Menu

Жалал-Абад областтык китепканасына 5252 китеп белекке берилди

Жалал-Абад областтык китепканасына демөөрчүлөрдөн ошондой эле китепканалардан  5252 китеп белекке келди. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык китепкананын директорунун орун басары Катча Исакова билдирди.

-Бул жылы биздин китепканада окурмандар үчүн көптөгөн китептер толукталды. Бишкек шаарындагы Кыргыз китеп палатасынын эмгек жааматынан 345 (1 миллион 300 миң сомдук) китеп келсе, Россия аймагынан белекке 120 китеп келген. Ал эми демөөрчүлөрүбүз Батырканов Шермамат 69 китепти, Ташбаев Салибраим 37 китепти белекке тапшырган. Жергиликтүү жазуучулар да өздөрүнүн китептерин окурмандарга тартуулоо максатында биздин китепканага китептерин  берип турушат. Окурмандардан  көбүнчө классикалык китептерге суроо-талап көп түшүп, окурмандар саны өсүүдө. Былтыркы жылы 13 миң 500 окурман болсо, бул жылдын 8 айында эле 10 миң 100 окурман катталды. Бул биз үчүн эң чоң жетишкендик, –дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы боласттык китепкана мындан 90 жыл мурун негизделип, жалпы област аймагындагы агартуу процессине активдүү катышып келет.

Чычкан жана Чаткал дарыяларына агып кеткен айдоочуларды издөө үчүн кошумча күч тартылды

Чаткал жана Токтогул райондорундагы жол кырсыгынан дарыяга агып кеткен адамдарды издөө ишин күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынынан куткаруучулар жөнөп кетишти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, Токтогул районунда 2016-жылдын 14-июлу күнү саат 06:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында Спринтер үлгүсүндөгү мамлекеттик № О10 94R унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп, айдочусу агып кеткен. Буга чейин, издөө иштерине  КР ӨКМнин 97-өрт-куткаруу бөлүмүнун куткаруучулары издеп келишкен. Кошумча күч каражаттарына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан кошумча  7   куткаруучу  тартылды.

Ошондой эле, Чаткал районунда 2016-жылдын 6-сентябры күнү саат 06:00 чамасында Ала-Бука-Каныш-Кыя-Жаны-Базар унаа жолунун 101-чакырымында Кызыл-Бел тилкесинде “Митсубиси Делика” унаасы Чаткал дарыясына  түшүп,  айдочусу агып кеткен. Издөө иштерине КР ӨКМнин 81-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн. Издөө аймагын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан  8   куткаруучу  жөнөтүлдү.

 

Улукбек Ормоновдун дене табы көтөрүлүп, эми өзүнө келүүдө

Депутат Улукбек Ормоновдун өткөн аптада чүчкүрүп-бышкырганы акыры дене табынын көтөрүлүшү менен коштолуп, абалы начарлап барып, эми-эми өзүнө келип, жакшы сезе баштады. Кандай дартка чалдыкканын өзү да аңдабай, чектен тыш көтөрүлгөн дене табы Улукени алдастатып барып акыры бир калыпка түштү. Кудайга шүгүр, азыр абалы дурус. Саясаттын артынан түшүп эле күрсүлдөп жүрө бербестен, ара-чолодо ден соолук камын да ойлой жүрүш керек. Неси болсо да тез сакайып, Мындан ары жан кыйнаган дарттан алыс болуңуз!

Булак: Азия Ньюс”  

 

 

Полковник Жумагазиевди орун басарлары уят кылууда

Канат Жумагазиев Чүй ОИИББнин начальниги болуп келгени өздүк курамда чоң өзгөрүүлөр жаралып, тартип, мыйзамдуулук алдыңкы планга коюлганы белгилүү болду. Мурда дээрлик облустагы “кызыл шапкечендер” ээн-эркин жүрүп көнүп алышыптыр да, ишти экинчи планга жылдырышып. Качан гана полковник Жумагазиев келгени дежуркадан баштап райондорго чейин тартип орноп, милиция элге кызмат кылып калганы бизге чейин жетти. Тилекке каршы, Канат мырзанын орун басарлары ишти тарта албай атканы журналисттерге чейин угулуп, кызык жагдайды күтүшүүдө. Шефтин ишин жан-жөөкөрлөрү тескери кыла берсе, аягы кандай болот? Андыктан, Чүйдүн башкы мыйзам көзөмөлдөөчүсү эртерээк ойлонсо…

Тайлак Назымов

Булак: Азия Ньюс

Сариев 6 саат сурак берип, тердеп-кургап, жама-ан кыйналыптыр...

Аз күн мурда Темир Сариевди прокуратура кызматкери тендер чуулганы боюнча суракка чакырыптыр. Суроолор башталганда эле Темикең тердеп-кургап, апкаарып, аябай кыйналганын маалымдашты. Тергөөчү жигит мыжыкый окшойт, туура 6 саат эзип, аягында “Темир Аргембаевич, жакында дагы чакырам, суроолор бар” деп зекип, анан жолго салыптыр. Ошондон кийин экс-премьердин ындыны өчүп, саясаттан алыстап калганы байкалууда. Жадагалса Убактылуу өкмөттүн президент Атамбаевге каршы кайрылуусуна дагы кол койбой, тескерисинче, бийлик тараптан жылчык таап, сүйлөшүүгө ынтызар болуп жүргөнү айтылууда. Акүйгө сырын алдырып, анүстүнө толорсугунан илдирип алган Темикең эми кыл чайнашкан күрөштөргө катышпай эле шүк жүрөт го. Эске сала кетсек, кытайлык фирмадан Балыкчы-Корумду жолунун куруу шылтоосу боюнча Сариев 6 миллион доллар алганы ММКларга чыгып келген. Миллиондордун түйүнү чечилеби?..

Булак: Азия Ньюс”

Алмаз Батырбеков "күн тийген жердин күкүгү" болду

Президенттик аппараттын “Фокус” аттуу сайты бар. Аны Алмаз Усенов аттуу чыйрак жигит тейлейт. Дал ушул маалымат булагына Алмаз Батырбеков ар ай сайын маек берип, бийликке жагалданып, тим эле “дүжүр чалга” айланып алган. “Дүжүрлүгүн” ушундан билиңиз, “Фокустун” эмнени айттыра турганын алдыртан сезип, президенттин саясатын жантыгынан жата кала колдоп, ошол эле маалда оппозицияны поктоп жиберет. Баракелде! Качанкыга чейин күн тийген жердин күкүгү болот экенсиң?

Булак: “Азия Ньюс” 

 

 

 

2-кабатпы же 2-чи кабатпы?

“Борборубуздун к­ѳчѳлѳрүндѳ жайгашкан кѳрнѳк-жарнактардын кѳпчүлүгүнѳн ката же мыйзамга каршы кѳрүнүш табууга болот”- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бѳлүмүнѳн. Мисал катары Юнусалиев менен Койбагаров кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги “Эльдорадо” тиричилик дүкѳнүнүн  жарнамасынан “2-чи кабат” деген жазуудагы катаны жана Манас проспектиси менен Горький кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде илинген  мамлекеттик тилдеги бир дагы жазуусу жок жарнаманы сүрѳткѳ тартып алган. “Мындай  кѳрүнүштѳрдү азайтууга болгон аракетибизди жумшоодобуз. Бирок жарнама берүүчүлѳрдүн мыйзамды сыйласбастыгы жана аларга айып салууга же кескин чара кѳрүүгѳ мыйзамдын жол бербестиги ишке кедергисин тийгизүүдѳ”- деп кошумчалады котормо бѳлүмүнүн адистери.

 

 

Бишкек-Ош унаа жол каттамы калыбына келди

Жалал-Абад облусунда 2016-жылдын 8-сентябрында саат 08:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 402-чакырымында оор жүр ташуучу Хово жана Ман үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Маалыматка караганда Ош областынын Кара-Суу районундагы Савай айылынын 1987- жылы туулган Ибрагимов Зайнабидин Адибидинович башкарып бара жаткан “МАН”  автоунаасы мамлекеттик № В5572АI, айдоочунун жардамчысы Ош областындагы Кара-Суу районун Отуз-Адыр айылынын тургуну 1991-жылы туулган Хаджиматов Саипжан Сабирович болуп Ош тарапты көздөй келе жатып, Чүй облустунун Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылынын тургуну 1980-жылы туулган Дүйшөналиев Самат Бейшенбековичдин башкаруусундагы күйүүчү май ташыган ХОВО үлгүсүндөгү мамлекеттик № КGМ1349 автоунаасы менен кагылышып кеткен.

Кырсыка кабылган жарандар,  Кара-Көл шаардык ооруканасына  кайрылган. С.Хаджиматовдун оң колу, оң буту  сынган, Дүйшөналиевичтин сол колу сынып ооруканага жаткырылган. Ал эми З.Ибрагимов абалы жакшы, медициналык жардамдан кийин ооруканага жаткан эмес.

Натыйжада негизги жол  катамы жабылып калган.Абалды жөнгө салуу үчүн жол тейлөө ишканасынын 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 самосвал жана КР ӨКМнин 2-издөө куткаруу отрядынын 9 куткаруучулары КР ӨКМнин 94-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып унаа жолу ачылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Дамаск абактагы 85 адамды орусиялык эки учкучтун сөөгүнө алмаштырып бошотот

Сирия бийлиги өкмөттүк абактарда камалган 85тей кишини эки орусиялык аскер учкучтун сөөгүнө алмаша турганын билдирди. Алар 1-августта Идлиб провинциясындагы МИ-8 тик учагы кулаганда набыт кетишкен. Бул тууралуу Адам укуктарын коргоо боюнча сириялык мониторинг борбору билдирүүдө.

Буга чейин өзүн Туткундар боюнча башкы фонд деп атаган сириялык топ орусиялык учкучтардын сөөгүн Башар Асад режими жана Дамасктын Ливандагы өнөктөшү “Хезболлах” тобу тарабынан кармалып турган тарапташтарына алмаштырууну сунуштаган.

Орусиялык аскер тик учагы Идлиб провинциясында атып түшүрүлгөндөн кийин борттогу 5 адамдын баары тең өлгөн. Орусия Сириядагы аскердик операциясын 2015-жылы сентябрда жайылткандан бери бул алардын эң чоң жоготуусу болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өзбекстан Ислам кызматташтык уюмунун сессиясын өткөрүүгө даярданууда

8-сентябрда Ташкентке Ислам кызматташтык уюмунун баш катчысы Ияд бин Амин Мадани барат. Андагы жолугушуулардын жүрүшүндө Өзбекстандын төрагалыгы алдында октябрда өтө турган уюмдун 43-сессиясына даярдык көрүү маселелери талкууланат.

Экономикалык изилдөөлөр борборунан билдиришкендей, бул – Ислам кызматташтык уюмунун жалпы саясатын ишке ашыруу үчүн негизги багыттарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берген жыл сайын өтчү маанилүү иш-чара.

Ислам кызматташтык уюму чоңдугу боюнча БУУдан кийинки экинчи турган өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелет. Ал жалпы калкы 1,5 миллиардан ашкан 57 өлкөнү бириктирет. Башкы максаты – мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда социалдык, экономикалык жана саясий тармактагы кызматташуу, эл аралык аренада биргелешип ишмердик жүргүзүү жана мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүшүнө жетишүү.

Өзбекстандын төрагалыгы астында уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы илимий-техникалык, соода жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, терроризм жана экстремизм идеологиясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди бириктирүү, ошондой эле өзөктүк куралдан эркин болгон географиялык аймакты кеңейтүүгө жетишүү болжолдонууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Бакыт Эргешович саясый упай алууда

Башка депутаттар Көчмөндөр оюнунда тойлоп жүргөндө, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Үңкүр-Тоо көйгөйүн көтөрүп, эл-журтту чагымчылыкка алдырбоого чакырды. О.э. көйгөйдүн түйүнүн чечүү жагына да түйшөлүп, саясый упай алганга үлгүрдү. Карапайым эл болсо “мына, каникулда да Бакыт Эргешович иштеп атат” деп шыпшынып жатышат.

Булак: “Азия Ньюс”

 

Кыргызстан Беларустан кайрадан Бакиевдин экстрадициясын талап кылууда

Кыргызстан менен Беларус баш прокурорлору Индира Жолдубаева жана Александр Конюк 7-сентябрда Минск шаарында жолугушуп Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү жаатында сүйлөштү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Бирок сүйлөшүү жыйынтыгында тараптар кандай чечимге келишкени тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Жолугушуу Беларус баш калаасында 7-сентябрда өткөн КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жыйынын алкагында уюштурулду.

Өлкөнүн укук коргоо органдары белорус кесиптештерине качып жүргөн мурагы президентти кайтаруу боюнча бир нече жолу кайрылган. Бирок Белорус өз жарандарын башка өлкөгө бербей тургандыгын айткан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 2010-жылы тактыдан оодарылган соң үй-бүлөсү менен Беларустан башпаанек тапкан. Кыргызстанда сот Курманбек Бакиевди сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок жашы 60тан өткөнүнө байланыштуу быйыл Жогорку Сот жаза мөөнөтү 30 жыл деп өзгөрткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда Ми-8 тик учагынын кулашы боюнча иликтөө башталды

Казакстандын Башкы транспорт прокуратурасы тик учактын кулашына байланыштуу тергөө иштери башталганын билдирди. Тик учакта «КазТрансОйл» компаниясынын жумушчулары болгон.

Жезказган станциясындагы полиция бөлүмү тарабынан «Аба транспортун пайдалануу эрежелерин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Инвестициялар жана өнүгүү министрлиги атайын комиссия түздү.

Прокуратуранын маалыматы боюнча «Евро-Азия Эйр» авиакомпаниясынын Ми8Т тик учагы 7-сентябрда саат 15:50дө, Караганда облусунун Улытау районунда кулап түшкөн.

Башкы транспорт прокуратурасынын билдиришинче, тик учак кулагандан кийин күйүп баштаган. Анын ичинде үч экипаж мүчөсү жана «КазТрансОйл» компаниясынын 19 жумушчусу болгон. Жыйынтыгында түрдүү жаракаттар менен «КазТрансОйлдун» төрт жумушчусу ооруканага жеткирилген.

Тик учак «КазТрансОйлдун» чыгыш өкүлчүлүгүнүн жумушчуларын ташуу каттамын аткарып жаткан. Жарандык авиация комитетинин маалыматы боюнча аба кемеси учууга жарактуу сертификатка, экипаж — авиациялык персонал күбөлүгүнө ээ болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Риодо Паралимпиада оюндары башталды

Бразилияда дүйнөлүк Паралимпиада оюндары башталды. Салтанаттуу ачылыш 7-сентябрда Риодогу белгилүү Маракана стадионунда өттү.

