Menu

Карганбектин колу бошойт

Жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган деген жалаа менен кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартыла турган болгон мурдагы депутат Карганбек Самаковдун башы аз күндө азат болгону тууралуу угуп жатабыз. Себеби бу жигиттин үстүнөн козголгон кылмыш ишинде мыйзамга каршы эч кандай аракеттер болбогону сот отурумдары өткөн сайын боло баштады.

Тагыраагы, кимдер экенин ким билсин, айтор Карганбекке кастарын тиккен бирөөлөр жасалма кылмыш ишин козгоп, ортодон күбөлөрдү күч структурасындагылар кысмакка алып, жалган көрсөтмөлөрдү бергени ачыкталып отурат. Демек “Манас” үчилтигин баш кылып, ЮНЕСКОнун тизмесине кыргыздын нечен асыл мурастарын киргизген мекенчил жигитти буттан чалууга болгон аракеттердин аягы алар ойлогондой чыкпайт окшоп калды…

Булак: Фабула

Оппозиция бирикпей атканда, бийлик билгенин жасайт окшойт...

Күз келип, Көчмөндөр оюндары өткөндөн кийин Кыргызстанда саясый иш чараларга кезек келди окшойт.

Бул ирет бийлик менен оппозициянын тиреши Конституцияга өзгөртүүлөрдүн тегерегинде болору белгилүү. Бийлик Баш мыйзамга өзү каалаган оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизем деп беттегенин бербесе, оппозиция тарап ага каршылык көрсөтүп, туурасынан турган кербези. Ал тургай “Каршылык көрсөтүү кыймылы” да түзүлгөн. Ушул жумада Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы күчтөр өз ара биригип, жакында бирдиктүү улуттук курултай өткөрүүгө камынууда. Бардык күчтөрдүн башын бириктире турган улуттук курултайда эмдиги жылы өтө турган президенттик шайлоонун алдында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнүн кесепеттери талкуулана турганы айтылды.Бирок оппозиция лидерлери бирикпей жатып эле ич ара бөлүнүп-жарылып жатышкандыгы таң каларлык. Улуттук-мекенчил күчтөрдүн башын бириктирген “Элдик курултай кыймылынын” өкүлү Кадыр Кошалиев ал жагдайды: “Бир эле бирдиктүү курултай өткөрөлү деген максат болду. Бирок биз кээ бир маселелер боюнча тил табыша алган жокпуз. Мына ошондуктан биздин арабызда референдумду өткөрүүнү колдоо жагына оой турганыбыз тууралуу дагы маселе көтөргөндөр болду”,- деп түшүндүрдү. Кыскасы, оппозиция бирикпей атканда, бийлик билгенин жасайт окшойт.

Булак: “Майдан.kg

Айтурган Сатиева, диктор: "Телеканалдар - интриганын очогу дегенге кошулбайм"

– Айтурган, алгач сени жакында алган сыйлыгың менен куттуктап кетейин. Журналисттик кызмат жолуңда наам алам деп күттүң беле?
– Рахмат. Эмгегиңдин үзүрүн көрүп, жеңишиңдин жемишин татуу, мындайча айтканда жыйынтыгын көрүүгө болгон максат бардык эле адамда болот го дейм. Бирок дал ушул күнү же дал ушул сыйлыкты алам деген ойлор болгон эмес.
– Байкашыбызча сыйлык күтүлбөгөндөй. Андай болсо президенттин Ардак грамотасына кимдер тарабынан көрсөтүлүп калдың?
– Сыйлыкка Маданият министрлиги тарабынан көрсөтүлдүм. Жогоруда айтып кеткендей, төрт жылдан бери түрдүү иш-чараларды алып барып жүрөм. Аларды ушул биздин министрлик уюштурат. Мейли маданий иш-чара болсун, мейли спорттук, мейли бир белгилүү датага арналган тарыхый же юбилейлик оюн-зооктор болбосун алып баруучулар керектелет. Кээде эл аралык же дүйнөлүк деңгээлдеги олуттуу иш-чаралар болуп калат. Күнбү – түнбү, кышпы – жайбы, шаардабы же тоодобу, ишиң барбы же жокпу, визаж, чач жасалгаң жасала турган шарт барбы же жокпу, айтор эч нерсеге карабай татынакай болуп чыгып такалбай сүйлөп, таамай жеткирип, жаңылбай айтып, жакшынакай иш-чараны ачып берүү же жыйынтыктоо алып баруучуга жүктөлөт. Ошол өтүп жаткан иш-чаранын маанайы алып баруучудан көз каранды. Канча деген сыйлуу конокотор келбесин, же көрүүчүлөр болбосун, эгер алып баруучу талапка ылайык алып барбаса иш-чара оңунан чыкпай калат. Мына ушундай ары түйшүктүү, ары кызыктуу жалпы журналистика тармагында жүргөн 11жылымды эске алып, аталган сыйлыкка көрсөтүлүп отурам жана сиздердин гезиттен пайдаланып терең ыраазычылыгымды билдирем.
– Буга чейин 5-каналдын жүзү элең. Ал жактан кетүүңө эмне себеп болду?
– 5 – каналды менин телевидение жаатында тушоомду кескен, менин өмүр жолумда өзгөчө сыйлуу орду бар канал десем жаңылышпайм. Ынтымактуу, иш билги жамааттан телевидение тармагында көп нерселерди үйрөндүм. Кетүүмдүн кескин себеби болгон жок. Түркия мамлекетине журналистика тармагында окууга өтүп, окуп келүү максатында кеткем.
– Андан соң КТРКда да жаңылыктарды окуп жүрдүң. Бирок ал жер сага жакпагандай, жакпаса эмнеси менен жакпай калды?
– Ооба, тилекке каршы жеке маселелерге байланыштуу окуумду толук бүтүрбөй келүүгө аргасыз болдум. Ал жактан келген соң, КТРКнын башкы директору Илим Майрамбековичтин чакыруусунда Ала-Тоо маалымат программасына диктор болуп бардым. Илим Майрамбекович мен Түркияга жөнөөр алдында сунуш кылган эле, чет жакка кетипжатканымды айтып баш тарткам, бирок келген соң чакырууну кабыл алгам. Мен телевидениеден сырткары да мамлекеттик жана эл аралык иш – чараларды алып барам. Ошондуктан кайсы жерге жумушка кирсем да, эфирден сырткаркы убактарда бош болушум керек деген шартта кирем. Жакты, жакпады деп айта албайм. Анткени мен жумушту эмоция менен кабыл алуудан качам. Жаратылышты, искусствону, жакындарыңды жүрөккө жакын кабыл алып, жактырып же таарынып же дагы башка бир сезимдериңди билдирсең болот. Ал эми кесибиңдин алдында жоопкерчиликтүү болуу ишти алдыга жылдырат деген ойдомун.
– КТРКны деги эле телени интриганын очогу дешет. Бул канчалык чындыкка жакын?
– Менимче интрига деген түшүнүк моралдык жактан алсыз адамдын иши. Колунан иш келип, жашоого сергек ой жүгүрткөн адамдар мындай пас нерседен алыс болушат. Ал эми КТРК же башка телеканалдар интриганын очогу дегенге кошулбайм. Бул ошол сөздөрдү чыгарган ар бир адамдын деңгээлин көрсөтөт. Мен жалпысынан азбы-көппү беш телеканалда диктор болуп иштедим. Учурдагы иштеп жаткан жерим бешинчиси. Мындан сырткары радио болобу, гезитпи бир да жерден мени менен же бири-бири менен конфликттешкен коллективди кезиктирбедим. Албетте бардык жамааттар сыяктуу эле иштин кызыкчылыгы үчүн түшүнбөстүктөр болот. Бул банкта иштесең деле, базарда отурсаң деле орун алчу нерсе. Жалаң эле телевидениеде дегенге кошулбайм.
– Диктор десе көптөр кооз кийинип, сулууланып алып даяр текстти окуп койгон алып баруучу катары билишет. Диктор сен үчүн ким?
– Албетте сулуулук да диктор үчүн маанилүү, бирок андан маанилүүсү жоопкерчиликте дээр элем. Бул өтө жоопкерчилиги күчтүү жумуш. Кабарчылар, операторлор таңдан кечке, кээде күндөп-түндөп жүрүп жасап келген материалдарды аны күтүп отурган калың журтка жеткиликтүү айтып берүү, окуп берүү же болбосо жеткирүү “жөн эле” деген кыргыздын популярдуу сөзүнө эч бир “чакта” туура келбейт. Учакты башкарып бараткан учкуч менен түз эфирдеги алып баруучунун абалы бирдей болуп турарын медиктер далилдегени баарыбызга эле маалым болсо керек.
– Ушул кесипти тандаганыңа өкүнбөйсүңбү? Эгер дагы бир мүмкүнчүлүк болсо кайсы кесиптин ээси болмоксуң?
– Жок, өкүнбөйм. Анткени менин бул кесипти аркалышымды атам каалап, апам даярдаган десем болот. Экөө тең педагогдор болгондуктан, өзгөчө апам кыргыз тили, адабияты мугалими болуп, адабиятка, көркөм окууга, туура сүйлөөгө, туура отуруп, туура жазуума чейин катуу көңүл бурчу. Мүмкүн анда мени апам келечекте диктор болсун деп эмес, жөн гана чүрпөсүнүн ден соолугу үчүн, коомдо бир орду бар адам болуусун каалаганы үчүн жасагандыр. Алардын ошондой эмгегинен соң, менден башка кесип ээси чыгышы мүмкүн эмес эле. Андай мүмкүнчүлүк болсо шартына карап бир кесипти тандап алып, ага да баш-отум менен киришип иштеп майнап чыгарып, ырахатын көргөн кызматкер болууга аракет кылмакмын. Мен үчүн ушул процесстин өзү кызыктуу.
– Журналисттик алгачкы кадамыңды радиодон баштадың эле. Азыр радиого баргың келеби, сагынасыңбы?
– Радиодон алыстаган жылдардан бери 3-4 ирет радио берүүлөрдө конок катары катышып калдым. Сагынганымды ошол биринчи программада билдим. Конок болуп отуруу мага аздай сезилип жатты. Алып баруучунун ордуна отуруп, эфирдин эки тизгин, бир чылбырын колго алгым келип кетип жатты. Радио студия, пульт, кулакчындар, улам-улам программаны көркүнө чыгарып кубулжучу музыка жана угармандын чалган коңгуроолорун алып эфирге кошуу, мына ушул ар бир нерседен ырахат алып отурдум. Ал эми өзүм иштеп жүргөндө мунун баары жөн гана кадимки жумуш сезилчү.
– Китебиңди чыгарсамбы деп жаттың эле, чыгармаларыңа качан күбө болобуз?
– Ооба. Бул ирет кара сөздөн турган чакан китебимди чыгарсам деп жүргөм. Чыгармалар даяр. Чынын айтсам билек түрө киришпей жатам. Азыркы рыноктук заманда баарына өзүң чуркайт эмессиңби. Учурда башка бир пландарды, жакшы бир санаалаш кесиптештер менен биргеликте ишке ашырганга аракеттенип жүрөбүз. Буюрса ишке ашып калса, саамалыкты сиздерге сүйүнчүлөйм.
– Сулуулуктун сыры жандүйнө тазалыгындабы? Деги эле сулуулугуңа кантип кам көрөсүң?
– Жандүйнө тазалыгынын да таасири чоң. Анткени ички дүйнөң аруу болсо, бирөөгө жамандык калаап, тескери ойлоп бушайман болбосоң нервиң да тынч болот эмеспи. Ал эми кылымдарга атагы чыккан кытай медицинасында “жүрөк ден соолуктун башаты болсо, жүлүн анын агасы” деп коюшат экен. Демек бардык нерв систамасын туташтырган орган катары, адамдын ички-сырткы абалынын жакшы болушу үчүн нервдер олуттуу орунда. Анан албетте тазалык, тыкан болуу, декоративдик косметикаларды ыгы менен колдоно билүү жардамга келет.
– Эмнеден ырахат аласың?
– Жаратылыштан. Таза аба, тунук суу, кооз айланага барып жарым саат баарын унутуп, табигатка эркелеп, анын сыйкыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип кете алсам кадимкидей ырахаттанып, күч-кубат топтоп алам.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: Фабула 

Баш мыйзам тартышы: элди алдоонун гана жолу болуп калдыбы?

Мал эгин эккен жерге бир кирип көрүп алса кайра кайра келип жей берет, урсаң да,кыйкырсаң да тоготпой,эси дарты эптеп кашаадан кирип, эгинди жеш керек болот. Жедирбеш үчүн кашааны чыңдап, мал өтө албай турган кылып, анан малдын ээсине барып айтуу керек,”байла малыңды,болбосо чаап салам”- деп.

Анын сыңарындай,биздин баш мыйзамга кол салгандардын жаны жай албады го. Мамлекет эгин талаасы болсо,аны коргогон кашаа Конституция эмеспи, а баш мыйзамдаэл бийлиги жогору турушу керек. Биздин президенттер мал сыяктуу өмгөктөп, Конституцияны жиреп өтүп,“эл байлыгын жейм”деп атат да. Конституцияныөзгөртүүгө киришип калгандарына караганда азыркы баш мыйзамыбыз дурус окшойт, себеби аларга оңтойлуу болсо үндөшпөйт эле. Текебаев сыяктуу такшалган саясатчы, юристибиздин болушу алардын чекесине чыккан чыйкан болду. Кашааны жакшылап жасап коюп, алардын кыжырына тийип жатат.

Келгиле логикалык ой жүгүртөлү, Россия бизди Бажы биримдигине киргизди, эмгек келишимин түзүү менен миллиондогон кыргыздарды Орусиянын сазына тартып кетти (2002-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосунда эмгек келишими түзүлгөн). Кыргызстанды нефть, газ менен өзүнө жасалма түрдө көз каранды кылды. Бирок да Кыргызстан толугу менен Россияга көз каранды болгон жок, себеби биз БУУда жана башка дүйнөлүк уюмдарда эгемен өлкө катары катталып турабыз. Бирок, президенттер болсо Орусиянын түздөн-түз кйилигишүүсуменен келип атат. Дагы эмне жолтоо болуп жатат аларга, албетте Баш мыйзам. Баш мыйзамды өзгөртүп, Россиянын Конституциясынын көчүрмөсүн алып келишсе, биз формалдуу гана эгемендүү болуп, иш жүзүндө Россиянын бир областы болуп калмакпыз. Мына, көрдүңбү тууган,чыныгы кептин төркүнү каякта жатканын. Этеги шалкы, бели бош катынга окшоп,кээ бир мекендештерибиздин “Россияга өтсөк”дегендери да жок эмес. Эгерде Атамбаев чыныгы мүдөөсүн элге жарыя кылса 300 миң эмес 3 добуш да ала алмак эмес. Эмне үчүн президенттин аппарат жетекчиси,жана президенттин соратниктери жалаң гана башка улуттагылар?Бул биздин аткаминерлердин жүрөгү кыргызга эмес,оруска берилген дегенди билдирет.

Өткөнгө саресеп салсак,Кыргызстанга бир да президент жакшылык кылбаптыр.Уюшкан кылмыштуу топ сыяктуу улам бир президент келип,кийинкисинин артын жаап, жашырат. “Биригип кетишсе алыбыз жетпей калбасын”деп элди түндүк, түштүккө бөлүп да турушат. Текебаев сыяктуудасыккан саясатчы, мамлекеттин мүдөөсү, кыргыз эли дегендерди “кара пиар”кылып элге жаманатты кылууга далалат жасашат. Садыр Жапаровдой жегенин көзүнө сайып көрсөткөндөрдү куугунтуктайт, Равшан Жээнбековдой билимдүү, геополитиканы түшүнгөн инсандарга “проамерикалык”деген каймана ат беришет. Биздин парламентте, өкмөттүн жана президенттин аппараттарында отурган алардын кулак, көздөрү бул жактагы кырдаалды күн күнөбөй жеткирип турушат. Өкмөттүк эмес уюм аталган бакан ооз шүмшүктөрү орустарды даңазалап ырдашат көз көрүнөө. Мындан он жыл мурун Россия өзүн өзү бага албай калган мамлекет эле, жумушчу күчү катастрофалык абалда жетишпейт эле, биздин Орто Азиянын эр азаматтарынын күчү менен Русьту кайрадан түзүштү. Акысына эмне берди, эчтеке, эшеги ылайдан өткөн соң департация, жумушка орношуудагы түрдүү тосмолор колдонула баштады. Атүгүл жарандык алып жакшыраак иштеп кетейин дегендердин да тилегин таш каптырышты, жумушка орношуу учурундагы маектешүүдө “бизге славян өңдүүлөр керек”деп артка кайтарып жатышты. Эң оор курулуш иштери, балит короолорду шыпыруу сыяктуу өздөрү иштебей койгон иштер гана тийди биздикилерге, ал да тартыш. Маянасы көп, шарты жакшы жумуштарга орношоюн десең кадрлар бөлүмүндө эле тагдырыңды чечип коюшат, стажың, тажрыйбаң, билимиңди уруп ойношпойт. Кайдагы өнөктөш мамлекет, кайдагы Бажы биримдигин айтып башты оорутушат биздин өкмөттөгүлөр.

