Menu

Тажик бажы кызматкеринин үйүнөн 48 миң доллар уурдалды

Хатлон облусунун укук коргоо органдары маалымдагандай, үч кишиден турган кылмыштуу топ беткап кийип алып, бажы чиновниги Курбон Зукуровдун үйүн тоноого киришкен.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, кылмышкерлер 48 миң доллар катылган металл сейфти үй ээсинин автоунаасына жүктөп, Бохтар районунун Кызылжылдыз деген жерине алып келишкен. Ал жерден алар башка автоунаага отурушуп, топтун мүчөлөрүнүн биринин үйүнөн сейфти талкалап, уурдалган каражатты өз ара бөлүп алышкан.

Тажикстан ИИМи кабарлагандай, үйдү тинтүү учурунда сейф жана акчалардын бир бөлүгү табылган. Милициянын маалыматы боюнча кылмышкерлер алгач аткаминердин аялын жана балдарын сабап, андан соң ири суммадагы акчаны уурдап кетишкен. Зукуровдун 17 жаштагы баласы жаракат алып, ооруканада жатат. Окуя 8-сентябрга карган түнү болгон.

Бажы кызматкери өзү оор абалда ооруканага жеткирилди, азыр ден-соолугу түзүк. Курбон Зухуров бир жылдан ашык убакыттан бери Хатлон облустук бажы башкармалыгынын аудит бөлүмүн жетектейт.

Кылмыш жасоого шектелип, беш адам кармалды. Учурда алар көрсөтмөлөрүн берүүдө. Бирок үйдөн уурдалган 48 миң доллар Курбон Зухуровдун жеке каражатыбы же ал иштеген мекемеге таандыкпы, алигиче белгисиз бойдон калууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Абдрахман Маматалиев, коомдук-саясий ишмер: “Биздин чек арачылар дагы биздин аймакка кирип кетти деп кармап калышса болмок”

Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Уңгар-Тоо маселеси учурда коомчулуктун кыжырын кайнатып турган кез. Өзбек чек арачылары эч себепсиз бастырып кирип, ошол жердеги байланыш станциясында иштеп жаткан 4 жараныбызды “мыйзамсыз биздин чек араны бастырып кирген” деген күнөө менен өз аймактарына алып кирип кетишкен. Ошондон бери ал 4 жарандын дайыны жок. Коомчулук болсо жакшылыктан үмүт үзбөй, Жогорку Кеңеш эс алуудан келсе бул маселени карайт деп турган кезде депутаттар эс алуудан келди дагы “Көчмөндөр” оюнун анан Курман айт майрамын шылтоолоп кайра 13-сентябрга чейин каникулга чыгып кетишти. Деги эле мамлекетте оор кырдаал жаралып жатканда депутаттар каникулунун мөөнөтүн узартып алышына көз караштар кандай?- деген суроо менен кайрылып көрдүк.

– Депутаттардын узакка созулган 2 айлык каникулун дагы узартып алышы туура эмес. Бирок, баардык эле депутаттардын эс алып алалы деген ниети жок болсо керек. Мисалы, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы кечээ жакында эле жыйын өткөрүп, ушул маселе боюнча кеп козгоп, өз пикирлерин билдирип чыгышпадыбы. Бул тоону ушул маселе башталгандан баштап эле өзбектер биздики десе, биз биздин жер деп талашып келе жатабыз. Ошондуктан такталбаган жер болсо эмне үчүн алар аскерлерин киргизип жиберишет? Андай болсо биздин чек арачылар дагы биздин аймакка кирип кетти деп кармап калышса болмок. Жөн эле иштеп жаткан адамдарды өзбек чек арачылары кармап кетип кайра бошотпой жатышы өтө уят нерсе болуп жатат. Мен иштеп жатканда такталбаган жерлерди тактап, өкмөт башчы кол коюп иштегенбиз. Ошол убакта күч органдарына чек ара аймагында турган обьектилердин коопсуздугун кайтаруу боюнча атайын тапшырма бергенбиз. Бирок азыр ошондой жерди өзбектердин талашып жатканы такыр туура эмес. Мыйзамга дагы туура келбейт. Азыр биздин кармалып кеткен жарандарды жана чек ара маселесин чечүүнү сүйлөшүүгө төмөнкү кызматта иштеген жарандарыбыз барып жатышат. Атайын өкүлдөрдү жиберишүүдө. Муну менен маселе чечилбейт. Өкмөттүн жогорку даражадагы адамдары сүйлөшүүгө барып, түздөн-түз эң жогорку даражадагы адамдары менен сүйлөшпөсө биздин жарандар ал жакта кыйнала беришет.

Булак: “Жаңы-Ордо”

Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы курултай жана жарандык форум өтөт

Оппозиция октябрдын башында Бишкекте Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы курултай жана жарандык форум өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мурдагы парламент депутаты, иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, оппозициялык күчтөр менен жарандык коом өкүлдөрү бийликти конституциялык реформаларды өткөрүү ниетинен баш тартууга чакырышат.

Ушул жылдын 29-июлунда парламенттеги 5 фракция Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү демилгелеген. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

Бийлик референдумду күзүндө өтчү жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштаган. Оппозиция конституциялык реформаларга каршы болууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Бакыт Адылов, КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Төрагасы: “Улуттун уңгусу болгон миграциядан сактап калууга жалпы журт аракет кылсак…”

 

— Бакыт мырза, Москва шаарындагы өрткө байланыштуу эң көп суроо-талаптар сиздердин агенттикке келип жатса керек?

— Эми, өзүңүздөр билесиздер, 27-август күнү таңга жуук ушундай суук кабар келди. Кыргыздын жаш кыздары басмаканадагы өрттөн бул дүйнөдөн кош айтышты дегенде өтө жаман болдук. Буга чейин дагы ушундай кырсыктар катталып кеткен. Жаш кыздарыбызды коргой алсак жакшы болот эле. Бешиктен бели чыкпаган кыздарын, карындашын жибергендиги үчүн мырзалар уялышы зарыл.

— Мамлекет тарабынан мигранттарга кандай жеңилдиктерди кароону улантып жатасыздар?

— Бүгүнкү күндө кыргыз мигранттарынын укугу канчалык корголуп жатат деген суроолор көтөрүлүп жатат. Бул күтүүсүз окуя чынын айтканда баарыбызды капа кылды. Мигранттардын укугу боюнча Бажы биримдикке киргенден бери бир топ жеңилдиктер каралган болчу. Бажы биримдигине кирээрде Россияга кире албай жаткан мигранттардын дээрлик 200000ди чапчып калган эле. Орус тилинен тапшыруу иштери каралып калган. Тейлөө кызматы тарабынан да абал өтө начар эле. Учурда 573000 жараныбыз Россияда эмгектенип жатат. Андан сырткары 500 миңдеген жараныбыз Россиянын жарандыгын алышкан. Бажы биримдигине киргенден кийин орус тили, тарыхы боюнча сынак алуу, атайын каттоо сыяктуу маселелер чечилген. Дипломдорубуз дагы таанылып калды. Пенсиялык фонд боюнча дагы иш алып барып жатабыз. Кыргыз мигранттары кайсыл жерде иштебесин эмгек стажысы жалпы эсептелсин деген сунуш берип жатабыз. Мындай жеңилдиктерге карабай аткарылбай жаткан маселелер бар. Келишимдин шарттарын убагы менен аткарып жатабыз. Өлкөдө мигранттардын санын кыскартуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Ар бир райондо атайын калкты иш менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатканын көрүп жатасыздар. Экономика министрлиги дагы Россия фонду менен биргеликте иш алып барууда. Заводдорду ачып аракет кылып жаткандыгы мигранттардын агымын токтотуу болуп эсептелинет.

— Мигранттардын укугу толук кандуу корголуп жатат деп айта аласызбы?

— Тилекке каршы укук бузуулар биздин жарандар тарабынан дагы катталып жатат. Негизги биздин жарандар Россиянын мыйзамдарын сыйлап каттоого туруу жагынан, иштеген жеринен келишимди талап кыла албагандыгы туура эмес болуп жатат. Кышында болгон кырсыктан кийин укугубузду коргойлу десек жарандарыбыз келишимдин негизинде иштебей, келтирилген зыянды төлөтүп ала алган эмеспиз. Тактоо маселелер дагы кыйынга турган болчу. Келишим түзүү жагынан массалык түрдө мыйзам бузулууда. Бажы биримдигинин талаптарына ылайык жарандар Россияда атайын медициналык жактан камсыздандырылган болуусу абзел. Биздин жарандар муну жасабагандыктан балдарын мектепке же бакчага алып барганда кыйналышууда. Мыйзамга ылайык биздин жарандар барганда айласыздан батирге киришүүдө. Бирок эки адамга каттоого тургузуп коюшууда. Текшерүүгө келгенде мыйзамсыз жашап жатат деп кара тизмеге кирип калышат.

— Сиз айтып кеткен кара тизмени чечүүнүн жолдору барбы?

— Кара тизме маселеси боюнча атайын июнь айында Россияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Россиянын федералдык кызматы жоюлуп кеткендиктен 2016-жылдагы бул маселелер чечилбей турат. Бүгүн маселе Россиянын ИИМине өткөрүлүп берилген. Россиянын өкмөт башчысы Кыргызстанга келгенде биздин өкмөт башчы бул маселени көтөргөндө “сөзсүз бул кара тизмени карап чыгабыз”-деген убадасын берди. Азыр деле аз-аздан кара тизмеден чыгарып жатабыз. Болгону былтыр өтө көп адамды кара тизмеден чыгаргандыктан таасирлүү көрүнгөн болчу. Азыркы учурда 6 700 адамды кара тизмеден чыгарсак, кайра 6 500 адам кара тизмеге кирип калды. Бул 2016-жылдын 8 айынын жыйынтыгы болуп эсептелинет. Буйруса жылдын аягына чейин дагы кара тизмедегилерди дагы чыгартабыз. Кара тизмеден чыгаруудан мурун, кара тизмеге кирбөөнүн амалын издесек жакшы болот эле. Атайын мамлекеттик теле каналдар аркылуу жумалап мигранттарга көрсөтүп, атайын баракчаларды Ош, Манас аба майдандарына таратып бердик. Тилекке каршы көңүл бургандар абдан аз болду. Натыйжада кара тизмеге кирүүгө мажбур болуп жатышат. Жөнөкөй эле нерсе, Россиянын чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда жумушка бара жаткан жарандарыбыз атайын баракчаны окууга же мейманга келе жатам деп жалган маалымат бергендиги үчүн да кара тизмеге кирип калышууда. Ар бир жаран өз укугун жакшы билбесе, мамлекеттин кылган жардамы дээрлик жардам бербей жатат.

— Дүйнөдө биздин мамлекеттей болуп миллион адамын сыртка чыгарган мамлекеттерден кимдерди атай аласыз?

— Дүйнөдө 200 000 млн жакын мигранттар бар. Өнүккөн мамлекеттерде мигранттар чыгып жатат. Бүгүнкү күндө Молдовия деген кичинекей мамлекет санынын аздыгы бизден дагы аз, бирок миллионго жакын адамдары мигрант болуп жүрүшөт. Филипин мамлекетин дагы айтсак болот. Албетте, улуттун уңгусу болгон миграциядан сактап калууга жалпы журт аракет кылсак. Ал үчүн шайлоолордо кагаздарда саясый упай топтоого аракет кылбастан, учурдагыдай кырсыктар башыбызга түшкөндө көңүл айтып калбай, завод-фабрикаларды Кыргызстанга куруп, эки адам болсо да чет мамлекетке чыгарбаганга аракет кылсак өтө жакшы болмок. Биздин көпчүлүк жарандарыбыз чет өлкөгө иш орун түзбөй мамлекетибиздин ичинде түзсө биздин жарандарды аз болсо да миграциялык агымдан сактап калууга мүмкүнчүлүк болмок.

— Өкмөт башчынын кабыл алуусунда болуптурсуз?

— Өкмөт башчысы менен биргеликте миграциялык өкүлчүлүктүн башчысын дайындап, тышкы мигранттарды каттоо, алардын укуктары, милдеттери боюнча талкуу жүрдү. Кудай буйруса ушул айда миграция боюнча жыйын болот. Мунун баарын талкууга алып чыгабыз. Азыркы учурда биз алып чыга турган маселелердин күн тартиби каралып жатат. Тышкы миграциянын абалын, каттоо көйгөйлөрүн, этникалык кыргыздардын абалын көтөрөбүз.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Сирияда элдешүү келишими күчүнө кирди

Сирияда 12-сентябрдан бери Орусия жана АКШнын ортомчулугу астындагы элдешүү жараяны расмий түрдө күчүнө кирди.

Беш жылдан бери уланып жаткан Сириядагы жарандык согушка чекит коюу үчүн Вашингтон менен Москва ушуну менен экинчи жолу аракет көрүүдө. Эгер ок атышпоо келишими бир аптага чейин бузулбаса, Орусия менен АКШ экстремисттик топторго каршы аскердик-аба операцияларын координациялайт.

Сирия аскер башчылыгы билдиргендей, “тынчтык режими” өлкөнүн бардык аймактарына тиешелүү. Бирок элдешүү жараяны бузулса, аскерлер жооп кайтаруу укугуна ээ. Ал ортодо Башар Асаддын режимине каршы чыккан көтөрүшчүлөр макулдашуунун шарттарын сактай турганын билдиришти.

БУУнун эсебинде, Сириядагы согуштун кесепетинен 250 миңден ашуун киши өлүп, 11 миллион адам өлкөдөн бозуп кетти.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Бакыт Аманбаев, мурдагы акыйкатчы: "Биздин парламент үчүн “позор”

Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Уңгар-Тоо маселеси учурда коомчулуктун кыжырын кайнатып турган кез. Өзбек чек арачылары эч себепсиз бастырып кирип, ошол жердеги байланыш станциясында иштеп жаткан 4 жараныбызды “мыйзамсыз биздин чек араны бастырып кирген” деген күнөө менен өз аймактарына алып кирип кетишкен. Ошондон бери ал 4 жарандын дайыны жок. Коомчулук болсо жакшылыктан үмүт үзбөй, Жогорку Кеңеш эс алуудан келсе бул маселени карайт деп турган кезде депутаттар эс алуудан келди дагы “Көчмөндөр” оюнун анан Курман айт майрамын шылтоолоп кайра 13-сентябрга чейин каникулга чыгып кетишти. Деги эле мамлекетте оор кырдаал жаралып жатканда депутаттар каникулунун мөөнөтүн узартып алышына көз караштар кандай?- деген суроо менен кайрылып көрдүк.

– Унгар-Тоодогу бүгүнкү абал биринчи кезекте аткаруу бийлигинде иштеген адамдардын өз милдеттерин билбегендигинин, билимсиздигинин, деңгээли төмөндүгүнүн белгиси. Эгер алар чын эле мамлекетти ойлой турган болсо мындай кылышпайт болчу. Унгар-Тоодогу маселе бир эле Аксылыктардын маселеси эмес. Жалпы кыргыз элинин коопсуздугу болуп эсептелинет. Демек бийликтегилер жапа тырмак кийлигишсе болмок. Эң маанилүү маселе, мындан маанилүү маселе жок. Ошондуктан аткаруу бийлигинин кетирген кемчилигинен улам ушундай кырдаал түзүлгөндөн кийин мыйзам чыгаруу бийлиги иштеш керек болчу. Биз парламенттик мамлекет болгондуктан эң жогорку даражадагы бийликте парламент турат. Алар баардык маселени, чек араны сөзсүз түрдө кезексиз жыйынга чогулуп, ким күнөөлүү, качан берилген, ким кол койгон, кандай учурда кол коюлган дегенди талкуулап, аны аныктагандан кийин элге айтса болмок. Анан барып буга чейинки кол коюлган протоколдорду жокко чыгарып, Өзбекстанга нота жиберсе болмок. Бул мыйзам чыгаруу бийлигинин түздөн-түз иши. Бул ишин жасабай эс алып жыргап жүрүшөт. Демек булар калкыбыз айтып жүргөндөй чөнтөк парламент экендигинин чыныгы далили. Алар биздин чек арага коркпостон бастырып кирип, адамдарыбызды алып кирип кетишти. Алар бир айга жакын убакыттан бери кыйналып абакта жатышат. Алардын укуктары тууралуу эч бир мамлекеттик орган ойлонбойт. Себеби аларга кызматы болсо жетиштүү. Кыскасы “позор” биздин парламентке.

Булак: “Жаңы-Ордо”

Эмилбек Каптагаев, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү: “Роза Исаковна президенттин кечээги айткан сөзүнөн коркуп, кача турган мажирөө киши эмес”

— Эмилбек мырза, президент А.Атамбаевдин 31-август күнү, сиздерди “өлө тердеткен” сөзүнө теригип жүрөсүзбү?

— Президенттин элдин майрамдык маанайына, Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдык мааракесине ылайыгы жок сөз сүйлөгөнүн эл айтып жатат. Конституцияны сөзсүз азыр өзгөртүүгө келтирген жүйөөлөрү да негизсиз. Азыр Баш мыйзамды өзгөртсөк ошол бойдон калып калат, мындан аркы эл башкаргандар анын чегинен чыкпай иштейт деген сөз негизсиз, тетирисинче, азыр ушул Конституцияга кол салуу менен мындан аркы “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген саясатка кеңири жол ачылат. Азыр Президентти шыкактап аткандардын ою деле ошол, эмдиги жылы бийликке келсек колу-жолубуз бош болсун деп атышат алар. Албетте Роза эжеге карата айтылган сөз мени дагы абдан кыжалат кылды, ал кишиге карата андай мамиле кылууга болбойт эле.

— Роза Отунбаеванын дарегине айтылган сөздөрдөн кийин аны коргоп чыкканыңыздар көп байкалбай жатат да?

— Мен окугандан, эл ичинде болуп, пикир уккандан тескерисинче элдин кеңири катмары колдоп жатат дейт элем.

— Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионаты сиздин жакындарыңызга катталганы айтылып жатат. Колдон келип турганда сиз дагы пайдаланып калайын дедиңизби?

— “Витязь” деген мамлекеттик ишкана, анын ээси Мамлекеттик мүлк фонду, Өкмөт. Ар кандай ушактарды тарата бербей ошол жактан маалымат алышса болмок. Бирок атайын эле ошентип таратып жатышат да, бет тырмарлык деп коёт муну.

— Сиз Роза Отунбаеванын администрация башчысы болуп иштегенсиз. Ал киши Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт жасатып бергендиги боюнча эмнени билесиз? Бул каңырыш эмеспи? Каңырыш болсо убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Топчубек Тургуналиев кайсыл маалыматка таянып жатат?

— Батыров боюнча карандай жалган. Атайын эле таркатылып жаткан беттырмарлык ушак. Ал эми Топчубек келжирей берет да.

— Роза Исаковна Европага учуп кетти деген жаңылыктар чыгып жатат. Төңкөрүш кылууга тыйын издеп кеткен жокпу? Балким ошол жактан баш калкалап кеткен жокпу деген суроолор көбөйүп кетти.

— Роза Исаковна президенттин кечээги айткан сөзүнөн коркуп, кача турган мажирөө киши эмес. Тескерисинче, ал аял киши болсо да бүгүнкү бийлик башындагылардан эрктүү. Аны качып кетти дегенди ичи бузуктардын чыгарганы болуу керек. Кай бири чет жактан иш издеп жүрөт деп да жазып жатышпайбы. ОБСЕде эң чоң кызмат ордунун бирин сунуш кылышкан. Ошого сүйлөшүп, ал жактын пикирин билип келүүгө кетти. Роза Исаковна азыр дагы ички саясатта таасири күчтүү инсандардын бири, ал кишинин Акаевди дагы, Бакиевди дагы кетирүүдөгү орду опол тоодой экенин эч ким тана албайт.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы-Ордо”

 

Кеменгер кеп: Бирөөнү жыга чапкан киши күчтүү эмес, жыгылганды жөлөп-таяп тургуза алган киши күчтүү

 

Эгер сен кимдир бирөөгө шам жагып берсең, анын нуру сенин жолуңду да жарык кылат.

