Menu

Премьер-министр примет участие в церемонии официального начала строительства проекта «CASA-1000»

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сегодня, 11 мая, вылетит в Республику Таджикистан с двухдневным рабочим визитом. Об этом сообщили в отделе информационного обеспечения аппарата правительства.

Глава gравительства примет участие в церемонии официального начала строительства проекта «CASA 1000», которая пройдет с участием президента Республики Таджикистан Эмомали Рахмона, глав правительств Пакистана и Афганистана.

В рамках визита также запланированы двусторонние встречи с руководством Республики Таджикистан, премьер-министром Исламской Республики Афганистан Абдуллой Абдуллой, в ходе которых будут обсуждены состояние и перспективы кыргызско-таджикского и кыргызско-афганского сотрудничества.

Алтынбек Сулайманов: "Мен муляжга каршымын"

Мен да муляжга каршымын! Мындай пикирин бүгүн “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Муляж тууралуу социалдык тармакта талкуу болуп кеткени мен өз оюмду айтканы туура келип жатат. Улак тартыш – кыргыздын канына миңдеген жылдар бою сиңип калган оюн, салт! Улак тартыш бул шамдагайлык, күч, командалык оюн, ат сыноо! Кыргыз үчүн тарбиялык маниси өзгөчө салт. Жоокерлик заманда жигиттерди улак тартышка тартуу менен бала кезден аскердик даярдыкка тартышкан, тарбиялашкан.
Улак тартыштын чоң философиялык мааниге ээ жоболору бар. Улак тартышка сала турган улак, теке, торпокту соёрдун алдында аксакалдар, уюштуруучулар, калыстар чогулуп, «ушул улактан аттын туягы жабыркабасын, жигиттин чекеси жарылбасын» деп бата кылышкан.
Улак тартканда улакчы колу менен улактын туягын, терисин сезе билиши керек, астына оморгондо буту менен сезе билиши керек. Улак тартыш бүткөндө уюштуруучулар сак-сактап кайтарышат, себеп дегенде аты мыкты, билеги күчтүү улакчылар алып качып кетүү салты да болгон. Андай болуп калса, кайра баштан улак салганга туура келет, намыска жыгылып калышы мүмкүн.
Улак тартыш бүткөндөн кийин бата менен башталган оюн, бата менен бүткөрүлгөн.
Улак тартылгандан кийинки эттин бир бөлүгүн дарылык касиети бар деп сыйлуу кишилерге берилген, экинчи бөлүгүн уюштуруучуларга жана үчүнчү бөлүгүн кийинки улак тартышты уюштуруучуга тартуу кылышкан. Улакты колунда бар киши, же бир канча адам сүйлөшүп өткөрүп келген.
Ошондуктан муляж тартабыз деп жүздөгөн жылдар улут катары сакталып келген салтыбыздан арылып калбайбы?
Ар бир улут өзүнүн салты менен өзгөчө!

Замира Сыдыкованын Сөз эркиндиги форумунда сүйлөгөн сөзү

Бишкекте, 5-майда Сөз эркиндигин коргоо комитети, «Элдик саясат» полиси институту, «Улуттук кызыкчылык» тобу, «Кылым шамы» жана «Бир дүйнө» өкмөттүк эмес уюмдары биргеликте Сөз эркиндиги форумун өткөрүштү. Анда саясат талдоочулар, эксперттер, журналисттер, саясатчылар жана коомдук активисттер акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымдар тууралу, дегеле сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана эртенки келечеги тууралу кеңири сөз кылышты. Форумдун акырында Резолюция кабыл алынып, коомчулукка жана бийликке сөз эркиндигин коргоп калуу боюнча кайрылуу жасашты. Төмөндө журналист, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин теңтөрагасы Замира Сыдыкованын форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Мирлан Токталиев парламент төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды

Мирлан Токталиев Жогорку Кеңешинин Төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мирлан Токталиев эмгек жолун 2002-жылы Нарын облусунун Нарын шаарындагы “Алмаз-Нарын” радиосунда кабарчы, программанын алып баруучусу болуп баштаган. 2004-2005-жылдары №3 ПЛУАД мекемесинде инженер-программист болуп иштеген. 2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын октябрына чейин Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Жаштар медиа борборунун” координатору болгон. 2006-2009-жылдары “Азаттык” радиосунун кабарчысы жана “Азаттык+” телеберүүсүнүн журналисти болуп эмгектенген. 2009-жылдан 2016-жылга чейин “Азаттык” радиосунун интернет сайтынын (azattyk.kg) мультимедиалык редактору болуп иштеген. 2016-жылдын мартынан тарта Мирлан Токталиев КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгында эксперт болуп иштеп келген.

ИМ экстремисттик тобу смартфондор үчүн балдар тиркемесин чыгарды

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Android базасында смартфондор үчүн тиркеме чыгарды. Бул туурасында  Би Би Си кызматы кабарлады. Жихадчылар жаңы тиркеме жөнүндө социалдык түйүндөрдө маалымдап, аны жүктөп алуу үчүн шилтемелерди жигердүү жарыялоодо. Алардын айтымында, программа балдарга араб тилин үйрөнүүгө жардам берет.

Түйүндөрдөгү скриншотторго караганда, ар бир тамга сүрөттөр менен коштолгон. Колдонуучулар аталган тиркемеден тийиштүү темадагы музыка уга алары белгиленет. Маселен, бала тамгалардын бирин басса, мылтыктын арабча айтылышы угулат. Башка тамгада танктын сүрөтү тартылган.

ИМ экстремисттик тобу Android базасындагы телефондор үчүн тиркемени буга чейин да чыгарган болчу. Анын жардамы менен бул топтун тарапташтары жихадчылардын акыркы жаңылыктарынан кабардар болуп турушкан. Негизи эле ИМ согушчандары социалдык түйүндөр менен активдүү колдонуп келишет.

Боронов өзгөчө кырдаалдар боюнча өкмөттө маалымат берди

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өлкө аймактарындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов үстүбүздөгү жылдын 9-майында катталган катуу шамалдын айынан Баткен облусунун айрым райондорунда турак-жайлардын жана социалдык обьекттердин жабыр тартканы боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Баткен облусу боюнча 866 турак-жайдын 9651 даана шифери, ал эми 17 социалдык объектинин 833 шифери талкаланган. Талас облусунун айрым райондорунда мөндүр аралаш жаандан жана катуу шамалдан сел пайда болгон. Ошондой эле орто мектептердин биринин жана райондук прокуратуранын чатырлары бүлгүнгө учураган.

Кубатбек Боронов учурда комиссия жаратылыш кырсыгынан келтирилген зыяндын көлөмүн аныкталып жатканын билдирди. Республикадагы абал тууралуу маалымат менен таанышкан соң Мухамметкалый Абулгазиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлерине жана райондук мамадминистрация жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Буга ылайык, аймактарга жаратылыш кырсыгынан келтирилген зыяндарды жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу, чарба обьектилерин коргоону камсыздоону күчтөндүрүү зарыл. Мындан тышкары, тургундарды коопсуз аймактарга көчүрүүнү тездетүү, материалдык зыяндардын, адам курмандыктарынын алдын алуу боюнча чараларды аныктоо тапшырылды.

Журналист Эрнис Кыязовдун Сөз эркиндиги форумунда сүйлөгөн сөзү

Бишкекте, 5-майда Сөз эркиндигин коргоо комитети, «Элдик саясат» полиси институту, «Улуттук кызыкчылык» тобу, «Кылым шамы» жана «Бир дүйнө» өкмөттүк эмес уюмдары биргеликте Сөз эркиндиги форумун өткөрүштү. Анда саясат талдоочулар, эксперттер, журналисттер, саясатчылар жана коомдук активисттер акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымдар тууралу, дегеле сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана эртенки келечеги тууралу кеңири сөз кылышты. Форумдун акырында Резолюция кабыл алынып, коомчулукка жана бийликке сөз эркиндигин коргоп калуу боюнча кайрылуу жасашты. Төмөндө журналист Эрнис Кыязовдун форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын аралдарынын фрагменттерин табышты. Бул туурасында Новосибирск мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, изилдөөгө Орусия, Германия, Улуу Британия жана Жапониянын өкүлдөрү катышты. Анын натыйжалары Gondwana Research илимий журналында жарыяланган.

Аталган университеттин улук илимий кызматкери Инна Сафонованын айтымында, байыркы аралдардын фрагменттери Кыргызстандын аймагындагы түштүк Тянь-Шань тоо кыркаларынан табылган. «Мында сөз океан тектери жөнүндө гана болгон жок. Биз океандык аралдардын фрагменттерин таптык. Окумуштуулардын эсебинде, аларга 55 миллион жыл болгон”, – дейт Сафонова.

Окумуштуулар Түркстан деп аталган же Түштүк-Тянь-Шань палеокеаны качандыр бир кезде Казакстан менен Тарим палео-континенттеринин ортосундагы аймакты ээлеген деп эсептешет.

Экс-премьердин классташы Шейшенкул Бакиров кыргыз спортунун душманыбы?

Өзүбүздө быйыл спорт тармагы үчүн күчтөнүп иштей турган убак. Бразилияда олимпиада өтөт, Көчмөндөр оюну да келе жатат. Бирок биздин спорт агенттик азырынча кыймылдап иш кылганы көрүнбөйт. Жетекчиликке да илең-салаң кыймылдап, ушул убакытка чейин деги эле жарытылуу бир иш кылбаган Шейшенкул Бакировду алып келип коюшуп ого бетер абал тереңдеп кетти. Жоругу жомок болгон Бакиров буга чейин ким болгон? Кандай кызматтарда иштеп, жумушунан кантип куулган? Азыркы спорт агенттигинин абалы кандай? Кадр тармагы кандай болуп жатат? Күрөш килемин сатып алабыз деген 7 миллион сомдун дайын дареги кайда? Былтыркы өткөн Көчмөндөр оюнунда канча миллион сом  туура эмес эсептелген. Мунун баарын изилдеп көрдүк. Балким бюджеттин акчасын оң солду чачып жыргап жаткан жетекчилердин кандай иштеп жаткандыгын жогору жактагылар биле бербесе керек.

