Menu

КР Улуттук илимдер академиясынын “Известия НАН КР” журналдары жарык көрдү

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын “Илим” маалыматтык басмасынан “Известия НАН КР” журналынын кезектеги сандары жарык көрдү. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

“Известия НАН КР” журналынын №2 саны машине таануу жана маалымат технологияга, машине таанууга, биология жана фитотехнологияга, геологияга, сейсмологияга, медицина жана тоолуу физиологияга, экологияга, экономикага, филологияга, тарых жана маданий мурастарга, укук маселелерине арналган.

Ал эми “Известия НАН КР” журналынын №3 санында КР илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор, биология илимдеринин доктору П.А.Ганга арналган “ТООЛУУ ТОКОЙ ЭКОСИСТЕМАСЫН ТУРУКТУУ БАШКАРУУ” аталышындагы Эл аралык конференциянын материалдары жарыяланган.

Анда Кыргызстандагы токойлордун экологиялык абалы, бүгүнкү күнү жана келечеги, токой өстүрүүнүн заманбап технологиялары, бактардын зыянкечтери жана алар менен күрөшүүнүн ыкмалары, токойдо өсүүчү бак-дарактарынын түрлөрү жана алардын пайдасы, жаңгак токойлорду, чычырканак, арча өстүрүүдөгү, тоодогу токойлордун жер кыртышына таасири, шаарларды жашылдандырууда токой илиминин кошкон салымы жөнүндө маселелер илимий негизде талданган.

Маалымат үчүн:

Академиянын жарым кылымдан ашуун мезгилден бери чыгып келе жаткан “Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” жана “Улуттук илимдер академиянын докладдары” аттуу журналдары илимий негизги жыйынтыктар жарыялана турган рецензиялануучу жогорку баллдуу илимий басылмалар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2016-жылдын 28-апрелиндеги 4-4/30 токтомуна ылайык журналдарга жарыяланган макалалар 14 жана 15 баллдык макамга ээ болот. Жогорку аттестациялык комиссия мындай чечимди илимий диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктары жарыялана турган Кыргызстандагы рецензиялануучу илимий басылмалардын Тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушту карагандан кийин кабыл алды.

 

 

Мээрбек Мискенбаев, КСДПчы депутат: "Атамекенчи “Өмүрбек Текебаевдин акыркы учурдагы жүрүш-турушу мага түшүнүксүз болуп жатат, мародерчулук ачылыш керек"

“Өмүрбек Текебаевдин акыркы учурдагы жүрүш-турушу мага түшүнүксүз болуп жатат.  Ал эми 2010-жылдагы мародерчулук окуясы 7-апрель революциясынын тарыхына өзүнчө кара так болуп калды”, – деп билдирди бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев.

“Биз мародерчулук иштин бетин ачып, акыр-аягына чейин жеткиришибиз керек. Президент 31-августтагы сөзүндө да бул иштин бети баары бир ачылат “кыңыр иш кырк жылда билинет” деп айтты, бул туура сөз. Мага Текебаевдин акыркы учурдагы жүрүш-турушу түшүнүксүз болуп жатат. Мародерчулук жөнүндө сөз болсо эле Текебаев  өзүнө алып эле, ызаланып кыйкырып чыгат. Элдин арасында да Текебаевдин аты мародерчулукка байланып калган. Текебаев деген ким деп сурсаң баары эле мародерчулук тууралу айтышат. Акыркы учурларда ал башка фракциялардын лидерлерине, президентке асыла баштады. Басма сөздө ал мен эркекмин деп кыйкырат. Ушул саясатчы айта турган сөзбү?  Анан ал мародерлор СДПКда да бар дейт. Мародерлор кайсы фракцияда бар экенине карабай биз аларды ачыкка чыгарышыбыз керек”, – деди Мискенбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Генерал Суваналиевдин эрдигин пайдаланбасак, эртең кеч болуп калбайбы?

Учурда сүрмө топ болуп бараткан оппозиция тазаланса, анан реалдуу күчтөр баш көтөрсө, бийликке альтернативалуу көз карашы менен сын пикирлерин таамай айтса, ошондо өнүгүүгө кандайдыр бир жол ачылмак. Азырынча интеллектуалдык элита, ошондой эле саясый эрктүү генералдар унчукпай турганын байкап атабыз. Алардын көч башында генерал Өмүрбек Суваналиев турат. Жай айынан башталган Конституциянын айланасындагы чатакка, референдумдун талаш-тартышына Өмүке үн катпады. Эгер Кыргызстанда туруксуздукка шек келтиргендер чыга берсе, эртең бир балээ болуп кетсе, анда генерал Суваналиевдин жол тапкычтыгына суусап калбайбызбы? Билебиз, Кыргызстанда кандайдыр бир кризистик кырдаал жаралганда, же жерибиздин чекесин өрт каптай баштаганда «Комиссар Катани» формасын кийип, кооптуу жерлерге барчу эле. Андай жамандыктын жүзүн ары кылсын, бирок, эртеби-кечпи генерал Суваналиевдин жол башчылык эрдигине муктаж болобуз. Ошон үчүн бийликтегилер эртелеп акылына келиши керек…

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: Азия Ньюс 

Башкы салыкчы Замир Осмоновдун иши бүдөмүк

Жылыга барган сайын биз­нес чөйрөбүз кеңейип, салык төлөөчүлөрдүн катары өсүүдө. Бирок, мамлекеттин казынасына бу жааттан түшчү кирешенин жетишсиздиги жашыруун эмес. Са­лык кызматынын төрагасы болуп Замир Осмонов келгени анчалык деле ийгиликтерди көрө албадык. Көрсө, коллективде Осмоновдун кадыр-баркы анчейин деле бийик эмес экен. Ишинде да ачык-айкындуулук жок, ар бир кварталда канча киреше чогултуп атканын билбейбиз. Же «черный ходдор» менен иш кылабы? Таза иштесе ММКларга жасаган эмгегин айта алабы? Келаткан жылдын бюджеттин жабуу кыйын болчудай, мугалим, врачтардын ж.б. мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын берүү үчүн кирешелер канчалык деңгээлде чогулууда? Дагы суроолор көп…

Булак: Азия Ньюс

 

 

Канат Исаев экинчи ирет коалиция лидери болду

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев көпчүлүк коалициясынын лидери болуп шайланды. Эске салсак, ал буга чейин спикерликке атсалышканда, айрым бузукулардын бут тосуусу менен өтпөй калган. Мына эми кайрадан башына бак конуп, экинчи ирет коалиция башына келип отурат. Бул да болсо Кудайдын буйругу болсо керек. Кыргызда чуркай турган аргымакты канчалык жата кала үркүтсөң да, баары бир маарага келе турганын билебиз. Канат Кедейканович дагы келечекте кө-өп ийгиликтерди багындырса ке­рек. Азыр болгону 41 жашта. Саясатта багытын түз кармап, элге жакын болуп, адамгерчилигин бийик койсо, аша турган ашуулар, дагы далай кылчайнашуулар күтүп атса керек. Себеби, андай кыйынчылыктын баары акырында ийгиликтер менен коштолот. Ток этери, ар дайым баскан изиңиз жеңиш менен коштоло берсин, Канат мырза!

Булак: “Азия Ньюс”

 

Өзүм дегенде өгүздөй күчү бар...

Мурдагы “Ар-Намыс партиясынан депутат, азыркы КСДПчы Айнуру Алтыбаева өзү мыйзамчыл депутат болуп туруп кээде мыйзамдан ашыгыраак иш кылаарын укканда бир чети таң калып, бир чети таң берип кетебиз, эй. Тагыраагы, депу­тат айымдын кара чечекей кызы бир жылдан бери Жогорку Кеңештин аппаратында иштеп келгени белгилүү. Негизи мыйзам боюнча жакын туугандар бир мамлекеттик мекемеде иштөөсүнө тыюу салынган. Эми болсо партиясына таянып алганбы же мыйзамды урганы да жокпу, өз уулун да парламентке алып келип, болгондо да өзү мүчө болгон Коргонуу, коопсуздук жана эл аралык иштер комитетине адис катары орноштурууга чуркап жатыптыр. Мындайга кандай деп айтышты да билбейт экенсиң…

Булак: Фабула 

 

 

Шавкат Мирзиеёв өкмөт мүчөлөрүн алмаштыра баштады

13-сентябрда Өзбекстан президентинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзиеёв бир катар жаңы дайындоолор тууралуу жарлыктарга кол койду. Аларга ылайык, премьер-министрдин орун басарларынын бири алмаштырылып, бир министр кызматынан алынды, ошондой эле премьер-министрдин эки орун басарынын ыйгарым укуктары кеңейтилди.

Өлкө премьер-министринин орун басары Каримов Маджит кызматынан бошотулуп, анын ордуна Арипов Абдулла дайындалды.

Касимов Рустам Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлигинин башчылыгына барды. Буга чейин ал кызматты ээлеп турган Вахабов Алишер иштен алынды.

Азимов Рустам кайрадан Өзбекстан премьер-министринин биринчи орун басарлыгына бекитилди.

Ошондой эле Икрамов Адхам дагы кайрадан өкмөт башчысынын орун басары кызматына дайындалды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

КМШ өлкө башчыларынын саммитине алты президент келет

16-сентябрга белгиленген КМШ өлкө башчыларынын саммитине алты президент катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, саммитке Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын мамлекет башчылары келет. Андан сырткары Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат. Ошондой эле саммитке КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедевдин да келүүсү күтүлүүдө.

Исаковдун билдиришинче, Молдова учурда президенттик шайлоого даярданууда, ага байланыштуу өлкө башчысы саммитке катыша албайт. Түркмөнстан президенти да Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өлкөсүндөгү «конституциялык реформага байланышкан маанилүү саясий иш-чаралар» тууралуу айтып, өлкөнүн атынан саммитке өкмөт башчысынын орун басары катышарын билдирген.

Исаков Өзбекстандын ТИМ башчысынын келиши ал өлкө менен болгон мамиленин начарлагандыгынан кабар бербей турганын кошумчалады. «Ал Өзбекстандын ичиндеги белгилүү бир иштерге, анын ичинде президенттик шайлоого даярдык көрүүгө байланыштуу. Кечээ эки өлкөнүн премьер-министрлери ортосунда жакшы сүйлөшүү болду», -деди Исаков.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев: 2020-жылдан тарта Казакстанда «жакшы болот»

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өлкө каатчылыктан 2017-жылы чыга баштап, 2020-жылдан тарта анда «жакшы болот» деп эсептейт.

Назарбаев Акмоло облусуна болгон иш сапары маалында бир нече жылдан кийин экспорттук товарларга болгон баалар «азыркыдай төмөн болбостугуна» үмүттөнөрүн жана өлкөдө жакшы жакка өзгөрүүлөр болоруна ишене турганын билдирди. Президент Казакстанда жаңы өндүрүштүк ишканалар ишке киргизилип жатканын кошумчалады.

Нурсултан Назарбаев жаңы өкмөттөн «чымырканган эмгекти» күтүп жатканын айтты.

Жакында өлкөдө Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Нурлан Ермекбаев жетектеген Дин жана жарандык коом иштери министрлиги түзүлгөн. Назарбаев жаңы министрликтин түзүлгөнүн «күндүн талабы» деп атады. Айтымында, Казакстан «ал тармакты кантип башкаруу керектигин түшүнүшү» зарыл.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кытай ишкери Тажикстанда бизнесин тарттырып жибергенин билдирүүдө

Тажикстандагы кытай инвестору анын Согди облусунун Гулистон шаарына жакын жердеги сурьма өндүрүү ишканасын рейдерлик жол менен тартып алгандыктарын билдирди. Айтымында, ишкананы курууга ал 1 миллион доллар акча жумшаган.

Жен Ху А аттуу кытай ишкери Тажикстанда сурьма өндүрүү ишканасына ээлик кылат. Ал мүлкүн «Азия-Тур» компаниясын жетектеген өнөктөшү Каромат Содикова менен банктын ортосунда иштелип чыккан план боюнча «тарттырып жибергенин» белгиледи. Айтымында, тажик ишкери жасалма документтердин негизинде анын ишканасын күрөөгө коюу менен банктан 1 миллион сомони өлчөмүндө насыя алып, аны төлөп берген эмес. Жыйынтыгында банк насыяны Жен Ху Адан талап кылууда.