(Будда)

Туура, катындын баары келесоо болот. Бирок бактыга жараша, аялдын баары эле катын эмес.

(Фаина Раневская)

Боюнда жок аял эмереги жок квартира сыяктуу.

(Мэрлин Монро)

Аялды жөн гана сүйүш керек. Эгер ошончолук эле бирөөнү тарбиялагың келсе,  күчүк сатып ал.

(Сергей Безруков)

Мен жыгылдым, балким дагы көп жолу жыгылаармын, бирок мен турган кезде башкалар кулайт.

(Хюррем Султан)

Мода аялды сулуу гана кылбастан, өзүнө-өзү ишеним да берет.

(Ив Сен-Лоран)

Жаңылыштык – тажырыйба менен даанышмандыктын ортосундагы көпүрө.

(Филлис Терос)

Даанышмандыктын өскөнү ачуунун азайганы менен өлчөнөт.

(Фридрих Ницше)

Бирөөнү жыга чапкан киши күчтүү эмес, жыгылганды жөлөп-таяп тургуза алган киши күчтүү.

(Жюльет Бинош)

Эгер сен кейиштүү болсоң – өтмүш менен жашап жатыпсың.

Эгер сен санаалуу болсоң – келечек менен жашап жатыпсың.

Эгер сен тынч, бейгам болсоң – бүгүнкү күн менен жашап жатыпсың.

(Лао Цзы)

Эгер уландысы болушун кааласаң, башталышы тууралуу эч кимге айтпа.

(Чыгыш макалы)

Бизге эң чоң кыйынчылыкты биздин өзүбүздүн иллюзиябыз, фантазиябыз жана кыялдарыбыз алып келет.

(Лорд Пречер)

Сизди аябай жакшы көргөн адам сиздин жаныңызда болуунун айласын дайыма табат.

(М.Лермонтов)

Келечек үчүн өтмүштөн кол үзүш керек болот.

(Сергей Есенин)

Бул жашоодо сенден жалгыз гана нерсени – сенин аман-эсен, бактылуу болушуңду каалаган бир адамың болуш керек.

(Борис Акунин)

Көргөн нерселериңе ишенбе. Анткени туз дагы кумшекер сыяктуу болуп көрүнөт.

(Араб макалы)

Эң баалуу нерселерди – ден соолукту, сүйүүнү, эркиндикти, жашонун өзүн биз бекерге алабыз. Бирок алардын баркын билбейбиз. Биз экинчи даражадагы нерселер – акча, кооз кийим, атак-даңк табуу менен алекпиз.

(Энтони де Мелло)

Катачылык – бул турмуштун тыныш белгилери, текст сыяктуу эле аларсыз маани-маңыз болбойт.

(Харуки Мураками)

Өтмүш келечекти жаратат. Ким мурдагы кемчиликтерин түшүнүп, аны оңдоого аракет кылса, өзүнүн келечегин оңдогон болот.

(Лууле Виилма)

Эгер сен мени сүйсөң, мен дайыма сенин жүрөгүңдө болом.

Эгер сен мени жек көрсөң, мен дайыма сенин акылыңда болом.

(Кришна)

Жигиттеги эң манилүү нерсе байлык эмес, даанышмандык. Аялдагы эң манилүү нерсе сулуулугу эмес, берилгендиги. Досуңдагы эң маанилүү нерсе куру сөзү эмес, мээрими. Сүйгөн адамыңдагы эң маанилүү нерсе талабы эмес, түшүнүүсү. Денедеги эң маанилүү нерсе көркөмдүгү  эмес, ден соолугунун чыңдыгы. Сөздө болсо – аны ким, кантип айтканы эмес, ойдун тереңдиги маанилүү.

(Роман Луконин)

Энең сени бооруна кыскандан өткөн бакыт барбы – мында сен канча жашта экениң маанилүү эмес.

(Мэг Кэбот)

Бирөөнүн бактысына кошо кубанган киши дайыма бактылуу болот.

(Геше Джампа Тинлей)

Өзүңдү адамдарга болгон жек көрүүдөн тазалоого аракет кыл. Анткени жек көрүүнү чогултуу менен сен уу чогулткан болосуң, ал уу бир күнү сендеги адамдык сапаттарды өлтүрүп жок кылат.

(Николай Сербский)

Колунан иш келген киши жасайт. Иш келбеген сындайт.

(Чак Паланик)

Чынчыл адамдардын бир жаман жери, алар башкалар да чынчыл болушун талап кылышат.

(Нил Стивенсон)

Ким алдына анык максат коюп, аны ишке ашыруу үчүн көшөрө аракет кылса ийгиликке жетишет. Бул – ааламдын мыйзамы.

(Сесил де Милль)

Мендеги сиз көрүп турган нерселердин баары – бул меники эмес, сиздики.

Меники – бул сиздеги мен көргөн нерселер.

(Эрих Мария Ремарк)

Даярдаган Мамат Сабыров

Булак: “Азия Ньюс”

 

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында 2016-жылдын 12-сентябрында саат 15:30 чамасында Шор-Булак участкасында Ауди үлгүсүндөгү мамлекеттик № А 846 ВU 750 RUS унаа менен Вольксваген-Голф мамлекеттик № О 48-84 F үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Натыйжада кырсык болгон жерде 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин 58-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып жаракат алган 2 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Каза болгон жана жабыркаган адамдар медициналык тез жардам кызматы тарабынан Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген. Бул маалымат тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Фото - Назарбаев Каримовду эскерүү үчүн Самаркандга барды

12-сентябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев иш сапары менен Өзбекстанга барып, Ислам Каримовду эскерди. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Самаркандга болгон иш сапарынын алкагында Нурсултан Назарбаев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл коюп, анын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолукту.

Ошондой эле казак лидеринин Өзбекстан президентинин милдеттерин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзияев менен жолугушуусу да пландалган.

Нурсултан Назарбаев – Шавкат Мирзияев президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалгандан кийин аны менен жолугушкан алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчысы болот.

6-сентябрда Самаркандга Орусия президенти Владимир Путин да барган. Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин Шавкат Мирзияев аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген.

nursultan-nazarbaev-mogile-karimova3

nursultan-nazarbaev-mogile-karimova2

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Жыйынга катышпаган депутаттардын жоопкерчилиги каралат

Жогорку Кеңеште жыйындарга себепсиз катышпаган депутаттардын жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу комитеттин төрага орун басары Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, комитеттин 13-сентябрдагы жыйынында бул маселе талкууланып, июнь айында жыйынды себепсиз калтыргандардын жоопкерчилиги каралат.

Шыкмаматов жаза катары эл өкүлдөрүнүн айлыктарынын бир бөлүгүн кармап калуу сунушталарын кошумчалады.

Буга чейин парламенттин жыйындарына өтө аз депутаттар катышканы коомчулукта сын-пикирлерди жараткан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Бердымухамедов жыл башынан бери алтынчы китебин жазды

Түркмөнстан президенти Бердымухамедов министрлер кабинетинин жыйынында өзүнүн кезектеги китебин жазып бүткөнүн билдирди. «Тынчтыктын, достуктун жана боордоштуктун музыкасы» аталышындагы бул китеби улуу түркмөн музыканттарынын бири Шүкүр бахшиге арналган. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Президенттин айтымында, «Шүкүр бахши эң оор маселелерди да тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылган адам болгон». Китепти 14-сентябрда Ашхабадда өтө турган Түркмөнстан Аксакалдар кеңешинин жыйынына чейин басып чыгаруу тапшырылды.

19-20-кылымдарда жашаган Шүкүр бахши музыкалык мелдештен жеңип чыгып, иран уруусунда барымтада жаткан бир тууганын бошоткондугу менен атактуулукка жеткен.

Бул түркмөн президентинин жыл башынан берки алтынчы китеби. Буга чейин анын макал-лакаптар жыйнагы, чай, ахалтек тукумундагы жылкылар, түркмөн килем токуу өнөрү жана Түркмөнстандын дары чөптөрү жөнүндөгү китептери чыккан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ташкентте дарыгерлер пахтага чыгуудан акча төлөп кутулууда

Ташкенттеги Нейрохирургия илимий борборунун кызматкерлери быйыл пахта жыйноого барышпайт. Борбордун жамааты талаагы чыгуудан ар бири 200.000 сумдан ($31) акча берип кутулууну чечкен.

«Бизде медициналык кызматкерлер жетишпейт, бейтаптар абдан көп, аларды дарылоону кийинкиге калтырууга болбойт. Баарыбыз тең акча чогултуп бердик, ал эмес айлыгы 350.000-400.000 сумдан ашпаган санитарлар да беришти. Биз топтолгон акчаны институт райондук акимчиликке бериши керек деп уктук, биздин ордубузга талаада иштей тургандар менен алар өздөрү сүйлөшүп алышат экен», – деди борбордун кызматкерлеринин бири.

Анын айтымында, пахтага чыгуудан кутулуу үчүн эч ким өз чөнтөгүнөн акча берүүнү каалабайт, бирок алардын андан башка айласы жок. Дарыгерлердин нааразылыгын уккан эч ким жок, ал эми талаага чыгуудан баш тартуу тууралуу айткандарга карата дароо эле коркутуп-үркүтүүлөр башталат.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, нейроборбордун жамааты пахта талаасына чыгуудан кутулуу үчүн 100 миллион сум ($15.600) төлөшү керек. Жалпысынан жеке бизнести эсептебегенде өлкө боюнча бул сыяктуу миңдеген жамааттар бар.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кубатбек Байболов менен Болот Шер генерал-лейтенант чининен ажырайбы?

2010-жылдын 7-апрелинен кийин «ач-жылаңач революционерлер» көп эле тескери жоруктарга барышты. Бу жагы мезгилдин оошкону менен ачыкка чыгып келатат. Албетте, убагы менен бардык катачылыктарды тизмектейбиз. Азыр болсо орчундуу бир маселеге токтололу.

Эсиңерде болсо, жаңы бийлик келгени мамлекеттик сыйлыктар «ит-кушуна» чейин берилип кеткен. Мындай шартта саясаттагы лөк­төр жөн калмак беле? Учурда бизге анык болгондой, 7-апрелден кийин Кубатбек Байболов менен Болот Шер генерал-майор чинин аттап өтүп, дароо эле генерал-лейтенант деген ардактуу наамга ээ болушканы кайсы акылга сыят? Бу көрүнүш мыйзамды одоно бузуу ме­нен жасалма погон тагынуу болуп эсептелет. Эми бийлик өткөн-кеткенди териштирип аткан соң, мыйзамсыз берилген генерал-лейтенант деген чоң жылдыздарды мамлекетке кайра кайтарып алса болобу? Антпесе абал чатак. Күч органдарына өмүрүн арнап, таман-акы маңдай тери менен жеткен генералдар дал ушул эки саясатчынын кылыгына бүгүнкү күндө өтө нааразы экен. Эгер бизде мамлекеттүүлүктүн эрежелери чын эле сакталса, анда бу жа­гы териштирилиши зарыл. А болбосо барк кайда? Орган кызматкерлери кимге карап түздөнүшү керек? Аскер наамына, өзгөчө чоң жылдыздарга этият мамиле кылбасак болбойт да…

Кубат Карачев

Булак: “Азия Ньюс”

Тажик авиакомпаниясынын кезектеги учагы жүргүнчүлөрүн Дүйшөмбүгө жеткире алган жок

Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учактарынын бири 100дөн ашык жүргүнчүсүн Орусиянын Красноярск шаарынан Дүйшөмбүгө жеткире алган жок.

«Боинг» учагы 11-сентябрь күнү эртең менен Красноярсктан Дүйшөмбүгө учушу керек болчу. Бирок жүргүнчүлөрдү жайгаштыруу маалында учактын асманга көтөрүлүүсүнө тыюу салынган. «Андан кийин бизди алып кетиш үчүн Тажикстандан башка учак келиши керектигин айтышты. Биз алгач отурган учак бузук болуп, аны оңдоого эки-үч күн керек экен», -деп билдирди жүргүнчүлөрдүн бири.

«Таңкы саат 4төн бери аба майданда жүрөбүз, эртең мененки 8де бир жолу тамак беришкен, ошол бойдон биз жөнүндө унутуп калышты. Түштөн кийин бизди эч ким карабай жатканын, арабызда улгайган жана бала эмизген аялдар бар экенин айтып аба майдан жетекчилигине кайрылдык. Алар бизди «Сомон Эйр» авиакомпаниясы карашы керек деп жооп беришти», – деди ал.

Бул акыркы бир жума ичинде тажик аваикомпанияларынын учактарында техникалык мүчүлүштүктөрдүн бар экендиги аныкталган экинчи учур. 6-сентябрда «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын Дүйшөмбүгө багыт алган учагы жарым сааттан кийин кайра Бишкек аба майданына келип конууга мужбур болгон. Ал каттамдын жүргүнчүлөрү 8-сентябрда гана Дүйшөмбүгө жеткирилген.

Тажикстандын эки ири авиакомпаниясы эсептелген «Сомон Эйр» менен «Тажик Эйр» америкалык Boeing жана орусиялык ТУ учактарына ээлик кылат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Түркиянын Ван шаарындагы жардыруудан жараат алгандардын саны 48ге жетти

Түркиянын Ван шаарындагы жардыруудан жараат алгандардын саны 48ге жетти. Эки адамдын абалы абдан оор деп бааланууда. Буга чейин 11 адамдын жаракат алганы кабарланган. Жардыруу дүйшөмбү күнү эртең менен болгон.

ММКлар жардыруучу зат салынган унаа бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын аймактык кеңсесинин жанында жарылганын кабарлашууда. Жарылуу болгон жерден алыс эмес аймакта полиция бөлүмү да жайгашкан. Жараат алгандардын арасында эки полиция офицери бар.

Азырынча кол салуунун артында кимдин турары белгисиз. Бир нече күн мурда Түркия бийлиги басымдуу бөлүгүн күрт улутундагылар түзгөн 28 район башчысын жумуштан алган. Ага аткаминерлердин Күрдистан жумушчулар партиясына байланышы бар деп шектелгени себеп болгон. Аталган партия Анкара менен айрым Батыш өлкөлөрүндө террордук уюм деп эсептелет.

Түрк бийлигинин кадрдык чечими күрт калкынын арасында нааразылыктарды жараткан.

Акыркы айларда Түркиянын түштүк-чыгышында жардыруулар байма-бай болууда. Өлкө бийлиги алар үчүн жоопкерчиликти Күрдистан жумушчулар партиясына жүктөп келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Бакуда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга каршы массалык митинг өттү

Оппозициянын биргелешкен фронту тарабынан уюштурулган 12-сентябрдагы митингге миңдеген жарандар катышты. Алар “Референдумдун эмне кереги бар? Бир киши — Ильхам Алиев үчүн Конституцияны үчүнчү ирет өзгөртүү үчүн гана”, – деп кыйкырышты.

Азербайжан бийлиги 26-сентябрда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү көздөп жатат. Анда президенттикке талапкерлердин жаш курагын чектөөнү алып салуу, президенттин кызматтагы мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу, парламенттик шайлоого 18ге толгон жарандардын катышуусуна уруксат берүү сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталган.

Нааразылык акциянын катышуучулары референдум өткөрбөөнү, реформаларды жасоону жана саясий айып менен камалгандарды бошотууну талап кылышты.

«Азербайжандын элдик фронту» партиясынын лидери Али Керимли митингдегилердин бардыгы тең референдумга бойкот жарыялоо үчүн чогулганын белгиледи. «Анын кимге кереги бар? Биз бир киши — Ильхам Алиев үчүн гана Конституцияны үчүнчү жолу өзгөртпөшүбүз керек. 2002-жылы ал өкмөткө келсин деп, 2007-жылы кайра шайлансын деп өзгөрткөнбүз, бул жолкусунда – Алиев бийлигинин позициясын күчөтүү үчүн өзгөрткөнү жатышат», – деп кошумчалады ал.

Журналист Хадиджа Исмайлова дагы референдум бийликтин башкаруучу үй-бүлөнүн бир мүчөсүнөн экинчисине берилишин бекемдейт деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - КМШ өлкөлөрүндө президенттик тактыда эң көп олтургандар кимдер?

Эсил кайран СССР кыйрагандан кийин бийликке келген КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин көпчүлүгү президенттик кызматтан өз эркилери менен кеткилери жок. Алардын ичинен эң көп, 24 жыл президенттик тактыда олтурган Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун 3-сентябрда көзү өттү.

Эми көзү тирүүлөрдөн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 24 жылдык президенттик стажы менен 1-орунга чыкты. Андан кийин 2-орунга 21 жылдык стажы менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, 3-орунга ошондой эле 21 жылдык стажы менен Александр Лукашенко, 4-орунга 16 жылдык стажы менен Владимир Путин, 5-орунга 12 жылдык стажы менен Илхам Алиев, 6-орунга 9 жылдык стажы менен Гурбангулы Бердымухамедов, 7-орунга 8 жылдык стажы Армениянын президенти Серж Саргсян,  8-орунга 5 жылдык стажы менен Алмаз Атамбаев, 9-орунга 4 жылдык стажы менен Молдованын президенти Николае Тимофти, 10-орунга 2 жылдык стажы менен Петр Порошенколор чыгышты.

Видео жана инфографика: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Татарстандын Казан шаарында Курман айт майрамдалууда

Татарстандын баш калаасында Курман айт намазы Кол Шериф мечитинде окулду. Анда республика президенти Рүстөм Миңнеханов, Казан шаар мэри Илсур Метшин да катышышты. Намаздан соң курман чалуу салты башталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар борбору”

Фото - Бүгүн Бишкекте Курман айт-намаз окулду

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги өкмөт үйүнүн (эски аянт) алдында Курман айт-намаз окулуп, ага миңдеген момун мусулмандар катышты. Андан сырткары  айт-намазга Кыргызстандын башкы муфтийи Максат ажы Токтомушев,  премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов сыяктуу расмий адамдар да катышып, сөз сүйлөштү.

ajt-namaz-120916

ajt-namaz-120916-5

ajt-namaz-120916-7

ajt-namaz-120916-4

sooronbaj-zheenbekov-ajt-namaz-120916

muftij-ajt-namaz-120916

 

Бүгүн айт-намазда Сооронбай Жээнбеков Алмаз Атамбаевдин Курман айт майрамына куттуктоосун окуп берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Бишкек шаарындагы Эски аянтта өткөн майрамдык Айт-намазга катышты. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевдин Курман айт майрамына карата куттуктоосун окуду.

Андан кийин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзү кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештер! Жараткан бизге жакшы күндөрдү энчи кылды. Жакында эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрдүк. Ушул жакшы окуяларга үзөӊгүлөш ыйык Курман айт майрамы да кирип келди. Муну Кудай Таала бизге жакшы күндөрдү ыроолоп, өлкөбүзгө кут түшүрдү», – деп белгиледи Өкмөт башчысы.

Премьер-министр, өлкө жарандары коомчулуктун ынтымагы менен биримдигин баарынан бийик коюшу керек экендигин баса белгиледи.

«Жараткан ар бир кыргызстандыктын жакшы тилектерин, асыл максаттарын, чалган курмандыгын кабыл кылсын, өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, тынчтыкты жана бакубатчылыкты насип кылсын. Ыйык Курман айт майрамыңыздар куттуу болсун!», —деп куттуктады Сооронбай Жээнбеков.

