Menu

Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташып, 380 киши кармалды

Санкт-Петербург шаарындагы “Лахта-борбор” курулуш аянтчасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, жыйынтыгында 380 киши полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу ВЧК-ОГПУ телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, мушташ 3-июнь күнү кечинде “Лахта-борбордун” ашканасында башталып, кийин көчөдө уланган.

Тажикстандык мигранттар “Озоди” радиосуна жөнөткөн видеого ылайык, мушташ маалында тараптар арматуранын бөлүктөрүн, таштарды жана курулуш шаймандарын да колдонушкан.

“Жыйынтыгында бир кыргызстандык ооруканага жеткирилди. 380 киши кармалып, мушташтын төрт ыктымал уюштуруучусу аныкталды”, – деп жазды ВЧК-ОГПУ.

Полициядан алардын төртөө тең Кыргызстандын жарандары экенин, баары камакка алынганын кабарлашты. Кармалган башка мигранттардын тагдыры боюнча маалымат жок.

“Газпромнефть Чыгыш-Европалык долбоорлор” компаниясына таандык “Лахта-борбор” курулуш антчасында миңдеген мигрант, анын ичинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары иштейт.

19-майда бул аянтчада мигранттардын тобу кармалган. “Озоди” радиосу жарыялаган видеотасмада мигранттарды автобуска салып жаткан полиция кызматкерлери алардын бирин жерге кулатып, колун кайрып жатканы тартылган. Топтолгон мигранттар анын бардык документтери жайында экенин жана полициянын бул аракети мыйзамга каршы келерин айтып, нааразылык билдиргенде гана аны тургузуп, автобуска салып кетишкен.

УКМК: Жалал-Абад облусунда көчө автожарыштарынын уюштуруучулары жана катышуучулары кармалды

Облус тургундарынан, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынан келип түшкөн көптөгөн даттанууларга байланыштуу КР УКМК органдары тарабынан Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы менен бирдикте унаабейбаштык менен алектенген топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду.

Бул топ ири суммадагы акча ойнотулган мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Ошол эле учурда унаабейбаштар коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп сандаган өзгөчө кырдаалдарды жаратып, бир нече ирет жол кырсыктары катталган. Мына ушундай жарыштардын биринин кесепетинин айынан бир кырсык катталган-Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосу бузулган.

Натыйжада, 2023-жылдын 2-июнунда Сузак районунун аймагында дагы бир жолу мыйзамсыз унаажарыш өткөрүү аракети токтотулуп, 34 адамдан турган топ жана 16 унаа кармалган.

Унаатранспорт каражаттарын текшерүүдө жасалма мамлекеттик номурлар аныкталып, айнекти мыйзамсыз караңгылатуу фактылары катталып, унаажарыштын айрым катышуучулары медициналык кароодон өткөндө алкоголдук ичимдиктерди ичүү фактылары аныкталган.

Бардык унаалар Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун ИИБнын айыптоочу жайына жайгаштырылып, мыйзамсыз жарыштын катышуучуларына тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, административдик айып салынды.

Песков: Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүш аракети жөнүндө маалыматтар тынчсыздандырат

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “орус бийлиги Кыргызстандагы төңкөрүш аракети тууралуу келип түшкөн кабарларды тыкыр көзөмөлдөп жатканын” билдирди. Бул тууралуу Vesti.ru басылмасы жазды.

“Азырынча мына ушундай абдан тынчсыздандырган жаңылыктар келип жатат. Ошондуктан биз жаңылыктарга кылдаттык менен байкоо салып жатабыз”,-деди Песков.

Ошол эле учурда ал “Кремлде бул маселе боюнча толук маалымат жок” экенин белгиледи.

5-июнда Кыргызстанда “бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен бир топ киши кармалганы белгилүү болгон. Интернетте тараган тасмада аскер кийимчен, куралчан кызматкерлер көчөдө автоунаадан жана турак үйлөрдүн биринде адамдарды кармап, колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот. Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

УКМК: Бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, бөгөт койулду. 

Алынган маалыматтардын жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды. 

Такталгандай, негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучукатары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендиги аныкталды.

Аталган Н.Р.С.тин жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн.

Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн.

Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн.

2023-жылдын 5-июнунда КР УКМК 30дан ашык катышуучу алынып келинди, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А. күнөөсүн мойнуна алышкан. 

Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган. Кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БШК талапкер Улан Сариевдин да каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июндун кечинде бир мандаттуу Ленин округунан парламент депутаттыгына ат салышкан дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды.

Маалыматка караганда, 2-июнда БШКнын дарегине УКМКнын Бишкек башкармалыгынан Улан Сариев шайлоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деген маалымат келип түшкөн.

Ал шайлоочулардын добуштарын сатып алды, муниципалдык кызматчыны жана аймактык коомдук башкаруучу кызматкерди үгүт иштерине тартты, административдик ресурс пайдаланды, шайлоо фондунда каралбаган каражатты колдонду жана шайлоочуларды системалуу түрдө ташып келди деп шек саналган.

Комиссиянын жыйынында УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын өкүлү маалымат берди, ал Улан Сариевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сураган жок.

Натыйжада БШК талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды. Буга ал каражатты шайлоо фондун кыйгап өтүп пайдаланды деген негиз келтирилди.

Талапкер Улан Сариев дагы шайлоо фондунда каралбаган 25 миңди сомду ижара акысына жумшаганын моюнуна алды.

Ага чейин жыйында БШК башка бир талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жообуна тартууга макулдук берген.

Бишкектин Ленин районундагы кайра шайлоо 28-майда өткөн.

ИИМ милиционерге бычак такап, колуна кишен салып, камактан качып чыккан Кушубек Сабыровго издөө жарыялады

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 5-июнга караган түндө, саат 1ден өткөндө Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен адам тууралуу маалымат берди.

Анда 1994-жылы туулган Кушубек Сабыровго издөө жарыяланганы, ага “адам өлтүрүү” өңдүү бир катар оор беренелер менен кылмыш иши козголгону, мурда соттолгону айтылат.

“Ал Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо), 207-беренеси (каракчылык), 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-майда күнү өткөн. Издөөдө жүргөн жаран Балыкчы шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон. Кылмышка шектүү саламаттыгы жакшы болбой жатканын айтып нөөмөткер-милиция кызматкерлерине кайрылып, жардам сураган. Милициянын сержанты кармоочу жайдын камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген. Ошол маалда Сабыров жүрөгү ооруганын, дары берүүнү өтүнгөн. Милиция кызматкери дары алып келген учурда Сабыров ага бычак такап, колуна кишен салып, бутун байлап, оозун таңып качып кеткен”,- деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.

Учурда кылмыш иши козголуп, аны издөө уланып жатат.

Даниэл Ажиев жана көп сандагы “Вебкам” студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топ кармалды

УКМК тарабынан Э.А. аттуу жарандын акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Д.А. жетектеген “веб-кам” деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Э.А. аттуу жаран аталган “веб-кам” студияларынын оператору болуп туруп, эмгек тартибин бузгандыгы үчүн администратор Н.Ш. тарабынан психологиялык басымга кабылып, ал тарабынан физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен арыздануучудан 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.

Бул маалыматтар Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон.

Белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Д.А. тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан.

Белгилей кетсек, операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.

Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Д.А. өзү Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстан Республикасынын аймагынан кармалды.

УКМК менен Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын координацияланган иштеринин натыйжасында 2023-жылдын 4-июнунда Д.А. кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди. 

