Menu

Жозеп Боррел: Россия азык-түлүктү курал катары колдонууну токтотууга тийиш

Жозеп Боррел Фонтеллес, Союздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-президенти

17-июлда, Стамбулда макулдашууга кол коюлгандан дээрлик бир жылдан кийин Россия Украинага айыл чарба продукциясын дүйнөлүк рынокторго экспорттоого мүмкүндүк берүүчү Кара деңиз эгин демилгесин (КДЭД) узартпоо жөнүндө чечимге келди. БУУнун Башкы катчысы баса белгилегендей, бул демилге “өтө муктаж болуп жаткан дүйнөдө үмүттүн маягы болгон эле”. 

Россия Украинага каршы агрессорлук согуш баштаганга чейин Украина  дүйнөдө азык-түлүктүн өтө маанилүү экспорттоочусусу болуп, дүйнөдө арпанын бештен бир бөлүгүн, жүгөрүнүн алтыдан бир бөлүгүн жана буудайдын сезгизден бир бөлүгүн берип турган. Россия Украинага басып кирип, эгин талааларына жана кампаларына кол салып, Украинанын портторун бөгөп салгандан кийин дүйнөдө азык-түлүктүн баасы рекорддук деңгээлге чейин кымбаттап, көптөгөн импортер өлкөлөргө азык-түлүктүн келишине коркунуч жаралды. КДЭДдин максаты айыл чарба продукциясын Украинадан экспорттоонун маршрутун калыбына келтирүү жана азык-түлүктүн дүйнөлүк баасын арзандатууга багытталган болчу. 

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан КДЭД өзүнүн башкы максатына жетти. 2022-жылдын августунан баштап Украинадан дүйнөнүн 45 өлкөсүнө дээрлик 33 млн тонна дан эгиндер жана азык-түлүктөр экспорттолушу Россия кол салгандан көп өтпөй тамак-аштын рекорддук деңгээлге кымбаттаган бааларын болжол менен 25%га арзандатуу менен маанилүү роль ойноду. Мамлекеттик сооданын маалыматтары көрсөтүп тургандай, эгиндин жарымынан ашыгы, анын ичинен буудайдын үчтөн экиси өнүгүп жаткан өлкөлөргө барган. 

Андан тышкары, КДЭД Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) үчүн эгиндин такай болуп турушун камсыздады. Украина 2023-жылы Афганистан, Жибути, Эфиопия, Кения, Сомали, Судан жана Йемен сыяктуу азык-түлүк өтө тартыш болгон өлкөлөрдү гуманитардык колдоо үчүн сатып алынган буудайдын 80%ын берген.  Кара деңиз маршрутусуз ДАТП эгинди башка өлкөлөрдөн кымбатыраак баада сатып алууга жана дүйнөдө болуп көрбөгөндөй азык-түлүк кризиси учурунда бул аракетке көбүрөөк убакыт сарптоого мажбур болот. 

Россиянын бул чечими БУУнун Башкы катчысынын бул проблеманы чечүү боюнча иш жүргүзүү жөнүндө кайта-кайта берилген сунуштарына карабастан кабыл алынды. Россия күнөөнү башкаларга оодаруу үчүн анын айыл чарбалык экспорту жетиштүү деңгээлде жеңилдетилген жок деп жатат. Соода жөнүндө жалпыга ачык маалыматтарда андай эмес экени, Россиянын айыл чарба экспорту гүлдөп өсүп жатканы көрүнүнп турат. Россия ошондой эле БУУ менен КДЭДге параллель кол коюлган Жер семирткичтерди экспорттоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдан да орчундуу пайда алган. БУУ ченемдик укуктук актыларды тактоо боюнча тынымсыз иш жүргүзүп жатат жана банк жана камсыздандыруу секторлорунда тийиштүү чечимдерди издөө үчүн жеке сектор менен дайыма тыгыз иштөөдө. Бул күч-аракеттер ЕБ жана анын өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда. 

Россия таратып жаткан жалганга карабастан ЕБ санкциялардын глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна эч кандай таасирин тийгизбөөсүнө жетишти. Санкциялар Россиянын үчүнчү өлкөлөргө азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоосуна карата колдонулбайт жана ЕБ экономикалык операторлорго үчүнчү өлкөлөргө мындай берүүлөр уруксат экендигин түшүндүргөн кеңири сунуштарды берди.  Биз тийиштүү төлөмдөргө уруксат бериш үчүн БУУ менен да кызматташып жатабыз. 

Мына ушундай баарына белгилүү жана ынанымдуу фактыларга карабастан Россия КДЭДден чыгууну чечип, азык-түлүктү курал катары пайдаланып жатат жана дүйнөдөгү азык-түлүк менен жабдууну коркунучка дуушарлантууда. Россия КДЭДден чыккандан бир нече сааттан кийин Кара деңизде эле эмес, Дунайда да Украинанын эгин кампаларына жана порттук инфраструктураларына атайылап күн сайын чабуул коюп аларды жок кыла баштады. Буга жооп катары дароо эле буудайдын жана жүгөрүнүн дүң баалары Россиянын баскынчы согушу башталган учурдан бери эң жогорку даражада кымбаттап кетти. Россиянын дүйнөлүк азык-түлүк менен камсыз кылууну атайылап стресске дуушарлантышы азык-түлүк бааларынын олку-солкулугу, жашоо-турмуш баасындагы глобалдык кризисинин тереңдеши жана импортко көз каранды өлкөлөрдө элдин тамак-аш менен камсыздалышын кыйындатышы ыктымал. Мындай жосунсуз жорук чечкиндүү түрдө айыпталууга тийиш.

Бүткүл дүйнө камсыздоо-жабдуулардагы үзгүлтүктөргө жана баалардын кымбатташына каршы күрөшүп жаткан мезгилде Россия аярлуу өлкөлөргө, атап айтканда Африкада эгин менен камсыз кылуудагы чектөөлөр жөнүндө эки тараптуу сунуштар менен кайрылып, өзү жараткан проблеманы чечип жаткандай түр көрсөтүүдө. Бул азык-түлүктү курал катары атайылап пайдаланган циникалык саясат.

Россиянын жоопкерчиликсиз иш-аракетине каршы ЕБ негизги үч багыт боюнча чара көрөт. Биринчиден, биз БУУнун жана Түркиянын Кара деңиздеги эгин демилгесин жандандыруу боюнча тынымсыз аракеттерин колдоону улантабыз. Экинчиден, Украинанын айыл чарба экспортунун ЕБ аркылуу дүйнөлүк рынокторго чыгуусунун альтернативдик маршруту катары өзүбүздүн “тилектештик жолдорубузду” чыңдоону улантабыз. Бүгүнкү күндө бул маршруттар боюнча Украинанын 41 млн тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду, жана биз Россиянын КДЭДди колдонууну токтотушунун кесепеттерин жеңилдетиш үчүн бул көрсөткүчтү болушунча көбөйтүүгө аракеттенебиз. Үчүнчүдөн, азык-түлүк коопсуздугу проблемасын чечүүгө 2024-жылга чейин 18 млрд евро бөлүп, муктаж өлкөлөргө жана адамдарга колдоо көрсөтүүнү көбөйттүк. 

Биз эл аралык шериктештикти жана бардык өлкөлөрдү глобалдуу азык-түлүк коопсуздугун колдоо үчүн өздөрүнүн жардамын арттырууга чакырабыз. Биз бардык өнөктөштөрүбүздөн Африка биримдиги сыяктуу Россияны сүйлөшүүгө келүүгө, ошондой эле Украинанын айыл чарбалык инфраструктурасына сокку урбоого чакырууну суранабыз. Так жана бирдиктүү добуш менен биз Россиянын КДЭДге кайрадан катышуусуна жетише алабыз. Бүткүл дүйнө глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жоопкерчиликтүү болууга кызыкдар. Бул биздин азык-түлүккө айрыкча муктаж болуп жаткан адамдардын алдындагы парзыбыз.

Алматыда белгилүү клубдун 28 жаштагы фитнес-машыктыруучусун атып өлтүрүп, Бишкекте жашынып жүргөн казак жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери өз өлкөсүндө оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Казакстандын жаранын кармашты.
Жакында Бишкек шаарынын аймагындагы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жеке менчик мейманканалардын биринен коңшу мамлекеттин жараны 1992-жылы туулган А.Б. кармалган. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси “Адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү”  боюнча издөөдө жүргөн.
Алынган маалыматка караганда, жогоруда аталган жаран оор кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргыз Республикасынын  чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарынын аймагына жашырынып жүргөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына казакстандык кесиптештери тергөө органдарынан жашырынып жүргөн адамды издөөгө жана кармоого көмөк көрсөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылышкан.
Кылмышка түздөн-түз тиешеси бар 1992-жылы туулган жаран Кыргызстандын аймагында жашынып жүрүшү мүмкүн деген маалымат келип түшкөн. Кармалган жаран А.Б. белгилүү клубдун жыйырма сегиз жаштагы фитнес-машыктыруучусун өлтүрүүгө шектелүүдө.  Ал 17-июлга караган түнү Алматы шаарында аны атып өлтүргөн.
Андан соң Наурызбай райондук ички иштер бөлүмү 31 жаштагы жаранга издөө салып, Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту ага карата сыртынан камакка алууга чечим чыгарган. Маалым болгондой, ал буга чейин оор кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартылган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы жаранды тез эле кармашкан.
Учурда  Казакстандын жараны  камакка алынды.

Облустук сот блогер Эртай Искаковду камакта калтырды

Чүй облустук соту Селекция айылында таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган блогер Эртай Искаков менен конуш тургундары Бакыт Балбаевдин, Бакыт Бекболотовдун доо арызын карап, эки айга камаган райондук соттун чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Сот жараяны жабык өтүп, соттун имаратында кармалгандардын жакындары жана тарапкерлеринен турган 50дөй киши чогулду.

Кармалгандардын жакындары соттун жабык өтүшүн жана камакта калтыруу чечимин сындап чыгышты. Эртай Искаковдун жакындары блогер Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болууга арыз бергенин, соңку чечим анын укуктарын чектей турганын айтышты.