Шейшенкул Бакиров ким эле?

Азыркы Дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Шейшенкул Бакировдун өткөн изине баам салып карап көргөн киши учурдагы  кызматына деги эле ыраа көрбөйт. Балким ал бул кызматка олтурбайт беле.  Ойдо жок жерден Кудайдан болуп  премьер-министр Темир Сариевдин спорт интернатында чогуу окуган классташы болуп калып, маңдайы ачылып майлуу-сүттүү кызматка илинип калды. Мындан сырткары азыркы президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакивдин убагындагы  өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болуп иштеген, Шейшенкул Бакировдун  классташы  Коёналиев Турусбектин да буз кызматка келүүсүнө жардамы чоң болуп кетти окшойт.  КУУнун тарых факультетин бүтүргөн, базалык билими жок Шейшенкул мырза башында дал ошол өзү окуган спорт интернатына машыктыруучу болуп ишке орношот. Бирок “жүз граммга” машыктырган каарманыбызды иштен алып ыргытып көчөдө калтырышат. Кайра дагы тааныштарды салып спорт мектептердин бирине машыктыруучу болуп иштеп калат. Бирок спортсмендерди эмес өзүн бир жерде дагы майын чыгарып иштебей, баарынын ашмалтайын чыгарып кеткен экен. Алыс кетпей азыркы кызматына келгенге чейинки  шаардык спорт тармагын жетектеп тургандыгына токтоло кетели. Шейшенкул Бакиров жетектеген шаардык спорт тармагында 2010-жылда келген. Мурдагы шаардык спортту жетектеп турган адамды кантип кызматтан кетиргени боюнча да жүрөк титиреткен окуялар  айтылып жүрөт. Ал иштердин баары артка кетип,  Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бакировду иштен алып койордо заман алмашып кетип кызматтык өсүш жасап кетти. Себебин жогоруда айттык. Баарынан жан кейиткени шаардагы жалгыз “Дельфин” бассейнин жок кылып салып, оңдоп түздөөгө керектеле турган 15 миллион сом  акчанын да дайыны жок калган. Шейшенкул Бакиров жетектеп турганда шаардык спорт тармагында бир дагы өспүрүм олимпиада оюндары бул жакта турсун, Азия оюндарында медаль алган эмес. Тескерисинче иштен баары артка кеткен. Спорттук база, акча, күчтүү кадрлардын баары шаардык спортто болсо да бир дагы медаль алууга жетишкен эмес. Шаарга келгенче жада калса батири жок Шейшенкул мырза спорт тармагын жетектээри менен эки кабат үй салып, “Джип” үлгүсүндөгү машине айдап калган. Кайсыл акчага? Бизнеси жок, жалаң айлык менен жашаган адам кантип мынча байлыкка ээ боло алат? Аны менен токтоп калбай экинчи жубайында да заңгыраган үйлөрдөн белек кылган экен. Кайсыл акчага алып берди? Же бизнеси барбы? Же мамлекеттин акчасын тоноп жатабы? Эми бул жагын УККнын кызматкерлери каттуу текшерип, дыкат изилдеп чыгат деген ойдобуз. Адал акчага алса бир жөн, мамлекеттин акчасына алса токтоосуз камалуусу зарыл. Мындай иштерине ичи чыкпаган Мурат Саралинов дагы мэрге  кирип, кызматтан кетирүүнү көздөп жүргөн. Тилекке каршы жарык дүйнө менен коштошуп кетти.

Кадрлар же күрөш килемин ала турган 7 миллион кайда кетти?

Былтыркы чуулгандуу Көчмөндөр оюну бүтөөрү менен ызы-чуу кошо башталган. Көчмөндөр оюнунда жетекчилик кылган оюндун сметасына Алмазбек Касенов  11 миллион сом ашыкча акча жазып коюп, териштирүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат. Андан тышкары 14 миллион сомго дагы ушунча жумуш аткарылды деп кол коюп берди. Президенттин фондунан  көк-бөрүчүлөр үчүн бөлүнгөн 1миллион сом дагы  тийешелүү жактарга араң дегенде таратылып берилген. Афган көк-бөрүчүлөрүнө 80 миң сом жетпей калып, уруш-талаш менен бөлүнүп берилгенин айтып жүрүшөт. Көчмөндөр оюну көп кемчиликтер менен өтүп, катышуучулар  айрым өлкөнүн өкүлдөрү кетебиз дегенге чейин барышкан. Бул да Алмаз Касеновдун кесепетинен болгон. Айта берсе Алмазбек Касеновдун жоругу түгөнбөйт.  Жада калса Чолпон-Ата шаарындагы   ат майданды сапатсыз жасап коюп сот жообуна тартылып жаткандардын бири Мергенбаев Эркин деген жигитке Спартак стадионун кичи аренасын 35 жылга ижарага берип жиберген. Спорт агенттик соттошуп жатып кайра тартып алганына аз эле убакыт болду.   Соттошуп талашып жатканда мамлекетке канча чыгым келди экен? Мунун дагы чындыгы чыга турган убагы  бүгүн болбосо эртең келээр. Бакиров мындай мандемдүү кызматкерди дагы  кызматка алды. Албетте, Доорбай Миңбаев иштей алган жок. Доорбай Миңбаев менен Усенкан Майназаровдун  өз арызы менен кызматтан кетиши дагы  түндүк-түштүк деген трайбализимдин айынан болду. Түштүктүн жигиттерин кызматтан алуу иштери тазалоо акырындап жүрүп жаткандай.  Бирок, андан башка деле татыктуу талапкерлер көп эле да. Күрөш килеми сатылып алынат деген 7 миллион сомдун азыр отчётун алган же берген киши жок. 25 даана Москвадан келе турган  күрөш килемдерине которулган 7 миллион сом акчанын 5 миллионуна Кыргызстанда эле жасалган, сапатсыз, курулуш тармагында колдонулган  жыгачтардан жасалган, ичинде поролон төшөлгөн  шумдуктай килемдерден 25ти алып келип коюп коюшкан. Калган 2 миллион сом кайда калды, белгисиз. Же спорт агенттиктин  бухгалтериясында турабы?  Аны да бир Кудай билет. Ушундай кылыктары бар адамды бакыйган спорт агенттиктин башына кою өзү акылга сыябы?

“Сен мага тийбе, мен сага тийбейм…”

Беш жыл иштеп, көзгө көрүнө турган бир иш кылбаган Бакировдун эми андан да жогору тармакка келип алып иш кылаарынан күмөнүбүз бар. Учурда  реформа кылууга ниети жок “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” –деген принцип менен жашап жатышат. Спорт тармагына бөлүнгөн олчойгон суммаларды бери жактагы шылуундар каалагандай калчап, тоноп жатышат. Талап койгонду билбеген, колу таза эмес жетекчи кантип чоң тармакты башкара алат. Спорт мектептерде качанкы 20 жыл мурун бүтүп кеткен балдар  жүрүшөт.  Мурдагы шаардык спорт тармагын жетектеп турганда иштебеген машыктыруучулардын тизмесин кошуп алып, айлык жаздырып койгон жоругу да айтылып жүрөт. Деги муну текшерген жан барбы?

Спорт ордосу дагы өзүнчө жомок

Эдил Касенов деген популист, мактаганды жанындай сүйгөн, кошоматчылыкты катырган жигит Спорт ордосуна жетекчи болуп келээри менен иш алдыга жылгансыган. Журналисттерге “мамлекеттен бир тыйын албай туруп ушундай иштерди жасап жатам” деген курулай популизимин айтып келген. Ырас Спорт ордосу оңолду, олтургучтар жаңыланды, коридорлор тазаланып, көркүнө келди. Өзү айткандай “мамлекеттен бир тыйын албаса”  иш чаралардан  түшкөн акчалар кайда кетти? Бирок анын баарын Касенов жалгыз жасаган жок да. Кудайдын куттуу күнү куру эмес концерттерден түшүп жаткан акчалар кайда кеткенин сураган киши жок. Шейшенкул Бакировдун кебетеси ушул болсо  кантип акчаларды сурап алат?

Аралашкан Ысык-Көл оюндары

Маркум Мурат Саралинов, кийинки жетекчилер дагы мамлекеттен бир тыйын сурабай жеке каражаттарын таап “Ысык-Көл” оюндарын өткөрчү. Бюджеттин акчасын үнөмдөп калалы деген аракеттер дагы талкаланып Шейшенкул Бакировдун  убагында олчойгон суммада акча коротулуп өткөргөн. Эл аралык оюндар дүйнөлүк тактика боюнча оюнчулар төлөп келишет, спорт агенттиги жөн гана оюнду уюштуруп берип коюшат. Былтыркы өткөн “Ысык-Көл” оюндардында мамлекеттин акчасына гүлдөп, Шейшенкул Бакиров аппарат кызматкерлеринин баарын, анысы аз келгенсип аялын, кызын ээрчитип барып  жыргап келишиптир. Маалымат жагын тейлөө кызматкерлери жана тийиштүү адамдар гана барыш керек эле да. Жалпы аппарат кызматкерлеринин ал жерге эмнеге ээрчитип барды экен, түшүнүксүз. Ич күйдүүлүк деле жок. Бирок бюджетке акча таппай мамлекет карайлап турганда ушундай чыгымдардын кереги бар беле?  Же премьер-министрдин классташымын деп мамлекеттин эсебинен жыргай берүү керекпи?  Андай мүмкүнчүлүктү Шейшенкул мырзага ким берди? Классташыбы…?