11 күн бою 161 өлкөдөн келген 4 миңден ашуун майып спортчу күч сынашат.

Паралимпиаданын тарыхында быйыл биринчи жолу оюндар Орусиясыз өтөт. Себеби Эл аралык паралимпиада комитети допинг чырына байланыштуу орус командасын катыштырбоону чечкен.

Быйылкы олимпиадада ирандык пауэрлифтер Сиаманд Рахман 300 килограммды көтөрүүгө, британиялык спортчу Дэвид майыптар арабасы менен жарышка чыгып, биринчи келүүгө жана кытайлык азиз спринтер Лю Чуйчинг алдыңкы орунду ээлөөгө белсенип жатат.

Оюндарга Кыргызстандан үч спортчу катышат. Алар – пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетикадан Арстанбек Базаркулов. 54 килограммга чейинки салмактагылар арасында Эсен Калиев 10-сентябрда, 107 килограммга чейинкилерден Орозбаев 15-сентябрда, жеңил атлетчи Базаркулов 12-сентябрда күч сынашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Тажик Эйрдин" учагы "Манас" аэропортуна авариялык түрдө конду

Бишкектен Дүйшөмбү шаарына багыт алган учак 7-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынан артка кайтып, “Манас” эл аралык аэропортуна конууга мажбур болду. Авариялык түрдө конгон учак “Тажик-Эйр” компаниясына таандык. Компаниянын маалыматы боюнча мындай кырдаалдын жаралышына “техникалык алешемдиктер” себеп болду.

“Тажик Эйр” авиакомпаниясындагы булак кабарлагандай, Боинг-757-231 учагы 7-сентябрда Кыргызстандан Тажикстанга багыт алган. Бирок жарым саат өткөндөн кийин техникалык себептерден улам лайнер кайра аэропортко кайтууга аргасыз болгон.

Мындан кийин авиакомпания Бишкекке башка учак жөнөткөн. Бардык жүргүнчүлөр Дүйшөмбүгө 8-сентябрь күнү эртен менен жеткирилди. “Тажик Эйрден” маалымдашкандай, адистер бузулган жерди оңдошту, аба кемеси учууга даяр. Окуя учурунда жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнөн эч ким жабыркаган жок.

Бул арада “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы учак эмне себептен абага жетишерлик деңгээлде көтөрүлө албай, кайра конгонун билбей турганын айтты. Мекеме түшүндүргөндөй, мындай учурда авиакомпания жүргүнчүлөрдү тамак-аш жана мейманкана менен камыздоосу керек эле. Бирок башка учак келгенге чейин алар аба майданда болушту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жеңиш Разаков төөнүн жарты этиндей болуп, далдайган менен “даамы” жок окшойт...

Коргонуу, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министрлик кызматына Жеңиш Разаков келгени ийгиликке жетүүгө үмүттөр пайда болгон. Тилекке каршы, өлкөдө коопсуздук, чек ара көйгөйү күч алды. Үңкүр-Тоого Өзбекстандын аскерлери айттырбай кирип келип, төрт жараныбызды барымтага алып, анысы аз келгенсип, аталган аймакты ээлеп алышты. Бу тармакты координациялаган Ж.Разаков мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк турсун, түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча тыңгылыктуу оюн айта албады. Көп өтпөй Кыргызстанда биринчи жолу, мындайча айтканда, Кытай элчилигин жардырган терракт катталып, үрөй учурган көрүнүшкө күбө болдук. Баарыбызга байкалып тургандай, диний экстремизмге, терроризмге алдын ала чаралар көрүлбөгөнү, анан качан гана жамандык болгондо күйпөлөктөп, эл көзүнө күрөшүп аткандай түр көрсөткөнүнө баракелде! Кыскасы, Ж.Разаков вице-премьерлик кызматын аркалай албаганы ачык байкалды. Ишинин натыйжасы болсо байкайт элек да. Бу эргулду байкап көрсөк, төөнүн  жарты этиндей болуп, далдайган менен “даамы” жок окшойт…

Булак: “Азия Ньюс”

Фотобаян - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан көз ирмемдер

Ысык-Көлдүн Кырчын жыйлоосунда өтүп жаткан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 63 өлкөсүнөн келишкен командалар көчмөндөр спортунун 23 түрү боюнча 5 күндөн бери ат салышууда. Бүгүн, 8-сентябрда оюндар марага чыгат.

Көчмөндөр оюну II 8

Көчмөндөр оюну II 12

Көчмөндөр оюну II 4

Көчмөндөр оюну II 5

Көчмөндөр оюну II 3

Көчмөндөр оюну II 6

Көчмөндөр оюну II 7

Көчмөндөр оюну II 10

Көчмөндөр оюну II 11

Көчмөндөр оюну II 13

Көчмөндөр оюну II 15

Көчмөндөр оюну II 17

Көчмөндөр оюну II 16

Көчмөндөр оюну II 18

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

ТИМдин иши: “Өгүз өлбө, араба сынба”

Кыргызстан тышкы саясатта кыйла жылдан бери өз ордун таба албай, кандайдыр бир түшүнүксүз деңгээлде артка чегинүү менен аксап келет. Сырткы өлкөлөр менен алака түзүүнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектегени абалыбыз оорлошуп кетти. Дүйнөлүк мамилелерди жүргүзүүдө президентке дал ушул министрлик шарт түзүш керек эле. Кыйратып иштей албады. Атургай кереметтүү жерибизге инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү жагы да солгун. Айтор, Э.Абдылдаевдин иши “өгүз өлбө, араба сынба” таризинде экен. Башкасын айтпасак да, кошуна Өзбекстан менен теңата сүйлөшө албагандан кийин эмнени айталы? Мындай кадрды сыланып-сыйпанып, короздонгону үчүн кармап жүрөбүзбү?..

Булак: Азия Ньюс

 

Сокенин шайы ооп, премьерликти тарта албай калганы байкалууда

Президенттик шайлоо жакындаган сайын ажонун айланасындагы топтордун тынчы кетип, бири-бирине тымызын интригаларды башташканы байкалууда. Жаат-жаат болуп тирешкендери угулууда. Алардын ичинен интеллектуалдык, анализ жагынан Абдил Сегизбаевдин командасы алдыга озуп, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жагынан упай алышканын эшиттик. Барган сайын Сегизбаевдин саясый салмагы артса, мамлекетти башкаруудагы шыгы Алмазбек Атамбаевдин ичин жылытса, анда Сооронбай Жээнбековду мураскерликке калтыруу планы жолдо калбайбы? Мамлекеттин жүзү – лидердин өң-түспөлү, анын ички дүйнө таанымы жана тажрыйбасы, билими менен аныкталат эмеспи. Бу жагынан Абдил мырза төп келишип тургандай. Ал эми Сокенин шайы ооп, премьерликти тарта албай калганы байкалууда.

Булак: “Азия Ньюс”

Уялашына жакшылык кылбаган Болот Отунбаевден эмнени күтөбүз?

Россиядагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев бир тууганы Роза апчесине кыйын күндө моралдык колдоо көрсөтө албаганы, кызмат үчүн далысын салып атканы таңгалдырууда. Башка намыстуу жигит болгондо, эжесинин куугунтук жеп атканын көрүп, ишинен отставкага кетмек. “Май талкан” кызмат үчүн уялашын жөлөп-таябаган Болоттун мындай кылыгын Акүйдөгүлөр да анализдеп, өзүмчүл эргулдан жакшылык күтпөй турганына ынанышыптыр. Жогорку жетекчилер дал ушундай көрүнүштү ичтен аңдаган соң, Болот Отунбаевди элчиликтен кетирүү жагын ойлонуштуруп жатканын уктук. Өзгө жакшылык кылбаган неме өзгөгө кол сунмак беле?..

Тайлак Назымов

Булак: “Азия Ньюс”

Шамшыбек Медетбеков, коомдук ишмер: “Бардык жагы төп келишкен, алтындай Конституция кабыл алсак да, аны сыйлап, урматтап жашаганды үйрөнбөсөк, азыркы кебетебизден кетпейбиз!”

– Шамшыбек мырза, кыргыз коомчулугунда бийлик тарабынан сунушталып жаткан Конституциянын жаңы редакциясы чоң ызы-чуу жаратып, мурда болуп көрбөгөндөй тирешүүлөргө күбө болуп жатабыз. Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу кандай пикирдесиз? Негизи эле, президенттик мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калганда минтип шашылыш Баш мыйзамды “ремонттоп” киргенинде биз билбеген бирдеңке бардай?

– Чындыгын айтканда, учурда Конституцияны өзгөртүүнүн анчейин кажети жок эле. Себеби, “улам бийликке келген адам Баш мыйзамды тебелеп-тепсөө, өз пайдасына карап өзгөртүү адат болуп  алды, эч болбосо мына ушул Конституция 2020-жылга чейин кол тийгис болуп турсун”,- деген норманы эл эмес,  өздөрү башында туруп киргизишкен. Эми, ошол өздөрү чектеген мөөнөткө чейин чыдабай, “биз эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарып калат экенбиз, анда көз карандысыздыгыбыз кайсы?”- деген шылтоого жамынып, саясий чайкоочулук жасап жатышканы эч шоона эшпейт. Туура, биз өз алдынча суверендүү мамлекетпиз, ошол эле учурда Бириккен улуттар уюмунун мүчөсү катары дүйнө коомчулугунун алдында да өз милдетибиз бар. Канчалаган эл аралык келишим, конвенцияларга кошулуп, ал биздин парламент аркылуу ратификациядан өтүп, мыйзам катары иштеп жатат. Ошол милдеттерибизди дүйнөлүк коомчулуктун алдында аткарышыбыз керек, ал эми эл аралык уюмдардын айткан-дегенидери биздин өлкө үчүн сунуш катары гана кабыл алыныш керек. Эл аралык уюмдардын чечими биздин сот бийлигинин  өкүмүн жокко чыгара албайт. Аракеттеги баш мыйзам жаманбы-жакшыбы, 6 жылдан бери өз милдетин аткарып келе жатат. 2010-жылы өлкөдө апрель окуясы, Оштогу улут аралык жаңжал сыяктуу тополоңдор тыным бербей, аргабыз куруп, тынчтыкты орнотуу башкы милдет болуп турганда, көпчүлүк эл бул Конституцияны өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн колдоп берген. Ал тез арада жазылып, ичинде кемчиликтери бар экени көрүнүп турса да башкы максат – элибиздин тынчтыгы болгондуктан, эч ким деле катуу каршылык көрсөткөн эмес. Анткен менен, бул Баш мыйзам өзүнө тагылган милдеттерди аткарып, өлкөдө туруктуулук орноп, эми гана баары өз ордуна түшө баштады эле. Азыр мына бийлик башындагы аткаминерлер бири-бири менен жарышып, Конституциянын кемчиликтерин санап жатышат, ажо андан ашып, “биз буга өзгөртүү киргизбесек, кийинки келген президент мен эмес да, ажыдаарга айланып кетет”,- деп атат. Бирок, Баш мыйзамдын баркын ким кетирип жатат? Конституцияда “эч бир партия бийликти узурпация кылууга акысы жок”,- деген нормага карабастан, кайсы партия айыл өкмөттөрдөн баштап, жогорку бийлик кызмат орундарын өзүнө ыйгарып алды? Башкаруу коалициясындагы  партиялар министрлик-ведомстволорду бөлүштүрүп, май талканда жүрүшкөнү таң калыштуу деле болбой калды.  Бул Баш мыйзамда деле ар бир бийлик бутагынын укуктары даана жазылган. Ошого карабастан, бул укуктар кайсы бутак күчтүү болсо, ошонун пайдасына ооп, жылышып кеткени жалганбы? Өйдөдө белгилегендей, ооба, баш мыйзамдын кемчиликтери көп. Турмуш-шартка жараша өзгөртүүгө муктаж болобуз. Бирок, шашылыш аны жамаачылап кирген туура эмес. Анан өзгөртүүлөр шашылыш болбош керек. Кеңири коомчулук катышып, анан жасалышы шарт. Аттиң, бийлик төбөлдөрү баш мыйзамга табиятына жараша мамиле жасап, аны сыйлап-урматтаса, азыркыдай абалга тушукпайт болчубуз.

Дагы бир кошумчалап кете турган нерсе, биз да өз алдынча саясий күч катары, кыргыздын кырк уруусун бириктирген  “Кыргыз эл биримдиги” коомдук уюму учурунда өзүбүз иштеп чыккан баш мыйзамдын долбоорун талкууга алып чыкканбыз. 2010-жылы аны альтернатива катары референдумга киргизүү боюнча да ой болгон. Борбордук шайлоо комиссиясына 300 миң шайлоочунун колун топтоо баракчасын алуу үчүн, арыз бергенбиз. Бирок, андагы кырдаалга жараша, “бөйрөктөн шыйрак чыгарбайлы, өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк орносун”- деп, бул демилгебизди токтотуп койгон элек. Ошондон бери Конституциянын долбору боюнча көптөгөн коомдук уюм, кыймыл, саясий партиялардын катышуусунда тынымсыз талкуулар болуп келди. Азыр эми 2020-жылды күтпөй, өздөрү баштап ийген соң, биз да бир топ коомдук уюм, саясий партиялар “Улуттук конгресс” саясий кыймылын  түзүп, анын астында бардыгыбыз баш мыйзам боюнча өз долбоорлорубузду бириктирип, жаңы муундагы Конституцияны редакциясын түздүк жана коомдук талкууга алып чыктык. Өз сунуштарыбызды азыркы баш мыйзамды өзгөртүүнүн демилгечилерине, Жогорку Кенешке бердик. Биздин жаңы муундагы баш мыйзамда бардык бийлик бутактарынын укуктары менен бирге жоопкерчиликтери так жана даана жазылган. Болбосо, мына аракеттеги баш мыйзамдын тушунда эле 5-6 ирет премьер-министрди алмаштырдык, бирок биринин дагы жасаган ишине отчет берип кеткенин көрбөдүк. Биздин долбордо, президенттик башкаруу болот жана өкмөт башчысынын функциясын президент аткарат, өкмөттүн ишине жоопкер болот.  Албетте, шайлоо тартиби да өзгөрүш керек. Болбосо Жогорку Кеңешке акыркы шайлоолорду көрдүк.  Бир депутаттык мандаттын баасы 500 миң долларга чейин жетип, олигархтардын парламентин түздү. Мындай учурда эл каалаган саясий күч акчасы болбосо парламентке келе албайт. Жогорку Кенештин 50 пайызы бир мантаттуу өкүлдөрдөн, 50 пайызы партиялык тизме менен топтолот. Арийне, көз карандысыз сот бийлиги тузулөт. Муну менен катар Элдик курултайды көзөмөл функциясы менен киргизүү каралган. Бул жагынан алып караганда биз бийликтин да, ага каршы тараптын да сунуш-пикирин колдобойбуз. Биз мына ушул жаңы муундагы баш мыйзамыбыздын кабыл алынышы үчүн  аракет кылабыз.