Кыргызстанда баары бөлөкчө, кечээ ата бабаңды кырып, бүгүн бир боорлоруңду былчылдата иштетип жаткан элдин өкүлүн төрдүн төбөсүнө чыгарып депутат кылып, майлуу сүттүү орун берип бөйпөңдөшөт. Бийликке оппонент болгону да “мени Россия колдойт”деп кеңкелестенишет, зээниң кейип, жүрөгүң ооруйт. Эмне биздин каймагыбызды 1937-жылы чындап эле түгөткөнбү атып. Көрүп билип туруп деле баш жүгүртмө болгон немедей кайра эле орус, Россия деп жатып калышат.

Өзү кыргыз эч бир сөздү бекер айтпаптыр да, “Жаманга эш тарткыча, башынан ылдый беш тарт” деген туурабы дейм. Келип келип эле темирдей режим керек окшойт бизге деп калдым.

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg

"Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, мектеп директору Нурбек Жусубалиев бейбаштык кылып кыргыз жарандарын таш, айры менен сабагандыгы үчүн кылмыш иши ачылды

Ош облусунун Алай районуна караштуу Таш-Короо айылындагы Ильяс Адишев атындагы №12- орто мектепти азыр бейбаштык менен айыпталып, кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган СДПКнын клону “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Нурбек Жусубалиев башкарат.

Нурбек Жусубалиев быйыл 6-август күнү саат 12.00. чамасында өзүнүн досу Алманбет Туменов баш болгон 5 достору менен Кара-Суу районунун Чыйырчык ашуусунда Ош шаарынын тургундары Чынгыз Жолонов, Болотбек Баетов жана Замирбек Адигинеев үчөөсүн ташбаранга алышып, айры менен уруп зомбулук көрсөтүшкөн. Жабырлануучулардын колундагы “Сони” видеокамерасын сындырып салышкан. Ошол жерде турган кары-жашты, кыз-келинди көзгө илбей оозго алгыс сөздөр менен тилденишип богооздук кылышкан.

Нурбек Жусубалиев баштаган 7 зөөкүрдүн катындарча таш, айры кармап чуркаган адатынан запкы жешкен 3 жабырлануучу ооруканага жана Ош облустук соттук-медициналык экспертизага кайрылышкан. Экспертизанын корутундусу жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү Нурбек Жусубалиев баштаган 7 зөөкүргө КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-жана 105-бейбаштык беренелери боюнча кылмыш ишин ачкан. Милиция Нурбек Жусубалиевди 5-сентябрь күнү саат 17.40. чамасында кармап келип райондук милиция бөлүмүнө камаган жана анын баш коргоо чарасын убактылуу кармоочу жайга калтырууну суранган. Бирок бийлик киришип жатып, сот үй камагына чыгарган.

Бейбаштык менен адам өмүрүнө залака келтирип, элди эки жаат кылып уюштуруп алып, жаңжал чыгарган адам кантип мектептин директору болуп отурат? Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагында отурса дагы ал мектеп директору катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп, билим берүүгө аралашып жатат. Өзүнүн жүрүм-туруму менен үлгү боло албаган адам кантип жаш муунду тарбиялайт? Бейбаш болобу, бандит болобу, ууру болобу азыр Атамбаевдик бийликти колдосо эле кызматка көтөрүп жатышат.

nurbek-zhusubaliev2

nurbek-zhusubaliev1

nurbek-zhusubaliev3

“Элдик репортер”

Самсаалы Четимбаев, активист: "Жерибизди коргоп, ал маселелерди чечиштин ордуна көк-бөрү көрүп жыргап жүрүшөт"

Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Уңгар-Тоо маселеси учурда коомчулуктун кыжырын кайнатып турган кез. Өзбек чек арачылары эч себепсиз бастырып кирип, ошол жердеги байланыш станциясында иштеп жаткан 4 жараныбызды “мыйзамсыз биздин чек араны бастырып кирген” деген күнөө менен өз аймактарына алып кирип кетишкен. Ошондон бери ал 4 жарандын дайыны жок. Коомчулук болсо жакшылыктан үмүт үзбөй, Жогорку Кеңеш эс алуудан келсе бул маселени карайт деп турган кезде депутаттар эс алуудан келди дагы “Көчмөндөр” оюнун анан Курман айт майрамын шылтоолоп кайра 13-сентябрга чейин каникулга чыгып кетишти. Деги эле мамлекетте оор кырдаал жаралып жатканда депутаттар каникулунун мөөнөтүн узартып алышына көз караштар кандай?- деген суроо менен кайрылып көрдүк.

– Бүгүнкү парламенттин дээрлик көпчүлүгү бай-олигархтардан куралган. Атайын булар жогортон келген команданы кыңк этпей аткарышат. Каникулга таркагыла деген команда болсо таркап кете беришет. Болбосо бүгүнкү күндө каникулга таркап, оюн көрчү мезгилби? Кайда барба мамайдын көрү. Мамлекетибиздин туш тарабы кризис. Бюджет, сырткы саясат, социалдык тармак, Унгар-Тоо маселеси. Жерибизди коргоп, ал маселелерди чечиштин ордуна көк-бөрү көрүп жыргап жүрүшөт. Ушундай кантип болсун? Элибиздин мүнөзүн жакшы билесиңер, бир кыжыры келсе өздөрүн, командирин кошуп улак кылып тартып коюшу толук мүмкүн.

Булак: “Жаңы Ордо”

Бийлик кумары кимди гана мас кылбайт!

Беш жылдан бери өлкө башчы атанган Алмазбек Атамбаев өзүн президенттик такка жеткирген тегерегиндеги тилектештеринин баарын бош мүшөктөй силкип ыргытты. Курчоосунда шоопуру баш болгон бирин-экин илешкерине терең ишенип алды көрүнөт, кечээги идеялаш, санаалаштарынын баарына акааратын жаадырып бүттү. Анын акааратына кабылбаган бир гана Ата-Бейитте жаткан арбактар калды эми.

Бирок мындай алешемдиги менен бир күнү арбактарга акаарат келтирсе деле таң калбай турган болдук ко. Өзү айтмакчы, “мен айтпасам ким айтат” дегенди дамамат кайталаган Атамбаев “таластыктар эл эмес”; “нарындыктар койсуңар” десе да ага жараша берчү болду…

Айта берсек анын аша чапкан шар ооздугуна эсеп жетпейт: мына, өлкөбүздүн 25 жылдык эгемендик тоюнда ажобуздун алешемдигин тургай, жеткен эки жүздүүлүгүн атпай-журт көрдү. 2010-жылы Кыргызстандын тагдыры тар жол, тайгак кечүүгө кептелгенде элдик референдумга салынган конституция менен бирге шашылыш чечимдерге барууга аргасыз болгон ошондогу Убактылуу өкмөттүн аракеттерин жериген анын той бузар жосунуна өзүбүз тургай, дүйнө коомчулугу жерге түкүрүндү! Өзүнөн башкасынын баарынын төбөсүнөн ылдый жугунду куюп, жалгыз өзү мамлекеттин туруктуулугун сактап калган кишидей түр көрсөттү.

Беш жыл мурдакы Убактылуу өкмөттүн чечимдери жакшыбы, жаманбы, туура же туура эмес болду беле: арийне кеп – мамлекеттик майрам күндү белгилөөдө жаткан… Беш жыл мурдагы факт – Кыргызстандын бүтүндүгү сакталып калды! Өлкөнүн түштүк аймагындагы канбулоондуу окуя аз жерден бүгүнкү күндөгүдөй жапа-жабырга түшкөн Сирия менен Украинанын кейпин кийип калган жок. Ошол мезгилдеги Кыргызстандын тагдыры бычак мизинде турганда опол тоодой эмгеги, эл аралык аброю бар Роза Отунбаева болгон үчүн Атамбаев такка отургузулду. Ага Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ошондой шарт түзүп беришти. Бирок даанышман кеби менен айтканда, алтынга ширелген такка баканы канча отургузган менен, ал баарыбир балчыкка секирип түшкөнүн койбойт экен…

Олжобай Шакир, жазуучу

Булак: “Майдан.kg” 

Эл аралык террористик уюмга жалдоо ишин жүргүзгөндүгү үчүн соттолушту

Акимжанова Мохирахон Абдурахмановна жана Раимжонова Наргизахон Абдумаликовналар алдын ала материалдык пайда табуу максатында, жаш кыздарды Сирия Араб Республикасынын аймагына, эл аралык террористик “Ислам мамлекети” уюмуна “Шахид” катары жалдоо ишин алып барышкан.

2015-жылдын апрель айында тергөөдө өздүктөрү аныкталбаган “А” жана “А-А” аттуу кишилер интернет сайттары аркылуу И.М.Б. менен аны эл аралык террористик уюмга “Шахид” катары жалдоо үчүн таанышып, аны менен тынымсыз ар кандай мазмундагы диний темага байланыштуу болгон аңгемелешүүлөрдү жүргүзүшүп, И.М.Б.нын көрүүсү үчүн ага Сирия мамлекетинде өкмөттүк аскерлерге каршы террористик уюм тарабынан жүргүзүлүп жаткан акыркы аскердик согуштук аракеттер боюнча видеоматериалдар менен сүрөттөрдү жиберүү менен И.М.Б.га карата аны эл аралык террористик уюмга тартуу боюнча психологиялык таасир этүү аракеттерин жүргүзүшкөн.

“А” жана “А-А” аттуу кишилер өз ойлорун ишке ашыруу максатында Р.А. менен анын эжеси Раимжонова Наргизахондор менен кылмыштуу тил бириктиришип, жаңы адамдарды жалдоо  жана аларды “Ислам мамлекети” эл аралык террористик уюмга САРдын аймагына жиберүү үчүн акча каражаттарын жиберишкен.

“А” андан ары өзүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу максатында, И.М.Б.ны М.Акимжанова менен Кыргыз Республикасынын паспортун жасоо жана авиабилет сатып алуу боюнча байланышуусун суранган, “А” тарабынан Н.Раимжоновага которулган акча каражатынан  каржыланган.

М.Акимжанова өзүнө бөлүнгөн кылмыштуу аракеттерди аткаруу менен И.М.Б.нын атынан Ош шаарындагы ОСД-2 паспортту тез даярдоо бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын паспортун алуу боюнча тийиштүү документтерди тапшырып, 7500 сом мамлекеттик алымды төлөп, Кыргыз Республикасынын И.М.Б.нын атына паспортту алган.

2015-жылдын 06-июлунда М.Акимжанова менен Н.Раимжоновалар “Ош-Стамбул” багыты боюнча 2015-жылдын 09-июлуна авибилеттерди сатып алышкан жана тергөөдө аныкталбаган адамдар аркылуу Ош нотариалдык округунун жеке нотариусу А.Т. аркылуу И.М.Б.га анын ата-энесинин атынан кызы И.М.Б.ны Кыргыз Республикасынын аймагына Н.Раимжонованын күзөтүүсү менен чыгууга уруксат берүүчү макулдук-арызын жасалмалашкан.

2015-жылдын 09-июль күнү саат 03:00 чамасында М.Акимжанова, Н.Раимжоновалар, И.М.Б. жана башкалар менен биргеликте Ош шаарындагы эл аралык аэропотко келишип, “Ош-аэропортунун” чек ара көзөмөлүнөн өтүшкөн.

Н.Раимжонова Сирия Араб Республикасынын аймагына өтүү максатында, ал жакта “Ислам мамлекети” эл аралык террористик уюмунун тарабында катышып жаткан анын инисинин алдына барууну көздөп, эл аралык террористик уюмдун идеяларын жана максаттарын колдоп, өзүнүн ноутбугунда Халифат куруу идеяларын чагылдырган, джихатка үндөгөн диний мазмундагы видеоматериалдарды сактап келген.

Соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, видеожазуунун ичинен 12 видеоматериал  Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Өзбекстандагы ислам кыймылы” террористик, экстремистик уюмуна жана 3 видеоматериал “Ислам мамлекети” террористик экстремистик уюмуна тийиштүү экендиги аныкталган.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 2-июнундагы өкүмү менен:

Акимжанова Мохирахон Абдурахмановна 1961-жылы Ош областынын Араван районунда туулган, билими орто, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон, үй-бүлөлүү, беш баласы бар, Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 375-ст. 1-б. (Жалданмачылык), 350-ст. 6-б. (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу), 350-ст. 6-б. менен күнөлүү деп табылып, биротоло 6 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазаны аялдар үчүн абактарда өтөөсү белгиленген.  

 Раимжонова Наргизахон Абдумаликовна 1986-жылы Ош областынын Араван районунда туулган, билими орто, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон, үй-бүлөлүү, 2 баласы бар, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 375-ст. 1-б. (Жалданмачылык), 350-ст. 6-б. (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу), 350-ст. 6-б. менен күнөлүү деп табылып, биротоло компьютердик техникалардын баардык түрлөрүн пайдалануу укугунан ажыратуу менен 7 (жети) жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазаны аялдар үчүн абактарда өтөөсү белгиленген.

Соттун өкүмү менен макул болбостон, соттолуучулар М.Акимжанова жана Н.Раимжонова апелляциялык даттануу келтиришкен.

Жалал-Абад областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 29-августундагы өкүмү менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 2-июнундагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык сотунун басма-сөз кызматы билдирди.

Дарига Назарбаева Сенатка депутат болду

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев кызы Дарига Назарбаеваны парламент сенатына депутаттыкка дайындады. Тиешелүү жарлык 13-сентябрда чыкты. Ушул эле күнү өкмөттүн жаңыланган курамы жарыяланган.

Дарига Назарбаева 2015-жылдын сентябрынан бери вице-премьер-министрлик кызматта болчу. Ага чейин парламент мажлисинин төрага орун басарлыгын аркалаган.

9-сентябрда премьер-министр Карим Масимов кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигине бекитилген. Өкмөт башчылыкка Бакытжан Сагинтаев келген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тимур Саралаев, активист: "Депутаттар каникулга тарамак тургай күндүр-түндүр эл берген ишинимди актап, маселени чечиш керек эле"

Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Уңгар-Тоо маселеси учурда коомчулуктун кыжырын кайнатып турган кез. Өзбек чек арачылары эч себепсиз бастырып кирип, ошол жердеги байланыш станциясында иштеп жаткан 4 жараныбызды “мыйзамсыз биздин чек араны бастырып кирген” деген күнөө менен өз аймактарына алып кирип кетишкен. Ошондон бери ал 4 жарандын дайыны жок. Коомчулук болсо жакшылыктан үмүт үзбөй, Жогорку Кеңеш эс алуудан келсе бул маселени карайт деп турган кезде депутаттар эс алуудан келди дагы “Көчмөндөр” оюнун анан Курман айт майрамын шылтоолоп кайра 13-сентябрга чейин каникулга чыгып кетишти. Деги эле мамлекетте оор кырдаал жаралып жатканда депутаттар каникулунун мөөнөтүн узартып алышына көз караштар кандай?- деген суроо менен кайрылып көрдүк.

