Menu

Парламенттик фракциялардын биргелешкен жыйынында социалдык камсыздандыруу маселеси талкууланды

Жогорку Кеӊеште мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маселени талкуулоого арналган парламенттик фракциялардын биргелешкен жыйыны өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев пенсиялык камсыздантыруу ишин өркүндөтүү чаралары өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясында камтылгандыктан, өкмөт анын мыйзамдык базасын өркүндөтүүдөн баштаганын, ошондон улам пенсиялык камсыздантыруу тарифин орточо эмгек акыга байлаган мыйзам долбоору даярдалып, парламенттин кароосуна сунушталганын белгиледи. “Соцфонддун бюджети 45 млрд сомду түзөт, анын ичинде 17 млрд сом мамлекеттик бюджеттен берилет. Бирок, ал баардык керектөөлөрдү жаба албайт”, – дейт ал.

Биринчи вице-премьер-министр пенсия багытында жумшалуучу каражаттын жетишсиздигинин себептерин түшүндүрдү. Анын айтымында, жумушка жарамдуу жарандардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдө жүргөнүн, азыр 700 миӊ адам гана Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт. “Стандартка ылайык, 1 пенсонерге иштеген 3 киши туура келиши керек болсо, бизде 1 пенсионерге 1 иштеген адам дал келет. “Иштегенине жараша пенсия төлөө” деген принцип бар, ал эми азыр “тилектештик” принциби менен жашап жатабыз”, – деп кошумчалады ал.

Жыйын жүрүшүндө депутат Исхак Пирматов ага атаандаш катары “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуш кылганы белгилүү болду. “Мыйзам долбоорунда жер участогунун аянтына жана жер түрүнө жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн коюмдарын ажырымдап бөлүү чарасы каралган. Мындай коюмдар юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн баарыга теӊ, бирдей шарттарын камсыз кылат”, – дейт ал.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз эки мыйзам долбоорунда теӊ алгылыктуу сунуштар бар экенин белгилеп, эки мыйзам долбоорун бириктирүү зарыл экенин билдирди. Жыйынтыгында депутаттар эки тараптын өз ара макулдашуусу зарыл деген чечимге келди. Эки тарап теӊ мындай сунушка макулдугун беришти.

Видео – ШКУ саммити: Каримов бийлегенде Бакиев жолдо калат экен

Кечээ, 23-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Ташкентке барган өлкө башчылары үчүн өзбек артисттери атайын концерт уюштурду. Анда кытай, кыргыз, орус, казак, түркмөн тилдеринде ырлар аткарылды.

Ал эми өзбекче ыр жаңыра баштаганда өзүн кармай албай кеткен Ислам Каримов ордунан тура калып, ортого чыгып бийлей баштады.

https://youtu.be/OmTN1wMUeRQ

Улуу Британиянын премьер-министри Кэмерон отставкага кетерин билдирди

Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон октябрда отставкага кетерин билдирди. Анын бул чечими жалпы улуттук референдумдун жыйынтыгына байланыштуу болду. Кэмерон өлкөгө жаңы лидерлер керек деп эсептейт.

Анын айтымында, референдумдун жыйынтыгы британиялыктардын турмушуна эч кандай деле өзгөрүү алып келбейт. Консерватор Дэвид Кэмерон өлкөнүн Евробиримдик курамында калуусун жактаган.

Кечээ өткөн референдумда шайлоочулардын көпчүлүгү Евробиримдиктен чыгууну колдоду.

Негизи референдум сунуштоо мүнөзүнө ээ. Антсе да өкмөт буга чейин эгер британиялыктар Евробиримдиктен чыгууну жактаса, ЕБ курамынан чыгуу боюнча жараянды баштоону убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Асейин Саралаев бүгүнкү бийликтин деңгээлин түшүнүп, булардан көрө Бакиевди кайра алып келүүгө чакырды

Чөөлөр жүрөт Берлинге туу сайгансып,
“Өмүр бою кестик” дешип кубанып.
Ким ишенет “куурчак” сындуу сотторго,
Ак ийилет, бирок сынбайт уланып.

Тынч кетсе да элдин ойлоп тагдырын,
Тебелешти калктын берген добушун.
Бузукулар салтты тепсеп кутуруп,
Талкалашты, өрттөп АТА КОНУШУН!!!

“Канкор” дедик Бакиевге асылып,
Көзү жокто күнөө жаптык ашыгып.
Канкор болгон Батыровду айтпайбыз,
Ошто жатат далай кандар басылып…

Бузукулар “кетсин” дешип үйрөтүп,
Жүргөн эле такыр жерди гүлдөтүп.
Алар келип аңга түштүк баарыбыз,
Шоопурлары элди билип дүрбөтүп.

Пайда болуп куудул “токол” депутат,
Көксөп турат Бакиевдин өлүмүн.
Сен ишенген “гарем” дагы жок болот,
Өлүмдү эмес өзүң тиле өмүрүң!

Көрүп алып көп жоругун булардын,
Бакиевдин туугандарын сыйладым.
Батыровдун колу менен өрттөлгөн,
Түштүктүктөгү боорлорума ыйладым…

Канкор эмес! Жаныш ага-генерал!
Элибизге тирек болгон дайыма.
Баарыбызда жандай болгон тууган бар,
Жалаа жаптык Бакиевдин баарына!

Калк ишенип “эки жолу” шайлаган,
Бакиевди неге душман көрөбүз?
Түндүк-түштүк түп көтөрө колдогон,
Президентти “оштук” кылып бөлөбүз…

Акаевдей былжыр эмес сүрдүү деп,
Нарын, Талас, Ысык-Көл да шайлаган.
Баркын билип күтүп турат калың эл,
Хан көтөрөт кайтып келсе кайрадан.

Бакиев эмес Батыровду соккула!
Бийлигиңди “топ чөөлөрдөн” тоскула!
Бакиевдер душман эмес билип кой,
Батыровдой чын душмандан корккула!

Бакиев деп каралабай чакырып,
Кыргыз эли эсибизге келели!
Кайра түздөп керегенин кыйшыгын,
Келерки жыл “хан тактыны” берели!
Асейин Саралаев, “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү

“Саман” аралашкан саясат, “баткак” аралашкан бийлик

Тарыхта калба, Тайырбек!

Тайырбек Сарпашев мамлекеттик каттоо кызматына барганы артынан “тонналаган” сөз ээрчип жүрөт. Алты эмес, ар ай сайын улам бир сындын бутасына кабылат. Жасалма паспорт чатагы, “жалтыраган” авто номурларды жасоодогу мандемдүү тендерлер… Санай берсе толтура. Аны деле тоготпойт. Кыязы, колдогон кожосу күчтүү окшобойбу? Эми өткөндө: “Мага, парламенттик шайлоону эскиче бурмалап берсең 1,5 миллион доллар берем” дегендер болду. Ал партия азыр парламентте отурат” деген сөзүн балп эттирди. Бул өтө чоң билдирүү. Мыйзамды сыйлаган мамлекеттерде мамлекеттик жооптуу кызматтагы адамдын мындай билдирүүсү өтө чоң чырды жаратмак. Керек болсо, Т.Сарпашев өзү билип, туруп мындай кылмыштуу окуяны жашырганы үчүн жоопко тартылышы керек болчу. Андай берене кылмыш кодексинде бакыйып жазылып турат. “Эл тынчыса да Элчибайдын баласы тынчыбай койду” дегендей, анын акыркы кадамы өтө эле чектен чыгып кетти окшойт. Өзгөчө жаңы үлгүдөгү паспорттон “улуту” деген графаны алып салуу аракети. Эл менен эсептешпей эле айтып жатат ал: “Жаңы паспорт үлгүсү мекемелер аралык комиссиянын отурумунда каралып, бекитилген соң юридикалык күчкө ээ болот. Анан ушул жылдын аягында колдонула баштайт” деп. Ушунчалык өзүм билемдикке даай алган бул “оюндун” артында кайсы “дөө-шаа” турду экен? Бул туурасында Жогорку Кеңештин салмактуу делген депутаттарынын бири Мыктыбек Абдылдаев терс пикирин билдирди. Эл өкүлү суроосун түз эле парламенттин спикери Чыныбай Турсунбековго сунду. “Ким ага мындай укукту бериптир? “Улуту” деген графа кимге жакпай жатат? Бул аракети үчүн Сарпашев кечирим сурашы керек” деди. ЖК төрагасы Ч.Турсунбеков да Т.Сарпашевдин бул кылыгына чындап таң калып жатканын билдирди. Анын бул жаратмандыгын Батыштан “тамактанган” бир топ НПОчулар да колдоодо. Таңгалыштуусу, мамлекеттик коомдук канал болгон КТР дагы Сарпашевдин аракетин колдогон сюжеттерди байма-бай көрсөтүүдө. Эгерде паспорт маселесиндеги бул “оюн” токтобосо, кыргыз мамлекетиндеги кыргыз улутундагылар арасында өтө чоң чырды жаратышы мүмкүн. Сүйкөнбөчү жерге сүйкөнөм деп таптакыр кир болуп калбаса болду бул жигит…

Сом

Бюджет деле көбөйүүдө, бирок, жетпейт. Эмнеге?

А.Акаев аңтарылган 2005-жылдагы бюджетибиз 18 миллиард сомду түзгөнү айтылат. К.Бакиев качкан жылы мамлекеттик куржундагы акча 60 миллиардан ашыптыр делет. Азыр болсо (2016-жылдын бюджети менен карасак) 146 миллиард сомду түздү дешет. Бирок, баардык жерде акча жетпей жатканы айтылат. Көрсө, мамлекеттик акчаны, чет жактан келген гранттарды сормо саздай соруп кетчү схемалар өтө эле көбөйүп кеткен белем? Ал эми “андайларга каршы күрөшөбүз” дегендер жөн эле “картон арстанга” окшоп калган окшобойбу? Болбосо, “айда туусам айда жок, айда жылаан жеп кетет” деп балапандарын жылаанга жем кылган армандуу бир канаттуу муңкангандай, чиновниктер тарабынан ичип-жемейлер, жат көрүнүштөр, көйгөйлөр туурасында күндө айтылат. ММКлар да канчалаган терс көрүнүштөрдү, кадрдык алешемдиктерди көзгө сайып көрсөтүп берип жатып, эстери оогондой деле эле болду окшойт. Өйдөкүлөрүбүз болсо “жашообуз өсүп баратат” дейт. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, ушу тапта Кыргызстандын элинин үчтөн бири жакырчылыкта жашап жатканы айтылууда. Алардын расмий эсептөөсүндө 2015-жылы жалпы калктын 32,1 пайызы жарды жашаары айтылат (расмий эмес маалыматта андан да көп болушу мүмкүн). Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 1,5 пайызга көбөйүптүр. Ал эми 2016-жылдын өткөн 5 айындагы көрсөткүчтө андан да жогорулаганын айтышууда. Ошол эле учурда: “Азыр Кыргызстанда 132 миң бай бар. Алар акчаларын каякка чачаарын билбей жатышат” деп парламент трибунасында “бутунан чачына чейин финансист” болгон бир депутат жар салып чыкты… Кээде айласыз ойго кетесиң, биздин мамлекет башчыбыз “бүгүнкү мамлекеттик кызматтарда кимдер отурат, алардын колунан бир нерсе келип жатабы?” деген суроого түйшөлөбү? Өзү менен өзү калган учурларда…

Жапаров

Эр жигит элинин ичинде болот…

Кыргыз саясатында Акылбек Жапаров аттуу акылдуу, өтө айлакер жигитибиз бар. Кезинде (2005-жылы) “мандат оорусу” менен катуу ооруп, чоң атасы Т.Усубалиевге асылып, “Долондун” берки бетин ызы-чуу кылып, кийин “атышып”, анда бир элге жаман көрүнгөн. Өзгөчө кочкорлуктардын А.Жапаровдон айныганы 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо байкалган. Анда Акылбек: “Кочкордон “Акжолго” 80 пайыз добушту сатып алсам да салдырып берем” деп Ө.Текебаев менен байге сайышып, анте да албай утулуп калган. Бакиев доорунда 1-вице-премьер-министр болуп турган кезде көпчүлүктү, ириде нарындыктарды ичирткенткен бир окуя жердештеринин эсинен али да кете элек. Анда (2010-жылы, февралда) Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри Казы Дикамбаев каза болуп, А.Жапаров маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатынын комиссия башчысы болот. Мамлекеттик ишмер менен коштошууга бир топ эл жыйналат. Бирге иштешкендери коштошуу сөздөрүн сүйлөйт. Ошондо Акылбек өлкөнү 24 жыл башкарган чоң атасы Т.Усубалиевге сөз бербей, жаш баладай томсорткон. Балким, А.Жапаров ошондо өзүн өтө бийик сезип, бийликтин бийик кумарына баткан кезидир? Бирок, анын мындай кылганына Теңир-Тоолук жердештери өтө капа болгон. Эми кечээ жакында Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында өткөн Сарыбагыш уруусундагылардын 450 киши катышкан курултайында тим эле асманды сүйлөдү дейт. Сүйлөгөн сөзүнүн төркүнүндө “улууну урматтаган” андан ашкан киши жоктой болуп. Анын докладынын даамдуулугуна далайлардын “шилекейи агыптыр”. Анчалык акылы, “ыйманы” ашып-ташып жатса, айрым кетирген каталарын эстеп, Ыйык Орозонун күндөрүндө маркум Т.Усубалиевдин арбагына Куран түшүрүп, аз да болсо жандүйнөсүн тазалап алганга жараар бекен? “Ушундай улуу күндө элиңдин абалын бир көрүп, аралап келсеңчи, парламентте отуруп алып акылдуусуна бербей” дегиң келет экен? Болбосо, шайлоо маалында өз журтуңду аралай албай, Бишкектин бир кварталында “алты кемпирди” чогултуп алып агитация жүргүзгөнүңдү ошол эле жердештериң айтып жүрөт. Эл жаманды да, жакшыны да билет. Эсте тутат…

Салянова 4

Салянованы “сазга” сүйрөшүүдөбү же?..                                                                            

Мындан бир жарым ай мурун болсо керек, бийликке ыктаган салмактуу басылмалардын бири А.Салянова туурасында кызыктуу бир маалыматты жазып чыгышкан. Ал маалыматта Салянованын 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышаарын болжолдошуп, экс-башкы прокурорду “казак бийлигинин эң жогорку жагындагы “табышмактуу адам” колдоп жатканын, ал адам чоң шайлоодо Саляновага демөөрчүлүк кылаары, ал туурасында жакында жалпыга жарыяланаары” боюнча айтылган. Ошол бойдон “жалпыга” жарыяланган жок. Кечээ жакында болсо, анын агасын “адам өлтүрүү иши боюнча” ИИМге суракка чакырылды. Муну депутат айым, бир кезде башкы прокурор болуп турганда андагы “зам министр”, учурда ИИМдин министри К.Жунушалиевге (2012-жылы, февралда) курал сатуу боюнча “Логик” эл аралык борбору” аттуу коммерциялык мекемеге мыйзамсыз лицензия бергени боюнча кылмыш ишин козгогонун айтып, генерал Жунушалиев “ошол иш үчүн азыр менден өчүн алууда” дегендей сыпаттады. ИИМ болсо Салянованын агасын “профилактикалык иштер боюнча” чакырганын айтууда. Аны менен бирге эле А.Салянова акыркы учурда анын жакындарына, үй-бүлөөсүнө кандайдыр кысымдар күчөгөнүн айта баштады. Бир карасаң чынында Саляновага акыркы учурда “саясый фронттун” дээрлик баардык тарабынан чабуул башталгандай. Кызык жагдай… Булардын баары жөн гана дал келүүбү же кимдир бирөөлөр тарабынан Аида Жеңишбековнаны чын эле “сазга” сүйрөө аракетиби?..

