер, аруулукту чагылдырган өздөрүнүн чыгармаларын көрсөтө алышат.  Албетте, көргөзмөгө патриот адамдар жана  искусствону түшүнгөн, баалап-барктай алган жарандар, катышат. Себеби нечен замандардан бери эле  жүрөктөн чыккан ырларын, романдарын сөз чеберлери, чыгармачыл таланттар сүрөттөрүн жана скульптураларын энелерге арнап келген. Энелик мээрим, энелик сүйүү – бул чексиз океан эмеспи. Мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон Моңолдоров Максаттын («Бала эмизген эне»), Сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөлөрү Илипов Замирдин (Уз», «Каныкей»), Давлетов Адилеттин («Көчмөн аялдар»), Шаршекеев Алмаз менен Бекова Жылдыздын аты  уйкаш («Ким болор экен… – «В ожидании чуда…»), Замир уулу Акылдын «Ата сөзү» деген чыгармалары энелик мээримди, сүйүү сезимдерди  жана кыргыз аялдарынын кулк-мүнөзүн чагылдырса, арт-дизайнер Казыбекова Кайыркүлдүн эмгектери философиялык чексиз суроолорго жооп издөөгө түрткү болот. Аялдар конгрессинин мүчөсү  Эрке Жумагулованын «Мураскорлор» деген кийиз куурчагы бактылуу балалыкты сүрөттөйт. Бул эмгеги сиңген чеберлер менен катар эле Т. Садыков атындагы Улуттук сурөт академиясынын студенттери Арстаналиева Мырзайымдын «Кыйын жылдар», Мамазакирова Чолпондун «Балкондо» эмгектери, Чыныбек уулу Иманбектин «Найман-эне», Каныбеков Нурадилдин «Умай–эне» скульптуралары  уламыштарга арналуу менен бирге, көргөзмөдө татыктуу ордун тапты. Бул күнү ар бир областта энени даңазалаган салтанаттуу иш-чаралар өтөт.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Тереза Мэй Улуу Биртаниянын ЕБдан чыгуу мөөнөттөрүн жарыялады

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өлкөнү Евробиримдиктен чыгаруу жараяны формалдуу түрдө 2017-жылдын соңунда башталарын билдирди. Мэйдин Би-Би-Сиге берген маегине караганда, Лиссабон келишиминин 50-беренесинде көрсөтүлгөн процедуралар эң эле кеч дегенде мартта башталышы керек.

Макулдашууга ылайык, Европа биримдигине мүчө 28 өлкөнүн бири уюмдан чыгып кетүүнү кааласа, ЕБ менен эки жылдык сүйлөшүү жараянын жүргүзүшү керек.

Лиссабон келишимине 2017-жылдын 13-декабрында Лиссабондогу саммитте кол коюлган. Ал ЕБнын күчүнө кире элек Конституциясынын ордун алмаштырган. Ошондой эле ЕБнын башкаруу системасын реформалоо максатында биримдик тууралуу ошол кездеги келишимдерге өзгөртүүлөр киргизилген.

Италия премьер-министр Маттео Ренци Би-Би-Сиге берген маегинде, брекзит ЕБдагы башка өлкө жарандарына караганда, британдыктарга көбүрөөк укук берчү келишим менен аяктабай турганын билдирди. Бул туурасында Улуу Британияны ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлери жана Евробиримдиктин чиновиктери бир нече сапар эскерткен.

Буга чейин премьер-министр Тереза Мэй “1972-жылдагы европалык коомдоштук” жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарууну убадалаган. Документте Улуу Британияда Европа биримдигинин мыйзамдары үстөмдүк кылары белгиленген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Талиптер Ооганстандын Кундуз шаарына кирип барышты

Ооганстандын Кундуз шаарында өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын согушкерлери ортосунда айыгышкан салгылаштар жүрүүдө. Бул тууралуу France-Presse маалымат агенттиги билдирди. Жергиликтүү полиция бөлүмүнүн башчысы Шир Али Камалдын айтымында, согушкерлер шаарга бүгүн түн ичинде бир нече тарабынан кирип келишкен.

Камал билдиргендей, шаарда согуш уланууда. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү согушкерлерди сүрүп чыгарууга болгон аракеттерин жумшап жатышат.

Бир жыл мурда Кундуз бир канча күнгө «Талибандын» көзөмөлүнө өткөн. БУУнун маалыматы боюнча андагы салгылашуу маалында 289 киши өлүп, жүздөгөн адам жаракат алган. Андан бери талиптер шаарга бир канча жолу чабуул коюшкан.

Reuters агенттиги учурда шаар көчөлөрүндө Калашникова автоматтары, мылтыктар, пулемет жана гранатометтор менен куралданган «Талибан» согушкерлери жүргөнүн билдирүүдө. Андан сырткары шаар үстүндө ооган аскерлеринин эки аскердик тик учагы да байкалган.

Кундузга жасалган бул жолку кол салууга чейин «Талибан» согушкерлери өлкөнүн башка аймактарына, анын ичинде Гильменд провинциясы менен административдик борбору Лашкар Гах шаарына чабуулдарды жасашкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жер шарын өзүнүн учагы менен 50 күндө бир айланып чыгуу үчүн учуп кеткен кыргыз учкучу Союзбек Салиев азыр Африкада

Кыргызстандык Союзбек Салиев 50 күн аралыгында дүйнөнү кыдырып, кыргыз желегин таанытуу максатында учуп кетти. 49 миң чакырым аралыкка созула турган саякатка, мурдагы БШКнын депутаты он жыл даярданганын жашырган жок. Мекендешибиз сапарга үч жыл мурда учак менен дүйнөнү кыдырган литвалык Йонас Жукнус менен жолго чыкты. Алар Австралиядан башка бардык континеттерге конушат.

Биринчи учуу 10 саатка созулуп, экипаж Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран сыяктуу мамлекеттерди учуп өтүп, Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы аэропортко келип конгон. Бул шаарда кыргыз желегине алгачкы мөөр басылган. Андан кийин учак Африка континентин карай сапар тарткан.

Экинчи учуу 10 сааттан ашуун убакытты алып,  Союзбек Салиевдин учагы Африканын Судан өлкөсүнүн Донгола шаарына конду. “Бул жолкусунда БАЭден, Кызыл деңизден жана Африканын белгилүү Нил дарыясынан учуп өттүк. Донгола шаары  Нубий чөлүнө жакын жайгашкандыктан, абасы кургак жана ысык экен”, – деп Фейсбуктагы баракчасына Салиев жазып чыкты. Учууда эч кандай кыйынчылыктар болбогонун да кошумчалады.

Алдыда экипаж Нигерияга жол тартат. Андан кийин Африканы, Латын Американы жана Тынч океан аркылуу кайра Евразия континентине келип конот. Ар бир учуу 10-15 саатка чейин созулат. Техниканын абалы жакшы. Учкучтар өздөрүн жакшы сезүүдө. Конгон өлкөдө эки-үч күн тыныгуу жасап, аба ырайы ыңгайлуу болушун күтүшөт. Дүйнөнү кыдыруу үчүн  алгачкы жолу сапар тарткан Союзбек Салиевге жакшы аба ырайын каалайбыз. Мекенге аман-эсен жетип келишине тилектешпиз!

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто

 

Индира Кудайбергенова, Иса Ахунбаев атындагы КММАнын ректору: “Медакадемия жаңы сапаттык бийик деңгээлге көтөрүлөт”

 

– Индира Орозбаевна, сиздин ректор болуп дайындалганыңызга саналуу гана ай болду. Бирок мурунку ректор Аширали Зурдинов баш болгон бир катар окутуучулар сиздин кадрларды куугунтуктап жатканыңыз тууралуу маалымат жыйын өткөзүп айтышты эле. Чын эле куугунтук жүрүп жатабы?

– Туура, менин ректор болгонума бир аз гана убакыт болду. Буюрса Медициналык академиянын эл аралык деңгээлде аброюн көтөрүү багытында жакшы тилек, максат менен иш жүргүзүп жатабыз. Келе калып эле кадрларды куугунтуктап жатат деген чындыктан алыс. Бүгүнкү күндө баары жакшынакай эле иштешүүдө. Эч ким кызматтан кеткен жок.

– Анда эмне себептен иштен кетирип жатат деген сөздөр айтылды…

– Эми менин ректор болуп келишим кайсы бир деңгээлде айрымдардын көз карашына туура келбеген чыгаар. Албетте, маалымат жыйын өткөргөндөр эмоционалдуу түрдө пикирлерин айтышты. Негизи алар конкреттүү түрдө клиникада, кафедрада иштешет.  Башка университеттерден айырмаланып, биздин академиянын декандары көбүнчө кафедраларда иштешет.  Негизги жумушу ошондой. Түштөн кийин гана деканатта иш жүргүзөт. Декандык кызмат үчүн айлыгына 500 сомдон 1200 сомго чейин кошулат.  Маалымат жыйын өткөргөндөрдүн баары өздөрү иштеп жүрүшкөн кафедраларда калышты. Болгону декандык кызматтарын гана өткөрүп беришти. Азыр талапты катуулатып жатам.  Талап болбосо иш алга жылбайт.

– Демек декандык кызматтан кетишкенине нааразы экен да?

– Алар баары бир декандык кызматтан кетээрин билишчү. Жыл аягында келишимдери бүтмөк. Мени премьер-министр Сооронбай Шарипович ректорлук кызматка дайындаганда академиянын техникалык базасын, билим берүү сапатын эл аралык талапка жоо берген деңгээлге көтөрүү талабын койду. Мен ал үчүн иштин көзүн билген команда топтоп иш алып барышым керек да. Бүгүнкү күндө эл аралык стандартка төп келген техникалык базаны, башкача айтканда медициналык жабдууларды жаңылоо, окуу программасын эл аралык стандартка шайкеш келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мындай иш буга чейин деле жүрүп келген. Бирок биз бул ишти ыкчам анан сапаттуу жүргүзүү максатында иш алып баруудабыз. Ушул жерден жөнөкөй эле бир мисал айта кетейин, биз өзүбүз ден соолукту чыңдоо, ага кам көрүүгө үндөп келебиз да, өзүбүздүн студенттер үчүн спорттук аянтчабыз жок. Мына ушул кемчиликти жоюп, студенттерге шарт түзүп, спорттук аянтча курганы жатабыз. Учурда долбоору даяр болду. Жакын арада иш башталат. Илимий, техникалык, диагностикалык, лабораториялык базаларды жаңылоо, билим берүү сапатын көтөрүү багытында да бир катар долбоорлордун үстүндө иш алып барып жатабыз. Кудай буюрса, Медакадемия жаңы сапаттык бийик деңгээлге көтөрүлөт.

– Медициналык академия коррупцияга батып кеткен деген сын-пикирлерге кошуласызбы?

– Коррупцияга батып кетти дегенден алысмын. Албетте, кемчиликтер бар. Иш бар жерде кемчилик болот. Бирок биз Кудай буюрса академияны ар кандай сындан арылтып аброюн көтөрөбүз деп ишеничтүү айта алам.

Мына бүгүнкү күндө академияга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн жалпы республикалык тесттен жогорку балл алгандар кабыл алынат. Абитуриенттер тесттен алган баллы көрсөтүлгөн талон менен келишип, өздөрү каалаган факультетке тапшырышат. Жогорку балл алгандар эч тоскоолдуксуз өтөт. Биз өз алдыбызча сынак албайбыз. Демек абитуриенттерди окуу жайга кабыл алууда маселе жок.

Ал эми студенттердин билим алуу, сынак тапшыруу маселесинде көйгөйлөр болушу мүмкүн. Биз ушул жагдайга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Студенттердин кайсы предметтер боюнча ийгиликтүү сынак тапшырды, кайсы сабактан аксап жетише албай жатат, баарын көрүп-билип туруу үчүн электрондук сынак китепче онлайн системасын киргизип, көзөмөлдү күчөтөлү  деген максатта иш жүрүп жатат. Ар бир деканат кайсы студент кайсы кафедрадан сабактарына жетише албай жатат, сабакка катышуусу кандай, баарын онлайн системасынан көрүп, анализдеп турат. Эмне үчүн биз буга баруудабыз? Мурун биз окуп жүргөндө экзамен тапшыра албай калсак бир жолу кайра тапшырууга уруксат берилчү. Тапшырсаң тапшырдың, тапшыра албасаң кулачусуң. Азыр кандай? Экзаменден кулаган студент,  качан сынактан өтмөйүн кайра-кайра экзамен тапшыра берет.  Мындай болбош керек да. Анткени бул нерсе студентти баары бир тапшырам да деген көңүл коштук, кайдигерлик, кенебестикке түртөт. Биз ушул кемчиликти түзөп, экзамен тапшыра албай калган студентке эки жолу кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берип, үчүнчүсүндө кулай турган кылып жоопкерчиликти күчөтүп, окууга олуттуу мамиле кылууга үндөп жатабыз.  Анткени адам өмүрүн сактоочу келечектеги врачтар ар дайым сабакка калтырбай катышып, окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого милдеттүү. Ага эрки жетпесе, башка кесипти тандашы керек.

– Акча алып экзамендерден өткөрүп койгон окутуучуларга болгон талап кандай?

– Студенттерге кандай талап катуу болсо, окутуучуларга болгон талап да күчөтүлөт. Ким кайсы предметтен сабак берсе, өз убагында программадан калбай лекция, сабактарын үзбөй өтүүгө милдеттүү. Эгер кайсы бир окутуучунун экзаменден акча алганы туурасында маалымат уксам, анын илимдин доктору, профессор экенине карабай кызматтан кетет. Мен андайлар менен акыйлашып отурбайм. Академияда коррупцияга жол ачкандарга орун жок. Албетте, студенттерден акча албаш үчүн окутуучулардын айлык-маянасын көтөрүү керек. Алар эч нерсеге алаксыбай, кайдан акча табам деп майда-барат күнүмдүк тиричиликке байланбай, студенттерге татыктуу билим бериши керек. Ошондо гана биз сапаттуу кадрларды даярдап чыгабыз. Биз бул багытта иш жүргүзүп, кызматкерлердин айлыгын бир аз көтөрдүк. Кудай буюрса окутуучулардын айлыктары жетишээрлик деңгээлге көтөрүлөт. Биздин окутуучу доценттер, профессорлор, илимдин кандидаттары, докторлору аябай күчтүү, тажрыйбалуу адистер. Жалгыз кишинин колунан эч нерсе келбейт, мен ойлойм биргелешип, академиянын аброюн көтөрөбүз деп.