Жабырлануучу ишкер эки жылдан бери банк жана Каромат Содикова менен соттошуп келе жатканын айтууда. «Дүйшөмбүнүн Экономикалык соту менен Жогорку экономикалык соттогу узакка созулган соттук териштирүүлөр менин мүлкүмдүн камакка алынышы менен аяктады. Кийинчерээк аны ондогон эсе арзан баада Каромат Содиковага сатып жиберишти», – деди ал.

Бирок Каромат Содикова кытай ишкеринин дооматтарын четке кагып, мында тескерисинче ал жабырлануучу экенин айтты. Соттук териштирүүлөр ишкананын ишинин токтоп, анын 130 жумушчусунун ишсиз калышына алып келген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Карыздарынан улам Росавиация «Түркмөн аба жолдорунун» учактарын тейлөөсүн токтотту

Росавиация «Түркмөн аба жолдорунун» («Туркменховаеллары») карыздарынан улам анын учактарын Орусия аба мейиндигинде тейлөөсүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу орусия мекемесинин расмий сайтында жазылган.

Росавиациядан белгилешкендей, 2016-жылы түркмөн авиакомпаниясы учактарынын аэронавигациялык тейлениши үчүн топтолгон карыздарын төлөп берүү боюнча бир канча жолу милдеттеме алган. Бирок ал милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө аткарылган эмес. Учурда авиакомпаниянын жалпы карызы $220 миңге жетет. Росавиация карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин чектөөлөр алынып, көйгөй чечилет деген үмүттө.

«Түркмөнховаеллары» авиакомпаниясы Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу Ашхабаддан Москва менен Санкт-Петербургга каттамдарды аткарып, Минск, Бирмингем жана Лондонго транзиттик учууларды жасайт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ менен Орусия Сириядагы тынчтык режимин узартуу боюнча макулдашууга келди

Орусия ТИМинин башчысы Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы тынчтык режимин дагы 48 саатка узартуу боюнча макулдашты. Максаты — өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты жеңилдетүү.

Кагылышуулар тууралуу айрым билдирүүлөр болуп жатканы менен жалпысынан ок атууну токтотуу режими сакталууда, зомбулук деңгээли кыйла төмөндөдү, деп билдирди Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тоунер.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Лавров Керри менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө АКШ жардам берип жаткан сириялык оппозиция күчтөрүн «Жебхат ан-Нусра» исламчыл тобунан өзүнчө бөлүү зарылдыгын билдирди.

Шаршембиде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун АКШ менен Орусияны сириялыктарга шашылыш гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылууга дагы бир жолу чакырды.

9-сентябрда Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШ менен Орусия тынчтык келишими тууралуу макулдашууга келип, ок атпоо режими 12-сентябрдан тарта киргизилген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Евробиримдик аскердик операциялардын бирдиктүү штабын түзөт

Бул ЕБдин НАТОго кошумча биргелешкен куралдуу күчтөрдү түзүүгө болгон алгачкы кадамы болот. Мындай пикирин 14-сентябрда Европарламенттин Страсбургдагы сессиясында Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер билдирди.

Ал биримдиктин айрым өлкөлөрүнүн армиясы радикал исламчылар менен Орусиянын агрессиясына туруштук берүүгө жөндөмсүз экенин белгиледи.

Анын айтымында, Евробиримдик биргелешкен штабды түзүүсүн Улуу Британия ЕБ курамынан чыккандан кийин баштайт. Жыл соңуна чейин Еврокомиссия бул тармактагы изилдөөлөр жана инновацияларга багытталган Европалык коргонуу фондун ачат.

Майда биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Еврошаркеттин биргелешкен куралдуу күчтөрүн түзүү сунушун кабыл алуудан баш тарткан. Кийинчерээк ал коргонуу тармагында кызматташууга чакырган сырткы саясаттагы жаңы европалык стратегияны демилгелеп чыккан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бүгүн Өмүрбек Текебаев өлкөдө түзүлгөн жаңы саясый абал боюнча маалымат жыйынын өткөрөт

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин 3-кабатындагы маалымат-жыйындар залында, саат 11.00.дө  “Ата-Мекен”  фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат-жыйын өткөрөт.  Бул тууралу фракциянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда бүгүнкү түзүлгөн саясый абал тууралу кеңири айтып берет.  Демек дагы жаңы бүйүр кызыткан маалыматтарды, сенсацияларды күтүңүздөр.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын областтык VII спартакиадасы өттү

Бүгүн, 14-сентябрда Сузак районунун  Ладан-Кара айылында  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын областтык VII спартакиадасы болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлгөн мелдешке областагы 12 район-шаарлардан 150дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар келип катышты. Спартакиаданын жобосуна ылайык спорттун 7 түрү: шахмат, шашки, кол күрөшү, жатып алып штанга көтөрүү, гир көтөрүү жана коляскада аралыкка жарышуу боюнча аялдар жана эркектер арасында кызуу мелдештер өткөрүлдү. Жалпы жонунан 39 медалдын комплектиси боюнча атаандаштык маанайындагы кызыктуу таймаштар өткөрүлдү.

-Сузак районунда 8123 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарыбыз бар. Алардын ичинен 107 адам  майыптар болуп саналат. 2016-жылдын 1-сентябрына карата 41 атуулга майыптык олтургучтуу коляскалар тапшырылды. Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 87 атуулга ден соолуктарын чыңдоолору үчүн курорттор менен санаторияларга жолдомолор берилди.  Областтык спартакиада бул жалаң гана спорттук мелдеш же күч сынашуу гана эмес, бул биринчи кезекте түшүнүшүүнүн, бири-бирибизди колдоонун жана  баарлашып жакындашуу менен   достошуунун негизи  деп билемин,- деди Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Абдумуктар Маматов.

– Область боюнча калктын аялуу катмарларына кошулган 229273 жаранга мамлекет тарабынан 16 млн. 854 миң сомдук материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Мектеп жашындагы балдардын арасынан окууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген балдар үчүн мектеп мугалимдери үйлөрүнө барып окутуу иштери жолго коюла баштады. Өкмөттүк эмес уюмдар бул маселеде демилгелүү иштеп жатышкандыктарын баса белгилеп кетмекчибиз.  Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында областтык спартакиаданы өткөрүү демилгеси Кыргызстан боюнча биздин областыбызда гана жыл сайын ийгиликтүү өтүп келе жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеп кетким келет,- деди  өкүл Жумагүл Эгембердиева. Өкүл Жумагүл Эгембердиева спартакиаданы өткөрүүгө өздүк фондусунан 30 миң сом бөлүп берди.

-Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар- булар кудай сүйгөн пенделер. Алар касиеттүү күндүн балдары десем аша чаппаймын. Ушул адамдар арасында жыл сайын областтык спартакиада өткөрүүгө жакындан демилге жана колдоо көрсөтүшкөн областтык жана Сузак районунун жетекчилигине терең ыраазычылык билдиремин,- деди Кара-Көл шаарынан келген өкүл Эркинаалы Юсупбаев.

Өкүл Жумагүл Эгембердиева мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы коляска менен жарыш мелдешин Жалал-Абад шаарына кире бериштеги айтылуу аркадан баштап берди. Жалпысынан 600 метрге болгон бул жарышта Сузак районунан келген Жамалдин  Мамаюсупов биринчи орунду, Базар-Коргон районунан келген Эмилбек Масиров экинчи орунду, ал эми Жалал-Абад шаарынын өкүлү Адылбек Шарипов байгелүү үчүнчү орунду колго киргизишти. Спартакиадада жалпысынан 39 комплект медал боюнча кызуу таймаштар өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мындан сырткары  спартакиаданын ар бир катышуучусуна дагы акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мүмкүнчүлүгү чектелган адамдар арасындагы областтык VII спартакиаданы өткөрүүгө Сузак районунун ишкерлери демөөрчүлүк көрсөтүшүп, 192 миң сом каражат сарпталды. Эмки VIII Спартакиада Ала-Бука районунда өткөрүлөт.

 Жолдошбай Осмонов, журналист

 

Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын областтык VII спартакиадасы өттү

Бүгүн, 14-сентябрда Сузак районунун  Ладан-Кара айылында  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын областтык VII спартакиадасы болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлгөн мелдешке областагы 12 район-шаарлардан 150дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар келип катышты. Спартакиаданын жобосуна ылайык спорттун 7 түрү: шахмат, шашки, кол күрөшү, жатып алып штанга көтөрүү, гир көтөрүү жана коляскада аралыкка жарышуу боюнча аялдар жана эркектер арасында кызуу мелдештер өткөрүлдү. Жалпы жонунан 39 медалдын комплектиси боюнча атаандаштык маанайындагы кызыктуу таймаштар өткөрүлдү.

-Сузак районунда 8123 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарыбыз бар. Алардын ичинен 107 адам  майыптар болуп саналат. 2016-жылдын 1-сентябрына карата 41 атуулга майыптык олтургучтуу коляскалар тапшырылды. Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 87 атуулга ден соолуктарын чыңдоолору үчүн курорттор менен санаторияларга жолдомолор берилди.  Областтык спартакиада бул жалаң гана спорттук мелдеш же күч сынашуу гана эмес, бул биринчи кезекте түшүнүшүүнүн, бири-бирибизди колдоонун жана  баарлашып жакындашуу менен   достошуунун негизи  деп билемин,- деди Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Абдумуктар Маматов.

– Область боюнча калктын аялуу катмарларына кошулган 229273 жаранга мамлекет тарабынан 16 млн. 854 миң сомдук материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Мектеп жашындагы балдардын арасынан окууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген балдар үчүн мектеп мугалимдери үйлөрүнө барып окутуу иштери жолго коюла баштады. Өкмөттүк эмес уюмдар бул маселеде демилгелүү иштеп жатышкандыктарын баса белгилеп кетмекчибиз.  Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында областтык спартакиаданы өткөрүү демилгеси Кыргызстан боюнча биздин областыбызда гана жыл сайын ийгиликтүү өтүп келе жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеп кетким келет,- деди  өкүл Жумагүл Эгембердиева. Өкүл Жумагүл Эгембердиева спартакиаданы өткөрүүгө өздүк фондусунан 30 миң сом бөлүп берди.

-Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар- булар кудай сүйгөн пенделер. Алар касиеттүү күндүн балдары десем аша чаппаймын. Ушул адамдар арасында жыл сайын областтык спартакиада өткөрүүгө жакындан демилге жана колдоо көрсөтүшкөн областтык жана Сузак районунун жетекчилигине терең ыраазычылык билдиремин,- деди Кара-Көл шаарынан келген өкүл Эркинаалы Юсупбаев.

Өкүл Жумагүл Эгембердиева мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы коляска менен жарыш мелдешин Жалал-Абад шаарына кире бериштеги айтылуу аркадан баштап берди. Жалпысынан 600 метрге болгон бул жарышта Сузак районунан келген Жамалдин  Мамаюсупов биринчи орунду, Базар-Коргон районунан келген Эмилбек Масиров экинчи орунду, ал эми Жалал-Абад шаарынын өкүлү Адылбек Шарипов байгелүү үчүнчү орунду колго киргизишти. Спартакиадада жалпысынан 39 комплект медал боюнча кызуу таймаштар өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мындан сырткары  спартакиаданын ар бир катышуучусуна дагы акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мүмкүнчүлүгү чектелган адамдар арасындагы областтык VII спартакиаданы өткөрүүгө Сузак районунун ишкерлери демөөрчүлүк көрсөтүшүп, 192 миң сом каражат сарпталды. Эмки VIII Спартакиада Ала-Бука районунда өткөрүлөт.