Булак: “Азия news”    

Аида Салянова прокуратуранын ашмалтайын чыгарган – Качкын Булатов

Аида Салянова айымдын Адилет Айтикеев менен кайым айтышы социалдык тармакты дүрбөлөңгө салды. Аида Салянова башкы прокурор болуп жүргөндө, кандай иш алпарганын билбесек бир жөн, көп эле актана бербесе. Эгерде биз өз көзүбүз менен көрбөсөк, укпасак анда унчукпай калмак элек. Аида айым “коррупция менен кармашып көп душман күтүп” алдым дейт, ооба, анткени коррупцияга аралашкан, аралашпаган саясый буйрукту аткарып жүрбөдү беле. Ак үйдөн тандалма буйрукту аткарып жүргөнүңүз ачыкка чыккан эмес беле. Мыйзамдуу ууру Батукаевди Ак үйдүн жардамы менен бардык күч структуралары, дарыгер, соту кошулуп туруп чыгардыңар, аны кантип танууга болот? Видеотасма турбайбы. Батукаевди бошоткон тууралуу, сессияда карап жатканда, Турсунбек Акун экөөңөр адвокат болгонуңар калппы, же унутуп калдыкпы. Ошо кезде башкы прокурор элеңиз, ошо замат ким Батукаевди бошоткондордун үстүнөн кылмыш иш козгоп, күнөөлүүлөрдү эмнеге камакка алган жоксуңар? Эми калп эле имитация кылып, актангандын кажети барбы? Бийликте отуруп, чындыкты бурмалап жалган сөз сүйлөп жүрүп мамлекетти кризиске алып келдиңер.

Аида айым атайын байкабаска салып, бийликтен кетпестин амалын жасап, өйдө жактагы мыйзамсыз буйруктарды аткарууга туура келген. Ошондуктан өтө оор кылмыштарга баргансыңар. Бир эле Батукаев эмес, эркиндикке акчасы көп Акмат Бакиев, террорист-киллер Алтынбек Итибаевдин үч жолу бошотулганы кылмыш иш эмеспи. Эгерде биз мыйзамдуу өлкө болгондо Аида Салянова эчакта эле кылмыш жообуна тартылмак. Ал эми Аиданын күйөөсү мамлекеттик көмүр сатып алуу боюнча кылмышка катыштыгы бар экени толук кандуу далилденди. Ал эмес көмүр сатып алуу операциясына Текебаев дагы шектүү, анткени мен Текебаевге маалыматты айтсам ал титиреп, ачуусу келип, укпай кетип калган. Ошондон кийин мен Өмүрбек Чиркешевич кандайча мен берген маалыматка жини келди десем, көрсө мародёрлук боюнча дагы ушул эле Аида айым аркалуу кылмыш басылып калганы билинип калды. Негизи Аида Салянова, Д.Нарынбаев, Текебаев, Нарын облустук прокурору Ж.Салиев, Арпачиев бир компания болушуп, көп буйртма иштерди кылышты, акыры АЛЛАнын амири менен теңи түрмөдө отурушат. Парламенттик шайлодо Аида Салянова “Ата Мекен” партиясы менен шайлоого аттанганда көпчүлүк таң калганбыз. Ошондуктан 2010-жылкы мародёрчулук, банк ячейкаларындагы акчалар, Турат Мадылбековдун баласы Максимдин үйүн сатып ийгени, кылынган кылыктарды жаап, жашырып келген үчүн кылмыш жобуна тартыласыңар. Бир убакта мыйзамдуу өлкө болоорбуз, кантип эле өмүр бою уурулар мамлекет башкарып калсын.

Үмүт менен гана мыйзамдуу заманды күтүгө туура келет экен. Себеби дүйнө жүзү цивилизацияга умтулуп жатат, акыркы убакта авторитаризмге сокку уруп, дүйнөнүн коопсуздугуна өнүккөн өлкөлөр күрөшүп келе жатат. Ошондуктан Аиданын кылган кылмыш иштери бир убакта ачыкка чыгарына ишенем. Ошондо мародёрлордүн бети ачылып, кылмыш ишти ким жаап койгону ачыкка чыгат эмеспи.

Медет Садыркуловду өлтүргөндөрдүн кылмыш иши ачылды, бирок өз учурунда кылмыш эмне үчүн ачылган эмес? Эмне үчүн жаап жашырган генералдар жоопко тартылган эмес. Аида айымдын күнөөсү тоодой үйүлүп калган. Анан эле парламентте отуруп, эл тагдырын кантип чечмек эле. Бийлик “мы своих не бросаем” деген сыяктуу, бири- бириңерди колдоп, бийликтен кетпей айлампа ойноп жүргөнүңөр бир күнү токтойт, азыр депутаттыкты аркалап туруңуз. Атамбаевдин каарына калбаган үчүн гана парламентте отурасыңар. Түлеев, Мырзакматов, Садыр Жапаровдой куугунтукка илинбей калдыңар. Адилет туура маселе көтөргөн, мыйзам алдында жооп бересиңер, командаңар менен!

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Видео - Ак үйдүн алдында депутат Султановго нааразы болгон адам өзүн-өзү өрттөгөнгө аракет кылды

Бишкектеги Акүй алдында 24-июнда Бакыт Мендешов аттуу жаран өзүнө өрт коюуга аракет жасады. Ал мындай кадамын парламент депутаты Абдыкапар Султановго нааразылыгы менен түшүндүрдү. Милиция кызматкерлери анын өзүн өрттөөсүнө жол беришкен жок. Окуяда аны менен кошо Акүй алдына чыгып, нааразылык жазылган плакаттарды көтөрүп турган туугандары менен милиция кызматкерлери да чырдаша кетишти.

Бакыт Мендешов анын аялы “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Абдыкапар Султановдун жакынына таандык фирмада эмгектенгенин, каржылык мыйзам бузуулар боюнча ак жерден камакка алынганын билдирди. Нааразы тарап бул иштин калыс тергелишине депутат кийлигишип жатканын айтышууда.

Өзүн өрттөөгө аракеттенген Мендешовду милиция кармап кетти. Ал эми депутат бул боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Азаттык”

Каримов Атамбаевди жылуу кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда Ташкентке иш сапарынын алкагында, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Каримов Атамбаевди жылуу тосуп алып, ШКУ саммитине жеке катышуусу үчүн ыраазылык айтты. Өз кезегинде Атамбаев меймандостугу үчүн ыраазылыгын билдирип, ШКУ саммитинин жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты, өлкөлөр арасында экономикалык кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгүн жана саясый диалогду жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

Бейшенбек Бекешов: “Паспорттон жарандардын улутун алып салуу кыргызга ниети ак кишилердин иши эмес”

Паспорттон жарандын улутун алып салуу менен автоматтык түрдө өлкөбүздө улуттардын санын каттоо токтойт. Мындай пикирин белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов соцтармактагы баракчасында билдирди.

“Кыргыздын саны өсүп жатабы же кемип жатабы – аны менен эч кимдин иши болбойт. Жарандардын жалпы саны сырттан келгендердин эсебинен өсүп жатабы же өзүбүздөгү майда улуттардын көбөйүшүнөн өсүп жатабы – муну менен да эч кимдин иши болбойт. Кыргыздын кызы кыргыз туудубу, кытай туудубу – анын да эч кимге кызыкчылыгы болбойт. Өлкөдөн канча кыргыз чыгып кетти же кайра келди деген маалыматты да эч ким каттабайт. Мамлекеттик статистика органдары мындай эсепти жүргүзүүнү биротоло токтотот. Кыргыз жарандыгын алам деп, мисалы, Россиядан келген кыргыз менен Кытайдан келген кытайдын укугу бирдей болуп калат. Өлкөдө 70-80 жыл орус тилинин базасында, акыркы 10-15 жыл кош тилдин базасында жамандыр жакшыдыр иштеп келаткан улуттар аралык саясат күм-жам болот…

Жок, туугандар. Бул кыргызга, кыргызга болбосо жок эле дегенде Кыргызстанга ниети ак кишилердин иши эмес. Бул тынч жаткан элди козутуу, бүлүнтүү үчүн атайын жасалып жаткан провокация сыяктуу болуп жатат. Же мен жаңылып жатамбы?

Азыр жүз миң кытай жээн болду Кыргызстанда дешти. Ошолордун баары “кыргыз жараны” болот экен. Алар кыргызча сүйлөмөк беле. Англисче, жок дегенде орусча сүйлөйлү деп добуш берип турат эртең. Азыр кыргыз болуп кеткен жунгардын эле канча запкы тартып жатабыз (балким бул да ошолордун ишидир). Таза шымыбыз шыпырылат экен да эми. Мамлекеттин, кыргыздын кызыкчылыгы тууралуу сөз болгондо алар таза кыргызча сүйлөп туруп да иритип-чирите бериши нан жегендей эле иш болот. Кыргызстандын жарандыгы тууралуу учурдагы мыйзам деле кыргызды 40-50 жыл ичинде биротоло жок кылат. Бул аны эки эсе тездетет экен да. Эртең ооматыбыз келип, өлкөбүз оңоло баштаса, Бириккен Араб Эмираты болбосок да, туристтик таза өлкө болуп, келип жашоону каалагандар каптап кетсе, анан беш жыл жашаганынын баарына, жашабай туруп эле кызыбызды алып, туугузуп таштагандын баарына “кыргыз жаранын” берүүгө аргасыз болсок, бизде кыргыз дегендин жыты калабы? Эмиратта 1 миллион арабга 6 миллион келгин малай болуп иштейт. Биз болсо келгиндерге малай болоорубуз берки эле иш. Бул бир укмуш долбоор экен да. Ушуну сунуш кылгандарды “Манас” орденине көрсөтпөйлүбү?”, – дейт Бекешов.

Бакыт Төрөбаев менен Жаныбек Бакчиевдин Лондонго жасаган "жашыруун сапары"

Эркин басылмалардын бири «бир болчу» депутат Жаныбек Бакчиев парламенттеги комитет жыйынын таштаган бойдон Англияга учуп кеткенин жар салды. «ЖКнын Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болбой калды. Себеби, комитет төрагасы «кылмышка шектүү» делген депутат, Максимдин жан досу Жаныбек Бакчиев баштаган мүчөлөрү, так айтканда Камчыбек Жолдашбаев, Самаев Урмат, Саляновалар жыйынга келбей коюшкан. Жыйынтыгында кворум жок болуп калды, көрсө алар ишти унутуп, «жайылып» кетишкен  окшобойбу. Аталган комитет «Кылмыш кодекси» жөнүндө маселени талкууга алмак. 10 күндөн кийин тарашат ансыз да. Эс алууга чыкканча эл үчүн иштеп турса эмне болуп кетишет эле? Төрага Бакчиев баарын таштап Максим досуна «учуп» кеткенби?» деген суроону басылма кабыргасынан  коёт. Буга Жаныбек мырза азырынча «ак» да, «көк» да дей элек.

Мындай кызык соболдун жандырмагы чечиле электе канкор Бакиевдердин долбоору саналган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев дагы тумандуу Альбиондо бир жумача эс алып келгени ачыкка чыкты. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, Бакыт Эргешович 11-июнда Бишкек-Стамбул аба каттамы боюнча сапар алган. Стамбулдан ары Англияга жол таартканы белгилүү. «Өнүгүүчү» бул сапарын Англияда дарыланып жаткан агасы Баатырдын саламаттыгын сураганы барганы менен байланыштарын билебиз.

Эгер агасы чындап ооруп атса бат сакайып кетсин дейбиз. Бирок саясатчылар бекеринен тумандуу Альбионго каттап калбаса керек. Балким Жаныбек Бакчиевдин дагы шашылыш Англияга жол тартканын себеби ушундадыр? Алар «кожоюну» Максим Бакиев менен жашыруун жолугушуп, келечек пландарын, алдыдагы президенттик шайлоого карата даярдыкты талкуулашканын божомолдосок жаӊылышпайбызбы? Анын үстүнө, Бакиевдердин долбоору атыккан «бала» Төрөбаев кийинки ажо жарышка аттануу амбициясын эч жерде жашырбай айтып келет. Айтор, кызыктар али алдыда тургандай.

Булак: “Ачык саясат”

Ысык-Көлдүн визиттик карточкасы “айрылды”

Кечээ жакында эле кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдөгү жаратылыштын эң кооз жайларынын бири болгон Чолпон-Атадагы Раппорта аллеясы бүлгүнгө учурады. Кыргыз өкмөтүнүн “жол курабыз” деген иштермандыгынын негизинде өзүнчө эле жашыл туннель болгон жапжашыл дарактар түп орду менен жулунуп жок болду. Эгер ал жердин эки жагын тоо менен суу кысып турса бир жөн эле. Аны сактап калсак болмок. Оң тарабында да, сол жагында да айланып өтүүгө кенен талаа бар эле го? Кыязы, биздикилер ал жөнүндө ойлонууга баш ооруткулары келбеди окшойт. Эл байкуш деле каршы чыкты. Бирок, биздин билермандардын “андан да жакшысын жаратабыз” деген убадалары күчтүүлүк кылып кетти. “Эскирген бактардын ордуна сонун көчөттөрдү отургузабыз” дешип. Айла жок, ошондой эле болсун дейличи. Бирок, 25 жылдан бери колдоруна аппак мээлейди кийип алышып, биздин ошол эле чоңдорубуз ар жыл сайын көчөт отургузушат. Ишембиликке чыгышып. Ошолордун бирөөсү дүркүрөп өстүбү? Аталган аллея бүт жерде “Ысык-Көлдүн визиттик карточкасы” катары айтылып келген. Чынында, ал жаратылыштын анык керемети эле. Кезинде кыргыз киносунун корифейи Төлөмүш Океев да “Улан” деген көркөм тасмасындагы негизги эпизодду так ушул аллеядан тарткан. Ошентип… Батыш менен Чыгыштын интеллектуалдары суктанган аллея таш талкан болду. Өтө өкүнүчтүү…

Булак: “Азия news”

Бекбосун Бөрүбашов, юридика илимдеринин доктору: "Паспорт маселесиндеги талашты эл чечсин!"

Паспорт алмаштыруу процессинде улут маселеси козголуп, коомчулукта кызуу талкуу башталды. Мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү паспорттогу “бешинчи графаны” алып салуу, инсандын улутун көргөзбөө жарандык биримдикти бекемдөөгө багытталганын белгилешүүдө. Мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн бул иши КРнын Конституциясына карама-каршы келет. Башмыйзамдын 20-38-беренелеринде “ар ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоого жана көрсөтүүгө укуктуу” деп белгиленген.