Агынан жарылган Гүлмира Кудайбергенова

Жыл башында өкмөттүн социалдык бөлүмүн жетектеген Гүлмира Кудайбергенова атайын коллегиялык жыйын өткөрүп “Спортту алдыга жылдырыш үчүн спорт агенттик эч нерсе кылбай жатат. 2014-жылы Эл аралык мелдештерде 300гө жакын медаль алсак, 2015-жылы 230 медал алдык. Эң коркунучтуу нерсе олимпиададан бир дагы медаль алган жокпуз.  Жылына 32 миллион сом спортчуларга стипендия бөлүнөт. Андан сырткары 200 миллион сомго жакын акча мелдештерге кетет. Бирок жыйынтыгы кана?” –деди. Туура айтты, жыйынтыгы жок. Жада калса жакшынакай ачылып иштеп жактан медициналык борбор дагы Бакиров кызматка келээри менен күм-жам болду. Медициналык борбор  спорт тармагына өтө керек. Спортчу эмне тамак жеп жатат, каны кандай? баарын карап турчу борбор жабылды да калды. Спортчу жигиттердин убалы кимге? Ушунча акча коротуп жанталашып жаткан мамлекеттин  ишеничи кана? Же өзүм билем өтүгүмдү төргө илем деген Бакиров ушунчалык эле түшпөс хан болуп калганбы? Фармокология менен  илим комплекс бригадасын дагы жок кылды. Курама командалар менен биргеликте күнү-түнү иштей турган команда бүгүн жок.  Спортчулардын убалы кимге? Бакиров ошончолук кыргыз спортунун душманыбы?

500 киши чакырылган той

Шейшенкул Бакиров шаардык спортту жетектеп турганда өзүнүн 50 жылдык кечесин борбор калаадагы кымбат ресторандардын бирине 500 киши чакырып белгилегени менен дүң этти. 500 киши, элестетиңиз, миң сомдон эсептегенде эле 500 миң сом кетет. Тойдун чыгымдары баарыбызга эле маалым. Кымбат ресторандарда 500 миң сом тиш чукур да болбой, миллион сомдорду чапчып кетет. Жылкысы, биринчи экинчи тамагы, келген конокторго байгелер жана башкалар болуп атып көп акча коротоорун угуп эле жүрөбүз го. Бирок эч бир ишкердик иши жок, же бир кымбат акциялар менен иштебеген, 10 миң сомдон ашпаган айлыкка 500 миңди кантип чогултту экен? Күч органдары, текшерүүчү органдар спорт тармагын каратып туруп талап тоноп аткан адамды текшерип койсоңуздар ашыкча болбойт эле. Муну менен эле Бакировдун кылыктары токтоп калбайт. Учурда  спорт агенттигин эсептөө палатасы текшерүү жүргүзүп жатат. 1 миллион 812 000  сом  кассадан жетишпей чырдашып жатканы маалым болду. 5 ай иштебей жатып ушунча акча  жок болуп кетсе, Шейшенкул Бакиров дагы жарым жыл иштегенде кандай акчалар тонолуп кетет? Адам ойлонгондон да коркосуң. Дагы изилдеп көрөбүз. Шейшенкул Бакиров кызматка келгенден бери спорт тармагы чырдын гана үстүндө жашап жатышат. Спорт интернатындагы балдардын согушу, кызматкерлердин жоопко тартылуусу жана башкасы дагы бул кишини кызматынан солк эттирип койгон жок. Премьер-министр бул жатта чогуу окуган классташын кыя албай көз жумуп жүрүп кызматынан кетти. А спорт тармагынын  күйөрмандары, мунун баарын угуп билип турган кишилер кантип жатты экен? Ушуну премьер-министр ойлонуп койсо жакшы болоор эле.

Кылмышкерлер кызматка келе баштады

Шейшенкул Бакиров 2015-жылдын аягында керектөөчүлөр үчүн атайын тендер өткөрбөй туруп 7 миллион турган буюмдарды өзү каалагандай сатып алып койгон. Муну териштирген бир да орган жок. Керек болсо жогорудагы кылыктары үчүн деле  кызматтан кете турган Шейшенкул Бакиров учурда кызматын ээлеген бойдон олтурат. Туура алдыда олимпиада келе жатат. Бирок бизден күчтүү спорту өнүккөн Бразилия, олимпиада өтө турган мамлекетте деле спорт министрин болбогон күнөөсү үчүн алып салды. Же Шейшенкул Бакиров ушунчалык эле табылбай турган кадрбы? Баса, жакында эле Ысыралиев Төлөсүн олимпиадага кайра даярдоо мектебине директору кылып алып келди. Мурат Саралинов жаратпай кызматтан алып салган бул кадрдын көрсө тирөөчү Жогорку Кеңештин депутаты экен. Кылмыш дүйнөсүнө аралашып жүргөн адам балдарыбызды олимпиадага чейинки мектепке даярдап жатса жыргаган экенбиз. 2015-жылды жыйынтыктап жатып Шейшенкул Бакиров ресторанга олимпиадалык балл өткөргөн. Спортчуларга акча жетпей жаткан учурда миллион сомго балл өткөрүп көңүл ачуунун зарылдыгы бар беле? Муну ойлонгон киши барбы?

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

 

 

Президент Жаныбек Капаровду кызматтан бошотту

Жаныбек Капаров Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын начальниги кызматынан бошотулду. Тишелүү жарлыкка бүгүн, 11-майда Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Райимберди Дуйшенбиев Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын начальниги болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 11-майда Райимберди Дуйшенбиевди мурда ээлеген кызматынан бошотуу менен Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын начальниги болуп дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Ысык-Көлдө милиция кызматкери жээнин атып салды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда милиция кызматкери табелдик куралдан жээнине ок чыгарып, ал оор жаракаттан улам каза тапты. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда 10-май күнү кечке жуук туугандар ортосунда чатак чыгып, арты кайгылуу окуя менен аяктаган. Жээнин атып алган милиция кызматкери тартип коргоо органдарына өзү келип, учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Бангладеште исламчыл партиянын лидери дарга асылды

Бангладеште исламчыл партиянын лидери, 72 жаштагы Мотиур Рахман Низами дарга асылды. Өкүм Дакка шаарынын борбордук түрмөсүндө ишке ашырылды. Рахман Низамиге 1971-жылы көз карандысыздык үчүн болгон согуш учурунда оор кылмыштарды жасаган деген айып тагылган.

Өкүмдү ишке ашыруудан бир күн мурун жалпы өлкө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Жүздөгөн адам бул жазаны кубаттап көчөлөргө чыккан. Ал эми Низаминин тарапташтары түрмөнүн алдында нааразылык билдирип турушту.

Жамаат-э-Ислами партиясынын лидери адам өлтүргөндүгү, зордуктоолор жана интеллектуалдарды жок кылууну уюштургандыгы үчүн айыпталган. Исламчыл партиянын өкүлдөрүнүн үстүнөн болгон жараян жана 2013-жылы чыгарылган өкүмдөр Бангладеште элдик толкундоону жараткан. Анада беш жүздөй адам баш-аламандыктын курмандыгына айланып, миңдеген исламчылар камакка алынган.

Өкмөт башчы Жээнбеков бүгүн Тажикстанга барат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда Тажикстанга эки күндүк жумушчу сапар менен жөнөп кетет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы «CASA-1000» долбоорунун курулушунун расмий башталышына арналган аземге катышат. Иш-чара тажик президенти Эмомали Рахмондун, Пакистан жана Афганистандын өкмөт башчыларынын катышуусунда өтөт.

Ошондой эле сапар алкагында Тажикстандын жетекчилиги, Афганистандын премьер-министри Абдулла Абдулла менен эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген. Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-тажик жана кыргыз-афган кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечек багыттары талкууланат.

Улукбек Ормонов ант берди

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын тизмеси боюнча депутаттык мандан алган Улукбек Ормонов бүгүн парламенттин жалпы жыйынында ант берип, кызматын аткарууга киришти. Эске сала кетсек, буга чейин аталган фракциянын мүчөсү Лунара Мамытова өз каалоосу менен мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, анын өтүнүчүн Борбордук шайлоо комиссиясы канаатандырган эле.

Улукбек Ормонов 2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүнө чейин парламенттеги башкаруучу «Ак жол» фракциясынын лидери болгон.

 

1902 эне - “Баатыр эне” ордени, 437 эне - “Эне даңкы” медалы менен сыйланат (толук тизме)

Алмазбек Атамбаев “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыктардын негизинде, КР Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1902 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 437 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланат. Төмөндө сыйга татыган энелердин толук тизмеси:

Баатыр Эне – Тизме

Эне Даңкы – Тизме

АКШ соту Гүлнара Каримованын ишин убактылуу токтотту

Нью-Йорктун Түштүк округунун федералдык соту Гүлнара Каримова менен ага жакын адамдарга тиешелүү делген 850 миллион долларды конфискациялоого байланышкан ишти убактылуу токтотту. Сот мындай чечимди АКШ менен Өзбекстан бийлигинин өтүнүчүнөн улам кабыл алган. Вашингтон менен Ташкент соттон тышкаркы тартипте эле аталган миллиондордун тагдырын чечүүгө ниеттенүүдө.

Кеп Швейцариядагы эсепте камакка алынган 550 миллион жана АКШ, Ирландия, Люксембург жана Бельгия банктарында тоңдурулган 300 миллион доллар туурасында болуп жатат. Бул акчалар Ислам Каримовдун улуу кызына тиешелүү деп айтылып келет. Акчаны кайтарып алуу максатында өзбек бийлиги америкалык Holwell Shuster&Goldberg жактоочу компаниясын жалдап, анын юристтери ньюйорктук сот Эндрю Картерге Өзбекстандын юстиция министринин колу коюлган кат жөнөтүшкөн.

Катта америкалык тарап камакка алган 500 миллион доллар Өзбекстанга тиешелүү экендиги жана өлкө айрым ишкерлер жасаган кылмыштын курмандыгы болуп калгандыгы айтылган. Бирок Гүлнара Каримова жөнүндө эч кандай сөз жок.

