Menu

19-майдан 23-майга чейинки аба ырайынын болжолу

18-майдан 20майына чейин аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо тектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бишкек шаарында 19-май күнү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогоркутемпературасы 18…20° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 19-май күнү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштансоккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болушу күтүлөт. 19-май күнү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши 20-21- май күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 22-23- май күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Бишкекте "Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек?" аттуу форум болуп өттү

Бүгүн, 18-майда Бишкекте “Элдик саясат” полиси институту, Бишкек форуму, “Россия” медиа борбору, “Бир дүйнө” жана “Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмдары уюштурган “Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек?” аттуу форум болуп өттү.
Форумда “Кыргызстандын азыркы учурдагы жана Атамбаев доорунан кийинки социалдык-экономикалык абалы”, “Кыргызстандын азыркы учурдагы жана Атамбаев доорунан кийинки эл аралык мамилелери” жана “Кыргызстандын азыркы учурдагы жана Атамбаев доорунан кийинки саясый системасы” аттуу темалардагы билдирүүлөр жасалып, кызуу талкуу жаратты.
Форумга Өмүрбек Суваналиев, Адахан Мадумаров, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова, Нарын Айып, Бегалы Наргозуев, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Бейшенбек Бекешев, Александр Банников, Дайырбек Орунбеков, Адилет Айтикеев, Эрнис Кыязов, Элнура Кулуева, Нурдин Урмамбетов сыяктуу инсандар катышып, Атамбаев доорунан кийин Кыргызстан кандай нукта кетиш керек деген темада өз ойлору менен бөлүшүштү. Форумдун жүрүшү боюнча кеңири маалыматтарды жана видеотасмаларды жакынкы аралыкта сиздерге сунуштайбыз.
Форум Пост-Атамбаевский период 180516 2
Форум Пост-Атамбаевский период 180516 3
Форум Пост-Атамбаевский период 180516 6
Форум Пост-Атамбаевский период 180516 7
Булак:Кyrgyztoday.kg

Өзгөндө Түркиядан келген дарыгерлер балдарды бекер сүннөткө отургузуп жатышат

Бүгүн, 18-майда Өзгөн районундагы “Имам Ажал-Сарахсий” медресесинде  “Сулайман-Тоо» кайрымдуулук коомдук уюму каалоочулардын балдарын акысыз сүннөткө отургузуу иш-чарасын уюштурулуп,  ага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, райондун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Уюштуруучулардын бири Абдынур Нуркуловдун айтымында балдарды сүннөткө отургузуу аземине райондун тургундары абдан активдүү катышууда. “Ушул тапта Түркиянын Адана шаарынан келген эки дарыгер-хирург үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ар бир хирургдун кабыл алуусуна бир эле мезгилде ондон бала киргизилип жатат. Учурда 120дан ашуун бала сүннөткө отургузулду. Дагы ондогон ата-энелер балдары менен кезекте турушат. Мындай жакшы жөрөлгө Өзгөндө эртең 19-майда да уланат. Ал эми 20-21-майда Ош шаарында өткөрүлүп,  андан соң Жалал-Абад, Баткен облустарында да уюштурулмакчы. Иш-чара гигиеналык жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатын көздөп, акыркы үлгүдөгү аппараттардын жардамы менен заманбап шартта оорусуз отургузуу ыкмалары менен жасалууда. Анткени балдарын өз алдынча сүннөткө отургузган ата-энелер көп учурда бул эрежелерди таптакыр эске алышпайт экен”, – дейт фонддун өкүлдөрү.

Эскерте кетсек, бул иш-чара былтыр да өткөрүлүп, Кыргызстандын аймагынан 1000 деген балдар сүннөткө отургузулган.

Кадыржан Батыровдун үйүн сот Санжар Бакиевге өткөрүп берди

Кадыржан Батыровдун Жалал-Абаддагы үйү толугу менен Санжар Бакиевге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сузак райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн башчысы Динислам Кожоакматов билдирди.

Анын айтуусунда, Батыров үй-бүлөсү менен 2010-жылга чейин жашап турган үй соттун чечими менен Бакиевге берилди.

Бакиевдердин жакындары 2010-жылы Батыров алардын турак үйүн өрттөгөн деп айыптап, чыгымын өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

Жалал-Абад шаардык соту 2011-жылдын ноябрь айында Бакиевдердин доосун канааттандырып, алардын пайдасына Батыровдон 7,4 млн. сом өндүрүүнү чечкен. Сузак районунун Дмитриевка айылында жайгашкан Батыровдун турак жайы сот аркылуу камакка алынып, эки ирет сатыкка коюлган.

Бирок үй сатылбаган соң облустук соттун ушул жылдын апрель айындагы чечими менен Батыровдун турак жайы толушу менен Санжар Бакиевдин менчигине өткөрүлүп берилди.

17-майда сот аткаруучулар күбөлөр менен бирге үйгө кирип, буюмдарын жакындарына өткөрүп беришкен.

Санжар Бакиев Кыргызстандын 2010-жылы бийликтен кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, маркум Жусупжан Бакиевдин уулу.

Булак: “Азаттык”

Экс-премьер-министрдин уулу Алтынбек Муралиев 12 жылга соттолду

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Алтынбек Муралиев 17-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен КЖКнын 292-беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылып, жаза өтөө мөөнөтү күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди.

Эске сала кетсек Алтынбек Муралиев мурда Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ага УКМК кызматтык жашыруун сырды чет өлкөгө берген деген берене менен кылмыш иш козгоп, камакка алган эле.

Калыкбек Султанов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 18-майда кол койгон жарлыкка ылайык, Калыкбек Султанов Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

ИИМ: «Элдик парламент» митинге чыккандарга акча төлөгөн

Ички иштер министрилиги “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы митингге катыштыруу үчүн жарандарга 1000 сомдон акча сунуштаганын айтып чыкты.

Маалыматка караганда, Жеңиш аянтынын жанынан тартип сакчылары жети адамды кармашкан. Суракка алуу учурунда Рашид жана Съездбек аттуу адамдар каршылык акциясына катыштыруу үчүн жарандарга 1000 сомдон акча сунушташкан.

Кийинчерээк 49 жаштагы Абдурашид аттуу жаран кармалган. Ал жубайы экөө Б.Т аттуу киши жана анын туугандары менен тааныш экендигин айтып берген. Ал Жеңиш аянтында жана УКМК имаратынын алдында митинг уюштуруу үчүн 20 миң сом сунуштаган. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Видео – Адахан Мадумаров: “УКМКнын төрагасы Бусурманкул Таабалдиевдин телефон сүйлөшүүлөрү тымызын тыңшалып, элге жарыяланып жатканы бул бүгүнкү бийлик үчүн позор болду”

Бүгүн Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында өтүп жаткан “Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек?” аттуу форумда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, азыркы бийликтин алешем жооруктарын сынга алды. Ошондой эле убагында УКМКны башкарып турган Бусурманкул Таабалдиевдин орусиялык ишкер Муса Бажаев менен болгон сүйлөшүүсүн тымызын күчтөр тыңшап жазып алуусу жана интернетке жарыяланып кеткенин бүгүнкү бийлик үчүн позор деп атап, бул улуттук коопсуздукка коркунуч алып келерин кошумчалады.
“Эгер Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын жумушчу телефонун тыңшап жатышса бул бизде Улуттук коопсуздук жок экенин далилдейт. Мен бир кезде Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген киши катары айтарым, УКМКнын жетекчиси телефон аркалуу эмне деген гана мамлекеттик сырларды жетекчилерге кабарлап турат. Демек ошолордун баары чет өлкөлүк чалгындарга Таабалдиевдин телефону аркылуу белгилүү болуп турган. Эгер УКМКнын жетекчисин тыңшап жатса анда президентти, премьер-министрди, министрлерди тыңшабайт деп ким кепилдик бере алат? Маданияттуу өлкөлөрдө мындай уят иштерден кийин көптөгөн жетекчилер отставкага кетет”, – деди Адахан Мадумаров.

Алгач ирет кумса адам АКШ армиясынын министри болуп дайындалды

Шейшембиде Кошмо Штаттардын конгрессинин сенаты армия министри кылып Эрик Фэннингди дайындады. Ал адаттан тыш сексуалдык багыттагы адам экендигин жашырбайт. АКШнын армиясына алгачкы жолу мындай адам жогорку кызматка дайындалып отурат.

Акыркы жылдары Фэннинг АКШ коргоо министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарда иштеп келген. Анын министр болуп дайындалышы ЛГБТ-кыймылындагыларга чоң дем берди.

«Эрик Фэннингдин армия министри болуп дайындалышы – куралдуу күчтөрүбүздөгү тең укуктуулукка жана адилеттүүлүккө болгон аракеттин илгерилеп жатышынан кабар берет”, – деп билдирди Human Rights Campaign укук коргоо уюмунун президенти Чад Гриффин. Сенаттын бул чечимин көптөгөн таасирлүү сенаторлор колдоого алды.

Эрик Фэннингди министр кылып дайындоо – АКШ президенти Барак Обаманын кезектеги кадамы. Анын тушунда кумсалардын армияда кызмат өтөөсүнө шарт түзүлгөн. Ошондой эле бир жыныстагы жубайлар үчүн мамлекеттик жеңилдиктер киргизилген.

Премьер-министр Ош шаарынын мэрлигине талапкер көрсөткөн жок

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна жеке талапкер көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүгө Ош шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялар коалициясы жана премьер-министр укуктуу.

«Мамлекетте демократиялык принциптерди мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин өркүндөтүү жана шаардык депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле ачык-айкын шайлоону өткөрүү максатында шаардын мэринин кызматына талапкерди көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алдым. Шаардык кеңештин депутаттары шайлоочулардын мүдөөсүн эске алып, кесипкөй, тажрыйбалуу иш-билги адамдарды тандап, алар шаар жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн иштейт деп үмүттөнөм”, – деп айтылат премьер-министрдин Ош шаардык кеңешинин депутаттарына кайрылуусунда.