Видео- Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев айт намазда элди куттуктап жатып Атамбаевди сындагандарды "кудай жазаласын!" деп каргады

Бүгүн, 12-сентябрда Ош шаарындагы Айт намазга чогулган элдин алдында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жалпы элди куттуктап жатып, президент Алмаз Атамбаевдин жаңылануу саясатын сынга алгандарды каргады. «Биз баарыбыз Кудайга чын ыкласыбыздан ибаадат кылышыбыз керек. Президентибиздин жаңылануу саясатын сынга алып, эл арасында бузукулук кылып, бөлүп жаргандарды Кудайга койдук, аларды Кудай жазаласын!»,- деди ал куттуктоо сөзүндө.

https://www.youtube.com/watch?v=le7dMVZpaNc&feature=youtu.be

“Элдик репортер”

Шекербек Камчыбек уулу, коомдук активист: "Чөгүп бараткан "Убактылуу Өкмөт" аттуу кемеден биринчи Алмаз Атамбаев чыга качты"

Эгемендүүлүк майрамы болуп өткөнүнө он күн болуп калды, бирок, дагы деле эл оозунан президент Алмаз Атамбаевдин майрамдык салтанатта сүйлөгөн сөзүн талкуу түшө элек. Ал түгүл айрым аттуу-баштуу эле саясатчылар ал кишинин ден соолугунан шек санап, эгерде ушундай маанисиз, былжыр сөздөрдү сүйлөй берсе мамлекетти бөлүп-жарып, коӊшу өлкөлөр арасында ыркты бузат дегендей кооптонуушууда. Байкуш кийинки муундарыбыз кандай болоор экен?..

“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген кеп бар элибизде. Атамбаев эм өзү мүчө болгон Убактылуу Өкмөттү сындай баштады, араларынан ырк кетсе керек. 2010-жылдын 7-апрелинде саясаттын чоң мейкиндигине сүзүүгө чыккан, 100 дөн ашуун эр азаматтын кырчындай өмүрү менен жасалган “Убактылуу Өкмөт» деген кеме чөгө баштаганын ушундан билиңиз, куруучулары чекесинен кача башташты. «Кеме чөгөөрдө биринчи келемиштер качат» дейт эмеспи. Анын сыңарындай, ошол 31-август күнү ал кемеден биринчи элди каратып туруп Атамбаев өзү качты.

Жаман аялдай болуп, ушак айткандан көрө 3-сентябрь күнү Өзбек президенти Ислам Каримовдун тажиясына барып, катышып келсе жакшы болот эле. «Өӊдү көрсө жүз таят» дегендей өзбек тарап биз менен болгон дипломатиялык алаканы күчөтүп, Унгар-Тоо маселеси да эртерээк чечилээр беле. “Орус президенти Владимир Путинге рахмат, мусулман болболсо да Өзбекстандын Самаркан шаарына, Ислам Каримовдун жай башына келип гүл коюп эскерип, кетти” деген эле сөз эл арасында уу-дуу болууда.

Эми карап туралы, курулганына 6 эле жыл болгон “Убактылуу өкмөт” аттуу сууга чөгүп бараткан кемеден дагы кайсы келемиштер чыга качат экен.

Шекербек Камчыбек уулу,  Аксы району

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Карен Карапетянды Армения Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  10-сентябрда, Карен Карапетянды Армения Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктады.

«Урматтуу Карен Вильгельмович,

Сизди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Армения Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен чын дилимден куттуктайм.

Ар кыл багыттагы өз ара пайдалуу эки тараптуу, анын катарында Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы  кызматташуунун келечектеги өнүгүүсү биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыгына толук дал келет деп ишенем. Сиздин бул жогорку кызматтагы ишмердүүлүгүңүз биздин өлкөлөр ортосундагы элдердин кызыкчылыгында  кыргыз-армян кызматташтыгын бекемдейт  жана өнүктүрөт деген ишенимдемин.

Урматтуу Карен Вильгельмович, сизге чын ден соолук, тынчтык жана мамлекеттик жооптуу ишиңизге ийгиликтерди каалайм», – деп айтылат Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысынын куттуктоосунда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бакытжан Сагинтаевди Казакстан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Бакытжан Сагинтаевди Казакстан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

“Урматтуу Бакытжан Абдирович,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздин Казакстан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу чын дилимден куттуктайм.

Сиздин бай тажрыйбаңызга жана ишкер сапатыңызга жараша Казакстан элинин бакубаттуулугуна жана гүлдөп-өсүүсүнө багытталган демилгелериңиз ишке ашып, жаңы ийгиликтер менен коштолуусуна ишенем.

Биздин биргелешкен аракеттерге ылайык, өлкөлөр ортосундагы салтка айланган достук мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк эки тааптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча жаңы деңгээлге чыгып, бир тууган элдерибиздин бакубаттуулугу жана өнүгүүсү үчүн чыңдала береээрине үмүт артам.

Убакыттан пайдаланып, урматтуу Бакытжан Абдирович, Сизге чың ден-соолук, жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалайм”.

Олжобай Шакир, жазуучу: Атамбаев "алтынга ширелген такка баканы канча отургузган менен, ал баарыбир балчыкка секирип түшкөнүн койбойт" болуп жатат

Бийлик кумарына мас  болгон ажо
Беш жылдан бери өлкө башчы атанган Алмазбек Атамбаев өзүн президенттик такка жеткирген тегерегиндеги тилектештеринин баарын бош мүшөктөй силкип ыргытты. Курчоосунда шоопуру баш болгон бирин-экин илээшкерине терең ишенип алды көрүнөт, кечээги идеялаш, санаалаштарынын баарына акааратын жаадырып бүттү. Анын акааратына кабылбаган бир гана Ата-Бейитте жаткан арбактар калды эми. Бирок мындай алешемдиги менен бир күнү арбактарга акаарат келтирсе деле таң калбай турган болдук ко. Өзү айтмакчы, “мен айтпасам ким айтат” дегенди дамамат кайталаган Атамбаев “таластыктар эл эмес”; “нарындыктар койсуңар” десе да ага жараша берчү болду…
Айта берсек анын аша чапкан шар ооздугуна эсеп жетпейт: мына, өлкөбүздүн 25 жылдык эгемендик тоюнда ажобуздун алешемдигин тургай, жеткен эки жүздүүлүгүн атпай-журт көрдү. 2010-жылы Кыргызстандын тагдыры тар жол, тайгак кечүүгө кептелгенде элдик референдумга салынган конституция менен бирге шашылыш чечимдерге барууга аргасыз болгон ошондогу Убактылуу өкмөттүн аракеттерин жериген анын той бусар жосунуна өзүбүз тургай, дүйнө коомчулугу жерге түкүрүндү! Өзүнөн башкасынын баарынын төбөсүнөн ылдый жугунду куюп, жалгыз өзү мамлекеттин туруктуулугун сактап калган кишидей түр көрсөттү.
Беш жыл мурдакы Убактылуу өкмөттүн чечимдери жакшыбы, жаманбы, туура же туура эмес болду беле: арийне кеп – мамлекеттик майрам күндү белгилөөдө жаткан… Беш жыл мурдагы факт – Кыргызстандын бүтүндүгү сакталып калды! Өлкөнүн түштүк аймагындагы канбулоондуу окуя аз жерден бүгүнкү күндөгүдөй жапа-жабырга түшкөн Сирия менен Украинанын кейпин кийип калган жок. Ошол мезгилдеги Кыргызстандын тагдыры бычак мизинде турганда опол тоодой эмгеги, эларалык аброю бар Роза Отунбаева болгон үчүн Атамбаев такка отургузулду. Ага Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ошондой шарт түзүп беришти. Бирок даанышман кеби менен айтканда, алтынга ширелген такка баканы канча отургузган менен, ал баарыбир балчыкка секирип түшкөнүн койбойт экен…

Олжобай Шакир, жазуучу

Олжобай Шакир, жазуучу: Атамбаев "алтынга ширелген такка баканы канча отургузган менен, ал баарыбир балчыкка секирип түшкөнүн койбойт" болуп жатат

Бийлик кумарына мас  болгон ажо
Беш жылдан бери өлкө башчы атанган Алмазбек Атамбаев өзүн президенттик такка жеткирген тегерегиндеги тилектештеринин баарын бош мүшөктөй силкип ыргытты. Курчоосунда шоопуру баш болгон бирин-экин илээшкерине терең ишенип алды көрүнөт, кечээги идеялаш, санаалаштарынын баарына акааратын жаадырып бүттү. Анын акааратына кабылбаган бир гана Ата-Бейитте жаткан арбактар калды эми. Бирок мындай алешемдиги менен бир күнү арбактарга акаарат келтирсе деле таң калбай турган болдук ко. Өзү айтмакчы, “мен айтпасам ким айтат” дегенди дамамат кайталаган Атамбаев “таластыктар эл эмес”; “нарындыктар койсуңар” десе да ага жараша берчү болду…
Айта берсек анын аша чапкан шар ооздугуна эсеп жетпейт: мына, өлкөбүздүн 25 жылдык эгемендик тоюнда ажобуздун алешемдигин тургай, жеткен эки жүздүүлүгүн атпай-журт көрдү. 2010-жылы Кыргызстандын тагдыры тар жол, тайгак кечүүгө кептелгенде элдик референдумга салынган конституция менен бирге шашылыш чечимдерге барууга аргасыз болгон ошондогу Убактылуу өкмөттүн аракеттерин жериген анын той бусар жосунуна өзүбүз тургай, дүйнө коомчулугу жерге түкүрүндү! Өзүнөн башкасынын баарынын төбөсүнөн ылдый жугунду куюп, жалгыз өзү мамлекеттин туруктуулугун сактап калган кишидей түр көрсөттү.
Беш жыл мурдакы Убактылуу өкмөттүн чечимдери жакшыбы, жаманбы, туура же туура эмес болду беле: арийне кеп – мамлекеттик майрам күндү белгилөөдө жаткан… Беш жыл мурдагы факт – Кыргызстандын бүтүндүгү сакталып калды! Өлкөнүн түштүк аймагындагы канбулоондуу окуя аз жерден бүгүнкү күндөгүдөй жапа-жабырга түшкөн Сирия менен Украинанын кейпин кийип калган жок. Ошол мезгилдеги Кыргызстандын тагдыры бычак мизинде турганда опол тоодой эмгеги, эларалык аброю бар Роза Отунбаева болгон үчүн Атамбаев такка отургузулду. Ага Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ошондой шарт түзүп беришти. Бирок даанышман кеби менен айтканда, алтынга ширелген такка баканы канча отургузган менен, ал баарыбир балчыкка секирип түшкөнүн койбойт экен…

Олжобай Шакир, жазуучу

Олжобай Шакир, жазуучу: Атамбаев "алтынга ширелген такка баканы канча отургузган менен, ал баарыбир балчыкка секирип түшкөнүн койбойт" болуп жатат

Бийлик кумарына мас  болгон ажо
Беш жылдан бери өлкө башчы атанган Алмазбек Атамбаев өзүн президенттик такка жеткирген тегерегиндеги тилектештеринин баарын бош мүшөктөй силкип ыргытты. Курчоосунда шоопуру баш болгон бирин-экин илээшкерине терең ишенип алды көрүнөт, кечээги идеялаш, санаалаштарынын баарына акааратын жаадырып бүттү. Анын акааратына кабылбаган бир гана Ата-Бейитте жаткан арбактар калды эми. Бирок мындай алешемдиги менен бир күнү арбактарга акаарат келтирсе деле таң калбай турган болдук ко. Өзү айтмакчы, “мен айтпасам ким айтат” дегенди дамамат кайталаган Атамбаев “таластыктар эл эмес”; “нарындыктар койсуңар” десе да ага жараша берчү болду…
Айта берсек анын аша чапкан шар ооздугуна эсеп жетпейт: мына, өлкөбүздүн 25 жылдык эгемендик тоюнда ажобуздун алешемдигин тургай, жеткен эки жүздүүлүгүн атпай-журт көрдү. 2010-жылы Кыргызстандын тагдыры тар жол, тайгак кечүүгө кептелгенде элдик референдумга салынган конституция менен бирге шашылыш чечимдерге барууга аргасыз болгон ошондогу Убактылуу өкмөттүн аракеттерин жериген анын той бусар жосунуна өзүбүз тургай, дүйнө коомчулугу жерге түкүрүндү! Өзүнөн башкасынын баарынын төбөсүнөн ылдый жугунду куюп, жалгыз өзү мамлекеттин туруктуулугун сактап калган кишидей түр көрсөттү.
Беш жыл мурдакы Убактылуу өкмөттүн чечимдери жакшыбы, жаманбы, туура же туура эмес болду беле: арийне кеп – мамлекеттик майрам күндү белгилөөдө жаткан… Беш жыл мурдагы факт – Кыргызстандын бүтүндүгү сакталып калды! Өлкөнүн түштүк аймагындагы канбулоондуу окуя аз жерден бүгүнкү күндөгүдөй жапа-жабырга түшкөн Сирия менен Украинанын кейпин кийип калган жок. Ошол мезгилдеги Кыргызстандын тагдыры бычак мизинде турганда опол тоодой эмгеги, эларалык аброю бар Роза Отунбаева болгон үчүн Атамбаев такка отургузулду. Ага Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ошондой шарт түзүп беришти. Бирок даанышман кеби менен айтканда, алтынга ширелген такка баканы канча отургузган менен, ал баарыбир балчыкка секирип түшкөнүн койбойт экен…

Олжобай Шакир, жазуучу

Европанын Эркин дин тутуу Форуму Кыргызстандык журналист Дайырбек Орунбековду куугунтуктоону токтотууну Алмаз Атамбаевден талап кылды

FOREF Europe (Европанын Эркин дин тутуу Форуму), офис: Сейденгассе 28/4, 1070 Вена, Австрия.

Президент: доктор Аарон Родестин Башкы катчысы: Питер Зохрер

Тел: +43 6645238794, е-mail: [email protected],-сайт: foref.info, Blog: www.foref-europe.org

Тема: Журналист Дайырбек Орунбековду куугунтуктоо токтотулсун!

Улуу урматтуу Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге

Көчүрмөсү: ЕККУ төрагасына / БДИПЧ / ОБСЕнин Медиа эркиндигинин атайын өкүлүнө / ЕККУнун өкүлдөрү / БУУнун Ой-пикирин эркин билдирүү боюнча атайын баяндамачысына

Урматтуу Президент Атамбаев,

Мен Европанын Эркин дин тутуу форумунун атынан, Кыргызстанда адам укуктарын 20 жылдан ашуун убакыт бою камсыз кылуу үчүн аракет кылган инсан катары жазып жатам. Сизди урматтоо менен журналист Орунбеков Дайырбекке сиз жана сиздин өкмөт тарабынан көрсөтүлүп жаткан куугунтуктоону токтотууну суранам.

Ал иш боюнча хронологиялык отчетту тиркедим, бирок, албетте, бул окуя сизге жана адам укуктары менен алектенгендерге жакшы белгилүү. Биз алган маалыматка ылайык Орунбеков жасаган ишине шайкеш келбеген ашкере жазалоого жана мыйзамсыз коркутууларга дуушар болгон. Бизге келген маалыматтарга таянсак, сиз өзүңүз да ачык эле коркуткан экенсиз. Бул көрүнүш сиздин администрацияңыз үчүн өтө уят көрүнүш жана бүтүндөй Кыргыз Республикасында сөз эркиндиги жана башка адам укуктары сакталбай атат деп, мамлекеттин имиджине доо келтирет.

Сиздей кызматтагы инсан коомчулук жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан сынга туруштук берүүгө даяр болуусу керек.

Мен, менин кесиптештерим жана Кыргызстандын бардык жарандары Дайырбек Орунбековду эл аралык адам укуктарын коргоо уюмдарынын кийлигишүүсүнө жеткирбей, жазалоодон баш тартсаңыз сизге терең ыраазы болобуз. Көңүл бурганыңыз үчүн рахмат!

Урматым менен, Европанын Эркин дин тутуу Форумунун президенти Aaron Rhodes

Sincerely,
Dr. Aaron Rhodes President

FOREF Europe (Forum for Religious Freedom), Office: Seidengasse 28/4, 1070 Vienna, AUSTRIA President: Dr. Aaron Rhodes, Secretary General: Peter Zoehrer Phone: +43 6645238794, E-mail: [email protected], Website: foref.info, Blog: www.foref-europe.org

Subject: Stop harassment of journalist Daiyrbek Orunbekov FOREF Europe (Forum for Religious Freedom), Office: Seidengasse 28/4, 1070 Vienna, AUSTRIA President: Dr. Aaron Rhodes, Secretary General: Peter Zoehrer Phone: +43 6645238794, E-mail: [email protected], Website: foref.info, Blog: www.foref-europe.org

Subject: Stop harassment of journalist Daiyrbek Orunbekov His Excellency Almazbek Atambaev President of the Republic of Kyrgyzstan CC: Chairman-in-Office, OSCE / ODIHR / OSCE Special Representative on Freedom of Media / OSCE delegations / UN Special Rapporteur on Freedom of Expression Dear President Atembaev, I am writing on behalf of the Forum for Religious Freedom- Europe, and as someone who has tried to promote human rights in Kyrgyzstan for over 20 years. I want to respectfully ask you and your government to stop harassing journalist Daiyrbek Orunbekov. I am attaching a report about the history of his case, but of course this story is well known—to you, and to those who follow human rights issues. Orunbekov has been subjected to disproportionate punishments and illegal intimidation.According to information we have received, you have personally and publically threatened him. It is an embarrassment to your administration that this spectacle persists. The case confirms a most unflattering image of Kyrgyzstan as a country where the freedom of expression and other basic human rights are not respected. Public officials like yourself must learn to endure criticism from members of the public and the media. My colleagues and I, and I imagine all Kyrgyz citizens, will be grateful when you bring this matter to a close without punishing Orunbekov for exercising his internationally protected human rights. Thank you for your attention and consideration.

Sincerely, Dr. Aaron Rhodes President

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор: “31-августта Отунбаева, катын киши эркек кишиге теңелбей унчукпай басып кетип калды. Бул деген “сен катындан да жаман экенсиң” дегендик да”

-Азимбек мырза, өзбектер күч менен басып олтурган Унгар-Тоо боюнча президентке кайрылуу жасап, “мага уруксат берсеңиз ала допучан туугандарды кууп түшөм” деп айттыңыз. Өзбектер болсо Унгар-Тоону биздин аймак деп жарыялашты. Кууп түшкөндөн башка арга калбай калдыбы?

Унгар-Тоону өзбектер биздин аймак деп жарыялады. Ага биздин бийлик негиз берип койду. Темир Сариевдин 2015-жылдын ноябрь айындагы Унгар-Тоонун чокусу Өзбекстандыкы деген протоколу бар. Ошол чокудагы радиорелейдик станцияны башка чокуга которгула деп Кербен шаардык кеңешине кат жазган. Ушунун өзү эле эң чоң катачылык. Себеби, кыргыз-өзбек чек арасы али чечиле элек. Ал качан эки республиканын президенттери келишимге кол коюп, Жогорку Кеңеш ратификациялаганда гана чечилет. Азыр президенттер эмес, Өкмөт башчылары да кол койгон келишим жок. Протоколдор болсо Өкмөттүк же облустук деңгээлдеги эле кагаздар. Бирок, тарыхый, юридикалык документтер боюнча Унгар-Тоо Кыргызстандыкы. Атамзамандан бери биз колдонуп келебиз. 91-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан бири-бирин эгемендүү мамлекетпиз деп суверендүүлүгүн тааныганда, ушул аймак менен бири-бирибизди тааныйбыз деген. Демек, бүгүн талаш жок, ал жер Кыргызстандыкы. Азыр Өзбекстан биздики деп талашып жатканынын себеби, 25 жылдан бери Кыргызстан бир метр жер боюнча маселе коё албагандыгынан улам болуп жатат. Мен алыс кетпейин, Өзбекстан 3 этап менен Аксыга кирди. Биринчиси, Хозреша аркылуу  жолубуз  өтчү. Ал жерди туугандар жаап койду эле Кызыл-Алманын белине чыктык. Ал жерге да чыгып алыштыбы. Эми болсо Унгар-Тоого чыгып атат. Унгар-Тоону алдырып койсок, андан кийин алар Кызыл-Алманын чокусун, Жийденин белин, Бүргөндүнүн чокусун биздики деп чыгышат. Биз ошого жол түзүп коёбуз. Эл аралык юридикалык документ боюнча Унгар-Тоо биздики. Өзбектер биздики деп айтканга алардын колунда эч кандай документ жок. 31-августта мен Атамбаевге кайрылдым. Сен башкы командачысың, тышкы саясатты аныктаган адамсың, Коргоо кеңешинин төрагасысың, колуңдан келбесе Унгар-Тоо боюнча мага ырасмий түрдө ыйгарым укук бер, мен элдик кошун менен бошотоюн десем, бул согушканы жатат деп чыгышты. Башка эмне аргабыз калды? Өзү эч нерсе кыла албаса укукту бизге берсин! Аксынын эли өзүбүз бошотуп алабыз!  Албетте, бул арга жоктон айтылган сөз да. Анан эмне жерибизди тарттырып коюп олтура беребизби?