– Эми жеке өзүңүзгө байланышкан суроолорго токтолсок. Сиз проректор болуп иштеп турганыңызда чет элдик 1-курстун студенти алтынчы бүтүрүүчү курска которулуп, диплом алганы тууралуу маалыматтар чыкты. Ушул туурасында эмне айта аласыз?

– Бул иш мен 2000-2001-жылдары 1-проректор болуп иштеп турганда болгон дешип жазышты. Ал учурда биздин академияга которулуп келген чет элдик студенттердин документтери эл аралык мамилелер боюнча проректордон өткөн.  Мен окуу иштерине жооп берчүмүн. Ал эми дипломдогу коюлган кол чындыгында менин колума абдан окшош. Бирок ал колду мен койдум беле же башкалар жасап коюшканбы далилдөө өтө кыйын. Андан бери 16 жыл өттү. Бирок мен ачык айтып коеюн, Кудай турат диплом жасаган ишке аралашкан эмесмин. Мен мындай иштерден өзүмдү оолак кармайм.

– 2011-жылы сиздин жеке менчик онкологиялык борбордо дарыланып жаткан Акмат Бакиев качып чоң чуу чыккан. Бул ишке сиздин тиешеңиз болушу мүмкүн деген шек жаралган…

– Менин Акмат Бакиев менен жеке эч кандай тааныштыгым болгон эмес. Мага ошол кезде 15 жыл Акмат Бакиевди дарылап келген врач чалган. Ал жатак колониясынан Акмат Бакиев ооруп келгенин, аны жаткырып дарылаш керектигин билдирди. Мен ал ооруп келиптирби десем “ооба” деди. Мен ооруп келген адамды дарылабай баш тартууга сенин да, менин да укугум жок, жаткырып дарылоо керек  дегенди айткам. Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиев президент болгонго чейин эле онкологиялык борбордо дарыланып келиптир. Ал эми анын качып кеткени мага да таң калычтуу болду. Бизге эч ким анын кайтарууда экенин айтышкан эмес. Кайтарып жүрүшкөн эч кимди көргөн эмеспиз. Биз оорулуу адамды кайтарбайбыз  дарылайбыз. Керек болсо Акмат Бакиев дарыланган акчасын төлөбөй кеткен. Бул иште биздин эч кандай күнөө жок. Бул туурасында учурунда да айткам.

– Курманбек Бакиевдин жубайы Татьяна Бакиева менен жакын курбу, ынак мамиледе болгон деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Чынын айтайын, жакын, ынак болмок түгүл сүйлөшүп көргөн эмесмин. Телевизордон гана көрүп калаганым болбосо, жакындан тааныбайм. Кайдан жүрүп курбу кылып жатышканына түшүнбөйм.  Мени билбей туруп, мен жөнүндө тескери маалымат жазгандарды кудай өзү кечирсин. Башка эч нерсе деп айта албайм.

– Медакадемияга тиешелүү жерди, имаратты сатып жиберген деген маалымат чыкты эле…

– Ушундай маалымат чыккандан кийин прокуратурадан келип текшеришти. Менин жер же имарат сатканым боюнча эч бир документ таба алышкан жок. Мен эч кандай академияга тиешелүү жер же имарат сатпасам, анан кайдагы документти табышмак эле. Мен болгону академиянын аймагына жайгашкан сулуулук салонуна ижара акысын төлөө боюнча келишимге кол коюптурмун. Башкы прокуратура текшергенде сулуулук салону 2008-жылдан бери ижара акысын төлөбөгөнү ачыкка чыгып,  академияга 200 миң сомдон ашык каражатты төлөй турган болду. Демек прокуратуранын текшергени тескерисинче пайда болду. Мен учурда Медакадемиянын клиникалык базасын түзгөнгө имарат таппай жатам. Анан кайсы имаратты сатабыз? Бош имарат болсо бизге бергиле, биз клиникалык база түзүп, студенттердин окуу шартын, билим сапатын жогорулаталы деп чуркап жүрөм.

– Эмне себептен премьер-министр ректор шайлоодо биринчи орунду алган эмес, үчүнчү орун алган сизди ректор кылып дайындады деп ойлойсуз?

– Эми бул жерде эч сыр жок. Жобо боюнча ректор болуп биринчи орунду алган эмес, көп добуш алган үч кишинин бирөө дайындалыш керек деп жазылып турат.  Ал эми эмне себептен мени дайындаганын премьер-министрдин өзүнөн сураш керек го. Бирок мен бир нерсени так айта алам, мен ректор болом деп кимдир бирөөгө бир нерсе бергеним жок. Эч ким менден эч нерсе сураган да жок. Анткени менин бирөөгө бир нерсе сунуштабай турганымды, бирөөдөн бир нерсе албай турганымды, сырымды билгендер жакшы түшүнүшөт. 

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

 

 

Чыңгыз Макешов: “Бизнести интернет дүкөндөн баштагыла”

Азыр насыя алып, банкротто учурап, үйүн алдырып, ал эле эмес ден соолугунан ажыраган жарандарыбыз көп учуроодо. Адатта насыя аны алган адамдардын уктаса түшүнөн кетпеген, ойгонсо оюнан чыкпаган жабышкак илдетке айланат. Биз бул жолу өкмөттүн алдындагы ишкерлерди колдоо фондунун жетекчиси, келдикени “келдике” кылган Чыңгыз Макешов менен Кыргызстандагы банк системасы тууралуу кеп улап кайттык

Колдогонго жараша насыяны пайызсыз берели

Бир жарым жылдан бери өкмөттүн алдындагы ишкерлерди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеп атам. Фонд 1992-жылы ишкерлерди колдоо максатында түзүлгөн. Бирок аталган фонд азыр бизнести колдоп атат дегенге өзүм ушул фонддун жетекчиси болуп туруп кошула албайм. Анткени 24 пайыз менен берилген акча ишкерди өстүрбөй эле кайра артка тартат десек болот. Насыя качан пайызсыз берилгенде гана бизнес баштаган адам бутуна турат. Мен какшап эле айтып, эшик каккылап жүрөм. Атайын долбоор баштап, аны премьер министрге чейин көрсөттүм. Долбоордун мазмуну мындай болчу. Мисалы бир адам 1 млн сом пайызсыз акча алды дейли. Долбоор эрежесине ылайык, ошол адам кеминде 5 адамды жумуш орду менен камсыз кылышы керек. Эгер баары мыйзамдуу болуп, ар бир жумушчу жок дегенде 8-10 миң айлык алса, алардын соцфондго жана киреше үчүн төлөгөн салыгы жалпы 250 миң сомду түзөт. Бул акча мамлекеттин өз чөнтөгүнө түшөт. Андан тышкары жаштар жумуш менен камсыз болот. Ишкер пайызсыз акча алат. Ал эми 24 пайыз менен берилген 1 млн. сомдон 240 миң сом пайда түшүп атат. Ойлонуп көрсөк, насыяны пайызсыз берүү менен бардык жагынан утуп атабыз. Бирок бул сунушка эч ким көңүл бургусу келген жок. Атүгүл мурдагы премьер министр Темир Сариев фондду ратификация кылып, сатыкка чыксын деген чечим чыгарып жиберүүгө үлгүрдү.

Уурдамай токтосо, ишкана өнүгөт

Бизде “Мамлекет начар менеджер. Кайсы тармак болбосун иштете албайт. Акыр аягы алып барып аңга тыгат” деген түшүнүк бар. Чынында эле ошондой, аны эч ким тана албайт. Ушундан улам опол тоодой киреше алып келе турган булактардын баарын сатып жок кылдык. Эми акчаны кайдан табарыбызды билбей аңкыйып отурабыз. Чынында мунун баары уурдамайдын кесепети. Түшкөн кирешени туш тарабынан талап атса, албетте ал ишкана артка кетет да. Эгер кайсы кана жетекчи болбосун тамагын тыйып, уурдаганды токтотсо эле ишкана кирешелүү булакка айланмак. Уурдаганды жазалоонун ордуна, банкрот болду деп сатып жиберүү менимче туура эмес.

Банк тармагы ооруларды көбөйтүүдө

Азыркы банк тармагындагы эң чоң проблема – акчаны алдын-ала эсеби жок берилгендигинде. Кардардын күрөөгө койгон бир нерсеси болсо эле сураган акчасын бере бермей. Ал күрөө өзүнө тиешелүүбү же башканын мүлкүбү, алган акчасын актай турган иш баштап жатабы, же тойго жумшаганы жатабы, иштери жок. Иши кылса төлөй албай калса алып койгонго кымбат бир нерсе турса болду. Унааңды бирөө сураса “Айдай аласыңбы, күбөлүгүң барбы?” деп сурайсың да туурабы? Мында деле ошондой болуш керек. Мына ушундай системанын кесепетинен адамдар инсулть, инфаркт, же ушул сыяктуу ооруларга чалдыгып атат. Мен муну өз көзүм менен көрүп атам. Бизге кайрылган адамдардын көбү мурун насыя алып төлөй албай, үйүн алдырып, ишти кайра нөлдөн баштайм дегендер. Оорулардын көбөйүшүнүн бирден бир себеби азыркы банк тармагы деп эсептейм.

Ислам карыжлоо системасына өтөлү деп турабыз

Биздин фонд ушул банктардын бирин кайталап калбасын деп, каржы караңгылыгын жоюу максатында азыр ар кандай телеберүүлөрдү даярдап, телеканалдар аркылуу көрсөткөнү жатабыз. Миң уккандан бир көргөн артык дегендей, ар кандай брошюра, семинар өткөрбөй эле, азыр стартап проектилерди тартып атабыз. Ал рекламалык роликтерде бизнес башынан аягына чейин сүрөттөлөт. Биз кардарга бизнес план жазып, эсептеп, санап беребиз. Анан акча берип, үстүнөн көзөмөл кылып, ошонун аягына чейин шериктеш болуп, ишке ашырганга аракет кылабыз. Кыргызстанда насыяга жалпы элдин көз карашы терс. Анткени калктын 90 пайызы мусулман. Ал эми ислам дининде насыяга акча берүү арам оокаттардын катарына кирет эмеспи. Ошол себептүү улуттук банкка кайрылып, ишкерлерди өнүктүрүү фондун ислам каржылоо принциптери менен иштегенге уруксат алып жатабыз. Исламдык каржылоо деген сен ишкерге насыя бербейсиң, ага шериктеш болосуң. Аны менен үлүшкө отурасың. Ал пайда тапса сен да табасың, ал күйсө сен кошо күйөсүң.

Кыргызстанда көбүнчө адамдар насыяны айыл чарба багытына алат. Бул тармакта банкрот болуу коркунучу өтө чоң. Мисалы былтыркы көрсөткүчтөрдү алсак, картөшкөнүн баасы 2.5 сом, төө буурчак 20 сом болду. Бул баа алган насыя түгүл, кеткен эмгекти да актаган жок. ЕАЭБге кирип, Орусия Казакстанга товар сатабыз деп жыргап аттык эле, баары теңирден тескери болуп чыкты. Жашылча базарга барсаң Орусиянын помидору, мал базарда Казакстандын малы сатылып атат. Азыр бизде эттин баасы көтөрүлүшү кыйын болуп турат. Анткени эт Орусияда 175 рубль экен. Ошентип биздин товар атаандаштыкка туруштук бере албай калды.

Бирөөнү туурасаң өнүкпөйсүң

Негизи Кыргызстанда каалаган ишиңди жүргүзүп кетсең болот. Анүчүн элди туурабай, жаңы нерсе сунууну билишиң керек. Мисал катары өзүм негиздеген “Келдике” зер буюмдарын алалы. “Келдике” эмне үчүн ийгиликтүү компанияга айланды? Мындан 15 жыл мурун элдин баары Италия, Францияны мода тутуп турган. Сөйкө алса деле, шакек алса деле италияныкын талап кетишчү. Кыргыздын нукура сөйкө-шакектерин саткан адам жок эле. Бирок биз Италиянын зер буюмдарын туурап жасаган жокпуз, аларды ээрчиген жокпуз. Биз өз жолубуз менен кеттик. Элге жаңы, элде жок нерсени сунууну эп көрдүк. Моданы эч качан кууп жете албайсың. Аны бир гана жол менен кубалап жетип, ашып кетсең болот. Ал жаңы нерсе сунуу. Азыр “Келдике” Орусия, Англия, Кытай, Индияга сатыкка чыгууда. Ошол эле маалда аталган өлкөлөрдөн “Келдикенин” жасалмалары чыгып, кайра Кыргызстанга келип атат. Муну мен жетишкендик катары баалайм. Бизди бирөө туурап атат деп кубанам. Бирок жасалманы карап алып, жакшырак жасап койсо болмок деп өкүнөм. Негизи биз бирөөнү туураганды жакшы көрөбүз. Туурамай бардык тармакта бар. Чыгармачылык болобу, бизнес, индустрия болобу, кыскасы баардык жаатта туурамай күч.

Акчаны интернетке салгыла

Эгер мен Бишкекте болсом, жаш болсом, завод-фабрика курганга акчам анчалык көп эмес, азыраак болсо, анда каражатымды интернет айдыңына жумшамакмын. Азыр дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргызстанда да киреше алып келе турган булактардын бири интернет дүкөндөр болуп калды. Анткени интернет дүкөн аркылуу дүйнө жүзүнөн кардар таап, сатууга болот. Төлөө системасы азыр опоңой. Кыштын күнү контейнерде бүрүшпөй кааласаң үйдө, кааласаң көчөдө баратып ишиңди кыла бересиң. Дүкөнүң 24 саат ачык болот.