– Албетте, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү багытында канчалаган эксперттер, коомдук  уюмдар, саясий партиялар өз ой-пикирлерин айтып жатат. Бирок, бийлик өз вариантын гана туура көрүп, аны эч өзгөртүүсүз кабыл алдырууга күч жумшоодо. Мына ушундан улам, көпчүлүк эскперттер баш мыйзамды реформалоо аркылуу Алмазбек Атамбаев саясаттагы жашоосун узартууга аракеттенип жатканын айтат. Айрымдар, анын кеткенден кийин да Польшадагы Качинскийге окшоп, Кыргызстанды жамбаштап жатып башкарыгысы келип жатканын айтышууда. Бул кептерге ишенесизби?

– Ооба, бийлик башында турган аткаминерлер өздөрү кеткенден кийинки жашоо-шарты тууралуу катуу ойлонот. Азыр да демилге көтөрүп жаткандар “биз президенттин укуктарын көбөйтүп же экинчи мөөнөткө калтырууну көздөгөн жокпуз, болгону премьер-министрдин укуктарын күчөтүп жатабыз”,- деген аргументти келтиришүүдө. Бирок бизде, Конституцияны өзгөрпөсөк деле, бийликте тургандар өздөрү каалаганды жасашып, чалмакей чаап келатканы жашыруун сыр эмес. Буга бир далил – Өмүрбек Текебаевдин агынан жарылганы. Айрыкча премьер-министрлерди кетирүүдө Атамбаевдин сөзүнө кирип, кандай нерселерге барганын ачык эле айтып салды. Бийликтин туура эмес аракеттери элге жакпаган иш экени көрүнүп калды.  Демек, алтын Конституция кабыл алсак да, аны сыйлап, урматтап жашаганды үйрөнбөсөк, азыркы кебетебизден кетпейбиз!

– Учурдагы бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн Контитуция боюнча демилгесине каршы чыккандарды “бузуку”, “эл бузар”, “кан көксөгөн кузгундар”,- деген сыяктуу абдан жаман сөздөр менен каргап-шилегенин бүт эл укту. Өлкө тагдырын чечер маселе болгондуктан, менимче, карама-каршы пикирлердин айтылып, талашып-тартышуу болгону мыйзам ченемдүү, атүгүл керектүү нерсе го. Ак үйдүн болсо тескери тонун кийип алганын кандай кабыл алып жатасыз? Анын үстүнө, президенттин 31-августтагы сөздөрүнөн кийин кечээки санаалаштары да ага каршы биригип жатат. Буларга Атамбаевге каршы башка күчтөр кошулууда. Мындай тирешүү кайда алып барат? Дагы кайгылуу окуялар болуп кетпейби?

– Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы өзгөчө окуя. Бул күнү президенттен бул мезгилдеги жетишкендиктер, келечек багыттар тууралуу жакшы сөздөрдү күттүм эле. Тилекке каршы, президенттин сөзүнүн башкы багыты Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр жана ага каршы чыккандарды мазактоолорго бурулуп кетти. Кечээ күнкү чогуу, санаалаш, максатташ болуп жүргөн адамдарга карата жеке адамдык касиеттерине шек келтирген абдан жаман сөздөрдү айтты. Азыр биз эмнеге жетиштик, кандай абалда турабыз, баары Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилигиндеги иш. Кандай гана асыл максаттарды айтышкан эмес учурунда. Президент да булардын катарында болгон. Эми мезгил өтүп, аларды душманга айландырып алыптыр. Буга чындап эмне себеп болгонун айта албайм. Бирок, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата чон салтанатта минтип сүйлөгөнү президентке аброй алып келген жок.

– Президент Убактылуу өкмөттүн төрайымы, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеваны “самозванка”- деп атады. Анда өзү ким болуп калат?

– Кызык суроо болду. Азыр президент “самозванка” атап жаткан Роза айым Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары жаманбы-жакшыбы, тарыхта из калтырды. Башыбызга өтө оор күндөр түшүп, апрелдеги бийлик алмашуудан кийин эл экиге бөлүнүп, түштүктө улут аралык чатак ырбап турганда бир да эркек оор жүктү өзүнө албай, аял башы менен Р.И. Отунбаевага жүктөп салышканы жалганбы? Р.Отунбаеванын тажрыйбасы, акыл көрөңгөсү, акыйкаттуулугу менен биз ошондой кыйынчылыктардан өтүп кеттик.  7-апрель окуясына биздин “Кыргыз эл биримдиги” кыймылы да өз салымыбызды кошконбуз. Р.Отунбаева, Э.Каптагаев ж.б. менен Бакиевди бийликтен  кантип кетиребиз деп, консультацияларды өткөзүп турчубуз.  Башкача айтканда, булар дайыма чогуу болушкан. Эми болсо 6 жыл өткөндөн кийин Роза Отунбаева “самозванка” болуп калса, анда айтып коеюн, ошол күндөн берки бардык шайлоолор, указдар, кабыл алынган мыйзам актылары, чыныгы укуктуу өлкөдө баары  жокко чыгарылыш керек, Башкача айтканда легитимдүү эмес деп табылып, ушундай сценарий мамлекетти башаламандыкка алып келүү коркунучун түзөт.

Ал эми тирешүүлөрдүн аягы жакшылык менен бүтпөйт. Биздин өлкөдө 25 жылда эки ирет революция болду. Бул жөн эле бир адамды экинчисине алмаштырып коюу эмес да, анын азабын, кесепетин өлкө көпкө чейин тартат экен. Экономикалык жетишкендиктер заматта токтоп, артка кетет. Ошондуктан, мыйндай жол бизге азыр эми жарабайт. Биздин жаңы муундагы баш мыйзамды алып чыкканыбыз да ошондон. Эгерде биздин Конституциянын долбору эл тарабынан кабыл алынса, анын негизинде коомчулуктагы бардык тирешүүлөр токтомок.

Президент өз сөзүндө кечээки санаалаштарына мародерчулук, банк кутучалары, кылмыш иштерин жок кылуу, К.Батыровду качырып ийүү ж.б. боюнча өтө оор айып такты. Өлкө башчысы айтып аткандан кийин, Башкы прокуратура дароо реакция жасап, айтылган фактылар боюнча, кылмыш ишин козгошу керек. А.Атамбаев айтып аткан фактылардын баарын эл билет. Ушул жагын дагы Башкы прокуратура карашы керек. Албетте, айтылган ар бир факты боюнча терең изилдөө жүрүп, точка коюлушу керек.

– Президент августтун башында Чолпон-Атада өткөзгөн басма сөз жыйынында сизди да сынга алып, “учурунда өзбек сеператисти Кадыржан Батыровго жакын санаалаш болуп жүргөн адам бүгүн улут маселесин көтөрүп жатат”,- дегендей оор айып такты. Бул чындыкпы?

–  Мен жөнүндө президент айткан сөздөр калп, чындыкка жакындабайт. Президенттин тегерегинде жүргөн таза эмес жетекчилердин мен жөнүндө калп сөздөрүнө ишенип айтып алды деп ойлойм. Бирок, К.Батыров мага эмес, өзү айтып өтпөдүбү, ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө жакын болгон. Аны өкмөт мүчөсү кылгысы келип, түштүктө Бакиевдин үйүн өрттөтүп, башка иштерге колдонуп жүрүшкөнү  жалпыга маалым.

Чындык үчүн “Ватан” тууралуу бир-эки сөз айтып кетейин. “Ватан” деген партия Минюстта каттодон өткөн эмес, мындай партия жок, болгон да эмес. Президент жанылышып “Родина” партиясы менен чаташтырып жатса керек, анын төрагасы Акбаров Азимжан деген киши болгон. 2007-жылы К.Бакиев парламентти таркатып “Ак Жол” партиясын түзүп, көзөмөлдү толук өз колдоруна алууну көздөп калганда ага каршы ошол эле СДПК, “Ата Мекен”, “Ак Шумкар”, мен тең төрага болгон Кыргызстан агрардык партиясы жана башка партиялар, Жогорку Кенештин экс-депутаттары  чогуу чыгууну сүйлөшүп, келишим да түзгөн элек. Арслан Малиевдин офисин штаб кылып, канча чогулуп, талкууладык. Бирок, кийин СДПК да, “Ата Мекен” да, “Ак Шумкар” да өз алдынча шайлоого кирип кетишкен. Анан калгандарыбыз “Родина” партиясы менен чогуу барууга макул болдук. Бирок, шайлоого жакындаганда бакиевдер мага “Кыргызстандын атуулу эмес” деген ойдон чыгарылган айып тагышып, катыштырбай коюшкан. ИИМден “Кыргызстанды жараны” деген справканы көрсөткөнүмө карабастан соттор бийликтин айтканын аткарып туруп алышкан. Ошону менен окуя бүткөн. А Кадыржан Батыров менен кол алышып, сүйлөшүп да көргөн эмесмин. Аны менен эч кандай алакам болгон эмес. Президент жанылып айтып жаткан “Ватан” партиясы менен 2010-жылы парламенттик шайлоого барышым жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча мүмкүн эмес эле, өзубүз түптөгөн “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясы менен шайлоого катышканбыз.

(Маектин кийинки сандагы уландысында Шамшыбек Медетбеков паспорттон №5-улуту боюнча графаны алып салуу кандай кесепеттерге алып келери, экономикалык кырдаал, мигранттардын абалы, чек ара көйгөйү ж.б. тууралуу айтып берет)

 

Булак: “Майдан.kg”

Видео - Өмүрбек Текебаев: "Эй Атамбаев, мына мен Текебаев эркекмин! Эч жакка качпайм! Дагы 1 жыл убактың калды, мародерлорду тап! Таппасаң сени менен эркекче сүйлөшөм!"

“Аззаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор”  телеберүүсүндө Өмүрбек Текебаев президент Алмаз Атамбаевдин дарегине “Эй, Атамбаев, мына мен, Текебаевмин, эркекмин! Эч жакка качпайм! Дагы бир 1 жылдык президенттик мөөнөтүң калды. Эркек болсоң мародерлорду тап! Таппасаң 1 жылдан кийин мен сени менен эркекче сүйлөшөм! Атамбаев 31-август күнү “Мактаган кыз тойдо осурат болду! Мен Бакиевди эң жек көргөн адаммын! Бирок, Бакиев президенттик кылып турган учурда, 2008-жылы элди сурамжылоодо “Мамлекеттик органдар менен маселе чечкенде акча менен пара берип чечесизби? деген суроого элдин 38%ы  “ооба” деп жооп берсе Атамбаевдин учурунда 49%  эл “ооба” деп жооп берген. Ал эми Бакиевдин учурунда “соттун адилеттигине ишенесизби?” деген суроого” элдин 30%  “ооба” деп жооп берген. Ал эми Атамбаев, мен, Иса Өмүркуловдун заманында элдин 9% гана сотко ишенип калды,” – деген сыяктуу ачуу сөздөрдү айтты.

Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагылышып, трассага мазут төгүлдү

Бүгүн, 8-сентябрда таңкы саат 08:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунунн 402-чакырымында  оор жүк ташуучу “Хово” жана “Ман” үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, негизги трассага мазут төгүлгөн. Жол кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочулары 2 адам жабыркаган. 

Кырсыктын кесепетинен  жол каттамы жабылып, учурда жол тейлөө ишканасынан жана КР ӨКМнин 2-издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып жол каттамын жөнгө салуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул маалымат тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өмүрбек Текебаевдин кадрларына “Атака” башталды

Бийликтин ыплас жүрүштөрүнө каршы чыккан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин  “батасы” менен өкмөт курамында иштеп жатышкан кадрларга “аңчылык” башталды. Жума башында юстиция министринин орун басары, Текебаевдин жаш, “көчөт кадры” Айбермет Кутуеваны өкмөт башчы кызматынан алса, муну менен токтобой өкмөт алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Марат Таировду шыпырып тынышты. Президенттик аппараттын мындай “бутасына” жакынкы күндөрү социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев алынары каңкууланууда. Соңку үч жарым жылдан бери кызматын көркүнө чыгара аткарып, мүмкүнчүлүгү чектелген миңдеген жарандардын батасына арзып келген Кудайберген Базарбаевди тар кызыкчылык менен кызматтан шыпырыш азыркы бийлик үчүн утулуш гана болот го? Профессионал, күчтүү кадрларды кыргызга кымбат курагында күчүн алып калбай, тар кызыкчылык менен бут тосконубуз калбайт экен да. Анан кантип жыргамак элек?

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия Ньюс”

Шамил Карабала уулу: “Мен кыргызмын! деп кыйкыргым келет, бирок Үңкүр-Тоону башка эл келип басып алганычы?"

Көк мелжиген улуу тоолор, көк майсан жашыл талаалар, чалкыган көлдөр, дарыялар баары биздики болду. Түрдүү элдер, өлкөлөр биздин эрдигибизге, акылыбызга баш ийди, ээлигибиз чоңоюп, эл атын көтөргөндүн баарынан алым алып турган экен жапжакынкы эле убактарда биздин ата бабаларыбыз.

Ордо куруп, шаарларга ээ болуп, көчмөн маданиятын түзүппүз. Илим билим өнүгүп, биздин жерлерге туш тараптан качкындар, тентимиш уурулар, түрдүү адамдар агыла баштайт. Өзүнүн кубатына жараша душман да табылат эмеспи, Улуу империябыз алсырай баштайт, согуштар, ички бийлик талашуу күрөштөрү кебектеп жеп, урай баштады. Улам артка чегинип, улам шаарларын, жерлерин калтырып кан жөткүрө согушуп жүрүп отурду. Улуу кыргыз ээлигинин жери деле чексиз эмес да, согуш болсо 100 жылдан бери жүрүп жатат, кыргызга душман элдин саны чөлдөгү кумдай. Акыркы үмүтү болгон ордону таштап, асыл өрөөндөргө теңдешсиз салгылашууларда баатырлардын сөөгүн калтырышып, тоо таянышты, жеңилди. Чакчелекей будуң чаң башталды, жексурлар биздин жерлерди бөлүшө баштады. Бул бөлүштүрүү да ондогон жылдарга созулду, анткени эл да, жер да көп эле. Бул өрөөндөрдү, жерлерди жердеген кыргыздар али тирүү эле, ошондуктан душман биринчи иретте алардын эсебин табууну көздөдү. Кыштын күнү жазалоочу карательдик отряддар айылдарды кырып кирди, себеби көчмөндөр үчүн кыш эң оңтойсуз учур эмеспи. Душмандын арам иштерине кол кабыш кылган саткындар, улутун саткан кээ бир уруулар аман калышып, тегиздикте алардын айтканына көнүп күн өткөрө башташты. Алтургай душман тарабынан түрдүү наамдарды алып, өз элин кырууга катышкан баатырлар да чыкты кыргыздан, аттиң ай, эл экенбиз да. Бош калган жерге душмандар өз мекенинде ачкадан өлөйүн деген дыйкандарын, жерлерин тартып алып тентиткен колониясындагы башка элдерди отурукташтыра башташты. Иши кылып эле кыргызга жер бербөө саясаты аябагандай эле күч алды, башкача айтканда тукум курут кылууга ниеттенип калды. Бул оюна алар кыргызды кырып да, сасык зыяндуу саясатын жүргүзүп да жете алышкан жок.