Видео - Кыргызстандык кыз мас болуп, учакта жаңжал чыгарды

Air Astana авиакомпаниясынын «Алматы–Куала-Лумпур» аба каттамында 23 жаштагы Кыргызстандын жараны мас болуп алып, чатак чыгарган. Informburo.kz. маалымдашынча, бул айым жүргүнчүлөр менен стюардессаларды жаман сөздөр менен тилдеп, сөккөнгө чейин барган.

Алматы полициясынын линиялык бөлүмүнө Air Astana компаниясынын авиациялык кызматынын өкүлү телефон чалган. Ал Алматы-Куала-Лумпур авиа каттамынын жүргүнчүлөрүн ордуларына жайгаштыруу учурунда Кыргызстандын 1994-жылы туулган жараны мас экендиги аныкталгандыгын кабарлаган.

Полиция аталган кызга карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча административдик протокол түздү. Анын айынан учак белгиленген убакыттан 45 мүнөт кечигип сапар алган.

https://youtu.be/Kp6l-C8p9iE

ЕИБ өлкө аймагындагы калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылууга 20 млн евро бөлөт

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы “Кыргызстандагы ичүүчү суу менен жабдуу жана катуу калдыктар долбоорунун насыялык макулдашуу” долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына караганда, келишим шарттарына ылайык, Европа инвестициялык банкы өлкө аймагындагы калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу, таштандылардан арылтуу багытында 20 млн евро өлчөмүндө каражат бөлөт. Жеӊилдетилген насыя 25 жылдык мөөнөткө берилүүдө. Анын алгачкы 8 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат.

Кыргызгидромет: прогноз погоды с 11 мая до 15 мая

Агентства по гидрометеорологии при Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики предоставляет прогноз погоды на период с 11 мая до 15 мая 2016г.
Штормовое предупреждение!
10-11 мая в связи ожидаемыми локальными ливневыми дождями в горных и предгорных районах республики селеопасно.
В городе Бишкек 11 мая ночью и утром дождь, возможна гроза, днем без осадков. Ветер западный от 4-9 метров в секунду. Минимальная температура воздуха ночью 9…11°, максимальная температура воздуха днем 19…21°.
В городе Ош 11 мая дождь, возможна гроза. Ветер западный от 4-9 метров в секунду. Минимальная температура воздуха ночью 12…14°, максимальная температура воздуха днем 22…24°.
11 мая ночью на большей части территории, днем местами дожди, грозы, в высокогорных районах снег, ночью в отдельных районах осадки сильные. На высокогорных участках дорог снежный накат и гололедица. Ветер западный от 4-9 метров в секунду, местами с порывами до 15-20 метров в секунду.
12 мая в отдельных районах дожди, грозы, в высокогорных районах снег.
13 мая без осадков. На высокогорных участках дорог снежный накат, гололедица. Ветер западный от 4-9 метров в секунду.
14 мая без осадков.
15 мая дожди, грозы, в высокогорных районах снег. Колебание температуры воздуха.

Жена Айдара Акаева и экс-глава MegaCom могут быть причастны к офшорам из «Панамских документов»

Международный консорциум журналистов-расследователей (ICIJ) накануне, 9 мая, опубликовал базу данных офшорных компаний, известную как «Панамские документы».

В этой базе данных содержатся более 320 тысяч названий офшорных фирм с именами акционеров, учредителей и владельцев. Первоначальный поиск в этой базе выявил несколько кыргызстанцев, имеющих отношение к офшорам.

Бывший гендиректор ОАО «Электрические станции» Аман Тентиев и экс-гендиректор ЗАО «Альфа Телеком» (оператор MegaCom) Азамат Мурзалиев были акционерами ликвидированной уже компании Sheracson Consulting Inc.

Эта компания была создана на Кипре в 2003 году, к настоящему времени она ликвидирована. Помимо вышеуказанных имен акционерами ликвидированной фирмы указаны вероятные выходцы из Кыргызстана Эрмек Исманкулов, Эрмек Конурбаев, Алия Керимбаева, Руслан Турбатов.

В базе содержатся имена почетного консула Австрии в Кыргызстане Владимира Никонова, являющегося бенефициаром (реальным владельцем акций — прим. ред.) офшорной фирмы Valmeca Universal S.A на Багамских островах.

Гражданка Кыргызстана Ангелина Ли является акционером и директором фирмы Danum Solis Ltd на Британских Виргинских островах.

Кыргызстанец Жолдошбек Акматалиев числится акционером компании Verney Productions Ltd на Британских Виргинских островах.

Предположительно, в документах фигурирует имя Сайкал Акаевой — супруги Айдара Акаева, сына экс-президента Кыргызстана. Она вместе с некой Асель Бактыбек является акционером действующей компании Minden Business Limited на Британских Виргинских островах.

Редакция продолжит работать с «Панамскими документами». Следует добавить, что наличие офшорных компаний или причастность к ним сами по себе не являются криминальным действием.

Источник: rus.azattyk.org

Видео - Пьяная киргизка устроила драку в казахском самолете

Сегодня на борту казахстанского самолета рейса KC 0935 Алматы — Куала-Лумпур авиакомпании Air Astana произошла драка, зачинщиком которой стала пьяная девушка из Кыргызстана. Как сообщает informburo.kz, уроженка Кыргызской Республики 1994 года рождения начала бить ногами молодого человека. Из-за конфликта рейс был задержан на 45 минут.

«В 00:55 в линейный отдел полиции Алматы от представителя авиационной наземной службы авиакомпании «Эйр Астана» поступило телефонное сообщение о том, что на 12-й стоянке при посадке на рейс Алматы — Куала-Лумпур пассажирка данного рейса находится в пьяном виде. Установлено, что девушка гражданка Кыргызской Республики 1994 года рождения. Она находилась в пьяном виде», – сообщили в правоохранительных органах.

https://youtu.be/Kp6l-C8p9iE

Дежурной частью линейной полиции аэропорта Алматы в отношении девушки составлены административные протоколы по двум статьям: 566 – «Нарушение правил поведения на воздушном судне» и 440 – «Распитие алкогольных напитков или появление в общественных местах в состоянии опьянения».

Как писала Politeka, 36-летний житель Бейт-Шемеша (город в Иерусалимском округе Израиля) устроил скандал в самолете крупнейшей израильской авиакомпании El Al, который летел из Варшавы в Тель-Авив, из-за демонстрируемого в салоне фильма, который он счел нескромным.

Ранее самолет Alaska Airlines совершил вынужденную посадку на полпути из-за того, что пьяный пассажир  устроил скандал и угрожал членам экипажа.

Источник: politeka.net

Премьер поручил минтрансу провести реконструкцию дороги Бишкек-Ош

Премьер-министр накануне в рамках рабочей поездки в Джалал-Абадскую область проинспектировал состояние автомобильной дороги Бишкек-Ош. Об этом сообщает отдел информационного обеспечения аппарата правительства.

Осмотрев некоторые участки дороги Бишкек-Ош, Жээнбеков поручил Министерству транспорта и коммуникаций провезти ревизию дороги и начать работу по реконструкции.

Министр транспорта и коммуникаций Замирбек Айдаров проинформировал главу правительства о том, что готовится программа по восстановлению дороги Бишкек-Ош и в скором времени начнется работа по ее реализации.

Перед Министерством транспорта и коммуникаций поставлена задача проведения на первом этапе неотложных ремонтных работ на участке 142-155 км дороги Бишкек-Ош, в целом более 5 километров.

Кыргызгидромет: 10-майдан 15-майга чейинки аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 11-майынан 15-майына чейин аба ырайы.
Шашылыш билдирүү!
2016-жылдын 10-майынан 11-майына чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Бишкек шаарында 11-май күнү түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 11-май күнү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.
11-май күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
12-май күнү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
13-май күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
14-май күнү жаан-чачын күтүлбөйт.
15-май күнү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Жылдыз Жолдошова: "Эгер бийлик конституцияны өзгөртүп, президентти эл эмес парламент шайлай турган кылышса анда бир тууган Жээнбековдор сыяктуулар шайланат"

Бишкекте, 5-майда Сөз эркиндигин коргоо комитети, «Элдик саясат» полиси институту, «Улуттук кызыкчылык» тобу, «Кылым шамы» жана «Бир дүйнө» өкмөттүк эмес уюмдары биргеликте Сөз эркиндиги форумун өткөрүштү. Анда саясат талдоочулар, эксперттер, журналисттер, саясатчылар жана коомдук активисттер акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымдар тууралу, дегеле сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана эртенки келечеги тууралу кеңири сөз кылышты. Форумдун акырында Резолюция кабыл алынып, коомчулукка жана бийликке сөз эркиндигин коргоп калуу боюнча кайрылуу жасашты. Төмөндө саясатчы Жылдыз Жолдошованын форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.
https://www.youtube.com/watch?v=LVuNGYNxBcI
Булак:Кyrgyztoday.kg

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу: "Саясатчылардын тобу журналисттердин үнүн басуу менен мамлекеттик бийликти басып алышты"

Бишкекте, 5-майда Сөз эркиндигин коргоо комитети, «Элдик саясат» полиси институту, «Улуттук кызыкчылык» тобу, «Кылым шамы» жана «Бир дүйнө» өкмөттүк эмес уюмдары биргеликте Сөз эркиндиги форумун өткөрүштү. Анда саясат талдоочулар, эксперттер, журналисттер, саясатчылар жана коомдук активисттер акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымдар тууралу, дегеле сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана эртенки келечеги тууралу кеңири сөз кылышты. Форумдун акырында Резолюция кабыл алынып, коомчулукка жана бийликке сөз эркиндигин коргоп калуу боюнча кайрылуу жасашты. Төмөндө укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.
https://www.youtube.com/watch?v=WLTRvwvK2Go
Булак: Кyrgyztoday.kg

Равшан Жээнбеков, саясатчы: "Сөз эркиндиги - бул мамлекетти башкаруудагы демократиялык баалуулуктардын эң маанилүү, эң фундаменталдуусу"