– Унгар-Тоо маселеси өлкөбүздө кимге эмне керек экенин так жана даана көрсөтүп койду го. Кошумча 12 күн каникулду демилгелеген депутатты мен мекенчил деп тааныбайм. Орусча айтканда “Пир во время чумы” эле болду. Жогорку Кеңеш түздөн-түз Унгар-Тоо маселесине кийлигишпесе дагы, бирок аткаруу бийлигине тапшырмаларды берип, же убактылуу комиссияны түзүп, өзүлөрүнүн каналдарын колдонуп туткунда жаткан биздин 4 жаранды бошотконго аракет кылыш керек эле. Анын ордуна РАЖ, КСДП, Бир Бол, Өнүгүү фракцияларынын лидерлери кошомат кылып Көчмөндөр оюндарында жүрүшөт Стивен Сигал менен селпилдеп. Депутаттар каникулга тарамак тургай күндүр-түндүр эл берген ишинимди актап, маселени чечиш керек эле. Мына ушундай алардын өзүмчүлдүгүнөн эл нараазы боло баштайт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ташкенттеги тарыхый мечитке Ислам Каримовдун аты ыйгарылды

Ташкенттеги “Журабек” мечитинин ордуна жаңысы курулду. Тарыхый мечит мындан ары Ислам Каримовдун ысымын алып жүрөт.

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун ысмы Ташкентте 1897-жылы курулган мечиттердин бирине коюларын кызы Лола Каримова-Тилляева Фейсбукка кабарлады.

“Уламалар кеңеши жана коомчулук мечитти Өзбекстандын биринчи президенти, менин атам Ислам Каримовдун урматына “Ислам-Ата” деп атоону сунушташты”,- деп жазат Каримова-Тилляева.

2015-жылы бүтүндөй өрттөнүп кеткен мечит учурда оңдолуп жатканын Лоланын баракчасындагы сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульт болуп 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салган. Анын сөөгү кичи мекени Самаркандга коюлган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Атамбаев чыныгы көчмөндүн тукуму эмес”

Коомдук ишмер, революциянын булдезору атыккан Азимбек Бекназаров менен коомчулукта кызуу талкууга алынган видео кайрылуусу тууралуу ой бөлүштүк.

– Азимбек мырза, сиздин интернетке тараган кайрылууңуздан кийин  “Өзбекстанга согуш жарыялап, Кыргызстандын тынчтыгын бузат экен” деп кооптонгон сөздөр айтыла баштады.  “Үңкүр-Тоону” сактап калууда мындан башка жолду таппадыңызбы?

– Бийлик алты айдан бери чара көрө албаганы үчүн ушул жолду тандоого аргасыз болдум. Анткени, жазында эле, тактап айтканда, 6 ай мурун өзбек тарап Үңкүр-Тоону ээлеп алууга аракет жасаган. Ошондо да оппозиция акылга келип, 23-мартта эртеси, 24-мартта Ошто өтө турган чоң курултайды: “Үңкүр-Тоонун маселеси чечилсин. Мекенибизге бүлүк түшүп, жерибиз кошуна мамлекеттер тарабынан басып алууга дуушар болуп жатса, артка  жылдыра туралы. Сариевдин Үңкүр-Тоо Өзбекстандыкы дегенин көрсөткөн протоколун жокко чыгарып бергиле”- деп депутаттарга кайрылып, ал кайрылуубузду Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек  Жумалиевден бердирип жиберип, “бийлик кандай чара көрөт экен?” деп чыдамсыздык менен күттүк. Тилекке каршы, биздин тыныгуу алып, “бийликтегилер Үңкүр-Тоонун маселесин чечип алсын” деген аракетибизди эске албай,  “Бекназаров Өзбекстандын агенти” деп көнгөн адаттары боюнча айыптап чыгышты. Мага тиешеси бар ишти да, тиешеси жок ишти да чаптап, каралоодон мурун бийликтегилер акылы болсо, Үңкүр-Тоону жок дегенде бир ротага кайтартып койсо, азыркыдай абал жаралбайт эле. Өзбектер “биздики” деп кире албайт эле го. Бийликтин катачылыгынан мамлекеттүүлүгүбүздү далилдеген эгемендүүлүк күнүн Өзбекстан Кыргызстандын Үңкүр-Тоосун басып алганы менен тостук. Анткени, 22-августта бул аймакты өзбектер биротоло басып алды. Аксынын кулуну катары 31-августтагы Атамбаевдин сөзүнөн кийин  президентке, парламентке кайрылып, “Үңкүр-Тоону кайтарып алуу бийликтегилердин колунан келбесе, ал ыйгарым укукту мага берсин. Мен элдик ыктыярчылардан элдик кошуун түзүп, аны кайтаруунун аракетин көрөйүн. Антпесек, өзбектер чыкпай турган абалга жакындап баратышат”- деген оюмду билдирдим. Расмий бийликке, башкача айтканда тышкы саясатты аныктаган өлкөнүн президентинен кол башчы катары “ошондой ыйгарым укук бер” деп кайрылдым. Ал сүйлөшүүнү  менин атымдан эмес, бийликтин атынан жүргүзүп,  ата-бабадан калган кыргыз жерин сактап калайын деген таризде кайрылдым. Андан кооптонгудай деле нерсе жок. Айтайын дегеним, мен элди согушка же башка нерсеге үгүттөп, чакырык таштаган жокмун.

– Бийликтегилер” согушабыз” деген сөзүңүздөн кооптонуп жатышса керек да. Эмне үчүн “согушабыз” деген сөздү айттыңыз?

– Менин согуш ачып, маселени сөз менен эмес, согуш менен чечейин деген максатым жок. Болгону, ошол жердеги журналисттин сөзүнө жооп кылып, “согушабыз” деп койгом. КТРК кайрылуунун маанисине карабай, “согушабыз” деген сөздү кайра-кайра кайталап көрсөтүп, элге мени чагымчыл саясатчыдай көрсөтүүнүн аракетин көрүп жатышат.

– Эгер Үңкүр-Тоо тымызын сатылбаганда өзбектер батынып кире албаса керек эле. Бакиев сатып, Жекшенкулов кол койгон деген маалымат чынбы же Сариев сатканбы?

– Үңкүр-Тоону “Бакиев сатып, Жекшенкулов кол койгон” деп отура бергенибиз туура эмес. Минтип биз убакыттан гана уткузуп жатпайбызбы. Ошондуктан, баарынан мурда Сариевдин протоколун жокко чыгарыш керек. Себеби, ким жең ичинен сатса да, ал документ парламенттен ратификациядан өтө элек, демек жараксыз. Менин күйүп-бышып, “Үңкүр-Тоо боюнча документтерди жокко чыгаралы” деп кайра-кайра какшап жатканымдын себеби ошол. Эртең биз Өзбекстанга барсак, алар “бийлигиңер бул жердин биздики экендиги жөнүндө протокол чыгарып берген” деши толук мүмкүн. Негизи өзбектердин жерлерибизди басып алганы мыйзамсыз. Алардын туура эмес аракеттерин көрүп, билип туруп унчукпай коё албайм. Мекенимдин жери кертилип жатканда үн катпай коюу чыккынчылык деп эсептейм. Мен Атамбаевди чыныгы көчмөндүн тукуму деп эсептебейм. Анткени,  Атамбаев кол башчы катары Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ачып коюп, чек араны коргошу керек эле. Чыныгы көчмөндөрдүн тукуму жерин бастырып коюп, улак тартып, ат чабыш көрбөйт.

Бийликтегилердин кайдыгер мамилесинен улам “Бакиев сатып, Жекшенкулов кол койгон” деген сөздү элдин аң-сезимине киргизип, өздөрү жерди сатып, андан кийинки чыга турган жаңжалды “Бекназаров кылды” деп, мага шылтап, “тополоңду Бекназаров уюштурду” дегиси келип жатат окшойт.

– Бийликтин “көктөн тилегени жерден табылып”, “чыккынчы” деген кине менен сизди камакка алса не болот?

– Мени камакка алса, Өзбекстанды колдоп жатканы дайын болот да. Мен бийликке ор казбай эле тескерисинче, бийликке жардам берейин деп жатпаймынбы. Атамбаевдин күч структуралары  оппозицияны аңдыгандын ордуна чек араны жакшылап кайтарса жакшы болот эле.  Мен элдик кошун түзүп алып, Атамбаевди бийликтен оодарып түшүүнүн камын көргөн жокмун да. Мен ата-бабабыздан бизге калган чек арабызды кайтаруу максатында, кайдыгер караган бийлик төбөлдөрүнүн көзүн ачкым келди. Эгер мамлекеттин келечек тагдырын ойлоп, бийликке Үңкүр-Тоону кайтарып алууга жардам берүүнү көздөп жасаган кайрылуум кылмыш болсо, анда камай беришсин. Мен бийликтин укуругунан, “камайм” деген аракетинен коркпойм. Конституцияда дагы  Ата-Мекениңдиди коргогонго милдеттүү экениң жазылган. Мекенди коргоо ата-мекендик укугум. Ошон үчүн мени эч ким токтото албайт. Үңкүнр-Тоодо иштеп жаткан адамдарды дайынсыз жакка алып кетип, барымтага алып, оттоп жүргөн малдарыбызды айдап кетип жатышса, унчукпай отура албайм. Анткени, чындык биз тарапта.

– Учурда Үңкүр-Тоону БТРлер кайтарып жатабы?

– Үңкүр-Тоону БТР эмес, солдаттар кайтарып жатат. БТРлер өзбектер жазында басып алган Ала-Бука, Аксы тараптагы  чек арага жакын жерде турушат. Сыягы не болуп кетет деп кооптонушат окшойт. Өзбектер Үңкүр-Тоону кайтаргандарды күчөтүп, вертолёттор учуп, азык-түлүк ташып жатканын айтышууда. Чынында чек ара маселесинде оппозиция, бийлик деп эки жээкте турбай, бир муштумга биригип, маселени чечүүнүн жолун табышыбыз керек.

Барымтадагылардан кабар алган жан барбы?

– Барымтадагылардан дайын жок болгон үчүн туугандары “бошотуп бергиле” деп жүрүшөт да. Биздин бийлик барытадагылардан кабар алып, аларды чыгаруунун аракетин көрбөй жатса,  Өзбекстандын камакка алынган милициясын ошол замат чыгарып кетиптир. А биздикилерден дайын жок.

– Балким, Каримовдун каза болгону үчүн маселе татаалданып жаткандыр…

– Ал  шылтоо да. Каримовдун өлүмү, Көчмөндөр оюнунун Кыргызстанда өтүп жатканынан  Үңкүр-Тоо маселеси жогору турат. Саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү буга маани бербей Конституциянын алмашылышын, референдумдун өтүшүн жогору көрүп жатышат. Чынында Үңкүр-Тоонун жанында Конституция бир бучкагына да жетпей калат. Анткени, Конституция эртеби-кечпи өзгөрөт. Атамбаевдин колунда айтканын аткарган парламенти турганда ал Акаев, Бакиевден кем калмак беле! Ошон үчүн Конституциянын өзгөрүп-өзгөрбөшүнүн камын эмес, Үңкүр-Тоону кайтарып алуунун айласын көрүшүбүз керек. Себеби, Үңкүр-Тоо биздин мекенибиз. Мекенибиз чекесинен кертилип кетип жатканы жакшылыктын жышаанасы эмес. Ошон үчүн Конституциядан Үңкүр-Тоонун маселесин жогору коюп, аны кайтарып алуунун жолун табышыбыз керек. Эгер Үңкүр-Тоону бере турган болсок, өзбектер дагы 5-6 жерди сурап, аны да өз ээлигине алуунун айласын издейт.

– Каримовдун тажиясына президенттин барбаганы мамилени терс жакка буруп жибербейби?

– Биздин президенттин барган-барбаганы Өзбекстан үчүн баары бир. Эч кандай мааниге ээ эмес. Ошон үчүн 6 жылдан бери бир метр да чек ара маселеси чечилген жок да. Аны Текебаев деле мойнуна албадыбы.

Атамбаевдин 31-августтагы сүйлөгөн сөзүнө таарынып,  Роза Отунбаева президиумдан кетип калды.  Президенттин Убактылуу өкмөт тууралуу айткан сөздөрү оор тийдиби же президент аша чаап кеттиби?

– Атамбаев абысындар да айтпай турган сөздөрдү айтты. Майрамдын майрамында ошентип айтабы? Отунбаевага асылып, аны каралап, таарынткандан мурун Үңкүр-Тоону басып алышканы тууралуу айтса жарашмак. Кана биздин эгемендүүлүгүбүз? Кана биздин көз карандсыздыгыбыз, кол тийбестигибиз? Жерибизди өзбектер басып алса, майрамдап, эч нерсе болбогонсуп отурабыз. Улуттун, эгемендүүлүктүн орчундуу маселелери турса, Атамбаев  абысына асылгансып, Роза Исаковнаны шылдыңдады. Президенттин сөзү үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү уят болдук. Анткени, реваншисттер, акаевчи, бакиевчилер “булардын абалын кара” деп күлдү да. 7-апрелде өлгөн балдардын туугандары “балдарыбыз ушуларды ээрчип, канын эмнеге төгүштү?”- деп жатышса керек. Атамбаевдин сөзү үчүн мен да жоопкерчиликти алам. Анткени, Атамбаевди жетелеп жүрүп, ушул деңгээлге жеткиргем. Отунбаеванын басып кеткени президент үчүн өтө уят көрүнүш болду. Президент болгондон кийин көчөдө ушакчылардын деңгээлине түшпөшү керек, өлкө башчысы экенин эстеп, чактап сүйлөшү абзел.

– Атамбаев айткан сындарга макулсузбу?

– 2010-жылдан бери банк кутучалары тууралуу айтып, “Бекназаров менен Сариев бөлүп алган” деп келе жатат. Бирок, Сариевди  өкмөт башчы кылды. Атамбаевдин бизге доомат коюп жатканынын себеби, Убактылуу өкмөттүн иштерине катышкан эмес. Мисалы, тополоңдорду, башаламандыктарды  алдын алуучу комиссиянын төрагасы болгону менен бир да жолу түштүккө басып барган эмес. Кайда жүргөнү белгисиз болгон. Кутучалардан алынган акчаны мамлекеттин бүтүндүгү, коомдук тартипти колго алыш үчүн аргасыз иштетип жатканда дагы ал катышкан эмес. Ошон үчүн туура эмес ойлорду айтып, коомдук пикир жаратуу менен алек болуп жатат.

– Эл алдында сындап жатканына караганда  президенттин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө таарынычы чоңбу?

– Отунбаеваны майрамдын алдында кабыл ал десе, кабыл албай койду. Кабыл алып, аткарбаса да  сунушун угуп койсо болмок. Сыягы, президент “менин демилгелериме каршы чыктыңар” деп жаш балача таарынып отурат.

– Отунбаеванын таарынычы 3-революцияга алып келбейби?

– Атамбаев үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү революция чыгарарына кошула албайм. Отунбаева Атамбаевге таарынып, аны жазалаш үчүн үчүнчү революция уюштурбайт…

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg

Түркия Гүленди камоо боюнча АКШга расмий өтүнүч жиберди

Түркия Юстиция министрлиги 13-сентябрда Фетхуллах Гүленди камоо өтүнүчү менен АКШга расмий кат жөнөттү. Анкара аны аскердик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыптоодо.

Түркия өкмөтү Гүлендин тарапташтары кутумга барып, азыркы бийликти кулатууга чама жумшаган деп эсептейт. Диний ишмерди мекенине кайтаруу маселесин Эрдоган менен Обама Кытайда өткөн “Чоң жыйырмалык” саммити учурунда талкуулашкан.

Америка администрациясынын атайын өкүлү Анкара маселени укуктук эмес саясий жактан чечүүнү талап кылганын билдирген.

Динаятчы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда ыктыярдуу бозгунда жүрөт. Ал Түркиядагы июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы жок экенин айтып келет. Түрк өкмөтү Гүлен негиздеген “Хизмет” кыймылын террордук деп таап, аны менен тилектеш делгендерди камап же ишинен айдоодо.

Окуядан кийин түрк бийлиги дароо АКШдан Гүленди экстрадициялоону талап кылган. А Вашингтон ал үчүн далилдерди сураган. Кийинчерээк Түркия Юстиция министрлиги тийиштүү документтерди жөнөткөнүн, Вашингтон алганын билдирген болчу.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыз элитасы жалаң “Заначка” ичип калганбы?