Алардын чеңгелинен чыкканыбызга 25 жылдын жүзү болду, алган жараат карттанып айыга элек, андагы жеген соккулардан эсибизге дагы эле келе элекпиз. Андан бери канча убакыт өттү, андагы эли жерим деп шейит кеткен баатырларды эч ким эскербей, унутула баштады. Алар тууралуу эч жерде жазылбайт да, айтылбайт да. Бирок ошондогу эли менен жерин азыраак мансап менен акчага саткан саткындар азыр даңкталып, юбилейлери өткөрүлүп, кантип эл, жерин сатканы баса белгиленип, макталып турат. Канткен менен эгемендүү болуп алдык, Кудайга үнүбүз жеткен экен. Ошентсе да толук эле өзүбүздү өзүбүз азырынча биле албайбыз, анткени баягы саткындардын, тентип келип биздин жерден жай тапкан тентимиштин тукумдары душмандарыбыздын колдоосу менен дагы эле болсо кыргызды чарк имерип турат. Биздин мамлекет азыр жаңы туулуп, чөөлөрдүн көзүн кызарткан арстандын баласы сыяктуу жаш, коңшу мамлекеттер жеп койгулары келип араң турушат.

Канча жолу Кыргызстандын жерине басып кирип кошуп алышты, өзбек чек арачылары канча кыргыз жарандарын кууп келип биздин жерде атып өлтүрүштү. Кыргыз бийлигинин бир да жолу жооп кайтарып, же бир нааразы болгон нотасы жиберилгени эсибизде жок. Улам тойбой, улам жылып, аймагын биз жакты көздөй кеңейтип келет. Өзбек жарандары болсо мыйзамсыз эле түрдө Кыргызстанды аралай чаап, билген намазын окуп жүрүшөт. Минтип отурсак Кыргызстанда өзбек улутундагылар 800 миң эмес, андан алда канча көп болуп кетет, анан ошондо көйгөй башталат. Деги бизде миграция кызматы барбы, бар болсо каякты карап жүрүшөт. Милицияга, күч структураларына эмне үчүн кыргыз мамлекетине кайдыгер адамдарды ишке алып жатышат мен түшүнбөйм, чек ара кызматы Өзбекстандын бизге болгон мамилесине жараша катуу болушу керек эле. Мына эми ачык эле Үңкүр-Тоону ээлеп алышты. Биз болсо Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруп майрамдап жатабыз, майрам албетте жакшы нерсе дечи, бирок ошону менен катар башка көйгөйдү да ойлонуш керек эле. Каримовду көмүү аземине катышып, болочоктогу Өзбекстандын президенти ким болсо, ошону менен жакшы мамиле түзүп келүү анын кыргыз элинин алдында аткара турган парзы эле. Эртең эле майрам бүтөт, коңшу мамлекеттин башчысы аныкталат, чек ара маселесин баары бир чечишибиз керек. Бул темп менен кетсек түштүктүн стратегиялык мааниси бар бир да жери колубузда калбайт келечекте, Өзбекстанды кудум ушу Үңкүр-тоодо токтотушубуз керек. Болгон күчүбүздү салып Орто токой суу сактагычын, Үңкүр-тоону сактап калышыбыз керек. Калган чек ара тилкелерин да тез арада тактоо керек, антпесек ар бир өткөн күн өзбектер үчүн пайда алып келип жатат. Күн санап, саат сайын алар кыргыз жерине көздөй жылып жатат. Биздин түштүктөгү кендерибиз, шаарларыбыз, токойлорубуз, сууларыбыз  алардын көздөрүн кызартып жатат. Келечекте Нарын каскадын толугу менен ишке киргизип бир ГЭС толгондо экинчисине суу топтоп эстафета кылып, сууну кышында гана коё берсек Өзбекстанга, анда бул өлкөдө жашоо токтойт. Бул нерсени алар эң сонун түшүнүшөт, бул табигый процесс экенин да билишет, жылдар өтүп электр энергияга болгон суроо талап жогоруласа ошого барууга аргасыз болобуз да. Ошондо Өзбекстан бизден сууну сатып алууга аргасыз болот, алардын гүлдөгөн шаарлары, күчтүү мамлекети түккө турбай калат. Алардын мелжегени бир эле Үңкүр-тоо менен Орто токой суу сактагычы эмес экендигин дагы бир жолу эсиңиздерге салам. Бул эки обьектти алдырсак биз алардын араанын гана ачабыз, түштүктөгү байлыкты, жерди алып бүтмөйүнчө эч качан тоюшпайт алар. Ошондуктан сылатып сыйпатпай ачык оюмду айтканымды дүрбөлөңчү катары көрбөгүлө. Ушул азыркы учур тарыхый бурулуш учуру болуп калышы мүмкүн, катуу тургула туугандар. Биздин бийликте өзбек саясатын жүргүзгөн чиновниктер бар, аларды камырдан кыл сууругандай сууруп тазалабасак эртеңки күнү өзөлөнүп өкүнгөнүбүз бекер болуп калат. Карышкырга кой кайтарткансып аларды парламентке, маселе чечүүчү постторго отургузуп алдык, бул эмнеси ? Дагы “жерди ким сатып жиберген?”- деп сураштырып коёбуз.

Айтмакчы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтө жогорку деңгээлде өтүп жатат, жөн эле көңүл эргип, “мен кыргызмын!”- деп кыйкыргың келет. Так Көкөтөйдүн ашы азыр өтүп аткандай элес калтырды. Бирок жанагы логотиптерде эмне үчүн орус анан англис тилинде гана жазылып турат дейм да, же бул оюнду орустар уюштуруп, өткөрүп жатабы? Кана кыргыз тили? Болуптур англис тили жалпыга түшүнүктүү болуш үчүн керек экен, а орус тилин улам эле чалдыратып кошо бериштин кереги бар беле, анда ошо келген 62 мамлекеттин тилинин баарын үйрөнүп сүйлөөгө, жазууга милдеттүүбүзбү. Москвага же Анкарага барганда биз менен алар кыргызча сүйлөшүп атабы, биз эркин элбиз го, биздин өзүбүздүн тилибиз бар го, керек болсо түрк тилдүү элдердин баары түшүнөт кыргызчаны.

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” 

Камчыбек Ташиев Россияга жөнөп кетти

Элдин баары Көчмөндөр оюнун көздөй дүргүп жатса, “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өткөн аптанын соңу менен Россияга жөнөп кетти. Камчыкенин иш-сапарын азырынча жакындары мунай бизнеси менен байланыштырып жылмалашканы менен, тар чөйрөдө кыргыз саясатчыларын ары-бери калчап, “биздин тизмеде барсың” деп далыга таптап, алдап койгон майда-барат океңдердин “көзүрлөрү” менен жолугушарын болжолдошууда. Шайлоо жакындап, референдумдун тагдыры жар кырына келген шартта алдыдагы бороондун жытын сезген кең Кремль Камчыкени чакырып, пайдаланганы жатабы? Темир тосмону эмес, Акүйдүн башына чыгып секирсе да азыркынын “Чыңгызханы” менен баардык саясый күчтөр эсептешери турган иш. Канчалык эсептешкени менен кашайып эле бу эргул улам бир саясатчыга алданып, саясый багы жанбай жатпайбы…

Булак: Азия Ньюс” 

Өзбекстанды дүйнөлүк державалар талашууда

Өзбекстанды 26 жыл темирдей тартип менен башкарган Ислам Каримов оо дүйнө салгандан кийин Борбор Азиядагы калкынын саны жана экономикасы боюнча лидер бул өлкөнүн “мындан аркы тагдыры кандай болот?”- деген суроо ар бир жөнөкөй адамдардан тартып, улуу державалардын лидерлерине чейин ойлонтууда.

Анткени АКШ, Россия, Кытайды айтпаганда да, Азия жана Жакынкы Чыгыш аймагынын лидерлери Иран, Түркия, Индиянын да кызыгуусун жараткан бул постсоветтик мейкиндик СССР кулаган чейрек кылымдан бери дүйнөлүк жана регионалдык лидерлердин талашын жаратып келүүдө. Бирок кыраакы жана советтик партиянын мектебинен такшалып чыккан И. Каримов өз өлкөсүн нейтралдуу абалда кармап, бир жактуу болуп кеткен жок. Баарынан да ислам радикализми жана Батыштын демократиянын терисин жамынган саясатын жүргүзүүгө жол бербеди.

Ал эми баш көтөргөндөрдү аёосуз түрдө жазалап, камап, куугунтуктап, керек болсо 2005-жылы майдагы Андижан окуясы сыяктуу козголоңдордо миңдеген адамдардын канын суудай агызып болсо да басып турду. Бирок И. Каримов канчалык диктатор болбосун, АКШ, Россия жана башкалар менен тең ата сүйлөшүп, алар башында турган эл аралык уюмдарга кааласа кирип, жакпаса чыгып кетип турду. Анткен менен адам өмүрү сыяктуу эле бийликтин тигил же бул формасы эртеби, кечпи өз ресурсун түгөтүп, башкача түзүлүшкө орун бошотуп берери тарыхтан белгилүү. Сыягы, Өзбекстан да бүгүнкү күндө ушундай абалда турат. Самарканддык И.Каримовдун теги таза өзбек эмес, атасы өзбек. Апасы тараптан еврей экендиги аны көзү өткөндөн кийин гана айтылууда. Демек, анын бийликке келүүсү да кокустук болгон эмес.

Эми мындан ары анын ордун баса турган өзбек президенти кандай саясат жүргүзөт, диктатордук башкаруу улантыла береби же… Азырынча президенттин милдетин Конституция боюнча Олий Мажилистин (Парламент) төрагасы Нигматилла Юлдашев аткарган менен келерки президент премьер-министр Шавкат Мирзиёев боло тургандыгына басым жасалууда. 69 жаштагы Ш.Мирзиёев Жизак облусунан (кыргыздар көп жашаган) болот. Алгач өз кичи мекенинде, андан соң И.Каримовдун кичи мекени Самарканд облусунун хокими болуп иштеп, 2003-жылдан бери өкмөт башчысы кызматын аркалап келатат. Ал өзгөчө 2005-жылдагы Андижан окуясын басууда өзүн көрсөтүп, И.Каримовго жаккан дешет. Ошондуктан мураскер катары даярдалып жүргөн.

Жогоруда И.Каримов тууралуу айтылгандай, Ш.Мирзиёев деле бийликке кокусунан аралашып, мураскерликке бекер тандалган жок. Анын артында колдоочулары бар. Айрым маалыматтар боюнча 1957-жылы туулган Ш. Мирзиёев Жизакка 1960-жылы Тажикстандын Өрө-Төбө районунан көчүп келген. Ошондой эле Россиянын жана дүйнөнүн эң бай адамы, президент В.Путинге таасири бар тогуз россиялык олигархтардын бири Алишер Усмановдун алыскы туугандарынан боло тургандыгы да айтылууда. Ал эми 20 млрд. доллар байлыгы бар, түбү намангандык А.Усманов өзүнүн түпкү мекениндеги саясый кырдаалга кайдыгер болбосо керек…

И.Каримовдун тажиясына КМШ аймагынан Тажикстандын президенти Э. Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Г.Бердумухамедов катышып, Россия, Казакстан жана Кыргызстандан премьер-министрлер барышты. Себеби ошол күнү Кытайда Чоң жыйырмалыктын саммити башталып, Россия менен Казакстандын президенттери бошобой калса, Кыргызстандын президенти Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну ачылгандыгынан улам баралбады. Бирок В.Путин 5-сентябрда Кытайдан эле түз 6-сентябрда Самаркандга жол тартарын билдирип, “Албетте, эртең Каримовдун мүрзөсүнө зыярат кылуу үчүн Өзбекстанга барам. Ал киши менен жакшы мамиледе болчумун”,- деп, 6-сентябрда маркумдун сөөгү коюлган жайга барып, гүл койду.

Чоң саясатта мамлекет башчылардын иш сапарынын, болгондо да президенттер көз жумганда анын сөөгүн жерге берүүдө комиссияны ким башкарарынын мааниси чоң. Андыктан Ш.Мирзиёевдин сөөк коюу комиссиясын жетектеп, тажия учурунда сөз сүйлөөсү жана даярдык иштеринин башында туруусу анын И.Каримовдун ордун басарынан кабар берүүдө. Болгондо да Россия премьер-министри Д.Медведевди кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Ал тургай Өзбекстан ЖККУга кайра кирери айтылууда. Демек, аны Россия колдоодо жана мындан ары Өзбекстан бул өлкө менен тыгыз кызматташтыкта болот. Баса, И.Каримовдун тажиясына АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керринин келери да айтылып, бирок кийин келген-келбегендиги белгисиз болуп калды. Демек, бул державанын сөөк коюу расмисинен четке сүрүлүп калгандыгы, Өзбекстандын эртеңки тагдырына да кийлигишүүдөн четтетүү аракети болуп саналат.

Ошол эле учурда Сурхандарья облусунда Ш. Мирзиёевдин президенттикке талапкер болуп катталышына  жергиликтүү эл каршы пикирин жарыялагандыгы маалымат каражаттарына жарыяланууда. Бул тууралуу Өзбекстандын оппозициялык “ЭРК” партиясынын учурда Украинада баш калкалап жүргөн лидери Дустназар Худойназаров кабарлаган. Анын айтуусунда, Өзбекстандын калкы, өзгөчө түштүк тараптагылар Ш.Мирзиёевди “ырайымсыз, каардуу адам” деп эсептешет.