УКМК: Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери 200.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдеринин негизинде, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактыларын аныкталды.

Бул факт боюнча, Ош облусунун Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери, жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.

2023-жылдын 2-июнунда КР УКМК кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (пара берүү) менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Н.М. жана жетектөөчү адис К.у.К. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышты.

Кармалгандар Ош шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында жерди алдаган бир нече фактыларды документтештирүү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тажикстанда окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелген мектеп директору кармалды

Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районунда окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен орто мектептин директору кармалды. Бул тууралуу “Озоди” радиосу укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, райондогу мектептердин биринде окуган жогорку класстын эки окуучусу директор аларды колу менен кармалап, сексуалдык ыдык көрсөткөнүнө даттанган.

Азырынча мектеп директоруна каршы кылмыш иши козголо элек, бирок ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) райондук бөлүмүндө камакта отурат.

Директордун жакындары бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Бирок алар анын күнөөсү жок экенине ишенишерин жана жакынкы убактарда бошотулат деп үмүттөнүп жатышканын кошумчалашты.

2021-жылы Тажикстандагы мектептердин биринде иштеген мугалим окуучу кызды зордуктаганы үчүн 17 жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Хатлон облусунун Яван районундагы Нурек шаардык лицейинин мугалими 17,5 жылга соттолгон. Ал 12 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө күнөөлүү деп табылган.

Улуу Британиянын ТИМ башчысынын орун басары Кыргызстанга келди

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары (Европа жана Борбор Азия үчүн жооптуу) Лео Докерти 4-5-июнда Борбор Азияга болгон аймактык сапарынын алкагында Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Бул Улуу Британиянын министринин 2016-жылдан тарта алгачкы сапары. Сапардын максаты – ансыз деле бекем болгон эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жаатында кызматташууну кеңейтүү.

Министрдин орун басары Докерти Бишкекте Министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, эки тараптуу мамиле жана кызматташтык, аймактык коопсуздук, Ооганстан жана соода, ошондой эле Улуу Британияга боло турган иш сапарлары тууралуу сүйлөшөт.

Бишкектен кийин Лео Докерти Казакстан менен Өзбекстанга барат. Ал Европа жана Борбор Азия иштери боюнча министрдин орун басары кызматын 2022-жылдын сентябрь айынан бери аркалап келет. Бул, анын Борбор Азияга аталган кызматтагы алгачкы сапары.

Токаев Германияга орус мунайын казак мунайына алмаштырууну сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Германияга ташылган мунайдын бир жылдык көлөмүн 200 миң тоннадан 1,2 млн. тоннага чейин жеткирүүнү сунуштады. Бул тууралуу казак президенти Чолпон-Ата шаарында өткөн “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинде билдирди.

Казакстан 2023-жылдын беш айында Германиядагы мунайды кайра иштетүүчү “Шведт” заводуна 90 миң тонна мунай жеткирген. Астана жыл соңуна чейин бул көлөмдү 200 миң тоннага чейин жеткирүүнү пландаган. Бирок Токаев саммитте бул көлөмдү эң аз дегенде алты эсеге көбөйтсө болорун белгиледи.

“Бул көрсөткүчтү жыл ичинде 1,2 млн. тоннага жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар”, – деди казак президенти.

“Шведт” заводу Украинадагы согуш башталганга чейин Орусиянын “Роснефти” компаниясына таандык болчу.

Казакстан Европа Биримдигине (ЕБ) мунай жеткирүү көлөмүн 2023-жылы көбөйттү. Улуттук статистика бюросунун маалыматына караганда, өлкө Евробиримдикке быйылкы жылдын биринчи кварталында 71% мунай экспорттогон. Өткөн жылы бул маалдагы көрсөткүч 65% айланасында болгон.

Германиядан башка казак мунайын Италия да сатып алат. Бул өлкөгө мунай жеткирүү быйылкы жылдын биринчи кварталында жалпы экспорттун 38% түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 28% болчу. Францияга ташылган казак мунайынын экспортунун көлөмү 5 пайыздан 7%, Румынияга 4 пайыздан 7% өскөн.

“Ведомости” басылмасы 2023-жылы январда Германия Орусиядан 1 млн. тонна мунай алганын жазган. Эгер Казакстан көлөмдү көбөйтсө, ал орусиялык мунайды толук алмаштырышы мүмкүн.

Бирок казак мунайы Германияга Орусиянын аймагынан өткөн “Достук” кууру аркылуу жетет. Көлөмдү көбөйтүү үчүн Казакстан Орусиянын Энергетика министрлигинен уруксат алышы керек болот.

Орусиянын мунайдан түшчү кирешеси 2023-жылы январь-февраль айларында 52% кыскарган. Март айынан апрелге чейин мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2,4 триллион рублдан 3,4 трлн. рублга көбөйгөн.

Евробиримдик өлкөлөрү 2022-жылы декабрда орус мунайынын баасына атайын чек койгон. Эки жумадан кийин алар орус газынын баасына да чектөө киргизген. Жаңы эрежеге ылайык орус мунайынын бир баррели 60 долларга бааланган. Чек кирген алгачкы жумада орус мунайынын экспорту 54% төмөндөгөн.

Мунай баасын чектөө Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциянын бир бөлүгү болгон. Мындан тышкары Орусия “Ямал-Европа” жана “Түндүк агым-1” долбоорлору токтогону үчүн газын куур аркылуу алып турган европалык базарды жоготкон.

Орусиянын президенти Владимир Путин жооп катары баага чек койгон өлкөлөргө мунай жана мунайзаттарын жеткирүүгө тыюу салган.

Тажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 2-июнда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, жолугушууда Тажикстанда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарынын корголушу жана бул өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын Кыргызстандын абактарына которуу маселеси көтөрүлдү.

ТИМ Тажикстанда канча кыргыз жараны абакта жатканын тактаган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылы Тажикстанда ондон ашык кыргызстандык соттолуп, жазасын өтөп жатканын маалымдаган.

Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө каршы санкция киргизбөөгө убада кылды

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишел Чолпон-Атадагы саммитте Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерине Россиянын согуштук аракеттерине байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө санкцияларды киргизбөөгө убады кылды.

Саммиттен кийинки маалымат жыйынында да журналисттердин “Евробиримдик Кыргызстанга, Казакстанга же Өзбекстанга санкция салышы мүмкүнбү?” деген суроосуна жооп берди.

Ал Европа Биримдиги Орусиянын согуш машинасын колдогондорго чара көрүп жатканын, жаңы санкциялар учурда талкууланып жатканын белгиледи.

“Биз буга чейин Орусиянын согуш машинасын колдогондорго көп чараларды көргөнүбүз анык. Биз санкциялардын 10 пакетин макулдашканбыз. Учурда санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн болжолдуу санкциялардын 11-пакетин талкуулап жатабыз. Так айтып койгум келет, мындай чараларга Орусиянын согуш машинасын колдогондор түрткү берди. Биз эч кандай экстратерриториалдуулук принцибин колдонбойбуз”, – деди Мишел.

Ал кошумчалагандай, Евробиримдик бир жагынан өз өнөктөштөрүн Орусияга Батыштын санкцияларын буйтап өтүүгө көмөктөшпөөгө чакырат, экинчи жагынан санкцияларга байланыштуу ал өнөктөштөрдүн суроолорун же кандайдыр бир көйгөйлөрүн угуп, талкуулоого даяр.

Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген. Мындан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.