Улукбек Ормонов: “Өкмөт мыйзамсыз иштеп жаткан Энергохолдингди мыйзамдаштырууга аракет кылып жатат”

Өкмөт мыйзамсыз иштеп жаткан компанияны мыйзамдаштырууга аракет кылып жатат. Мындай пикирин бүгүн парламентин жалпы жыйынында “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов билдирди. Анын айтымында азыркы энергетика тармагын тейлеп жаткан “Улуттук энергохолдинг” комнапиясынын иши мыйзамга каршы келет.

“Электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү менен алектенген ишканалардын үстүнөн көзөмөлдөгөнгө Энергохолдингдин укугу жок. Анткени булардын иши мыйзамсыз. Энергохолдинг электр энергиясына болгон баанынын көтөрүлүшүнө гана өбөлгө түзүп жатат. Мунун пайдасынан көрө зыяны көбүрөөк. Андыктан бул компанияны жоюу керек”, – деди эл өкүлү.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеште энергетика тармагындагы абал талкууланып жатат.

Жолдубаеванын ордуна Сулайманов же Турганбаев келиши мүмкүн

Баш прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүү боюнча маселеси мындан бир ай мурун эле катуу талкууга алынган болчу. Чынында эле, Индира айым иштен кетүү боюнча Пре­зиденте арыз жазыптыр. Кызматтан кетүүнүн бир катар жүйөлүү себептери бар. Алардын айрымдары айтылып жатса, эң негизгилери ачыкка чыга элек. Баш прокурордун арызына Атамбаев азырынча кол коё элек. Бирок, жакынкы күндөрү бул маселе боюнча тиешелүү буйрук чыгып калышы толук мүмкүн. Эгер Жолдубаева кетсе, анын ордуна Бишкек шаарынын прокурору, 2014-жылдан бери иштеп жаткан Нур­лан Сулайманов келери тар чөйрөдө кеп боло баштады. Экинчи талапкер катары Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаевдин да ысымы айтылууда. Кыскасы, Жолдубаева отставканы көздөй жол алса, ушул эки талапкердин бири келет. Көбүрөөк тараза ташы Сулаймановго ооп турат десек болчудай.

Булак: “Багыт kg”

 

Акча алмаштыруу жайларынын жоопкерчилигин көтөрүү демилгесин сунушталууда

Жогорку Кеӊеште банк мыйзамдарынын аткарылышына каржы уюмдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Нурланбек Макеев, Акылбек Жапаров, Абдумажит Юсуров. Демилгечилердин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мыйзам бузууга жол бергени үчүн жеке жана юридикалык жактардын, банктардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилик жолжоболорун оптималдаштыруу жана аларды бири-бирине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам бузган жеке жактарга 2 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейин, кызмат адамдарына 3 миӊ сомдон 150 миӊ сомго чейин, юридикалык жактарга 250 миӊ сомго чейин административдик айып салуу чаралары сунушталууда.

Талкуу жүрүшүндө Өкмөт бул мыйзам долбоорун колдой турганы белгилүү болду. Ал эми айрым депутаттардан мыйзам долбооруна карата каршы пикирлер келип түшкөн.

Эске салсак, Улуттук банктын берген маалыматы боюнча, ушу тапта 1 миӊден ашуун акча алмаштыруу жайы иштесе, үчтөн бири гана бюро лицензия алып мыйзамдуу иш алпарат. Юридикалык жактын бир алмашуу бюросун ачууда жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү 1 млн сомдон 500 миӊ сомго чейин төмөндөтүлгөн. Азыр мыйзам бузган акча алмаштыруу жайлары 2 миӊ сом айып төлөп кутулуп кетүүдө. Ошондон улам, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу милдети турат.

Нарындагы катуу шамалдын чыгымдары эсептелүүдө - Фото

16-май күнү саат 15:40 чамасында Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал болгон. Натыйжасында турак-жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркаган. Өзгөчө кардаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу түзүлүп окуя болгон жерге жөнөп кеттишкен.

Жарандык коргонуу комиссиясынын тактоо иштеринин жыйынтыгында Нарын шаары боюнча жалпысынан 145 шифер жараксыз абалга келген. Нарын району боюнча жалпысынан 72м2 профнастил, 34 шифер шамалга учкан.  Ал эми Ат-Башы району боюнча жалпысынан 1083 шифер, 2008 метр рейка, 87 метр устун жараксыз абалга келген.

1 2 3 4 5 6

Кожобек Рыспаев: «Бизге тилди сындырган кыргызча сөздөрдүн кереги жок»

Башка тилден келген сөздөрдүн баарын эле кыргызча которо берген туура эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев бүгүн жалпы жыйында билдирди.

“Акыркы учурларда башка тилден келген сөздөрдү эптеп эле кыргызчалаткандар көбөйдү. Мисалы, самолётту – учак, телевизорду – сыналгы деп тилди сындырып жатышат. Бизге тилди сындырган кыргызча сөздөрдүн кереги жок деп ойлойм. Тилчилерге айтып, бул маселени чечүү зарыл”, – дейт эл өкүлү.

 

Өзбек президентинин кызы сыйлык алды

Өзбекстан президентинин кенже кызы Лола Каримова-Тилляева Global Gift Foundation кайрымдуулук фонду тарабынан сыйлыкка татыганын социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу жарыялады. Ал Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуп саналат.

Global Gift Foundation сыйылыгын тапшыруу аземи Каннда өттү. Белгилей кетүүчү жагдай, ушул күндөрү Франциянын көгүлтүр жээгинде 69-Канн эл аралык кинофестивалы болууда.

Өзбекстан лидеринин үй-бүлөсү Канн фестивалынын көңүл ачуучу кечелерин калтырбайт. 2010-жылы Гүлнара Каримова аталган салтанаттын алкагында өтүүчү “Кино СПИДге каршы” кайрымдуулук кечесинде жаңжалдын шыкакчысы болгон. Өзбек президентинин тун кызынын бул иш-чарага катышуусун активисттер кескин сынга алган. Себеби ага чейин бир нече ай мурун Өзбекстанда СПИДге каршы күрөшүү багытындагы жигердүү активист, 28-жаштагы Максим Попов “ВИЧ жана СПИД бүгүн” деген китепче чыгаргандыгы үчүн жети жылга эркинен ажыратылган.

Анда кечени белгилүү жылдыздар менен өткөрүү үчүн Ислам Каримовдун кызы 500 миң АКШ долларын төлөгөндүгү боюнча маалыматтар таркаган.

Улуттук банк коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, улуттук валютанын киргизилишинин күнүнө карата жана коллекционерлердин, нумизматтардын коллекциялык нумизматикалык монеталарга талабын канааттандыруу максатында алтын жана күмүш монеталарын сатуу аукциону өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай бүгүнкү күндө улуттук валютанын коллекциялык монеталары өзүнүн өзгөчөлүгү менен эле айырмаланбастан, маалыматтын маанилүү булагы жана ошол эле учурда пайдалуу финансылык салым болуп эсептелет. Тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргыз монеталарынын чектелүү тиражы алардын жогорку деңгээлдеги раритет экендигин билдирип турат. Эл аралык нумизматикалык рыноктордо, Кыргызстандын сатылып бүткөн коллекциялык монеталары, КМШ монеталарынын ичинен эң көп суроо-талап жараткан монеталар рейтингинде жогорку чекти ээлеп келет.

Аукцион 2016-жылдын 18-майында саат 16.00дө Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан Улуттук банктын басма сөз борборунда өткөрүлөт.

Лоттун мазмуну:

Лоттун номери Лоттун мазмуну: Баштапкы баа (сом)
1. «Ош-3000» алтын монетасы                 – 1 даана. 27 000
2. «Манас эпосуна 1000 жыл» күмүш монетасы       – 1 даана. 5 000
3. «Чынгыз Айтматов» күмүш монетасы     – 1 даана. 5 000
4. «Аркар» күмүш монетасы                                            – 1 даана.  5 000
5. «Улуу Жеңишке 60 жыл» күмүш монетасы             – 1 даана. 5 000
6. «Ташрабат» күмүш монетасы                                      – 1 даана. 5 000
7. «Акмаңдай гүл» күмүш монетасы                              – 1 даана. 5 000
8. «Кызматташуунун Шанхай уюму» күмүш монетасы – 1 даана. 5 000
9. «Өзгөн архитектуралык комплекси» күмүш монетасы – 1 даана. 5 000
10. «Хан-Теңири» күмүш монетасы                                  – 1 даана. 5 000
11. «Улуттук валютага 10 жыл» күмүш монетасы        – 1 даана. 5 000
12. «Улуу Жеңишке 70 жыл» күмүш монетасы              – 1 даана. 5 000

Түркияда 98 уйгур жасалма кыргыз паспорту менен кармалды

Стамбулда Сауд Аравияга учууга аракет жасаган 98 уйгур жасалма кыргыз паспорту менен кармалды. Алар 16-майда Үрүмчүдөн Түркияга учуп келишкен. Бул тууралуу Нurriyet жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Түркияга учуп келген уйгурлар аэропортто Түндүк Кипрге учуу үчүн билет алып, паспорттук текшерүүдөн өтүшкөн. Алар транзиттик зонада төрт кишиден жасалма паспортторду жана Сауд Аравияга учак билеттерин алышкан. “Уйгурлар ар бир жасалма паспорт үчүн 2 500 евро жана билеттер үчүн 300 доллардан төлөшкөн” деп кабарлайт Нurriyet.
Аэропортто 98 кишилик топтон шектенген полиция аларды текшерген. Текшерүүдө жасалма документтерди жасады деген шек менен төрт киши камакка алынган. Расмий иликтөө иштери бүткөндөн кийин 98 уйгур Кытайга депортацияланат.

Ички иштер министрлигинде кылмыш жасаган адамдардын маалымат тизмесин түзүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеӊештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан “Бузууларды, терс жосундарды жана кылмыштарды жасаган жактардын мамлекеттик реестри жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Ирина Летованын берген маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинин маалымат борбору тарабынан кылмыш жасаган, ошондой эле мыйзамсыз жосун кылган адамдардын маалымат тизмеси түзүлөт. «Тизмедеги адамар жөнүндөгү маалыматтар ыраатка салынып, белгилүү бир мөөнөткө чейин сакталууга тийиш. Белгиленген мөөнөтү аяктаган соӊ, ал архивге өткөрүлөт», – дейт ал.

