Menu

Казакстандын тышкы карызы 12,8 миллиард долларга жетти

Казакстандын тышкы карызынын көлөмү 12,8 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев билдирди.

Анын айтымында, тышкы карыздын өлчөмү өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 7 пайызын түзөт. Ал бул дүйнөдөгү эң аз көрсөткүчтөрдүн бири деп эсептейт.

Акишев акыркы мезгилде ММКлар тышкы карыз боюнча анчейин так эмес маалымат берип жаткандыгын айтты. Буга чейин айрым жергиликтүү басылмалар Казакстандын тышкы карызы 150 миллиард доллардан ашып кеткендигин жазып чыгышкан.

Улуттук банк жетекчиси май айында инфляция 0,5 пайыз чегинде кармалганын белгиледи. Бул “көп жылдан берки көрсөткүчкө шайкеш келет”. Улуттук банк быйылкы жылы инфляциянын деңгээли 6-8 пайыз болорун божомолдойт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сарыгулов менен Талгарбековдун сөөгү УКМКнын СИЗОсунан чыгабы?

Учурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Дастан Сарыгуловдун ден-соолугу өтө начар экенин, дарылабаса болбой турганын адвокаты буга дейре билдирген болчу. Ошондой эле бизге жеткен маалымат боюнча, күндөн-күнгө Сарыгуловдун ахвалы оорлошуп баратканы, ордунан тура албай калганы да айтылууда. Эгер­де мындай көрүнүш улана берсе, кайран киши көз жумуп кетпейби? (Айтмакчы, мурда күнү Аликбек Жекшенкулов УКМКга суракка барып, Дастан аксакалдын мүргүп басып сүйлөөгө дарманы келбегенин тергөөчүнүн кабинетинен көрүптүр.) Ал эми ошол эле СИЗОдогу Бекболот Талгарбе­ковдун да ден-соолугу оорлошуп, боору ооруп, жүрөгү дагы сыгыла баштаганын маалымдашууда. Айтор, убакыттын өтүшү менен эки аксакалды жоготуп албайбызбы? «Жаман айтпай жакшы жок» демекчи, эгерде СИЗОнун ичинен катар-катар жан беришсе, анын муң-зары бийлик үчүн аброй апкелмек беле? Андыктан, кечирим берүү, гумандуулук жагын ойлонсок кантет?..

Булак: “Азия news

Аксы районунда Уӊгар-Тоосун коргоо комитети түзүлдү

Уӊгар-Тоосун коргоо комитетин түзүүнүн зарылчылыгы эмне себептерден улам, келип чыкты кеӊири  токтолуп өтсөк.  Акыркы 5 жылдын ичинде  Уӊгар-Тоодун тегерегиндеги чырдын аягы тыйылбай келет. Президент Атамбаев Алмазбек Шаршенович  же болбосо сааттын жебеси алдыга жылып, алмашкандай алмашып жаткан примерь-министрлердин бири элдин алдына чыгып, чечкиндүү бир түшүндүрмө бере албайт. Бүдөмүк ойлорду жаратып, мамлекеттик телеканалы болгон, КТР «2006-жылы ошол мезгилдеги президент К. Бакиев Тащкент шаарында  № 20-протокол менен сатып жиберген деген такталбаган маалыматты таркатып, элге калп айтканга жетишти. Бирок, анысы билинип калгандан кийин ташка суу сиӊгендей жок болушту.

Эсиӊиздерде болсо  ушул жылдын 10-май күнү Уӊгар-Тооду иликтөө боюнча Жогорку Кеӊештин «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын  депутаттык тобу Аксы районунун Кербен шаарына келип,  жергиликтүү бийлик жана эл менен жолугуп, кеӊири маалымат алышып кеткен! 17-июнь күнү өздөрүнүн чечимин чыгарды! Жакын арада жалпы Кыргыз журтчулугуна жарыя болот!

Биздин мамлекетти Парламенттик Өлкө дейбиз бирок, Жогорку Кеӊеште алты фракция болсо анын ичинен бир гана  «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын депутаттары бул маселеге токтолуп, көйгөйдү чечүү боюнча  Өкмөткө сунушун берди. Көпчүлүктү түзгөн, коалиция элдин үнүн укса укмаксан- көрсө көрмөксөн  болуп, олтурганына эмне деерибизди да билбей калдык!

ЖК нын депутаты Тазабек Икрамов жана Кыргызстандагы дин аалымдарынын жаркын жылдызы болгон Жубак Ажы Жилиловдор  «Жума Намаз» боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыгышса бийликчил партиянынын айрым популист депутаттары ырылдашып, тирешүү президентке чейин жетти! Жер-Суу боюнча көйгөйгө көтөрүлсө ооз ачпай олтурган эл өкүлдөрүнө таӊ калуудан башка эч аргабыз жок!!

Жогорудагы айтылган терс жагдайлардан кийин, Уӊгар-Тоосун коргоо комитетин уюштуруу себеби келип чыкты;

2016-жылдын 23-мартында Аксы районунун Кербен шаардык кеӊешине келген,  Өкмөттүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы  №18-177 кабыл алынган «О переносе радиорелейный станция Западного (РРС-15) находящейся  на территории Республика Казахстан, и радиорелейный станция «Кербен» (РРС-24) находящейся на территории Республики Узбекистан» деген темадагы протоколун  Өкмөттүн пресс катчысы жалган мындай протокол бизде болгон эмес, оппозиция өзү жазып алган деп, жалпы элге жарыя салган эле.

2016-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР нын Башкы Прокуратурасына «КР нын примерь-министрлигинде болгон кеӊешменин   2015-жылдын 11-ноябрындагы  №18-177 протоколун бурмаланганын текшерүү жана юридикалак баа берүүсүн сунуштаган».  Бирок, башкы прокуратура протоколдун нускасы (копия) бар бирок, асыл нускасын (оригинал) таппадык деп жооп берген.

Өкмөт жалган деп, ошондой эле Башкы прокуратура таппай койгон «Протокол поручение» бүгүнкү күндө тиешелүү органдар жана структуралар тарабынан иш алып барылып жатат.  Протоколдук тапшырма  боюнча 2016-жылдын 1-апрелинде жабык эшик артында Өкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Кербен шаардык кеӊешинин кезексиз жыйырма экинчи сессиясында  № 22/1 сандуу  «Кербен шаарынын аймагынан радиорелейлик станция куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө»  токтом кабыл алынган.  Токтомдо Кербен шаарынын «Ителги» участогунан (Бозбу-Тоо 41 47 918С, 71 78548В, 1798 м. бийиктикте жайгашкан) жаӊы радиорелейлик станция куруу жана инфраструктура үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилген. Ошондой эле  Ителги-Тоого жол куруу үчүн,  2016-жылкы Минтранстын иш планына кирип, бюджеттен 8 000 000 (сегиз миллион) сом акча каражаты бөлүнүп, Кербен ДЕП ке жол куруу боюнча буйрук келген. Аксы райондук мамлекеттик каттоо иш канасы «Мамлекеттик каттоо» документин жасап, Аксы райондук Архитектура мекемесине тиешелүү документтерди даярдап берүүгө жөнөтүлгөн.

Райондук бийлик, Өкмөт жалган деп тапкан протоколго кол коюуп, жаӊы станция курууга жер бөлүп берүүнү тездетүүгө тапшырма берип алып, кийин биз билбейбиз деп унчукпай олтурат. Жергиликтүү жетекчиликтин деӊгээли ушул болсо кимге ишенебиз!? Кыргыздын «Ишенген Кожоӊ сууга акса, алды-алдыӊдан Тал карма» деген макалындай болуп, Жогорку жана жергиликтүү бийлике ишенсек –Жер-Суубуздан ажырап калат окшойбуз. Ошондуктан Уӊгар-Тоосун коргоо комитетин түзүү зарылчылыгы келип чыкты.

Уӊгар-Тоосун коргоо комитетинин  мүчөлөрү:

  1. Озокеев Эргешалы- Комитеттин төрагасы. Кербен шаарынын тургуну.
  2. Камчыбек уулу Шекербек-катчысы. Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  3. Усубалиев Эдилбек – Кербен шаарынын Күлү-Дөбө айылынын айыл башчысы.
  4. Асанов Азамат – Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын айыл башчысы.
  5. Төрөбеков Кадыр – Кербен шаарынын Курулуш айылынын айыл башчысы.
  6. Бекмырзаев Бердигул – Кербен шаарынын Жардуу-Колот айылынын айыл башчысы.
  7. Абылкасымов Бегалы – Кербен шаарынын Жетиген айылынын айыл башчысы.
  8. Таштанов Абдышүкүр – Кербен шаарынын Мамай айылынын айыл башчысы.
  9. Кыдыев Батырбек – Кербен шаарынын Дөӊ-Кыштак айылынын айыл башчысы.
  10. Момунов Тариел – Кербен шаарынын тургуну.
  11. Базарбаев Батырбек- Кербен шаарынын тургуну.
  12. Эшалиев Татай – Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  13. Төрөкулов Калдар – Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  14. Кайкиев Шамбет – Авлетим айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  15. Узенов Бакыт – Авлетим айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  16. Байызов Кылыч- Авлетим айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  17. Ташбаев Азамат- Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  18. Өтөмбаев Адылбек – Жерге-Тал айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  19. Керимкулов Тилеген- Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  20. Турдубаев Мурат- Кара-Жыгач айыл Өкмөтүнүн тургуну.
  21. Ызаканов Мамбеталы- Кара-Жыгач айыл Өкмөтүнүн тургуну.