Документти карап олтурбай вертолёт менен келип эле басып алышпадыбы?

-Муну басып алды дейт. Мен ошол үчүн президентке кайрылдым да. Чыныгы көчмөн эл өзүнүн жерин жоого бастыртып коюп Кырчын жайлоосунда ат чабыш көрбөйт, той өткөрбөйт. Президент баш болуп оюн көрүп олтургандар чыныгы көчмөн элдин тукуму эмес. Алар сарт көчмөндөр же калмак көчмөндөрдүн тукумдарынан болсо керек. 22-августтан бери биздин жерди коңшу өлкө басып олтурат. Парламент кезексиз жыйын өткөргөндүн ордуна эс алуудан келди да кайра эле эс алганы тарап кетишти. Өзүн-өзү урматтаган мамлекетте мындайга жол бербейт эле. Бул парламенттин өз элине жасаган чыккынчылыгы деп билем. Ошондон улам бул бийлик Унгар-Тоону берип койсо керек деп айтып жатам. Биздики деп талашкандын ордуна, буга Бакиев, Жекшенкулов күнөөлүү деп КТРден кечке чейин берип, коомчулуктун аң-сезимине ынаным киргизип жатат. “Кумтөрдү” да ушинтип эле олтурат. Акаев, Танаев коррупциялык схемага кол коюп койгон экен дейт да, бирок өздөрү ошол схема менен иштетип  жатат.

Бийлик жер үчүн күйбөсө, эл өзү бошотобуз деп чыкса кандай абал түзүлөрүн элестетиш кыйын го?

Күч органдардын ал жерди бошотууга күчү жетет. Мен бир нечеси менен сүйлөштүм. Күчүбүз жетет деп айтышты. Бирок, башкы командачы тарабынан буйрук болбой жатат. Ошол жерде чек араны караган чекарачы жок. Ал жерге жок дегенде бир ротаны алып барып коюп койсо болот болчу. Унгар-Тоодо бир нече телемунаралар, уюлдук  байлыныштын станциялары бар. Алар стратегиялык объектилер. Мен эл менен жолугуп келгенден кийин кайрылуу жасадым. Жогорку Кеңешке Сариевдин токтомуна окшогон документтердин баарын жокко чыгарып, Өзбекстанга биз 1992-жылдагы келишимди карманабыз да, калган протоколдорду тааныбайбыз, жокко чыгардык деп нота жибергиле дедим. Ошондон кийин Унгар-Тоону өзүбүзгө алуу боюнча адекваттуу чараларды көрүш керек. Күч колдонсо биз да күч колдонууга чейин барыш керек. Парламент 12-сентябрга чейин эс алууга кетип, президент болсо ат чабыш көрүп олтурганы, алар үчүн Кыргызстандын бүт аймагын башка бирөө басып алса да кылы кыйшайбай турганын далилдеп койду.  Мен Кыргызстандын жараны катары Конституция боюнча Ата-Мекенимди коргоого милдеттүүмүн. Андыктан Конституциядан четке чыккан жокмун.  12-сентябрга чейин күтөбүз. Эгер анда дагы бир чечим кылбаса, элдик курултай өткөрүп, чечим кабыл алып, ошого жараша иш кылабыз.

-Сиз Аксыга барганыңызда күч түзүмдөрү аңдып жүрүшүптүр. Ошол сиздин аркаңыздан акмалап жүргөн коопсуздук кызматынын, милиция кызматкерлерин чек араны кайтартып койгондо өзбектер басып кире алмак эмес да…

-Мен ушул сөздү ИИМ министринин орун басары Курсан Асановго, УКМКнын биринчи орун басары Дүйшөн Чоткараевге да айттым. Асановго “Аксыга келгендер президент болот же Сариевге окшоп кызматтан куулуп кетет. түзүк баласың, Ошто кан кечип жүрдүң эле. Мени менен кучакташып учурашканыңды сүрөткө тартып алышты. Сен да куулуп кетпе. Кел, элден бата алып берейин” деп элден бата алып бердим.  Чокуда олтургандарды тазалачы? – деп сурандым. “Мага буйрук берсе тазалаймынбы” деди. Көрсө, алар мени кайтарып барышыптыр.

-Сиз өзүм эле кууп түшөм дейсиз. Бирок, ал жерге барганда өзбектер “хоп, Азике энди биз кетамиз” деп жыйынып кетип калбайт да. Куралдуу басып кирип, биздин аймак деп аткандан кийин сөзсүз ок атышат. Андан кийин не болот?

-Улуу Ата-Мекендик согуштар эмнеден улам болду эле? жан-жаныбарлар эмне үчүн кармашат? Жер үчүн, аймак үчүн күрөшөт. Өзбекстан дагы тобокелчиликке барып аймагын кеңейтин жатат. Биз кыргыздар Үзөңгү-Куушту “ажыдаар бизди жеп коёт” деп кытайга карматтык, казактар кудабыз экен деп Каркыраны берип койдук. Эми жаңжал болуп кетет деп Унгар-Тоону беребизби? Алыс кетпейли, азыр Россия менен Украинанын ортосундагы мамиле эмне үчүн болуп жатат?  Эмне орустарга жер жетпей жатабы? Баардык жерде Мекен үчүн, үй үчүн күрөш болот. Өзбектер бизди көздөй атса, биз да атабыз. Мекен үчүн күрөшөбүз, өлсө өлөбүз. Мамлекеттик чоң менчикти перехват кылып алып, же болбосо бийлик талашып, тосмону ашып өлгүчө, Унгар-Тоо үчүн өлсөк артыгыраак болот. Өзбектер кармап кеткен төрт адамды жөнөкөй адамдар чыгара албайбыз. Мал кирип кетсе чыгара албай жатабыз да, адамды кантип чыгара алмак элек. Бийлик күчтүү болсо жарандарды жөн эле чыгарып алса болмок. Кептин баары алты жылдан бери Ташкент Атамбаевдин бийлигин тааныган жок да. Теңата сүйлөшө алган жокпуз. Жадакалса Текебаев да “6 жылда бир метр жерди да чече алган жокпуз” дебедиби. Жер үчүн ыйлаган Бекназаров эл бузар, канга тойбогон  адам да, Мекенди четинен кертип саткандар “Улуу” адамдар, экс-президенттер, президенттер, акылдуу адамдар.

-Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын майрамдаган күнү досуңуз Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн катуу сындап жиберди. Сиз досуңуздун айткан сөздөрүнүн түпкү маанисин кандай түшүндүңүз?

-Ошол сөздөр айтылып жатканда Отунбаева туруп басып кеткенде эле ушундан өткөн жооп болобу деп түшүндүм. Катын киши эркек кишиге теңелбей унчукпай басып кетип калды. Бул деген “сен катындан да жаман экенсиң” дегендик да. Муну  Атамбаевдин утулушу деп түшүнсө болот.

-Отунбаевадан сырткары Батыровду бошотуп жибергендер, ячейка боюнча, морадерчулар жазаланат деп катуу кетпедиби? Көп жылдан бери банктагы ячейкалар боюнча сизди сындап келишет. Яейкадагы акчаларга колуңуз тийди беле?

-6 жылдан бери жазалабайт беле. Койгулачы эми, президенттен кетип жатып жазалайбы? Ячейкадан акчаларды алып келип бөлгөн Сариев премьер-министр болду го. Ал кишинин сүйлөгөнүн биринчи жолу көрүп жатасыңарбы. Ячейканын видеосу, тыйынына чейин эсептелгени кылмыш иште турат. Алып карай берсин. Ошол ишке аралашсам эбак эле мени алып барып камап салмак болчу.

-Майрам күнү эмне үчүн президент Отунбаева менен Текебаевге басым кылып сүйлөдү? Аларды коркуттубу?

-Майрамдын алдында Убактылуу Өкмөттүн 9 мүчөсү “Сен Конституцияны өзгөртүп, узурпацияга жол бергениң туура эмес” деп кайрылуу жасадык. Ал ошого чычалап, мени колдобой, саясатыма каршы болуп жатасың деп жатат. 2020-жылга чейин өзгөртүү болбосун дегенде Атамбаевдин өзүнүн да колу бар. Каршы болгон эмес. Ошондо каршы болгонун уктуңар беле. Бүгүн болсо “ошол учурда кыз болчумун, азыр да кызмын” дегендей болуп жатат. Ошол кезде Атамбаев эмес, мен 1993-жылдагы Конституцияга кайрылалы деп долбоор жазып кайрылгам. Менин долбоорум өткөн эмес. Атамбаевдин бир жолу өзүнүн сунушун бергенин көргөн эмесмин.

-Отунбаеванын дарегине “сени эл президент катары шайлаган эмес” деп ачык айтылбадыбы. Референдум өткөндө Отунбаева президент болчу талапкер катары бюллетенде жазылбаганы чындык да. Чычалаган менен президенттин сөзүндө чындык бар экенин моюнга алыш керек го? Атамбаев бул жерде чындыкты эми айтып жаткандай болду. Отунбаеваны эл шайлаган эмес да.

-Азыркы Конституциянын этегинде өткөөл мезгилдин президенти да референдумга коюлган. Референдум болгондо Конституциянын долбооруна макулсуңбу же жокпу деген гана коюлат. Долбоордун этегинде эки мыйзам да Конституциянын ажырагыз бөлүгү катары тиркелген. Бирөөсү Конституцияны күчүнө киргизүү мыйзамы. Экинчиси, өткөөл мезгилдин президенти жөнүндө. Ал жерде Отунбаеванын фамилиясы менен 2011-жылдын 31-декабрына чейин деген мөөнөтү да жазылган.

-Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болбой калмак. Азике Убактылуу Өкмөттөгү саруулардын күчү менен Отунбаеваны президент кылып койгон деген сөздөрдү уккан элем. Чындыгында Бакиевдин бийлигин кетирүүдө Атамбаевдин орду чоң да. Ошондо эле сиз болбосоңуз Отунбаеванын ордуна Атамбаев президент болмок эле. Туурабы?

-Бул Атамбаевдин чыгарган сөзү. Ал мага таарынып, душман болуп жүргөнү да так ошондон. Ошондо эле Атамбаев “Саруулар биригип кеттиңер. БЭКтин төрагасы мен болсом, революция менин акчама жасалса, силер Отунбаеваны президент коюп койдуңар” деп айткан. Атамбаев “Сени эч ким шайлаган эмес” деп айтканы менен Отунбаеванын жарлыгы менен президенттик шайлоого барбадыбы. Мен эл шайлабаган президенттин жарлыгы менен шайлоого барбайм деп барбай койбойт беле? Филармонияда бийликти ошонун колунан албады беле?    Эгер Атамбаев Отунбаеваны президент катары тааныбаса эмне үчүн анда ага экс-президент деп Указы менен айлык чыгарып, резиденцияда жашатып жатат? Өзү Отунбаеванын президент эмес экенин билип туруп, ага айлык чыгарганы, резиденциядан үй  бергени, коопсуздугун камсыз кылганы үчүн Атамбаев жооп берсин? Мамлекеттин казынасынан 6 жылда Отунбаевага канча акча сарпталса Указ чыгарган өзү казынага төлөсүн.

Текебаев менен Атамбаевдин ортосунан кайсыл кара мышык аттап жүрөт? Экөө дээрлик бир командада эмес беле. Атамбаев Келдибековду, Бабановду жана башкаларды ал десе беркиси алып түшүп атты дегендей…

-Конституциялык реформа кылабыз дегенде Атамбаев Текебаев менен сүйлөшпөй койду. Так айтканда Текебаевди кошпой койду эле Текебаев ошого теригип кетти. Кара мышык ошол эле. Акаев, Бакиев деле элдик референдум аркылуу мыйзамсыз Конституцияга өзгөртүү киргизип келген. Атамбаев деле кетеримде “уруп” коёюн деп чечти да. Мен бул процесске анчалык деле көңүл бурбайм. Себеби, биз баш-аягы Конституцияны 12 жолу өзгөрттүк. Бул да ошонун бирөөсү. Атамбаевден кийин дагы бирөө келет да, ал дагы өзгөртөт. Мекенди алдырып койсок аны кайра өзгөртө албайбыз. Бул башка маселе. Унгар-Тоонун чокусу бүтүндөй Фергана өрөөнүнө, керек болсо Ташкентке чейин спутник болуп берет.

-Кадыржан Батыровго окшогон сепаратисттерди чыгаргандарды жазага тартабыз деп кимге тийишти? Кайсыл Убактылуу Өкмөттүн мүчөсүнүн жардамы менен алар чыгып кеткен? Президент көчөдөгү катын ушакка таянбаса керек?

-Сепаратисттер чыгып кеткен болсо, Атамбаев ошондой сепаратисттик жаңжалды караган комиссиянын төрагасы болгон. Күч органдарынын баары комиссиянын мүчөсү эле. Эгер ошондой болсо биринчи кезекте өзү жоопко тартылышы керек. Киммо Кильюнен баштаган эл аралык комиссия “Атамбаев 2010-жылдын 21-апрелинен бери ушундай жаңжалдын алдын ала турган атайын Убактылуу Өкмөттүн декрети менен комиссиянын төрагасы болуп туруп да, шаар өрттөнүп, канга чыланып калганда дагы бир жолу Ошко барган эмес, бир да жолу чогулуш өткөрбөгөн” деп жыйынтык чыгарган. Жалал-Абадда мен кармай албай, кууп жүрсөм, Атамбаев Бишкекте Кадыржан Батыровдорду кабыл алып олтурган. Артынан келип “Биз кармай албай кууп жүрөбүз, силер болсо кабыл алып олтурасыңар” деп Отунбаеваны урушкам. Ушунун айынан Убактылуу Өкмөттүн ичинде чоң жаңжал болгон. Роза Исаковна таарынып “Бирөөң кабыл ал, экинчиң кабыл алба дейсиңер. Тойдум силерге” деп эшикке чыга качкан күндөр болгон. 18-майда Батыровду кармай албай, артынан кууп келсем, Отунбаева кабыл алды деп айтышты. Отунбаевага кирсем “Атамбаев кабыл ал дегенинен кабыл алдым” деди. Бир эле Батыровду эмес, он чакты өзбекти кабыл алган.  Муну Атамбаев жакшы билет. Президент ушинтип айтты деп трагедия кылбай эле коёлучу. Трагедия кылсак кыргыздын жери болгон Унгар-Тоону өзбектер бизди улут катары тоготпой басып олтурганы трагедия. Көчмөндөр оюндарын ырахаттанып көрүп олтурбай, жерибизди, жарандарыбызды кантип бошотобуз деп баш оорутушубуз керек эле. Кербенде эл менен жолукканда саясий элитаны күнөөлөдүм эле, бүгүн да күнөөлөйм. Конституциялык реформа, Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү деп тегерек үстөл өткөрүп жатышат да, Уңгар-Тоо боюнча баш ооруткан жок.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы-Ордо”

Жалал-Абадда жаштарды экстремисттик уюмдарга азгырылбоо, кылмыштуулуктан арылтуу багытында тегерек стол болуп өттү

Жаңы окуу жылына карата “Мекеним менин Кыргызтан” доолборунун алкагында жергиликтүу бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары “Жаштар мамлекеттин келечеги”- деп аталган тегерек стол форматында жаштар менен тарбиялык иш-чара болуп өттү. Бул тарбиялык иш-чарага дин өкүлү, профессордук окутуучулук курам, укук коргоо органдары, аялдар кеңеши, жаштар коому, облустук жетекчилер, дубан акыйкатчысы жана Ош, Жалал-Абад аймагындагы лидер жаштар, жаштар комитеттери катышты.

Тегерек столдун негизги максаты жаштардын ынтымагын арттыруу, тажрыйба алмашуу, кылмыштуулуктан арылтуу, экстремисттик уюмдарга азгырылбоо, жаштар келечегине туура багыт берүү жана коомдогу жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган иш-чарага жалпысынан 400 адам катышып, алар жетекчилер менен диалог иретинде өз суроо талаптарын жана ойлорун ортого салып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан даярдалган жаштар багытындагы жумуштар тууралуу фото баяндар көрсөтүлүп жана “Жаштар коому” тарабынан даярдалган кыз ала качуу, хулиганчылык сыяктуу терс көрүнүштөрдү алдын алуу багытындагы “102” аталышта даярдалган профилактикалык видео ролик көрсөтүлүп кызуу талкууга алынды. Ошону менен катар жаштар өз мекени үчүн кызмат кылууда аскердик мөөнөтөрүн өтөө, үй-бүлөө куруу, миграция, дин багыты, аракечтик, наркомания, кесипке багыттоо, келечек пландар боюнча атайын адистер жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Жалал-Абаддагы укук коргоо органдарынын жаштарды туура жолго тарбиялоодо жасап жаткан эбегейсиз зор иш-аракеттерине күбө болдук. Чындыгында бул аймакта милиция менен жарандык коомдун мамлекеттин түптөлүүсү үчүн бир багытта бара жаткандыгына ынандык. Биз да өз ара тажрыйба алмашып келечектеги алгылыктуу багыттар боюнча ой пикир алышып ишке ашырууну жалпы милдет катары койдук”, – деп билдирди жыйында Ош мамлекеттик университетинин Жаштар комитетинин төрагасы Азирет Али Маткалыков.

“Жаштардын демилгесин дайыма жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары дайыма колдоп келебиз. Биз жаштардын келечекте туура жол тандоосуна акыл насаат менен ар кандай түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүп жана ушундай тегерек столдордо алар менен бирге олтуруп ой пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен анализдеп, колдоп берүү атуулдук милдет” – деди Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков.

 

Мелис Карыбек: “Азыр ай жаңырды, кооптуу абал эмес”

Гезитибиздин өткөн санында Мелис иним менен түз байланыш  уюштуруп, көпчүлүк окурмандардын маегин жарыя кылганбыз. Андан бери деле телефондун жаагы тынган жок. 500гө жакын чалуулар болуп, анын жарымы гана байланыша алганына биз күбөбүз. Окурмандын басымдуу бөлүгү өзүнө тиешелүү суроолорун берип жообун ала алды. Азыр деле чалуулар токтогон жок жана улана бермекчи. Парапсихолог Мелис КАРЫБЕКке бу жолу өзүбүздүн да суроолорду берип, ушу нукта маекти уладык.

– Мелис, түз байланышка чыккан адамдардын саны канчага жетти, канчасына жооп бере алдың?

– Уша тапта миң болбосо да ошого жакын телефон чалуулар болду. Мен ошонун 300гө жакынына жооп бере алдым окшойт. Калганына жооп бере алганым жок. Биринчиден, бардык суроолорго жооп бериш мүмкүн эмес экен. Экстрасенстик, телепатиялык түз байланышта бир канча аралыкта телефондун ары жагында турган адамдын аурасын, анын проблемасын көрүп жооп бериш керек. Алгачкы баарлашуубуз Москвадагы биздин жердеш кыздарыбыздын трагедиясына туш болуп, аза күтүү күнүндө байланышуу туура эмес болуп калды. Кийин Көчмөндөр оюну башталып кетти. Бул да биздин түз байланышка таасирин тийгизбей койгон жок. Чын-чынына келгенде мынча адам телефон чаларын күткөн эмесмин. Анын көбүнө өзүңүз күбө болдуңуз.