 Жолдошбай Осмонов, журналист

 

Алмаз Атамбаев кызы Алия менен күйөө баласы Костянын үйлөнүү үлпөтүндө Өмүрбек Бабановду өкүл ата кылып дайындаптыр

Алмаз Атамбаев 27-августта Бишкектеги Skyhall ресторанында той берип, 19 жаштагы кызы Алияны 24 жаштагы Константинге күйөөгө узаткан. Анда кыз тараптан 15 киши, “бүткүл кыргыз элинин күйөө баласы” тараптан 15 киши, баары болуп 30 киши гана катышкан. Алмаз Атамбаев тойго чакырган аз сандагы адамдардын арасында парламенттеги “Республика-Атажурт” фракциясынын лидери, көмүскө миллиардер Өмүрбек Бабанов да болуптур. Той кызый баштаганда Алмаз Атамбаев жаңы баш кошуп жатышкан Алия менен Константиндин өкүл атасы Өмүрбек Бабанов болот деп жарыялаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2011-жылы Өмүрбек Бабанов өзүнүн жеке менчик “Кыргызстан” банкынан Алмаз Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын жеке эсебине 1 миллион доллар которгонунун документтери ачыкка чыгып кеткен. Ачыкка чыкпай келаткандары канча экенин бир кудай билет.

Азыркы күндө Өмүрбек Бабановдун айланасындагы белдүү жигиттер “2017-жылы президент Бабанов болот, шефтен “добро” алды, мураскер болот, эркекче кол алышты, окончательно  чечилди” деп шыбырап калышты.

Ошол эле учурда 2011-жылы президенттик шайлоодо Атамбаевди президент кылууда эң чоң роль ойногондордун бири, ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибеков да Атамбаевге ыктай баштаганын президентти колдоп келаткан гезиттерди бири жазып чыкты.

Эсиңерде болсо 2011-жылы Атамбаевдин президент болуп калышына спикер Ахматбек Келдибеков, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов, “Республика” фракциясынын белдүү жигиттери Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаевдер бир команда болушуп, өтө чоң салым кошушкан. Азыр деле Атамбаев ишараат берип, тымызын буйрук кылса ушул эле команда Өмүрбек Бабановдун президент болуп калышы үчүн тикесинен-тик туруп бериши мүмкүн.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Өмүрбек Текебаев: "Ата-Мекен" фракциясы башкаруучу коалициядан чыкпайт, эгер жакпаса коалициядан СДПК чыгып кетсин!"

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун “Ата-Мекен” жана “Өнүгүү” фракцияларына башкаруучу коалициядан чыгып кетүү боюнча айткан сунушуна каяша кылып “”Ата-Мекен” фракциясы башкаруучу коалициядан чыкпайт, эгер жакпаса коалициядан СДПК чыгып кетсин!”деп билдирди.

“Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы:

“Менин бүгүнкү сөзүм, менин 1-сентябрдагы сөзүмдүн уландысы болуп кала турган болду. Мен  1-сентябрда айткам: “Бардык бийлик Жогорку Кеңеште”. Биз Өкмөттү түзөбүз, Өкмөттүн программасын  аныктап беребиз, анын ишин көзөмөлдөйбүз. Биз, башка жакка элеңдеп карабайлык! Эл алдында уят болобуз, туура эмес жолго барабыз. Конституцияда бизге так ошондой милдет жүктөлгөн! Эгерде бир партия утуп келген болсо, анда бир партиялуу Өкмөт болмок. Элибизде ынтымак ушундай экен, бөлүнүп-бөлүнүп, 6 партия жөнөттү.  Биз сүйлөшүп, кеңешип, коалиция туздүк. Коалицияда кайсы максаттардын негизинде бириккенибизди айтып, коалициялык келишимге кол койдук. Коалициялык келишимди “Ата-Мекен” партиясы бекем кармап иштеп келе жатабыз. Ошон үчүн, акыркы 5 жылда төрт жолу Коалиция ураса дагы, төрт жолу биз мүчө болуп киребиз. Анткени, биздин коалициялык келишимге биздин бекем экенибизди бардык пратиялар билет! Болбосо, кирбей койот элек да! Эми, Иса Шейшенкулович, мына Өмүрбек Токтогулович, чоң үмүт менен мени карап турат (күлүп). Бирок, туура айтып отурат. Мен да Коалиция барбы же жокпу деп суроо бергим келет! Анткени, өлкөнүн тагдыр чечкен маселеси коалицияда чечилиши керек! Өткөн чакырылышта, Чыныбай Акунович жалган айттыртпайт, Феликс Шаршенбаевич Өкмөттү чакырат эле, көп маселелерди биз Жогорку Кеңеште чечет элек, бул чакырылышта, урматтуу депутаттар мен бир секретти айтып коёюн, Өкмөт Жогорку Кеңеш менен эсептешпейт, Коалиция менен эсептешпейт! Дагы бир секретти ачайын, бизде Коалиция барбы деп суроо берип жатасыңар, эмне үчүн кеңешпейсиңер деп. Коалициянын төрагасы жок! 4 айдан бери . Коалициянын төрагасын шайлай албайбыз! Адатта. Коалициянын төрагасы Чыныбай Акунович болгон. Анча-мынча жолугат элек, төргаа шайлабагандан бери бизде Коалициянын төрагасы жок, биз жолукпайбыз, биз сүйлөшпөйбүз! Кызматташкандын ордуна массалык-маалымат каражаттарынан же болбосо чоң тойлордо бири-бирибизди кекетип, акаарат айтып сүйлөйбүз! Ошонун кесепети ылдый жакта турган чиновниктерге дагы тийип жатат! Мына кечээ Айт күнү Оштун мэри эмне деди? “Атамбаевди сындагандар оңбой калсын, Кудай жазаласын деп каргады го! Бири-бирибизди каргай турган күнбү?! Бул ынтымакка, кечиримдүүлүккө, ынтымакка чакырган күн го! Кыргыздар айткандай, “атаңды өлтүргөнгө, энеңди бер”-дей турган күн го! Бизде ушундай конфронтацияны, жек көрүүнү, адамды тоотпогондуктун идеологиясы мамлекеттик иш-чараларда тарап жатат го! Бүгүн Парламент өз милдетин аткарып, Өкмөт өз милдетин аткарып атабы?! Жок! Мына, премьер-министр, Сооронбай Жээнбеов, Айт күнү чыгып, Президенттин куттуктоосун үтүр-чекитине чейин  окуп берип, аягында Алмаз Атамбаев деп койду! Атамбаев куттуктасын! Телевизордон куттуктасын! Гезиттерден куттуктасын! Өзүнүн атынан сүйлөш керек да! Ал эмне, президенттин секретары болуп калдыбы?! Фарид Ниязов барып айтсын!, эгер ошол жерде ушундай эле айткысы келсе! Ушунун өзү, бийликтин орду башка жакка, дареги башка жакка көчкөндүгүн, биздин психологиябыз, көз-карашыбыздын башка жакка көчкөндүгүнүн далили! Иса Шейшенкулович бул жерден эл менен кеңешейин деп 15 мүнөт танапис сурайын дегенде, мени менен эмес, Икрам менен кеңешет болуш керек деп ойлодум мен, чын айтам! Эми,  Иса Шейшенкулович, мына Сизге, сүйлөймүн деп даярданып турган Мээрбек Мискенбаевге жана башкаларга, жакшылап Коалициянын келишмин окугула! Ал жерде Атамбаевди сөзсүз колдоп беребиз деген жер жок, ал  жерде Конституциялык реформаны колдобосоң, Конститиуцияны өзгөртөбүз деген жер жок.  Эгерде кимдир бирөө өзгөртөбүз десе, ал фракциянын жеке ою! Ошон үчүн, мына, Бабанов менен чоогу өзгөртөбуз деп жүрөсүңөр. Оппозиция, бул жерде Коалиция жок! Бул маселе коалициялык келишимдин предмети эмес! Мына Иса шаршенкулович, сиз лидер болуп 4 айдан бери шайлана албай жатасыз. Пртендент Өмүркулов төрт айдан бери, төрт киши башыбыз биригип шайлабайбыз. Эми шайлана турган адам, ушул жерден чыгып алып туруп, “Кет!” деп айтабы?! Шайлана турган адам, негизги партнерлорунун бири мобу жерге чыгып сүйлөйүн деп турса, танапис деп жарыялап, аны мыш кылабы?! Бири-бирибизди урматтоо, сыйлоо болуш керек да. Эгерде, бирөөнүн тапшырмасын аткарып, “Ата-Мекен чыккыла!” дей турган болсоңор, мен кеңеш берет элем: Биз чыкпайбыз! Биз коалициялык келишимди так аткарып жатабыз! Эгерде кимдир бирөө чыккысы келсе, Иса Шаршенкулович, азыр танапис жарыялап салыңыз дагы, фракцияны жыйнаныз! Мындай Коалиция кереги жок десе, СДПК фракциясы коалициядан чыгып кетсин! Мына менин сунушум. Чыр-чатагы жок. Жыйналгыла! Жакпайт, коалициянын бул, бул пункттары бузулуп жатат, бузган мобул, мобул, мобу деп бузган конкретно күнөөлүүлөрдү көргөзгүлө дагы, чыгып кеткиле! Эл азамат экен дейт! Менин сунушум ошол! Рахмат!”

Булак: Кyrgyztoday.kg

Өмүрбек Бабанов: "Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткандар саясый эркиңер болсо башкаруучу коалициядан чыгып кеткиле, Социал-демократтар силердин саясый эркиңер болсо коалициядан силер чыгып кеткиле!"

Бүгүн, 14-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда “Республика-Атажурт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов  “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өурбек Текебаевге карап “Конституцияны өзгөртүүгө карыш чыгып жаткандар саясый эркиңер болсо башкаруучу коалициядан чыгып кеткиле” деп кайрылды. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго кайрылып, “Социал-демократтар силердин саясый эркиңер болсо коалициядан силер чыгып кеткиле!” деди.

“Республика-Атажурт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы:

“Биз шайланып келген 320 миңден ашык добушубуз, элибиз мамлекетти бекитип, бутуна бекем тургузуп, экономикалык реформаны жүргузүп, саясий реформаны жүргүзөт деп туруп шайлап берген. Биз коалицияга кирбей калдык. Биз ага өкүнгөн жокпуз! Бир комитет берген жоксуңар!  Биз ага өкүнгөн жокпуз! Бирок, ошонун кесепети буйруса өзүңөрдүн башыңарга келет. Мен айткам ошондо, себеп дегенде калыс кадам жасаган жоксуңар! Бир-бириңер бөлүшүп алып комитеттерди, бөлүп кеттиңер. Калыс болгон жок. Ошонун кесепетин, өзүңөр башыңар менен көрөсүңөр, кудай буюрса. Менин силерге сунушум бар, урматтуу коалициянын мүчөлөрү, урматтуу Иса Шейшенкулович! Сүйлөшкүлө. Сүйлөшүүнүн негизинде конституция болсун. Конституцияга каршылар, мен ойлойм, саясий эрки болсо коалициядан чыгып кетишсин, сиздердин саясий эркиңиздер болсо, Социал-демокараттар, сиздер чыгып кетиңиздер! Биз коалицияга киребизби, кирбейбизби, биздин принципиалдуу позицияларыбыз бар. Көз карашыбыз туура болсо, биз коалицияны, мамлекетти бекемдей турган коалиция болсо, биз сүйлөшүүгө дайынбыз. Жок, андан башкача көз карандысыз кадам боло турган болсо, анда биз оппозицияда жүрө беребиз. Эч нерсе болгон жок оппозицияда. Ушул эле бир залда отурабыз, бир залда иштеп жатабыз. Өзүбуздүн позициябыз менен биз кете беребиз. Бирок, бир нерсени суранып кетет элем. Урматтуу кесиптештерим, урматтуу Өмүрбек Чиркешович! Сизге өзүнчө кайрылып кетет элем. Себеп дегенде, биздин  арабызда Сиз өтө тажрыйбалуу адамсыз, Сизди бардыгы урматтайт, мен да Сизди өтө урматтайм, саясий күрөштө ар кандай нерсе болот экен, бирок мобу “личностько” өткөндөрдү бири-бирибизге токтотсок да. Себеп дегенде, биз да мынакей үлгү болуп жатабыз да. Биз да элден шайланып келдик, депутат болуп келдик. Келгиле, саясий көз караш менен кармашайлы. Сиз, жанагы айтканыңыздычы, Өмүрбек Чиркешович, Оштун мэри боюнча, мен толук колдойм. Мен Сизди толук колдойм ал жерде. Мен сизге чейин айтайын деп тургам, Сиз алдын айтып койдуңуз. Аны мен толук колдойм. Ошон үчүн, урматтуу депутаттар, ачуу кандуулукка алдырбай, бир-бирибиз менен сүйлөшүүнүн негизинде, коалиция бүгүнкү күндө жок, керек болсо кайра түзөбүз да, саясий эрк болсун, түзөлүк да, кайра кетелик. 2010-жылы коалиция канча жолу талкаланды. Канча жолу Өкмөт талкаланды. Ал баштан өттү.  Азыр да ошону мен сиздерге сунуштайм, конституциянын негизинде колдой турган болсоңор, Конституцияны сактап калгыла! Колдобой турган болсоңор, келгиле, сүйлөшүү жүргүзөлү!”