Автор: Камчыбек уулу Шекербек, Аксы районунун тургуну

Булак: Кyrgyztoday.kg

Сооронбай Жээнбеков: "Медицина тармагына кандай көңүл бурулса, ветеринарияга да ошондой маани берилиши кажет"

Медицина тармагына кандай көңүл бурулса, ветеринарияга да ошондой деңгээлде маани берилиши кажет, анткени, ал тармактагы абалдан жарандардын ден-соолугу көз каранды. Бул туурасында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 22-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча талкуу жүрүшүндө парламентарийлердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, мал чарба продукциясын экспорттоону кеңейтүү жана анын сапатын жогорулатуу максатында өлкөнүн ветеринардык инфраструктурасын өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулушу тийиш.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунда республика бир катар милдетенмелерди кабыл алган, анын бири – эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу.

Премьер-министр эскерткендей, лабораторияларды куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иш башталды.

Белгилесек, аймактык төрт ветеринардык лабораториянын курулушуна 37,3 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле реконструкциялоонун биринчи этабына, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы карантиндик фитосанитардык лабораторияларды жабдуулар менен камсыздоо жана кызматкерлерди окутууга  26 млн сом багытталган.

КР БШКнын жаңы төрагасы (төрайымы) болуп Нуржан Шайылдабекова шайланат

Биздин Ак үйдөгү маалымат булактарыбыз билдиргенине караганда Алмаз Атамбаев КР Борбордук шайлоо комиссиясынын  жаңы төрагасы (төрайымы) кылып азыркы президенттик аппараттын жетекчисинини орун басары Нуржан Шайлдабекованы шайлоого тымызын буйрук берген.  КР БШКнын жаңы составын жана жаңы төрагасын шайлоо – бул 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого алгачкы даярдыктардын бири.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылы июнь айында шайланган эле. Быйыл мөөнөтү бүтүп жатат. Жакынкы күндөрдө парламент БШКнын жаңы курамын шайлайт. Мыйзам боюнча 12 адамдан турган БШКнын курамынын үчтөн бир бөлүгүн, тактап айтканда 4 талапкерди президент тандап көрсөтөт, үчтөн бирин, 4 талапкерди Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштайт. Ал эми калган 4 талапкерди парламенттин оппозициялык фракциялары (“Республика-Атажурт”, “Бир бол”) тандашат.
“Ата-Мекен” фракциясы Гүлнара Журабаеваны сунуштады.

КСДП фракциясы Адилет Сатыгуловду түртүп жатат.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Назарали Ариповду

“Кыргызстан” фракциясы Акылбек Эшимовду

“Бир бол” фракциясы Абдыжапар Бекматовду жана Кайрат Осмоналиевди

“Республика-Атажурт” фракциясы Атыр Абдрахматованы жана Елена Жылкычиеваны сунушташууда.

Ошондо 12 адамдан турган БШКнын 8 талапкери Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталды.  Ал эми Алмаз Атамбаев расмий түрдө 21- июнда, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн төмөнкү 4 талапкерлерди көрсөттү.

– Асаналиев Алмаз Турдакунович;

– Баатырова Гүлнара Маришовна;

– Кадыров Бахтияр Сабиржанович;

– Шайлдабекова Нуржан Кармабековна.

Бул жерде айта кете турган бир жагдай Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы  БШКнын мүчөлүгүнө ошол эле БШКнын азыркы төрагасы Туйгуналы Абдраимовду көрсөтүүнү каалап жатышкан. Бирок фракциянын лидери Канат Исаевди Алмаз Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өз кабинетине чакырып, “аныңар жарабайт” деп тыйып, “президент суранып жатат Акылбек Эшимовду көрсөткүлө” деп “ынандырат”. Андан сырткары оппозициялык “Бир бол” фракциясынан көрсөтүлүп жаткан эки талапкердин бири – Кайрат Осмоналиев да президенттен таңууланган талапкер. Ал эми КСДП фракциясы Алмаз Атамбаевдин секретаршасы, кийин эсепчиси болуп иштеген кызматкеринин баласы Адилет Сатыгуловду шефинин суранычы менен көрсөткөнүн эске алсак,  жаңы БШКнын 12 адамдан турган составынын 7 мүчөсү жеке Алмаз Аттамбаевдин сунушу менен шайланып, БШКда чечүүчү, көзөмөлдөчү добушка ээ болот. Төрагалыкка да президент көрсөткөн киши шайлангандан кийин анан кайдагы “таза шайлоо” жөнүндө кыялданасыңар? БШК 2017-жылдагы президенттик шайлоону толук Атамбаев каалагандай жыйынтык менен өткөрүп берүүнү кынтыксыз аткарып берүү үчүн алдын-ала даярдалууда.

КР БШКнын жаңы составын жана төрагасын шайлоо жакынкы убактарда өткөнү турат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео – Ашмалтайы чыккан ММК мыйзамы жана акыйнек айтышкан Шыкмаматов менен Рыспаев

Жогорку Кеңеште бүгүн “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып жаткан учурда анын демилгечилеринин бири Кожобек Рысбаевди депутаттар бир топ эле кара терге түшүрүштү. Акырында кесиптештеринин сөздөрүнө чыдабай кеткен Кожобек мырза адыраңдап ар кайсыны айта баштады эле депутаттар аны сабырдуу болууга чакырышты. Ал эми Алмамбек Шыкмаматов бул мыйзам жөн гана популисттик кадам болуп жатканын айтып, аны четке кагууга чакырды.

https://youtu.be/lWchAOD9Gb4

ММКны тизгиндеген мыйзам долбоорун депутаттар биринчи окуудан өткөрүштү

Кожобек Рыспаев баш болгон депутаттар тобу демилгелеген “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Добуш берүүгө 109 депутат катышып, алардын 79у макул, 30у каршы добуш беришти.

Мыйзам долбоору парламентте талаш-тартыш жаратып, кээ бир депутаттар бул мыйзам ММК эркидигине басым жасоо үчүн иштелип чыкканын жана Орусиядан көчүрүлүп алынганын айтып чыгышты. Ошондой эле эл өкүлдөрү мыйзам кабыл алынып калса “Азаттык” сыйктуу сырттан каржыланган маалымат каражаттары жабылып калуу коркунучу бар экенин билдиришти. Бирок, көптөгөн каршы пикирлерге карабай жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзамды колдоп беришти.

"Кетем" деп элди коркуткан аткаминерлер кимдер?

Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев ага жүйөөсүз айып коюлуп жатканын айтып, эгер өзүнө тагылган күнөөлөр далилдене турган болсо мандатын тапшырууга даяр экенин билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин “Айкөл Ала-Тоо” коомдук фондусунун мурунку мүчөсү Марипа Алайкулова Мискенбаевди “Кыргыз көмүр” ишканасы тарабынан бөлүнгөн 2,3 миллион сомду жеке кызыкчылыгына жумшап койгон деп айыпталган. 

Депутат ага жүйөөсүз күнөө койгондорду сотко бергенин билдирген эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ээлеген кызматын тапшырам деп “коркуткан” аткаминерлер менен депутаттарды тизмектеп көрдү.

Мандат тапшырам деп мазаны алган депутаттар

Алтынчы чакырылышка депутат болуп келген Өмүрбек Бабанов менен Жыргалбек Саматов жыл башында бири-бирине тап көрсөтүп, эгер кимисинин чет элдик жарандыгы бар экени аныкталса, мандатын тапшырсын деп “эркекче” шерттешкен эле

Өзгөчө 2012-жылы август айынын аягында мурдагы депутат Болот Шердин Бабановго конвертке салып ок жиберген окуясы коомдо катуу талкуу жараткан. Шер эгерде анын апрель окуяларындагы талоончулукка тийиштиги бар экени аныктала турган болсо, атынып өлүүгө даяр экенин айткан.

Экс-депутат мындай кадамга Өмүрбек Бабановдун аны мародер деп атаганынан улам барганын айткан. Ал күнөөсү далилденсе бир окту өзү үчүн даярдап койгонун, эгер далилденбесе экинчи окту Бабанов өзүнө колдонсун деп айткан болчу.

2010-жылкы шайлоодо “Ата Мекен” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Эркин Алымбековдун да “кетем” деп коркуткан жайы бар. 2014-жылы “Кумтөр” маселеси боюнча канадалык компания менен Кыргызстандын үлүшүн теңме-тең кыла турган келишимдин долбоорун өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна алып келген. Алымбеков эгер бул келишим парламент тарабынан кабыл алынса депутаттык мандаттан баш тартарын айтып, 2014-жылы февраль айынын башында арызын жазган болчу. 

Ушул эле партиянын депутаты Турат Мадылбеков 2010-жылы апрель окуяларында тоноочулукка тийиштиги бар деген имиштерди депутаттык комиссия далилдей турган болсо мандатынан баш тартууга даяр экенин 2013-жылы билдирген.

Ушул эле жылы “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров алдамчылыкка шектелип, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Жапаров өз кезегинде мандатынын артына жашынбай турганын жана аны тапшырууга даяр экенин айткан. 

Президент кетем деп…

Алмазбек Атамбаев дагы эгер референдум өтүп, эл анын отставкасын кааласакызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген. 

Кетем деген аткаминерлер

Токон Мамытов кезинде (2015-жылы, апрель) “Кыргызалтын” ишканасын жетектеп турганда эгер “Кумтөр” долбоору боюнча анын ой-пикири эске алынбай турган болсо, же көз карашына дал келбеген жагдай түзүлсө отставкага кетүүгө даяр экенин айткан. 

Финансы министри Адылбек Касымалиев кызматкерлеринин дайвинг чырынан улам эгер кийин ушундай окуя дагы кайтала турган болсо кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген. Эскерте кетсек, финансы министрлиги 15 адамга дайвинг үйрөтүү кызматына тендер жарыялаган. Анын талаптары боюнча бассейндин узундугу 25 метр, тереңдиги 5 метр болушу шарт болчу. Коомчулуктагы катуу талкуудан улам тендер өтпөй калган. 

Учурда “Өнүгүү — Прогресс” партиясы менен алтынчы чакырылышка депутат болуп келген Исхак Масалиев Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган учурда эгер 2013-жылы салык боюнча план аткарылбаса өз эрки менен кызматын тапшырарын айткан.