– Биз артка бир кылчайып көрбөйлүбү, элдин маанайы кандай, илгерки 90-жылдардагыдан айырма барбы? Ошол эле учурда мурунку Мелис менен азыркы Мелистен эмнени байкай алдың?

– Биринчиден, бу жолу өзүмдү да сынап көрөйүн дегем. Менде эки Мелис жашайт. Бирөө кадимки эле сиз тааныган, сиздин иниңиз Мелис. Экөөбүз тамашалашып, бабыраңдап сүйлөшөбүз. Элден эч бир айырмам жок. Экинчиси – өзүм толук түшүнө элек Мелис. Ал эмне деген адам, кандай касиети бар, жүрөгүндө кандай сырлар катылуу, адамзаты аңдабаган кандай күчкө ээ Мелис деген. Өткөн кылымдын 90-жылдарында жаңыдан касиет ыроолоп, аны кастарлап, артынан сая түшүп жүргөн Мелис менен азыркы, элүү жашты таяп, жашоонун ачуу-таттуу даамын татып калган Мелистин эмне айырмасы бар? Бул суроону сизден биринчи өзүмө да берип көрдүм. Менин да жашоого, турмушка болгон көз карашым өзгөрүп, башка адам болуп калыптырмын. Ошол эле учурда элдердики да башка нукка бурулганын байкадым.

– Көбүнчө кайсы тармактын адамдары менен баарлаштың?

– Көбүнчө базарда отургандар, соода кылып жүргөндөр, кызматчылар, жаштар  чалышты. Баардыгы эле келечекке кооптонуу менен карап атканын жашырышкан жок. Жаштар ипотека маселесин козгоп, анын чоо-жайын сурагандар болду. Көпчүлүк адамдар оору-сыркоосуна кабатырланып чалды. Келечегин билгилери келгендер да жок эмес экен. Абалтан адам баласынын аң-сезиминде келаткан дуба, сырткы таасир жөнүндө божурап, “анын айынан жолдорубуз буулуп, иштерибиз жүрбөй атат окшойт” деген көйгөйлөр менен кайрылып атышты.

– Ипотека  деп кетпедиңби, ушу жөнүндө айта кетсең?

– “Ипотека алсак болобу, алданып калбайбызбы, акырына чейин акчасын төлөй алабызбы?” деп кооптонуу менен чалышты. Сиздин суроо да ушуга үндөш болуп атат. Ооба, бул көпчүлүк акырына чейин түшүнө бербеген маселе экен. Бул боюнча мыйзамдын иштебей атканына да кабатыр болгондор четтен чыгат. Анткен менен элдин көбү ипотекага кызыгып атыптыр.

– Адамдардын дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу суроо берип атыштыбы?

– Мындай суроолор 90-жылдары көп болгон. Ошол учурда таксисттердин көбү өлүп, көбү дайынсыз жоголуп кетчү. Анткени мыйзам жакшы иштебей, каракчылар Казакстан жакка айдатып, жолдо талап-тоноп, машиненин ээсин өлтүрүп койгон учурлар көп кездешкенин билебиз. Азыр абдан эле азайып калыптыр. Буга азыркы байланыш каражаттардын жакшырганы, бандиттик кылмыштын солгундашы, мыйзамдын күн санап күчүнө кирүүсү себепкер болууда. Бул жагынан көп өзгөрүүлөрдү байкадым. Дайынсыз жоголгондор тууралуу эч ким кайрылган жок. Менимче, телевизордон “Кайдасың”, “Жди меня” аттуу берүүлөр көмөктөш болуп аткан өңдүү.

– Сага мурун кыздар “мен бирөөнү аябай жактырып калдым. Колдон чыгаргым келбейт. Чыгып кетсе муунуп өлүп алам, жанымды кыям. Ансыз мага жашоо кызыксыз. Бир айласын таап бериңиз” дегендей суроолор менен кайрылышчу эле. Ушундай өңүттө суроолор берилдиби?

– Андай суроолор болуп келген, бу жолу да болду. Көбүнчө жаштар кайрылып атты. Жүрөктөрүндө “сокур” сүйүүнүн оту жалындап, “болду, мындан башка жигит маа десе машине, үй, акча, байлык сунуш кылбасын, баарыбир ушу жигитти сүйөм. Керек болсо жанымды бергенге, кыйганга даярмын. Бирок ал башка кызга ооп кеткени атат, жардам бериңиз. Эгер сиз ошо жигитти мага буруп берсеңиз сиздин каалаганыңызга макулмун. Көп акча берем. Ата-энемдин колунда бар. Чет мамлекетте үйү, кымбат баалуу машинеси бар. Бизнеси туруктуу. Керек болсо бир айлык бизнесибиздин кирешесин атаман гарантиясы менен сурап берем” дейт. Бул – сүйүү, “оору”.

– А сен эмне дедиң?

– Кызык болду. Мен “биздин сүйлөшүп жатканыбыз гезитке жарыяланат. Сиздин ысымыңыз жигитиңиздин аты чыгат. Кийин проблема болбойбу?” десем, “мейли гезитке чыкса эмне экен. Менде баары бар. Окуган окуум, акчам, байлыгым, бизнесим, жумушум, ата-энем, бир туугандарымдын баары бактылуу. Менде болгону сүйүү жок. Жанагы балага турмушка чыксам бактылуу болом. Азыркы максатым ушу. Суранам, жардам бериңиз. Керек болсо жолугалы” дейт.

– А эркектерчи?

– Алар кыздардан да көп кайрылды. Баарыныкы эле сүйүү. “Үйлөнөйүн десем ылайыктуу кыз жок. Баары эле байлык көздөп калышыптыр. Бизге окшогон карапайым жигиттерди карабай атышат” дейт. Кара далы кыздар “сиз айткан, көрсөткөн жигитке турмушка чыгам” дешет. Чын-чынына келсек, сиздин, биздин убактагы махабат темасы жоголуп баратканын байкадым.

– Саясат темасынан суроо бериштиби?

– Оо-у, бул жагы да куру эмес. Баары эле “кийинки президент ким болот, элибиз тынчтыкта жашайбы, революциялар болбойбу, Атамбаев дагы бир мөөнөткө калабы?” деген суроолор болду. Казак туугандар “баары эле ханга жакын болсом” деп самашса, а кыргыздар “баары эле хан  болсом” деген сымал эки кишинин бири “саясатта жүрөм, качан кызматым жогорулайт, президент боломбу?” деген суроолорун берип атышты.

– Эгемендик алгандан бери көзү ачыктар көбөйүп, аны менен бирге “кара дуба” элибизге кенен жайылып кетпедиби? Ушу темада да суролоолорду беришкендир…

– Туура, мага байланышка чыккандардын ар бир экинчиси эле “мага дуба окутуп койгон окшойт, ишим жүрүшпөйт, жумуш жок, бирөө окутуп салыптыр, жолум байланып атат, азап чегип атам, дуба жандырасызбы?” дегендер. Дуба темасы аябай кызык темалардын бири. Анүчүн ар бири менен бетме-бет, жүзмө-жүз жолугуп, адамдын жүрүм-турумуна, бешенесине карата айтпаса болбойт. Телефондон айтуудан тартындым. Анын жол-жоболору, шартына жараша айтылчу оокат эмеспи. Профессионал экстрасенс даражам менен жөн эле катардагы сөздөрдү божурай берүү абийириме дал келбейт жана туура эмес иш деп баалайм.

– Экстрасенстик касиетим бар. Сизден сабак алсам болобу дегендер бар бекен?

– Мен да ушундай жагдайда кайрылат бекен деп коңгуроо күттүм эле. Тилекке каршы, бир гана кыз чалып, “түнкүсүн ай толгон учурда ээлигип талаага чыгып кетем. Тоону көздөй алып-учуп, айга кетким келет. Көзүмө аркы дүйнөнүн адамдары көрүнүп, ары-бери колуман жетелейт. Кытай желдеттери биздин айылга кол салган болот. Алар менен колума кылыч алып чабыша баштайм. Ысык-Көлдүн Акелери мага кошулуп кытайларга каршылык көрсөтөбүз. Үйгө далбас уруп качып кирем. Эч ким мага тийбеген бурчка барып отуруп алам. Таң атып келатканда жай алып уктайм. Ушундай окуя менде ар бир ай толгондо кайталанып турат” деди.

– Кыргызда “жин кирип кеткен” дейт эмеспи, ошондой эмеспи?

– Ал кыз менен кийинки жумада жолугуп сүйлөшө турган болдук. Азыр ай жаңы жаңырды. Анча деле кооптуу абал эмес.

(Уландысы кийинки санда)

Сурат Жылкычиев

 P.S. Түз байланышыбыз уланууда (тел: 0 777-99-40-47). Редакция тараптан жаңы форматын караштыруудабыз. Анткени окурмандар жана парапсихолог Мелис үчүн бир аз ыңгайсыз абал жаралууда. Аны жакынкы арада иштеп чыгып айтабыз.    

Булак: “Азия Ньюс” 

 

Мамлекетти Атамбаев башкарбайт экен, Текебаев өлкөнү Сапар Исаков менен Фарид Ниязов башкарышат дейт

Мындай сөз кийинки күндөрү абдан көп айтылып жатат. Кечээ Өмүрбек Текебаев мамлекетти башкарып жаткандар Сапар Исаков, Фарид Ниязов деп билдирди. Чын эле ушундайбы? Атамбаевдин башын тегеретип, чакчалекей, будуң-чаң кылгандар мына ушуларбы? Конституцияны өзгөртүүгө кызыктар күчтөр да ушулар экенин баса белгиледи. Демек, саясий абал чынын оор болуп турат. АША эртерек эсине ке­лип бир чечимди кабыл алышы керек. Болбосо өлкөнү ойрон кылчу күчтөр элдин убалынан коркчудай эмес. Бизге тынчтык керек. Эл деп эки тарап тең (Текебаев менен Атамбаев) элдин атынан сүйлөп жатышат. Чындыгында элге баарибир, тын­чтык болсо эле болгону.

Булак: «Ачык саясат»

 

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн уйку качтыбы? Атамбаев чындап жинденсе Текебаевди деле каматып салгандан кайра тартпайт

Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта Кадыржан Батыровду качыргандарды, мародерчулукту жана банк уячасын тоногондорду айтып, бул иштер жакында ачыла турганын билдирген. Мамлекет башчы жөн салды сүйлөбөйт да, алдын ала пландалган иш-аракетин билдирет. Ал айтылган сөздү буйрук катары да кабыл алсак болот.

Мына ошондон көп өтпөй эле күч органдары 7-апрелден кийинки талап-тоноочулукту изилдей башташыптыр. Аныгында, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кыймыл-аракеттерин текшерүү кандай жыйынтык берет? Жамандыктын жышаанын сезгенби, айтор, Роза Отунбаева аз күн мурун Европа өлкөлөрүнө аттанып кеткенин “Kyrgyztoday.kg” сайты жазды. Эдил Байсалов болсо эки күн мурун Алматыга жөнөп кетти. (Кетип баратканда көздөрү алаңдап, коркунуч бар экени байкалып турду, качан келээри белгисиз.) Ал эми президенттин башкы душманына айланган Өмүрбек Текебаевдин мародерчулукка шектелген жан-жөөкөрлөрү аз күндө суракка чакырылаары, убагында артынан ээрчигендер “убойный цехке” жакындап калганы каңкууланууда. Кыялы чатак Атамбаев чындап жинденсе Текебаевди деле каматып салгандан кайра тартпайт. Төңкөрүштөн кийин Кеңешбек Дүйшөбаев менен Эмилбек Каптагаевдин туугандарына “Витяз” пансионаты катталганын бийликчил “Эгемен” сайты жазып чыкты. Булар боюнча маселе көтөрүлөрү, ошого катар Дүйшөбаев мас абалында бир адамды коюп өлтүргөнүн, ошонун айынан УКМКдан кеткенин аталган сайт коомчулукка эскертти. Банк уячаларындагы миллиондордун уурдалганы эл ичине чоң резонанс жаратчудай. Бу жагынан стрелка Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго тушталып атканын билесиңер да. Болот Шер болсо, талап-тоноочулуктан сырткары Атамбаевди маскаралаган сөзү үчүн сот алдында жооп берери, аягы кылмыш ишине айланаары болжонууда.

Ток этери, Курман айттан кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери активдешери, күзгү сезондун көркү чыгаары бышыкталып калгандай. №1 резиденциядан команда кетсе бүттү, Сталиндин… тоюс Атамбаевдин колу шилтенди дегиче “бөрк ал десе баш алган” орган кызматкерлери шакылдата эле камай баштайт. А бирок мындай көрүнүштүн аягы эмнеге алпарат? Негизи Алмазбек Шаршенович кандай ачуулуу болсо, ошого жараша ак көңүлдүгү, айкөлдүгү да бар. Бүркөлүп турган күн жарк ачылгандай эле мүнөзү өзгөрүп, өзү айтмакчы, бир ууч “бузуку-кузгундардын” тагдырын кандайча чечет? Же кечирип коебу? Ай ким билет, кантсе да эки жээк бири-бирине кек, ичтерине кара сактап калышты. Кайсы бир күнү баары бир өч алышуу ыңгайы келип, кыл чайнашары ажеп эмес го…

Замир Эдилбеков

Булак: “Азия Ньюс”

Роза Отунбаева өксүп ыйлады дейт

Болгондо да эркек ажолорубуз бири-бирине абысын болуп алышты да жалгыз аял-президентибиз тескерисинче эркек болуп, тигиге өчөшүп тил тийгизмек түгүл, асылган сөздөрүнүн бирин да чиркей чакканчалык маани бербей, реакция кылбай келатат. Дагы да болсо Атамбаевдин 31-августта шылдың кылганына жооп кылган жок. Угушубузга караганда Роза апчебиз катуу таарынып, резиденциядагы үйүнө баргандан кий­ин өксүп ыйлап алыптыр. Кечээ жакында Европага чыгып кетиптир. Сыйы менен бийликтен кетти эле, ошол боюнча сыйы менен эле калса болмок экен Бекназаровдорго кошулбай. Конституция боюнча пикирин өз алдынча билдирсе болмок экен экс-президент катарында. Эми эмне болот. Кантсе да эне да, баарынан да ишенген АШАсынын кылыгы катуу тийди го деп турубуз.

Булак: Ачык саясат

 

Көк бөрүчү жигиттерге алкыш

Кыргыздын намысын мына ушул жигиттер көтөрүп коюшту. Көчмөндөр оюндарында өткөн улак тартышта казактарды жеңип чыгышты. Мындай керемет оюнчуларга алкыш гана айтабыз. Шым-костюм кийип, колунан телефону түшпөй жарма патриот болгон эркектерге караганда мына ушул улакчы жигиттер намыска жарап беришти. Бийлик тарап көк бөрү оюну менен оюнчуларга абдан жакшы көңүл бөлүшү керек. Кудай буюрса булар дагы далай жеңиштерди багынтып беришет.

Булак: Ачык саясат

Бабанов өз позициясын билдириши керек

Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсү күн өткөн сайын күчөп барат. Негедир башка саясатчыларга караганда учурда Өмүрбек Бабановдун позициясы бир топ маанилүү да салмактуу да болуп турат. Бабанов кайсыл тарабына өтсө ошол тарап күчтүү болот деген ой коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Бирок муну билген Бабанов да азырынча үн ката элек. Биздин баамыбызда азырынча Атамбаев тарапта, анткени ал «куру кыйкыра бербей терең ойлонуп, Конституцияны өзгөртүшүбүз керек” – деп билдирип жатат. Анын үстүнө мындан мурда Текебаев экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик да бул экөөнүн биригишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Бабанов анча-мынча саясат­чыларга караганда «сойку» эмес экенин билебиз. Эгер принципке туруп ала турган болсо, Текебаев менен болгон эзелки кегин кечирбейт. Эмнеси болсо да мындай жагдайда Бабанов өз позициясын эртерээк билдириши керек. Болбосо эл дүрбөп баштады.

Булак: “Ачык саясат”

Марс Сариев, серепчи: “Конституцияны өзгөртүү демилгеси бул өтө чоң катачылык. Эл муну колдобойт”

Белгилүү саясый серепчи учкай пикири менен бийликтин да, оппозициянын дагы жүзүн ачуу менен ой таштады. Албетте, “кебез менен мууздагандай” астейдил анализ жасап. Эмесе, окурмандын элегинен өтсүн…

 – Марс мырза, бийликтин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине байланыштуу оппозиция ичинде жандануу, активдешүү байкала баштады. Алардын бул аракети канчалык натыйжалуу болот деп ойлойсуз?

– Оппозиция биригип, күзүндө кандайдыр бир акцияларды өткөрөбүз деп атышпайбы. Мына, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү, жакында КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммити болот, президенттер келип, Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттукташат. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов көз жумганда өзбек эли кандай кейиди. Ушунун баары чоң бир пиар кампанияга окшошуп, оппозициянын пайдасына иштебейт. Анан калса, күз – токчулук, эгин бышып, мал семирген маал болот. Андыктан, оппозиция бириксе дагы анын аракеттери анчалык натыйжалуу болбойт. Элди көтөрүп, массанын нааразычылыгын пайдаланганга оппозициянын анчалык шансы жок. Бирок бийлик да Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесин өткөрө албайт. Себеби, эл ичи тынч болсо дагы Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө көп сындар айтылууда.

– Сиз өзүңүз оппозиция биригип, баш кошушу кыйын дебедиңизби. Анан эч кандай тоскоолдук болбосо, бийлик өз демилгесин кантип өткөрө албасын?

– Мен бириге албайт деп айткан жокмун. Оппозиция биригет, азыр эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен айрым саясатчылыр, бейөкмөт уюмдар баш кошуп атышат. Бирок алар элден канчалык колдоо табат – маселе ушунда. Мисалы, Өмүрбек Текебаев парламенттин ичинде төңкөрүш жасап, “башка коалиция түзө коелу” деп аракет кылып атпайбы, бул аракетинен эч майнап чыкпайт. Парламенттик оппозициянын күчү дагы аз, эл дагы колдобойт. Саясат боркулдап кайнап, оппозиция каршылык көрсөтө берет. Эл бул маселе боюнча аларды колдосо деле бийликке каршы чыкпайт. Бирок, эл Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин деле колдобойт го деп ойлойм. Анткени, оппозициянын ою, “Башмыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президенттик бийликти күчөтөт” деген сын-пикирлер элге таасир этет. Бийлик деле эл каршы экенин сезип, өз демилгесин кайра чакырып алат болуш керек.

– Саясат таануучу катары сиздин жеке пикириңиз кандай, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы бар беле?

– Бул маселе боюнча менин позициям мындай: бир сөздү айткандан кийин аны карманыш керек. Ант беришип, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө мараторий киргизиштиби, ошону карманышы керек эле. Бул демилгени ант бергенден бир-эки жыл өткөндөн кийин, айталы, 2012-жылы көтөрүшсө бир жөн. Анан так президенттик шайлоонун алдында, шайлоого бир жыл калганда көтөрүлсө, ар кимде эле “а, бул жөн эмес го, бирдекеге камданып атышат” деген шек туулат да. Ошондуктан, бул туура эмес демилге. Бул демилге менен айлана-тегерегиндегилер президентти фактически подставлять этип коюшту. А балким президенттин өзүнүн демилгесидир… Андай болсо, бул өтө чоң катачылык.

Керим Мурас

Булак: “Азия Ньюс”

"Киргиздерге"

Бизде чала кыргыздар бар,билесиңер. Алар каада-салтты, руханий байлыкты да түшүнбөгөн, түшүнгүсү да келбеген маңкурттар. Мына ошолор Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» сын көз-караш менен карашып, Чолпон-Атадагы ат майданга кеткен каражатты кыргызга ыраа көрүшпөй, «бул тойдун эмне кереги бар эле, чыгым болдук» деген өңдүү наалыган пикирлерин билдирип жатышты. Душманды алыстан издебей эле койсок болчудай экен. Кыргыз үчүн күйбөгөн «киргиздерге» эм­не деп айтаарыңды дагы билбейт экенсиң. Ат майдан курулса бизде калып жатат да. Эгер көчмөндөр оюндары ойнолбосо ал ат майданга кеткен каражат акыры желип кетмек да. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова айткандай, жакшылыктан жамандык издегендер аман эле болсунчу.