Бишкекте, 5-майда Сөз эркиндигин коргоо комитети, «Элдик саясат» полиси институту, «Улуттук кызыкчылык» тобу, «Кылым шамы» жана «Бир дүйнө» өкмөттүк эмес уюмдары биргеликте Сөз эркиндиги форумун өткөрүштү. Анда саясат талдоочулар, эксперттер, журналисттер, саясатчылар жана коомдук активисттер акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымдар тууралу, дегеле сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана эртенки келечеги тууралу кеңири сөз кылышты. Форумдун акырында Резолюция кабыл алынып, коомчулукка жана бийликке сөз эркиндигин коргоп калуу боюнча кайрылуу жасашты. Төмөндө саясатчы Равшан Жээнбековдун форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.
https://www.youtube.com/watch?v=wxDywwdu_vA
Булак:Кyrgyztoday.kg

Абдылда Капаров, полковник: "Бир тууган Сооронбай менен Асилбек Жээнбековдор 2010-жылдан бери менин оозумду жабуу үчүн куугунтуктап келатышат"

Бишкекте, 5-майда Сөз эркиндигин коргоо комитети, «Элдик саясат» полиси институту, «Улуттук кызыкчылык» тобу, «Кылым шамы» жана «Бир дүйнө» өкмөттүк эмес уюмдары биргеликте Сөз эркиндиги форумун өткөрүштү. Анда саясат талдоочулар, эксперттер, журналисттер, саясатчылар жана коомдук активисттер акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымдар тууралу, дегеле сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана эртенки келечеги тууралу кеңири сөз кылышты. Форумдун акырында Резолюция кабыл алынып, коомчулукка жана бийликке сөз эркиндигин коргоп калуу боюнча кайрылуу жасашты. Төмөндө милициянын полковниги, Ош облустук милициянын экс-начальниги, Апрель Баатыры Абдылда Капаровдун форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Адахан Мадумаров, саясатчы: "Сот Икрам Илмияновдун ар намысын 1 миллион 200 миң сомго бааласа, Мадумаровдун кадыр-баркын 20 миң сомго баалады" - Сөз эркиндиги форумунда сүйлөгөн сөзү

Бишкекте, 5-майда Сөз эркиндигин коргоо комитети, «Элдик саясат» полиси институту, «Улуттук кызыкчылык» тобу, «Кылым шамы» жана «Бир дүйнө» өкмөттүк эмес уюмдары биргеликте Сөз эркиндиги форумун өткөрүштү. Анда саясат талдоочулар, эксперттер, журналисттер, саясатчылар жана коомдук активисттер акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымдар тууралу, дегеле сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана эртенки келечеги тууралу кеңири сөз кылышты. Форумдун акырында Резолюция кабыл алынып, коомчулукка жана бийликке сөз эркиндигин коргоп калуу боюнча кайрылуу жасашты. Төмөндө саясатчы Адахан Мадумаровдун форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.

Булак:Кyrgyztoday.kg

Табылды Акеров, саясат талдоочу: "Анапияевди Жаныш Бакиев өлтүрдү дегенге ишенүүгө болбойт" - Сөз эркиндиги форумунда сүйлөгөн сөзү

Бишкекте, 5-майда Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Элдик саясат” полиси институту, “Улуттук кызыкчылык” тобу, “Кылым шамы” жана “Бир дүйнө” өкмөттүк эмес уюмдары биргеликте Сөз эркиндиги форумун өткөрүштү. Анда саясат талдоочулар, эксперттер, журналисттер, саясатчылар жана коомдук активисттер акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымдар тууралу, дегеле сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы жана эртенки келечеги тууралу кеңири сөз кылышты. Форумдун акырында Резолюция кабыл алынып, коомчулукка жана бийликке сөз эркиндигин коргоп калуу боюнча кайрылуу жасашты. Төмөндө саясат талдоочу Табылды Акеровдун форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Сооронбай Жээнбеков Казакстанга картошканын киргизилишине тыюу салуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда, Кыргызстанда өндүрүлгөн картошканы Казакстан аймагына киргизүүгө тыюу салуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеге биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер-министр Олег Панкратов, айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Руслан Бейшенкуловдор катышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстанда өндүрүлгөн картошканын тегерегиндеги маселе чечилиши зарыл. “Өлкөнүн ЕАЭБге кошулуусу менен биздин айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн рыногуна кеңири мүмкүндүктөр ачылаарына үмүттөнүшкөн. Бирок азыркы учурга дейре алар өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарууда тоскоолдуктарга туш болууда, ошол эле учурда биз айыл чарба жаатындагы чоң мүмкүндүктөргө  ээ экендигибиз белгилүү. Биз дыйкандарыбызга ЕАЭБ мамлекеттерине продукциясын экспорттоого жол ачып берүү үчүн колдон келген аракетибизди кылуубуз керек», – деп белгиледи ал.

Премьер-министр тийиштүү министрлик жана ведомстволорго жергиликтүү картошканы казак рыногуна киргизүүгө карата салынган тыюуну алып салуу боюнча күч-аракетти координациялоону тапшырды. Ошондой эле картошканы экспорттого байланыштуу абалды тез арада чечүү иретинде казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү тапшырылды.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Олег Панкратов маалымдагандай, ЕАЭБ нормаларына ылайык, тыюу салуу үчүн олуттуу негиздемелер болуусу зарыл. «Учурда адистер тарабынан картошканы Казакстанга экспорттоого карата киргизилген тыюу салуунун негиздемелери иликтенүүдө. Ыйгарым укуктуу органдар казак тарап менен консультацияларды жүргүзүүдө. Атамекендик картошканы экспортоого карата тыюу салууну тез арада алып салуу үчүн бир катар чаралар кабыл алынат», – деп билдирди Панкратов.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Руслан Бейшенкулов маалымдагандай, ведомствонун адистери коңшу өлкөгө картошканы экспорттоого киргизилген тыюу салуунун себептерин иликтөөдө.

«Казакстандын аймагына атамекендик картошканы киргизүүгө расмий тыюу салуусу бизге келип түшө элек. Бирок иш жүзүндө тыюу салуу орун алууда. Эртең Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жана КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистер тобу казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана картошканы экспортоого карата тыюу салууга негиз болгон фактыларды салыштыруу үчүн Астана шаарына жөнөп кетет», – деп белгиледи Руслан Бейшенкулов. Ал кошумчалагандай, 2016-жылдын январынан тарта Казакстандын аймагына 1400 тонна картошка экспорттолгон, ал эми 113 тоннасы андагы ылаңдын (золотистая нематода) табылышы себептүү артка кайтарылган. Картошкадагы аталган ылаң түрү түшүмдүүлүккө таасирин тийгизгени менен адамдын ден-соолугуна жана өмүрүнө кооптуу саналбайт, деп белгиледи Бейшенкулов.

Түркмөнстанда аткезчилик менен кармалган жаран кыргыз элчилигинде иштегени аныкталды

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Түркмөнстанда аткезчилик менен кармалган жарандын элчиликте иштегенин тастыктады. Ал Кыргызстандын Ашхабаддагы элчилигинде техникалык кызматкер болуп эмгектенген.

Буга чейин түркмөн маалымат каражаттары 17-апрелде “Фарап” өткөрүү пунктунда 36 жаштагы Манас Осмонов аттуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкери автоунаасы менен Түркмөнстанга кирип келатканда ири контрабандалык тамеки менен кармалганын жазышкан. Соңку маалыматтарга караганда ал ошол күнү дипмиссиянын башчысынын уруксатысыз өзүнүн автоунаасы менен өлкөдөн чыгып кеткен. 20-апрелде Тышкы иштер министрлигинин буйругу менен Кыргызстандын Эмгек кодексинин негизинде кызматтан бошотулган.

Канат Исаев фракция ичиндеги өзүнө көзү түз эмес депутаттардан арылууга камданды

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев спикер болбой калганы ич күптүсү жазылбай, КСДПнын билермандарына катуу нааразы. Бийликтин дагы Канатка карата ишеними төмөндөп, жергиликтүү шаардык кеңештерде Ош, Токмок жана башка шаарларда «Кыргызстанды» коалицияга киргизбей койду. Мындай мамилеге ичи ооруган Канат мырза оппозицияга өтүп, бийликти бучкактан алчу учурду күтүп, бугуп жатат. Ал ортодо фракция ичиндеги өзүнө көзү түз эмес депутаттардан арылып, тирек болчуларды алып келүүнүн камын көрүүдө.

Алсак, Тынчтык Конушбаев менен Чолпон Султанбекованы мандаттан ажыратуунун аракетин көрүп жатканы айтылууда. Учурунда Тынчтык мырзаны Элвира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова, Урмат Ишенбеков сыяктуу кылып Жогорку Кеңештен айдап чыгаарда, ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев сактап калганы сөз болгон. «Сен Конушбаевди кетирсең, мен Арзыбек Кожошевди министрликтен алып ошонун ордуна алып келем» – деген ультиматум коюп. Ал эми Султанбекованы болсо Шаршенбек Абдыкеримов сактап калганы айтылган. Эми Канат ошондогу жетпей калган мүдөөсүн эми кайрадан ишке ашыруунун амалын көрүп жатканын эшиттик.

Булак: “Фабула”

Кыргызстандын тышкы карызы 255,3 млрд сомго жетти

2016-жылдын 31-мартына карата өлкөнүн мамлекеттик тышкы карызынын өлчөмү 3 646 млн АКШ долларын (255,3 млрд сом), же 2015-жылдын ИДПсына карата 60,3 % түздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

КР өкмөтү 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган багыттарга ылайык тышкы карыздарды тартуунун катаал саясатын карманат. Жалпы тартылган тышкы насыялардын 99 % жеңилдетилген шартта алынып, 0,75-2, 0% үстөк менен 40 жылдык мөөнөткө алынган. Тышкы карыздардын 90 % ашууну ар-кандай инвестициялык долбоорлор үчүн алынган.