Президенттин Аппаратынын иш башкармалыгы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына спирт ичимдигин сатып алуу үчүн 148,8 миң сом жумшайт.

Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар кызматы билдирди. Ал арак, коньяк, пиво, лимонад, газдалган суу ичимдиктери болуп саналат.  Мындан сырткары, “Заначка”  арагы  (0,2 л.) жана “Кыргыз коньягы” коньягын да сатып алышмакчы. Баса, “Заначка” арагын көп кабаттуу үйлөрдүн астындагы дүкөндөрдө сатууга тыюу салынган. Анткени, аталган аракты көпчүлүк учурда селсаяктар жана алкоголиктер сатып алышат.Мамлекеттик резиденцияга дал ушул селсаяктар менен алкоголиктер жакшы көргөн спирт ичимдиктерин эмне максатта сатып алганы жатышат? Биз билгенден президенттер жана анын резиденциясындагылар жалаң “Путинка”, “Гжелка”, италия коньяктарын жана башка таза спирт ичимдиктерин гана ичишет. Эмнеге азыркы кыргыз бийлиги мынчалык төмөн түшүп, селсаяктар менен алкоголиктердин катарына теңелип калган? Негизи мамлекеттик резиденцияда атың өчкүр арактын болбогону эле дурус го. Андан көрө улуттук суусундуктар “Шоро”, “Таң”, “Максымды” сатып алып, ичишсе болмок. Ошондо ата-мекендик өндүрүш көтөрүлүп, бийликтегилерди көрүп, карапайым эл да ичпей калат эле.

Булак: “Майдан.kg”

Кыргызстан саякаттоо үчүн мыкты 12 өлкөнүн катарына кирди

Британиялык The Independent гезити саякатчылар сөзсүз барышы керек болгон 12 өлкөнүн катарына Кыргызстанды да кошту. Басылманын аталган рейтингин белгилүү саякатчы Гуннар Гарфорс түзгөн. Ал 40 жашында эле дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн кыдырып чыккан.

Гарфорс кайсы бир өлкөнү мыкты деп өзгөчө бөлүп айта албайт. Бирок, бардык адамдар кыдырып чыга турчу 12 мамлекет бар деп эсептейт.

Саякатчы Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун, колориттүү базарлары жана меймандос калкы бар экенин белгилеген. Мындан тышкары ал Кыргызстандын суусу сонун болгондуктан, стакан ала жүрүүнү сунуштаган

Башка бир британиялык The Telegraph гезити да 2015-жылы саякатчылар үчүн барууга ыңгайлуу 12 өлкөнүн катарына Кыргызстанды кошкон болчу.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

А.Кадырбаевдин президентке ашкере жагалданып кошомат кылгандыгы социалдык тармактарда каттуу сынга кабылды

12-сентябрда бүткүл дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанда да Курман айт майрамы белгиленип, эң негизгиси тынч өттү.

Анткени акыркы кезде кошуна мамлекеттерде бир топ террордук аракеттер болуп, жакында эле Бишкектеги кытай элчилиги жардырылгандыктан, чочулоолор бар эле. Ош шаарында мэриянын алдына чогулган миңдеген адамдарды алгач мэр Айтмамат Кадырбаев жана облус казысы Убайдулла Сарыбаевдер куттукташты. Бирок эмнегедир шаар башчысы жакшы эле сүйлөп келатып, “Биз баарыбыз Кудайга чын ыкласыбыздан ибаадат кылышыбыз керек. Президентибиздин жаңылануу саясатын сынга алып, эл арасында бузукулук кылып, бөлүп жаргандарды Кудайга койдук, аларды Кудай жазаласын!”- деп оппозицияны каргап-шилеп, президентке кошомат кылып жиберди. Андан айырмаланып, Ош шаарынын казысы У.Сарыбаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандарга ыраазычылыгын айтты. Бирок Оштун мэринин бул диний майрамды саясатка аралаштырып, болгондо да президентке ашкере жагалданып кошомат кылгандыгы социалдык тармактарда каттуу сынга кабылды. Деги Кудай эгер чын эле бар болсо, анда элин тентитип, жеке кызыкчылыгы үчүн калп сүйлөгөн бийликтегилерди жазаламак беле же ошол кор болгон элдиби?!

Булак: “Майдан.kg”

Тажикстанда мунапыс алган жаран эки сааттан кийин кайра түрмөгө түштү

Тажикстандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, мунапыс алган жаран, абактан чыгар замат, тактап айтканда эки сааттан кийин кайра кылмыш жасаган.

59 жаштагы Абдукаюм Уроков өткөн аптада эркиндикке чыгып, бирок кайра камалган. Ал мунапыс аркылуу азаттык алган соң, дароо бир аялдын 360 сомони акчасын жана мобилдик телефонун уурдап кармалган.

Тажикстанда эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 12 миңден ашуун шектүүлөр жана камактагылар жазадан кутулган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Пентагон: ИМ тобу башкы насаатчысынан айрылды

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун басма сөз катчысы Абу Мохаммед аль-Аднани Американын аба соккусунан кийин тындым болду. Бул маалыматты Пентогон дагы тастыктады.

Пентогондун маалымат катчысы Питер Куктун айтымында, Сириянын Эль-Баба аймагына жакын жердеги соккудан ИМ тобунун башкы насаатчысы, үгүтчүсү жана чет өлкөдөгү террордук операциялардын архитектору жок кылынды. Аданинин өлүмү топтун ишмердүүлүгүн биртоп кыйындатат. Себеби ал ар кыл өлкөлөрдө жарандык объектилерге жалгыздап кол салууларды жасоого шыкак берчү.

Авиасокку 30-августта Predator учкучсуз аппаратынын жардамы менен жүзөгө ашкан. Hellfire ракетасы Аднани түшкөн автоунааны жок кылган.

Аднани ИМ тобунун маалымат катчысы катары кызмат өтөп, Париж, Брюссель, Стамбул андан тышкары Бангладештеги ири чабуулдарда маанилүү ролду ойногон. Расмий адамдардын билдирүүсүнө ылайык, ал Синай жарым аралында орусиялык авиалайнерге болгон кол салууга да катышкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украинадагы жикчилдер ок атышууну бир тараптуу токтоторун билдиришти

Украина чыгышындагы Донецк жана Лугансктагы жикчилдердин лидерлери ок атышууну бир тараптуу токтоторун билдиришти.

13-сентябрда орусиялык телеканалдарга сүйлөп жатып Донецктеги жикчилдердин лидери Александр Захарченко тынчтык режими 15-сентябрга оогон түнү башталарын айтты. Захарченко Киевди да ушул кадамга барууга чакырды.

Ал эми Лугансктагы жикчилдердин лидери Игорь Плотницкий да ушундай билдирүү таратты.

Орусия колдогон жикчилдердин лидерлери алгач ирет бир тараптуу ок атууну токтотууну демилгелешүүдө.

Буга бир нече саат калганда Украина президенти Петр Порошенко Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Радада добуш берүү болорун, ага ылайык, өлкөнүн чыгышындагы облустарга автономия берилерин айткан.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинен бери өкмөт менен жикчил күчтөрдүн согушунан 9500дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Равшан Жээнбеков, саясатчы: Оппозициялык күчтөрдүн "Референдумга - Жок!" элдик кыймылы түзүлдү

“Кечээ, 13-агусттун кечинде ар кандай коомдук-саясый күчтөрдүн бир топ күндөн берки сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы чыкты. Саясатчылар, улуттук-патриоттук күчтөр, граждандык коом жана жаштар биригип “Референдумга – Жок!” элдик кыймылын түздүк”, – деп билдирди оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 14-сентябрда Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине.

“Буга чейин айрым маселелер боюнча Элдик курултайдын лидерлери менен бир пикирге келишпей жатканбыз. Кечээ кечинде алар биздин сунуштар менен макул экендигин билдирип келишти. Эми мындан ары Атамбаевдик бийликтин узурпациясына каршы, референдумга каршы бирге күрөшөбүз. “Референдумга – Жок!” элдик кыймылы 8-октябрда, Бишкекте Элдик курултай өткөрөт. Курултайды өткөрүү боюнча иш тобу түзүлдү. Ал топтун башына оппозициялык саясатчылардын атынан Эльмира Ибраимова, жарандык сектордон Рита Карасартова, улуттук-патриоттук күчтөрдүн атынан Кадыр Кошалиев жана жаш муундардын атынан Мавлян Аскарбековдор шайланышты. Менимче бул ситуативдуу болсо дагы, максаттуу, ар кандай күчтөрдү камтыган биригүү болду”, – дейт Равшан Жээнбеков.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Текебаевди «жылдыз» кылган Момбеков болчу

Өткөндө Конституциянын өзгөрүшү тууралуу талкуу өтүп, анда оппозициясы да, позициясы да, чет өлкөдөн жем жеген уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Мына ошол жерден  СДПК фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков сөз сүйлөп, «Конституцияны өзгөртүүгө биринчилерден болуп Өмүрбек Текебаев сунуш киргизген, бүгүн каршы чыгып жатат» – деп билдирди. Ага жооп кылып, «Ата-Мекендин» атасы Өмүрбек Чиркешович, «Жогорку Кеңештен  эң көп сүйлөгөн депутат Рыскелди» –  деп эл сени айтат, Рыскелди сен чынында көп сүйлөйсүң» – деп билдирди. Ошентип кайым айтышуу менен талкууда  жыйынга келгендер бир пикирге келе алышкан жок. Бирок биз бир нерсени эске салып койгубуз келди. Бакиевдин маалында Текебаев өңдөнгөн саясатчылар өзүнүн пикирин билдиргенге гезит таппай жүргөндө, дал ушул Рыскелди Момбеков баштаган  редакциялык жамаат  аны «жылдыз» кылбады беле. «Ачык саясат», Алиби» гезиттеринин беттерин берчү эмес. Анын пикири туура болсо да, туура эмес болсо да коргоп, колдоп жатып калчубуз. «Агым» гезитине жылаңач сүрөтү менен чыкканда, дал ушул Рыскелди мырза  биринчилерден болуп колдоо көрсөткөн. «Бул деген жасалма, атайын жасашкан, Бакиев кылып жатат» – деп эле Өмүрбек мырзанын таламын талашып жатып калганбыз. Чынында Текебаев саясатта  жылдыз болуп жанып турганда  анын пикирин, позициясын элге жеткирүүгө Рыскелди мырза менен Бабырбек мырзанын эмгеги зор. Эгер калп десе  Кудай турат. Эми ошол Чиркешович менен Момбековдун бүгүн пикирлери келишпей жатканын кара. Саясатың менен куруп калгыр…

Булак: “Ачык саясат”

Улуттук банк «Келечектин инвестициясы» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында сынак жарыялайт

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы журналисттер арасында «Келечектин инвестициясы» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак жарандардын финансылык сабатуулук деңгээлин финансылык кызмат көрсөтүү жана продукттар рыногунун спецификасы тууралуу сапаттуу материалдардын, айрыкча үнөмдөө жана инвестициялоо инструменттеринин жардамы аркылуу жогорулатуу максатын көздөйт.

Сынакта шаардык жана региондук жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыккан мыкты материалдарына номинациялар каралган.

Кыргыз Республикасынын басма сөз жана электрондук ЖМК өкүлдөрүнүн (пресса, теле жана радио, интернет) кыргыз жана орус тилдериндеги иштери кабыл алынат. Бир эле автордон берилген материалдардын санына жана көлөмүнө чек коюлбайт. Сынакка берилүүчү материалдар 2016-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин жарыяланууга же телеберүүдөн көрсөтүлүүгө тийиш.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер сынакка катышуу ниетин көрсөткөн билдирмени толтуруусу зарыл, ага кыскача таржымал жана сынакка берилүүчү материалдарды тиркеп, ал документтер салынган баштыкчаны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101 дареги боюнча «Сынакка катышуу» деген жазуусу менен 104-кабинетке жеткирилиши керек.

Сынактын байге фондусунда баалуу белектер, ошондой эле кызыктыруучу байгелер каралган.

Сынактын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүн утурлай Улуттук банктын Төрагасынын катышуусунда өтө турган салтанаттуу иш-чарада жарыяланат.

Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыгынан 5 адам каза таап, 7 адам жабыркады

2016-жылдын 13-сентябрында саат 14:15 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында Тойота-Эстима мамлекеттик № ОS 749 автоунаа менен ХОВО мамлекеттик №В 9535 АI автоунаасы кагылышкан.

Тойота автоунаасында 12 адам болгон, жол кырсыгынан 3 чоң адамдар, 2 балдар жеринде мерт кеткен.

Тойота автоунаасынын 7 жүргүнчүсүнүн 3 жаракат алган адамдарын куткаруучулар жолдогу автоунаалар менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жиберген, 4 жаракат алган адамын патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына алып кетишкен.

Хово унаасындагы 2 адам эч кандай жаракат алган эмес.

Азыркы учурда тийиштүү иш чаралар жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет. Бул тууралуу КР  ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Болот Дыйканбаев, коомдук ишмер: “2007-жылы 26 жашымда 170 миң доллар акча коротуп, 52 кыргыз үй тиктирип, 1 тонна 200 кг күрүч демдеп, 12700 нан кетирип эки күн “Көчмөн” тоюн өткөргөм”

Учурда өтүп жаткан Көчмөндөр оюнунун авторлору көп. Чынын айтканда баш адашат. Деги эле көчмөндөр оюнун биринчи ким өткөргөн, идея чынында кимдики? Биз бүгүн көчмөн элибиздин тоюн өткөрүүгө ким негизги себепчи болуп калганын каармандын оозунан угуп көрөлү.

— Болот мырза, сизге Көчмөндөр оюнун өткөрүү идеясы кайдан келген? Сиз туулуп өскөн Өзгөн шаарында биринчи жолу көчмөндөр оюнун өткөргөн экенсиз…

— Биринчиден, Көчмөндөр оюну кечээ же 2014-жылы эле келип жаткан жок. Мен өзү көчмөн болуп төрөлгөм. Себеби, атам койчуман болгондуктан көчүп-конуп жашаганбыз. Жүрөгүмдө бир өйүгөн маселе бар эле. 2001-жылы Алматы шаарында иштеп жүрсөм, шаардын четине “Көчмөндөр” деген кафе ачылган. Орусча “Кочевник” деп жазылыптыр. Мен ал жерде “көчмөн элдин атасы кыргыз”-деп күрөшө баштадым. 2007-жылы 27-октябрь күнү бир ай КТРден “туугандар, көчмөндөр оюнуна келгиле. 9 түрлүү оюн өтөт. Байгесине 5 машине сайып берейин. 15 миң доллар байге коёюн”-деп жарнама бердиргем. Анда мен 26 жашта элем. 170 миң доллар акча коротком. Ош шаарында ал убакта кыргыз үйлөр жок экен, Чаткалдан, Чоң-Алайдан бери алдыртып, 52 кыргыз үй тиктирип, 1 тонна 200 кг күрүч демдеп, 12700 нан кетирип эки күн “Көчмөн” тоюн өткөргөм. Бул көчмөн элдеринин тою деген ат менен кеткен. Базардагы нандар калбай калганда туугандарыбыз базарды жаап качышкан. Себеби, мен атайын даярдалган аттарды мингизип, калкан, найза, кылычтарды жасатып, Өзгөндүн ичинен парад өткөргөм. Ошондо Болот бир тополоң баштаганы жатат деп элдер базарын жаап кетип калган.

— Бийлик тараптын тойду өткөрүү боюнча ойлору кандай эле?