УКМК кызматкерине $1000 пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун чет элдик өкүлдөрү кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгү (Пара берүү) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагындагы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, чет элдик жаран К.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Л. кармалды.

Кыргыз Республикасындагы христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар белгиленген тартипте диний иш жүргүзүүгө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө расмий уруксат берилген эмес.

Мындан улам диний уюмдун өкүлдөрү бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, “кызмат” үчүн 1000 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык сыйлык сунушташкан. 

2023-жылдын 29-майында чет элдик жаран К.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Л. пара катары 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын УКМКнын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды. Чет элдик жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республиканын аймагында иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сактоого чакырат.

Баткенде жапон технологиясы менен 42 продукция чыгарылат

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Япониянын JICA агенттигинин өкүлдөрү менен жолукту. 

JICA агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген делегация менен жолугушууга Баткен облусунун район-шаар башчылары, бардык тийиштүү    облустук мекемелердин жетекчилери да катышты. 

Тараптар алдыда экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу боюнча, жакынкы мезгилдерде ишке ашырылуучу иш чаралар планын талкуулашты. 

Облус башчысы өз сөзүндө  экономиканы өнүктүрүүдө өндүрүштү колдоо жана аны жолго коюу өзгөчө манилүү экенин белгилеп, өндүрүлгөн продукцияларды рынок шарттарына ыңгайлаштырып, экспорттук потенциалды жогорулатуу аракеттерин активдештирүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду. 

JICA   агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде 42 продукция чыгаруу пландаштырылды. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш. 

Белгилей кетсек, 2022-жылы аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган.  

«Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында, тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана косметикалык буюмдарды өндүрүү технологиялары  өндүрүүчүлөргө үйрөтүлүп, аларга бизнес жаатында кеп-кеңеш берилип, товарларды сатууга жардам берүү иштери уюштурулуп келет.

Азыркы учурда Баткен облусунда «Бир айыл-бир продукт»  долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар продукциянын 44 түрүн өндүрүп, сатыкка чыгарышты. 

Алар: кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, сиробу, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад жана токочтор. 

Андан сырткары, Баткен бренди болгон күрүч жана килем боюнча да маркетинг чаралары жүрүп жатат.

Өзбекстанда 140 миң долларга 14 гектар жерди мыйзамсыз сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды

Фергана облусунун аймагынан багбанчылык үчүн 140 миң долларга 14 гектар жерди мыйзамсыз сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка караганда, орус жараны Фергана облусунун 26 жаштагы тургуну жазган арыздын негизинде кармалды.

Орусиянын Кыргызстанда 1985-жылы төрөлгөн жараны тиешелүү документтерсиз эле Кучкорчи айылынан жер сатып алууга аракет кылган. Ал жер жергиликтүү фермердик чарбага узак мөөнөткө ижарага берилгени кабарланды.

Шектүү аванс катары 15 миң АКШ долларын берип жатканда кармалган.

Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Чолпон-Атада Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу башталды

Чолпон-Атада “Европа Биримдиги-Борбор Азия” саммитинин алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кандай маселелерди талкуулай турганы кабарлана элек.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кеңири маалымат жолугушуудан кийин берилерин айтты.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел катышат.

“Борбор Азия — Европа Биримдиги” саммити экинчи жолу өтүп жатат. Биринчиси былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

УКМК: Дыйканды коркутуп, 150.000 сом талап кылган Кара-Балтадагы кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

УКМК тарабынан иликтөө жана ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында, 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында  узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен «Р.С.» аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылган Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.

Аталган адамдар 2023-жылдын 1-июнунда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, статьясына ылайык келет. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдарды толук кыргыз тилине өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алды, буга Россия нааразы

Орусия Кыргызстан өлкөдөгү тил саясатын орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багыттап жүргүзөрүнө ишенгиси келет. Бул тууралуу 2-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандын парламенти мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырганы тууралуу суроого жооп берип жатып ал кыргызча билбегендер үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымалдыгын айтты.

“Бул мыйзам республиканын кыргыз тилин билбеген жарандарына айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укуктары боюнча абалга жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн экенине кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бир нече жолу бурганбыз. Өнөктөштөр бул мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Ошондуктан союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган балансталган тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз”, – деди Захарова.

31-майда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырган. Эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Парламенттеги талкуу учурунда долбоор мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталганы, ал талдоонун негизинде жана эксперттердин, окумуштуулардын, жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканы айтылган.

Соңку мезгилде интернеттеги социалдык түйүндөрдө, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова орус тилин кыргыз тилине атаандаш кылып Конституцияга жазып алган тажрыйба башка мамлекеттерде жок экенин айтса, төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалоо пикири бир топ талкуу жараткан.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин билдирген, бирок президент Садыр Жапаров аны “аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга” чакырган.

Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ деп жазылган.

УКМК: Айыл чарба жерлерин ишкердик объектилерди курууга 10 жылдан бери мыйзамсыз сатып жүргөн Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн жетекчилери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Т.Ж. жана анын орун басары А.А.А., ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Б.И. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.   

Кармалгандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө.

Тактап айтканда, Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү тургундарга кезексиз жана акысыз берилүүгө тийиш болгон бир катар жер тилкелери, ошондой эле айыл чарба багытындагы категорияга кирген жер тилкелери жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу схемасыны менен кызыкдар жактарга акчалай сыйлык үчүн жасалма токтомдорду чыгаруу жолу менен сатылып кеткен.

Андан кийин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак бөлүмүнүн жооптуу адамдары Ырыс а/а кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жерге жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды түзүшкөн.

Бул кызмат адамдарынын кылмыштуу тобу акыркы 10 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө маанилүү жерлерде, тактап айтканда, стратегиялык жана республикалык маанидеги “Бишкек-Ош” унаажолунун боюнда, ошондой эле ички жолдор менен магистралдык көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан ири ишкерликти жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жерлерди мыйзамсыз өздөштүрүшкөн.

Кызмат адамдарынын жашаган жана иштеген жеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын кылмыштуу аракеттеринин фактысын тастыктаган жасалмалуулуктун белгилери бар материалдар табылып, алынды.

Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды жоопко тартуу максатында жер алдамчылыгынын бир нече фактыларын документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Укук коргоочулар Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелди Чолпон-Атада адам укуктары маселесин көтөрүүгө чакырышты

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарындагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аны аймактагы адам укуктарынын абалын талкуулоого чакырышты.

Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу, кыргызстандык «Лигал просперити» фонду, Туркмөнстандын Адам укуктары боюнча демилгеси жана “Борбор Азиядагы адам укуктары” деген франциялык ассоциация кол койду.

Алар адам укуктарынын абалын жакшыртууну Еврошаркет менен мамилелерди бекемдөөнүн шарты катары талап кылууга үндөштү. Укук коргоочулар ошондой эле региондо былтыр болгон саясий кризистер маалында адам укуктарын бузууга жеткиргендерди жоопко тартуу керектигин белгилешти. Кайрылуунун авторлору Казакстан, Тоолуу Бадахшан жана Каракалпакстанда бийлик массалык нааразылык акцияларын күч менен басканын кеп кылышты. Алардын айтымында, үч мамлекеттин бийлиги ошол окуяларды жакшылап, көз карандысыз иликтебей жатышат.

Муну менен катар укук коргоочулар Шарль Мишелди бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектөөгө багытталган демилгелерге, анын ичинде Кыргызстандын депутаттары сунуш кылган мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдирүүгө чакырышты.