Мыйзам долбооруна ылайык, маалыматтан президент, спикер, БШК, судьялар менен прокурорлор, тергөөчүлөр менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери пайдалана алат. Ошондой эле, соттолбогон адамдар иштей турган жумуш берүүчү жеке жана юридикалык жактар да өздөрүнө зарыл болгон маалыматтарды суратып ала алат. Жарандар өздөрү тууралуу маалымат алууга укуктуу.

Белгилей кетсек, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандар адамдар жөнүндө маалымат 40 жылга, анча оор эмес кылмыш жасаган адамдар жөнүндө маалымат 25 жылга, жосундар үчүн 10 жылга, укук бузгандар 1 жылга чейин сакталат. Маалымат тизмесин ишке ашырууга болжол менен 1,5 млн сомдон ашуун каражат талап кылынат.

Поправки к закону о СМИ: видимость бурной деятельности

На другой день после того как Жогорку Кенеш отклонил закон “об иностранных агентах” – 13 мая – другая группа депутатов выставила на общественное обсуждение новый законопроект “О внесении изменений в закон о СМИ”, в котором предлагается ограничить деятельность иностранных учредителей, действующих на территории Кыргызстана СМИ, а также их зарубежное финансирование.

Законопроект подготовлен четырьмя депутатами – Кожобеком Рыспаевым, Искендером Матраимовым, Таабалды Тиллаевым и Жыргалбеком Турускуловым, которые ранее особой близостью к деятельности СМИ не отличались. Он почти повторяет российский закон, который был принят в прошлом году и вступил в силу с 1 января 2016 года, так что специалистов тут и не требуется.

Вопрос чисто идеологический – почему кто-то из-за рубежа должен нас чему-то учить и издавать для нас газеты или владеть нашими средствами массовой информации, – а идеологии обычно всегда больше, когда меньше еды. Идеология нищих стран обычно сводится к одному вопросу: “Чем мы хуже других?” А так как “Мерседесов” или смартфонов мы производить не можем, то будем давить на идеологию.

То, что западные страны “издают” для нас компьютеры со сканерами, телефоны с вотс-аппами, интернеты с википедиями – это приветствуется, а вот если они еще и учредят газеты с радиостанциями и начнут нам рассказывать правду про нас самих, восполняя пробелы, оставляемые местными СМИ, – это непатриотично и является вмешательством в нашу жизнь и разрушением наших интересов.

Создайте тогда свою систему, которая бы не зависела ни от чего внешнего, ни в чем чужом не нуждалась, на своих исходных материалах и своим собственным умом, своими силами и силой своей науки и образования. Газеты, радио и телевидение – все изобретены далеко за нашими пределами, бумага, типографские краски, микрофоны и камеры тоже сделаны где-то там.

В заидеологизированном СССР власти заставляли массы работать на благо родины, строго следуя идеологии марксизма-ленинизма, одеваться в серо-буро-малиновые одежды из соседнего универмага и смотреть передачи только Центрального телевидения. А сами идеологи, навязывавшие все это народу, ездили на “Тойотах”, отправлялись отдыхать на Лазурный берег и наслаждались голливудскими фильмами на закрытых показах.

Отступившие от предписанной идеологии разбирались на партийных и комсомольских собраниях, их даже могли исключить из рядов КПСС или ВЛКСМ, что воспринималось как конец всей сознательной жизни. Травля профессоров Кубанычбека Нурбекова или Сабыра Аттокурова, посмевших отклониться чуточку в сторону от такой идеологии – простой и наглядный пример.

А наши вполне серьезные ветераны радио или телевидения сидят сейчас и рассуждают на недавнем юбилее, что вот свободы слова в стране стало слишком много, что вот их деятельность была раньше настоящей идеологией, и даже с благоговением вспоминают, что они в советское время были под непосредственным контролем отдела идеологии ЦК коммунистической партии. Какую ценность потеряли!

Создайте тогда новую идеологию, которой бы восхищались другие народы и брали на вооружение – не только свои подневольные, но и соседи с дальними странами, чтобы она вдохновляла не только аил из 5-6 юрт, но и действительно массы, чтобы ее принципы переводили на иностранные языки и начали преподавать в школах и институтах, а ученые писали бы о ней диссертации и монографии.

Но когда это недостижимо, именно контакты с внешним миром, взаимодействие с передовыми научными и другими школами, обмен опытом и сотрудничество с прогрессивными группами творческих людей пробуждают спящие внутри силы и энергию, а не отгораживание от этого внешнего мира, который бурлит, в котором каждый день возникают новые идеи, которые подхватываются другими и развиваются.

В производстве и вообще в экономике совместные с иностранцами предприятия – серьезный способ привлечения средств для развития, окно для получения новых идей и технологий, возможность для профессионального роста и подготовки молодых кадров. Для тех же журналистов стажировки на российском “Первом канале” или в агентстве “Рейтер” – мечта.

И именно благодаря равнению на мировой передовой опыт, кыргызские СМИ стали во времена горбачевской перестройки более или менее свободными, после чего все последующие власти старались только ограничивать их свободную деятельность, но даже чудом уцелевшими остатками они сами до сих пор при случае гордятся, трубя на весь мир, что мы по свободе слова впереди своих соседей.

Трудно делать слово и печать свободными без свободной работы в стране иностранных агентств и местных СМИ, которые действуют на совместной основе. Иностранцы, а особенно их заокеанские хозяева, от новых правил совершенно не пострадают, у них несколько другие интересы и подчинять себе идеологически “Великий Кыргызстан” в их планы вряд ли входит.

Интерес кыргызских властей совершенно в другом – ограничить критику в отношении себя, добившись контроля над всем, что делается журналистами. Если вы честный и чистый, какая вам разница – кто про вас и как пишет, а вот неприглядные делишки свои необходимо максимально скрыть. Для наведения порядка вполне достаточно уже существующих законов, но нужен еще бóльший контроль над СМИ.

Легче это делать, когда малообразованный и малоправный местный журналист не имеет особенных связей с более опытными своими коллегами из-за границы, когда он уже будет бояться завязывать с ними отношения или открывать совместное предприятие. Иностранцы просто продадут свои доли или уедут, а своих можно бить, пугать, грабить, захватывать рейдерским способом…

Новым законопроектом предлагается, что “доля финансирования средства массовой информации за счет средств иностранных физических и/или юридических лиц, а также юридических лиц с иностранным участием в капитале, зарегистрированных в Кыргызской Республике, не должна превышать двадцати процентов от годового объема финансирования”.

Кроме того, “иностранное юридическое лицо, гражданин другого государства или лицо без гражданства, а также гражданин Кыргызской Республики, имеющий гражданство другого государства”, не имеют права быть учредителями СМИ в Кыргызстане. Не отвечающие этому требованию учредители “обязаны в течение одного года с момента вступления в силу настоящего Закона произвести их отчуждение”.

В справке-обосновании говорится, что закон о СМИ, принятый в 1992 году, был призван “сломать” цензуру, “однако под видом борьбы с цензурой в закон не были включены крайне необходимые нормы, регулирующие безопасность информационного пространства страны”. Безопасность сейчас стала коньком наших властей, они под этим соусом хотят и Конституцию поменять, чтобы в их дела не вмешивался даже ООН.

Информационную безопасность государства надо охранять, но для этого нужно растить кадры, постоянно поднимать их профессиональный уровень, воспитывать в них патриотов, чтобы они понимали суть и дух законов и следовали им. Когда же не только они, но и сами власти, с натяжкой выполняя только требования буквы закона, всячески обходят его дух и извращают суть, никакие ограничения не могут стать препятствием.

Пример России это наглядно показывает – СМИ просто переоформляются. Например, в прошлом ноябре компании Dow Jones и Pearson, которые владели по 33,3% акций газеты “Ведомости”, продали свои доли, и единственным владельцем издания стал бывший гендиректор издательского дома “Коммерсантъ” Демьян Кудрявцев. По данным Роскомнадзора, ни одно крупное СМИ не ушло пока с российского рынка.

Так что на самом деле просто создаются видимость бурной деятельности и показная борьба за национальные интересы, а суть дела никого не волнует. Чтобы поднять дух молодежи и знамя национальных интересов, власти сами должны быть примером для подражания. Когда же они на глазах у всех налево-направо продают эти интересы, “Боржоми” в виде поправок к законам вряд ли поможет.

Источник: zanoza.kg

Атамбаев обвинил Москву во вмешательстве во внутренние дела Киргизии

В Киргизии продолжаются аресты оппозиционеров, которые, по утверждению властей, к 17 мая готовили государственный переворот. Вчера стало известно об аресте очередного, седьмого по счету оппозиционного политика по делу о подготовке к насильственному захвату власти. Президент Алмазбек Атамбаев обвинил в намерении дестабилизировать ситуацию не только представителей оппозиционного движения «Народный парламент» и местных правозащитников, но и «генералов зарубежных спецслужб». По мнению экспертов, камень был брошен в «российский огород».

Алмазбек Атамбаев на мероприятии, посвященном Дню матери, заявил, что в стране много людей, кому не нравится путь, выбранный Киргизией. Он обвинил оппозицию в желании под любым предлогом раскачать ситуацию и «дорваться до власти любой ценой». По словам президента, сценарий захвата власти обсуждался 12 мая на форуме оппозиционного движения «Народный парламент». «С какой помпой они провели свой форум? Кого здесь только не было. И верные акаевцы во главе с Талгарбековым. И верные бакиевцы во главе с Калматовым. И верный сторонник «Исламского государства» (ИГ – экстремистская организация, запрещенная в РФ) Нурлан Мотуев. И верно отрабатывающие свои зарубежные гранты наши энпэошницы Толейкан Исмаилова и Азиза Абдрасулова», – заявил президент, подчеркнув, что стране нужен мир. Атамбаев отметил, что «матери достаточно пролили слез: в марте 2002 года, в апреле 2010 года, в июне 1990 года и в июне 2010 года». Глава государства пообещал пресечь любую попытку дестабилизации самым жестоким образом.