Худойназаровдун айтуусунда, маркум президенттин тегерегиндегилер Каримовдун көзү өткөндө эмне кылууну бир нече ай мурда пландаштырып, даярдык көрүшкөн. Ал тургай баардыгы майда-чүйдөсүнө чейин эске алынып, шайлоодо бийликтин бир адамы жеңип чыгарына шарт түзүлгөн. Анткен менен эл өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга өтө нааразы, кедейчиликтен калктын үчтөн бири же 10 млн. адам Россия, Казакстан жана башка чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. “Өзбекстанда оппозициянын көптөгөн тарапташтары бар, биз шайлоонун таза өтүшү үчүн аракет кылабыз. Бирок бийлик баардык каршылыктарды исламисттердин козголоңу катары жарыялап, ырайымсыз түрдө басып коюшу мүмкүн”,- деди ал.

Худойназаров каршылык акциясы эгер Каримовдун командасындагылардын ортосунда бөлүнүү пайда болсо, кеңири кулач жаярын кошумчалаган.

Мындан тышкары көп жылдан бери Түркияда жашырынып жүргөн “ЭРК” партиясынын дагы бир лидери Мухамед Салих “Азаттык” радиосуна берген маегинде мындай деген: “Азыр алдын ала бир нерсе айтууга болбойт. Орун бөлүштүрүүдөн кийин кырдаал кандай болорун байкап туралы. Мен бул тууралуу сүйлөшүү болду деп ойлойм. Премьер-министр Мирзиёев менен анын орун басары Азимов келечекте Өзбекстанды башкаруу тууралуу консенсуска келгенин уктум. Диктатор бийликтен кеткенде күтүлбөгөн нерселер болушу мүмкүн. 2005-жылы Каримов тынч элге ок аткандан кийин пайда болгон “Анжиян синдрому” унутулуп калды. Каримовдун өмүрүнүн акырында көчөдө, мектепте, мамлекеттик мекемелерде ага каршы ачык эле сүйлөшүп, эл оюн ачык айтуудан коркпой калган. Андыктан келечекте баарын күтүүгө болот. Эгер эл өз укугун талап кылса, Өзбекстанда каримовдук саясаттын күнү бүтүп, абал өзгөрүшү ыктымал. Биз кырдаал жакшы жагына оойт деп күтүп жатабыз”.

Кыскасы, чейрек кылым диктатуралык режимде жашаган Өзбекстан жарылуу абалында турат. Бул “жардыргыч затты” ага өз таасирин таңуулаган дүйнөлүк державалар ыргытышы мүмкүн. Анын кесепети дүйнөлүк саясатка, эң оболу кошуна мамлекеттерге кандай таасир берери даөтө маанилүү…

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg”

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Эртеби-кечпи мезгили жеткенде, чындык жана ага окшогон түшүнүктөр калкып чыгат”

– Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата салтанатта президент Убактылуу өкмөт тууралуу терс пикирин билдирип, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийинки кыйынчылыктан өлкөнү ал кездеги президент Отунбаева эмес, эл өзү сууруп чыкканын айтты. Бул коомчулукта ажырым пикирди пайда кылды. Айрымдар Атамбаевдин айтканын чындыктай кабыл алышса, бир даары “аны бийликке жетелеп келген Отунбаева болчу, ичкен кудугуна түкүрдү” дешти. Бул ошондо чындык болдубу же “ичкен кудугуна түкүрүүбү”?

– Биринчиден Атамбаев Отунбаеваны инсан катары эмес, институт катары сындады деп ойлойм. Экинчиден, азыркы президенттин өзүн бирөөгө жетелетип жүргөнгө жол бере турган мүнөзү жок. Үчүнчүдөн, бул жалган дүйнөдө идеалдуу саясатчы болбойт! Убактылуу өкмөт албетте, кемчиликсиз иш алып барбады. Алар революция түтөп аткан күндөрдө гана эмес, андан кийинки акыбал бир жолго коюлган тынч күндөрдө дагы ката кетиришкенин баары билет.

– Президент УӨнү революциядан кийин банктагы ячейкалардын тонолушуна, Батыровдун качырылышына ж.б. бир катар кылмыштарга күнөөлөдү. Ошол кезде Атамбаев өзү да Убактылуу өкмөттүн мүчосү болгонун эске алсак, бул билдирүүсү менен өзүнүн да айыбын чукуп алган жокпу?

– Эртеби-кечпи мезгили жеткенде, чындык жана ага окшогон түшүнүктөр калкып чыгат. Президент болгон нерсени тастыктап, текшерип айтты. Ал тууралуу элге түшүнүк бериши керек. Революция болуп атканда кээ бирөөлөр чынында эле элди эмес, өзүн, чөнтөгүн ойлоп, жеке менчигин көбөйтүүнү көздөгөн кишилерди азыр ачыкка чыгарыш керек. “Кыңыр иш кырк жылда билинет”. Бул кыргыздын сөзү жөндөн жөн эле айтылган эмес. Анын үстунө революция болуп атканда, түтөп атканда мыйзамдуу иш жасалган эмес. Орус революция болобу, француз революциясыбы, эч кайда мыйзамга ылайыкталып, мыйзам тилинде иш алынып барылган эмес. Бул жагын да караш керек. Эмнеси болсо да элге чындыкты ачык-айкын айтыш керек. Эл кечиримдүү.

– Революциядан бери алты жыл, Атамбаевдин бийлик башына келгенинен бери беш жыл өттү. Ушул убакыт аралыгында чындык айтылбай жүрүп, эми Убактылуу өкмөт Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыга баштагандан кийин эле жар салынганын кандай кабыл алсак болот?

– Чындыктын түрлөрү болот, бир чындык жүгөрүгө окшоп бир жылда бышып-жетилип элге чыгып кетет, башка чындыктарга ачыкка чыгуусу үчүн убакыт керектелет. Текшериш керек, ойлонуш керек, анализдөө керек болот дегендей.

– Мамлекет башчысы Отунбаеваны мыйзамсыз президент болуп алган “самозванка” атады. Өлкөнүн биринчи адамынын айткан сөзү куру бекер жел менен кетпеши керек да. Мындан аркы кадамдары кандай болот, Отунбаева мыйзамсыз шайланган президент катары экс-президенттик жеңилдиктеринен ажыратылышы мүмкүнбү?

– Эки жаш баш кошо турган болсо, шарият жолунда нике кыйдырат, же ЗАГСга барып никесин мыйзамдуу каттоого алдырат. Мына ошондо гана булар коомчулукка жубайлар деп эсептелинет. Эгерде эки жаш досторун чакырып алып эле “биз үйлөндүк, батаңарды бергиле” дешсе, алар батасын бергени менен бул бир үй-бүлөгө айланышты деген эсепке кирбейт. Бул жерде да ошондой болуп атат. Президент болуш үчүн бюллетендерде фамилиясы жазылыш керек болчу. Баары ушундан башталды да. Ар бир саясий кадамдардын өзүнүн эрежелери болот, президент болуп шайланып аткан адамды эл көрүп, добушун берет. Отунбаева деген фамилия президенттике талапкер катары ошол кезде көрсөтүлбөдү. Ошол кездеги шартка карата. Ошондон улам эл арасында “чын эле Отунбаева кандайча президент болуп калды?”- деген сөз бар. Эми андагы катачылыктарды жоюп, кандайча өлкө башына келгенин түшүндүрүүлөрү кажет. Болбосо эл бушайман ойдон чыга албай жүрө берет. Ошол бороон кездерде “сен түз баспай төрт буттап бастың” деп айып коюу да туура эмес. Бирок, бороон-шамалдан пайдаланып, бирөөнүн мүлкүн уурдай качкандарга жаза чегерилиши керек.

– Атамбаевдин Отунбаевага каршы сөз айтуусунун артында дагы бир нерселер болушу мүмкүн да. Отунбаевага чабуул башталдыбы?

– Биз укуктук мамлекетке багыт жасап бара жатабыз. Эгер сот “Отунбаева мыйзамсыз президент болгон”- деген чечим чыгарса анда экс-президенттик деген наамынан ажыратылат. Анда экс-президент катары алган пенсиясынан ажыратылат жана ушул кезге чейин алып жүргөн сумманы кайра кайтарууга туура келет. Эгер окуя ушул өңүттө уланса, чабуул башталды деп кабыл алууга болот, андай болбосо анда саясаттагы катардагы карама-каршылык катары гана кала берет.

– Убактылуу өкмөт президенттин сөзүнө жооп кайтарып, “президент Отунбаевадан кечирим сурасын” деп талап кылышты. Бир жыл ичинде эле мамлекет башчыга “менден кечирим сура” деген талап койгондордун катары көбөйүп кетти. Бул өлкө башчысынын абройу кеткендик эмеспи?

– Президенттин  айтканы чындыкка туура келбей турганын алар  эгерде далилдеп берише алса эч нерседен коркпойт, айбыкпайт, кечирим да суратышат. Бирок далилдеп бериши керек. Президенттин мүдөөсү азыр элге белгилүү, кандай ачык-айкын айтса ошондой так далилдеши зарыл болот.

– Эгемендүүлүк майрамында Отунбаева катышкан жыйында ага президенттин акаарат келтиришин айрымдар “президент аял кишиге катуу айтып эркектик кылбады” дешти. Саясатта “бул аял, бул эркек” деген жеңилдиктер болушу керекпи, же жынысына карабай ар бири өз иши үчүн жоопкер болобу?

– Саясий маданияттуулук бул саясатта болгон нерсени күнүмдүк жашоого эч качан кайрыбаш керек. Жеке инсан катары саясатчылардын  мамилелери жакшы эле, кыргызчылык, тиги-бу түшүнүктөрү жүрөт. Жеке мамиле менен саясатты аралаштырбаш керек, аралашса жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан саясатта ар башка окоптордо жүргөндөр, жашоодо бир дасторкондон чай ичип, пикир алмашып тура беришет. Бул саясий маданияттуулук деп эсептелинет. Ошондой эле аял болобу, эркекпи, саясатта булар адам катары эмес, институт катары кабыл алынышы керек.

Ар бир улутта, ар бир мамлекетте, коомдо бир учур келет. Бул келечек муундарга тарбия-таалим катары. Атамбаев эмоцияга алдырып айтты. Бирок инсан катары айтты. Роза апчебиз да туура кылды. Ошол жерде отурбай башын көтөрүп кетип калганы да ырас болду. Башка майрамдарда да ушундай көрүнүштөр дагы болушу мүмкүн. Саясий лидерлер аны болтурбоого эми аракет жасашы керек деп ойлойм.

Булак: “Майдан.kg”

Канышай Мамыркулова, журналист: ""Менин президентим", "Айым" жана "Күнүм" деген жолдоштор, "жасакер аял жаткыча таяк жейт" дегендей эле болуп кеттиңер..."

Эки күн элдин маанайын бузгум келген жок. “Жакшыны жакшы” деш адамдык парз. Президент дагы жетине алган жок, карапайым калк абдан кубанды. Бирок, бир жагдайды айтуу дагы парз. Эл ары кетсе ары көздөй “ура” деп, бери кетсе бери көздөй “ура” деген айрым замандаштарым, аты-жөнүңөрдү тактап эле коёт элем, күздүн күнү “жылаңач” калган кыйыныраак өзү. “Менин президентим”, “Айым” жана “Күнүм” деген жолдоштор, албетте, менин Силер менен пикирим келишпейт, себебин тактап койбосо орой жазганда “жасакер аял жаткыча таяк жейт” дегендей эле болуп кеттиңер…
Дүйнөлүк көчмөндөр оюну менин төркүнүмдө өттү, анда атылган салют үйүмдүн чатырына чачырап жатат, оюндан калган таштанды деле Кудай буюрса, короомо чейин кирет. Жалпы журт шилекейин агызган 1000 комузчунун катарында бир тууган сиңдим, айылымдын балдары бар, ошол жакшы иш-чараны өткөрүүгө төркүндөрүм түп көтөрүлө чуркап жүрөт. Демек, “өпкөмдү ала чуркаганга” эн сонун себеп. Бирок, өтө кубана албай турам, анткени, үйүмдөн алыс болгону менен Үнкүр-Тоо кыргыздын жери, өзбек чек арачылары кармап кеткен жарандар менин замандаштарым, элдин баары Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда жүргөндө Аксыдагы  сел алуудан улам үйсүз калган бир топ үй-бүлө күн сууктаганына карабай чатырда жашап жатат.

Өзбек президентинин өлүмүнөн кийин кыргыз-өзбек мамилеси кандай болот деген санаркоо жок эмес. Күйүп кеткен кыз-келиндердин күйүтү басыла элек. Баарын бирден тербейин, кыскасы, маселе көп. Ушундай абалда “Айым”, “Күнүм” дегенди азыраак жазсаңар жарашат эле. Ооба, мен жаманмын, болгондо дагы жаман журналистмин, эл жакшы жагын көрсө, мен жаман жагын көрүп турбасам “башым ооруйт”. Бирок, позициям так, Алмазбек Шаршеновичтин дагы, ага чейинкилеринин дагы этегине илээшкен эмесмин, эми деле ошондой. Анткени, курган курсак үчүн позицияны сатып, “күнкарама”, жеркарама” болуп жүргөнчө өлгөн артык. Ал эми фейсбук, согуштук талаага айланат деп корккондор, фейсбук жокто деле айтылчу пикирлер айтылып келген, экрандын артындагы эрөөл эч нерсе эмес. Эң негизгиси жүздү жоготпош керек…

Канышай Мамыркулова, журналист

Аудио - Алмаз Атамбаевдин чыгармачылыгына пародиялар чыга баштады

Алмаз Атамбаев өзүнүн 60 жылдык мааракесине арнап чыгарып жаткан музыкалык топтомдоруна кыргыз коомчулугу ар кандай баа берип жатат. Бири “мыкты үн, мыкты чыгарма” деп мактаса экинчиси “ой, бул көчө балдарынын эле ырлары го? Ушундай ырларды ырдоо президентке жарашабы?” деп сындайт. Ошондой эле кыргыздын музыка дүйнөсүндөгү тапандар Алмаз Атамбаевдин чыгармачылыгына арнап, бир нече пародияларды чыгарышты. Алардын бирин бүгүн биздин редакциябыздын куржунуна жөнөтүшүптүр:

“Дүрбөлөңчү” Илим Карыпбеков

Өткөн апта соңунда Үңкүр-Тоону коргоо боюнча комитети “жалпы коомчулукка туура эмес маалымат берип, элди дүрбөлөӊгө салгандыгы үчүн Илим Карыпбеков отставкага кетсин!”- деген талап койду.