Кайрылууда аймактагы өкмөттөр куугунтуктаган укук коргоочулар, активисттер, журналисттер менен блогерлердин ысымдары да аталган. Тизмеде Кыргызстандан укук коргоочу Рита Карасартова, иликтөөчү журналист Болот Темиров бар.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” аталыштагы экинчи саммит өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышмакчы.

3-июнда Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот.

“Борбор Азия — Европа Биримдиги” саммити биринчи жолу былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Мишелдин сапары Орусиянын Украинага каршы согушунун геосаясий кесепеттеринин фонунда шаркеттин Борбор Азияга болгон кызыгуусу артып жаткан учурга туура келүүдө.

Июнда бензин дагы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

1-июнда бензиндин бир литри 2,5-3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Мекеме күйүүчү май саткан компаниялар бааны акырындык менен көтөрүүгө аракет кылышарын жана кескин өзгөрүүлөргө барбай турганын маалымдады.

Ассоциация мунун себебин дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кымбаттап баратканы менен түшүндүрөт. Мунайдын Brent үлгүсү соңку бир аптада 1,2% кымбаттап, $77,34 чейин чыккан.

Маалыматка караганда, Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму – ОПЕК жана ОПЕК+ (Organization of Petroleum Exporting Сountries) тобуна мүчө өлкөлөр 4-июнда мунайды казууну азайтуу маселесин талкуулаганы жатат. Бул мунайдын дүйнөлүк баасына дагы таасир этиши мүмкүн.

Ассоциация Украинадагы согушка байланыштуу Батыштын Москвага салган санкцияларынан кийин Орусияда мунайды казуу төмөндөгөнүн, бул мунай заттардын кыскарышын шарттап, заводдордо анын баасынын көтөрүлүшүнө алып келгенин билдирет. Кыргызстандагы соңку мезгилдеги кымбаттоолордун себеби ушул жагдай менен түшүндүрүлүп жатат.

Орусия Федерациясы ушул тапта ички дефицитти жана баанын көтөрөлүшүн алдын алуу үчүн бензинди сыртка экспорттоого тыюу салууну талкуулоодо. Буга байланыштуу Кыргызстандык компаниялар Орусиядан күйүүчү май ташып келүүдө түрдүү көйгөйлөргө туш болуп жатышат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылгандай, орточо баа былтыркыга караганда бир аз төмөндөдү. Ошол эле маалда бир-эки жыл мурдагыга караганда кымбатыраак.

Учурда Кыргызстандын аймагында бензиндин А-95 үлгүсү 59 сомдон 63 сомго чейин сатылууда. А-92 үлгүсү 53 сомдон 57 сомго чейин, А-80 үлгүсү 46 сомдон 56 сом. Ал эми дизелдин баасы айрым жерлерде 67-68 сомдон болуп жатса, кээ бир жерлерде 74-75 сомдон деп көрсөтүлүп турат.

УКМК талапкер Улан Сариевди да шайлоочулардын добушун сатып алууга айыптап, кылмыш ишин козгоду

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузууга, ошондой эле №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин добуштарды сатып алуу фактыларына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу)  боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө бир катар тергөө жана сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер “С.У.А.” жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, жыйынтыгында чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт.

УКМК: 2010-жылдагы июнь окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун эки тургуну кармалды

2023-жылдын 27-майында КР УКМК тарабынан Сузак районунун аймагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. 

Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. Бирок 2010-2011-ж тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.

Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага байланыштуу УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Россияда 7 миллион рубл уурдаган деген айып менен 2,5 жылга соттолгон КР жараны Айнагүл Борбуева толук акталды

Кечээ, 31-майда Новосибирск облустук соту Айнагүл Борбуеванын адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Кыргыз Республикасынын жаранын сот залынан бошоткон.

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында Новосибирск шаарында иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Айнагүл Борбуева Новосибирск шаарынын ички иштер кызматкерлери тарабынан РФ Кылмыш кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүгүнө (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук) ылайык кылмышка шектүү катары кармалган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында РФ жараны В.С. 2021-жылдын 3-ноябрынан 4-ноябрына караган түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль менен сумкасын унутуп кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу сумканы КР жараны А.Борбуева алып, жумушуна алып барып койгондугу аныкталган.

2022-жылдын апрель айында кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 2022-жылдын 27-октябрында Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуевага карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан болчу.

Бул маселе КР Тышкы иштер министрлиги менен КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болуп, Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуеванын жакындары жана жактоочулары менен түз байланышта тиешелүү консулдук юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуевага карата бардык соттук отурумдарга катышкан.

Мадумаров прокуратуранын аны жоопко тартуу аракетин саясий иш деп баалады

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өзүн жоопко тартуу боюнча Башкы прокурордун сунушу тууралуу пикирин билдирди. Ал 31-майда берген маалымат жыйынында бийликти күч менен басып алууга айыптап жатканын негизсиз деп атады.

“Өздөрү “Мадумаровго канча сунуш кылдык такыр болбой жатат” деп айтып жатышпайбы. Анан кантип эле бийликти күч менен басып алуу? Чакырса барбаган жерге мен күч колдонуп барамбы? 338-беренеде “Бийликтен аша чабуу” деп турат. Менде кайсы бийлик бар экен? Айткыла, ошону колдоноюн”, – деди ал.

Мадумаров укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуу аракетин толугу менен саясий иш деп баалап, ар кандай кырдаалга даяр экенин билдирди.

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.

Сунушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

31-майдагы жыйында баш прокурордун сунушу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ага Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирди.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага “чыккынчылык” боюнча айып тагылганын өзү билдирген.

Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия аны жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон.

Ысык-Көлдө "Асман" шаарынын курулушу 30-июнда башталат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлгө салынуучу “Асман” шаарынын курулушу 30-июнда башталарын билдирди. Жапаров бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында жаңы курулган парктын ачылышында айтты.

“Бир жарым жылдан бери долбоорлорун, кагаздарын даярдадык. “Асман” шаарынын долбоору даяр болуп калды. Кудай буюрса, 30-июнда кутучасын салабыз. Шаар 500 миңден 700 миңге чейин киши жашай турган 4 миң гектарга түшөт. Кыргызстандан бир тыйын акча короткон жокпуз. Анткени шаар сала турган акчабыз да жок. Сырттан инвесторлорду топтоп келип салдырган жатабыз”, – деди Жапаров.

Президент жергиликтүү элди инветорлорго тоскоолдук кылбоого чакырды.

22-мартта “Асман” шаарын куруу иши мамлекеттик дирекциядан президенттин иш башкармалыгына өткөн. Анда “бул чечим натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн кабыл алынганы” белгиленген.

Бийлик Ысык-Көлдүн жээгине кеминде 500 миң жашоочуга ылайыкташкан, экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курула турганын 2021-жылы жайында жарыялаган.

Анда бул шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын өйдө жагына курулары, толугу менен 7-10 жыл аралыгында салынары айтылган.

Долбоор Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнү, туризмди өнүктүрүүнү көздөрү белгиленген. Баштапкы долбоордо шаар үстүнөн караганда комузга окшош болору көрсөтүлгөн. Өкмөт Асман шаарын куруу дирекциясын 2021-жылы сентябрда түзгөн.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “Асман шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кире турганын, шаар курулса, экологиялык каатчылыкка себеп болушу ыктымал экенин эскертишкен.