Булак: sputnik.kg

Паспорттогу “улуту көрсөтүлбөйт экен” деген пикирлер негизсиз - Мелис Эржигитов

Жаңы даярдалып жаткан биометрикалык паспорттун электрондук үлгүсү жарандарды буга чейин орун алып келген ашыкча убаракерчиликтерден арылтат. “Анткени, анын көзгө көрүнбөгөн маалымат базасында ошол паспорт ээсинин улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтар жайгашат. Ошондуктан, коомчулукта талаш-тартышты жараткан паспорттогу “улуту көрсөтүлбөйт экен” деген пикирлердин негизи жок”,- дейт өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат-катчысы Мелис Эржигитов бүгүн, 22-июнда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошондой эле ал, аталган  электрондук паспортто айдоочулук күбөлүк, банктагы эсеп, пенсиялык китепче, медициналык карта сыяктуу керектүү пункттар дагы белгиленерин кошумчалады. “Бул биринчи кезекте жарандардын өзүнө эле ыңгайлуу боло турган нерсе. Анткени, биометрикалык паспорттун электрондук түрү – электрондук өкмөт түзүү планынын алгачкы кадамдарынын бири болуп саналат”,- дейт М.Эржигитов.

Паспорттун жасалмалуулугуна жол бербөө үчүн анын коргоо элементтери ар бир 5 жыл сайын күчөтүлүп туруш керек. Ал эми азыркы колдонуудагы ID-карт үлгүсүндөгү паспорттордун колдонулуп жаткандыгына 12 жыл болду. Андан бери анын эч кандай коргоо элементтери өзгөртүлгөн эмес. Бул тууралуу маалымат берген Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү ошондой эле ички миграциянын абалына да токтолуп, 2014-жылдагы статистикалык көрсөткүчкө караганда 2015-жылдагы эсеп туруктуу катталган жерлерин өзгөрткөндөрдүн саны азайгандыгын ачыктады, – дейт.

Ал эми Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 3-окууда жактырган  «Ички жер которуу жөнүндөгү» мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдө – “Эгер жаран өзүнүн расмий катталган жери башка болуп, бирок 45 күндөн ашык башка аймакта жашоого туура келсе 5 жумушчу күндүн ичинде белгиленген формадагы арызы менен ыйгарым укуктуу органга кайрыла алат. Болгону мында жарандын паспорту гана талап кылынат”,- деп көрсөтүлүүдө.

Видео - Оштогу Айтмамат Кадырбаевдин көпүрөсү талкаланып, оңдоо үчүн жабылды

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун “башын жеген” эстакадалык көпүрөнүн чыры дагы деле бүтчүдөй эмес. Азыркы мэр Айтмамат Кадырбаев көпүрөгө кетүүчү акчаны үнөмдөп калууга боло турганын айтып, ошол кезде элди алдаганы эми ачыкка чыга баштады. Үнөмдөмүш болгон акчанын натыйжасы бүгүн көрүнүп, Атамбаев лента кесип ачкан көпүрө учурда четинен талкаланып, азыр оңдоого муктаж болгону үчүн жабылды.

 

Темир жол маселелерин жөнгө салган мыйзам жаӊыртылат

Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кошулуусуна байланыштуу жаӊыдан иштелип чыккан «Темир жол транспорту жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, темир жол тууралуу улуттук мыйзамын ЕАЭБ шарттарына шайкеш келтирүү максатында, кыргыз тарап 24 айлык мөөнөт алган. Жалпысынан алганда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын КМШ ПАА тарабынан кабыл алынган “Темир жол транспорту жөнүндө” үлгү мыйзамдын талаптарына толук шайкеш келтирүү болжол менен 3-5 жылдын аралыгында ишке ашырылат.

Жыл сайын Россия менен Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга жана Кыргызстандан темир жол транспорту аркылуу 2,6 млн. тонна жүк ташылат. Ошондон улам, темир жол транзиттик каттамы жок, Белорусия-Россия-Казахстан-Кыргызстан темир жол коридорунун акыркы туюк участогу болгон Кыргызстан үчүн кыйла түйшүк жаралууда.

Мыйзам долбоорунда жаңы түшүнүктөр менен терминдерге түшүндүрмөлөр берилип, темир жол транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу маселелери аныкталганы, экономикалык түзүүчүлөр жана тарифтик саясат, темир жол транспорту чөйрөсүндөгү коопсуздук маселелери камтылганы белгилүү болду. Андан сырткары, мыйзам долбоору кабыл алынса, бир катар укук ченемдик актылар иштелип чыкмакчы.

Тажикстанда министрлер мындан ары президентке ант беришет

Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү кызматка киришер алдында мындан ары президентке ал эми парламент депутаттары эл алдында ак кызмат өтөөгө ант беришет.

Мындай чечим конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизилгенден кийин кабыл алынды. Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Шукурджон Зухуровдун айтымында, ант берүү жөнүндөгү долбоор президент тарабынан сунушталган.

Парламент депутаты Мавнуза Шарофиддинова документтин максаты өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишмердүүлүгүн жакшыртуу экенин белгиледи. Аталган мыйзам мамлекет башчысы кол коюп, расмий жарыялангандан соң күчүнө кирет.

«…өзүмдүн ыйгарым укуктарымды ишке ашырууда Конституцияны, Тажикстан Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Тажикстан президентинин жарлыктарын кыйшаюсуз аткарууга, калыстык жана мыйзамдуулук прициптерин карманууга, эл аралык деңгээлде өлкө кадыр баркын жогорулатуу максатында ак кызматөтөөгө ант берем», – деп айтылат анын мазмунунда.

Ант берүү тажик коомчулугунда абдан зор мааниге ээ, анткени мындай убада көбүрөөк ишеним жаратат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Юлдуз Усманова ШКУ саммитине арнап ыр чыгарды

Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманова 23-24 июнь күндөрү Ташкентте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине арнап ыр чыгарды. Сынчылар анын ырын чоң сахнага кайтып келүү аракети катары баалашты.

Анткени 2005-жылдан бери Юлдуз Усманованын чыгармачылыгына тыюу салынган. «Узбекнаво» эстрадалык бирикмесинин лицензиясына ээ экенине карабастан, чоң сахнага чыгууга бөгөт коюлган. Ырлары телекөрсөтүү жана радио аркылуу берилбей калган.

Буга нааразы болгон ырчы Өзбекстандан чыгып кетип, Түркияда иштеп келген. Мекенине 2011-жылы кайткан Усманова бардык күч-аракетин чоң сахнага чыгуу үчүн расмий түрдө уруксат алууга жумшаган. Бирок чектөөлөрдү убагында бийликке таасири күчтүү Өзбекстан президентинин кызы Гүлнара Каримова дагы алып сала алган эмес.

Өткөн жылдын соңунда Усманова президент Ислам Каримовдун жеке өзүнө да арнап ыр чыгарган. Ырчы мамлекет башчысын өзбек «падышасы» деп атаган. Бирок президентке жолдонгон ыр дагы анын чоң сахнага кайтып келишине жардам бере алган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео – Мээрбек Мискенбаев: “Мага парламенттен орун жок экен”

Жогорку Кеңеште КСДПнын элди эч эриктирбеген бир депутаты бар – Мээрбек Мискенбаев деген. Куудулдарды тыйып коёлу деп айта салып, элдин шылдыңына калган. Ошол Мискенбаевди мурда өзү жетектеген “Айкөл Ала Тоо” коомунун мүчөлөрү “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан бөлүнгөн 2,3 млн сомду кымырып алган деп күнөөлөп чыгышты. Ал эми Мискенбаев мырза парламент трибунасынан ага коюлуп жаткан айыптар жалган экенин айтып актанып, эгер күнөөсү далилденсе мандатын тапшырууга даяр экенин божурады.

https://youtu.be/D2Gz4JTcC24

Данияр Сыдыков Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июнда кол койгон жарлыкка ылайык Данияр Сыдыков Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси  болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаевдин буйругу менен Алиясбек Алматыга кетти

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июнда кол койгон жарлыкка ылайык Алиясбек Алымкулов Кыргызстандын Алматы шаарындагы (Казакстан) башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊеште премьер-министрдин өкмөт түзүмүнө өзгөртүү киргизүү сунушу каралууда

Жогорку Кеӊеште премьер-министрдин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндөгү сунушу каралууда. Жыйынга башбакан Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Сооронбай Жээнбеков дүйнөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кошулуу шартында, аткаруу бийлигинин ишин оптималдаштыруу, анын натыйжалуулугун арттыруу максатында, 2016-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеӊеш тарабынан бекитилген «КР Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтомго өзгөртүү киргизүү сунушу менен кайрылып жатканын билдирди. Ошондон улам, төмөнкүдөй түзөтүү киргизүү сунушталууда:

– Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Өнөр жак, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетин түзүү;

– Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин иш-милдетин кеӊейтүү менен, – Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министрлигин түзүү;

– Мамлекеттик байланыш агенттиги менен Өкмөттүн Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин түзүү;

– Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайра түзүү жана иш-милдеттерин кыскартуу, Транспорт жана жол министрлигин түзүү;

– жер казынасына көзөмөл боюнча иш-милдетти кошуу менен, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын иш-милдеттерин кеӊейтүү.

Ошентип, Өкмөт курамында 12 министрлик, 4 комитет, 7 агенттик, 11 кызмат, 2 инспекция, 3 фонд (Соцфонддон тышкары), 1 холдинг, мындайча ай         тканда, баардыгы 40 мамлекеттик орган болот.

Андан сырткары, премьер-министр аткаруу бийлик бутагынын түзүмүнө сунушталып жаткан өзгөртүүлөр чечимдердин ыкчам кабыл алышына, иш натыйжалуулугун кайла арттырууга түрткү берерин белгиледи. Ал мындай чаралар штат бирдигинин көбөйүшүнө жана мамлекеттик бюджетке кошумча чыгымдарды алып келбей турганын билдирди.