Өкмөт тараптан мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлин камсыздоо максатында тышкы карызды кыскартуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылы гана тышкы кредиторлор тараптан 43,5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү карыз кечилген: Германия – 13,5 млн АКШ долларын (апрель айы) жана Россия өкмөтү 30,0 млн АКШ долларын (бир жыл ичинде) кечкен.

Кыргызстан экономикасы үчүн мамлекеттик карыз өлчөмүнүн кескин өсүүсүнө жол бербөөнүн маанисин сезүү менен жана мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү экономикалык өсүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чаралардын тизимин кеңейтүүгө, тышкы карыз алуунун катаал саясатын жүргүзүүгө, мамлекеттик тышкы карызды кыскартууну жана натыйжалуу башкарууну камсыздоого умтулууда.

Өкмөт башчы өзүнүн маалымат катчысын алмаштырды

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы болуп Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Чыңгыз Эсенгул уулу буга чейин КТРКда жана Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында иштеген.

Салянованы президенттике сүрөгөн “сырдуу караан” ким?

2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого атамекенчи Аида Салянова да катышаары маалым. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, Аида Жеңишбековнага дем берип, каржылык жактан көмөк көрсөтүүчү «сырдуу караан» Казакстандагы бийликтин бийик сересинде отуруптур. «Капка шибегени ката албаган» сыңарындай, Салянованын башкы «саяпкер-демөөрчүсүнүн» ысымы жакынкы аралыкта ачыкка чыгат. Күтө туралы, кичин-е-е калды.

Булак: “Жаңы агым”

Индира Жолдубаева коррупцияга шектелген прокурорду жазалагандын ордуна жогорку кызмат берип, депутаттарды алдады

Буга чейин ММКлар аркылуу Токтогул районунун мурдагы прокурору Марлен Чоробековго Токтогул районунун жашоочулары тарабынан “Марлен Чоробеков, коррупциялык иштерге барды, кылмышкерди калкалап жатат” жана башка ушул сыяктуу айыптар менен Президентке кайрылгандар байма-бай чыгып келген. Бирок, эч кандай жыйынтык болбой, алар Жогорку Кеңештин депутаттарына арыз менен түз өздөрүнө кайрылганга аргасыз болушкан. Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Руслан Казакбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңешке отчет бергенге келгенде жогорудагы маселени көтөрүшкөндө, Жолдубаева: “Марлен Чоробеков боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат, ал өз каалоосу менен кызматтан кетти” деп коюп, эртеси Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын биринчи орун басары кызматына милдетин аткаруучу кылып коюп, кызматтан жогорулатканын депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеңеште айтып чыкты. Депутат Руслан Казакбаевдин сөзүн оңдобой беребиз: -“Эгерде жарандар кайсы бир мамлекеттик кызматкерди коррупция беренеси менен айыптап жатса, демек бул жагдайды дыкаттык менен текшериш керек. Ушуга байланыштуу эки жума мурун Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде жылдык отчетун берип жатканда Марлен Чоробеков аттуу Токтогул районунун мурдагы прокуроруна нааразы болгон жарандардын арыздары жана коррупцияга шектелген жагдайлар боюнча башкы прокурорго суроо болгондо, “Ал иш боюнча тергөө жүрүүдө, жана тергөө жыйынтыгы менен тааныштырам” деп айтты эле. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында СДПК партиясынан депутат Төрөбай Зулпукаров ушул эле суроону Башкы прокурорго бергенде “Чоробеков өз арызы менен жумуштан кетти, кызматтык териштирүүлөр жүрүп жатат” деп жооп берген. Бирок, биздеги маалыматтарга караганда Марлен Чоробековдун үстүнөн текшерүү иштери жүргүзүлбөстөн, тескерисинче Башкы прокурор отчет бергендин эртеси эле күнү 14-апрелде Марлен Чоробеков Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын биринчи орун басары кызматына милдетин аткаруучу деген буйрук чыгарылып, жогорку кызматка дайындалды. Урматтуу Чыныбай Акунович, урматтуу Президентибиздин өкүлү, акыркы 4 жыл ичинде коррупцияга каршы иштер арбын жүрүүдө. Бирок, бүгүнкүгө чейин прокуратура кызматынын өздүк коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тарабынан коррупция менен шектелген бир дагы прокурор кызматкери айыпталган жок. Ошол эле учурда прокурор Марлен Чоробековдун коррупцияга каршы тиешеси бар деп коомчулук тарабынан айыпталганына карабастан Башкы прокурор айымыбыз Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга жалган маалымат берип, Чоробековду жазалабастан, тескерисинче кызматтык тепкич менен өстүрүп жатат. Чоробековго коюлган айыптар боюнча иликтөө жүргүзүлгөндүгү, анын жыйынтыктары жана эмне себептен ушул адамды жумушка дайындоо боюнча жашыруун сыр кылып, депутаттарга жалган маалымат таралгандыгы боюнча расмий жооп беришиңиздерди талап кылам!”

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисине СДПКчы А.Кутушев келатат

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Р.Ешмамбетов күтүүсүз кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Анын ордуна дагы бир СДПКчы Абдыманап Кутушев деген келээри айтылууда. А.Кутушев убагында бийликтин камчысын чаап, айрым саясий кырдаал курчуган мезгилде жагынма билдирүү таратып Алайда “дүжүр” деген ылакап ат дагы жармашкан. Анан калса депутат кезинде алгылыктуу деле  иши менен таанылган эмес, эми аппарат жетекчи болуп эмнени жыргатмак дегендер толтура.

Булак: maalymat.kg

«Панамагейт»: Дарига Назарбаеванын ысымы аталды

Панамалык Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын 9-майда интернетке жарыялаган материалдарында «Dariga N. Nazarbayeva» жөнүндө сөз болот. Бул казак президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы жана Казакстандын вице-премьери Дарига Назарбаева болушу ыктымал.

Эл аралык иликтөөчү-журналисттердин маалымдашынча, Dariga N. Nazarbayeva 2007-2012-жылдары Британиялык Виргиния аралдарында катталган Asterry Holdings LTD оффшордук компаниясынын тең кожоюну болуп саналат.

Документте ошондой эле миллионер Сержан Жумашов, ENRC металлургиялык гигант Патох Шодиев, бизнесмен Маргулан Сейсембаевдин да ысмы аталган. Тизмеде Уругвайда катталган жана Masterton Management LTD компаниясынын тең кожоюну Эрлан Сагадиев да бар. “Панамагейттин” алкагындагы алгачкы маалыматтар ушул жылдын апрелинен тарта ачыктала баштаган. Документтерде Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Алиевдин да фамилиясы жүрөт.

Айрым өлкөлөрдө “Панамагейттин” материалдарынын натыйжасында жогорку кызматтагы атка минерлер отставкага кеткен. Казакстанда болсо аталган маалыматтарга карата эч кандай жооп деле болгон жок.

Жалал-Абадда үйлөрдү жана жолдорду сел каптады

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Оганталаа айлында бүгүн саат 07:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөнү, турак жайларды жана короо, сарайларды каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Селден улам Базар-Коргон-Кызыл-Үнкүр унаа жолунда унаалардын кыймылы токтоп, жол бузулган. Учурда жаан басаңдап, сел суулары азайды.

Ошондой эле Сузак районунун Ак-Мечит айылында 9-майдан 10-майга караган түнү катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сугат каналдан суу ашып, болжол менен 7-8 үйдүн короо, сарайларын жана айланасын суу каптаган.

“Панама документтеринин” жаңы бөлүгү интернетке жарыяланды

Дүйнө лидерлеринин оффшордук эсептерин ашкерлеген маалыматты камтыган “Панама документтеринин” дагы бир бөлүгү интернетке жарыяланды. Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму 9-майда жарыялаган документте 200 миңден ашык оффшордук эсептер тууралуу маалымат камтылган. Бул документтер менен offshoreleaks.icij.org дарегиндеги сайттан таанышса болот. Эл аралык иликтөөгө катышкан орус журналисттеринин маалыматында, Орусиянын эки миңге жакын жараны оффшордук компанияларды каттаткан.

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму бир ай мурун дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыялаган. Бул документтерде КМШ өлкөлөрүнөн орус президенти Владимир Путин жана жакын санаалаштарынын, Казактандын башчысы Нурсултан Назарбаев менен байланыштагы ысымдар жана украин президенти Петр Порошенконун, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин аты аталган.

Бишкекте жол кире 19 сомго көтөрүлөбү?

29-апрелден баштап Бишкек шаарында Кытайдан гранттык негизде келген газ менен жүргөн автобустар каттай баштады. Бул автобустар атайын адистердин текшерүүсүнөн өтүп, жүргүнчүлөрдү ташууга даяр экенин Бишкек шаардык автопаркынын директору Бакыт ТЕМИКЕЕВ айтып берди.

— Газ менен жүрүүчү автобустардын өзгөчөлүгү эмнеде экен?

– Биринчи өзгөчөлүгү экологияга эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Себеби көгүлтүр от өзүңүздөр  билгендей айлана-чөйрөгө зыяны жок. Учурда Кыргызстандын табигатын буза турган чоң-чоң завод, фабрикаларыбыз жок болгону менен автоунаалардын күн санап өсүп жатышы эле абага уулуу зат бөлүп чыгарбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул жагынан алып караганда  бир аз болсо да экологияны сактап жатабыз десек болот. Анан да газ күйүүчү майга караганда бир топ арзан болуп  бизге абдан ыңгайлуу. Сыйымдуулугу жагынан да айырмаланып чоңураак, отуз беш орундуу болуп, жүз кишиге ылайыкташылган. Мурунку автобустар болсо жыйырма жети орундук менен жетимиш жүргүнчүгө кызмат кылат.

— Коопсуздук жагы канчалык деңгээлде жүргүнчүлөргө кепилдик бере алат?