Кара күч жумшоо айла жоктун иши

Байлыкка эмгек менен аракет жеткирерин баары билет. Бирок эмгектин да түрү бар. Анын биринчи түрү – баркы жок кара жумуш. Кара жумуш менен күнүнө 600-700 сом табасың. Кыйратып иштесең 2-3 миң сомго жалданып иштейсиң. Эмгектин экинчи түрү болсо жөндөмү барлардын эмгеги. Жөндөм менен бир нерсени үйрөнүп билип алгандан кийин, кара жумушчуга караганда көбүрөөк акча табасың. Алар ар кандай кесиптин ээлери болушу мүмкүн. Бирок эң көп акчаны кара күчүн эмес, жөндөмүн эмес, мээсин иштетип, мээси менен кызматташкан адамдар табат. Мисалы, Газпром менен “Apple” компаниясын салыштырып берейин. Газпромдун кирешеси жылына 400 млн., ал эми Apple компаниясыныкы болсо 600 млрд. долларды түзөт. Бул жерде Газпром компаниясы жерден чыккан мунай менен ушундай кирешеге жетип атат. А Apple болсо жок жерден бар кылып атат. Appleди Apple кылган Стифф Джобсдун мээсин айтпай коюуга болбойт.

Баарынын эле мээси иштеп кетсе кара жумушту ким кылат деп ойлошуңар мүмкүн. Мен бала чагымда үй-бүлөбүз менен кызылча экчүбүз. Төрт адам биригип 2 гектар кызылча бакчубуз. Өткөндө айылга барып калсам, бир жаш бала жапжалгыз 30 гектар кызылча багып атыптыр. Германиядан комбайн алган экен, сепкенди, отогонду, жулганды, чогултканды да ошол кылат экен. Ушундай мүмкүнчүлүктөр турганда кара күчтүн не кереги бар? Кара күч айла жоктун иши. Эгер байлык кара күч менен бааланса дүйнөдөгү эң бай адамдар жүк ташуучулар болмок деп ойлойм.

Акылай Туткучева

Булак: Саресеп

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Бийликти тактан оодарабыз деген жөн гана убаракерчилик”

 

-Токтогул мырза, референдум өткөрүп, Конституцияга оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү керекпи?

-Мамлекеттин эгемендүүлүгүн бекиткен нормаларга ылайык, Конституцияны сөзсүз өзгөртүш керек. Чет элдик бизнесмендер, алардын НПОлору же ошол эле кылмышкер катары айыпталган Кадыржан Батыровго бир эмес, үч жолу сөз берип, кыргыз элинин намысын, абийирин тебелеткен ОБСЕнин кылган ишин көрбөдүкпү. Жөн эле кыргыз элин кордогондой иш жасабадыбы. Мына ушундайларга бөгөт коюш үчүн азыркы баш мыйзамды сөзсүз өзгөртүү зарыл. Андан тышкары сот бийлигин, сот тармагын жоопкерчиликке алып келүү үчүн да баш мыйзам өзгөрүшү керек.

-Президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Өмүрбек Текебаевдин талаш- тартышынын себеби эмне деп ойлойсуз?

-Негизги себеп мародерчулук, анан  бийликке көз артуулар болсо керек. Бул тууралуу Алмаз Атамбаев өзүнүн интервьюларында баяндаган, өзгөчө эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында ачык-айкын айтты. Президент айыгып келгенден кийин бул маселени чечүүгө, президент менен Текебаевди  макулдаштырууга, жараштырууга аракет жасагандар  болот го дейм. Бирок президент маселени укук коргоо органдары мыйзам чегинде чечсин деп кыргызча элдешүүгө барбайт болушу керек.

-Референдум өткөрүп, Конституцияны оңдоп-түзөөгө парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” партиясы менен “Бир Бол” партиясы башында макул болуп, азыр эми кетенчиктеп кол коюудан баш тартып жатышынын себеби эмне?

-Себеби жердешчилик. Буга чейин болуп келген эле түндүк-түштүк маселеси бул жолу да кайталанууда.

-Сиздин оюңуз боюнча мындан аркы саясат кандай уланышы мүмкүн?

-Мындан аркы саясат мыйзам жолунан чыкпаш керек, укук коргоо органдарына, чарбачылык тармакка кесипкөй жана тажрыйбалуу адамдарды алып келүү зарыл. Партиялык кадр тандоо артыкчылык албаш керек. Эгерде кайсы партия кадрды дайындаса, ошол партия дайындаган кадры үчүн  жооп бергендей болушу шарт.

-Кылмышкер катары айыпталган Кадыржан Батыровду жандаган укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасуловага кандай чара көрүлүшү керек?

-НПОлорду ооздукташ үчүн “чет өлкөлүк агенттер” деген мыйзамды тез арада кабыл алып, бул боюнча мыйзамдарды тууралаш керек, кайсы НПО мамлекеттик ишке кийлигишсе алардын лицензиясын токтотуу зарыл. Ошондой эле чет мамлекеттен түшкөн акча казына аркылуу сарпталуусу кажет.

-Оппозиция Конституциялык референдумга каршы курултай өткөргөнү жатат, алардын көздөгөнү эмне?

-Алардын максаты бирөө, ал эптеп бийликке жетүү жана бийликти тактан оодаруу. Аларда андан башка максат жок.

-Оппозицияны эл ээрчиши мүмкүнбү?

-Аны эл өзү билет. Эгер көп акча чачылса бир топ эл чогулушу мүмкүн. Бирок эл азыр мындайга көп деле маани бербей калды.

-Бийликти тактан кулатууга негиз барбы?

– Негиз жок. Убагы келгенде бийлик өзү эле тарайт. Бийликти кулатабыз деген жөн эле убаракерчилик.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

 

Ар бир аткаминер текшерилсин

28-сентябрь күнү мамлекеттик ММКларда депутат Өмүрбек Текебаевдин мүлктөрү жөнүндө маалыматтар чыккан. Анда бир катар объектилери жубайына катталганы, көбү 2010-жылдан кийин алынганы, баары декларацияда расмий белгиленгендиги айтылган. Бул маалыматтар канчалык чындыкка жакын, же жалган жалаабы? Мына ушул суроолорубузга депутат Текебаев Өмүрбек жооп берди:

— Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгонун болгондой айтты. Ал көп объектилер 2010-жылга чейин деле алынганын тастыктады. Ал эми КТРдин корреспонденти ошонун баарын 2010-жылдан кийин алынган деп карандай калпты айтты. Бүтүндөй мамлекеттик ММКлардан мага жалаа жабылып атат. Мен депутат Текебаевдин жана анын туугандарынын мүлкүнүн мыйзамдуулугун текшерип чыгууну жана бардык депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн, президенттин өзүнүн, анын аппаратындагы жооптуу кызматкерлердин мал-мүлктөрүнүн мыйзамдуулугу текшерилсин деп парламентке маселе коём. Эмне үчүн Атамбаев Максим Бакиевдин жерин алып, колго түшүп калган үйүн минтип көргөзбөй, менин 3 бөлмөлүү үйүмдү көргөзгөнгө аракет кылып жатат. Мен 1995-жылы депутат болуп Бишкекке көчүп келгенде, мага мамлекет 3 бөлмөлүү, советтик үлгүдөгү батир берген. Ал жерде 20 жылдан ашык жашадым. Ал эми жакында андан чоңураак дагы 3 бөлмөлүү үй сатып алдым. Эми ага көчүп кирип, эски батиримди сатып, оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдарымды толуктайм. Андан башка Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 7 сотых жер тилкебиз болуп, ал жубайыма катталган. 2006-жылы ал жерге офистик имараттарды курганбыз. Андан кийин 2011-жылы балдарым чоңойду, бөлүнүп чыгышат, башка карапайым эл сыяктуу эле бир жер үй салып коюш керек деген ой менен Орто-Сайдан 6 сотых жер тилкесин алганбыз. Ошентип, ал жерге 5 жылдан бери үй куруп, дубалын тургузуп, чатыры жабылган. Дагы 5 жылда бүтүрөм Маалыматта айтылгандай, элиттик үйлөрдө 3 бөлмөлүү батирим бар. Ошол үйдүн үстүнкү кабатында 4 бөлмөлүү үйдө президенттин «оң колу», менин балам менен тең жаш бала Сапар Исаков жашайт. Ошону кайсы акчага алынганын, мыйзамдуулугун текшербейби. Ар бир чиновниктин кирешеси ачык көргөзүлүшү керек.

Булак: Саресеп 

Гүласал Садырбаева, экс-депутат: «Жаңы келин болуп барганда тамак жасасам жетпей калып, өзүм ачка калгам»

 

– Гүласал Садырбаевна, «аял кишинин орду үйдө» демекчи, сиздин саясатка аралашып калганыңызга эмне себеп болгон?

– Кесибим биология мугалими. 8-классты бүткөндөн кийин Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык училищанын “мектептер бөлүмүн” артыкчылык менен аяктаган соң, башталгыч класстарга мугалим болуп иштеп жүрүп 1975-1980-жылдары билимимди андан ары өркүндөтүү үчүн Ош шаардык педагогикалык ЖОЖду бүтүрдүм. 24 жашымда башталгыч класстарга окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектендим. 80-жылдары Жалал-Абад облусунда жалгыз акылы өсүп жетилбеген балдардын мектеп-интернаты ачылып, ошол жакта окуу бөлүмүнүн башчысы болуп 12 жыл эмгектенип, кийин ден соолугума байланыштуу мугалим болуп иштеп калдым. Мен жөнөкөй эле мугалим болдум деп айткым келбейт. Себеби Кыргызстандын бардык тармагына кереги жараган улан-кыздарды тарбияладым. Муну мени көргөн окуучуларым дагы аябай сыймыктануу менен айтып келишет. Ал эми саясатка аралашып калышыма агам Дооронбек Садырбаев себеп болгон. 1995-жылы ал киши өзү саясатка аралашып, депутат болуп шайлангандан кийин дагы 4 жолу элдин колдоосу менен депутаттык мандатка ээ болду. Ошол кезде ал киши менен чогуу жүрүп, жолугушууларды уюштуруп, элдин суроо-талабын угуп, маселелерди чечиштин жолдорун үйрөнүп, элге болгон мамилесин көрүп, саясат тууралуу жакшы түшүнүк алдым. Кийин ошол агамдан алган тажрыйбам менен эл үчүн кызмат кылып калдым.

Сыр болбосо жолдошуңуз менен кантип таанышып калгансыз?

– Жолдошум экөөбүз мектепте окуп жүргөндө эле тааныш болчубуз. Ал менден бир класс жогорку класста окучу. Ошол жылдары эле экөөбүз кыз-жигит болчубуз. Баш аягы 8-9 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Баш кошоордо эл катары эле сүйлөшүү жолу менен үйлөнөлү дегенбиз. Бирок жолдошумдун үй-бүлөсүнүн шартына байланыштуу ала качып алып барган. Мен деле ала качып баратканын билип эле өзүм баргам. 1974-1980-жылдары ЖОЖдо окуп, турмушка чыгып, бала төрөп, иштегенге да жетиштим. Азыр 3 кыз, 1 уул, 10 неберебиз бар. Небере деген баладан да таттуу болот экен. Жолдошум экөөбүз ар биринин кылыгына кубанып, күлкүсүнө сүйүнүп жашап келебиз. Кудайга шүгүр, балдарыбызга татыктуу тарбия бергендиктен улуулары эки дипломдун ээси болуп, өз кесиптери менен алектенишип, үй-бүлөлөрүнүн камын көрүүдө.

– Алгачкы келин болуп барган күндөрүңүз эмнеси менен эсиңизде калды эле?

– Мен үй-бүлөдө кыздардын кичүүсүмүн. Менден улуулар турмушка чыгып, бөлүнүп кетип, атам дагы эрте кайтыш болуп, үйдө апам, иним үчөөбүз калдык. Үйдөн үчөөбүзгө чактап аз тамак жасап көнүп калып, жаңы келин болуп барганда тамак жасасам эле жетпей калып, өзүм ачка калчумун. Себеби жолдошум көп бир тууган болуп, үйдөн дагы конок үзүлчү эмес. Ал эми аял затына тиешелүү үй жумуштарынын баарын апам үйрөткөндүктөн эрте туруп уй саап, нан жапкандан, үй оокаттарын жасагандан кыйналган жокмун. Бирок жолдошум эртең менен жумушка кеткенден кийин үйдө кишилер бар болсо деле ошол үйдө өзүмдү жалгыз калгандай сезээр элем. Ал келгенче жумуштарды тез-тезден бүтүрүп бөлмөбүзгө кирип, терезеден “эрте келсе экен” деп карап күтчүмүн. Кээде конок келип калганда аларга тамак, чай берип узатып коюп, кайра баягы терезени тиктеп жолдошумду карап отуруп калам. Көнгөнчө аябай кыйналып жүрдүм. Чынында башка бүлөгө көнүш абдан кыйын экен. 2-3 ай көнбөй жүрүп анан көнүп кеттим.

Үй-бүлө болгон соң казан-аяк кагышпай койбойт. Андыктан казан-аяк кагышкан учурда кантип жеңесиз? Кызганычтын айынан кол көтөргөн күндөрү болгонбу?

– Көп жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук дегенибиз менен үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышпай койбойт экен. Бирок андай учурларда экөөбүз тең ачууга алдырып катуу сүйлөп алуудан коркуп, бирибиз ачуулансак бирибиз унчукпай калабыз. Жолдошум кээде эркектигин кылып, күнөө өзүнөн кетип жатса дагы биринчи кадам таштабайт, эч мойнуна албайт. Ошондуктан дайыма мен биринчи мамилени оңдогонго аракет кылам. Ал эми кызганган учурлары болгон. Бирок кол көтөргөнгө чейин барган эмес. Эгер аябай өтө кызганса мен эл аралап, мамлекеттик кызматта иштебесем керек. Жаш кезимде деле мектепте иштеп жүргөндө, акылы кем балдардын кээде түнкүсүн талмасы кармап калат же ооруп калат, ошондо кайсы маалда чакырса ошол маалда мектепке барам. Комиссия келгенде түнгө чейин иштеп, 1-2 айлык атайын окууларга бир нече жолу Бишкекке келип окуп кетчүмүн. Эгер жолдошум менин жумушумду түшүнбөсө өз кесибимди өркүндөтө албайт болчумун. Жолдошум кесиби боюнча бухгалтер. Мен деле аны кызганган жокмун. Башынан эле экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнгөндүктөн кызганыч жактан эч кандай маселе жаралбайт.