“Бул оор кылмыштарга кирбейт. Ошондуктан мыйзам боюнча камактан бошотуш керек болчу. Неге бошотулбай жатканы бизге дагы табышмак болуп жатат. Талапкер болуп катталды, баардык өтүнүчүбүздү карады, бирок аны дагы эске албай коюшту”, -деди Эртай Искаковдун адвокаты Шердор Абдыкапаров .

Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алган. Аларга “жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган” деген берене менен иш козголгон.

Сокулук райондук соту 17-июлда алардын бөгөт чарасын карап, үчөөн тең эки айга тергөө абагына камакка алган. Мындан кийин алар чечимге байланыштуу Чүй облустук сотуна даттанышкан.

Сот чечимине ылайык, Эртай Искаков 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот.

Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда бир канча күндөн бери сууга жетпей жатканын айтып, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тоскон.

Министр энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүүнүн себептерин айтты

Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал абалы электр кубатын кошумча иштеп чыгууну ыкчамдатуу, муну менен инвесторлорго тийиштүү шартты жеңилдетүү максатында гана киргизилди деп билдирди 31-июлда интервью берген энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Анын айтымында, ири жана чакан ГЭСтерге, табигый булактардан кубат алуучу долбоорлорго акча салам деген инвесторлор буга чейин мамлекеттик он беш ар кайсы мекемеден уруксат алып келген. Бул болсо өз кезегинде бюрократияны көбөйтүп, ишти кечеңдетүүдө. “Эми болсо мындан ары жерге уруксат баштаган баардык чечимдер бир жерге борборлоштурулуп, бир катар министрлик, ведомстволордун функциялары энергетика министрлигине берилди. Биз мүмкүн болушунча инвесторлорго жеңил шарт түзүп беребиз”, – деди министр Ибраев. Анын кошумчалаганы боюнча, өзгөчө кырдаал абалы энергетика тармагында кризис болду дегенди түшүндүрбөйт жана кышында электр өчүрүүлөрү болбойт.

24-июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилген. Министрлер кабинетинин 20-июлдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев ушундай режим киргизүүнү сунуштап, колдоо тапкан болчу.

Кыргызстан жалпы кубаттуулугу 142 млрд кВт/саат электр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенине карабай, жыл сайын 7 ГЭС жана 2 ЖЭБ 14-15 млрд кВт/саат гана электр кубатын чыгарат. Токтогул суу сактагычына акыркы жылдарда суунун келиши азайып, ошол эле маалда электр кубатын пайдалануу көлөмү өсүүдө, ал эми ортодогу таңкыстык 3-4 млрд кВт/саатты түзөт.

Кыргызстан ири Камбар-Ата-1 ГЭСин Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешип курууга ниеттенүүдө. Мындан тышкары Кытайдын айрым компаниялары менен Казарман ГЭСтер каскадын баштоо ниети да бар.

Америкалык сенатор Борбор Азиянын үч өлкөсүнө киргизилген соода чектөөлөрүн жоюуга чакырды

Америкалык сенатор АКШ Конгрессин Борбор Азиянын үч өлкөсүнө карата киргизилген чектөөнү алып салууга чакырды. Бул түзөтүү 1974-жылы “кансыз согуш” учурунда бир нече мамлекеттерге карата кабыл алынган. Алардын арасында Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан да бар.

Эл аралык байланыштар комитетинин мүчөсү, сенатор-демократ Крис Мерфи (Chris Murphy) 26-июлда Diplomat журналына макала жарыялап, Жексон-Вэниктин түзөтүүсүн жокко чыгаруу – Борбор Азия мамлекеттери менен туруктуу соода алакасын түзүүгө мүмкүндүк берет деп жазган. Сенатордун айтымында, бул АКШ менен катар Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын да кызыкчылыгына жооп берет.

Крис Мерфи АКШ дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды эске алып, Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кайра карап чыгышы керек деп эсептейт. Сенатордун пикиринде, АКШ четте турган маалда Орусия менен Кытай Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөргө таасирин күчөтүүдө.

АКШнын Соода жөнүндө мыйзамына түзөтүүлөрдү сенатор-демократтар Генри Жексон менен Чарльз Ваник киргизген. Ага ылайык, эмиграцияны чектегени үчүн советтик айрым өлкөлөргө соода санкциялары салынган. Кансыз согуштун калдыгы деп эсептелген жана ДСУнун эрежелерине карама-каршы келген түзөтүү Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка бир катар мурдагы советтик мамлекеттерде дагы деле күчүн жогото элек. Кыргызстан 1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргенден кийин бул чектөөнүн алкагынан чыгарылган.

Москвада кыргыз диаспоралары үчүн укуктук сабаттуулук боюнча окуу өткөрүлдү

Москва шаарында кыргыз диаспоралары үчүн укуктук сабаттуулук жана социалдык адаптация боюнча тренинг өткөрүлдү.

Бул жолугушууда Орусия Акыйкатчысынын Москва облусу боюнча өкүлү Ирина Фаевская, ошондой эле Орусиянын Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо департаментинин кызматкерлери кыргыз диаспора өкүлдөрү менен баарлашты. Маалыматта белгиленгендей, катышуучуларга миграциялык мыйзамдарды сактоо жана аны бузган учурдагы жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздандыруу, билим берүү, миграциялык каттоонун жол-жоболору, анын ичинде манжа изин каттоо жана медициналык текшерүүдөн өтүү маселелери каралды.

Орусиядагы «Нелегал» операциясынан кийин Москва шаары жана Москва облусунан 130 кыргызстандык депортацияланган.

Орусиянын Ички иштер министрлиги «Нелегал» рейдинен кийин жети миңдей мигрант депортацияланып, бир нече миң адамга каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүү, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу.

Орус бийлиги «Нелегал» операциясынын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген. Мигранттар рейддер токтобой жатканын кабарлап жатышат.

Байсалов санкциялар боюнча Европа, АКШ менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда Кыргызстанда санкция коркунучу бар экенин, бийлик Европанын, АКШнын жетекчилери менен байланышып жатканын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Алар деле түшүнүү менен мамиле кылышууда. Анткени Кыргызстанда экономика эркин. Биз бардык фирмаларды тыкыр көзөмөлдөй албай калып жатканыбызды өнөктөштөр деле түшүнүп турат”, – деди Байсалов.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Аталган мекеменин маалыматында, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Ага чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө жүргүзүп жатканын, бул боюнча Кошмо Штаттардын өкүлдөрү менен жолугушуу пландаларын билдирген.

“Кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Казарман ГЭСтер каскадын кытайлык үч компания курат

Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көл-2023” эл аралык форумунда Нарын дарыясына Казарман ГЭСтер каскадын куруу тууралуу инвестициялык келишимге кол коюлду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, аны кытайлык үч компания курат жана 2030-жылга чейин колдонууга берилет. Анын жалпы кубаттуулугу 1,160 МВт болот.

“Каскад төрт гидроэлектрстанциядан турат. Алар: Ала-Бука ГЭСи (600 МВт), Кара-Булуң-1 ГЭСи (149 МВт), Кара-Булуң-2 (163 МВт) жана Тогуз-Торо ГЭСи (248 МВт). Инвестициянын баштапкы жалпы баасы 2,4-3 миллиард доллар жана деталдуу долбоорлорунун жүрүшүндө так суммасы белгилүү болот. Инвесторлор Кытайдын ири PowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd, Green Gold Energy (GGE) жана China Railway 20th Bureau Group Co Ltd. компаниялары”, – деп жазылган маалыматта.
Расмий маалыматка ылайык, бул форумдун алкагында айыл чарба, энергетика, туризм, Асман шаарынын аймагына технопарк куруу өңдүү 11 инвестициялык келишимге кол коюлду. Ага 400дөн ашуун ишкер катышты.
Президент Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алдында, 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөттүн жыйынында мындай режим киргизүүнү сунуштаган.
Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Жетишпеген бөлүгү импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.
Эң ири “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүндүгү айтылган.

Ысык-Көлдө эки адамды өлтүрүп алган катердин айдоочусу үй камагына чыкты

Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин 16 жаштагы айдоочусунун бөгөт чарасы аныкталды.

26-июлда Ысык-Көл райондук соту шектүүнү 26-сентябрга чейин мыйзамдуу өкүлүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот шектүүнүн жашы жете электигин, туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктоочу документи бар экенин, жасаган кылмышы этиятсыздыктан жасалган кылмыштарга кире турганын эске алган. Мындан тышкары жабырлануучулар катердин айдоочусун ачык айыптоодон баш тартышкан.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү шектүүнү камакка алуу өтүнүчүн киргизген.

Шектүү 23-июлда Чолпон-Атада эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп баратып “таблетка” жанындагы теплоходго урунган. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз жаракат алып, 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада дарыланууда.

Кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берген.

Kloop: Энергетикалык каатчылык маалында электр энергиясы майнинг компаниясына сатылууда

Кыргызстанда энергетикалык каатчылык маалында аткаминерлер менен байланышы бар майнинг компанияларга электр энергиясы сатылып, муну менен Улуттук энергохолдингдин буйругу бузулууда. Бул тууралуу көз карандысыз Kloop басылмасы жазып чыкты.

Журналисттер белгилегендей, Кыргызстанда майнинг фермалар өтө көп. Бирок Мамлекеттик Каржы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, өлкөдө эки гана майнинг компания – “Соларкоин” жана “ВиНЭТ” жоопкерчилиги чектелген коому каттоодон өткөн.

“ВиНЭТ” бизнесмен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, бир нече жеке менчик кичи ГЭСтердин ээси Рахатбек Ирсалиевге таандык. Кыргызстанда жеке ГЭСтер өндүргөн электр энергиясын майнинг үчүн колдонууга уруксат берилген.

Kloopтун маалыматы боюнча “Соларкоин” компаниясы электр энергиясын түздөн-түз “Улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунан сатып алат. 2019-жылы бийлик мамлекеттик энергетикалык компаниялар өндүргөн электр энергиясын майнинг үчүн колдонууга тыюу салган.