 Шайлоо мыйзамы боюнча этностордун өкүлдөрүнө партиялык тизмеге кирүү үчүн квота берилген. Демек, мыйзамда, саясый өнөктүктө этносторду таанып, ал эми мамлекеттик расмий документте аларды четтетип коюу туура эмес. Паспорт мамлекеттик расмий документ катары эки маселени чечет. Анда инсан жөнүндө толук маалымат болуп жана анын жарандыгы каралат. Паспорт маселесинде көтөрүлгөн инсандын улуту жана жарандыгы төмөндөгүдөй аныкталат:

  1. Инсандын улуту — анын этнос менен болгон туугандык, социалдык, маданий тыгыз байланышы.
  2. Инсандын жарандыгы — анын мамлекет менен болгон туруктуу, саясый-укуктук байланышы жана алардын укуктары, өз-ара жоопкерчиликтери.

“Улуту” деген жазууну алып койсок, коомдо ажырым чыкпайт” деген жобо улуттук маселени чечүүнүн мамлекеттик жолу эмес, бул мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн улут маселеси боюнча саясатынын жоктугун далилдеп койду. Коомдогу ажырым социалдык адилетсиздиктен, саясый системадагы коррупциядан, маданияттагы маңкурттуктан жана улуттук идеологиянын жоктугунан пайда болуп жатат. 2016-жыл тарыхтын жана маданияттын жылы катары белгиленген. Тарыхты пайда кылган жана маданиятты калыптандырган этнос болот. Этнос мамлекеттен мурун пайда болуп, коомдун саясый тутумун калыптандырган жана өнүктүргөн. Ар бир этностун тарыхы, маданияты болуп, жалпы адамзаттын өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон. Бүгүн дүйнөдө улуттук касиетин сактап калган этностор (еврей, япон, кытай) ийгиликтүү өнүгүшүүдө. Ошолордун бири еврей калкы, алар жер шаарына чачырап кетсе дагы бүткүл дүйнөлүк конгрессине чогулушуп, улуттун маселесин ийгиликтүү чечүүдө. Ата-бабаларыбыз “элибиз бакубат, эркин жашасын” деп жердин жакшысын тандап, мамлекет түптөшкөн, “тукумубуз таза болсун” деп жети атасын аныктап, кан аралаштырган эмес. “Инсандын адамдык сапаты жогору болсун” деп жетим-жесирин, карысын таштабаган, кул күткөн эмес, зордук-зомбулукка жол бербеген. “Эл билимдүү болсун” деп жалпы адамзаттагы илим-билимди, жетишкендиктерди алыш үчүн ачык коом түзгөн, башка элдерден тууган, дос күтүү жагынан меймандос болгон. Ушул улуу мурастарды унутуп, кыргыз деген атыбызды айта албасак, келечегибиз кандай болот? Кыргыз деген аттан баш тарткандар ушул мурастарды сактайбы? Бүгүн Кыргызстанда сексенден ашык улуттун өкүлдөрү ынтымактуу жашап, Кыргызстан элинин Ассамблеясына биригишкен жана ар бир улуттун өкүлү өзүнүн маданияты, тарыхы менен сыймыктанышат. “Паспортnогу инсандын улуту коомдо ажырым пайда кылууда” деген сөз, улуттардын аброюна шек келтирип жана жарандардын укугун чектөө. Бул маселе баардыгыбызга тиешелүү болгондуктан, конституциялык укуктарыбыз бузулуп жаткандыктан, улуттук кызыкчылыгыбыз эске алынбагандыктан, маселени жалпы элдик талкууга коюп,  референдум жолу менен чечүүнү зарыл деп эсептейбиз.

Бекбосун Бөрүбашов,

юридика илимдеринин доктору

Фото - Евро-2016: Дүйнөнү тамшандырган сулуулар

Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугу бир гана оюн талаасында топ кубалап, элдин бүйүрүн кызыткан футболчулар менен эмес, аларга жан тартып, сүрөп турган күйөрмандар менен дагы кызыктуу болууда. Айрыкча дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн жыйналган күйөрмандардын арасынан көпчүлүктү тамшандырган сулуулар чыгып, келишимдүү келбеттери менен көргөндөрдүн көзүн кубантууда.

Орозо айт майрамына байланыштуу 6-июль эс алуу күнү деп жарыяланды

Улуу Рамазан айы 5-июлда аяктап, 6-июлда Орозо айт майрамы белгиленет. Ага байланыштуу 6-июль өлкөдө эс алуу күнү деп жарыяланганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында айт намаз окулат.

Эскерте кетсек, быйыл орозо 6-июнда башталган.

Ошко Сауд Аравиядан гуманитардык жардам келди

Король Салман” атындагы гуманитардык жана жардам көрсөтүү борбору жер титирөөдөн улам жабыр тарткан Ош облусунун тургундарына гуманитардык жардам алып келди. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы суммасы 1 млн долларга барабар болгон 100 тоннадан ашуун гуманитардык жүктүн 70 тоннага жакыны кечээ күнү эки самолет менен Ошко жеткирилди. Мында келген жууркандар, жылыткычтар ӨКМдин атайын сактоочу жайына түшүрүлдү. Гуманитардык жүктү Насер бин Мутлак Аль-Субайа баштаган топ алып келди. Аларды өкмөттүн Ош облсундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль Жума баштаган өкүлдөр тосуп алышты.

Учурда келген жардамдын көлөмү аныкталууда. Андан соң атайын түзүлгөн комиссия жер титирөөдө жабыр тарткан жарандарга бөлүштүрүп беришет. 

 

Ташкентте Атамбаев менен Каримовдун жолугушуусуна журналисттер киргизилген жок

Бүгүн, 24-июнда ШКУнун жыйыны башталардын алдында президенттер Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов жолугушту. Бул тууралуу “Азаттык” өз кабарчысына шилтеме берип билдирди.

Ал эми күн тартиби боюнча президенттердин жолугушуусу бүгүн түштөн кийинкиге пландалган. Маалыматка караганда жолугушууга журналисттер киргизилген жок.

Эске салсак, бүгүн Өзбекстандын Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Кадырбаевди көпүрөсү көтөрүп чапканда...

Дүйнөдө эмне деген курулуштар жүрүп жатат. Жүздөгөн кабат асман тиреген имараттар, жер астындагы, суу астындагы жасалма шаарлар, атургай океандардын ортосуна жасалма жол менен арал куруп жиберип жатышат. Бирок, бизде мунун бири жок. Баса бирөө бар экен. Баягы Мелис Мырзакматов мэр кезинде баштап кеткен Ош шаарындагы көпүрө бар эмес беле. Аягын Айтмамат Кадырбаев бүтүрүп ишке бергенсиген. Бирок, кашайып, жалгыз тумарыбыз болгон ошол эстакадалык көпүрө керектен чыгып, оңдоп-түзөө үчүн жабылып кашайбадыбы. Пайдаланганына 10 ай болбой жатып оңдоого муктаж болгон көпүрө кантип узак жылдарга кызмат кылат? Узак жыл тургай ажобуз ачылышын жасап бүтүп узай электе жамгыр жаап ийип, жамгырдын асфальтка аккан суусу көпүрөдөн астындагы адамдарга тамчылап ит эле болгонун кантип унутабыз? “Мырзакматов кымбат баалаптыр, мен 105 миллион сом үнөмдөп бүтүрдүм» деп төш кагып аткан Айтмамат үнөмдөгөн акчасына жыртык-тешик жамап олтура береби? Же Кадырбаев үчүн бул көпүрө оңдоп түзөө шылтоосу менен акча жасоочу бир булак болуп атабы?

Булак: “Де-факто”

Түркия президентинин диплому дүйнөлүк ЖМКда талкууга түштү

Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын жогорку окуу жайдан алган диплому дүйнөлүк талкууга айланды. Германиялык Der Spiegel журналы “Диплому университеттен да эски” деп жазса, Bild гезити “44 ардактуу илимдин докторлугу бар, бир дагы диплому жок” деп башкы бетине жазып чыкты. Швейцария жана Австрия басылмалары болсо бул “сөзсүз түрдө изилдениши керек” деп чыгышты.

Кайсы өлкөгө же аймакка барбасын дээрлик бардык жердеги университеттер тарабынан “ардактуу доктор” же болбосо “профессорлук” берилген президент Эрдогандын чындыгында ЖОЖду бүтүрүп, бүтүрбөгөндүгүнө байланыштуу талаш-тартыштар дүйнөгө тарады.

“Колдонулган жазуунун түрлөрү ал кезде жок болчу”  

Германия, Австрия, Австралия жана Швейцария басылмаларынан тартып, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө Эрдогандын диплому талаш-тартыш темага айланды. Германиялык Die Welt гезити “Күмөндүү диплом” деген башкы теманы койсо, Der Spiegel кабар журналы, “Дипломдогу көз боёмочулук күмөнү… Университеттен дагы эски диплом болмок беле? Эрдогандын бүтүрдү делген окуу жай, анын бүтүргөн жылынан бир жылдан кийин негизделген. Ошону менен бирге, графика жасоочулар дипломдогу жазуунун түрү (font) ал жылдары пайда боло электигин айтышат”,- деп жазды.

BILD гезити: диплому жасалмабы?

Германиянын эӊ көп тираждагы Bild гезити дагы “Дипломдогу карама-каршылык. Эрдогандын диплому жасалмабы?” деген башкы темада өтө кеӊири кабар жарыялады. Bild гезити, “44 ардактуу илимдин докторлугу бар, бир дагы диплому жок, мына ушундайбы? Түркиянын президенти Эрдогандын жогорку билими тез арада ачык-айкын айтылышы керек. Негизинен көптөгөн түрк эл өкүлдөрү тарабынан дагы анын эч кандай диплому болбогондугу айтылууда жана бул маселе суроолорду пайда кылууда” деп жазды.

Түркиянын баш мыйзамына жараша президенттикке шайлануу үчүн 4 жылдык жогорку билимдин болушу шарт экендигин белгилеген Bild гезити, “бир гана адистер, 1981-жылында болгондугу белгисиз болгон жогорудагы окуу жайдын бул критерийлерди аткарбагандыгы айтылат. Көпчүлүгү диплом жасалма болгондугун айтышууда” деп маалымдады.

Жогоруда айтылып келаткан Мармара университетинин Экономика жана башкаруу билимдери факультетинин 1982-жылында ачылгандыгы, бирок диплом 1981-жылы берилгендиги Түркиядагы талаш-тартыштын пайда болушуна себеп болду.

Швейцариянын басылмасы: Сөзсүз изилдениш керек  

Швейцариянын Neue Züricher Zeitung гезити “Эрдогандын диплому изилденүүгө тийиш” деген темадагы кабарында  “Түрк университеттеринин мугалимдеринин эӊ жогорку катмары, Эрдоган президенттикке шайлануу үчүн шарттарды орундатпады деген пикирде”,- деп жазды. Бул басылма өзгөчө Түркиянын баш мыйзамына жараша президенттикке талапкерлердин шарттарында  жазып чыкты.

Германиялык Frankfurter Allgemeine Zeitung гезити жана Focus журналы менен бирге көптөгөн басылмалар бул темага кеӊири орун берип, Австрия басылмасы дагы бул талаш-тартышты окурмандарына жеткирди. Тема Голландия, Белгия, Англия жана Франция басылмаларында кеӊири орун алды.

Немис булактары: Эрдоган жогорку билим жөнүндө дипломду жасап алышы мүмкүн  

Германиянын Frankfurter Allgemeine Zeitung Түркиянын президентинин расмий биографиясындагы дал келишпеген жагдайлар тууралуу маалымдоо менен, “түрк башчысы жогорку билим жөнүндө дипломду жасалма алышы мүмкүн”,- деп жазды.

Түркияда мамлекеттик башкарыш үчүн жогорку билимге ээ болуу кажет. Эрдогандын шайланганга укугу бар экенин көрсөтүш үчүн университтин азыркы ректору добуш берүүнүн алдында анын дипломунун сүрөтүн жарыялаган. Бирок Түркиянын шайлоо органы “эмне үчүн президент Конституцияга ылайык келгендей кылып документтин түп нускасын көрсөтпөдү?” деген суроого жооп берген жок.

Мындан тышкары инситуттун аталышы түрк башчысынын биографиясында көрсөтүлгөн менен дал келишпейт. Жогорку окуу жайдын Профессорлор биримдиги “документ жасоо тууралуу кеп болуп жатышы мүмкүн” деп эсептешет.

Түркия президентинин диплому дүйнөлүк ЖМКда талкууга түштү

Германиялык ZDF телевидениесинде Программанын Facebook баракчасынан бир дипломдун көчүрмөсү жарыяланып “Түркияда Эрдогандын ЖОЖду бүтүрүп бүтүрбөгөндүгү тууралуу бир катар шек-күмөндөр бар. Диплом мына бул жерде” деп айтышты. Дипломдун даража бөлүгүндө, “Келечектин сертификаттуу супер башчысы” деп Эрдоганды шылдыӊ кылышты.

Буга чейин мурдагы прокурор Емер Фарук Эминагаоглу эгере бул күмөн далилденип калса, Эрдоганды президентик ыйгарым укуктан ажыратуу жана анын шайлоого катышуусуна тыюу салууну сурап Анкаранын прокуратурасына жана шайлоо комиссиясына арыз жөнөткөн. Бирок арызды четке кагышкан.

РИА-НОВОСТИ: Президенттин жогорку билим жок деп шектенишүүдө 

Россиянын РИА-НОВОСТИ булагы дагы бул кабарды жарыялады. “Эми баары ордуна келип жатат. Вольтер буга чейин сабатсыздык дайыма дайыма аябай чоң ишенимге ээ болот деп эскерткен. Ал эми Түркиянын башчысы  Реджеп Эрдогандын турушу эле ишенимдүү. Түркиянын ЖМКлары президенттин жогорку билим жок го деп шектенишүүдө. Журналисттер “анын университтеттерин” карап чыгышып, мурдагы  иш орундарынын биринде дагы жогорку окуу жайды бүткөндугү тууралуу дипломун көрүшпөгөнүн байкашты. Ал тургай ЖОЖдун өзүнөн дагы көргөн жокпуз деп күмөндөнүшүүдө.

Эгерде түрк башчысынын расмий биографиясын карап көргөндө, ал башталгыч мектепти аяктап 1973-жылы Стабулдагы диний лицейге тапшырганын көрүүгө болот.Ал эми Мармар университетинин экономика жана коммерциялык илимдер факультетине келе турган болсок күмөн жаратууда. Буга чейин бирок бул маалыматтар шек жараткан эмес.  Бирок эми аны карап кыызккандар табыла турган болду. Анткени  Эрдоган өз өлкөсүндө репрессия баштады. Депутаттык кол тийбестиктен ажыраткан күндүн эртеси парламенттеги оппозициячыларга каршы 117 кылмыш ишин козгоду. Анын сабатсыздыгын “казып” чыккан журналисттерди дагы кууратат өңдөнүп калды. Эрдоган мындай нерселерди кечирбейт”,-деп жазды РИА-НОВОСТИ

Булак: “SÖZCÜ GAZETESİ”

Экс-спикер Асилбек Жээнбековдун эмнеге маанайы түштү?