Булак: “Ачык саясат”

 

Самат Курманкулов, Бишкек ШИИББ башчысы, милициянын полковниги: “Жеке өзүм МЕНТ деген терминди көтөрө албайм”

 

Бу жигиттин өзү гана эмес, турган-турпат, сөөгүнөн бери анык чүйлүк экени бир сүйлөшкөндө эле билинди. Баш калаанын орус мүнөз милиция башчысы менен кызматтык абалы, өткөн-кеткен, алдыңкы күндөрдөгү иш-планы боюнча баарлаштык. Бишкек ШИИББ башчысы алынын жетишинче жооп узатты. Аны алдыңарга жайып берип турган кербезибиз. Баса, Самат мырзага кесиптештери кандай каймана ат ыйгарып алышкандыгы менен жардамчыларынын өздүк курамдагы кесиптештерине болгон “жылуу маанайдагы” мамилелерин суроону эсимен чыгарып койгон экенмин. Андай маанайдагы соболдорума Самат мырза мындан аркы маектеринде “балп” этээр.

– Самат мырза, адатта Бишкек ШИИББ башчылыгына Кеңешбек Дүйшөбаев, Өмүрбек Суваналиев, Зарыл Рысалиев, Мелис Турганбаев, Кашкар Жунушалиевге окшогон “алчы-таасын, капталын жеген” генералдар тартылышчу эле. Анан эле 4 ай мурун коомчулукка мурда-кийин аты-жытыңыз белгисиз сизди алып келишти. Сизди кандай артыкчылыктарыңыз үчүн борбордук бийлик кызматка тартты? Же Кашкар Жунушалиевдин “кареги менен тең айланганы” үчүн эле карьералык секирик жасадыңызбы?

– Бишкек шаардык милициясын сиз мисал кылгандай тажрыйбалуу, эмгеги элге сиңирген адамдар жетектеп келгени жана мындан ары деле ушундай адистер жетектеп келери ырас. Мен бул кызматка кокусунан же орой айтканда, көчөдө жүрүп эле келип калган жокмун. Милицияда жыйырма жылга жакын эмгектенип келе жатам. Кылмыш иликтөө кызматын аркалап, нечендеген жылдар күндүн ысыгына күйүп, муздагына тоңуп, далай уюшулган кылмыш топторунун мүчөлөрү, өзүң айткандай “капталын жеген” кылмышкерлер менен бетме-бет алпурушуп, өтө оор кылмыштардын бетин ачып келгем. Бишкек шаарыбыздын аймагында кылмыштуулук менен дале да болсо күрөшүп келе жатабыз. Бул орунга келиш үчүн өзүңүз айткандай, коомчулукка мурда-кийин аты-жытым белгисиз болсо да иш үстүндө сиз айткан жогорудагы генералдар менен иштешип, ал кишилер ишимдин жыйынтыктарын жакшы билишет. Жыйырма жылдык иш үстүндөгү тажрыйбанын, үзүрлүү эмгегимдин натыйжаларынын негизинде электен өтүп, ушул орунга келип отурам.

– Быйыл күздөгү саясый абал адаттагыдан жандуу башталды. Мындай шартта бийликке каршы күчтөр баш калаада сөзсүз нааразычылык акциясын уюштурушары турган иш. Митингге чыккан карапайым элге карата Бишкек милициясынын мамилеси кандай болот? Болбогон шылтоолор менен алдын камап, коркутуп-үркүтүүгө барбайсыңарбы?

– Өлкөбүздө буга чейинки эки революция айрыкча Бишкек шаардык милициясы үчүн чоң сыноо болгону чын. Биз, милиция кызматкерлери саясатка такыр аралашпайбыз. Борбор шаарыбызда ар кандай акциялар, митингдер өтсө, коомдук коопсуздукту көзмөлдөө үчүн ар кандай чагымчылдыктарды алдын алуу максатында милиция андай жерлерге сөзсүз барат. Эң негизигиси, ошол өткөрүлүп жаткан ар кандай акциялардын, митингдердин катышуучулары мыйзамсыз иш-аракеттерге барбаса, коомдук тартипти бузбаса, биз аларды жөн эле кармап кетүүгө укугубуз жок. Эгерде милиция тарабынан эскертүүлөргө баш ийбей, ар кандай тартип бузууларга барышса, анда мыйзам чегинде аларга карата чара көрүлөт.

– Күзгө карай Бишкек шаардык кеңешине карата бүйүр кызыткан шайлоо болгону турат. КСДПдан башка бийлик оппоненттери болгон партиялардын акча таратуу амалдарын ашкерелеп, башка саясый партияларга бут тосуулар күч органдары тарабынан болбойбу? Буга кандай жообуңуз бар?

– Биз ошол алдыда боло турган шайлоонун жакшы уюшулгандык менен өтүшүн камсыз кылабыз. Мен жогоруда айтып кетпедимби, милиция кызматкерлери саясатка такыр аралашпайбыз, ошого байланыштуу милиция тарабынан эч кимге бут тосуулар болбойт деп кепилдик бере алам.

– Коомчулукта Бишкек ШИИББ кызматы кызматтык трамплин катары келечектеги министрлерди даярдаган акжолтой орун катары белгилүү. Мындай мисалга жогорудагы мен атаган генералдар ИИМ жетекчилигине секирик жасашкандыгы толук факт боло алат. Айтыңызчы, сиз дагы келечекте бул орундан министр болуп кетүүгө тымызын тилек кылып жатасызбы?

– Коомчулукта ушундай түшүнүк бар. 2010-жылдан тарта ушул шаардык милициясын жетектеп туруп, үч жетекчи министр болуп кеткендиги чын. Менин милдетим – алдыма коюлган тапшырманы так аткаруу. Бишкек шаардык милициянын жетекчиси болуп отургандан бери мага болгон ишеничти актоонун аракеттерин көрүп жатам.

– Миллиондон ашык калкы бар баш калаада айрым “кызыл шапкечендердин” ишиндеги “итчилигинен” жабыркаган жарандар жок эмес. Мындай катмардагы карапайым шаар тургундары сизге түз кириши кыйын да. Андыктан, Ош базары болобу же автобекет, ооруканада болобу, карапайым элге капысынан бара калып аралашып, шаардыктардын милицияга болгон “муш кезөөсүн” укканга мүмкүнчүлүгүңүз жетип жатабы?

– Милициянын катарында “кой терисин жамынган карышкырлар” деле бар. Аны танбайбыз. Ошондой колу, оюу таза эмес милиция кызматкерлеринен жабыркаган жарандар жок деп айталбайм. Мен көкүрөк кагып мактангандай болбоюн, ушундай жат көрүнүштөрдү болтурбоо максатында өздүк курам менен иштеген башкармалыктагы жана райондук милициянын башчысынын орун басарларына, мындай жат көрүнүштөрдөн алыс болушсун деп ар дайым эскертүүлөр жүргүзүлүп жатат. Эгер жогоруда айтылгандай, милициядан жабыркагандар болсо, кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп, канчалык күнөөсү далилденсе, ички иштер органдарынан кетирүүгө чейин барып жатабыз. Себеби, мындай кызматкерлерден арылсак, башкаларга сабак болуп, арабыз тазарат деген ойдомун. Андан тышкары, окурмандарга билдирип кетейин, мен ар жуманын шаршемби күндөрү саат 17:00дөн баштап элди кабыл алып турам. Шаардык милиция кызматкерлеринин кызматтык иштери тууралуу же болбосо кылган кылык-жоруктары тууралуу маалыматыңар болсо, мен сиздерди кабыл алып, угууга даярмын.

– Адатта, “кызыл шапкечендердин” башчыларына Акүй менен Көкүйдөн милициядагы ага-тууган, дос-тааныш, куда-сөөгүнө кызмат сураган чиновниктер болорун сиз деле жокко чыгара албайсыз. Өзүңүз да мага “баардык иште ачыкмын” дебедиңизби? Кайсы чиновник сизге чалып кызмат сураганын ачык айтканга эркиңиз жетеби?

– Менин бул кызматка толук кандуу бекип, ишке келгениме болгону бир жарым ай болду. Телефон чалып, “бул инимди же карындашымды бир жакшы иштеген профессионал кызматкерлердин жанына кошуп койчу” деп сурангандар бар. Мунун баардыгын мыйзам чегинде караштырып, иштеген ишине, тажрыйбасына карап кадрлар бөлүмүнө жиберип, чечим кылабыз.

– Коомчулук силердин кызматтагы кесиптештериңерди алмустактан бери “МЕНТ” деп “эркелетип” алышкан. Бул сөздүн жандырмагын сиз кандай чечмелээр элеңиз? 

– Жеке өзүм “МЕНТ” деген сөздү көтөрө албайм. “МЕНТ” деген сөздү менин угушумча, “алчы-таасын, капталын жеген” кылмышкерлер жана эркинен ажырап, жазасын аткарып жүргөн жарандар ойлоп тапкан деп жүрүшөт. Айрым бир тил боюнча эмгектенген орус окумуштуулардын айтуусунда, орустун “мыйзамдагы уурулары” польшалык “мыйзамдагы уурулардан” ХХ кылымдын башында “МЕНТ” деген сөздү үйрөнүшүптүр. Польша тилинде “МЕНТ” деген сөз полицияны же болбосо түрмөдөгү көзөмөлчү кызматкерди түшүндүрөт экен. Жаманбы-жакшыбы милиция кызматкерлеринин арасында кылмыштуулук менен күрөшүп жүрүшүп, террористерге каршылык көрсөтүп жатып, 2010-жылдары Ошто болгон эки улуттун арасында жаңжал чыккан кезде кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер аз эмес. Ошондой кыйын кезеңдерде милиция кызматкерлеринин арасында канча деген баатырлар өз жандарын канжыгага байлап алышып, эки элдин ортосуна түшүп, ынтымакка чакырышып, нечен тобокелдерге барышып, эки элди элдештирүү менен эрдиктерди жаратышып, президентибиздин колунан “Эрдик” медалдарын алышкандардын саны аз эмес.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия Ньюс”

 

Тамаша ордуна: Үч баштын бириге калганын Иса Өмүркулов түшүнө албады...

Башында “Республика” партиясынан депутат болушкан Канатбек Исаев менен Алтынбек Сулаймановду билесиңер да, көпкө узабай Өмүрбек Бабанов менен чырлашып, өз алдынча партия ачып кетишкен эле. (Бакыт Төрөбаев да бар, бирок бу сүрөттө анын орду бош турат.) Кыскасы, касташкан “достордун” образын жаратышкан. Таңгалычтуусу, эми кайрадан тар кызыкчылык бириктирип атканбы, айтор, мына минтип ымалашып калышканы кандай? Сүрөттө деле ачык-айкын көрүнүп турбайбы, саясатта алчы-таасын жеген Иса Өмүркулов буларга аң-таң болуп туру. Эл эмне дейт?..

Арстан Алгырбеков

Булак: “Азия Ньюс” 

Курсан Асанов элүүгө чыкты

ИИМ министринин орун- басары Курсан Асанов элүү жашка чыкты. Кутман курак кут болсун демекчибиз.

Кыргыз элине кызмат кылды. Анын айрыкча коңшу өлкөлөр ортосунда чек ара маселеси боюнча чыккан чырларды дипломатиялык сүйлөшүү жолдору менен чечкен эмгектери элдин эсинде. Талыкпаган эмгектин арты сөзсүз төрдө ийгиликтер менен коштолот эмеспи. Анынсьңарындай, алдыда дагы көп ийгиликтерди багынтат деп ишенебиз. Ошондой эле Курсан Асановдун эч качан сатылбаган мүнөзүн баса белгилеп кетпесек болбойт. Саясатта сатпаган досту табыш кыйын болуп турганда Курсан Асановдой кадрлар абдан керек. Элүү жаштын дагы элүү жашын жашаңыз.

Булак: “Ачык саясат”

 

 

Кыргыз элитасынын деңгээли «мен эркек, сен эркек» дегенге чейин түштү

«Азаттыктын» ьңгайсыз суроолор берүүсүндө Иса Өмүркулов менен дебатка чыккан Өмүрбек Текебаев «мен эркекмин, Атамбаев эгер эркек болсоң мародёрлуктун бетин ач» – деп билдирди. Ошентип кыргыз саясаты «мен эркек, сен эркек» деген көчө балдарынын деңгээлине айланды. 31-августта президент Алмазбек Атамбаев Текебаевдин эбак өлгөн атасынын атына асылып «теке эле теке» – деп шылдыңдады. Мына силерге, кыргыз саясатчыларынын чыныгы жүзү, азыркы кыргыз интеллигенциясы. Анан кайдагы маданиятты, этиканы айтабыз. «Текебаевиң да, Атамбаевиң да колдобойбуз, чарчадык ушулардан» деген эле кишилер. Минтип Убактылуу Өкмөттөгүлөр биринин көчүгүн бири ачып, өзүлөрүнүн ким экенин, Бакиевди кайсыл максат менен кетиришкенин ачык эле билдирип коюшту десек болот.

Булак: “Ачык саясат”

Эдил Байсалов, жаш саясатчы: "Атамбаев 2010-жылы эле эки-үч жолу өтө одоно, чач тик турчу кадамдарга барган, ошону көрүп-билип туруп, Отунбаева ал кишиге бийликти өткөрүп берген"

 Эдил мырза,  2010-жылы революциядан кийин Роза Отунбаеванын аппаратын башкарчусуз, анан мамилеңиз эмнеден улам алыстап кеткен?

– Мен дайыма айтам, ал эжеге да бетине далай айткам, “Роза Исаковна, вы очень хорошая тетушка, но плохой лидер” деп. Мен 2010-жылы май айында Отунбаеванын жанынан так өзү номинальный эле жетекчи болуп алганынан, бардык бийликти Атамбаевге өткөрүп бергенинен кетип калгам. Роза Исаковна экөөбүздүн Атамбаев боюнча пикирибиз бир эле болчу, ал кишинин капризин ошондо эле билчүбүз. Азыр айтыла турган болсо, Улуттук коопсуздукка зыян келет, бирок ошондо эле эки-үч жолу өтө одоно, чач тик турчу кадамдарга барган Атамбаев. Ошону көрүп-билип туруп, Отунбаева ал кишиге бийликти өткөрүп берген, өзү бир жарым жыл фамилиясы жок референдум аркылуу “президент болом” деген планга макул болор замат мен кеткем. Анан эч кандай принципиалдуу, терең реформаларды жүргүзүүнү көздөбөстөн, баягы эле эски кадрларды орундан орунга дайындап, өздөрүнө аябай ыраазы болгондоруна, 7-апрелде жаштардын курман болгонун унутуп калгандарына итиркейим келип кетип калгам. Ошондо “кетпей эле иштебейсиңби” дегенинен “жок, эже, бир убакыт келет, мен сизди сыйлайм, бирок сиздин жакшылыгыңызды пайдаланып туруп, анан артыңыздан сын айткым келбейт, мына мен азыр кетем, бирок таарынбаңыз, ачык айтам” деп кеткем. Атамбаевди бийликке бапестеп алып келген Отунбаева. Азыр ойгонгонсуп, “ой, ушундай турбайбы” деп спектакль кылууга кажет жок. Экөө тең бири-бирине жооптуу.

Арстан Алгырбеков

Булак: “Азия Ньюс”

Отунбаева жакшылыкты унутуп, Атамбаевди сатып кеткенин билбейсиңерби?

Акыркы убакта интернет айдыңында Роза Отунбаевага жан тарткан, кадыресе аны колдогон маалыматтар жана комменттер көбөйүп кетти. Ошол эле кезде Алмазбек Атамбаевди шыбамайлар чектен чыгып, коомчулук бир нерсени түшүнбөй аткандай. Бирок чындык акыры чыгат. Ачуу айтылган сөздүн түпкүрүндө кандай ыза, таарыныч жатканын эгемендүүлүк күнүндө эч ким аңдабаса керек. Жадагалса президенттин коргоочулары да маселени терең түшүнбөй калгандай…

Ханын сыйлабаган эл эч убакта жарыган эмес. Алмазбек Атамбаев бир жылдан кийин бийликтен кете турганын айтып келатат. Кызматтан кетип аткан адамды тепкиге алып, сындай бериш оңой. Бирок аяп коелу да. Эгер Конституцияны өзгөртүүдө жеке өзүнүн ыйгарым укуктары үчүн жанталашса, анда тепкиге алсак жарашмак. Ал мамлекеттин бекем болушуна камкордук көрүп, Башмыйзамыбызды оң жолго салып кетүү үчүн ашыгып атпайбы. Натыйжада, кылдан кыйкым издей берсек, Кудайга да жакпаса керек.

Негизи саясатты талдоо үчүн бүгүнкү күн менен гана ойлонуу жетишсиз. Сөзсүз артка кылчайып, кечээги көрүнүштөргө да токтоло кетпесек болбойт. Маселен, коомчулукта Роза Отунбаеванын 31-августта Атамбаевдин сын пикирине протест жасап, аянттан кетип калганы талкууланып бүтпөй койду. Ушул жерден урунттуу маселени козгобосок болбойт.

Эске салсак, 2007-жылы Отунбаева оппозицияда жүргөн болчу. Курманбек Бакиев мурда эле аны кызматтан кууп салган. Ошондо Атамбаев “Роза эже, келиңиз, КСДП менен шайлоого барыңыз” деп бир сом албастан депутат кылып койгон. Элестетип көргүлө, РИОнун электораты, же акчасы жок, болгону А.Шаршеновичтин ак көңүлдүгү менен эл өкүлү болуп, кийин фракция лидерине шайланганга жетишти. Болбосо, көчө оппозициясы болуп кыйкырып жүргөн жеринен Жогорку Кеңешке келип, жашоосу өзгөрмөк беле? Ал 2010-жылга чейин депутаттык ыйгарым укуктарын пайдаланып, ошого катар КСДП лидеринен моралдык-финансылык колдоолорун алып жүрдү. Анан 7-апрелден кийин кайрадан Атамбаевдин көтөрмөлөөсү менен Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп, бир жарым жыл өткөөл мезгилдин президенти катары иштеди. Тарыхый милдетти, жоопкерчиликти артындагы таянган тоосу болгон үчүн алган да…

Кийин экс-президент катары РИОго жакшы шарттар түзүлдү. Мамлекеттик 1-резиденцияда жашайт, пенсиясы 100 миң сомго чукул, кызматтык машинеси бар, айтор, жашоосу жыргал. Ушундай урмат-сый менен тынч эле президенттин саясатын колдоп, бир команда катары жүрө бербей, ортодон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кошулуп, интригага аралашып, тымызын Атамбаевге ор казып, акыры коомчулукка ачык кат менен чыкты. Кайрылуусунда Конституциянын жаңы долбооруна каршы экенин, эскини сактап калуу идеясын жарыялоо менен авторитардык жолду эскертти. Кудайга шүгүр, бүгүн андай эмес да. Болгону Конституциянын алешемдиктерин, байкалбай жазылып калган “бомбаларды” тазалоо түйшүгү болуп атпайбы. Президент кетет, бир жыл калды, а биз эл үчүн иштеген мыйзамдуу талаага келели да! Туурабы?

Таңгаласың, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен оюн кылбай, Роза Исаковна туура жолду тандап алса болбойт беле? Атамбаев менен биргеликте мамлекеттүүлүктү чыңдоодо акыл-кеңештерин кошсо, улуулук түз сөзүн айтса, элибиз да туура түшүнөт эле. Тилекке каршы, ал тескери кетип атса, анан ачууң келет да! Натыйжада, эмоция жаралат. Ооба, биз билбейбиз, Атамбаевди дагы кандай жагдайлар менен Отунбаева күйгүзүп кеткенин… Кыскасы, “обу жок катын орсок уй саайт” деп элибиз бекер айтпаптыр! Бекер айтпаптыр!