2023-жылдын февраль айында “Соларкоин” расмий түрдө электр энергиясын ири өлчөмдө керектеген компаниялардын тизмесине киргизилген. Ал эми май айында айнек өндүрүүчүгө караганда дээрлик жети эсе көп электр энергиясын керектөө менен өлкөдө экинчи орунду ээлеген. Журналисттер белгилегендей, мунун баары өлкөдө электр энергиясы өтө тартыш кезде болуп жатат.

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Соларкоин” мамлекеттен электр энергиясын сатып албаганын, себеби “Улуттук электр тармагы” акционердик коом экенин билдирген. Бирок журналисттер акционердик коомдун 93,65% акциясы мамлекетке таандык экенин, бул жеке бизнес түзүмү дегенди билдирбей турганын эске салышат.

Басылма “Соларкоин” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Татьяна Мартынова “Электр станциялары” ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү Фархат Иминовдун жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Турускуловдун бизнес өнөктөшү экенин аныктаган. Үчөө тең 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Республика-Ата Журт” партиясынан ат салышкан. Бул партиянын лидерлери мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен УКМКны жетекчиси Камчыбек Ташиев болчу.

Журналисттер “Соларкоин” электр энергиясын кандай баада сатып алып жатканына да кызыгышкан. Учурда Кыргызстан Казакстан, Түркмөнстан жана Орусиядан бир киловатт саат электр энергиясын орточо эсеп менен 2,6 сомдон (0,03 доллар) сатып алууда. “Соларкоин” 2023-жылдын апрель айынан бери гана бир киловатт-саат электр энергиясын майнерлерге белгиленген тариф менен 5,04 сомдон (0,06 доллар) сатып алууда. Апрель айына чейин компания мамлекеттик электр энергиясын кандай тариф менен алганы белгисиз. Буга чейин ЖМКлар ири керектөөчүлөр мамлекеттен электр энергиясын бир киловатт-саатын 2,03 сомдон (0,023 доллар) сатып алышканын жазып чыгышкан.

Kloop бул аткаминерлер калктын кызыкчылыгын курмандыкка чалып, майнерлерге электр энергиясын саткан же сатууга аракет кылган биринчи учур эмес экенин белгилейт. 2022-жылы жазында “Электр станциялары” ишканасы майнинг фермасын түз эле Бишкектеги Жылуулук электр борборуна жайгаштырууга аракет кылган.

Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?

 

Сузакта 8 гектар айыл чарба жерлерин турак-жай курууга сатып жиберген “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын директору менен адиси камакка алынды

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган. 

Аталган а/а жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак району боюнча филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак жай курууга 8 гектардан ашык жер тилкелерин Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун  колдонуу менен мыйзамсыз сатып, андан соң жер тилкелерине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды чыгарып беришкен.  

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жер тилкелердин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар жасалма корутундунун негизинде, Жалал-Абад областындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын учурдагы директору А.у.Ы. жана адиси Т.Ж.Т. тарабынан берилгени аныкталды.  Алар корутундуда жер тилкелеринин категориясын, тактап айтканда айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди курула турган жерлерге атайылап өзгөртүшкөн.

Бул кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, курула турган жерлерге өзгөртүлгөндөн кийин, жеке жактарга жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүү мыйзамдаштырылып, натыйжада мамлекеттик бюджетке 52 миллион 440 миң сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Араванда айылдашын сабап, акча талап кылып, “Мерседес Бенц” унаасын тартып алышкандардын бири Бишкекте кармалды

Опузалап талап кылууга шектелген жаран Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап талап кылууга шектүү катары издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
Кылмыш иши 2019-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап талап кылуу) “эски кодекс” менен козголгон.
Милицияга Араван районунун жашоочусу кайрылып, ага карата жасалган кылмыш иши боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Тергөөдө аныкталгандай, 2019-жылдын күз айында белгисиз адамдар айылдашын сабап, физикалык күч колдонушуп, “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан.
Бул факты боюнча күнөлүүлөрдү аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кылмыш ишине тиешеси бир нече жарандар кармалып, укукка каршы аракет үчүн жоопкерчиликке тартылышкан.
Шектүүлөрдүн бири ошол учурда изин жашырып кетүүгө үлгүргөндүктөн, ал 2020-жылы издөөгө алынган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан Ош облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.уулуС. кармашты. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран Араван РИИБге жеткирилди. Учурда тергөө амалдарын жүргүзүлүп жатат.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Түндүк Европада Куранды өрттөгөн акцияларды айыптады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түндүк Европада Куранды өрттөгөн акцияларды “дүйнөдө чыңалууну күчөтүүгө, элдердин жана мамлекеттердин ортосундагы ишенимге доо кетирүүгө багытталган жол берилгис чагымдар” деп атады.

Токаевдин пикиринде, “айрым мамлекеттердин жарандарынын диний вандализм жана жоопкерчиликсиз жүрүм-туруму” мамлекеттердин жана диндердин жалпы таанылган нормаларына каршы келген аракеттер катары бир добуштан айыпталышы керек.

“БУУнун Башкы ассамблеясы да бул боюнча өзүнүн салмактуу сөзүн айтышы керек”, – делет Акорда тараткан Токаевдин билдирүүсүндө.

Данияда эки демонстрант 24-июлда Ирактын элчилигинин алдында мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөшкөн. Андан мурдараак да ушундай акция уюштурулган. Бул көрүнүш Иракта жапырт нааразылык жараткан. Бир катар мусулман өлкөлөрү муну айыптады.

Буга чейин Швецияда Куранды өрттөгөн акция болуп, мусулман өлкөлөрүндө нааразылык жараткан. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 12-июлда диний жек көрүүчүлүк тууралуу талаштуу резолюцияны жактырган.

Ысык-Көлдө эки адамды өлтүрүп алган катердин 16 жаштагы айдоочусу камакка алынды

Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин 16 жаштагы айдоочусу Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча менен жазык иши козголду. Анын алкагында катердин айдоочусу, Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну райондук милициянын убактылуу-кармоочу жайына, соттун бөгөт чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды.

Шектүү 23-июлда Чолпон-Атада эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп баратып жанындагы теплоходго урунган. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз жаракат алып, 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада.

Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди.

Садыр Жапаров энергетикадагы өзгөчө кырдаал режимин түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров 26-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими тууралуу түшүндүрмө берди.

Анда мындай жарлыккка кол койгон себебин Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылчылыгы менен негиздеди жана “сарсанаа болууга” негиз жоктугун айтты.

“Эч кандай өзгөчө кырдаал түзүлгөн жок. Бул жарлык менен энергетика тармагында кандай гана маселе жаралбасын, министрге ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик. Маселен, энергетика министри өзүнүн компетенциясына кирген суу, энергетика, гидроэнергетика жана башка маселелер боюнча бардык координациялоо ролун аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына эми энергетика министри тапшырма бере алат. Маселелердин ыкчам чечилишин камсыздоо үчүн ыйгарым укук берилип жатат. Болбосо өзүнүн министрлигинен башка органдарга түз чыга албай, энергетика жаатындагы маселелердин чечилиши бир топ аксап, кечеңдеп калууда. Айрым маселелер мекемелер арасында жарым жылдап чечилбей калып турган учурлар бар экен. Тилекке каршы, биздин ачык-айрым коомубузда “бийлик эптеп эле бир жеринен жаңылса, жыдыса экен” деп, жалаң эле жамандык издеген, өлкөдө ушундай бир каатчылык түзүлсө экен деп күткөн бир ууч топ бар. Бирок биздин сабаттуу элибиз өкмөттүн ачык-айрым ишин туура, так түшүнүү менен кабыл алып жатат”, – деген Жапаров.
Президент быйыл өлкөдө суу аздыгына токтолуп, бул Кыргызстанга эле эмес, жалпы аймактагы көрүнүш экенин белгиледи. Кышында электр энергиясына байланыштуу көйгөй жаралбайт деп ишендиргенге аракет кылды.
Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алдында, 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөттүн жыйынында мынжай режим киргизүүнү сунуштаган.
Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.
Эң ири “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп айтылууда.

Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 9-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди 24-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган деп айыпталууда.

Үч жыл ичинде министрликке болжол менен 969 миллион 568 миң сом бөлүнгөнү, анын 180 миллиону бул министрликтеги муктаждыктар үчүн мамлекеттик сатып алууларга жумшалганы айтылды. Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

УКМКнын ырасташынча, жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында тогуз адамга айып тагылган, алардын ичинен Кутманованын уулуна эл аралык издөө жарыяланган жана ал Түркияда кармалып, депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Динара Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Мындан көп өтпөй атайын кызмат Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирген.

Динара Кутманова буга чейин айтылган дооматтардын баарын четке каккан.

Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Өзбекстандын калкынын саны 36 миллион 370 миңден ашты

1-июлга карата Өзбекстанда туруктуу жашаган адамдардын саны 36 миллион 372 миң 300 кишиге жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,2% көп.

Өзбекстандын Статистика агенттиги жарыялаган маалыматка ылайык, өлкө калкынын 18 миллион 66 миңин аялдар жана 18 миллион 306 миң 300үн эркектер түзөт. Булардын ичинен 18 миллион 557 миң 500 киши шаарларда, 17 миллион 815 миң 800ү айылдарда жашайт.

Өзбекстан Борбор Азиядагы калкы эң көп өлкө. Калкынын саны боюнча ал дүйнөдө 41-орунда турат.

Кыргызстандык 6 банк АКШнын санкциясына кабылган Россиянын "Юнистрим" акча которуу системасы менен кызматташууну токтотту

Кыргызстандын алты, Тажикстандын үч жана Өзбекстан менен Казакстандын экиден банкы “Юнистрим” акча которуу системасы менен кызматташууну токтотту. Буга аталган системанын АКШнын санкцияларына кабылышы себеп болду.

Кыргызстанда “Компаньон”, Finсa банк, “РСК Банк”, “Халык Банк” жана “Капитал Банк” “Юнистрим” менен кызматташууну чектегенин Economist.kg басылмасы жазды.

24-июлда Өзбекстандын “Халк-банкы”, “Ипотека-банкы” жана “Капиталбанкы” аталган система менен иштешүүнү токтотконун жарыялашты. Бул тууралуу “Фергана ньюс” агенттиги жазды.