— Бийлик тараптан чынын айтканда аябай кысым болгон. “Эмнеге өткөрүп жатышат, кайсыл партиянын атына иштеп жатат”-деп чыгышкан. Себеби 27-октябрь күнү Жогорку Кеңеш таркап, партиялык система менен келет деген түшүнүк келе жаткан. Кысым болгонуна карабай аракет кылып тойду өткөргөнбүз. Той күнү эртең менен Адахан Кимсанбаевич мамлекеттик катчы, Жантөрө Сатыбалдиев Ош областынын губернатору, Баткендин губернатору, Жалал-Абаддын губернаторунун орун басары, Нарындын губернаторунун орун басары конок катары чакырылган адамдын баары келген. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Турция 5 мамлекеттен келген конокторго кошуп кокустан келип калган америкалыктардан, француздардан бери коноктогонбуз. Ал тойду кыргыз эли көчмөн элдердин атасы экендигин таанытуу максатында өткөргөнбүз. Ошол жерден бир журналист менден бул оюндар дагы башка жерде өтөбү деп сураганда “бул оюнду мен жеке менчиктеп алган эмесмин. Бул көчмөн элдеринин оюндарын башка областтар өткөрүүгө жардам бер десе даярмын”-деп жооп бергенмин. 2013-жылы бир журналист жигит менден “Вефа” борборунун 3-кабатында маек алып калды. “Сизди биз кыргыздын патриоту катары тааныйбыз. Кандай максаттарыңыз бар? Кандай иш-чараларды жасаганы жатасыз?”-деди эле, “Көчмөндөр оюндарын Кыргызстанга уюштурсак, кыргызды Азиянын арстаны экенин көрсөтсөк”-деген оюмду айтсам Максат Чакиев деген жигит “сизди интернеттен көрдүм, кыргыздын патриоту экенсиз, жолугалы”-деди. Жолуктук, жакшы кабыл алды. “Силер департаментте эмне иш кыласыңар?”-десем “туристтерди Кыргызстанга алып келүү боюнча иш кылабыз. Өзгөн жергесине эки канат жол салуу үчүн Мухтар деген депутат суранып жатат, биз колдоп жатабыз” дегенинен “Бирөө жол салып, анан ага турист чакырбай, Кыргызстандын ичин байланыштыралы. Көчмөн оюндарын уюштуруп, ар бир областка каттайлы. Аны уккан чет өлкөдөн туристтер келе берет” дегенмин. Аябай жакшы идеяңыз бар экен деп кетирди. Дагы бир аз күндөн кийин кайра чакыртты да чачын артка байлаган жигитти көрсөтүп “ушул жигитке жардам бериңиз. Көчмөн оюндарын уюштуралы, сунуш жазалы, сиз бизге оюндар боюнча эксперт болуп бериңиз”-дешкенинен макул болгом. Москва-Совет көчөсүнүн кесилишинде ошол жигиттин үйү бар экен. Мен ошол жерге келип оюндарды, таржымалдарды айтып берип жүрдүм. Премьер-министр сунушубузду кабыл алыптыр, Максатка рахмат, Турцияга барганда түрк тилдүү кеңешмеге Адахан Кимсанбаевич аркылуу айттыртыптыр. Ал киши көчмөндөр оюнуна автор болду, Максат дагы авторлоштордун бири. 2014-жылы Көчмөндөр оюну өтөөрдө бир дагы киши телефонун албайт. Бала-чакам менен барып келейин дедим эле. Бир эже биз менен иштешип жаткандыктан ал эжеге чалсам “Болот кечирип кой, бул идея колдон колго өтүп кетти, биз эч ким эмес экенбиз”- дегенинен “анда уят болгон экенмин”-дедим да өзүм балдарымды алып барып келдим. Бирок 23-ноябрда келинчегим каза болуп калды. Ошол менен мен 40 күн аза күтүп, үйдө олтуруп калганда, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев мени издетиптир. Максат мага “сизге премьер мактоо баракчасын берип жатат”-деп айтып калды. Аза бүткөндөн кийин 18-декабрда мактоо баракчаны мага берди. Кокус менин илээшпеген жерим болсо ал мактоо баракча эмес конверт бербейт эле. Азыр автор менмин дегендер менен теле дебатка чыгып калсак “2007-жылы мен той берип жатканда сизде ушундай ой бар беле”- деп сурайт элем. Ушундай эле суроону Максат менен Аскатка дагы берип “силерде ушул идея бар беле? Бышылуу тамактын күйүтү жаман кылбагыла”-деп айтмакмын. Тилекке каршы андай нерсе жок.

— Азыркы өтүп жаткан көчмөндөр оюну жактыбы?

— Мага жакты. Биз башында чогуу иштешкенде балдарга атайын сценарий бергем. Бирок меники өтпөй калыптыр. Менин сценарийим боюнча парадда биринчи Манас атабызды 40 чоросу менен өткөрөлү. Манас атабыз тууралуу “Манас келе жатат, көчмөндөрдүн баш ханы келе жатат” деген ураан менен азыркы президентке чейинки кыйындар төрттөн өтсүн, алардын тарыхы менен айтылсын дегем,  жактырышпаптыр. Кечээки көчмөндөргө сонун даярданышыптыр. Менин ниетимдин 90%ы аткарылды. Кыргыздын баары бир жерге чогулса, жамырап калпак-элечекчен көрсөм дегем, аткарылды. Жарым миллион эл ошол жерде кылкылдап, хан шайлоону көрсөтүп жатышса өтө кубандым. Актёлорго дагы рахмат, жакшы даярданышыптыр. Стадионду да укмуш салышыптыр. КМШ боюнча ат оюндарына биз жолдомо беребиз. Башкача айтканда Ордо болуп калдык. Астананын ат майданы дагы мындай эмес.

— Казактар спорттук жайларына каттуу көңүл бурчу эле го?

— Казактар мындай ат майдандарды курушу мүмкүн. Бирок маңдайынан чөл көрүнөт. Биздики дароо көл көрүнөт. Аркасы тоо, өзүнчө эле жомок. Көчмөн элдин колоритине туура келген ат майдан болду. Эң башкысы менин ичимди өйүп жүргөн бир канча иштер чечилди. Мен Россияда, Казакстанда, Турцияда иштегем. Баардык жерде калпакчан болуп, “мен атаңмын, мага салам айткыла. Силер бизден тарагансыңар”- деп тамашалайт элем. Бир жолу мындай сөздөрдү бир казактын милициясына айта коюп камап салышкан.

— Сиздин кара жорго бийин биринчи алып чыкканыңыз боюнча да маалымат бар. Идея сиздики беле?

— Керек болсо калпак күнүнүн дагы, кара жоргонун дагы идеясы меники, бирок ошону ишке ашырган жигиттерге, агаларыма чын жүрөктөн ыраазымын. 2005-жылы ошол убактагы “Бителдин” калпакчан киши менен “менин желем” деген жарнамасы чыккан. Ошону ЦУМдун 3 кире беришине полго тартып коюшуптур. Мен ошол жерден тополоң кылып, башкы директоруна кире албай койдум. Ызы-чуу салсам ары-бери жагына жөнөтүп мени топ кылышты. Жиним келип Жогорку Кеңешке кирип, Эмилбек Абсатаровичке жолугуп “Кыргыздын калпагы тебеленип жатса, ЦУМду өрттөйм. Эгер силер чече албасаңар өрттөп салам”- десем ошол жерден үнүн катуу чыгарып ЦУМдун директоруна чалды. “Болушу мүмкүн эмес, андай нерсе жок”- дегенинен соткама видеосун тартып алган элем, көрсөтсөм Эмилбек аке кайра чалып “ЦУМду өрттөйм деп атат, алгыла” деп жатып анан алдыргам. Дордойдо бир лөлү аксакал калпак кийип алып дубаначылык кылып жүрүптүр. Барып калпакты башынан алдым да топуңду кийип ал дегенмин. Мончолордон дагы калпакты астына төшөп олтургандар менен урушуп калпак мончолорго кийилбесин деп жармаштырып чыкканмын. Калпак кийилбесин деген баракчаларды мончолордо буу бөлүмдөрүнө тараткам. 2007-жылы Кара жоргону деле Кытайга барып Кулжадан үйрөнүп келип, Дастан Сарыгуловго кирдим. Ал “идеяң жакшы экен. Муну колдошубуз керек”- деп жатканда мамлекеттик катчылык кызматынан кетип калып эч нерсе кыла албай калдык. Айылга бардым дагы 7-класста окуп жаткан эки баланы тандап, кара жоргону үйрөтүп, “Санжыра” деп группа ачып бердим. Эки балага өзүм акча берип чоң тойлорго киргизип бекер бийлетчүмүн. Бир күнү Рахман Раззыков чалып бул бийдин башында сен турат турбайсыңбы, балдарың бийлеп жүрөт, конокторум бар эле жөнөтүп берчи дегенинен жибергем. Ал жерде Кубаныч Эсенбаев бар экен. Ал мага чалып “казактар биздин бий деп будуң-чаң түшүп жатышат. Көрсө бул бий биздики турбайбы. Кел, телеге чыгалы. Мен ошол жерде иштейм”- дегенинен макул болуп телеге чыгып, аябай бапылдадык. Кубаныч «бир карындашым бар эле, бийлеп чыкса дегем. Уруксат бересизби» дегенинен макул болуп бир-эки ыкмаларын да көрсөтүп бергем. Кийин интернеттерден карасам эле кара жоргонун автору Кубаныч Эсенбаев, мен тууралуу эч нерсе жок. Эч жерде айтышпайт. Кубаныч акеге “маек учурунда бир бурчуна менин деле эмгегимди айтып койбойсузбу”- десем “Боке, ошол катачылык кетип калыптыр, айтам деп унутуп калыптырмын”-деди. Анан казак-кыргыз бул бийди талаша баштадык эле баары чээнге кирип кетип мени түртүп коюшту. Мен жөн каламбы, тытышып 1924-жылдагы бийлеп жаткан кыргызды таптырып, кыргыздын Антланта океанынан Тынч океанына чейин ээлеп турган кыргыз империясынын картасын таптырып күпүлдөп баштаганда мага чалып “ Боке жакшыбы”-дешет да кайра эле мен жокмун. Кыскасы менин идеям ишке ашты.

— ”Кара жоргону” казактардыкы, калмактардыкы жана башка элдердики дешет. Бул жагынан далилиңиз барбы?

–2009-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев атайын казактардын бийин, салттарын, жаңы түзүмдөрдү түзгөн адамдарга байге жарыялаган. Ошондо кытайлык кыргыздын эки жигити келип Астанада “Кара жорго” бийин үйрөткөн. 3 миң студент, казактардын Маданият министри бийди кошо бийлеген. Дүйнөдө эң көп адам бийлеген бий катары ЮНЭСКОго киребиз деп кире алышкан жок. Бирок казак эл бийи деп кабыл алышкан. Казактардын бири дагы “Кара жорго” биздин бий деп айта алышпайт. Анткени, Кытайдагы казактар кыргыздардын тоюна барып үйрөнүп ушул бийди бийлеп жүрүшөт. Түндүктүк досторумдун тойлоруна барсам лезгинка, түштүктүк досторумдун тоюна барсам андижан полкасы. Анан кой, өз бийибизди бийлели деп “Кара жоргону” алып чыккам. Бул окуя 2004-2005-жылдары болгон. Экинчи кылымда жарым дүйнөлүк картада көрсөткөн Атланта океанынан Тынч океанына чейин Кыргыз империясы деп турат. Керек болсо ал жерде Россия, Казакстан, Өзбекстан деген жок. Муну казактар таарынса таарынсын деп айтып жүрө бердим. 2013-жылы Нурсултан Назарбаев өзү казак теле каналдарынын биринен “Казакстан 1991-жылы мамлекеттүүлүккө жетти. Биринчи ирээт тарыхыбызда мамлекет болдук”- деди. Мага таарынса таарынсын, президенти өзү айтып жатат. Эми тарыхы кенен элден ушундай мыкты бий, ырлар чыгабы? Же кандай?

— Дагы кандай идеяларыңыз бар?

— Мен ушул жерден айтып калбасам дагы бирөө ээлеп кетпесин. Мамлекеттен мигранттар үчүн сыртка чыгып бараткандардын баарына жүргүнчү билетине атайын дагы бир барак кошулуш керек. Ал баракта “Урматтуу мекендеш, сизге ак жол тилейбиз, жакшы барып ийгиликтүү кайтыңыз. Сизди ыйык мекенибиз Кыргызстан күтөт. Биз сизди сүйөбүз”- деп жаздырып коштурайын деп жатам. Өлкөдөн чыгып бараткан ар бир адам мени мекеним, элим сүйөт деп ойлонсун деген ой да. Себеби Россияга барып 22 жаштагы балага Кыргызстанга барып иштебейсиңби десең келечек жок дейт. Айланайын, келгениңе канча жыл болду десем 2 жыл дейт. 20 жыл жашадың, ошондо келечек бар беле? Эки жылда бөлкөнү жеп келечек күтүп калыпсың, кокус бул жакта төрөлсөң кыргыз деген аттан уялмаксың деп канчасын уруштум. Экинчи идеям болсо, азыр мэрия жолдун баарын кашаалап тосуп салбадыбы. Биз эмне малканада жашайбызбы? Кичинекей таякчаларга газондордун арасына “Тууганым, сиз тебелебейсиз гүлдөрдү. Жаныңыздагыга дагы эскертип коюңуз”- десе адам деген ойлонот. Биз тосмолор менен адамдарды мажбурлабашыбыз зарыл. Заманбап жашоо үйлөрдүн короолору, дубал менен тосулбастан ачык кашаалар тутулганда гана келет. Кыргыз кең пейил, эшиги ачык калк болгон. Ошончо кашаа тосконго акча коротпой кара топурак алып келип гүл бакча кылса бир-эки тебелейбиз анан көнөбүз, биз деле адамбыз да.

Маектешкен Баян Кулова

Оппозициянын курултай өткөрүү камылгасы

Конституцияны өзгөртүүгө каршы былтыр Ак үй алдында өткөн митинг

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы күчтөр өз ара биригип, жакында бирдиктүү улуттук курултай өткөрүүгө камынууда.

Бул курултайды өткөрүү мөөнөтү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жарыяланганга чейин өтүшү керек экени талкууланууда.

Күчтөрдү бириктирүүнүн далалаты

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы саясий күчтөр менен жарандык коом өкүлдөрү бийликке референдум өткөрүүнү токтотуу талабын койгон улуттук курултай чакыруу чечимин кабыл алган. Бардык күчтөрдүн башын бириктире турган улуттук курултайда эмдиги жылы өтө турган президенттик шайлоонун алдында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнүн кесепеттери талкуулана турганы айтылды.

“Жаңы муун” жаштар кыймылынын теңтөрагасы Мавлян Аскарбеков учурда төрт түрдүү багыттагы күчтөрдү бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн мындайча белгиледи:

– Мына ошол бирдиктүү курултайды уюштуруу үчүн бардык саясий күчтөрдүн башын бириктиргенге аракеттенип жатабыз. Азыркы кезде төрт негизги саясий күч биригүү алдында турат. Бул саясий оппозиция, жарандык коом, жаштар кыймылы жана улуттук-мекенчил күчтөр. Биз көз караштарыбыздын ар түрдүүлүгүнө карабастан бийликтин коомчулук менен кеңири кеңешпестен туруп, Баш мыйзамды өзгөртүү жана ал аркылуу узурпациялоого багыт алганын ооздуктоо үчүн бир муштумга биригүү керек экенин терең жоопкерчилик менен сезип турабыз.

mavlyan-askarbekov2

Мавлян Аскарбеков

Мына ошентип Баш мыйзамды өзгөртүүгө жана бийликти узурпациялоого каршы туруу демилгесин көтөргөн тарап сентябрь же октябрь айынын башында бирдиктүү улуттук курултай чакырууну мерчемдеген.

Көз караштардын кагылышы

Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө уюштурула турган курултайга кожоюндук кылуу жана анын күн тартиби боюнча маселеде талаш-тартыштар чыкты. Мындан сырткары курултайды уюштуруучулардын арасынан бийликтин Баш мыйзамга сунуштап жаткан жоболорун колдогон тараптар дагы болду.