Кээ бир адамдар кызык да. Кызматта турушса укмуштай көпүрүлө жүрүшөт, анан кичине ээрден көчүк жылмышса эле, өзгөрүлгөнү байкалып калат. Маселен, Асылбек Жээнбеков спикерликтен кеткени таптакыр эле көчөдө калган жок да, депутаттык мандатын сактап, Жогорку Кеңеште отурат. Бирок, эл өкүлү катары ишмердигин көрсөтө албай, өзүнчө ээндеп калганы байкалды.

А баягы Акүйдөн жеке өзү үчүн төрт бөлмөлүү кабинетти ала албай калып (журналисттер ызы-чуу көтөргөндөн кийин), саал маанайы түшүп калган го? Же агасы Сооронбай Жээнбековдон оомат тайса, эстафета оюнун кайрадан көргөзүүгө, балким президенттик шайлоого чыгууга белсенип аткандыр. Али бир жыл убакыт бар, өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Булак: “Азия news”

Видео - Бишкектеги өрттөнүп кеткен көп кабатуу үй

Кечээ, 23-июнда кечке жуук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн 7, 9, 11, 12-кабаттары күйүп кетти. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

https://youtu.be/cFRSJC7l2Ek

https://youtu.be/zlM4-sh5lqY

Бабанов ажолук жарыштан баш тартты

Акыры алын түшүнгөн окшойт. Дээринде акылдуу киши эмеспи. Учурунда өкмөт башчылыкты эптей албагандан кийин президент болуп кыйрата албайм деген окшойт. «Республика-Ата Журт» фракциясынын лиде­ри Өмүрбек Бабанов тууралуу кеп козгодук. Анткени, Өмүкени эмдиги жылкы президенттик шайлоого чыгат дегендер арбын. Бирок, Өмүрбек Токтогулович кийинки жылкы президенттик аламанга чыгуудан баш тартканын, чыкканда деле шансы жок экенин, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибергенин, азыр аны эл колдобой турганын тар чөйрөсүнө кеп кылыптыр. Кыргыздардын «тар чөйрөсү» сөздү кең ааламга жайып жиберээри турган иш эмеспи. Себептери көп экен. Башкасын айтпаганда дагы эмдиги жылкы шайлоодо ажо Алмазбек Атамбаев колдоого алган талапкердин өтөөрүн жакшы түшүнгөн кыйды Бабанов убара болбоюн десе керек да. Болбосо Бабанов президент болууну көптөн бери кыялданып келээри айкын эмеспи.

Булак: “Де-факто”

Британияда ишкер Шон Дейли Максим Бакиев менен соттошууда

Британиялык бизнесмен Шон Дейли Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиевдин үстүнөн сотко кайрылды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, ишкер Бакиевди алтын кен иштетүү укугу үчүн “өзүн өлтүрүүгө буюртма берген” деп айыптоодо.

2006-жылы британиялык “Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин өмүрүнө кол салуу болгон. Буга байланыштуу Кыргызстанда сот өкүмү 2014-жылы чыгарылган. Курманбек Бакиев жана анын улуу уулу Марат Бакиев Дейлиге кол салууну уюштурган деп табылып, сыртынан 20 жылга эркинен ажырталган. Ал эми Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана экс-президенттин кичүү уулу Максим Бакиев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен өмүрүнүн аягына чейин сыртынан кесилген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2006-жылы “Оксус” компаниясы Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү лицензиясын алган. Бирок ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиев аталган кенден өзүнө пайда табууга аракет кылып, лицензияны башка компанияга алып берүүгө аракеттенген.

Максим Бакиев 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу. Ал атасы бийликте турган учурда Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири катара сыпатталып келген. Апрель ыңкылабынан соң жемкордук, мамлекеттин каржысына мыйзамсыз ээлик кылуу, киши өмүрүнө кол салууну уюштуруу жана башка оор беренелер боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Лондондон башпаанек алган. Кыргыз бийлигинин Максим Бакиевди экстрадициялоо аракетинен майнап чыкпай келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фото - Атамбаев Өзбекстанга барды

Алмазбек Атамбаев 23-июнда иш сапар менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш сапар маалында Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

4

3

1

 

 

Нуржан Шайлдабекова Президенттин аппаратынын жетекчисининин орун басары кызматынан бошотулду

Алмаз Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык Нуржан Шайлдабекова башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Президенттин аппаратынын жетекчисининин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Нуржан Шайлдабекова кечээ, 23-июнда Алмаз Атамбаевдин квотасы аркылуу Жогорку Кеңеш тарабынан БШК мүчөсү болуп шайланган.

“Мээр жазы” коомдук бирикмеси: “Жашы 80ге таяган Дастан Сарыгуловду абакта кармап отуруу бийлик үчүн уят иш”

Өнөкөт дарты күчөп, абалы күндөн-күнгө начарлап бара жаткан “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгуловду УКМКнын СИЗОсунда кармап отуруу кыргыз бийлигине абийир алып келбейт. Бул тууралуу “Мээр жазы” коомдук бирикмеси менен “Элдик курултай” кыймылы билдирүү таратты.

Аталган кыймылдардын мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевге жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге кайрылуу жолдоп, Дастан аксакалды бошотуу талабын коюшту.

“Дастан Сарыгуловдун оорусу күчөп, сүйлөгөнгө алы келбей кыйналып жатса дагы өйдө жактагылар үн катпай отурушат. Дарыгерлер текшерип, тез арада дарыланышы керектигин айтканы менен, УКМК абдан коркунучтуу душманды кармагансып, темир торго салып, кайтарып отурушат. Дастан аксакалдын жашы 80ге таяп калды. Төрүнөн көрү жакын болуп турган адамга ушундай мамиле жасалышы бийлик үчүн уят иш. Суроолору болсо үй камагына чыгарып коюп деле сурай беришсе болбойбу? Ал карыганда кайда качмак эле? Биз Д.Сарыгуловду үй камагына чыгарууну талап кылабыз жана ал үчүн жоопкерчиликти өзүбүзгө алуу даярбыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

КР БШКнын жаңы төрагасы (төрайымы) болуп Нуржан Шайылдабекова шайланат

Биздин Ак үйдөгү маалымат булактарыбыз билдиргенине караганда Алмаз Атамбаев КР Борбордук шайлоо комиссиясынын  жаңы төрагасы (төрайымы) кылып азыркы президенттик аппараттын жетекчисинини орун басары Нуржан Шайлдабекованы шайлоого тымызын буйрук берген.  КР БШКнын жаңы составын жана жаңы төрагасын шайлоо – бул 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого алгачкы даярдыктардын бири.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылы июнь айында шайланган эле. Быйыл мөөнөтү бүтүп жатат. Жакынкы күндөрдө парламент БШКнын жаңы курамын шайлайт. Мыйзам боюнча 12 адамдан турган БШКнын курамынын үчтөн бир бөлүгүн, тактап айтканда 4 талапкерди президент тандап көрсөтөт, үчтөн бирин, 4 талапкерди Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштайт. Ал эми калган 4 талапкерди парламенттин оппозициялык фракциялары (“Республика-Атажурт”, “Бир бол”) тандашат.
“Ата-Мекен” фракциясы Гүлнара Журабаеваны сунуштады.

КСДП фракциясы Адилет Сатыгуловду түртүп жатат.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Назарали Ариповду

“Кыргызстан” фракциясы Акылбек Эшимовду

“Бир бол” фракциясы Абдыжапар Бекматовду жана Кайрат Осмоналиевди

“Республика-Атажурт” фракциясы Атыр Абдрахматованы жана Елена Жылкычиеваны сунушташууда.

Ошондо 12 адамдан турган БШКнын 8 талапкери Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталды.  Ал эми Алмаз Атамбаев расмий түрдө 21- июнда, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн төмөнкү 4 талапкерлерди көрсөттү.

– Асаналиев Алмаз Турдакунович;

– Баатырова Гүлнара Маришовна;

– Кадыров Бахтияр Сабиржанович;

– Шайлдабекова Нуржан Кармабековна.

Бул жерде айта кете турган бир жагдай Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы  БШКнын мүчөлүгүнө ошол эле БШКнын азыркы төрагасы Туйгуналы Абдраимовду көрсөтүүнү каалап жатышкан. Бирок фракциянын лидери Канат Исаевди Алмаз Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өз кабинетине чакырып, “аныңар жарабайт” деп тыйып, “президент суранып жатат Акылбек Эшимовду көрсөткүлө” деп “ынандырат”. Андан сырткары оппозициялык “Бир бол” фракциясынан көрсөтүлүп жаткан эки талапкердин бири – Кайрат Осмоналиев да президенттен таңууланган талапкер. Ал эми КСДП фракциясы Алмаз Атамбаевдин секретаршасы, кийин эсепчиси болуп иштеген кызматкеринин баласы Адилет Сатыгуловду шефинин суранычы менен көрсөткөнүн эске алсак,  жаңы БШКнын 12 адамдан турган составынын 7 мүчөсү жеке Алмаз Аттамбаевдин сунушу менен шайланып, БШКда чечүүчү, көзөмөлдөчү добушка ээ болот. Төрагалыкка да президент көрсөткөн киши шайлангандан кийин анан кайдагы “таза шайлоо” жөнүндө кыялданасыңар? БШК 2017-жылдагы президенттик шайлоону толук Атамбаев каалагандай жыйынтык менен өткөрүп берүүнү кынтыксыз аткарып берүү үчүн алдын-ала даярдалууда.

КР БШКнын жаңы составын жана төрагасын шайлоо жакынкы убактарда өткөнү турат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

“Мээр жазы” коомдук бирикмеси: “Жашы 80ге таяган Дастан Сарыгуловду абакта кармап отуруу бийлик үчүн уят иш”

Өнөкөт дарты күчөп, абалы күндөн-күнгө начарлап бара жаткан “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгуловду УКМКнын СИЗОсунда кармап отуруу кыргыз бийлигине абийир алып келбейт. Бул тууралуу “Мээр жазы” коомдук бирикмеси менен “Элдик курултай” кыймылы билдирүү таратты.

Аталган кыймылдардын мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевге жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге кайрылуу жолдоп, Дастан аксакалды бошотуу талабын коюшту.

“Дастан Сарыгуловдун оорусу күчөп, сүйлөгөнгө алы келбей кыйналып жатса дагы өйдө жактагылар үн катпай отурушат. Дарыгерлер текшерип, тез арада дарыланышы керектигин айтканы менен, УКМК абдан коркунучтуу душманды кармагансып, темир торго салып, кайтарып отурушат. Дастан аксакалдын жашы 80ге таяп калды. Төрүнөн көрү жакын болуп турган адамга ушундай мамиле жасалышы бийлик үчүн уят иш. Суроолору болсо үй камагына чыгарып коюп деле сурай беришсе болбойбу? Ал карыганда кайда качмак эле? Биз Д.Сарыгуловду үй камагына чыгарууну талап кылабыз жана ал үчүн жоопкерчиликти өзүбүзгө алуу даярбыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

КР БШКнын жаңы төрагасы (төрайымы) болуп Нуржан Шайылдабекова шайланат

Биздин Ак үйдөгү маалымат булактарыбыз билдиргенине караганда Алмаз Атамбаев КР Борбордук шайлоо комиссиясынын  жаңы төрагасы (төрайымы) кылып азыркы президенттик аппараттын жетекчисинини орун басары Нуржан Шайлдабекованы шайлоого тымызын буйрук берген.  КР БШКнын жаңы составын жана жаңы төрагасын шайлоо – бул 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого алгачкы даярдыктардын бири.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылы июнь айында шайланган эле. Быйыл мөөнөтү бүтүп жатат. Жакынкы күндөрдө парламент БШКнын жаңы курамын шайлайт. Мыйзам боюнча 12 адамдан турган БШКнын курамынын үчтөн бир бөлүгүн, тактап айтканда 4 талапкерди президент тандап көрсөтөт, үчтөн бирин, 4 талапкерди Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштайт. Ал эми калган 4 талапкерди парламенттин оппозициялык фракциялары (“Республика-Атажурт”, “Бир бол”) тандашат.
“Ата-Мекен” фракциясы Гүлнара Журабаеваны сунуштады.

КСДП фракциясы Адилет Сатыгуловду түртүп жатат.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Назарали Ариповду

“Кыргызстан” фракциясы Акылбек Эшимовду

“Бир бол” фракциясы Абдыжапар Бекматовду жана Кайрат Осмоналиевди

“Республика-Атажурт” фракциясы Атыр Абдрахматованы жана Елена Жылкычиеваны сунушташууда.

Ошондо 12 адамдан турган БШКнын 8 талапкери Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталды.  Ал эми Алмаз Атамбаев расмий түрдө 21- июнда, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн төмөнкү 4 талапкерлерди көрсөттү.

– Асаналиев Алмаз Турдакунович;

– Баатырова Гүлнара Маришовна;

– Кадыров Бахтияр Сабиржанович;

– Шайлдабекова Нуржан Кармабековна.

Бул жерде айта кете турган бир жагдай Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы  БШКнын мүчөлүгүнө ошол эле БШКнын азыркы төрагасы Туйгуналы Абдраимовду көрсөтүүнү каалап жатышкан. Бирок фракциянын лидери Канат Исаевди Алмаз Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өз кабинетине чакырып, “аныңар жарабайт” деп тыйып, “президент суранып жатат Акылбек Эшимовду көрсөткүлө” деп “ынандырат”. Андан сырткары оппозициялык “Бир бол” фракциясынан көрсөтүлүп жаткан эки талапкердин бири – Кайрат Осмоналиев да президенттен таңууланган талапкер. Ал эми КСДП фракциясы Алмаз Атамбаевдин секретаршасы, кийин эсепчиси болуп иштеген кызматкеринин баласы Адилет Сатыгуловду шефинин суранычы менен көрсөткөнүн эске алсак,  жаңы БШКнын 12 адамдан турган составынын 7 мүчөсү жеке Алмаз Аттамбаевдин сунушу менен шайланып, БШКда чечүүчү, көзөмөлдөчү добушка ээ болот. Төрагалыкка да президент көрсөткөн киши шайлангандан кийин анан кайдагы “таза шайлоо” жөнүндө кыялданасыңар? БШК 2017-жылдагы президенттик шайлоону толук Атамбаев каалагандай жыйынтык менен өткөрүп берүүнү кынтыксыз аткарып берүү үчүн алдын-ала даярдалууда.