Он обвинил оппозиционеров в получении поддержки из-за рубежа: «Что же касается поддержки оппозиции генералами из зарубежных спецслужб, то могу лишь одно сказать. Наши отцы, наши предки называли это проще: это не поддержка. Это измена Родине. И иностранные генералы нашему народу никогда и ничего хорошего не приносили. Это мы знаем и по делам царских генералов 100 лет назад, в 1916 году, когда была убита и вырезана почти половина жителей Северного Кыргызстана. Мы знаем работу генералов зарубежных спецслужб и в июне 2010 года, когда погибло больше 400 наших граждан. И мы хорошо помним коррупцию и безнаказанность вокруг авиабазы Ганси и в нашем аэропорту Манас», – заявил Алмазбек Атамбаев.

О том, что в Киргизии готовятся акции протеста с требованием отставки президента, было известно еще в марте. Тогда же Госкомитет национальной безопасности (ГКНБ) открыл  «дело» о подготовке к насильственному захвату власти в Киргизии. Первыми свободы лишились лидер оппозиционной партии «Чындык» Кубанычбек Кадыров и бывший губернатор Джалал-Абадской области Бектур Асанов. Их обвинили на основании появившейся в сети YouTube аудиозаписи призывов к проведению митинга, захвату парламента и администрации президента. Аресты продолжились 12 мая после проведения форума «Народного парламента». Были задержаны лидеры движения Бекболот Талгарбеков и экс-председатель городского суда Бишкека Марат Султанов, другие оппозиционеры, которых президент Атамбаев обвинил в связи с российскими спецслужбами.

Обиду на главу государства затаили все: оппозиционеры заявили о своей невиновности, правозащитники направили на имя президента обращение, требуя публичного извинения. В противном случае они готовы подать в суд на президента Алмазбека Атамбаева. Об этом заявила глава правозащитного центра «Кылым шамы» Азиза Абдирасулова на акции протеста, состоявшейся вчера в Бишкеке. Из администрации российского президента реакции на прозвучавшие в киргизской столице обвинения в адрес Москвы пока нет.

Общественный деятель Токтайым Уметалиева в комментарии «НГ» отметила, что действительно лидер «Народного движения» Бекболот Талгарбеков неоднократно говорил, что поддержку «Народному движению» оказывают Россия и Турция. Они же, по его словам, участвуют во внутрикиргизских политических процессах. Более того, в кулуарах форума обсуждалось, что за «Народным движением» стоят бывшие президенты Аскар Акаев и Курманбек Бакиев. Однако, по ее мнению, «не исключено, что «Народный парламент» создавался для возможного позиционирования в качестве новой оппозиционной силы, которая будет использована на президентских выборах в интересах определенного политика». «Верхушка «Народного парламента» в основном состоит из бывших отставных чиновников, за которыми тянется шлейф чиновничьих проблем», – сказала «НГ» Уметалиева. По ее мнению, если до репрессий особой поддержки у «Народного парламента» не было, то теперь после ареста его лидеры «вознесутся до ранга национальных героев».

Представитель оппозиционного движения «Жаны муун» («Новое поколение») Адиль Турдукулов считает, что в Бишкеке недовольны политикой России в  Киргизии, и заявление Атамбаева – это выпад в отношении Кремля. «По словам руководителей «Народного парламента», охлаждение отношений между двумя странами связано с коррупцией в части предоставления Киргизии кредитов и связанных с ним откатов обратно в Москву», – сказал «НГ» Турдукулов. «Охлаждение отношений лидеров Кыргызстана и России – это системный вопрос. Как во времена Акаева, так и у Бакиева такие моменты были. Атамбаев начинал отношения с Москвой с чистого листа. Но столкнулся с тем же – невыполнением обязательств Москвой. В частности, РФ так и не построила Камбартинскую ГЭС, и Киргизия денонсировала соглашение», – отметил Турдукулов. Однако напоминание президента о событиях  1916 года может стать точкой невозврата в отношениях между Бишкеком и Москвой. По мнению эксперта, Атамбаев в данном случае обратился за поддержкой к внутренней «патриотической» аудитории, а следующий ход будет делать Москва.

Вчера стало известно, что власть все же разрешила проведение митинга 17 мая «Народному парламенту». По мнению экспертов, это изменение решения может свидетельствовать о неком замешательстве в киргизских верхах.

Источник: ng.ru

Иначе подадим в суд. Ведущие правозащитники Кыргызстана требуют от президента страны опровержения

Правозащитники намерены подать в суд на президента Кыргызстана, если он до понедельника не даст опровержения своим словам. Текст его выступления висит на официальном сайте президента Кыргызкой Республики.

Ведущие правозащитники Кыргызстана Азиза Абдирасулова (Правозащитный центр «Кылым шамы») и Толекан Исмаилова (Правозащитное движение «Бир Дуйно-Кыргызстан»), потребовали у президента страны Алмазбека Атамбаева опровержения сказанных им слов сегодня, 14 мая в своем выступлении в честь Дня матери.

Напомним, что выступая на торжественной церемонии вручения наград многодетным матерям, Алмазбек Атамбаев обрушился с критикой в адрес лидеров Народного парламента, которые накануне задержаны спецслужбами по обвинению в подготовке силового свержения власти.

«А с какой помпой они провели свой форум 12 мая? Кого здесь только не было? И верные акаевцы во главе с Талгарбековым. И верные бакиевцы во главе с Калматовым. И верный сторонник ИГИЛ Нурлан Мотуев», — сказал он.

Затем глава государства сказал буквально следующее: «И верно отрабатывающие свои зарубежные гранты наши НПОшницы Толейкан Исмаилова и Азиза Абдрасулова…»

«Мы, правозащитники Азиза Абдирасулова и Толекан Исмаилова выражаем гражданский протест и заявляем о том, что господин Президент КР Атамбаев А.Ш. обязан как никто другой соблюдать Конституцию КР и знать о презумпции невиновности граждан до решения суда и доказательств виновности того или иного гражданина. Никто не вправе заниматься клеветой и обвинять в чем-либо кого-либо без доказательств и решения судов», — говорится в распространенном им сообщении.

«Во-вторых, мы поражены его обвинениями, что мы якобы часть Народного Парламента и готовимся проводить насильственные действия против действующей власти КР. Господин Президент, наверное, забыл о статусе правозащитников, журналистов, что мы имеем право на мониторинги и право участия на всех мероприятиях, как власти, так и оппозиции. Это наша миссия беспристрастности и содействия в соблюдении законности в Кыргызстане», — отмечают правозащитники.

Авторы обращения к президенту, просят его «лично отреагировать на наше срочное заявление» и требуют от президента Атамбаева «прекратить шельмования и клевету, причинять боль и страдания нашим родным и близким, партнёрам и вводить общественность в заблуждение…»

В случае, если не будет опровержения от главы государства до понедельника, активисты готовы подать на него в суд.

Источник: vof.kg

Аскар Акаев, экс-президент КР: «Лишение свободы Талгарбекова и его соратников незаконным, поскольку они не совершали никаких антиконституционных действий»

В некоторых республиканских СМИ была опубликована информация, о том, что за деятельностью «Народного парламента» якобы стоит первый президент Киргизии – Аскар Акаев.
Так ли это NewsAsia узнал лично у экс-президента КР.
– То, что в Кыргызстане постоянно муссируют информацию о «революциях и переворотах» стало привычным делом. Это, конечно же, печальный факт нашей современной истории.
Вот теперь обвиняют в подготовке государственного переворота и Бекболота Талгарбекова. Зная давно Талгарбекова, как ученого, государственного служащего, и глубоко порядочного человека, убежден, что для него такой путь борьбы, как организация переворота, просто неприемлем. Мне известно, что он остро критиковал действующую власть, но никогда не призывал к её насильственному свержению. Талгарбеков всегда оставался приверженцем Конституции и призывал политические силы действовать только в рамках основного закона страны. Считаю лишение свободы Талгарбекова и его соратников незаконным, поскольку они не совершали никаких антиконституционных действий. Это означает, что в республике введён запрет на свободу слова, свободу критических высказываний.
Также в различных СМИ страны распространяется гнусная ложь о том, что за деятельностью народного парламента якобы стою я и даже приводятся лживые свидетельства о моей встрече с Бакиевым с целью поддержки переворота. Я открыто заявляю, общение с Бакиевым – организатором, подлинного антиконституционного госпереворота в 2005 г. и кровавой расправой над народом в 2010 г., для меня неприемлемо, как и встреча с нынешним руководителем государства.
А властям Кыргызстана следовало бы вместо постоянных поисков мнимых врагов, направить свою энергию на созидательные дела на благо народа Кыргызстана, – заявил нашему порталу Аскар Акаев.
Источник: news-asia.ru

Премьер-министр Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасын кабыл алды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы премьер-министрге калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу багытында аткарылып жаткан иштер жана пландар тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы буга чейин пландаштырылгандай, ушул жылдын аягына чейин 3 миңге жакын жаранды мамлекеттик программага ылайык турак жай менен камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле Кыргызстанда алгач ирет ишке ашырылып жаткан жеткиликтүү турак жай боюнча мамлекеттик программа чыныгы муктаж жарандарды камтышы керек экендигин баса белигледи. Болбосо, элдин бул программага карата ишеними жоголот, – деди Жээнбеков.

«Мамлекеттик ипотекалык компания өз ишин баштагандан бери биринчи этапта арыз берген 180 жарандын 22си берген арызына жараша турак жай менен камсыз кылынды. Экинчи этапка миңден ашык киши арыз берген. Азыркы тапта арыздар каралып жатат. 2016-жылдын 20-майынан баштап тизмелер каралып, банктарга берилет. Турак жай алууну каалаган жарандардын тизмесин жашаган жерине жана иштеген тармагына байланыштуу мекеме-ишканаларда түзүлөт. Учурда алты банк менен иштешип жатабыз», – деди Бактыбек Шамкеев.