Улуттук-мекенчил күчтөрдүн башын бириктирген “Элдик курултай кыймылынын” өкүлү Кадыр Кошалиев оппозиция жана жарандык коом менен менен тил табыша албай калган жагдай туурасында мына буларга токтолду:

– Бир эле бирдиктүү курултай өткөрөлү деген максат болду. Бирок биз кээ бир маселелер боюнча тил табыша алган жокпуз. Мына ошондуктан биздин арабызда референдумду өткөрүүнү колдоо жагына оой турганыбыз тууралуу дагы маселе көтөргөндөр болду. Анткени сунушталып жаткан долбоордо улуттук дөөлөттөрдү жана жогорку баалуулуктарды коргоо сыяктуу бизге жаккан жоболор бар экен. Бирок биз ошол эле кезде саясий оппозиция менен тил табышпай калууну трагедия катары көрбөйбүз. Биз алар чакырган жыйындарга конок катары барып катышып сүйлөсөк, алар биз чакырган курултайга келип сөз сүйлөп кете беришет.

Ошол эле кезде Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы уюмдашып жаткан саясий күчтөр курултайды бийлик референдум жарыяланганга чейин өткөрүү маселесин көтөрүүдө. Бирок бир айга чукул убакыттан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндөгү кайсы бир тараптар менен болгон келишпестиктерден улам ар бир тарап өз алдынча жыйынга чогулуу чечимин кабыл алган. Башында 17-сентябрга дайындалган бирдиктүү улуттук курултай өткөрүү демилгесинин мөөнөтү мына ушуга окшогон маселеден улам артка жылып кетти.

Санааркаткан санаалаштык

“Каршылык көрсөтүү кыймылынын” өкүлү Бегалы Наргозуев саясий оппозиция менен улуттук-мекенчил күчтөрдүн ортосунда карама-каршы көз караштар болгонун ырастады:

– Бул жерде саясий оппозиция менен жарандык коом “Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө каршыбыз” деп жатабыз. Ошол эле кезде “Элдик курултай кыймылы” болсо өздөрү койгон улуттук баалуулуктарга байланыштуу маселелер эске алынса жана президент Атамбаев сунуштаган долбоорго өзгөртүү киргизилсе, анда референдум өткөрүүгө макул экенин белгилешти. Мына ушул жерге келгенде биздин көз караштар дал келбей калды. Бирок алар дагы бийликти узурпациялоого жол бербөө жана ага каршы турууда бирге болууга тилектештигин айтышууда.

begaly-nargozuev-7

Бегалы Наргозуев

Буга чейинки эки ыңкылаптан кийинки акталбаган үмүттөр жана бийликтин ишмердүүлүгү менен элдин ишениминин ортосундагы ажырым маселесинде “Элдик курултай кыймылы” менен азыркы саясий оппозициянын ортосунда көз караштар дал келген. Бирок бул коомдук кыймыл саясий оппозиция улуттук курултай чакырууну өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп кетет деп кооптонуп тургандай. Мына ошондуктан “Элдик курултай кыймылы” бийлик менен оппозициянын тирешинен пайдаланып, өз сунуштарын Баш мыйзамга киргизип калууну көздөп жатканы айтылууда.

Кубанычбек Жолдошев

“Азаттыктын” иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Булак: “Азаттык”

Бүгүн Кара-Көлдө болгон автокырсыктан каза болгондордун жана жаракат алгандардын тизмеси такталды

Бүгүн, 13-сентябрда саат 14:15 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында “Тойота-Эстима” үлгүсүндөгү мамлекеттик № ОS749 микроавтобус  менен “ХОВО” үлгүсүндөгү мамлекеттик №В9535 АI  оор жүк ташуучу автоунаа кагылышкан. Бул тууралу КР ӨКМинин басма сөз кызматы билдирет.

“Тойота-Эстима” автоунаасында 12 адам болгон, жол кырсыгынан 3 чоң адам, 2 жаш бала жеринде мерт кеткен.

 Окуя болгон жеринде каза болгон 5 жарандын экөөсүнүн өздүгү такталды :

1. Ош облусуна караштуу Алай районунун Күңгөй айылынын тургуну, 2000-жылы туулган Атабек кызы Айгерим жүргүнчү;

2. Өздүгү тактала элек 3 айлык наристе бала жүргүнчү;

3. Өздүгү тактала элек 25-30 жаштардагы аял киши жүргүнчү;

4. Өздүгү тактала элек 6-7 жаштагы бала жүргүнчү.

5. Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБнүн аймактык тескөөчүсү милиция капитаны, Кыпчакбаев Эркин Эсенович жүргүнчү.

 Жаракат алып Кара–Көл шаардык ооруканасына жеткирилген 7 жаран:

1. Ош облусунун Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Кошоев Каныбек Тыныбекович “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу;

2. Ош облусунун Араван районуна караштуу Төбө-Коргон айылынын Маткеримов көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну, 1990-жылы туулган Бахриева Жайнагүл Махмуджановна айдоочунун аялы;

3.  2013-жылы туулган, Тыныбеков Алинур Каныбекович айдоочунун баласы;

4.  2015-жылы туулган, Тыныбекова Назерке Каныбековна айдоочунун кызы;

5.   Ош шаарынын Фурхат көчөсүнүн №6 үйүнүн тургуну, 2006-жылы туулган Эсенов Алихан Эркинбекович жүргүнчү;

6.   Ош шаарынын Фурхат көчөсүнүн №6 үйүнүн тургуну, 2013-жылы туулган Эсенов Абдысамат Эркинбекович жүргүнчү;

7.   Ош шаарынын Кара-Суу районуна караштуу Совхоз айылынын тургуну, 1978-жылы туулган Касымов Семетей Ормонбекович жүргүнчү.

Шаардык ооруканын кызматкерлери жаракат алган жарандарды кабыл алып, биринчи тез жардам көрсөтүлүп дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

 ХОВО оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунун Чубак тургуну 1985-жылы туулган Нусупов Мирлан Джуматаевич жарат алган эмес. 

Фото - Бүгүн Токтогулдун Чычкан капчыгайында "Джип" үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп кетти

Бүгүн, 13-сентябрда  саат 14:15 чамасында Токтогул районундагы Чычкан капчыгайынын  Жаңы–Жол айыл аймагына караштуу Бишкек-Ош автоунаа жолунун  243-чакырымында  “Джип” үлгүсүндөгү мамлекетик               № В 0057 F автоунаасы жолдун чекесинде белгисиз себептерден улам күйүп кеткен. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Автоунаада адам болгон эмес.

Окуя болгон жерге Токтогул райондук КР ӨКМнин 97-өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып өрттү өчүрүшкөн.

dzhip-sgorevshij-toktogule3

dzhip-sgorevshij-toktogule4

dzhip-sgorevshij-toktogule2

dzhip-sgorevshij-toktogule6

Дайырбек Орунбеков, журналист: "Атамбаевдик бийлик мага жана менин жакындарыма да жаңы паспорт берүүгө тыюу салып коюшуптур"

Атамбаев жана анын куурчак соттору менин жарандык укуктарымды чектеп, өтө кооптуу жана коркунучтуу кылмышкерге кылган мамилени жасап жатат. Мен, үй бүлөөмдүн мүчөлөрүнө жаңы паспорт алууга да чектөө коюп салыптыр. Мен, паспортумдагы “никеси жок” деген жерин “никеси бар” дегенге алмаштырууга барсам, ГРСке Аламүдүн Райондук сот аткаруучулары паспортту алмаштырууга тыюу салган чектөө коюп салыптыр.

Аламүдүн райондук сот аткаруучусуна барсам, “ага уруксат бере албайм, менин башым кетет, жумушсуз калам”,-дейт Талант Нурматов. Анан сот аткаруучунун жетекчисине кирдик, ал айтат: “Сен биздин талапты аткарбай, шефтин 2 000 000 сомун төлөбөй койдуң, эми неге биз сени аяшыбыз керек?” дейт.

Ошондо мен Атамбаевдин куугунтугу үчүн жарандык паспортко ээ болууга, үй бүлөлүк абалымды мыйзамдуу аныктаган укукка да ээ боло албай калат экенмин. Мен, кылмыш жообуна тартыла электе эле жарандык укуктарымдан ажыратып салышты.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Чочконун этин жеп атабызбы?

Белгилүү журналист Семетей Талас уулу мына ушундай маселени көптөн бери көтөрүп келет. Анын көтөргөн маселеси  учурда абдан маанилүү болуп жатканына күбөбүз.

«Маселе мындай, Бишкекке келген уй, кой, жылкы (эң жийиркеничтүү жаныбар чочконун да) эттеринин дээрлик 80%ы алгач Ош базарына келип, андан ары кафе, ресторан, эт сатуучу дүкөндөргө таркайт. Элибиздин көпчүлү да Ош базарынан эт алат. Базарда бир эле ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория бар. Ал жерде кой, уй, чочконун эттери чогуу эле текшерилет. Айрыкча чочкодон ар кандай инфекция көп чыкканы үчүн баш сөөгүн чукуп, ичиндегилерди чубап анализ алышат. Чочкону жазып атып да жийиркенип атам. Анан ветеринарлар эт саткан соодагерлер кол алышып учурашышат, алар кезегинде эт алганы келген кардар менен. А ветеринарлар колун канчалык деңгээлде таза жууду ким билет. Кыргызстан 80%дан ашыгы мусулман болгон өлкө үчүн бул жийиркеничтүү жорук. Тамагыбыз канчалык деңгээлде арам же адал болуп атканы да абдан түйшөлтөт. Мен ветеринарларга чочконун лабораториясын өзүнчө, кой, уй, жылкынын этин текшерген лаборатория өзүнчө кылбайсыңарбы десем, аны курганга акча да, жер да жок деп жооп берип келишет. Бул боюнча депутат Төрөбай Зулпукаровго кат түрүндө кайрылгам, а киши мени ветеринарлар менен телефондон сүйлөштүрүп кой дегенден ары өткөн жок. Андыктан урматтуу депутаттар   ушул маселени чечип берсеңер эки дүйнөңөр үчүн Кудай буюрса сооп иш кылган болот элеңер» – дейт журналист. Башкаларга майда көрүнгөнү менен бул абдан чоң  маселе болуп саналат. Ден соолук биринчи орунда турат эмеспи. Деги эле бизде ветеринария жана фитосанитария деген кызматтар иштебейт. Бул жаатта өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  чечкиндүү чараларды көрсө демекчибиз.

Булак: Ачык саясат

Төрөбаевге Текебаевдин сөзү таасир бергенби?

8-сентябрда  парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы  Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулашты. Негедир Бакыт Төрөбаевге Өмүрбек Текебаевдин сөзү катуу таасир калтырган окшойт. Ал башта оюнан кайтып, Конституциянын айрым беренелерин өзгөртпөстөн калтыруу керектиги боюнча  чечим кабыл алдырды. Анткени, каникулдан келгенден кийин Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп,  «Бакыт Төрөбаев легендарлуу парламенттин депутаты болгон   атасы Эргеш Төрөбаевдин атын булгабайт деп тшенем, атасын уятка калтырбайт»  – деп билдирген эле. Мындан улам Төрөбаев катуу ойлонсо керек кайран жигит. Текебаев  ага моралдык жактан басым жасап койду, эмнеси болсо да. Биздин угушубузга караганда, жеке өзүнө жолугуп, «көзүңдү ач жигит» деген экен.

Булак: “Ачык саясат”

Текебаевди «жылдыз» кылган Момбеков болчу

Өткөндө Конституциянын өзгөрүшү тууралуу талкуу өтүп, анда оппозициясы да, позициясы да, чет өлкөдөн жем жеген уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Мына ошол жерден  СДПК фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков сөз сүйлөп, «Конституцияны өзгөртүүгө биринчилерден болуп Өмүрбек Текебаев сунуш киргизген, бүгүн каршы чыгып жатат» – деп билдирди. Ага жооп кылып, «Ата-Мекендин» атасы Өмүрбек Чиркешович, «Жогорку Кеңештен  эң көп сүйлөгөн депутат Рыскелди» –  деп эл сени айтат, Рыскелди сен чынында көп сүйлөйсүң» – деп билдирди. Ошентип кайым айтышуу менен талкууда  жыйынга келгендер бир пикирге келе алышкан жок. Бирок биз бир нерсени эске салып койгубуз келди. Бакиевдин маалында Текебаев өңдөнгөн саясатчылар өзүнүн пикирин билдиргенге гезит таппай жүргөндө, дал ушул Рыскелди Момбеков баштаган  редакциялык жамаат  аны «жылдыз» кылбады беле. «Ачык саясат», Алиби» гезиттеринин беттерин берчү эмес. Анын пикири туура болсо да, туура эмес болсо да коргоп, колдоп жатып калчубуз. «Агым» гезитине жылаңач сүрөтү менен чыкканда, дал ушул Рыскелди мырза  биринчилерден болуп колдоо көрсөткөн. «Бул деген жасалма, атайын жасашкан, Бакиев кылып жатат» – деп эле Өмүрбек мырзанын таламын талашып жатып калганбыз. Чынында Текебаев саясатта  жылдыз болуп жанып турганда  анын пикирин, позициясын элге жеткирүүгө Рыскелди мырза менен Бабырбек мырзанын эмгеги зор. Эгер калп десе  Кудай турат. Эми ошол Чиркешович менен Момбековдун бүгүн пикирлери келишпей жатканын кара. Саясатың менен куруп калгыр…

Булак: “Ачык саясат”

Улуттук банк «Келечектин инвестициясы» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында сынак жарыялайт

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы журналисттер арасында «Келечектин инвестициясы» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак жарандардын финансылык сабатуулук деңгээлин финансылык кызмат көрсөтүү жана продукттар рыногунун спецификасы тууралуу сапаттуу материалдардын, айрыкча үнөмдөө жана инвестициялоо инструменттеринин жардамы аркылуу жогорулатуу максатын көздөйт.

Сынакта шаардык жана региондук жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыккан мыкты материалдарына номинациялар каралган.

Кыргыз Республикасынын басма сөз жана электрондук ЖМК өкүлдөрүнүн (пресса, теле жана радио, интернет) кыргыз жана орус тилдериндеги иштери кабыл алынат. Бир эле автордон берилген материалдардын санына жана көлөмүнө чек коюлбайт. Сынакка берилүүчү материалдар 2016-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин жарыяланууга же телеберүүдөн көрсөтүлүүгө тийиш.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер сынакка катышуу ниетин көрсөткөн билдирмени толтуруусу зарыл, ага кыскача таржымал жана сынакка берилүүчү материалдарды тиркеп, ал документтер салынган баштыкчаны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101 дареги боюнча «Сынакка катышуу» деген жазуусу менен 104-кабинетке жеткирилиши керек.

Сынактын байге фондусунда баалуу белектер, ошондой эле кызыктыруучу байгелер каралган.

Сынактын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүн утурлай Улуттук банктын Төрагасынын катышуусунда өтө турган салтанаттуу иш-чарада жарыяланат.

Ош облустук казыяты тарабынан Курбан айт майрамына карата 100 үй-бүлөөгө азык-түлүк түрүндөгү жардамдар тапшырылды

Ош шаарындагы З.Бабур атындагы өзбек Академиялык драма театрында облус аймагындагы турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Курбан айтка карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарада Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жалпы катышуучуларды кирип келген Курман айт майрамы менен куттуктап, айт майрамынын өзгөчөлүгү боюнча айтып берди. Андан соң бардык чакырылган жарандарга казыяттын атынан азык-түлүк түрүндөгү жардамдар тапшырылды. Жалпысы ар бир жаранга 10 кг ун, күрүч, макарон, чай, туз, кумшекер, май тапшырылды. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөөлөрдү аныктоодо жана топтоо иштерин “Ош Коогалаңы” коомдук бирикмеси уюштурган.

Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыгынан 5 адам каза таап, 7 адам жабыркады

2016-жылдын 13-сентябрында саат 14:15 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында Тойота-Эстима мамлекеттик № ОS 749 автоунаа менен ХОВО мамлекеттик №В 9535 АI автоунаасы кагылышкан.

Тойота автоунаасында 12 адам болгон, жол кырсыгынан 3 чоң адамдар, 2 балдар жеринде мерт кеткен.

Тойота автоунаасынын 7 жүргүнчүсүнүн 3 жаракат алган адамдарын куткаруучулар жолдогу автоунаалар менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жиберген, 4 жаракат алган адамын патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына алып кетишкен.

Хово унаасындагы 2 адам эч кандай жаракат алган эмес.