– “Кайнененин камырынан” демекчи, кайненеңизге окшош жактарыңыз барбы?

– Менде эки кайын эне болгон. Биринчиси жолдошумду төрөгөн кайын энем, экинчиси баккан кайын энем. Жолдошумдун атасы эрте кайтыш болуп, шартка байланыштуу жолдошумду бир тууган таажеңеси багып калган экен. Өзүмдүн кайын энем өтө катуу аял болчу. Ал үйгө келгенде аябай кызмат кылчумун. Ал эми жолдошумду баккан кайын энем илгери мугалим болуп иштеп калып, бардыгын түшүнгөн, аябай дипломат адам болчу. Билбейм, өзүмдүн мүнөзүмөнбү айтор бир да жолу кайын энелерим менен каяша айтышып, тике карап же алардан катуу сөз уккан жокмун.

– Өзүңүз кандай кайын энесиз?

– Келиниме өз кызымдай мамиле кылам. Бирок ошону дагы келин сезе билиши керек. Кудайга шүгүр, келиним түшүнүктүү, ыймандуу. Өзүм кайын энедей болуп ар нерсени үйрөткүм келбейт. Себеби ар бир баланын дээринде болсо бардыгын өздөштүрүп кете алат. Балама дагы “Аялыңа өзүңдүн карындаш, эжелериңди ойлоп мамиле кыл. Алар дагы бирөөнүн бүлөсү” – деп көп айтам. Башынан эле келин, кыз деп бөлгөндү өтө жактыра бербейм.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

Байтемир Ибраев, экс-генпрокурор: "Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө келип турганы чындык"

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин сырттан кесилген Кадыржан Батыровдун өлкөдөн качып кетишине көмөктөшкөн адамдар боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Тергөө азырынча анын кантип өлкөдөн чыгып кеткенин аныктай элек. Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, Батыровдун чет өлкөгө чыгып кетиши, чек арадан өтүшү боюнча жаңы жагдайлар бар. Бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу алар ачык айтылбайт

Кыргызстан Батыров боюнча жаңы ачылган жагдайларды иликтөөгө киришкен учурда июнь окуяларынын башкы күнөөкөрү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Варшавадагы жыйынында Кыргызстанда улуттук азчылыктар басмырланып жатат деп айтууга жетишти. Натыйжада, 2010-жылдагы кандуу коогалаң маалында башкы прокурор кызматын ээлеп турган Байтемир Ибраевге Батыровго байланыштуу бир нече собол менен кайрылдык.

Батыров эл аралык аренага кантип чыкты?

Батыровдун ЕККУ жыйынында сүйлөгөн сөзүнө терс баа берем. Бирок ага өзүбүз жеткирип атабыз. Себеби ал мамлекетте болуп жаткан талаш-тартыш саясатты угуп алып, ошого жараша кадам таштады деген ойдомун. Менин жеке пикиримде, ички саясий күрөш буга түрткү болду. Быйыл июнь коогалаңына 6 жыл толду. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар, июнь коогасын иликтеген улуттук комиссия да Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Батыровду качырып жиберүүгө катышы бар деген маалыматты иликтөөнү, укуктук баа берүүнү тартип коргоо органдарына тапшырган. Бирок алты жылдан бери эч кандай жыйынтык чыккан жок.

Башкы күнөөкөрдүн качышына ким жардам бергени ачыкка чыгабы?

Иликтөөдөн 6 жылдан бери эмнеге натыйжа чыкпаганы мага белгисиз. Улуттук коопсуздук комитети жаңы жагдайларды таптык деп атат. Ошолордон эмне үчүн 6 жыл мурун муну тапкан эмессиңер деп сураш керек. Ал эми анын азыр кайра козголушуна Кыргызстанда саясий күрөш жүрүп жатканы себеп деген көз караштамын. Анткени күрөш учурунда тема керек болуп, айрым саясатчылар Батыровдун качып кеткенин көтөрүп чыгышты. Ал эми алты жылдан бери иликтеп, эч нерсе таппаган укук коргоо органдары эми күнөөлүүлөрдү таап чыгарына күмөнүм бар.

2010-жылы июнь окуясына чейин Батыровго кылмыш иши козголгон деген маалымат ыраспы?

Апрель окуясынан кийинки Кыргызстандагы саясий кырдаал баарыбыздын эсибизде. Убактылуу өкмөттүн таламын талашкан күчтөр, ошолордун айткандарын угуп Бакиевдерге каршы турган эл керек болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттары Кадыржан Батыров бирде Алмазбек Атамбаевге, бирде Өмүрбек Текебаевге жана башка Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кирип эле жүрчү деп жазып атат. Мунун баары чындык. Себеби, Батыров ошол кезде Утурумдук өкмөткө керек эле. Анткени, Жалал-Абад, Ош аймактарында өзбек тектүү жарандарды Бакиевдерге каршы митингге чыгаруу үчүн Батыров жана башка диаспоранын өкүлдөрүнө муктаждык жаралган. Ошол себептүү Батыровду байма-бай чакырып, кабыл алып турганын тана албайбыз. Эгерде июнь коогалаңына чейинки убактарда иш козголсо, Батыровду Убактылуу өкмөткө киргизбей туруп эле камакка алууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Арадан алты жыл өтүп кетти, балким мен жаңылып калышым ыктымал. Бирок ошол убакта Батыровго кылмыш иши козголгон эмес. Ага июнь коогасы болгондон кийин иш ачылган. Ал эми кандуу окуялардан кийин Батыров дароо Кыргызстандан чыгып кеткен. Укуктук жактан ала турган болсок, эгерде ошол кезде ага кылмыш иши козголбосо, издөө жарыяланбаса, ал башка жарандардай эле чет мамлекеттерге чыгып, кайра Кыргызстанга кирип турууга укуктуу эле. А эгерде ал издөөдө жүргөн маалда, кимдир бирөөнүн жардамы менен чек арадан чыгып кеткен болсо, буга укуктук баа берилиши керек. Муну президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн тергөө тобу кылдат иликтөөгө тийиш.

Июнь окуясынын алдын-алууга мүмкүндүк бар беле?

Алдын алуу мүмкүн болчу деп эч ким айта албайт. Июнь коогалаңы ушундай масштабда болот деген нерсе эч кимдин оюна да келген эмес. Бирок, бир кыргыз эки өзбек менен уруша кеткен, же тескерисинче, эки өзбек бир кыргыз менен уруша кеткен майда окуялар катталып турган. Аларды укук коргоо органдары заматта баса калып, күнөөлүүлөрдүн үстүнөн иш козгоп, айыптуусун камап, бейкүнөөлөрдү актап келген. Ушундай майда нерселер күчөп отуруп чоң жаңжал чыкты. Мындай окуя болуп кетерин алдын-ала билдиңер беле деген оор суроо. Буга жооп бериш кыйын. Бирок, Убактылуу өкмөттүн ошол убакта эле “бул окуялардын алдын алууга милдеттүү элек, саясий жоопкерчилик алышыбыз керек” деп айткандарына кошулам. Алар кандуу окуялар үчүн саясий жоопкерчилик алды.

Ошол кезде күч органдарын учурдагы президент Алмазбек Атамбаев координациялаган турбайбы?

Азыр өкмөт башчынын орун басары Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин координациялайт. Ошол сыяктуу эле ал кезде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын буйругу менен күч органдарынын ишин координациялоо азыркы президент Алмазбек Атамбаевге жүктөлгөн. Бирок координациялайт десе эле, ал милдет жүктөлгөн адам бардык ишин таштап салып, өзү чуркап барып чек араны кайтарып, Батыровду чыгарбоого аракеттениш керек деген доомат туура эмес. Туура, координациялап турган. Биз баарыбыз ошол кишиге барып акылдашып, кеңешип турганыбыз чындык.

Маалымат үчүн

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин дарегине бир катар айыптоолор менен чыккандан кийин Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусун жана буга Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн тиешеси бар-жогун аныктоону Башкы прокуратурага тапшырган. Өз кезегинде Текебаев президент 2010-жылы Кадыржан Батыровдун сунушу менен Жалал-Абад облусундагы бир катар кадр маселелерин чечип келгенин жарыялаган. 22-сентябрда алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров ЕККУнун Варшавадагы отурумунда Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын айтып, кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырды. Аталган жыйынга кыргызстандык укук коргоочулар, “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова жана “Кылым шамы” кыймылынын төрайымы Азиза Абдирасулова да катышты. Айрыкча, Исмаилованын Батыров сүйлөп атканда кубаттап отурганы кыргыз коомчулугунун катуу сынына кабылды. Кыргызстан Батыровдун айткандарын четке кагып, жүздөгөн адамдын канына забын болгон, күнөөлүү деп табылган адамга ЕККУнун аянтча түзүп бергенине нааразы болууда.

60 жаштагы Кадыржан Батыров Кыргызстанда жашап турган маалда Жалал-Абад облусундагы өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчиси кызматын аркалап, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Жогорку Кеңештин депутаты да болгон. Жалал-Абад шаарындагы Элдер достугу университетинин ээси, кезинде аталган калаанын “ардактуу атуулу” наамын, улут аралык ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн кыргыз бийлигинин колунан “Даңк” медалын да алган экен. Алты жыл мурун апрель окуясынан кийин түштүктө бир топ үгүттөрдү жүргүзүп, өзбек тектүүлөрдү өз алдынча автоном түзүүгө чакырган видеотасмалары элге тарап кеткен. Апрелдеги бийлик алмашуудан кийинки туруксуз саясий кырдаал жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган кандуу коогалаң менен аяктады. Азыркы сурамжылоолор Ош, Жалал-Абаддагы өзбек улутундагы жарандардын көпчүлүгү Батыровду жек көрө турганын көрсөтүүдө. Ал азыр Швецияда жашайт. Таң калыштуу жагдай, кыргыз тарап Кадыржан Батыровду оор кылмыштарга айыптап, эл аралык издөө салганы менен Интерпол муну саясий негизде деп баалап, аны кармоодон баш тарткан. Ошентип, ал азыр Европада “саясий куугунтук жеп, запкы көргөн” адам катары батыштыктардын “боорун оорутуп”, ээн-эркин жүргөн кези. Кыргызстандын аттуу-баштуу саясатчылары анын өлкөдөн качып кетиши боюнча айыпты бири-бирине оодарып, Интерпол издөөдөн баш тартканын эске алсак Кадыржан Батыровдун жоопко тартыларына ишеним аз. Ал эми бул багытта козголуп жаткан сөздөрдүн артында саясий оюндар жаткандай.

Нураида Шералы кызы

Булак: Саресеп 

 

Адил Турдукулов, жарандык активист: “Карандай калпты айтканы үчүн Жаркынбекти 2 миллион сомго доого жыгам”

-Жаркынбек Касымалиевге жыл башында Башкы прокуратура тарабынан коррупциялык берене боюнча кылмыш иши козголгон.  Тендерди туура эмес өткөргөн деген негизде. Ошонун негизинде ал кызматынан кол жууган. Ошондон кийин ал бийлик алмашып кетет деп ойлодубу, “Элдик парламент” деген оппозициялык топтун активдүү мүчөсү болгон. Июль айынан баштап Жаркынбектин үстүнөн козголгон кылмыш иши каралып баштаган. Кылмышы далилденсе 8 жылга чейин камоо коркунучу бар болчу. Ошондон чочулап бийликтеги кишилер менен сүйлөшүппү же дагы башка себептер мененби, айтор мени негизсиз каралоого өттү. Мени каралоо менен ал кылмыш ишин кыскартууга аракет жасап жатат. Айткандарынын баары негизсиз. Мени эмне деп каралаарын  билбей, оюнан ушундай жомокту чыгарууда.  Жаркынбек өзү чыгармачылыкка жакын. Гитара чертет. Бир нерсени кыялданганды жакшы көрөт. Кыялында ушинтип айтып чыксам эле жеңем деп ойлосо керек.  Чет өлкөгө маалымат таратат, тыңчы деген бул өтө оор кылмыш.  Мен айткандары үчүн аны сотко бердим. Андан тышкары  жалган маалыматты бир жактуу жарыялаган КТРК телеканалын, “Кабарлар” деген интернет сайтты дагы сотко бергени жатам. Жаркынбекти 2 миллион сомго доого жыгам.

-Буга чейин Жаркынбек Касымбековдун күйөө баласы болгон экенсиз, чырдын чыгышына үй-бүлөлүк маселелер себеп болгон эмеспи?

-Албетте, чырдын артында үй-бүлөлүк маселелер да бар. Жубайым менен ажырашкандан бери өз балдарымды көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Мурунку жубайым балдарымды эч себепсиз көргөзбөй келет.  Бул боюнча мен сотко да кайрылгам. Ошого да жиндери келип мени каралап жатышат.

Суроо салган  Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча кол топтоо аргасыздын ишиби?

Өлкөдөгү оппозициячыл топтордун башын бириктирген “Референдумга жол жок!” кыймылы Жогорку Кеңешти президенттин командасын аткарган кол баласы катары баалады. Алар өз пикири болбогон депутаттардын кереги жоктугун айтып, эрктүү чечим кабыл ала албаса өз эрки менен таркап кетүүсүн талап кылды

Буга Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттин кызыкчылыгына караманча каршы келип жаткандыгы себеп болууда. Ал арада бийлик баш мыйзамды өзгөртүүнү көздөгөн референдумду 4-декабрда өткөрүүнү сунуштады.

“Кол топтоодон башка арга калбады”

Аталган кыймыл 26-августтан тарта парламентти таркатуу боюнча кол топтоо демилгесин баштады. Кыймылга мүчөлүк кылгандардын айтымында, бир эле күндө жүздөгөн адам парламент тарасын деген чакырыкка колун коюп берген. Кыймылга буга чейин ар кандай саясий көз карашты карманып келген саясатчылар, оппозициялык, улуттук патриоттук күчтөр, жарандык коом жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү бириккен.