Таласта сугат айдоо жерлерин жеке менчик үй курууга мыйзамсыз саткан жетекчилерге кылмыш иши козголду

УКМК тарабынан Талас районунун “Кадастр” ММ, архитектура башкармалыгынын жана Нуржанов а/а айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду, алар 2014-2022-жылдар аралыгында материалдык пайда алуу максатында мораторий коюлган жана сугат айдоо жерлеринин категориясына кирген жер тилкелерин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны мыйзамсыз жол-жоболоштуруп беришкен.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

Генпрокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап Жогорку Кеңешке кайрылды

Бүгүн, 31-майда Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу сунушу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссияга Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Исмаилов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирди.

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.

Сунушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Мадумаров бул беренелер боюнча үн ката элек.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага “чыккынчылык” боюнча айып тагылганын журналисттерге өзү билдирген.

Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия аны жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон.

УКМК: Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү - Алтуха, Протез, Кеня жана А.К. тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакка алынды

Үстүбүздөгү жылдын 25-майында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган А.И., К.Т., А.К. жана А.Ш. карата тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Эске салсак, 2023-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында криминалдык лидер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн-Алтух, Протез, Кеня жана А.К. мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлган. Алар көп жылдан бери КР ишкерлеринен жана жарандарынан КЭРден экспорттолгон эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз мыйзамсыз ээлик кылуу менен алектенишкен, кийин алар тарабынан Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схема уюштурулган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар алдамчылык менен жеке менчик транспорттук-логистикалык ишканадан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарлары бар жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышкандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, учурда КР УКМК тарабынан аталган кылмыш ишине Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жаза аткаруу мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" Экинчи Саммити өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Экинчи Саммити өтөт.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Саммитке Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель катышат.

Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Шаардык сот "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө боюнча райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок.

Арызды 30-майда Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Анда “Азаттыктын” адвокаттары Маданият министрлигинин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө боюнча чечими мыйзамсыз экенин белгилеп, Бишкектин Административдик сотунун буга чейинки чечимин четке кагуу өтүнүчү менен кайрылган.

Соттук жараянда “Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев Маданият министрлигинин медиа мекеменин сайтын бөгөттөө чечими одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, жагдайды ишти буга чейин караган Административдик сот эске албаганын билдирди. Адвокаттын айтымында, министрлик таянып жаткан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын да бир нече нормалары бузулган.

Министрликтин өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн, сайтты бөгөттөө улантылып жатканын айтты.

Жыйынтыгында шаардык соттун коллегиясы “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө боюнча Маданият министрлигинин чечимин мыйзамдуу деп таап, Бишкек административдик сотунун 7-марттагы чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

“Азаттыктын” адвокаттары Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы жогорку инстанцияларга кайрылат.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган. Мындан соң “Азаттыктын” банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канаттандырган. “Азаттыктын” адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган.

“Азаттык Медиа” Маданият министрлигинин дооматы негизсиз экенин, сөз болуп жаткан журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экенин белгилеп келет.

“Азаттык” туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдик баш болгон бир нече өлкөнүн элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин аракетине чочулоосун билдирген.

1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Степное айылындагы №2-аялдар абагында олтурган келиндер балдары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде ар кандай кылмыштуулук менен соттолгон алты миңден ашуун адам жаза өтөп жатат. Соттолгондордун үчтөн бир бөлүгүнүн көбүнүн жашы жете элек балдары бар. Атасынын же энесинин мээриминен тирүүлөй ажырап кусалыгын көз жашына каткан баёо жүрөк балдарга аз да болсо кубаныч тартуулоо жана келечек муунду гумандуулукка, айкөлдүккө тарбиялоо, абак артында ар кыл психикалык абалда отурган айымдардын эмоцияналдык абалын жакшы жакка өзгөртүү, кылмыштуулуктан арылып жаркын коомдун мүчөсү болушуна дем берүү максатында 1-июнь “Балдарды коргоо” эл аралык күнүнө карата 2023-жылдын 30-майында Жаза аткаруу кызматынын ардагерлер кеңешинин демилгеси менен алгачкы жолу «Эне-бала» аталышындагы темир тор артындагы аялдарды жашы жете элек балдары менен жолуктуруу иш чарасын уюштурду.          

ЖАКнын жетекчилиги, тарбиялык жана социалдык иштер башкармалыгы жана жарандык коомдун колдоосу менен ишке ашып жаткан иш-чара Степное айылындагы №2- аялдар абагында болуп өттү. Иш-чарага бир катар эстрада ырчылары, цирк өнорпоздору катышып, ардагерлер тарабынан балдарга белектер берилди.          

Баса белгилеп айта кетсек, 2019-жылы ЖАКнын ардагерлер кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына ички кызматтын полковниги ардактуу эс алуудагы ардагер Алибай Нишанбаев дайындалган. Буга чейин дагы ардагерлер кеңешинин чечими менен соттолгон жарандардын балдарына жыл сайын майрамдарда ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, белек-бечкектер тартууланып келет. Андан тышкары кызмат абалында курман болгон кызматкерлердин балдарына тагыраагы 18 улан-кызга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө стипендия беришет. Ошону менен катар социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө аталган кеңеш ар тармактуу байма-бай жардам берүүсүн улантууда. Мамлекеттин казынасынан бир сом албай, жаштарга үлгү болчу ишти демөөрчү издеп таап, коомчулукка мээримдүүлүктү, гумандуулукту жайылтууда атуулдук милдетин эселеп аткарып жаткан аксакалдарыбызга ЖАКнын жалпы жамааты башыбызды ийип таазим кылуу менен терең ыраазычылык билдиребиз.

УКМКнын жардамы менен Индияга операцияга барып, сөөк чучугун алмаштырып кайткан өспүрүм Дайырбек бүгүн Камчыбек Ташиев менен жолукту

Бүгүн, 30-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. Индияда сөөк чучугун трансплантациялоо операциясынан өткөн Дайырбек Кыялбекович Маматкалыевдин ата-энеси менен жолугушту.

Буга чейин химиотерапия курсу аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Д.Маматкалыев Индияда текшерүүдөн өтүп, сөөк чучугун алмаштыруу операциясын жасатууга муктаж болгон. Бирок, медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Д.Маматкалыевдин ата-энеси 2023-жылдын декабрь айында КР УКМК башчысы генерал-лейтенант К.К.Ташиевден жардам сурап кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында генерал-лейтенант К.К.Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында КР УКМК Д.Маматкалыевди (жана анын ата-энесин) жөнөтүүгө, текшерүүдөн өтүүгө жана “Фортис” клиникасында (Индиянын Гаутамбуднахар округу, Юттар Пардеш штаты, Нойда шаарында) операция кылууга каржылоо жагынан көмөктөшкөн. 

Операциядан аяктап, 2023-жылдын 29-майында Д.Маматкалыевдин үй-бүлөсү Бишкек шаарына келип, генерал-лейтенант К.К. Ташиевге жеке жолугушууну суранган.

2023-жылдын 30-майындагы жолугушууда Д.Маматкалыевдин ата-энеси көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, уулу 4 жашынан бери көрсөтүлгөн дартынан (анын ичинде билим берүү мекемелерине бара албагандыктан) кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын белгилешти.  

Дарылоо планына ылайык, Д.Маматкалыев белгилүү убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот, ага байланыштуу генерал-лейтенант Ташиев К.К. ага ден соолук каалап, толук айыккан мезгилге чейин (Бишкекте жайгашуу, тесттин жыйынтыгын тапшыруу жана жөнөтүү), анын ичинде Индияга экинчи ирет текшерүүгө баруу мезгилинде материалдык жардам көрсөтүүгө убада берди.