— Газ менен жүрөт десе кокуй кичине бир нерсеге урунуп кетсе эле жарылып кетет экен деген түшүнүк бул эскиче көз караш. Азыр күн санап чыгып жаткан жаңы ойлоп табуулар, жаңы технологиялар бизди таң калтырбай деле калды. “Адамдан айла качып кутулбайт” деп коебуз го. Ошондой  дагы бир өзгөчөлүктү кытайлар бул автобуска колдонуптур. Газ баллондору автобустун үстүндө жайгашып, кандайдыр бир урунуу болсо көгүлтүр от чыгарып турган клапандары автоматтык түрдө  өзү эле жабылып калат экен. Айдоочуларды тандоодо эки жылдык тажрыйбасы менен, буга чейин башка мекемелерде эл ташып иштегенине карап кабыл алдык. Анан он күндүк окуудан өткөрүп, күбөлүктөрүн бердик. Эң биринчи эреже бул — айдоочу автобусту башкарып бара жатканда чылым тартууга болбойт. Мына ушундай кылдат окуудан өткөн кызматкерлерибиз учурда даяр.

— Жогоруда айтып өтпөдүңүзбү “көгүлтүр от  күйүүчү майга караганда бир топ арзан”  деп, анда көпчүлүк күткөн жол акы арзандайбы?

— Жок, жакынкы күндөрү арзандайт деп айта албайм. Себеби, техникалардын тетиктери чет өлкөдөн алынып келинет. АКШ акчасынын кымбаттаганына байланыштуу бузулган автобустарды оңдоо маселеси кыйын болуп жатат. Ошондуктан биз өзүбүздү-өзүбүз толук каржылай албай жатабыз. Күйүүчү майга, кызматкерлердин айлык маянасына араң жеткирип жатабыз. Ал эми бузулган автобустар иштебей, токтоп турат. Бизде негизинен 455 Кытай автобусу, Россиядан келген беш автобус бар. Ошонун жүз кыркы гана азыр элге кызмат кылып жатат. Калган автобусту ремонт кылууга каражат жок токтоп турат. Андыктан жол акыны арзандатмак түгүл 18-19 сомго чейин көтөрүүнү пландап жатабыз. Карап көрсөм биз канча жылдан бери жол акыны көтөрө элек экенбиз. Мамлекет бизге кары-картаңдар жана атайын жеңилдиктери бар жарандарга деп бөлүп берген акчаны Соцфондго жана башка төлөмдөргө эле жумшайбыз.

 — Жол акы кымбаттаса карапайым калкка эле кыйын болуп калат да, бул жагын да ойлонуп көрдүңүздөрбү?

— Чындыгында жумуш жок, айлык маяна аз, элдин турмушу кыйын болуп жатат. Каатчылык кабыргадан кайыштырып турганда жол акыны кымбаттатуу да чоң эле сокку болорун  түшүнүп турабыз. Бирок ошол эле учурда көпчүлүк бизге автобустардын аз каттап жатканы боюнча кайрылып жатышкандыктан, бузулуп турган автобустардын тетиктерин сатып алып оңдоо үчүн  каражат керек.

— Азыр каттамдагы автобустардын абалы деле сүйүнтөрлүк эмес. Тазалык, коопсуздук жагы такыр каралган эмес…

— Туура айтасыз, негизи бул автобустар бизге 2008-жылы келген. Ошондон баштап тынбай калаа тургундарын ташып жатат. Бирок бул техникалардын нөөмөтү беш гана жылга  болсо биздин пайдаланганыбызга сегиз жыл болду. Албетте, анан эшик-терезеси жакшы жабылбай эскирип калганы да ушундан. Буюрса жаңы автобустар келди жана дагы жакынкы күндөрү келет деп күтүлүп жатат, жогорудагыдай ыңгайсыздыктын баары  жакында жүргүнчүлөргө көйгөй жаратпайт деп мен айтып өтөйүн.

Ал эми тазалык жагына токтолсок,  ар бир айдоочуга өз унаасын таза алып жүрүш керек деген милдеттендирме берилет. “Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот” деген Искак Раззаковдун жакшы  сөзү бар го. Ар бир жүргүнчү коомдук унаада өзүн сыйлап, таштанды таштабай, түкүрбөй  койсо эле тазалык сакталат деп ойлойм.

 — Кытай автобустары сапаты жагынан  да начар, элге кызмат кылуу нөөмөтү да аз экен, балким башка өлкөлөрдүн техникаларын алып келсе кандай болот?

— Бул автобустар белекке келди да. Ал эми мурункулары арзанына карап алынып келинген болушу керек. Чындыгында  Россиянын беш автобусу сапаты жагынан, ичинин ыңгайлуулугу  да кыйла жакшыраак. Бузулуп калса тетиктерин алып келүү да оорчулукту туудурбайт. Ал эми кытай автобустары  биздин жолдорго туруштук бере албайт экен. Ошондуктан  Кыргызстандын шартына бир аз бышыгыраак эле техникаларды алып келиш керек деп ойлойм.

  — Калаа күнүнө карата ишке киришип жаткан автобустар шаар тургундарын майрамы менен куттуктап бир күн акысыз ташыйбы?

— Эми бул сурооңузга мен түз эле жок деп жооп берейин. Биринчиден, жаңы каттамга чыккан он автобусту акысыз кылып койсок башка каттамга түшкөн жүргүнчүлөр ыңгайсыз абалда калышы мүмкүн. “Эми бир күн эч нерсени деле чечпейт баарын эле тегиз акысыз кылышпайбы” деген ар түркүн суроолор пайда болот. Ал эми баарын бир күнгө акысыз кылып коюу менин колумдан келбейт. Бизди да текшерген мекемелер бар дегендей. Айдоочулардын бир күндүк айлык акысы, күйүүчү май, көгүлтүр от, бул чыгымдын баарын кайра бизге ким төлөп бермек эле…

Учурдан пайдаланып жалпы калаа тургандарын жана конокторун келе жаткан майрамдары менен жеке өзүмдүн жана жалпы жамааттын атынан  куттуктап кетейин. Шаарыбыз көрктүү, таза шаар болуп, келген меймандарга өзгөчө элес калтырышына тилектешмин!

Булак: “Жаңы агым”

Дайырбек Орунбеков: “Соттор, силер Атамбаев Алмаздын мөөнөтүнөн мурда позор болуп куулушуна шарт түзүп жатасыңар”

Ак үйдү карап жалтактаган соттордун адилетсиз чечимине жаны кейиген белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков бүгүн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу сотторго жана президентке кайрылып, “бөрк ал десе баш алган” соттор мурда да эки революцияга себепкер болгонун, эми Атамбаевди дагы мөөнөтүнөн мурда позор болуп куулушуна шарт түзүп жатканын айтты. Төмөндө Орунбековдун билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз.

– Чүй облсоту Аламүдүн райондук сотунун мага карата соттун чечимин аткарган жок деген негизде салынган административдик жазасын күчүндө калтырды.

Атамбаев Алмаздын төгүлүп калган кадыр баркын калыбына келтирүүчү 2 000 000 төлөбөй, соттун чечимин аткарбай жатат деп жазалашты.
Эми, мындан кийин сот аткаруучулар ишти Башкы прокуратурага өткөрүп, алар мага карата кылмыш козгой турганын билдиришти.

Сот Сагыналиев биздин өтүнүчтөрдү эске алган жок. Ал, адвокатыма Акүй жактан көзөмөлгө алынып, улам чалып жатканын айтыптыр. Бөрк ал десе баш алган соттор мурда да эки революцияга себепкер болгон, эми Атамбаев Алмаздын мөөнөтүнөн мурда позор болуп куулушуна шарт түзүп жатасыңар.

Атамбаев Алмаз! Убагында сөз эркиндигине жасалган басым, кысым кылган эки президент учурда өлкөсүнө келүүгө эки көзү төрт болуп жүрүшөт. Алардын катачылыгын кайталап, алар менен тагдырлаш болуп калуудан коркпойсузбу?!

Мен, сиздин көз каранды сотторуңуз аркылуу мага кылып жаткан адилетсиз куугунтугуңуздан коркпойм. Жеке өчкө өтүп, ачууланып мага каршы күрөшүп жатканыңызга боорум ооруйт. Мынчалык алсыз, кекчил жана акылы тар, айкөлдүктүн кыпыны жок ажо эл башында турганына кейийм. Бул да бир элге берилген сыноо окшойт деп түшүнөм. Бирок, сиздей президентти кыргыз элине буюрган, биз эмнеден жаздык эле?!.. Кайсы күнөөбүз үчүн?..

Тарыхта жаман ат менен калып, сөз эркиндигин бууп, эл эркиндигин чектеген чыккынчы башчы болуп калуудан коркуңуз. Жаныңызда чала сабат шопур, кайнага кеңешчилердин деңгээлинен көтөрүлүңүз.

Борбордук мечиттен велосипед уурдаган жаран кармалды

Бишкектеги борбордук мечиттен велосипед уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда  Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечиттен белгисиз адамдар баасы 2500 сом турган велосипедин уурдап кеткенин айткан. Аталган кылмыш боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан изи сууй электе Бишкек шаарынын тургуну, 20 жаштагы К.М. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлүп, сел жүрүүсү мүмкүн

10-майдан 11-майга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

10-майда көпчүлүк аймактарда абанын күндүзгү температурасы 8…10° төмөндөп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 10-майдан 11-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

Бишкек-Ош жолу оңдолот

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бишкек-Ош автожолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелерин кыдырып чыккан соң, өкмөт башчы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолду текшерип, реконструкциялоо иштерин баштоону тапшырды. Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров Бишкек-Ош жолун калыбына келтирүү боюнча программа даярдалып жаткандыгын жана жакын арада аны ишке ашыруу башталаарын маалымдады. Аталган министрликке Бишкек-Ош жолундагы жалпысынан 5 км созулган 142-155 чакырымга чейинки тилкени токтоосуз түрдө оңдоо милдети коюлду.