Азыркы учурда тийиштүү иш чаралар жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет. Бул тууралуу КР  ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Шерниязовдордун тагдыры эмне болот?

«Ата-Мекенди» сатпаган эки эле көрүнүктүү саясатчылар бар болчу. Бири ыраматылык Эркин Алымбеков менен  таластык Болот-Шер. Учурда Текебаев менен Атамбаевдин тирешинен кийин  Шерниязовдун  кадамы кандай болот деген суроо туулат. Угушубузга караганда Болот Шер өзү ден соолугу жайында болбой кыйналып жүрүптүр. Саясаттан кетсемби деген да ойлору бар экен. Бирок бир тууган иниси Садык мырза  «Ата-Мекен» партиясынан учурда Жогорку Кеңеште депутат, көпчүлүк эл сыйлайт. Ошону менен катар Атамбаев менен да мамилеси жакшы деп угабыз. Ошондо Шерниязовдордун тагдыры кандай болот?  Же Садык агай саясатыңды урдум деп туруп мандатын таштап басып кетеби?

Булак: “Ачык саясат”

Каптагаев Атамбаевге эмнеге таарынган?

Алмазбек Атамбаевдин 31-августта  Убактылуу Өкмөт  тууралуу сүйлөгөн сөзүнөн  кийин коңулда жаткан бир топ саясатчылар үн катты.  Президенттик аппараттын мурдагы  башчысы  Эмилбек Каптагаев  “Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаевден башка көп жолуккан киши болгон эмес» – деп билдирди. Атамбаев өз сөзүндө  Кадыржан Батыров менен кимдер сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү, мародёрлук, банк ячейкаларын тоногондор ачыкка чыгат деп билдирген эле. Билишибизче банк ячейкаларындагы тонолгон акчаларга дал ушул Эмилбек Каптагаевдин да тиешеси бар экени айтылып жүрөт. Анын үстүнө Эмилбек Каптагаев  кызматтан кеткенден бери «Ата-Мекен» партиясынын эшигин сагалап жүргөнү бар. Анан да өзүнүн партиясынан СДПК аркылуу депутат болгон  кишиси  кийинки депутаттык шайлоого илинбей калган эле. Ошондон бери Атамбаевге таарынып жүргөнүн укканбыз…эми эмне болоор экен.

Булак: “Ачык саясат”

Умар Анарбаев, "Апрель Баатыры": "Ыза үнү"

Элибиз эгемендүүлүк алгандан бери бийлик башына жандүйнөсү жарды, мансапкор, дүнүйөкор, ачкөз адамдардын келишинин айынан жерлер, кендер сатылып, өлкөнүн байлыктары таланып-тонолуп, өлкөбүз кризиске батып бара жатат. Кыргыз мамлекетинин экономикалык көзкарандылыгынан, улуттук кызыкчылык эске алынбаганынан, бийлик башында Элим деген патриот адамдардын жоктугунан пайдаланган коңшу мамлекеттер, ар-кандай дооматтарды коюп, кыргыздын жерлерин күч менен кертип алуусу уланууда. Тарых айгинелеп тургандай элдин тагдыры менен ойногондун натыйжасында эки жолу ыңкылап болуп, жүздөгөн адамдардын каны төгүлдү. Эл жакшы жашоо издеп дүйнөнүн туш тарабына кетүүгө мажбур болуусу, азыркы күндө да уланууда. Ички жана сырткы миграцияны токтотуунун ордуна, жаштарды чет өлкөгө  жумуштарга орноштуруу деген фирмаларды түзүп алышып, жаштардын четке кетишине түрткү болуп жатышат. Бийлик системасы чек араларды ачуу менен кытайлардан жылына он миң деген жумушчуларды киргизүүдө. Бул тенденция улана берсе 20-30 жылдан кийин Элибиз өз мекенинде азчылыкты түзгөн Элге айланып калуу коркунучу бар. Чет өлкөлөрдө биздин улан-кыздар ар-кандай зордук- зомбулука тушугуп жатышы жашыруун эмес. Буга Орусиядан жылда жүздөгөн мекендештерибиздин “жүк 200”  менен келиши, жакында эле Москва шаарында өрт кырсыгынан  кыз-келиндердин өлүмү далил болууда.

Бул ыр Москва шаарында өрт кырсыгынан кайтыш болгон кызкелиндердин элесине арналат.

                       Кечиргиле                                                                                                            

Өз элинде, өз жеринде иш таппай                                                                          

Жокчулуктан сана чегип күн батпай                                                                                                      

Бөтөн элде түрткүнчүгө айланып                                                                                                            

Жүргөнсүңөр кожоюнга үн катпай

Бөтөн элде, бөтөн жерде кыйналып                                                                                                 

Алыс жакта Ала-Тоодо үй калып                                                                                                            

Тилсиз өрткө чымын жандар чыркырап                                                                                              

Кете берди кызгалдактар суйсалып

Деп айтышат “пожарниктер” кеч келди                                                                                       

Башка Элдин жарандары дешкенби                                                                                                    

Өз элине компенсация төлөшмөк                                                                                                           

Ал чоңдору абийирлерин сезбейби

Бирөөлөргө алар сүйкүм жар эле                                                                                                       

Бирөөлөрү келин болмок жаңы эле                                                                                                      

Жүрөк эзген көз жаштарга буулугуп                                                                                                  

Калып калды жер тытмалап ата-эне

Калып калды асыл жары алганы                                                                                                         

Келбейт эми алыстагы ардагы                                                                                                                   

Мээрим көрбөй, эне жытын жыттабай                                                                                        

Чоңоюшат энеси жок балдары

Томсорушат, мостоюшат жылдыздар                                                                                                   

Аза күтөт жоктоп ыйлайт кыргыздар                                                                                          

Кылымдарга Кыргыз атын даңктачу                                                                                                

Балким эртең төрөлүшмөк Чынгыздар

Абийири жок майланышкан беттерге                                                                                               

Ишенишпей ар-намыссыз бектерге                                                                                                         

Кайран кыздар шейит болуп тирүүлөй                                                                                                  

Учуп кетти айланышып кептерге

Уул- кыздар азап тартса чет жерде                                                                                                       

Коңшу деген басып кирсе четтерге                                                                                                    

БашМыйзамды улак кылып тартышып                                                                                            

Оюн курат эсиргендер эриккенде

Кечиргиле жигиттерин кыргыздын                                                                                                    

Тик карабас көздөрүнө чындыктын                                                                                                            

Коркок, жалак кошоматчыл бийликти                                                                                                

Уктатпасын убалдары уул- кыздын.

( Кабыланбек  Балкыбеков)

13 сентябрь 2016 жыл                         Талас облусу                                                      

Табылды Акеров, саясат таануучу: «2010-жылы июнда Отунбаеванын юбкасынын алдына жашынып олтургандар быйыл 31-августта Роза Отунбаевага «Эл баатырын» бериш керек болчу»

-Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн  мындан аркы тагдыры кандай болушу мүмкүн? Учурда бири-бирин чукумай башталбадыбы? Атамбаев айткан сөзүнө  туруп, мародерлордун, банк ячейкасы боюнча иштерди ачыкка чыгара алабы?

– 31 августан баштап булардын ортосунда официалдуу ажырым пайда болду десек болот. Эми булар Конституцияны өзгөртүү маселеси боюнча чындап эле каршылашып калышты. Анын себеби, эгер буга чейин Конституцияны өзгөртүү  маселеси боюнча ЖКтин 5- чакылышы президенттин институту менен тең ата катары сүйлөшүп келсе, бүгүн ЖКтин 6-чакырылышы өзүнүн чөнтөк парламент катары көрсөтүп жаткандыгында. 5-ачкырылыштагы парламент Атамбаевге макул болуп, канча ирет  Конституциянын долбоорун иштеп чыгып сунуштады эле. Бирок, А. Атамбаев ал проектилерге макул болгон эмес. Ошого  ал проектилерди токтотуп, конституциялык реформалар болбойт, ал 2020-жылга чейин алмашылбайт деп келген. Себеби, ал конституциялык долбоорлорго Атамбаевдин тегереги   макул болбош керек деп, акыл айтып келген да. Ошого конституциялык өзгөрүүлөр ишке ашпай келген.

Ал эми ЖКнын 6-чакырылышы чөнтөк  парламент болуп калгандыктан бүгүн президенттик институт үстөмдүк кылып, өздөрү иштеп чыккан долбоорду парламентке жөнөтүп, анан аларга тааныштырбай эле, карама сокур абалда кол койдуруп алып, омуроолоп, регламентти карманбай эле, түз референдумга алып чыкканы турат.

Конституциялык өзгөрүүлөр жүрүп кетсе, анда бийлик толук күчкө кирет. Анан президенттик шайлоолорго карата эң таасирдүү саясатчыларды оюндан чыгарып, саясаттан оолак болуусун камсыз кылыш үчүн мародёрчулук, банк ячейкалары ж. б. иштер кайра тергөөгө алууга аракет кылышы мумкун. Себеби, бул саясат. Бирок, ал иштер эч убакта ачылбайт, себеби мында саясат көп. Кечээ Текебаев бул боюнча Атамбаевге официалдуу кайрылбадыбы? Тап деп. Бийлик «Азаттыктын» корреспонденттери аркылуу канчалаган чуулгандуу маселелерди көтөрдү. Бирок, бири да камалган жок. Бирок, ошол маселелерди көтөргөн журналисттер мамлекеттик сыйлык да, кызмат да, парламенттик мандат да алып алышты.  Ошого мында саясат көп.

-Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы ынтымактын ыдырашына Конституцияны  өзгөртүү  гана себеп болуудабы же башка да жагдайлар барбы?

-2010-жылы Ош-Жалал-Абад жаңжалында УӨ, көптөгөн саясатчылар эмне кылаарын билбей калышкан. Ошондо эки гана киши ишке жараган. Бирөө Р.Отунбаева, өлкөнү, бардык күчтөрүдү мобилизациялап, генералдарды ишке тарткан. Ал эми Ө.Текебаев жана конституциялык кеңешме өлкөнүн негизги мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгып, аны сунуштап, УӨ аны референдумга алып чыгып, абал сакталып калган. Эгерде ошондо 27-июнда Р.Отунбаева чечкиндүүлүк менен конституицялык реформаларды ишке ашырып жибербегенде, азыр УӨ мүчөлөрү кайда олтураарын бир Кудайдын өзү билет. Ошого айтып жатпайымбы, 2010-жылы айрым УӨ мүчөлөрү, саясатчылар Р. Отунбаеванын этегине башын катып олтурган. Эмне болсо, ошол болсун, баарына ушул жооп берсин дешип. Ошол кезде эл УӨтөн дал ушул бүгүнкүдөй айкырык кадамдарды күткөн да. Бирок, тилекке каршы, ошол кезде контр күчтөргө баш көтөрө алышпай, өлкөнү контролдой албай, айлалары куруп калган. Р. Отунбаева, эл менен бирдикте өзүнө жүктөлгөн ишти татыктуу көтөрөп кете алды. Ошого менимче, өлкөнүн эгемендик күнүнүн 25 жылдыгын майрамдап жатканда, Р. Отунбаевага Кыргыз элинин баатыры деген наамды берсе, анда окуялар таптаза башка нукта өнүкмөк эле. Бирок, тилекке каршы андай болгон жок.

Анын себебин, дагы бир ушундай эле окуянын негизинде түшүндүрсө болот. Илгери Мавереннахр (Өзбекстандын территориясы) Моголистандын курамында болгон. Бирок, Тоглук Тимур өлгөндөн кийин, ал боштондукка чыгат. Бийлик Амир Тимурга өтөт. Бирок, Тоглук Тимурдун уулу өлкөнү кайра баш ийдирем деп, аскер менен келип кысканда, Амир Тимур Самаркандга качат. Душман жакындаганда Тимур досу Хусеин экөө  Самаркандды коргомок турсун, аскерлерин алып, шаарды таштап качып кетишет.  Самарканддыктар чогулуп, өздөү башчы тандап, шаарга Кызыр Кожону киргизбей коет. Ал кайтып кеткен соң, Амир Тимур Хусеин экөө  келип, шаардыктардан сурайт шаардын коргонуусун кимдер жетектеди деп. Шаардыктар эл баатырларын даро көрсөтүп, анын алдына коет. Ал аларды өзүнө чакыртып, анан барынын баштарын алдыртып салат. Ошол эле замат өзүнүн досу Хусейинди да өлтүртүп, шашылыш анын (чингизид тукумунан) жесирине үйлөнөт. Ошентип, Мавереннахрдын эгемендүүлүгү үчүн күрөштүн жалгыз каарманы болуп Амир Тимур эле калган. Бардык эрдиктердин, атак-даңктын ээси жалгыз Амир Тимур болуп калган.

Ошондуктан, УӨ экс-мүчөлөрү президентке кайрылуусунда да айтып жатышпайбы, 2010-жылы өлкөнү стабилдүүлүккө  келтирүүдө  баарыбыздын бирдей салымыбыз болду, тарых баарын тастыктайт деп.   Б.а. Атамбаевдин тегереги аны УӨтүн башка мүчөлөрүнө каршы коюп, аны жалгыз улуттук лидер кылууга аракет кылып жатат. Ошондо 7-апрель революциясына чейинки тарыхты Атамбаев жана алар жасаган болуп,  алар да тарыхка калып калат да. Мына ошондуктан, президенттин тегереги  Атамбаевди Убактылуу Өкмөткө  каршы коюп, анын колу менен буларды биротоло саясаттан жана тарыхтан сызып салуу  үчүн аракет кылып жатышат. Муну менен президенттин тегереги Атамбаевди пайдаланып,  2017-жылдагы президенттик шайлоолорго карата эң  таасирдүү  деп таанылган Р. Отунбаева, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, А. Мадумаров  сыяктууларды  бир аз ооздуктап, буларды чоң саясаттан сүрүп, оолак болуп турууларын билдиргендей болду.

Бирок, бул ушуну менен эле токтолуп калбайт. Акырындык менен бул КСДП партиясынын да башына түшөт. Себеби, азыр тегереги президентти пайдаланып өзүнө тап бере ала тургандарды эле нейтрализациялоону көздөп жатат. Кийинки этапта, Конституция кабыл алынгандан кийин, прездиденттин катышуусуз эле  башка фракция жетекчилерин жана КСДПнын лидерлерин да президенттикке баргыс кылып, жолдорун бууп, өздөрүнүн ичинен бирөөнө  жол ачышат.

Ушул жерден айтып койчу нерсе, эгер референдум болуп калса, өлкөдөгү кийинки саясий процесстер Конституциянын кандай деңгээлде алмашышына жараша жүрүшү мүмкүн.  Биринчиден, ал Атамбаевдин экинчи  мөөнөткө  барышына жол ачышы мүмкүн. Экинчиден, ал Атамбаевдин премьер-министр болуп калуусуна жол ачышы мүмкүн. үчүнчүдөн ал Атамбаев Польшанын экс-президенти Квасневскинин үлгүсүндө  башкаруусуна жол ачышы  мүмкүн. Ошол эле учурда ал бийликтин Бакиевдин бийлигинен да төмөн деңгээлге түшүшүнө  алып келиши мүмкүн.

– 31-августта Атамбаев сүйлөп жатканда Отунбаеванын кетип калышына сиздин пикириңиз кандай? Ал туура кадам жасадыбы?

-Менимче эң туура  кылды. Себеби, саясат-саясат болгону менен, баары бир жазылбаган нормалар, мораль, эрежелер өкүм сүрөт да.   Саясатчылыр, баатырлар бирин-бири урматтоо илгертен келаткан салт да.  Баары бир тарых баарын ордуна коет да.

-Текебаев менен Бабанов биригет деп жатышат. Булардын биригүүсү мүмкүнбү? Эгерде бириксе “достук” канчага созулат?

-Саясатта баары болот.  Ө.Бабанов менен К.Ташиевди деле ким ойлоду эле биригет деп. Ал гана эмес, бириккенде да, көпчүлүк жөн сөз го деп, ишенбей жатышты. Саясатта биригүүлөр же убактылуу бир саясий абалдан чыгыш үчүн болот, же ал келишимдер эки тарапты тең канааттандырса, биригүү узакка созулушу да мүмкүн.