Жогорку Кеңеш журналисттерден кечирим сурады

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы журналисттерден кечирим сурайт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

– Кечээ, 17-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өтүп жаткан Батыш залында “АКИпресс” маалымат агенттигинин парламентте аккредиттелген эки кабарчысына Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын кызматкери Курант Медеров тарабынан орой мамиле жасалгандыгы үчүн кечирим сурайбыз. Журналисттер өздөрүнүн кесиптик иш-милдетин аткарып жаткан маалда түшүнбөстүктөр пайда болгон.

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Батыш залдын төбөсүндөгү вентиляциялык люктан суу тамган учурду журналисттер уюлдук телефонуна тартып жатканда Жогорку Кеңештин имаратындагы курулуш жана оңдоо иштерин тейлеген сектордун кызматкери тоскоолдук кылууга аракет жасаган. Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкулов аты аталган кызматкерге катуу эскертүү берип, журналисттерге карата мындай орунсуз мамиле кайталанса, жумуштан кетирээрин маалымдады, – деп айтылат маалыматта.

Дардаңдаган Дашковго мыйзама барбы?

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Василий Дашков деген жигит бар. Сүйлөгөнү атан төөдөй, шаардык кеңештин депутаттарынан ар дайым чоңсунуп турганы менен эске түшөт. Мына ушул жигитти жакын арада укук коргоочулар “достошууга” чакырып калышы толук ыктымал. Анткени ал темир жолдун “Мостотряд” курулуш ишканасын тээ атам замандан бери жетектеп, бул тармактагы кыбыр эткен курулуш иштерин жалгыз өзү жасап келген. Бирок мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды аттап, курулуш иштери үчүн өзү каалагандай баа бычканы, натыйжада бюджеттин акчасы самандай сапырылып, Дашков жана анын темир жолчу өнөктөштөрүнүн өздүк эсепканаларына түшүп жатканы белгилүү болуп калды. Болбосо башкалар 20 миң долларга курган футбол аянтчаларын Дашковдун ишканасы 100 миң долларга курганы калппы?

Ал тургай бул жигиттин башына бир аз күн түшсө сыртты карай “зыйт” коюу ниети бардыгы, себеби Дашковго чейинки темир жол­дун каржылык булактарын башкаргандар качып кеткени тууралуу маалыматтар бар.

Булак: “Фабула”

Ереван менен Баку жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү макулдашты

Армения менен Азербайжандын президенттери Тоолуу Карабактагы ок атышууну токтотуп, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө ыктай тургандыктарын билдиришти. Бул туурасында 16-майда Венада Америка, Орусия жана Франция ортомчуларынын катышуусу менен өткөн сүйлөшүүлөр учурунда макулдашылды.

Кийинки сүйлөшүүлөр июнь айында өткөрүлөт. АКШ Мамдепартаменти тараткан билдирүүдө эки мамлекет башчысы жаңжалды куралдуу тирешүү менен чечүү мүмкүн эместигин белгилешкен.

“Зомбулук тобокелдигин азайтуу максатында президенттер ЕККУда иликтөөлөрдү жүргүзүү механизмин тез арада аягына чыгаруу туурасында макулдашты. Ошондой эле Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин жетекчилиги алдында дайынсыз жоголгондор жөнүндө маалымат алмашуу ишин улантмакчы болушту”, – деп жазылган билдирүүдө.

Венадагы жолугушуу – Алиев менен Саргсяндын Тоолуу Карабактагы кырдаал апрелдин башында курчугандан берки алгачкы жолугушуусу.

Дамир Монолдоров Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековд кол койгон буйрукка ылайык, Монолдоров Дамир Черикович Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Экс-спикердин баласына адам тагдыры оюнчукпу

Легендарлуу парламенттин экс-спикери Ме­деткан Шеримкуловдун баласы Марат Шеримкуловдун катыштыгы бар делген жол кырсыгынан На­зира аттуу айымдын омурткалары, ийни, кабыргалары сынып, баса албай майып болуп кал­ды. Жол кырсыгы 2014-жылы болгон. Назираны “пешеходдо” өтүп баратканда сүзүп кеткен. Бүгүнкү күндө жабырлануучу бутунан тура албай, травматолгия жана ортопедия борборунда жатат. Эки жылдан бери отура да, баса да албай калган Назиранын дарылануусуна 1 миллион сомдон ашык каражат кеткен. Учурда ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн дагы бир канча оор операция жасалууга тийиш. Кимдир бирөөнүн кароосуна аргасыз болуп ооруканада жатканы аз келгенсип, үйүндө секелек кызы менен инвалид апасы да жардамга муктаж. Каражаттын жоктугунан эми апасы кызынын дарылануусу үчүн баш калкалаган үйүн сатууга мажбур болууда. Назиранын ушундай абалга келишине бирден-бир себепкер делген Шеримкуловдордон эч жардам жок. Учурунда соттук териштирүү болгондо, болгон жардамыбызды аябайбыз, эмне зарыл болсо баарын алып беребиз дешкен Шеримкуловдор болгону 1 жарым миң доллар беришип, ошол бойдон куйрук түйүшкөн. Бүгүнкү күндө “бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок” дегендей болушуп, билмексен. Тиешелүү органдар ушул жагдайга көңүл буруп, бир үй-бүлөнүн тагдырын талкалап, эч нерсе болбогондой басып жүргөн айыпкерди кармап жазасын бериши абзел.

Булак:Фабула

Тармактык комитет Бузуулар жөнүндө кодекс долбоорунун концепциясын жактырды

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети сот тутумунун реформалоо алкагында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кодекс долбоорунун демилгечиси депутат Галина Скрипкинанын айтымында, азыркы учурда иштеп жаткан Кылмыш кодекси менен Административдик кодексте СССР доорунда эле иштелип чыгып, анда өтө көп ченемдик жоболор камтылып калгандыктан, аларды ыӊгайына жараша кайра бөлүштүрүү зарылдыгы келип чыккан. Алардын бири – Бузуулар жөнүндө кодекс. Ошону менен бирге, эл аралык тажырыйба менен күндөлүк сот ишинде топтолгон тажырыйба да эске алынды.

Ал эми жумушчу топтун берген маалыматына караганда, жаӊы кодекс укук бузуу жаатындагы иштерди ыкчам жана так карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Ал 39 гана беренеден туруп, анда жеке жана юридикалык жактарга байланыштуу укук бузуу жоболору камтылды. Кодексте эскертүү, айыппул жаза чаралары каралган. Кошумча укуктук чаралар – үстөкпул менен мүлкүнөн ажыратуу.

Депутаттар бир эле айыптык жаза чараларынын ортосунда чоӊ айырма болуп калганын, мындай айырма коррупцияга жол ачарын белгилешти. Демилгечи айтылган сунуштарды экинчи окуу жүрүшүндө эске алууга убада берди.

Канат Кумтөрдөн 7 миллиард доллар өндүрөм дейт

Буга чейин инспекция эмес, өкмөт даабай кел ди эле, бул сапар Мам­лекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын башчысы Канат Муратбеков катуу кетти. Тагыраагы, жакында аталган инспек­ция “Кумтөр” компаниясынын тээ 1996-жылдан берки экологиялык техникалык зыяндарын эсептеп чыгып, орто эсеп менен 7 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө доо коюп, компанияны сотко берди. “Мейли алар да мыйзамдык жол менен сотторго, эл аралык сотторго кайрылышсын. Бирок мен өз ишимди жасап жатам, канча убакыттан бери экологиялык мыйзамдар бузулуп, техникалык эрежелерден тыш иштер жүрсө да унчукпай келишкен. Бул жолу биз саясий эрк көргөзүү менен мыйзамдуу алкакта өз милдетибизди аткарабыз”,- дейт Канат Муратбеков. Ошонтип учурда райондор аралык сот бул доо арызды ушул айдын аяк ченинен тарта карай турган болууда.

Булак: “Фабула”

Мушташка катышкан тажик жана өзбек мигранты Орусиядан чыгарылат

Москвадагы Хован көрүстөнүндөгү мушташтан кийин кармалган 40тан ашуун мигрант Орусиядан миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн чыгарылмай болду.

РИА Новости маалымат агенттигинин кабарлашынча Тергөө комитети аларга карата Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча иш козгоду. 112 адам кармалып, алардын 40тан ашууну Орусиядан чыгарылышы мүмкүн.

ИИМ маалымдагандай, 14-майда болуп өткөн окуяга 200гө чукул адам катышкан. Тартип сакчыларынын пикиринде, чыр-чатак көрүстөндү тейлөө иштерине байланыштуу чыккан. Куралдуу кагылышуудан Тажикстандын үч жараны набыт болуп, 20дан ашуун адам ооруканага жаткырылган. Азыркы тапта бардык шаардык көрүстөндөрдө текшерүүлөр жүргүзүүлүдө.

Ал ортодо аталган көрүстөндүн мурдагы директору Юрий Чабуев кармалгандыгын “Интерфакс” агенттиги кабарлады. Дүйшөмбүдө Преснен соту аны камакка алуу жөнүндө арыз бермекчи. Ушул эле отурумда кармалган башка 14 адамдын баш коргоо чарасы аныкталат.

Иса Өмүркуловдун ордуна Марат Аманкулов келди

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети тармактык комитеттин төрагалык кызмат ордуна КСДП фракциясынан депутат Марат Аманкуловдун, анын орун басарлыгына атамекенчи Эмил Токтошевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Иса Өмүркулов КСДП парламенттик фракциясынын лидерлигине шайланган.

"Элдик парламенттин" митинги кийинкиге жылдырылды

“Элдик парламенттин” 17-майга белгиленген митинги кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Расул Умбеталиев журналисттерге билдирди. Буга чейин уюмдун өкүлдөрү 50 миңге чукул киши чогулуп, өлкөдө бийлик алмаша турганын айтып келишкен эле.

“Элдик парламент” уюму бир ай мурда түзүлгөн. Өткөн аптада алардын лидерлериники деген телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудиосу интернетте тараган. Анда 17-майда Кыргызстанда бийлик кулатылары, өкмөт башчылыкка алардын өкүлү келери тууралуу сөз жүрөт.