КР БШКнын жаңы составын жана төрагасын шайлоо жакынкы убактарда өткөнү турат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Туйгуналы Абдраимовду өзүнүн бир кездеги шоопуру Икрамжан Илмиянов кантип чаап салды

Бир кезде, 1998-2000-жылдары Туйгуналы Абдраимов  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) генералдык директору болуп иштеп турганда анын шыпылдаган кичипейил Икрамжан Илмиянов деген шоопуру болор эле.  Бир күнү  бир жагынан бизнесмен, бир жагынан депутат досу Алмаз Атамбаев  “мага мени эч жерге таштап кетпеген, жакшы, ишенимдүү шоопур керек эле” дегенинен досун аяп, өз шоопурун бере салат. Ошондон тарта кичипейил Илмиянов Атамбаевдин шоопуру болуп калат.

2006-жылы ноябрда президент Курманбек Бакиевге каршы чыккан митингдерде оппозициянын бир өкүлү болгон Алмаз Атамбаев Бакиев менен премьер-министрлик кызматты сүйлөшүп алып, оппозицияны ичинен ыдыратып,  митингди таркатууга жардам берет. Бирок, митинг таркагандан кийин Атамбаев менен Бакиев айрым бир шарттар боюнча тил табышбай, Куловду премьерликтен кетирише албай Атамбаевди кызматка дайындоо процесси эки айга  узарып кетет.  Куловду кетиришкенден кийин Атамбаев тилге келгенче деп  Бакиев премьер-министрлик кызматка Атамбаевдин айылдаш досу  Азимбек Исабековду 2007-жылдын 29-январынан 29-мартына чейин эки айга убактылуу премьер-министр кылып дайындап турат.

2007-жылдын 30-март күнү президент Курманбек Бакиев  Алмаз Атамбаевди  премьер-министр кызматына бекитет. Ал эми Алмаз Атамбаев досу Туйгуналы Абдраимовду Саламаттыкты сактоо министри кылып өкмөткө ала келет.

2007-жылы 19-апрелде Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында  президент Курманбек Бакиевдин саясатына каршы митинг  кызып турганда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жаныш Бакиев, Элмурза Сатыбалдиев,  Мурат Суталиновдор менен “чайлашып” олтурган Алмаз Атамбаев алар менен мелдеше кетет да түз эле “Ала-Тоо” аянтына келип, президент Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан жана  күч менен таркатылып жаткан кыргыздарды “Барандар!”  деп тилдейт.  Ал эми “Курманбек Бакиев кетсин!”  деген лозунгдун алдында митинг уюштурган Феликс Куловду  “Козёл” деп атайт. Бул окуянын видеотасмасы КТРдан көрсөтүлүп, алигиче  Ютубда ойноп жүрөт.

Ошол эле 2007-жылдын  28-ноябрында президент Курманбек Бакиев премьер-министр Алмаз Атамбаевге “Данакер” орденин тагып, отставкага айдайт. Атамбаев менен кошо досу, Саламаттыкты сактоо министри Туйгуналы Абдраимов да отставкага кетет.  Андан кийин Алмаз Атамбаев Бакиевден Бишкек шаарынын мэри кызматын сурап көпкө кызматсыз жүрүп калат. Ал эми Туйгуналы Абдраимов Бакиевдер менен тил табышып, 6 айдан кийин Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалат.  Ушундан баштап достор Атамбаев менен Абдраимовдун “арасын ала мышык аттап”, мамилелери бузулат. Аны менен акылдашпай Бакиевдер менен тил табышып кеткени үчүн Атамбаев досу Абдраимовду кектей баштайт.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда  мамлекеттик төңкөрүш ишке ашат да Алмаз Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болуп калат. Ал эми Ирамжан Илмиянов анын жардамчысы болуп биринчи жолу мамлекеттик кызматка алынат.

2010-жылдын 14-апрелинде Туйгуналы Абдраимов Кыргызстандын Түштүк Кореядагы жана Въетнамдагы элчилик кызматынан бошотулуп, жумушсуз калат. Атамбаев эски досун кектеп , такыр жанына жолотпой коёт.

2010-жылдын 17-декабрында Алмаз Атамбаев  “Ата-Журт”, “Республика” жана КСДП фракциялары бириккен башкаруучу коалициянын  келишиминин негизинде КР премьер-министри болуп шайланат.  Икрамжан Илмиянов КР премьер-министринин жардамчысы болуп дайындалат.

2011-жылы мартта парламенттеги системдүү оппозиция “Ата-Мекен” жана “Ар-Намыс” фракциялары менен көчө оппозициясы биригип, башкаруучу коалицияны бузуу жана жаңы башкаруучу коалиция түзүү аракетин баштайт.  Мындай чогулуштардын бири Феликс Куловдун офисинде өтүп,  системдүү эмес оппозицияга кирген Туйгуналы Абдраимов менен парламенттик оппозициянын өкүлү Өмүрбек Текебаев экөөсү  тиреше кетет да ошол жердеги оппозиционерлер Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Дүйшөн Чотонов жана башка 15тей кишинин көзүнчө Туйгуналы Абдраимов  “Мен проффесионал врач катары расмий билдирем, Кыргызстандын бийлигинде эки шизофреник бар. Алардын бири – Алмаз Атамбаев, экинчиси – Өмүрбек Текебаев!” деп жарыялайт.  Бул сөздү албетте Атамбаевге жеткирип барышат.  Кектешүү андан ары курчуйт.

Ошол эле 2011-жылдын июнь айында Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын жаңылап кайра шайлоо  учуру келип,   Жогорку Кеңеш менен убактылуу президенттин аппараты дүрбөп калат.  Ал кезде парламент азыркыдай Атамбаевдин чөнтөк парламенти боло элек, салыштырмалуу көз карандысыз болучу. Оппозициялык фракциялар “Ар-Намыс” менен “Ата-Мекен” колдорунун келишинче БШКга көз карандысыз, оппозициялык көз караштагы инсандарды киргизүүгө аракет кылышат.  Туйгуналы Абдраимов “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун жанынан чыкпай БШКнын мүчөлүгүнө кирүүгө, андан БШКнын төрагалыгына жетүүгө жанталашат.  “Мени шайлап койсоңор элеби, тиги шизофрениктин сазайын колуна берет элем” деген убадалар жаайт. Оппозициялык көз караштагы депутаттар,  алтургай системсиз оппозиция өкүлдөрү Өмүрбек Суваналиев, ыраматылык Мелис Эшимкановдор баш болуп парламенттеги көпчүлүк коалициянын жана азчылыктын көз карандысыз депутаттары менен тынбай иштешип, “Туйгуналы Абдраимовду БШКга төрага кылып шайласаңар шайлоолор калыс, таза өтө баштайт. Анткени ал бийликке тартпайт. Атамбаев менен мамилеси ит-мышыктай” деген аргументтер менен ишендиришип, акыры максаттарына жетишет. Туйгуналы Абдраимов БШКнын төрагасы болуп шайланат.

Туйгуналы Абдыраимовго кыр көрсөтүп, аны бийликтин эч бир бутагына жакындатпай жаткан Алмаз Атамбаев ал кезде али күчтөнө элек премьер-министр кызматында эле. Анын үстүнө күзүндө президенттик шайлоого камданып жаткан. Ошондуктан Абдраимов менен же кайрадан достошуш керек болучу же аны кызматтан кетирүү аракетин жасаш керек эле.  Шайлатпай коюу аракети ишке ашпагандан кийин эми кызматтан кетирүү аракети андан да кыйын болорун сезген Атамбаев дароо Туйгуналы Абдраимовду чайга чакырып, жарашуу аракетин көрөт. Анын тилегине жараша Абдраимов да араң эле турганбы, дароо макул болуп, бийлик тарапты ыктап, ага чуркаган оппозицияны жээрип кетет.  Бийликтин колдоосу менен жаңы кызматтык “Лендкрузер” джип машинасын сатып алат.  Бир нече тууган-достору мамлекеттик кызматка келет. Ошентип оппозиция тилин тишине катып олтуруп калат.

2011-жылдын 30-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун компьютерлеринин жана регионалист-трайбалисттердин жардамы менен Алмаз Атамбаев президент болуп шайланат.  Икрамжан Илмиянов КР президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматына көтөрүлөт.  Бул трионун ташы өйдө кулай баштайт.

2012-жылы 25-ноябрда Бишкек шаардык кеңешке  шайлоодо Туйгуналы Абдраимов аны Атамбаев кызматка жолотпой куугунтуктап жүргөндө БШКга алып келишкен “Ар-Намыс” партиясына, анын лидерлери Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевге каршы иштеп,  шефинин буйрутмасы менен шаардык кеңешке өткөрбөй коёт.  Икрамжан Илмиянов КР президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына көтөрүлөт.

2015-жылы октябрда КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутаттарды шайлоодо да  Абдраимов Атамбаевдик схема менен иштеп, андан бата алган партияларды гана Атамбаев суранган пайыз менен өткөрүп, “Бүтүн Кыргызстан” партиясын өткөрбөй коёт.  Айрым участокторду кайра саноо убадасын аткарбайт. Бирок,  “Абдраимов  шайлоодо СДПК менен “Ата-Мекен” партияларынан башка өткөн партиялардын баарынан чоң акча алды” деген элек кеп  эл арасында таркап, Атамбаевге чейин жетет.

2016-жылы  июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын 5 жылдык мөөнөтү бүтөт.  Атамбаев менен мамилемди оңдодум, эми кызматымда кала берем деген  ишенимге терең кирип алган Абдраимов кайрадан БШКнын төрагалыгына шайланарына кыпындай да шеги жок болучу. Кайра шайлоо алдында Туйгуналы Абдраимов өзүнүн  талапкердигин СДПК көрсөтөт деп үмүт кылса,  алар башка Адилет Сатыгулов дегенди алып чыгышат.  Жердеши Канат Исаев “Кыргызстан” фракциясынан Абдраимовду алып чыгууга камданып калганда президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Исаевди чакырып тыйып коёт. Анын ордуна  Акылбек Эшимовду алып чыгасыңар деп “ынандырат”. Президент өз квотасынан орун береби деп акырына чейин үмүттөнөт, бирок андай да болбойт.  Атамбаевге кирейин десе Илмиянов баштаган билермандар киргизишпейт. Ошентип Туйгуналы Абдраимовду өзүнүн эле бир кездеги шоопуру чаап салат деп ким ойлоптур.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Казбек Токтолиев, журналист: «Абийир туткундары» (узники совести) абактан бошотулсун!

Өлкөнүн ар бир жараны сыяктуу эле мени да акыркы мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуялар кооптондурат. А.Акаев жана К.Бакиев башкарган, мамлекет үчүн майнапсыз 20 жылга токтолгум да келбейт. Алардын бардык кемчиликтери, коррупция жана өз элине карата чыккынчылыгы жөнүндө жетиштүү айтылган. Ошентсе да, өткөн эки революцияга карабастан, өлкө бүгүн кез келген экономикалык жана саясий кырдаалды эч ким олуттуу талдаган жок. Эч ким мамлекеттик жана коомдук менчикти приватташтыруу шылтоосу менен өз элин тоношкон “журт аталарынын” жана алардын жан жөкөрлөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берген жок. Бул масштабдуу афералардын жана коррупциянын, бийлик жана кылмыштуу дүйнө тарабынан өлкөнү каптаган өзүм билемдиктин четин билүү менен эле эл эки революция жасады. Ал учурда эл А.Акаев менен К.Бакиевди кулатууга салымын кошкондордун ар бирин колдогон. К.Бакиевди, андан да анын чөйрөсүн кубалаганга көбүрөөк кубанышкан. Азыркы бийликтен эл чоң үмүттөнгөн. Бардыгы бул бийлик уурдалган мамлекеттик менчикти кайтарат, өлкөнүн экономикасын көтөрөт, мыйзамдын үстөмдүгүн жарыялайт жана жарандын укугу менен эркиндигин коргойт деп үмүттөнүшкөн.

Баарынан да эл мурдагы шылуундар жасаган сыяктуу мамлекеттик менчиктин жана кызматтардын кайтадан бөлүнүшүн каалаган эмес. Пикирлердин плюрализмин, таза шайлоолорду жана чыныгы сөз эркиндигин, а башкысы – жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн принцибинин – күнөөсүздүк жөнүндө презумпциянын камсыздалышын каалаган. Бирок айрым партиялардын жана коомдук кыймылдардын мүчөлөрүн камакка алуу менен байланышкан акыркы окуялар азыркы бийликтин саясатындагы артка кеткен процесстер жөнүндө күбөлөп турат. Азыркы бийлик өз максатына жетүү үчүн мурдагылар тарабынан тапталган жол менен кеткендей сезим жаралат. Териштирбестен туруп эле, чын-төгүндү койгулаштыруу менен алардын өлкөнү өнүктүрүү үчүн ойлонулбаган жана майнапсыз саясатына каршы сүйлөгөндөрдүн баарын коомдон обочолотуп жатышат. Мында бул ишке кылмыш-жаза укугунун «АЗын» түшүнбөгөн, ал гана эмес «кылмыш курамы» деген сыяктуу укуктук категория бар экендигин билбеген, а эң башкысы – далилдерди жасалмалагандык үчүн, адамды билип туруп мыйзамсыз кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жана камоо үчүн жоопкерчилик бар экендиги жөнүндө билишпеген тажырыйбасыз тергөөчүлөрдү тартышууда.

Ооба, эл өз амбициялары, бийликке кайра келүү үчүн дагы бир революцияны эңсегендерден тажады. Жана коомдук аң-сезимди мындай козутуучулар менен иш жүргүзүү керек, бирок, А.Акаев менен К.Бакиевге окшоп калбаш үчүн, мыйзам алкактарында жүргүзүү зарыл. Башкаларды айтпаганда да “убактылуучуларга” оппоненттер менен мындай күрөштүн кесепеттери жөнүндө белгилүү болууга тийиш. Биз өлкө жетекчилигинин экономикалык кризисти ооздуктоодогу, өзгөчө социалдык маселелерди чечүүдөгү аракетсиздигин жон терибиз менен сезип турабыз. Жана бийлик мындай абалды өзүнүн жөндөмсүздүгү менен түздү. Жогоркулар канчалык актанышпасын, өлкөнүн экономикасындагы абал жан кейитерлик. Албетте, мындай жагдайлар бүгүнкү бийликтин оппоненттерине ар кандай аракеттерди көрүүгө чакырык таштайт. Бийликтин мындай кудуретсиздиги абалында алардын ар кандай кыймыл аракеттерин “бийликти күч менен басып алууга даярдык” катарында мүнөздөөгө болбойт. Бул бийлик үчүн күрөштөгү мыйзам ченемдүүлүк. Президенттин айланасы болсо коомдогу иштин абалына туура баа берүүнүн ордуна, фактыларды бурмалап, керектүү жагына козутуу менен аша чаап кетүүдө. Муну биз түшүнүксүз “Элдик парламент” менен окуядан көрүп жатабыз. Мыйзамдын жана жөнөкөй логиканын көз карашынан териштирүүгө аракеттенели.