Ошону менен катар Москвадагы басмаканалардын биринен чыккан өрт 14 кызыбыздын өмүрүн алып, жалпы журт кайгыга батып турганда КТРКнын көңүл ачуучу программаларынын эфирге чыгып турганы жана жаңылыктарында Атамбаевдин күлүп түшкөн сүрөтүн коюп көрсөткөнү коомчулуктун кыжырын огобетер келтирди. Муну көпчүлүк эл шылдың катары кабыл алды. Ошондуктан, соцтармактардагы комментарийлерде: “бизди минтип шылдындаган Карыпбеков тезинен кетип жоголсун”- дегендер көп болду.

Аксылыктарда да чынында өзүнчө трагедия орун алып жатпайбы. Анткени чек араны коргоп, радио-релейлик станцияда акыркы кезде өзбектердин провокацияларына карабай баатырдык менен иштеп аткан төрт адамды тик учак менен келишип, кармап кеткенден бери дайындары жок. Өзбекстан жада калса биздин расмий бийлик өкүлдөрүнө алардын дайынын айтпай койду. Ушул чакта КТРК Үңкүр-Тоону “2006-жылы 3-октябрда ошол мезгилдеги президент К.Бакиев Ташкент шаарында  № 20-протокол менен сатып жиберген” деген такталбаган маалыматты таркатып, Аксы элин дүрбөлөӊгө салды. Муну менен эле чектелип калбастан, эл уулдары, чек ара көйгөйүн азыр ачык айтып жаткан Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаровду да Бакиевге кошо “жер сатар” кылып салганы – чектен чыккандык да! “Адамды каралаштын, көө сүртүүнүн да чеги болот! Мындай каралоолор биздин жетекчилердин иш жүргүзүү ыкмасы болуп калды! Элди ынтымака чакыруунун ордуна бөлүп жаруу менен алектенип, жатасыӊар!”,- деди Үңкүр-Тоону коргоо комитети. Аталган комитет КТРК сөз кылган №20-протоколдо Үңкүр-Тоо тууралуу эч кандай сөз болбогонун билдирип, коомчулукка туура эмес маалымат берип, элди дүрбөлөӊгө салгандыгы үчүн КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбеков тактоо берип, отставкага кетишин талап кылды.

Ал эми Москвадагы кырсыкка байланыштуу КТРКга коюлган дооматтарды И.Карыпбеков кантип четке какты? “КТРК социалдык тармак эмес, дароо реакция жасап, программалык сетканы оңдоп коюу убакыт жана атайын шарттарды талап кылат”,  “КТРК жана жалпы башка ТВ компаниялар Президентибиздин интернеттеги, же болбосо колунда бар сүрөттөрдү чыгара беришпейт, ага укугубуз жок. Биз Президенттин Аппараты менен макулдашылган сүрөттөрдү гана беребиз”, “президентибиз күлгөн да жок, кайгырган да жок”, “Кимибиз катуурак кайгырып атабыз деп элге жарыялап, көрсөтүүнүн дагы кажети жок болсо керек”,- деген сыяктуу сөздөр. Башкага, мисалы кетирген күнөөсүн моюнга алып, элден кечирим суроого бул баланын деңгээли жетпейт окшойт.

КТРК буга чейин кыжырды келтирген ишмердүүлүгүнүн айынан эки төңкөрүштүн чыгышына салым кошкон. Илимдин тушунда КТРК эзелки “кара жащиктен” да өтүп кетти. Анын кылык-жоруктары бийликке эч аброй алып келбейт, тескерисинче, бийликке болгон элдин нааразычылыгын күчөтүп жатат. Өлкөдө туркусуздук, башаламандык орун алышына салым кошушууда. Анда бийликтегилер эмне эле Илимдин айтканына чыга албайт? Андан башка менеджер, же татыктуу жетекчи куруп калыптырбы?

Р.S. И.Карыпбековдун КТРК ичиндеги кезектеги кылыктары тууралуу кийинки санда кеп улайбыз.

Булак: “Майдан.kg”

«Бирдиктүү Орусия» үгүт иштериндеги плагиаттык кылуу фактысын моюнга алды

Швед сүрөтчүсү Нильс-Петтер Эквалл «Бирдиктүү Орусия» партиясын шайлоо алдындагы үгүт иштеринде анын иллюстрациясын уруксатсыз пайдаланууга айыптады. Бул тууралуу ал өзү Behance сайтына жазды.

Партия сүрөттүн чынында эле шайлоо алдындагы үгүт иштеринде Төмөнкү Новгороддо пайдаланылганын швед журналисттерине ырастады.

Партия өкүлү Роман Зорин мындан ары «Бирдиктүү Орусия» башка бирөөнүн эмгектерин пайдаланбай турганын убадалап жана кечирим сурап, компенсация боюнча макулдашуу үчүн сүрөтчү менен байланышууга даяр экенин билдирди.

Сүрөтчүнүн өзү мында акча анчалык деле чоң роль ойнобостугун, болгону Орусия сыяктуу өлкөнүн анын эмгегин ушундай жол менен пайдаланышы кыжырын келтиргенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кытай элчилигиндеги терактка айыпталгандардын тажик паспорттору ИМ мүчөлөрүнө таандык

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 21 жаштагы Бободжонов Фирдавс менен 33 жаштагы Халилов Зоир учурда «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында жүргөндүктөрүн билдирди.

ИИМдин маалыматы боюнча алар азыр издөөдө жана Кыргызстанда алардын атына жазылган паспорттордун кантип чоочун адамдарда болуп калганы белгисиз.

«Бишкектеги теракт «Али» деген каймана атка ээ Сотибоев Иззатилло аттуу Кыргызстандын жараны тарабынан жасалган. Анын колунда ИМдин мүчөсү, Тажикстандын Фирдавс Бободжанов деген жаранынын паспорту болгон», — деп жазылган билдирүүдө.

Маалымдалгандай, ушул жылдын майында Фирдавс Бободжоновдун Сирияда экендиги аныкталып, ага каршы чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Тажикстандын укук коргоо органдары Фирдавс Бободжонов менен Зоир Халиловду издөө иштери уланып жатканын билдирүүдө.

6-сентябрда Кыргызстандын атайын кызматы Кытай элчилигинде теракт уюштургандардын тек-жайы аныкталганын билдирген. Алардын бири уйгур тектүү адам экени, Зоир Залиловдун атына жазылган тажик паспортун алып жүргөнү кабарланган. Ал Түркистан ислам кыймылынын мүчөсү болуп, «Жабхат ан Нусра» тобуна байланышкан Сириядагы уйгур террорчул кыймылынын буйрутмасы менен теракт жасаганы айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Согуштан улам Сириянын батышында 100 миңдей адам үйүн таштап кетти

Согуштук аракеттерден улам Сириянын батышындагы Хама провинциясында 100 миңге жакын адам үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу шаршембиде Кызыл чырым менен жергиликтүү бийликке шилтеме кылып БУУ билдирди.

Хаманын түндүгүндө көтөрүлүшчүлөр исламчыл согушкерлердин позицияларына чабуул коюусун улантууда. Оппозиция күчтөрү Халфайя шаарын басып алууга үлгүрүштү.

Түркиянын АКШ менен биргеликте Ракка шаарындагы «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлерин сүрүп чыгарууга даяр экендиги белгилүү болду. Мындай пикирин Түркия президенти Реджеп Эрдоган Кытайда өткөн G20 саммитинде билдирген.

Шейшембиде Башар Асад режиминин учактары Алеппо шаарына хлорин кошулмасы бар бомба таштаган. Жыйынтыгында 70 миңден ашык жайкын тургун, анын ичинде аялдар менен балдар да жабыркашкан. Мындай маалыматтарды сириялык жарандык активисттер менен куткаруу кызматынын жумушчулары кабарлаган.

Дамаск уулуу заттарды колдонгонун четке кагып, ага көтөрүлүшчүлөрдү айыптоодо. Алеппо экиге бөлүнгөн бойдон калууда: бир бөлүгү Асаддын режиминин, экинчиси куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бүгүн Өзбекстан парламенти өлкө президентинин милдетин аткаруучуну дайындайт

Бейшемби күнү Ташкентте Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйыны болот. Анда өлкө президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучуну дайындоо маселеси каралат.

Өзбекстан Конституциясынын 96-беренесине ылайык, «аракеттеги президент өз милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттери менен ыйгарым укуктары үч айлык мөөнөткө убактылуу Олий Мажлис сенатынын төрагасына жүктөлөт».

Учурда Өзбекстандын Олий Межлис сенатынын төрагасы болуп Нигматилла Юлдашев эсептелет.

Расмий түрдө Каримовдун көз жумгандыгы тууралуу 2-сентябрда кабарланган. Анын сөөгү 3-сентябрда Самарканддагы Шахи-Зинда мемориалдык комплексине коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Крым-татар элинин межлис төрагасынын орун басары Ильми Умеров психиатриялык ооруканадан бошотулду

Крым-татар элинин межлис төрагасынын орун басары Ильми Умеров шаршембиде Крымдагы психиатриялык ооруканадан бошотулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Марк Фейгин Твиттерге жазды.

Ал Умеровго коюлуп жаткан айыптоолорду жокко чыгаруу аракетин көрөрүн билдирди.

Аннексияланган Крымдын бийлиги 59 жаштагы Ильми Умеровду сепаратизм чакырыктарын жасаган деп айыптап жатат. Ал теле аркылуу “Орусияны Крым менен Донбасстан чыгып кетүүгө мажбурлоо керек” деп билдирген.

11-августта саламаттыгынын начар экенине карабастан Умеровду экспертиза үчүн деген негизде күч менен психиатриялык клиникага которушкан.

Буга чейин крымдык татар саясатчынын абалы боюнча тынчсызданууларын Европа биримдиги, Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму жана украин парламенти билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстан үчүн интернет үч эсе кымбаттады

Казакстандын провайдерлери Кыргызстан үчүн интернет баасын 1,5-3 эсе жогорулатты. Бул тууралуу өлкөнүн байланыш операторлор бирикмеси билдирди. Буга чейин коңшулар кымбаттоо тууралуу алдын ала эскертишкен, бирок баа саясаты эмне себептен өзгөргөнүн айтышкан эмес.

Буга байланыштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарифтердин жогорулашынын себептерин түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен Казакстанга кат жолдогон. Мекеменин басма сөз катчысы Назира Турдалиева жооп келген күндө да комитет казакстандык провайдерлердин баа саясатына кийлигише албай турганын билдирди.

IT-тармагы боюнча эксперт Азамат Аттокуров интернеттин кымбатташы саясий чечим экенин айтууда. Ал бул маселени чечүүгө өлкөнүн жогорку бийлиги кийлигишүүсү керек деп эсептейт. «Баалардын кымбатташын Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна болгон кол салуу десек болот. Интернет бизге абадай эле керек. Провайдерлер бириксе да бул маселени чече алышпайт», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстан интернеттин 90 пайызын казак провайдерлеринен, Казакстан болсо Орусиядан алат. Эгер казак тарап бааны түшүрбөсө өлкөдө Кытайдын интернетине муктаждык жаралат. Бирок Аттокуровдун айтымында, Кытай интернети арзан болгону менен сапатсыз.

Расмий маалыматтар боюнча 2015-жылы Кыргызстанда активдүү интернет пайдалануучулардын саны 4 млн. 750 миңден ашкан. Жалпы өлкө боюнча калктын 79% интернетке туташуу мүмкүнчүлүгү бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкекте террорчул уюмдун мүчөсү деп шектелген Казакстандын жараны кармалды

УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык террорчул уюмдун мүчөсү деп шектелген Казакстандын 28 жаштагы жараны Мамедов Шамо Рзаевич кармалды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча ал Бишкектеги контртеррористтик иш-чаралардын алкагында 2-сентябрда кармалган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Мамедов Кыргызстанда өз лидерлеринин көрсөтмөсүн күтүп жүргөндүгү аныкталган.

Ошондой эле ал Сириядагы согуштук аракеттерге адам тартуу боюнча тапшырмаларды аткарган.

УКМК тарабынан Мамедовго каршы кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Марат Таиров Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-сентябрда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Таиров Марат Марикович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду.

Бул тууралу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Зайырбек Эргешов Президенттин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев Эргешов Зайырбек Жолчуевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Бул тууралу КР президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мира Карыбаева КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары кызматына дайындалды

Алмаз Атамбаев Карыбаева Мира Аскеровнаны мурдагы ээлеген кызматынан бошотуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Бул тууралу КР президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

ТЮРКСОЙ түрк тилдүү мамлекеттердин көзкарандысыздыгынын 25 жылдыгын биргелешип майрамдоо демилгеси менен чыгууда

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Түрк маданиятын жана искусствосун биргелешип өнүктрүү боюнча эл аралык уюмдун (ТЮРКСОЙ) башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Дюсен Касеинов уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана келечек пландары тууралуу маалымат берди, тактап айтканда, ТЮРКСОЙ түрк тилдүү мамлекеттердин көзкарандысыздыгынын 25 жылдыгын биргелешип майрамдоо демилгесин көтөрүп жаткандыгына токтолду. Ал белгилегендей, ТЮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барууда.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ТЮРКСОЙдун ишин жогору баалады.

«Түркмөнстанда 2015-жылдын ноябрь айында өткөн ТЮРКСОЙ маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 23-жыйынында 2016-жылды Ж.Баласагындын туулгандыгынын 1000 жылдыгына байланыштуу Жусуп Баласагын жылы деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынган. Үстүбүздөгү жылы Ж.Баласагындын 1000 жылдыгына арналган бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишеним билдирем», – деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

КР Өкмөтү: "Айбермет Кутуева ээлеген кызматынан өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бошотулган"

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары кызматынан Айбермет Кутуеванын бошотулушун айрым ЖМКлар Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан түзөтүүлөр боюнча анын көз-карашына байланыштырып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Өкмөт аталган мыйзамда каралган негиздемелер боюнча мыйзам долбоорлоруна расмий корутунду берүү жолу аркылуу да мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө катышат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна расмий корутунду берүү каралган эмес.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ченемдик-укуктук жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздаган аткаруу бийлик органы болуп саналат.

Юстиция министрлиги Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берүүсү керек деген шилтеме чындыкка жатпайт, анткени, Юстиция министрлиги ченемдик-укуктук актыларды экспертизалоодон өткөрөт, процедура боюнча ал расмий корутунду берүүдөн айырмаланат.

Юстиция министрлигинин терс корутундусу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорду жылдырууда маңыздуу роль ойнойт деп айтуу туура эмес. КР Конституциясына ылайык, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорго корутунду берүү КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укугуна кирет (97-ст.6-п.).