Көп өтпөй УКМК бул уюмдун лидерлерине карата “бийликти күч менен басып алуу аракети” деген берененин негизинде кылмыш иш козгоп, камакка алган. Бирок “Элдик парламент” бийликтин кылганы мыйзамсыз экенин айтууда.

Жарандык активисттер: Президентти сабырдуулукка жана акыл калчоого чакырабыз

Жарандык активисттер Президентти, Жогорку Кенешти жана Өкмөттү азыркы этапта мамлекеттин алдында турган кыйынчылыктарды жеңүү үчүн диалогго жана күчтү бириктирүүгө чакырат.  Коомчулуктун пикирин сурамжылоо көрсөткөндөй бүгүнкү күндө элди жумушсуздук тынчсыздандырат. «ВСП+» программасынын перспективалары туурасында калкты жана бардык кызыкдар тараптарды маалымдар кылуу максатында Жогорку Кеңеште парламенттик угууларды өткөрүү зарыл.

Коомчулуктун пикирин сурамжылоо ошондой эле укук коргоо органдарына  ишенимдин абдан төмөн экендиги улантылып жаткандыгын көрсөтүп жатат.   Кыргызстан жолдордогу адам өлүмү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы катарда. Элди чегара коопсуздугу маселеси кооптондурат. Жарандык эксперттер Жогорку Кеңешти коопсуздук секторун саясаттан ажыратуу жаатындагы мыйзам долбоорлорун кабыл алууга жана Конституцияга ылайык укук коргоо органдарына парламенттик контролду жакшыртууга чакырат.

Кыргызстан эли өз тарыхын калыбына келтириши керек, андыктан өлкөдө эс тутум саясатын түзүү зарыл. 2016-жылы күзүндө жалпы жергиликтүү кеңештердин шайлоонун, 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында шайлоо процесстерин мындан ары дагы жакшыртуу үчүн жана биргелешип республиканын мамлекеттик түзүмдөрүн аксатууга алып келүүчү шайлоочулардын добушун сатып алуу коркунучун жеңүү үчүн президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун кызматташуусун күчөтүү керек.

Тилекке каршы, Конституцияда жазылган бийлик менен элдин биримдигин камсыздоонун ордуна, президент жана анын аппараты жарандык секторго карата эмоцияга алдырып, белгилүү укук коргоочуларга куру жалаа жаап жатат.

Укук коргоочу өзүнүн укук коргоочулук макамына ылайык (2015-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган укук коргоочунун ролун таануу жана аларды коргоо туурасындагы БУУ Башкы Ассамблеясынын Декларациясы)  укук коргоочу адам укугуна коркунуч келтирилиши мүмкүн болгон бардык жерде, анын ичинде митинг жана жыйындарга мониторинг жүргүзөт, ошол эле учурда ал процесстин катышуучуларынын позициясын бөлүшпөсө дагы.

Президентти сабырдуулукка жана акыл калчоого чакырабыз. Президент А.Ш.  Атамабаевге жалпы коопсуздукту бекемдөө, экономиканы жакшыртуу, жумушсуздукту жана миграцияны азайтуу, улуттук эс-тутумду калыбына келтирүү боюнча жалпы улуттук диалогду жетектөөнү сунуштайбыз.

Жарандык коом, бизнес, академиялык чөйрө биргелешип приоритеттүү керектөөлөрдү аныктап, бардык бийлик бутактары үчүн өз сунуштарын иштеп чыккан жана баарлашууга, кызматташууга даяр экендигин билдирет.

Динара Ошуракунова,

Бурул Макенбаева,

Эркина Убышева,

Рита Карасартова,

Гульзада Медералиева,

Алмаз Алжамбаев,

Марат Мусуралиев.

"Мавр өз ишин жасады..."

Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча чыккан чырдын айынан кызматтан кетишкен мурунку өкмөт башчы Темир Сариев менен мурдагы Транспорт жана комму­никация министри Аргынбек Малабаев өткөн жумада Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрүнүн астында бири-биринин айыбын чукууга аябай аракет кылышты. Депутаттар кимисине ишенээрин билишпей баштары маң болуп, бул ишти тиешелүү укук коргоо органдары иликтеп, жыйынтык чыгарсын деген менен чектелишти. Бирок Сариевдин отставкага кетишине болгон аракетин жумшаган “Кыр­гызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевди КСДП менен “Ата Мекен” фракцияларынын депутаттары аябай кодулашты. “Мавр өз ишин жасады…” дегендей эле болду. Мындай мамилеге Канаттын учурда ичинен кан өтүп турган кез.

Булак: “Фабула”

Кайыпов “кайып” болгондо

Ала кыштан бери эле Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов кайып болуп кеткендей дайыны чыкпайт. Башка облус жетекчилери шымаланып жазгы жарыш менен алек болуп күжүлдөп, борборго каттап, бюджеттен кошумча каражат сурап, Жогорку Кеңешти желкелеп жүрүшөт. А Аманбай мырза болсо Нарын суусунун боюнда балык кармап отуруп алганбы, дегеле эч бир чогулуш, жыйындан көрүнө элек. Баса, угушубузга караганда ушу тапта Бишкек-Торугарт жолунун реконструкциясын аягына чыгаруу иши кечеңдеп, ошондой эле Нарын ГЭСтериндеги курулуштун токтошу, Борбордук Азиядагы Ага-Хан университетинин салынышына каршы мусулмандар арасындагы нааразы кептер облус башчысынын маанайын чөгөрүп, өзү дагы кызматтан кеткиси келип жатканын уктук.

Булак: “Фабула”

 

Атамбаев менен Абдылдаев тышкы саясатты талкуулады

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-майда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Атамбаев өлкөнүн тышкы саясый ишмердиги, анын ичинде тышкы саясаттын орчундуу багыттарын өнүктүрүү, эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларда жетишилген келишимдерди аткаруу боюнча маалыматтарды укту.

Эрлан Абдылдаев алдыда боло турган тышкы саясый иш чараларга даярдыктар тууралуу айтып берди. Президент Тышкы иштер министрлигине тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө, алдыда боло турган тышкы саясый иш чараларга байланыштуу тапшырмаларды берди.

Иранда хиджабы жок сүрөткө түшкөндөр камакка алынды

Иран бийлиги хиджабсыз моделдердин сүрөтүн интернет баракчаларга жүктөгөнгө катыштыгы бар делген сегиз адамды камакка алды. Бул өлкөдө аялдар хиджаб кийип жүрүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик телеканалдын маалымдашынча, Instagram түйүнүн колдонгон 170 адамдын тек-жайы такталды. Алардын арасында 58 модель, 51 кийим дийзайнери, 59 сүрөтчү жана визажист бар. Алар “Ирандын үй-бүлөлүк баалуулуктарына шек келтирип жатат” деп айыпталууда.

29 адамды полиция түйүндүн негизги менеджерлери жана катышуучулары деп айыптоодо. Репортажда бир аялдын “сүрөттөрүмдү жайгаштырганым үчүн акча төлөнгөн” деген билдирүүсү да бар. Ага кандай айып тагылганы айтылган жок.

Ирандын мамлекеттик телеканалы буга чейин да кысымдан улам өзүн айыптуумун деп мойнуна алган адамдардын билдирүүлөрүн көрсөтүп келген. Өткөн жумада Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи интернетти “майдан талаасы” деп атаган. Анын пикиринде, диний ишмерлер менен диний окуу жайларынын студенттери туура эмес жана калпыс идеялар менен күрөшүүгө тийиш.

Жумгал районунун акими дайындалды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Адыл Сапаров Нарын облусундагы Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине ылайык кабыл алынган.

Тимур Саралаев: “Учурда Кыргызстан профсоюздар федерациясы адам укуктарын одоно бузуп, тебелеген жабык уюмга айланды”

Табияты боюнча эмгекчилердин укуктарын коргой ала турган бирден-бир уюм бул профсоюздар, алар тарыхта чоң изин калтырып, коомго бир топ өзгөрүүлөрдү кылышты, ошону менен бирге мурунку учурларда Кыргызстандын профсоюздары дагы карапайым адамга дайым тирек-жөлөк болчу эле. Азыр алар кандай болуп калганы боюнча профсоюздар боюнча эксперт Тимур Саралаев менен маектештик.

– Учурда профсоюздар кандай иштеп жатышат?

– Профсоюздар чынында эле алдыга жылбай, доор алмашкандан баштап, 1992-жылдан бери эч кандай реформа кылган жок. Менчикти (профсоюздук мүлк – имараттар, санаторий, мейманканалар, эс алуу жана балдарды эс алдыруу борборлору, ред.) сактап калдык деп жатышат, аны сактап калмак тургай, алар таралып, четинен кетип жатат. Коргоо функциялары дагы иштебейт, анткени структурасынан, мыйзамдарынан жана нормативтик документтерден баштап өзгөртпөсө, 30 адам олтуруп алып, профсоюздарын «каймагы» болуп алып эле, эч жакка эч нерсени жылдырбай, өзгөрүүлөргө жолтоо болуп жатышат. Калыстык үчүн айта кетиш керек, баардык профсоюздар начар эмес, жакшынакай иштегендер деле бар, алардын эмгектерин жууп салган дагы болбойт. Бирок балык башынан сасыйт дегендей, азыр профсоюздар жетекчилик жагынан начар болуп калды.