Жогорку Кеӊеште премьер-министрдин өкмөтүнүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндөгү сунушун талкуулоо жолжоболору улантылууда.

Видео - Испания курамасы Хорватияга 2:1 эсебинде утулуп калды

Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугу үчүн жарым чейрек финалдык беттеште “D” тайпасынын лиреди саналган Испания курама командасы Хорватияга 2:1 эсебинде утулуп калды. Эске салсак, Испания Европанын учурдагы чемпиону.

https://youtu.be/BKDy4jqs_38

Депутат Бакчиев Максимге «учуп» кеттиби?

Кечээ күнү ЖКнын Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болбой калды. Себеби, комитет төрагасы “кылмышка шектүү” делген депутат Максимдин жан досу Жаныбек Бакчиев баштаган мүчөлөрү, так айтканда Камчыбек Жолдошбаев, Самаев Урмат, Саляновалар жы­йынга келбей коюшкан. Жыйынтыгында кворум жок болуп калды, көрсө алар ишти унутуп, “жайылып” кетишкен окшобойбу. Аталган комитет “Кылмыш кодекси” жө­нүндө маселени талкууга алмак. 10 күндөн кийин тарашат ансыз да. Эс алууга чыкканча эл үчүн иштеп турса эмне бо­луп кетишет эле?! Төрага Бакчиев баарын таштап Максим досуна “учуп” кеткенби?

Булак: “Багыт.kg”

Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат

2010-жылдагы Ош коогалаңы боюнча айыпталып, өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо тууралуу Азимжан Аскаровдун жана анын адвокатынын арызынын негизинде 11-июлда ага карата жазык ишти карайт.

Эске сала кетсек, буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровду абактан бошотууга жана ага тагылган айыптарды жокко чыгарууга Кыргызстанды чакырган.

Өзбекстанда "миллионер" Ахматбайга каршы 20 миң арыз түштү

Ишкер Ахмадбай Турсунбаевдин көпчүлүк кардарлары райондук милиция бөлүмдөрүнө чакыртылууда. Өзбек көпөсүнө каршы мажбурлап арыз жаздыртышып, эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат алышып, эки түрдүү арыз жаздыртышкан.

“Биринде Ахмадбайга акчасын алдатып коюшкандыгын баяндашат. Экинчисинде ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча сотко күбө катары катышууга сөз бере тургандыгы айтылат. Булар шылуунчулук системанын катышуучусу катары суракка алынууда”, – дейт укук коргоо органдарындагы өз булак.

15-июнда милиция Ахмадбайдын үйүн жана кеңсесин тинтип, табылган акчаларды оор жүк ташуучу эки машинеге жүктөп, банкка өткөрүп беришти. Аны өткөрүп алуу үчүн 40 кызматкери 2 миллион долларга барабар өзбек сумун жана 8 миллион америка долларын түн жарымына чейин санап отурушканы эл арасындагы уу-дууну күчөттү.

Анын фирмасы 100% үстөк убада кылып, элден акча чогултуп, каржы пирамидасын түзгөн.

Бүгүнкү күндө Ахмадбайга каршы 20 миңден ашуун адам арыз жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сузактагы чагылгандан 55 кой өлдү

20-июнь түнү, саат 03:00 чамасында Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Күрөбөс жайлоосуна чагылган түшүп, Алмалуу-Булак айылынын тургуну Медербек Каамытовдун элден бадага алып чыккан 55 кою өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, М.Каамытов өлгөн койлордун 20сын адалдап союп, калган койлорун союуга үлгүргөн эмес.

Талант Жумаев, мигрант: "Биздей жигиттер турганда, кыргыз кыздар эч качан талаада калбайт!"

Урматтуу Мекендештер!

Мен жана баардыгыбыз эле “Азаттыктын” берүүлөрүнөн, ошондой эле интернеттин ар кыл сайттарында катуу талкуу болуп жаткан кыргыз келиндин эгиз балдары менен Москвада жигити таштап кетип, ара жолдо калганын көрүп, угуп аябай зээним кейиди. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, арабызда кээ бир жигиттерибиз “кыргыздын жигити” деген наамыбызды булгап коюп жатат, мейли, аларга дагы бирок кудай бар, бул жашоо БУМЕРАНГ экенин унутбашыбыз керек. Бирок бизге жакшы карындашын, жакшы апасын эч ким бербейт.

СССР тарагандан бери, карапайым калк өзүнүн жашоосун оңдоо максатында ар кимибиз ар жака чыгып, Россия жана башка чет өлкөлөрдө иштеп келебиз, бирок анын арасында ушуга окшоп төрөп коюп, тымызын төрөтканаларга таштап кетип калган балдар канча, тымызын таштанды чакаларга таштап койгондор канча, бир кудай билет, эртең ушул эгиз балдар биздин кыргыздын керегине жараган адамдар болушу мумкун.

Кыргыз кыздарыбызды этият кылалы, Мекендештер. Таң каласың, башка мамлекеттерде азайып кетип жаткан жаныбарларга коомдук уюмдарды түзүп, сактап калалы деп акча жыйнап, мамлекет тарабынан дагы колдоолор көрүлөт. Бизде деле 1 депутатка мамлекет 1 жылга кетирген чыгымын (6 миллион сом) ушуга окшогон ара жолдо калган жарандарыбызга иштетсе, канчалаган наристелер сактаталып калат экен. Мисалы, ошол келин Жалал-Абаддан деп уктум, бирок так дарегин билүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Жалал-Абаддан деле 2 миллионго квартира келет го деп ойлойм.

Бизде Москвадагы элчилик, Кыргыз республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул кыргыз жараны боюнча бир комментарий берип коёюн дешпейт, анан бийлик өз жарандарына ушундай мамиле кылып жатса, бийликти ким тоготсун, ким уксун… Эми эмне, элчиликке сөзсүз келип, арыз менен кайрылыш керекпи? Ага чейин деле интернетти күнүгө эле окуйсуздар, көрүп бир реакция кылып, жок дегенде туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин, вкладышты оформить этип берсениздер болот го?.. Кыргыз Республикасынын Россиядагы Элчилиги деле биздин чөнтөгүбүздөн чогултулган салыктын эсебинен дипломат болуп отурасыңар го, бир аз жараандарыбызга көңүл буруп койсонуздар, кабинетте эле олтура бербестен. Кыргызстандын жаранын сиздер коргобосоңор, биз, жалпы эл коргойбуз, кудай буйруса. Кыргыздын кызын ара жолго калтырбайбыз. Дариха Ишанованын кайрылуусунда да өтө сөөккө жете турган кылып айтыптыр, билбейм, мындай кайрылууга биз кыргыз жигиттери реакция кылбай коюуга, жигиттик намысым чыдабады. Кудай буйруса, реакция кылган жигиттери чекеден чыгат деп ойлойм.

Келгиле жигиттер, бул акчалар табылат, бирок, намыс табылбайт. Кыргыз кыздарыбызды уруп-тээп, алардын жаман жагын интернетке чыгарбай жардам берели. Мен да иним Болот Жумаев экөөбүз биргеликте сүйлөшүп, ушул ара жолдо калган кыздын жана эки эгиз баланын Москвадан Ошко же Бишкекке чейин авиабилетин алып берели деп чечтик. Силерден сураныч, кыздын адресин, номерин табышып коюнуздар… Владивосток шаарында сиздер катары мигрант болуп иштейм.

Сиздерди урматтап, Талант Жумаев, Владивосток шаары. 21.06.2016 жыл.

Байланышуу үчүн – 8-966-288-24-24, 8-924-24-6-24-24 телефондоруна чалсаңыздар болот.

ММК жөнүндөгү чырлуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы коюлду

Бишкекте “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча талкуу болду. Анда бул демилге кескин сынга алынып, журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер депутаттардан аталган мыйзам долбоорун артка кайтарып, чакыртып алууну талап кылышты.

Сунушталган өзгөртүүлөргө каршы резолюция кабыл алынды.

Жыйынга мыйзам долбоорунун демилгечилери, парламенттеги фракциялардын жетекчилери, комитеттердин өкүлдөрү да чакырылган. Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилери, фракция жетекчилери отурумга келген эмес. Депутаттардан КСДП фракциясынан өкүлү Жанар Акаев гана катышып, өзгөртүүлөрдү колдобой турганын билдирди.

Эл өкүлдөрү Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган. Бул cунуш сөз эркиндигин чектейт деген катуу сынга алынууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 2016-2020-жылдарга каралган программа КР Өкмөтү тарабынан бекитилди

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Жээнбеков тиешелүү токтомго 2016-жылдын 15-июнунда кол койду. Документ Өкмөттүн сайтында жарыяланып, программа менен бирге эле аны жүзөгө ашыруунун биринчи баскычы боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралу Улуттук Банктын  басма сөз кызматы билдирет.

Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, жарандардын финансы маселесин чечүүгө карата көз карашын өзгөртүү жана алардын жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында кабыл алынган. Аталган документке ылайык, иш-чаралар планын аткарууга тартылган министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, башка аткаруу бийлик органдарына иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшүнө тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштап туруу тапшырылды.

Калктын финансылык жана инвестициялык сабаттуулугун жогорулатуу көптөгөн мамлекеттердин биринчи кезекте көңүл бурулууга тийиш болгон стратегиялык милдеттерине кирет. Бул темага өзгөчө көңүл бурулат, анткени ал финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо менен ажырагыс байланышта. Улуттук банк финансылык сабаттуулукту жогорулатуу программасынын демилгечиси, негизги иштеп чыгуучуларынын бири болуп саналат. Мындан ары да документте каралган айкын иш-аракеттер планын жүзөгө ашырууда негизги роль ага таандык.