«Референдумга жол жок!» кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсүМавлян Аскарбеков өлкөнү саясий кризис каптап, президент жана анын администрациясы сот бийлигин, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигин толук өзү бийлеп турган маалда кол топтоо өнөктүгүнөн башка жол жок экенин айтат. Ал парламент оңой-олтоң тарап кетпесин түшүнгөнү менен, миңдеген кишинин алардын чыгарган чечимине каршы экенин көрсө эсине келээр деген үмүттө.

– Жогорку Кеңеш мамлекетти сактоодо жана анын туруктуулугун бекемдөөдө негизги орган болчу. Бирок азыр парламент президентти колдогон, анын оң колунун ролун аткарган топ болуп калды. Бул мамлекетке чоң коркунуч алып келе турган прецедент. Мыйзамды одоно бузуу менен Конституцияны өзгөртүп, бийликти узурпациялоону көздөп жатышат. Парламенттин өз пикири жок болсо, тарап кетсин. Биз кечээтен бери парламент тарасын деген чакырыкка кол топтоону баштадык. Эл көп болгон жерлерде столдорду орноттук. Кайдыгер эмес жарандар кайрылып, өз позициясын билдирип кетсе болот. Андан тышкары, 120000 нуска менен гезит чыкты. Гезитте азыр бийликтин кылып аткан бардык аракеттери жазылган. Аны регион, айыл-аймактарга тарата баштадык.

Бирок Мавлян Аскарбеков миңдеген адамдын колу турса да депутаттардын таркап кетишинен күмөн санайт. Ал кол топтоо аркылуу кыргыз элине парламент мыйзамсыз аракеттер менен Конституцияны өзгөртүүгө аракет кылып жатат дегенди жайылтууну максат кылып жаткандыгын айтат.

– Шайлоо системасы толугу менен талкаланып калган. Депутаттар таркап, жаңы шайлоо болгон күндө да, кайра ушул акчалуулар келет. Анткени азыр капчыктуулар эле депутат боло алат. Ошондуктан биз элге алар шайлаган эл өкүлдөрү баш аламан кадамдарды кылып жатканын түшүндүрүүнү көздөп жатабыз. Депутаттар элдин каршы экенин көрүп, кадамын өзгөртөөр деп турабыз.

“Парламенттин тарашы реалдуу эмес”

Ал эми саясат таануучу Медет Төлөгөнов ушул тапка чейин кол топтоо аракеттери кандайдыр бир маанилүү саясий чечимдерге таасир бергенин байкай электигин айтат. Ал кол топтоо процесси жыйынтык алып келерине ишене албай турганын билдирди. Анткени менен саясат таануучу аталган кыймылдын парламентке койгон доосу орундуу деген пикирде.

– Азыр парламентти таркатуу реалдуу вариант эмес. Анткени таркатуу боюнча атайы чектер коюлган. Бирок менимче парламентке коюлган бир канча доо жүйөөлүү эле болуп жатат. Себеби парламенттен күтүлгөн коалициялык көпчүлүк жана туруктуу оппозициянын болушу акыркы кезде байкалбай калды. Өзгөчө бул нерсе конституциялык реформаларды жасоодо билинди. Парламенттен талап кылынган позициялар аткарылбай жатат. Кеп Конституцияга болгон толуктоо процессинде эмес, аны уюштуруудагы тиешелүү нормалардын мыйзамга ылайык аткарылбай жатышында, коомчулуктун пикири эске алынбагандыгында болуп атат.

“Баш мыйзамды талкуулоодо юридикалык билим керек”

Парламент жөнүндөгү мыйзамда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат деген берене бар. Бул Жогорку Кеңешти таркатуу депутаттардын өздөрүнүн гана колунан келет деген кеп. Анын үстүнө 120 депуттаттын 80и таркатылсын деп добуш бериши шарт. Демилгечи катары айрым депутаттар, же болбосо 10 миң киши кол койгон жарандык топтор чыга алат.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө алты гана депутат каршы добуш беришкен. Алардын бири “Бир бол” партиясынын мүчөсү Чолпон Жакупова азыркы түзүлгөн кырдаалга шайлоочулар түздөн-түз күнөөлүү экенин айтат. Ал сатылган добуштун жыйынтыгын бүгүн көрүп жатабыз дейт.

– Конституцияны өзгөртүү азыркы иштеп жаткан Конституцияга, регламент жөнүндөгү мыйзамга карама-каршы келет. Ага карабай, коомдун пикирин укпастан көпчүлүк депутаттар колдоп беришти. Мен сайрап, какшап атсам мени кайра элдин душманы катары көрсөтүүдө. Алар мыйзам тили менен айтсаң түшүнүшпөйт экен. Аягында менин да аргументим калбай баратат. Ар кандай тегерек үстөлдөр, петициялар, таркатылсын деген кол топтоолор аларды токтото албайт. Менин көзүм жетип турат. Жогорку Кеңеш эл үнү менен президенттин командасынын ортосунан президенттикин тандады.

Жакупова көпчүлүк депутаттар баш мыйзам боюнча мыйзам долбоорун ийне-жибине чейин изилдебей туруп макулдугун беришти дейт.

– Баш мыйзамды өзгөртүүгө алты депутат каршы чыкты. Карап көрсөм Наталья Никитенко, Өмүрбек Текебаев, Мыктыбек Абдылдаев өңдүү алтоо тең такшалган юристтер экен. Менде айрым депутаттар мыйзамдын тексти менен таанышпай туруп макулдугун бердиби деген да күмөн жаралууда, – дейт эл өкүлү

“Бийликтен куру калгандар шылтоо таппай турушат”

Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев болсо парламентти таратуу демилгеси бийликке жетпей, бармагын тиштеп калгандардын чыгарган идеясы экенин, эптеп бийликке жетиштин айынан ар кандай шылтоолорду чыгарып атканын айтат. Масалиев Конституцияда өзгөртүлө турган пунктар бар экенин кошумчалады.

– Азыр бир гана душман Жогорку Кеңеш эле болуп калды окшойт. Бир нерсе болсо эле бизди күнөөлөйт. Бул жөн гана саясий күрөш. Айрым парламентке келбей калган топтор кызыкдар болуп атса керек. Ал эми референдум боюнча мыйзам эскирип калды. Шартка жарашпайт. Ошондуктан өзгөртүүлөрдү киргизген оң болуп турат. Мына ушул мыйзам өз нугу менен каралууда.

Оппозициянын жана жарандык активисттердин референдум өткөрүүгө каршылыгына карабай, бийлик Баш мыйзам өзгөртүү аракетин улантууда.Чынында, Баш мыйзамды өзгөртүү-өзгөртпөө аракети борбордогу чакан, тар чөйрөдө эле кызуу талкууланып жатат. Ал эми карапайым элдин мындагы кызыл чеке талаштан кабары жоктой. Көпчүлүк баш мыйзам эмне экенин деле билишпейт. Серепчилер буга бир жактуу жалган маалымат тараткан мамлекеттик маалымат каражаттарын күнөөлөшүүдө.

Булак: Саресеп

Талды-Булак-Сол-Жээк алтын кениндеги акталбаган үмүт...

Кеминдеги 77 тоннадан ашык алтындын кору бар делген Талды-Булак-Сол-Жээк кенинен толук алтын өндүрүү үчүн кошумча сегиз айлык мөөнөт берилди. Муну кен казган компания алтын кошулмасын иштетүү технологиясын өздөштүрүү зарылдыгы менен түшүндүрдү. Талды-Булак – Сол-Жээк кени 2015-жылы июль айында ишке кирген. Кенди иштетүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай “Алтынкен” ЖЧКсы лицензия алып, 280 миллион долларлык насыяга алтын иштетүүчү комбинат салынган. Анын 60 пайыздык үлүшү Кытайдын “Цзыцзинь”, 40 пайызы “Кыргызалтын” ишканасына таандык. Жакында эле ишкана 1170 тонна алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткени боюнча талкуулар жаралган. “Алтынкен” компаниясы кошулмалар өкмөттүн уруксаты менен ташылып жатканын билдирүүдө.

Расмий маалымат боюнча, учурда “Алтынкен” ишканасында 976 адам иштейт. Анын 96 пайызы жергиликтүү тургундар, төрт пайызы кытайлык адистер. Быйылкы жылы компания 220 миллион сом салык төлөсө, инфраструктуралык долбоорлорго 4,5 миллион сом которгон.

Булак: Фабула 

Жаркынбек Касымбеков, Бишкек шаардык тез жардам кызматынын мурдагы жетекчиси: Турдукуловдун тыңчы экенин укук коргоо органдарына далилдеп берүүгө даярмын...

 

-Жаркынбек мырза, аз күн мурун жарандык активист Адил Турдукуловдун мамлекеттик  сырды ачыкка чыгарып, чет өлкөлөргө жарыялаган  тыңчы экендигин айтып чыктыңыз. Сиздин айткандарыңызга ишенсек болобу?

-Албетте чын. Чын болгону үчүн айтып чыктым.  Мамлекеттин, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратчу маселе болуп жаткандан кийин айтпай жашырып жүрүп алсам болчудай эмес. Ошол себептен жарандык, атуулдук милдетимди аткарып, айтчу нерсени убагында айтайын дедим. Адилдин тыңчы экенин мен төрт жыл мурун эле билгем. Ал мага тыңчы экенин өзү айтып алган. Мен башында ишенген деле эмесмин. Байкабай ачууга алдырып айтып алды го деп ойлогом. Төрт жылдан бери Адилдин жасаган иштерине, жүргөн жүрүмүнө маани берип кылдат карап көрсөм, ал чын эле тыңчы экен. Мен чынын айтсам Адилди каматып же жок кылып жиберейин деген деле оюм жок. Болгону анын эмне менен алектенип, эмне иш кылаарын эл, коомчулук билсин дедим. Анын үстүнө жашым кырктан ашты. Кырктан ашкандан кийин адам тазаланып, алдыны-артты карап ойлонуп калат экен. Таза жашоого умтулат экенсиң. Мындан ары таза жашайын, ичимде жаман нерсе болбосун деген ой менен айтылбай жүргөн купуя сырды элге жарыяладым десем болот. Эми укук коргоо органдары Адилге кандай чара көрүшөт билбейм. Эгер чара көрүп суракка алышса, мен айткандарымды  далилдеп берүүгө даярмын.

– Адилдин тыңчы экенин далилдөөчү далилдериңиз барбы?

-Албетте бар. Фактылар бар. Далилдеп бере алам.  Укук коргоо органдары чакырып сураса айтып берем. Муну укук коргоо органдары жөн койбошу керек. Бул деген чоң кылмыш. Мамлекетке чыккынчылык жаратып жаткан ишти көз жаздымда калтырган болбойт.

-Көбүнчө кайсы мамлекеттерге жашыруун сырды ачып иш алып барып жүрөт?

-Мен аны айтпайм. Эгер айтсам,  мамлекеттер ортосундагы мамилеге залакасы тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан бул нерсени маалымат каражаттарына жарыя кылып айтуу негизсиз.

-Адил Турдукулов экөөңүздөр бири-бириңиздерди жакшы эле билсеңиздер керек, анткени Бакиевдин убагында жарандык активист катары бирге иш алып барып жүрчү элеңиздер…

-Ооба, 2005-жылдан 2007-жылга чейин бирге жүргөнбүз. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз. Эгер мен  сыртынан таанып, жакшы билбей айтсам жарашпай калмак. Мен анын кулк-мүнөзүн, иштөө методдорун, ой жүгүтүүсүн, айтор Адилдин ким экенин жакшы билем. Анын үстүнө күйөө балам болчу. Менин бир тууган карындашыма үйлөнгөн. Азыр экөө эки жолго түшкөн. Эки жыл мурун үй-бүлөлүк келишпестиктен улам ажырашып кетишкен.

-Карындашыңыз менен канча жыл бирге жашады?

-2007-жылдан 2014-жылга чейин бирге жашашты.

-Ал  сизди тез жардам кызматын жетектеп турганда мыйзамсыз иш кылып мамлекетке зыян келтирген деп жатпайбы, буга кандай жооп айтасыз?

-Туура, ал мени жегич, коррупционер деп жатат. Адилге мен эмес, Кыргызстандагы чиновниктердин баары коррупционер. Анын ою боюнча бир да таза киши  жок. Адил адамча түтүн булатып, эртең менен туруп жумушка барып иш кылган киши эмес. Кайда, кайсы иште болбосун тийип-качып оңдуу иштебейт. Баштаган ишинин аягына чыгаруу дегенди билбейт. Оңой-олтоң акча табуунун жолун гана издеп турат. Кимдир бирөөнү коркутуп, алдап акча табууну жакшы өздөштүргөн. Мисалы бир чиновникке барат дагы, анын жаман жагын элге жарыялайм деп опузалап акча  алат. Мен Адилге күйөө балам катары бир эмес, көп эле жолу айттым. Кой, бул кылганың туура эмес, ак иште, таза иштесең боло дечүмүн. Бирок менин айтканымды кулак сыртынан кетирип, жогоруда айткандай гана иштер менен алектенчү. Ал эми мени коррупционер, камаш керек дегени боюнча айтсам, жогоруда сөз кылгандай  мени эле эмес, элдин баарын эле ошентип камаш керек деп жүрөт. Амалдуулук кылып камаш керек, ичти-жеди деген сындарын өзүнүн социалдык блогунан башка эч жерге жазбайт. Андай кыйын болсо, айткандары далилдүү, чын болсо социалдык жеке баракчасына жазгандай кылып теле-радиого же гезит беттерине интервью берип, маалымат жыйынын өткөрүп айтып чыкпайбы. Социалдык баракчасына жазып эле баатыр боло бербей. Бир нерсе десең, “Мен социалдык барагыма эмнени жазышты өзүм билем, оюмду жазганга укуктуумун” – деп жооп берет. Ал айтып жаткан тендер деген гуманитардык долбоор болгон. Мен кайра-кайра Жапон элчилигине кирип, Жапонияга  барып жатып каражат алып келгем. Милициялар, өрт өчүргүчтөр  форма кийсе болот, тез жардамдагы кызматкерлер  форма кийсе эмнеге болбосун деп ал жактан  алып келген гранттык каражатка формалар алынган. Мага чейин бир да жетекчи кызматкерлердин формасын толук жаңырткан эмес экен. Бир жарым жылга жакын иштедим. Ошол аралыкта мекемеге чет өлкөдөн 85 миллион сомдон ашык инвестиция алып келдим.  Мен тез жардам кызматынан эч нерсе алган жокмун. Тескерисинче мекемени байытып, берчүмдү  берип кеттим.