Калк тарабынан бир убактагы агрардык республиканын экономикасынын айыл чарба секторун башкы кыйратуучу катары кабыл алынган Б.Талгарбеков бир нече жылдан бери өзүн бийликке оппозиция катарында көргөзүп келет жана өзүнө окшогон реваншисттердин ар кайсы топторуна барып калууда. Кыргызстандыктар анын аракеттерин мурдагы убакытты эңсөө катары гана кабыл алышат жана аны карылык акылдан адашуу менен байланыштырышат. Эч ким аны ээрчибейт. Анысына да мейли, чындап келгенде ким менен бириккенди жана тынч акцияларды өткөрүүнү кааласа да, бул – анын конституциялык укугу. Кабатырлаткан нерсе башка, Бийликтин муну түшүнбөгөндүгү. Же түшүнөт, бирок, башкаларга сабак болсун деп аны жана анын шериктерин “айыпка жыгуу” менен аларды каармандар (элдик баатырлар)– саясий туткундар кылуу тобокелчилигин жаратып алгандыгында. Минтүү менен элдин алар жөнүндө пикирин таптакыр тетири өзгөртүп алууга болот, ошондо жөнөкөй көпчүлүк аларга кошулууга умтула башташат.

Конкреттүү аракетти (аракетсиздикти) кадыресе кылмыш катарында мүнөздөө үчүн төрт системчеден (подсистем) турган: кылмыш объектисинен, кылмыштын объективдүү тарабынан, кылмыштын субъектисинен, кылмыштын субъективдүү тарабынан турган кылмыш курамынын болушу зарыл. Бул көрсөтүлгөн кылмыш курамынын мааниси ал кылмыш-жаза жоопкерчилигине негиз болуп кызмат кылгандыгында турат. Кылмыш курамынын кандайдыр-бир элементи жок болгон учурда кылмыш-жаза жоопкерчилиги баштала албайт. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине негиз болуп кылмыш-жаза мыйзамы менен каралган кылмыш курамынын белгилерин камтыган коомдук коркунучтуу жосунду жасоо саналат.

Бекболот Талгарбековго жана анын “Элдик парламент” боюнча коллегаларына тагылып жаткан кылмыштардын объективдүү жагына токтололу. Аракеттерди Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 295-беренеси боюнча квалификациялоо үчүн бийликти күч менен басып алууга же бийликти күч менен кармап турууга багытталган аракеттерди жасоо зарыл. Кылмыш бийликти күч менен басып алууга же кармап турууга багытталган аракеттерди жасаган учурдан тартып аяктаган болуп эсептелет. Бизге белгилүү болгондой, “Элдик парламент” мүчөлөрү зомбулук мүнөздөгү кандайдыр-бир аракеттерди жасашпаган, а демек, алардын аракеттеринде кылмыш курамы жок.

Тергөө тарабынан алардын аракеттеринин бийликти күч менен басып алууга же күч менен кармап турууга аракет катары квалификацияланышына келсек, ал дагы укукка жат. Бул үчүн, эч болбогондо, кылмыштуу шериктештиктин бийликти басып алуу максатындагы кутуму болууга тийиш. Эгерде тергөө “Элдик парламент” кылмыштуу шериктештик деп эсептесе, анда алардын катарына партиянын программасын андан ары турмушка ашыруу үчүн акыркы максаты бийликке келүү болгон бардык саясий партияларды коюу керек.

Эгерде “Элдик парламент” мүчөлөрүнүн форумда же пресс-конференцияларда сүйлөгөн сөздөрү кутум болсо, анда ашканада, ар кандай салтанаттарда жана аза жыйындарында азыркы бийликтин кемчиликтери жөнүндө сөз кылган бардык калк – кутумчулар. Анан дагы, өз сөзүндө байкуш Б.Талгарбеков А.Атамбаев, анын артынан Өкмөт да ыктыярдуу отставкага кетет, андан кийин бошогон орундарды алар ээлей тургандыгын айтууда. Ал азыркы иштеп жаткан президент эми эле өз кызматын таштоого камданып жаткандыгын баса белгилейт. Андан кийин, Конституцияга ылайык, Өкмөт да кетиши керек. Бирок эч кандай бийликти басып алуу жөнүндө ал сөз кылган жок. Кимдин башына дөөрүгөн сөздөр келбейт. Минтсе, ар кимге эле кутумчу айыбын тагууга болот. Кимдир-бирөөнү кылмыш жасоого айыптоо үчүн далилдер керек. Кылмыштуу шериктештик катары оор же өзгөчө оор кылмыштарды системалуу жасоо үчүн алдын-ала уюшулган эки жана андан көп адамдардын же топтордун туруктуу, тыгыз баш кошкон бирикмеси таанылат. Бийликти күч менен басып алууну жүзөгө ашыруу үчүн адамдык жана аз эмес акча ресурстары, курал ж.б. талап кылынат. Туруктуулук далилдери кана, акчалар жана куралдар кана?

Төрөбай Колубаевдин жазылып алынган сөздөрү – түккө турбаган кем акыл мактануу. Мындай сөздөр ар жерде жана дайыма болот. Ар ким эле өзүнүн жинине тийгенди сайып салам, муунтуп салам же атып салам дей берет.

Бүгүн белгилүү болгондой, Марат Султановдун кайсы-бир жактан келишкен жана Ысык-Көлгө өтүп кетишкен имиш деген жомоктогудай “камданган” кишилери жөнүндө сөзүнө келсек, ал Жогорку Кеңешке күзүндө өткөн шайлоодо карызга акча алган өзүнүн кредитору, Жогорку соттун мурдагы судьясы Абиджан Исаков менен сүйлөшкөн. Карызды кайтарууну кантип болсо да артка жылдыруу жана карыз доолаган жолдошунан кутулуу үчүн 11-12синде акчаны кайтарып берише турган дайыны жок компаньондору-карызгерлери жөнүндө калпты айтып койгон. Ар кимде мындай болушу мүмкүн. Кээде кутулуу үчүн мындан башка да калп айтып коюуга болот. А тергөө, аны эл алдында кутумчу катары көрсөтүү үчүн, үн жазууну убактылуу болсо да, жасалмаланган болсо да, далил катары пайдаланган. Эң башкысы элге чыгарып жиберели, эл баарына ишене берет принциби боюнча аракеттенишкен.

Анан эң башкысы, эгерде тергөөнүн логикасын ээрчисек, көптөгөн суроолор келип чыгат: – Эмне үчүн үч адам гана камалган? Эгерде бул кылмыштуу шериктештик болсо, анда эмне үчүн “Элдик парламенттин” баардык мүчөлөрү жоопко тартылбайт? Же алар үчөөсү эле бийликти басып алууну ойлоштубу? Алар айтышкан курал жана акча кайда? “Камданган” эки кишини аныкташтыбы жана Марат Султанов сүйлөшкөн адамды суракка алыштыбы? Бул суроолорго жооптор тергөөгө кереги жок деген ой келет, себеби алар тергөөчүлөрдүн бийликти күч менен басып алуу жөнүндө жоромолдорун төгүндөйт. Жакында бийликтин көзүндөгү коркунуч жок болот, бирок кеч болуп калат. Бир гана нерседен – мыйзамсыз эркиндиктен ажыратуудан башка бардык бузулган адам укуктарын калыбына келтирүүгө болот. Тергөөнүн күнөөсү боюнча жоготулган эркиндикти эч качан кайтара албайсың. Кеч болуп кала электе камакка алынган “Элдик парламент” мүчөлөрүн камактан бошотуу зарыл.

Казбек Токтолиев, журналист

Эки министр кызматынан бошотулду

Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Замирбек Айдаров транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан, Турдуназир Бекбоев айыл чарба жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта ылайык, премьер-министрдин сунушу менен бул  министрлер боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү жактыруусу алынганга чейин эки министрге тең министрдин милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

 

Атамбаевге Таластан дубай салам: урматтуу ажо, жок дегенде катка жооп берип койсоңуз

Тагдырдын тамашасы ушундай экен. Кечээ эле Талас эли канкор Бакиевдин бийлигине каршы чыгып, эч нерседен тайманбай, акыйкат, жакшы жашоо, балдарыбыздын келечеги үчүн жаныбызды канжыгага байлап, күрөштүк эле. Ошондо азыркы ажо Атамбаев дагы биз менен чогуу чай ичип, биздин катарда эски бийликке муштум кезеп жүргөн. Анан бийликке жетип, Ак үйдү аттагандан кийин ажыдаарга айланды да калды. Алгач эски тааныш катары эптеп жолугуп, элдин көйгөйүн айтып турчубуз, кийирчерээк такыр эле жанына жакын жуутпай, качып калды. Бул деген элди эсинен чыгарганы да. Макул, кабыл албаса албай калсын, жок дегенде кат аркылуу барып жаткан кайрылуубузга жооп берип койгонго жарабайбы? Учурунда “мен бийликке келсем тигинтем, минтем” деп ооз көптүргөн ажодон бүгүн дайын жок. Убагында Таластын эли жапырт көтөрүлүп, авторитардык бийликти кулатып, Атамбаевдин такка отурушуна шарт түзүп берди эле. Бүгүн ошол таластыктар ажодон көңүлү сууп, таарынычын ичине катып отурушат. Канткен менен бардык нерсенин чеги болот, чектен чыккандын арты жакшылык менен бүтпөйт.

Урматтуу президент мырза, өткөн күндөргө бир көз чаптырып, айтылып жаткан акыйкат сөздөргө маани берип, элдин көтөргөн көйгөйүн көрүп, жооп берип койсоңуз.

Төлөгөн  Наралиев, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Апрель баатыры  

“Мээр жазы” коомдук бирикмеси: “Жашы 80ге таяган Дастан Сарыгуловду абакта кармап отуруу бийлик үчүн уят иш”

Өнөкөт дарты күчөп, абалы күндөн-күнгө начарлап бара жаткан “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгуловду УКМКнын СИЗОсунда кармап отуруу кыргыз бийлигине абийир алып келбейт. Бул тууралуу “Мээр жазы” коомдук бирикмеси менен “Элдик курултай” кыймылы билдирүү таратты.

Аталган кыймылдардын мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевге жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге кайрылуу жолдоп, Дастан аксакалды бошотуу талабын коюшту.

“Дастан Сарыгуловдун оорусу күчөп, сүйлөгөнгө алы келбей кыйналып жатса дагы өйдө жактагылар үн катпай отурушат. Дарыгерлер текшерип, тез арада дарыланышы керектигин айтканы менен, УКМК абдан коркунучтуу душманды кармагансып, темир торго салып, кайтарып отурушат. Дастан аксакалдын жашы 80ге таяп калды. Төрүнөн көрү жакын болуп турган адамга ушундай мамиле жасалышы бийлик үчүн уят иш. Суроолору болсо үй камагына чыгарып коюп деле сурай беришсе болбойбу? Ал карыганда кайда качмак эле? Биз Д.Сарыгуловду үй камагына чыгарууну талап кылабыз жана ал үчүн жоопкерчиликти өзүбүзгө алуу даярбыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Орусия Ысык-Көлдө жаңы торпеданы сыноодон өткөрүүдө

Орусиянын Аскер-деңиз күчтөрү жыл аягында “Футляр” аттуу суу тереңдигинде колдонуулучу жаңы торпеда менен куралданып баштайт. ТАСС билдиргендей, азыр ал Ысык-Көлдө сыноодон өткөрүлүп жатат.

«Торпеданын жаңы варианты Ысык-Көлдө жылдын аягына чейин сыноодон өткөрүлөт. Ал ийгиликтүү болсо, аскер-деңиз күчтөрү торпеда менен куралданып баштайт. 2017-жылдан тартып бул деңиз куралын сериялык түрдө чыгармакчыбыз. Анын суу алдындагы бутага тийгизүү боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөрү өркүндөтүлөт”, – дейт өз булак. Жаңы торпеданы суу алдында жүрүүчү кемеден эле башкарууга болот.

Торпедалар Санкт-Петербург Илимий иликтөө институту тарабынан иштелип чыккан. Азырынча бул маалыматтар расмий ачыктала элек.

Орусиялык торпеда сыноочу база Каракол шаарынын жанында жайгашканы маалым.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Спикер менен премьер күздө алмашабы?

Өлкөдө президенттик-парламенттик башкаруу болуп атабы, же башкасыбы, айтор, келечек үчүн көпчүлүктүн иши деле жок. Эң башкысы, элге адилеттүүлүк жана оокат кылганга, иштегенге бийлик шарт түзүп берсе болду.

СДПКнын ишенимдүү адамдары катары, президенттин достору сыпатталган Сооронбай Жээнбеков менен Чыныбай Турсунбеков эч ойлонулбаган, кыялында дагы жетпеген креслолорго жетишти. Кызык, калк колдобосо деле жогорку кызматтарга келсе болобу? Натыйжада, бул эки фигуранын жигердүү иштеп кетишин каалайбыз! Ошого катар өлкөдөгү көйгөйлөрдү чечүү менен элдин жашоосун жакшыртууга, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошушса кана?

Тилекке каршы, С.Жээнбеков Бажы союзуна байланыштуу доку­мент, кагаздарын тездете албай, убакыттан уттуруп, иши алдыга жылбай турат. ЕАЭБдин талаптарына ылайык, быйыл дагы тиешелүү лаборатория, лицензия маселелери чечилбесе, элдин өндүргөн айыл-чарба продукциялары дагы банкротко учураса, анда саясый ахвал чындап оорлошот. Бул эки айдан кийинки боло турган көрүнүш. Андыктан, С.Шарипович караңгыдан жол тапкандай эле, же кандайдыр бир «сыйкыр» менен көздөгөнүн орундатса, анда эл астында жүзү жарык болмок да. Жакшыдан үмүт кылып туралык…

Ал эми спикер Ч.Турсунбековдун кызматтык тагдыры негизинен депутаттарга байланыштуу. Жакында бир эле Алтынбек Сулайманов төрагага каршы сүйлөп, айласын кетиргендей абалга жеткизип койду. Эгерде мындай атакалар баардык тараптан дагы уланса кандай болот? Анан бир жагынан элдин турмушу оорлошуп, өкмөттүн ЕАЭБ­дин астындагы кодуланганы да спикердин шаштысын кетирет, аныгында, көйгөйдү чогуу-чаран жолго коюшпаса, экөөнө бирдей сокку урулушу мүмкүн. Айтор, президенттин эле айланасындагы айрым күчтөр, балким, С.Жээнбеков менен Ч.Турсунбековго күлө карап, жакшы мамиледе жүргөндөр деле жайлап кетишпейби? Кепилдик жок да. Тымызын маанайда жогорку эки креслого көз арткандарды байкап эле жүрбөйбүзбү. Болгону алар максаттарына жетишүү үчүн ыңгайды, шартты күтүшөт…

Кыскасы, экөөнүн тагдыры үч айдан кийин билинип калат. Ансыз да күзүндө ар кандай себептерден саясый кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Мисалдар көп. Оппозициянын баш көтөрүшү, камалган саясатчылардын каршылыгы, айтор, ар кандай аракеттер көрүлсөчү? Эмне кылыш керек? Иштебесе болбойт. Милдетин алгандан кийин өкмөт, парламент элди багышсын да…

Булак: “Азия news

Равшан Жээнбеков: "БШКга жаңы шайланган мүчөлөр Атамбаев эмне айтса ошону аткарат"

Бийликтин Борбордук шайлоо комиссиясына көзөмөлү дагы күчөдү. Мындай пикирин экс-депутат Равшан Жээнбеков фейсбуктагы баракчасында билдирди.