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариевдин 2016-жылдын 15-январындагы №19 буйругуна ылайык, тапшырылган милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары А.Б.Кутуевага катуу сөгүш жарыялынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана Жогорку Кенештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Г.Скрипкина 2016-жылдын 19-апрелиндеги (6-2610 и/16 чыгыш номерлүү) катында Премьер-министр С.Ш.Жээнбековго кайрылып, Юстиция министринин орун басары А.Кутуева ээлеген кызмат ордуна ылайык келээри жөнүндө маселени кароону сунуштаган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 2016-жылдын 10-майындагы №257 буйругу аркылуу тапшырылган милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Юстиция министринин орун басары А.Б.Кутуевага эскертүү берилген.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде белгилесек, Айбермет Кутуеваны юстиция министринин орун басары кызматынан бошотуу тууралуу чечимди анын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ченемдик-укуктук актылар долбоорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыктын ишин тескегендиги менен байланыштыруу мүмкүн эмес. Ал ээлеген кызматынан өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бошотулган.

“Буудайдын барар жери тегирмен, кыздыкы... күйөө” – президенттин кызы А.Шагиева орус жигитин тандады

Өткөн жумада Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндары башталып, баарыбыздын көңүлүбүз ушул иш чарага бурулуп жатканда президент А.Атамбаевдин кызы Алия Шагиева “Инстаграммдагы” баракчасына турмушка чыккандыгын жарыялады.

Болгондо да экөөсүнүн көл жээгинде кучакташып түшкөн сүрөттөрү менен. Күйөө баланын аты Костя экен. “Биз расмий түрдө жубайлар деп аталдык,  куттуктоолорду кабыл алууга даярбыз” – деп жазыптыр. Албетте, Алия өзү тарткан сүрөттөрү, аны саткан акчаны кайрымдуулук иш-чараларга жумшагандыгы жана тамекини жарнамалап түшкөн фотолору менен  белгилүү болуп, кайчы пикирлерди айтылып келүүдө. Ооба, “буудайдын барар жери тегирмен, кыздыкы… күйөө”,- демекчи, кимдин кызы болсо да бойго жеткен соң өз теңин таап, үй-бүлө курууга акылуу. Бирок президенттин эрке кызынын жүрөгүн кыргыз жигити эмес, орус, еврей же башка улуттун өкүлү багындыргандыгы кызуу талкууну жаратууда. Айрымдар Алияны айыптаса, дагы бирөөлөрү өз эрки экендигин айтышууда. Туура, мурдагы президент Акаевдин да кызы Бермет казак жигитке турмушка чыгып, бирөөлөр айтмакчы “бүткүл кыргыз элинин күйөө баласы”, эч нерсеге тойбогон А.Тойгонбаев бүткүл мамлекетти бизнеске айлантып, сызга отургузуп, 2005-жылы кайнатасы Маскөөнү көздөй качканда Бермет менен ажырашып кетпеди беле. Андыктан…

Булак: “Майдан.kg” 

 

Элди өкүрткөн эл өкүлдөрү таркасын!

Регламентке ылайык, 1-сентябрдан тартып Жогорку Кеңеш өз ишин башташ керек болчу. Ооба, эки ай эс алган депутаттар ошол күнү жыйынга чогулушту.

Бирок өлкөбүздө эч кандай көйгөй жоктой, күн тартибине бир да маселе коюлбай, кайра эле 12 күнгө эс алууга тарап кетишти. Алардын бул жоругун уккан шайлоочулар эмне деп тилдешти да билбей отурушат. Себеби бир жактан Үңкүр-Тоону өзбек милициялары басып алып, кармап кеткен төрт жараныбыздын дайыны жок болуп жатса, экинчиден, кышка даярдык, кризиске белчесинен баткан экономика сыяктуу толгон-токой иштер бар. Көрсө, эл өкүлдөрү үчүн баарынан да Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуу маанилүү экен. Ооба, алардын баардыгы азыр Чолпон-Атада, Кырчын жайлоосунда оюндарды тамаша кылып, казы-карта жеп, С.Сигал сыяктуу дүйнө жылдыздарынын катарына отуруп, сүрөткө түшүп чардап жүрүшөт. Карапайым калк болсо тирүүлөй күйүп кеткен 14 кызыбызга аза күтүп, кара жамынып отурат. Ушундай мамилеси менен депутаттар жеке кызыкчылыгы мамлекеттен жогору турарын далилдеп, чыныгы жүзүн көрсөтүп коюшту. Балким, “күзүндө парламент тарайт”,- деген имиштердин чындыгы бардыр.

Булак: “Майдан.kg

Роза Отунбаева Кыргызстанды оор кырдаалдан алып чыккан лидерби же мародёрлордун башчысыбы?

31-август – Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатта борбордук аянтта сүйлөп жатып, президент А.Атамбаев адаттагыдай эле күтүлбөгөн жагдайда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн дарегине каттуу сын айтты.

Мамлекет башчы Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүгө кайрылып, айрыкча сол жагында турган өткөөл мезгилдин экс-президенти Р.Отунбаеваны зекип өттү. Ошол учурдагы санаалаштарына ачууланган А.Атамбаев 2010-жылы референдумда кабыл алынган Конституция парламенттик башкарууну алып келбегенин, Р.Отунбаеванын президенттикке бекитилиши да күмөндүү экенин белгиледи. Ал тургай апрель окуясы учурунда банк кутуларынан жоголгон миллиондор, кээ бирөөлөр жомоктогудай байып кеткендигин айтты. Ал тургай морадёрлук тууралуу сөз болду. Майрамдык маанайдагы мындай жемеге чыдай албаган экс-президент турган жеринен кетип калды. Бул окуяга баардык чет өлкөлүк журналисттер менен дипломаттар күбө болушту. Анын бул жоругун колдогондор да, жактырбагандар да болууда. Мамлекет башчысы болгон адам жеке таарынычынан улам өлкөбүздүн кадыр-баркына шек келтирбей эле койсо болмоктугун айтышууда. Ошол эле күнү кечинде Убактылуу өкмөттүн Т.Тургуналиевден башка мүчөлөрү президенттен бул сөзү үчүн кечирим суроону талап кылышты.

Булак: “Майдан.kg” 

Топчуке жанданып, жалгыз өзү Атамбаевди коргоодо!

Кыргызстандагы эки революциянын “буревестниги”, айтылуу демократ Т.Тургуналиев быйыл жайында Ысык-Көлдөгү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкка арналган жыйында бул иш чаранын программасына “төө чечмей” оюнун киргизүү сунушун айтып, элдин эсин оодаргандан кийин жымжырт эле болуп калган.

Айрымдар “Топчуке эми саясый капиталын биротоло жоготту” дешкен. Бирок ал 1-августта жомоктогу баатырдай кайра “тирилди”. Болгондо да “Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Роза Отунбаеванын көп былыктарын билем. Ал кылмышкерлерди өлкөдөн чыгарып жибергени үчүн жооп берген жок. Кылмышкерлерди жазалабаган, аларга жардам берген жетекчинин өзү кылмышкер. Ошондуктан терикпесин. Мойнуна алсын. Саясатчы сынга чыдоо керек. Элди, улуу майрамды тоготпой аянттан кетип калганы – эл журтту сыйлабаганы. Макул болбосо жообун айтпайбы? Анын колдоочулары аша чаап аны мактаптыр. Былыктарын неге айтпайт? Же Роза ошондой апапакайбы?”- деди. Ошентип жалгыз гана Топчуке президент А.Атамбаев тарапка өттү. Сыягы, быйыл күздө болуучу саясый оюндарда оппозиция тайм-аут алып, УӨ мүчөлөрүнүн ортосунда кармаш жүрөт окшойт.

Булак: “Майдан.kg

 

 

Кадыр Кошалиев, “Таза коом” элдик партиясынын тең-төрагасы: “Партиялардын жаназасын окуган топтун ана башында өзүм болом”

Эгемендиктин 25 жылдыгынын алдында кесиптешибиз, тележурналист, азыркы учурда “Таза коом” элдик партиясынын тең төрагасы болуп эмгектенип келе жаткан агабыз Кадыр КОШАЛИЕВ менен болгон баарлашууда соңку кыргыз тарыхы, азаттыктын кунар баасы, учурдун көйгөйлүү маселелери, болочок жөнүндө божомолдор, бүлбүл  жанган үмүттөр жөнүндө сөз болду.

– Сиз үчүн Эгемендиктин кунар баасы канчалык?

– Билгенге элдин эгемендиги, мамлекеттүүлугүнүн болушу чоң бакыт. Элинин саны 40-60 миллиондон ашса да өзүнчө мамлекеттүүлүккө жетише албай азаттык үчүн кармашта канга боелуп, күрөшүп келе жатышкан  дүйнөдөгү уйгур, күрд сыяктуу элдердин тагдыры ага айкын күбө. Калкыбыздын саны салыштырмалуу аз экендигине карабай 25 жылдан бери өзүнчө мамлекет катары түтүн булатып, БУУда желегибиз желбиреп турганы чоң олжо, кунар баасы ченемсиз дөөлөт. Болгону ата бабаларыбыз  кылымдап эңсеп келген азаттык  Алла Тааланын буйругуна жараша  көктөн тилегенибиз жерден табылгандай жеңил баада колубузга тийгендиги, албетте, бир жагынан жагымдуу көрүнүш болсо, бир жагынан эгемендиктин накта  баркына эмдигиче жетпей жаткандыгыбыздын себеби да ошондон улам болду окшойт.

КРнын Эгемендигин тастыктаган Декларацияны Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынганына 25 жыл болду. Ошондо төрөлгөн балдар азыр бойго жетишти. Канткен менен түшүнгөн кишиге бир сереп салып, баа берүүчү мезгил келди. Учурдан пайдаланып жалпы кыргызстандыктарды азаттыктын 25 жылдыгы менен чын ниетимден куттуктап, мамлекеттүүлүгүбүз бекемделип, зоболобуз көтөрүлсүн демекчимин!

– Сиздин оюңузча эгемендикке ээ болгонубузга чейрек кылым болгондугуна карабастан  өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшө албай чайналып, чайпалып келе жатканыбыздын себептери эмнеде?

– Анын бир канча негизги себептери бар.

1). Өзүнчө мамлекет болгонубуз менен улут катары өз өнүгүү жолубузду аликүнчө так аныктай элекбиз. Ал ириде мамлекеттик башкаруу түзүлүшүбүз кыргыз элинин улуттук табиятына төп келмек турсун, караманча каршы келип жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.

2). Идеологиялык багытыбызда иреттүүлүк жок. Батышчыл баалуулуктар, диний радикализм бура бастырбай улуттук нарк-дөөлөттөргө кедергисин тийгизип, өз жолубуздан тайдырууга салым кошууда. Калыстык үчүн айтып койгон парз, кеч да болсо  азыркы бийлик бул өксүктөрдү түшүнүп, быйылкы жылды “Тарых жана маданият” жылы деп жарыялагандыгын, Маданият министри болуп улуттук-мекенчил көз карашты карманган Т.Казаковдун келишин ж.б.у.с  маселелерди жакшы жөрөлгө катары бааласа болот.

3). Коомдо адилеттиктин жоктугу, элдик бийлик эмес партиялык-кландык бийликтин орношу, мыйзамдардын иштебей жаткандыгы коррупция, кылмыштуулуктун тамыр жайышына шарт түзүүдө.

4). Экономикалык саясаттын башкы багыты өндүрүштү көтөрүүгө, элди жумуш орундары менен камсыз кылууга багытталбастан, күнүмдүк көйгөлөрдүн кишенинен чыга албаган чабалдык, сырткы күчтөрдүн тескери таасири эл чарбасынын бардык тармактарын өз алдынча алга жылдырууга кедергисин тийгизүүдө.

5).Өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болгон илим жана техника, билим жана тарбия, руханий кайра жаралуу маселелерине артыкчылык берүүнүн ордуна, бул маанилүү тармак көңүл борборунан алыс сүрүлүп калды.

– Сиз ар дайым Элдик Курултай институтун коомдук-саясий системага өз ыйгарым укуктары менен киргизүү керектигин айтып келесиз, ал ойдон кайта элексизби?

– Ал ойдон кайтмак турсун, кайра турмуш өзү талап кылып жатканын көрүп, ынанымым ансайын бекемделүүдө. Эгер Элдик Курултай орносо бийлик буттактарынын  ыйгарым укуктары элдин кызыкчылыгын канааттандырууга багытталат. Бийликти узурпациялоого жол берилбейт жана бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги пайда  болот. Мамлекетти башкаруу чыгымы кескин кыскарат. Кылмыштуулуктун, коррупциянын тамыры кыркылып, адилеттик орнойт. Сырттан кийлигишүүнүн күчү азайат, шайлоо тополоңу, митингдер токтоп, революциянын зарылчылыгы болбой калат. Мамлекет, эл, бийлик бир бүтүндүккө айланып, калктын бийлик жүргүзүүгө жигердүү катышуусу аркасында элдик бийлик калыптанат.

Натыйжада, Курултай түзүмү мамлекеттүүлүктү сактоонун жана бекемдөөнүн негизги түркүгүнө айланат, мамлекеттик башкаруу системасы өнүктүрүлүп, бир бүтүндүк камсыздалат. Эл менен бийликтин ортосундагы ажырым, ишенбөөчүлүк жоюлат. Курултай – элдин эркин, каалоосун чагылдырган, улуттун жүзүн, ар-намысын аныктап турган чен-өлчөм, көрсөткүчкө айланат.

– Сиз бир мезгилде “партияларды жоготуп, Курултайды орнотуш керек”- деп жүрдүңүз эле эми өзүңүз “Таза коом” партиясынын башына келиптирсиз, муну кандай түшүнсө болот?

– Күтүлгөн суроолордун бири болду. Ооба, мен он беш жылдан бери башкаларды ээрчибей өзүбүздүн улуттук-мекенчил жолубуз менен гана өнүгүшүбүз керек экендигин зар какшап айтып келе жаткандардын бири болом. Аракетибиз күч болгону менен көзгө толор натыйжага жетише албадык. Саясий күрөштүн эрежеси партиялык түзүлүш болгон соң, биздин үнүбүз көчө кыйкырыгынын деңгээлинде калып жатты. Саясий ишмердүүлүктү өз эрежеси менен жүргүзүү үчүн партиялар аркылуу күрөшүү зарылчылыгы туулду. “Таза коом” партиясынын программасын улуттук баалуулуктардын негизинде кайра иштеп чыктык. Элдик Курултай, Аксакалдар институттарын өз ыйгарым укуктары менен коомдук-саясий системага киргизүү маселесин өзөктүү максат катары алдыбызга койдук.