Казакстанда “Казпочтасы” жана “Нурбанк” банктары “Юнистрим” менен мындан ары иштешпей турганын жарыялашты.

ТАСС агенттиги жазгандай, Тажикстанда бул система менен “Ориенбанк” жана “Хумо” банкы кызматташууну токтотту.

Мындан тышкары Армения менен Грузиянын бир катар банктары да ушундай эле чечим кабыл алганы кабарланды.

Орусиянын “Юнистрим” акча которуу системасына санкция киргизилгени 20-июлда жарыяланган. Бул система отуздан ашык мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга акча которуу менен алектенчү.

Айыл чарба жерлерин турак жай куруу үчүн берип жиберген Ноокен райондук "Кадастр" мекемесинин директору жана айыл өкмөтү камакка алынды

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдери менен жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча көптөгөн фактылар, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерге трансформациялоосуз жеке турак жай куруу үчүн шаар куруу жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. 

Бул факты боюнча 2023-жылдын 21-июлунда жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору М.Ж.И., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси М.Р.А., Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн адиси Т.Б.А. жана Ноокен айыл аймагынын мурдагы башчысы Э.Ж.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Экология экс-министри Динара Кутманова элдин миллиондогон акчаларын уурдагандыгы үчүн камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылардын негизги буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында шыктандыруучусу жана башкы уюштуруучусу болгон экс-министр Д.А.Кутманова кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, чогултулган далилдердин, анын ичинде коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды.

Д.А.Кутманова, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, ага жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген ишенимге карабастан, өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурган.

Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана карындашы), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.

Эскерте кетсек, 3 жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген. 

Ошондой эле, каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Д.А.Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды.  

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Д.А.Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

Кутманова Д.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда КР УКМК башка ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу: Кутманованын баласы депортация борборунда

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемел Кутмановго байланыштуу маалымат таратты.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал азыр депортациялоо борборунда жана жакынкы аралыкта Кыргызстанга өткөрүлүп берилет. Башкы консулдуктан билдиришкендей, анын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Кыргызстандын Түркиядагы бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, анын ичинде консулдук, ИИМ түрк полициясы менен тыгыз кызматташтыкта издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Президент Садыр Жапаров 24-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кутманованын айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу суроого жооп берип, экс-министрдин уулу Стамбулда уурдалган деген билдирүүнү четке каккан жана Кумтөрдөн желген акчаларга байланыштуу тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүүлөр аныкталса жазаланарын эскерткен.

“Кутманованын баласын эч ким уурдабаптыр. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам, “спектакль уюштуруп атышыптыр” дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. “Кумтөр” маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? “Кумтөрдөн” жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаны жеп коюптур деп жатышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каякка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо, төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот”, – деген эле Жапаров.

Кутманова уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп коё беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын айтып чыккан болчу.

УКМК 22-июлда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызматкерлери аралашкан фактылар иликтенип жатканын, козголгон кылмыш ишинин алкагында сегиз адамга айып коюлуп, алтоо камалганын кабарлаган эле. Анда Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалып жатканы белгиленген.
Министрликке 2021-жылы келген Кутманова кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынганда, бул үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн эле.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча териштирүү башталды

Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 24-июлда саат 23:30дар чамасында билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды”.

“24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылган”, – деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган.

Машинеде Ак-Сай – Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыкканын билдирген.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.:) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, – деп кабарлаган.

Тажикстан тараптан бул окуяга байланыштуу комментарий боло элек.

«Жаратылышты өнүктүрүү фондунан» миллиондогон сомду уурдаган экс-министр Динара Кутмановага кылмыш иши козголду, анын жакындары камакка алынды

УКМК тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына жана «Жаратылышты өнүктүрүү фондунун» (мындан ары – Фонд) кызматкерлерине карата коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Эске сала кетсек, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынын эсебинен жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары (325 млн сом) бөлүнөт. 3 жылда каржылоонун жалпы суммасы 969 миллион 568 миң сомду түздү. Көрсөтүлгөн акчанын 789 миллион 568 миң сому жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга Фонд тарабынан берилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Фонддун ишмердүүлүгүндө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана «Ходжаев» ЖКнын ортосунда алдын ала макулдашуу боюнча тендерсиз түз келишим түзүлүп, жалпы суммасы 34 млн сомго 1000 комплект атайын кийимдерди алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишимдин мыйзамсыз түзүлүшүн экс-министр “КДА”  колдоо кылган, ал эми “Хожаев” ИП экс-министрдин уулунун жакын досу.

КР Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын корутундусуна ылайык, өлкөнүн базарларындагы комбинезондун баасы 11 миллион сомдон ашпайт, 23 миллион сомдук айырманы “К.Д.А” өзүнүн үй-бүлөсү өздөштүргөн.

Эксперттик комиссиянын 3 отуруму К.Д.А. тарабынан туунду уюмдардын кызыкчылыгын лоббирлөө жана кысым көрсөтүү менен өткөнү аныкталган. Экс-министрдин көрсөтмөсү менен төртүнчү жыйын комиссия мүчөлөрүнүн иш жүзүндөгү катышуусуз формалдуу түрдө өткөнүн Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү тастыктады.

Каржыланган 110 долбоордун ичинен азыркы этапта 22 долбоор текшерилди, алардын көбү өз максатына туура келбейт, каржылоо мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча жүргүзүлдү, б.а. максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктоо менен экологиялык жана башка экспертизаларды өткөрбөстөн бекитилет жана каржыланат. Бюджеттик каражаттарды түз алып кетүүгө өзүнчө долбоорлор шылтоо болгон.

Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстар министрлигинин ишине түздөн-түз кийлигишкени тууралуу түз далилдер келип түшкөн жана К.К. – экс-министрдин уулу “К.Д.А” долбоорду каржылоонун суммасынан 10% өлчөмүндө  алган. Мындай көрсөтмөсүндө аталган мекеменин директору К.К. 5 чарбалык субъектилерден 17 миллион сомдон ашык суммада компенсациялар алынган.

Ошондой эле, “А.Г.А” – экс-министрдин эжеси “К.К. «Жашыл Мурас» коомдук фондунун долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган, бул каражаттын алынышына себеп болгон.

“A.Г.A.” кармалып, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу үй камагына бошотулган.

Дагы бир факт – «Э.К.»  коомдук фондунун эсебине Чуй районундагы кичи ГЭСти курууга 23 миллион сом которулган. Ал эми  «Э.К.» КФнын директору, чындыгында экс-министрдин үй кызматчысы болуп иштейт. Бөлүнгөн 23 миллион сомдун 15 миллионун “К.Д.” үй-бүлөсү өздөштүргөнү аныкталган.

Кылмыш иши козголгондон бери төмөнкү адамдар кармалып, айыпталууда:

  1. Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-биринчи орун басары, эксперттик комиссиясынын төрагасы “С.К.Р.” – УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
  2. Жаратылыш ресурстар министрлигинин экс-орунбасары  «И.Б.М. – УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
  3. Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын директору, эксперттик комиссиясынын мүчөсү “К.Т.К.” – УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
  4. «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун директору «К.Ж.Т. – УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
  5. Фонддун экологиялык долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү боюнча адиси “О у  Э”. үй камагына чыгарылган;
  6. Жакын тууганы “К.Д.А.” – “A.Г.A.”;
  7. “К.Д.А” үй-бүлөсүнүн жакын мамилеси бар жеке ишкер “Х.Ш.Т.”  – УКМКнын СИЗОсуна камалган;
  8. «Э.К.» коомдук фондунун директору,  “М.А.М.” – чындыгында «К.Д.А.»нын үй кызматчысы -УКМКнын СИЗОсуна камалган.

Учурда КР УКМК тарабынан дагы  башка жана жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жакынкы арада К.Д.А.нын катышуусунда тергөө иш-чараларын жүргүзүү пландалууда, – деп билдирди УКМКнын Басма сөз борборунан.

Беш жашар кыздын өлүмү: тургундар кайрадан нааразылыкка чыгышты

Казакстандын Түркстан облусунун Сарыагаш районундагы Жибек Жолу айылында киши колдуу болуп өлгөн наристенин жетилигине чогулган тургундар нааразылык өткөрүштү.

Журналисттер жеринен кабарлагандай, алар ишти адилет тергөөнү талап кылышты. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн беш жашар кыздын сөөгү 13-июлда коңшусунун үйүндө табылган.

Аялдар тобу “Педофилдерге өлүм!”, “Сот адилет болсун!” деген жазуусу бар плакаттар менен айыл ичин аралап өтүп, казак-өзбек чек арасына алып бара турган жолду жабышты. Окуя болгон жерге атайын багыттагы аскер кызматкерлери келди.

Чогулгандардын айтымында, кыздын өлүмүнө байланыштуу дагы бир шектүү милицияга чакырылып, бирок көп өтпөй бошотулган. Тургундар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электе аны бошотууга болбойт деген пикирде.

Акция болгон жерге келген Казакстандын күч түзүм кызматкерлери чогулган аялдарды айыл акимчилигинин имаратына алып барышкан. Ал жерде акимчиликтин жана полициянын өкүлдөрү чогулган аялдардын үнүн угуп, суроолорго жооп берүүгө убада беришкен.

Окуя 13-июлда Түркстандын Жибек Жолу айылында болгон. Кыздын өлүмүнөн кийин айыл эли жаалданып чогулганда, кыштакка полиция келип, интернет өчүрүлгөн. Жергиликтүү тургундар кылмышка шектүүнү элдин колуна салып берүүнү талап кылышкан. Мындай окуялар укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан болуп жатканын айтышкан.

Казакстандын Жогорку Соту беш жашар кыздын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сарыагаш райондук соттун төрагасын иштен алган. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүүгө карата май айында мыйзамсыз чечим чыгарылгандыгы аныкталганы айтылган.

АКШ бир нече кыргыз компаниясына санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилди.

“Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдыган”, – деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Буга кошумча АКШ Орусиядагы бир катар ишканаларга жана Бириккен Араб Эмираттарындагы бир компанияга да санкция салды.