Акылбек Бекчороев

Булак: “Азия Ньюс”

Чийки кадр: “Агам бар, ажолукту кыялданам”

 

Кээде кайып каскагынан деле жогорку кызматка чыгып кеткендер болот. Тарыхтан алсак толтура. Мисалы, СССР тушунда Таштанбек Акматов Жогорку Советке депутат болуп шайланса, Аскар Акаевдин доорунда Кубанычбек Жумалиев лаборанттыктан премьер-министрликке чейин көтөрүлүп, кадрдык секирүү жагынан дүйнөлүк рекорд койгону жашыруун эмес. А Курманбек Бакиевдин режиминин тушунда Азим Исабеков кыбырап, элдир-селдир жүрүп алып, өкмөт башчы болуп калганда айран таң калганбыз. Эми мындай көп фактылардын учугун азыркы күндөгү саясатка буралы.

Албетте, Алмазбек Атамбаев бийликке келгени айланасындагы жакындарын бир топ кызматтарга көтөргөнгө жетишти. Ошолордун ичинен эбегейсиз секирик жасаган Асылбек Жээнбеков болду. Бу жигит Сооронбай мырзанын иниси болгону үчүн гана депутат, анан спикерлик даражага чейин өстү. А чындыгында, өзүнүн деңгээли саясатта шамшаркыт, тажрыйбасы жетишсиз, алабарман, ашкере динчил экенин билебиз. “Билимсиз адам динчил болот” деп даанышмандарыбыз бекер айтпаса керек. Баса, А.Жээнбеков спикерликтен түшкөндөн кийин Акүйдөн төрт кабинетти ээлеп алганда ызы-чуу чыккан. Асмандан түшө албай учуп калганын ошондо көргөнбүз. Азыр да көпүрүлө-жапырыла сүйлөп, агасы премьерликтен кетсе эле президент болчудай жулуңдаганы байкалат. А эл колдойбу? Аны менен иши жок. Маселен, Кыргызстандын түндүгүндө аны баалай турган деле катмарды байкабадым, а түштүктө деле кадыры анчалык өсүп кетпептир. Алсак, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов, Элмурза Сатыбалдиев, Улукбек Ормонов, Искендер Гаипкулов, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Искендер Матраимов, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов өңдүү лөктөрдүн жанында бу ким? Асылбекти болгону агаларынын арты менен карьера жасаган пенде катары билебиз. А өз алдынча саясаттын бороон-чапкынына тушугуп, камалып, куугунтук жеп көрдү беле? Жо-ок, курсагын сылап, “тарк” этип, мамык төшөктө чоңойгон бала да.

Баса, А.Жээнбеков 2008-жылы КСДПда депутат болуп туруп, Курманбек Бакиевдин шайлоосун эртелетүү үчүн Конституциялык сотко кайрылып, ошонун натыйжасында 2009-жылы президенттик шайлоо өткөн. Мындай караганда, кандуу бийликке кызмат кылганы жалганбы? Оппозицияда болмок турсун, тымызын бийликке жагынып жүргөнү ошол да. Качан гана Бакиев тактан кулаганда жээнбековдор Ошто бийликтин күчү менен чыга калышып, “папке” талашкандарын көргөнбүз. А кандуу бийлик күчүндө турганда, маселен, саясатчылар өлтүрүлүп, журналисттер сабалып, соттолуп атканда, мына ошол кыйын кезеңде жанды оозго тиштеп чыкмак кайда? Агезде шүк жүрчү да…

Жогоруда белгилегендей, А.Шариповичти кайып каскагынан, бийликтеги адамдардын колдоосу менен убактылуу чыга калган кадр экенин таанууга болот. Жадагалса учурдагы КСДП фракциясы ичинде деле кадыр-баркы начар экенин байкап жүрөбүз. Эртең президенттик шайлоого мартабалуу, колдогон эли бар, капчыктуу лидерлер чыкса, каарманыбыз четке өкчөңдөп сүрүлүп калары ажеп эмес. Эми азырынча албактап-далбактап турсун, ыңгайы келгенде жели чыкса керек…

“Агам бар, ажолукту кыялданам” деген заман да өтөт го буюрса…

 Жолборс Бекматов

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

 

Кайран элим, жадагалса акыйкатчыга да жыргабадың!

Эсиңерде болсо, жыл башында Кубат Оторбаев акыйкатчылык кызматына көз будамайлоо, “фокус-мокус” менен шайланганы интернет түйүнүнө жайылып кеткен. Бийлик тарабынан буйрук болуп, көтөнзордук менен эле шайлангандай элес жараткан. Ошентип, омбудсмен болгонуна тогуз айга чамалап калыптыр. Бирок Оторбаев коомдогу акыйкатсыз көрүнүштөрдүн бетин ачып, өз милдетин аткара албаганы, болгону чет өлкөлөрдү кыдырып, кайсы жерде той-тамаша болсо, жыт чыккан жерге жакындап, ошол жерде майланышып жүргөнүн көрөбүз. Акыйкатчы деген түрмөлөрдөгү адилетсиздик менен камалгандардын укугун коргоп, карапайым калктын тирөөчү болчу эле. Тескерисинче, Кубатыңар мадырайып алып, өзүнүн гана күнүмдүк жыргал турмушунан өйдө көтөрүлө албады. Кайран гана кыргыз элим, жадагалса акыйкатчыга да жыргабапсың!

Булак: “Азия Ньюс”

Бутка илешкен чырмооктор

“Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт” деген икаяны эрксизден эстейсиң да. Башынан эле элге кызмат кылган жигердүү кадрларга ар дайым көө жаап, буттан тартуу кыргыз коомчулугунда көнүмүш адатка айланып калгандай. Ак менен каранын күрөшү сымал, бу жашоодо жакшылык жаратууга батынсаң, сөзсүз көралбагандар пайда болот. Андыктан, майда-барат көп нерсеге көңүл бөлбөй, бекем эрк, туура талдоо менен гана ийгиликтерге жетсе болот. Мисал келтирели эмесе.

Бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимовду маал-маалы менен каралаган маалыматтар интернет айдыңында пайда боло калат. Албетте, мамлекет үчүн колдон келишинче кызмат кылып аткан жетекчиге ар дайым бутка чырмооктой жабышкан пенделер пайда болот тура. Андай ичитар, ушакчы фабриканттарга таңгалбай деле калдык. Азыркы учурда күч органдары бири-бирин аңдып, кичине эле чиновниктердин айыбы билинсе, баары ачыкка чыгып келгенин билебиз. Бу жагынан алганда, Райым мырзадан үлгү алсак болот, таза иштеп, мамлекеттин казынасын толтурууга салым кошуп келет. Тескерисинче, ага кычаштык кылышып, адамгерчиликке жатпаган жоруктарды ойлоп табышкан бузукуларда ар деле калбаптыр. (Ошол эле оозу менен орок оргон депутаттар, түштүкчүл саясатчылар интрига кылып жүргөнү айтылууда.) Бирок акыры актык, адилеттүү башкаруу жүргүзгөн жетекчи жеңе турганын унутпайлы.

Көчөдө сүйлөшөт: “Райым миллионер турбайбы, байлыкты кайдан топтогон?” дешип. Биринчиден, ал бажы кызматына келгенге чейин бизнес менен алектенип, бутуна турганын, тээ илгертен эле топуктуу жигит экенин билебиз. Экинчиден, байлыгы болсо, анысы Кудайдын буйругу, насиби да. Жараткан бирөөнө берип сынайт, ырыскысын кармап калган адам учук улайт эмеспи.

Айтмакчы, өткөн парламенттик шайлоодо КСДПдан агасы Искендер Матраимов депутаттыкка талапкер болуп, Кара-Суу районунан 45 миң добуш алып, Кыргызстан боюнча рекорд койгон. Мунун өзү матраимовдордун ынтымагы бар экенин айгинелейт, ошого катар элге сиңирген эмгектери үчүн колдоо табышты. Шайлоодо утуп чыгуу үчүн эң ириде кадыр-баркың болуш керек, карапайым калк назарына илинип, ишиң менен көрүнүшүң абзел. Ошондон кийин гана урмат-сыйга, колдоого татыйсың.

Кыскасы, сындагандан сырткары да кээде адилеттүү кеп айтып, элге туура багыт берсең, окурмандар да ойлонот. Талдайт, анан ынанат. Ачык айтылган ак сөз эч убакта жерде калбайт. Анын сыңарындай, Райым мырза жакшылык жаратуучу катары кыргыздын тыңчыкмаларынын алдыңкы сабында келатат. Бирок, ал жасаган эмгектерин башкалардай пиар кылып, эл астында мактана берүүнү жактырбайт экен.

Мурат Аргенов

Булак: “Азия Ньюс”

Эки жүздүүлүктүн чеги болуш керек го, Роза айым?..

Ооба, Конституция бизди бөлүп-жарбай, тескерисинче, бириктирүүгө тийиш. Бул сөзүңүздө, албетте, калет жок. Чындыгында ким эле жакшы нерсени жаман кылайын деп ойлосун? Албетте, эч ким. Бирок, ой жетсе да кол жетпеген, кайрылып келгис закым турмуш өзү көрсөткөндөй, өткөн беш жыл арасында көп нерселер да кайрылгыс болуп өзгөрүп кетти. Ал тууралуу өзүңүз да айтыптырсыз, кыраакылык кылып: “Коом өзгөрүп турарын, дүйнө өзгөрүп турарын, аларга ылайык жаңы талаптар, жаңы тарыхый кырдаалдар пайда болорун биз да түшүнөбүз. Конституцияга деле өзгөртүүлөр зарыл болуп калат, баардык жагынан төп келген документ болбойт” деп.

Анан эле кайра тетири сүйлөп: “Бирок пайда болуп жаткан тобокелчиликтер менен коркунучтар мурдагы келишимди жокко чыгарууга, элдин ишениминен ажыроого татыбайт, элдин биримдиги менен коомдун туруктуулугу барынан жогору” депсиз. Акыл-эси ордунда, ак эмгеги менен кызмат кылып, малын багып, жерин айдап, үй-бүлөсүн жана элин багып жаткан кыргызстандык ар бир жаран үчүн сиздин бул коркутуп айткан сөздөрүңүз таптакыр эле түшүнүксүз болуп турат, “ал эмне деген тобокелчилик? Ал эмне деген коркунуч?” деп.

Сиз уруксат берсеңиз, ошол элдин атын жамынып алып, элдин биримдиги менен коомдун туруктуулугун бузууга ким жана эмне максат менен ушул чагымчыл иштерге бара жатканы тууралуу бир-эки ооз сөз айта кетейин. Эмесе, сөз башынан болсун.

Убактылуу өкмөттөн улуттук лидерге чейин

 Бул аралыкта Роза айымдын  басып өткөн жолу бир көз ирмемдей эле болду. Ошол көз ирмемдин ичинде элдин эсинде калган анча-мынча эле элестерин эскерте кетейин:

  1. Убактылуу болсо дагы Роза айым, биринчиден, Кыргыз мамлекетинин президенти катары, экинчиден, АКШнын мамлекеттик коопсуздук департаментинин (Мамдептин) жашыруун агенти (1997) жана үчүнчүдөн, Дүйнөлүк Форумдун мүчөсү катары абдан зор эмгек өтөдү. Мисалы, убактылуу президенттик укугунан пайдаланып, “Манас” аэропортундагы АКШнын “Ганси” аскер базасын дагы бир нече жылга калтырууга кепилдик берип, каргашалуу июнь окуясын иликтөөгө – финн элинин чыккынчы жараны (биздин Төлөйкан Исмаиловага окшогон неме) дөөпөрөс Киммо Кильюнен жетектеген эл аралык “көз карандысыз” комиссиясын кабыл алууга макулдугун берген. Анын максаты – Мамдептин атайын тапшырмасы боюнча кыргыз элин бүткүл дүйнөгө “Адамзатка каршы чыккан жырткыч катары көрсөтүү” эле. Ал эмгеги үчүн АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон айымдын колунан Мамдеп тарабынан ыйгарылган “Каарман аял” сыйлыгына татыктуу болду. Ооба, өзбек элинин укук коргоочусу Мутабар Тажибаева баш тарткан бул сыйлыкты алып жатып, Роза айым АКШнын Мамдепи анын эмгегин ушундай бийик баалагыны үчүн ыраазычылыгын билдирип жатып, Кыргызстандын түштүгүндө – Баткенде АКШнын дагы бир аскер базасын ачууга убада берип жиберди. Албетте, ал Анжиян окуясына кийлигише коем деп каардуу Каримовдон кагуу жеген Сэм байкесинин көңүлүн жубатып, өзбек тараптан өзүнүн өчүн алып бериш үчүн кылган аракети эле…
  2. Убагында Роза айым жетектеген Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн “ишмердүүлүгүнө” кайрылсак, “Адамды бир жаманчылыкта, бир жакшылыкта билүүгө болот” дегендей: “11 июнда Ош – Алай жолунда жайгашкан өзбек улутундагы жаштар Фурхат айылынан өтүп, Кыргыз-Чек айылына баратканда кыргыз армиясы БТР менен келип калып, эч нерсе кылбай туруп калган. Ошол убакта Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков учуп барышат. Өз айылын коргоп турган 300дөй кыргыз балдарга барып жолугушат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү турган элге өтө ачуулуу сүйлөшөт. Кыргыз балдар ага карабастан алардан “алдыга түшүп өзбек туугандарды токтоткула, бул жаңжал өзбектерге да, бизге да кереги жок, өзбек балдарда курал-жарактар көп” деп жардам сурап жатышканда, Фурхат тараптагы махалладан чыккан балдар ок атып келе жатканын көргөн тиги экөө вертолетко түшүп, учуп кетип калышат. Ошентип, 1-2 күн эки эл өзү менен өзү болуп калат… Кыскасы, утурумчулардын амбициясы менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, өзгөчө укук коргоо органдарынын жана УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев болуп, кандуу окуяга алдын ала чара көрүүнүн ордуна референдум менен алек болушуп, мыйзамдуу жолду эмес, легитимсиз жолду тандап алышканы өкүндүрөт”. (“Асман.кq” 24-июнь, 2010-ж.)
  3. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Болот Шердин “эрдиктери” тууралуу анын жердеш агасы Жумалиев Жеңишбектин айтымында: “Кана, урматтуу Болот иним,  эмне үчүн Бакиевди чыгарып жибердиңер? Калган Бакиевдер кана?” дедим. Ал байкуш чыны апкаарып калыптыр. Араң сүйлөп: “Бакиевди Отунбаева чыгарды. Калгандары Жалал-Абадда” деди. Балдар: “Эгер силер (Убактылуу өкмөт) кармай албасаңар, биз кармап келебиз” дешти. Болот Шер: “Эгер барсаңар, анда 40 бала даярданып тургула. Мен барып эки автобус алып келем” деди… Балдардын айтымында, ал жерде Бакиевдердин эч кимиси жок экен, бирок кадимкидей согушка даярданып, окоптор казылып жана ал жерге 100дөн ашык ажаан катындарды даярдап коюшуптур. Алар бизге жулунуп, спецназдын балдарына асыла башташты дейт. Ошондо Бокең дагы бир “эрдигин” көрсөтүп, балдарды таштап качып жөнөптүр. Болот Шердин экинчи “эрдиги” – Текебаевди кошуп алып,  “Ата Мекен” социалистик партиясына элди үгүттөп, накта “шерлери”, катта “текелери” менен Таластын Кароол дөбөсүнө барып, 40 жылкы союп, Кудайга жалынып баабедин жасалган. Бул “эрдик” эмей эмине? Кыргыз эли кырк бээ соймок тургай, курсагынын айласын таппай тентип жүрөт. Баса, булар 40 жылкыны кайдан тапты десе, Роза апчеси айткан 25 миллиард сом чөнтөктөрүндө калган тура”. (“Эл сөзү”, 30-ноябрь, 2010-ж.).
  4. Аз болсо да президент Отунбаеванын бир күнү КР Конституциясын кабыл алган күн – 2011-жылдын 5-май күнүнө туш келип калат. Ошол күндөрдү ЖМКларда мындай деп эскеришет: Өткөн жумада президент кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктап жатып, Башмыйзамда бир топ мүчүлүштөр бар экенин кошумчалады. Өлкө жетекчибиздин айтымында, Башмыйзамда ички жана сырткы саясатты жүргүзүүчү конкреттүү орган такталган эмес. Жогорку Кеңештин да, президенттин да ыйгарым укуктарында бул милдеттер көргөзүлбөгөн.    Ошондуктан, бүгүнкү күндө тышкы саясатты өкмөт жүргүзүп келет.    Башмыйзамдагы кемчиликтерди өлкө жетекчиси кеч болсо да оозго    алганы жакшы дечи, бирок бул коомдо өйдөөмөн пикирлерди жаратпай койгон жок. Анткени Р.Отунбаева түштүк кыргынында кайгыдан кан жутуп, эс-учун жыйнай элек элди дүрбөтүп, референдум өткөрүп, Башмыйзамды кабыл алганча шашкан. Так ушул жаңы мыйзамдын негизинде президенттик тактыга отурган. Ошол убакта шашылыш түрдө Башмыйзамды жаздырып, референдум өткөрүүнүн зарылчылыгы бар беле (?) деген нааразылыктар болгон.  “Текебаевдин Башмыйзамы” катары таанылган жаңы Конституциябыз шашылыш жазылгандыктан, толгон токой кемчиликтери байкалып, элдин анчейин ишенимине кире алган эмес. Ошо күндөрү Текебаевдин  кабинетине чымын-куюн болуп чуркап жүргөн Ишенбай Кадырбеков (Башмыйзамдын чыныгы автору) папкесинен Башмыйзамдын 4 статьясын жоготуп ийген. Аны териштирип отурбай “Эркин Тоо” гезитине ошол бойдон чыгарып жиберип, аны элге көргөзбөй гезит базардан кайра жыйнап келип, ЖКнын имаратынын жертөлөсүндө өрттөшкөнү маалым.

 Ушундай ызы-чуу менен шашылыш жаралган Башмыйзамдын  кемчиликтерин президент ошол убакта эмне үчүн байкаган эмес? Же Р.Отунбаева үчүн ал убакта бийликти легитимдештирүү, президенттик тактысын мыйзамдаштыруу гана маанилүү болгонбу?

   Кантсе да саясый аренадагы башаламандыктарды түшүнө албай элдин башы катты. “Мыйзамды сыйлоого баардык жарандар милдеттүү”   деген ураан менен бийликтегилер өзү каалаган мыйзамын киргизип   жатканы өкүнүчтүү. Эл мыйзамга, мыйзам бийликке баш ийген доордон канткенде өтөөр экенбиз…” ( “Апта”, 12-май, 2011-ж.)

  1. Роза айым президенттик милдетин тынчтык жолу менен жалпы эл шайлаган президентке өткөрүп берип жатып айтканын коомчулук унута элек: “Оор кырдаалдарда сабырдуулук, кайраттуулук, акылмандуулук менен мамиле кылган Кыргызстан элине ыраазычылык билдирем. Түштүктөгү кан төгүүнү токтото албай калгандыгым үчүн кечирим сурайм. Ошону менен катар өлкөнүн бүтүндүгүнүн сакталып калышына болгон күч-аракетимди жумшадым”.

Ал эми өзүнүн мындан аркы кадамдары туурасында сөз кылып жатып, элдин пайдасына иштеген ар тармактуу фонд түзүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө жардам берүүгө дилгирленип жаткандыгын айтты. Чындыгында эле 2013-жылы “Жаңы Агым” гезитине интервью берип жатып айтканы эсибизде: “Мен ушул жылы “Отунбаеванын демилгелери” аттуу эл аралык фонд түзүп, мектепке чейинки билим берүүнүн лидери болгон жатам” деген билдирүү жасаган. Андан ары: “Мен өткөн декабрда ЮНИСЕФтин башчысы, Дүйнөлүк банктын тиешелүү жетекчилери менен сүйлөштүм. Алар биздин иш-чарабызды колдоп, мектепке чейинки билим берүүгө 14,5 миллион доллар каражат бөлүп берип жатышат. Бирок биздин бюджеттен да атайын чоң жардам болушу керек”.