-Сиздердин чырга үй-бүлөлүк маселе себеп болгон эмеспи?

-Менин да жубайым бар. Адил менен карындашымдын ортосундагы мамилеге, экөөнүн отунун күйүшпөй калышына эч аралашкан эмесмин. Ал тууралуу бир нерсе деп айткым дагы келбейт.

Булак: Фабула 

 

 

 

90 депутат баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи

Жогорку Кеңеш жыйынында “Конституцияга өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо” жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасаган “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев: “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү 90 депутат демилгеледи” – деп билдирди. Анын айтуусунда, баш мыйзамды өзгөртүү боюнча алгач 84 депутат демилгечи катары чыгып, кийин алты эл өкүлү кошулган. Исаев баш мыйзамды өзгөртүү боюнча төрт “тегерек стол” өткөрүлүп, 60 концептуалдык кайрылуу болгонун кошумчалады. Ошондой эле атайын эксперттик топ иштеп, келген сунуштар эске алынганын маалым кылды. Долбоордо референдумду өткөрүү 4-декабрга белгиленген.

Булак: Фабула 

 

 

Бекназаров Текебаевдин чүмбөтүн сыйрыптыр...

Кандай жагдай болсун бетке айткан Азимбек Бекназаров  басма булактарынын бирине Өмүрбек Текебаевдин чүмбөтүн сыйрып, бетин ачкан маек бериптир. Анда Азимбек мырза Текебаевди Конституциялык кеңешмеге кошпой коюшса ошого чычалап каршы болуп жатканын айтыптыр. Ошондой эле,  Батукаевди кое бергенде Салянова экөө коргоп жүрүшкөнүн билдирип,  мамлекеттик саясат көчөдөгү ажаан катындардын жолуна түшүп кеткенине зээни кейирин, учурда өзү Атамбаевге же Текебаевге, же Отунбаевага болушаарын биле албай уялып турганын, Текебаевге жакында эле жолугуп “Токтоо болбойсуңбу?” десе, “Мага кылмыш ишин козгогону жатпайбы” – деп айтканын жашырбаптыр.  Айтор Текебаевдин чыныгы жүзүн дагы бир ирет сыйрыптыр.

Булак: Фабула 

Чырылдаса апасы, чыгып кетти атасы

Баш мыйзамга каршы чыккандарга байге ыйгарылса, анын гран-присин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова алмак. Текебаевдин тентек “баласын” ушунчалык баатырлык менен коргоп жатат,  Раймаалынын Бегимайы бул жакта эле калат. Парламент комитетинде ушунчалык чырылдады дейсиң, көргөндөрдүн көңүлүн оорутуп. Баарынан кызыгы,  ал байкуш өзгөртөбүз дегендер менен өлүп-талып алпурушуп жатса, жанында отурган баш мыйзамдын “атасы” Өмүрбек Чиркешович аны таштап чыгып кетти. Кудум Курманжан датка баласын таштап кеткендей эле болду. Эжекебиз эмне мынчалык мыйзамга каршы чыгып “Регламентти бузбайлы, ар бир окуу аралыгын эки айдан кем кылбайлы” – деп чыркырап жатат десек, “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилсе мен ошо күнү мандатымды тапшырам” – деп ант берип койгон экен да. Балакет басып, баш мыйзам дагы ылдамдыгын күчөтүп албадыбы. Мындай темп менен кете берсе, эжекебиздин мандаты ноябрь айында эле марасына жетип калат го кашайып. Аттигин ай, айтпай эле турса болмок экен эжекебиз.

Булак: Фабула 

Укуевден чыкканбы же Улукбектен укканбы?

Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун аялы сатып алып, кайра ажобуз Алмазбек Шаршеновичке саткан жер бар го, Текебаев ай ааламга жар салган. Ошол жердин тарыхын Өмүрбек Чиркешович айтпадыбы, “Мен жылына ошол жакка барып кымыз ичем, ар жылы ошол айылдын адамдары арман кылып айтышат” – таризинде. Анан койташтыктар Акүйдүн алдына келгенде, айткан адамдын атын таппай калбадыбы кашайып. Өмүкеге ал боюнча маалыматты койташтыктар эмес, Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов угузган дешет узун кулактар. Анткени убагында Бакиевдин “Ак жол” фракциясын жетектеген бул жигит “Дастан” заводун кыйла жыл башкарып, ошол жерге көзүн кызартып жүргөн экен. Анан эле бир күнү анысын Максим Бакиев алеки заматта башын ажыратып салса, күйбөгөн жериң күл болот да. Кийин кайра аукцион аркылуу алганы калганда Укуев деген жулуп кетип ичи өрттөнүп жүргөн экен да бечаранын. А койташтыктар болсо үймө-үй кыдырып, өз айылынан чыккынчыны же орусча “стукачты” издеп жатышат бүгүнкү күнгө дейре. Таап берем деген Текебаев барбай жатат тескери кетип. Күтө туралы, Өмүке айта турган “стукачты”….

Булак: Фабула 

Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

2016-жылдын 3-октябрында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 15…20°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 8…13° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 1…6° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-4-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт, мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана  казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 1-октябрында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Замирбектен даңгил кеп

Асылбаштын атагынан чатагы көп жигити бар эмес беле, Аргын Малабаев деген. Ал жигит транспорт министри кызматынан кеткени менен, дагы деле ал жакты өзү башкарат экен. Азыркы мажүрөө министр Замирбек Айдаров убагында Аргынды тике карагандан айбыкса, азыр деле андан айыгып кетпептир. Темирди кетирген тентек бала темир жол жагын мурункудай эле башкарып жатканык уктук. Азыркы директор Ногойбаев ноктолуу болгондуктан, Аргынсыз бир дагы тендерди чечпесин эшиттик. Анан калса айтат имиш: “Айдаровдун мага команда бергенге духу жетпейт” – деп. Алтымыштан ашкан абышкадай болуп араң жүргөн неме ушинтип айтып жатса, Айдаровго “аман бол” дегенден башка не айтмак элең. Аткаруу бийлигиндегилер деле Айдаровду жакшы көрө беришпейт экен, “шуулдап кетмейи бар” дешип. Ал ортодо ушул жигиттин УККда убактылуу токтотулган кылмыш иши бар экенин эшиттик. Калбыры болбосо катуу эле чыгат беле, ким билет…

Булак: Фабула 

Шыкмаматов Текебаевдин “кол баласыбы”

Бүгүнкү күндө Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевди жактап ага кошомат кылуу, же жагынуу жагынан эч кимди астына салбай келе жатканын саясаттагы жоро жолдоштору кызуу кеп кылып жүрүшөт. Ошол жоругунан уламбы, “Азия ньюс” гезити тамаша-чыны аралаш “Текебаев тешик түгүл, эшик тешем”  деген аталышта маалымат жарыялаган коллажы менен. Шыкмаматовдун эмнге шыктуу экенине байкоо салгандар чын маалыматтын жөн жерден жазылбаганына ынанат экен. Дегенибиз, Алмамбет мырза Текебаевди ыгы келсе деле, келбесе деле жактап, таптакыр эле кол баласына айланып алыптыр. Текебаевдин өзүнүн карачечекей баласы да анчалык баш урабаса керек… Кичине арыдан-бери болбойбу…

Булак: Фабула 

 

Түлеевдин батирлери муниципалдык менчике өттү

Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин батирлери муниципалдык менчике өттү. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чыгарды. Чечимге ылайык, Москва көчөсүнүн 191-үйүндө жайгашкан  3 бөлмөлүү 8 батир Бишкек мэриясынын менчигине карап калды.

Эскерте кетсек ушул жылдын жазында Нариман Түлеев эркиндике чыккан. Күчөтүлгөн тартипте жаза өтөө үчүн берилген 11 жылдын ордуна, Түлеевдин туугандары үй мүлкүн конфискациялоого макул болушкан.

Ошондо мамлекетке келтирилген 60 млн сомдон ашык каражат кайтарылышы керек болгон. Зыяндын бир бөлүгү буга чейин казынага накталай төгүлгөн. Ал эми экинчи бөлүгү катары жалпы суммасы 48 млн сомдон ашык сумманы түзгөн батирлер кайтарылды. Эми мэрия бул кымбат баалуу батирлерди кызматтык үй катары пайдаланат. Аны менчиктештирип алууга уруксат жок.

Булак: Фабула 

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Азизаны майып кылгысы келгендер бар”

Төлгөсү төп келген, айткандары орундалган, салган төлгөсү көп кишини ойго салып чочулатып жаткан Света айым менен бу сапар көптөрдүн көңүл борборундагы маселеге айланган ажонун ден соолугу, Текебаевдин ишмердүүлүгү не болот деген суроо менен кайрылып, сурообузга жооп алдык.

– Азиза Абдурасулова көп адамдар менен сүйлөшүп,  көп иштерге аралашкысы келет. Маанилүү маселелерде аты аталышын каалайт. Акча үчүн эмес, эл үчүн иштеп жаткандай таасир калтыргысы келет. Бирок айрым учурда аша чаап кеткен жоруктарынан элге жаман көрүнүп, жек көрүнүп калат экен. Ыңгайы келсе аны сабап, майып кылгысы  келгендер да бар. Эл мурдагыдай сыйлабай жатат. Негизи Азизада мурун кара дуба болгон экен. Аны жандырыптыр. Азырынча өз жумушунда эле иштеп турат.

Булак: Асман плюс

Камактагыларды коргойбуз дешет

Деги биздин айрым адамдардын түшүнүгүнө таң калбай кое албайсың. Бийлик коррупция, кылмыштуулук менен күрөшпөй жатат, мамлекеттин бүтүндүгүнө, туруктуулугуна шек келтиргендерди жазалоодон коркуп, мажүрөөлүк кылат деп кинелешет дагы, чара көрүп, чектен чыккандарды ийнине киргизип жазалап баштаса бийлик куугунтуктай баштады “кокуй” дегенди айтышып, коргоо комитеттерин түзүп чуу түшүп жатып калышат. “Башы жок бака, көзү жок көгөн” деген даана биздин элге куп жарашат экен. Мына бийликти күч менен басып алууга шектелип камалышкан Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовдорду коргоо комитети түзүлүп, өзүнчө эле шоу башташты. Албетте, коргойбуз дегендер камалгандардын жакын урук-туугандары, бөлөк-бөтөн эч ким жок.  Деги ушул “менин тууганым кылмышкер болсо болсун, бирок камалбасын бошотулсун” деген жаман адатыбыз качан калат болду экен. Ак-карасын сот аныктасын, күнөөсү болсо жазасын алып, күнөөсүз болсо акталсын деген түшүнүк качан мээбизге жетет?

Булак: Фабула 

Надира Нарматова, экс-депутат: “Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө арнап, сактап жүргөн "бомбасы" болсо керек”

Кыргыз коомчулугунда издөөдө жүргөн, сыртынан өмүр бою кесилген, түштүк коогалаңын уюштурду дегендердин алдыңкы сабында турган Кадыржан Батыровдун ЕККУда сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Анын кыргыз бийлигине айткан сыны, Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикири, ошондой эле өзбектер геноцит болду дегени элдин ачуусун ого бетер келтирди. Бирок аталган жыйында анын жанында олтуруп алып  аны мактап, Кыргызстандагы саясый качкындардын бири деп тааныштырып туруп сөз берген Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулованы да эч ким сүйгөн жери жок. Керек болсо Кыргызстандагы укук коргоочулук миссиясын токтотуп, эл чогулган жерден кууп чыгыш керек. Булар кыргыз элинин кайгысынан акча табат деп жеригендер да четтен чыгууда. Ошондой эле кыргыз бийлиги абройлуу делген эл аралык ЕККУ деген уюмдун жетекчилигине нааразы болуп, биздин мамлекетти сыйлабаганы үчүн кылмышкер делген Кадыржанга сөз бердиңер деп, ал керек болсо 51 мамлекет мүчө болгон уюмдан чыгып кетүү  маселесин да көтөрүштү. Кадыржан Батыров эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандагы эки укук коргоочуга таянып Кыргызстанга болушунча көө жапты. Эми Кадыржанга калканыч болгон эки укук коргоочуга эл каршылыгын көрсөтөбү, же мурункудай эле иш аракеттерин жүргүзө береби, аны убакыт көрсөтөр. Биз элдин пикирин билүү максатында айрым инсандарга кайрылып суроо салдык.    

– Кадыржан Батыровдун ЕККУда  “Кыргызстанда азчылык улуттар басмырланат, Конституция өзгөрбөсүн” деп айтканга укугу барбы?

– Кадыржан Баатыровдун ЕККУнун кезектеги жыйынына  катышышы, официалдуу түрдө сөз берип сүйлөтүү фактысы ЕККУнун Кыргыз мамлекетине туура эмес мамиле жасагандыктын белгиси деп түшүнсө болот. Кадыржан Баатыров – издөөдө жүргөн кылмышкер,  өмүр бою эркинен ажыратылган Кыргызстандын жараны. Өзү качып жүрүп мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, демократиянын принциптерине сын айтып, мамлекеттин башкаруу системасына өзүн эркин сезип баа берип тургандыгы, жанына укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын отурушу атайылап даярдалган кезектеги ЕККУнун 2010-жылдагы Ош-Жалал-Абад окуясындагы комиссиянын жыйынтыгындагы өзбектерге геноцид жасашкан кыргыздар деген бүтүмүн тастыктагысы келген деп ойлоймун.