-Деги эле Конституциянын өзгөрүшүнө  пикириңиз кандай?

-Менимче, биринчиден, Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөшү керек. Экинчиден, эгер өзгөрсө, анда ал азыркы Конституциядан алда канча жакшы болушу керек. Мисалы, Ф. Куловдун вариантындай болуп. Парламенттин коомдогу орду так көрсөтүлгөн, бийлик бутактарынын ортосунда ал салыштырмалуу туура бөлүштүрүлүп, баланс сакталган. үчүнчүдөн, конституциялык өзгөрүүлөр коомдо, өзгөчө саясий элитаны эки тарапка бөлбөй, тескерисинче ар түркүн күчтөрдүн, тараптардын биригүүсүн  камсыз кылышы керек. Төртүнчүдөн, конституциянын жаңы долбоорун конституциялык кеңешме иштеп чыгышы керек. Бешинчиден, конституциялык кеңешменин курамында жок эле дегенде 2 конституциялык реформалар боюнча юрист-специалисттер болушу абзел. Бүгүнкү конституциялык долбоор жогоруда айтылган критерийлердин бирине да жооп бербейт. Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 25 жыл аралыгында конституция 9 жолу алмашканы менен, алардын биринде да, конституция боюнча юрист катышкан эмес. Жада калса, бул реформалардын баарынын катышуучусу, канчалаган конституциялардын автору болгон Д.Нарымбаев да конституция боюнча юрист эмес. Себеби, Кыргызстанда конституция боюнча юрист жок. Ошого, ар ким каалагандай жазып алып, президенттерге сунуш кылып, конституцияны өзгөртүшүп жатышат. Эки ортодо эл кыйналып, эки жолу революция да болуп кетти.

Сөзүмдүн акырында айтып коеюн, 2010-жылы референдумда эл УӨкө  өзгөчө ишеним көрсөткөн, булар эми эч качан конституцияны өзгөртпөйт деп. Себеби, УӨ конституциянын референдумга коюлган долбооруна бадырайтып жазып койгон да, 2020 –жылга чейин өзгөрбөйт деп. Ошондуктан, эл буларга ишеним артып, аны бекитип берген. Атамбаев да президенттик шайлоолор учурунда конституцияны өзгөртөм деп эч убада берген эмес. Тескерисинче, А.Мадумаров бул конституцияны өзгөртүш керек деген программа менен чыккан. Эл Атамбаевге УӨ мүчөсү деп ишенип, аны конституцияны өзгөртпөйт, стабилдүүлүк болот деп өз добуштарын берген.  Суверендүүлүккө негиздегилери келишет, андай эле болсун  Үңкүр-Тоо, башка чек ара маселелери боюнча Өзбекстанга  жеткиликтүү   жооп  берип алышсынчы.

-Атамбаев Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган жок. Муну көпчүлүк сынга алууда. Кеч болсо да В.Путиндей болуп барып койсо болот беле?

-Каримовду узатуу сапарына Назарбаев Кытайдагы сапарын токтотуп, учканы жатыптыр деген маалымат басымдуу чыгып жатты. Путин да барат-барат болуп жатып токтоду. Кыязы, КМШ жетекчилери ич ара сүйлөшүүлөрдү  жүргүзө  салышып, анан өз пландарын өзгөртүштү көрүнөт. Мисалы, Орусия президенти Путин Керри менен катар барып калса, Өзбекстандын лидерлери менен кенен олтуруп келечек жөнүндө  сүйлөшө алмак эмес. Б. а. мураскер проблемасынын айынан пландар өзгөрүп кетти. Бирок, Кыргызстандын президенти барып койсо, туура болмок деп ойлойм. Борбордук Азияда байыртан өлүк коюуда, бардык чырлар унутулуп, маркум менен коштошууга, ага акыркы ызаат көрсөтүүгө  төгөрөктүн төрт бурчунан хандар, уруу башчылары келишкен. Бул салт орхон-энесай жазмаларында бадырайып жазылып турат. Тажикстандын президентинин Самарканд сапары «коңшубуз  кайгыга тушукту» деген сөздөр менен коштолуп, өтө жагымдуу  көрүнуш жарата алды.

Бирок, ошол эле учурда КМШ президенттери эми Кыргызстандын президентинин туулган күнүнө келет деген сөздөр айтылып жатат. Алардын  келиши өлгөн президенттен тирүү  президент артык дегенге барабар болуп калбайбы деген суроо туулбай койбойт.

-Эми өзбектер менен чек ара маселеси чечилеби? Анткени Каримов өлсө эле чек ара чечилчүдөй болуп жатышпады беле.

– Ооба. ММКларда бул өтө катуу талкууга алынып келди. Анан калса, бул сөздү президент Атамбаев ошентип айтты деп да чуу көтөрүп жатышты. Бирок, чек ара мамилесин чечүү өтө татаал. Менимче, азыркы бийлик башкасын коюп эле, Үңкүр-Тоо проблемасын  дурус чечип берсе гана. Себеби, Бакиевби, башкасыбы сатканы менен, парламент ратификация кылган эмес. Экинчиден, Өзбекстан да учурунда бир нече километр жерди такталды деп кол коюп берип коюп, кийин ал макулдашуунун айрым участоктор боюнча колдорун кайра чакыртып алышкан. Ошондуктан Атамбаев жана бийлик да бүгүн ошол жолго барышы керек. Үңкүр-Тоо боюнча Бакиевдердин келишимин кайра чакыртып алыштары керек. Болбосо, эл тынчыбайт. Себеби, Бакиевдер сатса, азыркылар деле Бакиевге шылтап акча алып алыштары мумкун деп эл ишенбей, көтөрүлүп  кетиши мүмкүн.   Бийлик Бакиевдер сатты деп жатабы, жатат. Бирок, бул бийликте ал келишимдерди кайра чакыртып алууга мүмкүнчүлүктөр  бар экенин да айтып жатышпайбы. Демек, мамлекеттик бардык органдар ошол багытта иш алып баруулары керек. Эгер Тажикстанга да жерлер сатылса, ал келишимдер ратификациялана элек болсо, анда ал  келишимдердин баарын кайра чакыртып, кайра карап чыгыштары керек.

Булак: Ачык саясат

Караколдо зомбулукка дуушар болгон аялдар үчүн сот адилеттигине жетүү маселелерин талкуулашат

2016-жылдын 13-сентябрында “Абийир Эл” коомдук бирикмеси “Тагай Тай” мейман үйүндө саат 9:30да зомбулуктун ар кандай түрүнө жана кулчулуктун азыркы мезгилдеги түрлөрүнө (кыз ала качуу жана мажбурлап никеге тургузуу) дуушар болгон аялдар үчүн эффективдүү сот адилеттигине жетүү проблемаларын чечүү боюнча бир күндүк семинар өткөрөт. Семинарга укук коргоо органдарынын, соттордун, ЖМКлардын, жергиликтүү жамааттардын, коомдук кеңештердин, жергиликтүүаймактык башкармалыктардын жана Каракол шаарынын мамлекеттик органдарынын жана үч максаттуу калктуу конуштун, анын ичинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районун Боз-Учук, Кереге-Таш жана Маман калктуу конуштарынын өкүлдөрү катышат.

Семинардын катышуучулары зомбулуктун ар кандай түрүнө жана кулчулуктун азыркы мезгилдеги түрлөрүнө дуушар болгон аялдардын эффективдүү сот адилеттигине жетүүсүнүн учурдагы проблемалары тууралуу маалымат алышат. Бул семинар аялдарга карата зомбулукка каршы турууга кызыкдар болгон бардык зарыл ишке тартылган тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүн жакшыртууга жардам берет, бул аялдардын эффективдүү сот адилеттигине жетүүсүн жеңилдетет.

“Абийир Эл” коомдук бирикмеси бул семинарды “Ысык-Көл облусунун максаттуу калктуу конуштарында иштөө үчүн зомбулуктун ар кандай түрүнө жана кулчулуктун азыркы мезгилдеги түрлөрүнө дуушар болгон аялдарга юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүүнүн ишеним кызматы” долбоорунун алкагында өткөрүүдө. Долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) алкагында ишке ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги(USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

"Евровидение-2017" сынагы Киевде өтөт

Эл аралык “Евровидение” сынагы 2017-жылы Киевде өтөт. Бул тууралуу Украинанын Улуттук телекомпаниясынын башкы директору  Зураб Аласания билдирди.

Сынактын уюштуруучуларынын чечимин Евровидениенин Берлиндеги Байкоочу кеңешине жакынкы күндөрү тапшырышат. Иш-чара кайсы шаарда өтөрү июлдун аягында эле жарыяланышы керек болчу, бирок ушул убакытка чейин ачыкка чыкпай, создугуп келди. Сынакты өткөрүү сунушу Киев, Днепр, Одесса, Львов, Харьков жана Херсон шаарларынан түшкөн.

Стокгольмдо быйыл 14-майда өткөн сынакта крым-татар тектүү украиналык ырчы жеңишке жетишкен. Жамала Сталиндин башкаруусу учурунда депортацияга туш болгон эли тууралуу “1944” аттуу ырды ырдап чыккан. Экинчи орунду австралиялык Дэми Им багындырса, үчүнчүлүктү орусиялык ырчы Сергей Лазарев алган. Украинада 2005-жылы дагы “Евровидение” сынагы өткөн болчу.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленди

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов билдирди.

Президентик шайлоого талапкерлердин арызын кабыл алуу 30-сентябрда башталып, 20-октябрда аяктайт.

Өзбекстандын парламент палаталарынын 8-сентябрдагы жыйынында президенттин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп премьер-министр Шавкат Мирзиёев дайындалган. Өлкөнүн Конституциясына ылайык, учурдагы президент өз милдеттерин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктары парламенттин жогорку палатасынын төрагасына жүктөлөт. Бирок сенаттын төрагасы Нигматилла Юлдашев тажрыйбасы жоктугун билдирип, президенттин милдетин аткаруучу кызматка Мирзиёевдин талапкерлигин сунуштаган.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салып, Самаркандда жерге берилген. Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча мамлекеттик комиссияны Мирзиёев жетектеген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор: "Мыйзамдарды талкуулай турган убакта жайлоого барып алып, эт жеп чалкалап жүрүшөт"

Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Уңгар-Тоо маселеси учурда коомчулуктун кыжырын кайнатып турган кез. Өзбек чек арачылары эч себепсиз бастырып кирип, ошол жердеги байланыш станциясында иштеп жаткан 4 жараныбызды “мыйзамсыз биздин чек араны бастырып кирген” деген күнөө менен өз аймактарына алып кирип кетишкен. Ошондон бери ал 4 жарандын дайыны жок. Коомчулук болсо жакшылыктан үмүт үзбөй, Жогорку Кеңеш эс алуудан келсе бул маселени карайт деп турган кезде депутаттар эс алуудан келди дагы “Көчмөндөр” оюнун анан Курман айт майрамын шылтоолоп кайра 13-сентябрга чейин каникулга чыгып кетишти. Деги эле мамлекетте оор кырдаал жаралып жатканда депутаттар каникулунун мөөнөтүн узартып алышына көз караштар кандай?- деген суроо менен кайрылып көрдүк.

– Аксыдагы чек арада ушундай өзгөчө кырдаал болуп атат. Эсиңиздерде болсо өткөндө дагы ушундай абал болуп, чек араны басып алышкан. Каалаган убагында эле келип басып алып оюнчук кылып алышты. Парламенттин өткөндөгүсү го болуптур, анда каникулда жүрүшкөн. Азырчы? Ар тараптан шылтоо айтып, көчмөндөр оюнун шылтоолоп каникулун акылга сыйбаган убакытка узартып алышы менин гана эмес, көпчүлүктүн кыжырын кайнатып жаткан кези. Керек болсо мыйзамдагы ишемби, жекшемби деген эс алуу күндөрүн жыйыштыра туруп, тытынып иштеп бере турган убактары эле да. Өзбекстандын өтө жогорку даражадагы адамдарын чакырып же барып, мажилисине кайрылып, кат жазып болсо дагы мыйзамдарды талкуулай турган убакта жайлоого барып алып, эт жеп чалкалап жүрүшөт. Эл өкүлдөрүнүн бул кылгандары чынында таптакыр туура эмес. Эл болсо аскер түзөбүз десе, айрымдар башкача колдонобуз деп жатышат. Аягы жакшылык менен бүтсүн.

Булак: “Жаңы Ордо”

Алматыда ШКУ өлкөлөрүнүн атайын кызмат башчылары жолугат

Алматыда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтары «жанкечтилердин катышуусундагы теракттардын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү» маселесин талкуулашат. Мекеме башчылары аймактык антитеррористтик түзүмдөр кеңешинин жыйынында жолугушат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктер билдиришти.

«Жыйында жанкечтилер катышкан теракттардын алдын алуу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагында диний радикал идеологиялардын жайылышын токтотуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү маселеси талкууланат», — деп билдиришти уюштуруу комитетинен.

Ошондой эле жыйында «терроризм идеяларынын интернет аркылуу таралышын токтотуу», «ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан террорчул, сепаратисттик жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө каршы биргеликте күрөшүү» маселелери каралат.

Маалымдалгандай, жыйынга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын делегациялары катышат. Учурда жыйын кайсы күнү өтөрү такталууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: "Үн чыгарып талкуулай албаган парламенттин барынан жогу"

Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Уңгар-Тоо маселеси учурда коомчулуктун кыжырын кайнатып турган кез. Өзбек чек арачылары эч себепсиз бастырып кирип, ошол жердеги байланыш станциясында иштеп жаткан 4 жараныбызды “мыйзамсыз биздин чек араны бастырып кирген” деген күнөө менен өз аймактарына алып кирип кетишкен. Ошондон бери ал 4 жарандын дайыны жок. Коомчулук болсо жакшылыктан үмүт үзбөй, Жогорку Кеңеш эс алуудан келсе бул маселени карайт деп турган кезде депутаттар эс алуудан келди дагы “Көчмөндөр” оюнун анан Курман айт майрамын шылтоолоп кайра 13-сентябрга чейин каникулга чыгып кетишти. Деги эле мамлекетте оор кырдаал жаралып жатканда депутаттар каникулунун мөөнөтүн узартып алышына көз караштар кандай?- деген суроо менен кайрылып көрдүк.

– Бул парламент олигархтардан, алсыз, саясатты түшүнбөгөн фракция лидерлеринен турат. Азыркы депутаттар үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы, оор абал эмес, өздөрүнүн материалдык байлыгы, кадрдык кызыкчылыктары көбүрөөк маанилүү. Андыктан маанилүү маселелерди азыркы депутаттар көтөрөт деген ой акылга сыйбайт. Ошондуктан бул парламентти таратып жибергенибиз жакшы деп ойлойм. Эгерде мамлекеттин башына оор күн түшүп турган кезде баш мыйзамды талкуулоо кезде, чек арада башка мамлекеттер жерибизди мыйзамсыз басып кирип, анын ичинде жарандарыбызды эч себепсиз алып кетип жатканда үн чыгарып талкуулай албаган парламенттин барынан жогу. Эң башкысы тарап кетсе өздөрүнө, мамлекетке да пайда болмок.

Булак: “Жаңы Ордо”

Карен Карапетян Армениянын премьер-министри болуп дайындалды

Армения президенти Серж Саргсаяндын жарлыгы менен өлкөнүн премьер-министрлигине Карен Карапетян дайындалды. Жарлыктын тексти өлкө башчысынын расмий сайтына жарыяланды.

Еревандын мурдагы мэри Карен Карапетяндын премьер-министрликке талапкерлиги Армениянын Республикалык партиясынын аткаруу органын 8-сентябрдагы жыйынында сунушталган.

Буга чейин министрлер кабинетинин мурдагы башчысы Овик Абрамян отставкага кетүү арызын жазган. Ал өз кадамын президентке жаңы өкмөттү түзүү мүмкүндүгүн берип жатканы менен түшүндүргөн.

Буга чейин өлкө башчысы Серж Саргсян Еревандагы полициянын имаратын басып алууга байланышкан окуялардан кийин жаңы өкмөт түзүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Меню