Легендарлуу парламент 1993-жылы 5-майда көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы Конституциясын кабыл алгандан бери ал 8 жолу өзгөртүлүптүр. Алгачкы убактарда ал мурдагы президенттердин ыйгарымдарын кеңейтүүгө багытталса, кийинки жылдарында бийликти үй-бүлөлүк мураскорлордун бирине өткөрүүгө ыңгайлаштыруу үчүн жүргүзүлгөндүгү эч кимге жашыруун эмес. Качкын эки президент бийликтин даамын жакшылап татышаары менен эле аны балдарына калтырганга аракет кыла башташчу. Алсак, К.Бакиевдин тушунда улуттук рухий дөөлөттөрдү сактап, көбөйтө турган Маданият министрлиги жоюлуп, Мамлекеттик улуттук тил комиссиясы департаменттин деңгээлине түшүрүлгөн. Ал убакта баш мыйзам да, президенттин, өкмөттүн аппараттары да мамлекетти акырындап “көзү жакшынакай”, тили буруу “принцке” өткөрүп бергенге даярданып калган. Мамтил менен маданият ошонун кызыкчылыгы үчүн четке сүрүлө баштаган. Анын атасы өз бийлигин бекемдөө үчүн баш мыйзамды бир айда эки жолу өзгөрттүргөнү да эстен чыга элек.
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин көп эле нерселер мыйзамсыз болгон. Атап кетсек, биринчи кезекте ага 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган баш мыйзамга “…КРнын Конституциясынын 114-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет” деп жазылганы да кирет. Эмне үчүн? Чечмелеп көрөлү. 114-берененин 2 пунктунда “…ЖКнын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуусу мүмкүн” деп жазылып турат. Демократиялуу коомдун эрежелерине ылайык, жалпы элдик добушта кабыл алынгандарды Жогорку Кеңештин да, Жогорку соттун да өзгөрткөнгө, четке какканга укугу жок. Ал эми элдин, бул жерде шайлоочулардын өзү кабыл алынган чечимди кайсы убакта болбосун өзгөрткөнгө укугу бар. Демек, айрымдардын “азыр Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизсек ал легитимдүү болбой калат” дегендери суу кечпейт. Жогорку Кеңеш аркылуу эмес, жалпы элдик добуш берүүдө гана өзгөртүлүүгө тийиш.
Азыркы аракеттеги Конституция кабыл алынгандан бери чыр-чатактардан арылбай келет. Конституциянын тексти жарыяланаары менен укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “Биз талкуулап, макулдугубузду берген вариант таптакыр башкача болчу.Текстин өзгөртүп коюшуптур” – деп чыккан. Андан кийин мамлекеттик тилдеги тексти менен расмий тилдеги текстинде дал келбестиктер, айрымачылыктар бар экендиги айтылган. Жогорку Кеңешке босоголук чек азыркыдай төмөн болсо, парламентте да, өкмөттө да туруктуулук болбой тургандыгына күбө болуп келатабыз. Айрым эл өкүлдөрү өздөрү мактанышкандай бир жылда бирден премьерди жайлап турушмайынча тиштери кычышып, жылуу кандын жытын эңсей башташаары чын болсо, анда өкмөт кантип иштейт, экономика кайдан өнүгөт? Өкмөт парламенттеги саясий оюндарга эрмек болуу үчүн эле түзүлөбү? Анда парламентаризмдин идеялары биротоло талкаланып жок болору талашсыз. Парламенттик башкаруудагы өлкөлөрдүн бардыгында премьер-министр негизги фигура. Мисалы, Индия, Улуу Британия, Австралия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө өкмөт башчылары беш-алты жылдан, алды он жылдан ашык иштешет. Эгерде азыркы биздегидей болуп өкмөт башчысынын президенттин аппаратынын башчысындай да орду, салмагы болбосо ал кантип эл чарбасын башкарат, кантип натыйжалуу иштейт?