Булак: Кyrgyztoday.kg

Бакыт Төрөбаев, "Өнүгүү" фракциясынын лидери: "Ачыгын айтканда Жогорку Кеңеште де-юре башкаруучу коалиция бар, де-факто башкаруучу коалиция жок! "

Бүгүн, 14-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Ачыгын айтканда Жогорку Кеңеште де-юре башкаруучу  көпчүлүк коалиция бар, де-факто башкаруучу көпчүлүк коалиция жок!” деп билдирди. Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин КСДП, “Ата Мекен, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” фракциялары биригип, башкаруучу көпчүлүк коалицияны түзушкөн.

“Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы:

Саламатсыздарбы, урматтуу депутаттар! Өтүп кеткен Курбан Айт майрамыңыздар менен! Баарыңыздарга ден-соолук каалайм! Урматтуу депутаттар, комитеттин төрагасы шайланат. Каалайбызбы, каалабайбызбы. Баары бир биздин коллегабыз шайланат. Бул жерде эч кандай орчундуу маселе эмес деп эсептейм. Мен бул жерде сүйлөгөн сөзүмдө эмне жөнүндө айткым келет? Кечээ айылдан келген бир аксакал киши менден сурап жатат: “Бакыт, азыркы өзгөртүү, толуктоо, Конституция боюнча оюң кандай?”-дейт. А мен сурадым : “Сиз окудуңузбу ал Конститутцияны”-десем, “Элдин баары бийликти басып алат экен го деп айтып жатат”-дейт. Мен, “эмнени басып алат экен”, сөздү таппай жатат, “Узурпациябы?”-десем, “Ии, ошол узурпация”-дейт. Көрдүңүздөрбү? Эл Конституцияны жакшы билбейт. Бирок, биз, урматтуу депутаттар, 2010-жылы келгенде, мына мобу Конституцияны (Конституцияны көрсөтүп) биздин папкага салып берген. 2010-жылдан баштап, мобу жаңы Конституцияны, биз, билгени да барып, билбегени да барып, колго кармап жүрдүк! 5 жылдын ичине Коалиция эмне экендигин түшүндүк, фракциянын арасында сүйлөшүүлөр болот, ынтымакка келет экен деп,  Коалицияны түшүндүк, төрага кандай шайланат экендигин түшүндүк, Борбордук Шайлоо комсиссиясы оппозициядан барат экен деп түшүндүк, Счетный палатага барат экен өкүлү түшүндүк. 5 жыл ичинде көп нерсени көрдүк, мобу коалициянын негизинде  Чынын айтканда, бул жерде мобу отурган 5-созывдын коллегаларыбызды бул жерден келип камакка алып кетишти. Мына ушул Конститутциянын негизинде камады биздин коллегаларыбызды! Бул Конституция өзүнүн тарыхын, өзүнүн вазийпасын аткарды! Кааалайбызбы, каалабайбызбы бул тарыхта калат. Бирок, кайсы бир саясатчылар айтып жатышат: “2020-жылга чейин өзгөртпөйлүк”-деп. Ошол Конституция менен жашайлык деп жатышат. Бул аргумент эмес! Анткени, мен 5-жыл жашадым бул Конституция менен. Мен өзгөрткөнгө умтулам, мен жашоо турмушту жакшыртканга умтулап деген ойдо экен элдер дагы.   Урматтуу депутаттар, бардыгыбыз шайлоого бардык.  Айтпадыбы бизге элдер: “120 депутат аябай көп экен”-деп?  Айттыбы? – Айтты! Соттун кандай пара алып жатканы боюнча айттыбы? Айтты! Эгерде бул Конституция жазылып жаткан нормага, биздин мамлекеттин  коопсуздугуна, биздин эгемендүүлүгүбүзгө доо келип жатса, эмне үчүн алмаштыра албайбыз?! Эгерде биздин мамлекетибизде үй-бүлөлүк баалуулуктарга доо келип жатса, эмне үчүн өзгөрьө албайбыз?! Өткөндө КТРге келип, ЛГБТнын өкүлдөрү келип интервью берип жатышат. Эмне деген бул?! Ошон үчүн, урматтуу депутаттар, эгерде өзгөртүү керек болсо, эл үчүн керек болсо, мамлекет үчүн керек болсо, мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн керек болсо, биз өзгөрткөнгө барыш керекпиз! Бирок, биз “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы ар бир статьяны талкууладык. Эми урматтуу депутаттар, коалиция боюнча. Туура. Де-юре коалиция бар, де-факто коалиция жок! Ачык айтканда. Өзгөртүү, толуктоо конституцияга киргенде, мүмкүн бизден жаңылыштык болуп калды. Кайсы бир коалициянын мүчөсү Конституцияны колдобой жатат, бул жакта оппозициянын өкүлү Конституцияны колдоп жатат, бул жерде өзүбүздөн башаламан болуп калды. Мен эсептейм, урматтуу депутаттар, баягы компьютерде билесиздер да, кичинекей кнопка бар-перезагрузка деген. Же биз коалицияны бир “перезагрузка”  кылыш керекпиз, же  биздин коалиция “реанимацияга” түшүп калды.  “Искусственное дыхание” менен жашап жатат деген ойдомун. Ошон үчүн, урматтуу коалициянын мүчөлөрү, мына коалициянын келишимин карап чыктык, мамлекеттин деңгээлинде маанилүү маселелерди биз чоогу, макулдашуу менен чыгабыз деген мына ушул коалициялык келишимде жазылып турат. Экинчиден, фракциянын укугу бар, коалициянын жыйналышын өткөрүүгө. Биз чечим чыгардык.  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын чечимин, мыйзам чегинде, келишимдин чегинде, биз коалициянын отурумун чакырып жатабыз. Бүгүн саат 4тө, 711-кабинетте  Канат Кедейканович, Өмүрбек Чиркешович сиздин, Иса Шаршенкулович сиздин кабинетиңизге төртөөбүз барып, бир сүйлөшүп, анан кийин башка кадам кандай болоорун биз чоогу таштайлык. Рахмат!”

Булак: Кyrgyztoday.kg

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Ата Мекен” жана “Өнүгүү” фракцияларына Жогорку Кеңештин башкаруучу коалициясынан чыгып кетүүнү сунуштады

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Ата Мекен” жана “Өнүгүү” фракцияларына Жогорку Кеңештин башкаруучу коалициясынан чыгып кетүүнү сунуштады.  “Өмүрбек Текебаев баштаган “Ата Мекен” фракциясы көпчүлүк коалиция колдоп жаткан референдумга каршы чыкканы үчүн акыр аягына чейин принципиалдуу болуп коалициядан чыгып кетишсин” деди Иса Өмүркулов. Ал эми Бакыт Төрөбаев баштаган “Өнүгүү” фракциясын КСДПдан КР ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук реформа жана ЖКнын регламенти комитетинын төрагалык кызматын талашкандыгы үчүн башкаруучу көпүлүк коалициядан чыгып кетүүсүн талап кылды.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы:

“Көптөн бери айтылбай келген сөз бар, айтылыш керек эле. Айтылыш абзел. Эмне үчүн дегенде бүгүн силер эл өкүлдөрү ушул мамлекетте болуп жаткан бүт саясий иш чарага, болуп жаткан окуяларга түздөн-түз биздин конституциялык укугубуз бар, ошого байланыштуу биз баарыбыз тең биринчиден баш мыйзамды аткарышыбыз керек. Андан кийин, андан кийинки мыйзамдарды дагы. Ал эми ушул бүгүнкү күндөгү окяларга көз чаптырсак, баарыңыздар көрүп жатасыздар, бүгүн Ата-Мекен фракциясы өзүнүн позициясын, жогорудагы Өмүрбек Чирекшович айткандай билдирип жатат. Бирок, эгерде биз Коалиция, коалиция боло турган болсок, коалицияда талкуулаганга албетте, коалиция чогулуш керек эле. Бирок, ким коалициянын башчысы болот азыр. Мына мен учөөңөрдү чогулта албай койдум. Бириңер келсе, бириңер келбейсиңер. Экинчиңер келсе, үчүнчүңөр келбейсиңер. Анан эмне мен аркаңардан чуркайынбы, “кел, мен болот элем, келгиле мени шайлап койгула ”деппи? Мен дагы мындай моралдык дагы туура эмес деп эсептейм. Ал эми, ошол эле өкмөттү мына биз бекиткенбиз. Курамын бекиткенбиз, анын программасын бекиткенбиз. Мына бүгүн кимде ким, ким кимге бөгөт коюп жатат же запрет кылып жатат ошол өкмөттүн келип отчеттун укканга? Пожалуйста. Анан эми бүгүн, болуп жаткан ушул референдум маселеси эң оболу. Референдумга чыгарган маселелерге каршы болгондук, мен ойлойм, Өмүрбек Чиркешович, эгерде каршы болсоңуз, принципиально каршы болуп жатасыз. Мен ойлойм, ушул сиз моралдык жактан Коалиция колдоп жаткан Референдумга каршы болгондон кийин, сиздерге чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрүңүздөр бар, же болбосо өз ыктыярыңыздар менен чыксаңыздар болот. Бирок, регламент боюнча, өзүңүздөр билесиздер андай норма жок. Бирок, эгерде каршылык болуп жатса, принципиалдуу каршылык болуп атса, анда коалициялык көпчүлүккө, өкмөт бекиткен коалициядан чыгыш керек деп ойлойм. Себеби, андай карама-каршы пикир. Тем более, азыркы Референдумга коюлуп жаткан маселе эки кишинин маселеси эмес.  Бул Текебаев, Өмүркуловдун маселеси эмес. Бул мамлекеттин маселеси. Бул биздин баш мыйзам. Ошол баш мыйзамга кирип жаткан маселе жөнүндө болуп жатат. Бирок, ал жөнүндө, анын тегерегинде талкуу болбой, сунуш бербей, силер Венецияга кат жазасыңар. Анан кийин айтыш керек да мобул жерде ачык эле. Мындан ары болбойбуз, урматтуу көпчүлүк, биздин өзүбүздүн жолубуз бар, өзүбүздүн көз-карашыбыз бар, өзүбүздүн көз карашыбыз бар деп. Анда эч ким жолтоо болбойт. Күч менен эч ким чыгара албайт, албетте. Ошондой эле, мен “Өнүгүү” фракциясына айтат элем: “Эгерде жанагы карама-каршылык болсо, өз ара ички келишпестик болбосо, анда, макул болуш керек да, көпчүлүктүн чечимине. Эгерде каршы болсо, ким болбосун, жол ачык! Ошон үчүн мен ойлойм, бул жерде эч ким барып 7-этаждан уруксат сурабайт. Эч ким менен кеңешпейбиз. Биздин фракцияда дагы мүмкүнчүлүгүбүз бар, кудуретибиз да жетет, билимибиз да жетет, өз пикирибизди билдиргенге. Ошон үчүн, мен ойлойм, урматтуу коллегаллар, мындан ары дагы мен дагы бир жолу кайталап кетейин, келишпестик болгондон кийин, принципиалдуу референдумга каршы болгондуктан кийин фракция чыгып кетиши керек. Мен ойлойм, бул туура деп. “

Булак: Кyrgyztoday.kg

КР ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагалыгын Башкаруучу коалициядагы КСДП менен "Өнүгүү" фракциялары талашып кетишти

Кечээ комитетте жана бүгүн, 14-сентябрда парламенттин отурумунда КР ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук реформа жана ЖКнын регламенти комитетинын төрагалык кызматын Жогорку Кеңештин Башкаруучу көпчүлүк коалициясынын мүчөлөрү КСДП жана “Өнүгүү” фракцияларынын өкүлдөрү талашып жатышат.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КР ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук реформа жана ЖКнын регламенти комитетинын төрагалыгына Алмаз Атамбаевдин мурунку секретаршасы, азыркы депутат Асел Кодуранованы сунуштап жатат.