Экинчиден, Конституция боюнча Т.Исмаилова президентке болгон нааразычылыгынын негизинде багыт берсе керек деп ойлойм. Бул деген биздин башкы прокуратуранын, укук коргоо органдарынын, жалпы бийликтин алсыздыгы. Алты жыл бою эч кандай чара көрүшпөгөндүгүнүн натыйжасы келип чыкты. Бул Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөттүн  мүчөлөрүнө арнап, сактап жүргөн бир жара турган “бомбасы” болсо керек.

Булак: Асман плюс

 

“Төө бастыга” калышты

“Референдум жөнүндөгү” мыйзамга макул деген добуш беришкен “Ата Мекен” фракциясынын үч депутаты Эмил Токтошев, Сайдулла Нышанов жана Абдимухтар Маматовду Текебаевдин ич күптүсүн жактап, ырын ырдап жаткандар “төө бастыга” алып жатып калышты. Демократиялык көз караш дешип ооздоруна ал жетпей жаткандар бул үч эл өкүлүнүн дагы кандай добуш берээри жеке укугу экенин эске алышкылары келбей, “Ата Мекен” партиясынан депутат болгондон кийин эмне үчүн Текебаевдин ырын ырдабайт дегенди таңуулашып, “көрдөн алып жерге, жерден алып көргө” чаап аябай ызы-чуу кылышууда. Алсак, келтирген жүйөлөрү “бийликтен коркуп жагынып жатышат да, илинчектери бар да” деген кептер. Ошол эле учурда балким эч нерседен коркпой (ошол эле Текебаевден) жарандык позициясында туруп туура деп эсептегендиктен макул деп добуш беришкен чыгаар дегенди ойлоп да коюшкан жок. Ойлогон күндө дагы айткылары келишпей, “бөйрөктөн шыйрак чыгарып” жатышканы кайсы акылга сыйсын…

Булак: Фабула 

Турускуловдун соодалашкысы келет...

Кечээ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Республика – Ата-Журт фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов метериалдык резервдер фондунун курттаган ундары боюнча 22-сентябрда маселе көтөргөнүн, бүгүнкү күнгө чейин өкмөттөн ак же көк деген жооп келбегенин билдирип төмөндөгүлөргө токтолду: “Мен бул курттаган ун боюнча маселени толугу менен изилдеп чыккам, буга чейин эшектин этин жесек, бүгүнкү күндө курттаган ундан нан жеп жатабыз. Бул маселе боюнча эч ким реакция жасабай жатат. Мындан тышкары эл өкүлү эгерде дүйшөмбү күнгө чейин өкмөттөн жооп болбосо же бул боюнча чара көрбөсөңөр видеороликтерди коомчулукка чыгарам, менде бардык фактылар бар. Ошондо көрөбүз Турускулов калп айтып жатабы же Жумабековбу”, – деп күпүлдөдү. Бирок ушул жерден бир нерсени белгилеп коюш парз. Эгер Турускуловдо чын эле факты болсо эмнени күтүп отурат деген суроо туулат. Эмне Жумабеков менен соодалашып бир нерсе өндүргүсү келип жатабы? Фактысы болсо  жарыя кылбайбы?  “Менде факты бар, бир нерсе дебесең жарыялап жиберем” дегендей жыландын башын кылтыйтпай…

Булак: Фабула 

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Марат Султанов түрмөдөн чыгат”

Төлгөсү төп келген, айткандары орундалган, салган төлгөсү көп кишини ойго салып чочулатып жаткан Света айым менен бу сапар көптөрдүн көңүл борборундагы маселеге айланган ажонун ден соолугу, Текебаевдин ишмердүүлүгү не болот деген суроо менен кайрылып, сурообузга жооп алдык.

– “Элдик парламенттин” мүчөсү болгон Марат Султанов жакынкы күндөрү түрмөдөн чыгат. Башында жети ай камалат деген аян түшкөн, бирок жанындагы идеялаштарынан  анын эрте бошонгонун көрүп жатам.

Булак: Асман плюс

Бир батирдин баасын чапчыган номер

Кечээ Мамлекеттик каттоо кызматынын астындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы өзгөчө комбинациядагы сандарды камтыган номерлердин онлайн аукционун 21-сентябрдан баштап өткөрө баштаган. 28-сентябрда эң кымбат делинген, өзгөчө комбинациялуу, “крутой” номерге онлайн-аукцион өткөрдү. Анда белгилүү болгондой 01 777 AAA номери 1 миллион 716 миңге сатылды, баштапкы баасы 60000 миң сом болгон бул номерди алууну каалагандардын саны 33кө жеткен. Аукцион саат 15:00дө башталып, 18:32 араң аяктады.  33 кишинин 9у тиешелүү 10 пайыз гарант болуучу сумманы төлөгөн соң биринен-бири өтүп, улам –улам бул номерге болгон бааны жогорулатып олтуруп, 1 миллион 716 миң сомго жеткиришти. Бул суммага болжол менен шаарыбыздын чет жакасынан эки бөлмөлүү батир келмек. Аукциондон түшкөн каражаттын 91 пайызы өлкөбүздүн бюджетин толуктамакчы. Бул боюнча МККнын төрагасы Тайырбек Сарпашев: “Бул каражат социалдык керектөөлөргө жумшалат. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсүнүн бул кадамын кайрымдуулук катары кабылдайбыз” – деп толуктады.

Буга чейин белгилүү болгондой, 01 001 AAA “крутой” номери 594 миң сомду басып жыгылган эле. Андан бир аз мурунураак тагырагы 22-сентябрда 01 KG 555AAA номери 110 000 сомго, баштапкы баасы 40000 сом. 01 KG 111AAA комбинациядагы номери 160000 сомго, 01 KG 333AAA комбинациядагы номери 76 000 сомго сатылганын эске сала кетели.

Булак: Фабула 

Кадыр Кошалиев, журналист: “Кадыржан Батыровдун олтурган жери түрмө болушу керек”

Кыргыз коомчулугунда издөөдө жүргөн, сыртынан өмүр бою кесилген, түштүк коогалаңын уюштурду дегендердин алдыңкы сабында турган Кадыржан Батыровдун ЕККУда сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Анын кыргыз бийлигине айткан сыны, Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикири, ошондой эле өзбектер геноцит болду дегени элдин ачуусун ого бетер келтирди. Бирок аталган жыйында анын жанында олтуруп алып  аны мактап, Кыргызстандагы саясый качкындардын бири деп тааныштырып туруп сөз берген Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулованы да эч ким сүйгөн жери жок. Керек болсо Кыргызстандагы укук коргоочулук миссиясын токтотуп, эл чогулган жерден кууп чыгыш керек. Булар кыргыз элинин кайгысынан акча табат деп жеригендер да четтен чыгууда. Ошондой эле кыргыз бийлиги абройлуу делген эл аралык ЕККУ деген уюмдун жетекчилигине нааразы болуп, биздин мамлекетти сыйлабаганы үчүн кылмышкер делген Кадыржанга сөз бердиңер деп, ал керек болсо 51 мамлекет мүчө болгон уюмдан чыгып кетүү  маселесин да көтөрүштү. Кадыржан Батыров эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандагы эки укук коргоочуга таянып Кыргызстанга болушунча көө жапты. Эми Кадыржанга калканыч болгон эки укук коргоочуга эл каршылыгын көрсөтөбү, же мурункудай эле иш аракеттерин жүргүзө береби, аны убакыт көрсөтөр. Биз элдин пикирин билүү максатында айрым инсандарга кайрылып суроо салдык.

– Кадыржан Батыровдун ЕККУда  “Кыргызстанда азчылык улуттар басмырланат, Конституция өзгөрбөсүн” деп айтканга укугу барбы?

– Бийлик алсыз болуп, мыйзам иштебеген жерде кылмышкерлердин күнү тууйт. К.Батыров ЕККУда сүйлөмөк турсун анын олтурган жери түрмө болушу керек эле, ал болсо тайраңдап бүтүндөй бир өлкөгө ачуу тилин тийгизип, акыл үйрөтүп жүрөт. Бул албетте туура эмес.

Булак: Асман плюс

Адамдын көз жашында алтын бар экени аныкталды

Россиянын илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн химиялык биология жана фундаменталдык медицина институтунун окумуштуулары көздөн чыккан жаштын курамын биринчи жолу изилдеп чыгышты.

50 ыктыярчыны ыйлоого мажбурлоо үчүн изилдөөчүлөр кадимки көз тамчылатмасынын курамына кирген коопсуз порошок – альбуцидди колдонушкан.
Сибирлик окумуштуулар көздүн жашы аркылуу офтальмологиялык оорулардын баштапкы белгисин билсе болобу деген максатта изилдөө жүргүзүшкөн. Анализдин жүрүшүндө башка дагы кызыктуу жана пайдалуу ачылыштарды аныкташты.
Анда жашты электрондук микроскоп менен кароодо, бул бөлүп чыгаруулар липиддик катмардан, суудан жана илээшме тунук заттан турары аныкталды. Ошондой эле аларда айнек челден кошулуп кеткен клеткалар бар.
Андан тышкары дени соо да жана сыркоо да адамдардын көз жашында алтындын нано (көзгө көрүнбөгөн өтө эле майда) бөлүктөрү бар экени аныкталды.

Булак: Фабула 

Исмаил Исаковдун чочулаганында мандем бар

Сепаратист Кадыржан Батыровдун качып кеткени боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүргүзүлө башташын айрымдар куугунтук катары баалай башташты.  Маселен, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исмаил Исаков бул жагдайды саясий куугунтук деп баалады. Бул туурасында: Бул атайын каралоо иштеринин башталганы баарыбызга эле белгилүү болуп калды. Эгер иш туура башталса, биринчи кезекте 2010-жылдагы окуяларды иликтеген парламенттик комиссиянын документтерин алып чыгуу керек болчу. Ал жерде Кадыржан Батыров эле эмес, ошол окуяга тиешеси бар адамдардын баары ар тараптан иликтенген. Ошол учурда оппозиция абдан күчтүү болуп турган. Алардын сөзү да басымдуу болгон, чындыкты бурмалоого аракеттер да болгон. Ошонун негизинде адилеттүүлүккө жакын материалдар топтолгон болчу», – деген пикирин билдирип, негедир бул иштен кулагы чыкчудай чочулаптыр. Сыягы саясий куугунтук оозанып чочулап жатканына карганда илинчеги бардай туюлат.

Булак: Фабула 

“Кокуйламай” Марат Иманкуловго жеттиби?

Деги биздин саясатчы сөрөйлөргө даба жок экен. Оозуна келгенди оттоп, ойду-тоону сүйлөшөт дагы, анан  кайра мени бийлик куугунтуктап жатат деп “өкүрүп” чыгышат.  Куугунтуктабаган күндө деле эптеп өздөрүн пиар кылыш үчүн калпты чындай кылып койгулаштыра беришкен адам табышты. Буга дейре Эдил Байсалов “мени камаганы жатышат” деп кокуйлап чыкты эле, эми болсо “Таза Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Марат Иманкулов атайын кызмат мага кысым көрсөтүп жатат дегенди айтып “ыйлактап” элге жар салды. Себептерин оңдуу түшүндүрө албаптыр. Болгону УКМКнын дарегине бир катар сын айткандан кийин, төрага Абдил Сегизбаев мекеме алдындагы Кадрларды даярдоо институтунда иштеген инисин жумуштан алуу боюнча тапшырма берди дегенди жүйөө катары көтөрүп чапты. Ал түгүл “Сегизбаев сенин колуңан бок келбейт. Сен сапляк делитантсың”, – деп күпүлдөп да алды. УКМК Иманкуловдун бул билдирүүсү боюнча азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Булак: Фабула 

Лаврентий Берия чындыгында ким болгон?

Берия Кутаиси губерниясындагы Мерхеули кыштагында, анчалык бай эмес дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жакшы билим алып, куруучу-архитектор адистигине ээ болгон. Өспүрүм кезинде жашыруун марксисттик ийримге катышып, революциядан кийин шаардык большевиктик уюмда иштеген. Көп өтпөй Баку республикасы түрк-азербайжан аскерлеринин кысымы  астында кулайт. Ошондон тарта Бериянын биографиясындагы эң көмүскө мезгил башталат – ал муссават (азарбайжан) чалгынынын тыңчысына айланат. Бериянын өзүнүн айтуусу боюнча, ал кош тыңчы болуп, большевиктердин тапшырмасын аткарган. Дагы бир версия боюнча, ал жөн гана пролетарь революциясынын душмандары тарапка өтө качкан.

 Баш кесер

Ялта конференциясында Рузвельттин “Берия ким?” деген суроосуна Сталин: “Ал биздин Гимлер” деп жооп берген. Бирок, Бериянын репрессияга катышкандагы ролу талаш-тартышты туудурат. 1938-жылы Ежов кызматтан кетип, Берия НКВДнын жетекчилигине дайындалгандан кийин атуулар жана камоолор азайып, көп иштер кайра кароого жиберилген. Берия атуу жөнүндөгү өкүмдөргө кол коюп, кээ бир элдерди көчүрүү боюча операцияларга жетекчилик кылган, СМЕРШти түзгөн. Бирок, дал Бериянын тушунда НКВД жазалоочу органдан чарбалык-өндүрүштүк комплекске айландырылган, репрессивдик функциялар мамлекеттик коопсуздук боюнча эл комиссариатына берилген. Көп кишилер Берияны садист деп эсепешет, бирок илимий-техникалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырганы кандуу баш кесердин образына анчалык кошпой турат.

Катынь курмандыктары

Арадан ондогон жылдар өткөн соң көптөгөн архивдик документтер (анын ичинде “№1 пакет”) ачыкка чыгырылып, Россиянын жетекчилиги Катындагы массалык атуудагы НКВДнын жоопкерчилигин моюнга алды. Бирок, бул маселе орус-поляк мамилелериндеги эң талуу нерсе бойдон кала берүүдө. Катынь токоюнда беш миң, польшалык туткундарды жок кылуу операциясынын алкагында баары болуп 20 миңге жакын киши атылган. Поляктардын колун таңып, немистердин куралы менен кежигесине аткан соң өлүктөрдү аңга түртүп салышкан. “Атууга буйрукту Лаврентий Берия берген” деп айтылып жүрөт. Бирок, бул ишти НКВДнын кызматкерлери, же кызыл аскерлер жасагандыгы тууралуу так далилдер жок.