Өлкөнүн борбордук банкы катары Улуттук банктын негизги иш максаты баа туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу. Мында улуттук валютаны сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөм системаларынын коопсуз жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу, мына ушул негизги иш максатына жетишүүгө өбөлгө түзгөн негизги милдеттен болуп саналат. Ал эми калктын финансылык сабаттуулук деңгээли банк системасынын финансылык кудуреттүүлүгүн бекемдөө, өлкөнүн социалдык жана экономикалык туруктуулугун камсыз кылуудагы маанилүү факторлордун бири.

Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов: “Программа үй-бүлөнүн жана жеке адамдын финансы маселесин чечүү, экономикалык өсүшкө жана социалдык туруктуулукка жетишүүдө мамлекет менен жарандын бирдей таламды көздөп, бул маселеде алардын жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүгө негизденген финансылык сабаттуулукту жогорулатуу чөйрөсүндө жетишүүгө тийиш болгон максаттарды жана милдеттерди алдыга коет. Ал финансылык сабаттуулукка жетишүү аркылуу Кыргыз Республикасынын финансы рыногун талаптагыдай жөнгө салуу чараларын алмаштырбайт, аларды толуктайт. Биз программаны ишке ашыруунун натыйжасында сабаттуу жаш муунду тарбиялоого, жеке каражатты натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууга үйрөнүүгө жана финансылык инструменттерди сапаттуу пайдаланууну жакшыртууга жетишебиз деген терең ишенимдебиз”- деп белгиледи.

Кредит тууралуБанктык аманат

 

 

Депутаттар айыл чарабасына берилүүчү насыянын үстөгүн 7 пайызга түшүрүү демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаттары тарабынан жеӊилдетилген насыя берүү аркылуу өлкөнүн айыл чараба тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин бири депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, азыркы шарттарда айыл чарба тармагынын жеӊилдетилген насыялапга болгон муктаждыгы өтө жогору, ошондон улам жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялоонун натыйжалуу механизмин түзүү зарыл. “Азык-түлүк тармагынын ишин жакшыртуу боюнча мамлекеттик колдоонун көрүлүп жаткан чаралары өндүрүүчүлөрүнүн муктаждыктарына дайыма эле шайкеш келе бербейт. Мындай кырдаал айыл чарбасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда”, – дейт ал.

Демилгечилер айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген насыялардын төмөн пайыздык коюмун белгилөө боюнча сунуш кылынган чаралар айыл чарба өнүмүн өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл калкын иш менен толук камсыз кылууга, калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга түрткү берерин айтыт. Ошондон улам, демилгечилер дыйкандарга берилген насыяны 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушун киргизүүдө. Ал үчүн кошучакаражат керектелет.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар насыя өлчөмүн 7 пайызга чейин төмөндөтүү демилсине карата каршы пикирин билдиршти. Алар каржы каатчылыгынын маалында мындай кадам тобокелчиликке алып келиши мүмкүн экенин айтат. Каржы министрлиги да ушу тапта мамлекет тарабынан айыл чарба багытындагы насыялар ансыз деле 10 пайыздык үстөгү менен берилип жатканын, анын чегин 7 пайызга чейин төмөндөтүүгө кошумча каржы булактары жок экенин билдирген.

Жыйынтыгында жандуу талкуу жараткан мыйзам долбоорунун концепциясы колдоо тапкан жок. Комитет мүчөлөрү демилгечилерге жеӊилдетилген насыялар боюнча баардык эсеп-кысаптар менен камсыз кылуу, ал эми насыяны дыйкандарга 20 пайыз менен берип жаткан банктарга мамлекет тарабынан ордун толтуруу үчүн берилип жаткан каражаттын катыштык айырмасынын так эсебин чыгаруу тапшырмасын берүү чечимине келишти.

Бишкек мэри Албек Ибраимов депутат болуудан баш тартты

Калаа башчысы Албек Ибраимов КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны тизмеден чыгарууга Ибраимовдун жазган арызы себеп болгон.

Эске салсак, КСДПнын тизмеси боюнча депутаттык орунга Албек Ибраимовдун кезеги жетти.  Ал эми аталган фракциянын депутаты Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин сотунун судьясы кызматын шайлангандыктан мандатын тапшырып, анын ордуна тизмедеги кийинки талапкер мандан алышы керек.

Алиясбек эми Алматыга консул болот

Мурда төрт жыл Жаштар жана миграция министрлигин жетектеп, кийин саясаттан чарчаганын айтып, эс алууга кеткен Алиясбек Алымкуловду Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы Кыргызстандын башкы консулудугуна көрсөттү. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бул кызматка анын талапкерлигин жактырып, Алиясбек мырзаны Алматыга жөнөтүүгө макулдук беришти.

Эске салсак, Алиясбек Алымкулов 2010-жылы Жаштар жана миграция министри кызматына келип, 2014-жылы отставкага кеткен.

Кыргызстандын окуучулары АКШда өткөн Эл аралык олимпиадада биринчи орунга ээ болушту

Кыргызстандын окуучулары АКШда өткөн Эл аралык экологиялык долбоордук Genius Olympiad олимпиадада биринчи орунга ээ болушту. Бул тууралуу эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылдын 12- июнунан 17-июнга чейин АКШнын Освего шаарында Эл аралык экологиялык долбоордук Genius Olympiad олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн окуучулар катышты. Кыргызстандын атынан Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин “Айчүрөк” лицейинин 12 окуучусу катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы менен “арт” категориясы боюнча 1 алтын, 6 күмүш жана 1 коло медалга ээ болуп кайтышты.

Олимпиадада кыска метраждуу видеосу менен Соурбаева Айсулу жана Баратали Айназ биринчи орунду ээлеп, алтын медалга ээ болушту. Ал эми Нуржанова Малика жана Маринина Арина экологияга байланыштуу ыры менен 2-орунга ээ болуп күмүш медалдар менен сыйланышты. Ошондой эле Орозматова Сайкал, Кумушбек кызы Айканыш, Каримбекова Нурида жана Миррахимова Малика экология темасындагы карикатуралары үчүн күмүш медалга ээ болушуп 2- орунду ээлешти. Дагы бир кыска метраждуу видеосу менен Айбек кызы Айгерим 3-орунду ээлеп, коло медал ээ болуп кайтты.

Эл аралык экологиялык долбоордук Genius Olympiad олимпиадасы илим, арт жана дизайн категориялар боюнча өткөрүлүп келет. Кыргызстандан барган команда 10 экологиялык долбоорлор менен аттанышкан.

«Энергобарондорду» жок кылууга багытталган мыйзам долбоору парламентте каралды

Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде депутаттар тобу тарабынан өлкөнүн энергетика тармагын жаӊы шартта, жаӊы нукта өнүктүрүү максатында иштелип чыккан «Энергетика жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясын парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам демилгечилери – депутаттар Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Исаев, Б.Төрөбаев, О.Артыкбаев, А.Жапаров, К.Жумалиев, А.Шадиев, К.Рыспаев.

Демилгечилердин пикиринде, жабдуулар эбак эскирип бүттү, ага кошул, колдо бар мүмкүнчүлүктөр сарамжалдуу пайдаланылбай жатат, инвестиция жетиштүү тартылбай, тартылган каражат өз багытында натыйжалуу жумшалбай келет, гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү зор экенине карабастан, Кыргызстан энергетикалык жактан артта калган өлкөлөрдүн катарында турат.

«Мыйзам долбоору «энергобарондорду» жок кылууга багытталган. Ошондон улам, электр энергиясынын тарифине аны берүү наркын кошо жазуу талабы камтылды. «Бирдиктүү сатып алуучу» деген түшүнүк киргизилип, «дүӊүнөн сатып алуучу» жана «чекене керектөөчү» деген сындуу жаӊы катмарлар белгиленди», – дейт депутат А.Жапаров. Ал энерготармактын мыйзамдык базасын жаӊыртууга мезгил жеткенин кошумчалады.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоо менен бирге, электр энергиясын иштеп чыгуу, жеткирүү жана бөлүштүрүү жабуулары өз мүмкүнчүлүгүн эбак эле өтөп бүткөндүктөн, Кыргызстандын отун-энергетикалык комплексине кирген объектилердин техникалык коопсуздугу бузулганын, атаандаштыкка жарамсыз болуп калганын баса белгилешти. Бул багытта шашылыш чараларды көрүү зарыл.

Жыйын жүрүшүндө мыйзам долбооруна карата өкмөттөн 44 эскертме келип түшкөнү белгилүү болду. Экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев эскертмелердин басымдуу бөлүгү редакциялык мүнөздө болгондуктан, мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынса, аларды экинчи окуу жүрүшүндө деле эске алса болорун билдирди.

Эске салсак, Кыргызстандын ар жараны жылына 1 миӊ. 300 кВт/саат электроэнергиясын пайдаланат, ал эми КМШ өлкөлөрүндө – 3,5 миӊ кВт/саат, өнүккөн өлкөлөрдө – 8 миӊ кВт/саат.

Орусия ракетага каршы системасын сынады

Аба-космикалык күчтөрдүн (АКК) аскерлери орусиялык  жакын аралыкка түшүүчү ракета системасын сынашты. Бул туурасында маалымат агенттиктери Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен кабарлашты. Ракета бүгүн Казакстандагы Сары-Шаган полигонунда кое берилди.

Сыноо ракеталардын тактика-техникалык касиеттерин бекемдөө максатында жүргүзүлгөн. Ага күбө болгон башкы командачынын орун басары генерал-лейтенант Виктор Гуменный ракета тапшырманы так аткарып, белгиленген убакытта шарттуу бутага тийди деп билдирди.

Май айында АКШ Румынияда глобалдык ракетага каршы системанын биринчи объектисин ишке киргизген болчу. Аталган түзүм НАТОго мүчө мамлекеттерди Ирандан коргомок.