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы дубалды бузду

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы дубалды бузду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Кыргызстандын Чек ара кызматына шилтеме кылып кабарлашты.

Күн мурун социалдык түйүндөрдө Өзбекстан эки өлкөнүн чек арасындагы 2010-жылы тургузулган дубалды бузуп жатканы тартылган видеотасма тараган. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бул видео Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун ортосундагы “Бекабад-Ханабад” өткөрүү бекетинде тартылган. Дубал аталган бекеттин ишин калыбына келтирүү үчүн бузулганы кабарланды.

“Бул чек ара бекети жакында ачылат. Кыргыз тарап жарандарды кайрадан өткөрө баштоого толугу менен даяр”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Ош облусу менен Анжиян облусунун ортосундагы “Карасуу” жана “Кара-Багыш” чек ара бекеттерин да кайра ачуу пландалууда. Бул маселе бир нече жылдан бери эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан талкууланып жатканы айтылды.

Өзбек тарап азырынча “Бекабад-Ханабад” бекетиндеги дубалдын бузулушу жана “Карасуу”, “Кара-Багыш” бекеттерин кайра ачуу боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Күн мурун Самарканд шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу өткөнү кабарланган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1 314 чакырымдык чек ара тилкелери толугу менен такталган. 2022-жылы ноябрда эки өлкө 30 жылдан бери уланып келаткан чек ара талашына чекит коюлганын билдиришкен.

Баткенде 1000 гектар жерге суу жеткире турган Кара-Кол каналынын курулушу жүрүүдө

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Кол каналынын курулушунан кабар алды.  

Узундугу 14 км болгон каналды куруу, калыбына келтирүү иштери аткарылууда.

Бул ири долбоор үчүн  республикалык бюджеттен 27 млн сом каралса, Агахан эл аралык уюумунан 26млн сом грант берилген. 

Ирригациялык обьекттин курулушу менен 1000гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакынкы айылдарга кошумча  суу берүү жакшырат. 

Азыркы учурда  тоо арасындагы капчыгайдын  ичиндеги Сары-Таш, Таңги участкасында темир суу түтүктөрүн сваркалоо, монтаждоо иштери жүрүп жатса, Ак-Терек участкасында каналды бетондоо жана даярдоо иштери жасалууда. 

Тийиштүү адистер белгилегендей,  Советтер союзу мезгилинде бул  долбоорду ишке ашыруу  аракеттери болгон, бирок курулуштун татаалдыгынан  толук ишке ашпай, канал пайдаланылбай калган. 

Аба ырайына байланыштуу каналды кум, шагыл, таштар басып калып, “Алтын-Бешик” тоолорунан агып түшкөн мөңгү суусунун нугу жоголуп, узак жылдар бою жерге сиңип жаткан. 

Бул каналды куруу зарылчылыгын изилдеп чыккан облус башчысы  Абдикарим Алимбаев, аймактын сугат суу муктаждыгын чечүүдө каналдын зор маанисин эске алып, курулушту колго алган. 

Натыйжада каналдын курулушу башталып, суу көбөйгөн учурда 1 куб көлөмдөгү сууну пайдаланууга шарт түзүлүүдө.  

Облус башчысы курулуштан жума сайын кабар алып, өз мөөнөтүнө бүтүрүү үчүн бардык аракеттер көрүлөөрүн, зарыл болсо  ашар ыкмасы менен болсо да жумушчу күч маселеси чечилээрин белгиледи.

Каналдын курулушун 2023-жылдын ноябрь айына  бүтүрүү пландалган.

Самаркандда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документ бекитилди

Өзбекстандын Самарканд шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлагандай, жумушчу топтордун жыйынында жана Биргелешкен демаркация комиссиясынын биринчи отурумунда чек аранын айрым тилкелери боюнча биргелешкен изилдөөлөрдүн жыйынтыгы талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитип, тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

Эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан.

Жапаров бул күндү тарыхый деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.

УКМК: Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Т.Т.Т. тарабынан “Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А.дан Нарын районунун Куйбышев айылындагы бала бакчанын тегерегине брусчатка төшөө боюнча келишим түзүү маселесин оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган. 

“Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А. алдын ала мурда “МБАНК” мобилдик тиркемеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын талабы менен Т.Т.Т.га 8 миң сом суммасында акча каражат которулган.

2023-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, пара алуу учурунда – калган 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Т.Т.Т. кармалды.

Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Т.Т.дан 12 миң сом акча каражаты табылып, мыйзамда белгиленген тартипте документтештирилди.

Учурда Т.Т.Тнын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыздын малын уурдап коңшу өлкөлөргө саткан ууруларга жардам берген чек арачылар менен милиционерлер кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында мал уурулук фактылары көп катталып, коңшу өлкөгө өткөрүү аракеттери көбөйүп кеткендигине байланыштуу КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте Аксы районунун чек ара кызматынын жана ички иштер органдарынын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө текшерүү иштерин жүргүздү. 

Жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында Аксы РИИБнин жана чек ара заставаларынын жетекчилеринин аткезчиликке катыштыгы бар экендиги тууралуу тактоочу маалыматтар алынды.

Чек ара заставаларынын жайгашкан жерлеринде, Аксы районунун милиция кызматкерлеринин жана айрым жарандардын даректеринде ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ири суммадагы акча каражаты, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, ошондой эле жөнөтүүгө даярдалып турган эл керектөөчү товарлар жана бодо малдар табылды.

Ошондой эле, чек ара кызматынын атайын дрондорун колдонуу менен мүмкүн болгон контрабанда жолдорун текшерүү учурунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда жалпы суммасы 1 миллион 200 миң сомдук 31 коробка тамеки буюмдарын ташып бара жаткан унаа кармалды.

Иликтөөнүн жыйынтыгында Аксы РИИБнин үч кызматкерине, анын ичинде башчысынын орун басары А.И., ошондой эле чек ара кызматынын заставаларынын 3 командирине аткезчиликти уюштуруу жана колдоо кылгандыгы үчүн айып тагылды. 

Мындан тышкары, Аксы районунун аймагында контрабанданын мындан аркы өнүгүшүнө жол бербөө жана аны чек ара соодасынын ченемдерине жана стандарттарына ылайык келтирүү максатында, чек арасы аркылуу эл керектөөчү товарларды жана бодо малды/майда малды мыйзамдуу өткөрүү үчүн УКМК тарабынан коңшу Ала-Бука районундагы “Баймак” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жөнөкөйлөтүлгөн ишин уюштуруу маселеси көтөрүлүүдө.

Ленин округундагы шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алды

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Дамира Ниязалиева 6073 добуш алып, алдыга чыкты.

БШКнын маалымдашынча, добуш берүүгө бул округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты. Аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Ниязалиеванын штабында иштейт деген үгүтчүлөргө байланыштуу добуш сатып алуу фактысы иликтенип жатканын кабарлаган.

Дамира Ниязалиева буга чейин Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон. Ал вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн тушунда кыска мөөнөттө саламаттык сактоо министри болуп турган.

Шайлоодо 29 талапкер ат салышты жана алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Садыр Жапаров малдан салык алуу сунушун колдобойт

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекет башчы Садыр Жапаров малдан салык алуу демилгесин колдобой турганын билдирди.

Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында президент фермерлерди колдоо үчүн айыл чарба жерлерин 3 жылга салыктан бошотконун белгилеп, депутаттын демилгесин колдобойт деди.

“Президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле депутаттардын мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз”, – деп жазды.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаевдин мал-жандыктан салык алууга байланыштуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, жеке менчигинде 40 кой-эчкиси, үч уй, эки жылкысы барлар салык төлөөчү деп саналат. Анда жылына кой-жана эчкиге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыга – 250 сом салык алынаары жазылган.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашуун бодо мал катталган. Майда жандык 6 миллиондон ашкан, жылкынын саны 534 миңге жакын.

УКМК: Жалал-Абаддагы сүрөт мектеп-интернатынын директору мугалимдердин 20 миң сом айлык акысынан ай сайын 5 миң сомдон "салык" алып турганы үчүн кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 24-майында КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан аталган окуу жайдын директору Ч.Ч.А. 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

     Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кызматка дайындалган учурдан тартып, б.а. 2023-жылдын февраль айынан баштап ар кандай шылтоолор менен кол алдындагы кызматкерлерден айлык акыларынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүгө мажбурлап келгени аныкталды.

Бул мектеп-интернаттын мугалимдеринин орточо маянасы 20 миң сомдун тегерегинде экендигин белгилей кетүү керек, анын 5 миң сомун директорго берип турууга аргасыз болушкан.

Ошондой эле, буга чейин Ч.А.А. аныкталган мыйзам бузуулар үчүн жумуштан кетирем деп коркутуу жолу менен мектептин ашпозчусунан 17 000 сом алган.    

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: "Батуми" кафесин мыйзамсыз буздурган вице-мэр Нурдан Орунтаев кафе ээлерине 3 миллион сомдук зыянды төлөп берет

КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.Ташиевдин тапшырмасына ылайык, “Батуми” кафесинин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Батуми” кафесинин негиздөөчүсү тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды, алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан.

Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Н.Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, Н.Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул боюнча КР УКМК тарабынан вице-мэр Н.Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Н.Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды.

Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Н.Орунтаев келүү убадасы менен бошотулуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев вице-мэр Н.Орунтаевге мындан ары кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин белгиледи.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев УКМКда сурак берүүдө

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бүгүн 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканын жеке булактар тастыкташты. Ал суракка “Батуми” кафесинин ээсинен түшкөн арыздын негизинде чакырылганы маалымдалды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген. “Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде буздуруу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды”, – деп жазылган билдирүүдө.

“Батуминин” ээси УКМКга жана Башкы прокуратурага арызданганын 25-майда анын юристи Кайсын Абакиров билдирген.

“Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылууга байланыштуу кылмыш жообуна тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыздарды бердик. “Батуми” кафесин мыйзамсыз бузууну уюштурган бардык аткаминерлерди тез арада жоопко тартууну жана бул оор кылмышка тиешеси бар бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопко тартып, аты-жөнүн жарыялоону талап кылабыз”, – деп билдирген Абакиров.

Анын айтымында, “Батумиге” ээлик кылган “Эстоунд” коомунун колунда бардык уруксат документтери, анын ичинде Бишкек шаарынын Башкы архитектура мекемеси бекиткен архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттары бар.

Кафенин сметалык баасы 80 миллион сом экенин, мыйзамсыз бузуунун кесепетинен келтирилген алдын ала материалдык чыгым 9 миллион сомго бааланып жатканын айткан адвокат Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына кафени буздуруу тапшырмасы берилген 2023-жылдын 17-майындагы №13-01/390 каты бар экенин, бирок ал бузууга негиз боло албай турганын кошумчалады.

Нурдан Орунтаев 25-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирген:

“Биздин ишибиз мыйзамдуу. Комиссиянын чечими бар, ижаранын мөөнөтү да бүткөн. Ал жер болсо муниципалдык жер. Биз барып бирөөнүн мүлкүн басып алган жокпуз, аша чаап да кеткен жокпуз. Мен бул маалыматты толугу менен четке кагам. Биз болгону ишибизди кылып атабыз”.

“Батуми” буздурулуп жаткан видеолор, сүрөттөр 24-майда жарыяланып, кызуу талкуу жараткан.

Бишкек мэриясы кафени буздурууга анын курулушу жана иштеши боюнча “көптөгөн эреже бузуулар” негиз болгонун билдирген. Мэриянын басма сөз кызматынын 24-майдагы маалыматына караганда, шаар башкармалыгы жердин ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан:

“Жер тилкесин ижарага берүү маселесин караган комиссиянын чечиминин негизинде “Эстаунд” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылды. Бул объектти курууда жана анын иштешинде көптөгөн эреже бузуулар аныкталды. Ошондой эле бул райондо жашаган тургундардан арыз-даттануулар түшүп, чыр-чатактар катталып келген”.

Мэриянын маалыматына караганда, жалпы аянты 1300 чарчы метрлик кафени өз алдынча буздуруу тууралуу маалымдама 17-майда жөнөтүлгөн, бирок бул талап аткарылган эмес, буздуруу иштери 24-майда жүргүзүлдү.

Курулушу мыйзамсыз экени аныкталган имараттарды, имараттарга кошумча салынган курулмаларды алуу, бузуу иштери буга чейин да жүргүзүлүп келген.

“Батуми” Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан.

Акордо: Казакстандын союздук мамлекеттерди түзүү же ага кошулуу ниети жок

24-майда Москвадагы Евразиялык экономикалык форумда сүйлөгөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичинде Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюму бар экенин эске алууга чакырган.

Казак президентинин бул сөздөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Буга байланыштуу Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирүү таратып, Казакстандын союздук мамлекеттерди түзүү же ага кошулуу ниети жок экенин белгиледи.

“Мамлекет башчысы ЕАЭБдин алкагындагы интеграция экономикалык багытта гана кетиши керектигин айткысы келген. Бул багыттан чыгуу – уюмдун уставдык документтериндеги максаттарды, принциптерди бузат. ЕАЭБ менен анын ичиндеги “Орусия-Беларус” союздук мамлекеттердин алкагындагы демилгелерди бөлүшүбүз керек, булардын максаттары эки башка. Казакстандын союздук мамлекеттерди түзүү же ага кошулуу ниети жок”, – деп жазды Желдибай “Фейсбуктагы” баракчасына.

Касым-Жомарт Токаев 24-майда Евразиялык экономикалык форумдагы сөзүндө ЕАЭБдин ичиндеги эки өлкөнүн интеграциясы менен калган үч мүчөсүнүн интеграциясындагы айырмачылыктар бар экенин белгилеген. Анын айтымында, Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюмунда “эки өлкө – бир мамлекет” формуласы боюнча интеграция каралган.

“ЕАЭБдин ичинде Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюму бар. Бул дүйнөнүн саясий тарыхында уникалдуу прецедент, же феномен. Саясий, юридикалык, аскердик, экономикалык, валюталык, маданий, гуманитардык жактан бирдиктүү мейкиндик түзүү менен, бирдиктүү союздук өкмөтү жана бирдиктүү парламенти бар “Эки өлкө – бир мамлекет” формуласы менен түзүү. Кечирим сурайм, керек болсо азыр алардын экөөндө бир өзөктүк курал бар. Бирок ошол эле маалда Казакстан, Кыргызстан жана Армения кирген интеграциянын башка бир деңгээли да бар. Биз ошол чындык менен да эсептешүүбүз керек”, – деген Токаев.

Казак президентинин бул сөздөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Айрым талдоочулар Токаев союздук мамлекеттерди ЕАЭБдин көйгөйү катары айткысы келген деген пикирлерин билдиришкен.