Биздин партиянын жаңы программасында: “Кыргызстандын эли – мамлекеттин өзөгү, эң башкы байлыгы жана бийликтин ээси экендигин баса белгилеп; адилеттикти, аруулукту, тазалыкты, калыстыкты, чындыкты туу туткан; эркиндикти, теңдикти, шайкештикти сүйгөн; бийлик жана байлык элдин кызыкчылыгына иштеген; табигый өнүгүү мыйзамдарын сыйлаган;  улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга бирдей маани берген; илим-билим, техника-технология жана инновациялык жаңылыктарды ийкем өздөштүргөн; руханий-экономикалык тең салмактуу өнүгүү усулун карманган; мыйзамдуулукту жана салттуулукту  бекем сактаган; тегиз жыргалчылыкка  жетишкен, бакубат мамлекетти куруу ишин алдына ыйык максат катары койду,”- деп жазылган.

Демек, мурдагы бараткан багытымдан тайган жокмун, болгону тактика өзгөрдү. А мүмкүн жылдардын бир жылдарында  партиялар жоюлушу мүмкүн, ошол учур биз тирүү турган мезгилде болсо, мен алгачкылардан болуп партиялардын жаназасын окуган топтун ана башында болорумду азыр эле жашырбайм.

– Эң түйүндүү маселе болгон идеология боюнча эмнелерди айтмакчысыз?

– Коомдук турмуштун чөйрөсүндөгү улуттун кызыкчылыгынын артыкчылыктары менен руханий биримдиктин принциптери айкалышып келип, ошол элдин көз караш, түшүнүк, баалуулуктарынын  системасын жаратуу аркылуу улуттук идеология калыптанат. Кыргыз элин улут катары сактап турган баалуулуктар – дүйнө тааным, тарых, тил, ишеним, каада-салт, маданият, ар кандай өнөр туундулары өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнүн өбөлгөсү. Улуттук өзөк гана өнүгүүгө өрнөк болуп бере алат. (“Бөлөк элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт.”Л.Гумилев)

Улуттук ой-тутумдар менен идеалдарга негизделген идеологиялык ишмердүүлүк адам, үй-бүлө, коом, мамлекет масштабында системалуу жана иреттүү  жүргүзүлгөндө гана өз жемишин бермекчи.

Сырткы идеологдор таңуулаган эрежелерди бейпарасат кабыл ала берүүнүн натыйжасында жеке адамдын укугун көкөлөтүп, Кыргыз улутунун кызыкчылыгын тебелеп салдык. Чачыранды болуп жаткан элибиздин кубат-духун чогултуп, ар-намысын көтөрүү максатында коомчулук тарабынан көтөрүлүп жаткан “Манастөр” улуттук руханий  борборун  түптөө маселеси бышып жетилди.

Коомдогу теңдик жана социалдык адилеттик – туура жол менен өнүгүүнүн ачкычы. Биз адилеттүү, ар тарабы шайкеш жана таза коом курабыз десек, ишти эң оболу билим берүү тармагын оңдоодон баштаганыбыз туура болот. Бул жалпы өлкөнүн тагдырына түздөн түз тиешеси бар узак убакытты, жетиштүү каржыны, саясий эркти талап кылган орчундуу маселе.

Илимий жана этнопедагогиканын  принциптерин, табылгаларын ийкем айкалыштыруу аркылуу иш алып баруу азыркы доор талабына туура келет. Тарыхтын узак жолун баскан элибиз жаш муундарга адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан.

Элибиздин акыл казынасынан жаралган – “адам бол, түз жүр, ата-энени урматта, мекенди, элди сүй, ушак айтпа, уурулук кылба, ак сүйлө, улууну сыйла, кичүүнү ызаатта, атаңа наалат келтирбе, уяттуу- адептүү бол, суу сыйлаган зор болор, нанды кесир кылба, кыздуу үйдө кыл жатпайт, оомат оошот, билим жугушат, өнөрлүү өлбөйт, тегиңди бил, атанын уулу бол”,- деген сыяктуу не бир асыл баа даанышман ойлор элдик тарбиянын көөнөргүс кенчи болгон.

Жеке адамдын ар тараптуу жетилүүсүндө бир гана анын укугуна басым жасоо бир жактуулукка алып кетерин турмуш көрсөттү. Эң башкысы инсандагы чексиз мүмкүнчүлүктөрдү чар тарап ачып, кесиптик билим менен бирге адамдык насилди ыйык таза сактап, ар бир адамдын өзүн-өзү таануусуна шарт түзүү зарыл. Билим-тарбия тармагын жөнгө салуу менен кесипкөй, ар тараптуу даярдыгы бар адистерди, болочоктун кадрларын даярдоо аркылуу  Кыргызстандын бардык тармагын максаттуу көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Келечекте кыргыз мамлекети илим менен маданияттын өлкөсүнө айланышы керек.  Ансыз биз алдыңкы элдердин катарына кошула албайбыз. Дат баспаган, жок болбогон байлык – бул илим, билим жана руханият.

Үпел Анаркулова

Булак: “Майдан.kg

Тескери аккандар: Медакадемияны чөктүрүүгө ким(дер) кызыкдар?

Акыркы кезде И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы жаңы ректор Индира Кудайбергенованын келиши менен ишке аша баштаган келечектүү кадамдарга каршы чыгып, окуу жайда төңкөрүш жасоого даяр топ пайда болду. Бүт дүйнөнү тозоктун отуна салгысы келген радикал террорчуларды тергеп атагандай эле, азыр Медакадемияга чуу салган айрым мурдунун учунан алысты көрө албаган кемчонтой адамдардын бирикмесин “зурдиновчулар” деп атасак эч жаңылган болбойбуз.

Булардын максаты башынан белгилүү – Индира Кудайбергенованын мыкты адис, окутуучулар, окумуштуулар кеңеши, студенттер жакындан билип, колдоого аларын билишкендиктен, арга кетип, аны жаманатты кылып, ага Ж.Баласагын атындагы КМУ ректору Ч.Адамкулованыкындай тагдырды тушуктуруу. “Зурдиновчулар” даярдап, элди окууга жайгаштырып, диплом жазып тапкан арам акчаларынын эсебинен төлөнүп гезиттерге жарыялана баштаган тексттеринде дал ушундай дымак даана сезилет – алар Медакадемияда да Улуттук университеттегидей абал түзүлгөндөй коомдук пикир жаратууну көздөшүүдө. Бирок, Улуттук университетте чыр аттестациянын айынан чыккан. А Медакадемияда эч нерсе боло элек, жада калса бир да адамды иштен алуу боюнча кеп козголгон жок. Кайра тескерисинче, айрым Зурдиновдун командасындагы адамдар кетерин билдирсе, И.Кудайбергеновада кек, өчөшүү деген жок да, ал чын-дилинен жалдырап, калып, иштей берүүлөрүн өтүнүп жатат. “Улуттук университетте утулуп калган талапкер ректор болуп, чыр чыкты. Медакадемияга да утуп чыккан Ишен Сатылганов дайындалышы керек эле”,- деп булар өздөрү түпкү максаттарын ачыктап да ийишти. Ушунун өзүнөн эле булар Зурдинов доорун узартууну каалап, май талкандан түшкүсү келбегенин байкоого болот. Ишенди проректорлуктан деле кетирген адам жок. Бирок ал мурункудай кенен дем ала албай калды. Себеби И.Кудайбергенова жумушка талапты катуу койгону менен айырмаланат жана кызматын арам жолго пайдалангандарды аябайт. Мына алардын корккону.

Биз “зурдиновчулар” деп даана байкадык. Анткени, коомдук пикир жаратууга ашыгып жатышып, акыры экс-ректор А.Зурдинов өзү да ачыкка чыгып, ордуна келген ректорду жамандап маек берди. Аксакал болуп калды. Элге окшоп жакшы картайса болбойт беле? Ошончо жыл ректор болуп олтурду, кеңири мыйзам бузууларына карабай жоопкерчиликке тартылбады, камалбады, ошого каниет кылып, өзүнүн колунан келбеген ишти башкалардын жасашына жол бербейби эми!

“Көрө албастык кылган адам Алла Тааланын тагдырына каршы чыгат. Көрө албастык кылган адам мусулман тууганына көрө албастык кылуусу менен Алла Тааланын өлчөп, белгилеп койгон тагдырына, Анын өкүмүнө жана пенделерине бөлүп берген ырыскыларына каршы чыгып, Алла Таала менен тирешкен болот. Алла Таала адамдардын кээ бирин бай кылып, кээ бирин зээндүү, кээ бирин илимдүү кылып жараткан. Кээ бирине байлык берген, кээ бирине үй-бүлө бала-чака берген… Ошентип баардык нерсени Өзүнүн чексиз даанышмандыгы менен өлчөп белгилеп тагдыр кылып койгон”,- делет Исламда. Ушуну көкүрөгүңүзгө бек тутуп алыңыз, Ашыралы мырза!

Кошумчалап кете турган нерсе – Медакадемиядагы азыркы кырдаал тууралуу объективдүү аңгемебизди кийинки сандан окуйсуз!

Булак:“Майдан.kg” 

Турсунбек Акун, Кыргызстан демократиялык кыймылынын төрагасы: “Президент мөөнөтүнөн мурда бийлигинен кол жууп калышы мүмкүн...”

Өлкөбүздө ушул тапта аткаруу бийлигинин ролун ченемсиз көтөрүү абзел! Ушуга улай Өкмөт башчысынын дагы макамы токтоосуз түрдө жогорулатууга муктаж! Бирок, дал ушундай чечкиндүү кадамдарды азыркы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев эмес, андан кийин гана шайланган президент жүзөгө ашырганы оң жана мыйзамдуу. Ушул жана башка өңүттө Кыргызстанды демократиялык кыймылынын (мындан ары КДКнын) төрагасы Турсунбек АКУН кабарчыбыз менен ой бөлүштү.

– Турсунбек мырза, өлкөбүздө эң алгач түптөлгөн Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДКны) кайрадан тирилтип, моминтип жетектеп дагы жатасыз. Дегеле президент Алмазбек Атамбаевдин соңку кадамдарына не дээр элеңиз?

– Сөз жок! Башмыйзамыбызда башынан эле “2020-жылга дейре өзгөрбөйт!” деп бадырайта жазылган. Ошондуктан, аны эптеп шылтоо таап, мөөнөтүнөн мурда өзгөртүү-реставрациялоо далбасасы азыркы бийликке, анын ичинде президент Алмазбек Атамбаевге дагы эч качан абийир алып келбейт! Чындыгында, бул кадам өтө опурталдуу! Ошого карабастан өлкө жетекчиси от менен ойноп жатпайбы. Бул туурасында таанымал инсандар, белгилүү серепчилер, дасыккан саясатчылар, дегеле Баш мыйзам жөнүндө түшүнүгү бар жарандар бүт айтып-деп, дагыле канкакшап жатышат. Тилекке каршы, коомчулуктун мындай калыс пикирин президент Алмазбек Атамбаев, ошондой эле анын командасы укчудай жана тоготчудай түрү жок!

– Дегиңкиси Алмаз Шаршеновичдин күтүүсүз демилгеси негизинен туурабы?

– Ооба. Баш мыйзамыбыз убагында өтө эле шашылыш жазылып, ашкере чийки кабыл алынган. Муну моюнга алуубуз парз. Азыркы күндүн зарылчылыгына жараша аткаруу бийлигинин ролун өтө жогорулатып, премьер-министрдин макамын токтоосуз түрдө көтөргөнүбүз оң! Мындан башка дагы бир катар оңдоп-түзөөгө муктажбыз. Бирок, бул конституциялык өзгөртүүлөр азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эмес, 2017-жылы шайланган өлкө башчысынын мезгилинде гана өзгөртүлүшү кажет! Эгерде президент Алмазбек Атамбаев айтканынан азыр кайтпаса, өзү эле мөөнөтүнөн мурда бийлигинен кол жууп калышы дагы толук ыктымал.  Мунун биргездеге үзөңгүлөштөрү – Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү дагы эскертишпедиби. Чындыгында, Алмаз Шаршенович, 2010-жылдагы убадаңыз канакей?

– Эмне, ушинтип атып референдум дагы өтпөй калышы толук ыктымалбы?

– Ооба. Президент Алмазбек Атамбаев жана анын кошоматчылары азыр деле референдум демилгесинен баш тартышса, эч кеч эмес! Антишпесе, өлкөбүздө референдумдун айынан бара-бара коомдук-саясий акыбал ого бетер курчуйт. Мунун акыры Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетиши менен бүтүшү дагы толук ыктымал!

– Канткенде дагы, танып не, азыркы күндө Кыргызстанда стабилдүүлүктүн сакталып турушунда президент Алмазбек Атамбаевдин мээнети абдан чоң эмеспи?

– Сөзсүз! Алмазбек Атамбаев жетектеген беш жыл аралыгында Кыргызстанда толук кандуу бейпилчилик орноду. Өкмөт тез-тез алмашса дагы, экономикабыз улам турукташып баратат. Стратегиялык алкактагы жолдор бүткөрүлүп, маанилүү социалдык обьектилер дагыле салынып жатат. Мектеп куруу абдан жакшы сатка айланды. Улуттук каада-салттарыбыз кайрадан тирилтилип, андан ары жандандырылып, заманбап нукка салынды. Ошондуктан, Кыргызстанда көчмөндөр оюндары экинчи ирет өткөрүлүп жатканы дагы бекеринен эмес!

Эң башкысы:Алмазбек Атамбаев адегенде эле таза иштегенге бекем ыктап, үй-бүлө мүчөлөрүн, бир туугандарын бийликке таптакыр жолоткон жок! Анан бара-бара өзүнө мураскер даярдоодон дагы караманча баш тартты.

– Турсунбек мырза, абдан баамчыл элеңиз. Алмазбек Атамбаев акыркы мезгилде авторитардык башкарууга бекем ыктап бараткандыгын байкабай калдыңызбы, ыя?

– Кантип? Алмазбек Шаршенович соңку жылдарда авторитардык башкарууга бекем ыктап бараткандыгы таасын эле байкалат. Маселен, Атамбаев өзү – Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (мындан ары КСДП) мурдагы төрагасы. Ал эми Жогорку Кеңештин азыркы спикери Чыныбай Турсунбеков парламенттеги КСДП фракциясынын башчысы эмес беле. А КСДПнын дагы бир активдүү мүчөсү Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Кыргыз Өкмөтүн башкарып олтурат. Мына сага авторитардык режимдин кашкайган үлгүсү! Ошентип, кичинекей Кыргызстанды бүт КСДПчылар гана ээлеп жана менчиктештирип алышты. Ошону үчүн президент Алмазбек Атамбаев жакын арада бул жолунан артка кайтып, бийлик бутактарынын абдан калыс бөлүштүрүлүшүнө токтоосуз ыктоосу абзел! Антпесе, дагы бир элдик көтөрүлүүгө сөзсүз кабылабыз, эй!

Кепке тарткан Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg

Меню