Кремль америкалык ракетадан коргонуу системасы Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептейт. Орусиянын президенти Владимир Путин Москва АКШ менен НАТОнун аракеттерине жооп берүүгө мажбур экенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Министрдин мурдагы орун басары Максат Чакиев камактан чыкты

“Мамлекеттик сыйлык, мөөр, штампты колго жасоо жана пайдалануу”, “пара берүү” беренелери боюнча айып тагылып, алты жылга абакка кесилген Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары, Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 21-июнда Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча коллегиясы бул ишти карап, Чакиевдин аракетинде кылмыш жок деген жүйө менен аны актады жана 500 миң сом айып пул салынып, сот залынан бошотуу өкүмү чыгарылды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 12-январда Биринчи Май райондук соту Марат Чакиевди күнөлүү деп таап, аны алты жыл күчөтүлгөн режимде абакка кескен болчу.

Атамбаев ШКУнун Ташкендеги жыйынына катышууну чечти

Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Ташкенде өтчү жыйынына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы жергиликтүү радиолордун бирине билдирди.

Саммит 23-24-июнь күндөрү өтөт. Ага ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин, тагыраак айтканда, Орусия, Кытай, Казакстан жана Тажикстандын да өлкө башчылары келет.

Быйыл март айында Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстан аскер техникасын жайгаштырып, абал чыңалган кезде Алмазбек Атамбаев ШКУнун Ташкендеги саммитине катышпай калышы мүмкүндүгүн эскерткен. Андан бери мамлекет башчынын барар-барбасы бүдөмүк бойдон келаткан болчу.

Өзбекстан төрагалык кылып жаткан саммитте уюмдун ишмердигин кеңейтүү жана Пакистан, Индиянын толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу маселелери каралат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мискенбаев коррупцияга шектелүүдө

“Айкөл Ала Тоо” коомунун мүчөлөрү КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаевди жана анын орун басарын “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан бөлүнгөн 2,3 млн сомду кымырып алган деп күнөөлөп жатышат. Бул тууралуу аталган уюмдун бүгүнкү жыйынында Марипа Алыйкулова айтып чыкканын “tazabek.kg” сайты жазып чыкты.

Анын сөзүнө таянсак, 2015-жылы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 2,3 млн сом жардам бөлгөндүгү жөнүндө маалымат тараган.

“Жыйындын жүрүшүндө талаш маселе жаралды, суроолор пайда болду. “Кыргызкөмүр” ишканасынан кишилер келгенде Мискенбаев кыжырдана баштады. Анан биз кайрылуу кат жолдодук, шайлоонун алдында Мискенбаев кеткен” – деди ал.

Ал “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 2014-жылдан бери “Айкөл-Ала Тоо” уюмуна акчалай жардам көрсөтүп келээрин айтты.

Алыйкулова “Транс Азия уголь компания” ишканасы 2 млн 136 миң сом акчалай жардам көрсөткөн. Бирок ал акча кандай пайдаланылгандыгы белгисиз. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүлгөндүгү тууралуу, ага ылайык аталган ишканада “Айкөл-Ала Тоо” уюмунун балдары иштемек, бирок азыр бош орун жоктугун айтып жатышат”, –  дейт.

Мунун себебин Алыйкулова Мискенбаев өзүнүн туугандарын киргизип койгондугунан көрүүдө.

Бул боюнча “Айкөл Ала Тоо” уюмунун мүчөлөрү УКМКга жана КСДПнын лидери Иса Өмүркуловго кат менен кайрылып, Мискенбаевге жана анын орун басары А.Жамгырчиевге чара көрүүнү суранып жатышат.

Булак: fakt.kg

Депутат Жамангулов "шефи" Бабановдун куйругун бастыбы?

Жогорку кеңештин жаш депутаты Акылбек Жамангулов “Республика-Ата-Журт” фракциясынын жыйынында 2010-жылы 7-апрелден кийин мамлекеттин менчигине өткөн “Бишкек арак заводу” менен “БНК” заправкаларынын  (Петрол групп) жеке менчикке сатылып кетишинин мыйзамдуулугун текшерүүнү УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына  тапшырууну талап кылды. Акылбек мырза бул жоругу менен “шефи” Бабановдун куйругун басып алганын байкаган жок көрүнөт.

Дегенибиз, баасы 133 миллион сомго бааланган “Бишкек арак заводу” жарым баасына 66 миллион сомго сатылып кеткен иште Бабановдун кулагы чыкканын билбейт окшойт. Же билсе да атайын жасады. Дегенибиз, ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановду Камчыбек Ташиев: “Бишкек арак заводун арзан сатып алыш үчүн Чыныбай Турсунбеков премьер-министр Өмүрбек Бабановго $300.000 пара берген”, – деп парламентте айтып чыккан. Бирок Чыныбай Турсунбеков  да, Өмүрбек Бабанов да Ташиевди сотко бере алышкан эмес.

Ал эми “БНК” заправкалары мамлекетке кайтарылганда Сайдулла Нышанов директор болуп, анан аны 3 миллион долларга сатылды кылып, кийин ал ишкананы “Роснефть” компаниясына 40 миллион долларга сатып жиберишкени айтылган.  Ортодо мамлекет 37 миллон доллар зыян тарткан. Жогорудагы эки факты боюнча убагында кылмыш иши козголгон менен бүгүнкү күнгө дейре жыйынтык жок. Жаш депутат ушул жагдайды кайра козгоп, эски жаранын оозун тырмакп жаткан кези. Аягына чыгара алаар бекен…

Булак: “Фабула”

Аксыда чагылгандан 115 кой кырылып, дагы 30у дайынсыз жоголду

Аксы районундагы Суук-Дөбө жайлоосунда чагылган түшүп, андан 115 кой өлүп, дагы 30 кой дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысын Замирбек Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында 16-июнда, саат 09:00-10:00дор чамасында Аксы районунун Ак-Суу айлынын тургундары Анарбек Уулу Жахангир жана Умар Жолдошбаев Шамалдуу-Сай шаарчасынын тургундарынын 600 баш койлорун Кашка-Суу жайлоосуна айдап бара жатышып, Суук-Дөбө жайлоосуна жетишкенде, ташка чагылган түшүп, 145 баш кой зоодон ыргып кеткен.

Анын ичинен 115 баш койду союп, кардын жарып алган, калган 30 баш кой белгисиз болууда. Союлган койлорду ээлерине ошол жерден таркатып берип, калган койлорду андан ары айдап кетишкен. Бирок, бул тууралуу бир дагы мамлекеттик органга маалымат беришкен эмес.

БШК курамына көрсөтүлгөн талапкерлер парламентин кароосуна коюлат

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети президент жана Жогорку Кеӊештин фракциялары тарабынан шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлердин баарын парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, президент тарабынан БШК курамына Алмаз Асаналиевдин, Гүлнара Баатырованын, Бахтияр Кадыровдун, Нуржан Шайлдабекованын, ал эми КСДП фракциясынан Адилет Сатыгуловдун, «Кыргызстан» фракциясынан Акылбек Эшимовдун, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Назарали Ариповдун, «Ата Мекен» фракциясынан Гүлнара Журабаеванын, «Республика – Ата Журт» фракциясынан Атыр Абдрахатова менен Елена Жылкычиеванын, «Бир Бол» фракциясынан Абдыжапар Бекматовдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

Эске салсак, БШКнын азыркы курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2016-жылдын 4-июлунда аяктайт. Ошондон улам, анын жаӊы курамына талапкерлер көрсөтүлүп жатат. Мыйзамга ылайык, БШК курамы 12 мүчөдөн туруп, Президент 4 талапкер, парламенттик көпчүлүк коалициясы 4 талапкер, оппозиция 4 талапкер көрсөтүүгө тийиш.

Жогорку Кеӊеш: өкмөт түзүмүнө өзгөртүү киргизүү сунушу колдоо тапты

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинде премьер-министрдин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндөгү сунушу каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Жогорку Кеӊештин депутаттары, башбакан Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Сооронбай Жээнбеков дүйнөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кошулуу шартында, аткаруу бийлигинин ишин оптималдаштыруу, анын натыйжалуулугун арттыруу максатында, 2016-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеӊеш тарабынан бекитилген «КР Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтомго өзгөртүү киргизүү сунушу менен кайрылып жатканын билдирди. Ошондон улам, төмөнкүдөй түзөтүү киргизүү сунушталууда:

– Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Өнөр жак, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин түзүү;

– Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин иш-милдетин кеӊейтүү менен, – Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министрлигин түзүү;

– Мамлекеттик байланыш агенттиги менен Өкмөттүн Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин түзүү;

– Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайра түзүү жана иш-милдеттерин кыскартуу, Транспорт жана жол министрлигин түзүү;

– жер казынасына көзөмөл боюнча иш-милдетти кошуу менен, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын иш-милдеттерин кеӊейтүү.

Ошону менен бирге, премьер-министр аткаруу бийлик бутагынын түзүмүнө сунушталып жаткан өзгөртүүлөр чечимдердин ыкчам кабыл алышына, иш натыйжалуулугун кыйла арттырууга түрткү берерин белгиледи. Ал мындай чаралар штат бирдигинин көбөйүшүнө жана мамлекеттик бюджетке кошумча чыгымдарды алып келбей турганын билдирди.

Премьер-министрдин сунушун колдой турганын билдирген депутат Кенжебек Бокоев мурдатан эле аткаруу бийлигинин түзүмүнө өзгөртүү киргизүү талабы коюлуп келатканын эске салды. Депутат Өмүрбек Бабанов Экономика жана инвестиция министрлигин түзүү сунуштап, ал кадрларды тандоо маселесине өзгөчө көӊүл буруу зарылдыгын кошумчалады. Ал эми депутат Исхак Масалиев жаӊы комитеттер түзүлгөн соӊ, өкмөт курамы көбөйүп жатканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков депутаттар тарабынан берилген сунуштар талдоого алынып, алгылыктуулары эске алына турганын билдирди.

Жыйынтыгында тармактык комитет премьер-министрдин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндөгү сунушун жактырды.