Равшан Жээнбековдун жубайы УКМКнын тергөө абагына камалды

Абактагы оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул маалыматты адвокат Разак Ашимбаев журналисттерге ырастады.

Анын маалыматына караганда, Алимбаеваны түштө УКМКнын кызматкерлери суракка деп алып кетишкен. Адвокат анын тергөө абагына киргизилгенин кечки саат 8ге жакын укканын, ага чейин байланыша албаганын, ал кайсы иштен улам камалганы белгисиз экенин билдирди.

Алимбаеванын уулу Азат Равшан түшкү саат 12де суракка кирген бойдон апасы менен кабарлаша албай жатканын Фейсбукка жазган.

УКМК азырынча маалымат бере элек.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Массалык башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Саясатчы 28-майда өтө турган Бишкектеги Ленин округунан парламент депутатын шайлоого талапкер болуп катталган.

Сузакта өз кызын зордуктаган киши өмүрүнүн аягына чейин соттолду

Сузакта өз кызын зордуктап жүргөн деген айып менен кармалган киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүм бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда чыкканын журналисттерге жабыркаган тараптын адвокаты Мунара Акылбекова билдирди.

Анын айтымында, сот айыпталуучуга коюлган киненин баары далилденди деп чечти.

“Тергөө учурунда 42 эпизод боюнча айыбы угузулган – Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 155-беренелеринин баары менен күнөөлүү деп табылды. Ар бири боюнча 15 жыл деп эсептеп, бардык кылмыштарды биротоло кошкондо өмүрүнүн аягына чейин деген жаза берди”, – деди адвокат.

43 жаштагы жергиликтүү тургун 19 жаштагы кызын жети жашынан бери зордуктап жүргөн деп шек саналып кармалганын райондук милиция быйыл 28-мартта билдирген.

Азырынча айыпталган тарап эч кандай комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган жашы жете элек балдарга байланыштуу 52 кылмыш иши козголуп, алардын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган. Мындан тышкары үч иш кылмыш жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турса, 34ү сотко өтүп, тогузу тергелип жатат.

Көз каранды эмес изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталгандай, зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдардын окуясынын 60% жабык бойдон кала берет, себеби алар кимге, кайсы жакка кайрылууну билишпейт, айрымдары мамлекеттик органдарга ишенбейт.

Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору Айнура Абалиеванын иш кабинетин жана үйүн тинтүү учурунан видео

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саламаттыкты сактоо тармагындагы системалык коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору «А.А.И.» тарабынан уюштурулган белгиленген тартипти бузуу менен дары-дармек каражаттарын каттоонун жана сертификациялоонун тартибин тездетилген тартипте өткөрүүдө чагылдырылган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Ошентип, аталган А.А.И. мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында департаменттин жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча каражаттарын алып турган.

Атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, коррупциялык схеманын катышуучулары – Департаменттин  кызматкерлеринин ортомчулугу менен А.А.И.нин иш бөлмөсүндө пара алуу фактылары катталган.

Ошол эле учурда иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн. Жооптуу адамдардын мындай аракеттери сапаты сертификациялык талаптарга жооп бербеген медициналык буюмдарды каттоо коркунучун жаратат жана өлкөнүн калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.

Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо – Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын медициналык колдонууга уруксат алуу процесси.

Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо – Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражатын медициналык колдонууга уруксат алуу процесси.

Департаментинин директору А.А.И. кармалды жана КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан бул иш боюнча бардык жагдайларды, ошондой эле жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам -тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Студенттик жатаканадагы кыздардын бөлмөсүнө жашыруун видеокамера орноткон проректорго айып пул салынды

Кокон шаарындагы Педагогикалык институтта окуган кыздардын жатаканадагы бөлмөсүнө жашыруун камера орнотуу иши боюнча сот өкүмү чыкты.

Ага ылайык, окуу жайдын проректору Ойбек Бозоров 4,5 миллион сум өлчөмүндө, дагы үч кызматкери 3 миллион сумдан айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Алардын баары Административдик кодекстин “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Быйыл 4-апрелде Педагогикалык институттун студенттери жатакана бөлмөсүнөн жашыруун камера таап алышканын билдиришкен.

Кыздардын айтымында, 1-апрелде аларды референдум боюнча үгүт иш-чарасына шашылыш түрдө чакыртып, бөлмөнү ачууну өтүнүшкөн. Аларга “Wi-Fi сигналын күчөтө турган жабдуу орнотуларын” айтышкан.

Шектенген кыздар бөлмөнүн бурчуна орнотулган кутуну ачып, жашыруун камера табышкан.

Кыздар жабдууну адистерге алып барышкан. Алар анын үн менен видео жазган жана аны түйүн аркылуу башка жабдууга жеткире турган жашыруун камера экенин тастыкташкан.

Видеокамерага жалпысынан 128 Гб көлөмдөгү видео жазылган. Анын ичинде кыздар кийим алмаштырган учурлар да бар.

Студенттер ички иштер органдарына даттанып, президенттин элдик кабылдамасына кайрылуу жөнөтүшкөн. Мындан соң проректор аларды ички иштер бөлүмүнө кайрылганы үчүн урушкан. Ректор кыздарды “окуу жайдын мүлкүн” зыянга учуратканы үчүн зекиген.

5-апрелде Өзбекстандын Билим берүү министрлиги кыздардын бөлмөсүнө жашыруун камера орнотууга катышкан проректор жана үч кызматкер иштен алынганын билдирген.

Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы: "Мен эми бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандардан баш тартуум керек. Менин убактым өтө аз калды!

УКМКнын төрагасы, генерал Камчыбек Ташиев 24-майда Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасынан элге кайрылуу жасады:
Урматтуу эл-журт!
Мен бүгүн сиздердин көңүлүңүздөрдү бир орчундуу маселеге бурууну чечтим.
Бул – коррупция, оор жана өтө оор кылмыштар.
Ушул жогорудагы мамлекеттин түпкүлүгүнө оор залакасын тийгизген кылмыштуулуктун түрлөрү менен күрөшүп келе жатабыз, бирок токтото албай жатабыз.
Ушул күрөштү үч этапка бөлгөнбүз:
1. Күрөштү системалдаштыруу, багытын аныктоо.
2. Мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү.
3. Маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо.
Урматтуу өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевичтин каттуу койгон талаптарынын жана түзүлгөн шарттардын негизинде аёсуз күрөш улантылып жатат.
Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, а бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык.
Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен женилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүш керек: биз аёсуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз.
Бул экинчи этап 1-1,5 жылга созулат го деп ойлоймун, бул өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар.
Урматтуу мамлекеттик кызматты аркалагандар, дагы бир жолу эскертемин, чогуу мамлекетке иштеген кызматкер катары суранамын: мыйзамды бузбай ишиңерди так аткаргыла, коррупцияны токтоткула, эч качан суранбагыла, мындан ары мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт. Бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырыңар менен мыйзам чегинде жок кылынасыңар!
Бир да адам мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылбаш керек!!!
Бул өтө оор, аткарылышы татаал жана кооптуу тапшырма, бирок мен муну аткарамын, башка менде жол жок!
Же мени коорупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын!
Мамлекет башчыбыздын менин алдыма койгон тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз бирдикте күчтүү, акыйкаттуу мамлекетти курабыз!
Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды!
Үлгүрүшүбүз керек!!!
Камчыбек Ташиев 24.05.23.
Меню