“Булардын ичинен эки гана адам каршы чыгып, өз көз караштарын айтышы мүмкүн. Алар – Атыр Абдрахматова жана Гүлнара Журабаева. Калгандары Атамбаев эмне айтса, ошону аткарат. Бийликке жагымдуу БШК. Мындай курамдагы БШК адилеттүү жана таза шайлоо өткөрө албайт”, – дейт Жээнбеков.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында президент жана фракциялар тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган талапкерлер көпчүлүк добуш менен БШК мүчөлүгүнө шайланышты.

Көк-Талаа–Пүлгөн унаа жолунун курулушу аяктады

Ош, Баткен жана Исфана шаарларын бириктинген Көк-Талаа-Пүлгөн унаа жолунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү билдирди.

24-июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн  ишенимдүү өкүлү Яап Ора баш болгон бир катар жетекчилердин катышуусунда аталган жолдун расмий ачылышы болот.

Көк-Талаа-Пүлгөн  унаа жолун Транспорт жана коммуникация министрлиги менен Европа Биримдиги каржылаган. Бул багытта Европа Биримдиги 7,69 миллион евро грант бөлүнгөн. Курулушту Кытай жол жана көпүрү куруучу корпорациясы менен ашырып, иштер 2012-жылдын ноябрь айында башталган.

Ташкентте ШКУ саммити өтүүдө

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине  Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан катышууда.

Өзбекстан баш калаасы Ташкент шаарында бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун эки күндүк саммити башталды. Анда аймактык коопсуздук маселеси талкууланып, президенттер 2025-жылга чейин уюмду өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу планы жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча документтерге кол коюшат. ШКУнун 15 жылдык декларациясы кабыл алынат.

Буга чейин байкоочу макамга ээ болгон Индия менен Пакистанды мүчө катары уюмга киргизүү боюнча меморандумга кол коюлары да күтүлүүдө. Эгер маселе оң жагына чечилсе, ШКУнун таасирин Түштүк-Чыгыш Азияга чечин жайылат.

Негизинен Ооганстандагы кырдаалга орчундуу көнүл бурулары айтылууда.

ШКУ 2001-жылы чек аралардагы коопсуздукту, өз ара ишенимди камсыздоо, соода жана маданий байланыштарды бекемдөө максатында түзүлгөн.

Булак: “Борбар Азия маалымат кызматы”

Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал-лейтенант: «Биз президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди сүрөйбүз»

Бүтүндөй өмүрүн өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жаатына арнаган генерал-лейтенант ушул күндөрү өткөн-кеткен күндөрүн чубалгыдан өткөрүп, элибиздин социалдык, экономикалык кризиске эле эмес, жандүйнө, руханий жактан да жарды болуп жатканыбызга кейип, ушул жаатта күрдөөлдү иш баштап турган кербези. Ошол себептенби, саясаттан башталган соболдорубузга болбой эле буйтактап, руханий караңгылыгыбызга жооп издеген аргументтерин ортого сала отурду.

– Кеңешбек мырза, соңку убакта эрмегиңиз Чүй кланын, анын ичинде Сарыбагыш уурусунан чыккан өкүлдөрдү чогултуп, тар чөйрө ичинде кыргызга Сарыбагыштан чыккан эле хан ылайыктуу экенин, бул орунга баардык жагынан Канатбек Исаев шайма-шай келээрин кыйытып жаткандыгыңыз чынбы? Алгач өзүңүзгө карата багытталган ушундай күбүр-шыбыр кептердин башын ачып бербейсизби?

– Өзүң билесиң, былтыр Кытайдагы ШКУнун (Шанхай Кызматташтык Уюму) баш катчысынын орун басарлык кызматын өткөрүп, Кыргызстанга келгенден кийин саясаттан бир аз четтеп, өз иштериме, анын ичинде үй-бүлөмө көбүрөөк убактымды арнап, өткөн-кеткен күндөрдү таразалап, кыскасы, өзүмө көбүрөөк көңүл бөлгөнгө убакыт табылган. Бирок, өмүр бою саясат, кызматтарда жүргөн соң, такыр эле кол куушуруп, саясаттан четтеп калыш да кыйын экен. Жакындан тарта өзүбүздүн пикирлеш, үзөңгүлөш, көз караштарыбыз дал келген инсандар менен биргеликте «Улуу Жибек Жолу» аталышындагы маданиятты, гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча коомдук фонд ачтык.

Ошонун негизинде Кытай, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан баштаган «Улуу Жибек Жолу» каттамы өткөн мамлекеттердеги коомдук фонддор, уюмдар менен байланышып, өз ара эл аралык мамилелерди чыңдоо, маданий, гуманитардык алакалар боюнча иштерди аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Президентибиз Алмаз Шаршенович Атамбаев быйылкы жылды өзүнүн жарлыгы менен «Маданият жана тарых» жылы деп жарыялабады беле? Ушул багытта да биз өзүбүздүн салымыбызды кошуу боюнча колдон келген көмөгүбүздү тийгизүүнүн максат кылып, алдыда бир топ иштердин өтөсүнө чыгууну пландап турабыз.

Андан тышкары, өзүбүздүн жакшы санаалаш, мамилелеш адамдар менен биргеликте «Сарыбагыш-Тагай Бий уулу» деген коомдук бирикме ачканбыз. Тагыраагы, ата-бабабыздын басып өткөн жолун, тарых, санжырабызды тактап, өсүп келе жаткан муунду ата-бабадан калган баалуулуктардын негизинде тарбиялоого багытталган иштерди жасоону ниет кылып турабыз. Бирикмебиздин биринчи курултайын 5-июнь күнү Чолпон-Ата шаарында жер-жерлерден келишкен 450 чамасындагы делегаттардын, тарыхчылардын, кырк уруунун өкүлдөрүнүн, аксакалдардын, депутаттардын катышуусунда өткөрүп келдик.

Соңунда бабабыз Тагай бийдин, Манап бийдин, Калыгул олуянын арбактарына багыштап Куран окутуп келдик. Сенин соболуңда айтылган Чүй кланын, Сарыбагыш уруусун чогултуп, жеке Канат Исаевди келээрки ажолукка түртмөлөө боюнча курултайыбызда эч кандай пикир же чакырык жасалган эмес. Ал жыйында саясат тууралуу кыпындай да сөз болгон эмес. Болгону элибиздин ынтымагы тууралуу сөз болгон. Туура, бир жылдан соң президенттик шайлоо өткөнү турат. Ал шайлоого бир топ талапкерлер катышаары турган иш.

Президент Атамбаев да кызматтан кетээрин айтып, күнүн санап отурат. Эгерде татыктуу улан-кыздарыбыз чыкса, арасынан чуркай турган күлүктү сүрөөнгө алып, колдогон жаман ишпи? Убагында Алмаз Атамбаевди деле ар кандай кыйынчылыктарга карабай, өзүбүздүн башыбызды канжыгага байлап коюп, сыноолордон өтүп, алдыга сүрөп чыкканбыз. Келээрки президенттик шайлоодо деле татыктуу талапкерди тандап, сүрөп чыксак жаман болбойт го?

– Менимче, сиз Сарыбагыш уруусун чогултуп, башын кошуп жатканыңызга караганда, анда ажолук жарышта бир эсе бир уурудан чыккан, анан калса жердеш иниңиз Канат Исаевди эле сүрөөнгө алат окшойсуз ээ?

– Канат Исаев жаштыгына карабай Токмок шаарынын мэри, килейген Чүй облусунун губернатору, кыргыз парламентинин эки чакырылышына депутат болуп шайланган энергиялуу, барган сайын эл арасында кадыр-баркы көтөрүлгөн тажрыйбалуу саясатчылардын катарына кошулуп калды. Баятан бери тыңдасам, биздин Сарыбагыш уруусу жөнүндө кеп кыласың да кайра-кайра эле.

Келээрки президент Сарыбагыш уруусунан чыгаарын мен эмес, белгилүү көзү ачык Мелис Карыбеков айтып чыкты го? Ырас, биздин уруунун байыртан бай тарыхы, басып өткөн жолу бар, бир катар көрүнүктүү инсандар, окумуштуу, тарыхчылар, эл башкарган мамлекет башчылары, хандар-бийлер чыккан көрүнүктүү жагы бар. Албетте, кыргыздын 40 уруусунун баарынын эле өзүнүн тарыхы, санжырасы бар да. Кыргыз элин ынтымакка, биримдикке алып келели десек, анда адеп дал ошол 40 уруунун башын кошушубуз керек. Кырк уруунун ынтымагы болмоюнча кыргыз элинин да ынтымагы болбойт.

Азыр дүйнөлүк элдердин деңгээлинде ар улуттун өзүн-өзү таануу, ордун табуу процесси болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Ар урууга таандык адам саясатчыларга окшоп партиясын саткандай өз уруусун эч качан таштап баса бербейт.

– Тээ Акаев доорунан бери эле Чүй кланынан чыккан саясатчы, генералдарда «ИИМ тизгинин чүйлүктөр гана башкарышы керек» деген жердешчиликтин жазылбаган мыйзам дагы да күчүндө экендиги, буга чейинки министрлердин дээрлик басымдуу бөлүгү Чүйдөн чыккан кадрлардан тургандыгы, жакында министр болгон Кашкар Жунушалиев өкмөт курамында бир да Чүйдөн чыккан кадр жоктугунан улам жердешчиликтин жел аргысы менен кызматка келгендигин кыйытышууда. Анан калса, Бишкек ШИИББ кызматы министрликке кадрларды даярдай турган трамплинге айлангандыгы факт. Өзүңүз деле ошол кызматтан ИИМ тизгинин чойгонго канат күүлөп чыккандыгыңыз мисал болот да, туурабы?

– Чүйлүк туугандар канчалык жанталашып аракет кылсак дагы, жердешчиликке келгенде биринчи таластык туугандарыбызга, андан кийин түштүктүк туугандарыбызга жетпейбиз го? Жердешчиликке келгенде чүйлүктөр бир топ эле артта калганбыз (күлүп).

Буга дейре алакандай өлкөбүздү эки качкын президенттин үй-бүлөлүк кландары башкарып келсе, азыр партиялык-кландык система премьер-министрлик кызматтан айыл өкмөттөргө чейин постторду талашып-тартышып, бөлүп алышып, башкарып жатышат. Мындай көрүнүш парламенттик системанын көп жерлерин өзгөртүп, кайрадан кем-карчтарын толуктоого жол ачып, бийлик системасын элге иштетпесек болбойт го. Ал эми баштагы соболуңда, «ИИМ тизгинин жалаң эле чүйлүк генералдар башкарган» дегендей суроону кылтыйтпадыңбы?

Эми Кыргызстанда генералдар жалаң эле Чүйдөн чыккан эмес да, туурабы? Өлкөбүздүн баардык булуң-бурчтарынан чыккан генералдар, албетте, бизде көп. Алардын баары өз деңгээлдерине жараша элге, журтка кызмат кылышкан деп ойлойм. Буга чейинки министрлерден Ө.Суваналиев, Болот Шер, З.Рысалиев Таластан, М.Конгантиев менен О.Гуронов түштүктөн, Т.Айтбаев менен М.Турганбаев Нарындан чыккан генералдар экендигин билесиңер да. Анан кантип чүйлүктөр ИИМди минип алган болот?

– Ал эми Акаев убагынан берки ата-бала суталиновдор, Ф.Кулов, Ө.Кутуев, М.Абдылдаев, Т.Акматалиев, Б.Субанбеков, мына сиз, А.Суранчиев, К.Байболов, К.Жунушалиевге окшогон Чүй кланынан министр болгондорду кайда катабыз анда?

– Эми булар бири кетсе эле экинчиси артынан дароо министр болуп келишкен жок да. Ортолорунда башка региондун да өкүлдөрүнөн министр болгондору бар. Бул тууралуу айта берсе сөз узун. Азыркы жаңы министр Кашкар Жунушалиев, андан мурдагы министр Мелис Турганбаев да кезегинде менин кол алдымда иштеп кетишкен. Бишкек ШИИББ башчысы кезимде Мелис Турганбаев менин орун басарым, Кашкар Жунушалиев бөлүм башчы болуп иштешчү. Экөө тең ишке тыкан, кесипкөй, профессионал адистерден.

Мен буларды жакшы билем. Туура байкагансың, Бишкек ШИИББ башчысы кызмат орду акжолтой, жетекчилерди министрлик орунга даярдаган трамплин десек да болот. Бишкек ШИИББ жетектеп турган жетекчилердин көпчүлүгү дал ушул кызматтан ички иштер министри болуп кызматтык секирик жасап кетишкени факт. Бул тарыхыбызда деле далай ирет тастыкталган. Ошол эле генералдар Абдыбек Асанкулович Суталинов, Өмүрбек Кутуев, кезегинде мен да ушул кызматтан министрликке секирик жасап кеткем. Кийинкилерден Мелис Турганбаев, Зарыл Рысалиев, Кашкар Жунушалиев баштагандар министр болушту. Санай берсек, тизме дагы узун.

Бишкек ШИИББ кызматтык трамплин болгондугунун дагы себеби бар. Анткени, шаар эң чоң аймак болуп, миллиондон ашык эл жашайт. Оперативдик ал-абал шаарда абдан татаал. Ушундай жерде шаардык милицияны башкарган жигиттер абдан такшалып, тажрыйба күтүп, кызматтык бийик сыноолордон өтүшөт. Министрликке секирик жасап жаткандарынын бирден-бир себеби да ушундан.

– Кезегинде УКМКны да жетектебедиңиз беле? Бүгүн ошол айбаты катуу атайын кызматтын төрага орун басарлык кызматтарына өңчөй президент Атамбаевдин мурда-кийинки жансакчылары дайындалып жаткандыгы коомчулук ичинде ар түрдүү кептерге, ага удаа абдан жакшы колдоого да алынууда.

– Мамлекеттин келечегин аныктаган, тагдыр чеччү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти мыйзам боюнча президент өзү көзөмөлгө алып, андагы жетекчилик кызматтарга кадрдык дайындоолорду түздөн-түз өзүнүн буйругу менен дайындайт. Ушундай маанилүү кызматтарга өзү жакшы билген, өзү жакшы ишенген кадрларды дайындашы табигый эле көрүнүш.

Президенттин мурда-кийинки жансакчыларын төрага орун басарлыкка дайындашы ушундан улам го? Мен атайын кызматты жетектеп турганымда президенттин буйругу менен дайындалып жаткан мурдагы жансакчылары, азыркы төрага орун басарлары катардагы эле кызматкерлер болушчу. Андыктан, алардын ишке болгон кесипкөйлүгүн, профессионалдуулугун так айта албайм. Менин атайын кызматтан кеткениме деле 5 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта бир топ өзгөрүүлөр болду.