Атамбаев БШК мүчөлүгүнө шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөттү

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21- июнда, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн төмөнкү талапкерлерди көрсөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Атамбаев сунуштаган талапкерлер төмөнкүлөр:

– Асаналиев Алмаз Турдакунович;

– Баатырова Гүлнара Маришовна;

– Кадыров Бахтияр Сабиржанович;

– Шайлдабекова Нуржан Кармабековна.

Депутаттар колдобой койгон артыкчылыктардан баш тартуу боюнча мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлат

Жогорку Кеӊештин депутаттарына берилүүчү артыкчылыктарды кыскартуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлат. Бул тууралуу бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет чечим кабыл алды.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору парламенттин 2016-жылдын 15-июнундагы жыйынында четке кагылган.

Кыргыз учкучу мамлекеттик желек менен жер жүзүн айланат

Учкуч Союзбек Салиев Кыргызстандын туусу менен жер жүзүн айланып чыгууга белсенүүдө. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, жер шарын Mooney Ovation-2 үлгүсүндөгү бир моторлуу жеңил учак менен элүү күн ичинде айланып чыгуу максаты бар.

Кыргызстандык учкучка литвалык кесиптеши Йонас Жукнус шерик болот. 10-июлда алар Токмок шаарындагы аэродромдон учуп чыгып, 30-август күнү кайра Бишкекке конууну көздөп жатышат.

“Көчмөн кыргыз” деген аталыштагы бул долбоор Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат. Учкуч жалпысынан 47 600 чакырым аралыкты басып өтүп, Тынч океанды, Атлантика океанын, тоолорду, чөлдөрдү, талааларды жана чытырман токойлорду камтыган жыйырма алты өлкөнүн аймагынан учуп өтөт. Ааламды айланып уча турган кыргыз желеги “Кыял” өндүрүштүк бирикмесинде даярдалып, 10-июль күнү аманат катары учкучтарга тапшырылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Депутат Салянова менен ИИМ министри Жунушалиевдин тиреши

Өткөн аптада экс-башкы прокурор Аида Салянова бийлик тараптан ага жана анын жакындары басым болуп жатканын айтып чыкты. Ал мунун артында ИИМдин азыркы башчысы Кашкар Жунушалиев турушу мүмкүн экенин дагы кыйыткан.

Экс-депутаттар А.Султанов жана А.Халикова кызматтык батирлерди өткөрүп беришти

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Акылбек Султанов кызматтык батирин парламенттин Иш башкармалыгына өткөрүп берди. Ошондой эле жакында эле депутаттык мандаттан өз ыктыяры менен баш тарткан Ашэра Халикова дагы кызматтык батирин бошотту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын маалыматы боюнча 5-чакырылыштын эки депутаты А.Режавалиев жана Э.Исаков жакынкы апталарда кызматтык батирлерди өткөрүп бериши күтүлүүдө.

Учурда Жогорку Кеңештин кызматтык батирлерди бөлүштүрүү боюнча комиссиянын чечими менен учурда 6-чакырылыштын 15 депутаты кызматтык батирлерде жашайт.

Эске салсак, өткөн жумуда парламент жыйынында экс-депутаттар кызматтык батирин өткөрбөй жатканы тууралуу маселе козголуп, төрага Ч.Турсунбеков эгер алар өз ыктыяры менен үйлөрдү бошотпосо сотко кайрылууга аргасыз болорун айткан эле.

Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган 10 судьясы Жогорку Сотто ант беришти

Кечээ, 20-июнда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустук сотторунун, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун жаңы шайланган судьялары Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда ант беришти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ант берүү аземин Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева ачып, кесиптештерин чоң тандоодон өтүп, судьялык кызматка дайындалышы менен куттуктады жана алардын өтө татаал, жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди каалады.

Ош облустук сотунун судьялары болуп Атаев Замирбек, Жунусов Заурбек, Касымалиев Мыктыбек, жана Матраимов Назымбек дайындалышты.

Жалал-Абад облустук сотунун судьялары болуп Калыков Бакыт жана Султанканов Бактыбек, Ысык-Көл облустук сотунун судьялары болуп Кудабаева Гульбара жана Омуралиева Анара, Нарын облустук сотунун судьясы болуп Дуйшенбекова Майрагуль, Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп Бектемирова Салтанат Кубанычбековна дайындалды.

Жаңы шайланган Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустук сотторунун, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуш бүгүн Жогорку Кеңеште каралат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинин жыйынында өкмөттүн түзүмдүк өзгөрүүлөрү боюнча сунушту тааныштырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган сунуш 2016-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.

Премьер-министр өкмөттүн түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү сунуштоодо:

– Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;

– Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;

– Мамлекеттик байланыш агенттиги жана КР Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;

– Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;

– Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казнасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.

Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

Парламенттин тармактык комитетинин жыйынына премьер-министр жетекчилик кылган өкмөттүн бардык мүчөлөрү катышат.

Бүгүн Брюсселде Орусияга каршы санкциялар узартылат

ЕБ тышкы иштер министрлери дүйшөмбүдө Люксембургда өткөн жолугушууда Орусияга каршы санкцияларды узартуу  маселесин талкуулашты. Анын жүрүшүндө кайчы пикирлер айтылды.

Британия Москванын Украинадагы аракеттерин эске алып, Орусияга карата санкцияларды узартуу керек деген пикирде. Франция аталган өлкө Украинадагы жикчилдерге колдоо көрсөтүүнү токтоткондо гана санкциялар алынарын билдирүүдө. Ошол эле учурда Париж Европа лидерлердин Кремль менен ымала түзүүгө болгон аракеттерин жактайт.

Словакиянын ТИМ башчысы Мирослав Лайчак Европадагы айрым саясатчылар санкцияларды алып таштоону талап кылып жаткандыгын билдирди. Аткаруу бийлиги аларды тоготпой кое албайт. Анын пикиринде, бул маселе боюнча “саясий дискуссия” жүргүзүү зарылдыгы бар. Reuters агенттиги маалымдагандай, Орусияга карата санкцияларды жумшартууну Италия, Болгария жана Грекия колдоодо.

Антсе да бүгүн ЕБ мамлекеттери Орусияга каршы санкцияларды ушул жылдын аягына чейин узартары күтүлүүдө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкекте интернетти башкаруу боюнча биринчи Борбор Азия форуму өтөт

Бүгүн, 21-июнда, Бишкек шаарында интернетти башкаруу боюнча  биринчи Борбор Азия форуму өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш чара Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана “Интернет саясаты жарандык демилгелер” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулууда.

Форумдун башкы максаты – Борбор Азияда интернетти башкаруудагы көйгөйлөрдү талкулоого бардык кызыкдар тараптарга ачык аянтча түзүү болуп саналат. Форумдун планы www.caigf.org сайтына жарыяланган. Анда  кибер коопсуздук темасындагы тегерек стол, интернет эркиндиги жана жеткиликтүүлүктү арттыруу, DNS-индустриясын өнүктүрүү  боюнча маселелер камтылган.

Форумга биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев чакырылган. Ошондой эле форумга адистештирилген эл аралык институттардын жетекчилери, анын ичинде  IP-дареги ICANN аталыштарды башкаруу Корпорациясы, Internet Society, SecDev Foundation, Microsoft, Kaspersky Labs, RIPE NCC сыяктуу жетектөөчү компаниялардын, изилдөө борборлорунун өкүлдөрү катышат.

Жашы жете элек кыздарды турмушка берген тараптарга эркинен ажыратуу чаралары колдонулат

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде КР Үй-бүлө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралды. Бул багытта демилгечи депутаттардын бири А.Салянова маалымат берди. Анда жашы жете элек кызды турмушка берүүгө макулдугу бар ата-энелердин, жашы жеткен куракка келип, эрезеге жете элек кыздын колун сураган жигиттин жана анын ата-энесинин жоопкерчилиги эркинен ажыратуу чаралары менен коштолот. Ошондой эле алардын катарында нике кыйган диний өкүлдүн жоопкерчилиги да бирдей каралат.  Эгерде ушундай фактылар катталса, жогоруда саналып өткөн тараптар 3 жылдын 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылсын деген сунуш коомчулукта кеңири талкууну жаратты.

“Маселенин диний чөйрөгө тиешелүү бөлүгүндө муфтияттын жетекчилиги баш болуп колдоо көрсөтөөрүн билдиришүүдө. Эң биринчи кезекте жаш кыздарыбыздын келечек тагдырына кайдыгер карабашыбыз керек”,- дейт А.Салянова.

Талкууда депутат Т.Икрамов “Кийин талаш маселе жаралбаш үчүн нике кыйып жаткан молдо атайын каттоо иштерин жүргүзүп койгону жакшы”, – дейт.

Депутат Р.Момбеков болсо Казакстанда, Таласта жашы жете элек кыздардын турмуш куруп, балдары менен көчөдө калган учурларын мисалга келтирди.

Депутат Ж. Акаев балдар мамлекеттин келечеги болгондуктан, ага бир гана кишинин баласы катары эмес, мамлекеттин баласы катары кароо зарыл деген пикирин билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз мыйзам долбоорун даярдоодогу лингвистикалык мүчүлүшүктөргө көңүл бурду.

Жыйынтыгында  КР Үй-бүлө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жактыруусуна ээ болду.

Атамбаев ичкилик болсо кийинки президент сарыбагыштардан болуш керекпи?