Ооба, бары ошондой болду. Бирок бир гана кемчилиги – ошол бөлүнгөн каражаттардын бир центи, же болбосо бир сому да ошол мектепке чейинки  балдардын билим алуу көйгөйүнө, же болбосо Кыргызстандын айыл-кыштактарында жашаган өспүрүм балдар үчүн бир да бала бакчанын ачылышына, бир да баланын тарбияланып, билим алышына сарпталган жок. Болгону Бишкек, Нарын, Талас шаарларынын борбордук аянттарында мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын бир жолку көргөзмө оюндары (показательные игры) уюштурулуп, асфальтка сүрөт тартышып, ырдап, бийлеп, жеңүүчүлөргө майда-барат белектер таратылып берилди. Эми, Кудайга шүгүр, анысына да ыраазычылык билдиребиз.

Айтайын дегеним, ар бир адамдын адамгерчилик сапаты, касиети – анын айткан сөзү эмес, кылган ишинин натыйжасы менен аныкталат эмеспи.

Роза айым жакшы билген жөөттөрдүн ыйык китебинде жазылгандай: “Благими намерениями вымощена дорога в ад” дейт.

Ооба, ошондон Кудай сактасын!

 Карыбай Турусбеков, тел.: 0555 788 649

Булак: “Азия Ньюс” 

 

 

 

 

Баш мыйзам: ажыдаарга айлануунун формуласы

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгын бийлик таза парламенттик башкарууга өтүү менен түшүндүрүп жатат. “Менден башка бирөө келсе, бул Конституция менен ал ажыдаарга айланат”,- деп Атамбаев жана анын айланасындагылар элди түздөн-түз эле коркутууда.

Бирок сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү анализдеп көрсөк, “президент алсыз болуп калат” дегидей анын укугунун азайганы деле байкалбайт. Ырас, премьердин укугу бир аз кеңейтилет экен. Бирок ал президенттин эсебинен эмес, парламенттин жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын эсебинен. Президент мурда кандай эл тарабынан шайланса, кийин деле ошондой эле эл тарабынан шайлана бере турган болуптур.

Мен муну айтып жаткан себебим, “парламенттик башкаруу аралаш формадан эмнеси менен айырмаланат?”- деген суроого билермандар “парламенттик башкарууда президент эл тарабынан эмес, парламент тарабынан шайланат” дешет. Алардын айтымында, парламентик башкаруунун башка белгилери да бар болгону менен (мисалы, шайлоодо жеңген партиялар президенттин макулдугусуз эле өкмөт түзүү) президентти шайлоо тартиби эң маанилүү болуп эсептелет. Эл тарабынан шайланган президент парламентке теңата болуп, анын чечимине баш ийбей коет. Атүгүл белгилүү бир шартта анын өзүн бийлеп алат. Анын ыйгарым укугу Конситуция боюнча чектелген күндө да, референдум өткөрүп өз ыйгарым укуктарын көбөйтүп алат.

Биздин чейрек кылым эгемен тарыхыбызда ошондой эле болуп келе жатат. Парламенттик башкарууга жакын аралаш формадан баштайбыз да, ал бир нече жыл өтүп-өтпөй президенттик болуп кетет, аны, революция жасап, кайра парламенттин укугун чоңойтобуз, ал болбой эле таза президенттикке айланып кетет. 1993-жылкы Конституция жакшы болчу, ошону эле кайра калыбына келтире коелу дегендер четтен чыгат. Бирок анын бир кемчилиги бар. Ал Конституцияда “президент эл тарабынат шайланат” деп жазылып калган. Эл тарабынан шайланган үчүн Акаев парламентти тоготпой, аны оңой эле таратып, референдум өткөрүп, өз укугун кеңейтип алган.

Формалдуу түрдө ал “башкаруунун аралаш формасы” деп аталганы менен, иш жүзүндө президенттик башкаруунун классикалык үлгүсүнөн ашып да түшкөн супер президенттик башкаруу болуп чыкты. Негизги чечимдерди Акаев кабыл алчу, бирок ал натыйжасы үчүн таптакыр жооп берчү эмес. Бирдеме болсо күнөөнүн баарын премьерге оодара салып, кандай гана абал болбосун суудан кургак чыкчу. 93-жылкы Конституциянын жактоочулары ал Конституцияны калыбына келтиргенибиз менен эл тарабынан шайланган президент Акаев сыяктуу эле өз полномочиесин көбөйтүп алышы мүмкүн экенин эске албай жатышат.

Оппозиция адегенде Бакиевди да жарга такап, парламенттин укугу кеңейтилген, азыркы Конституцияга жакын Конституцияны кабыл алдырууга мажбурлаган. Ал да парламентти чилдей таратып, президентке чексиз укук берилген жаңы Конституция кабыл алып алган. Ал кезде оппозиция күчтүү болчу. Күчтүүлүгүнө карабай парламент Бакиевге багынып берди. Парламент бийликтин бир бутагы эмес, Бакиевдин бийлигинин бир бутагына, тагыраак айтканда, анын сөзүн эки кылбаган чөнтөк парламентке айланган.

Азыркы Конституцияны да парламенттик башкарууну түзө турган Конституция деп айтышкан. Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев президент мындан ары бийлик бутактарына арбитр гана болуп калат деп ишендирген. Бирок өлкөнү парламент эмес, президент башкарып жатканы сокур көзгө да көрүнүп турбайбы. Министрлер депутаттарга “мени кызматка силер эмес, президент койгон” деп ачык эле айтып жатса, ошол да парламенттик башкаруубу?

Баш мыйзамдын талабына ылайык Атамбаев чет өлкөлөр менен келишим түзөөрдө, мамлекет аралык маселерди чечерде, премьерден уруксат алышы керек болчу. Иш жүзүндө уруксатты премьер Атамбаевден алып жатканын өкмөт башчылардын өздөрү деле жашырышпайт. КТРден Атамбаевдин Акаев жана Бакиев сыяктуу тигинтиш керек, минтиш керек деп премьерге жана ага баш иет делген министрлерге акыл үйрөтүп, тапшырма берип отурганын көрөсүң.

Анысы аз келгенсип, “эмне үчүн турмуш жакшырбайт деп эл баары бир менден сурайт экен” таризде, Атамбаев экономиканы да өз полномочиесине киргизип алган. Жети жыл ичинде ички дүң продукт эки эсе өсөт деген Улуттук стратегияны өкмөт эмес, президент кабыл алган. Парламент, “кой мындай болбойт” деп калп да болсо каршылык көрсөтүп койгонго жараган жок. Депутаттар, тескерисинче, бийликтин бир колго топтолушуна көмөктөшүп жүрдү. Аны Конституциянын атасы Текебаев да мойнуна алып жатпайбы, “мен өзүм дагы Атамбаевдин күчтөнүшүнө түздөн-түз себепчи болгом”,- деп.

Ошондуктан “Атамбаевдин адамдары демилгелеп жаткан Констициялык өзгөртүүлөрдү кабыл алсак, премьер диктаторго айланып кетет” деген Текебаевдин оюна мен кошулбайм. Өзгөртүүлөргө чейин президент кандай күчтүү болсо, андан кийин деле ошондой күчтүү бойдон кала берет. Эч кандай өзгөрүү болбойт. Премьерге берилип жаткан укуктар иш жүзүндө президентке эле өтөт. Ал эми сот бийлигинин алсызданып жатканын эске алсак, президент мурдагыдан да күчтөнөт.

Атамбаев өзүнүн ажыдаар жөнүндөгү анекдотун көп айтат эмеспи. Бул анекдотту президент болуп шайланган 2011-жылдын декабрында, жыл жаңырып жатканда ал дагы бир жолу кайталаган болчу. Ал “ажыдаар мындан ары президент эмес, Кыргызстан, өлкөнүн өзү болот” деген. Мен ошондо “Ажыдарга айлануунун формуласы” деген макала жазып, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө карай жасап жаткан анын алгачкы кадамдары ошондой болоруна ишеним жаратпай тургандыгын, эгерде экономика оңолуп элдин турмушу жакшырбаса, Атамбаев деле Акаев менен Бакиевдей ажыдаарга айланышы мүмкүн экенин айткан элем. Мен бул сөздү Атамбаевди жаман көргөнүмдөн же алалбай жүргөн кегим болгонунан айткан эмесмин. Бул коомдун өнүнүгүшүнүн мыйзамы. Окумуштуу катары аны мен айтууга милдеттүүмүн. Президенттердин ажыдаарга айлануу формуласы мындай.

Германиянын же Индиянын президентинен айырмаланып эл тарабынан шайланган биздин президенттер парламентке баш ийбейт. Бул ажыдаарга айлануунун негизги шарты болуп эсептелет. Эч кимге баш ийбеген президенттер өздөрүн адегенде кудайдын жердеги орун басары, анан аны да унутуп бара-бара кудай сезип алышат. Акылдары ашып-ташып гений болуп кетишет. Балдары Билл Гейтстен ашкан бизнесмен, же колунан көөрү төгүлгөн Леонардо да Винчи, таланттуу музыкант болуп чыга келет. Эч кимди укпаган президент экономиканы өнүктүрө албайт.

Башкаларды билбейм, мен президент экономиканы көтөрө турган болсо диктатор болсо да макул элем. Кызматтан кетпей, түшпөс хан болсо да чыдайт элем. Сингапурду Ли Куан, Түштүк Кореяны Пак Чон Хи өңдүү демократия десе көңүлү иренжип кускусу келген адамдар көтөргөн эмеспи. Өздөрүнүн дээринде эч нерсе жок болсо, анысы аз келгенсип акылман сезип алып башкадан акыл сурабаса, биздин президенттер кайдан экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун билмек эле. Жөн эле башкаларды сокур туурайт. Жакшыларын туурамак беле, өздөрүнө окшогон колунан эчтеме келбеген кызыл камчы диктаторлорду туурайт.

Турмуш оңолбогондон кийин эл нааразы болот. “Кетсин!”- деп көчөгө чыгат. Бийлик болсо өз каталарын оңдоп өлкөнүн өнүгүшүнө зарыл чараларды көрүүнүн ордуна массалык маалымат каражаттарын мажбурлап чындыкты бурмалап, өздөрүн мактатат. Өз бийлигин сактап калыш үчүн оппозиционерлерди түрмөгө камайт, ага болбой Ак үйгө барса, атып кирет. Атканда да мээсин чачырата атат, башкалар корксун деп. Ажыдар болуу деген ошол.

Атамбаевдин мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калды. “Өлкө ажыдар болду” деп айтууга менин оозум барбайт. Революция жасап салдык дегидей 2010-жылдан кийин эмне өзгөрдү? Экономикада эч кандай жылыш жок. Мурда Орусияда 1 млн. адам тентип жүрсө, азыр деле ошончо адам тентип жүрөт. Тескерисинче, Бакиевдин учурунда экономика ылдам өскөн, элдин турмушу кадимкидей жакшырган. Азыр болсо эл 90-жыдардардын башындагыдай кыйнала баштады.

Коррупция жоюлдубу? Уюшкан кылмыштуулук азайдыбы? Сот, прокуратура, милиция жакшы иштеп калдыбы? Алардын иштерине Ак үй мурдагыдай эле киришип аткандыгы айтылып жатат. Атамбаевдин кылган иштери Акаев менен Бакиевдикинен айырмаланбагандыктан ал “мен президент да, премьер да болбойм” дегенине карабай, эл шек санап жатат да.

Куран кантип ыйык китепке айланган?

Кыргыздарга башкаруунун үч формасы тең туура келбесин мен 2006-жылы жарык көргөн “Кыргызстандын экономикасын кантип көтөрүү керек?”- деген макаламда айткан элем. Анда да азыркыдай Конституцияга байланыштуу кыргыз коомчулугунда кызуу талаш жүрүп турган. Айрым адамдар “ошол үч форманын ичинен парламенттик башкаруу жакшы, өнүккөн өлкөлөрдүн баарын парламент башкарат экен, анын үстүндө кыргызда хан болгон эмес, бирдеме болсо эл башчылары депутаттарга окшоп чогуу чечкен” десе, башкалары “жок, кыргыз эли парламенттик башкарууга даяр эмес, бизде калыптанган партиялар жок, президенттик эле башкарууга өтүшүбүз керек” дешкен.

Ал макаламды жазып жатканда темасы бөлөк болгондуктан учкай эле сөз кылдым эле, азыр мен өз оюмду кененирээк түшүндүрүп берейин. Дүйнөдө парламенттик да, президенттик да башкаруу киргизип, жакшынакай эле өнүгүп жаткан өлкөлөр бар. Мисалы, өзүңүздөр жакшы билгендей, АКШда президенттик башкаруу, Улуу Британияда болсо парламенттик башкаруу. Ал эми Франция башкаруунун аралаш формасын тандап алган. Бул өлкөлөр өнүкпөй калды деп ким айта алат?

Эл бийликти көзөмөлдөй албагандан кийин, саясатчылар бири-бирин көзөмөлдөй турган кылуу керек. Бул күчтөр тең болгондо гана ишке ашат. Күчтөр болсо парламеттик башкарууда гана тең болушу мүмкүн.

Башкаруунун үч формасы тең күчтүү граждандык коом болгондо гана жакшы иштейт. Эмне үчүн Франциянын президенти башкаруунун аралаш формасында иштесе да, биздин президенттерге окшоп парламентти баш ийдирип албайт? Эмне үчүн ал референдум өткөрүп өз укуктарын көбөйтпөйт? Жооп бирөө эле. Эл андайга жол бербейт. Ошондуктан андай кылуу Франциянын президенттинин оюна да келбейт. Батыш өлкөлөрүндө коомдук пикирдин ролу канчалык экенин ушундан билсе болот, президент болобу, премьер болобу, же катардагы министр болобу күнөөсү болсо, коомчулукка билинери менен өздөрү эле кызматтан кеткенге шашат.

Бул жагынан абал Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө Казакстанга жана Орусияга салыштырмалуу бир аз түзүк, бирок ал принципиалдуу айырмаланбайт. Биздин өлкөдө революция көп болгон менен эл ага чейин бийликтин жасаган туура эмес иштерине көз жумуп коюп жүрө берет. Анын үстүндө кыргыздар өлкөнү мыйзам эмес, президент көтөрөт деп ойлойт. “Кыргыздын аялдары Манас төрөп бербей койду”- деп бир акындын кейигени, ал сөз болсо мезгилдин учкул сөзүнө айланганы ошондон. “Кадырлап турса кең мекен, Каныкей болуш эмне экен” деп, президенттер коомдун талабын аткарып Манас, тагыраак айтканда, ажыдаар болуп чыга келишет.

Аталган макаламда “кыргыздарга бийликтин үч формасы туура келбесе да парламенттик башкарууга өтүү керек” деген элем. Эмне үчүн? Эл бийликти көзөмөлдөй албагандан кийин, саясатчылар бири-бирин көзөмөлдөй турган кылуу керек. Бул күчтөр тең болгондо гана ишке ашат. Күчтөр болсо парламеттик башкарууда гана тең болушу мүмкүн. Бийликтин башка формаларында жогоруда айтылгандай президент үстөмдүк кылып кетет.

Теңата саясатчылар биринин айбын бири чукуп, каршылаштарынын былык иштерин элге көзгө сайгандай кылып көрсөтүп турат. Бул алардын андай иштерге баруусуна тоскоол болот, ошентип саясатчылар тазарат. Тигиниси да мунусу да өз иши туура экенин далилдей берип, чындык кайда экенин таанып билүү алда канча оңой болот. Элдин көзү ошондо гана ачылат. Граждандык коом тезирээк өсүп чыгат. Чынын айтуу керек, бул бир топ кооптуу. Саясий күрөш түгөнбөгөн чырга айланып, тараптар кагылышып кетиши да мүмкүн. Бирдей укук берилгенде деле бир күч үстөмдүк кылып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок мындан башка жол жок.

Ушул жагынан алып караганда сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө мен макул болчу жердемин. Бирок мен буга таптакыр каршымын. Биринчиден, жогоруда айтылгандай, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр парламенттик башкарууга алып келбейт. Экинчиден, мен дагы башкалар сыяктуу ал өзгөртүүлөр бийликти узартуунун амалыбы деп ойлойм. Баш мыйзамдын өзгөртүүлөрүнүнө каршы болуумдун үчүнчү себеби, Конституция өзгөртүлбөсүн деген талаптын аткарылышына болгону төрт жыл калыптыр. Алты жылда кыйрап калбаган Кыргызстан, эми төрт жылда бирдеме болуп кетеби, чыдап туруп эле, ошончо эле өзгөрткүбүз келсе, 2020-жылы эле өзгөртпөйлүбү. Айткан сөзүбүзгө турганды үйрөнөлү да.

Эмне үчүн Куран ыйык китепке айланган? Ислам дини христиан дининен айырмаланып адамдардын жашоосуна жана тиричилик кылуусуна байланыштуу конкреттүү эрежелерди – шариятты киргизген. Белгилей кетейин, анда экономикага тиешелүү эрежелер да бар. Мисалы, адам өлгөндө анын карызын мураскору берет деген. Адамды акыркы сапарга узатып атканда молдо “анын карызы бар беле?” деп сурайт. Мураскор болсо “кимдин карызы болсо менден алгыла” деп айтат. Ислам дининин артыкчылыгы да, кемчилдиги да ошондо болгон.

Артыкчылыгы ар ким каалагандай өзгөртө албагандай, бардыгына бирдей эреже болгондугунда. Коомдук турмушту тескегендигинде. Мыйзамдарды киргизгенинде. Кемчилиги ал эрежелер конкреттүү болгондуктан коомдун өнүгүшүнө байланыштуу алар учурунда прогрессивдүү болсо дагы тез эскирип кеткен. Мухаммед пайгамбардын шакирттеринин учурунда эле ар кандай талаш маселелер келип чыга баштаган. Бүгүн болсо анын айрымдары, мисалы, төрт аял алууга уруксат беруу архаикалык көрүнүшкө айланып отурат. Азыр спирт ичимдиктерин ичкендер да намазга жыгылып жаткан кез. Аны “мусулман эмессиң” деп эч ким айта албайт.

Мындай нерселерди санап отурса абдан көп. “Талибандар” менен 2Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун негиздөөчүлөрү “азыркы мусулмандар бузулган мусулмандар, ислам динин баштапкы калыбына келтириш керек”- деп айтып жатканындай эле бар. Ошого карабай Куран да, шарият өзгөртүлгөн эмес. Жөн гана шарияттын жоболоруна мезгилдин талабына ылайык жаңы чечмелөө (трактовка) беришкен. Куран ошол өзгөрүлбөй кылымдар бою турганы үчүн ыйык китепке айланган.

Эгерде биз болор-болбос нерсе үчүн Конституцияны өзгөртө берсек, анда анын баркы болбойт. Конституция стабилдүү болбосо, өлкө да стабилдүү болбойт. Кокус Атамбаев өзү айткандай президенттикке барбай турган болсо, андан кийин келген президент да аны өзгөртүп алуу этималдуулугу өтө жогору. Жогоруда айтпадымбы, өлкөдө бардык бийлик бир колго мыйзамсыз топтолгон деп. Эмки келген президент аны мыйзамдаштырып алгысы келиши мүмкүн, кийин жооп берип калбайын деп. Качанкыга чейин президенттерди Конституциянын талаптарына баш ийе турган кылбай, Конституцияны президенттердин көңүлүнө карап өзгөртүп жүрө беребиз. Анда Конституциянын эмне кереги бар?

Сапар Орозбаков, экономист, публицист

Булак: “Майдан.kg” 

Меню