Ал эми “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ал комитеттин төрагалыгына эки чакырылыштын депутаты, Жалал-Абад шаарынын экс-прокурору Тынчтыкбек Шайназаровду сунуштады.

Бул кызматтын айынан парламентте кечээ жана бүгүн чоң жаңжал чыкты. Башкаруучу коалициянын тагдыры жардын кырына коюлду.

Булак: Кyrgyztoday.kg

КСДП коомчулуктун катуу сынынан кийин Төрөбай Зулпукаровду ЖК комитетинин төрагалыгына талапкердиктен алып салып анын ордуна Атамбаевдин бир кездеги секретаршасын түртө баштады

Коомчулукка белгилүү болгондой КР ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы Галина Скрипкина кызматтан кеткенден кийин КСДП анын ордуна комитеттин төрагасына талапкердикке депутат Төрөбай Зулпукаровду түртө баштаган. Алтургай Зулпукаровдун талапкердиги комитетте жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок, коомчулук жана көз карандысыз ММКлар КСДПнын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров бир кезде “ашар жолу менен” кыз зордуктоого катышкандыгы боюнча кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылганын эстетип, кантип зордукчул адам Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетти башкарсын? деп ызы-чуу салышкан.

Элдин сүрүнөн чочулаган бийлик кечээ, 13-сентябрда Төрөбай Зулпукаровдун ордуна Атамбаевдин бир кездеги секретаршасы, бирок кийин Атамбаев бийликке келгенде эки жолу депутат кылган Асел Кодуранованын талапкердиги менен алмаштырды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Жалал-Абад шаарында көчө китепканасы ачылды

2016-жыл тарых жана маданият жылына карата “Китеп – эң жакшы дос” аттуу долбоордун алкагында “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин демилгеси менен Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багында аталган коомдук бирикме тарабынан өлкөдө үчүнчү, ал эми Жалал-Абад шаарында биринчи жолу көчө китепканасы ачылды. Бул боюнча “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин төрагасы Элдос Шерматов билдирди.

Анын айтымында бул көчө китепканасынын ачуу “Инсан тануу” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленди жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар иштери боюнча комитети менен бирге Жалал-Абад Жаш ишкерлер ассоциациясынын колдоосу астында ишке ашты.

-Анын негизги максаты– китеп бул эң жакшы дос, ал адам баласынын аң-сезиминин өсүшүнө, дүйнө таанымын арттырууга чоң салым кошот. Ошондуктан  коомдогу жаштардын, аны менен бирге  улгайган адамдардын арасындакитепке болгон кызыгуунун арттыруу, окууга үндөө жана аны жандандыруу зарыл. Ошондуктан көчө китепканасын биз атайын Токтогул эс алуу багына коюп жатабыз, анда окурмандар эс алуу менен бирге китеп окууга да мүмкүнчүлүк алышат, – дейт ал.

Жалал-Абад шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаевдин айтымында, жаштар социалдык тармактарга кирип кетип, китеп окууга көңүл бурбай жатышат.

-Азыркы учурда күн сайын технологиянын өнүгүүсүн байкоого болот. Жаштарыбыз социалдык тармактарда убактыларын кетирбестен, бул жерге келип өздөрүнө керектүү болгон тармактардагы китептерди окуп,маалыматтарды алууга болот. Ошондуктан китеп окууга ыңгайлуу болуусу үчүн көчө китепканасы атайын эс алуу багына орнотулду, – дейт ал.

Тынчтык Алтымышев, журналист: Кожобек "Кожосу колдогон, Ажосу алкаган “артист” болду

Ушул Кожобек Жайчыбекович парламенттин көңүлүн көккө көтөрүп, каткыртып, улам бир күлкүлүү сөздү айтып, кызыктай узун-туурасы билинбеген сунуштарды айтып туруш үчүн эле депутат болгонбу деген ой келет. Чындыгында, өзү базардан келген, Ош базардын бир капталындагы имаратка кандайча ээлик кылып алганын ким билсин, айтор, ошол жерден акчалуу болуп, анан Ооганчылар Союзунда экинин бири болуп жүрүп, Феликс Куловдун көзүнө илинип, парламентке депутат болуп келген. Келээри менен эле электрге, тагыраагы энергетикадагы коррупцияга чукул Феке чал аны парламенттеги энергетика комитетине бакыйтып отургузуп койгон. Болбосо Кожокем деле бир бутуна кокты байланып, карагай башына чыгып зымга зымды улап көргөн жан эмес. Анан калса ал тоо кен өнөр жайы менен да таптакыр алектенбеген. Бирок, анысынан уялган жок, калп каткырып, катуу сүйлөп, “актерлуктан артистикке” чейинки жолду басып, комитетти башкарып отурду.

Энергетикадагы коррупция азайган жок, суу сактагычтагы суунун көлөмү кыйла түшүп кетип атты. Кумтөр, Жерүй сыяктуу кендердин тагдыры чечилип, элге иштебеди. Ал эми бийлик мактанып аткан Талды-Булак Сол жээктин алтынын кытайлар ташып кетип жатканы кечээ ачыкка чыкты. Мына ушунун баары Кожокеңдин ишти билбей, анекдот менен гана алек болуп отурганынан болгону жалганбы?!

Анткен менен “бактылуу менен басташпа” дейт кыргыз. Кудай бакты бу Суусамырдын жигитине төөнүн көчүгүнөн да чоң кылып берген экен. Эми ал тээ качанкы эски, элдик делген СДПК партиясынан жүзүнө айланды. “Ар-Намысты” аңгекке тыкты да, КСДПдан кайрадан депутат болуп келип, кайрадан эле бааягы комитетти башкаруу укугуна жетти. Эр экен эй! Бир жолу мМКларды оозукдуктай турган мыйзам долбоорун алып чыгып, “бул мыйзам көптөн бери эле болтать этип жүрөт” деп өз деңгээлинин чен-өлчөмүн дагы тастыктаган. Да бир жолу “депутаттар велоспед менен баратсак балдар таш менен башка чапсачы” деп чыгып, мандатты, кол тийбестикти, манаптык жүрүштү жакшы көрөөрүн жашырган эмес.

Бүгүн болсо “Көчмөндөр оюнунда депутаттарды автобуска тыгып коюп, өкмөт өзү жолтандабастар менен оюнга барды. Бизди издеватся этти” деп да бир күлдүрдү. Анан калса президентке болушуп, Өмүрбек Чиркешовичке “разборкага” чыга турганын кыйытты. Бир жолу кинодо ОПГнын ролун ойноптур болчу, балким, чындап эле разборщик, решала болуп кеткенби, ким билсин?! Кыскасы, бүгүн ушул күлдүргүч Кожоке СДПК деген эң кудуреттүү партиянын калканы болуп, кашкайып туруп берүүдө.

Айрыкча, Конституцияны өзгөртүүгө келгенде өзү мыйзамды чечмелеп бере албаса деле “дакылдап”, “эл каалап ататты” айтып, ким менен болбосун кызыл чеке болуп чыга келди. Катуу даярданыптыр, даярдыгы чала болуп калып, кошумча 12 күн дагы даярданыптыр. Эмесе, эки ай бою көрүүчүлөр үчүн кыргыз циркинде, опей, кыргыз парламентинде күлдүргүч Кожоке чай концертин тартуулайт. Жүз аарчыңарды алып алып, күлгөнгө даяр болгула. Бооруңар катып калбасын, боорго дары-дармек алып алгыла Абайлагыла, ал силерди жылмайтып туруп жайлайт. Күлүп атып эле, кантип жаңы Конституция менен жашап атканыңарды түшүнбөй каласыңар. Дабдырап…

Тынчтык Алтымышев, журналист

«Фейсбуктагы» баракчасынан алынды

Болсунбектин болуп турган убагы

“Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат” деген кеп бекеринен айтылбаган чыгаар. Дегенибиз, Экономика министрлигинин алдындагы моногголияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Болсунбек Каза­ков былтыр өзүнөн бир топ жаш кичүү, 1993-жылы туулган жаш селкиге баш кошкон эле. Ал жаш селки быйыл жайында Болсунбек мырзага “балканактай” уул төрөп берип кубантканы маалым. Ал эми Болсунбек мырзанын биринчи жубайынан үч кызы бар. Ал жубайы учурда Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык факультетинде мугалим болуп эмгектенээринен кабар алдык.

Булак: Фабула

 

 

Азамат Жаманкулов жаштыкка алдырбаса

Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси, кыргыз чиновниктерининин арасындагы эң жаш чиновниктердин бири Азамат Жаманкулов деген жаш жигитти акыркы убактарда борбор калаадагы түнкү клубдарда мас болуп, жаш кыздар менен бийге түшүп шапар тээп жүргөнүн көргөндөр арбын. Туура, жаш болгондон кийин клубга барат, бийлейт, мас болот деңизчи, бирок Азамат мырза маанилүү кызматтын жетекчиси, эл көзүндөгү инсан бол­гондон кийин жаштыкка алдырып өтө катуу кетпей, арыдан бери болуп тизгинин тарта жүрсө жакшы болот беле дейсиң. Анткени билебиз да, жашында көпкөн чиновниктердин карьерасы көпкө узабасын…

Булак: Фабула

 

Ырайымы жок Раимбердиев

Мындай каргаша согушсуз, тынч мамлекеттерде да болуп тураарын уккан жокпуз, бирок акыркы төрт жылда Кыргызстанда 62 аскер ар кандай себептер менен кызмат учурунда көз жуумп, ал тургай тирүүлөй жоголуп кеткен фактылар даты кездешти. Ала немедей балдарын ажалга жулдуруп ийген ата-энелердин арманын чыдап угуп туруу мүмкүн эмес. Бирок акыбал жыл өткөн сайын тескеринен кетип, мындай аянычтуу фактылар азайбай койду. Мамлекетибиздеги күч структураларын координация кылып, коргонуу менен коопсуздукту, тартипти темирдей тескеп кармайт деген Генералдык штаб бул фактынын алдында куурчактай алсыздыгын көрсөтүүдө. Тагыраагы, эгер генштабдын башчысы генерал Дүйшөнбек Раимбердиев иш билги болсо, жеке өзү аскер полкторунда айлап-жылдап жашаса да аскердеги өлүмгө жеткирип жаткан окуялардын себебин таап чыгып, бир чара көрмөк. Жок, көйрөң короздой сыланган биздин штаб башчыбыз антмек тургай, ошол аскерлердин жаназасына туруп коюуга даабай, кабинетинин ичиндеги кабинетте жашынып отурат. Кайран чин, кайран ишеним…

Булак: Фабула 

Айтмамат кошоматты коркпой айтты

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Курман айт намазы учурунда калайык калкты куттуктап келип, аягын саясатка айландырып жибергени чатак иш болду.