Азыркы коомчулуктун сынына кабылып жаткан жигиттер кесипкөйлүк жагынан тажрыйба алып, жетекчилик кызматтарга балким бышып-жетилип калышкандыр. Негизгиси, «жетекчи кадрларды ким колдоп алып келди» дегендик кылып эмес, ишине жараша баа берген туура болот. Азыркылардын ишине чыдап турсак, убакыттын агымына жараша күбө болоорбуз.

Булак: “Азия news”

Фотобаян - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата ипподромдун курулушу

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында башталат. Учурда Ысык-Көлдө оюндун ачылыш аземи өтүүчү жаңы ипподром курулуп жатат. Курулуш иштерине 400 адам тартылган.

Всемирные Игры Кочевников 2016 пройдут с 3 по 8 сентября 2016 года на берегу озера Иссык-Куль Кыргызской Республики.
Нынешняя стройка считается вторым этапом строительства ипподрома в Иссык-Кульской области для проведения Всемирных игр кочевников
Организаторы сообщали, что ипподром будет соответствовать мировым стандартам, рассказали спикеры. Увеличится количество зрительских мест с 6 до 8 тыс., также появятся кафе, ВИП-залы, торговые объекты.
Булак: “Борбор Азия маалымат кызматы”

Шайырбек Абдырахман: "Биздин бийлик шалпыйган "Жигулиге" окшош"

Кыргыз бийлиги “Жигулиге” окшош. Мындай пикирин белгилүү журналист Шайырбек Абдырахман соцтармактагы баракчасында жазды.

“Биздин бийлик “Жигули” чыгарган АвтоВАЗ аттуу заводго жаман окшош эй. Деги окшошпосоң койо кал дечү беле. Алыс жагын айтпайын, 90-жылдардан бери эле тигил завод канча деген машине чыгарбады.
Мисалы: 06, 07, 08, 011, НИВА, ОКА, ЛАДА, КАЛИНА деги койчу не дегенин гана жасаган жок. Бирок айдай келгенде эле баягы шалпыйган “жигули”… Биздикилер деле… 90-жылдардан бери алмашып эле жатышат, алмаштырып деле жатабыз… Баягы эле “жигули”…”, – дейт Абдырахман.

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: "Айла кетип, жан кейигенде Атамбаевге жазылган ачык кат"

Урматуу президент! Мен мурун эле көзөмөлсүз алтын кен чыккан Солтон-Сары, Ала-Бука, Баткен, Терексай, Макмал алтын кенинде уурулук орун алганын боюнча маалымат берген элем. Бирок  Башкы прокуратура буга бир дагы маани бербей, юридикалык баа бербей койгону кейиштүү. Мындай кырдалда, мыйзам устөмдүгү жок экенин белгилейт эмеспи, прокуратура түздөн-түз сизге шек жаратып жатпайбы. Ар бир атуулдун маалыматы текшерилип турбаса, мамлекет өнүгүү жолунан тайып, экономикалык кризиске алып келерин жакшы билесиңер. Алмаз Шаршенович, сиз ишенип койгон прокуратура кызматкерлери сизди адаштыруучу жолго буруп, бардыгы жакшы дегени менен ахвал өтө оор. Көз көрүнө чаламандын чак түшүндө алтын чыккан кенде алтынды чайкап алып жатышат. Алтын аралашма кумун, жылына бир миллионго жакын өлкөдөн чыгарылып кетет. Мындай башаламандыкка райондук прокуратура, ИИМ, УМКК, аким, айыл өкмөт, чек арачылар, бажы кызматкерлери, Ак үй, Көк үй чиновниктери уюшулган кылмыш топто айланып, байма-бай алтынды уурдап жатышат. Жылына божолу орто эсеп менен алты тоннага жакын алтын уурдалып жатат. Мен бул малыматка толук ишенем, өз көзүм менен Чаткалга барып, ылдыйкы Чандалаш алтын кенинде күнүнө 150 тонна руданы чайкап жаткан жерин көрүп, гезитке маалымат бергем. Негизи Чаткал алтын бассейинен алтынды көзөмөлсүз Ак үй менен Көк үй чиновниктери пайдаланып келүүдө. Аларды табуу өтө деле татаал эмес, ошо текшерүүгө кимдин уруксаты болсо, ошолор контрол жүргүзүп, көз жумду кылып, жаап жашырып, акча тапкан шумпайлар. Ошондой эле мамлекеттин ичинде өзүлөрү мамлекет куруп, каалаганын кылгандар.

Алмаз Шаршенович, өзүнүз контролго алып көрсөңүз, ошондо ачыкка чыгып, ким сизге душман экенин билесиз. Мен деле бул фактыны асмандан алган жокмун, ишенбесениз АКСте дагы мындай факты бар, бирок кандайдыр объективдүү жана субъективдүү кырдаалдан ачыкка чыкпай отурат же АКС дагы пайда көрүп калалык деп текшерип жүргөн чыгар, бирок калыстык үчүн сизге малыматты жеткирсек, балким чындык ачыкка чыкмак беле. Мындай далилдүү фактыны ачык тарелкага салып берип жатам, текшерилип, юридикалык баа берилип, байлыкты сактап калса мамлекетке чоң салым кошооруңуз анык. Курулбаган жолдорго, көчөлөргө, мектеп, ооруканаларга, келечегибиз үчүн салым болмок. Ушул эле чайкалган алтын корун, эч бир уруксаты жок эле, Кара-Балта, Бишкек, Токмокто, Кочкордо көзөмөлсүз алтынды эритип тазалоочу мини цехтерди ачып алышкан. Мини цехтин кожоюндары алтындын корун арзан сатып алып, тазалап, андан ары көзөмөлсүз сатылат. Ошентип орто эсеп менен жылына көзөмөлсүз алты тонна алтын уурдалып, мамлекетке ири зыянга учурап жатпайбы.

Алмаз Шаршенович, керек болсо мынча алтынды “Кыргызалтын” ала алалбайт. Мисалы, Солтон-Сары кенинде лицензиясы жок эле ар кайсы инвестордун учаскасынан күч менен эле жергиликтүү тургундар тоо этегинен шахта ачып, 130 метрге чейин кирип кеткен. Ал жерде кадимки техника шаймандары менен алтын корун алып жатышат. Күч органы болсо көмөк көргөзүп, кошо уурулук кылып жатышат. Бул маалыматты КТРдан дагы көсөтүп, далилдешкени жалганбы? Чаткалда дагы кырдал ушундай, ал жакта алтынды алыш оңойго турат, суу жээктеп эле алтынды техника шайманы менен алып жатышат. Ошол эле убакта Чаткалга барган жол талкаланган, инфраструрасын түзөтүү үчүн ири каражат талап кылат. Бийлик элден алыс болгон үчүн бир дагы жарандын үнү жетпей жатпайбы. Жакырлардын тагдырын нукка бурган бийлик жокко эсе. Ошол эле убакта кен байлыгын уурдаган шылуундарга бийлик колдоо көргөзүп келүүдө. Мындай кырдаалга ким чекит коёт, баш аламандыкка жол бергендерге мыйзам чеги барбы? Кандай айла табабыз, же сүйлөп, жазып жүрө беребизби?!

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Премьер-министр Баткен жана Ош облусуна барат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 23-24-июнунда Баткен жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сапар алкагында Жээнбеков унаа жолдрунун курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү, социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар пландаштырылган.

Баткен облусунда өкмөт башчы «Көк-Талаа – Пүлгөн» унаа жолунун ачылышына катышат. Ошто Өзгөн районуна барып, билим берүү тармагынын объектилеринин курулушу менен таанышмакчы.

Атамбаев чиновниктердин “бай-манаптык” кылык-жоруктарын сынга алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда мамлекеттик кызматтарда элдин татыктуу өкүлдөрү – адамгерчиликтүү, адептүү, чынчыл, өз ишин мыкты билген, мыйзамдарды сыйлаган жана аларды так аткарган, адамдардын көйгөйүн жүрөгү менен терең сезе билген жана аларга жардам берүүгө даяр инсандар иштеши керектиги айтылган.

“Тилекке каршы, кийинки жылдары мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы акырындап оңоло баштаганына карабастан, жарандар тарабынан алардын адеп-ахлагына жана моралдык-этикалык сапаттарына карата олуттуу дооматтар айтылууда. Мамлекеттик кызмат – бул элге кызмат кылуу экенин унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин “бай-манаптык” кылык-жоруктары жана текебердиги коомубузда терс бааланып жатат. Жарандарыбыз мамлекеттик кызматкерден эл алдындагы өз жоопкерчилигин терең сезип, адамдарга сылык-сыпаа мамиле жасап, оор басырыктуу жана жупуну болууну талап кылышууда. Бул адилеттүү доомат.

Ошондуктан алдыбызда мамлекеттик кызматкерлердин ишмердигинин жогорку натыйжалуулугун, алардын кесипкөйлүгүн арттырып, моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртууга багытталган кадрлар менен иштөөнүн жаңы системасын турмушка ашыруу боюнча көп күчтү жана аракетти талап кылган иштер күтүп турат”, – деп айтылат Атамбаевдин куттуктоосунда.

Экс-премьер туулган күнүн “Супарадан” өткөрүп, "качып кеткен" аткошчулары дагы келишти

Өткөн жума күнү экс-премьер-министр Темир Сариев “Супарада” туулган күнүн белгилеп, элүү чакты тилектештери менен чай үстүндө көңүлдүү отурушту. Дасторкон үстү дүйүм тамак-аш, Орозого карабай ичкилик жайнап, айтор, келген коноктор шатыра-шатман… Баса “тендер чуусунун айынан качып кетти” делген жардамчылары, аткошчулары баары эле жүрүштү. “Кыргызстан” фракциясынан депутат Тынчтыкбек Конушбаев баш болуп. Темикенин маанайы абдан көтөрүңкү. “Күздө кыймылдай баштайбыз, буюрса бийликке кайра келебиз” деген дымагы күчүндө экен. Сыягы, Ак үй оппоненти Сариевди садага чабууга, торго илүүгө аракет кылганы менен күчү жетпей койду го…

Булак: “Азия news”  

Жеткинчектерге карата кылмыш жасагандар мөөнөтүнөн мурда бошотулбайт

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине) 1-окууда каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Орозбек Энтериев баяндама жасады. Баяндамачынын маалыматына караганда, жашы жете электерге карата оор жана өзгөчө оор кылмыш жасап, эркиндигинен ажыратылган жайларда жазасын өтүп жаткандарды мөөнөтүнөн мурда бошотпоо жана аларды жазасын өтөө үчүн жатак абактарына которбоо үчүн КР Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө жеткинчиктерге карата жасалып жаткан кылмыштарды азайтууга мүмкүнчүлүк болот деп күтүлүүдө.

Талкууда депутат Аида Салянова эмне үчүн жеке эле оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандарга карата мындай түзөтүү киргизилип жатканын сурап, жашы жете электерге карата жасалган анча оор эмес кылмыш жасагандарга карата дагы ушундай жазалар зарылдыгын билдирди. Депутат Курманкул Зулушев анча оор эмес кылмыш жасагандар балким байкабай жасап алышы мүмкүндүгүн белгилеп, сунушталган түзөтүүлөр аларга тиешеси болбошу керек деген пикирин ортого салды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

“Комиссар Каттани” оппозициянын башын бириктирип жатат

Сентябрь айынан тарта саясый арена кайрадан кызый турганы алдын ала байкалды. Маселен, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Адахан Мадумаров ж.б. лидерлер Кыргызстанды түрө кыдырышып, бийликти сындоо, айыбын ачуу менен шугулданганы турушат. Ошого катар президенттик шайлоого даярдыктарды көрүүнү, оппозициялык чоң күчкө ээ болууну пландашууда. Дээрлик бийликке каршы баардык күчтөрдү бириктирүү үчүн генерал Суваналиев башында туруп атканы байкалууда. Эмесе, келечекке карай “Комиссар Катани” жол баштайбы?

Булак: “Азия news

БШКнын жаңы мүчөлөрү шайланды

Жогорку Кеӊештин депутаттары бүгүн, 23-июнда шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы мүчөлөрүн шайлашты. Анда көрсөтүлгөн талапкерлердин баары жетиштүү добуш алышты.

БШК мүчөлүгүнө президент тарабынан Алмаз Асаналиевдин, Гүлнара Баатырованын, Бахтияр Кадыровдун, Нуржан Шайлдабекованын, ал эми КСДП фракциясынан Адилет Сатыгуловдун, «Кыргызстан» фракциясынан Акылбек Эшимовдун, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Назарали Ариповдун, «Ата Мекен» фракциясынан Гүлнара Журабаеванын, «Республика – Ата Журт» фракциясынан Атыр Абдрахматова менен Елена Жылкычиеванын, «Бир Бол» фракциясынан Кайрат Осмоналиев менен Абдыжапар Бекматовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Эске салсак, БШКнын азыркы курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктады. Ошондон улам, анын жаӊы курамына талапкерлер көрсөтүлгөн. Мыйзамга ылайык, БШК курамы 12 мүчөдөн туруп, президент 4 талапкер, парламенттик көпчүлүк коалициясы 4 талапкер, оппозиция тарап 4 талапкер көрсөтө алат.

Видео - Зиядин Жамалдинов, депутат: “Чыныбай Акунович, сиз парламенттин жыйынын шоуго айлантып жатасыз, өз ордуңузду билишиңиз керек”

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов төрага Чыныбай Турсунбековду депутаттарга бирдей мамиле жасабайт деп айыптады. Аны айтымында спикер парламенттеги өзүнө жакын адамдарга жана комитет төрагаларына башкача мамиле, ал эми жөнөкөй депутаттарга башкача мамиле жасайт.

“Чыныбай Акунович, сиз депутаттарга бирдей мамиле кылыңыз. Бөлбөңүз. Сиз статусуңүз боюнча Кыргызстанда экинчи адамсыз. Өзүңүздүн ордуңузду билишиңиз керек. Жыйында сүйлөгөн ар бир депутатка комментарий берип, бул жерди шоуго айлантып жатасыз”, – деди Жамалдинов.

Мелис Турганбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралып жатабы?

Учурунда Мелис Турганбаев министр болуп турганда, анын кареги менен тең айланган кызматкерлер азыр башкача жүз беришип, ор каза башташыптыр. Мындайча айтканда, М.Турганбаевдин ИИМдеги ишмердигин чукулашып, илинчээк табуу боюнча жан аракетке түшкөндөрү кандай? Буйрук каяктан түшкөнүн Мелис мырза сезип атса керек. Себеби, бир кезде өзүнө дагы ошол таасирдүү мыкчыгерлер буйрук берип турушкан да. «Тигини камап сал, беркилерди коркут, муну минтип сал…» дегендей. Айтор, кеч болсо да эми баарын түшүнүп, кимдин-ким экенин билгени маанилүү да. Ушул күндөрү генерал Турганбаев спортсмен-автоматчиктердин курчоосунда жүргөнүн, өтө сак-сактап атканын көрүп калып атабыз. Душмандары иттин кара капталынан көп эле, өмүрүнө коркунуч жаралып атабы?.

Булак: “Азия news”

Меню