Негизи профсоюздар эмгекчил адамдын укугун коргоо уюму болгондон кийин, съезд тескериче өтүп, жетекчилер туура эмес шайланып калды. Профсоюздардын соңку съездти тарыхта кала тургандай эле болду, анткени мындай съезд эзели өткөн эмес, эртен менен башка жайда башталып, кечинде башка жайда аягына чыкты. Съезд жабык форматта өттү, бир дагы кабарчы, эл аралык уюмдардан жана өнөктөштөр чакырылган жок. 200 ашуун делегат катышып, анын ичинен болгону 11 адам 35 жашка чейинки делегаттар болду. Мен жаш болуп туруп, профсоюздардын ак-сакалдары менен көк-сакалдардын съездеги бири-бирин чукулап, жамандап, шыбырашып, улам кирип чыгып соодалашып, бири-бирин алдап, элди укпай жанталашып трибунага чыгып алып сүйлөгөн сөздөрүн угуп алып жакамды кармап турдум.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясы өлкөбүздө курамы жана мүчөлөрү эң чоң уюм болгондуктан съезде өзүнүн абройлуу деңгээлин көргөзүш керек эле, бирок абдан деңгээли төмөн экинин жашырбай көргөзүп койду. Эң кызыгы профсоюздар иш берүүчү адамды төрага кылып шайлап алышты, профсоюздардын мүнөзү жана эл аралык стандарттар боюнча, эч убакытта иш берүүчү адамды шайлабаш керек эле. Соодалашуулар аркылуу ар кайсыл профсоюздун ичиндеги жетекчи чалдар Абдырахмановту төрага кылып коюшту, ал киши ага чейин төраганын орун басары эле (коомдук башталышта), бирок иш берүүчү адам орун басар дагы болбош керек эле. Мисалы, ал кишиге ушунча жылдан бери эмнени кыйратыңар деп суроо берсе, ал жооп бере деле албайт. Ал болгону «Достук» мейманканасында мүдүр болуп турганда 150 кызматкерди кетирип, туш-тушун арендага берген. Андан тышкары, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басарлары дагы туура эмес шайланып калды, мисалы ошол эле Бабаева Рысгүл ал профсоюздардын жобосуна карама-каршы кетти, болгону 33% добуш алыптыр, ал эми жободо жазылып турат, көпчүлүк менен алыш керек деп, ал болсо 51% кем эмес деген сөз. Бабаева Бакиевдин заманында жеп-ичерлердин командасында абдан тыгыз иштешкен, ошол эле азыркы төрага дагы Бакиевдер менен иштешкен. Ошолордун баарын шайлап алып, азыр профсоюздар тупикте такалып турат.

1-майга карата бир дагы иш-чара болгон жок, мурун миңдеген адамдар катышкан жөө жүрүштөр болчу эле, ал эми азыр анын бири жок, бул нерселер азыркы учурдагы профсоюздардын деңгээлин көргөзүп жатат. Булардын максаты менчик эле болуп калды. Ал буга чейин реформаларды кылыш керек деп кыйкырган сөздөр жөн эле шылтоо экен. Ошол шылтоо менен мурунку төраганы дагы кетириш үчүн реформаларды кылыш керек деп, эки жумушчу топ түзүшкөн, ал топтор профсоюздардын жобосуна өзгөртүүлөрдү, системалык реформаларды кылабыз деп сунуштарды иштеп чыкмак эле, бирок алар аягына чыккан жок. Ал түгүл, съезде делегаттар менен кабыл алынган насыяттардын бири дагы аткарылган жок. Ошондо азыркы авантюристтер айтышты эле, бир айдын ичинде жаңы жобону кабыл алып, аны ишке киргизмек, ал дагы жок. Анткени жобого көп карама-каршы нерселерди жазып алышыптыр. Мисалы, профсоюздар ишкерчилик менен алектенсе болот деген. Профсоюздар эзели ишкерчилик менен алек болгон эмес, профсоюздардын функциясы, миссиясы такыр башка, ал укуктарды жана эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоодо. Булар болсо профсоюздарды «частная лавочка» катары түшүнүп жатышат. Бул жобону съездин делегаттары туура эмес деп чыкса, съезд дагы туура эмес деп чыгып калышы толугу менен ыктымал. Анткени бул профсоюздарга туура эмес келген нормалар.

– «Достук» мейманкасы кандай жол менен акционердик коомго айланып калган жана профсоюздарга кандай салым кошту, Абдрахманов жетектеп келгенден бери?

– 1992-жылы «Достук» салынып бүткөндөн кийин, КМШ өлкөлөрүнүн Жалпы профсоюздук конфедерациясынан Москвадан Кыргызстан профсоюздар федерациясына өткөрүлүп берилген. Бирок эмне үчүн акционердик коомго өтүп кеткенин жана канча пайызы жеке менчикке берилип калганы айталбайм. Анткени бул маселе азыркы күнгө чейин жабык, ачыкка чыгарышпайт, азыр дагы профсоюздук көпчүлүк билбейт канча пайызы профсоюдардыкы, канчасы жеке тараптыкы жана “Достуктан” канча дивиденд төшөөрүн. Мурун 9-10 жыл бою 1 млн. сомго жакын жыл сайын профсоюздар дивиденд алып турчу эле. Анын баарын “Достуктун” акционерлери кайра артка алышты, 9-10 жылдын ичинде туура эмес акча профсоюздарга берилген деген шылтоо менен 2013 жылы 10 млн. сом кайра артка Кыргызстан профсоюздар федерациясынан өндүрүп алынды. Ал акчалар албетте сот аркылуу берилген, бирок бул жерде шектенүү пайда болбой койбойт, себеби жакшы деген жетекчи профсоюздардын кызыкчылыгын колдоп, соттон утулбаш керек эле, негедир “Достук” миллион деген исктерге утулуп, аны кайра Кыргызстан профсоюздар федерациясы төлөгөнгө туура келди.

Бул жерде кандайдыр бир деңгээлде ошол учурдагы “Достуктун” директору Жанадил Абдрахмановдун кызыкчылыгы болушу толугу менен ыктымал. Акырында профсоюздар “Достук” мейманканасынан эч кандай пайда жок, аны тармактык профсоюздардын менчиги дегени менен, андан аларга пайда жок. Мунун баарын баштаган мурунку профсоюздардын жетекчилери, анын ичинен учурдагы КПФын төрагасы, анын орун басарлары, кеңешчилери, табакташтары. Учурда “Достук” кимдин менчиги экенин дагы териштириш керек жана бул нерселер ачыкка чыгышы керек.

– Кыргызстандын профсоюздарынын кадрлар саясатын кандай бааласа болот?

– Негизи, учурда Кыргызстан профсоюздар Федерациясында кадр саясаты – нөл. Профессионалдуу кадрларды даярдоо саясаты профсоюздардын маанилүү тармактарынын бири болуп эффективдүү иштеп жатканынын көрсөткүчү болуш керек эле, бирок азыр андай эмес. Тескериче, жаш күжүрмөн, адискөй, билимдүү кадрларды кармап ала албайт, анын ордуна кошоматка жакын, позицияларга жана демилгелерге жарыбаган, ишти так аткара албаган кадрларды колдошот. Коңшу өлкөлөрдүн кадр саясатына карасак, алар квота кылып, адистерди өстүрүшөт, алардын тажрыйбасынын жогорулашына шарт түзүп берет, ал эми бизде өстүрүү эмес Абдархманов бут тосуп жатпайбы. Тармактык профсоюздардын жетекчилери болуп 80 чыккан абышкалар олтурат, анан кайдагы кадр саясаты?!
Булар кантип элди коргой алат, толук иш күн олтурбаса, коомдо болуп жаткан эмгекчилерге түздөн-түз тиешеси бар болгон маселелерге үн катпаса, моюн сунуп эле олтурушса? Кадр маселеси Кыргызстан профсоюздар федерациясында азыркы мезгилде таптакыр эле жок деп эсептесе болот, анткени бул маселеге таптакыр көңүл бурбай калды. 70 жашка чыккан кишилерди жумушка алып жатышса, мурун ыплас иштерге аралашып жаткан адамдар тартылып жатса, жаштар жок болсо алардын арасында профсоюздук мафиялык айлампа болуп калганын көрсөткүчү. Мунун баары эмнени билдирип жатат? Мунун баары Кыргызстан профсоюздар федерациясы ачык-айкын иштебегенин, жамынып алып, көшөгө аркылуу иш кылып жатканын көрсөтүп турат.

– Соңку суроо, азыркы жетекчилик профсоюздарда реформалар жөнүндө көп айтышкан, ошол ураан менен келишкен, бирок ал реформалар көрүнбөйт, жыйынтыгы деле чыкпайт окшойт. Эмне кылыш керек эле?

– Жобонун комиссиясына Кыргызстан профсоюздар федерациясын кеңешинин мүчөлөрүнөн эмес, жөнөкөй, профсоюздардын күжүрмөн, прогрессивдүү адамдарынан кошуш керек эле. Мына ошол комиссиянын курамына ошондой адамдар болгондо, алар киргизишмек жаңы жана олуттуу өзгөрүүлөрдү. Ал эми баягылар эле жүрүшсө, алар өз кызыкчылыктарын гана коргоп жүрүшкөндөй, анан каяктан реформа болот?
Мисалы коңшу Казакстандын профсоюздар федерациясын алсак, алардын кеңешинде 100дөн ашык мүчөсү бар, ал жерден тымызын бир нерселерди өткөрүш кыйыныраак, ал ачык уюм. Демократия, демократия деп айтканыбыз менен, учурда биздин Кыргызстан профсоюздар федерациясы эң автаритардуу жана адам укуктарын одоно бузуп, тебелеген уюм болуп калды. Азыр, бул уюм Кыргызстандагы адам укуктарына шек келтирип турат, ал деңгээлге жеткирген азыркы жетекчилик жана анын кеңешчилери. Бир нерсе болсо эле, шудуңдап Кеңештин 10 чакты кишиси сүйлөшө калып, сценарий боюнча кол көтөрө калып эле, жабык форматта жыйындарын өткөрө салышып, көмүскөдө иштерди жүргүзгөндү жакшы үйрөнүп калышты.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешин чоңойтуш керек, жок дегенде үч эсе, мисалы 90 киши болсо булардын мыйзамсыз иштери өтпөй калат, көп киши болуп, иштер ачык-айкын жүрө баштайт, квотоларды киргизиш керек (жаштардан, аялдардан, кызматкерлерден ж.б.), ошондо прогрессивдүү адамдар келип, ыплас иштерге жол бербейт. Бул эң чоң реформа болот эле. Жобого, профсоюздар мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Профсоюздарды азыркы учурда чектеш керек, ал же ишкерчилик менен алек болуш керек (мейманкана, курортторуна жолдомо бөлүштүрүп иш кылып), же эмгекчил адамдын кызыкчылыктарын, укугун коргош керек. Эки жакка бөлүш керек фукнцияларын, булар болсо көп функцияларды аралаштырып алып иштеп жатышпайбы, ошол үчүн проблема болуп жатат. Азыркы жетекчилик профсоюздардын мүлкү менен эле иш алып барып калды, башка кызыкчылыгы жок.
Дагы бир булардын кемчилиги, учурдагы төраганын кеңешчилеринин бири мүлктүн баарын акционерлештириш керек деген демилгени көтөрүп чыкты. Бул деген сөз, баарын бөлүштүрүү, шылтоолорду табуу, андан ары аукцион аркылуу жиликтемей. Элдин байлыгын, элдин мүлкүн өзүм билгендикке салып, каалагандай колдонуп, каалаганын кылганы жатышат. Мына булардын жасаган реформалары…