 Мокочо

Расмий өкүмдө ага коюлган айыптардын бири — бул “моралдык жаткан бузулгандыгы”. Москвада “Берия көп кыз-келиндерди зордуктаган” деген ушактар жүрчү. Анын кол алдындагылар аялдарды көчөдөн эле кармап, машинага зордоп тыгып, Бериянын дачасына жеткирип беришээрин айтышчу. Белгилүү советтик актриса Татьяна Окунева өзүнүн мемуранында зордуктоого байланышкан бир нече эпизодду келтирген. 1948-жылы Берия 16-жаштагы Ляля Дроздованы жактырып калып, аны токол кылып алат. Ляля ага бир кыз төрөп берет. Берия камакка алынган соң Дроздова “мени зордуктаган” деп арыз жазат. Ал бул арызды бирөөлөрдүн кысымы менен жазган болушу деле ыктымал. Ошондуктан, Бериянын “аңгилиги” жөнүндөгү сөздөрдүн кайсынысы чын да, кайсынысы калп экенин билүү кыйын.

Атомдук долбоордун башында

1945-жылы Берия советтик атомдук долбоорго жетекчилик кылат. Анын кол алдында эбегейсиз репрессиялык машина эмес, советтик эң көрүнүктүү интеллектуалдар: Сахаров, Зельдович, Курчатов, Туполев, Королев иштешет. Жабык түрдөгү илимий шаарлар курулуп, Германиядан жабдуулар менен адистер алынып келинет. Арадан төрт жыл өткөндөн кийин Семипалатинскиде биринчи атомдук бомба ийгиликтүү сыноодон өтүп, 1949-жылы 29-октябрда Берия Ленин ордени менен сыйланат. “Атомдук энергияны өндүрүүнү жана атомдук куралды сыноону ийгиликтүү өткөргөнү үчүн” ага Сталиндик сыйлык ыйгарылат. Бирок анын атомдук долбоордогу ролу деле бир беткей эмес.

 Жол башчынын түбүнө жеткенби?

Тарыхчылардын көбү “Сталин кремлдик заговордун натыйжасында киши колдуу болуп өлгөн” деген пикирде. Анын себеби түшүнүктүү: жашы бир топко барып калган жол башчы партиялык төбөлдөрдү дагы бир сыйра тазалап, электен өткөрүүнү ойлоно баштаган. Саясый бюронун мүчөлөрүнөн эч кимиси, өзгөчө мегрел Лаврентий Берия өзүн коопсуз сезе алмак эмес. Эгер чын эле жол башчыны жок кылууну көздөгөн заговор уюштурулуп, ал уулап өлтүрүлгөн болсо, мунун уюштуруучусу Берия экендигинде эч шек жок.

 Реформатор

Сталин өлгөндөн кийин эбегейсиз күч-кубатка ээ болгон Берия болуп көрбөгөндөй активдүлүктү көргөзө баштайт. Анын демилгеси менен кеңири мунапыс жарыяланып, лагерлердеги миңдеген кишилер эркиндикке чыгат. Ал абактагыларды кыйноолоорго тыюу салып, саясый туткундарды реабилитациялоо башталат.

Берия ФРГ менен ГДРди бириктирүү, советтик республикаларды “улутташтуруу” идеясын да көтөргөн. Анын ою боюнча, империянын жер-жерлердеги бөлүмдөрүн Москвадан жиберилгендер эмес, улуттук элита башкарууга тийиш эле. Ал коммунисттик партиянын өлкөнү башкаруудагы ролун агитациялык-пропагандалык функция менен гана чектеп, реалдуу бийликти советтик технократтар менен адистерге бермекчи болгон. Эгер бериялык “жылуулануу” ишке ашса, бүт советтик система маштабдуу түрдө либерализацияланып, түп тамырынан бери кайра курулуп, Хрушевдикине караганда да чоңураак реформа жүрмөк. Бирок, анын бул пландары ишке ашкан жок. Кремлдеги бийлик үчүн күрөштө Берия менен анын тарапташтары утулуп калып, камакка алынып, атууга өкүм кылынат. Ошентип, “Бериянын пландары өлкөнү эмнеге алып бармак?” деген суроо жоопсуз калды.

(Интернет булактардан)

Булак: Азия Ньюс

 

Учурда баш мыйзам эмес, мародерлук башкы темага айланды

Учурда Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору канчалык талаш-тартыш жаратса да көпчүлүк депутаттар колдоого алганы калышты. Өзгөртүүлөр зарыл экенин айтып, бирок ошол эле кезде жеке таарынычы үчүн каршы чыгып, ич күптүсүн мамлекеттик көйгөйгө айлантып жиберген Өмүрбек Текебаев учурда такыр эле майдаланып, баш мыйзамды унутуп, мародерлук маселеге баш-оту менен кирип кетти. Коомчулук баш мыйзам эмес мародерлук маселесине кулак түрүп, эми эмне болот деп калышты. Ал ортодо өзгөртүүлөрдү колдоп жатышкан “Бир Бол” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлери Алтынбек Сулайманов менен Бакыт Төрөбаев да агасы Текебаевди колдоп чунаңдай башташты. Бул жерде түндүк-түштүк маселеси да роль ойной баштады. Бөлүнүүчүлүк жок деген менен саясатчылар өздөрү бөлүнүүгө жол ачкан кылыктарын ушундай саясий маселеде ачык байкатып коюп жатышат. Маселен, Конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоп жатышкан Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов маселе чечилээр кезде “жердешчилик оорусуна” алдырышып, Өмүрбек Текебаевди тымызын колдоп ойт беришти. Ал эми КСДПнын лидери Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов өзгөртүүлөрдү колдой турганын айтышып, бекем позицияны карманышууда. Ушунун өзү парламенттеги 6 фракциянын үчөө түштүктүк болуп, үчөө түндүктүк болуп бөлүнүп калганын көрсөттү. Албетте Сулайманов менен Төрөбаев жердешчилик “дартына” чалдыгышып жаткан менен, башка эл өкүлдөрү мындай тар көз караштан бийик турушса керек. Анткени экөө тең фракция лидери болгон менен жалпы саясат айдыңында дале болсо жалпы мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албаган, тар чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөгөн лидер катары бышып жетиле электигин көрсөтүп коюшту.  Арийне кимиси кандай максатты көздөп саясий чайкоочулук жасагысы келбесин, баш мыйзам каалайбызбы-каалабайбызбы өзгөртүүгө муктаждыгы баарына айкын болуп калды. Коомчулукка болсо баш мыйзамды өзгөртүү же өзгөртпөө  көйгөйлүү деле маселе эмес. Демек өзгөртүүгө каршы чыгып жаткандар элдин чапанын жамынып, элдин атынан калпты-чынды койгулаштырбай, өз аттарынан сүйлөөгө тийиш. Элге баш мыйзамдын өзгөрүшү эмес мародерлук маселеси алда канча актуалдуу темага айланып, кимдин мүлкү канча, ким эмнени кымтып алган дегенге кунт коюу менен байкоо салып турушат. Буга себепкер Текебаев экени талашсыз. “Ууруну карма деп ууру жүрөт” болуп Текебаев мародерлук темасына жармашып алып, шектүү шекшинет дегенди айгинелеп жатат.  2010-жылкы революциядан кийин “Ата Мекен” партиясына жармашкан мародерлук боюнча кара тактан арылуу амалын көрүп, жебенин учун башкаларга бурууга болгон күч-аракетин жумшап, баш мыйзамды унутуп калды.

Булак: Фабула 

Ит тирүү калды... (Эссе ордуна)

 

Көпчүлүк учурда турмуштун катаал шарты менен жүрүп, мүнөзүңдүн өзгөрүлүп кеткенин байкабай калат экенсиң. Аң-сезимди катуулук каптап алганын карасаң, заманга жараша кайгы-кубанычка аралаш жүрүп, көпчүлүк учурда текеберленүү, өчөшүү менен жашап, анан ошого жараша ички дүйнөң аркылуу баарын өткөрүп, күрөшөсүң да. Дубалды башың менен ургандай. Терең ойлонгондо беймаани беле?..

Бир ит бар да. Түнү үрөт. Үнү заар. Уйкуну умачтай ачып салат. Бу саам да каңкылдактан ойгонуп кеттим. Адаттагыдай кыжырданганча сенин уялыңкы, акжуумал жүзүңдү элестеткенге үлгүрдүм. Сонун себеп. Түшүмө кирип атыпсың. Экөөбүз Аламүдүн капчыгайы менен жогору баратабыз. Белиңен бекем кармап алгам. Албууттанган, мөңкүп аккан чоң суунун жээгинде…

– Мени сагынасыңбы? – дедиң бир маалда.

– Күндө, саат сайын…

– Ишенем.

– Сен жок болсоң кыйналып калам, – дедим.

Ошондо алиги иттин үнү түшүмдү бузуп, ойготуп жиберип атпайбы. Негедир көңүлүм алып-учуп, түн жарымында маанайыма гүл өңгөнсүдү. Мындай жагымдуу сезимде качан болгонумду эстей албадым. Жүрөгүм жибип кетти. Балконго чыктым да, чылым түтөттүм. Жылдыздар. Сенин элесиң чалажан сезимдерге жан киргизди. Жумшак, илбериңки сылаган колдоруң, бөрсөйгөн таттуу эриндериң, тирелген кош мамагың, анан, жуурулуша кучакташканда жагымдуу жытың каңылжарды өрдөгөндө өзүмдү коерго жер таппай, көөдөнүм ысып кеткеничи? Менден эч нерсеңди аячу эмессиң. Көңүл ооруткандан коркчусуң, эркелеген сага жакчу. Маңдайыңан ылдый согончогуңа чейин сылаганымда, көзүңдү сүзүп, сулк жаткан жылаңач денең ансайын ышкыны козгоп салганда тыбырчылап, кантип карманасың? Шашып. А шыбыраган үнүң дене бойду дүркүрөтүп, огобетер бекем ыкталыша бири-бирибизге жабышып, ысык демдерибизди ичибизге ката албай. Жылуу булагың жинди кылып ийе жаздачу. Жылас алгырдыкы! Сеники башкача эле…

Тамекини дембе-дем тартып, кол телефонуман Фейсбукту чукуладым. Бар экенсиң. Сүрөттөрүңдү барактап атып, өзгөргөнүңдү байкадым. Баштагыдай баео, ишенчээк, эрке мүнөзүңдү элестете албай койдум. Сени да катаал турмуш оңго-солго калчап, курчуткан окшойт. Достук жөнөтөйүн деп, кайра тартындым. Эми биз башка адамбыз да. Капилеттен жолдон чыга калып, азгырууну оңой ойлободум. Менин элесимде жароокер мүнөзүң, мөлтүрөгөн сулуулугуң жашай берсинчи, ошол жылуулукка чөмүлүү кандай жыргал?! Көңүлүмдү кирдетип, жүрөгүмдү муздаткым келбеди. Бирок, сени кыялданып, эңсеп, анан чексиз бактылуу экенимди сездим. Башкача эргидим…

Тиги ит болсо дагы эле үрүп атты. Үнү жагымдуу. Ал итти өлтүрүп салуу ниетимен кайттым. Сүйүнүп кеттим. Өзүмө таңгалып койдум…

Кыян САРЫ     

Булак: Азия Ньюс

 

Москвада Борис Немцовдун өлүмү боюнча сот башталууда

Дүйшөмбү күнү Москва аймактык сотунда Борис Немцовдун өлүмү тууралуу иш боюнча угуулар башталат. Буга чейин ишти сот кеңешчилери карасын деген чечим кабыл алынган.

Мындай өтүнүч менен сот жообуна тартылып жаткандар кайрылышкан. Алар бешөө. Бардыгы тең саясатчынын өлүмүнө тиешелери жок экенин билдирип келишет.

Заур Дадаев, бир тууган Анзор менен Шадид Губашевдер, Хамзат Бахаев жана Темирлан Эскерханов уюшкан топтун курамында жалданып адам өлтүрүүгө жана курал-жаракты мыйзамсыз алуу жана сактоого айыпталып жатышат.

Жабырлануучу тарап тергөө Борис Немцовдун өлүмү менен анын саясий жана коомдук ишмердүүлүгүнүн ортосунда байланыш бар экенин эске албай жатканына нааразы.

Сот жообуна тартылып жаткандардын арасында буйрутма берген деп шектелгендер менен кылмыштын уюштуруучулары жок. Буга байланыштуу Борис Немцовдун кызы Жанна Немцованын жактоочусу тергөөнүн ийгиликсиз болгондугун билдирүүдө. Ошол эле маалда коргоо тарап да тергөө тобунун ишинин сапатынан күмөн саноодо.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алеппонун кире беришинде шаар үчүн күрөш уланууда

Жекшембиде Сирияда куралдуу оппозиция менен өкмөттүк аскерлер Алеппонун жанындагы аймактарда айыгышкан салгылаштарды улантышты. Сирия бийлиги оппозицияны курал-жарактарды таштап, шаардан чыгып кетүүгө үндөдү.

Салгылаштар Алеппонун түндүгүндөгү аль-Шукиф бийиктиги, ошондой эле Бустан аль-Баша аймагы үчүн уланды.Өкмөттүк аскерлердин Алеппого чабуулу орусиялык жана сириялык авиациянын интенсивдүү колдоосу алдында жүргүзүлүүдө. Алар шаардын чыгыш бөлүгүнө сокку уруп жатышат. Бул тууралуу Associated Press сириялык укук коргоочуларга шилтеме кылуу менен кабарлоодо.

Оппозиялык куралдуу топтордун биринин агенттикке билдиришинче, армиянын чабуулдарына чет өлкөлөрдүн жарандары да катышууда. Ал кеп желектери аркылуу таанууга мүмкүн болгон Ливан менен Ирактын жарандары тууралуу болуп жатканын кошумчалаган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню