Menu

Рустамовдун кулкуну куурап жатабы?

Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын, айрыкча кайберендердин саны акыркы 20 жылда өтө эле азайып кетти. Ошондуктан «Ата Мекен» фракциясынын депута­ты Эмил Токтошев 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу демилгесин көтөрүп жатат. Бул демилге колдоого арзырлык. Кайберендер таптакыр кырылып жок боло электе, алдын алыш зарыл. Тилекке каршы, мындай жаратылышка, жан-жаныбарга карата камкордукка Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов караманча-каршы. Сыягы, чет элдик жарандарга арка-кулжага мергенчилик кылууга алчу каражаттан кур жалак калам деп ичи ачышып жатат көрүнөт. Жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлогон ушундай жетекчилерден арылбас болдук. Айтмакчы, агенттиктин мурдагы жетекчиси Сабиржан Атажанов колу таза эместиги айтылып, жазылып жатып кызматтан кеткенде, ордуна келген Рустамовдун дагы баскан жолу мандемдүү экени айтылды эле. Чындап эле кайберендерди атууга тыюу салбаш керек деп айкырып жатканына караганда, коррупцияга белчесинен баткан аңчылык тармагынын каймагын калпыбай калам деп кулкуну куурап жаткан өңдөнөт.

Ушул тапта Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн аңчылык турларын уюштурган 50ге жакын жеке фирма бар. Жылына 70тей кулжа, 250-300 теке атылат. Бирок мыйзамсыз атылган аркар-кулжа мындан көп экенин адистер белгилеп келишет.

Булак: “Фабула”

Салайдин Авазов, Жалал-Абаддын мэри: “Шаарга ким мэр болорун эл чечет”

Жалал-Абад шаарынын кийинки мэри ким болорун шаардагы шайлоочулар чечет, алар кайсы партияга көп добуш беришсе, ошол партия өзүнүн талапкерин алып чыгат. Мындай пикирин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жалал-Абад шаарынын мэри С. Авазов билдирди.

Журналисттер шаар мэрине күзүндө боло турган жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна байланыштуу шаар башчысы катары аны кандай тагдыр күтөрүнө кызыгышты. Анда шаар мэри шайлоодо кайсы партия көп мандат алса, ал өзүнүн талапкерин көрсөтөрүн айтып, шаар башчылыгынын тагдырын эл чече турганын билдирди.

“Баарын шаардыктар өздөрү чечишет. Азыр эл ким эмне иш жасап жатканын же жасабай жатканын көрүп турат, ошого жараша добуш берет. Баары элдин колунда”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Авазов Жалал-Абад шаарына 2014-жылы күзүндө мэр болуп шайланган.

Улуттун саламаттыгы коркунучта

Саламаттыкты сактоо тармагына олуттуу көңүл буруп, кечиктирилгис жана ыкчам реформа жасоо зарылдыгы күн өткөн сайын тангыс турмуш чындыгы экени айгине болууда. Заманбап медициналык жабдуулардын тартыштыгы, жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында жогорку категориядагы врачтардан турган топ түзүлүп, милдеттүү түрдө карапайым калкты профилактикалык текшерүүдөн өткөрбөгөндүгүнүн кесепетинен бүгүнкү күндө улут саламаттыгы кыйроо абалына жетип калды. Башкасын айтпай ак коёлу, мына келечектин ээлери саналган жаш балдардын арасында майып болгондордун саны жыл санап арбып жатат. Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча, 2011-жылы майып балдардын саны 23 миң 565 болсо, 2012-жылы 25 миң 346га өскөн. 2013-жылы 26 миң 672, 2014-жылы 27 миң 450 жогоруласа, 2015-жылы 28 миң 200ге жеткен. Мына ушунун өзү улуттун уңгусуна балта согулуп жатканынан кабар берет. Демек эртең кеч болуп кала электе бүгүн аракет көрүп, саламаттыкты сактоо тармагын тез арада реформалоо керек. Эт менен челдин ортосунда колунан иш келбеген ашкебилерден арылчу мезгил келди.

Булак: “Фабула”

Балыкчы-Корумду жолундагы жол белгилерин ким тартипке келтирет?

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жол белгилеринин мыйзамсыз көрүнүштөрү боюнча коомчулуктан кайрылуулар келип түшкөн. Билдирүүлөрдө айтылгандай Балыкчы-Корумду унаа жолундагы жол белгилери “КР Мамлекеттик тил жөнүдөгү” мыйзамын бузуу менен орнотулган. Тактап айтканда, жолдо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу эскерткич такталар расмий тилде гана жазылып турат.

Бул мыйзамсыз көрүнүш боюнча Транспорт жана коммуникация министрлигине, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облустук администрациясына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кайрылуу жолдоп, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.

Орусиядагы мигранттар которгон каражаттын көлөмү азайды

«Коммерсантъ» гезити маалымдагандай, акча которуунун көлөмүнүн азайышы Орусиядагы экономикалык кыйынчылыктарга жана рублдин куну түшүп кетишине байланыштуу.

Орусиянын Борбордук банкынын эсебинде, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде КМШ өлкөлөрүнө которулган акчанын көлөмү 914 миллион долларды түзгөн. 2014-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 3,3 миллиард доллар болчу.

Буга чейин акча которуу боюнча Өзбекстан лидер болуп келген. 2016-жылдын алгачкы чейрегинде Орусиядан бул өлкөгө 256 миллион доллар жөнөтүлгөн. Эки жыл мурун бул көрсөткүч 910 миллион долларга барабар эле (3,5 эсеге азайган).

Мурда экинчи орунда болуп келген Тажикстан төртүнчү орунга түштү (6,3 эсеге азайган). Кыргызстан болсо төртүнчү орундан экинчиге көтөрүлдү (386 миллион доллардан 150 миллион долларга чейин түшүп, 2,6 эсеге азайган). Мындай жагдай Кыргызстандын ЕАЭБга киришинен улам болушу ыктымал. Анткени кыргызстандыктарга кымбат баалуу эмгек патенттерин алуунун кажети жок.

Эл аралык валюта корунун божомолуна ылайык, быйыл Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылдык өсүшү 1,2% чейин төмөндөшү мүмкүн. Мында Орусиядагы татаал экономикалык жагдайдын да тиешеси бар. Анткени 2015-жылы Армения, Кыргызстан жана Тажикстандын ички дүң өнүмүнүн 9 пайыздан 32 пайызына чейинки бөлүгүн Орусиядан которулган акча каражаттары түзгөн.

Бишкек милициясы шаарды сойкулардан тазалайт

Бир жуманын ичинде Бишкек сойкулардан тазаланат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек ШИИБинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Самат Курманкулов билдирди.

“Мен шаарды сойкулардан тазалоо боюнча тапшырма бердим. Тазалоо иштери Ибраимов-Фрунзе, Ибраимов-Кулатов көчөлөрүнөн башталат”, – деди Курманкулов.

Өзбекстан саякаттого ыңгайлуу он өлкөнүн катарына кирди

«National Geographic» журналы туристтер үчүн ыңгайлуу он өлкөнү тандап алды. Бул тууралуу  СА-News маалымат агенттиги билдирет.  Өзбекстан бул тизмедеги алтынчы орунду ээледи. Тизмеде андан тышкары Армения, Никарагуа, Непал, Иран, Косово, Албания, Тимор, Грузия жана Тунис бар.

Басылма белгилегендей, Өзбекстан саякатчылар үчүн өтө коопсуз өлкө жана айтылуу Улуу Жибек жолунун чок ортосунда жайгашкан.

Акыркы жылдары Бухара менен Самарканддагы тарыхый борборлор оңдолуп-түзөлгөн. Самарканддагы Регистан аянтынын ремонту былтыр гана бүттү.

Журнал туристтерге кой этинен даярдалган палоодон жана жол жээктеги кафелердеги лагмандан ооз тийүүнү сунуштайт. Кой эти менен сабиз кошулган, бөдөнө жумурткасы, сарымсак, кээде жылкы эти аралаштырылып демделген палоонун даамы кимди болбосун тамшандырарын белгилейт басылма.

Жакында эле британиялык The Telegraph басылмасы дагы Өзбекстандагы туристтерди тарта турган 11 жүйөнү жарыялаган болчу.

Франция бийлиги Париждеги кол салууну теракт деп атады

Франциянын ички иштер министри Бернар Казенёв полиция кызматкери менен анын аялынын өлүмүн ачык террордук акт катары баалады.

13-июндун кечинде полиция офицерин белгисиз адам бычак менен тогуз жолу сайып өлтүргөн. Андан соң анын жары менен үч жашар баласын туткундап, үйүнө жашынып алган. Тартип сакчынын аялын куткарып калууга мүмкүн болгон эмес. Наристе эсен-соо экени маалымдалды.

Кол салган адам – Ляросси Аббалла убагында теракт уюштурууга катышкан кылмыш тобуна байланышы бар деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал темир тор артында жарым жыл гана отурган.

Буга чейин кол салган адам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна мүчө экендигин жөнүндө маалымат тараган.

Францияда ушул күндөрү футбол боюнча Европа чемпиондугу өтүүдө. Баш калаа Парижде жана башка шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Чет өлкөлүктөргө ММКны негиздөө жана каржылоого тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитети бүгүн “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, ММКны негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка юридикалык жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу.
Жаш курагы 18ге чыга элек жарандар, ишмердүүлүгүнө сот аркылуу тыюу салынган уюмдар, чет элдиктер, башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар ММК негиздөөгө укугу болбойт.
Ошону менен катар чет жактан каржыланган ММКлардын бир жылдык каржылануусундагы сырттан келүүчү капиталдын көлөмү 20% ашпоосу керек деген норма киргизүү сунушталууда.
Талкуу учурунда айрым депутаттар мындай талаптар сөз эркиндигине залака тийгизиши ыктымал деген пикирин айтып, каршы чыгышты.
Натыйжада мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Атамбаев "Кумтөр" маселесин карап чыгууну Башкы прокуратурага буйруду

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июнда өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кумтөр долбоору боюнча жаңы жагдайлардын ачылышына байланыштуу Атамбаев Башкы прокуратурага ири алтын-кен жайын иштетүүгө байланышкан коррупциялык фактылар, башка мыйзам бузуулар боюнча жазык иштеринин алкагында 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдагы макулдашуулардын мыйзамдуу түзүлгөндүгүн кайра кароону тапшырды. Атап айтканда, 2003-2004-жылдардагы Кумтөр долбоорун кайра түзүү маселеси жаңы жагдайларды эске алганда такыр башкача өңүттөн көрүнөт. Дал ошол мезгилде Centerra Gold компаниясында кыргыз тараптын үлүшү аныкталган, эл ичинде үлүш жасалма жол менен төмөндөтүлгөнү тууралу пикир жаралган.

Атамбаев калыс тергөөнү камсыз кылуунун маанисине токтолуу менен катар көрүлүп жаткан чаралар тууралу коомчулукту өз маалында кабардар кылып туруунун зарылдыгын баса белгиледи. Анткени бул жазык иштер көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

«Кыргызстандын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоору болуп кала турган Кумтөр тетирисинче эмне себептен эл арасында “эң ири алдамчылык”, “эки үй-бүлөлүк-кландык режим үчүн жемкордук акыр” жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына саткынчылык катары кабыл алынганын адамдар билүүгө тийиш», – деди Алмазбек Атамбаев.

ЖК: мамлекеттик маанилүү документтерди даярдоо – мамлекеттин гана колунда болуш керек

Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 3-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндөгү маселе бүгүн, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралып, аткарылган иштердин жыйынтыгы маалымдалды. Бул багытта баяндама жасаган депутат Рыскелди Момбеков: “Иштин жыйынтыгы өтө кеч чыгарылып жатат. Буга өкмөттүн “кежирлик” саясаты себеп болду. Талап кылынган документтер 3-4 айлап колго тийбей олтуруп, акырында 6 ай дегенде араң 350 документтин ордуна 104үн гана эптеп алдык”,- дейт.

Ошондой эле эл өкүлү Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Т.Сарпашевдин Щвейцариядагы иш сапарында топтогон маалыматтары менен таанышууну сунуштады.

Өз сөзүндө Т.Сарпашев мамлектетик типографияны түзүү зарылчылыгын белгиледи. “17 млн. евро турган атайын жабдык сатып алып, аны иштетүү үчүн жабык акционердик коом түзүү зарыл. Анын курамына Мамлекеттик каттоо кызматынын “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, Улуттук банк жана “Учкун” концерни кириши керек. Анткени, корголуучу белгилери бар документтерди дал ошол тараптар чыгарууда ири буюртмачы. Казакстанда деле мындай тажрыйба бар. Алар жалпы заказдардын 80%ын өздөрү аткараарын айтып жатышат. Бул жагынан Кыргызстан деле “Госзнак”  сыяктуу структураны түзсө, мезгилден артта калбас эле. Эң биринчи кезекте бул мамлекеттик коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү кадам болмок”,- дейт Т.Сарпашев.

Тармактык комитет төрагасы Садык Шер-Нияз: Өлкөнүн өзүнүн акча сарайы болсо (монетный двор) эмнеси жаман?! Эгер ал ишке ашса, коопсуздук маселеси акталат. Руханий дөөлөтүбүз дагы артат”, – дейт.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 3-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндөгү маселе комететтин жактыруусуна ээ болуп, өкмөткө дагы кошумча 1 айлык убакыт берилди. Анда мамлекеттик документтердин тизмеси такталып, баасы эсептелип чыгат.

Санжар Муканбетов Финансы рыногун жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт Кадамжай менен Сузакта жаратылыш кырсыгынынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы эс алуу уюштурат

Өкмөт үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргөн селдин натыйжасында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы эс алуу уюштурат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ар жыл сайын балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын эсебинен Кадамжай жана Сузак райондорунан 65 өспүрүм жайкы эс алуу учурунда Кыргызстандын балдар лагерлеринде эс алышат.

Өгөй кызын зордуктап жүргөн кылмышкер өмүр бою абакта калды

Өгөй кызын коркутуп зордуктап жүргөн Каракол шаарынын тургуну Нурлан Матыевди өмүр боюн эркинен ажыратуу боюнча Каракол шаардык сотунун өкүмүн Ысык-Көл облустук соту өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттолуучу Мамыев Н.К. 2014-жылдын 26-майында болжол менен саат 13:30 чамасында өзүнүн багып чоңойткон, 2000-жылы туулган өгөй кызы А.ны мектептен чыккан убагында Каракол шаарынын Кутманалиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кезигишип, “Жеңиш” паркына «Гүлбара эжеңден акча алып, уюлдук телефон алып берем» деп алдап алып барган. Парктан кыйкырбасын деп кыздын оозун басып, күч колдонуп, «эгерде кыймылдасаң, бирөөнө айтсаң өлтүрүп коём» деп коркутуп зордуктаган. “Зордуктоо тууралуу апаңа айтсаң, сени өлтүрүп коём, сураса классташ кыздарым менен жүрдүм деп кой. Акча берип турам» деп алдап кетирип жиберген.

Мындан тышкары, соттолуучу Мамыев Н.К. кайрадан 2014-жылдын 12-июнунда өзүлөрү жашаган үйүнүн чатырына алып чыгып, кызын күч колдонуп зордуктаган. «Эгерде бирөөгө айтсаң сиңдиңди да зордуктап салам» деп коркуткан.

2015-жылдын март айында А. курбу кыздарын чай ичкиле деп үйгө чакырган, кыздар келип кеткенден кийин уюлдук телефону жок экенин көрүп, таппай койгон. Өгөй атасы анын телефонун алып, мечитке кетип калган. Ыйлап жатып, апасы жумуштан келгенде чыдабай кетип болгон окуяны айтып салган. Эртеси күнү милицияга барып арыз жазышкан.

Каракол шаардык сотунун өкүмү менен 2015-жылдын 21-октябрында Н.Мамыев КР КЖКнин 129-берене (зордуктоо), КР КЖКнин 59-берене (Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жогорудагы өкүм менен соттолучу Н.Мамыев макул болбой, апелляциялык тартипте доо арыз келтирген.

Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы 2016-жылдын 6-майында биринчи инстанциядагы сот тарабынан соттолуучу Н.К. Мамыевке жаза чектөөдө ага карата жеңилдетүүчү жана оордотуучу бардык жагдайларды эске алуу менен, негиздүү туура жаза чектелген жана соттолуучунун апелляциялык тартипте келтирген арызы канааттандырууга, өкүмдү өзгөртүүгө же болбосо жеңилдетүүгө негиз табылган жок деп таап, Каракол шаардык сотунун 2015-жылдын 21-октябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз  калтырды.

Фото - Алайкуудагы “Жусу казы” мечитине 103 жыл толду

Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби Анарбек ажы Жусупов “Тарых жана маданият” жылына карата райондогу узак убакыттан бери кызмат өтөгөн тарыхый мечиттер менен жеринде таанышып,  маалымат чогултуу иштерин баштады. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Алгачкы изилдөө иш-аракеттери Алайкуу өрөөнүндөгү “Жусу казы” мечитинен башталып, мечит имамы Расул Араповдун маалыматы боюнча төмөнкүлөр белгилүү болду:

“Жусу казы” мечитинин алгачкы аталышы “Кызыл-Жар” мечити деп аталган. Мечит 1913-жылы Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин атасы Бедел уулу Жусунун башчылыгында курулуп, мечиттин курулуш архитектурасы дагы өзүнчө бир сыйкырдуудай фундамент катары жер пайына арча жыгачтар жаткырылып, ага түркүктөрдү мыксыз эле кураштырып, кашкар жабыш ыкмасында Кытайдан келген уйгур улутундагы усталардын жардамы менен бүткөрүлгөн. Мечиттин дубалдарында чебер кол менен түшүрүлгөн кыргыздын улуттук орнаменттери оймо сыяктуу чегип түшүрүлгөндүктөн, азыркы күндө да кезиндегидей сакталып турат.  1931-1934-жылдар арасында жергиликтүү эл Кытай мамлекетине көп каттагандыктан, мечитте жалпы намаз окулбай, мечит борбордук магазинге айланган. 1939-1941-жылдары Колхоздун кампасы, 1941-1946-жылдары склад, 1946-1952-жылдары согуштан кийинки оор жылдарда кароосуз калган. 1952-1970-жылдары кээ бир учурларда намаз окулуп, 1970-1975-жылы кайрадан склад, кампа катары пайдаланылат. 1976-жылдан тартып ушул мезгилге чейин мечит катары кызматын өтөп, такай намаз окулуп келе жатат. Мечит курулган 103 жылдын ичинде 4 имам эмгектенип келди. Мечит 1989-жылы Кызыл-Жар айылындагы жору уруусунун элинин демилгеси менен чатыры тунуке менен жабылып, ички тарыхый көрүнүшү өзгөрүлбөстөн бир аз оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары мечиттин кароолчусу, сопусу 80 жаштагы Ысабай аксакал мечит менен жашташ болуп, 103 жыл мурун эгилген 3 теректин тарыхына токтолуп, кылым карыткан теректер айылдагы алгачкы дарак экендигин белгилейт.
2 3 4 5 6 7 8

Чынгыз Бекташов Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Бекташов Чынгыз Акматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Санариптик рынокту өнүктүрүү үчүн укуктук база түзүлөт

Санариптик рынокту өнүктүрүү үчүн укуктук база түзүлөт. Бул тууралуу  маселе Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Бул багытта баяндама жасаган  Наталья Никитенконун айтымында, мыйзам долбоору санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасына ылайык иштелип чыккан. Ошонун негизинде санариптик рынокту өнүктүрүү үчүн укуктук база түзүлөт.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында талкуудагы мыйзам долбоору аркылуу радиожыштык менеджментинин так тартиби такталат. “Радиожыштык мамлекеттик ресурс. Ошого ылайык жыштык тилкелери менен номиналдарын бөлүү жана кайра бөлүштүрүү аукцион, сынактар аркылуу өткөрүлөт”, – дейт министрдин орун басары.

Андан тышкары, мамлекеттик тилдеги программалардын нормаларын бөлүштүрүүдө түрдүү тандоолорго жол берилбейт. Болбосо эл көп көрүп, уга турган маалда эфирдин чет элдик программалар менен толтурулуп калуу ыктымалдыгы бар. Негизги максат – 2017-жылдын 1-январынан баштап, 2020-жылдын 1-январына чейинки аралыкта жергиликтүү шартта даярдалган телерадиопродукциялар жалпы көлөмдүн 50%ынан кем болбош керек. Антпесе, кабелдик жана IP – тармактарында ал норма сакталган эмес. Бул жерде тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз ал эми кыргыз тилиндеги телерадиопрограммалардын көлөмү кандай болооруна кызыкты.

Депутат Рыскелди Момбеков санариптик телекөрсөтүүгө өтүүдө тендер кандай уюштурулгандыгын сурап, бул маселеде эч кандай санариптик тажрыйбасы жок эле Украинанын атынан катышкан тарап, кандайча утуп чыккандыгына таң калды. Ал тургай аргументтүү мисалдарды да келтирип, бул жерде негизги тендерди өткөргөн тарап “Кыргызтелеком” ишканасы болгонун айтты.

Талкуудагы мыйзам долбоору аркылуу Байкоочулар кеңештердин ишмердүүлүктөрү да тартипке салынат. Мында жеке телерадиоуюмдарындагы абал кошо эске алынууда. Ага ылайык, кайсыл бир телерадиокомпаниянын өзүндө иштеп турган кызматкер андагы Байкоочу кеңешке мүчө болуп сунушталбайт. Бул жаңы норма.

Мыйзам долбоорундагы дагы бир жаңылык – эгерде чет элдик каналдар толук жана өзгөртүлбөстөн жергиликтүү шартта эфирге чыга турган болсо, тиешелүү уруксаат кагаздары талап кылынат. Буга чейин андай шарт болгон эмес.

Соңунда комитет кабыл алган чечимге ылайык, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»  мыйзам долбоору жактырылып, Экономика жана фискалдык саясат бөлүмүнө жолдонду. Андан соң, парламенттин кароосуна чыгарылмакчы.

Москвада Борис Немцовдун сүрөтү тагылган ГАЗель изделүүдө

Москвада тартип сакчылары Борис Немцовдун бейнеси тагылган ГАЗелди  издешүүдө. Жергиликтүү тургундар аталган автоунаадагы сүрөттүн жанында “чагымчыл” мүнөздөгү жазуу бар экендигин билдиришкен.

Автоунаанын мамлекеттик номери аныкталганы менен ал азырынча табыла элек.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Немцовдун элеси тушүрүлүп, “Реформалар акча түгөнгөндө башталат” деген жазуу коштолгон автоунаанын сүрөтү тараган.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы Борис Немцов 2015-жылдын 28-февралына караган түнү атып өлтүрүлгөн. Бул үчүн беш адам айыпталып, кармалган. Тергөө Чеченстан ИИМинин “Түндүк” батальонунун мурдагы жоокери Руслан Мухудиновду бул кылмыштын уюштуруучусу деп эсептейт. Немцовдун жакындары менен тарапташтары болсо өлүмгө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар деп айтып чыгышкан.

"Карамык": тажик чек арачылары кыргыз айдоочуларын коркутуп жатышат

Буга чейин бир топ кыргыз айдоочулары “Карамык” тозотунда тажик чек арачылары акча талап кылууда деп даттанып келишкен. Эми алар  мамиле мурункудан да начарлаганын айтышууда.  Анткен менен тажик чек арачылары айыптоолорду четке кагат.

Кыргызстандын Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Толубай Ушбаевдин айтымында, буга чейин тажик чек арачылары автоунааны жалпы текшерүү үчүн 50 сомони алып келген. Эми ар бирин бир саатка чейин кароого алышууда.

Бул арада Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине даттанган 25 айдоочунун тизмеси чек арачылардын колуна тийип калган. «Чек арачылар бул тизмени айдоочуларга көрсөтүп, буга жооп бересиңер деп коркутуп жатышат”, – дейт ал.

Бирок аталган тозоттун жетекчиси кыргыз айдоочуларынын айыптоолорун четке кагып, чек арачылар мыйзам чегинде иштеп жатышканын айтууда. Эч кандай тизме жоктугун билдирди. Ал маалымдагандай, автоунаалар чек арада төрт мамлекеттик органдын текшерүүсүнө кабылат.

Буга чейин Тажикстандын Чек ара аскерлери башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев “Карамык” тозотунда акча талап кылган учурлар бар экендигин мойнуна алган. Бирок унаалардын чек арада жыйылып калуусу “техникалык” маселелерге жана жаңы бирдиктүү маалымат системасын киргизүүгө байланыштуу экендигин айткан.

Өзбек соодагерлер милиция кызматкерлерин помидор, капуста менен урушту

Өткөн бейшембиде Кокон шаарындагы “Коппон” базарында соодагерлер менен тартип сакчыларынын ортосунда жаңжал жаралды.

Администрация жашылчаларды базардын ичинен саттыруу чечимин чыгарып, бул сатуучулардын нааразылыгын туудурган. Баш ийбегендерге чара көрүү үчүн милиция кызматкерлери чакыртылган. Бирок тартип сакчыларынын орой мамилеси алардын кыжырын кайнатып, чатак чыгып кеткен.
“Тартип сакчылары соодагерлерден ичкери кирүүнү талап кылып, жашылчалар салынган идиштерди тээп, ыргыта баштаган. Жаалданган дыйкандар милиционерлерди помидор, капуста менен ургулашкан. Тартип сакчылары кошумча күчтөрдү чакырууга мажбур болгон», – дейт окуянын күбөсү.
Кокон шаардык администрациясынын өкүлүнүн айтымында, милиция базарга тартипти сактоо максатында чакырылган. Чатак ошол эле күнү басылды. Милиция кызматкерлерине жашылчаларды ыргыткан дыйкандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алардын эч кимиси кармалган эмес.

Санта Йохансон, дизайнер: "Латвияда да Россиянын пропагандасына анча-мынча алдангандар бар, бирок силерде бизге караганда андай адашкан адамдар өтө көп экен"

Журналист Замирбек Өсөровдун Латвиялык дизайнер Санта Йохансон менен болгон маеги:
– Мен кыргыздарга айтаар элем, Россия пропагандасынын бир да сөзүнө ишенбегиле деп. Мен негизи СССРди өтө жек көрөм, анткени ал режим биздин ата-бабаларыбызды өлтүрүп кетпедиби.
Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Латвия эркин мамлекет болгон, анын экономикасы өнүгүп, Швеция, Швейцариянын деңгээлине жетип калган эле. Советтер Союзу Латвияны өзүнө күч аркылуу кошуп алгандан кийин, экономикабыз бузула баштады.
Рига шаарында жашаган миңдеген латыш интеллигенттер репрессияланып, Сибирге айдалып алардын үйлөрүн Россиядан келип калган орустар ээлеп алышкан. Алар унитазды да пайдаланууну билишпей, ал жерде кирди жуушкан.
Азыр да болсо Латвияда жана Ригада орустар абдан көп, алар “биздин укугубуз тепселенип жатат” деп баары эле айтышат. Эч ким алардын укугун тепселеген жок. Тескерисинче алар латыш тилинде суйлөшкүсү келишпейт.
Бүгүн кээ бир орустардын өкүлдөрү “мурдагы жаман болгон нерселерди эскербей жашайлы” дешет. Мен буга макул эмесмин.
Өткөн заманда болгон нерселерди унуткан болсок, кайрадан Россиянын тузагына түшүп калышыбыз мүмкүн.
Орустардын психологиясы мурдагыдай эле өзгөрбөй калууда, алар бийлеген жер, кандай гүлдөгөн жер болбосун акыры сөссүз түрдө какыраган чөлгө айланып кетет. Франциянын Марсель шаарында россиялык футбол күйөрмандарынын массалык уруш-талашты уюштурушканы буга дагы бир далил болуп бере алат. Бизде да орустарадын пропагандасына анча-мынча алдангандар бар. Бирок силерде бизге караганда андай адашкан адамдар өтө көп экен. Ошондуктан мен силерге каалайт элем, эгемендүүлүгүңөрдү, эне тилиңерди сактагыла, анан көп иштегиле, тынбай жаңы нерселерди үйрөнгүлө. Эгерде империянын төбөлдөрүнө ишенип жүргөн болсоңор, келечегиңер кор болушу мүмкүн. Себеби Россиянын саясаты мурдагы бойдон эле калууда. Балдар-неберелердин тагдыры тууралуу ойлонгула. Бизге дагы учурда кыйын болуп жатат, Латвияда жашоонун денгээли көтөрүлгөн болсо да, учурда орто эмгек айлык маяна бизде 600 еврону түзөт. Ошого карабастан, биздин өлкөбүздө 300 мин орустар жашайт. Алар Россияга кетишпейт, анткени бизде жашоо жакшы, бирок Латвиянын эркиндигин алар жактырышпайт, биздин тилде да сүйлөшкүсү келишпейт. Биздин эл эч кандай конфликттерди жактырбаган эл болсо да, алар биздин эгемендүүлүгүбүзгө жапа тырмак каршы бойдон турушат. Мен Батыш Европага биринчи жолу барып келгенимде, ал жерде улуттар арасында таптакыр башка мамилелер бар экенине көзүм жетип абдан сүйүнгөнмүн. Ошондой баардыгыбыз бактылуу жашайлы. Латвия ошол багытты көздөп жылып бара атат, силер дагы бактылуу, гүлдөгөн келечекке жеткиле.
Замирбек Өсөров, журналист

Атамбаев Обамага көңүл айтты

Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обамага Орландо шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтты.
“Кыргыз Республикасы төбө чачты тик тургузган бул кыянатчылык террордук актыны чечкиндүү айыптайт жана террордук актыларды актоого болбой турганына жана жараксыз экенине ишенет”, – деп айтылат Атамбаевдин телеграммасында.
Президент курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгырып көңүл айтуу менен бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалоо сөздөрүн жолдоду.

УКМК журналисти суракка чакырды

Kloop.kg сайтынын редактору Элдияр Арыкбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына чакыртылды. Бул туурасында журналист Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка карганда, КТРКда обого чыккан ЛГБТ укуктары жана бир жыныстагы адамдардын ортосундагы нике тууралуу басылманын материалы буга себеп болгон. Кимдир-бирөөлөр көрсөтүүгө нааразы болуп, басылмага жана КТРКга каршы арыз берген.

Арыкбаев УКМКга юристтин коштоосунда бара тургандыгын билдирүүдө. «Эгер убактыңар болсо жана мага кабатыр болуп жатсаңар, силер деле келсеңер болот. Маалымат берип турам”, – деп белгилеген ал.

Төлөгөн Наралиев, Апрел баатыры: “Бийлик эл менен эсептешпесе, стабилдүүлүк жана тынчтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт”

Авторитардык жана тоталитардык бийлик доорунун заманы менен коштоштук дегенибизге алты жылдын жүзү болду. Ооз толтура убадаларга элин тойгузган бийлик мамлекетибизди жарга такап, саясый да, экономикалык да кризиске кептеди. Ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз деп, элди алдоо менен убара. Коррупция менен күрөшүү саясаты суу кечпей калды. Тышкы саясат кош стандарттуу болуп, тең ата сүйлөшө албагандыктан Эл аралык мамилелерде Кыргызстандын аброю төмөндөдү. Дүйнөдө болуп жаткан трагедиялуу окуялар бизде кайталанбаса экен деп, эл сабырдуулукту кармап турган учур.
Демократия мамлекетин курдук, Элдик бийлик орноттук деген менен, баягы эле президенттик- авторитардык же болбосо партиялык-кландык башкаруу системасы доор сүрүп жатат. Парламенттке жаңы киргиздер “олигархтар” келип, элдин кызыкчылыгын уруп ойнобой, жалаң жеке кызыкчылыктары үчүн жан үрөп иштеп жаткан учур. “Ток бала ач бала менен ойнобойт” дегендин далили ушул заман болду. Парламенттин негизги милдети мыйзам чыгаруу экенин унутушуп, ар кимиси өздөрүн пиар кылып, элге кереги жок тыйынга арзыбаган маселелерди көтөрүп чыгышып, коомчулукту алаксытууда. Улуу В.И. Ленин айтмакчы “ордунан жылбаган коом, артка эки кадам кетип” бара жатабыз. Коомдо өз ордун билбегендерибиз толтура, моралдык касиеттерибиз экинчи планда калып, баардык ченемдерди “чөнтөк” чечип калды. Кызматтын тузун татып калып, “кара кресло” ооруусу менен ооругандарыбыз четтен чыгат. Дегеним революцияга аттанып, башын тобокелге салгандардын арасында да жогорку билимдүү, деңгээли жогору инсандар аз эмес. Моралдык укугу бар, азыркы бийликтин келишине зор салым кошкон ушул “баатырлар” деп, эске  албай, элдин пикири менен эсептешпей, кадрдык саясатта алешемдиктер болуп жатканы өкүнүчтүү. Эки революциянын башаты болгон Талас элинде азыр тынчтык өкүм сүрүп турганы жакшы, бирок нааразычылыктар жок эмес.  “Эл үчүн таза иштеп бермекмин, иштеген андай эмес мындай болот” дегендер бар, бирок аттиң “чөнтөк жука” деп, колду шилтеп турушат. Азыркы учурда Талас облусунун губернаторлугуна бир топ мыкчыгерлер аракет кылып, “атыла элек аюнун терисин” бөлө албай жүрүшкөнүн кулагыбыз чалып калды. Ал талапкерлер Акаев жана Бакиев менен иштешкендер,   Айдар жана Максим менен ымала болуп жүргөндөр. Азыркы жогорку даражадагы кызматтарда баардыгы эле Акаев жана Бакиев үчүн иштешкен деп айтуудан алысмын. Ырас өзүнүн  билимин, тажрыйбасын мамлекет үчүн, эл үчүн жумшап, кызмат кылгандар бар, бирок алар саналуу болгону өкүнүчтүү. Эртеби, кечпи жаңы губернатор дайындалаары турган иш, бирок эл менен эсептешпесе, стабилдүүлүк жана  тынчтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт.
Төлөгөн  Наралиев, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Апрель баатыры  

Төлөгөн Наралиев, Апрел баатыры: “Бийлик эл менен эсептешпесе, стабилдүүлүк жана тынчтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт”

Авторитардык жана тоталитардык бийлик доорунун заманы менен коштоштук дегенибизге алты жылдын жүзү болду. Ооз толтура убадаларга элин тойгузган бийлик мамлекетибизди жарга такап, саясый да, экономикалык да кризиске кептеди. Ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз деп, элди алдоо менен убара. Коррупция менен күрөшүү саясаты суу кечпей калды. Тышкы саясат кош стандарттуу болуп, тең ата сүйлөшө албагандыктан Эл аралык мамилелерде Кыргызстандын аброю төмөндөдү. Дүйнөдө болуп жаткан трагедиялуу окуялар бизде кайталанбаса экен деп, эл сабырдуулукту кармап турган учур.
Демократия мамлекетин курдук, Элдик бийлик орноттук деген менен, баягы эле президенттик- авторитардык же болбосо партиялык-кландык башкаруу системасы доор сүрүп жатат. Парламенттке жаңы киргиздер “олигархтар” келип, элдин кызыкчылыгын уруп ойнобой, жалаң жеке кызыкчылыктары үчүн жан үрөп иштеп жаткан учур. “Ток бала ач бала менен ойнобойт” дегендин далили ушул заман болду. Парламенттин негизги милдети мыйзам чыгаруу экенин унутушуп, ар кимиси өздөрүн пиар кылып, элге кереги жок тыйынга арзыбаган маселелерди көтөрүп чыгышып, коомчулукту алаксытууда. Улуу В.И. Ленин айтмакчы “ордунан жылбаган коом, артка эки кадам кетип” бара жатабыз. Коомдо өз ордун билбегендерибиз толтура, моралдык касиеттерибиз экинчи планда калып, баардык ченемдерди “чөнтөк” чечип калды. Кызматтын тузун татып калып, “кара кресло” ооруусу менен ооругандарыбыз четтен чыгат. Дегеним революцияга аттанып, башын тобокелге салгандардын арасында да жогорку билимдүү, деңгээли жогору инсандар аз эмес. Моралдык укугу бар, азыркы бийликтин келишине зор салым кошкон ушул “баатырлар” деп, эске  албай, элдин пикири менен эсептешпей, кадрдык саясатта алешемдиктер болуп жатканы өкүнүчтүү. Эки революциянын башаты болгон Талас элинде азыр тынчтык өкүм сүрүп турганы жакшы, бирок нааразычылыктар жок эмес.  “Эл үчүн таза иштеп бермекмин, иштеген андай эмес мындай болот” дегендер бар, бирок аттиң “чөнтөк жука” деп, колду шилтеп турушат. Азыркы учурда Талас облусунун губернаторлугуна бир топ мыкчыгерлер аракет кылып, “атыла элек аюнун терисин” бөлө албай жүрүшкөнүн кулагыбыз чалып калды. Ал талапкерлер Акаев жана Бакиев менен иштешкендер,   Айдар жана Максим менен ымала болуп жүргөндөр. Азыркы жогорку даражадагы кызматтарда баардыгы эле Акаев жана Бакиев үчүн иштешкен деп айтуудан алысмын. Ырас өзүнүн  билимин, тажрыйбасын мамлекет үчүн, эл үчүн жумшап, кызмат кылгандар бар, бирок алар саналуу болгону өкүнүчтүү. Эртеби, кечпи жаңы губернатор дайындалаары турган иш, бирок эл менен эсептешпесе, стабилдүүлүк жана  тынчтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт.
Төлөгөн  Наралиев, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Апрель баатыры  

Правила жизни Ли Куан Ю

Политический деятель, первый премьер-министр Сингапура, умер 23 марта 2015 года

В МЕНЯ НЕ РАЗ КИДАЛИ ЯЙЦАМИ.

Я ПЕРЕЖИЛ ВЗЛЕТЫ И ПАДЕНИЯ и начиная с 35 лет размышлял только о том, как заставить эту страну работать.

Я ХОТЕЛ СТАТЬ ХОРОШИМ ПРЕУСПЕВАЮЩИМ ЮРИСТОМ. Чтобы стать юристом в стране, которой правят британцы, мне пришлось стать таким же британцем, выучить британский английский; я учился в университетах и лучших юридических школах.

ЕСЛИ БЫ Я ПОПЫТАЛСЯ НАВЯЗАТЬ СИНГАПУРЦАМ изучение английского языка, я бы встретил сопротивление. Если бы я попытался навязать изучение китайского, то дело закончилось бы бедой. Но я предложил каждому родителю выбор — английский или его родной язык, в любом порядке. Прошло тридцать лет — и английский стал первым языком в Сингапуре.

ВСЕ ДОЛЖНЫ УЧИТЬ АНГЛИЙСКИЙ, а их родной язык должен стать вторым языком.

ЕСЛИ МЫ ХОТЕЛИ ПРЕУСПЕТЬ, мы должны были надеяться только на самих себя.

ДАВАЙТЕ НАЧИСТОТУ: если бы у нас не было пред глазами примера Запада, мы бы никогда не вырвались вперед. Мы были так и остались бы отсталой экономикой и отсталым обществом. Но мы не хотим полностью копировать Запад.

МЫ ИЗБЕГАЛИ МЕТОДОВ, СВОЙСТВЕННЫХ СОЦИАЛЬНОМУ ГОСУДАРСТВУ, потому что видели, как великий британский народ в результате социалистической уравниловки превратился в посредственный.

Я НЕ УВЕРЕН В ТОМ, что система «один человек — один голос» — единственно возможная. Лично я убежден, что если бы любой семейный мужчина за сорок имел два голоса, всем было бы от этого только лучше — потому что он наверняка бы голосовал более сознательно, думая о своих детях. Он был бы более ответственным избирателем, чем тридцатилетний парень.

МЫ ЖИВЕМ В НЕБОСКРЕБАХ, В ОЧЕНЬ ГУСТО НАСЕЛЕННОЙ СТРАНЕ, поэтому приходится вырабатывать привычку уважать своих соседей.

У НАС НЕТ НИКАКИХ ПРИРОДНЫХ РЕСУРСОВ, у нас есть только люди, живущие на маленьком, стратегически важном кусочке суши.

НЕИЗБЕЖНОСТЬ НАКАЗАНИЯ — ПЕРВЫЙ СДЕРЖИВАЮЩИЙ КОРРУПЦИЮ ФАКТОР. Второй фактор — это зарплаты, которые должны соответствовать рыночному уровню. Мы ориентируемся на доходы десяти процентов самых высокооплачиваемых людей, поскольку если наши чиновники не входят в самый высокооплачиваемый слой, то зачем они правительству?

НАЧНИТЕ С ТОГО, ЧТО ПОСАДИТЕ ТРЕХ СВОИХ ДРУЗЕЙ. Вы точно знаете за что, и они знают за что.

МЫ ЗАПРЕТИЛИ PLAYBOY В 1960-X — тогда это был другой мир и другие стандарты. Он все еще запрещен. Но зачем сейчас кому-то покупать Playboy, когда есть интернет.

МЕНЯ БЕСПОКОИТ, ЧТО СИНГАПУРЦЫ СЧИТАЮТ Сингапур нормальной страной, такой, как Дания или Новая Зеландия. Мы ведь находимся в очень неспокойном регионе. Дания или Швеция обойдутся и посредственным правительством, а Сингапур — нет.

НЕ ОБЯЗАТЕЛЬНО ЛЮБИТЬ ДРУГ ДРУГА, чтобы вместе работать.

Я НИКОГДА НЕ ЧИТАЮ ПО НАПИСАННОМУ. Я всегда смотрю в глаза слушателям. Если я вижу, что они не уловили какую-то мысль, я повторяю ее, но по-другому. Скорее всего, Ленин тоже так поступал, как и другие великие ораторы. Я не великий оратор, но я учусь.

Я НЕ УВЕРЕН, ЧТО ЧЕРЕЗ СТО ЛЕТ СИНГАПУР ЕЩЕ БУДЕТ СУЩЕСТВОВАТЬ. Все зависит от того, что будут делать мои преемники.

СИНГАПУРЦЫ — чемпионы по ворчанию.

ВСЕ РЕЛИГИИ ДОЛЖНЫ ДЕРЖАТЬСЯ ВНЕ ПОЛИТИКИ.

КАЖДЫЙ ГОД УМИРАЕТ БОЛЬШЕ РУССКИХ, ЧЕМ РОЖДАЕТСЯ, потому что у людей нет веры в будущее. Вот американцы оптимистичны, но если твоя жизнь тяжела, и лишь на короткий момент, когда повышаются цены на нефть, она улучшается, у вас другой взгляд на будущее.

ЛЮБОЙ, КТО СЧИТАЕТ, ЧТО С РУССКИМИ ПОКОНЧЕНО КАК С ВЕЛИКОЙ НАЦИЕЙ, должен вспомнить об их ученых, работавших в космической и атомной области, гроссмейстерах, олимпийских чемпионах. В отличие от коммунистической системы, русские — не те люди, которых можно выбросить на свалку истории.

ПО ПОВОДУ ДЕМОКРАТИИ У МЕНЯ БЫЛО МНОГО ДИСКУССИЙ с американцами. Они говорят: как это так получается, что правительство Сингапура не меняется? Я отвечаю: «Но я просто выигрываю все выборы». Они говорят: вы обязаны меняться, только тогда у вас будет демократия. Я отвечаю: «Пусть так будет у вас в Америке. И оставьте нас в покое».

В РЕЙТИНГАХ Freedom House и Amnesty International мы внизу списков. У нас есть смертная казнь. Но если бы у нас не было смертной казни, а мы крупный международный центр, мы бы стали центром мировой наркоторговли, и наркотики распространились бы и в нашем обществе.

РЕЖИМ В КИТАЕ БОЛЕЕ СТАБИЛЕН, чем любое альтернативное правительство, которое могло было бы быть сформировано. Давайте представим, что студенты с площади Тяньаньмэнь сформировали свое правительство. Те самые студенты, которые потом уехали во Францию и Америку и спорят друг с другом с тех самых пор. Каков бы был современный Китай под их руководством? Похуже Советского Союза. Китай — огромная страна, которой нужна сильная центральная власть.

ВОЙНЫ МЕЖДУ МАЛЕНЬКИМИ СТРАНАМИ УНИЧТОЖАТ ТОЛЬКО ЭТИ СТРАНЫ, а конфликты между большими государствами разрушат весь мир, и не один раз.

Я ПЕРЕЖИЛ НЕ ОДИН КРИЗИС. Должно быть, есть что-то, что помогает мне подниматься.

КОГДА ТЕБЕ 87, ТЫ НЕ ЧУВСТВУЕШЬ СЕБЯ ОЧЕНЬ СЧАСТЛИВЫМ. Я чувствую, что постепенно теряю энергию, и каждый год вижу, что я уже не в той форме, что в прошлом году.

Я МЕДИТИРУЮ ПОЧТИ КАЖДЫЙ ДЕНЬ. Самое сложное во время медитации — удержать разум от того, чтобы он не гонялся за мыслями, как обезьяна за бананом.

Я БОЛЬШЕ НЕ МОГУ ХОДИТЬ В РЕСТОРАНЫ, потому что так много людей хотят пожать мне руку, что я не могу приступить к своей еде. Если я иду в ресторан, то только такой, где есть тихий уголок, куда я могу незаметно проскользнуть с друзьями.

МОЯ ЖЕНА ПЕРЕНЕСЛА НЕСКОЛЬКО УДАРОВ и уже два года прикована к кровати. Она не говорит, но она в сознании. Она понимает меня, когда я с ней разговариваю — я делаю это каждый вечер. Она меня ждет и не засыпает. Я рассказываю ей о том, как прошел мой день. Читаю ей сонеты Шекспира и другие произведения из «Антологии поэзии», где она когда-то отметила свои любимые стихи. Прошло уже два года и четыре месяца — это часть моей жизни.

Я НЕ МОГУ ПОЗВОЛИТЬ СЕБЕ ПОТЕРЯТЬ САМООБЛАДАНИЕ. Жизнь продолжается. У нас был 61 счастливый год. Но рано или поздно все заканчивается. Я не знаю, кто из нас уйдет первым, она или я. Я сказал ей, что буду делать все возможное, чтобы как можно дольше составлять ей компанию. Она меня поняла.

ЕСТЬ ХОРОШАЯ КИТАЙСКАЯ ПОГОВОРКА: «не судите человека, пока на заколотили крышку его гроба». Я все еще могу успеть наделать глупостей, до того как умру.

МНЕ В ЖИЗНИ ПРИХОДИЛОСЬ ДЕЛАТЬ УЖАСНЫЕ ВЕЩИ, сажать людей в тюрьму без следствия.

Я НЕ УТВЕРЖДАЮ, ЧТО ВСЕ, ЧТО Я ДЕЛАЛ, БЫЛО ПРАВИЛЬНЫМ, но все было сделано ради благой цели.

Я ЗНАЮ, ЧТО ЕСЛИ Я СБАВЛЮ ОБОРОТЫ И БУДУ ОТДЫХАТЬ, то я быстро потеряю форму. Вся моя жизнь — это реакция на ежедневный вызов. Если я вдруг от него откажусь, буду играть в гольф, гулять, смотреть на закаты, читать романы, я сразу состарюсь.

ВРЯД ЛИ Я ВСТРЕЧУ СВОЮ ЖЕНУ НА НЕБЕСАХ или где-то еще, но из чувства сентиментальности мы хотим, чтобы наш прах покоился рядом.

ТЫ УЧИШЬСЯ И СТАНОВИШЬСЯ МУДРЕЕ УЖЕ ПОСЛЕ ТОГО, как все произошло. Это жизнь.

ЕСЛИ ТЫ НЕ БОРЕШЬСЯ ЗА ПЕРВОЕ МЕСТО, ты и десятого не займешь.

Источник: esquire.ru

Дастан Сарыгулов просил у «Кумтора» до $200 тыс. ежемесячно для Акаева (письмо)

Бывшие руководители госконцерна «Кыргызалтын» Дастан Сарыгулов и Камчыбек Кудайбергенов просили у «Кумтор Оперэйтинг Компаний» и корпорации «Камеко Голд» до $200 тыс. ежемесячно для финансирования выборов и выплат в Минфин, – заявил бывший руководитель компаний «Камеко», «Кумтор Оперейтинг», «Кумтор голд», «Центерра Голд» Леонард Хаменюк в своем письме генпрокурору Индире Джолдубаевой.

Письмо Хаменюка сегодня распространила пресс-служба ГКНБ. Ведомство отметило, что это письмо рассматривается в рамках уголовного дела по проекту «Кумтор».

K-News приводит текст письма г-на Леонарда Хаменюка. Перевод на русский и оригинал представлены ГКНБ КР:

«6 июня 2016 года

Уважаемая г-жа Джолдубаева:

         В ответ на запрос вашего ведомства:

На протяжении всей моей работы в «Кумтор Оперэйтинг Компани» (КОК) и корпорации «Камеко Голд» периодически, несколько раз в год, мы получали запросы от руководства Государственного концерна «Кыргызалтын» (г-на Дастана Сарыгулова и г-на Камчыбека Кудайбергенова) и других государственных органов, включая администрацию президента и структуры под руководством членов семьи президента и других приближенных лиц, на всяческие финансовые взносы для различных целей, включая политические выборы, дополнительные (незапланированные) выплаты в Министерство финансов, поддержку различных областных и государственных фондов и т.д. Такие требования были иногда весьма значительными, более чем 200 000 долларов США за предоставленный месяц.

Г-н Дастан Сарыгулов и г-н Камчыбек Кудайбергенов всегда объясняли такие запросы тем, что они находились под давлением администрации президента. В соответствии с политикой корпорации «Камеко» такого рода требования рассматривались высшим руководством корпорации «Камеко» и позже Советом директоров корпорации «Центерра Голд» при консультациях с корпоративным юрисконсультантом. Кроме того, значительные платежи были одобрены корпорацией «Камеко» и КОК для перечисления в международный благотворительный фонд «Мээрим», находящийся под руководством М.Акаевой, жены экс-президента.

Между тем в то время вопрос коррупционных схем в стране был очень серьезным, о чем свидетельствовали отчеты различных международных организаций, включая Всемирный Банк. Довольно частыми были слухи о том, что Государственный концерн «Кыргызалтын» являлся одной из таких структур.

Несмотря на соблюдение всех технических требований антикоррупционного законодательства, КОК и корпорация «Камеко» не смогли обеспечить законное использование или надлежащую документацию на все наличные денежные расчеты, которые были на законном основании произведены в Кыргызской Республике.

Естественно, различные взносы корпорации «Камеко» и КОК для разных организаций в Кыргызской Республике были очень значительными. Компании постоянно подвергались различным требованиям, однако проект «Кумтор» продолжал работать без перебоев и по большому счету без чрезмерного давления со стороны кыргызских властей. Возможно, это частично является результатом того факта, что некоторые наличные средства, выплаченные корпорацией «Камеко» и КОК, на законном основании были использованы в Кыргызской Республике, включая Государственный концерн «Кыргызалтын», не по назначению.

Леонард Хоменюк

6 июня 2016»

Текст в оригинальном письме:

LEONARD A (1)1Источник: knews.kg

"Газпром" не торопится с газификацией российских регионов

“Газпром” снижает уровень инвестиций в газификацию России из-за долгов за газ внутренних потребителей. А у местных властей нет свободных средств. Каков выход из сложившейся ситуации – у DW.

Уровень газификации российских регионов увеличился за 2015 год менее чем на 1 процентный пункт – до 66,2% в целом по стране. Об этом во вторник, 7 июня, на пресс-конференции в Москве сообщил глава “Газпром межрегионгаза”, член правления “Газпрома” Кирилл Селезнев. Ответственность за невысокую скорость газификации в концерне возлагают на местные власти и постоянно растущую задолженность потребителей перед “Газпромом”. По мнению экспертов, выйти из замкнутого круга можно только при активном участии федеральных властей.

Как ведется газификация

Ежегодные программы газификации по субъектам России начали утверждаться в “Газпроме” в 2001 году на основе предложений администраций регионов. С 2005 года координацией и организацией работы, связанной с выполнением программы, занимается “дочка” концерна “Газпром межрегионгаз”. Компания строит межпоселковые газопроводы, в то время как строительство уличных распределительных сетей и подготовка потребителей к приему газа обеспечиваются местными администрациями.

К началу 2016 года средний уровень газификации в России достиг 66,2% процента (10 лет назад он составлял 53,3%), уровень газификации городов – 70,4% (в 2005 году – 60%), сельской местности – 56,1% (34,8% в 2005 году, 54,6% – в 2014-м). Наиболее тяжелая ситуация в данной сфере сохраняется в Дальневосточном, Сибирском и Северо-Западном федеральных округах.

Инвестиции “Газпрома” в программу газификации за истекшие 10 лет составили около 270 миллиардов рублей (в прошлом году – 27,6 миллиарда при общем объеме инвестпрограммы на год свыше 1 триллиона рублей).

Почему инвестиции снижаются

Как сообщил на пресс-конференции гендиректор “Газпром межрегионгаза” Кирилл Селезнев, “изначально на 2015 год было запланировано больше инвестиций, но из-за неисполнения обязательств местными властями была вложена именно эта сумма”. В текущем году инвестиции “Газпрома” в газификацию будут еще ниже – 25 миллиардов рублей.

При этом, добавил Селезнев, для девяти регионов (Архангельская, Волгоградская, Кемеровская, Ярославская области, Дагестан, Ингушетия, Калмыкия, Чечня, ХМАО) инвестиции будут снижены до 5 миллионов, которые будут потрачены лишь на завершение уже начатых работ. Тверская область и вовсе не получит ничего.

Объяснение все то же: “неисполнение администрациями обязательств по планам-графикам и низкий уровень платежной дисциплины”. По выражению топ-менеджера, из-за этого в 2015 году “газ не пришел в 140 тысяч домовладений и квартир, а более тысячи котельных остались негазифицированными”.

“Денег нет”

Причина, по которой местные власти не выполняют свои обязанности по подготовке потребителей к приему газа, банальна – отсутствие свободных средств в муниципальных бюджетах. “Доводка до домов – дело неблагодарное. Не все знают, какой процент от общего бюджета страны приходится на бюджет местных властей – это всего 5 процентов”, – объяснил DW директор Института региональных проблем Дмитрий Журавлев.

Переложить эти расходы на потребителей у администраций в регионах не получается. Как утверждает эксперт, “местные жители платить за это тоже не смогут, так что возложить на них амортизацию расходов не выйлет. В России деревня гораздо беднее города”.

По той же причине аккумулируется задолженность потребителей за уже поступающий газ. Ее общая сумма на 1 апреля 2016 года составляет 189,3 миллиарда рублей. Самые крупные должники – население (65,7 миллиарда задолженности) и теплоснабжающие организации (65,6 миллиарда). При этом самым проблемным с точки зрения неплатежей населения регионом для “Газпрома” является Северо-Кавказский федеральный округ (СКФО), на долю которого приходится 52,5 миллиарда рублей задолженности.

Санкции лучший метод?

В “Газпроме” не скрывают, что, пока ситуация с платежами не исправится, пересмотра инвестиций в сторону увеличения не будет. Наиболее действенным механизмом для улучшения дисциплины плательщиков в компании считают отключение их от газа, однако, сетует Кирилл Селезнев, “зачастую надзорные и судебные органы запрещают прекращать поставку газа, несмотря на наличие существенной задолженности”. В минувшем году, по данным “Газпрома”, из 28,8 миллиона потребителей-физлиц подверглись отключению или ограничению подачи газа 219 тысяч. В 893 случаях прокуратура запретила применение этой санкции.

Определенные надежды концерна были связаны с вступившим в силу 3 ноября 2015 года федеральным законом N 307, предусматривающим расширение ответственности неплательщиков, но “результаты первого квартала 2016 года не позволяют говорить об улучшении ситуации”, признал Селезнев (задолженность за этот период выросла почти на четверть). Теперь “Газпром” надеется на принятие подзаконных актов и введение уголовной ответственности за самовольное подключение к газовым сетям.

Нужен системный подход

По словам Дмитрия Журавлева, методом кнута и пряника решить проблему едва ли удастся: “Можно было бы даже списать все долги посредством разовой помощи из федерального бюджета, но такого рода помощь – штука несистемная. Любое разовое действие ничего не даст. Долги будут только накапливаться, потому что завтра у людей деньги тоже не появятся”.

Эксперт считает, что для начала необходимо окончательно определиться с выбором подхода. “Мы могли бы решить, что попросту перестаем заниматься газификацией – пусть люди живут так и на столько, на сколько зарабатывают. Или договориться о том, что у нас социальное государство, а значит, люди должны иметь определенный уровень жизни. В последнем случае нужна новая федеральная программа с продуманным долгосрочным федеральным финансированием”, – заключил эксперт.

Источник: dw.com/ru

Шесть лет понадобилось властям Кыргызстана, чтобы понять: военнослужащие спецподразделений «Альфа» ГКНБ и «Арстан» СГО не убили и не ранили ни одного человека 7 апреля 2010 г.

Шесть лет понадобилось властям Кыргызстана, чтобы понять: военнослужащие спецподразделений «Альфа» ГКНБ и «Арстан» СГО не убили и не ранили ни одного человека 7 апреля 2010 года. Но судьям и руководству страны не хватило духу признать это. Оттого и вердикт Военного суда КР по делу об апрельских событиях вышел весьма нелогичный. Служители Фемиды под диктовку сверху назначили виновных за гибель участников апрельского митинга 2010 года.
В пятницу, 3 июня, республиканский Военный суд вынес приговор в отношении обвиняемых в «расстреле мирных демонстрантов 7 апреля 2010 года». За решеткой с суровыми приговорами оказались три человека, еще четверо получили менее
Шестеро находящихся в бегах также получили различные сроки наказания, вплоть до пожизненного лишения свободы. Но им этот приговор, что слону дробина. В частности для бывшего президента страны Курманбека Бакиева, его брата и бывшего главы СГО Жаныша Бакиева. Это не первый подобный приговор. В КР их заочно уже неоднократно приговаривали к высшей мере наказания. Экс-премьер-министру Данияру Усенову суд также назначил «вышку». Сын президента Марат Бакиев, до апреля 2010 года занимавший пост замглавы спецслужб, приговорен к 27 годам тюрьмы. Его бывший патрон Мурат Суталинов – к 20 годам.
Два заместителя председателя СГО Нурлан Темирбаев и Данияр Дунганов получили по 25 лет заключения. К ним суд применил две амнистии, что, как отмечают адвокаты, значительно сократит срок отбывания наказания. Дунганова и Суталинова, которые из-за перенесенных операций находились под домашним арестом, взяли под стражу в зале суда.
Еще одна «заочница» – экс-руководитель секретариата президента Оксана Малеваная – осуждена на 10 лет. Такие же сроки получили бывшие руководитель аппарата президента Каныбек Жороев, госсоветник главы государства Эльмурза Сатыбалдиев и генпрокурор Нурлан Турсункулов. Но к последним, в отличие от Малеваной, суд также применил амнистию. И отбывать срок им осталось недолго.
Скоро окажется на свободе и бывший командир управления спецоперациями «Альфа» Алмаз Джолдошалиев. Суд оставил ему в силе приговор первой инстанции – 6 лет лишения свободы. Но, применив амнистию и учитывая, сколько он отсидел пока суд да дело, отбывать наказание ему осталось недолго.
Столько же оставалось бы и командиру «Арстан» СГО Байышу Эсенбай уулу, будь он в стране. Но подсудимый также находится в бегах, поэтому приговор ему вынесен заочно, и соответственно без применения амнистии.
Участи своих коллег, экс-высокопоставленных чиновников, сумел избежать бывший министр обороны Бактыбек Калыев. Его суд освободил от наказания.
Оправданы с формулировкой «за недоказанностью» и все 15 сотрудников спецподразделений «Альфа» и «Арстан». Военный суд республики, как и первая инстанция, согласился, что вина подсудимых не доказана. Проведенная во время следствия экспертиза установила, что убитые 7 апреля 2010 года были ранены не из оружия, принадлежащего обвиняемым. Это подтвердили и эксперты в суде.
Юристы отмечают нелогичность вынесенного приговора. «Кому в таком случае отдавали приказы начальники, если их подчиненные никого не убили и не ранили? Раз суд оправдал бойцов спецназа, то аналогичный приговор должен быть вынесен и в отношении Джолдошалиева, Эсенбай уулу, Дунганова, Темирбаева и Суталинова», – заявляют их адвокаты.
Однако вынести законное и логичное решение суд не мог априори. Это дело, несмотря на затянувшуюся развязку, находится под пристальным вниманием седьмого этажа Белого дома. К тому же в зале суда присутствуют родственники погибших и раненных, которым, по их же собственному признанию, доказательства не нужны. Им лишь нужен обвинительный приговор. А кто сядет за решетку – второстепенно.
Властям тоже выгодно сделать из честных офицеров козлов отпущения своих грехов. Ответственность за гибель 88 и ранение 306 человек никто из бывших оппозиционеров, ныне восседающих на высоких должностях, понести не готов. Признавать, что вывели толпу под пули, на верную смерть, временщики не хотят. Потому и расследование по делу, да и весь суд, больше напоминал превратили в фарс. Следователям напрямую диктовали, кому и какое обвинение предъявить. Дошло до того, что из белодомовских клерков сделали чуть не убийц. Причем каждому пытались вменить в вину смерть «героев апрельской революции». Ведь докопайся следствие до истины, не факт, что нынешняя верхушка власти не оказалась бы на скамье подсудимых.
Адвокаты осужденных пока не решили, будут ли обжаловать вердикт Военного суда КР в высшей инстанции. Но однозначно можно сказать, что ставить точку в этом громком деле еще рано.
Махинур Ниязова
Источник: “Республика”

Публикация «Майн Кампф» в Италии вызвала полемику

Итальянское издание Il Giornale распространило первый том книги Адольфа Гитлера «Майн Кампф» («Моя борьба») в качестве бесплатного приложения к субботнему выпуску газеты. У многих это вызвало негодование, в частности, премьер-министр Италии Маттео Ренци написал в твитере, что находит отвратительным такое решение редакции. Ренци также выразил поддержку еврейской общине Италии.

В редакции газеты утверждают, что знакомство с книгой позволит людям осудить её со знанием дела. Для этого текст сопровождён критическими замечаниями.

У жителей страны публикация вызвала смешанную реакцию: «Историю следует знать, и с этой точки зрения решение о публикации правильное». «Автор книги Гитлер, очевидно, олицетворяет абсолютное зло. Но это вовсе не означает, что мы не должны ничего о нём знать, чтобы избежать подобного в будущем».

Публикация книги Гитлера долгое время была запрещена, поскольку авторские права на неё в течение 70 лет принадлежали федеральной земле Бавария. Но в январе срок действия авторских прав истёк. В Германии «Майн Кампф» была опубликована с подробными комментариями, объясняющими ошибочность изложенных в ней идей. Попав в продажу, книга сразу стала бестселлером.

Источник: ru.euronews.com

Самолет на солнечных батареях приземлился в Нью-Йорке

Ранним утром в субботу, облетев вокруг Статуи Свободы, самолет на солнечных батареях закончил свое путешествие по Соединенным Штатам и совершил посадку в Нью-Йорке. Эта последняя остановка самолета в США.

Экспериментальный самолет Solar Impulse 2 еще до восхода солнца приземлился в нью-йоркском международном аэропорту имени Джона Ф. Кеннеди, совершив пятичасовой рейс из города Аллентаун, штат Пенсильвания.

Этот был последний этап полета в США, совершенного электрическим самолетoм под управлением швейцарских пилотов Бертрана Пикара и Андре Боршберга, которые осуществляли навигацию, сменяя друг друга. Организаторы говорят, что полет, не требующий топлива, наглядно демонстрирует возможности технологий с применением экологически чистой энергии.

Бертран Пикар и Андре Боршберг

Бертран Пикар и Андре Боршберг

Целью полета является возвращение в столицу Объединенных Арабских Эмиратов – Абу-Даби, где путешествие самолета началось в марте 2015 года. Oн уже сделал остановки в Омане, Мьянме, Китае, Японии и на Гавайских островах, а также в нескольких городах континентальной части США.

На самолете с четырьмя электродвигателями установлены элементы, питающие солнечные батареи, которые позволяют ему днем и ночью лететь со скоростью около 45 километров в час.

Следующий этапом экспериментального полета самолета, который, возможно, будет осуществлен в течение недели, станет попытка перелететь через Атлантический океан, и как сообщается, приземлиться в Испании, Франции или Марокко.

Источник: golos-ameriki.ru

АКШ Түркияны террористтерге жол ачкан транзиттик өлкө деп атады

АКШнын Тышкы иштер министрлиги жыл сайын даярдаган “Терроризм өлкө” билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө Түркиянын чоочун террорист согушчандар үчүн булак жана транзит өлкө болгондугу белгиленди. Анда “Күрдистан жумушчу партиясы” (КЖП) Түркиядагы эң алдыңкы орунда келаткан террордук уюм көрсөтүлгөн, ошондой эле ИШИМ жана ал-Нусра сыяктуу уюмдарга карата Анкара бийлиги тынчсызданганына көңүл бурулган. КЖПнын Сириядагы бөлүгү болгон “Демократиялык биримдик” партиясы террордук уюм катары каралбады. ИШИМдин Түркиядагы иш-аракеттерине токтолгон билдирүүдө 2015-жылдын 10-октябрында Анкарадагы административдик имараттын алдында уюштурулган жана ИШИМ менен байланыштырылган жардыруунун “Түркиянын тарыхындагы эң кандуу жардыруу” болгондугуна көңүл бурулган.
АКШнын Тышкы иштер министрлигинин жылдык терроризм билдирүүсүндө Түркиянын “Сирия жана Иракта ИШИМ ж.б. уюмдарга кошулууну каалаган башка өлкөлөрдөн келген террор согушчандарынын өтүүсүнө ыңгайлуулукту түзүп берген транзит өлкө” жана ошол эле кезде террордук уюмдун өкүлдөрү даярдалып чыгарылган “булак өлкө” катары аныкталуусу көңүлдү бурду. Билдирүүдө өзгөчө Анкаранын террористтердин өз жергелеринен Сирия жана Иракка өтүүсүнө чек коюу аракеттери макталган. Түркиянын ушул кездеги террор аныктамасында эл аралык террор менен күрөшүүгө тоскоол болушу мүмкүн экендиги белгиленген. “Түркиянын террор аныктамасы дүйнөлүк террористтерге каршы ыкчам жана мыйзамдуу иш алып барууга тоскоол болушу мүмкүн” деп айтылат.
Москвадан Түркияга айып 
Сириянын Түркияга жакын аймактарында кагылышуулар күч алып баратканда Москва жаңы дооматын ортого таштады. Орусиянын Сириядагы абалга байкоо салуучу борбору ал-Нусранын 200дөн ашуун өкүлүнүн мыйзамсыз түрдө Түркиянын чекарасынан өтүп, Сириянын аскердик топторуна кол салганын айтып чыкты. Орусиянын Коргоо министрлигинин интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө “Эл аралык террордук уюм ал-Нусранын 200дөн ашуун өкүлү Байсун эл отурукташкан аймакка жакын жерден мыйзамсыз түрдө Түркиянын чекарасынан өткөндөн кийин, Сириянын аскердик күчтөрү жайгашкан жерлерге кол салышты”, – деп айтылат.
“РИА Новости” агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таандык пилотсуз өз алдынча учуучу учактар, Түркиядан Сириянын Халеп жана Идлиб аймактарындагы террористтерге курал-жарак ташыган TIR жүк ташуучу унаалары видео тасмага тартылып алынганын да кабарлоодо. Орусиянын Коргоо министрлигине таандык пилотсуз өз алдынча учуучу учактар тарабынан Түркиядан Сириянын Халеп жана Идлиб аймактарындагы террористтерге курал-жарак ташыган TIR жүк ташуучу канвойлору видео тасмага тартылып алынган. Өзгөчө Орусиянын Сириядагы абалга байкоо салуучу борборуна маалымат берген жергиликтүү жашоочулар, өлкөгө жаңы курал-жаракчан топтордун киргенин айтышкан. Сирия өлкө башчысы Бешар Асаддын кеңешчиси Бусейна Шабан акыркы эки айда Түркиядан сегиз миң террористтин киргенин билдирген. Пилотсуз өз алдынча учуучу учактар тарабынан тартылып алынган видеолордо көптөгөн сандагы TIRлардын ачык талаада токтоп турганы көрүнүп турат. Орусиянын Коргоо министрлигинен алынган маалыматка ылайык, TIRлар Халеп жана Идлибдеги террористтер жайгашкан аймактарга карай багыт алган. TIRларда эмне жүктөлүп бараткандыгы так аныктала элек болсо да, ЖМКларда жарыяланган маалыматтарда курал-жарак жана ок-дары болушу мүмкүн экендиги белгиленген.

Төлөгөн Наралиев, Апрел баатыры: “Бийлик эл менен эсептешпесе, стабилдүүлүк жана тынчтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт”

Авторитардык жана тоталитардык бийлик доорунун заманы менен коштоштук дегенибизге алты жылдын жүзү болду. Ооз толтура убадаларга элин тойгузган бийлик мамлекетибизди жарга такап, саясый да, экономикалык да кризиске кептеди. Ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз деп, элди алдоо менен убара. Коррупция менен күрөшүү саясаты суу кечпей калды. Тышкы саясат кош стандарттуу болуп, тең ата сүйлөшө албагандыктан Эл аралык мамилелерде Кыргызстандын аброю төмөндөдү. Дүйнөдө болуп жаткан трагедиялуу окуялар бизде кайталанбаса экен деп, эл сабырдуулукту кармап турган учур.
Демократия мамлекетин курдук, Элдик бийлик орноттук деген менен, баягы эле президенттик- авторитардык же болбосо партиялык-кландык башкаруу системасы доор сүрүп жатат. Парламенттке жаңы киргиздер “олигархтар” келип, элдин кызыкчылыгын уруп ойнобой, жалаң жеке кызыкчылыктары үчүн жан үрөп иштеп жаткан учур. “Ток бала ач бала менен ойнобойт” дегендин далили ушул заман болду. Парламенттин негизги милдети мыйзам чыгаруу экенин унутушуп, ар кимиси өздөрүн пиар кылып, элге кереги жок тыйынга арзыбаган маселелерди көтөрүп чыгышып, коомчулукту алаксытууда. Улуу В.И. Ленин айтмакчы “ордунан жылбаган коом, артка эки кадам кетип” бара жатабыз. Коомдо өз ордун билбегендерибиз толтура, моралдык касиеттерибиз экинчи планда калып, баардык ченемдерди “чөнтөк” чечип калды. Кызматтын тузун татып калып, “кара кресло” ооруусу менен ооругандарыбыз четтен чыгат. Дегеним революцияга аттанып, башын тобокелге салгандардын арасында да жогорку билимдүү, деңгээли жогору инсандар аз эмес. Моралдык укугу бар, азыркы бийликтин келишине зор салым кошкон ушул “баатырлар” деп, эске  албай, элдин пикири менен эсептешпей, кадрдык саясатта алешемдиктер болуп жатканы өкүнүчтүү. Эки революциянын башаты болгон Талас элинде азыр тынчтык өкүм сүрүп турганы жакшы, бирок нааразычылыктар жок эмес.  “Эл үчүн таза иштеп бермекмин, иштеген андай эмес мындай болот” дегендер бар, бирок аттиң “чөнтөк жука” деп, колду шилтеп турушат. Азыркы учурда Талас облусунун губернаторлугуна бир топ мыкчыгерлер аракет кылып, “атыла элек аюнун терисин” бөлө албай жүрүшкөнүн кулагыбыз чалып калды. Ал талапкерлер Акаев жана Бакиев менен иштешкендер,   Айдар жана Максим менен ымала болуп жүргөндөр. Азыркы жогорку даражадагы кызматтарда баардыгы эле Акаев жана Бакиев үчүн иштешкен деп айтуудан алысмын. Ырас өзүнүн  билимин, тажрыйбасын мамлекет үчүн, эл үчүн жумшап, кызмат кылгандар бар, бирок алар саналуу болгону өкүнүчтүү. Эртеби, кечпи жаңы губернатор дайындалаары турган иш, бирок эл менен эсептешпесе, стабилдүүлүк жана  тынчтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт.
Төлөгөн  Наралиев, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Апрель баатыры  

Ишенгениң Игор болсо “чудолорго” маарыйсың

Игорь Чудинов депутат болоордун астында Кудайды карабай туруп калп айткан. Бир эки мисалына келели, «Биздин программабызда бир канча реформаларды жасоо каралган. Ошондой эле аларга каражатты кайдан табууну жолдору да жазылган» – деп урдурган Игорь Чудинов бул калпын кантип чындыкка айлантаарды ойлонгон да жок. «Бир- Бол» фракциясы ушу тапта өкмөткө расмий реформалык программа сунуштай элек. Ал эми «өкмөттөгү министрликтердин санын тогузга кыскартып, 7 млрд. сомду үнөмдөп, аны айыл-чарбага жумшасак болот. Мисалы, бир эле айыл-чарба министрлиги жылына 1 млрд. 200 млн. сарптайт. Бирок, эч кандай аткарган иши жок, эч кайсы өндүрүштү башкарбайт» -дегени да былжыр кеп бойдон калды. Ал ортодо айткан сөздөрүн аткарууну эмес, курулуш компаниясын кантип гүлдөтүүнү ойлоп, башы маң болууда. Деги ушул Чудиновдун мамлекеттин тагдырын чечүүгө канчалык зарылчылыгы бар эле. Анын кайсы кызматы үчүн Кыргыз бюджети айлык төлөп атат. Ушундайлардан тазаланбайлыбы?..

Булак: «Де-факто»

ИМ экстремисттик тобу Орландодогу теракт үчүн жоопкерчиликти алды

«Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Орландодогу гей-клубга жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды. Кол салуу учурунда 50 адам набыт болуп, 53 адам ооруканага жаткырылган.

Полиция ок чыгарган адамды атып өлтүргөн. Ал АКШ жараны, Флорида штатынын 29 жаштагы тургуну Омар С. Матин болуп чыкты. «Орландо шаарындагы түнкү гей-клубга “Ислам мамлекети” эктремисттик тобунун жоокери кол салган”, – деп айтылат Amaq жаңылыктар кызматынын маалыматында.

Обама кол салуунун “тиришумдук кыргын” деп атап, террордук кол салуу катары баалаган.

Эгер бул ок атуу террордук акт экендиги аныкталса, анда ал 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийинки эле эң оор жоготууларга алып келген окуя болуп калмакчы. Нью-Йорктогу теракттан 3 000 адам мерт кеткендиги маалым.

Кубан Чороев “сыйкырчы” экономистпи?