20-июлда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсү Бишкекте былтыр ачылган RM Design and Development ишканасы жана “ГТМЕ Технологии” жабык акционердик коому Кыргызстандан Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга туш болгон микрочиптерди жөнөтүп жатканын көрсөткөн. RM Design and Development компаниясынын кожоюндары бул товарлар тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. “ГТМЕ Технологии” ишканасынын жетекчилиги “коммерциялык сыр” деген жүйө менен Орусияга жөнөтүлгөн микрочиптер тууралуу маалымат берген эмес.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

УКМК: “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын директору 5.000.000 сом уурдагандыгы үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик бюджетке зыян келтирген кызматтык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында “Орловка ишканасынын” “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына  откананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды жогоруда аталган ишкананын директору Э.К. тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.  

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жеке материалдык баюу максатында аталган ишкананын директору “Э.Т.” ЖЧК менен откананы жалпы суммасы 4 млн 900 миң сом болгон оңдоо иштери боюнча жасалма келишим түзгөндүгү аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алкагында аткарылган иштердин актыларында көрсөтүлгөн оңдоп-түзөө иштери “Э.Т.” ЖЧКсы тарабынан жасалбаганы тууралуу маалыматтар алынган, ал эми каражаттар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекеттик ишкананын директоруна өткөрүлүп берилген.

2023-жылдын 19-июлунда Э.К. кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда КР УКМКнын тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери милициянын капитаны А.Ч.Т. кармалды.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча Бишкек ШИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы К.Б. УКМКга алып келинди.  А.Ч. жана К.Б.га карата жашаган жеринде, автоунааларда, ошондой эле кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган А.Ч. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР Экономика министрлиги АКШнын санкция тууралуу маалыматына жооп берди

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстанда кармалган 14 учкучсуз аппарат боюнча маалымат берди. Министрлик “Инвест Импульс” ишканасынын кытайлык DJI Agras T30 үлгүсүндөгү учкучсуз аппараттары былтыр, 2022-жылы Казакстан аркылуу Орусияга ташылып бара жатканда кармалганын билдирди.

“Учкучсуз аппараттар Кыргызстандын импорт, экспорт, реэкспорт жана транзит товарлары боюнча улуттук көзөмөлгө алынган товарлардын тизмесине кирет жана аларды ташууга уруксат кагазы талап кылынат. Бирок “Инвест Импульс” ишканасы 2022-жылы мындай типтеги товар ташууга уруксат сурап кайрылган эмес. Мекеме учкучсуз аппараттар айыл чарбасында кеңири пайдаланылып жатканын эске алып, товардын экспорттук көзөмөлгө жатарын билбеши мүмкүн. Бул экспорттук көзөмөл эрежелери бузулган жалгыз учур экенин баса белгилейбиз, ишкана толугу менен жоопкерчиликке тартылган”, – деп жазылган маалыматта.

Министрлик ошондой эле быйыл АКШ, Евробиримдик жана Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кеткен соң, мындай товарларга экспорттук көзөмөл күчөтүлгөнүн кошумчалап, бир катар чаралар көрүлгөнүн кошумчалады.

Анын ичинде мындай товарлар Кыргызстанга атайын уруксат берүүчү документтерсиз киргизилбөөчү атайын системага камтылганы айтылат. Мамлекеттик бажы жана Салык кызматтары мындай товарлардын жүгүртүлүшүн электрондук эсеп-фактура аркылуу көзөмөлгө алганы, ишкерлерге экспорттук көзөмөлгө алынган товарларды мыйзамсыз сатууга жол берилбестиги эскертилип турары жазылган.

“Мындан тышкары министрлик Европа биримдигинин жана АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнө экспорттук көзөмөлдү жакшыртуу боюнча кеңеш берүү сунушу менен кайрылган. Биз Евробиримдиктин ыйгарым укуктуу органдары товарларды сыртка чыгарууда аны акыркы сатып алуучунун сертификатын талап кылуусун сунуш кылганбыз. Бул кыргыз тарапка мындай товарларды сатып алуучу субьектилерге мониторинг жүргүзүүгө шарт түзмөк”, – деп жазылган маалыматта.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын “Экспорттук көзөмөл тууралуу” мыйзамына быйыл, 15-февралда өзгөртүү киргизилгенин, учурда аны ишке ашыруу үчүн нормативдик актылар иштелип жатканын билдирди.

The Washington Post басылмасы 18-июлда АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын жазды. Анда мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы, америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген.

Басылма Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан кытайлык 14 DJI Agras T30 учкучсуз учактар тобунун Казакстанда кармалганына токтолгон. Казакстандын бажысы жеткирүүчүнүн жүккө тиешелүү документтери жок экенин билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы мыйзам бузуулардын саны 1,5 эсеге өстү

Былтыркыга салыштырмалуу акыркы алты айдын ичинде кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети аркылуу өткөндөрдүн арасында мыйзам бузгандар 1,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу аталган бекеттин башчысы Нурлан Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын алгачкы алты айында “Достукта” чек арадан өтүү тартиптерин бузган 49 киши кармалса, быйыл алардын саны 60ка жетти.

“Акыркы алты айдын ичинде “Достук-Автожол” бекетинин чек арачылары жалпы баасы 51 652 000 сомду түзгөн аткез товарларды кармады. Алардын арасында алтын жана чет өлкөлүк валюталар да бар”, – деди Аттокуров.

Ал бүгүнкү күндө аталган бекет аркылуу суткасына эң аз дегенде 15 миң, көп дегенде 22,5 миң киши жана 300дөн ашык автоунаа өтүп жатканын кошумчалады.

“Туристтик мезгил башталгандан кийин Өзбекстандан Кыргызстанга өткөндөр көбөйдү. Мындан тышкары чек арадан транзит менен өтүп, Ош аэропортунан учкан кишилер көп болууда”, – деди чек ара бекетинин башчысы.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы жарым жылдын ичинде “Достук” бекети аркылуу чек арадан 2 800 000 киши жана 68 миңден ашык автоунаа өткөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз чек ара бекети иштейт. Май айында Кыргызстадын Чек ара кызматы Жалал-Абад облусундагы “Бекабад”, Ош облусундагы “Карабагыш” жана “Кара-Суу” бекеттерин ачууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген.

Казак генералы Серик Күдебаев "Кыргызстан аркылуу качканы үчүн" дагы алты айга кесилди

Алматы облусунун полиция департаментинин мурдагы башчысы, Январь окуялары боюнча 10 жылга кесилген Серик Күдебаев тергөө маалында Кыргызстан аркылуу качканы үчүн дагы алты айга эркинен ажыратылды.

Өкүм чыкканга чейинки тергөө абагында отурган мөөнөттү эске алуу менен жалпы 10 жыл, үч айга кесилди.

Кеген райондук сотундагы акыркы сөзүндө Күдебаев качканы үчүн күнөөлүү экенин толук мойнуна алып, бул үчүн айып пул чегерүүнү өтүндү.

Апрель айында сот жүрүп жактан маалда 58 жаштагы Күдебаев өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон. Чек ара кызматы ал тоолор аркылуу Кыргызстанга өтүп кетиши мүмкүн экенин билдирген.

Казакстандын башкы прокурорунун орунбасары Жандос Умиралиев Күдебаевдин качып кетишине байланыштуу Кыргызстанда кылмыш иши ачылганы кабарлаган.

Бир нече аптадан кийин казак бийлиги Күдебаев Түркияда кармалып, Алматыга кайтарылганын маалымдаган.

28-апрелде сот Күдебаевди Январь окуялары маалында “кызматынан кыянат пайдаланган” деген айып менен он жылга кескен. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Серик Күдебаев январь айындагы башаламандыктар убагында “полиция департаментин таштап кетип, кыйноолорду уюштурган”.

Күдебаев өзү тагылган айыптардын баарын четке кагып келет.

Өзбекстан-Пакистан-Ооганстан (Транс-Ооган) темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы башталды

Ташкентте Өзбекстан, Пакистан жана Ооганстан өлкөлөрү Транс-Ооган темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасына киришти. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар каражат тартуунун механизмдерин, курулуш, техникалык маселелерди жана долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтүн талкуулашууда.

Транс-Ооган темир жолунун курулуш долбоору 2018-жылы жарыяланып, иш 2021-жылдын сентябрында башталышы керек болчу. Бирок Ооганстанда бийликти талибдер басып алгандан кийин долбоорду жүзөгө ашыруу кечеңдеген.

2022-жылы июлда Өзбекстан, Пакистан жана Ооганстан “Термез-Пешовар” транс-ооган темир жолун куруу боюнча практикалык иштерди баштаганы маалымдалган.

“Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу долбоорунун сметалык баасы 5 миллиард долларды түзгөн. 2022-жылы декабрда “Пакистан темир жолунун” катчысы Зафар Ранжа долбоордун жаңы сметалык баасы 8,2 миллиард долларды түзгөнү тууралуу билдирүү тараткан.

Дээрлик 600 чакырымдык темир жол салынса, Өзбекстан менен чөлкөмдөгү өлкөлөр Пакистандын деңиз портторуна чыга алышат.

Долбоор толук кандуу ишке кирсе, Өзбекстандан Пакистанга азыркыдай 35 күндө эмес, 3-5 күндө товар жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Стандарт деңиз контейнерин көздөгөн жерине жеткирүүнүн баасы үч эсе арзандайт. Бул жол менен жылына 10 миллион тоннага чейин жүк ташууга болот.

Сентябрдан тартып мектеп жетекчилеринин айлыгы көтөрүлөт

Быйыл сентябрдан тартып мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын айлык акыларын көтөрүү пландалып жатканын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы бул тууралуу 18-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында сүйлөгөндө айтты.