Азимжан Аскаровго байланышкан жаңжалдан кийин баш мыйзамдын ичи толтура “мина замедленного действия” экендиги эң жогорку трибуналардан ачык айтыла баштады. Мына ушундай көйгөйлөрдүн тутумунан алганда, баш мыйзамды токтоосуз өзгөрткөндөн башка арга калган жок. Элестүү айтканда, эски вариантын миналары менен кошо көк улактай кылып элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн садага чаап таштап, заманбап вариантын тезирээк кабыл алуу зарыл болууда.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору жөнүндө ойлор…
Баш мыйзамга азыркы өзгөртүүлөрдү парламенттин 4 фракциясы сунуш кылууда. Ага “Ата Мекен” фракциясындагылар, Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү, айрым оппозициячылдар гана каршы чыгышууда. Бирок алардын иш аракеттеринде, сунуштарында конструктивдүүлүк эмес, курулай чычалагандык, ич күйдүлүк басымдуулук кылып кеткенин өкүнүү менен айтууга аргасызбыз. Сегиз жолу өзгөртүлгөн баш мыйзамды тогузунчу жолу алымчалап, кошумчалап койсо жер титиреп, асман солкулдап кетпестигин бардыгы эле эң сонун билип турушат, бирок демилге президенттин айланасындагылардан чыккандыктан улам каршы болушууда. Эгерде президенттин айланасындагылар баш мыйзамды өзгөртпөйбүз деп чыгышса, оппозициядагылардын көбү өзгөрткөндү жакташмактыгын бөркүмдөй көрөм. Эмне дейбиз, тилекке каршы бизде саясаттын мазмуну да, деңгээли да ушундай…
Мыйзам долбоорунун авторлору азыркы Конституциялык реформа президенттик бийликти чектеп, өкмөттүн ыйгарымдарын, кадрдык маселелерди чечүүдөгү ролун, парламенттин көзөмөлдөөчү функциясын күчөтүүгө багытталгандыгын айтышууда. Биздин оюбузча ал үчүн биринчи Жогорку Кеңешке өтүүнүн босоголук чегин көтөрүү зарыл. Ал биринчиден, партияларды ирилешүүгө мажбурлайт, ал процесс калыптанганда аттары бар, заттары жок партиялар жоюлуп, күчтүүлөр гана калат. Анан азыркыдай парламентке карликтер келип алып жаңжалдарды күчөтүп, “баланын үйү, Бапанын алачыгы” дегендей башаламан көрүнүштөр жоюлат. Эгерде парламентке 2-3 эле партия өтсө, өкмөт сөзсүз туруктуу иштей баштамак. Ал эми премьер-министр, анын орун басарлары парламенттен келишсе, депутаттык мандаттарын сактай беришери эң туура. Парламенттик өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында эреже ошондой.Бир гана өкмөт менен парламент жуурулушуп биротоло бир түзүмгө айланып кетпөөсүнө жол бербөөнүн механизми болуусу зарыл.
Элге, мамлекетке жүз миллиондогон (а мүмкүн миллиарддаган) долларлык зыяндарды келтирип, анан эскирүү мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу айрым экс-мамчиновниктердин тергөөлөрдөн, соттук кароолордон бошонуп кетип жатышкандары туура эмес. Бирок долбоордо жазылгандай, кылмыш ишинин эскирген-эскирбегендигин сот чечет дегендей, судья өзү каалагандай жетелечү норма эмес, элге, мамлекетке мынча суммадан ашык зыян келтиргендердин иштери чыккынчылык катарында каралып, аларга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт” дегендей так норма киргизилсе максатка ылайыктуу болмок.
Мына ушундан улам экс-премьер министр Т.Чыңгышевдин “Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү 67 пайыздан 17 пайызга бирөөлөрдүн аябагандай чоң кызыкчылыктарынан улам азайтылгандыгын билип эле турамын. Жөн жерден мындай иштер жасалбашы кимге деле болсо түшүнүктүү. Бирок жүрөгүм сезип турса да колумда аны ашкерелегенге факты жок” – деп айткандай,өлкөгө өтө ири өлчөмдө зыян келтиргендер же мамлекеттик, элдин кызыкчылыктарына кыянаттык кылгандар он эмес, элүү жылдан кийин болсо да жазаларын алуусу керек. Аларга эскирүү мөөнөтү деген түшүнүк таркатылбашы кажет.