Акыркы кезде баары бүтүп, банктан насыя алгандарды башкы темага айлантып, аларга «жардам» берчү топ пайда болгонун көрүп жүрөбүз. Маалыматтарга караганда, бул топтун башында өзүн экономист, финан­сист катары көрсөтүп жүргөн Кубан Чороев аттуу мырза менен, 2013-жылы Ысык-Көлдөгү саруулуктардын ири митингинде ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди 6 саат барымтага алгандар катарында кылмыш иши козголгон Акылай Кенекеева аттуу айым турат экен. Бул топтун ишмердүүлүгүнө көз чаптырсак, алгач булар насыячылардын укугун коргомуш, күйүмүш болуп, Кыргызстандагы бир топ банктарды тизмелеп, элдин карызын кечсин де­ген талап коюп жүрүшкөн. Байкасак, бул «активисттер» асылган банктардын саны азайып, эми бул экөөнүн «барымтасында» 2-3 эле банк калыптыр. Себеби эмнеде? Бул башка банктар насыячылардын маселесин чечип бүттү дегендикпи же Чороев менен Кенекеева ири каржы булагы болгон банктардан өз үлүшүн алып бүтүп, элди унутуп калдыбы? Деги булардын максаты эмне? Эч ким тааныбаган эмелер кыйналып турган жарандарды алдап, аларды жеке кызыкчылыгы үчүн аскер катары пайдаланып жаткан жокпу? «Карыз алып, төлөбөй койсоң болот» деген убаданы супер аферист гана бере алат го?

Насыясын убагында төлөй албай, кыйынчылыкка тушуккандар жалпы насыячылардын 5%ын гана түзөөрүн эске алсак, калган 95%ы адал эмгеги менен өз убагында төлөп, тынч жашоо кечирип жатышпайбы? Албетте, ар кандай иште тобокелчилик бар. Кайсы өлкөдө 100% көрсөткүч бар экенин кыйын «экономист» айта алат бекен? Экинчи дүйнөлүк согушта Гитлер, башкы душманы – совет өлкөсүн кыйратыш үчүн, анын жасалма акчаларын самолёт менен чачып, элди дүрбөлөңгө салганга аракет кылганы айтылып келет. Айрым насыячылар­дын «коргоочулары» ушундай тышкы диверсанттар эмеспи?

Булак: «Де-факто»

АКШ жана Орусия ядролук куралдарын жаңылайт

Швециянын Эл аралык тынчтыкты изилдөө институту (SIPRI) Кошмо Штаттар жана Орусия ядролук арсеналдарынын кыскартып, аларды заманбап үлгүдө жаңылап жаткандыгын билдирди.

SIPRI уюмунун жылдык отчетуна ылайык, тогуз өлкөгө таандык өзөктүк куралдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 455 даанага аз.

Кошмо Штаттар, Орусия, Улуу Британия, Франция, Кытай, Индия, Пакистан, Израиль, Түндүк Кореянын ядролук куралдары 15 395 даана, алардын ичинен 4 120сы ыкчам кеңейүү абалында турат.

SIPRI эсебинде, 2016-жылдын башында Орусиянын ядролук жабдуулары 7 290, Кошмо Штаттардыкы 7000 миң даананы туздү.

Франциянын 300гө жакын ядролук куралы бар, Кытайдын энчисинде 260, Улуу Британияныкы – 215, Пакистан (110-130), Индия (100-120), Израиль (80) жана Түндүк Кореяда (10) даана өзөктүк жабдуу бар.

Дастан Сарыгулов "Кумтөрдөн" айына 200 миң доллар акча талап кылып турган

“Кыргызалтын” ишканасынын мурунку жетекчиси Дастан Сарыгулов убагында “Кумтөрдөн” ай сайын 200 миң доллар талап кылып турчу. Бул тууралуу “Камеко”, “Кумтор оперейтинг”, “Кумтор голд”, Centerra Gold ишканаларынын мурунку жетекчиси Леонардо Хоменюк өз катында билдирген. 
Анын билдирүүсү УКМК тарабынан “Кумтөр” боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде каралууда. Катта 1992-1999-жылдары мамлекеттин атынан “Кумтөр” боюнча долбоорлорго Сарыгулов көз салып, бир канча мыйзамсыз аракеттерге барганы айтылат.
Леонардо Хоменюктун арызынын кыскача маңызында: “Мен Кумтор Оперейтинг Компани, (КОК), Камеко Голд ишканаларын жетектеп турганымда мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчилери Дастан Сарыгулов, Камчыбек Кудайбергеновдор, президенттин аппарат бөлүмү, президенттин үй-бүлөсүнүн жакындары ар кыл себептерди айтып тынбай акча алып турушчу. Алардын катарында шайлоо өнөктүктөрү да бар. Кээде ай сайын 200 миң доллар берчүбүз. Дастан Сарыгулов менен Камчыбек Кудайбергенов бул тапшырмалар президенттин аппарат бөлүмүнөн берилип жатканын айтышчу. Маселе директорлор кеңешинде каралып, ал кездеги президенттин жубайы Майрам Акаевага тиешелүү “Мээрим” фондуна өткөрүп берилчү”, — деп айтылат. 
Дастан Сарыгулов буга чейин оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти басып алуу боюнча сүйлөшкөн жазуулары интернетке тарап кеткен иш боюнча үй камагына алынган болчу. Кылмышка шектелип Кадыров менен Асанов кармалган.
Хоменюк — АКШ менен Канаданын жараны. 1992-2008-жылдары 16 жыл бою бир нече компанияны башкарган.
2014-жылы Кыргызстандын талабы менен козголгон кылмыш иштердин айынан эл аралык издөөгө алынган.
Эске салсак, бүгүн УКМК Дастан Сарыгуловду камакка алган.
Булак: sputnik.kg

Штаб башчысы Дуйшенбиевди ким "калчылдатты"?

Бизде Райимбек Дүйшөнбиев деген аскер жетекчиси бар эмес беле. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабын жетектеген. Мына ушул жигиттин бир окуясы бизди таң калтырып да, иренжитип да туру. Жакында эле ММКлардын бири ага кат менен кайрылып, акыркы учурдагы аскердеги өлүмдөр боюнча маектешүүгө уруксат сураса, ал «Менин фамилиям Дуйшенбиев, Дүйшөнбиев эмес» деп «калчылдап», маектешүүдөн баш тартыптыр.

Эми ушул бир тамга үчүн ушунчалыкка баруу генштабдын башчысынын деңгээлиби? Кыргыздын баласы экени чын болсо, тескерисинче аталарынын учурундагы жарандыкты каттоодо отурган орус тилдүүлөрдүн кемчилигин түзөп, «Дуйшенбини» «Дүйшөмбү» деп жазганы үчүн ыраазы болууга тийиш болчу. Балким бул жоопкерчиликтен качып, маектешкенден качууга жөн эле шылтоо болгондур? Кыскасы жигит өзүн көргөздү…

Булак: “Фабула”

Дональд Трамп кайрадан мусулмандарды АКШга киргизбөөгө чакырууда

Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер аталып жаткан Дональд Трамп  өлкөгө мусулмандарды киргизүүгө тыюу салуу чакырыгын кайрадан кайталады. Би-Би-Си кабарлагандай, бул туурасында ал Флоридада болгон кол салууга байланыштуу пикирин билдирүү маалында айтты.

«Орландодо болгон окуя – башталышы гана. Бийлигибиз алсыз жана ишибиздин натыйжасы жок. Азыр биз катаал болушубуз керек”, – деп жазды ал Твиттердеги баракчасына.

Орландо шаарындагы гей-клубдагы атышуудан 50 адам каза тапкан. АКШ тарыхында бул сыяктуу кол салууларда мынчалык көп адам набыт кеткен эмес.

Расмий маалыматка караганда, гей-клубга кол салган адам – Омар Матин. Ал ооган тектүү АКШ жараны жана Флорида штатынын жашоочусу, 29 жашта.

Америка бийлиги гей-клубга кол салуу идеологиялык негиздеги кылмыш болушу ыктымал деп билдирди. Анткен менен атайын кызматтын Омар Мартиндин экстремисттик топтор менен байланышын тастыктаган эч кандай маалыматы жок.

АКШ президенти Барак Обама атайын кызмат Омар Мартиндин экстремисттик топтор менен байланышы болгон-болбогондугун аныктоо үчүн бардык аракетти жасашы керектигин билдирди.

Дастан Бекешев, депутат: «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бөлүнгөн 225 батирдин ичинен 10-15 батир тиешеси жок чоочун адамдарга берилип кеткен»

Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 13-июнда парламенттин пресс-борборунда маалымат-жыйын өткөрүп, Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун жетекчилигинин ишиндеги коррупциялык аракеттер тууралуу кеп салды.

Эл өкүлүнүн айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бөлүнгөн 225 батирдин ичинен 10-15 батир тиешеси жок чоочун адамдарга берилип кеткен. «Ошондон улам, батирлердин бөлүнүү фактысын ар тараптуу иликтөө максатында, жумушчу топ түзүлдү. Бир ай аралыгында текшерүү жыйынтыгы чыгарылат», – дейт ал.

Депутат Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүн жарандык активисттер менен аркандай шылуундардын чагымчыл аракеттерин колдобой, жумушчу топтун иликтөө жыйынтыгын күтүүгө чакырды.

Атамбаев тышкы иштер министрине бир катар тапшырмаларды берди

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-июнда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысы соңку кезде өткөн тышкы саясый иш чаралардын, анын ичинде Жогорку Евразиялык экономикалы кеңештин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынтыктары боюнча  жетишилген макулдашуулар менен келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралу маалыматты укту.

Эрлан Абдылдаев жакынкы мезгилге мелженген тышкы саясый иш чараларга даярдык иштери тууралу айтып берди. Атамбаев Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу жетишилген келишимдерди өз маалында аткарууну тапшырды. Андан тышкары алдыдагы ири иш чараларга сапаттуу даярдык көрүү жана өлкөнүн тышкы саясый ишмердигинин негизги багыттары боюнча ишти жандандаруу  жагынан мекемеге бир катар тапшырмаларды берди.

Видео - Мухаммед Алини акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан кыргызстандыктар

10-июнда, АКШда дүйнөлүк бокстун өчпөс жылдызы Мухаммед Алинин сөөгү жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга жалпысынан 15 миңдей адам катышты, алардын арасында кыргызстандык алты мекендешибиз да бар. Талантбек Ахматов аттуу мекендешибиздин башына калпак кийип барганы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Айрыкча атактуу мушкер Леннокс Люьис жана Голливуд актеру Уилл Смиттин кыргыз калпагына суктанышканын жашырган жок.

https://youtu.be/Bvq5BJL9e4U

Дастан Сарыгулов УКМКга камалды

Дастан Сарыгулов Улуттук коопсуздук комитетине камалды. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо тууралуу кылмыш иштин негизинде шектүү катары кармалганын, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.
Ошону менен катар УКМК учурда “Камеко”, “Кумтөр оперейтинг”, “Кумтөр голд”, “Центерра голд” компанияларынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Сарыгулов “Кыргызалтындын” башчысы болуп турганда коррупциялык иштерге барганы тууралуу көрсөтмөлөрүн талдап жатканын кабарлоодо.
Мекеменин белгилешинче, “Кумтөр” долбооруна байланыштуу тергөө мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин тегерегиндегилердин бир катар каршылыктарына дуушар болгон. Ошондуктан быйыл март айында бийликти басып алуу планы “Кумтөр” долбоорундагы коррупциялык иштердин ашкере болушуна жол бербөө максатын көздөгөн деген версия каралууда.
Булак: azattyk.org

Активисттер Москвадагы Украина элчилигине жумуртка ыргытышты (видео)

200гө жакын адам Украинанын Москвадагы элчилигинин алдында акция өткөрүштү. ТАСС билдиргендей, активисттер Украинага каршы чакырык таштап, элчиликтин имаратына жумуртка менен файерлерди ыргытышкан. Окуя 20 мүнөткө жакын созулган. Анын катышуучулары кармалган жок. Акция украиналык активисттердин Одессадагы иш-аракеттерине нааразычылык билдирүү максатында өткөрүлгөндүгү кабарланууда.

Буга чейин украиналык активисттердин тобу Одессадагы орусиялык башкы консулдукта Орусиянын күнүнө арналган иш-чараны өткөрүүгө тоскоолдук жаратышкан. Алар имаратты көздөй жумуртка менен картөшкө ыргытышкан. Ошондой консулдуктун маңдайына эки дарга асуучу жайды орнотушкан. Полиция эч кимди кармаган эмес.

Башкы консул Валерий Катункин акцияга Орусияда тыюу салынган “Правый сектор” менен “Азов” жарандык корпусунун өкүлдөрү катышкандыгын билдирген.

https://youtu.be/1ze0B8wrK5M

Фото - Борбор Азия өлкө башчыларынын үй-бүлөлөрү

9-июнга караган түнү Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев кыздуу болду. Ошентип, азыр Казакстандын президентинин беш чебереси бар. Муну өзүнчө рекорд десек да болот. Анткени Улуу Британиянын ханышасы менен Тунистин президентин эске албаганда, азыркы дүйнө лидерлеринин бардыгы эле чебереси менен мактана албайт.  