“Быйыл сентябрдан тартып биз мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын жана жогорку окуу жай мугалимдеринин айлык акыларын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бирок айлыкты көтөрүү менен билим берүүнүн сапатын канчалык деңгээлде көтөрө алганыбыз маанилүү. 2023-жылы билим берүү тармагына 60,9 млрд. сом бөлүндү. Бул былтыркыдан 23 млрд. сомго көп”, деди Акылбек Жапаров.
Ал билим берүү тууралуу мыйзамдын өзү 20 жыл мурун кабыл алынганын, бул аралыкта дүйнө да, эл да өзгөргөнүн белгилеп, мугалимдердин билимин жогорулатуу зарылдыгын айтты.
Мугалимдердин айлык акысы былтыр 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% көбөйгөн.
Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына жумшалган. Соңку маалыматка ылайык, дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулган.

Чолпон-Атада Россиялыктардын мыйзамсыз аскердик лагери жабылды

Чолпон-Атада жергиликтүү бийлик милиция кызматкерлери менен бирге балдарга аскердик тарбия берүү менен алектенген орусиялыктардын мыйзамсыз лагерин жапты. Бул тууралуу Turmush сайты жазды.

Басылманын билдиришинче, кемпингдерде Сургуттан Ысык-Көлгө келген 20 бала жана 5 киши болгон. Орусиялыктар өздөрүн “Жогорку класстын окуучуларын жана жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо” менен алектенген Ханты-Мансий автоном округунун деңиз аскерлеринин союзунун мүчөсү катары тааныштырышкан.

Алар Чолпон-Атага Кыргызстандын Аскер-деңиз флотунун ардагерлер союзунун жана “Пантера” аскердик спорт клубунун чакыруусу менен Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчилиги астында өтө турган дениз флоту боюнча эл аралык форумга катышуу үчүн келишкенин белгилешүүдө.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, орусиялыктар чатырларды ыйгарым укуктуу органдардын макулдугусуз тигип, санитардык нормаларды бузган. Бул үчүн лагердеги кишилер 5000 сомдон 15000 сомго чейин (57-170 доллар) айыпка жыгылды. Балдар Чолпон-Ата шаарындагы “Зеленстрой” муниципалдык ишканасынын аймагындагы чатырларга убактылуу жайгаштырылды.

Орусиялыктар Ысык-Көлгө 2019-жылы да келгенин, анда деле бийликтин макулдугусуз лагерь уюштуруп, көл жээгинде 40 күн турушканын айтышкан.

 

Акыйкатчы "чет элдик өкүл" долбоорун чакыртып алууну сунуштады

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчы адам укуктары тууралуу эл аралык жана Конституциялык мыйзамдарды сактоо максатында демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунан баш тартуу зарыл деп белгилеп, демилгечилерге мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгуу сунушун берген.

Мурдараак Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

ИИМ: Абакта жатып, телефон аркылуу бирөөнүн 224.000 сомун алдап алган жаран кайрадан кармалды

Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну ички иштер органдарына телефон алдамчыларга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, өзү жеке ишкер, ун сатуу менен алектенет жана интернетте өз продукциясын жарнамалайт.
Июнь айынын ортосунда ага “lalafo” мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып алууну көздөп жатканын айткан. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду машинага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ун башка жарандарга сатылып, 224 миң сомду алдамчылар ээлеп алган.
Бул факты боюнча Токмок ШИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Токмок шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте жүргүзүшкөн.
Жакында алынган маалыматка караганда, ишкер белгисиз адам менен ундун ири партиясын ага берүү жөнүндө макулдашкан.
лдамчылыктын схемасы боюнча, алдамчы чыныгы сатуучу менен кардардын ортосунда ортомчу болгон. Жабырлануучу эч нерседен шек санабастан унду жөнөткөн, ал эми 224 миң сом акчаны алдамчы жөнөткөн таксист алган. Андан соң, таксист жогорудагы акча каражатын шектүүнүн эсебине которгон.
Бул алдамчылык аракети сатуучуга акча жетпей калгандан кийин аныкталган. Белгисиз адам ишкерлерди, айдоочуларды, кампа кызматкерлерин өз кылтагына илген.
Бул кылмыштын бетин ачуу максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсү менен биргеликте комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жогорудагы алдамчылык фактыларына эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан жарандын тиешеси бардыгы аныкталган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ЖАКтын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн иштердин жыйынтыгы менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында каракчылык үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран А.А. аныкталып, кармалды. Кармалган адам Токмок шаарындагы ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Блогер Эртай Искаков эки айга камалды

Сокулук райондук соту 17-июлда таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган үч адамдын бири, блогер Эртай Искаковдун бөгөт чарасын карап, аны эки айга абакта калтырды.

Дүйшөмбүнүн кечинде жарыяланган сот чечимине ылайык, Искаков 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот.

Бир канча күндөн бери суудан мукураган Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алган. Аларга “жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган” деген берене менен иш козголгон.

Адвокат Алмамбет Бексултанов блогер Эртай Искаковго коюлган айып негизсиз экенин билдирген. Жекшембиде Сары-Өзөн конушунун 20дан ашык тургуну кармалган үч кишинин бошотулушун талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

Сары-Өзөн конушу Сокулук районуна карайт. Ушул райондун Селекция айылы менен Бишкектин Арча-Бешик конушунун ортосунда жайгашкан.

Бул үч аймакта жана Бишкектин четиндеги Орок айылы, Ынтымак, Ак-Ордо жана башка конуштарда бир нече жылдан бери жайында таза суу тартыштыгы курч маселеге айланды.

Суу ушул аптада баш калаанын борбордук бөлүгүндө да эки күнгө токтогон.

УКМК: Фейсбукта улуттар аралык кастыкты козутуучу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган Бишкектин тургуну кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан улуттар, аймактар жана конфессиялар аралык негиздеги сабырсыздык көрүнүштөрүнүн фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Интернет мейкиндигинде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында “Фуйсбук” социалдык тармагында чагымчыл аккаунтту аныкталды, ал өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган.

Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну “Ч.А.С.” аттуу жаранга тиешелуу экени аныкталды. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 (беш) суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган “Ч.А.С.”тын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ага ылайык, анын басылмаларында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды.

Ушуга байланыштуу үстүбуздөгү жылдын 12-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн (“расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, 14-июлунда козголгон кылмыштын негизинде “Ч.А.С.” кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тажикстанда жаңы төрөлгөн ымыркайды уурдап кеткен аял 8 жылга соттолду

Тажикстандын Хуросон райондук соту жергиликтүү тургунду жаңы төрөлгөн баланы уурдоо боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.

Соттун өкүмүнө ылайык, Абдурахмони-Жоми районунун 45 жаштагы тургуну Оиша Шарипова ошол эле райондун тургуну Рухшона Рахмонованын жаңы төрөлгөн баласын уурдап кеткен.

“Озоди” кабарлагандай, июнь айында чыккан өкүм тууралуу эми белгилүү болду.

“Бир баласы бар, бирок кайра боюна бүтпөй жүргөн Шарипова райондун төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн баланы уурдап кетүүнү көздөгөн”, — деп айтылат соттун чечиминде.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2022-жылдын 23-сентябрына караган түнү Жоми районунун борбордук төрөт үйүнүн жаңы төрөлгөн ымыркайлар бөлүмүнө кирип, 24 жаштагы Рухшона Рахмонованын баласын уурдап кеткен. Андан соң “төрөбөсөң ажырашам” деп коркутуп жүргөн мигрант күйөөсүнө телефон чалып, көз жарганын сүйүнчүлөгөн.

Соттун маалыматына караганда, Оиша Шарипова боюнда бардай түр көрсөтүп жүргөндүктөн, айланасындагылар аны чындап эле төрөдү деп эсептешкен.

Краснодардагы "вагнерчилердин" көрүстөнүндө борбор азиялыктардын жайлары табылды

Бир нече күн мурун өзбекстандык мигрант “Вагнер” көрүстөнүнө коюлган мусулман аскерлеринин белгилерин видеого тартып алып, соцтармактарга жайгаштырган.

Автор видео кайсы жерде тартылганын так айтпаса да, “Озодлик” көрүстөндөрдүн геолокациясына таянып, ал Краснодар крайындагы Горячий Ключ шаарындагы мүрзө экенин аныктады.

“Вагнер” жоочулары көмүлгөн жайларда өзбек, тажик жана кыргыз ысымдары кездешет.

“Эгерде кимдир бирөө бул жерде көмүлгөн мусулман согушкерлеринин үй-бүлөлөрү менен тааныш болсо, аларга бул мүрзө жөнүндө кабарлап коюңуз. Анткени бул көрүстөн тууралуу көбү билишпейт”, — деген видеонун автору.

Буга чейин “Озодлик” Орусиянын башка аймактарындагы “вагнерчилер” көмүлгөн жайларда өзбек мигранттарынын да мүрзөлөрү бар экенин, буга чейин бир нече жалданма жоокерлердин сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга коюлганын маалымдаган.

Соңку видеодогу кадрларга таянуу менен “Озодлик” Горячий Ключ шаарындагы “вагнерчилердин” көрүстөнүнө көмүлгөн борбор азиялык жалданма жоокерлеринин тизмесин түздү:

  • Мусалиев Элбек Рамзанович, 26.11.1976 – 05.05.2023
  • Санчар Махмадзода, 27.11.1997 –​ 20.04.2023
  • Сабыров Сабр Сабырович, 19.07.1990 –​ 08.05.2023
  • Талипов Даньяр Анварович, 31.10.1991 –​ 20.04.2023
  • Хидоятов Сайидакбархон Хамидуллохон угли, 31.05.1993 –​ 27.03.2023
  • Поянов Эшпулат Хуррамович, 22.06.1993 –​ 08.03.2023
  • Абдурахманов Джумахон Валиевич, 05.09.1975 –​ 05.04.2023
  • Жумабеков Кадыргали Кангалиевич, 14.03.1982 –​ 17.03.2023
  • Жусупов Тимур Задгереевич, 07.04.1992 –​ 07.04.2023
  • Назиров Азиз Собир угли, 13.10.1992 –​ 07.01.2023
  • Адашев Дилмурод Акрамжон угли, 31.01.1995 –​ 23.03.2023
  • Мирзакулов Дилшодбек Махаммадалиевич, 10.02.1984 –​ 10.01.2023
  • Давлетов Самат Аманжолович, 11.08.1974 –​ 27.02.2023
  • Масоев Ахлиддин Абдулфайзович, 13.08.1989 –​ 07.01.2023
  • Бегатанов Исломжон Икрамжонович, 17.03.1988 –​ 18.01.2023
  • Сулейманов Абдугаффар Абдусатторович, 09.09.1986 –​ 12.12.2022
  • Мухторов Отабек Одилжон угли, 18.09.1996 –​ 06.12.2022
  • Тиллабоев Кароматулло Рахматович, 27.03.1992 –​ 13.02.2023
  • Умаров Бобурбек Джурабой угли, 03.12.1992 –​ 25.11.2022
  • Наркулов Захиджан Хурваевич, 09.12.1971 –​ 22.02.2023
  • Силапов Саиднияз Оразмурадович, 05.02.1985 –​ 17.03.2023

Быйыл март айында The New York Times гезитинин журналисти Кристиан Триберт Горячий Ключтагы “Вагнер” көрүстөнүндө мололор кескин көбөйгөнүн жазган.