Эртеби же кечби коомчулук жыйынтык чыгарыш керек, профсоюздардын ишмердүүлүгү боюнча. Анткени кыргыздарга мындай профсоюздар кереги жок, булар же жолдомолорду туура бөлүштүрбөйт, же эл берген мүлктү жакшы башкара албай, аталарынан калган мурастай түшүнүшөт, же укук коргобойт. Тескериче мыйзамдарды тебелеп, тепсеп жатышат, аларга кайрылган эмгекчилдерди кой, ичинен кызматкерлерин ай сайын басым көрсөтүп, мыйзамсыз кетирип, орундарын башкаларга берип, кайдагы бир шылтоолорду табышып, бири-бирине «донос» менен алек. Анан бизге мындай профсоюздар кереги барбы?!

Тимур Саралаев, жарандык активист

 

ӨКМ эскертет: нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда 17-майдан 19-майга чейинтүнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп 18-19-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймагында 10…15°, тоо этектеринде 9…14°, тоолуу райондордо 0…5° жылуулукка чейин болушу күтүлөт. 19-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9°, Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде 2…7° жылуу.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

20-майга чейин аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Укук коргоочулар Алмаз Атамбаевди ушак, жалаа, чагым тараткандыгы үчүн сотко беришет

14-майда укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаиловалар эгер Алмаз Атамбаев дүйшөмбү күнгө чейин алар тууралу тараткан жалааларын жана ушактарын жокко чыгарбаса Атамбаевди сотко беришерин билдиришти.
«Биз Атамбаевдин бизге таккан айыптарына таң калып жатабыз, анын сөзү боюнча биз «Элдик парламенттин» бир бөлүгү экенбиз жана азыркы Кыргыз Республикасынын бийлигине каршы күч колдонууга даярданып жаткан имишпиз. Ал укук коргоочулардын жана журналисттердин статустары тууралу унутуп калса керек, биз бийликтин да, оппозициянын да баардык жыйындарына катышууга жана байкоо салууга акылуубуз. Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышына көмөктөшүү жана калыс байкоо жүргүзүү — бул укук коргоочулардын негизги миссиясы.
Алмаз Атамбаев да Кыргызстандын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Эч ким, анын ичинде Атамбаев да бирөөгө далилсиз жалаа жапканга жана айыптоого акысы жок. Соттун чечими болмоюнча юридикада презумпция деген түшүнүк бар.
Урматтуу президент, биздин шашылыш билдирүүбүзгө жеке өзүңүздүн жооп беришиңизди суранабыз, ошондой эле Кыргызстандын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, бирөөлөргө жалаа жаппоого чакырабыз. Кыргызстандын ички-тышкы көйгөйлөрүн объективдүү изилдеп, терең анализдөөнү жана туура жыйынтык чыгарууну сизге сунуш кылабыз.
Бирөөлөргө жалаа жабууну жана каралоону токтотушуңузду талап кылабыз! Дүжүр саясат талдоочуларга, серепчилерге, журналисттерге жана атайын кызматтын кызматкерлерине шыкак болбоңуз.
Эгер дүйшөмбү күнгө чейин биз тууралу айткандарыңызды жокко чыгарбасаңыз биз сизди сотко берүүгө даярбыз!»- деп айтылат билдирүүдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, Атамбаев кечээ, 14-майда Энелер күнүнө карата чыгып сүйлөп, 12-май күнү камакка алынган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрүн сындап, мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланарын эскерткен. «Өлкө элинин эмес, өз айылынан керектүү добуш алууга көзү жетпегендер бүгүн бийликти күч менен басып алууну көздөп жатышат. Мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланат. Антпесе булар эсирип кетишти. Буларды абак аябай сагынып, күтүп жатат. “Элдик парламенттин” форумунда кимдер гана болгон жок. Талгарбеков баш болгон акаевчилер, Калматов баш болгон бакиевчилер, Мотуев баш болгон “игилчилер” жана грантка келген акчаларын актап жаткан Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова баштаган бейөкмөтчүлөр катышты. Ал жерде “Элдик парламентпиз” дегендер артыбызда чет өлкөлүк жашыруун кызматтардын генералдары, полковниктери турат деп, алардан акча келгенине өз ара мактанып атышат. Булардын аты бирөө эле – чыккынчылар. Өз мекенинин саткындары», — деп ызырынган.
Булак: Кyrgyztoday.kg

1-июндан электр энергия кымбаттайт

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер 1-июндан тарта киргизилет. Бул тууралуу бүгүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди. Анын айтымында, тарифтер орто эсеп менен алганда 20% жогорулайт.

Жаңы тарифке ылайык азыр 1 киловатт/саатына 70 тыйын төлөп жаткандар 84 тыйын төлөйт. 700 киловатт/сааттан ашык пайдалангандар ар бир киловаттына азыр 2 сом 5 тыйын төлөп жатса, эми 2 сом 20 тыйындан төлөйт. Жаңы тарифтер өкмөт бекиткенден кийин күчүнө кирет. Өкмөт энергияга таңсыктыкты чечүүнүн жолун тарифтерди жогорулатууга байланыштырууда.

Элебаевдин ырастоосунда, баалар коротулган энергияны актай ала турган өлчөмдө болсо, анда чакан ГЭС курууга кызыкдар тараптар көбөйүп, таңсыктык жоюлат. Тарифтерди жогорулатуу мезгилдин талабы экендигин айткан Элебаев, бааларды көтөрүү менен бул тармакка алынган насыялар төлөнөөрүн эскертет.
Токтогул суу сактагынчында суунун көлөмү кескин азайып, Кыргызстан өткөн жылдан бери энергеткикалык каатчылыкка кептелген. Мындан чыгуу максатында өлкө сырттан электр энергиясын импорттой баштаган. Өткөн жылда бир гана Казакстанда сатып алса, быйыл Тажикстандан да сатып алуу пландалууда. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттиктин статс-катчысы Миргүл Айдарова,чектөөлөр болбошу үчүн электр энергиясын импорттоого мажбур дейт.

Маалыматтар боюнча Кыргызстан быйыл сырттан 1 млрд 200 млн кватт электр энергиясын сатып алат.
Учурда Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү кызыл чекке жакындап калган. Өкмөт өкүлдөрү күзгө чейин кырдаал калыбына келет деп ишендирүүдө. Ал эми серепчилер жакынкы жылдары керектөө мындан да өсүп, электр кубатынын тартыштыгы дагы жогорулашын болжошууда.

Булак: maralfm.kg

Курманбек Исаков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаевдин кол койгон буйругуна ылайык Курманбек Исаков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Видео - Азиза Абдирасулова: “Президент, күнөөм болсо мени каматып сал”

Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулова Алмазбек Атамбаевдин кортежи өтүп бара жатканда президентке нааразычылык билдирип, эгер чын эле күнөөсү болсо камап салышын, болбосо соттошорун айтты.

Видео - Азиза Абдирасулова: “Президент, күнөөм болсо мени каматып сал”

Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулова Алмазбек Атамбаевдин кортежи өтүп бара жатканда президентке нааразычылык билдирип, эгер чын эле күнөөсү болсо камап салышын, болбосо соттошорун айтты.

Профильный Комитет одобрил законопроект «О внесении изменения в Закон КР «О государственном и негосударственном долге КР»

Комитет по бюджету и финансам Жогорку Кенеша сегодня, 16 мая 2016 года рассмотрел и одобрил законопроект «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «О государственном и негосударственном долге Кыргызской Республики» (постановление Правительства Кыргызской Республики от 11 мая 2016 года №238). Об этом сообщает пресс-служба ЖК.

Международными методиками оценки устойчивости долга являются по приведенной стоимости, по номиналу, в % соотношении к ВВП, по чистому заимствованию и другие. Предлагаемая трактовка части 2 является более гибкой и позволяет на основе анализа с учетом макроэкономической ситуации (например, обменный курс, процентные ставки, темпы экономического роста), рыночных факторов, изменений в налогово-бюджетной сфере Правительству вносить предложения относительно пороговых сумм внешнего долга, а Жогорку Кенешу Кыргызской Республики утвреждает пороговые суммы государственного долга.

По состоянию на 31 декабря 2015 года размер государственного долга Кыргызской Республики составил 3 805,1 млн. долларов США (288 803,9 млн. сом) или 68,2% ВВП, основная часть которого 94,6% приходится на обязательства по внешним займам – 3 601,1 млн. долларов США (273 320,2 млн. сом) или 64,5% ВВП. Уровень государственного внешнего долга к ВВП превысил законодательно установленный пороговый показатель, согласно которому величина государственного внешнего долга не должна превышать 60 процентов от объема ВВП.

Так, законопроектом предусматривается замена порогового значения государственного внешнего долга с 60% к ВВП на установление максимально допустимого уровня государственного внешнего долга, на основе применения международных показателей оценки устойчивости долга для стран с низким уровнем дохода.

Абдикарим Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагалыгына дайындалды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-майда кол койгон Жарлыкка ылайык Абдикарим Алимбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагалыгына дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк банк Сот департаментине 490 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун толук кандуу иштөөсү үчүн финансы ресурстары менен камсыз кылуу каралып жатканда, Дүйнөлүк банк Сот департаментине грант түрүндө 490 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлө турганы белгилүү болду. Каражат толугу менен сот турумунун ишин жакшыртуу багытында жумшалмакчы.

Меню