Тагыраагы, мэр мырза “Президентибиз Алмаз Атамбаевге сын айткандарды Кудай жазаласын” – деп оппозицияны каргап-шилеп жи­бергени көпчүлүктүн көөнүн айлантты. Чындыгында улуу күндө мындай кимдир бирөөлөрдү каргап-шилеп, акаарат келтирген ислам дининде деле жок. Андан көрө элди ынтымакка чакырып, кектегендерди кечирип, жакалашкандары менен жарашып, кимге болбосун ыйман кааласа өз кадыры артмак. Кыскасы, так ушундай кошоматчылар эртеңки сыноо күнүндө ошол каргаган тарапка тез секирип кетчү эле, Кудай өзү сактаса экен…

Булак: Фабула 

 

Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт

Ошентип ЖКнын жыйын иш­тери башталаары менен көпчүлүк коалициянын курамынан “Ата Мекен” партиясы чыга каччудай болуп турат. Бирок бул оюн азыркы коалицияга эч кандай деле таасир этпээрин, андан трагедия издеп кереги жоктугун КСДПнын лидери Иса Өмүркулов билдирип өттү. Анын айтымына караганда, үркөрдөй болгон“атамекенчилер” оппозицияга кетсе, анын ордуна 28 депутаты менен “Республика – Ата-Журт” же 12 депутаттуу “Бир Бол” фракциясы коалицияга кирип алууга эчактан бери эле ыктап тургандай. Ооба, бир чети ушул оң жол. Болбосо Өмүрбек Чиркешович кошунасына эрин жамандаган аялдай болуп, өзү коалицияда туруп алып бийликти сындаганда, бул жакта турган биз “неудобный” болуп, бетибиз кызарып кетип жаткан. Эми өзү жазган баш мыйзамга ылайык парламенттик оппозиция болуп, каалашынча сайраса да жарашат эмеспи…

Булак: Фабула 

 

 

 

Адамкулованын акыркы сөзүн угушат...

“Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” Кыргыз улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулованын “май көл, сүт көл” доору аяктаганы турат. Парламенттик комиссия эртең Чынара айымды баш кылып, колдоочусу жана коргоочусу социалдык тармакты тейлеген вице-премьер министр Гүлмира Кудайбергенованы төш кылып, Кыргыз улуттук университеттеги чырлуу иштердин түрмөгүн угушуп чечим кабыл алышат. Ошондой эле бул күнү Онкологиянын директорлугуна байланышкан шайлоодо жеңүүчү аталган Бактыгүл Султангазиеванын мандемдүү ишмердүүлүгү каралат. Сыягы, кыскарып кеткен кылмыш иштери кайрадан иликтенип, учугу чубалат окшойт…

Булак: Фабула 

 

Ала-Арча суусуна агып кеткен адамдын сөөгү табылды

КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун   куткаруучулары 2016-жылдын 14-сентябрында саат 12:30да чөгүп кеткен адамдын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандары тарабынан өздүгү аныкталып, өткөрүп беришти.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 18-июлунда Ала-Арча капчыгайындагы сууга 1981-жылы туулган Алай районунун тургуну  А.З.С (эркек киши). агып кеткен. Бул маалымат тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

"Росбалт": Захарченконун үй-бүлөсүнүн банктык эсебинде 300 миллион евро бар

Швейцариялык банктарда Орусия ИИМинин камактагы полковниги Дмитрий Захарченконун үй-бүлөсүнө таандык 300 миллион евро сакталып турат. Бул тууралуу “Росбалт” укук коргоо органдарындагы булактарына таянып билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Федералдык коопсуздук кызматына Дмитрий Захарченконун атасы Виктор Захарченконун наамына катталган офшордогу фирмалардын эсеби тууралуу маалымат түшкөн. Бардыгы болуп алты документ табылган, алардын арасында Rothschild Bank менен Dresdner Bank бар. Учурда акчалар кайдан келип чыкканы такталууда.

Орусия ИИМнин Экономикалык коопсуздук башкармалыгыгын башчысынын орун басары Дмитрий Захарченко пара алуу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана тергөөгө тоскоолдук жаратуу боюнча күнөөлөнүп, 10-сентябрда кармалган. Расмий маалыматтар боюнча полковниктен 9 миллиарддай рубль табылган.

Сотто айтылгандай, Захарченко “Нота-банкта” акчаларды кымырып жүргөн кишилерге жакында аларга карата тергөө амалдары ачыла турганын кабарлап койгон. Захарченкодон табылган каражат аталган банктын эсебинен уурдалган акчанын бир бөлүгү болушу мүмкүн экендиги болжолдонууда. Мындан тышкары ал “Вымпелкомдун” мурдагы башчысы Михаил Слободиндин качып кетүүсүнө түрткү бергендиги да белгиленүүдө. Поковник криминалдуу авторитет Шакро Молодой каймана аты менен белгилүү Захарий Калашов менен дагы байланышта болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Захарченко камалгандан кийин ИИМ башчысы Владимир Колокольцев Экономикалык коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгында кызматтык текшерүү болорун жарыялады.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

КМШ саммити маалында коомдук тартипти 3 миңден ашык милиционер камсыздайт

Бишкектеги КМШ саммити маалында коомдук тартипти 3 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Делегация мүчөлөрү жүрчү каттамдар, алардын жашаган жерлери жана иш-чара өтчү жай күчөтүлгөн көзөмөлгө алынды. Өзгөчө маанилүү объектилерди кайтаруу боюнча кошумча чаралар иштелип чыкты.

ИИМ 15-сентябрдан 17-сентябрга чейин Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана Чүй облусундагы «Манас» аба майданына барчу жолдо унаа кыймылдары чектелерин кошумчады.

КМШ саммити уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин катышуусунда 16-17-сентябрда Бишкекте өтөт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек-кыргыз чек арасында маңзат катылган жашыруун жай табылды

Өзбекстандын укук коргоо органдары Кыргызстан менен чектешкен Анжиян облусунун аймагында 20 килограммдан ашуун маңзат катылган жайды табышты. Бул тууралуу облустук милицияга шилтеме берүү менен жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Маңзат жергиликтүү жеке чарбалардын кампасында табылган. Эксперсс-анализ көрсөткөндөй, баштыктарда 10,2 килограмм героин жана 11,3 килограмм апийим болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду, тергөө амалдары жүрүүдө.

Маңзатын көзөмөлдөө боюнча улуттук маалымат-аналитикалык борбордун эсебинде, Өзбекстанда 2012-2015-жылдар аралыгында жашыруун жайдан алынган маңзаттардын саны эки эсеге же 194 килограммга көбөйгөн.

Борбордун маалыматы боюнча Өзбекстанда чек араларды бекемдөө иштеринен кийин жашыруун жайлар маңзатты алып өтүүчү канал катары жигердүү колдонулууда.

Ооганстан жана Тажикстандан каттаган жүк ташуучу поезддердин көмүсө жерлери, ошондой эле чек арага жакын аймактардагы жашыруун жайлар маңзатын алып жүрүүнүн популярдуу түрлөрү болуп эсептелет. Өткөн жылы эле буга окшогон 50 тымызын жер табылган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда президент болуп шайлануу үчүн курактык чектөө алынды

Түркмөнстан парламенти жаңы Конституция кабыл алды. Ага ылайык, президентикке шайлануу үчүн белгиленген курактык чектөө алынып, президенттин ыйгарым укуктары беш жылдан жети жылга чейин узартылды. Жаңы мыйзам өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов шаршемби күнү кол койгондон кийин күчүнө кирди.

2008-жылы кабыл алынган Конституцияда президент болуп шайлануу үчүн 70 жаштык чектөө белгиленген. Баш мыйзамдын жаңы редакциясында «70 жаштан жогору эмес» деген сөздөр алынып салынган.

Түркмөнстанда кезектеги президенттик шайлоо 2017-жылга белгиленген. Өлкөнүн 59 жаштагы азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов бийликте 2007-жылдан бери турат. Ал 2012-жылы экинчи мөөнөткө шайланган.

ЕККУ Конституцияга киргизилген айрым өзгөртүүлөрдү, анын ичинде адилеттүү соттук териштирүүлөр кепилдигине байланышкан бөлүгүн жактырды. Ошол эле маалда уюм «диний же улуттук белгисине карап» партияларга тыюу салууну сынга алып, президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартпоону сунуштады.

Human Rights Watch укук коргоо уюму Түркмөнстанда дүйнө боюнча эң эле катаал режим өкүм сүрөт деп эсептейт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Иракта ИМдин химиялык курал өндүрүшү жок кылынды

Пентагон маалымдагандай, АКШнын аскерий учактары Мосул тарапта дары-дармек чыгаруучу завод химиялык курал өндүрүшүнө айландырылган имараттарды бомбалады.

Аны менен Ирак жарандарын химиялык чабуул коркунучунан кыйла куткарды. Ирактагы АКШнын аба күчтөрүнүн башчысы генерал-лейтенант Жефри Хариган ал имараттар комплексин экстремисттер штаб-квартира катары пайдаланып, аны менен кошо химиялык курал өндүрүп келгенин, анын ичинде хлор жана иприт жасоо мүмкүнчүлүгүн 13-сентябрда билдирди.

Бириккен Улуттар уюму “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик уюм жакында эле Сирияда ууландыруучу газ колдонгонун билдирген. Харигандын айтымында, 12-сентябрда урулган сокку жакшы пландаштырылып, ага 12 учак катышты жана 50дөн ашык объект бутага алынды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ляур полигонунда тажик-орус машыгуулары өтүүдө

Дүйшөмбүдөн 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Ляур полигонунда Тажикстандын куралдуу күчтөрү менен Орусиянын 201-аскер базасынын бөлүмдөрүнүн биргелешкен машыгуулары өтүүдө.

Тажикстан Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Жамшед Хусейнов аймакта согуштук ок атуулардын коштоосундагы тактикалык машыгуулардын акыркы этабы 15-сентябрда, эки өлкөнүн 800 жоокери жана 200гө жакын аскер техникасынын катышуусунда өтөрүн билдирди. Машыгуулардын максаты – терроризм менен экстремизмге каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу.

Хусейновдун айтымында, машыгууларга Орусиянын 201-аскерий базасынын тактикалык тобунун батальону, Тажикстан Коргоо министрлигинин атайын даярдыктагы ротасы, ИИМдин ички аскер бөлүгү жана УКМКнын чек ара аскерлери катышууда.

Бир жума ичинде жоокерлер, сержанттар жана офицерлер тоолуу жерлерде тапшырмаларды аткарышат. Анда коргонуу, чабуулга өтүү, шарттуу кылмыштуу топторду издөө, курчоого алуу жана жок кылуу көнүгүүлөрү аткарылат.

Биргелешкен машыгуулар 13-сентябрда башталган, 16-сентябрда аяктайт. Расмий маалыматтар боюнча, бул ушул жылдагы тажик-орус аскерлеринин алгачкы биргелешкен магышуусу.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астанада "сыра королун" бийликти басып алууга аракет жасагандыгы үчүн соттошууда

Астанада белгилүү ишкер Тохтар Тулешовдун соту башталды. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлашты.

Аскердик сот жараяны жабык эшик артында өтүп жатат. Тулешовго 16 берене боюнча айып тагылууда.

Тохтар Тулешов “Шымкентпиво” компаниясынын кожоюну. Быйыл январдын аягында оор кылмыш жасоого шектелип кармалган. Ал кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо жана маңзаттарды мыйзамсыз жасоо, кайра иштетүү ошондой эле сактоо боюнча күнөөлөнүп жатат.

Ишкер күнөөсүн толугу менен моюнга алганын өз колу менен жазып берген. Тексттин фотокөчүрмөсү дүйнөлүк желеде таркады. Түлешевге тиешелүү иш аскер сотуна 29-августта түшкөн. Кылмыш иши 300 томдон турат, күбө катары 100дөн ашуун киши өтүүдө.

Бул иштин алкагында дагы 12 киши кармалган. Сотко чейинки териштирүү учурунда аларды абакка камоо чечими кабыл алынды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын областтык VII спартакиадасы өттү

Бүгүн, 14-сентябрда Сузак районунун  Ладан-Кара айылында  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын областтык VII спартакиадасы болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлгөн мелдешке областагы 12 район-шаарлардан 150дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар келип катышты. Спартакиаданын жобосуна ылайык спорттун 7 түрү: шахмат, шашки, кол күрөшү, жатып алып штанга көтөрүү, гир көтөрүү жана коляскада аралыкка жарышуу боюнча аялдар жана эркектер арасында кызуу мелдештер өткөрүлдү. Жалпы жонунан 39 медалдын комплектиси боюнча атаандаштык маанайындагы кызыктуу таймаштар өткөрүлдү.