Сот блогер Улукбек Карыбек уулун эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту

16-июлда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн жокко чыгарып, блогерди эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.

Тергөөчү Карыбек уулун эки айга, тергөө бүткөнгө чейин камоону соттон өтүнгөн.

Мунун алдында Ош шаардык сотунун судьясы Улукбек Карыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Жактоочу Жылдыз Кадырова Карыбек уулуна каршы арыз жазгандар боюнча сотко кайрылышарын билдирди.

Соттук отурумду видео, сүрөткө тартууга уруксат берилген эмес. Блогерди колдоп келгендер буга нааразылыгын билдирип, сот ачыктыгы сакталбай жатканын белгилешти.

15-июлда Карыбек уулу “Бейбаштык” беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганы белгилүү болгон.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп кайрылганын ырастаган. Ал 7-июлда белгисиз журналисттер төрөт үйүнө уруксатсыз кирип келип, видео тасмага тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

Ош шаардык милициясы билдиргендей, блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей түртүп кирген, жаңы көз жарган он чакты келинден маек алган. Блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тарткан.

Ички иштер министрлиги блогер Улукбек Карыбек уулуна байланыштуу башка иш боюнча топтолгон материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберилгенин 15-июлда кабарлады. Блогер “милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес” деп шек саналууда.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 10-июлунда блогер Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына видео тартуу тобу менен кирип барган. Күзөт кызматы аларды министрдин иш бөлмөсүнөн чыгуусун өтүнгөн учурда ЖМК жөнүндө мыйзамга таянып өздөрүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.

Жогорудагы аталган факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Улукбек Карыбек уулу мыйзам бузбаганын жана бейбаштык кылбаганын билдирген видео таратты. Ал өзү дагы видеоаппараттарын тартып алууга аракет кылган дарыгерлерге карата арыз жазганын, бирок ал каралбай жатканын айткан.

Анын Ютубдагы каналына 500 миңден ашык адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат.

12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 14-июлунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы – С.А.С., ошондой эле, уюштуруучусу Т.К.Б. кармалды, алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан, андан 151 мл. сом зыян келтирилген. 

Айта кетсек, жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен, алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө «Ак-Тилек» жана «Чалдавар» автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп ташып келишкен.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ: Токтогулдун көк бөрү командасынын капитаны бангизат жана колдо жасалган тапанча менен кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө «гашиш» баңгизатын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.
ИИМдин БМЖКККнын  кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан «баңгизатын сатуучу» мурда соттолгон  жаран 1981-жылы туулган Ж.Э. аныкталган. Шектүү жаран Ж.Э. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, учурда Токтогул районунун Көк бөрү ат оюндары боюнча курама командасынын капитаны.
Бишкек шаарынын аймагында кылмыштуу топтун жана алардын белгисиз шериктеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында “МАК-2023” ведомстволор аралык операциясынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Кара-Курай” аталышындагы рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында   2023-жылдын 7-июль күнү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Ж.Э.  башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-814” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган.  Унааны текшерүү учурунда табылган банкада  баңгизат  жасоочу аппараттар – ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана  «Hony-Bag Basic KIT 5» фирмасынан чыгарылган темирден   жасалган тор бар болгон.
Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жаран Ж.Э.  жашаган жеринде ИИМдин БМЖКККнын издөө итин тартуу менен тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү тегерек формадагы зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында бул зат 62,32 грамм салмактагы «гашиш» баңгизаты болуп чыкты.
Бул факты боюнча 2023-жылдын 7-июль күнү   Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, сарайдан баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар табылды. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тергөө судьясы тарабынан шектүү Ж.Э. карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

 

Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Президент Садыр Жапаровдун Монголиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылды.

Сапардын алдында Жапаров элчи кызматына Айбек Артыкбаевди дайындаган. Артыкбаев 2021-жылдын март айынан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп жаткан.

Жапаров Монголияга 9-июлда мамлекеттик сапар менен барган. Анын алкагында монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки өлкөнүн достугу жана кызматташтыгы жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койгон. Документтин негизинде тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий, коопсуздук, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм өңдүү бир катар тармактарда алака-катышты чыңдоону макулдашкан.

“Тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кен корун иштетүү долбоорлорун ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирет. Текстиль жана тигүү тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана эки өлкөнүн тийиштүү ишканаларынын ортосундагы түз байланыштарды кубаттайт. Монгол тарап Кыргызстандын тигүү өнөр жайы үчүн сырье жеткирүүгө даяр экенин билдирет. Тараптар деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр катары транспорттук жана транзиттик коммуникацияларды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон чараларды көрөт”, – деп жазылган декларацияда.

Жапаров 10-июлда Эрдэнэт шаарында жез өндүргөн заводдун иши менен таанышты. Анын сапары 11-июлда аяктайт.

Депутаттык мандаты алынган Исмаилов менен Алимжанов БШКны сотко берди

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими боюнча сотко арызданганы белгилүү болду. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев журналисттерге ырастады.

“Алардын арызы боюнча соттук иштер аяктагандан кийин гана кезекте турган талапкерлерге мандат ыйгаруу иштери жүрөт”, – деди ал.

Бишкек шаардык административдик соту бул маалыматты ырастап, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлга белгиленгенин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду (“Альянс”) 6-июлда мандатынан ажыраткан.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген. Боршайком атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлаган.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарды жасай турганын билдиришкен.

Өзбек-казак чек арасын демаркациялоо иши аяктады

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча иштер ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы тиешелүү макулдашуу 4-июлда күчүнө кирди.

“Макулдашууга 2022-жылы декабрда эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол коюп, парламенттер ратификациялаган. Бул келишимдин күчүнө кириши – Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча 19 жылдык процесстин толук аяктаганын билдирет”, – деди Смадияров.

Ал 2 357 чакырымга созулган чек арага 1 301 чек ара белгиси орнотулганын кошумчалады.

“Бул окуя чек ара аймактарындагы коопсуздук менен туруктуулукту бекемдеп, эки тараптуу жана аймактар аралык өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө түрткү болот”, – деди ТИМ өкүлү.

Нурсултан Куштарбек уулунун Испаниядагы жеңиши

2023-жылдын 8-июлунда  SPAINBJJTOUR уюму өткөргөн Бразилия Жиу-Житсу боюнча Европа Кубогунун дүйнөлүк рейтинг аныктоо мелдеши Испания өлкөсүнүн Барселона шаарында болуп өттү. Мелдеште Кыргызстандын намысын  66 кг. салмакта  “Алай” Жиу-Житсу Академиясынын мүчөсү, грепплинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, жаштар арасында Жиу-Житсу боюнча Азия чемпиону  Нурсултан Куштарбек уулу коргоду. Анын дүйнөлүк рейтинг аныктоочу “супер таймаш” мелдешидеги атаандашы испаниялык  Перес Креспо Гарсия болду. Айыгышкан атаандашууда Нурсултан 7:1 эсебинде жеңишке жетип, «Dry Factor» мелдешинин бел курун утуп жана ошого кошумча жиу-житсунун кимоносун татыктуу болду.

Нурсултандын Испаниядагы “Супер Таймаштагы” атаандагы Кевин Перез Креспо Гарсия 2023-жылы AJP Рейтинг аныктоочу Европа чемпионатында күрөң кур чеберлер арасында чемпион болгон. Мындан сырткары AJP версиясы боюнча Испаниянын Эл Аралык Джиу-Джитсу мелдештеринде байгелүү орундарды ээлеген.

Нурсултан мелдештин аягында телефон аркылуу мындай деди:

-Катышуучулар абдан көп экен жана мелдештин аягында атайын тандалып алынган балбандарга уюм тарабынан “супер схватка” деп орусча аталат, бел кур үчүн бир бирден күрөш уюштуруп беришти. Ошол балбандардын арасында мен дагы күч сынашкам. Мен өзүмдүн испаниялык атаандашым менен күрөң кур чеберлери арасындагы Чемпиондук кур үчүн 66 кг чейинки чен салмакта күрөшкөм. Күрөш аябай кызык болду, атаандашым да күчтүү, убакыттык аягына чейин кармашты,  эрте бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк берген жок, бирок ошентсе да 7:1 эсеби менен жеңишке жетип, «Dry Factor» мелдешинин Чемпиондук бел курун жана ошого кошумча джиу-джитсунун кимоносун утуп алдым,-деди Нурсултан.

Аны менен  Испанияга аттанаар алдында учкай маектешкен элек.

– Нурсултан мырза, дүйнө чемпиондугунда сиз эки алтын медалды кайсы версияда жеңип алгансыз?

– Грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда эки алтын медаль тууралуу айта кетсем, 2021-жылы Орусиянын Уфа шаарында өткөн жаштар арасында Дүйнө Чемпионатынын биринчи күнү NO-GI жана экинчи күнү GI версиясында алгам. Эки түрдүн айырмасы: GI бул кимоно менен, NO-GI кимоносу жок машыгуу.

– Мелдештерде ийгилик жаратып катышканыңызга ким түрткү берген?