Савченко Орусияга айып пул төлөдү

Орусияда 22 жылга камалган украиналык учкуч Надежда Савченко Украинага кайтуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сот белгилеген 30 миң рублди төлөдү. Бул тууралуу жекшембиде анын апасы Мария Савченко билдирди.

2014-жылы Орусия менен Украинанын чек арасында орус журналисттеринин өлүмүнө шектелип кармалган учкуч быйыл март айында 22 жылга эркиндиктен ажыратылып, “чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” деген негиз менен 30 миң рубль айып пул салынган.

Надежда Савченко күнөөнү мойнуна албай, айыппулду төлөөдөн да баш тартып келген. Анын адвокаты Николай Полозов айып пулду төгүү анын турмөдөн чыгуусуна шарт түзөрүн билдиргенден соң макул болгон. Акча Украина консулдугу аркылуу төлөнгөн.

Надежда Савченко Украинада камакта жаткан орусиялык эки аскерге алмаштырылышы ыктымалдыгы айтылып келет.

Лейлекте катуу шамал 300дөн ашуун үйдүн чатырын учуруп кетти

9-май күнү Баткен облусунун Лейлек районунда ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал болуп, бир канча үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда жалпысынан район боюнча 311 турак үйлөрдөн 3578 даана, 9 социалдык объектен 470 даана шиферди шамал учурган. Мындан сырткары катуу шамалдын кесепетинен бак-дарактар кулап, электр чубалгылары үзүлгөн. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, райондук, айыл аймактык жарандык коргоо комиссиясынын курамы иликтеп, тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

 

Соттор кеңешинин төрагасы отставкага кетүүгө арыз жазды

Жогорку соттун судьясы жана Соттор кеңешинин төрагасы Канатбек Турганбаев эки апта мурун кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Соттор кеңеши карап, кабыл алган. Эми маселени президент жана Жогорку Кеңеш карайт.

Канатбек Турганбековдун ысымы ушул тапта соту өтүп жаткан мурдагы президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаевдин ишине байланыштуу белгилүү.

Бул иш боюнча өткөн жылы сотто күбө катары көрсөтмө берген Жогорку соттун төрага орун басары Канатбек Турганбеков ага Данияр Нарымбаев чалып, экс-мэр Нариман Түлеевдин кызын кабыл алып коюңуз дегенин, Түлеевдин кызы соода борборун камактан чыгарууну суранганын, бирок ал баш тартканын билдирген.

Ал эми экс-депутат Хажимурат Коркмазов Нарынбаев аталган маселени чечүү үчүн Түлеевден 200 миң доллар сураганын, анын 50 миңин Канатбек Турганбеков менен болгон телефондук сүйлөшүүсү үчүн алганын айткан. Өз кезегинде Нарынбаев мунун баары жалган экенин билдирип келет. Бул окуядан кийин айрым жарандык активисттер Турганбековдун кызматтан кетүүсү керектигин айтып чыгышкан.

Ал эми Жогорку соттун басма сөз кызматы Канатбек Турганбаевдин арыз жазганын төгүндөгөн да, тастыктаган да жок.

Фотобаян - Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы жалпы элдик майрам катары белгиленди

Бүгүн, 9-майда Жалал-Абад шаарындагы Жаштык сейил багында Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы согуштун жана ооруктун ардагерлеринин катышуусу менен жалпы элдик майрам катары белгиленди деп миаалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Эртең мененки саат 10 – 00дө өкүл Жумагүл Эгембердиева, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Тайырбек Чойбеков, согуштун жана ооруктун ардагерлери, концлагердин туткундары, коомчулуктун өкүлдөрү жана шаардын коноктору Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калган жоокерлерге тургузулган эстелик менен түбөлүк отко гүлчамбарларды коюшту.
9-май 2016 ЖА 3
Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган майрамдык салтанатта көп улуттуу Совет өлкөсүнүн элдеринин болоттой бекем достугу жана майтарылгыс өлбөс – өчпөс эрдиктери туурасында кеңири сөз болду.
9-май 2016 ЖА
– Эң алгач баарыңыздарды Улуу Ата Мекендик согуштагы көп улуттуу Совет элдеринин фашисттик германиянын үстүнөн болгон Улуу Жеңишинин 71 жылдык майрамы менен чын дилден куттуктоого уруксат этиңиздер. Ошол 1418 күнгө жана түнгө созулган Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандын калкынын ар бир алтынчы адамы колуна курал алып, ыйык мекенин душмандардан коргоо үчүн аттанган. Ошол каардуу согушта Жалал-Абад областынан 30 миңден ашуун эр-азаматтар согушка аттанышкан болсо, алардын 18 миңден ашууну Ата-Журтуна кайтпай калышкан. Учурда областыбыздын аймагында 121 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 142 ооруктун катышуучулары жана согуштан күйөөлөрү кайтпай калган 368 жесир энелерибиз жашап жатышат.
9-май 2016 ЖА 2
Силердин Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдигиңиздер жана согуштан кийинки тынч бейпил заманды куруудагы өрнөктүү жана күжүрмөн эмгегиңиздер өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз үчүн ар дайым сыймыктануу сезимин жаратып, аларды мекенчилдикке тарбиялайт десем жаңылбаймын.
9-май 2016 ЖА 4
Биз бүгүн, Улуу Ата Мекендик согуштагы көп улуттуу Совет элдеринин Улуу Жеңишинин 71 жылдыгын татыктуу белгилеп жатып, Сиздердин эсиңиздерге кавказды мекен туткан авар элинин улуу акыны Расул Гамзатовдун таамай айткан сөзүн эстей кетүүнү туура көрүп олтурамын. Расул Гамзатов: «Сен өткөн тарыхыңды тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат!» деп айткан сөзү бүгүн дагы өзүнүн актуалдуулугун жогото элек.
9-май 2016 ЖА 5
Экинчи дүйнөлүк согуштан жер шарында 50 млнго жакын ондогон улуттардын адамдарынын өмүрлөрү бейкүнөө кыйылды. Адамзаттын тарыхындагы бул оор жоготууну унутууга такыр болбойт. Тынчтыктын кадыр-баркын жана нарк-насилин постсоветтик өлкөлөрдүн элдери жакшы билишет. Акыркы жылдары катуу күчөп от алган
Сириядагы согуш ааламаты бир мамлекеттин ичиндеги локалдуу согуш болбостон, дүйнөлүк коомчулукту жана ири ядролук куралдары бар державалардын башчыларын оор түйшүккө салып койду. Миллиондогон качкындар үй-жайларын, айылдар менен шаарларын ташташып, Европага качкын катары агылып жатышат. Өздөрүн Ислам мамлекетинин негиздөөчүлөрү катары эсептешкен ислам динине жамынышкан экстремисттер менен террористтер салттуу ислам дининин кадыр-баркына ачык эле көө сүртүп жатышат. Өткөн жылы Кыргызстан боюнча Сириядагы согушка азгырылып кеткендердин саны аябай көбөйүп кеткен. Алардын арасында аялдар менен кыз-келиндер жана жаш балдардын бар экендиги ойлондуруучу олуттуу маселе экендигин дагы бир жолу бизге эскертти. Акыркы учурлардагы мамлекеттик бийлик жана коомчулуктун активдүү тыгыз карым-катнашта иш алып баруусунун натыйжасында Сирияга кетип жаткандардын катары кан буугандай тыйылды десем жаңылган болбоймун. Ооганстандагы талиптердин кыймылынын күч алышы биринчи кезекте Орто Азия мамлекеттерине коркунуч алып келээрин унутпоого тийишпиз. Ошондуктан өсүп келе жаткан жаш муундар арасында алардын мекенди сүйүүгө болгон тунук сезимдерин күчөтүү менен аларда мекенчилдикке болгон бийик жана улуу күчтү жандандырууга жетишүүбүз зарыл. Улуу Ата Мекендик согуштагы ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери биздин жаштарыбызга сыймыктануу сезимин жаратуучу ыйык жана улуу мурас болуп калышы зарыл деп санаймын.
9-май 2016 ЖА 8
Сиздердин улуу эрдигиңиздерге ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. Сиздер ар дайым биздин катарыбызда болгула, жашообуз бейпил болуп, балдарыбыздын күлкүсү жаңырсын, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Улуу Жеңиштин 71 жылдык даңктуу майрамы баарыбызга куттуу болсун! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен кадырлуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган майрамдык салтанатка келгендерди Жалал-Абад шаарынын 1-чи вице-мэри Тайырбек Чойбеков, Жалал-Абад шаардык керешинин төрагасы Эрнис Ормоков, областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Сапдырбек Качкынбаев жана Жалал-Абад шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин атынан Нина Симоненко куттукташты. Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калышкан ата-бабаларыбыздын жаркын элесине арнап областтык казысы Абдулазиз кары Закиров куран түшнрдү. Майрамдык иш чара өнөрпоздордун кеңири программасындагы концерти менен коштолуп улантылды.
9-май 2016 ЖА 7
Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган майрамдык иш чаранын программасына ылайык согуштун жана ооруктун ардагерлерине сый тамак катары жоокердик согуштук боткону тартуулоо жана жоокердик 100 грамм спиртти тартуулоо менен соңуна чыкты. Жалал-Абад шаарындагы №704 улуттук гвардиянын өздүк курамынын офицерлери менен жоокерлери согуштун жана ооруктун ардагерлеринини ар бирине майрамдык тамак аш азык түлүктөрү салынган баштыкчаларды тартуу кылышты.
9-май күнү областтын бардык район-шаарларында Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган майрамдык иш чаралар өткөрүлүп, согуштун жана ооруктун ардагерлерине керири сый-урматтар көрсөтүлүп, аларга ар тараптуу камкордуктар көрүлүп, ар тараптуу көңүл буруулар болду. Учурда Жалал-Абад шаарында 11 согуштун кадырман ардагери, 13 ооруктун ардагери жана 2 концлагердин туткундары калышкан.
Жолдошбай Осмонов, журналист