Баш мыйзамга фракциянын мүчөлөрүнүн 3/2 бөлүгү добуш бергенде гана коалициядан чыга алыша тургандыгы, эл аралык документтердин, укук-ченемдик актылардын улуттук мыйзамдарга карата императивдүү мүнөзгө ээ боло албастыгы жөнүндө норма киргизилип жаткандыгын да зарыл деп ойлойм. Эл аралык уюмдар, документтер, укук-ченемдик актылар деген аябагандай кеңири, чаржайыт түшүнүк. Алардын ичинде БУУнун, ОБСЕнин чечимдеринен тартып, бир топтун кызыкчылыктарын гана ишке ашырууну көздөгөн “Рим” клубу, “Жашылдардын кыймылы”, “Сорос” фондусу, “Гейлердин” клубу деген сыяктуулар да бар. Ошондуктан биринчи кезекте аларды инвентаризациялап, ылгоо зарыл.
Менимче судьяларга карата каттардын, телефон байланышынын купуялуулугунун алынып салганы жатканы туура. Бирок ал судьяларга гана эмес, публикалык кызматтагылардын бардыгына киргизилүүсү керек. Мамлекеттик кызматтагылардын журналисттерди, сындап койгондорду сотко берем деп опузалай турган аракеттерине чек койгудай укуктук тосмо болуусу зарыл. Маселен, АКШнын президентинин бир журналистти сотко берип утуп алыптыр дегенин окуй да, уга да элекмин. Аларда публикалык кызмат, публикалык адам деген түшүнүк күчтүү болгондуктан сындарга чыдамдуу келишет. Анан аракеттеги Конституциянын 50-беренесинин 2-пунктундагы “Бир дагы жаран өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес” дегенге “…конституциялык мыйзамда каралгандан башка учурларда” дегендин кошулганы жатканы ойлондурбай койбойт. Мында өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин судьялар деле инсандын жарандыгын өз алдыларынча чече беришеби деген суроо пайда болот. Судьяларга андай эң жогорку саясий укукту ишенип бергендин кандай зарылчылыгы бар? Бул туура болобу? Саясий маселелерди саясий жогорку кызматта турган адамдын өзү чечкени оң эмеспи.
Мен бул жерде баш мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн негиздүүлөрү жөнүндөгү гана ойлорум менен бөлүштүм. Долбоордо өкмөттү түзүүнүн, Баш прокурорду шайлоонун, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьяларын дайындоонун процедуралык маселелерине арналган жаңылыктар да бар, бирок алар элдин көпчүлүгүн кызыктырбайт деле. Бул жерде кошумчалай турган бир нерсе, жаңы долбоорго ылайык Конституциялык палатанын чечим чыгаруу процедурасы аябай татаалдаштырылган. Бир мыйзамдын же укук-ченемдик актынын баш мыйзамга ылайык келерин же келбесин аныктоо үчүн палата чечиминин долбоорун Жогорку Кеңешке, президентке жөнөтөт. Алар макулдуктарын бергенден кийин гана долбоорду добушка кое алышат. Ошондо да судьялардын 4/3 колдосо гана чечим кабыл алынды деп эсептелет. Конституциялык палата мыйзамдарды, укук-ченемдик актыларга байланышкан талаштарды гана карабастан, жарандардын Конституциялык укуктарына байланышкан маселелерди да караса жакшы болмок, бирок бул жолку сунуштардан андайларды көрбөдүк.
Ошентип өлкөбүздүн баш мыйзамына тогузунчу жолу өзгөртүүлөр киргизилгени жатат. Мурда андай иштер мамлекеттин башындагы адамдын бир жагын бекемдөө үчүн же форс-мажордук кырдаалдан улам ишке ашырылса, бул ирет эгемендүүлүгүбүздүн тарыхында биринчи жолу мамлекет башчысынын ыйгарымдарын азайтып, парламенттик системаны бекемдөө үчүн өткөрүлгөнү жатат. Андыктан бул жагын эстен чыгарып коюуга болбойт.
Мирлан Дүйшөнбаев
Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын катчылыгынын улук консультанты
Булак: Фабула