-Сузак районунда 8123 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарыбыз бар. Алардын ичинен 107 адам  майыптар болуп саналат. 2016-жылдын 1-сентябрына карата 41 атуулга майыптык олтургучтуу коляскалар тапшырылды. Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 87 атуулга ден соолуктарын чыңдоолору үчүн курорттор менен санаторияларга жолдомолор берилди.  Областтык спартакиада бул жалаң гана спорттук мелдеш же күч сынашуу гана эмес, бул биринчи кезекте түшүнүшүүнүн, бири-бирибизди колдоонун жана  баарлашып жакындашуу менен   достошуунун негизи  деп билемин,- деди Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Абдумуктар Маматов.

– Область боюнча калктын аялуу катмарларына кошулган 229273 жаранга мамлекет тарабынан 16 млн. 854 миң сомдук материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Мектеп жашындагы балдардын арасынан окууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген балдар үчүн мектеп мугалимдери үйлөрүнө барып окутуу иштери жолго коюла баштады. Өкмөттүк эмес уюмдар бул маселеде демилгелүү иштеп жатышкандыктарын баса белгилеп кетмекчибиз.  Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында областтык спартакиаданы өткөрүү демилгеси Кыргызстан боюнча биздин областыбызда гана жыл сайын ийгиликтүү өтүп келе жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеп кетким келет,- деди  өкүл Жумагүл Эгембердиева. Өкүл Жумагүл Эгембердиева спартакиаданы өткөрүүгө өздүк фондусунан 30 миң сом бөлүп берди.

-Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар- булар кудай сүйгөн пенделер. Алар касиеттүү күндүн балдары десем аша чаппаймын. Ушул адамдар арасында жыл сайын областтык спартакиада өткөрүүгө жакындан демилге жана колдоо көрсөтүшкөн областтык жана Сузак районунун жетекчилигине терең ыраазычылык билдиремин,- деди Кара-Көл шаарынан келген өкүл Эркинаалы Юсупбаев.

Өкүл Жумагүл Эгембердиева мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы коляска менен жарыш мелдешин Жалал-Абад шаарына кире бериштеги айтылуу аркадан баштап берди. Жалпысынан 600 метрге болгон бул жарышта Сузак районунан келген Жамалдин  Мамаюсупов биринчи орунду, Базар-Коргон районунан келген Эмилбек Масиров экинчи орунду, ал эми Жалал-Абад шаарынын өкүлү Адылбек Шарипов байгелүү үчүнчү орунду колго киргизишти. Спартакиадада жалпысынан 39 комплект медал боюнча кызуу таймаштар өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мындан сырткары  спартакиаданын ар бир катышуучусуна дагы акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мүмкүнчүлүгү чектелган адамдар арасындагы областтык VII спартакиаданы өткөрүүгө Сузак районунун ишкерлери демөөрчүлүк көрсөтүшүп, 192 миң сом каражат сарпталды. Эмки VIII Спартакиада Ала-Бука районунда өткөрүлөт.

 Жолдошбай Осмонов, журналист

 

Эгембердиеванын ордуна эркек жокпу?

Жалал-Абад облусунун башчысы Жумагүл Эгембердиева канчалык ишти алып кетүүгө аракетин кылбасын, дайындалгандан бери даректүү ишинин бир дайыны жок. Анда-санда эле облуска чоңдор бара калганда чочугансып теледен чыга калбаса, башка убакыттарда эмне иш кылып жатканын көпчүлүк көрө да, биле да элек. Ал ортодо облустар боюнча билим берүү, социалдык тармактарды жакшыртуу, ишканаларды ачуу, салык чогултуу жаатында да облус артта калганы тууралуу кабарлар чыга баштады. Ушундан улам, эжекени кыйнабай, ээрге мине турган эркектана табылбаганына таң калып отурабыз? Балким эр көкүрөк бирөө келип ишти уюштура билсе Ала-Бука, Аксыдагы абал мынча курчубас беле деген да ой келет…

Булак: Фабула

 

19 - сентябрдан баштап жарашыктуу комбинация менен автономерлери сатыла баштайт

2016 – жылдын 19 – сентябрынан баштап жарашыктуу комбинация менен автономерлери сатыла баштайт. Жарашыктуу комбинацияларга төмөндөгүлөр кирет: 101, 202, 303, 404, 505, 606, 707, 808, 909, 011, 022, 033, 044, 055, 066, 077, 088, 099, 110, 220, 440, 550, 660, 770, 880, 990. Бирдей тамгалуу комбинация менен номердин баасы (мисалга алсак 101ААА, 077ААА) 5 миң сомду түзөт. Ал эми ушундай эле номер ар башка тамгалуу комбинция менен (мисалга алсак 101ААВ, 077ААВ) 4500 сомго сатып алууга болот.

Бирдей тамгалуу комбинация менен төмөнкү номерлердин баасы 3 миң соду түзөт:

121, 123, 131, 141, 151, 161, 171, 181, 191, 212, 232, 242, 252, 262, 272, 282, 292, 312, 313, 323, 343, 353, 363, 373, 383, 393, 414, 424, 434, 454, 464, 474, 484, 494, 515, 525, 535, 545, 565, 575, 585, 595, 616, 626, 636, 646, 656, 676, 686, 696, 717, 727, 737, 747, 757, 767, 787, 797, 818, 828, 838, 848, 858, 868, 878, 898, 919, 929, 939, 949, 959, 969, 979, 989. Ушун эле номелерди  ар башка тамгалуу комбинция менен 2700 сомго сатып алууга мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлгөн номерлерге ээ болуш үчүн сертификаттарды Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнө карштуу Мамлекеттик каттто кызматынын алдындагы транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин бардык аймактардагы бөлүмдөрүнөн сатып алууга болот.

Өзгөчө комбинациялуу номерлерди онлайн-аукцион аркылуу сатуу боюнча маалыматты кошумча бирдиребиз. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5 – сентябрдагы №482 Токтомунун негизинде өзгөчө комбинациялуу номерлерди сатуу жаңы эрежелер менен өткөрүлөт. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу МККнын пресс-кызматы билдирди.

 

"Фабула": Авантюрист

Азимбек Бекназаровдун ыктыярдуулар тобу менен Үңкүр-Тоону өзбек аскерлеринен тазалоо үчүн президенттен уруксат сурап кайрылышы коомчулукта кызуу талкууга алынды. Бул демилгени айрымдар мекен, жер үчүн патриоттордун күйүп-бышуусу катары кабылдашса, көпчүлүк авантюралык чагым катары баалашты. Чындыгында Бекназаровдун эл, жер үчүн өзүн өлүмдөн кайра тартпай тургандай көрсөтүү далалаты эки өлкөнүн ортосунда согуш отун тутантуучу кан жыттанган опурталдуу чакырык. Себеп дегенде, Бекназаров келе жатат десе эле өзбек аскерлери Үңкүр-Тоону таштап качпайт. Колдорунда куралы бар аскерлер ок чыгарса Бекназаровду ээрчиген каны кызуу патриоттордун убалы кимге? Бекназаровду Аксыда атылган балдардын өлүмү ойлондурбайбы? Деги кан көксөп калгандан сообу? Ансыз да эки өлкөнүн мамилеси чыңалып, кырдаал курчуп турат. Анан ага май чачкандай чагымдын эч кимге кереги жок. Маселенин тынчтык жолунда, дипломатиялык алкакта чечилишинен өтөөрү жок.

Булак: Фабула 

Чыныбай Турсунбеков, спикер: «Мээрбек, сен Шаршенчесинен кайра-кайра эле ызылдай бербечи!»

“Текебаев 5 жолу сүйлөдү, мен сөз сурасам бербей жатасыңар. Чыныбай Акунович, төрага сизби же Текебаевби? Анда трибунаны чыгарып барып Текебаевдин жанына берип коюңуз”, – деди бүгүн, 14-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев.

“Мээрбек, сен сөзүңдү бирөөгө өзүң берип коюп анан кайра-кайра эле Шаршенчесинен ызылдай бересиңби?”, – деп ачууланды спикер Чыныбай Турсунбеков.

“Мээрбек, сабырдуу бол. Сен экөөбүз Текебаевдин деңгээлине жеткиче али көп бар”, – деп аралашты “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ахматбек Атамбаевге ыктады...

Саясатта түбөлүк достук болбой турганын, жөн гана кызыкчылык бардыгын турмуш эчен ирет далилдеди. Алыс барбай эле учурдагы кыргыз саясатындагы абалды эске алсак жетиштүү болот. Мына кечээ эле саясатта үзөңгүлөш жүргөн Атамбаев менен Текебаев эки жээкке бөлүнгөнү, Ахматбек Келдибеков баш болгон бир топ түштүктүн тың чыкмалары бийликке ыктап, колдоо көрсөтүү амалында үн ката башташты. Алсак, Келдибеков баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду колдой турганын айтып чыкты. Албетте, бийликтин тизгинин чойгон Атамбаевдин Текебаев менен мамилеси сууп турганда, Келдибековдун президентти колдоп үн катканы баш мыйзамда чындап алешемдиктер бардыгынан кабар берет. Экинчиден, Ахмат мырзанын спикерликтен алып түшкөн Текебаевди колдошу мүмкүн эмес. Анткени дал ушул Келдибеков төрага болуп турганда талап-тоноочулук боюнча бир топ күйүп-бышкан жайы бар. Президент бул маселеге көңүл буруп жатканда билгенин ортого салып колдоо көрсөтүүгө даяр болуп турганы ошондон. Мындайды келме кезек дейт эмеспи…

Булак: Фабула

Кожобек Рыспаев, КСДПчы депутат: "Өмүрбек Чиркешович, сиз президентти эркек болсоң жекеме-жекеге чык, депсиз, сиз эмне разборщиксизби?"

«Өмүрбек Чиркешович, сиз эмне разборщиксизби?! – деп сурады  бүгүн, 14-сентябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев кесиптеши, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевден.  Депутаттар КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум тууралуу маселени талкуулап жатышкан.

“Президентибизди эркек болсоң жекеме-жек чык дейсиз. Президентти урматтап, сыйлаш керек. Сиз президент болсоңуз деле ушуну айтмакмын”,- деди КСДПчы Кожобек Рыспаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Мамат Айбалаев, Баткен облусунун биринчи губернатору, коомдук ишмер: “Жеке амбицияны токтотуп, Өзбекстандын жаңы бийлиги менен мамилени түздөш керек”

“Өзбекстан менен мамилени жакшыртып, оңдоого аракет жасашыбыз керек. Жаңы келген кадрлар маселенин бардыгын жакшы түшүнүп турат”,- деди М.Айбалаев.

– Союз тарагандан кийин чек арадагы жер талашуу маселелери эмнеден улам келип чыккан? Негизи союз убагында чек ара карталары болгон да. Эмне себептен бул маселелер өз убагында чечилбей калган?

– Биз эгемендүүлүктү алганда СССРдин курамындагы көпчүлүк республикалырдын жетекчилери мурунку союз учурундагыдай эле алмашпай калган. Ал эми бизде болсо, жаңы, даяр эмес, системаны жакшы өздөштүрбөгөн, тажрыйбасы жок адамдар бийликке келип, убакытты өткөрүп коюшту. Ошондуктан, биздин бүгүнкү күндөгү абалыбыз ушундай оор болуп турат. Эгер ошол убакта чек ара маселесин приоритет кылып, аркет кылганда бул маселе тез эле чечилмек. Себеби, мынчалык чыр-чатактар башында жок болчу.

– Өзбекстан менен Тажикстан жер талаш маселелерин чечүүдө көп учурда кепке келе бербейт. Алардын негизги максаты эле жерлерди ээлеп калуубу же башка кызыкчылыктары да болушу мүмкүнбү?