Генерал Кеңешбек Дүйшөбаев жетектеген кыргыздын Сарыбагыш уруусу акыркы учурда аябай активдешти. Ачык курултайларын өткөрүп, байма-бай интервьюларды беришип, кээде жабык жыйындарды уюштуруп иштеп жатканы боюнча маалыматтар тарай баштады. Алардын максаты жакындап келаткан президенттик шайлоону татыктуу тосуу алуу экенин интервьюларында деле ачык айтышыптыр.
Алардын ишеними боюнча келерки президент Сарыбагыштардан болуш керек. Кыргызды алмак-салмак ичкиликтер менен сарыбагыштар гана башкарып келатат. Биринчи кыргыз расмий мамлекет башчысы 1927-жылы ичкиликтерден Абдыкадыр Орозбеков болгон. Биринчи Кыргызстан КП Борбордук комитетинин биринчи секретары да ичкиликтерден Исхак Раззаков болуптур. Анан сарыбагыштардан Турдакун Усубалиев, андан кийин ичкиликтерден Апсамат Масалиев, анан сарыбагыш Аскар Акаев, анан ичкилик Курманбек Бакиев, андан кийин расмий шайланган Алмаз Атамбаевди биздин кулунубуз деп шайлоодо жанталаша жүгүрүшсө эми “мен Кокондукмун, демек ичкиликмин” деп чыкты. Ошондуктан эмки кезек сарыбагыштарга келип турат. Ушул философия менен сарыбагыштар Алмаз Атамбаевге басым жасап, чоң соодалашуу жүрчүдөй. Ошол эле учурда Атамбаевге Россия Кубанычбек Кулматовду мураскер кыласын деп басым жасаса, айланасындагылар “өзүңүз эле калыңыз, айласын табабыз” деп ошол комбинациянын үстүндө иштешүүдө. Кыскасы азыр Атамбаев бул маселеде ар кайсыл күчтөрдүн кысымында калды.
Кызыгы, 2011-жылы “өзүбүздүн бала” деп жанталаша чуркап Атамбаевди президент кылууга кызыкдар болгондор эми 5 жылдан кийин мурдун чүйрүп “ал ичкилик турбайбы” деп кача баштаганы.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Кенешбек Дуйшебаев, генерал-лейтенант: "Мы выдвинем достойного кандидата на президентских выборах"

Посвятивший всю жизнь работе над обороной, безопасностью, правопорядком нашей страны генерал-лейтенант в эти дни анализирует прошлое, беспокоится тому, что народ оказался в социальном, экономическом, духовном кризисе, собирается заняться важным делом в этом направлении. Может поэтому он парировал наши вопросы о политике, в основном искал ответы, аргументы на тему духовной темноты.

– Кенешбек мырза, правда ли то, что в последнее время вы занимаетесь тем, что собираете чуйский клан, в том числе род сарыбагыш, поговариваете в узких кругах, что достойным ханом может стать только представитель сарыбагыша, что всесторонне на такую должность подходит Канатбек Исаев? Может для начала внесете ясность в такие слухи, касающиеся вас?

– Сами знаете, в прошлом году я сложил с себя полномочия заместителя генсекретаря Шанхайской организации сотрудничества (ШОС) в Китае, вернулся в Кыргызстан. Отдалился от политики, уделял больше внимания своей семье. Анализировал прошедшие события, пытался уделить внимание самому себе. Но так как я всю жизнь был в политике, занимал должности, тяжело сидеть сложа руки, уйти из политики.

Недавно я со своими соратниками, единомышленниками основали общественный фонд “Улуу Жибек Жолу” [Великий шелковый путь], который направлен на укрепление культурных и гуманитарных связей. Мы налаживаем связь с общественными фондами и организациями из Китая, Казахстана, России, Узбекистана, Таджикистана, Кыргызстана, через которые проходит Великий шелковый путь, ведем работу по укреплению отношений, культурного и гуманитарного сотрудничества. Ведь президент Алмазбек Шаршенович Атамбаев объявил нынешний год Годом истории и культуры. Мы решили внести свой вклад в этом направлении, хотим довести до конца много дел.

Кроме того, вместе с близкими соратниками и единомышленниками мы основали общественное объединение “Сарыбагыш – Тагай бий уулу”. Решили внести ясность в историю, в родословную наших предков, чтобы воспитывать подрастающее поколение на основании ценностей, оставшихся от наших отцов. Первый курултай нашего объединения прошел 5 июня в городе Чолпон-Ате, с участием 450 человек – делегатов, историков, представителей 40 родов, аксакалов, депутатов. В конце все мы зачитали Коран в память о Тагай бие, Манап бие, предсказателе Калыгуле. Что касается твоего вопроса, в ходе курултая не было разговоров об объединении чуйского клана или рода сарыбагыш, не предлагали выдвинуть на должность президента Каната Исаева. На таком собрании не было ни одного разговора о политике. Говорили о дружбе народа.

Ты прав, через год состоятся президентские выборы. Очевидно, что кандидатов будет много. Президент Атамбаев уже заявил, что уйдет с должности, считает дни. Если будут баллотироваться достойные дамы и господа, если мы решим поддержать одного из них, что в этом может быть плохого? В свое время, несмотря на трудности, мы рисковали собой, преодолевали препятствия, поддержав Алмаза Шаршеновича. Так почему нельзя на предстоящих президентских выборах выступить в поддержку достойного кандидата?

– Судя по тому, что вы собираете род сарыбагыш, значит, вы собираетесь поддержать на президентских гонках представителя этого рода Каната Исаева?

– Несмотря на свою молодость, Канат Исаев уже занимал должность мэра города Токмака, губернатора Чуйской области, депутата двух созывов кыргызского парламента. Постепенно его авторитет среди народа растет, он набирается опыта как политик. Я заметил, что ты постоянно затрагиваешь в беседе наш род сарыбагыш. О том, что следующим президентом будет представитель рода сарыбагыш говорил не я, а известный экстрасенс Мелис Карыбеков. Не так ли? У нашего рода богатая история, свой пройденный путь. Были известные личности, ученые, историки, правители, ханы. Конечно, у всех 40 родов кыргызов есть своя история, своя родословная. Если мы хотим добиться дружбы, сплоченности кыргызского народа, то нужно объединить эти 40 родов. Пока не будет дружбы между 40 родами, не будет дружбы внутри кыргызского народа. Ни для кого не секрет, что сейчас народы мира переживают процесс самоидентификации, самопознания. Представители родов не могут покинуть свой род, словно политики, покидающие партии.

– Говорят, еще со времен Акаева среди политиков и генералов чуйского клана был негласный закон, по которому МВД должно управляться уроженцами Чуя. До этого министры в основном были уроженцами Чуя. По такой же логике был назначен и Кашкар Жунушалиев, потому что в составе правительства не было других уроженцев Чуя. Уже стало фактом то, что должность начальника Бишкекского ГУВД стала трамплином на министерское кресло. Например, вы тоже из упомянутой должности попали на кресло министра внутренних дел.

– Как бы чуйцы не старались, но по части землячества мы все равно будем уступать таласцам, занимающим первое место, а затем и южанам. В рейтинге землячества чуйцы далеко позади (смеется). Если до этого страной управляли семейные кланы двух беглых президентов, то сейчас действует партийно-клановая система, при которой предметом спора становятся все должности, начиная с поста премьер-министра, заканчивая должностью главы айыл окмоту. Уже пора вносить изменения в парламентскую систему, исправить недостатки, чтобы система работала в интересах народа.

Ты еще намекнул, что МВД всегда управляли генералы из Чуя. Но ведь не все генералы Кыргызстана являются уроженцами Чуя, не так ли? У нас много генералов из разных уголков страны. Думаю, все они в какой-то степени поработали, послужили своему народу. Что касается министров, О. Суваналиев, Болот Шер, З. Рысалиев являются уроженцами Таласа, М. Конгантиев и О. Гуронов из юга, Т. Айтбаев и М. Турганбаев – из Нарына. Как можно утверждать, что Чуй узурпировал МВД?

– Но куда мы спрячем другой факт, представителей чуйского клана на посту министра – отец и сын Суталиновы, Ф. Кулов, О. Кутуев, М. Абдылдаев, Т. Акматалиев, Б. Субанбеков, вы, А. Суранчиев, К. Байболов, К. Жунушалиев?

– Но ведь они не становились министрами один за другим. Между ними были министры из других регионов. Об этом можно говорить долго. В свое время под моим начальством работали нынешний министр Кашкар Жунушалиев и бывший министр Мелис Турганбаев. Когда я был начальником Бишкекского ГУВД, Мелис Турганбаев был моим заместителем. А Кашкар Жунушалиев был заведующим отделом. Оба они четко выполняют свою работу, профессионалы. Я их хорошо знаю.

Ты правильно заметил, должность начальника Бишкекского ГУВД приносит удачу, это трамплин на должность министра. Многие начальники Бишкекского ГУВД становились министрами, это факт. Это неоднократно подтверждалось историей. Генерал Абдыбек Асанкулович Суталинов, Омурбек Кутуев и я в свое время из упомянутой должности сделали прыжок на пост министра. Затем то же самое произошло с Мелисом Турганбаевым, Зарылом Рысалиевым, Кашкаром Жунушалиевым. Можно долго перечислять.

Есть причина, по которой Бишкекское ГУВД стало своеобразным трамплином. Потому что город охватывает огромную территорию, где проживает миллион человек. Оперативная ситуация в городе очень тяжелая. Возглавившие городскую милицию джигиты получают шанс заматереть, обрести опыт, проходят большие испытания. Это и есть причина того, что они потом совершают прыжок на министерское кресло.

– В свое время вы были главой ГКНБ? Сегодня на заместительские должности в спецслужбу назначаются бывшие телохранители Атамбаева, что неоднозначно, в основном позитивно воспринимается общественностью.

– Государственный комитет национальной безопасности – судьбоносный орган для страны, по закону назначает туда кадры на руководящие посты сам президент. Естественно, что на такие важные должности он назначает людей, которых хорошо знает, которым доверяет. Может поэтому на заместительские должности назначаются бывшие телохранители президента? Когда я возглавлял спецслужбу, ныне назначенные указом президента заместители были рядовыми сотрудниками. Поэтому я не могу ничего сказать об их профессионализме. Прошло пять лет с тех пор, как я оттуда ушел. С тех пор произошло немало изменений. Возможно критикуемые ныне общественностью джигиты за это время обрели опыт, созрели для руководящих постов. Нам следовало бы оценивать их по работе а не по тому, кто их назначил. Сейчас нужно дать им поработать, затем увидим, куда движемся.

Источник: gezitter.org

Меню