“Ынтымактын” өнөктөшү “Мейкин Азия онлайн” Борбор Азиядагы өлкө башчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн эсептеп, карыгында “ысык чай” сунаар адамдары ким экенин байкап көрдү.  НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН

Казакстандын президенти бир эле жол үйлөнгөн. Жубайы – Сара Алпысовна Назарбаева. Бул никеден Дарига, Динара, Алия деген үч кыз төрөлдү.

Азыр Назарбаевдин сегиз небереси бар. Дарига Назарбаеванын балдары: Нурали Алиев (1985-жылы төрөлгөн), Айсултан Назарбаев (1990-жыл), Венера Назарбаева (2000-жыл). Динара Назарбаеванын балдары: Алтай (1990), Дениза (2004) жана Алиша (2010) Кулибаевдер. Мамлекет башчынын кенже кызы Алия Назарбаеванын эки кызы бар – Тиара (2007) менен Алсара (2011).

Назарбаевдин чоң небереси Нуралинин үйлөнгөнүнө 13 жыл болду. Анын төрт баласы бар: Алан, Лаура, Амира жана Ануар.

9-июнда Айсултан Назарбаев балалуу болду. Кызга кандай ысым коюшканы азырынча кабаралана элек.

ИСЛАМ КАРИМОВ, ӨЗБЕКСТАН 

Өзбекстандын президенти эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Наталья Кучми менен ал 1964-жылдан 1968-жылга чейин чогуу жашады. Бул никеден 1966-жылы Петр аттуу уулдуу болгон. Наталья 2008-жылы көз жумган. Каримов уулуу менен катташпайт. Айрым маалыматтар боюнча Петр үй-бүлө күтө элек, бала-чакасы жок. 

Өзбекстандын президентинин экинчи аялы –  Татьяна Акбаровна Каримова. Ал Гульнара жана Лола деген кыздарды төрөдү. Ажонун чоң кызынын кенже Ислам Каримов (1992) деген уулу жана Иман (1999) аттуу кызы бар. Лола үч баланын энеси. Кыздары – Марьям менен Сафия, уулу Умар. 

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ, КЫРГЫЗСТАН 

Кыргызстандын президенти да расмий түрдө эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Бүажар Теңизбаевадан төрт баласы бар. Уулдары – Сейитбек, Сейтек, эгиз кыздары – Диана менен Динара. Экинчи аялы Раиса Атамбаевадан ажонун Кадырбек (1993) аттуу уулу жанаАлия (1997) кызы бар. 

 Атамбаевдин биринчи никесинен төрөлгөн кыздары турмуш куруп кеткен. Бирок алардын жеке жашоосу сыр бойдон. Экинчи никедеги балдары үй-бүлө күтө элек.

 

Неберелери жөнүндө Атамбаев көпчүлүк алдында айткан эмес. Бирок бул үй-бүлөнүн достору Кыргызстандын президентинин үч небереси бар экенин билдиришти.

ГУРБАНГУЛЫ БЕРДЫМУХАМЕДОВ, ТҮРКМӨНСТАН

Чыныгы чыгыш башкаруучусу катары Түркмөнстандын президенти жеке жашоосун жат көздөрдөн жашырып келет. Расмий өмүр баянын карасак, ал түркмөн аялга үйлөнгөн. Аты – Огульгерек Атаевна Бердымухамедова. Такталбаган маалыматтар боюнча ал 2007-жылдан бери Лондондо жашайт. Огульгерек менен Гурбангулынын эки кызы жана Сердар аттуу бир уулу бар.

Бердымухамедовдун беш небереси бар. Журналисттердин назарына илингени – 16 жаштагы Керимгулы. Ал чоң атасын коштоп борбордук телеканалдардан көп эле чыгып жүрөт. Буга кошумча жергиликтүү массалык маалымат каражаттары Керимгулынын пианинодо ойногонун, ат минип жүргөнүн тынымсыз көрсөтөт. Ал тургай бир жолу ал белгилүү ырчы Дженнифер Лопес менен бир сахнага да чыккан. 

ЭМОМАЛИ РАХМОН, ТАЖИКСТАН 

Карылыкка Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон баарынан мыкты даярданган көрүнөт. Ал – Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен эң көп балалуу ата. Рахмондун жети кызы (Фируза, Озода, Рухшона, Тахмина, Парвина, Заррина жана Фарзона) жана эки уулу бар. Кенжеси – Сомони – мектеп окуучусу. Чоң уулу 27 жаштагы Рустамды Тажикстандын ММКлары президенттин “мураскору” деп аташат. 

Эмомали Рахмондун неберелери да көп, расмий саны белгисиз. Бирок алардын бир бөлүгү эле үй-бүлөлүк сүрөткө араң батат. 

Булак: yntymak.kg

Актөбөдөгү кол салууга шектелгендердин бардыгы кармалды

Казакстандын Актөбө шаарындагы кол салууга шектелген адамдардын бардыгы кармалды. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жекшембиге караган түнү дагы үч киши колго түшкөн.

Ошентип, Актөбө облустук террорчулук менен күрөшүү боюнча ыкчам штабы кол издөөгө алынгандардын бардыгын кол түшүрдү.

5-июнда Актөбөдө белгисиз адамдардын тобу курал саткан эки дүкөнгө жана аскердик бөлүккө кол салган. Чабуулдун натыйжасында жети адам каза тапкан. Бийлик бул окуяны теракт катары баалаган. Тартип сакчылары кол салган 13 адамды жок кылып, тогузун кармаган, алтоосуна издөө жарыялаган.

Жума күнү атайын кызмат жүргүзгөн операция учурунда дагы беш шектүү адам өлтүрүлгөндүгү кабарланган.

Обама Орландодогу окуяны бүтүндөй америкалыктарга болгон кол салуу деп атады

АКШ президенти Барак Обама Орландодогу окуяны “тиришумдук кыргын” деп атап, аны террордук акт катары баалады. Ошондой эле президент бул бүтүндөй америкалыктарга болгон кол салуу экендигин билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарында кумсалардын түнкү клубундагы атышуудан 50 адам набыт болуп, 53ү жаракат алды.

Кылмышкер өтө мыкты куралданган. Согуштук мылтык, тапанча жана жардыргыч зат алып жүргөн. Алагач, түнкү саат экилер чамасында ал көңүл ачуучу клубда ок чыгарып, андан соң тышка чыгып, окуяны жайгаруу үчүн чакырылган полициянын тогуз кызматкери менен атышкан. Мындан кийин клубга кайрадан кирип, 30дай адамды барымтага алган. Алар түгөл куткарылды. Кол салган адам өлтүрүлдү.

Күч түзүмдөрүндөгүлөр ок аткан адам Омар Матин аттуу ооган улутундагы АКШ жараны экенин айтышууда. Анын радикал ислам топтору менен байланышы такталууда.

ФБР өкүлү бул окуя террордук акт катары иликтенерин билдирди. Кылмышкер жеке өзү же сырттан, ичтен кимдир бирөөнүн жардамы аркылуу аракеттендиби деген маалыматтар да изилденет.

УЕФА Орусия жана Англияны Евро-2016 оюндарынан четтетүүсү мүмкүн

Футбол ассоциацияларынын европалык союзу (УЕФА) эгер Орусия жана Англиянын сүрөөнчүлөрү мындан ары дагы башаламандыктарга катышса, эки өлкөнүн футбол командаларын оюндан четтетүүсү мүмкүн.

УЕФА Марселдеги англиялык фанаттар менен кагылыштан соң орус футбол күйөрмандарына карата дисциплинардык иш козгоду. Associated Press агенттиги маалымдагандай, иш расизм, массалык башаламандыкка катышуу жана пиротехниканы колдонуу үчүн ачылган. Англиялык күйөрмандарга карата кылмыш иш ачылган жок.

Европа футбол чемпионатынын алкагында Орусия жана Англиянын курамаларынын беттешин кийинки күйөрмандардын кагылышынан 30дан ашык адам жаракат алды. 50 жаштагы британ жараны өтө оор абалда ооруканада жатат. Башаламандыкты токтотуу үчүн полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Бир нече күйөрман кармалды.

Марселдеги Орусиянын консулдугунан кармалгандардын арасында кеминде бир орусиялык жаран бар экенин билдирди.

Беттеш аяктаган соң бир нече орус күйөрманы стадиондун англис фанаттары турган бөлүгүнө барып, чыр чыгарган. Ошондой эле Англиянын желегин айрууга аракет кылышкан.

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко окуяга стадиондогу коопсуздук чараларынын начар уюштурулганы себеп болду деген пикирин айтты.

Франциянын Марсель шаарындагы Англия менен Орусиянын беттеши 1-1 менен аяктаган.

АКШдагы кыргыздар: Мухаммед Алинин жаназасында Леннокс Льюис менен Уилл Смит биздин ак калпакка кызыгышты

10-июнь күнү дүйнөлүк бокс королу Мухаммед Алинин сөөгү жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга дүйнөлүк лидерлерден баштап, анын дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы күйөрмандары да келишти. Маркумдун жаназасына жалпысынан 15 миңдей адам катышкан. Анын арасында кыргызстандык алты мекендешибиз да болду. Айрыкча Талантбек Ахматов аттуу мекендешибиздин башына калпак кийип барганы Мухаммед Алинин жакын санаалаштары, атактуу боксчу Леннокс Люьис жана голливуд актеру Уилл Смиттин көңүлүн өзүнө бурган. Бул тууралуу бизге анын иниси Алтынбек Ахматов маек куруп берди.

– Алтынбек мырза, сиздин жана байкеңиз Талантбек Ахматовдун АКШда жашап жатканыңыздарга канча жыл болду?

– Байкем менен менин бул жакта жашаганыбызга он жылдай болду. Бул жакта өзүбүздүн чакан ишканабыз бар.

– Талантбек мырзанын ак калпак кийип М. Алинин жаназасына катышканын кыргызстандык интернет колдонуучулар өтө жылуу кабыл алды. Бул иш-чарага кандайча катышып калдыңыздар, ушул темада кененирээк айтып берсеңиз?

– Негизи мен дагы, байкем дагы атактуу боксчу Мухаммед Алинин күйөрманыбыз. Биринчиден анын дин ишениминдеги эрктүүлүгүнүн күйөрманыбыз десем туура болот. Анткени ал АКШда расалык бөлүнүүлөр болуп турган чакта, Ислам динин кабыл алганын, чындык бул Исламда деп бекем турганын көп угуп, окуп жүргөнбүз. Биз анын акыркы сапарга узатуу аземинде катышып, анын жашоосундагы диний ишениминин орду канчалык жогору экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Буга чейин уккан жана окуган окуяларым дагы бир жолу далилденди.
Экинчиден, албетте анын бокстагы чеберчилиги, легендарлуулугунун күйөрманыбыз.

 

– М. Алинин жаназасына акысыз билеттер таркатылганы буга чейин айтылды эле. Сиздер буга жетиштиңиздерби же?

– Ооба акысыз билеттер таркатылды. Бирок биз аны алганга жетишпей калдык. Үч саат бою шаарды кыдырып жүрүп араң билет таап, сатып алдык. Ошентип легендарлуу мушкердин жаназасына катышып келдик. Жалпысынан бул иш-чарага алты кыргызстандык катыштык.

– Бир тууганыңыз Талантбек мырзанын ак калпак кийгени көпчүлүктүн көңүлүн бургандыр…

– Байкемдин калпагы албетте көптөрдүн көңүлүн өзүнө бурду. Эң кызыктуусу М. Алинин сөөгүн алып бараткан кортеждердин жанында чуркап баратканыбызда болду. Анткени терезелери караңгылатылган унаада бараткан атактуу мушкер Леннокс Льюис менен голливуд жылдызы Уилл Смит биздин жаныбызга жеткенде терезени ачышты. Алгачкы эле сөзү “Силер мусулмансыңарбы?” -деген суроо болду. Биз “-Ооба”-деп жооп бергенде, экөөсү тең “Оо, бир туугандар экенбиз анда, баш кийимиң жакты, аябай өзгөчө экен”-дешти. “Силер кайдан келдиңер”-деп сураганда, “Биз кыргызбыз”-десек, “Аллах ыраазы болсун, ушинтип бир тууганыбыздын, Мухаммед Алинин жаназасына келип чогуу болгонуңуздарга!”-деген бойдон кетишти дүйнөлүк атактуулар Леннокс Льюис жана Уилл Смит.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Булак: maralfm.kg

Меню