– Маалыматтар боюнча Өзбекстандын эли 31 млн, ал эми Тажикстандыкы 8 млн.дон ашык болду. Эгерде Баткен облусун ала турган болсок, аны менен чектешип турган Тажикстандын Ленинабад облусунда учурда 4 миллиондон ашык калк жашайт. Ал эми Баткенде болгону 450 миңге жакын эл бар. Ошондуктан, тажиктер ар бир метр жер үчүн дагы катуу турушат. Бирок, ага карабастан Кыргызстан КМШ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын курамында болгондон кийин, убакытты созбой, уюмдардын ичинде бул маселени курч көтөрүш керек. Себеби, биз бир уюмдун мүчөсү болуп туруп, бири-бирибизди укпай, түшүнбөй, көйгөйдү чече албай жатабыз. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Болгон мүмкүнчүлүктү пайдалануу зарыл. Азыр өкмөттө чек ара маселеси менен алектене турган вице-премьер-министр бар. Ал андай-мындай дебестен, болгон ишти болгондой, чыр-чатак эмнеден чыккандыгын, эмне себептен мындай абалга келгендигибизди, мурунку жетекчилердин кемчиликтерин элге толук маалымат берип, ачык айтыш керек. Болбосо, кыргызда айтылгандай, “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат”. Антпесе, кийинки абалыбыз өтө оорлошуп кетиши мүмкүн.

– Өзбекстандын бийлиги алмашты, эми алардын жаңы бийлигинен оң чечим күтүүгө болобу?

– Күтүүгө болот. Себеби, өзүбүздүн амбициябызды токтотуп, өтө аша чаап кетпестен, өзүбүздүн алыбызга карап, Өзбекстан менен мамилени жакшыртып, оңдоого аракет жасашыбыз керек. Жаңы келген кадрлар маселенин бардыгын жакшы түшүнүп турат. Сөзсүз бул маселелерди туура чечүүгө барат деген жакшы ойдомун.

– Убагында сизди чек ара боюнча чечкиндүү аракеттерди көргөн деп айтышат. Сиз иштеп турганда чек арадагы абал кандай эле? Аны кантип жөнгө салчу элеңиздер?

– Ал убакта мыйзам боюнча губернаторлордун жоопкерчилиги көп болчу жана маселени чечкенге укугу да бар эле. Биз ушул мыйзамды толугу менен колдондук. Эң негизгиси Баткен облусу менен чектешкен Тажикстан жана Өзбекстандын облус, район жетекчилери менен мамилебиз абдан түз болуп, тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселелерди ачык айтып, акылдашып чечүүгө аракет кылып турганбыз.

– Маселенин чечилбей жаткандыгын кыргыз бийлигинин алсыздыгы экендигин дагы айтып жатышпайбы…

– Бул бийликте турган кадрларыбыздын аракетинен көз каранды. Алардын билими, дипломаттык жөндөмүнө, маданиятына карап иш болот. Ошондуктан, биздин ошол жердеги жетекчилердин мүмкүнчүлүгү бар. Жакшылап аракет кылса, колдорунан келет деген ойдомун.

Каныкей Бозгунова, “Марал”

Булак: “Майдан.kg” 

Эми оппозицияны “кара жащиктин” жаңы ачылган “Ала-Тоо 24ү” күнү-түнү шыбайбы?

Ыйык Курман айт күнү өлкөбүздүн маалымат айдыңында дагы бир чоң жаңылык болду. Анткени КТРКнын алдындагы күн сайын кечинде жарым саат жаңылыктарды көрсөткөн “Ала-Тоо” программасы “Ала-Тоо 24” деп аталып, мындан ары сутка боюу иштей баштайт экен.

Бул үлкөн иш-чаранын ачылышына вице-премьер-министр Г.Кудайбердиева, президенттин аппарат башчысы Ф.Ниязов, парламенттин аппарат башчысы А.Кутушевдер катышып, куттуктап сөз сүйлөштү жана акчалай салым кошушту. Башкы директор И. Карыпбековдун айтуусунда, аталган каналдын ачылышына 30 млн. сом жумшалыптыр. Ал эми жалаң кырмызы кызыл түскө боёлгон жасалгаларга кошумча өздөрү да кыпкызыл кийинген тележурналист кесиптештерибиз жаңы төрөлгөн баладай кубанып жүрүштү. Бирок “туулганына эмес, турганына сүйүн” демекчи, жалаң бийлик менен байлардын сөзүн сүйлөгөн, оппозиция менен карапайым элди сайга сүйрөгөн “кара жащик” күнү-түнү тынбай эми эмнени айтып, эмнени көрсөтөт болду экен? Эгер чыныгы коомдогу көйгөйлүү маселелерди чагылдырса, анда жакшы, кокус баягы эле эски адатына салып, бийликти аппак, оппозицияны капкара кылып көрсөтсө, анда элдин эсебинен жумшалган мынча каражат менен журналисттердин кайран эмгеги текке кеткени…

Булак: “Майдан.kg” 

Эл өкүлдөрү, эми кезек силерде!

Дүйнө акылмандары айтып, турмуштук процесстерде далилденгендей, коомго эң коркунучтуу адамдар булар – кайдигерлер. Эгер сен жеке индивид, инсан катары кайсы бир маселе боюнча оюңду ачык билдирип, жарандык парзыңды аткарбай, эки жагыңды ууруча кытмыр тиктеп, “башкалар эмне дээр экен…” деп отурсаң мына ошонуң өтө коркунучтуу. Андан көрө акылыңдан өткөрүп, маселени өзүңдүн мээ чөйчөгүңө жараша электеп, бир жыйынтыкка келип, аны ачык айтып койгонго не жетсин? Жок, анте албасаң анда сенин коомго тыйынчалык пайдаң барбы?

Албетте, бул айтылгандар азыр биздин Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын ар бирине арналып турган учуру. Анткени жакында көтөрүлгөн Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүү боюнча долбоор коомчулуктун талкуусуна түшүп, анын айынан саясатчылар кырды бычак болуп, бул талаш-тартыш менен кошо бири-биринен өткөн өчүн, кеткен кегин алчудай ахыбал жаралып турган учуру. Бекеринен экс-премьер министр Темир Сариев мыйзам долбоорунун авторлору делинген ЖКдагы фракция лидерлерине кайрылып, “көшөгөнүн артына жашынбай, ачык айтып, ак сүйлөгүлө!” – деп жаткан жок да. Анткени карга деле басып чыгарган көөдөй кара балапанын “аппагым” деген сыяктуу, расмий түрдө Конституциянын жаңы вариантын иштеп чыккан авторлор катары Канат Исаев, Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Өмүрбек Бабановдор күн бою автордук кылган долбоорду жактап, күн сайын телеге чыгып, жолугушууларды уюштуруп, түшүнбөстүктөрдү көчөгө жеткирбей эле мыйзамдуу, ачык-айкын жоюп турса болот болчу. Бирок эмнегедир жүктү мойнуна көтөрө турган лидерлер бүгүн буга шаасы жетпей, анын ортосунда өздөрүнө-өздөрү эс алуу жарыялап жиберип Көчмөндөр оюндарынын шылтоосу менен убакытты текке коротушууда. Бул чыныгы лидерликке жооп бербей турган сапат эмеспи…

Экинчиден, ооба, буга чейин да далай ирет Конституция өзгөргөн, бирде элдин күчү, коомчулуктун сүрү менен өзгөрсө, бирде бир ууч эле саясий топтун чечими менен өзгөрүп жүрүп отурган. Референдум дегенибиз болсо, болгону ошол бүткөн ишти легитимдештирүү экенин далай баштан кечирдик. “Эл чечсин” деген ураан жөн эле алдооч баштык катары десек да болот. Бирок бул жерде бир нерсени эске алуу керек. Жаман болсо да, жакшы болсо да мындай мамлекеттин тагдырын чечээр маселе коюлуп жатканда, ага элден мурун жоопкерчиликтүү катары парламенттин депутаттары эсептелет. Ошондуктан чыккан партиясына, шыбагасына тийген комитетине, шайлоодо ака-үкасынын жардамы мененби, акчасы мененби, чыныгы элдин ишенимдүү добушу менен келгенине да карабай, ар бир депутат Конституция боюнча ачык пикирин билдирүүгө тийиш. Адатта мындай болбой, далай мандатын май чөнтөгүнө салган депутаттар “бириң өлүп, бириң кал” дегендей кайдигер мамиле жасап, соо жеринен “ооруп” ооруканага жата калып, “себептүү” иштер менен командировкалай калып же болбосо кулда кулак жок болуп, эптеп эле ЖКнын имаратына кирди-чыкты болуп, көпчүлүктүн арасында жүрө беришет. Мына ушундай коңулга кире качкандардын көптүгүнөн улам өлкө өрдү карай эмес, көрдү карай кулаган учурлары болбодубу. Ошондуктан азыркы 120 депутат мандатыңарды тартып ала турган эч ким жок, артыңарда колдоочуңар турганы чын болсо, чындап депутаттык антыңардын аягына чыгайын десеңер, шайлоо алдындагы узун убадаңарды “уй жеп” кетпесе, Конституция боюнча ар бириңер ачык пикириңерди билдирип эл алдында башыңарды бийик көтөргөнүңөр дурус болот.

Эгер бүгүн депутаттар Конституциянын өзгөрүшүнө ак же көк деп айта албай, аны ачык айтуудан корксо, “мандатымды алдырсам, бизнесимди кантип “крышовать” этем” деген жеке кызыкчылыгы үчүн корксо, булар коомго тээтиги ИГИЛчилер сыяктуу эле коркунучтуу бойдон кала берет. Анткени бүгүн эки ооз оюн айтып коюудан айбыккандар эртең элдин башына күн түшкөндө, эң биринчилерден болуп акчасын артынып сыртка чыга качат. Же болбосо эртең непадам эле бийлик алмашып кете турган болсо, алды менен ошолор азыркы бийликти боктоп, сол жээктин “солк” этпес жаса керлерине айланат. Ошону менен алар кийинкилерди да иритип, чиритип жүрүп отурат.
Андан көрө ачык айтып, ак сүйлөп, каршы болсоңор Өмүрбек Текебаевчесинен аргументтериңерди айтып, колдосоңор Рыскелди Момбековчосунан түз пкириңерди жалтанбай айтып койсоңор андан эч нерсеңер кемибейт. Калк ичинен колдоочуларыңар, тарапташтарыңар табылат, сергек, позициясы бар депутат катары шайлоочуларыңарга да уят болбойсуңар. Ооба, бул жолу жарандык коом, эксперттердин бүтүн армиясы ачык талкууга катышып жаткан соң, ар бир депутат мандатына манчыркабай, өз пикирин ачык айтуусун талап кылганыбыз оң. Эт эмес же чел эместер ким экенин бүгүн билип алганыбыз жакшы. Качанкыга чейин эле “балыктардын” күнү тууп, ити чөп жей берет?!

Тынчтык Алтымышев

Булак: “Фабула”

Ташкент Үңкүр-Тоо тарапта өзбек жарандары олтурушкан аймакка анклав статусун берүү талабын койдубу?

Өзбекстандын экс-президенти И.Каримовдун каза болгондугу таасир эттиби же жаңы убактылуу өзбек бийлиги позициясын өзгөрттүбү, Үңкүр-Тоодогу телемунарадан өзбек күч кызматкерлери кармап кеткен төрт кыргызстандык бошотулду.

Өзбекстан 8-сентябрда аларды Ала-Бука чек арасынан өткөрүп беришти. Бирок өзбек тарап станциядан милиция кызматкерлерин чыгарып кете элек. Кыргыз тараптын айтуусунда, өзбектер Ала-Бука районунун аймагындагы Орто-Токой суу сактагычын кайтарган кыргыз милиция кызматкерлерин толук чыгарып кетүүнү жана ал жерде жашаган 30 үй-бүлө жарандары ээлеген аймакка анклав статусун берип, коридор ачууну талап кылышууда. Кыргыз бийлиги кошуналардын мындай сунуштарынын бирин да кабыл алган жок. Демек, алар Үңкүр-Тоого мыйзамсыз кирип, бул стратегиялык аймакты басып алгандыгы жана өз жерибиздеги жарандарды барымтага алышы эл аралык нормаларга да ылайык келбейт. Сыягы, КРнын ТИМ жетекчиси Э.Абдылдаевдин өткөн жумада Европада ЕККУ жыйынында сүйлөгөн сөзү таасир берсе керек. Андыктан чек ара чатагын өзүбүз мүчө болгон эл аралык уюмдардын жардамы менен чечүү ыңгайлуудур.

Булак: “Майдан.kg

Меню