– Мындай ийгиликтерди  жаратып,  мелдештерге катышканыма Кыргызстандын Жиу Житсу федерациясынын президенти Сабыржан уулу Самарбек агайым түрткү берип, андан кийин мени бир туугандарым колдоо көрсөтүп келатышат. Алардын колдоосу болбосо мен мындай ийгиликтерге жаратып, алтын медаль, байгелүү орундарды ута алмак эмесмин.

– Жиу-Житсу жана Грэпплингти Кыргызстанда өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр барбы?

– Азыр спортчуларда каражат жагынан көйгөйлөрү бар. Канчалык жакшы даярдык көрсө, чет мамлекеттердеги мелдештерге катышуусуна демөөрчүлөр болуп турса, ошончолук жыйынтык берет. Бул спорт түрлөрүнө кызыккан жаштар арбын. Ошондуктан келечеги бар спорт түрлөрү десек болот.

– Сиз бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?

– Негизи мен динге жакынмын. Күн сайын беш убак намаз окуйм, спорттон тышкары жаратылышта сейилдегенди жакшы көрөм. Буга чейин футбол ойноп келгем, ал спорт түрү да көңүлүмө жагат.

– Сиз алган наамда кайсы спортчунун мүмкүнчүлүктөрү жогору?

– Мен машыккан спорт түрү  боюнча Эрназар байкенин мүмкүнчүлүктөрү жогору, себеби ал эл аралык  аренага көп чыгып, тажрыйбалуу, чеберчилиги жогору болуп саналат.

– Испаниядагы мелдешке “Супер Таймаш” мелдешине чейин сиз кайсы залда машыккансыз?

– Алгач Сокулукта залыбыз бар болчу. Машыгуу учурунда бирөө мага жок дегенде бир жаңы нерсе үйрөтүп турбаса өсүү аябай кыйын болот. Ал эми акыркы убакта Бишкек шаарындагы “Алай Жиу-Житсу Академиясынын” залында өзүмдү өзүм машыктырдым. Анткени жарым жылдан бери агайым Самарбек Сабыржан уулу Америкада болуп калды. Агайымдын чакыруусу менен Америка Кошмо Штаттарына барып, Лос-Анжелес шаарындагы дүйнөлүк Жиу-Житсу борборунда  эки айдан ашуун машыгып келдим.  Испанияга  Кыргызстандан  жалгыз бардым. Устатым жанымда болсо мындан дагы жакшы күрөшөт элем. Бирок ошентсе дагы агайым телефон аркылуу чалып көзөмөлдөп, кеп кеңешин айтып турду. Агайыма ыраазычылыгымды билдирем.

– Бул Испаниядагы беттешүүгө келе жатканда сиз алдыга кандай максат койгонсуз?

– Бул Испаниядагы беттешүүдө жеңип, “чемпиондук кур тагынам” деген максат койгом. Канчалык көп мээнет кылсаң ошончолук жеңишке жакын болосуң. Тынбай аракет кылып, өзүмө ишенип, жараткандан да суранып келгем. Тилегим орундалганына шүгүр.

– Сизге дем күчтү көбүнчө ким берет?

– Мага көбүнчө Самарбек агайым дем-күч берет. Ал “сен алгач ыймандуу, анан акылдуу жигит болушуң керек. Андан кийин гана чемпион болобуз” деп көп айтат.

– Грэпплинг жана Жиу-Житсуга келишиңизге ким себепчи?

– Бул спорт түрлөрүнө келишиме Самарбек агайым себепкер болгон. Ал айылга күрөш боюнча мелдештерди уюштуруп барып турчу. Аны көрүп күрөшкө болгон кызыгуум арта баштаган. Агайдын артынан ээрчип жүрүп аралашып калдым. Башка спорттун түрүнө салыштырмалуу бул жакта ар кандай ыкмалар менен күрөшсөң болот, мага ошонусу жаккан. Агайымдын колдоосу менен Америка Кошмо Штаттарына бир нече ирет барып, Лос-Анджелес шаарындагы Дүйнөлүк Жиу-Житсу борборунда машыгып келгем.

– Сиз Кыргызстандын кайсы жергесинде төрөлүп өскөнсүз?

– Мен 2004-жылы 29-майында Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айылынан болом. Балалыгым ошол жакта өттү. Улуу байкелерим күрөшчү, аларды көрүп чоңойдум. Ошондо эле күрөшкө аябай кызыгып калгам. Кесипкөй болбосо да күрөшүп турчумун. Андан тышкары, футбол ойноп, ыр ырдай койчу талантым да бар. Мектепте ар кандай кечелерде ырдап жүргөм.

– Күрөшкөнүңүздү ата-энеңиз көргөнбү? Алар кандай кабыл алышат?

– Күрөшкөнүмдү түз эфирден көрүп колдоп, ыйлап да отурушуптур. Менин жеңишим ата-энемдин да жеңиши. Алар карапайым эле адамдар. Атам уста, апам болсо үй кожойкеси. Беш баланы чоңойтуп өстүрүштү. Мен алардын ортончусумун. Бир туугандарымдын арасынан мен эле спортко аралашкам. 2007-жылы Алайдан Кара-Балтага көчүп келгенбиз. Мектепти ал жактан окуп, кийин машыгуума байланыштуу мектебимди Сокулукка котордум. Келечекте билим алып, архитектор адистигине тапшырып, мыкты үй куруучу болгум келет. Мен үчүн биринчи орунда окуу жана кесипке ээ болуу, андан кийин спорт. Бирок спортту эч качан таштабайм. Бул тармакта чоң максаттарым бар. 2023-жылы күзүндө Кытайда өтө турган Азия оюндарын жеңип, анан, буюрса жакында 18-июлда Монголияда  жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионаты болот. Ушул дүйнөлүк таймшууда алтын мелаль утуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, чемпион болсом деген тилегим бар.

-Тилегиңиз орундалсын!

Нурсултан Куштарбек уулунун жараткан ийгиликтери:

2019-жылы Москва шаарында өткөн жаштар арасындагы Бразилия Жиу-Житсу боюнча дүйнө чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

2019-жылы Кыргызстанда өткөн Жиу-Житсунун Комбат күрөш түрүнөн Азия чемпиону аталып, алтын байгенин уткан.

2022-жылы Испаниянын Понтадевра шаарында өткөн Грепплинг боюнча дүйнө чемпионатында жаштар арасында коло байгенин ээси болгон.

2022-жылы АКШда өткөн (SJJIF) уюмунун дүйнө чемпионатынан кызгылт көк кур чеберлер арасында күмүш байге уткан.

2022-жылдын аягында ACBJJ уюмунун Москва шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде күрөң кур чеберлер арасында күмүш байге утуп алган.

Кутман Кабыл уулу, спорттук баяндамачы

УКМК: Казакстанда бирөөнү коркутуп, $760.000 тартып алып качып, Кыргызстандын жарандыгына өтүп алган УКТ мүчөсү кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстан Республикасынын Мангыстау облусунун Актау шаарында 1988-жылы туулган О.И.О. кармалды, ал рейдердик жол менен басып алуу жана ишкерлерден айрыкча ири өлчөмдө акча талап кылуу менен алектенген.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, 2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында Казакстан Республикасынын Мангистау облусу боюнча Экономикалык иликтөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, андан кийин Казакстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу тобунун О.И.О. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ошондой эле, О.И.О. опузалоо жолу менен  У.С.М. аттуу жарандын 760 миң АКШ долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу О.И.О. уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстан Республикасынын тергөө органдарынан жашынып, андан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.    

Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.И.О.га Кыргыз Республикасынын жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда.

Учурда О.И.О.нын башка Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Жалал-Абад шаарында 2010-жылы мыйзамсыз басып алынган 430 миллион сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланышкан кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Такталгандай, иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчикке мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын май жана июнь айларында Жалал-Абад шаарында административдик имараттарды күч менен басып алууну жана улуттар аралык кагылышууну уюштурууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда, мамлекетке өткөн жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилкелерине Жалал-Абад шаарынын мэриясы социалдык объектилерди (бала бакча, мектеп ж.б.), жана ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак-жай, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында курууну пландоодо.

Касым-Жомарт Токаев блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык түйүндөрдө жарнама аркылуу акча тапкандарды кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл сентябрь айында күчүнө кире турган мыйзамга ылайык, соцтүйүндөрдө жалган маалымат тараткандарга административдик айып пул салуу жана инфлюенсерлерди расмий эсеп-кысап жүргүзүүгө милдеттендирүү да каралган.

Жалган маалымат таратууга күнөөлүү деп табылган жеке жактар 69 миң теңге (155 доллар), ишкер-инфлюенсерлер 138 миң теңге (311 доллар) өлчөмүндө административдик айып пул төлөйт. Бул үчүн өлкөнүн Административдик укук бузуулар кодексине “Жалган маалымат жайгаштыруу жана жайылтуу” деген жаңы берене кошулду.

Казакстандык укук коргоочулар бул мыйзам аркылуу ар бир блогер “жалган маалымат таратты” деген шылтоо менен жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Эксперттер мындай мыйзамды кабыл алуунун кажети жоктугун, башка мыйзамдар деле ар бир жаранды өз кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирерин айтып жатышат.

Тажикстанда блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирүү сунушталууда – бул кандай иштейт?

Бишкектеги №1 тергөө абагы шаар сыртына көчүрүлөт

Бишкектеги №21 тергөө абагы (эл арасында СИЗО №1 деп айтылып келет-ред.) шаар сыртына көчүрүлөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик (ЖАК) кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Садыков Фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.

“Коомдук тартипти сактоо үчүн шаардын ортосундагы мекемелерди сыртка көчүрүү планы бар. №21, №23, №25 абак мекемелерин сыртка көчүрүүгө иш-аракеттер жүрүп жатат. Иш качан башталары белгисиз”, – деди Садыков.

Бишкектин Пудовкин-Горкий көчөсүндө жайгашкан №1 тергөө абагында сот чечими чыга элек кылмышка шектүүлөр отурат. Учурда анда канча киши кармалып турганы белгисиз. Укук коргоочулар абакта кармалгандардын шарты начар экенин айтып келишет.

ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси болгон №47 колония быйыл толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасаган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык атайын башка мекемелерге которулган. Анын ордуна ипотекага көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп жатат.

2022-жылкы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.

Меню